ЭЛЕКТРДИК
ТОКТУН ДЕНЕБИЗДЕГИ САПАРЫ: НЕРВ СИСТЕМАСЫ
Адамдын
борбордук нерв системасы эң татаал биологиялык түзүлүшкө ээ. Миллиарддаган нерв
клеткасы жана булардын арасындагы триллиондогон байланыш нерв системасынын
негизги түзүлүшүн түзөт. Борбордук нерв системасы 100 миллиарддан ашык
нейрондон (нерв клеткасы) турат. Мындан тышкары, нерв клеткаларынан он эсе көп
сандагы жардамчы клеткалар (нейроглиа) бар.
Денебиз
миллиондогон метр узундуктагы «нерв» деп аталган био-электрдик кабельдер менен
жабдылган. Бул кабельдерде дээрлик жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен
маалыматтар ташылат. Таң калыштуу бир система жайгашкан денебизде нервдердин
денебиздин ар бир чекитине жетиши жана бул кабельдер аркылуу буйруктардын,
маалыматтардын ташылышы улуу бир керемет. Абдан көп «жолоочу» болгонуна
карабастан, эч бир башаламандык чыкпайт, ар бир кабар барышы керек болгон жерге
аярдык менен жеткирилет. Дагы бир таң калыштуу жагдай болсо – бул жөнөтүлгөн
маалыматтардын абдан көп түрү болсо да, бир эле байланыш системасынын
колдонулушу. Бул – колуңуз тийген клавиатуранын баскычтары, жеген таттууңуздун
даамы, мештен чыккан нандын жыты, телефондун үнү же көзүңүздү алган күндүн
нуруна тиешелүү бир маалымат болушу мүмкүн. Сезимдерибиз же ойлорубуз менен
байланыштуу бардык маалыматтар нервдердин бутактары ичинде, электрдик
импульстар абалында коддолуп, толкундар абалында саякат кылышат. Дененин ичинде
тынымсыз жана абдан көп санда барып-келген мындай электрдик импульстар баары
бирдей (окшош) болсо да, бизге түркүн түстүү, абдан көп детальдарга толо бир
дүйнө тартуулашат.3
Нервдер ошол эле учурда айланаңыздагы
дүйнө жөнүндө маалымат алышыңызды, өзгөрүүлөргө ыкчам жооп беришиңизди жана
денеңиздин ар кайсы бөлүктөрүнүн жалгыз бир дене сыяктуу иштешин камсыздашат. Мындан
тышкары, дененин буйрук борбору катары иштеген мээден буйруктарды жеткирүү
кызматын аркалашат. Башкача айтканда, нервдер – дененин маалымат ташуучу унаа
жолдору. Мээден жана жүлүндөн чыгып, тери, булчуңдар, сезүү органдары, тиш жана
сөөктөрдүн ичи да кошо дененин бүт тарабына барышат.
Мындай бир ойлонуп көрөлү, нервдер оң
колуңуздан башка денеңиздин бүт тарабына жетип жатканда, кандай болмок? Нервдер
колуңузду каптап, бирок кыска болуп, колуңузга жете албаган бир учурда... Эң
биринчиден, колуңуз жөнүндө эч нерсе сезмек эмессиз; манжаңызды бир нерсе кессе
сезбей калмаксыз, колуңузду колдонуп бир иштерди жасай алмак эмессиз. Мисалы,
колуңузду чыныны кармай ала турган формага келтире алмак эмессиз, калем кармай
алмак эмессиз, эшикти ача албай, чачыңызды тарай алмак эмессиз. Кыскача
айтканда, колуңуз бир эт жана сөөк жыйындысы гана болуп калмак. Нормалдуу жашаш
үчүн нервдердин бар болушу гана жетиштүү эмес. Ошол эле учурда булар денеңиздин
бүт тарабына жетиши, бири-бири менен байланыш кура алышы да зарыл. Нервдердин
денени бир тармак сыяктуу капташынын жана денедеги бири-биринен көз-карандысыз
системаларды башкарышынын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес.
Учурда ар кандай технологиялык
мүмкүнчүлүктөргө карабастан, илимпоздор бир клетка да жасай алышкан жок.
Эволюционисттер жактагандай, бир клетка адам да аткара албаган милдеттерди, өз
башынча, кемчиликсиз жасайт деп айтуу акылга жана логикага сыйбайт. Денебизди
курчаган, башкарган, аң-сезимдүү, пландуу иш-аракеттерди жасаган бир системанын
бар экени апачык көрүнүп турат. Бирок илимпоздорду абдан таң калтырган мындай
жогорку аң-сезимдин аң-сезимсиз, акылсыз атомдордун чогулушу менен пайда болгон
клеткалардын, органдардын өзүнө тиешелүү болушу мүмкүн эмес. Бул аң-сезим бүт
нерсени «кемчиликсиз жараткан»
Аллахка тиешелүү (Бакара Сүрөсү, 54).
Нервдер: денебиздин электрдик кабельдери
Электрдик кабельдердин эки бөлүктөн
тураарын баарыбыз билебиз: ич тарапта көбүнчө электрдик ток өтүүчү жез бир зым
жана сыртында каучук же пластиктен жасалган жана электрдик зымдын кыска биригүү
(короткое замыкание) жасашын алдын алуучу бир изоляция заты болот. Нерв
клеткасы бир электрдик кабель менен бирдей түзүлүшкө ээ: ич тарапта адамдын
денесине тиешелүү электрдик ток өтүүчү абдан ичке жипчелер, сыртта болсо
Schwann кабыгы деп аталган жана кыска биригүүлөрдүн алдын алуучу бир изоляция
заты бар. Schwann кабыгы, мисалы бир вирус себебинен жабыр тартканда (электрдик
кабельдин каучук сыртынын жарылып же күйүп жабыр тартышы сыяктуу), адамдын
денесине тиешелүү электр энергиясы кыртыштарга жайылат жана адам жарым-жартылай
же толугу менен шал болот.
Бардык нерв жипчелери электрдик зарядга
ээ. Сырттагы электр оң, ич тараптагы болсо терс заряддуу. Нервге тийгенде,
заматта электрдик бир аттоо ишке ашат. Оң заряддуу электр тогу нерв жипчесинин
ичине кирсе, терс заряддуу электрдик ток нерв жипчесинин сыртын көздөй
кыймылдайт. Терс заряддуу электрдик ток нерв жипчеси менен кыймылдап, бир
электрдик ток агымын пайда кылат. Мунун натыйжасында бир булчуң же орган
иштейт. Электрдик ток жеткирилген соң бүт нерсе кадимки абалына кайтат. Оң
заряддуу электрдик энергия кайрадан нерв жипчесинин сыртына кайтат жана терс
заряддуу электрдик энергия ич тарапка кайтат. Натыйжада нерв жипчеси кайрадан
башка бир тийүү же сигналга даяр абалга келет.
Ушундай электрдик система урматында
жашообузду камсыз кылган иш-аракеттер уланат. Бирок бул система бул жерде
кыскача баяндалгандан бир топ детальдуу, абдан назик бир долбоорго ээ.
Электрондук микроскоптун көрүү күчү өскөн сайын, илимпоздорду таң калтырган
комплекстүү, татаал системалар ачыкка чыгат. Нервдерди түзгөн нерв клеткалары
да теңдешсиз долбоорлорунда таң калыштуу детальдарга толо жана Раббибиздин
чексиз кудуретин көрсөтүүдө:
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder