15 Haziran 2026 Pazartesi

КИРИШҮҮ (ДИНДЕ ПАССИВДҮҮЛҮК)

 

Пассивдүү деген сөз сөздүктө «бир нерсеге карата жооп көрсөтпөгөн, эч нерсе кылбаган, кыймылдабаган, тартынчаак» деген маанини билдирет. «Пассивдүү адам» дегенде кулк-мүнөзү жагынан камырабаган, айланасындагы окуяларга кайдыгер, адамдардын түйшүктөрүнө жана маселелерине кызыкпаган, айланасындагы көйгөйлөргө чечим издебеген, өзү менен өзү болгон, өзүнүн кичинекей дүйнөсүндө жашаган бир адам модели эске келет. Бул китепте атайын ушундай мүнөзүн көрсөтүп, бул жаман моделди тымызын мусулмандардын арасында жайылтууга аракет кылган адамдардын кулк-мүнөзүн сүрөттөйбүз. Мындай адам моделин «пассивдүү адам», тагыраак айтканда, «пассивдүүлүктү жактаган адам» катары карайбыз.

Мусулмандардын арасындагы кээ бир адамдар ыймандуулардын шыктануусуна жана кайраттуулугуна туура келбеген мүнөздө болушат. Андай адамдардын ичинде мусулмандардын ичиндеги күчтүү ыймандын кайраттуулугу болбойт, ошондой эле, алардай бакытты жана бейпилдикти сезбей, муздак, супсак өмүр сүрүшөт. Андай адамдарда Аллахтын улуулугун түшүнүү, Куран адеп-ахлагы менен жашоо каалоосу болбогондуктан, дин адеп-ахлагын жайылтуу максатында жасалган бардык иш-аракеттерде артта калып, ал иштерге алыстан көз салышат. Жашоолорунда да, ыйман түшүнүктөрүндө да кайраттуулук жана акылмандык жетишпейт.

Аларда сүйүү, жакындык, чын ыкластуулук, достук, бир туугандык, туруктуулук, опаа, бекемдик сыяктуу Аллах ыраазы болоорун билдирген мусулмандарга таандык бийик адеп-ахлактык сапаттар болбойт. Андай адамдар атайын пассивдүүлүк кылган, көңүлсүз жана кайдыгер кулк-мүнөздөрү аркылуу айланасындагы адамдарга терс энергия берген, муздак, камырабас, өтө расмий көрүнүп, жакын мамиле түзгүсү келбеген, эң негизгиси Аллахтан коркпогон, чыккынчы мүнөздүү адамдар болушат. Аллах Куранда «Чындыгында араңарда камырабастык кылгандар бар. Эгер силерге бир кырсык келсе, «чындыгында Аллах мага жакшылык кылды, анткени алар менен бирге эмес болчумун» дейт» (Ниса Сүрөсү, 72) деген аяты аркылуу мусулмандарга мындай адамдардын кулк-мүнөзүн кабар берген.

Аллах Курандын дагы көптөгөн аяттарында мусулмандардын Куран адеп-ахлагын жайылтуу боюнча күжүрмөндүгүн жана ылдамдыгын камырабастык кылып, басаңдатууга аракет кылган мындай түшүнүктөгү адамдарды бизге сүрөттөгөн. Алардын мындай тымызын камырабастыгынын артындагы чыныгы ниеттерин, жашыруун пландарын ачып көрсөткөн өтө маанилүү маалыматтарды берген.

Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөн мындай адамдар ыймандуулар менен чогуу жашап, ыйман кылдым деп айткан, бирок эки жүздүү жүрүм-турумдарды жасаган же жүрөктөрүндө руханий оорусу бар адамдар болушу мүмкүн. Же болбосо, азырынча ыйманды толук түшүнө элек, Аллахтын кудуретин таанып биле элек, ыйманы алсыз адамдар болушу ыктымал. Мындай адамдар ыймандуулардын арасында болгонуна карабастан, дин адеп-ахлагын түшүнүү жана анын талаптарына ылайык жашоо жаатында бошоңдук кылышат, ошондой эле, башка ыймандуулардын да өздөрүндөй болушун каалашат. Мындан тышкары, динден түшүнүгү жок адамдардын же ыймансыздардын арасында да мусулмандардын күчүн кетирип, алардын күжүрмөндүгүн жана кайраттуулугун кайтарууну көздөгөн адамдар болушу мүмкүн жана алар да ыймандууларга жолтоо болуу үчүн болгон аракетин жасашат. Айтылган адамдардын баары ыймандууларды пассивдештирүү үчүн ачык иштерди да кылышы мүмкүн, же болбосо, жашыруун жана тымызын ыкмаларды да колдонушу ыктымал. Мисалы, эки жүздүүлөр менен жүрөгүндө руханий оорусу бар кишилер ыймансыздар менен кызматташып, өз ойлорунда ыймандууларга каршы апачык тузактарды курушу мүмкүн. Ошентип, ыймандууларга зыян келтирүүгө аракет кылышат. Ошондой эле, тымызын, терс сөздөрү жана кыймыл-аракеттери аркылуу ыймандууларды пассивдештирүүгө аракеттениши ыктымал.

Мындай адамдардын дээрлик баарынын кээ бир жалпы мүнөздөрү бар. Ыймандуулардын арасында болушса да, алардан алыс болушса да, ал белгилер аларда сөзсүз болот. Акыл-эстин алсыздыгы, парасатсыздык, жалкоолук, коркоктук, чыккынчылык, тымызындык, ач көздүк, терс мүнөздүүлүк, мээримсиздик, текебердик, көрө албастык сыяктуу, чын ыкластуу ыймандууларда Аллахтын каалоосу менен эч качан кездешпей турган, кээ бир негизги өзгөчөлүктөр мындай адамдарда көп кездешет. Бул жалпы мүнөздөр, ар кайсы чөйрөдөбү же бир чөйрөдө болушабы, мындай адамдардын керек учурда ыймандууларга каршы биригишине себеп болот.

Ошондуктан бул китепте негизинен мусулмандардын арасында жашаган жана аларды пассивдүүлүккө түртүүгө аракет кылган кишилердин колдонгон тымызын жана ачык ыкмалары менен бирге, бир жагынан ал кишилер менен биригүү потенциалы бар ыймансыздардын өзгөчөлүктөрү да сүрөттөлөт. Ошентип ыймансыздарды пассивдештирүүнү көздөгөн бардык кулк-мүнөз типтери ашкереленет. Мусулмандардын милдетинин диндин ичинде пассивдүү жана камырабас мусулман моделин түзүүнү көздөгөн жаман ниеттүү адамдарга каршы Куран аяттарында белгиленген идеялык күрөш жүргүзүү жана алардын башка адамдарды пассивдүүлүккө түртүшүнө бөгөт коюу экени түшүндүрүлөт.

МУСУЛМАНДАРДЫН АРАСЫНДАГЫ ПАССИВДҮҮ АДАМДАР

 

Мусулмандар бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнаган, бейишке кирүүнү үмүт кылган, чын ыкластуу адамдар. Бул максаты аларды ар дайым жандуу, кайраттуу жана сергек кармайт. Жашоо шарттары жана чөйрөсү өзгөрсө да, алардын бул мүнөзү эч өзгөрбөйт, ар дайым чын ыкластуулук, кайраттуулук менен Аллахка моюн сунушат. Аллахтын буйруктарына жана тыюуларына карата кылдаттыгын ар дайым сакташат. Аллахка чын жүрөктөн ишенген адам бүт окуялардын Аллахтын башкаруусу астында, Ал жазган тагдырга ылайык болооруна чындап ыйман кылат жана ар бир кыйынчылыктын артынан сөзсүз жеңилдик жаратылаарына ишенет. Аллах бул чындыкты Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 5-6)

 

... Аллах эч бир жанга ага бергенден ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик берет. (Талак Сүрөсү, 7)

 

Мусулмандар Аллахтын убадасынын сөзсүз аткарылаарына чындап ишенгендиктен, бир окуянын башында эле анын бардык баскычтарында сөзсүз жакшылыктар болооруна жана ал окуянын эң жакшы жыйынтыкталаарына ишенишет. Бул Аллахка толук ишенген жана Курандын чыныгы ыйык китеп экенин билген адамдардын ыйманы. Ушундай бекем ыйманынан улам мусулмандар бул дүйнөдө ар дайым жандуу, кайраттуу болушат жана ыймандын кубанычына бөлөнүп жашашат. Аллах Куранда билдиргендей «жакшы иштерде жарышкан», жакшы адеп-ахлак үчүн тынымсыз аракет кылган мүнөздө болушат. Мусулмандардын мындай күжүрмөндүгү аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

 

Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)

 

Эй ыймандуулар, сабырдуу болгула жана сабырдуулукта жарышкыла, (чек араларда) кезектешкиле. Аллахтан корккула. (Ошондо) кутулаарсыңар (жеңишке жетээрсиңер). (Али Имран Сүрөсү, 200)

 

Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана жакшылык иштерде жарышышат. Мына ошолор чын ыкластуулар (салихтер). (Али Имран Сүрөсү, 114)

 

Чыныгы мусулмандар Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө жана жакшы адеп-ахлакка болгон умтулуусу жана күжүрмөндүгү менен башка адамдардан айырмаланышат. Бирок «мен мусулманмын» деген кээ бир адамдардын айткандары менен жүрөгүндөгү ойлору бири-бирине таптакыр дал келбеши мүмкүн. Мусулманмын, ыйман кылдым деп айткан бир адамдын балким ыйманы абдан алсыз болушу мүмкүн, ал тургай, бир күнү анын Аллахтын бар экени жана акырет тууралуу олуттуу күмөндөрү бар бир киши экени аныкталышы ыктымал. Аллах андай адамдарды Хаж Сүрөсүнүн 53-аятында «жүрөгүндө оорусу бар» жана «жүрөктөрүндө (эч кандай) сезгичтиги жок» адамдар катары сүрөттөгөн. Аллахтын аяттарынын ишке ашканын көрсө дагы, ал адамдардын жүрөктөрүндө чыныгы шыктануу жана жакшы адеп-ахлакка умтулуу каалоосу пайда болбойт. Ошого карабастан, чын ыкластуу ыймандуулардын жүрүм-турумдарын белгилүү убакытка чейин туурап, ошол сезимдердин баарын сезип жаткандай көрүнүүгө аракеттенүүлөрү мүмкүн.

Өздөрүн чын ыкластуу мусулмандай көрсөтүүгө аракет кылып жатып, бир жагынан чыныгы мусулмандарды да өздөрүндөй камырабас кылганга аракеттениши мүмкүн. Куран адеп-ахлагынан алыс жашоону кадыреседей көрсөтүүнү көздөп, ар кандай тузактар менен ыймандууларды караңгы жашоого түрткөнгө аракет кылышы ыктымал. Бирок эмне гана кылышпасын, Аллахтын динине жана чын ыкластуу пенделерине зыян тийгизип, аларды туура жолдон адаштыра алышпайт. Раббибиз учуру келгенде алардын жүрөктөрүндөгү ооруну ашкере кылат:

 

Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? (Мухаммед Сүрөсү, 29)

 

Алдыдагы бөлүмдөрдө терең сүрөттөлгөндөй, мусулмандардын ичинде сездирбестен пассивдүүлүктү, жалкоолукту жана кенебестикти жайылтууну көздөп, мусулмандардын арасында өздөрүн жашырган мындай адамдар эч натыйжа ала алышпайт. Чыныгы ниеттерин көрсөткөндө мусулмандар үчүн ал эч таң калычтуу болбойт. Анткени жогоруда кыскача белгиленгендей, алардын жасалмалыгы ашкере болоордон бир топ мурда кыраакы жана көрөгөч мусулмандар алардын жүрөктөрүндөгү ооруну жана ыймандарынын алсыздыгын, Аллахтын уруксаты менен, байкашат. Алардын камырабастыгынан эч таасирленишпейт, тескерисинче Куран адеп-ахлагы менен жашашы үчүн аларга аяттар менен насаат берип, эскертишет. Курандын «Алардын жүрөгүндөгүлөрдү Аллах билет. Ошондуктан сен алардан жүзүңдү бур, аларга насаат бер жана аларга напсилерине байланыштуу ачык жана таасирдүү сөз айт» (Ниса Сүрөсү, 63) деген өкүмүнө ылайык, чын жүрөктөн ыйман кылбаган ал адамдарга таасирдүү сөздөрдү айтышат.

Бирок мусулмандардын ак ниетине жана ар түрдүү аракеттерине карабастан, алардын көпчүлүгү ыймансыздыгын улантышат. Аллах андай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берген:

 

Ага Раббиңдин аяттары насаат менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдору менен кылгандарын унуткандан да залимирээк ким бар? Биз чындыгында, жүрөктөрүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болгон бир парда (тарттык), кулактарына бир тоскоолдук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)

 

Чын ыкластуу мусулмандардын милдети – бул орчундуу коркунучка карата сак болуу. Аллах бир аятында «...чын жүрөктөн ишенбегендер сени дүрбөлөңгө салып, кенебестикке түртпөсүн» (Рум Сүрөсү, 60) деп билдирген. Ошондуктан мусулмандар ар кандай камырабастыктан, алсыздыктан жана ошол сыяктуу жүрүм-турумдардан алыс болуп, мындай жүрүм-турумдарга үндөгөн адамдарды эскертиши керек. Анткени Аллах Куран аяттарынын жайылышына бөгөт коюуга аракет кылган адамдардын кандай натыйжага туш болоорун бизге төмөнкүчө кабар берген:

 

Аяттарыбызга тоскоол болуу үчүн аракет кылгандар болсо, алар азапка салынат. (Саба Сүрөсү, 38)

 

Аяттарыбыз жөнүндө (аларды) алсыратууга аракет кылгандар, алар жалындаган отко (тозокко) киришет. (Хаж Сүрөсү, 51)

МУСУЛМАНДАРДЫН АРАСЫНДА ЖАШАГАН ПАССИВДҮҮ АДАМДАРДЫН МАКСАТЫ ЭМНЕ?

 

Пассивдүүлүктүн эң негизги рисктеринин бири – бул түшүнүктү жактаган адамдардын мусулмандардын арасында муну жайылтууга аракет кылышы. Жеке кызыкчылыктарын жана бейпилдигин диндин кызыкчылыгынан жана мусулмандардан жогору койгон кишилердин кыймыл-аракеттери жана жүрүм-турумдары аркылуу айрыкча мүнөзү алсыз адамдарга жашыруун таасир тийгизүү аракетине өзгөчө көңүл буруу керек. Алардын бул аракетинин эмне мааниге келээрин түшүнүү үчүн пассивдүүлүктү жактаган адамдардын кулк-мүнөздөрүн жана түшүнүктөрүн жакшы талдоо зарыл. Себеби андай адамдар көбүнчө Аллахтын атын колдонуп, жүрүм-турумдарын өздөрүн диндар көрсөтүү аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан мусулмандардын өтө сак болуп, пассивдүү адамдардын аракетинин эмнеге алып бараарын жакшы түшүнүп, керектүү чараларды көрүшү абдан маанилүү. Ушул сыяктуу адамдар Пайгамбар Мырзабыздын (сав) доорунда да жашашкан жана өздөрүнүн ыймандууларга кошулуп согушуудан качканы аз келгенсип, башка мусулмандарды да согуштан калтырганга аракет кылышкан. Алардын абалын Раббибиз төмөнкүчө кабар берген:

 

Чындыгында Аллах араңардан тосуучуларды жана бир туугандарына: «Бизге келгиле» дегендерди билет. Булар, аз бөлүгүнөн башкасы, кыйын-согуштарга келишпейт. (Ахзаб Сүрөсү, 18)

 

Курандын көптөгөн аяттарында сүрөттөлгөн бул кулк-мүнөздүн эң белгилүү өзгөчөлүгү – атеисттик идеологияларга каршы жүргүзүлгөн идеялык күрөштөн мүмкүн болушунча качуу, ошондой эле, башка ыймандууларды да ал күрөштөн тосуу. Мындай адамдар жүрүм-турумдары жана сөздөрү аркылуу идеялык күрөштүн маанисин түшүрүүгө, ыймандуулардын көңүлүн башка жактарга бурууга аракет кылышат. Идеялык күрөшкө салым кошуунун ордуна, артта калууну артык көрүшөт. Күжүрмөндүктү, кайраттуулукту жана Аллах жолунда аракет кылууну өздөрүнө зыян алып келет деп ойлошот. Бирок зыяны тийбейт деп ойлошсо, ыймандууларга кошулушу мүмкүн. Чындыгында ыймандуулардын Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, динден алыс адамдардын идеологияларына каршы, аларды туура жолго чакыруу жана бузуку идеологияларын идеялык жактан жеңүү үчүн жүргүзгөн күрөшү – тарыхый күрөш. Курандагы пайгамбарлар тууралуу баяндарда да ушул идеялык күрөштүн мисалдары сүрөттөлөт.

Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына ишенип, акыретте сурак берээрин түшүнгөн, Куран адеп-ахлагын билген адамдардын башкаларга да бул чындыктарды жеткириши, албетте, өтө чоң жоопкерчилик. Кээ бир адамдар маалыматынын жоктугунан, кээ бирлер туура эмес маалыматтардан улам Куран адеп-ахлагынан алыс болушат. Куран адеп-ахлагынан алыс болуу – учурда адамдарга көп кыйынчылыктарды алып келген коррупциянын, уятсыздыктардын, уруш-жаңжалдардын, жакырчылыктын эң негизги себеби. Ошондой эле, дүйнөнүн төрт тарабында мусулмандар да чоң кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө туш болууда. Мусулман аялдар жана эркектер «Раббибиз Аллах» дегени үчүн зулумдукка кабылып, күнөөсүз жаш балдар ок астында калып, качкындар лагерлеринде миңдеген мусулмандар жокчулукта кыйналып күн өткөрүшүүдө. Мындай шартта, албетте, бир гана мусулмандарга эмес, муктаж адамдардын баарына кечикпестен жардам колун сунуу зарыл. Ошондой эле, кыйналып жаткан адамдардын көйгөйлөрүнө убактылуу эмес, узун мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгуу шарт. Маселенин атеисттик идеологиялардын пропагандаларынан жана иш-аракеттеринен келип чыкканын эске алганда, чечүү жолунун Куран адеп-ахлагын мүмкүн болушунча ылдам жайылтуу экенин апачык көрүүгө болот. Бир аятта мындай деп айтылат:

 

Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: «Раббибиз, бизди калкы залим бул өлкөдөн чыгар, бизге Кабатыңдан бир вели (коргой турган башчы) жөнөт, бизге Кабатыңдан бир жардам берүүчү жибер» деген эркектерден, аялдардан жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн күрөшпөй жатасыңар? (Ниса Сүрөсү, 75)

 

Демек, пассивдүүлүктү жактырган кишилердин мусулмандарды камырабастыкка түрткөнгө аракет кылышы, аларды өтө маанилүү болгон идеялык күрөштөн тосууну каалашы жана ыйманы алсыз кишилерге күрөшүүнүн кереги жок деген түшүнүктү сиңириши өтө орчундуу маселе. Ушул себептерден улам мындай кишилердин максатына жетүү үчүн баскан жолдорун, жашыруун жана ачык ыкмаларын билип, ашкерелөө керек. Алардын жалгандарына, кенебестигине жана жалкоолугуна чара катары ыймандуулар өздөрүнө жана бир туугандарына дем-күч берип, күжүрмөндүк, кайраттуулук жана жигердүүлүк менен иш-аракеттерин улантышы зарыл. «Ыймандууларды даярдап дем берүү» (Ниса Сүрөсү, 84) бир жагынан ар бир мусулмандын жоопкерчилиги болсо, экинчи жагынан жогоруда айтылган кишилердин бузукулугуна каршы эң негизги бөгөттөрдүн бири болот.

Эми дин адеп-ахлагына кайдыгер карап, пассивдүүлүктү артык көргөн мындай кишилердин чыныгы максаттарын карайлы.

 

Бузуку дин түшүнүктөрүн жайылтууну каалашат

Ыймандуулардын арасында аларды пассивдүүлүккө түрткүсү келген кишилердин түпкүрүндө чыныгы Куран адеп-ахлагына эч туура келбеген, абдан туура эмес дин түшүнүктөрү болот. Ал түшүнүктөрүнүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – алардын диндин бир бөлүгүн аткарып, бир бөлүгүн аткарбашы жана «адамдардын кээ бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат...» (Хаж Сүрөсү, 11) деп аятта айтылгандай, чындап ыйман кылбашы. Ошондуктан чыныгы мааниде диндин бардык өкүмдөрүн аткарышпайт.

Чын ыкластуу мусулмандар болсо өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмемин Аллах Куранда билдиргендей өткөрүшөт. Тамактануу, тазалык түшүнүгү, сүйүү, сый-урмат, опаа, жан аябастык сыяктуу ыймандууга таандык жүздөгөн өзгөчөлүктөрдүн жыйындысынан турган адеп-ахлак түзүлүштөрү жана жашоо образдары бар. Чыныгы диндар адам, кээ-кээде кандайдыр бир каталарды кетирсе да, ал өзгөчөлүктөрдүн баарына, толугу менен жеткенге аракет кылат. Ал эми пассивдүүлүктү жактаган кишилер болсо диндин бардык өкүмдөрүн Аллах Куранда билдиргендей аткарбай туруп да мусулман болуу мүмкүн дешет. Таптакыр туура эмес жана Куранга туура келбеген бул ишениминен улам чын ыкластуу мусулмандарга таандык көптөгөн өзгөчөлүктөрдөн кол жуушат.

Алар бүт баарын жасалма кылышат жана мусулмандардын арасында сездирбей жашаганга аракеттенишет. Аллахка жана пайгамбарга толук моюн сунуу, кичипейилдик, чын ыкластуулук, Аллахты жана ыймандууларды абдан жакшы көрүү жана урматтоо, туруктуулук, опаа, жан аябастык, сылыктык сыяктуу кулк-мүнөздөрдү ал адамдардан көрүү абдан кыйын. Мисалы, ыймандуулардын негизги өзгөчөлүктөрүнөн болгон жан аябастык алар үчүн эң оор сапаттардын бири. Анткени бир адамдын жан аябастык кылышы өзүнүн каалоолорунан баш тартып, башкалардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу дегенди билдирет. Аллахтан коркуу сезими алсыз болгон же эч болбогон ал кишилер үчүн бул өтө оор болуп, дээрлик азапка айланат. Ошондуктан көбүнчө жан аябастык кылышы керек болгон учурларда жеке кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча коргоп, эл көзүнө бир нерселерде кылымыш болушат. Ошондой эле, абийирлерин чын ыкластуу ыймандуулардай колдонбогон ал кишилер ар дайым өздөрүн биринчи кезекке коюшат. Ыймандуулар маанисиздей көрүнгөн бир окуядан өтө маанилүү чечимдерине чейин бүт маселелерде абийиринин үнүн уккандыктан, ал кишилердин жүрүм-турумдары чын ыкластуу ыймандуулардын жашоосуна салыштырганда даана айырмаланат.

Ыймандуу адам үчүн эң негизгиси – бул Аллахтын ыраазылыгы. Пассивдүүлүктү каалагандар үчүн болсо негизгиси жеке кызыкчылыктарына зыян тийгизбестен, адамдарды алдай алуу. Айланасына диндар болуп көрүнүү жана ал үчүн сыртынан белгилүү нерселерге көңүл буруу ал кишилер үчүн жетиштүү болот. Ал үчүн беш убак намаз окуп, орозо кармап, кээде жакырларга жардам берип, эл арасында белгилүү эрежелерге баш ийиши мүмкүн. Бирок жамандыктарга каршы идеялык күрөш жүргүзүүдөн, акылмандыкты, парасатты жана көрөгөчтүктү талап кылган иштерден качышат.

Алардын максаты минималдуу иш-аракет менен өз ойлорунда максималдуу пайдага жетүү. Бул түшүнүктөрүн айлана-чөйрөлөрүнө да жайылтышат. Алардын ойлогон пайдасы, албетте, бул дүйнөгө байланыштуу кызыкчылыктар. Болбосо, Аллахтын ыраазылыгы үчүн пайданы көздөгөн адамдын ар дайым абийиринин үнүн угаары анык. Адамдарды алдоо аркылуу пайдага жеткиси келгендердин чоң жаңылыштык кылаары Куранда кабар берилген чындыктардын бири. Раббибиз мындай деп билдирет:

 

(Өз ойлорунда) Аллахты жана ыйман кылгандарды алдашат. Бирок алар өздөрүн гана алдап жатышат жана (муну) билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 9)

 

Чын жүрөктөн ыйман кылгандар болсо колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, Аллах жолунда жакшы адеп-ахлакты жайылтууга аракет кылышат. Бир адамдын чыныгы ыйманынын жана пайгамбарга моюн сунгандыгынын эң негизги чен-өлчөмдөрүнүн бири – бул кайраттуулугу, күжүрмөндүгү жана чечкиндүүлүгү. Ыймандуулар биринчи кезекте Раббибизди ыраазы кылуу керек экенин билишет жана уйку, тамактануу, жактырган киносун көрүү, дүкөнгө баруу сыяктуу күнүмдүк жашоосунун ар бир көз ирмеминде, ар дайым абийиринин үнүн угушат. Дайыма өтө акылман, тобокелчил, боорукер, мээримдүү, сылык жана кичипейил болушат. Жашоосун Куран адеп-ахлагына ылайык өзгөртүүдө пассивдүүлүк кылган жана диндин адеп-ахлактык пайдубалдарына маани бербеген кишилерде болсо бул сапаттардын кемдиги даана байкалат. Алар тандоо жасаганда көбүнчө абийирлерине эмес, каалоолоруна карашат.

 

Мусулмандардын күчүн кайтарып, аларды басаңдатууну көздөшөт

Мусулмандардын арасында жашаган эки жүздүү адамдардын негизги максаттарынын бири – өз ойлорунда динге жана мусулмандарга мүмкүн болушунча зыян тийгизүү. Аллахтын «...алардын тузактары силерге эч зыян тийгизе албайт. Чындыгында, Аллах кылган иштерин курчап турат» (Али Имран Сүрөсү, 120) деген аятынын өкүмүнө ылайык чындыгында эч качан мусулмандарга зыян тийгизе алышпаса да, максаттарына жетүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушат.

Ар дайым жакшылык жана пайда алып келе турган иштерди кылуу ыймандуулардын негизги сапаттарынын бири. Ыймандуулар бир жумушу бүтөөр замат экинчисине өтүп, Аллахтын ыраазылыгына жана акыретте жакшы даражага жетүүгө аракет кылышат. Аларды пассивдештирүүнү көздөгөндөр болсо тескерисинче, мүмкүн болушунча жай кыймылдап, ыймандууларга тоскоолдук кылууга аракеттенишет. Ыймандуулардын ишине жолтоо болуп, алардын убактысын алып, алаксытуу аркылуу зыян тийгизүүнү же жок дегенде жасала турган пайдалуу иштерди кечиктирүүнү көздөшөт. Бир караганда алар ыймандууларды алаксытып убактысын алгандай жана ал кишилер максатына жеткендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок Куранга ылайык чындык андай эмес. Ыймандуу адам үчүн кылган иштин мазмуну эмес, ал ишти жасоонун максаты маанилүү. Тагыраак айтканда, ыймандуу ар дайым Аллахтын ыраазылыгы үчүн аракет кылгандыктан, ал кишилердин тоскоолдуктарын жоюп жатканда да, башка бир нерсе үчүн аракеттенип жатканда да, Аллахтын уруксаты менен, сооп табат. Акыретте Аллахтан эң жакшы сыйлык алаарын үмүт кылат.

Пассивдүү кишилер ыймандуулардын убактысын алуу үчүн адатта аларды өздөрү менен алагды кылышат. Ал аркылуу ыймандууларды да пассивдештирип, башка иштерди кылышына тоскоол болуп мусулмандардын ишин басаңдатууну көздөшөт. Ошондуктан болгон күчүн жана көңүлүн Ислам менен мусулмандардын пайдасына арнаган ыймандууларга көбүнчө жасалма ойлоп табылган жеке көйгөйлөрүн чыгарышат. Адеп-ахлактык көйгөйлөрү, Куранга карама-каршы жүрүм-турумдары, кылган иштериндеги шалаакылыктары менен ыймандууларды алагды кылышат. Өзгөчө оңой эле түшүнө турган нерселерди түшүнмөксөн болуу, уккан сөздү укмаксан болуу, тез эле жасала турган бир ишти керексиз майда-чүйдөлөрүн айтып кечиктирүү, кенебестик жана камырабастык кылуу аркылуу мусулмандарга жолтоо болуп, алардын ылдамдыгын жайлатууга аракеттенишет. Тез жасаш керек болгон бир ишти ар кандай шылтоолорду ойлоп таап кечеңдетишет, кылбай турган иштерди болсо кылышат. Жообун абдан жакшы билип туруп эч билбегендей бир эле суроону кайра кайра сурап, кыла турган ишин кайра кайра айттырышат. Мындай жүрүм-турумдардын жалпы максаты – ыймандуулардын убактысын алып, жасала турган сооптуу иштерди мүмкүн болушунча кечиктирүү жана жүрөгүндө оорусу бар башка кишилерге терс үлгү көрсөтүү.

Мындай кишилер мусулмандардын ишине жолтоо болуу максатында кыйынчылык чыгарып, экинчи жагынан ыймандуулардын арасындагы башка адамдардын да алардай болушун каалашат. Аларды да камырабастыкка түрткүлөрү келет. Ошентип өздөрү да кенебестик кылып, башкалардан да мүмкүн болушунча көп кишинин кенебес болушун пландашат. Алардын камырабастыгынан шыктанган алсыз мүнөздүү башка кээ бир кишилер да жай кыймылдап, кыйынчылык чыгарып, ыймандууларды алагды кылууну каалашы мүмкүн. Окуяларды Куран адеп-ахлагына карап баалабаганы үчүн, мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандардын туура эмес кылып жатышканын түшүнүшпөй, тескерисинче ошолордой болгонду туура көрүүлөрү ыктымал. Бирок пассивдүү кишилер менен алардын таасиринде калгандардын чечимдери жана бул багыттагы аракеттери алар ойлогондой динге зыян тийгизбейт, тескерисинче чоң жакшылык алып келет. Андай кишилердин бар болушу жана жүрүм-турумдары чын ыкластуу ыймандуулардын шыктануусун арттырып, кылган иштерин мурдакыдан да чечкиндүүлүк менен жасашына жана натыйжада ийгиликтүүрөөк болушуна шарт түзөт. Куранда белгиленгендей, туура жолду жолдогондорго адашкандар эч качан зыян тийгизе алышпайт:

 

Эй ыйман кылгандар, үстүңөрдөгү (жоопкерчилик) өз напсиңер. Силер туура жолго түшсөңөр, адашкан силерге зыян бере албайт. Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет. (Маида Сүрөсү, 105)

 

Чындыгында ал кишилердин эң чоң жаңылыштыктарынын бири – бул өздөрүнүн кандай абалда экендигинин байкалбайт деп ойлошу. Куранда кулк-мүнөздөрү жана жүрүм-турумдары терең сүрөттөлгөн андай адамдарды ыймандуулар оңой эле аныкташат жана акылмандык менен аларга карата керектүү бардык чараларды көрүшөт. Мисалы, эч качан шашылыш жасала турган бир ишти андай кишилерге беришпейт. Аллахтын «Чындыгында, Аллах силерге аманаттарды ылайыктууларга (ээлерине) тапшырууну жана адамдардын арасында өкүм кылганда адилеттүүлүк менен өкүм чыгарууну буйрук кылат...» (Ниса Сүрөсү, 58) деген өкүмүнө ылайык, аманат ишти ылайыктуу кишилерге тапшырып, аларды атайын арткы планга коюшат. Бирок алар акылсыздыгынан улам мындай учурларда кубанып, өз ойлорунда муну куулугунун жеңиши катары көрүшөт. Алар үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетүү негизги максат болбогондуктан, канчалык аз жумуш кылсам ошончолук жакшы деп ойлошот, бирок бул алар үчүн чоң зыян болот. Болгондо да, алардын кылган аракеттери мусулмандарды пассивдештирбестен, тескерисинче көрөгөчтүгүн арттырып, адамдардын мүнөздөрүн таануу тажрыйбаларына маанилүү салым кошот. Ыймандуулардын аларга насаат айтууну улантып, аларды жаман иштерден тосууга аракет кылышынын себеби – бул Аллахтын ыймандууларга жүктөгөн милдети. Анткени Аллах ыймандууларга жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну буйруган.

 

Ыйманы алсыздарга шайтандык таасир тийгизишет

Өздөрүн дин адеп-ахлагынын талаптарын толук аткаруудан пассивдештирген кишилердин дагы бир максаты – бул ыйманы алсыз кишилерди таасири астына алып, өзүнүн тарабына тартуу. Бирок шайтандын таасирине кирген мындай кишилер кулк-мүнөзү өзүнө окшогон кишилерге гана терс таасир тийгизе алышат. Чын ыкластуу ыймандууларга эч зыян тийгизе алышпайт. Аллах чын жүрөктөн ыйман кылгандарды шайтандын жана анын досторунун азгырыктарынан коргойт. Шайтандын чын ыкластуу ыймандууларга таасир тийгизе албашын Аллах Куранда кабар берген:

 

Ал (шайтан) айтты: «Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнөнүн каалоолорун) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. Бирок алардан чын ыкластуу (мухлис) пенделериңден башкасын». (Хижр Сүрөсү, 39-40)

 

Мындан тышкары, мүнөзү эки жүздүү, жүрөгүндө оорусу бар же ыйманы алсыз кишилер пассивдүүлүк чакырыктарын угушу мүмкүн. Пассивдүү кишилер иштерди жай жасашы, күрөшүү шыктануусунун жоктугу, Аллахты аз эстеши, жан аябастыктан качышы, тереңирээк ойлонбошу, мүмкүн болушунча аз иштеп башкарганга аракет кылышы, жалкоолугу, ар дайым ар бир иште оңойун тандашы, айланасын супсак көздөрү менен карашы, диндар адамдын кайраттуулугунун жана күжүрмөндүгүнүн жоктугу жана ар дайым уйкусурап, өзүн каранбай жүрүшү аркылуу ыйманы алсыз адамдарга белги беришет. Мындай жүрүм-турумдары аркылуу аларды да камырабастыкка түртүп, өздөрүнө окшотууну жана мүмкүн болушунча көп кишини пассивдештирүүнү көздөшөт. Мындай кишилер таасир тийгизе ала турган кишилерди жүрүм-турумдарынан жана сөздөрүнөн таанып, биринчи кезекте ошолорго аракет кылышат. Өздөрүнүн көз караштарына ылайыктуу көрүнгөн кишилерди тандап, аларга эч ким байкабайт деп ойлогон жашыруун ишараттарды беришет жана ал кишилер менен жашыруун тил аркылуу түшүнүшүшөт.

Мусулмандарга пайдалуу бир ишти кылуунун ордуна, өзү каалаган бир иш менен алагды болуу жүрөгүндө оорусу бар адамдын башкаларга «анчалык аракет кылышыңардын кажети жок, карагыла мен каалаганымды жасайм, силер да мендей боло аласыңар» деген белгини билдирет. Жан аябастык кылуу керек болгондо өзүмчүлдүк кылуу, мисалы бүт нерсенин эң жакшысын өзүнө алып, мусулман бир туугандарын ойлобоо «башкаларды эмес, биринчи өзүңөрдү ойлогула» деген белги. Мусулмандарды угуп, сылык болуунун ордуна, какшыктап, үнүн көтөрүп сүйлөө «алдыңардагы кишини ушундай жол менен гана басмырлап, үстөмдүк кыла аласыңар» дегенди билдирет. Бирок алардын түшүнүгүнүн тескерисинче, адам жан аябастыктан качканда эмес жан аябастык кылганда, сараң эмес жоомарт болгондо, бой көтөрбөй кичипейилдик кылганда, насааттан качпастан ар бир насаатка көңүл бурганда чыныгы бейпилдикке жетет. Динде камырабастык кылган кишилердин жашоо образы болсо чыныгы ыймандуунун адеп-ахлагына бүтүндөй карама-каршы келет.

Ансыз да пассивдүүлүктү жайылткысы келгендер сабырдуулукка, кичипейилдикке, моюн сунууга, эмгекчилдикке, жан аябастыкка таянган жакшы адеп-ахлактын эмес, өзүмчүлдүккө, жалкоолукка, текебердикке, ыпыластыкка таянган жаман адеп-ахлактын жайылышын каалашат. Ыйманы алсыз кээ бир адамдар ал жүрүм-турумдарга алданып, бой көтөрсөм кадыр-баркым көтөрүлөт, өзүмчүлдүк кылсам акылдуулук кылган болом деп ойлошот. Бирок чыныгы акыл-эстүү адам – Аллахтын кудуретин түшүнгөн жана Раббибиз бизге буйрук кылган адеп-ахлакка ылайык жашаган адам. Чыныгы кадыр-барктуу адам – бул Аллахка жана Анын Элчисине ишенип, ага баш ийген адам. Адамга ал издеген бейпилдикти, кадыр-баркты, сый-урматты бере турган бир гана Аллах. Аллах буйруган адеп-ахлактан качып, буларга жетем деп ойлогондор болсо чоң зыянга туш болушат. Раббибиз адамдардын мусулман болуп, чыныгы дин менен жашаса гана кадыр-барктуу өмүр сүрөөрүн, жеке каалоолорун ээрчисе зыянга туш болоорун төмөнкүчө кабар берген:

 

Эгер акыйкат алардын каалоолоруна карата болгондо, албетте, асмандар, жер жана алардын арасындагы бүт баары (жана бүт нерселер) бузулууга дуушар болмок. Жок, Биз аларга өздөрүнүн кадыр-барктарын (зикирлерин) алып келдик, бирок алар өздөрүнүн зикирлеринен жүз буруп жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 71)

 

Мындан тышкары, андай адамдар көпчүлүктүн арасында жашыруун белгилерди колдонуп же өздөрүнчө калганда ачык эле мусулмандарга, пайгамбарларга жана Исламга каршы сөздөрдү айтуудан тартынышпайт. Ыймандууларды тынымсыз сындап, өз ойлорунда өздөрүнө адилетсиздик кылынды деп эсептеген нерселерин айтканга аракет кылышат. Чын ыкластуу ыймандуу жана анын кылган иштери тууралуу какшык сөздөрдү айтышат, бир жагынан анын жакшы адам экенин айткандай көрүнүп, экинчи жагынан анын кылган иштерин өздөрүнчө барксыз көрүп, жүрүм-турумдарын сындашат. Ошентип жакшы нерсе айтып жаткандай көрүнүп, тымызын тактика менен башкаларга жаман пикирлерди сиңиришет. Куранда эки жүздүүлөрдүн ыймандуулардын берген садакаларын жана Аллах жолунда кылган аракеттерин шылдыңдашканы тууралуу баяндаган аят мунун бир мисалы. Аллах эки жүздүүлөрдүн (мүнафыктардын) бул ыпылас адеп-ахлагын жана чындыгында өздөрүнүн шылдың болоорун төмөнкүчө кабар берген:

 

Садакаларда ыймандуулардан кошумча садака бергендер менен эмгектеринен (иш-аракеттеринен) башка (эч нерсе) таба албагандарды бөлүп, аларды шылдың кылгандар; Аллах аларды(н өзүн) шылдыңга айлантты жана алар үчүн оор бир азап бар. (Тообо Сүрөсү, 79)

 

Тарых бою ыймандуулардын арасында кездешкен мындай түшүнүктөгү адамдардын ачык айтпаган, бирок жашыруун сүйлөшкөндө өз ара сөз кылган дагы бир маанилүү жагдай пайгамбарларга байланыштуу. Мындай кишилер пайгамбарлардын жанында алар айткан чындыктарды тастыктагандай көрүнүшөт. Бирок тарапташтары менен жашыруун чогулганда пайгамбарга каршы сөздөрдү айтышат. Мындай адамдар Пайгамбар Мырзабыздын (сав) доорунда да жашашкан жана Ага каршы жашыруун чогулуштарды уюштуруп, ал чогулуштарда ыймандууларга жана Аз. Мухаммедге (сав) каршы пландарды түзүшкөн. Бирок Аллахтын каалоосу менен ал пландары эч ишке ашкан эмес жана Раббибиздин бир мыйзамы катары эч качан ишке ашпайт. Аллах бул чындыкты аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Чындыгында, «жашыруун чогулуштардын шыбырашмайлары» ыйман кылгандарды кайгыга салуу үчүн бир гана шайтан (жасаган иштер)ден. Бирок Аллахтын уруксаты болмоюнча, ал аларга эч кандай зыян тийгизе албайт. Демек ыймандуулар бир гана Аллахка тобокел кылышсын (таянышсын). (Мүжаделе Сүрөсү, 10)

 

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда жашаган ыйманы алсыз кишилердин жана эки жүздүүлөрдүн Аз. Мухаммеддин (сав) буйруктары менен насааттарын укпай көшөрүшкөнү жана анын кеңештери тууралуу сый-урматка туура келбеген пикирлерди айтышканы белгилүү. Кээде кайра кайра сүрөттөлгөн бир нерсени эч укпагандай болушу, анан эстетилгенде муну эч билген эмесмин деп айтышы, билсем ошого жараша аракет кылмакмын деген жалганды чыгарышы жана тартынбастан ант ичиши мындай адамдардын белгилүү сыпаттарынан болуп саналат. Аллах бир аятында мындай кишилер тууралуу ыймандууларды төмөнкүчө эскерткен:

 

Алар анттарын калканыч кылышты, ошентип Аллахтын жолунан тосушту. Эми алар үчүн басынтуучу бир азап бар. (Мүжаделе Сүрөсү, 16)

 

Раббибиз башка бир аятында эки жүздүү адамдар тууралуу төмөнкүчө кабар берген:

 

Эй пайгамбар, жүрөктөрү ишенбеген абалда ооздору менен «ишендик» дегендер менен еврейлерден каапырдык кылгандар сени кайгыртпасын. Алар калпка кулак тосуучулар, сага келбеген башка коом үчүн кулак тосуучулар (кабар жыйноочулар). Алар сөздөрдү ордуна коюлган соң бурмалашат, «силерге бул берилсе аны алгыла, ал берилбесе андан алыс болгула (албагыла)» дешет. Аллах кимдин фитна(га түшү)шүн кааласа, эми ал үчүн сен Аллахтан эч нерсеге ээ эмессиң (күчүң жетпейт). Аллах жүрөктөрүн тазалагысы келбегендер мына ошолор. Дүйнөдө алар үчүн бир басмырлануу, акыретте алар үчүн оор бир азап бар. (Маида Сүрөсү, 41)

 

Түшүнүксүз жана ар кандай мааниге келе турган сөздөрдү колдонуу, бирөө сураса «максатым бир гана жакшылык болчу» деп айтуу – пассивдүү кишилердин көп колдонгон алдамчылыгы. Өз ойлорунда алдамчылыгын ушинтип жашырып, байкалбай калабыз, байкалсак да оңой эле жооп таба алабыз деп ойлошот. Пайгамбардын чыгарган чечимдерине карата нааразычылыктары жана каршылыктары сезилип турса да, мүмкүн болушунча билдирбегенге аракет кылышат. Ошентип бир жагынан жакшы ниеттүү көрүнүп мусулмандарды пассивдештирүүнү, экинчи жагынан ыйманы алсыз кишилерди бузуку сөздөрү менен азгырып өздөрү тарапка тартууну көздөшөт. Бирок алардын мындай аракетинен эч качан майнап чыкпай турганын Аллах бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

 

Чындыгында ыймансыздар, Аллахтын жолунан тоскондор жана туура жол (хидаят) апачык белгилүү болгон соң пайгамбарга каршы чыгып кыйынчылык чыгаргандар аныгында Аллахка эч кандай зыян тийгизе алышпайт. (Аллах) Алардын кылган иштерин текке кетирет. (Мухаммед Сүрөсү, 32)

 

Мусулмандардын арасына караңгы жашоо образын киргизгилери келет

Мусулмандардын арасында дин адеп-ахлагынан алыс жашаганга аракет кылган кишилер адатта негизсиз, бурмаланган, туура эмес дин түшүнүгүн жакташат. Бул туура эмес түшүнүктө Куран адеп-ахлагы адамдын жашоосунда мүмкүн болушунча аз орунду ээлеп, ритуалдык ибадаттарды гана камтыйт. Бирок, «Эч күмөнсүз, менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби Аллах үчүн» (Энъам Сүрөсү, 162) деп аятта айтылгандай, мусулмандын ар бир мүнөтү, жашоосунун ар бир көз ирмеми Аллахтын буйруктарына ылайык болот. Тагыраак айтканда, дин адеп-ахлагы ыймандуунун бүт жашоосун камтыйт.

Пассивдүү кишилер болсо ритуалдык ибадаттарга жарым-жартылай болсо да маани бергени менен, диндин маңызын түзгөн адеп-ахлактык пайдубалдарга дээрлик таптакыр көңүл бурушпайт. Алардын максаты Аллахтын ыраазылыгы жана Куран адеп-ахлагы эмес. Адатта окуяларды өздөрүнүн караңгы түшүнүктөрүнүн жана «менимче» деп башталган сүйлөмдөр менен туура эмес ишенимдеринин негизинде баалашат. Караңгы түшүнүктөрүн эч унута алышпай, ошол түшүнүктөрү боюнча баа беришет. Мындай түшүнүктөгү кишилердин көз карашы аятта төмөнкүчө кабар берилген:

 

Алар дагы эле жахилия (караңгылык) өкүмүн издеп жатышабы? Чындап (анык илим менен) ишенген бир коом үчүн өкүмү Аллахтан да жакшыраак болгон ким бар?» (Маида Сүрөсү, 50)

 

Окуяларды караңгы түшүнүктөрү менен баалоо ал кишилерде такыр туура эмес логикаларга себеп болот. Ыймандуулар бул жашоонун убактылуу, чыныгы мекендин болсо акырет экенин билишет. Бул жашоодогу бардык мүмкүнчүлүктөрүн эң жакшы иштерге колдонушат. Максаттары – Аллахтын ыраазылыгы, мээрими жана бейиши. Ошондуктан бул жашоого таандык маселелерге керектүү деңгээлде гана көңүл буруп, негизинен акыреттерин ойлошот. Пассивдүү кишилер болсо бул жашоону чыныгы жашоо катары көрүп, бул жашоого байланыштуу бүт нерселерге ач көздүк менен умтулушат.

Караңгы түшүнүктөрүн өз араларында жайылтып, ыймандуулардын арасына да киргизгиси келген мындай кишилер өзгөчө өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү нерселерге өтө маани беришет. Мисалы, бир ооруга чалдыкканда тобокелсиздик кылып, коркушат. Өз жанын абдан аягандыктан, кандайдыр бир зыян тийүү ыктымалдыгында да абдан каршы чыгышат. Алар бул жашоого абдан маани бергендиктен жана тагдырды унуткандыктан, оору аларды дээрлик шок абалына салат. Тынымсыз сарсанаа боло бергендиктен, ондогон дарыгерге барса да көңүлдөрү тынчыбайт. Оорудан ичкен дарылары, барган дарыгерлери айыктырат деп ойлоп, бир гана ошолордон үмүт кылып айыкканга аракет кылышат. Албетте, ооруган адам дарыгерге барып, ал тармактагы эң адис жана тажрыйбалуу кишилерден жардам алып, сунушталган дарылоо ыкмасын колдонушу зарыл. Бирок ошол эле учурда алардын баарынын Аллах жараткан себептер экенин, Аллах каалабаса эң жакшы дарыгерге барып дарыланса да, эң жакшы дарыларды колдонсо да шыпаа таба албай турганын билиши шарт. Дүйнөдөгү эч бир дары, эч бир технология же эч бир дарыгер Аллах каалабаса оорулардын айыгышына себепчи боло албайт. Ыймандуулар ооруну жараткандын да, шыпаа бере тургандын да Аллах экенин абдан жакшы билгендиктен, Аллахка таянып, Ага моюн сунушат.

Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөн кишилердин ишениминин алсыздыгы жана санаачылдыгы жүрөгүндө оорусу бар кишилердин ички дүйнөсүнө да таасир берет. Алардын санаачыл мүнөзү айланадагы жүрөгүндө илдети бар кишилердин да акылсыз пикирлерди айтып, ошол сыяктуу окуяга кабылганда ошондой тобокелсиздик кылууларына себеп болот. Ансыз да пассивдүү кишилердин максаты – тобокелсиздик аркылуу мусулмандардын арасында башаламандык чыгарып, маалыматы жана илими аз же ыйманы алсыз кишилерди дүрбөлөңгө салуу.

Дин адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылган кишилердин дагы бир сыпаты – бул караңгы жашоого болгон терең суктануу. Караңгы коомдо бийлиги же статусу бар жана караңгы түшүнүктүн критерийлери боюнча урматталган кишилерди алар да абдан баалап, урматташат. Ал тургай, ал кишилерге окшогонго аракет кылышат. Ошолордой кийинип, ошол кишилердин жашоо образын туурап, окуган гезиттерин окуп, көргөн телевизор программаларын көрүп, ошолордой сүйлөп, аларды туурашат. Албетте, бир адамдын башкалардын жакшы сыпаттарын үлгү алышы туура көрүнүш. Бирок бул жерде айтылган кишилердин суктанып, туураганы – адамдардын кээ бир сыпаттары эмес, караңгы түшүнүгү. Алардын көз караштары караңгы түшүнүк менен калыптанган. Эмненин маанилүү эмненин маанисиз экенин, каерде кандай мамиленин туура болоорун, кайсы жүрүм-турумдардын туура кайсыларынын туура эмес экенин Куранга эмес, караңгы түшүнүктүн эрежелерине карап аныкташат. Ошол суктануусунан улам чын ыкластуу мусулман болууга аракет кылышпайт жана караңгы коомдо баалуу болгон сыпаттарга жетүүгө аракеттенишет.

Кандайдыр бир кырдаалды баалаганда Аллахтын бар экенин билген бир адамдай эмес, бул акыйкатты таптакыр билбеген кишидей пикирлерди айтышат. Ошондой эле, өз ойлорунда артыкчылык катары көргөн убактылуу баалуулуктар менен ыймандуулардын арасында да кадыр-баркка ээ болом деп ойлоп, ошолор менен бой көтөрүшөт. Чын ыкластуу ыймандуулар үчүн болсо адамдардын бул дүйнөгө таандык өзгөчөлүктөрүнүн мааниси жок. Бирок бир адам билимин, маданиятын, мүмкүнчүлүктөрүн Исламдын жана мусулмандардын пайдасына колдонсо, албетте, бул жакшы нерсе жана акыретте ал үчүн Аллахтын уруксаты менен эң жакшы сыйлыкка ээ болот. Бирок Аллахтын ыраазылыгын көздөбөстөн, утурумдук кээ бир мүмкүнчүлүктөрү үчүн бой көтөргөн кишилерге ал өзгөчөлүктөрү бул дүйнөдө да, акыретте да эч пайда алып келбейт. Аятта да кабар берилгендей, ыймандуу адам үчүн «...азыктын эң жакшысы такыбалык...» (Бакара Сүрөсү, 197). Башка бир аятта болсо эң негизги көрсөткүчтүн такыбалык экени жана адамдардын бул дүйнөдө тапкан материалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн Аллахтын алдында эч кандай баркы болбой турганы төмөнкүчө кабар берилген:

 

... Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-бабасы жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Чындыгында, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат Сүрөсү, 13)

 

Ыймандуулар Куран адеп-ахлагын кармангандыктан, адамдардын Аллахка болгон жакындыгына, Аллахтан болгон коркуусуна жараша ал адамдарды урматтап, жакшы көрүшөт, караңгы түшүнүктүн баалуулуктарына эч карашпайт. Пассивдүүлүккө үндөгөн кишилерден болсо окуяларды жана адамдарды Куранга карап баалабагандар гана таасирлениши мүмкүн. Мындай адамдар алардын жүрүм-турумдарын үлгү алып, аларга окшогонго аракет кылышат. Мындай кишилердин жалпы өзгөчөлүгү – адамдардын бул дүйнөдө чын ыкластуу болуп, Аллахты сүйүп жана Аллахтан коркуп жашашына ишенбөөлөрү. Эч күмөнсүз, бул түшүнүгүнөн баш тартпаса, бул жаңылыштыгы аларды оор азапка түртөт.

МУСУЛМАНДАРДЫ КАНТИП ПАССИВДҮҮ КЫЛУУГА АРАКЕТТЕНИШЕТ?

 

Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандардын колдонгон белгилүү ыкмалары бар. Өз ойлорунда ал ыкмалар аркылуу мусулмандардын чечкиндүүлүгүн жана шыктануусун азайтып, аларды алсырата алабыз деп ойлошот. Ал ыкмаларды кээде тымызын, кээде болсо ачык колдонушат. Аллах аятта «...Эгер колдорунан келсе, силерди диниңерден артка кайтарганга чейин силер менен согушууну улантышат...» (Бакара Сүрөсү, 217) деп мындай түшүнүктөгү кишилердин ыймандууларды диндеринен кайтаруу үчүн тынымсыз аракет кылышаарын кабар берген.

Бул бөлүмдө алардын колдонгон тактикаларынын кээ бирлерин карайбыз. Бирок ал ыкмаларды карап жатканда маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Ал кишилер жашыруун ыкмаларды колдонсо да, ачык түрдө аракет кылса да, мусулмандарды, Аллахтын уруксаты менен, пассивдештире алышпайт. Бүт нерсени Аллахтын жаратканын эч чындап түшүнө албаган ал адамдар Аллах кааламайынча өздөрүнүн эч нерсеге күчү жетпей турганын да түшүнө алышпайт. Ошондой эле, Аллахтын ыймандууларды коргоп, аларды сөзсүз ийгиликке жеткире турганын да билишпейт. Мындан тышкары, чыныгы жүзүбүздү эч ким байкабайт жана кылган иштерибизди эч ким билбей калат деп ойлоп, чоң ката кетиришет. Аллах ыймандууларга жүрөгүндө оорусу барлардын чыныгы жүзүн сөзсүз ашкере кылаарын кабар берген:

 

Мына ушундай; себеби чындыгында алар Аллахты ачууланткан нерсени ээрчишти жана Аны ыраазы кыла турган нерселерди жаман көрүштү; ошол үчүн (Аллах алардын) иштерин текке кетирди. Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? (Мухаммед Сүрөсү, 28-29)

 

Мусулмандардын көңүлүн маанисиз иштерге буруп, алагды кылууну көздөшөт

Бир ыймандуу үчүн убакыт абдан баалуу жана ыйман кылган адам өмүрүнүн ар бир мүнөтүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн эң жакшы колдонгонго аракет кылат. Ыймандуулардын өмүр бою жасай турган көптөгөн милдеттери бар: ыйманын бекемдеп, тереңдетүү жана адеп-ахлагын жакшыртуу үчүн аракет кылышы керек, адамдарга чыныгы дин адеп-ахлагын жеткирүүгө умтулушу шарт, динге туура келбеген идеологияларга каршы идеялык күрөш жүргүзүшү зарыл, муктаждарга жардам бериши керек, тынымсыз чын ыкластан сооптуу иштерди жасашы зарыл. Башкача айтканда, ыймандуулар бул жоопкерчиликтерден алагды кыла турган бардык маанисиз иштерден оолак болушу керек. Раббибиз бир аятында ыймандуулардын бул өзгөчөлүгүн «Алар маанисиз нерселерден бүтүндөй жүз бургандар» (Мүминун Сүрөсү, 3) деп кабар берген. Башка бир аятта ыймандуулардын маанисиз нерселерди көргөндө, алардан жүз бураары төмөнкүчө белгиленген:

 

Маанисиз жана пайдасыз сөздү укканда андан жүз бурушат жана: «Биздин кылгандарыбыз өзүбүзгө, силердин кылгандарыңар өзүңөргө, силерге салам (амандык) болсун, биз караңгыларды ээрчибейбиз» дешет. (Касас Сүрөсү, 55)

 

Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандар болсо маанисиз жана пайдасыз иштерди айтып, ыймандууларды алагды кылгылары келет. Ошентип ыймандууларды алаксытып, иштен калтырууну көздөшөт. Адамдарды Аллахтан алыстаткан, акыретте сурак берээрин унуттурган жана ойлорун бөлгөн маселелерге басым жасап, ыймандууларды да ошолор менен алаксыткылары келет. Мындай адамдардын бул өзгөчөлүгү бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:

 

Адамдардын арасында ушундайлар бар, билбестен туруп, Аллахтын жолунан адаштыруу жана аны бир оюн-күлкү кылуу үчүн маанисиз жана максатсыз сөздү сатып алышат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Локман Сүрөсү, 6)

 

Мусулмандарга пайдалуу маселелердин ордуна, эч маанисиз маселелерге көңүл бурушат. Айланасындагы мусулмандардын ыйманынын бекемделишине себепчи боло турган ыйман далилдеринин ордуна, бул дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына басым жасашат. Мисалы, акыркы мода кийимдер, жаңы чыккан машина моделдери, кайсы ресторандын азыркы убакта популярдуу экени, кайсы эс алуучу жайда жакшыраак көңүл ачууга болоору сыяктуу нерселерди көп айтышат. Бул нерселерге маани беришинин дагы бир себеби, алар чыныгы мусулмандын адеп-ахлагына ээ болуунун ордуна, караңгы жашоого көбүрөөк суктанышат. Албетте, мусулмандар да бул нерселер тууралуу сүйлөшүшөт жана коомдук жашоодогу жаңылыктардан кабардар болушат. Бирок булардын баарынын бул жашоонун убактылуу кооздугу экенин да унутушпайт. Эң кооз кийимди, эң ыңгайлуу машинаны, эң сонун эс алуучу жайларды Аллах жаратканын билишет жана эгер Раббибиз бул сый-жакшылыктардан аларга тартууласа, ал үчүн Аллахка шүгүр кылышат. Көргөн кооздуктарынын баарынын Раббибиздин чагылуулары экенин билип, бир гана Аллахка кайрылышат жана бардык жакшылыктары үчүн Аллахка мактоо айтышат.

Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөндөр болсо сөз кылган темаларында жана сүйлөө стилдеринде сурак күнүн унутуп, бул жашоо эч бүтпөчүдөй сүйлөшөт. Ошентип мусулмандар да аларга кошулуп бул жашоого алданат деп ойлошот. Бирок алардын мусулмандарды пассивдештирүү үчүн колдонгон бул ыкмасы иштебейт. Анткени Раббибиз Куранда билдирген ыймандуулардын маанилүү сыпаттарынын бири, жогоруда да айтылгандай, маанисиз иштерден жүз буруу. Чын жүрөктөн ыйман кылган адам абийиринин илхамы менен кайсы иштин маанисиз жана пайдасыз, ал эми кайсы иштин сооптуу жана пайдалуу экенин ошол замат түшүнүп, керектүү чараларды көрөт. Аллах Куранда бейиштин өзгөчөлүктөрүн сүрөттөгөндө, ыймандуулардын ал жерде бир дагы маанисиз сөз укпай турганын да кабар берген:

 

Ичинде маанисиз сөз да, жалган сөз да угушпайт. (Небе Сүрөсү, 35)

 

Анда маанисиз бир сөз угушпайт; саламды гана (угушат)... (Мариям Сүрөсү, 62)

 

Бул жашоодо өздөрүн бейишке даярдаган бардык ыймандуулар бул чындыкты негиз тутушат жана бул дүйнөгө алданып, маанисиз нерселерге убакыт коротушпайт. Ыймандуулар унутпаган дагы бир чындык – бул Раббибиздин адамдарды Аллахтын жолунан тоскусу келгендердин бардык иштерин текке кетирээри. Аятта мындай деп айтылат:

 

Алар ыйман кылышкан жок жана Аллахтын жолунан тосушту, (Аллах) алардын кылган иштерин текке кетирди. (Мухаммед Сүрөсү, 1)

 

Чара көрүүлөрүнө жолтоо болуп, мусулмандарды коргоосуз калтырууга аракет кылышат

Ыймандуулар менен ыймансыздардын ортосундагы идеялык күрөш тарыхтын бардык доорлорунда уланган. Куранда пайгамбарлардын жана аларды ээрчиген ыймандуулардын дин адеп-ахлагын жайылтуу максатында кылган аракеттери үчүн ыймансыздардын жалааларына туш болгону, күнөөсүз жерден кармалганы, мекендеринен айдалганы жана, ал тургай, өлтүрүлгөнү кабар берилет. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын жана сахабалардын жашоосу да бул улуу күрөштүн эң маанилүү мисалдарынын бири. Меккенин мушриктерин Бир жана Жалгыз Аллахка ыйман кылууга чакырган Пайгамбарыбыз (сав) мушриктер тарабынан өлүм менен коркутулуп, мушриктердин акылга сыйбаган жалааларына кабылган жана ошол кысымчылыктардын натыйжасында жанындагы ыймандуулар менен бирге Мединага көчкөн.

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда жашаган жана ыймандууларды пассивдештиргиси келген кишилер болсо ошондой оор шарттарда да жүрүм-турумдары жана сөздөрү аркылуу ыймандуулардын чара көрүүлөрүнө жолтоо болууну көздөшкөн. Пайгамбарыбызга (сав) жана сахабаларга жардам берүү үчүн эч кандай даярдык көрүшкөн эмес жана ыймандууларга кырдаалдын масштабы тууралуу туура эмес маалымат бергенге аракет кылышкан. Раббибиз «Эгер (согушка) чыгууну каалашса, ага бир даярдык көрүшмөк...» (Тообо Сүрөсү, 46) деп аятта билдиргендей, негизги максаты күрөштөн качуу болгон ал кишилер эч даярдык көрбөй, башкаларга «кырдаал анчалык олуттуу эмес, даярдык көрүүнүн кереги жок» дегендей түр көрсөткүлөрү келген. Ошентип бир жагынан ыймандуулардын күрөшүү ынтасын азайтууну, экинчи жагынан кандайдыр бир кырдаалда ыймандуулардын коргонуусуз калышын каалашкан.

Сак болуу жана ар кандай кырдаалга даярдык көрүү ыймандуунун сыпаттарынын бири. Ыймандуулар өздөрүнүн жашоосуна жана бардык мусулмандарга тиешелүү маселелерде ар кандай ыктымалдыктарды эске алып, керектүү кадамдарды ар тараптан талдап, чара көрүшөт. Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандар болсо туура эмес маалымат берүү же өздөрүнүн туура эмес түшүнүгүн ыймандууларга таңуулоо аркылуу ыймандууларды чара көрүүдөн тоскулары келет. Ал үчүн бир жол катары чыныгы дин менен жашабаган кээ бир адамдарды ыймандуулардын досундай көрсөтүп, натыйжада ыймандуулардын аларга карата чара көрүшүнө бөгөт коюу ыкмасын колдонушат.

Пассивдүү адамдардын туура эмес ишеними боюнча, бир адамдын «ишендим» деп айтышы анын ыймандуу катары кабыл алынышы үчүн жетиштүү. Бирок бул абдан туура эмес көз караш. Албетте, «ыйман кылдым» деп айткан бир кишинин бул сөзү абдан маанилүү жана баалуу. Бирок бул сөзүнүн жүрүм-турумдары жана иш-аракеттери менен тастыкталышы ал кишинин сөзүнүн ишенимдүү болушу үчүн шарт. Ыйман кылышканын айткан бедуиндер тууралуу Раббибиз Куранда «...Силер ыйман кылган жоксуңар, болгону Ислам болдук (мусулман болдук же моюн сундук) деп айткыла. Ыйман азырынча жүрөгүңөргө кирген жок» (Хужурат Сүрөсү, 14) деп билдиргендей, «ыйман кылдык» деп айтканы менен ыйман жүрөккө жайгашпашы мүмкүн. Ошондой эле, Аллах ыймандууларды сөзсүз сынай турганын, «ыйман кылдык» деп айтса эле жетиштүү болбой турганын кабар берген: «Адамдар (бир гана) «ыйман кылдык» деп эле, сыналбай калабыз деп ойлоштубу?» (Анкебут Сүрөсү, 2).

Чын жүрөктөн ыйман кылган адам адал жана арамдарга болгон кылдаттыгы, Куранда айтылган бардык буйруктарды толук аткарышы, чечкиндүүлүгү, сабырдуулугу, тобокели (Аллахка таянуусу), бекемдиги, Аллахка моюн сунуусу, тагдырга ишенүүсү, шүгүр кылуусу жана жөнөкөйлүгү менен ыйманынын жана диндар экендигинин тереңдигин көрсөтөт. Пассивдүүлүктү жайылтууга аракет кылгандардын окуяларды баалоо чен-өлчөмдөрү болсо таптакыр башка. Алардын чен-өлчөмдөрүнүн башында жеке кызыкчылыктары турат. Кандайдыр бир кызыкчылык күтүлгөн кишилерди, жогоруда айтылган ыймандуунун сыпаттарынын эч бири болбосо да, ыймандуу катары кабыл алуулары мүмкүн. Мусулмандарга да муну кабыл алдырууга аракет кылышат. Жакшылык менен жамандыкка карата да өздөрүнүн чен-өлчөмдөрү бар. Ал чен-өлчөмдөрү боюнча, өздөрүнө пайдасы тийе турган адамды адеп-ахлагына карабастан, «жакшы адам» деп сыпатташы ыктымал. Бул дүйнөдөгү кызыкчылыктарына жолтоо болот деп ишенген адамды болсо ойлонбостон «жаман» деп сыпаттай алышат. Ошондуктан Аллахтын буйруктарына баш ийбеген кишилер менен достошуп, аларды коргоп, колдоодон эч тартынышпайт.

Мисалы, өзүн мусулманмын деп эсептеп, бирок кумар ойногон адамдын, же болбосо ыйман кылдым деп айтып, бирок беш убак намазга кунт койбогон адамдын туура эмес жолдо экенин кабыл алышпайт. Намаз окуп бирок адилетсиз жолдор менен киреше табууну уланткан, орозо кармап бирок муктаждарга жардам бербей ач көздүк кылган же калп айткан адамдын туура эмес кылып жатканына ишенишпейт, тескерисинче алардын каталарын коргогонго аракет кылышат. Бир адам сабатсыздыгынан, билиминин жетишсиздигинен же абийирин толук укпагандыктан, ката кетирип Куран адеп-ахлагын толук аткарбашы мүмкүн, бирок эскертилип, туурасы түшүндүрүлгөн соң андай жүрүм-турумун ошол замат токтотушу керек. Чынчыл адам туураны көрөөр замат аны угуп, туура эмес ишин ошол замат токтотот. Бул жерде айтылгандар жаңылыштык кылган чынчыл адамдар тууралуу эмес. Пассивдүүлүктү жайылтууга аракет кылгандардын коргогон кишилери – билип туруп туура жолго түшпөгөн, Аллахтын буйруктарын эң жакшы түшүнүп туруп жүрүм-турумдарын өзгөртпөгөн, ошого карабастан өздөрүн «мусулман» деп эсептеген кишилер.

Негизи караңгы коомдо мындай кишилер көп кездешет. Алар диндин өкүмдөрүн толук аткарбаганы менен, динди ачык түрдө четке кагышпайт. Кээ-кээде намаз окуп, кээде орозо кармашат, бирөө сураса «эч жамандык каалабайм» дешет, бирок Аллахтын көптөгөн буйруктарын аткарбай коюудан эч тартынышпайт. Анча-мынча арам иштерди кылуудан да тартынышпайт жана «ак ниеттүү адамбыз», «Аллах бизди кечирет» дешет. Алардын ою боюнча, кээде намазды өткөрүп жиберсе, көбүнчө эрте мененки намазга турбаса, анча-мынча кумар ойносо, керек болгондо пайызды колдонсо, ден-соолук көйгөйлөрү сыяктуу олуттуу себеби болбосо да кээ бир күндөрү орозо кармабай калса, эч нерсе болбойт. Бүтүндөй туура эмес логикага таянган мындай түшүнүктөр Куран адеп-ахлагына туура келбейт.

Расулуллах Мырзабыз (сав) да ибадаттарды кемтиксиз аткаруунун маанилүүлүгүн кабар берген. Мисалы, намаз окубоонун же намаздын убактысын өткөрүүнүн канчалык кооптуу экенин куттуу хадисинде төмөнкүчө белгилеген:

Имам Шафии жана Байхакинин айтуусу боюнча, Пайгамбарыбыз (сав): «Кайсы бир убак намаз кылбай убактысын өткөргөндөр уясы бузулуп, мал-мүлкүнөн ажыраган сыяктуу болушат» деп айткан (Имам Газали, Мукошафатул Кулуб: Жүрөктөрдүн ачылышы).

Пассивдүү кишилер жүрүм-турумдарынын тууралыгына абдан ишенишет. Улуулар ушундай кылышкан, бул кылгандарыбыз каада-салтка туура келет дешет. Алардын бул түшүнүгү Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

 

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпес жана туура жолду таба албаган болушсачы? (Бакара Сүрөсү, 170)

 

Ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгына жетүү, Ага жакындоо, Раббибизге баш ийээрин жана моюн сунаарын көрсөтүү үчүн ибадаттарды чоң мүмкүнчүлүк катары көрүшөт жана ибадаттарын берилип аткарышат. Пассивдүү адамдардын эң кооптуу тарабы болсо, алар каада-салттарга жана туура эмес түшүнүктөрүнө таянып, пайгамбарлар түшүндүргөн чыныгы динге моюн сунуудан баш тартышат. Ата-бабаларыбыз ушундай кылышкан деп начар уятсыздыктарды жасай беришет жана, ал тургай, «Аллах бизге ушундай буйрук берген» деп жалган айтышат (Аьраф Сүрөсү, 28). Пайгамбарлар жана элчилер чакырган жолго түшүшпөйт, кежирдик менен «ата-бабаларыбыздын жолу туура» дешет (Аьраф Сүрөсү, 70). Абийирлери аркылуу пайгамбарлардын айткандарынын туура жана акыйкат экенин түшүнүшсө да, муну «мурдакы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» (Касас Сүрөсү, 36) дешип, уятсыздыктарын уланта беришет. Ошондуктан «мусулманбыз» дешкени менен, чын ыкластуу мусулмандарга каршы чыгып, Аллах Куранда буйрук кылган адеп-ахлакка ылайык жашашпайт жана башка адамдардын да Куран адеп-ахлагы менен жашашына тоскоол болгулары келет. Ал үчүн ыймандууларды ар кандай жолдор менен пассивдештирүүгө аракет кылышат. Мындай кишилерди «мусулмандарга каршы чыккан мусулмандар» деп атоого болот.

Пассивдүүлүктү жактагандар чын ыкластуу ыймандууларга каршы, өздөрүн мусулманбыз деп атаган ушундай кишилер менен кызматташтык кылышат. Себеби ал кишилерге окшоп, пассивдүүлүктү жактагандар да динди кабыл албайм деп ачык айта алышпайт, диндин кээ бир өкүмдөрүн аткарып өздөрүн диндар көрсөткөнгө аракет кылышат. Ошондой эле, мындай чөйрө өздөрүнүн адеп-ахлаксыздыктарын жашыруу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот. Мусулмандарга да бул туура эмес көз карашын таңуулап, ал аркылуу да мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөшөт.

Жогоруда да айтылгандай, динге сыйбаган идеологияларга каршы идеялык күрөш жүргүзүү ыймандуулардын негизги жоопкерчиликтеринин бири. Пассивдүүлүктү жактагандардын ою боюнча, динден алыс адам да «дос» катары кабыл алынгандыктан, күрөшүү зарылчылыгы да жоголот.

Бирок Раббибиз Куранда бизге өздөрүн мусулман деп атаганы менен, чындыгында ыйман кылбаган адамдардын чыныгы жүзүн кабар берген. Алар мусулмандарга жолукканда «ыйман кылдык» деп айтып, шайтандары менен жалгыз калганда болсо «...Чындыгында силер менен биргебиз. Биз болгону (аларды) шылдыңдап жатабыз» (Бакара Сүрөсү, 14) деген кишилер. Мындай эки жүздүүлүк кылгандарга ыймандуулардын эч качан ишенбей тургандыгы анык. Анткени алар кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген учурда ыймандуулардын досундай көрүнгөнү менен, болор-болбос карама-каршылык пайда болгондо тескери бурулушат, ал тургай, ыймандууларга каршы тузак кура башташат. Бул Пайгамбарыбыздын (сав) доорундагы мушриктердин адеп-ахлагына окшош. Меккелик мушриктердин бир бөлүгү да, Пайгамбарыбыз (сав) менен келишим түзгөнүнө карабастан, мүмкүнчүлүк болоор замат келишимди бузуп, ыймандууларга кастыгын апачык көрсөтүшкөн. Раббибиз аятында төмөнкүчө кабар берген:

 

Кантип? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдин өкүмдөрүнө да карашпайт. Силерди ооздору (сөздөрү) менен гана ыраазы кылышат, жүрөктөрү болсо каршы чыгат. Алардын көпчүлүгү бузукулар. (Тообо Сүрөсү, 8)

 

Сөздөрү менен ыймандууларды ыраазы кылууга аракет кылган, бирок жүрөгүнөн чыныгы динге каршы чыккан адамдардын чыныгы жүзү «иш чечкиндүүлүктү талап кылган учурда» ачыкка чыгат. Аллах ыймандууларды «иш бекемдикти жана чечкиндүүлүктү талап кылганда Аллахка туруктуу болгула» (Мухаммед Сүрөсү, 21) деп буйрук кылган. Аллахтан чындап коркпогон жана кылгандары үчүн акыретте сурак берээрин түшүнбөгөн кишилер ошондой учурларда өздөрүн билдирип коюшат. Ошондуктан чындап ыйман кылгандардын мындай кишилерди аныкташы абдан оңой. Динде пассивдүүлүк кылгандар өздөрүнө көп жагынан окшогон мындай кишилерди негизи чынчыл кишилер, динди жакшы билбегени үчүн анын шарттарын толук аткара алышпайт деп аларды жакташса да, ыймандуулар чындыкты билишет. Себеби алар билбегени үчүн эмес, билип туруп кабыл албаганы үчүн чыныгы диндин өкүмдөрүн аткарышпайт. Жашоо образдары жана кулк-мүнөздөрү менен көз караштарын жана түшүнүктөрүн айгинелеп көрсөткөн мындай адамдарга ыймандуулар муздак мамиле кылышат жана аларды чын жүрөктөн жакшы көрүп, урматташпайт. Аллах койгон чектерди сактабагандарды жана Курандын өкүмдөрүн толук аткарбагандарды жакшы көргөндөр, дин адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылгандар – мусулмандарды пассивдештиргиси келген кишилер. Ыймандуулардын Аллахка жана Пайгамбарына каршы чыккандар менен эч достошпой тургандыгы аятта төмөнкүчө кабар берилет:

 

Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; алар аталары, балдары, бир туугандары же тууган-уруктары болсо дагы. Алар ушундай адамдар: (Аллах) жүрөктөрүнө ыйман жазган жана аларды Өзүнөн бир рух менен колдогон. Аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет; ал жерде түбөлүк жашашат. Аллах алардан ыраазы болгон, алар да Андан ыраазы болушкан. Мына ошолор Аллахтын тобу. Көңүл бургула; күмөнсүз Аллахтын тобу – фелах (үмүттөрү ишке ашып кутулуу) тапкандар мына ошолор. (Мүжаделе Сүрөсү, 22)

 

Ыймансыздарды колдонуп ыймандуулардын маанайын түшүрүүнү көздөшөт

Жогоруда айтылгандай, дин адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылып, мусулмандарды да пассивдештиргиси келгендер Аллахка ыйман кылбаган жана Куран адеп-ахлагын кабыл албагандар менен эч ойлонбой достошо алышат. Бирок көбүнчө алар менен жашыруун достошуп, мүмкүн болушунча аны ыймандууларга сездирбегенге аракет кылышат. Ыймандуулардан бирөө аны байкап калса, ар кандай калптарды токуп, алар менен достугубуз чыныгы эмес, кээ бир мажбурдуктардан улам көрүшүп жатабыз дешет. Аллах алардын жалган айтышаарын төмөнкүчө кабар берет:

 

Аллахтын каарына калган бир коомду вели (дос жана шерик) туткундарды көрдүңбү? Алар силерден да, алардан да эмес. Өздөрү да (чындыкты апачык) билип туруп, жалган ант ичишет. (Мүжаделе Сүрөсү, 14)

 

Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, күнүмдүк жашоодо ыймандуу адам көз караштары ар кандай кишилер менен мамиле кылышы мүмкүн, бул толугу менен табигый көрүнүш. Ал кишилердин баарына сылык мамиле кылат. Бирок, албетте, ыймандууларды гана чын жүрөктөн жакшы көрүп, урматтайт. Ыймандуулардын жалгыз досу, велиси жана жардамчысы Аллах, Анын пайгамбары жана чындап ишенген башка ыймандуулар. Аятта мындай деп айтылат:

 

Силердин досуңар (велиңер) бир гана Аллах, Анын пайгамбары, руку кылып намаз окуган жана зекет берген ыймандуулар. (Маида Сүрөсү, 55)

 

Жүрөгүндө оорусу барлар болсо Аллахка жана Пайгамбарына чакырылганда, «мүмкүн болушунча качышат» (Ниса Сүрөсү, 61). Пайгамбарды жана ыймандууларды дос тутуунун ордуна, ыймансыздарга ынак болушат. Алардын ыймансыздар менен достошуусунун артында көптөгөн тымызын пландары турат. Эң биринчиден, аяттарда да айтылгандай, мындай адамдар кайсы тарапта экенин чече албаган кишилер болушат. Бир жагынан ыймандууларга кошулуп, экинчи жагынан тымызын ыймансыздардын жашоо образын эңсешет. Бир бүтүмгө келе албагандыктан жана бир күнү ыймандуулар менен мамилелерин толук үзүү ыктымалы болгондуктан, башкалар менен да мамилелерин толук үзүшпөйт. Чындап ыйман кылган адамдын болсо өмүр бою ыймандууларды дос тутаары жана алардан алыстоону ойлобой да тургандыгы анык.

Аллах алардын мындай чечкинсиздигин аятында «Ортодо олку-солку болуп турушат. Алар менен да эмес, булар менен да эмес...» (Ниса Сүрөсү, 143) деп билдирген. Тынчсызданууларынын дагы бир себеби – ыймансыздар менен тымызын кызматташып, ыймандууларга каршы тузактарды курушу. Ал аркылуу ыймандууларга зыян тийгизип, алардын идеялык күрөшүнө жолтоо боло алабыз деп ойлошот. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорундагы эки жүздүүлөрдүн Аллахтын Пайгамбарынан өзүнчө мечит куруп, ал жерде ыймандууларга каршы ыймансыздар менен кызматташканы мунун бир мисалы. Аятта мындайча кабар берилет:

 

Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), ыймандуулардын ынтымагын бузуу жана мурда Аллахка жана Анын элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын чындап жалганчы экенине күбөлүк берет. (Тообо Сүрөсү, 107)

 

Аятта да кабар берилгендей, алардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, мындай иштерди кылганда «ниетибиз жакшы» дешет. Бирок алардын максаты мусулмандарга пайда тийгизүү эмес, тескерисинче ыймансыздар менен кызматташып мусулмандарга жолтоо болуу. Чындап жакшылык каалаган адамдын Аллахтын жана Анын элчисинин жолун жолдоору анык. Ыймандуулар Аллахтын жана Анын элчисинин убадасынын чын экенин, сөзсүз аткарылаарын билишет жана бир гана Аллах, Анын элчиси жана ыймандуулар менен сырдаш болушат. Тигил кишилер болсо бир жагынан ыймандуулардын арасында жашап, экинчи жагынан ыймансыздар менен жакын мамилелерин тымызын улантышат. Алар адамдардан жашыргандарын Раббибизден жашыра албай турганын эч качан түшүнүшпөйт. Алардын көмүскө туюмдарын да, жашыруун пландарын да толугу менен Аллах билээрин түшүнө алышпайт. Алар жашыруун сүйлөшүп, тымызын бирөөлөр менен достошуп жатабыз деп ойлогондо, Аллах алардын ар бир кыймылын көрүп турат жана периштелер алардын бардык иштерин жазып жаткан болот. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Алар адамдардан жашырышат да, Аллахтан жашырышпайт. Чындыгында болсо алар Ага жакпай турган нерсени «түндөлөрү пландап түзүп жатышканда» (Аллах) алар менен бирге. Аллах – жасагандарын курчоочу. (Ниса Сүрөсү, 108)

 

Же болбосо, алар сыр сактаган нерселерин жана өз ара шыбырашкандарын, чындыгында, Бизди укпайт деп ойлошобу? Жок, (угуп жатабыз) жана алардын жанындагы элчилерибиз да (бүт баарын) жазып жатышат. (Зухруф Сүрөсү, 80)

 

Бирок бир нерсени унутпаш керек: алардын ыймандууларды эмес, ыймансыздарды жакшы көрүп, ыймансыздарга көңүл бурушу аларга акыретте чоң бушаймандык алып келиши мүмкүн. Мындай мамилелер адамды туура жолдон адаштырып, сөзсүз жападан жалгыз калтыра турган жасалма мамилелер болот. Бул дүйнөдө бул чындыкты түшүнгүсү келбегендер сурак күнү бушайман болгонун апачык моюнга алышат, бирок ал күнү алар үчүн артка кайтып кетирген каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгү болбойт. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Ал күнү зулумдук кылган колдорун (катуу) кезеп (мындай) дейт: «Эх аттиң, элчи менен бирге бир жолдо жүргөнүмдө кана,» «Эх, азап болсун мага, баланчаны дос тутпасам эмне болмок эле». «Себеби ал чындыгында мага келгенден кийин мени зикирден (Курандан) адаштырды. Шайтан адамды жападан жалгыз жана жардамсыз калтырат». (Фуркан Сүрөсү, 27-29)

 

Жасалма дүрбөлөң чыгарып мусулмандарды алагды кылууну көздөшөт

Жогоруда мусулмандарды пассивдештиргиси келген кишилердин камырабастык аркылуу ыймандууларды чара көрүүдөн жана күрөштөн тосууга аракет кылышаарын сүрөттөдүк. Алар кээде рисктерге карата чара көрүүгө жолтоо болууну көздөшсө, кээде жок жерден жасалма дүрбөлөң чыгарып ыймандуулардын тынчын алышат.

Мындай кишилердин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, алар коркок жана санаачыл болушат. Аллахтын кудуретин чындап түшүнө албаган ал кишилер тагдырды да толук түшүнө алышпайт. Жашоонун ар бир көз ирмеминин, жашоодогу ар бир окуянын Аллах белгилеген тагдырга ылайык болоорун түшүнө алышпайт. Ар бир адам күнүмдүк жашоосунда күтүүсүз окуяларга туш болушу мүмкүн. Ага бир адилетсиздик кылынышы мүмкүн, жалган жалаа жабылышы ыктымал, же болбосо оозеки же физикалык зомбулукка туш болушу мүмкүн... Аллахка тобокел кылган мусулман мындай учурларда да тагдырды унутпайт жана бүт нерсенин Улуу Аллахтын көзөмөлүндө экенин унутуп коркпойт, сарсанаа болбойт жана кайгырбайт. Өмүрүнүн ар бир көз ирмеми сыяктуу мындай окуялардын да тагдырдын бир бөлүгү экенин билет жана башына келгендерди токтоолук менен кабыл алат. Ал тургай, кээде тобокелди билбеген адам коркуп кайгыра турган окуяларга да туш болушу мүмкүн. Мисалы, бүт байлыгынан бир заматта ажырап калышы, баласын жоготуп алышы, окуусун уланта албай калышы, жумушунан чыгууга мажбур болушу же эң жакындарынан бирөөсүнүн айыкпас ооруга чалдыкканын угушу мүмкүн... Бирок мусулман эч бир окуяга тынчсызданбайт. Аллахтын ар дайым жанында экенин билип, Ага таянып, Ага ишенет. Ушул сыяктуу бардык окуяларда Аллахка толук таянып, Ага моюн сунат. Аллахтын ал үчүн жараткан тагдырына чын жүрөктөн ыраазы болот жана тагдырдын агымынын эч качан өзгөрбөй турганын унутпайт. Аллах адамдардын башына келе турган бардык окуялардын бир китепте жазылуу экенин жана адамдардын китептеринде жазылгандан башка эч нерсеге туш болбой турганын көптөгөн аятында кабар берген. Ал аяттардын бири мындай:

 

...Жерде жана асманда кыпындай болгон эч нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

 

Аллахтан чындап коркпогон жогорудагыдай кишилер болсо Аллах аятында «Ичтеринде коркунучту жана коркоктукту ойготуу жагынан силер Аллахтан да күчтүүсүңөр сыяктуу. Мунун себеби – чындыгында алардын терең акылга ээ эмес болушу» (Хашр Сүрөсү, 13) деп билдиргендей, адамдардан абдан коркушат. Ошондуктан Аллах аятында «...Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар душман, ошондуктан алардан алыстап-сак болгула...» (Мүнафикун Сүрөсү, 4) деп белгилегендей, бүт нерсени өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Куран адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылышкандыктан, мусулмандардын арасында болгонуна карабастан, Аллах аятында «Чындап силерденбиз деп Аллахтын атынан ант ичишет. Чындыгында болсо алар силерден эмес. Бирок алар абдан коркок адамдар» (Тообо Сүрөсү, 56) деп билдиргендей, таптакыр башкача маанайда коркуп, тынчсызданып жашашат. Мындай тынчсызданууларын жасалма дүрбөлөңдөрдү чыгарып ыймандууларга да чагылткылары келет. Коркок болушкандыктан, болор-болбос маселе да алар үчүн дүрбөлөңгө айланат, себеби бүт нерсенин тагдырга жазылганын ойлонушпайт. Мындай кишилердин маанайы өздөрүнө эле эмес, өздөрүнө окшогон ыйманы алсыз башка кишилерге да таасир бериши мүмкүн. Ичтериндеги дүрбөлөңгө түшүү жана коркуу сезимдерин өзгөчө аларга да сездирүүгө аракеттенишет. Ошентип башкаларды да өздөрүнүн тарабына кошуп, корко турган же дүрбөлөңгө түшө турган бир кырдаал бардай көрсөтүп, тынчсызданууну пайда кылгылары келет.

Аллах аятында «...силер өзүңөрдү фитнага салдыңар, (Мусулмандарга азап жана кырсыктардын келишин) аңдып-күттүңөр, (Аллах жана Исламга карата) шек-күмөндө болдуңар. Силерди санаалар жаңылтып-алдады...» (Хадид Сүрөсү, 14) деп билдиргендей, ар кандай күмөндөргө кабылышкан. Ыймандуулардын, Аллахтын каалоосу менен, жеңишке жетээрине чын жүрөктөн ишенбегендиктен, бир караганда терс сыяктуу көрүнгөн бардык окуяларды көбүртүп-жабыртып, мусулмандарды өтө оор, чечилгис кырдаалга туш болгондой көрсөтүүгө аракет кылышат. Дүрбөлөңгө түшүү мусулмандардын күчүн азайтат деп ойлошкондуктан, болор-болбос окуяны да өтө чоң балээдей чечмелеп, мусулмандардын арасында башаламандык чыгаргылары келет. Бирок ыймандуулар жамандыктай көрүнгөн бир окуянын жакшылык, жакшылыктай көрүнгөн окуянын болсо жамандык болушу мүмкүн экенин билгендиктен, жашоолорундагы ар бир учурдун, канчалык кыйын болсо да, Раббибиз тарабынан көптөгөн максаттар менен жаратылганына ишенишет. Тагдырга баш ийип, эч сарсанаа болушпайт. Аларды пассивдештиргиси келген адамдардын дүрбөлөң чыгарууну көздөгөн ар түрдүү тузактарынын, аятта «...Чындыгында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү» (Энфал Сүрөсү, 18) деп билдирилгендей, максатына жетпей турганын билишет.

 

Коркутуучу кабарларды таратып, ыймандууларды чечкиндүүлүктөн кайтаргылары келет

Дин адеп-ахлагынын талаптарын толук аткарбаган жана мусулмандарды пассивдештиргиси келген адамдардын эң негизги сыпаттарынын бири, алар тынымсыз терс сөздөрдү сүйлөшөт. Дин адеп-ахлагын толук түшүнгөн, жашоосунун бардык тармактарында Куранды туу туткан адам болсо эч качан терс ойлорго түшпөйт жана Аллахтын мээриминен бир саамга да үмүт үзбөйт. Бул Аллах Курандын көптөгөн аяттарында кабар берген ыймандуунун маанилүү бир сыпаты:

 

... Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коомунан башкалар Аллахтын мээриминен үмүт үзүшпөйт. (Йусуф Сүрөсү, 87)

 

(Менден аларга) Айткын: «Эй өзүнүн зыянына чектен чыккан пенделерим. Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Чындыгында, Аллах бүт күнөөлөрдү кечирет. Себеби Ал кечиримдүү, ырайымдуу». (Зүмер Сүрөсү, 53)

 

Үмүтсүздүк адамдардын физикалык жана руханий күчүн алсыраткан, маанайларын чөктүрүп, шыктануусун азайтып, пессимисттикке жана бактысыздыкка түрткөн, ыймансыздарга таандык бир өзгөчөлүк. Пассивдүүлүктү жактаган кишилер өздөрү үмүтсүз болгондуктан, мусулмандардын да үмүтсүздүккө түшүп, шыктануусун жана күжүрмөндүгүн жоготуусун көздөшөт. Ыймандуулардын эмне үчүн баштарына келген окуяларда ар дайым жакшылык жана даанышмандык көрөөрүн түшүнө алышпайт. Алар бүлгүн катары көргөн окуялардын негизи көп тараптан оң өзгөрүүлөргө себеп боло турган, Аллах көптөгөн максаттар менен жараткан окуялар экенин эч түшүнө алышпайт. Ошондуктан коркутуучу кабарларды таратып, мусулмандарды башка адамдар менен коркутуп, идеялык күрөшүн токтотууга үндөшөт. Ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүргүсү келгендердин пайгамбарлардын убагында да ушул сыяктуу сөздөрдү айтышканы Куранда кабар берилген. Мисалы, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да кээ бирлер ыймандууларды үмүтсүздүккө салууну көздөп, силерге каршы адамдар топтолду дешип, өз ойлорунда ыймандууларды күрөштөн кайтаргылары келген:

 

Алар адамдар аларга: «Силерге каршы адамдар чогул(т)ушту, эми алардан корккула» дешкенде, ыймандарын көбөйткөндөр жана: «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун векил (өкүл, таяныч)» дегендер. (Али Имран Сүрөсү, 173)

 

Аяттан көрүнүп тургандай, мындай кишилер сыртынан караганда ыймандууларга жакшылык кылып, аларды «дос катары» эскертишүүдө. Бирок алардын чыныгы максаты ыймандууларды коркутуп, алардын демин кайтаруу. Бирок чын ыкластуу ыймандуулар алардын мындай сөздөрүнө маани беришпейт. Аятта да айтылгандай, чындап ыйман кылгандар ал кишилерге «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун таяныч» деп жооп беришет жана алардын сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Раббибиз Ага моюн сунуп, Ага таянгандарга сонун сыйлык берээрин кийинки аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Мындан улам аларга эч бир жамандык тийбестен, бир молчулук (берешендик) жана Аллахтан бир сый-жакшылык менен артка кайтышты. Алар Аллахтын ыраазылыгын көздөштү. Аллах өтө берешен (жоомарт). (Али Имран Сүрөсү, 174)

 

Пассивдүүлүктү жактагандар ойлогондон тескерисинче, ыймандууларга жана Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндөргө жамандык тийбейт жана аларга Раббибиз сый-жакшылыктарын берет. Алардын «ыймандуулар оор абалда калат» деп жаңылышынын негизги себептеринин бири – караңгы түшүнүктөгү кишилердин санынын көп, чын ыкластуу ыймандуулардын санынын аз болушу. Алар ыймансыздар саны жагынан көп болгондуктан, идеялык күрөштө үстөмдүккө ээ болот деп ойлошот. Бирок мунун канчалык чоң жаңылыштык экенин Аллах Куранда билдирген:

 

...Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Бакара Сүрөсү, 249)

 

Ал кишилер ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүрүү үчүн, жасала турган жаңы иштердин баарына жолтоо болууга жана оор көрсөтүүгө да аракет кылышат. Мисалы, Ислам адеп-ахлагына үндөй турган бир иш жасалаарда адамдар бул аракеттерге кызыкпайт, ошондуктан мындай иштердин кереги жок дешет. Ошентип ыймандуулардын шыктануусун башында эле токтотууну көздөшөт. Же болбосо, Куран адеп-ахлагын жайылтууну көздөгөн иш-аракеттерди басаңдатуу максатында мүмкүн болушунча көп адамга жеткирүүнүн ордуна, ашыкпастан канча кишиге жеткире алса, ошончо кишиге түшүндүрүү жетиштүү болот дешет. Максаты – ыймандууларды басаңдатып, күчтөнүшүнө жолтоо болуу. Тигил тарапка көмөк көрсөтүп, маалымат берүүнү көздөгөндөй сүйлөшөт жана жасала турган ар бир ишке башынан тоскоол болууга аракет кылышат. Бул аракеттери аркылуу ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүрүп, чечкиндүүлүгүн азайтууну көздөшөт.

Бирок ыймандуулар мындай сөздөрдөн үмүтсүздүккө түшүшпөйт, тескерисинче көбүрөөк шыктанышат. Анткени адамдын башына келген жана кыйынчылык сыяктуу көрүнгөн ар бир окуяны Аллах жаратат. Ал кыйынчылыктардын ар биринде чын ыкластуу ыймандуулар үчүн сооптор жана жакшылыктар бар. Жана ыймандуулар үчүн, Аллахтын жардамы менен, жеңе албаган эч кандай кыйынчылык жок. Муну билген ыймандуулар ар дайым кандай гана маселе болбосун үмүткөр болушат. Ошондуктан ыймандуулардын сөздөрүндө эч качан терс маанай болбойт. Ар дайым кылган кызматтарынын эң мыкты натыйжа берээрине ишенишет. Чын жүрөктөн ыйман кылгандар жана пайгамбарлардын жолун жолдогондор Раббибиздин аларды жардамы жана жеңиши менен сүйүнчүлөгөнүн билишет. Раббибиз ыймандууларды төмөнкүчө сүйүнчүлөгөн:

 

Ант болсун, (пайгамбар кылып) жиберилген пенделерибиз үчүн (мындай) сөзүбүз жазылган: «Чындыгында алар гана жардам (жеңиш) берилген адамдар». (Саффат Сүрөсү, 171-172)