КОМПЬЮТЕР ТЕХНОЛОГИЯСЫ
РАББИБИЗДИН МЭЭДЕГИ
ДОЛБООРУН
ТУУРОО МЕНЕН ӨНҮГҮҮДӨ
Учурда илимпоздор
мээ бир компьютер сыяктуу иштейт деп ойлошууда, бирок мындай салыштыруу али
жетишсиз. Эң алдыңкы технологияга ээ компьютерлер да адам мээсинин
электрохимиялык комплекстүүлүгүнө салыштырганда, абдан жөнөкөй болуп калууда.
Негизи эң алдыңкы технология мисалдарынан компьютерди ойлоп тапкан
илимпоздордун мээ жөнүндөгү маалыматтары абдан чектүү. Др. Эрик Х. Чадлердин (Dr. Eric
H. Chudler) ою боюнча: «Биздин мээ жөнүндө
билгендерибизден билбегендерибиз көбүрөөк».1
1- Dr. Eric H. Chudler,
"A Computer in Your Head?", Odyssey Magazine, Cobblestone
Publishing Co., vol. 10, Mart 2001, ss. 6-7.
Компьютер менен мээ окшош кызматтарды
аткарышат. Мисалы, экөө тең эс тутумдарына маалымат сактай алышат. Компьютерлер
чиптер, дисктер жана CD-ROM’дорго маалымат сактаса, мээ нейрон тармактарын
колдонот. Компьютерди да, мээни да жаңы операцияларды жасай турган абалда
өзгөртүүгө болот. Компьютерлерге жаңы жабдыктарды жана программаларды жүктөө
менен эс тутумун жана программаларды кеңейтүүгө болот. Мээ тынымсыз өзгөрүп
турат жана жаңы нерселерди үйрөнө алат. Мээ кээде керек болгондо электрдик
системасын кайрадан кура алат. Мисалы, кээ бир мээ жабыркоолору натыйжасында
жабыр тартпаган мээ кыртышы жабыркаган аймактын мурдакы кызматтарын өзүнө ала
алат. Бирок компьютерлер, технология ушунчалык өнүксө да, мындай өзгөчөлүккө ээ
эмес.
Денебиздеги
бардык иштерди башкарган мээбиз болсо эч бир компьютерге салыштырууга мүмкүн
болбогондой жогорку бир системага ээ. Денебиз – жаратылган эч кемчиликсиз
системалардын бири, жана кемчиликсиздиги детальдарында жашырылган. Мээнин
түзүлүшүн да терең изилдегенде, түшүнүү кыйын болгон детальдарды көрөбүз.
Мээбиздеги ар бир бырыш, ар бир сай жана дөң бир максат менен жаратылган.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder