2 Ekim 2012 Salı

КВАНТТЫК ФИЗИКАДАН СОҢ ТЫШКЫ ДҮЙНӨ


КВАНТТЫК ФИЗИКАДАН СОҢ

ТЫШКЫ ДҮЙНӨ

 


 






 

Бир энергия формасы: жарык

Макс Планктын ачылышы боюнча жарык толкун касиетин да, бөлүкчө касиетин да көрсөтөт. Планктан соң сансыз эксперимент жана байкоо бул чындыкты так ортого койду. Демек жарык жөнүндө мындай десек болот: жарык – толкун абалында кыймылдаган бир энергия. Бул аныктаманы жакшыраак түшүнүү үчүн башка бир толкун формасын, суудагы толкундарды мисал берсек болот. Суу толкундары суудан пайда болбойт. Толкун сууда кыймылдаган энергиядан пайда болот. Эгер бир бассейндин бир жагынан экинчи жагына толкун кыймылдаса, бул бассейндин оң тарабындагы суу бассейндин сол тарабына өттү деген мааниге келбейт. Суу турган ордунда калган болот. Кыймылдаган нерсе толкун, б.а. энергия. Ичи толо суусу бар ваннада колуңузду суунун ичинде кыймылдатканыңызда толкун пайда кыласыз, себеби сууга энергия бересиз. Энергия сууда толкун формасында кыймылдайт.

 
Бүт толкундар – кыймылдаган энергия, жана көбүнчө бир куралды колдонуп, мисалы сууну колдонуп кыймылдайт.

Жарык толкундары суу толкундарынан бир аз татаалыраак жана кыймылдоо үчүн бир ортомчуга муктаж эмес. Боштук (вакуум) ичинде да кыймылдашат. Жарык башталгыч этапта гана заттан көз-каранды. Жарык бир пайда болгон соң, кандайдыр бир заттык элементсиз, көз-карандысыз абалда кыймылдай алат. Жарык энергиясы эч зат жок жерде боло алат.31 Жарык да, жылуулук да – электромагниттик нурдануу деп аталган энергиянын бир формалары. Электромагниттик нурдануунун бүт формалары космосто энергия толкундары абалында кыймылдашат. Муну бир көлгө ыргытылган таштар пайда кылган толкундарга окшотууга болот. Бир көлдөгү толкундардын узундугу (бою, бийиктиги) ар түрдүү болгон сыяктуу, электромагниттик нурдануунун да ар түрдүү толкун узундуктары (бойлору) болот.

Бирок электромагниттик нурдануунун толкун узундуктары арасында абдан чоң айырмалар бар. Кээ бир толкун узундуктары километрлеген кеңдикте болушу мүмкүн. Башка толкун узундуктары болсо бир сантиметрдин триллиондон биринен да кичинекей. Илимпоздор бул толкун узундуктарын класстарга бөлүшөт. Мисалы, сантиметрдин триллиондон бириндей кичинекей толкун узундуктарына ээ нурлар (шоолалар) гамма-шоолалар деп аталат. Булардын энергиясы абдан жогору. Толкун узундугу километрлеген кеңдиктеги нурлар болсо «радио толкундары» деп аталат жана булардын энергиясы абдан төмөн. Ушул себептен гамма-шоолалар бизди өлтүрсө, радио толкундарынын бизге эч таасири жок.

Бул жерде көңүл бура турган жагдай – толкун узундуктарынын укмуштуу кең масштабга жайылышы. Эң кыска толкун узундугу эң узун толкун узундугунан толук 1025 эсе кичине. 1025 – бул 1 санынын жанына 25 нөлдү кошуу менен алынчу бир сан. 10 000 000 000 000 000 000 000 000 деп жазууга мүмкүн болгон бул сандын чоңдугун жакшыраак түшүнүү үчүн кээ бир салыштырууларды жасоо туура болот. Мисалы, жердин төрт миллиард жылдык өмүрү бою өткөн секундалардын жалпы саны болгону 1017. Эгер 1025 санын санагыбыз келсе, түнү-күнү эч токтобостон санашыбыз жана муну жердин өмүрүнөн 100 миллион эсе көбүрөөк убакыт бою улантышыбыз керек болот! Эгер 1025 даана оюн картасын үстү-үстүнө тизсек, саманчынын жолу галактикасынан бир топ сыртка чыгып, көрүүгө мүмкүн болгон ааламдын болжол менен жарымына чейинки аралыкка барышыбыз керек болот.

 
Ааламдагы толкун узундуктары мына ушундай чоң аралыкка тараган. Бирок кызыгы биздин күнүбүз бул кенен аралыктын тар бир аралыгына гана кыстырылган. Күндөн таркаган толкун узундуктарынын 70%ы 0,3 микрон менен (бир микрон миллиметрдин миңден бирине барабар) 1,50 микрон арасындагы тар бир чектин ичинде. Бул аралыкта үч түрдүү нур (шоола) бар: көзгө көрүнгөн нур, жакын инфракызыл нурлар жана бир аз жакын ультра-кырмызы (ультрафиолетовый) нурлар.

Бул үч түрдүү нур сан жагынан көп сезилиши мүмкүн. Бирок чынында үчөөсүнүн суммасы электромагниттик аралыктын ичинде бир бирдик орунда гана ээлейт! Башкача айтканда, күндүн нурунун баары үстү-үстүнө тизилген 1025 даана оюн картасынын бир даанасына туура келет. Күн нурларынын мындай тар аралыкка жайгаштырылышынын маанилүү себеби болсо – жер бетиндеги жашоого көмөкчү боло турган нурлардын ушул нурлар гана болушу.

Адам көзүн сүрөттөлүш берүү үчүн стимулдаган нур болсо кенен жыштык катарлары арасында абдан тар бир катарды, туурасы жагынан бир *октавадан азыраак аймакты камтыйт. Көз торчосун стимулдаган нурлардын толкун узундуктары сантиметрдин миллиондон 75и менен 39у арасында өзгөрөт. Нейропсихология профессору Ричард Л. Грегоринин ою боюнча, «бул жагынан караганда дээрлик сокур саналабыз.»32

Бул чындыкты эске алганыбызда, сыртта катары кабылдаган нурдун кичинекей бөлүгүн гана көрүп жатканыбызды түшүнөбүз. Б.а. торчобуз алган нур менен абдан кичинекей бир жыштык пайда кылган сүрөттөлүштөргө ээ боло алабыз. Андан тышкаркы жыштыктарга тиешелүү дүйнө биз үчүн белгисиз.

 
Абдан тар аралыктагы жыштыктарын көрө алабыз деп ойлогон нур чындап эле тышкы дүйнөдө биз билгендей абалдабы?

Нурдун өзгөчөлүгү заттарга болгон таасири. Көбүнчө зат бир туруктуулукка ээ. Биздин ар кандай түртүү жана тартуу басымдарыбызга каршылык көрсөтөт. Жана биз кандайдыр бир нерсени түрткөндө же өзүбүзгө тартканда, өзүбүзгө да түртүү жана тартуу таасирлерин сезебиз. Ньютон муну «импульстук жооп принциби» деп атаган. Нур да затка импульстук жооп таасирин берет, бирок нур бөлүкчөлөрү туруктуу түзүлүшкө ээ эмес. Нурдун нерселерге импульстук жооп таасирин бергенин көрүүгө болот (лазер нурунун металлдарды кесиши жана жабыркаган көз торчосун айыктырышы сыяктуу), бирок эч качан заттын нурга импульстук жооп таасирин бергенин көрө албайбыз. Физиктер нурга импульстук жооп таасиринин болбошун туруктуу массанын болбошу деп аташат.33 Туруктуу масса – бир жерде бирдей туруучу, б.а. туруктуу бир заты бар масса. Нурга болсо туруктуулук тиешелүү эмес. Ал дайыма кыймыл абалында. Ошондуктан нур – бул массасы жок жана ушул себептен «зат» касиетин көрсөтпөгөн бир энергия формасы. Фред Алан Вольф муну мындайча түшүндүргөн:

Биз нурду көргөндө, негизи эч нурду көрбөйбүз. Биздин көргөнүбүз – бул нурдун затка болгон импульстук жооп таасиринин биздин сезүү органыбызга болгон таасиринин натыйжасы. Биз затты кыймылдап жатканда көрөбүз. Нур чындап эле бул дүйнөнүн сыртындагы бир нерсе...34

 

Сырттагы нур негизи каерде?

Нур бизге тышкы дүйнөнү көзгө көрүнө турган кылган, сырттагы көрүнүштүн пайда болушуна себеп болгон бир нерсеби? Сыртка чыкканыңызда айланаңыздагы бүт заттык нерселердин бар болушуна, бирок капкараңгы бир бөлмөдө заттын биз үчүн бүтүндөй жок болушуна себеп болгон нерсе – нурбу? Эгер нур болбосо, айланабыздагы дүйнө биз үчүн бүтүндөй жок болобу?

Биз кабылдаган тышкы дүйнө көзгө көрүнө турган нурдун бар болушу менен гана болот деген көз-караш биздин күмөнүбүз (божомолубуз) гана. Негизи тышкы дүйнөдө нур жок, чымкый бир караңгылык бар. Чырактар да, машина фаралары да, күн да чынында биз билген мааниде бир нур чыгарбайт. Нур (жарык) адамдардын мээсинде бир кабылдоо катары гана пайда болот жана жашаган дүйнөсүн жарык кылат.

Мунун илимий түшүндүрмөсү мындай: күн менен башка нур булактары ар түрдүү толкун узундуктарындагы электромагниттик бөлүкчөлөрдү (фотондорду) чыгарышат. Бул бөлүкчөлөр түзүлүшүнүн натыйжасы катары ааламга таркашат. Мисалы, көптөгөн радиоактивдүү бөлүкчө денебиздин ичинен өтөт. Аларды коргошун тосмо гана токтото алат. Бул бөлүкчөлөрдүн кээ бирлери ушунчалык оор жана көп энергиялуу болгондуктан, көбүнчө сүзгөн молекуласын талкалап жолун көп кыйшайбастан улантышат. Бул радиациянын ракка жол ачышынын түбүндөгү себеп. Алсызыраак бир радиация түрү болгон рентген нурларынан пайдалануу менен рентген машиналары жасалган. Бул машиналардын кызматы – радио толкундар пайда кылган таасирди «көзгө көрүнө турган нурга» айлантуу, б.а. көздөрүбүз кабылдай турган абалга айлантуу. Б.а. нур көз тарабынан кабылданса жана мээ тарабынан жоромолдонсо гана бар болот. Сыртта болсо биз билген мааниде бир нур, бир жарык жок.

Радио толкундар бөлүкчө камтыбагандыктан, сүзүшүү учурунда адамга зыян тийгизишпейт. Бул толкундар эч бир сезүү органыбыз тарабынан кабылдана албайт, бирок үйүбүздөгү радиолор аларды кулактарыбыз уга турган үн толкундарына айлантат. Радиодо бир программа жок кезде угулган чызылдак – негизи күн менен бүт жылдыздар тарабынан ааламдын башталышынан бери таркалган космостук фон радиациясынын «үнү». Бул жерде «үн» сөзү бул толкундардын радиолорубуз тарабынан иштелип кулактарыбыз уга турган абалга алып келиши жана андан соң мээбизде пайда кылган кабылдоону билдирет. Б.а. чынында биз үчүн бар болбогон, физикалык мааниде заты жок толкундар радио тарабынан кулак уга турган жана мээ жоромолдой турган бир формага айландырылат.

Ушул эле абал телевизорго да тиешелүү. Биз үчүн чынында көзгө көрүнгүс ар кандай нур толкундары телевизор тарабынан жоромолдонуп, биз кабылдай ала турган формага айлантылат.

«Нур» деп аталган кабылдоонун булагы болгон фотондор болсо бир топ жеңил бөлүкчөлөр жана көбүнчө биринчи сүзгөн атомдон чакышат. Ошондой эле бул сүзүү учурунда сүзгөн жерине көп зыян да беришпейт. Жыштыктарынан, б.а. титирөө ылдамдыгынан улам көбүрөөк энергиялуу болгон ультра-кырмызы нурлар терибизге кириши жана кээде генетикалык кодубузда бузулууларга себеп болушу ыктымал. Белгилүү сааттарда күн нурунун астында көпкө туруунун ракка жол ачышынын себеби ушул.

Жыштыгынан улам инфра-кызыл деп аталган фотондор болсо сүзгөн жеринде энергияларынын бир бөлүгүн калтырышат жана ал жердеги атомдордун титирөө ылдамдыгын, б.а. температурасын жогорулатышат. Бул жагынан инфра-кызыл нурлар «жылуулук нурлары» деп да аталат. Кызыган бир көмүр меши же бир электрдик жылыткыч көп санда инфра-кызыл нурларды чыгарат. Бул нурлар терибиз тарабынан жылуулук сезими катары кабылданат. Чынында сыртта «жылуулук» деген нерсе жок. Жылуулук деп аталган нерсе нур толкундары пайда кылган энергия гана. Жылуулукту кабылдаган, сезген жан жок учурда «жылуулук» деген нерсенин бар экенин айтуу мүмкүн эмес болот.

Кээ бир фотондордун жыштыгы ультра-кырмызы менен инфра-кызыл нурлардын арасында жайгашат. Булар көзүбүздүн артындагы торчо катмарына түшкөндө, ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айлантылышат. Биз болсо чынында физикалык бир бөлүкчө болгон фотондорду «нур» катары кабылдайбыз. Эгер көзүбүздөгү клеткалар фотондорду «жылуулук бөлүкчөлөрү» катары кабылдаганда, анда биз үчүн нур (жарык), түс жана караңгылык деп атаган түшүнүктөр эч болмок эмес, заттарды караганыбызда алардын «жылуу» же «муздак» экенин гана сезмекпиз. Башкача айтканда, сырттагы дүйнөнүн заттык формасы биздин сезүү органдарыбыздын аны кабылдоо формасынан көз-каранды. Сыртта жылуулук жана нур жок. Айланабыз ар кандай жыштыктарда жана толкун абалында айланып жүргөн бөлүкчөлөр менен курчалган. Буларды биз үчүн «көрүнө турган жана сезиле турган абалга алып келген нерсе» - мээбиздеги кабылдоо борборлору гана.

Көзүбүздүн торчо катмарына түшкөн фотондор ал жердеги кабылдоо клеткалары тарабынан электрдик зарядга айлантылышат. Бул электрдик заряд нервдер тарабынан мээдеги көрүү борборуна алып барылат. Мээдеги көрүү борбору бул электрдик заряддарды жоромолдоп бир сүрөттөлүш пайда кылат. Физика китептеринде нурдун мындай касиети төмөнкүчө баяндалат:

Нур сөзү физикалык же объективдүү бир мааниде электромагниттик толкундар менен же фотондор менен байланыштуу колдонулган. Ушул эле сөз психологиялык бир мааниде электромагниттик толкундар менен фотондор көз торчосун сүзгөн учурда адамда пайда кылган сезим менен байланыштуу да колдонулууда. Нур сөзүнүн объективдүү да, субъективдүү да түшүнүктөрүн чогуу карайлы: нур – бир адам көзүндө торчонун стимулданышынан пайда болгон көрүү таасирлеринин бар экенин көрсөткөн бир энергия формасы.35

Биз сыртта бар деп ойлогон жандуу жана нурдуу дүйнө – сыртта заттык бир негизи бар болгон, бирок бул заттын өзүн биз эч качан көрө албаган, бизде кабылдоо катары пайда болгон бир элес гана негизи. Күнөстүү бир күнү биз караган бир деңиз көрүнүшү чынында бүтүндөй караңгылыктан турат. Ал жерде эч кандай жаркыроо, деңиздин жаркырашы, абанын тунуктугу жана күндүн көз уялтаар нурлары жок. Бизге тиешелүү бул жандуу жана нурдуу сүрөттөлүштү камсыз кылган нерсе – мээбизге жеткирилген электрдик сигналдар гана. Нур, мээбизде пайда болгон бир кабылдоо болгондон тышкары, сыртта болсо бир энергия формасы катары гана бар. Ошондуктан заттын бар болуу себеби катары кабыл алынган нур биз үчүн бир элес гана.

Бул чындыкты караганда кызыктуу бир жыйынтыкка келебиз: негизи көзүбүздүн «көрүү» өзгөчөлүгү жок. Көз фотондорду электрдик сигналга айланткан бир ортоңку элемент гана. Көрүү жөндөмүнө ээ эмес. Айланабызды курчап турган деп ойлогон жаркыраган дүйнөнү көз көрбөйт. Нур же түс сезими көздө пайда болбойт. Бул нерсе көрүү менен байланыштуу алдыдагы бөлүмдөрдө терең каралат.

 

Түстөр мээбизде ганабы?

Нур мээбизде пайда болгон бир элес гана. Ошондуктан булагы нур болгон жана бүт жашообузду курчаган түстөр да мээнин жоромолу гана.

Ар жыштыктагы фотондор түс деп аталат. Фотондун титирөө (вибрация) чоңдугуна жараша түстөрдү бир-биринен айырмалайбыз. Б.а. кызыл биз үчүн бир титирөө чоңдугу, сары болсо башка бир титирөө чоңдугу пайда кылган түстөр. Кагаз ак, себеби бүт жыштыктарды чагылтат жана алардын кошундусу акты пайда кылат. Жалбырак жашыл, себеби жашыл түс сезимин берчү жыштыктардагы фотондорду гана чагылтат, калгандарын сиңирип алат. Айнек тунук, себеби фотондор дээрлик эч тоскоолдуксуз айнектин ичинен өтүп бизге жете алат. Кара бир кездеме бүт фотондорду сиңирип алгандыктан, артка эч нерсе чагылбайт. Б.а. ал жерден көзүбүзгө фотондор жетпейт, биз болсо аны караңгы, б.а. кара катары кабылдайбыз. Күзгү сүрөттөлүштү копиялайт, себеби чагылтуу бети жылмакай жана келген нурлар сүзүп чакыганда бир-бирине болгон параллелдүүлүгү дээрлик эч бузулбайт.

Түстүн кабылданышы көздүн торчо катмарындагы конус клеткаларында башталат. Торчодо нурдун белгилүү толкун узундугуна жооп (реакция) берүүчү үч негизги конус клетка тобу бар. Бул клетка топторунун биринчиси кызыл, экинчиси көк, үчүнчүсү болсо жашыл нурга сезимтал. Бул үч түрдүү конус клеткасынын ар түрдүү катышта стимулданышы натыйжасында миллиондогон түрдүү түс пайда болот. Бирок нурдун конус клеткаларына жетиши түстөрдүн пайда болушу үчүн жетиштүү эмес. Джон Хопкинс университети медицина факультетинен изилдөөчү Джереми Натанс (Je­remy Nat­hans) көздөгү клеткалардын түстөрдү пайда кылбаганын айтат:

Бир конус клеткасынын кызматы нурду кармап, анын тыгыздыгы жөнүндө маалымат берүү гана. Түс жөнүндө сизге эч нерсе айтпайт.36

 
Конус клеткалары кабылдаган бул түс маалыматтарын пигменттери жардамы менен электрдик сигналдарга айлантат. Бул клеткаларга туташкан нерв клеткалары болсо электрдик сигналдарды мээдеги атайын бир аймакка жиберишет. Өмүр бою көргөн түркүн түстүү дүйнөбүз пайда болгон жер – мына ушул мээдеги атайын аймак.

 

Мээнин бул бөлүмүндө түс барбы?

Мээнин бул атайын аймагы мээнин башка аймактары сыяктуу капкараңгы. Ал жерде эч кандай нур, эч кандай түс жок. Мээнин бул аймагында кызыл, жашыл, сары түс жок. Ак жок. Түркүн түстүү гүлдүү бакчалар, көзүбүздү уялткан күн нурунун эч чагылуусу жок. Көкмөк асман, жапжашыл дарактар жок. Баштын ичи чымкый караңгы. Көздөрүбүздөн ичкери көздөй нур кирет деп ойлойбуз. Чынында болсо көздөрүбүздүн сыртында да, көздөрүбүздүн артында да нур жок.

Түстөрдүн пайда болушу нерселердин нурду чагылтуу өзгөчөлүгүнөн келип чыгат. Сырткы дүйнөдө нур болбогондуктан, түстөр да жок. Анда биз «сыртта» деп ойлогон түстүү дүйнө каякта? Бул түстүү дүйнө сырттан бизге түздөн-түз да жете албайт, мээбиздин ичинде да пайда болбойт. Түстүү дүйнө биз кабылдаган нерсе. Биз ушундай жоромолдогон үчүн ошондой.

Кембридж университетинин математика жана теориялык физика бөлүмүнөн Питер Рассел (Pe­ter Rus­sell) муну мындайча сүрөттөйт:

«Сырттагы» дүйнөнүн биз көрүп, жашап жаткандан такыр айырмалуу экени көп адамды таң калтырууда. Жашыл түс менен байланыштуу тажрыйбабызды карап көрүңүз. Физикалык дүйнөдө белгилүү бир жыштыкта нур бар, бирок нурдун өзү жашыл эмес. Көздөн мээге жиберилген электрдик импульстар да жашыл эмес. Ал жерде эч кандай түс жок. Биз көргөн жашыл түс бул нур жыштыгына жооп берген мээде көрүлгөн бир сыпат. Мээнин (аң-сезимдин) объективдүү тажрыйбасы катары гана бар болот.37 (басым оригиналына тиешелүү)

Түстөр да, нур сыяктуу, мээнин жоромолу менен пайда болот. Биз көргөн жарык жана түстүү дүйнө биз ошондой кабылдаган радиация түрлөрү пайда кылган бир дүйнө гана.* Жоромол толугу менен бизге тиешелүү. Бристоль университетинин ардактуу нейропсихология профессору Ричард Л. Грегори Eye and Bra­in (Көз жана мээ) аттуу китебинде бул чындыкты кыскача төмөнкүчө жыйынтыктаган:

Нур эч кандай түстүү эмес. Нур жаркыроо жана түс сезимдерин берет. Бирок муну ылайыктуу бир көз жана нерв системасы менен гана жасай алат.38

Көздөгү бир жабыркоо же түзүлүштөгү бир айырмачылык келген фотондорду башкача электрдик сигналдарга айлантат жана мээдеги көрүү борбору бирдей өзгөчөлүктө болсо да, көз тарабынан иштетилген сигналдар бир эле нерсенин ар башка кабылданышына себеп болот. Түс көрлөрү менен кадимкидей көргөндөрдүн белгилүү түстөрдү ар түрдүү кабылдашынын жана жоромолдошунун себеби ушул.

Булардын баарынан чыккан жыйынтык мындай: биз «сырт» деп кабыл алган дүйнө караңгы. Негизи караңгылык сөзү да жаңылтышы мүмкүн. Ал жерде эч бир түс жок. Жаркыраган түстөр менен бизге сунулган үч өлчөмдүү, жаркыраган дүйнө бүтүндөй калпычы. Биз нур же түс деп жоромолдогон фотон кыймылдары чымкый караңгы бир чөйрөдө ишке ашкан физикалык кубулуштар гана. Көзүбүз да кошо бүт денебиз жана үч өлчөмдүү, түркүн түстүү бир дүйнө катары көргөн бүт материалдык аалам ушул боштуктун ичинде орун алат. Муну биз көргөн абалда жоромолдогон – мээ гана. Бирок эң кызыгы булардын баарын кабылдаган көз жана булардын баарын жоромолдогон мээ да чымкый караңгы. Нур менен түс аны жоромолдогон мээнин ичинде да эмес.

Аң-сезим жана мээ темасында сансыз изилдөөлөрү бар Тафтс университетинин философия профессору Дэниел К. Деннет (Da­ni­el C. Den­nett) бул чындыкты мындайча баяндайт:

Орток пикир боюнча, илим түстөрдү физикалык дүйнөдөн алып салды жана ордуна түссүз, ар түрдүү толкун узундуктарындагы электромагниттик нурларды гана калтырды.39

Деннет башка бир китебинде түстөрдүн пайда болушу жөнүндө мындай дейт:

Дүйнөдө түс жок; түс карагандын көзү менен мээсинде гана пайда болот. Заттар нурдун ар түрдүү толкун узундуктарын чагылтышат, бирок бул нур толкундарынын түсү жок.40

Түс адамдын сырттагы нурду кабылдоо формасы болгондуктан, биз кабылдаган дүйнөнүн башкалар үчүн да бирдей экенин эч биле албайбыз. Бир адам кызыл катары көргөн түстүн биз үчүн да дал ошондой кызыл экенин эч качан биле албайбыз. «Түркүн түстүү» түшүнүгү балким биз үчүн миллиондогон түрдүү түстүн жыйындысын көрсөткөн бир түшүнүк чыгаар. Бирок башка бир адам бир топ аз санда түс тунуктугун жана түрүн көрүп жаткан болушу жана муну «түркүн түстүү» деп жоромолдошу ыктымал. Биздин кабылдообуз менен биз менен бирге бир эле нерсени карап жаткан адамдын кабылдоосун салыштыруу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биз бир эле нерсени карап жатабыз деп ойлойбуз. Бирок балким биз кабылдап жаткан нерсе менен ал адамдыкы такыр башка башка чыгаар. Сырткы дүйнөнү кабылдоо формабыз беш сезимибиз менен чектелгендиктен, көктүн жаныбыздагы адам үчүн да ошондой көк, кофенин даамынын ал адам үчүн да бирдей даам экенин эч качан биле албайбыз жана муну сүрөттөй албайбыз.

Түс сокурдугу түстөрдүн мээбизде гана пайда болоорунун маанилүү далилдеринен. Белгилүү болгондой, көздөгү торчодо келип чыккан кичинекей бир өзгөрүү түс сокурдугуна себеп болот. Мындай көп адамдар жашыл менен кызылды бир-биринен айырмалай алышпайт. Биз үчүн жашыл болгон бир нерсе алардын дүйнөсүндө такыр башка түстө. Мунун жалгыз себеби – түс түшүнүгүн ар түрдүү кабылдашыбыз. Биз «жашыл» деп ишенген бир нерсени башка адамдын «боз» көрүп жатышы ал жаңылып жатат деген мааниге келбейт. Кайсысынын туура кабылдоо экенин эч качан биле албайбыз. Себеби экөөсү тең кабылдоо, жана мунун реалдуулугун текшерүү жана салыштыруу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жашыл кабылдоосу да, боз кабылдоосу да адамдардын өз тажрыйбасы жана бул жеке тажрыйбалардын реалдуулугу ал адамдын жоромолунан көз-каранды.

Бул жерде мындай жыйынтык чыгат: биз заттарга жүктөгөн бүт сыпаттар «тышкы дүйнөдөгү оригиналдарына» эмес, мээбиздеги сүрөттөлүштөрүнө тиешелүү. Биз эч качан кабылдоолорубуздан ары өтүп, сыртка жете албаганыбыз үчүн заттардын же түстөрдүн чыныгысын да көрө албайбыз. Таанымал ойчул Беркли болсо бул чындыкка мындайча көңүл бурат:

Кыскасы бир эле нерселер, бир эле учурда кээ бирлер үчүн кызыл, кээ бирлер үчүн ысык, башкалар үчүн тескерисинче болуп жатса, анда бул биз иллюзиялардын таасириндебиз жана «нерселер» биздин аң-сезимибизде гана бар дегенди билдирет...41

 
Австралиянын Аделаида университетинде кызмат кылган Оксфорд университетинен Жерард О'Брайен (Ge­rard O'Bri­en) бир радио маегинде бул жөнүндө мындай дейт:

Сырткы дүйнөнү караганыбызда нерселерди түстүү көрөбүз жана бул түстөр чынында бүт көргөн нерселерибизге тиешелүү деп ойлойбуз. Бирок учурда бул ушундайбы же мындай эмеспи деген кызыктай суроо турат. Көптөгөн философ биз көргөн түстөр, бул түстөрдүн өзгөчөлүктөрү – чынында дүйнөнүн ичибизде пайда болгон өкүл сүрөттөлүшүнүн өзгөчөлүктөрү дешүүдө. Бул пикир боюнча, дүйнөнүн өзүнө тиешелүү мындай түстөр жок. Ушул себептен биздин мээбиздин сыртындагы, биз жашагандан көз-карандысыз дүйнө негизи түссүз... Мисалы, сиз алманы карабаганыңызда ал дагы эле кызылбы? Ойлонгондо дүйнө биз көрдүк деп ойлогон түстө деп элестетүү чынында биздин шовинисттик пикирибиз. Себеби эми бул планетада биз менен бирге жашаган башка жандыктардын башкача түс системалары бар экени жана кээ бир учурларда түстөрдү бизден азыраак айырмалаары жана натыйжада дүйнөнү биз көргөндөн башка түстөрдө кабылдаары жөнүндөгү көз-карашты билебиз. Ушул себептен биз дүйнөнү белгилүү түстөрдө көрөбүз, бирок балким жаныбарлар башка түс тобу ичинде көрүп жатышат. Эмне үчүн эми, биздин көргөнүбүз туура деп ишенишибиз керек? Дүйнөнүн чыныгы түстөрүнүн биздин көргөнүбүздөй экенин каяктан биле алабыз? Балким булар биз жана жер бетиндеги жаныбарлар түзгөн сүрөттөлүштөрдүн өзүнө байланыштуу дүйнөнү коддоонун эки башка жолу гана.42
О'Брайендин бул жөнүндөгү сөзү чынында эле «сырттагы реалдуулуктун» кандай нерсе экени жөнүндө пикир жүрүртүү жагынан маанилүү. Бизден башка жандыктардын да сыртта жарык көрүп жатканына же түстөрдү биз сыяктуу кабылдаарына бир дагы далил жок. Биздин пикирибиздин эң туура экенин көрсөтүүчү бир илимий далилге да жетишибиз мүмкүн эмес. Демек, сырткы дүйнө жөнүндө күмөн менен божомолдорубуз гана бар. Себеби сырткы дүйнөнү биз билгендей кабылдашыбыз беш сезимибизден көз-каранды.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder