2 Ekim 2012 Salı

Тышкы дүйнөнү тааныткан 5 сезим


Тышкы дүйнөнү тааныткан 5 сезим

 
 
Эгер билгендерибиздин баары аң-сезимибизде көрүлгөн сезимдик көрүнүштөр болсо, биздин кабылдоолорубуздун сыртында бир физикалык реалдуулук бар экенин кайдан биле алабыз? Бул бир божомол гана эмеспи? Менин жообум: ооба. Бул бир божомол; бирок ошентсе да эң ынанымдуусу.43

Тышкы дүйнө деген нерсебиз – атомдордун бир-бири менен болгон электрон алмашуусу, радио толкундардын абадагы кыймылы, аба молекулаларынын титиреши гана. Бир затты зат кылган атомдор менен молекулалар жана радио толкундарды түзгөн энергия булактары чындап бар болду бекен? Булардын бар экенин бизге эмне далилдейт? Алар түзгөн заттык нерселерби; биз көргөн, жыттаган, сезген нерселерби; же биз уккан же караган радио толкундарбы? Же беш сезимибизден бизге жеткен электрдик сигналдарбы? Бул электрдик сигналдар жок болгондо эмне болот? Тышкы дүйнө жок болобу?

Тышкы дүйнө тыгыздаштырылган бир толкун формасы катары бар. Бирок биз кабылдаган дүйнө тышкы дүйнөнүн өзү эмес. Ошондуктан бизге жеткен электрдик сигналдар жок болгондо, биз үчүн тышкы дүйнө чындап жок болот. Себеби тышкы дүйнө жөнүндөгү ар түрдүү маалымат жана сыпатты сезүү органдарыбыз аркылуу гана алабыз. Бизге тышкы дүйнө жөнүндө берилген маалымат сезүү органдарыбыз бизге берген абалда гана. Бизге жеткен бул маалыматтар бир катар процесстен соң электрдик сигналга айлантылат жана бул сигналдар мээбиздин тиешелүү жерлеринде жоромолдонот. Ошондуктан ичкен суусундугубуз, көргөн тасмабыз, жыттаган бир гүлүбүз мээбиздин бул жоромолунун бир натыйжасы.

Бирок бул жерде төмөнкү чындыкты эстөө жакшы болот: мээбизде чынында түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок. Мээбизде электрдик сигналдар гана бар. Биз көрүп жатабыз деп ойлогон учу-кыйырсыз табият, карап тойо албаган түркүн түстүү бир гүл, бийик үндүү музыка, даамына таң калган сонун бир тамак – негизи мээбизге жеткен электрдик сигналдар гана. Бул, албетте, тышкы дүйнө жок деген мааниге келбейт. Сезүү органдарыбыздан мээбизге жиберилген электрдик сигналдардын үзүлүшү тышта бар болгон дүйнөнү жок кылбайт. Мындай учурда тышкы дүйнө «биз үчүн гана» жок болот. Себеби бизге тиешелүү тышкы дүйнө электрдик сигналдардын мээбизде жоромолдонушу гана.

Map­ping The Mind (Мээнин (аң-сезимдин) картасын чыгаруу) аттуу китебинде илимпоз Рита Картер дүйнөнү кантип кабылдаарыбызды мындайча түшүндүрөт:

Ар бир сезүү органы өзүнө ылайыктуу сигналга жооп бере турган абалда жаратылган. Бул сигналдар болсо молекулалар, толкундар же титирөөлөр абалында. Бүт мындай көп түрдүүлүгүнө карабастан, сезүү органдары түпкүрүндө бир эле кызматты аткарышат: өздөрүнө тиешелүү сигналдарды электрдик сигналдарга айлантышат. Бир сигнал болсо бир сигнал гана. Кызыл бир түс эмес же Бетховендин Бешинчи симфониясынын биринчи нотасы эмес, бир электрдик энергия гана. Негизи бир сезимди башкаларынан айырмалуу абалга келтирүүнүн ордуна, сезүү органдары баарын окшош абалга, б.а. электрдик сигналдарга айлантышат.

Демек, бүт сезимдерге тиешелүү сигналдар бир-биринен такыр айырмасыз бир формада мээге электрдик заряддар абалында киришет жана ал жердеги нерв клеткаларын стимулдашат. Болгону ушул. Бул электрдик сигналдарды кайрадан нур толкундарына же молекулаларга айлантуучу бир кайра айлантуу системасы жок. Бир электрдик заряддын сүрөттөлүшкө, башкасынын жытка айланышы болсо бул электрдик заряддын кайсы нерв клеткаларына таасир бергенинен көз-каранды.44

Бул чындап эле абдан таң калыштуу жана маанилүү нерсе. Дүйнө жөнүндө алган сезимдерибиздин баары, сүрөттөлүштөр, даамдар, үндөр, негизи бирдей материалдан, электрдик сигналдардан пайда болууда. Электрдик сигналдарды биз үчүн бир мааниге ээ кылган, аларды даамдуу бир тамак, сонун бир пейзаж, ритмдүү бир музыкага айланткан болсо – бул электрдик сигналдар мээбизде таасир берген аймак. Бирок аны сезген жана кабылдаган нерсе башка. Мээ менен электрдик сигналдар бир тамактын даамын, бир гүлдүн түсүн жана жытын сезип, андан ырахат ала албайт. Материалист илимпоздор байкай албаган нерсе – бул кабылдап сезгендин мээден башка бир нерсе, б.а. «рух» экендиги.

Калифорния университетинен невролог жана психиатрия профессору Джефри М. Шварц кабылдоонун мээден көз-карандысыз пайда болоорун мындайча баяндайт:

Ар аң-сезим жалгыз жана теңдешсиз белгилүү бир сезимге ээ болуш керек. Бир гамбургерди тиштегенде алган тажрыйбаңыз бир бифштексти чайноодон башка. Ар түрдүү даам тажрыйбасы бир Шопен окуусун угуудан же чагылгандуу бир бороонду кароодон же бир суусундуктун жытынан башкача. Көрүү кабында кызыл пайда болгон жерди аныктоо биздин кызылды кабылдашыбыз же кызыл сезиминин эмне үчүн Альфредо тамагынын даамынан же (Бетховендин эмгеги) «Элизага»ны угуудан башка экенин түшүндүрүүдөн алыс... Эң детальдуу MR'лер да кабылдоонун же байкоонун физикалык булактарынан башка бир нерсе бербөөдө. Мунун кандай бир сезим экенин түшүндүрүүгө эч жакын да жолой алышпоодо. Адамдын алгач кызылды кабылдашын да түшүндүрө албоодо. Мунун башка адамдар үчүн да бирдей экенин кайдан биле алабыз? Эмне үчүн мээ механизмдерин изилдөө, ал тургай, молекулярдык деңгээлде изилдөө бул суроолорго эч жооп бере албай жатат?45

Питер Рассел болсо бул чындыкты мындайча түшүндүрөт:

Физикалык көрүнүштүн детальдарын изилдөөгө канча аракет кылсак да, эч жыйынтык жок. Физикалык жөнүндө алган ар пикирибиз туура эмес чыгып жатат. Материализм пикири көз алдыбызда бууланып жоголууда. Бирок материалдык дүйнөгө болгон ишенимибиз барган сайын тамырлап баратат – биздин тажрыйбаларыбыз менен тынымсыз бекемделүүдө – булардын физикалык бир негизи болушу керек деген күмөнүбүзгө болушунча жабышуудабыз. Дүйнө бүт ааламдын борборунда деген ойдон эч күмөн санабаган ортоңку кылым астрономдору сыяктуу, тышкы дүйнөнүн физикалык бир тамыры бар деген ойубуз жөнүндө эч шек санабайбыз. Чындап эле мунун жообунун түздөн-түз бизге тиешелүү болушу мүмкүн экенин байкаганымда абдан таң калдым. Балким тышта чындап эле эч нерсе жок чыгаар. Б.а. эч «нерсе». Физикалык көрүнүш деген бир нерсе жок. Балким бүт нерсенин мээдеги бир көрүнүшү гана бар.46

Мээ жөнүндө жасалган изилдөөлөр «ким кабылдап жатат» деген суроолоорго эч качан жооп бере албайт. Себеби илимпоздор мээде издеген нерсе – негизи адамдын физикалык денесинен башка, өзүнчө бар болгон бир нерсе.

Стэнфорд университети нейропсихология профессору Карл Прибрам илим жана философия дүйнөсүндө кабылдоону сезгендин ким экени жөнүндөгү бул маанилүү изденүүлөргө мындайча көңүл бурган:

Гректерден бери философтор «машинанын ичиндеги элес», «кичинекей адамдын ичиндеги кичинекей адам» ж.б. жөнүндө ойлонуп келишкен. «Мен» - б.а. мээни колдонгон нерсе- каерде? Аң-сезимдин ээси ким? Ассисили Азиз Франсис да айткан сыяктуу: «Издегенибиз – карагандын эмне экендиги.»47

Аң-сезим – Аллах адамга берген рух ээ болгон бир өзгөчөлүк. Адам өзүнүн руху менен ойлонуп кабылдаган, чечим алып жоромол жасай алган бир жандыкка айланат. Анын аң-сезими менен акылы – ушул рух адамга тартуулаган өзгөчөлүктөр. Аллах аятында мындайча буюрат:

 

Ошентип сага буйругубуздан бир рух вахий кылдык. Сен китеп эмне, ыйман эмне билчү эмессиң. Бирок Биз аны бир нур кылдык; аны менен кулдарыбыздан каалагандарыбызды туура жолго салабыз. Шексиз, сен туптуура бир жолго багыттап-жеткиресиң. (Шура Сүрөсү, 52)

 

Бул тема алдыдагы бөлүмдөрдө терең каралат.

 

Мээнин ичиндеги көрүнүштү ким көрөт?

Бир нерседен келген нур торчого түшөт жана андан соң иштетилүү үчүн мээдеги отуздай ар башка көрүү борборуна жиберилет. Көз карегинен келген нур көздүн арт жагындагы торчо катмардын бетине тескерисинен (башы ылдый абалда) жана эки өлчөмдүү бир көрүнүш пайда кылат. Торчо катмарындагы чыбык жана конус клеткалар кээ бир химиялык процесстерден соң бул сүрөттөлүштү электрдик зарядга айлантат. Бул электрдик заряддар көз нервдери аркылуу мээнин арткы тарабында орун алган көрүү борборуна алып барылат. Мээ болсо бул келген сигналды маанилүү жана үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөргө айлантат. Крейг Хэмилтон (Cra­ig Ha­mil­ton) айткандай, «бул ушул күнгө чейин эч ким канааттандырарлык чече албаган бир маселе. Бирок ошентсе да, биз көздөрүбүздүн ар биринин сүрөттүн башка бир бөлүгүн көрөөрүн жана мээбиздин болсо аларды бириктирээрин түшүнүшүбүз керек.»48 Бул жерде көздүн кантип көрөөрү абдан үстүртөн сүрөттөлдү. Көздөр бизге тышкы дүйнөдөгү өзүн биз эч качан биле албаган бир сүрөттөлүштүн пайда болуу баскычтарынын биринчи этабы болуп саналат. Тыштагы дүйнө көздөн өткөн нурдун урматында электрдик сигналдар аркылуу ичибизде, мээбиздин абдан кичинекей бир чекитинде пайда болот. Башыбызды көтөрүп айланабызга көз жүгүрткөндө көргөн сүрөттөлүш учу-кыйырсыз болсо да, түпкүрүндө мээбиздин ичиндеги ушул кичинекей чекитте пайда болот. Бул учу-кыйырсыз сүрөттөлүштүн өзүнүн биз көргөн сүрөттөлүшкө окшоп-окшобогонун болсо эч качан биле албайбыз.

Кембридж университети математика жана теориялык физика бөлүмүнөн Питер Рассел бул чындыкты мындайча баяндайт:

Бир даракты караганымда түздөн-түз даракты көрүп жатканымдай сезилет. Бирок илим бүтүндөй башкача экенин айтууда. Көздөн кирген нур торчодо химиялык реакцияларды баштайт, булар мээге баруучу нерв жипчелери боюнча кыймылдаган электрохимиялык импульстарды пайда кылышат. Мээ алган бул маалыматтарын анализ кылат жана анан тыштагы нерсеге тиешелүү өз сүрөттөлүшүн пайда кылат. Андан соң мен дарак көрүнүшүн көрөмүн. Бирок менин көргөнүм дарактын өзү эмес, мээмде пайда болгон көрүнүшү гана. Бул жашоомдогу бүт нерсеге тиешелүү. Биз билген, кабылдаган жана кыялданган нерселерибиздин баары, бүт түстөр, үн, сезим, бүт ойлор, бүт сезим аң-сезимде пайда болгон бир нерсе. Булардын баары аң-сезимдин өзүнүн жасаган нерсеси.49

Булардын баары бизди маанилүү бир чындыкка алып барууда: биз өмүр бою дүйнөнү биздин сыртыбызда деп ойлойбуз. Чынында болсо дүйнө бүтүндөй биздин ичибизде. Биз сыртыбызда деп ойлогон дүйнөнү чынында мээбиздин ичиндеги кичинекей бир чекитте көрөбүз.

Сырттагы дүйнөнүн өзүн түздөн-түз көрө албайбыз жана бүт нерсе мээде пайда болгон бир элес; андай болсо көргөн чындап «көзбү»?

Биз өмүр бою бүт тышкы дүйнөнү көздөрүбүз менен көрөбүз деп ойлойбуз. Чынында болсо көздүн көрүү функциясын аткарышы жөнүндөгү илимий түшүндүрмөлөр көргөндүн көз эмес экенин айтууда. Көздөр жана көздөргө тиешелүү миллиондогон нерв клеткасы көрүү кубулушу ишке ашышы үчүн мээге кабар жөнөтүүчү кабель кызматын гана аткарышат. Торчо анын бетине түшкөн жарык бөлүкчөлөрүн кабылдайт жана аларды электрдик сигналга айлантып мээге жиберет. Б.а. бул жерде абадан келген нур толкундары, май, протеин жана суудан турган торчо жана жиберилген электрдик сигналдар жөнүндө сөз болууда. Мээде бакчада чуркап ойногон балдар, көк булутсуз бир асман, деңизди жарып сүзгөн кемелер жок. Электрдик сигналдар гана бар.

Мээбизде бүт бул кабылдоолор пайда болгон, сүрөттөлүштөр көрүнгөн, үндөр угулган, жыттар пайда болгон бир жер барбы? Мээни терең изилдей турган болсок, бир-бири менен таасирлешүү ичиндеги нейрондор жана алардын арасындагы химиялык жана электрдик байланыштарды көрөбүз. Бирок мээнин эч бир жеринде түстөрдүн, формалардын, тексттердин жана тышкы дүйнөгө тиешелүү башка нерселердин көрүнүштөрүн таба албайбыз. Мээнин эч бир жеринде жалбырактары кыймылдаган жашыл бир дарак, соода кылып жаткан адамдар, үйлөр, машиналар, эмеректер жок. Мээнин эч бир жеринде бизге күлүмсүрөгөн бир досубуз, апабыз же атабыз жок. Сиз окуп жаткан бул китептин көрүнүшү мээнин эч бир жеринде жок. Кыскасы, айланабызда көрүп жатабыз деп ойлогон дүйнө сыртта да эмес, мээде да эмес.

«Сүрөттөлүш мээде» деген илимпоздор төмөнкү суроого жооп бериши керек. Эгер мээде бир сүрөттөлүш пайда болуп жатса, анда бул сүрөттөлүштү карап жаткан ким?

Калифорния университети психология бөлүмү жана неврология программасынын профессору жана Мээ жана кабылдоо борборунун башчысы Вилайанур С. Рамачандран (Vi­la­ya­nur S. Ra­mac­han­dran) Phan­toms in the Bra­in (Мээнин алдануулары) аттуу китебинде муну мындайча түшүндүрөт:

Колунда кармаган чыныдагы суусундукту карады. «Көз чанагымдын ичине бул чынынын тескери бир көрүнүшү түшүүдө. Ачык жана коюу түстүү көрүнүштөрдүн кыймылдары көз торчомдун бетиндеги фоторецепторлорду активдештирүүдө жана формалар бир жолду бойлой –бул жол оптикалык нерв- бир-бирден пиксельдер абалында жиберилүүдө. Мээмдин ичиндеги экранда чагылтылууда. Бул чыныны дал ушундай абалды көрүп жатамынбы? Албетте, мээм көрүнүштү кайра айландырып оңдошу зарыл.»

Анын фоторецепторлор жана оптика жөнүндөгү маалыматтары таасирдүү болсо да, мээнин ичинде бир жерлерде көрүнүштөр чагылтылган бир экран бар деген сөзүндө олуттуу бир логика катасы бар. Себеби эгер ички нейрондорго туташкан бир экрандан чынынын көрүнүшүн көрүп жаткан болгонуңузда, мээңиздин ичинде муну көрүшү үчүн башка бир кичинекей адамга муктаж болмоксуз. Бул дагы маселени чечпейт, себеби эми анын башынын ичиндеги көрүнүштү көрүү үчүн андан да кичинекей бир адамга муктаж болмоксуз жана бул ушундайча чексизге чейин уланмак. Натыйжада көрүү суроосунун чыныгы жообун таба албастан, эч түгөнбөгөн көздөр, көрүнүштөр жана кичинекей адамдардын маселесин чечүүңүз керек болмок.50

Рамачандран бул жерде токтолгон жагдай абдан маанилүү. Мээнин ичинде көрүнүш (сүрөттөлүш) пайда болот деп кабыл алсак, анда бул көрүнүштү мээнин ичинде карап жаткан бир адам болушу керек болот. Мээлердин ичинде көрүнүштөр, көрүнүштөрдү караган кичинекей адамдар жана алардын мээлериндеги көрүнүштөрдү караган кичинекей адамдар үзгүлтүксүз уланат. (Терең маалымат үчүн караңыз: Ku­le­de­ki Kü­çük Adam (Мунарадагы кичинекей адам), Харун Яхья). Мээнин ичиндеги көрүнүштү карап жаткан бир жандык болбогондуктан, мээнин ичинде көрүнүш пайда болот деп айтуу чындыкка жана логикага жатпайт. Мээнин ичи капкараңгы, жарыксыз, жымжырт. Мээнин ичинде түстөр, бир-биринен кооз гүлдөр, ысыктык сезимин берген шашлык оту жана кооз сайраган куштар жок.

Андай болсо мээнин ичинде пайда болгон нерсе эмне? Рамачандран мунун илимий түшүндүрмөсүн мындайча жасайт:

... көрүүнү түшүнүү үчүн алгач мээдеги көрүнүштөр пикиринен кутулуу жана заттар менен окуялардын тышкы дүйнөдөгү «өкүлдүк сүрөттөлөрү» жөнүндө ойлонуу керек. Бул бетте жазылган абзацтар сыяктуу бир абзац «өкүлдүк сүрөттөөнү» абдан жакшы түшүндүрө турган бир мисал. Эгер Кытайдагы досуңузга үйүңүздүн кандай экенин түшүндүргүңүз келсе, үйүңүздү Кытайга алып барышыңыздын кажети жок. Үйүңүздү сүрөттөгөн бир кат жазуу жетиштүү болот. Бирок катыңыздагы сөздөрдү же абзацтарды пайда кылган сыя калем эч качан физикалык мааниде бөлмөңүзгө окшобойт. Кат – сиздин бөлмөңүздүн «өкүлдүк бир сүрөттөөсү».

Мээдеги «өкүлдүк сүрөттөөнүн» мааниси кандай? Албетте, сыя калем тамчылары эмес, бирок нерв өткөргүчтөрүнүн тили жөнүндө сөз болууда. Адам мээсинде көрүнүштөрдү анализ кылуу үчүн көп сандагы аймак бар, булардын ар бири көрүнүштүн белгилүү түрдөгү маалыматтарын алууда адистешкен татаал нейрон тармактарынан турат. Ар бир зат бул аймактардын ичинде ал затка тиешелүү бир катар иш-аракетти ишке кириштирет. Мисалы, бир калемди, китепти же бир адам жүзүн караганыңызда ар абал үчүн башка бир нервдик иш-аракет стимулданат жана сиздин эмнени караганыңыз менен байланыштуу жогорураак мээ борборлоруна «маалымат берет». Бул иш-аракеттердин формасы, кагаздын бетиндеги сыя тамчылары сиздин бөлмөңүздү сүрөттөгөн же символдогон сыяктуу, заттарды сүрөттөйт же символдойт. Көрүү процессин түшүнүүгө аракет кылган биз илимпоздордун максаты – мээ мындай символдук сүрөттөөлөрдү жасоо үчүн колдонгон кодду чечмелөө; код чечмелөөчүнүн жат бир текстти чечмелөөгө аракет кылышы сыяктуу...51

Бирок бул картанын бар болушу өзү жалгыз көрүүнү түшүндүрө албайт, себеби мээнин ичинде, мурда айтып кеткендей, көрүү кыртышынын бетинде көрсөтүлгөндөрдү караган кичинекей бир адам жок.52

Ричард Л. Грегори болсо мындай дейт:

Көздөр мээде заттардын кабылдоолорунан турган бир сүрөттөлүш пайда кылат деген пикирден качынуу керек. Мээдеги сүрөттөлүш пикири булардын баарын көрө турган бир ички көздүн да болушун талап кылат. Бирок бул болсо бул сүрөттөлүштү көрө турган башка бир көздүн болушун, башка сүрөттөлүштөр үчүн башка көздөрдү ж.б. талап кылат. Бул болсо эч натыйжасыз түбөлүккө чейин ушундайча уланат.53

Айова  университети неврология бөлүмү профессору жана башчысы Антонио Дамасио (An­to­ni­o Da­ma­si­o) «абдан чынчылдык менен мындай деп айта алам; аң-сезимдин алгачкы маселеси – бул кантип «мээде бир тасма» пайда кыла алышыбыз,» деп айтуу менен илимпоздордун бул темада кабылган туюгун апачык мойнуна алууда. 21-кылым илиминин «Көргөн ким?» суроосуна жооп бере албаганы анык. Илимпоздор мээнин ичинде бир карап туруучу бар деген гипотезаны албетте ташташты. Бирок бул абал мээде пайда болгон сүрөттөлүш түшүнүгүн илимпоздор үчүн андан да чоң көйгөйгө айлантты. Мээнин ичиндеги бир чекит бизге сансыз детальга ээ, кемчиликсиз тактыктагы жана кемчиликсиз детальдарга ээ бир дүйнө сунууда. Болгондо да үзгүлтүксүз. Мунун илимий түшүндүрмөсү ушундай. Бирок пайда болгон «сүрөттөлүш» каерде?

Оксфорд университетинен психолог Сьюзен Блэкмор (Su­san Black­mo­re) мындай жоромол жасайт:

* Крик «көз алдыбызда көргөн дүйнөнүн жандуу көрүнүшүнүн» байланыштарын тапкым келет дейт. Дамасио болсо муну «мээнин ичиндеги кино экран» деп атайт. Бирок эгер көрүү дүйнөсү чоң бир иллюзия болсо, анда бул адамдар издеген нерсесин эч качан таба алышпайт, себеби мээнин ичиндеги кино экран да, жандуу көрүнүш да мээде эмес. Булар дагы иллюзиянын бир бөлүгү.55

Сьюзен Блэкмордун ою боюнча, көрүп-сезгендерибиздин баары бир иллюзия. Негизи иллюзия сөзү бул жердеги абалды толук түшүндүрө албайт. Иллюзия мээбизде пайда болгон окуяларды физикалык чындыктар менен салыштыруудан келип чыккан бир абал. Ал эми бул жерде адам сырттагы дүйнөнү, б.а. салыштыруу жасай турган бир физикалык реалдуулукту көрүп-кармай албайт. Булардын баары аң-сезим өндүргөн нерселер жана аң-сезим сырттагы реалдуулукту эч качан көрө албайт, уга албайт, сезе албайт. Булар бизге гана тиешелүү реалдуулуктар. Демек бул жердеги абалды иллюзия эмес, элес деп атоо туурараак болот.

Биз ээ болгон дүйнө биздин кабылдоолорубузда гана пайда болот. Бул дүйнөнү биз көргөндөй көргөн, бизге тиешелүү кабылдоолорду сезип кабылдаган, биздин дүйнөбүзгө күбө болгон эч ким жок. Көргөндөрүбүз мээбиздин бир бөлүгү дагы эмес. Мээ дагы бул элес көрүнүшкө тиешелүү. Биздин кабылдоолорубуз бизге көрсөтүлгөн, биз үчүн жаратылган бир дүйнөнү түзүшөт. Сыртта чыныгы, заттык бир дүйнө бар, бирок адам буга эч качан жете албайт. Кванттык физиканын ачуучуларынан Эрвин Шредингер (Er­win Shrö­din­ger) айткандай, «ар адамдын дүйнө көрүнүшү анын аң-сезими пайда кылган түшүнүк жана дайыма ошол бойдон калат. Бул дүйнө көрүнүшүнүн башка бир жандыкка ээ экенин эч качан далилдөөгө болбойт».56

Көз алдыбызда деп ойлогон бир затты, мисалы бир китепти карап алган тажрыйбабызды аны ойлонуп гана ала алышыбыз бул чындыктын маанилүү далилдеринен. Мээнин ичинде чынында бар болбогон бир нерсенин көрүнүшүн алуудабыз. Вашингтон университетинен психолог Майкл Познер (Mic­ha­el Pos­ner) жана невролог Маркус Райхл (Mar­cus Ra­ich­le) мээнин бул кереметтүү механизми жөнүндө мындай дешет:

Көздөрүңүздү ачыңыз, бир пейзаж эч кыйынчылыксыз сиздин экраныңызды толтурууда; көздөрүңүздү жумуңуз жана ал пейзажды ойлоңуз. Ушундайча ал пейзаждын бир көрүнүшүн чакыра аласыз, албетте сиз көздөрүңүз менен көргөн пейзаждай жандуу, үзгүлтүксүз же кемчиликсиз эмес. Бирок пейзаждын жалпы өзгөчөлүктөрүнө ээ. Эки учурда тең пейзаждын бир көрүнүшү аң-сезимде пайда болууда. Чыныгы көрүү тажрыйбасы менен пайда болгон көрүнүш элестетилген бир көрүнүштөн айырмаланышы жагынан «кабылдоо» деп аталууда. Кабылдоо торчону сүзгөн жана андан соң мээде анализ кылына турган сигналдарды жөнөтүүчү нурдун продукту катары пайда болууда. Бирок бул сигналдарды жөнөтүү үчүн эч бир нур торчону сүзбөгөндө бир көрүнүштү кантип пайда кыла алуудабыз?57

Бир нерсени ал нерсенин өзү жок кезде ойубузда пайда кылган нерсе – өзү бар деп ойлогонубузда аны ойубузда пайда кылган механизм менен бирдей. Ошондуктан биз тышкы дүйнө катары көргөн сүрөттөлүштөр – бир жаңылуу, бир элес гана. Көргөндөрүбүздүн баары, көз алдыбыздагы түстүү дүйнө, досторубуз, айланабыздагы адамдар, ал тургай өз денебиз да бул элестин бир бөлүгү. Булардын баарынын булагы деп ойлогон нерсебиз, б.а. тышкы дүйнөнүн өзү биз үчүн дайыма белгисиз бойдон кала берет.

Бул көлөкө (элес) дүйнө иштеген ишканабызды, үйүбүздү, айланабыздагы адамдарды, машинабызды, жеген тамагыбызды, көргөн кинобузду, кыскасы, жашообуздагы бүт нерсени камтыйт. Үйүбүзгө киргенде чыныгы үйүбүздүн ичине киргендей бир сезимде болобуз. Чынында болсо чыныгы үйүбүздүн, ага абдан окшош, ал тургай сүрөттөлүш болушу мүмкүн деп эч күмөн санабаган бир копиясын мээбизде көрөбүз. Үйдүн ичинде көргөн адамдардын баарынын сүрөттөлүшүн кайра эле мээбизде көрөбүз. Бүт өмүрүбүз мээбиздин ичиндеги кичинекей бир жерде өтөт.

Бул темада изилдөө жасаган невролог жана психологдордун көпчүлүгү бул жерге чейинки жыйынтыкка оңой гана келишет. Бирок «кабылдаган ким» деген суроого жооп берүүдөн көбүнчө алыс турушат. Мээде кичинекей адамдарды издеп, булардын баарын кабылдаган заттык бир нерсени табууга аракеттенишет. Муну китептер, макалалар, конференциялар бою талкуулашып, муну чече албаган башка илимпоздорду мисал келтиришет жана муну чече албайбыз дешет. Бирок бүт илимий чындыктар апачык көрсөткөн жыйынтык – булардын баарын кабылдаган, көргөн жана сезгендин адам ээ болгон рух экендиги. Илимпоздор мээде издеген нерсе, б.а. «көргөн нерсе» - бул рух. Биз «тышкы дүйнө» деп кабыл алган жашоого тиешелүү нерселердин баары ушул рухка көрсөтүлгөн көрүнүштөр гана. Бул чындык кээ бир илимпоздор улуулугуна ишенген материализмди жок кылууда. Заттан башка эч нерсе жок деген материалисттер рухтун бар экенин эч кабыл ала алышпайт. Мына ушул себептен «кабылдаган ким» деген суроо материалисттер үчүн дайыма жоопсуз кала берет.

Адамга рух берген – бул Аллах. Бул рухка уктурган, көрсөткөн, сездирген – Аллах. Кемчиликсиз тунук, абдан детальдуу жана кереметтүү жандуу бир дүйнөнү биз үчүн элес катары гана жараткан, рухка булардын баарын башынан өткөрүп жаткандай сездирген, бүт нерсени жоктон жараткан – бул Улуу Аллах. Аллах аяттарында бул чындыкты адамдарга кабар берген:

 

Кайыпты да, күбө болунганды да билүүчү, улуу жана күчтүү, боорукер – Ал. Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпактарын бир маңыздан (сүлаледен), болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 6-9)

 

Үндөр мээбизде гана бар

Угуу процессинин системасы көрүү менен бирдей. Үн катары бизге жеткен маалыматтар – сүрөттөлүштөгү сыяктуу, электрдик сигналдар гана. Сырткы кулак айланадагы үн толкундарын кулак лакатору менен топтоп ортоңку кулакка өткөрөт. Ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп ички кулакка өткөрөт. Ички кулак болсо бул толкундарды үндүн тыгыздыгына жана жыштыгына жараша электрдик сигналдарга айлантып мээге жиберет. Мээде бул кабарлар ал сигналдар анализ кылынып жоромолдоно турган угуу борборуна жиберилет. Ушундайча угуу процесси ишке ашат.

Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар: сүрөттөлүштөр сыяктуу, үндөр да мээбиздин сыртында бир жерлерде эмес. Өзгөчө адам аң-сезими жөнүндөгү изилдөөлөрү менен таанымал Кембридж университетинин математика жана теориялык физика бөлүмүнөн Питер Рассел муну мындайча түшүндүрөт:

Епископ Беркли биздин кабылдоолорубуздан башка эч нерсе жок деп жактады, андан соң эгер аны уга турган эч ким жок болсо, жыгылган бир дарак үн чыгарабы деген талаш жаралды. Ал кездерде үндүн абада кантип өткөрүлөөрү же кулактын же мээнин кантип иштээри жөнүндө эч нерсе белгисиз эле. Учурда ал жердеги процесстер жөнүндө бир топ көптү билебиз жана мунун жообу апачык «жок». Физикалык реалдуулукта эч бир үн жок, абада басым толкундары гана бар. Үн бир кабылдоочунун аны сезиши менен гана бар болот – бул кабылдоочу же адам, же бир кийик же бир куш же бир кумурска.58 (басым оригиналына тиешелүү.)

Сырттагы үн биз үчүн биз аны кабылдасак гана бар. Бирок бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар: сүрөттөлүштөр сыяктуу үндөр да мээбиздин ичинде эмес. Мээде кайра эле электрдик сигналдар гана бар. Биз «чыныгы» деп кабылдаган үндөрдүн баары мээбиздин ичиндеги ушул электрдик сигналдардын бир натыйжасы. Бир досубуз менен маектешип жатканда, анын үч өлчөмдүү көрүнүшүн мээбизде туптунук кабылдап, андан келген үндү да анын канчалык алыстыкта турганын тастыктай турган абалда угабыз. Досубуз алыста болсо үндүн алыстан келгенин сезебиз. Чынында болсо, бул үн алыста да эмес, жакында да эмес. Электрдик сигналдар катары гана бар. Башкача айтканда, бул үн мээбиздин ичинде да эмес. Мээбиздин ичи жымжырт. Канчалык көп адамдуу жана ызы-чуу бир жерде болсок да, мээбиздин ичи тыптынч. Электрдик сигналдар берген сигналдар бизге сыртта көп адамдуу жана ызы-чуу бир дүйнө бар деген маалыматты берет. Бирок сырттагы бул көп адамдуу жана ызы-чуу дүйнөгө жете да албайбыз, аларды мээбиздин ичинде пайда кыла да албайбыз. Үн – биз кабылдаган бир нерсе.

Питер Рассел муну мындайча түшүндүрөт:

Бир кыяктын обонун угуп жатам, бирок мен уккан үн мээмде пайда болгон бир сыпат. Ал сыяктуу бир үн тышкы дүйнөдө жок, аба молекулаларынын толкуну гана бар.»59

Ошондуктан үндөрдү угуп жатканда да, сүрөттөлүштөгүдөй жаңылыштыкка туш болобуз. Үндөрдү да тышкы дүйнөдөн келип жатат деп ойлойбуз. Чынында болсо бир кабылдаган үндөр биз үчүн жаратылган көлөкө (элес) дүйнөнүн бир бөлүгү. Бул дүйнөгө тиешелүү сүрөттөлүштөр, даамдар, жыттар жана сезимдер сыяктуу, үндөр да бизге тиешелүү бул элес дүйнөнүн бир бөлүгүн түзөт. Биз тышкы дүйнөдө бар деп ойлогон жык-жыйма адамдуу чөйрөнүн ызы-чуусу, бизди чакырган досубуздун үнү жана уккан музыкабыз бизге гана тиешелүү бул элес дүйнөсүндө пайда болот. Булардын баарынын сырттагы реалдуулукка дал келип-келбешин эч биле албайбыз. Себеби мээбиздин сыртына чыгып, чыныгы дүйнөгө жетишибиз эч качан мүмкүн эмес.

 

Жыттар менен даамдар да мээбизде

гана пайда болот

Бышкан сонун бир тамактын даамы чындап тамактан келет деп ойлойбуз. Тамак бышып жатканда башкалар да биздей жыт сезип жатат деп ойлойбуз жана орток бир сезимди сезип жатабыз деп ишенебиз. Бирок бул бир күмөн гана. Бизге жыт молекулаларынын электрдик сигналга айландырылып, мээбизге жеткен абалы гана келет. Б.а. биз жыт деп атаган нерсе – көрүү жана угуу сыяктуу, электрдик сигналдардан турган бир кабылдоо. Сырттагы жыт молекулалары эч качан мээбизге жетпейт.

Атактуу ойчул Джордж Беркли бул чындыкты мындайча айткан:

Алгач түстөр, жыттар ж.б. чындап бар деп кабыл алынды; бирок кийинчерээк мындай көз-караштар жокко чыгарылды жана булардын сезимдерибиз урматында гана бар экени аныкталды.60

Жыт сезими – физикалык мааниде эч кандай жыт молекуласы чынында болбогон түштөр учурунда да абдан реалдуу сезүү мүмкүн болгон бир сезим. Адамдар түшүндө сүрөттөлүштү абдан тунук, кемчиликсиз көргөн, үндү эч кемчиликсиз уккан сыяктуу эле, жытты да ошондой сезишүүдө. Ошондуктан, буга таянуу менен жытты сезүү үчүн анын заттык бар болушунун шарт эмес экенин түшүнүү оңой болот.

Бул даам сезүүгө да тиешелүү. Адам тилиндеги даам сезүүчү аймактардын кызматы да – башка сезүү органдары сыяктуу, келген стимулду электрдик сигналга айлантуу. Ошондуктан биз көңүлүбүзгө жаккан бир тортту жегенибизде, эч качан анын чыныгы даамына жете албайбыз. Анын чыныгы көрүнүшүн укпаган, чыныгы жытын сезбеген сыяктуу эле, чыныгы даамын да тата албайбыз. Биз сезген даам – мээбизге электрдик сигнал катары жиберилген стимулдардын бир таасири. Б.а. өмүр бою биз сүйгөн бир тамагыбыздын, шоколаддын, мөмөнүн биздин элес дүйнөбүздөгү даамдарын сезебиз. Беш сезимибиз аркылуу мээбизде пайда болгон кабылдоолор бизге буларды сонун көрүнүштө, жыты жана даамы сонун деп айтышат. Бирок бул бүтүндөй бизге тиешелүү бир маалымат. Биздин сезимибизде бизге сездирилет. Мындан башка тышкы дүйнө жөнүндө эч нерсе билбейбиз.

 

Тийүү сезими – мээге жиберилген

электрдик сигналдар гана

Биз кабылдаган тышкы дүйнө ушунчалык реалдуу сезилгендиктен, кабылдоолордон (элестерден) турган бир дүйнөдө жашап жатканыбыз илимий бир чындык болгонуна карабастан, адамдардын көпчүлүгү элестердин кемчиликсиздигинен улам жаңылышат. Адамдарды жаңылткан эң чоң себептердин бири болсо – бул тийүү сезими. Адамдар көргөн, жыттаган же даамын таткан бүт нерсенин реалдуулугунан шектениши мүмкүн. Бирок буюмдарга тийүү сезими тышкы дүйнөгө тийип жаткандай сезим берип, аларды жаңылтышы мүмкүн. Бирок тийген нерсесинин бир электрдик сигнал катары мээге жиберилээри бул темадагы бүт стереотиптерди жок кылууда. Бүт башка сезимдерибиз сыяктуу, тийүү сезими да мээде пайда болот. Бир нерсени сезишибиз ал жөнүндө мээбизде алган маалыматыбыздан көз-каранды. Мээбиз кабылдабаса, затка тийсек дагы, аны сезе албайбыз.

Питер Рассел муну мындайча түшүндүрөт:

Зат катуу бир материал деген пикирибиз болсо, жашыл түс сыяктуу, аң-сезимде пайда болгон бир сыпат. Бул «сыртта бар нерсенин» бир модели. Бирок башка модельдер сыяктуу, сырттагы чыныгысынан абдан айырмалуу.61

Питер Рассел басым жасаган «чыныгы» сөзү абдан туура. Сырттагы затка тийгенде аны менен болгон байланышыбыз – бул колубуздун электрондорунун ал нерсенин электрондорун түртүшү гана. Б.а. чынында ага тийбейбиз дагы. Сырттагы нерсеге эч тийбейбиз. Ошентсе да, пайда болгон сезим анын сыпатын алып жаткандай сезим берет бизге. Бир дарактын катуу экенин, пахтанын жумшак экенин сезе алабыз. Экөөсүн эки башка сезебиз, бирок негизи молекулярдык деңгээлде ишке ашкан процесс электрондордун бири-бирин түртүшүнөн гана турат. Бир тийген нерсебизден келген катуулук сезими, бир мышыктын жүнүнөн же бир дубалдын одур-бодур бетинен алган сезимибиз бизге электрдик сигнал абалында гана жетүүдө. Б.а. физикалык алган тажрыйбабыз биздеги сезимден такыр айырмалуу. Ошондуктан сырттагы заттын өзүнө эч качан тийе албайбыз. Бизге тышкы дүйнөгө тиешелүү бир сезим гана жетет жана бул сезимдерге таянуу менен тышкы дүйнөнүн кандай бир жер экенин биле албайбыз.

Пенсильвания университети ооруканасынын ядролук медицина бөлүмүндө доцент милдетин аткаруучу, доктор Эндрю Б. Ньюберг (An­drew B. New­berg) бул жөнүндө мындай дейт:

Илгери мындай деген кээ бир философтор бар эле: кара, эгер бир ташты тепсем, бутумун манжасы ооруйт, бул чындык. Муну сеземин. Чыныгы экенин сезем. Бул жандуу. Ушул реалдуулук (чындык) деп аталат.» Бирок негизи бул дагы эле бир тажрыйба жана бул дагы эле адамдын «чындык» сезими.62

Мисалы ысык бир нерсеге тийгенибизде, анын сезимин мээге жиберүү кызматын аткарган нервдер иштен чыгарылса, күйүп жаткан колубузду сезбейбиз. Ысыктан күйүү, аны сезүү жана мындан улам оору сезүү сезими мээнин жоромолу гана. Ошол сыяктуу, сыртта бир стимулдоочу болбосо да, электрдик сигналдарды жасалма жасоо жолу менен эле кабылдоо сезими пайда болушу мүмкүн. Сыртта күйүп жаткан бир от болбосо да, колубуздун күйгөнүн сезишибиз мүмкүн. Бул ал жердеги күйүү сезиминин биздин элес дүйнөбүздө гана пайда болгонунун дагы бир далили. Терең ойлонуу керек болгон бул маанилүү чындыкты 20-кылымдын атактуу ойчулу Бертран Рассел (Ber­trand Rus­sell) мындайча баяндаган:

...Манжаларыбыз менен столду баскандагы тийүү сезими болсо, бул манжа учтарындагы электрон менен протондорго бир электр таасири. Заманбап физика боюнча, столдогу электрон менен протондордун жакындашынан пайда болгон. Эгер манжа учтарыбыздагы ушундай таасир башка бир жол менен пайда болгондо, эч стол болбосо да, ошол эле нерсени сезмекпиз.63

Заттын негизги сыпаты, б.а. катуулук биздин кабылдоо дүйнөбүз үчүн илимий мааниде жок болду. Бир нерсени көрүп жатышыбыз анын чыныгы физикалык көрүнүшү жөнүндө бир далил жана ишарат бербейт. Биз тийген нерсе мээбизде гана пайда болгон нерсе. Сырттагы чыныгы сыпатын жана көрүнүшүн биз биле албаган бир элес. Илимпоз Ж.Р. Минкель (J. R. Min­kel) New Sci­en­tist журналындагы бир макаласында муну мындайча түшүндүрөт:

Азыр бир журнал кармап турасыз, муну катуу бир зат катары кабылдап жатасыз жана сиз мунун ааламда көз-карандысыз абалда (өзүнчө) турганын көрүп жатасыз. Айланаңыздагы нерселер да ошондой, балким бир кружка кофе же бир компьютер, баары сыртта чыныгыдай көрүнүүдө. Бирок баары элес гана.64

 

Алыстык да бир элес,

мээбизде гана пайда болот

Маңдайыбыздагы бир адамдын алыс бир жерден жакындап келе жатканын дароо түшүнөбүз. Көрүнүшү, үнү жана чоңдугу турган жерине жараша өзгөрөт. Бул факторлорго жараша анализ кылып, ал адам менен арабызда кандай аралык бар экенин аныктайбыз. Бирок чынында ал адам менен арабызда эч кандай алыстык жок. Аны алыс бир жерде көрүп жатам деген ишеним мээбизде жасаган бир салыштыруу себебинен гана болот. Б.а. алыстык сезими бир кабылдоо (элес) гана.

Биз тышкы дүйнө деп атаган сүрөттөлүш ушунчалык ынандырарлык жана таасирдүү болгондуктан, адам булардын баарынын кабылдоолор гана экенине ишениши үчүн терең көңүл буруп ойлонушу талап кылынат. Сүрөттөлүштү мынчалык ынандырарлык жана таасирдүү кылган нерселер болсо – бул алыстык, тереңдик, түс, көлөкө, жарык сыяктуу элементтер. Бул материалдар ушунчалык кемчиликсиз колдонулгандыктан, мээбизде үч өлчөмдүү, түстүү жана жандуу бир көрүнүшкө айланат. Чексиз сандагы детальдар бул көрүнүшкө кошулганда, биз эч байкабай өмүр бою чыныгысы (өзү) деп ойлоп ичинде жашаган, бирок чынында мээбизде гана көрүп, кармап, сезген жана чыныгысынын бир копиясы гана болгон бир дүйнө келип чыгат.

Биз алыстык деп атаган кабылдоо – үч өлчөмдүү көрүүнүн бир түрү. Сүрөттөлүштөрдө алыстык жана тереңдик сезимин берген нерселер болсо – перспектива, көлөкө жана кыймыл деп аталган элементтер. Оптика илиминде мейкиндик (spa­ce) сезими деп аталган бул кабылдоо түрү абдан татаал системалар менен камсыздалат. Бул системаны эң жөнөкөйлөштүрүп мындайча түшүндүрүүгө болот: көзүбүзгө келген сүрөттөлүш эки өлчөмдүү гана. Б.а. узуну жана туурасы бар. Көз карегине келген сүрөттөлүштүн чоңдуктары жана эки көздүн бир учурда эки түрдүү сүрөттөлүш көрүшү тереңдик жана алыстык сезимин пайда кылат. Биздин ар көзүбүзгө түшкөн сүрөттөлүш экинчи көзгө келген сүрөттөлүштөн бурч, жарык сыяктуу элементтер жагынан айырмаланат. Мээ бул эки башка сүрөттөлүштү бир сүрөт кылып бириктирүү менен тереңдик жана алыстык сезимин жаратат.

Алыстык биз үчүн бир сезим катары гана жаратылат. Жогоруда да айтылгандай, алыстан келатат деп ойлогон бир адам менен арабызда негизи эч кандай аралык жок. Маңдайыбыздагы киши биздин мээбиздин ичинде жалгыз тегиздик бетинде жаратылууда. Биз сезген алыстык сезими болсо мээнин жоромолу гана. Маңдайыбыздагы адам бизден алыста деп ушунчалык бекем ишенгендиктен, ага үнүбүз жетиши үчүн бийик үн менен кыйкырып, ага жетүү үчүн болгон күчүбүз менен чуркайбыз. Чынында болсо биз жеткибиз келген адам биз менен бир жерде. Чуркап өттүк деп ойлогон ар сантиметр квадраттык аянт биздин мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштүн бир бөлүгү. Чынында биз кыймылдабайбыз дагы, маңдайыбыздагы адам бизге жакындап, алыстабайт дагы. Бүт баары мээбиздин ичиндеги кичинекей бир чекитте бизге көрсөтүлүп гана жатат.

Мисалы, асманда учкан бир учак бизден километрлеген алыстыкта деп ойлойбуз. Чынында болсо ал негизи биздин жаныбызда, мээбиздин ичинде. Учакты караганыбызда учак чыгарган үн толкуну жана ал зат чыгарган жарык толкундарынын көзүбүзгө чагылган жыштыктары жана көлөмү натыйжасында учак бизден миңдеген километр алыста деп ойлойбуз. Бирок мээ эгер 2 бирдик болгон жыштык жана көлөмдү 1 бирдик катары кабылдаганда, абал такыр башкача болмок. Анда, миңдеген километр алыста деп бекем ишенген учактын такыр башка бир аралыкта экенине ынымакпыз жана мунун чындык экенине күмөн санамак эмеспиз.

Адам алдындагы тереңдик сезими ичинде көптөгөн детальды көрөт. Бир аз алды жагында колундагы китебин, андан арыраакта телевизор, андан да алысыраакта терезе, андан ары терезеден көрүнгөн учу-кыйырсыз токой жана эң алыста болсо күндү көрөт. Колу, буттары, денеси да бул көрүнүштүн ичинде. Ар биринин белгилүү бир перспективасы, караган жеринен белгилүү бир алыстыгы бар. Б.а. ал ошондой кабылдоодо. Тереңдик сезими, перспектива, көлөкөлөр жана сүрөттөлүштүн ичинде көргөн өз денеси чыныгы бир тышкы дүйнөнү көрүп жатканына аны ишендирүүдө. Бирок карап жаткан өз денеси да кошо, бүт баары мээсинин ичиндеги электрдик сигналдардын бир таасири. Алдында турган бир китеп менен эң алыста деп ойлогон күндүн арасында эч аралык (алыстык) жок. Булар менен өзүнүн арасында да эч аралык жок. Көргөндөрүнүн баары мээде пайда болгон жалгыз сүрөттөлүштүн бөлүктөрү.

Эки өлчөмдүү бир торчодо тереңдик сезиминин пайда болушу эки өлчөмдүү бир сүрөт полотносунда реалдуу бир тереңдик сезимин жаратууга аракеттенген сүрөтчүлөр колдонгон ыкмага абдан окшош. Тереңдик сезимин пайда кылган кээ бир маанилүү элементтер бар. Алар нерселердин үстү-үстүнө жайгашышы, перспектива, кыртыштын өзгөрүшү, чоңдук, бийиктик жана кыймыл. Сүрөтчүлөр сүрөттөрүндө колдонгон ыкма мээбиздеги сүрөттөлүшкө да тиешелүү. Мээбиздеги эки өлчөмдүү бир жерде тереңдик, жарык, көлөкө ошондой ыкма менен пайда болот. Бир сүрөттөлүштө детальдар, б.а. жарык, көлөкө жана чоңдуктар канчалык майда-бараттуу жасалса, ал сүрөттөлүш ошончолук реалдуу болот жана сезимдерибизди жаңылтат. Натыйжада биз үчүнчү өлчөм болгон тереңдик жана алыстык бар сыяктуу кабылдайбыз. Чынында болсо, көргөн сүрөттөлүштөрүбүздүн баары бир кино тасмасы сыяктуу жалгыз бир бетте жайгашат. Мээбиздеги көрүү борбору абдан кичинекей! Бүт ал алыс аралыктар, алыстагы үйлөр, асмандагы жылдыздар, ай, күн, абада учкан учактар, куштар сыяктуу сүрөттөлүштөр ушул кичинекей жерге батырылат. Б.а. сиз карап миңдеген километр жогоруда деген бир учак менен колуңузду созуп кармай алган чыны арасында илимий жактан эч бир аралык жок, баары мээңиздеги кабылдоо борборунда жалгыз тегиздиктин (экрандын) бетинде.

Бул – кереметтүү бир жаратуу далили, укмуштуу бир чеберчилик, кемчиликсиз бир чыгарма. Аллах ар адамдын сезиминде бул кемчиликсиз сүрөттөлүштү жана детальдарды ар көз ирмем сайын, үзгүлтүксүз жаратууда. Адам маңдайындагы үч өлчөмдүү, тереңдиги бар сүрөттөлүштүн бар экенинен күмөн санай турган бир дагы кемчилик жок. Бизге тиешелүү дүйнө сырттагы оригиналынын (чыныгысынын) бир копиясы катары тынымсыз жаратылууда жана бул дүйнөгө тиешелүү ар бир детальда, ар бир чеберчиликте булардын баарынын Ээсинин күчү, кудурети жана жаратуу чеберчилиги көрүнүүдө. Бүт ааламдарды жараткан, алардын баарын ар бир адам үчүн өз-өзүнчө жараткан – бул бүт нерселердин Ээси жана Өкүмдары Улуу Аллах.

Аллах аяттарында мындайча буюрат:

 

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

 

Асмандарды жана жерди жараткан Аллахтын алардын окшошун жаратууга күчү жетээрин көрбөй жатышабы жана алар үчүн күмөнсүз бир мөөнөт (ажал) кылган. Зулумдук кылгандар болсо каапырчылыкта гана өжөрлөнүштү. (Исра Сүрөсү, 99)

 

Биз үчүн «чындык» эмне?

«Аларды көргөнүбүз жана аларга тийгенибиз үчүн жана бизге кабылдоолорубузду бергени үчүн нерселердин бар экенине ишенебиз. Бирок кабылдоолорубуз мээбиздеги пикирлер гана. Демек биз сезимдер аркылуу жеткен нерселер пикирлер гана, жана бул пикирлер мээбизден башка жерде сөзсүз болушпайт... Булардын баары мээбизде гана болгон нерселер болсо, анда ааламды жана нерселерди мээнин сыртындагы нерселер катары элестеткенибизде, жаңылып жаткан болобуз...»65

Кандайдыр бир нерсени көрүшүбүз, анын үнүн угушубуз же ага тийишибиз сырттагы заттык дүйнөнүн сыпаты жөнүндө эч маалымат бербейт. Биз үчүн бир затты зат кылган, анын физикалык затына байланыштуу бизге далил берген нерсе – аны кабылдап жатышыбыз. Бирок негизи биздин кабылдоо (элес) дүйнөбүздө кабылдоо ишке ашкан борбордо, б.а. мээнин ичинде сүрөттөлүш да, үн да, даам да, жыт да жок. Мээнин ичи чымкый караңгы, мээнин ичи жымжырт. Мээнин ичинде жытты сезген, пайда болгон сүрөттөлүштөрдү караган кичинекей жандыктар жок. Ошондуктан мээнин ичинде сүрөттөлүштөрдүн жана үндөрдүн пайда болушу логикасыз, маанисиз жана илимий жактан мүмкүн эмес. Бирок биз ушундай чымкый караңгы жана жымжырт жерде таң калыштуу даражада кемчиликсиз, түстүү, кыймылдуу жана тунук бир дүйнөнү көрөбүз. Бул ушундай бир дүйнө: мээбиздин ичинде пайда болгон элес дүйнөсү болгонуна карабастан, чындап эле реалдуудай сезилет.

Мээде дүйнөнүн эч кемчиликсиз камерасынан да сапаттуураак сүрөттөлүш камсыз кылган, эң өнүккөн үч өлчөмдүү кино экран жана телевизордон тунугураак жана түстүү бир сүрөттөлүш пайда болууда. Мээде эң өнүккөн музыка системасынан да жакшы, тунук жана көп өлчөмдүү, чыныгысынан айырмалоо мүмкүн болбогон үндөр пайда болууда. Ошондой эле, мээде атырдын, гүлдүн жыты пайда болууда; ысык, суук сезими кемчиликсиз пайда болууда. Бул кемчиликсиз тунуктуктагы дүйнө Аллахтын каалоосу менен үзгүлтүксүз бизге сунулууда.

Адам толо бир базарда айланасын караган бир адам айланада чуркап жүргөн балдарды, соода кылып жаткан ар түрдүү адамдарды, түркүн түстүү витриналарды, тамактарды, жолду бойлой жүргөн көчө мышыктарын, ысык абаны, айланадагы кафелерден чыккан тамак жыттарын бир учурда кабылдап сезе алат. Кээде жанындагы киши менен сөзгө чумкуп, жанынан өтүп бараткан тааныштарына салам берүүдө, айланадагы гүлдөрдү жыттоодо. Бирок чынында бул адам мээсинин ичинде пайда болгон бир сүрөттөлүштү гана көрүүдө. Айланадагы жүздөгөн адамдар, көргөн детальдары, мурдуна келген жагымдуу жыттар мээсинин ичиндеги элес экранда пайда болууда. Ал болсо сезимдери аркылуу ага көрсөтүлгөн көрүнүштү карап, сезүүдө. Булардын баары бул адамдын жашоосу, бирок түпкүрүндө алардын баары анын мээсинде пайда болгон элестер жыйындысы гана.

Чынында ал турган чөйрө, б.а. бул дүйнөнүн өзү (чыныгысы) ал адамга сездирилгендейби? Муну биле албайбыз. Чындап айланасында жоон топ адамдар бар же жок экени, же гүлдөрдүн жытынын бүт айлананы каптап, каптабаганы жөнүндө эч нерсе биле албайбыз. Бизге көрсөтүлгөн – бул чөйрөнүн биз кабылдаганы гана. Биз үчүн тышкы дүйнө – кабылдаган дүйнөбүз гана. Органдарыбыз бизге жиберген электрдик сигналдар токтогон болсо, сыртта бир дүйнө болсо да, биздин тышкы дүйнөбүз да жоголот.

Биз бизге жиберилген, жеткирилген жана көрсөтүлгөнчөлүгүн биле алабыз. Ал болсо мээбиздин ичинде болуп жаткандардын баары.

Жерард О'Брайен биздин тышкы дүйнө жөнүндө кабылдаган дүйнө түшүнүгүбүз жөнүндө мындай дейт:

Биз жашаган дүйнө, кандайдыр бир мааниде башыбыздын ичинде жаратылган дүйнө, чындап дүйнөнүн өзүбү же андай эмеспи деген суроо ойго келет. Себеби эгер бир катар теоретиктер айткандай, дүйнөнүн негизи мээбизде жаратылганын кабыл алсак, анда биздин дүйнөдө башыбыздан өткөргөндөрүбүз менен тажрыйбаларыбыздын тышындагы чыныгы дүйнө арасындагы окшоштук чындап бир суроо ишараты катары алдыбыздан чыгат. Эгер биздин дүйнөдөгү тажрыйбаларыбыз менен дүйнөнүн чынында кандай экени арасында чоң дал келбөөчүлүктөр бар деп ойлосоңуз, анда биз көргөн дүйнөнү жана тажрыйбаларыбызды бир жагынан элес деп айтууга болот.66 (басым оригиналына тиешелүү.)

 

Андай болсо биз үчүн чындык эмне?

Адам чындык (чыныгы) деп ойлогон нерсе мээсинин жана сезимдеринин сыртында зат абалында бар болгон бир чыныгы дүйнөгө ишарат кылат. Адам бул дүйнөнү көрсө да, көрбөсө да, анын бар экенине толук ишенет. Эрте менен турганда өз бөлмөмдөмүн деген ишенимде болот. Бюросун жана бюросундагы компьютерин өз ордунда турат деп ойлойт, эртеси күнү эрте менен жумушка барганда аларды ал жерде көрөөрүнөн эч күмөн санабайт. Кечинде үйгө кайтканда үйүм ошол тарапта деп ойлойт. Досторунун, үй-бүлөсүнүн, тааныштарынын, туугандарынын, аларды көрсө да, көрбөсө да, бар экенин кабыл алат. Күн сайын жашаган жана кайталаган бул күнүмдүк тажрыйбаларынын көпчүлүгү булардын баары жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк бербейт, ал тургай тескерисинче буларды тастыктай турган абалда ишке ашат.

Бирок негизи булардын баары оюбузда (мээбизде). Бизге сездирилген нерселер. Сыртта бар деп толук ишенген ал заттык дүйнөнүн элестүү бир копиясын гана көрүп жатабыз. Биздин дүйнөбүз бизге келген элестерден гана турат.

Сьюзен Блэкмор мээнин ичиндеги бул дүйнө жөнүндө мындай дейт:

Мээ – жеке бир театр сыяктуу. Мен бул театрдын ичинде, башымдын ичинде бир жерлердемин жана көздөрүмөн сыртты карап жатам. Бирок бул көп сезимдүү бир театр. Ушул себептен, тийүүлөрдү, жыттарды, үндөрдү жана сезимдерди да сезип жатам. Ошондой эле, мен кыялдануу күчүмдү да колдоно алам. Ички көзүм же ички кулагым урматында мээдеги бир экранда сүрөттөлүштөрдү жана үндөрдү көрүнө турган абалга келтире алам. Булардын баары менин аң-сезимимди түзөт жана «мен» буларды башыман өткөрүп жаткан бир көрүүчүмүн.67

Биз көргөн дүйнө – бир копия дүйнө гана. Чырактар менен жабдылган бир лунапарк мээде пайда болгон бир копия көрүнүш. Булагы электрдик сигналдар гана. Айланабыздагы адамдардын, жакындарыбыздын, айланадагы куштардын үндөрү – мээбиздин ичиндеги копия үндөр. Алардын булагы электрдик сигналдар гана. Жеген бир мөмөбүздүн даамы жана жыты мээбиздеги копия даам жана копия жыт гана. Мөмөнүн өзүн жей албайбыз. Мээбиздеги мөмөнүн бүт өзгөчөлүктөрүнүн булагы – бул электрдик сигналдар. Эч качан күндүн чыныгы ысыктыгын, деңиздин чыныгы салкындыгын жана бир кесим муздун чыныгы муздактыгын сезген эмеспиз. Себеби күндүн, деңиздин жана муздун өздөрүнө эч качан жете албайбыз, алардын бизге таасирлери – электрдик сигналдар гана.

Алдыбыздагы суу идиши негизи бизден алыста эмес. Алдыбызда турган жок. Ал мээбиздин ичинде. Анын көрүнүшүн мээбиздин ичинде көрөбүз. Идиштин айнегине тийдик деп ойлогонубузда, негизи анын өзүнө тийбейбиз. Себеби тийүүнү манжалар эмес, мээбиз сезет. Демек адам эч качан чыныгы бир идишке тийе албайт. Ал идиштеги сууну иче албайт. Ал ичкен суу анын мээсиндеги сезимдер (кабылдоолор) берген бир суу ичүү сезими гана.

Көп өлкөлөрдө көрсөтүлгөн What The Ble­ep Do We Know? (Эмне билебиз?) даректүү тасмасында Атланта, Штат Джорджияда Li­fe университетинен медицина доктору Джо Диспенза (Jo­e Dis­pen­za) «мээбиз мобул жердеги (сырттагы) менен бул жердегинин (мээнин ичиндеги) арасындагы айырманы билбейт» дейт, ушул эле тасмада Фред Алан Вольф болсо ««бул жердегиден» (мээнин ичиндегиден) көз-карандысыз бир «мобул жактагы» (сырттагы) жок»68 дейт.

Биздин жашообуз ушул копия кабылдоолордун (сезимдердин) бир жыйындысы. Булардын чыныгыдай көрүнүшү болсо абдан алдамчы. Биз башка адамдар да биз менен бирдей нерселерди кабылдап жатат деп ойлоп, алар менен бул жөнүндө бир пикирге келебиз жана кабылдаган дүйнөнүн өзүн (чыныгысын) көрүп жатабыз деп ойлойбуз. Чынында болсо көргөн жана уккан нерселерибиз жөнүндө биз менен бир пикирге келген маңдайыбыздагы адам да биздин мээбиздеги бир сүрөттөлүш гана. Мындан тышкары, ал кабылдаган нерселердин биздикинен айырмасынын эмне экенин эч качан биле албайбыз. Биз үчүн жашылдын кандай нерсе экенин, липа жытынын эмнеге окшошоорун ага сүрөттөй албайбыз.

Андай болсо чындык эмне? Джо Диспенза бул темада мындай суроолорду узатат:

Илимий эксперименттер, эгер бир адамды алып мээсин белгилүү PET сканерлери менен же компьютер технологиясы менен изилдеп жатып, белгилүү бир нерсени карагыла десек, мээнин белгилүү аймактары жарыйт. Анан көздөрүңөрдү жумуп ушул эле нерсени элестеткиле дегенде, ал нерсени чындап көзү менен карап жаткансып, мээнин ошол эле аймактары жарыйт. Бул илимпоздордун мындай суроо узатышына себеп болду: анда ким көрүп жатат? Мээ көрүп жатабы? Же көздөрбү? Чындык эмне? Чындык мээбиз менен көргөндөрүбүзбү? Же көзүбүз менен көргөндүрүбүзбү? Мындан тышкары, чындыгында мээ айланасында көргөндөрү менен эстегендери арасындагы айырманы билбейт. Себеби бир эле атайын нерв тармактары стимулданат. Натыйжада илимпоздор кайра эле бир суроону узатышат: чындык эмне?69

"What the Ble­ep Do We Know?" даректүү тасмасында Ж.З. Кнайт (J. Z. Knight) реалдуулукка мындай аныктама берет:

Бул реалдуулукту чындык деп айтууга мүмкүндүк бердик... кыялыбыз менен... кыймылсыздыкты талкалоо, хаостон чыгуу жана аны калыбында кармоо үчүн аны «зат» дейбиз.70

Биз бизге гана тиешелүү болгон бир элес дүйнөсүнүн ичинде жашайбыз. Бул дүйнөдөгү сүрөттөлүштөр башка эч ким аны көрө албаган, эч ким тастыктай албаган сүрөттөлүштөр, жана биз бул сүрөттөлүштөрдү чындык деп кабыл алабыз. Андай болсо чындык – бир элес ганабы? Бизге сездирилгенден гана турабы? Менин денем деп ээ чыккан денебиз, менин жашоом деп кабыл алган жашообуз биздин сезимибизде бир элес катары гана барбы?

Булардын баары чындап эле элестер. Өз мээбиздин ичинде жаратылган бир элес ааламынын ичинде өмүр сүрөбүз. Сырттагы реалдуу дүйнөнү көрүп жатабыз деп ойлойбуз. Бирок чынында биз үчүн мээбизде жаратылган жапжаңы бир дүйнө бар жана биз мунун тышына чыга албайбыз.

Философ Ge­off Ha­sel­hurst биздин мээбиздеги реалдуулук түшүнүгүн илим түшүндүрө албашын айтат:

Экинчиден, (жана маанай чөктүрөт) кабылдоолорубуз бизди жаңыштышат. Философтор миңдеген жылдан бери мээбиздин кабылдоолорубузду көрсөтөөрүн жана ушул себептен, биз көргөн, таткан жана тийген дүйнөнүн биздин кабылдоолорубузга себеп болгон чыныгы дүйнөдөн айырмалуу экенин билишчү. Түс кабылдообуз мээбиздин кандай белгилүү бир нур жыштыгын көрсөтөөрүнө апачык бир мисал. Андан да, эгер реалдуулукка аныктама бере турган болсок, муну кабылдоолорубуз пайда кылган чыныгы нерселерге таянып жасашыбыз керек, өзүн толук чагылтпаган сезимдерибизге эмес. Ушул себептен илим тажрыйба кылып, байкап көрүүгө таянгандыктан, реалдуулукка аныктама берүүдө көп ийгиликке жетпөөдө.71

Питер Рассел болсо мындай дейт:

Биринчиден, заманбап физика жеткен жыйынтыктардын биздин тажрыйбаларыбыздан же чындыктардан абдан алыстаганына таң калышыбыз мүмкүн... Бирок мындан да таң калыштуусу - адам мээсиндеги реалдуулук көрүнүшүнүн бүт нерсенин өзүнө туура келген толук бир көрүнүшү болушу... Заттык дүйнө жөнүндө сөз кылганда, көбүнчө анын түбүндөгү реалдуулукту айтып жаткан болобуз – биз «сыртта» деп кабылдаган дүйнөнү. Бирок чынында биз чындыктын көрүнүшүн гана сүрөттөйбүз. Биз жашаган материалдуулук, биз сезген катуулук, биз билген «чыныгы дүйнөнүн» баары – мээде жаратылган сүрөттөлүштүн бөлүктөрү. Булардын баары чындыкты жоромолдоо формалары. Канчалык кулакка парадокстуу угулса да, зат (материя) мээде жаратылган бир нерсе.72 (басым оригиналына тиешелүү.)

Демек биз үчүн чындык сырттагы өзүнө эч жете албаган зат эмес. Мээбизде булардын баарынын электрдик сигналдарынан турган бир сүрөттөлүш пайда болуп жатат, демек чындык биздин мээбизде пайда болгон дүйнө дагы эмес. Бул дүйнө бүтүндөй элес, бир иллюзия. Биз бул дүйнөнү көрүп жаңылып, алданабыз. Ошондуктан «чындык» биз үчүн сыртта да эмес, мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштө да эмес.

Муну байкап кабыл алуу оорбу? Фред Алан Вольф адамдардын жашап жаткан элес дүйнөсүнө көнүп калганын жана «чыныгы реалдуулуктан» кантип алыс турууга аракет кылганын мындайча баяндайт:

Биз байкабастан ичибизде сакталуу бул сырды сактоо аракетиндебиз... Б.а. биз байкоосуздук менен бүт нерсе биз көргөндөй деген иллюзия астында жашоону тандайбыз. Бул мага же сизге гана тиешелүү болгон, маанилүү бир чындык эмес, бул ааламдын бар болушунун эң терең сыры... Мунун (бул сырды сактоо аракетинин) натыйжалуу болушунун жалгыз себеби – буга ишенүүдө баарыбыздын бир пикирде болушубуз. Эгер буга ишенүүнү бир мүнөт же бир секунда эле, ал тургай, бир миллисекунда эле токтотсок жана аң-сезимибиздин муну токтотконубузду байкашына шарт түзсөк, бул сырдын ачыкка чыкканын көрөбүз.

Жашообуздун кээ бир учурларында, кандайдыр бир жол менен, кандайдыр бир жерлерде, кыска убакытка бул улуу сыр ортого чыккан учурлар болот... Бирок эч качан «жашасын» деп кыйкырбайбыз. Театр салонунда эч ким таң калуудан шок болбойт. Жалгыз бир жаратуучу кыймыл учурунда, бир нерсе жоктуктан айырмалуу болот, бирок өзүбүздү алдап муну байкабайбыз. Бул ушундайча уланат. Айлананы алкыштар толтурбайт. Артыбызга сүйөнүп, көрсөтүүнү карап, терең бир дем алып, мындай дейбиз: «биз муну эч качан чече албайбыз, эң жакшысы кабыл гана алалы.»

... Көпчүлүгүбүз көнүмүш адат менен бул жөнүндө эч нерсе билбеген бойдон калабыз жана өмүрүбүздүн акыркы наносекундасына чейин бул элеске бекем жабышып жашайбыз. Океан менен жер жүзү арасындагы аба, жер менен суу арасындагы чекти карайбыз. Көпкөн кумду, сууну же абаны карап, айырмаларды эстейбиз. Ошол сыяктуу, өмүрүбүздү көрүнбөгөн бир кабыктын бизди «андагы тышкы дүйнөдөн» бөлгөнү абдан бейкапар бир күмөн ичинде өткөрөбүз. «Ичкериде», мээбиздин ичинде, биздин кыял күчүбүздүн ички дүйнөсүндө, коопсуздукта жана жалгызбыз. Эч качан, эч ким же эч нерсе биздин мээ дүйнөбүздүн ичине уруксатсыз кире албайт. Денебиздеги ар сезим бизге дайыма мунун чындык экенин айтат, ар бирибиз жалгызбыз. «Сырттагы» жана «ичтеги» дүйнөлөрдү бир-биринен бөлгөн сезимдик көрүнүштөрүбүзгө жолуктура турган ар маалыматты, ар ойду, ар элести, ар сезимди, сөздү жокко чыгарабыз. Бизге башкача бир нерсе айткан адамдарга күмөн менен карап, алар туура эмес жолго түштү болуш керек деп ойлойбуз, ал тургай жинди деген бүтүм чыгарып, аларды унутууга аракеттенебиз.73

Мээбиздеги дүйнөнүн чындык эмес экенин түшүнүү жана муну кабыл алуу бир материалист үчүн абдан оор. Бирок бул учурда илим тастыктаган абал. Ошого карабастан, Фред Алан Вольф да айткандай, бул улуу чындыкты көрмөксөн болушат. Бир элес дүйнөсүндө жашап жатышыбыз катардагы бир илимий ачылыш сыяктуу чагылдырылат жана чечилбеген бир маселедей кабыл алынат. Мунун жалгыз себеби – биз үчүн «чыныгы» нерсенин материалисттик пикир үчүн «кабыл алынгыс» болушу. Материалисттер кабыл ала албаган жана илимпоздор тынбай издеген бул «чындык» - адамга тиешелүү рух. Бул дүйнөдөгү абсолюттук нерсе жана акыретте түбөлүк жашай турган – бул адам руху. Бул рухту адамга Аллах берген. Адамдан башка заттар да, адамдын өз денеси да, мээсиндеги жашоосу да бир күнү жок болуп кетет. Баки (Түбөлүктүү) жана Абсолюттук нерсе – Улуу Аллах каалаганына берген Өз буйругунан болгон «рух».

 

Раббиң периштелерге: «Чынында Мен ылайдан бир адам жаратам» деп айткан эле. «Ага бир калып берип, ага Рухумдан үйлөгөнүмдө силер ал үчүн ылдам сажда кылгыла.» (Сад Сүрөсү, 71-72)

 

Түштөгү реалдуулук

Түш көрүп жатканда негизи эч ким менен сүйлөшпөйбүз. Эч кимди көрбөйбүз, көздөрүбүз жумук болот. Чуркабайбыз, баспайбыз. Алдыбызда чочуп качуубузга себеп болгон жандыктар же кооз, жапжашыл жана кең чөптүү майсаңдар же төмөн карагандан корккон ири имараттар же көчө толгон адамдар жок. Биз ушундай бүт көрүнүштөрдү көрүп жатып, чынында төшөгүбүздө жалгыз жаткан болобуз. Айланабызда деп ойлогон жоон топ адамдар чыгарган ызы-чуу жымжырт бөлмөбүздө бизге эч жактан келбейт. Ылдам чуркап баратам деп ойлогонубузда чынында дээрлик эч кыймылдабаган болобуз. Жаныбыздагы адам менен сүйлөшүп жатканда чынында оозубузду ачпайбыз дагы. Бирок түш көрүп жатканда булардын баарын чыныгыдай сезип, башыбыздан өткөрөбүз. Айланабыздагы адамдар, чөйрө, башыбыздан өткөн окуялар ушунчалык реалдуу сезилгендиктен, түш көрүп жатканда алардын чыныгы экенинен эч күмөн санабайбыз.

Түшүбүздө бизди машина сүзгөнүн көрүшүбүз мүмкүн жана муну менен байланыштуу сезимдерди толук сезебиз. Машина жакындап келе жаткандагы коркууну, машинанын келүү абалын жана ылдамдыгын, бизди сүзгөндө денебиздин ооруганын кадимкидей сезебиз жана бул окуянын чындап болуп жатканынан эч күмөн санабайбыз. Абанын ысыктыгы, адамдардын карагандары, кийген кийимдерибиз, баары абдан реалдуу. Бирок чынында булардын эч бири болбогон болот. Бизге эч кандай жарык, эч бир үн келген эмес болот. Сүрөттөлүштүн, үндүн, жыттын пайда болушу үчүн эч бир себеп жок. Тышкы дүйнө деген түшүнүк жок болгон болот. Мээбиздеги бир жашоо гана бар. Бирок мунун андай экенин билбейбиз. Түш көрүп жатканда, бизге «булардын баары түш» деп айтылса, буга ишенбей, жашап жаткан дүйнөбүздү чыныгы деп ынанабыз. Биз үчүн түш учурунда көргөн, жыттаган, тийип сезген жана уккандарыбыздын баары чындап бар. Мына ушул себептен, түш учурундагы коркууларыбыз, кубанычтарыбыз, тынчсызданууларыбыз чыныгы болот. Бардык физикалык тажрыйбаларды ойгоо кезибиздегидей башыбыздан өткөрөбүз. Түш учурунда түш көрүп жатамбы деген күмөн жарата турган эч кандай далил болбойт.

Түш – бизге тиешелүү тышкы дүйнөнүн бир элес гана экенин далилдөө үчүн абдан жакшы бир мисал. Түш учурунда адам айланасындагылардын чындык эмес экенине ишене албагандай эле, чыныгы жашоо деген бул дүйнөдө жашап жатканда да, мунун мээбизде кабылданган бир реалдуулук гана экенине ишене албай кыйналат. Чынында болсо, «чыныгы жашоо» деп аталган бул жашоодогу сүрөттөлүштөрдү кабылдоо формабыз менен түштөрдү кабылдоо формабыз бүтүндөй бипбирдей. Экөөсү тең мээбизде пайда болот. Эки сүрөттөлүштү тең көрүп жатканда, алардын чындык экенинен күмөн санабайбыз. Бирок түштөрдүн чындык эмес экенине колубузда чыныгы бир далил бар. Уйкудан ойгонгондо «демек көргөндөрүм бир түш эле экен» дейбиз. Андай болсо, азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз?

Аллах аяттарында бул чындыкты мындайча кабар берет:

 

Сур үйлөндү; ошентип алар кабырларынан (тирилтилип) Раббилерин көздөй (топ-топ болуп) барышат. Айтышкан эле: «Кыйроо болсун бизге, уктап жаткан жерибизден бизди ким тирилтип-тургузду? Бул Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (пайгамбар)лар туура айтышкан экен». (Йасин Сүрөсү, 51-52)

 

Азыр мунун далили бизге илимий берилген далилдер. Түштөн ойгоно турган учур болсо бул жашообуздун бүтүшү менен башталат. Демек, бул дүйнөнүн биз үчүн бир элес, бир түш сыяктуу мээде болуп жатканын кабыл алып, ошого жараша мамиле кылуу туура кадам болот.

Питер Рассел түштөгү реалдуулук менен бул дүйнөгө тиешелүү реалдуулукту мындайча салыштырат:

Дүйнө кабылдообуз – «сырттагынын» абдан ынандырарлык бир көрүнүшү. Бирок биздин түнкүсүн көргөн түштөрүбүздөн да «сыртта» болгон эч нерсе жок. Түшүбүздө айланабызда сүрөттөлүштөр, үндөр жана сезимдер бар экенин байкайбыз. Өз денебизди билебиз. Ойлонуп, чечим алабыз. Коркууну, ачууланууну, бакытты жана сүйүүнү сезебиз. Башка адамдарды биз менен сүйлөшкөн жана биз менен байланышта болгон, өз-өзүнчө адамдар катары кабылдайбыз. Түш биздин айланабыздагы «сырттагы» дүйнөдө болуп жаткандай сезилет. Ойгонгондо гана булардын баарынын түш экенин түшүнөбүз – бүт баары мээбизде жаратылууда.

«Бул болгону түш экен» дегенде, башыбыздан өткөргөндөрүбүздүн физикалык бир реалдуулукка таянбаганын айткан болобуз. Булар эскерүүлөрдөн, үмүттөрдөн, коркуулардан жана башка факторлордон турат. Ойгоо кездеги биздин дүйнө сүрөттөлүшүбүз өзүбүздүн физикалык чөйрөбүздөн алган сезимдик маалыматтарга таянат. Бул ойгоо кездеги башыбызга келген окуяларга бир логикалуулук жана түштө болбогон бир реалдуулук сезимин берет. Бирок чынында, ойгоо кездеги окуялар да түшүбүздөгүдөй эле мээбиздин продукту.74

Декарт болсо бул чындык жөнүндө мындай дейт:

Түштөрүмдө тигини-муну кылганымды, тыякка-быякка барганымды көрөмүн; ойгонгондо болсо эч нерсе кылбаганды, эч жерге барбаганымды, тыптынч төшөктө жатканымды түшүнөм. Менин азыр түш көрүп жатпаганыма, ал тургай, бүт жашоомдун бир түш эмес экенине ким мага кепилдик бере алат?75

Албетте, айланабыздагы адамдар да, кабылдоолорубуздун ээси болгон биз да азыр жашап жаткан жашообуздун бир түш эмес экенине эч качан кепилдик бере албайбыз.

Түшүбүздө бир музга тийгенде, анын муздактыгын, суулуулугун, тунук көрүнүшүн мээбизде толук кабылдайбыз. Бир гүлдү жыттаганда, гүлдүн өзүнө тиешелүү жытын толук сезебиз. Мунун себеби бир гүлдү чындап жыттап жатканда да, аны түшүбүздө көргөндө да мээбизде бир эле процесстердин жүрүшү. Демек, кайсы учурда гүлдүн чыныгы көрүнүшүн көрүп, чыныгы жытын алганыбызды биле албайбыз. Чынында болсо, эки учурда тең чыныгы гүлдү көрбөйбүз жана экөөсүндө тең гүлдүн көрүнүшү да, жыты да мээнин эч бир жеринде болбойт. Демек экөө тең реалдуулукту чагылдырбайт. Жеральд О'Брайен муну мындайча сүрөттөгөн:

Төшөгүбүздө уктап жатабыз, көздөрүбүз жумук, бирок дагы эле көпчүлүгүбүз абдан жандуу окуяларды жашап жатабыз. Бул окуяларда адамдар бар бир дүйнөдөбүз, айланабызда окуялар болуп жатат жана биз бул түштү көрүп жатканда, бул чөйрө бизге чындап дүйнөдөгүдөй көрүнөт. Бул чындап маанилүү, себеби бизге мээлерибиздин негизи окуяларды түшүбүздөгү сыяктуу өндүрүү жөндөмү бар экенин көрсөтүүдө. Бул болсо кээ бир философтор жана аң-сезим багытында эмгектенген теоретиктер үчүн жалпысынан төмөнкүнү көрсөтүүдө: балким биз ойгоо кезде жана дүйнөнү көрүп жатканда туура эмес пикирде болуп жаткандырбыз. Балким чындап бүт окуяларды, дүйнө менен байланыштуу бүт тажрыйбаларыбызды бир формада мээбиз калыптандырып жаткандыр жана биз дүйнө менен түздөн-түз байланыштабыз деген жалпы пикирибиз бүтүндөй туура эместир.76

Адам түш көрүп жатканда, анын түш экенин билсе, аны көздөй келе жаткан машина аны коркутпайт, колундагы мал-мүлкү, акчасынын убактылуу экенин билет, ага ач көздүк кылбайт. Колундагы байлык, кооздуктардын ойгонгондо жоголоорун билип, текеберленбейт. Түш көрүү учурунда адамдардын ага болгон терс мамилелеринин эч мааниси болбойт. Себеби бул чөйрөнүн да, адамдардын да чыныгы эмес экенин билет. Түшүндө сөзсүз түштөн ойгоноорун билет; мына ушул себептен дүнүйө артынан куубайт, дүнүйө үчүн кайгырбайт, бул жашоону эч бүтпөчүдөй сезип кызыкчылыктар артынан чуркабайт. Түштөн тышкары чыныгы жашоо бар экенин анык билет. Мына ушул себептен, түш көрүп жатканын билген бир адам үчүн түшүндөгү дүйнөнүн эч кандай мааниси жана баркы жок.

Түш жөнүндөгү бул мисал «чыныгы жашоо» деп аталган бул жашоого да тиешелүү. Бул жашоонун реалдуу эмес экенин, бир элес катары гана көрсөтүлгөнүн билген бир адам үчүн бул жерде дүйнө менен байланыштуу окуялардын жана уккандарынын эч мааниси болбойт. Себеби түштөгү сыяктуу, чыныгы эмес бир жашоодо жашап жатканын, мунун жасалмалыгын байкайт. Андан бир кызыкчылык күткөн адамдардын чынында бар эмес экенин, айланасындагы алдамчы кооздук жана өзүнө тартуучу нерселердин чынында бир элес гана экенин эми билет. Ошондуктан дүйнөдөгү нерселерге ач көздүк кылуунун, өз кызыкчылыгына жетүү үчүн аракет кылуунун эч мааниси болбойт. Өтүп кетүүчү бир түштүн ичинде жашап жатат жана чыныгы жашоонун мындан кийин башталаарын билет.

Жазуучу Ремез Сассон (Re­mez Sas­son) бул жөнүндө мындай дейт:

Бул бир кино көргөзмөсү сыяктуу. Кинону көргөн киши каармандарга жана экрандагы окуяларга толугу менен өзүн алдырган. Каармандар менен бирге кубанат же кайгырат, ачууланат, кыйкырат же күлөт.

Эгер бир кезде экранды эми карабайм деген чечим алса жана көңүлүн болуп жаткан кинодон бери бура алса, кинонун иллюзиясынан чыгып өзүнө келет. Кино аппараты экранга сүрөттөлүштөрдү берүүнү улантат. Бирок ал эми мунун кинодон экранга чагылтылган нур гана экенин билет. Экранда көргөндөрү чыныгы эмес, бирок ошентсе да ошол жерде. Кинону көрүшү мүмкүн же көздөрү менен кулактарын жаап, экранды карабайм деп чечиши мүмкүн.

Бир кино көрүп жатканда, кандайдыр бир кезде катушка кысылып же ток өчкөнү себептүү кино токтоп калды беле? Телевизордо кызыктуу, арбоочу бир кино болуп жатканда кокустан ортодо реклама башталып кеткенде сиз кандай болосуз? Айланаңыздагы иллюзиядан кутулуп өзүңүзгө келесиз. Сиз уктап жатканда же түш көрүп жатканда, бирөө сизди ойготсо, бир дүйнөдөн башка бир дүйнөгө айдалганыңызды сезесиз. Бул биз чыныгы деп атаган дүйнөдө да ушундай. Мындан ойгонуу мүмкүн.77

Биз жашап жаткан дүйнө да, түштөр сыяктуу элес сүрөттөлүштөрдөн, элес жыттардан, элес даамдардан жана элес сезимдерден турат. Албетте, бул жашоо бүтөөрдөн мурда каалаган бул түштөн ойгонуп чындыктарды көрүшү мүмкүн. Бул түштөн ойгонуу бул дүйнөнүн чыныгы эмес экенин байкоону, чыныгы жашоонун акырет экенин түшүнүүнү камсыз кылат. Акыретти түшүнгөн бир адам болсо дүйнөнүн убактылуу экенин түшүнүп, акыретте кутулууга жетүү үчүн Аллахты ыраазы кылуу керек экенин билет жана ушул максат үчүн жашап баштайт. Адамга дүйнө жана акыретте чексиз немат-жакшылыктарды алып келе турган чындыктардын бири мына ушул. Аяттарда кыямат күнү ойготулган адамдар мындайча кабар берилет:

 

Сур да үйлөндү. Мына ушул эскертүү (ишке ашкан) күн. (Эми) Ар бир напси жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. «Ант болсун, сен мындан капылетте элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосукту ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана.» (Каф Сүрөсү, 20-22)

 

Мээде кабылдоо кемтиктери жана

башкача бир тышкы дүйнө

Дүйнөнүн чыныгы көрүнүшүн көрүп жатканыбызга бизди ынандырган беш сезимибиз бул кабылдоолорду пайда кылган электрдик сигналдарсыз калганда, тышкы дүйнө да жоголот. Бул илимий бир чындык. Беш сезим электрдик сигналдар аркылуу гана бизге маалымат берет. Тышкы дүйнөдө кандайдыр бир маалымат болсо, бирок тиешелүү электрдик сигналдар бизге жетпесе, андан кабарыбыз болбойт.

Мээде кабылдоо жаңылуулары бул чындыкты бизге апачык көрсөткөн эң маанилүү далилдерден. Мисалы, маңдайыбыздагы бөлмөнү карап, бөлмөнүн баарын толук көрүп жатам деп ойлойбуз. Бирок чынында андай эмес. Маңдайыбыздагы бөлмөнүн кичинекей бир чекитин эч качан көрө албайбыз. Бул ушул бөлмө менен эле чектелбейт. Ар бир караган жерибизде ал «жок аймак» сөзсүз бар. Өмүр бою көргөн кадрларыбыздын баарында негизи ошол кичинекей чекитти эч качан көрө алган эмеспиз. Бул ар адамда бар болгон «сокур так (чекит)».

Мындай сокурдуктун себеби – көздү мээге туташтырган нервдердин көздүн бир чекитинде жок болушу. Бирок ошого карабастан, алдыбыздагы көрүнүштү дайыма кемчиликсиз көрөбүз. Мунун себеби – мээнин толуктоочу касиети. Сокур так себебинен көрүнбөгөн аймак мээнин «бойоо» жана арткы пландагы башка көрүнүштөр менен «толуктоо» жөндөмү себебинен көрүнө турган болуп калат. Бул негизи кереметтүү бир жагдай. Ал чекитте биз үчүн чыныгы мааниде эч нерсе жок. Мээ ал жерде пайда кылган нерсе бүтүндөй элес. Жана биз ал чекитти «көрө албашыбызды» эч билбейбиз. Мээ «сокур такты» ал жерде болушу керек деп чечкен эң жакшы божомолу менен, б.а. арттагы фон менен толтурат. Бул божомолдун кантип пайда болоору илимпоздор үчүн дагы эле табышмак. Калифорния университети психология бөлүмү жана неврология программасы профессору жана Мээ жана кабылдоо борборунун башчысы Вилайанур С. Рамачандран бул сырды мындайча баяндайт:

Мисалы, сокур тагыңызды бир квадраттын бурчуна «багыттоого» аракет кылсаңыз болот. Берки үч чекитти байкаган көрүү системаңыз кем бурчту толуктайбы? Бул экспериментти өзүңүзгө жасаганда чынында бурчтун көздөн кайып болгонун, «тиштелгенин» же бозоргонун көрөсүз. Көрүнүшүн караганда сокур такта толуктоо жасаган нерв механизми бурчтарды эптей албай жаткандыр, толуктоого мүмкүн болгон же толуктоого мүмкүн болбогондун бир чеги бар.78

Мээдеги бул толуктоо процессинде биздин бир тандообуз болушу мүмкүнбү? Рамачандран бул суроого мындай жооп берет:

Көрүү менен байланыштуу кемчиликтерди толуктоо такыр башкача. Сокур тагыңызды бир килем кештеси менен толтурганыңызда, бул чекиттин эмне менен толукталганын сиз чечпейсиз, мээңиздин өзгөртө албайсыз. Көрүү боштуктарын толтуруу кызматын көрүү менен байланыштуу нейрондор аткарат. Алар бир жолу чечим алган соң алардын бул чечимин өзгөртүүгө болбойт: башка мээ борборлоруна бир жолу «ооба, бул өзүн кайталоочу бир кеште» же «ооба, бул түз бир сызык» буйруктары кеткенде, кабылдаган нерсеңизди артка кайтара албайсыз.79

Биз бир столду караганда көрүү системабыз столдун алгач бурчтары жөнүндө маалымат алат жана столдун сүрөтүнө окшош бир өкүл сүрөтүн мээбизде пайда кылат. Көрүү системасы андан соң столдун түсүн жана материалын тандайт. Булар «толуктоо» процесси үчүн маанилүү элементтер. Алынган бул маалыматтардан соң мээ маңдайындагы көрүнүш жөнүндө жалпы божомол жасайт. Мээбиз маңдайыбыздагы көрүнүштүн бүт детальдарын анализ кылууга мажбур болбойт жана детальдуу эсептөөлөргө киришпейт.80 Мээбиз алдыбызда «ыктымал» көрүнүштү пайда кылган болот.

Ошондуктан мээ бизде бар деп ишенген бир иллюзияны пайда кылат. Сөз болуп жаткан сокур тактагы көрүнүш маңдайыбыздагы чыныгы көрүнүш эмес. Бирок биз муну байкабайбыз. Бирок кызыгы – көрүнүштүн толугу менен чыныгы экени жөнүндө бир дагы далилибиздин жок болушу. Чынында сокур тактагы бар болбогон көрүнүш да, башка көрүнүштөр сыяктуу чыныгы. Күнүмдүк жашообузда сокур тактын кайсы жерде экенин байкабайбыз дагы. Демек күн бою көргөн көрүнүштөрүбүздүн да элес же элес эмес экенин биле албайбыз. Бизге «реалдуу» көрүнүшү чыныгы экенине ишенүү үчүн жетиштүү эмес.

Мээдеги башка кабылдоо жаңылуулары же кабылдоо кемтиктери да бул чындыкты далилдейт. Булардын бири үстүңкү бет дальтонизми. Эгер мээнин эки жарым шарында да түстөр менен байланыштуу бөлүм болгон V4 жабыркаса, ушул оору келип чыгат. Мындай ооруга чалдыккан адамдар дүйнөнү боздун көлөкөлөрү абалында көрүшөт. Бүт баары ак-кара бир кино сыяктуу. Бирок гезит окуу, адамдардын жүзүн таануу же кыймылдарды жана багыттарды тандоодо эч кандай маселе жок.81 Ал эми эгер ортоңку чыкый аймагы (MT) жабыркаса, оорулуу дагы эле китеп окуй алат, түстөрдү көрө алат, бирок бир нерсенин кайсы багытта баратканын жана кандай ылдамдыкта баратканын биле албайт. Проф. Рамачандран бул жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган:

(Мээде) бир же андан көп аймак жабыркаганда, бир канча неврологиялык оорулууда байкалчу парадокстуу мээ абалдарына кабыласыз. Алардын арасында неврологиялык мааниде эң белгилүү мисалдардын бири «кыймыл сокурдугу» аныкталган Швейцариялык бир аял (аны Ингрид деймин) менен байланыштуу. Ингриддин мээсинде ортоңку чыкый (MT) аймагында кош тараптуу бир жабыркоо болгон эле. Көп жагынан кадимкидей көрчү, нерселердин формаларын айта алчу, адамдарды тааный алчу жана эч кыйынчылыксыз китеп окуй алчу. Бирок чуркап бараткан бир адамды же жолдо бараткан бир машинаны караганда, тартиптүү жана үзгүлтүксүз кыймылдарды көрүүнүн ордуна, кыймылсыз, ылдам жанып өчкөн кесик жана кокус кыймылдарды көрөт эле. Келе жаткан машинанын моделин, түсүн жана ал тургай номерлерин аныктай алганына карабастан, алардын ылдамдыгын болжой албагандыктан, көчөдөн өтүүдөн коркчу. Бирөө менен сүйлөшүү телефон менен сүйлөшүүгө окшошот, себеби кадимки бир сүйлөшүү учурунда адамдын мимикасынын өзгөргөнүн көрбөйм дечү. Ал тургай, бир кружка кофе сунуу да чоң кыйынчылык жаратаар эле, себеби суюктук ашып, жерге чачылчу. Качан жайлашы жана качан кофейниктин бурчун өзгөртүшү керек экенин биле алчу эмес, себеби суюктуктун кружканын ичинде кандай ылдамдык менен көтөрүлүп жатканын болжой алчу эмес. Бул жөндөмдөр сиз менен мен үчүн абдан оңой болушу мүмкүн жана буларды абдан кадыресе кабыл алабыз. Бирок бир маселе пайда болгондо гана, мисалы бул аймак жабыркаганда гана көрүүнүн канчалык татаал экенин түшүнүп баштайбыз.82

Галлюцинациялар да кабылдоо жаңылууларынын дагы бир мисалы. Көбүнчө мээнин бир жабыркашы, ар кандай температуралуу оорулар, колдонулган дарылар же улгайуу жана кемакылдык натыйжасында пайда болгон галлюцинациялар – бул адамдын жок нерселерди бар катары кабылдашы. Галлюцинациялар адамдардын айланасында жок нерселерди көрүшү жана жок үндөрдү угушу абалында пайда болот. Мындай адамдар галлюцинация көргөндө аң-сезими жайында жана ойгоо абалда болот. Көрүнүштөр көргөн адам үчүн абдан реалдуу болот.

Саналган синдромдор мээдеги жабыркоолор же башка себептер натыйжасында келип чыккан оорулардын бир канчасы гана. Бул оорулар натыйжасында кээ бир адамдар жок нерселерди көрүшүүдө, чынында көрбөгөн, бирок ал үчүн абдан даана бир жашоону жашоодо. Кээ бирлер үчүн сырттагы түстөр такыр башка. Биз көргөн түркүн түстүү дүйнө аларга дээрлик бир ак-кара кино сыяктуу көрүнөт. Эгер чындап тышкы дүйнөнүн өзүн көрүп жатсак, эгер жашаган дүйнөбүз мээбизге келген электрдик сигналдар гана эмес болсо, анда бул адамдар эмне үчүн башкача бир кабылдоого ээ? Тышкы дүйнө эгер «жалгыз болсо», эмне үчүн алар да тышкы дүйнөнү биз кабылдагандай кабылдашпайт, эмне үчүн бир эле нерселерди биздей көрүшпөйт?

Булардын баарынын жообу мындай: биз тышкы дүйнөнү кемчиликсиз кабылдаганыбыздан жана кабылдоолорубуздун бир бүтүн экенинен шек санабайбыз. Бирок кээде галлюцинация көргөн бир адам да ушундай абалда болот. Ал дагы көргөн элес көрүнүштөрдү чындап бар деп ойлойт. Демек, мээбизде пайда болгон тышкы дүйнөнүн эмнеге окшошоору же башка адамдардын кабылдоолорунан айырмалуу же эмес экени жөнүндө эчтеке айта албайбыз. Бул 21-кылымдын илими менен эч сыноого, эксперименттер менен аныктоого эч мүмкүн эмес бир чындык. Ар бирөөбүз үчүн жаратылган дүйнөнүн кандай бир дүйнө экенин эч биле албайбыз. Биз бул дүйнөнүн ичинде бизге кабылдатылгандарды гана көрүп, сезебиз. Булардын тышына чыгышыбыз, мындан ашыкча ойлонушубуз мүмкүн эмес.

Сезүү органдарыбыз аркылуу жеткирилген электрдик сигналдар биз үчүн тышкы дүйнөнүн копиясын пайда кылышат. Бирок түпкүрүндө бул тышкы дүйнөнү кабылдаган, кабылдаган нерселеринен бир маани чыгарган, тынчсызданган, сүйүнгөн, кайгырган, толкунданган, ойлонгон, тааныган, анализ кылган бир «эго» бар. «Мен» деген бул жандык мээнин ичинде бир жерлердеби? Нейрондордун бир-бирине таасир бериши бизди ойлонтуп, бактылуу кылабы? Бир музыкадан ырахат алышыбызды камсыз кылабы? Бул өз ара таасирдешүү бир пейзажды кароодон же даамдуу бир тамакты жештен алган ырахатыбыздын булагыбы?

Албетте, акылы жана абийири бар бир адам булардын эч бирине «ооба» жообун бере албайт. Эгобуз (өздүгүбүз) мээнин бүтүндөй сыртында бир нерсе жана мунун аты «рух».

 

Сага рух жөнүндө сурашат; айткын: «Рух Раббимдин буйругунан, силерге илимден аз гана берилген.» (Исра Сүрөсү, 85)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder