Пассивдүүлүктүн эң негизги рисктеринин бири – бул түшүнүктү жактаган
адамдардын мусулмандардын арасында муну жайылтууга аракет кылышы. Жеке
кызыкчылыктарын жана бейпилдигин диндин кызыкчылыгынан жана мусулмандардан
жогору койгон кишилердин кыймыл-аракеттери жана жүрүм-турумдары аркылуу айрыкча
мүнөзү алсыз адамдарга жашыруун таасир тийгизүү аракетине өзгөчө көңүл буруу
керек. Алардын бул аракетинин эмне мааниге келээрин түшүнүү үчүн пассивдүүлүктү
жактаган адамдардын кулк-мүнөздөрүн жана түшүнүктөрүн жакшы талдоо зарыл.
Себеби андай адамдар көбүнчө Аллахтын атын колдонуп, жүрүм-турумдарын өздөрүн диндар
көрсөтүү аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан мусулмандардын өтө сак
болуп, пассивдүү адамдардын аракетинин эмнеге алып бараарын жакшы түшүнүп,
керектүү чараларды көрүшү абдан маанилүү. Ушул сыяктуу адамдар Пайгамбар
Мырзабыздын (сав) доорунда да жашашкан жана өздөрүнүн ыймандууларга кошулуп
согушуудан качканы аз келгенсип, башка мусулмандарды да согуштан калтырганга
аракет кылышкан. Алардын абалын Раббибиз төмөнкүчө кабар берген:
Чындыгында Аллах араңардан тосуучуларды жана бир
туугандарына: «Бизге келгиле» дегендерди билет. Булар, аз бөлүгүнөн башкасы,
кыйын-согуштарга келишпейт. (Ахзаб Сүрөсү, 18)
Курандын көптөгөн аяттарында сүрөттөлгөн бул кулк-мүнөздүн эң белгилүү
өзгөчөлүгү – атеисттик идеологияларга каршы жүргүзүлгөн идеялык күрөштөн мүмкүн
болушунча качуу, ошондой эле, башка ыймандууларды да ал күрөштөн тосуу. Мындай
адамдар жүрүм-турумдары жана сөздөрү аркылуу идеялык күрөштүн маанисин
түшүрүүгө, ыймандуулардын көңүлүн башка жактарга бурууга аракет кылышат.
Идеялык күрөшкө салым кошуунун ордуна, артта калууну артык көрүшөт.
Күжүрмөндүктү, кайраттуулукту жана Аллах жолунда аракет кылууну өздөрүнө зыян
алып келет деп ойлошот. Бирок зыяны тийбейт деп ойлошсо, ыймандууларга кошулушу
мүмкүн. Чындыгында ыймандуулардын Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, динден
алыс адамдардын идеологияларына каршы, аларды туура жолго чакыруу жана бузуку
идеологияларын идеялык жактан жеңүү үчүн жүргүзгөн күрөшү – тарыхый күрөш.
Курандагы пайгамбарлар тууралуу баяндарда да ушул идеялык күрөштүн мисалдары
сүрөттөлөт.
Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына ишенип, акыретте сурак берээрин
түшүнгөн, Куран адеп-ахлагын билген адамдардын башкаларга да бул чындыктарды
жеткириши, албетте, өтө чоң жоопкерчилик. Кээ бир адамдар маалыматынын
жоктугунан, кээ бирлер туура эмес маалыматтардан улам Куран адеп-ахлагынан алыс
болушат. Куран адеп-ахлагынан алыс болуу – учурда адамдарга көп кыйынчылыктарды
алып келген коррупциянын, уятсыздыктардын, уруш-жаңжалдардын, жакырчылыктын эң
негизги себеби. Ошондой эле, дүйнөнүн төрт тарабында мусулмандар да чоң
кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө туш болууда. Мусулман аялдар жана эркектер
«Раббибиз Аллах» дегени үчүн зулумдукка кабылып, күнөөсүз жаш балдар ок астында
калып, качкындар лагерлеринде миңдеген мусулмандар жокчулукта кыйналып күн
өткөрүшүүдө. Мындай шартта, албетте, бир гана мусулмандарга эмес, муктаж
адамдардын баарына кечикпестен жардам колун сунуу зарыл. Ошондой эле, кыйналып
жаткан адамдардын көйгөйлөрүнө убактылуу эмес, узун мөөнөттүү чечимдерди иштеп
чыгуу шарт. Маселенин атеисттик идеологиялардын пропагандаларынан жана
иш-аракеттеринен келип чыкканын эске алганда, чечүү жолунун Куран адеп-ахлагын
мүмкүн болушунча ылдам жайылтуу экенин апачык көрүүгө болот. Бир аятта мындай
деп айтылат:
Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: «Раббибиз, бизди
калкы залим бул өлкөдөн чыгар, бизге Кабатыңдан бир вели (коргой турган башчы)
жөнөт, бизге Кабатыңдан бир жардам берүүчү жибер» деген эркектерден, аялдардан
жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн күрөшпөй жатасыңар? (Ниса
Сүрөсү, 75)
Демек, пассивдүүлүктү жактырган кишилердин мусулмандарды камырабастыкка
түрткөнгө аракет кылышы, аларды өтө маанилүү болгон идеялык күрөштөн тосууну
каалашы жана ыйманы алсыз кишилерге күрөшүүнүн кереги жок деген түшүнүктү
сиңириши өтө орчундуу маселе. Ушул себептерден улам мындай кишилердин максатына
жетүү үчүн баскан жолдорун, жашыруун жана ачык ыкмаларын билип, ашкерелөө
керек. Алардын жалгандарына, кенебестигине жана жалкоолугуна чара катары
ыймандуулар өздөрүнө жана бир туугандарына дем-күч берип, күжүрмөндүк,
кайраттуулук жана жигердүүлүк менен иш-аракеттерин улантышы зарыл. «Ыймандууларды
даярдап дем берүү» (Ниса Сүрөсү, 84) бир жагынан ар бир мусулмандын
жоопкерчилиги болсо, экинчи жагынан жогоруда айтылган кишилердин бузукулугуна
каршы эң негизги бөгөттөрдүн бири болот.
Эми дин адеп-ахлагына кайдыгер карап, пассивдүүлүктү артык көргөн мындай
кишилердин чыныгы максаттарын карайлы.
Бузуку дин түшүнүктөрүн жайылтууну каалашат
Ыймандуулардын арасында аларды пассивдүүлүккө түрткүсү келген кишилердин
түпкүрүндө чыныгы Куран адеп-ахлагына эч туура келбеген, абдан туура эмес дин
түшүнүктөрү болот. Ал түшүнүктөрүнүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – алардын
диндин бир бөлүгүн аткарып, бир бөлүгүн аткарбашы жана «адамдардын кээ
бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат...» (Хаж Сүрөсү, 11) деп аятта
айтылгандай, чындап ыйман кылбашы. Ошондуктан чыныгы мааниде диндин бардык
өкүмдөрүн аткарышпайт.
Чын ыкластуу мусулмандар болсо өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмемин Аллах Куранда
билдиргендей өткөрүшөт. Тамактануу, тазалык түшүнүгү, сүйүү, сый-урмат, опаа,
жан аябастык сыяктуу ыймандууга таандык жүздөгөн өзгөчөлүктөрдүн жыйындысынан
турган адеп-ахлак түзүлүштөрү жана жашоо образдары бар. Чыныгы диндар адам,
кээ-кээде кандайдыр бир каталарды кетирсе да, ал өзгөчөлүктөрдүн баарына,
толугу менен жеткенге аракет кылат. Ал эми пассивдүүлүктү жактаган кишилер
болсо диндин бардык өкүмдөрүн Аллах Куранда билдиргендей аткарбай туруп да
мусулман болуу мүмкүн дешет. Таптакыр туура эмес жана Куранга туура келбеген
бул ишениминен улам чын ыкластуу мусулмандарга таандык көптөгөн өзгөчөлүктөрдөн
кол жуушат.
Алар бүт баарын жасалма кылышат жана мусулмандардын арасында сездирбей жашаганга
аракеттенишет. Аллахка жана пайгамбарга толук моюн сунуу, кичипейилдик, чын
ыкластуулук, Аллахты жана ыймандууларды абдан жакшы көрүү жана урматтоо,
туруктуулук, опаа, жан аябастык, сылыктык сыяктуу кулк-мүнөздөрдү ал адамдардан
көрүү абдан кыйын. Мисалы, ыймандуулардын негизги өзгөчөлүктөрүнөн болгон жан
аябастык алар үчүн эң оор сапаттардын бири. Анткени бир адамдын жан аябастык
кылышы өзүнүн каалоолорунан баш тартып, башкалардын кызыкчылыгын биринчи орунга
коюшу дегенди билдирет. Аллахтан коркуу сезими алсыз болгон же эч болбогон ал
кишилер үчүн бул өтө оор болуп, дээрлик азапка айланат. Ошондуктан көбүнчө жан
аябастык кылышы керек болгон учурларда жеке кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча
коргоп, эл көзүнө бир нерселерде кылымыш болушат. Ошондой эле, абийирлерин чын
ыкластуу ыймандуулардай колдонбогон ал кишилер ар дайым өздөрүн биринчи кезекке
коюшат. Ыймандуулар маанисиздей көрүнгөн бир окуядан өтө маанилүү чечимдерине
чейин бүт маселелерде абийиринин үнүн уккандыктан, ал кишилердин
жүрүм-турумдары чын ыкластуу ыймандуулардын жашоосуна салыштырганда даана
айырмаланат.
Ыймандуу адам үчүн эң негизгиси – бул Аллахтын ыраазылыгы. Пассивдүүлүктү
каалагандар үчүн болсо негизгиси жеке кызыкчылыктарына зыян тийгизбестен,
адамдарды алдай алуу. Айланасына диндар болуп көрүнүү жана ал үчүн сыртынан
белгилүү нерселерге көңүл буруу ал кишилер үчүн жетиштүү болот. Ал үчүн беш
убак намаз окуп, орозо кармап, кээде жакырларга жардам берип, эл арасында
белгилүү эрежелерге баш ийиши мүмкүн. Бирок жамандыктарга каршы идеялык күрөш
жүргүзүүдөн, акылмандыкты, парасатты жана көрөгөчтүктү талап кылган иштерден
качышат.
Алардын максаты минималдуу иш-аракет менен өз ойлорунда максималдуу пайдага
жетүү. Бул түшүнүктөрүн айлана-чөйрөлөрүнө да жайылтышат. Алардын ойлогон
пайдасы, албетте, бул дүйнөгө байланыштуу кызыкчылыктар. Болбосо, Аллахтын
ыраазылыгы үчүн пайданы көздөгөн адамдын ар дайым абийиринин үнүн угаары анык.
Адамдарды алдоо аркылуу пайдага жеткиси келгендердин чоң жаңылыштык кылаары
Куранда кабар берилген чындыктардын бири. Раббибиз мындай деп билдирет:
(Өз ойлорунда) Аллахты жана ыйман кылгандарды алдашат.
Бирок алар өздөрүн гана алдап жатышат жана (муну) билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 9)
Чын жүрөктөн ыйман кылгандар болсо колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү
колдонуп, Аллах жолунда жакшы адеп-ахлакты жайылтууга аракет кылышат. Бир
адамдын чыныгы ыйманынын жана пайгамбарга моюн сунгандыгынын эң негизги
чен-өлчөмдөрүнүн бири – бул кайраттуулугу, күжүрмөндүгү жана чечкиндүүлүгү.
Ыймандуулар биринчи кезекте Раббибизди ыраазы кылуу керек экенин билишет жана уйку,
тамактануу, жактырган киносун көрүү, дүкөнгө баруу сыяктуу күнүмдүк жашоосунун
ар бир көз ирмеминде, ар дайым абийиринин үнүн угушат. Дайыма өтө акылман,
тобокелчил, боорукер, мээримдүү, сылык жана кичипейил болушат. Жашоосун Куран
адеп-ахлагына ылайык өзгөртүүдө пассивдүүлүк кылган жана диндин адеп-ахлактык
пайдубалдарына маани бербеген кишилерде болсо бул сапаттардын кемдиги даана
байкалат. Алар тандоо жасаганда көбүнчө абийирлерине эмес, каалоолоруна
карашат.
Мусулмандардын күчүн кайтарып, аларды басаңдатууну көздөшөт
Мусулмандардын арасында жашаган эки жүздүү адамдардын негизги максаттарынын
бири – өз ойлорунда динге жана мусулмандарга мүмкүн болушунча зыян тийгизүү.
Аллахтын «...алардын тузактары силерге эч зыян тийгизе албайт. Чындыгында,
Аллах кылган иштерин курчап турат» (Али Имран Сүрөсү, 120) деген аятынын
өкүмүнө ылайык чындыгында эч качан мусулмандарга зыян тийгизе алышпаса да,
максаттарына жетүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушат.
Ар дайым жакшылык жана пайда алып келе турган иштерди кылуу ыймандуулардын
негизги сапаттарынын бири. Ыймандуулар бир жумушу бүтөөр замат экинчисине өтүп,
Аллахтын ыраазылыгына жана акыретте жакшы даражага жетүүгө аракет кылышат.
Аларды пассивдештирүүнү көздөгөндөр болсо тескерисинче, мүмкүн болушунча жай
кыймылдап, ыймандууларга тоскоолдук кылууга аракеттенишет. Ыймандуулардын ишине
жолтоо болуп, алардын убактысын алып, алаксытуу аркылуу зыян тийгизүүнү же жок
дегенде жасала турган пайдалуу иштерди кечиктирүүнү көздөшөт. Бир караганда
алар ыймандууларды алаксытып убактысын алгандай жана ал кишилер максатына
жеткендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок Куранга ылайык чындык андай эмес. Ыймандуу
адам үчүн кылган иштин мазмуну эмес, ал ишти жасоонун максаты маанилүү.
Тагыраак айтканда, ыймандуу ар дайым Аллахтын ыраазылыгы үчүн аракет
кылгандыктан, ал кишилердин тоскоолдуктарын жоюп жатканда да, башка бир нерсе
үчүн аракеттенип жатканда да, Аллахтын уруксаты менен, сооп табат. Акыретте
Аллахтан эң жакшы сыйлык алаарын үмүт кылат.
Пассивдүү кишилер ыймандуулардын убактысын алуу үчүн адатта аларды өздөрү
менен алагды кылышат. Ал аркылуу ыймандууларды да пассивдештирип, башка иштерди
кылышына тоскоол болуп мусулмандардын ишин басаңдатууну көздөшөт. Ошондуктан
болгон күчүн жана көңүлүн Ислам менен мусулмандардын пайдасына арнаган
ыймандууларга көбүнчө жасалма ойлоп табылган жеке көйгөйлөрүн чыгарышат.
Адеп-ахлактык көйгөйлөрү, Куранга карама-каршы жүрүм-турумдары, кылган
иштериндеги шалаакылыктары менен ыймандууларды алагды кылышат. Өзгөчө оңой эле
түшүнө турган нерселерди түшүнмөксөн болуу, уккан сөздү укмаксан болуу, тез эле
жасала турган бир ишти керексиз майда-чүйдөлөрүн айтып кечиктирүү, кенебестик
жана камырабастык кылуу аркылуу мусулмандарга жолтоо болуп, алардын ылдамдыгын
жайлатууга аракеттенишет. Тез жасаш керек болгон бир ишти ар кандай шылтоолорду
ойлоп таап кечеңдетишет, кылбай турган иштерди болсо кылышат. Жообун абдан
жакшы билип туруп эч билбегендей бир эле суроону кайра кайра сурап, кыла турган
ишин кайра кайра айттырышат. Мындай жүрүм-турумдардын жалпы максаты –
ыймандуулардын убактысын алып, жасала турган сооптуу иштерди мүмкүн болушунча
кечиктирүү жана жүрөгүндө оорусу бар башка кишилерге терс үлгү көрсөтүү.
Мындай кишилер мусулмандардын ишине жолтоо болуу максатында кыйынчылык
чыгарып, экинчи жагынан ыймандуулардын арасындагы башка адамдардын да алардай
болушун каалашат. Аларды да камырабастыкка түрткүлөрү келет. Ошентип өздөрү да
кенебестик кылып, башкалардан да мүмкүн болушунча көп кишинин кенебес болушун
пландашат. Алардын камырабастыгынан шыктанган алсыз мүнөздүү башка кээ бир
кишилер да жай кыймылдап, кыйынчылык чыгарып, ыймандууларды алагды кылууну
каалашы мүмкүн. Окуяларды Куран адеп-ахлагына карап баалабаганы үчүн,
мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандардын туура эмес кылып жатышканын
түшүнүшпөй, тескерисинче ошолордой болгонду туура көрүүлөрү ыктымал. Бирок
пассивдүү кишилер менен алардын таасиринде калгандардын чечимдери жана бул
багыттагы аракеттери алар ойлогондой динге зыян тийгизбейт, тескерисинче чоң
жакшылык алып келет. Андай кишилердин бар болушу жана жүрүм-турумдары чын
ыкластуу ыймандуулардын шыктануусун арттырып, кылган иштерин мурдакыдан да
чечкиндүүлүк менен жасашына жана натыйжада ийгиликтүүрөөк болушуна шарт түзөт.
Куранда белгиленгендей, туура жолду жолдогондорго адашкандар эч качан зыян
тийгизе алышпайт:
Эй ыйман кылгандар, үстүңөрдөгү (жоопкерчилик) өз
напсиңер. Силер туура жолго түшсөңөр, адашкан силерге зыян бере албайт.
Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет. (Маида
Сүрөсү, 105)
Чындыгында ал кишилердин эң чоң жаңылыштыктарынын бири – бул өздөрүнүн кандай
абалда экендигинин байкалбайт деп ойлошу. Куранда кулк-мүнөздөрү жана
жүрүм-турумдары терең сүрөттөлгөн андай адамдарды ыймандуулар оңой эле
аныкташат жана акылмандык менен аларга карата керектүү бардык чараларды
көрүшөт. Мисалы, эч качан шашылыш жасала турган бир ишти андай кишилерге
беришпейт. Аллахтын «Чындыгында, Аллах силерге аманаттарды ылайыктууларга
(ээлерине) тапшырууну жана адамдардын арасында өкүм кылганда адилеттүүлүк менен
өкүм чыгарууну буйрук кылат...» (Ниса Сүрөсү, 58) деген өкүмүнө ылайык,
аманат ишти ылайыктуу кишилерге тапшырып, аларды атайын арткы планга коюшат.
Бирок алар акылсыздыгынан улам мындай учурларда кубанып, өз ойлорунда муну
куулугунун жеңиши катары көрүшөт. Алар үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетүү негизги
максат болбогондуктан, канчалык аз жумуш кылсам ошончолук жакшы деп ойлошот,
бирок бул алар үчүн чоң зыян болот. Болгондо да, алардын кылган аракеттери
мусулмандарды пассивдештирбестен, тескерисинче көрөгөчтүгүн арттырып,
адамдардын мүнөздөрүн таануу тажрыйбаларына маанилүү салым кошот.
Ыймандуулардын аларга насаат айтууну улантып, аларды жаман иштерден тосууга
аракет кылышынын себеби – бул Аллахтын ыймандууларга жүктөгөн милдети. Анткени
Аллах ыймандууларга жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну буйруган.
Ыйманы алсыздарга шайтандык таасир тийгизишет
Өздөрүн дин адеп-ахлагынын талаптарын толук аткаруудан пассивдештирген
кишилердин дагы бир максаты – бул ыйманы алсыз кишилерди таасири астына алып,
өзүнүн тарабына тартуу. Бирок шайтандын таасирине кирген мындай кишилер
кулк-мүнөзү өзүнө окшогон кишилерге гана терс таасир тийгизе алышат. Чын
ыкластуу ыймандууларга эч зыян тийгизе алышпайт. Аллах чын жүрөктөн ыйман
кылгандарды шайтандын жана анын досторунун азгырыктарынан коргойт. Шайтандын
чын ыкластуу ыймандууларга таасир тийгизе албашын Аллах Куранда кабар берген:
Ал (шайтан) айтты: «Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең
үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана
дүйнөнүн каалоолорун) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз
азгырып жолдон адаштырам. Бирок алардан чын ыкластуу (мухлис) пенделериңден
башкасын». (Хижр Сүрөсү, 39-40)
Мындан тышкары, мүнөзү эки жүздүү, жүрөгүндө оорусу бар же ыйманы алсыз
кишилер пассивдүүлүк чакырыктарын угушу мүмкүн. Пассивдүү кишилер иштерди жай
жасашы, күрөшүү шыктануусунун жоктугу, Аллахты аз эстеши, жан аябастыктан
качышы, тереңирээк ойлонбошу, мүмкүн болушунча аз иштеп башкарганга аракет
кылышы, жалкоолугу, ар дайым ар бир иште оңойун тандашы, айланасын супсак көздөрү
менен карашы, диндар адамдын кайраттуулугунун жана күжүрмөндүгүнүн жоктугу жана
ар дайым уйкусурап, өзүн каранбай жүрүшү аркылуу ыйманы алсыз адамдарга белги
беришет. Мындай жүрүм-турумдары аркылуу аларды да камырабастыкка түртүп,
өздөрүнө окшотууну жана мүмкүн болушунча көп кишини пассивдештирүүнү көздөшөт.
Мындай кишилер таасир тийгизе ала турган кишилерди жүрүм-турумдарынан жана сөздөрүнөн
таанып, биринчи кезекте ошолорго аракет кылышат. Өздөрүнүн көз караштарына
ылайыктуу көрүнгөн кишилерди тандап, аларга эч ким байкабайт деп ойлогон
жашыруун ишараттарды беришет жана ал кишилер менен жашыруун тил аркылуу
түшүнүшүшөт.
Мусулмандарга пайдалуу бир ишти кылуунун ордуна, өзү каалаган бир иш менен
алагды болуу жүрөгүндө оорусу бар адамдын башкаларга «анчалык аракет
кылышыңардын кажети жок, карагыла мен каалаганымды жасайм, силер да мендей боло
аласыңар» деген белгини билдирет. Жан аябастык кылуу керек болгондо өзүмчүлдүк
кылуу, мисалы бүт нерсенин эң жакшысын өзүнө алып, мусулман бир туугандарын
ойлобоо «башкаларды эмес, биринчи өзүңөрдү ойлогула» деген белги. Мусулмандарды
угуп, сылык болуунун ордуна, какшыктап, үнүн көтөрүп сүйлөө «алдыңардагы кишини
ушундай жол менен гана басмырлап, үстөмдүк кыла аласыңар» дегенди билдирет. Бирок
алардын түшүнүгүнүн тескерисинче, адам жан аябастыктан качканда эмес жан
аябастык кылганда, сараң эмес жоомарт болгондо, бой көтөрбөй кичипейилдик
кылганда, насааттан качпастан ар бир насаатка көңүл бурганда чыныгы бейпилдикке
жетет. Динде камырабастык кылган кишилердин жашоо образы болсо чыныгы
ыймандуунун адеп-ахлагына бүтүндөй карама-каршы келет.
Ансыз да пассивдүүлүктү жайылткысы келгендер сабырдуулукка, кичипейилдикке,
моюн сунууга, эмгекчилдикке, жан аябастыкка таянган жакшы адеп-ахлактын эмес,
өзүмчүлдүккө, жалкоолукка, текебердикке, ыпыластыкка таянган жаман
адеп-ахлактын жайылышын каалашат. Ыйманы алсыз кээ бир адамдар ал
жүрүм-турумдарга алданып, бой көтөрсөм кадыр-баркым көтөрүлөт, өзүмчүлдүк
кылсам акылдуулук кылган болом деп ойлошот. Бирок чыныгы акыл-эстүү адам –
Аллахтын кудуретин түшүнгөн жана Раббибиз бизге буйрук кылган адеп-ахлакка ылайык
жашаган адам. Чыныгы кадыр-барктуу адам – бул Аллахка жана Анын Элчисине
ишенип, ага баш ийген адам. Адамга ал издеген бейпилдикти, кадыр-баркты,
сый-урматты бере турган бир гана Аллах. Аллах буйруган адеп-ахлактан качып,
буларга жетем деп ойлогондор болсо чоң зыянга туш болушат. Раббибиз адамдардын
мусулман болуп, чыныгы дин менен жашаса гана кадыр-барктуу өмүр сүрөөрүн, жеке
каалоолорун ээрчисе зыянга туш болоорун төмөнкүчө кабар берген:
Мындан тышкары, андай адамдар көпчүлүктүн арасында жашыруун белгилерди
колдонуп же өздөрүнчө калганда ачык эле мусулмандарга, пайгамбарларга жана
Исламга каршы сөздөрдү айтуудан тартынышпайт. Ыймандууларды тынымсыз сындап, өз
ойлорунда өздөрүнө адилетсиздик кылынды деп эсептеген нерселерин айтканга
аракет кылышат. Чын ыкластуу ыймандуу жана анын кылган иштери тууралуу какшык
сөздөрдү айтышат, бир жагынан анын жакшы адам экенин айткандай көрүнүп, экинчи
жагынан анын кылган иштерин өздөрүнчө барксыз көрүп, жүрүм-турумдарын сындашат.
Ошентип жакшы нерсе айтып жаткандай көрүнүп, тымызын тактика менен башкаларга
жаман пикирлерди сиңиришет. Куранда эки жүздүүлөрдүн ыймандуулардын берген
садакаларын жана Аллах жолунда кылган аракеттерин шылдыңдашканы тууралуу баяндаган
аят мунун бир мисалы. Аллах эки жүздүүлөрдүн (мүнафыктардын) бул ыпылас
адеп-ахлагын жана чындыгында өздөрүнүн шылдың болоорун төмөнкүчө кабар берген:
Садакаларда ыймандуулардан кошумча садака бергендер менен
эмгектеринен (иш-аракеттеринен) башка (эч нерсе) таба албагандарды бөлүп,
аларды шылдың кылгандар; Аллах аларды(н өзүн) шылдыңга айлантты жана алар үчүн
оор бир азап бар. (Тообо Сүрөсү, 79)
Тарых бою ыймандуулардын арасында кездешкен мындай түшүнүктөгү адамдардын
ачык айтпаган, бирок жашыруун сүйлөшкөндө өз ара сөз кылган дагы бир маанилүү
жагдай пайгамбарларга байланыштуу. Мындай кишилер пайгамбарлардын жанында алар
айткан чындыктарды тастыктагандай көрүнүшөт. Бирок тарапташтары менен жашыруун
чогулганда пайгамбарга каршы сөздөрдү айтышат. Мындай адамдар Пайгамбар
Мырзабыздын (сав) доорунда да жашашкан жана Ага каршы жашыруун чогулуштарды
уюштуруп, ал чогулуштарда ыймандууларга жана Аз. Мухаммедге (сав) каршы
пландарды түзүшкөн. Бирок Аллахтын каалоосу менен ал пландары эч ишке ашкан
эмес жана Раббибиздин бир мыйзамы катары эч качан ишке ашпайт. Аллах бул
чындыкты аятта төмөнкүчө кабар берет:
Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда жашаган ыйманы алсыз кишилердин жана эки
жүздүүлөрдүн Аз. Мухаммеддин (сав) буйруктары менен насааттарын укпай
көшөрүшкөнү жана анын кеңештери тууралуу сый-урматка туура келбеген пикирлерди
айтышканы белгилүү. Кээде кайра кайра сүрөттөлгөн бир нерсени эч укпагандай
болушу, анан эстетилгенде муну эч билген эмесмин деп айтышы, билсем ошого
жараша аракет кылмакмын деген жалганды чыгарышы жана тартынбастан ант ичиши
мындай адамдардын белгилүү сыпаттарынан болуп саналат. Аллах бир аятында мындай
кишилер тууралуу ыймандууларды төмөнкүчө эскерткен:
Алар анттарын калканыч кылышты, ошентип Аллахтын жолунан
тосушту. Эми алар үчүн басынтуучу бир азап бар. (Мүжаделе Сүрөсү, 16)
Раббибиз башка бир аятында эки жүздүү адамдар тууралуу төмөнкүчө кабар
берген:
Түшүнүксүз жана ар кандай мааниге келе турган сөздөрдү колдонуу, бирөө
сураса «максатым бир гана жакшылык болчу» деп айтуу – пассивдүү кишилердин көп
колдонгон алдамчылыгы. Өз ойлорунда алдамчылыгын ушинтип жашырып, байкалбай
калабыз, байкалсак да оңой эле жооп таба алабыз деп ойлошот. Пайгамбардын
чыгарган чечимдерине карата нааразычылыктары жана каршылыктары сезилип турса
да, мүмкүн болушунча билдирбегенге аракет кылышат. Ошентип бир жагынан жакшы
ниеттүү көрүнүп мусулмандарды пассивдештирүүнү, экинчи жагынан ыйманы алсыз
кишилерди бузуку сөздөрү менен азгырып өздөрү тарапка тартууну көздөшөт. Бирок
алардын мындай аракетинен эч качан майнап чыкпай турганын Аллах бир аятында
төмөнкүчө кабар берет:
Мусулмандардын арасына караңгы жашоо образын киргизгилери келет
Мусулмандардын арасында дин адеп-ахлагынан алыс жашаганга аракет кылган
кишилер адатта негизсиз, бурмаланган, туура эмес дин түшүнүгүн жакташат. Бул
туура эмес түшүнүктө Куран адеп-ахлагы адамдын жашоосунда мүмкүн болушунча аз
орунду ээлеп, ритуалдык ибадаттарды гана камтыйт. Бирок, «Эч күмөнсүз, менин
намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби Аллах үчүн»
(Энъам Сүрөсү, 162) деп аятта айтылгандай, мусулмандын ар бир мүнөтү,
жашоосунун ар бир көз ирмеми Аллахтын буйруктарына ылайык болот. Тагыраак
айтканда, дин адеп-ахлагы ыймандуунун бүт жашоосун камтыйт.
Пассивдүү кишилер болсо ритуалдык ибадаттарга жарым-жартылай болсо да маани
бергени менен, диндин маңызын түзгөн адеп-ахлактык пайдубалдарга дээрлик
таптакыр көңүл бурушпайт. Алардын максаты Аллахтын ыраазылыгы жана Куран
адеп-ахлагы эмес. Адатта окуяларды өздөрүнүн караңгы түшүнүктөрүнүн жана
«менимче» деп башталган сүйлөмдөр менен туура эмес ишенимдеринин негизинде
баалашат. Караңгы түшүнүктөрүн эч унута алышпай, ошол түшүнүктөрү боюнча баа
беришет. Мындай түшүнүктөгү кишилердин көз карашы аятта төмөнкүчө кабар
берилген:
Алар дагы эле жахилия (караңгылык) өкүмүн издеп жатышабы?
Чындап (анык илим менен) ишенген бир коом үчүн өкүмү Аллахтан да жакшыраак
болгон ким бар?» (Маида Сүрөсү, 50)
Окуяларды караңгы түшүнүктөрү менен баалоо ал кишилерде такыр туура эмес
логикаларга себеп болот. Ыймандуулар бул жашоонун убактылуу, чыныгы мекендин
болсо акырет экенин билишет. Бул жашоодогу бардык мүмкүнчүлүктөрүн эң жакшы
иштерге колдонушат. Максаттары – Аллахтын ыраазылыгы, мээрими жана бейиши.
Ошондуктан бул жашоого таандык маселелерге керектүү деңгээлде гана көңүл буруп,
негизинен акыреттерин ойлошот. Пассивдүү кишилер болсо бул жашоону чыныгы жашоо
катары көрүп, бул жашоого байланыштуу бүт нерселерге ач көздүк менен умтулушат.
Караңгы түшүнүктөрүн өз араларында жайылтып, ыймандуулардын арасына да
киргизгиси келген мындай кишилер өзгөчө өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү нерселерге
өтө маани беришет. Мисалы, бир ооруга чалдыкканда тобокелсиздик кылып,
коркушат. Өз жанын абдан аягандыктан, кандайдыр бир зыян тийүү ыктымалдыгында
да абдан каршы чыгышат. Алар бул жашоого абдан маани бергендиктен жана тагдырды
унуткандыктан, оору аларды дээрлик шок абалына салат. Тынымсыз сарсанаа боло
бергендиктен, ондогон дарыгерге барса да көңүлдөрү тынчыбайт. Оорудан ичкен
дарылары, барган дарыгерлери айыктырат деп ойлоп, бир гана ошолордон үмүт кылып
айыкканга аракет кылышат. Албетте, ооруган адам дарыгерге барып, ал тармактагы
эң адис жана тажрыйбалуу кишилерден жардам алып, сунушталган дарылоо ыкмасын
колдонушу зарыл. Бирок ошол эле учурда алардын баарынын Аллах жараткан себептер
экенин, Аллах каалабаса эң жакшы дарыгерге барып дарыланса да, эң жакшы
дарыларды колдонсо да шыпаа таба албай турганын билиши шарт. Дүйнөдөгү эч бир
дары, эч бир технология же эч бир дарыгер Аллах каалабаса оорулардын айыгышына
себепчи боло албайт. Ыймандуулар ооруну жараткандын да, шыпаа бере тургандын да
Аллах экенин абдан жакшы билгендиктен, Аллахка таянып, Ага моюн сунушат.
Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөн кишилердин ишениминин алсыздыгы
жана санаачылдыгы жүрөгүндө оорусу бар кишилердин ички дүйнөсүнө да таасир
берет. Алардын санаачыл мүнөзү айланадагы жүрөгүндө илдети бар кишилердин да
акылсыз пикирлерди айтып, ошол сыяктуу окуяга кабылганда ошондой тобокелсиздик
кылууларына себеп болот. Ансыз да пассивдүү кишилердин максаты – тобокелсиздик
аркылуу мусулмандардын арасында башаламандык чыгарып, маалыматы жана илими аз
же ыйманы алсыз кишилерди дүрбөлөңгө салуу.
Дин адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылган кишилердин дагы бир сыпаты – бул
караңгы жашоого болгон терең суктануу. Караңгы коомдо бийлиги же статусу бар
жана караңгы түшүнүктүн критерийлери боюнча урматталган кишилерди алар да абдан
баалап, урматташат. Ал тургай, ал кишилерге окшогонго аракет кылышат. Ошолордой
кийинип, ошол кишилердин жашоо образын туурап, окуган гезиттерин окуп, көргөн
телевизор программаларын көрүп, ошолордой сүйлөп, аларды туурашат. Албетте, бир
адамдын башкалардын жакшы сыпаттарын үлгү алышы туура көрүнүш. Бирок бул жерде
айтылган кишилердин суктанып, туураганы – адамдардын кээ бир сыпаттары эмес,
караңгы түшүнүгү. Алардын көз караштары караңгы түшүнүк менен калыптанган.
Эмненин маанилүү эмненин маанисиз экенин, каерде кандай мамиленин туура
болоорун, кайсы жүрүм-турумдардын туура кайсыларынын туура эмес экенин Куранга
эмес, караңгы түшүнүктүн эрежелерине карап аныкташат. Ошол суктануусунан улам
чын ыкластуу мусулман болууга аракет кылышпайт жана караңгы коомдо баалуу
болгон сыпаттарга жетүүгө аракеттенишет.
Кандайдыр бир кырдаалды баалаганда Аллахтын бар экенин билген бир адамдай
эмес, бул акыйкатты таптакыр билбеген кишидей пикирлерди айтышат. Ошондой эле,
өз ойлорунда артыкчылык катары көргөн убактылуу баалуулуктар менен
ыймандуулардын арасында да кадыр-баркка ээ болом деп ойлоп, ошолор менен бой
көтөрүшөт. Чын ыкластуу ыймандуулар үчүн болсо адамдардын бул дүйнөгө таандык
өзгөчөлүктөрүнүн мааниси жок. Бирок бир адам билимин, маданиятын,
мүмкүнчүлүктөрүн Исламдын жана мусулмандардын пайдасына колдонсо, албетте, бул
жакшы нерсе жана акыретте ал үчүн Аллахтын уруксаты менен эң жакшы сыйлыкка ээ
болот. Бирок Аллахтын ыраазылыгын көздөбөстөн, утурумдук кээ бир
мүмкүнчүлүктөрү үчүн бой көтөргөн кишилерге ал өзгөчөлүктөрү бул дүйнөдө да,
акыретте да эч пайда алып келбейт. Аятта да кабар берилгендей, ыймандуу адам
үчүн «...азыктын эң жакшысы такыбалык...» (Бакара Сүрөсү, 197). Башка
бир аятта болсо эң негизги көрсөткүчтүн такыбалык экени жана адамдардын бул
дүйнөдө тапкан материалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн Аллахтын алдында эч кандай баркы
болбой турганы төмөнкүчө кабар берилген:
... Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же
ата-бабасы жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Чындыгында, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат
Сүрөсү, 13)
Ыймандуулар Куран адеп-ахлагын кармангандыктан, адамдардын Аллахка болгон
жакындыгына, Аллахтан болгон коркуусуна жараша ал адамдарды урматтап, жакшы
көрүшөт, караңгы түшүнүктүн баалуулуктарына эч карашпайт. Пассивдүүлүккө
үндөгөн кишилерден болсо окуяларды жана адамдарды Куранга карап баалабагандар
гана таасирлениши мүмкүн. Мындай адамдар алардын жүрүм-турумдарын үлгү алып,
аларга окшогонго аракет кылышат. Мындай кишилердин жалпы өзгөчөлүгү –
адамдардын бул дүйнөдө чын ыкластуу болуп, Аллахты сүйүп жана Аллахтан коркуп жашашына
ишенбөөлөрү. Эч күмөнсүз, бул түшүнүгүнөн баш тартпаса, бул жаңылыштыгы аларды
оор азапка түртөт.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder