15 Haziran 2026 Pazartesi

МУСУЛМАНДАРДЫ КАНТИП ПАССИВДҮҮ КЫЛУУГА АРАКЕТТЕНИШЕТ?

 

Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандардын колдонгон белгилүү ыкмалары бар. Өз ойлорунда ал ыкмалар аркылуу мусулмандардын чечкиндүүлүгүн жана шыктануусун азайтып, аларды алсырата алабыз деп ойлошот. Ал ыкмаларды кээде тымызын, кээде болсо ачык колдонушат. Аллах аятта «...Эгер колдорунан келсе, силерди диниңерден артка кайтарганга чейин силер менен согушууну улантышат...» (Бакара Сүрөсү, 217) деп мындай түшүнүктөгү кишилердин ыймандууларды диндеринен кайтаруу үчүн тынымсыз аракет кылышаарын кабар берген.

Бул бөлүмдө алардын колдонгон тактикаларынын кээ бирлерин карайбыз. Бирок ал ыкмаларды карап жатканда маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Ал кишилер жашыруун ыкмаларды колдонсо да, ачык түрдө аракет кылса да, мусулмандарды, Аллахтын уруксаты менен, пассивдештире алышпайт. Бүт нерсени Аллахтын жаратканын эч чындап түшүнө албаган ал адамдар Аллах кааламайынча өздөрүнүн эч нерсеге күчү жетпей турганын да түшүнө алышпайт. Ошондой эле, Аллахтын ыймандууларды коргоп, аларды сөзсүз ийгиликке жеткире турганын да билишпейт. Мындан тышкары, чыныгы жүзүбүздү эч ким байкабайт жана кылган иштерибизди эч ким билбей калат деп ойлоп, чоң ката кетиришет. Аллах ыймандууларга жүрөгүндө оорусу барлардын чыныгы жүзүн сөзсүз ашкере кылаарын кабар берген:

 

Мына ушундай; себеби чындыгында алар Аллахты ачууланткан нерсени ээрчишти жана Аны ыраазы кыла турган нерселерди жаман көрүштү; ошол үчүн (Аллах алардын) иштерин текке кетирди. Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? (Мухаммед Сүрөсү, 28-29)

 

Мусулмандардын көңүлүн маанисиз иштерге буруп, алагды кылууну көздөшөт

Бир ыймандуу үчүн убакыт абдан баалуу жана ыйман кылган адам өмүрүнүн ар бир мүнөтүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн эң жакшы колдонгонго аракет кылат. Ыймандуулардын өмүр бою жасай турган көптөгөн милдеттери бар: ыйманын бекемдеп, тереңдетүү жана адеп-ахлагын жакшыртуу үчүн аракет кылышы керек, адамдарга чыныгы дин адеп-ахлагын жеткирүүгө умтулушу шарт, динге туура келбеген идеологияларга каршы идеялык күрөш жүргүзүшү зарыл, муктаждарга жардам бериши керек, тынымсыз чын ыкластан сооптуу иштерди жасашы зарыл. Башкача айтканда, ыймандуулар бул жоопкерчиликтерден алагды кыла турган бардык маанисиз иштерден оолак болушу керек. Раббибиз бир аятында ыймандуулардын бул өзгөчөлүгүн «Алар маанисиз нерселерден бүтүндөй жүз бургандар» (Мүминун Сүрөсү, 3) деп кабар берген. Башка бир аятта ыймандуулардын маанисиз нерселерди көргөндө, алардан жүз бураары төмөнкүчө белгиленген:

 

Маанисиз жана пайдасыз сөздү укканда андан жүз бурушат жана: «Биздин кылгандарыбыз өзүбүзгө, силердин кылгандарыңар өзүңөргө, силерге салам (амандык) болсун, биз караңгыларды ээрчибейбиз» дешет. (Касас Сүрөсү, 55)

 

Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандар болсо маанисиз жана пайдасыз иштерди айтып, ыймандууларды алагды кылгылары келет. Ошентип ыймандууларды алаксытып, иштен калтырууну көздөшөт. Адамдарды Аллахтан алыстаткан, акыретте сурак берээрин унуттурган жана ойлорун бөлгөн маселелерге басым жасап, ыймандууларды да ошолор менен алаксыткылары келет. Мындай адамдардын бул өзгөчөлүгү бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:

 

Адамдардын арасында ушундайлар бар, билбестен туруп, Аллахтын жолунан адаштыруу жана аны бир оюн-күлкү кылуу үчүн маанисиз жана максатсыз сөздү сатып алышат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Локман Сүрөсү, 6)

 

Мусулмандарга пайдалуу маселелердин ордуна, эч маанисиз маселелерге көңүл бурушат. Айланасындагы мусулмандардын ыйманынын бекемделишине себепчи боло турган ыйман далилдеринин ордуна, бул дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына басым жасашат. Мисалы, акыркы мода кийимдер, жаңы чыккан машина моделдери, кайсы ресторандын азыркы убакта популярдуу экени, кайсы эс алуучу жайда жакшыраак көңүл ачууга болоору сыяктуу нерселерди көп айтышат. Бул нерселерге маани беришинин дагы бир себеби, алар чыныгы мусулмандын адеп-ахлагына ээ болуунун ордуна, караңгы жашоого көбүрөөк суктанышат. Албетте, мусулмандар да бул нерселер тууралуу сүйлөшүшөт жана коомдук жашоодогу жаңылыктардан кабардар болушат. Бирок булардын баарынын бул жашоонун убактылуу кооздугу экенин да унутушпайт. Эң кооз кийимди, эң ыңгайлуу машинаны, эң сонун эс алуучу жайларды Аллах жаратканын билишет жана эгер Раббибиз бул сый-жакшылыктардан аларга тартууласа, ал үчүн Аллахка шүгүр кылышат. Көргөн кооздуктарынын баарынын Раббибиздин чагылуулары экенин билип, бир гана Аллахка кайрылышат жана бардык жакшылыктары үчүн Аллахка мактоо айтышат.

Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөндөр болсо сөз кылган темаларында жана сүйлөө стилдеринде сурак күнүн унутуп, бул жашоо эч бүтпөчүдөй сүйлөшөт. Ошентип мусулмандар да аларга кошулуп бул жашоого алданат деп ойлошот. Бирок алардын мусулмандарды пассивдештирүү үчүн колдонгон бул ыкмасы иштебейт. Анткени Раббибиз Куранда билдирген ыймандуулардын маанилүү сыпаттарынын бири, жогоруда да айтылгандай, маанисиз иштерден жүз буруу. Чын жүрөктөн ыйман кылган адам абийиринин илхамы менен кайсы иштин маанисиз жана пайдасыз, ал эми кайсы иштин сооптуу жана пайдалуу экенин ошол замат түшүнүп, керектүү чараларды көрөт. Аллах Куранда бейиштин өзгөчөлүктөрүн сүрөттөгөндө, ыймандуулардын ал жерде бир дагы маанисиз сөз укпай турганын да кабар берген:

 

Ичинде маанисиз сөз да, жалган сөз да угушпайт. (Небе Сүрөсү, 35)

 

Анда маанисиз бир сөз угушпайт; саламды гана (угушат)... (Мариям Сүрөсү, 62)

 

Бул жашоодо өздөрүн бейишке даярдаган бардык ыймандуулар бул чындыкты негиз тутушат жана бул дүйнөгө алданып, маанисиз нерселерге убакыт коротушпайт. Ыймандуулар унутпаган дагы бир чындык – бул Раббибиздин адамдарды Аллахтын жолунан тоскусу келгендердин бардык иштерин текке кетирээри. Аятта мындай деп айтылат:

 

Алар ыйман кылышкан жок жана Аллахтын жолунан тосушту, (Аллах) алардын кылган иштерин текке кетирди. (Мухаммед Сүрөсү, 1)

 

Чара көрүүлөрүнө жолтоо болуп, мусулмандарды коргоосуз калтырууга аракет кылышат

Ыймандуулар менен ыймансыздардын ортосундагы идеялык күрөш тарыхтын бардык доорлорунда уланган. Куранда пайгамбарлардын жана аларды ээрчиген ыймандуулардын дин адеп-ахлагын жайылтуу максатында кылган аракеттери үчүн ыймансыздардын жалааларына туш болгону, күнөөсүз жерден кармалганы, мекендеринен айдалганы жана, ал тургай, өлтүрүлгөнү кабар берилет. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын жана сахабалардын жашоосу да бул улуу күрөштүн эң маанилүү мисалдарынын бири. Меккенин мушриктерин Бир жана Жалгыз Аллахка ыйман кылууга чакырган Пайгамбарыбыз (сав) мушриктер тарабынан өлүм менен коркутулуп, мушриктердин акылга сыйбаган жалааларына кабылган жана ошол кысымчылыктардын натыйжасында жанындагы ыймандуулар менен бирге Мединага көчкөн.

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда жашаган жана ыймандууларды пассивдештиргиси келген кишилер болсо ошондой оор шарттарда да жүрүм-турумдары жана сөздөрү аркылуу ыймандуулардын чара көрүүлөрүнө жолтоо болууну көздөшкөн. Пайгамбарыбызга (сав) жана сахабаларга жардам берүү үчүн эч кандай даярдык көрүшкөн эмес жана ыймандууларга кырдаалдын масштабы тууралуу туура эмес маалымат бергенге аракет кылышкан. Раббибиз «Эгер (согушка) чыгууну каалашса, ага бир даярдык көрүшмөк...» (Тообо Сүрөсү, 46) деп аятта билдиргендей, негизги максаты күрөштөн качуу болгон ал кишилер эч даярдык көрбөй, башкаларга «кырдаал анчалык олуттуу эмес, даярдык көрүүнүн кереги жок» дегендей түр көрсөткүлөрү келген. Ошентип бир жагынан ыймандуулардын күрөшүү ынтасын азайтууну, экинчи жагынан кандайдыр бир кырдаалда ыймандуулардын коргонуусуз калышын каалашкан.

Сак болуу жана ар кандай кырдаалга даярдык көрүү ыймандуунун сыпаттарынын бири. Ыймандуулар өздөрүнүн жашоосуна жана бардык мусулмандарга тиешелүү маселелерде ар кандай ыктымалдыктарды эске алып, керектүү кадамдарды ар тараптан талдап, чара көрүшөт. Мусулмандарды пассивдештирүүгө аракет кылгандар болсо туура эмес маалымат берүү же өздөрүнүн туура эмес түшүнүгүн ыймандууларга таңуулоо аркылуу ыймандууларды чара көрүүдөн тоскулары келет. Ал үчүн бир жол катары чыныгы дин менен жашабаган кээ бир адамдарды ыймандуулардын досундай көрсөтүп, натыйжада ыймандуулардын аларга карата чара көрүшүнө бөгөт коюу ыкмасын колдонушат.

Пассивдүү адамдардын туура эмес ишеними боюнча, бир адамдын «ишендим» деп айтышы анын ыймандуу катары кабыл алынышы үчүн жетиштүү. Бирок бул абдан туура эмес көз караш. Албетте, «ыйман кылдым» деп айткан бир кишинин бул сөзү абдан маанилүү жана баалуу. Бирок бул сөзүнүн жүрүм-турумдары жана иш-аракеттери менен тастыкталышы ал кишинин сөзүнүн ишенимдүү болушу үчүн шарт. Ыйман кылышканын айткан бедуиндер тууралуу Раббибиз Куранда «...Силер ыйман кылган жоксуңар, болгону Ислам болдук (мусулман болдук же моюн сундук) деп айткыла. Ыйман азырынча жүрөгүңөргө кирген жок» (Хужурат Сүрөсү, 14) деп билдиргендей, «ыйман кылдык» деп айтканы менен ыйман жүрөккө жайгашпашы мүмкүн. Ошондой эле, Аллах ыймандууларды сөзсүз сынай турганын, «ыйман кылдык» деп айтса эле жетиштүү болбой турганын кабар берген: «Адамдар (бир гана) «ыйман кылдык» деп эле, сыналбай калабыз деп ойлоштубу?» (Анкебут Сүрөсү, 2).

Чын жүрөктөн ыйман кылган адам адал жана арамдарга болгон кылдаттыгы, Куранда айтылган бардык буйруктарды толук аткарышы, чечкиндүүлүгү, сабырдуулугу, тобокели (Аллахка таянуусу), бекемдиги, Аллахка моюн сунуусу, тагдырга ишенүүсү, шүгүр кылуусу жана жөнөкөйлүгү менен ыйманынын жана диндар экендигинин тереңдигин көрсөтөт. Пассивдүүлүктү жайылтууга аракет кылгандардын окуяларды баалоо чен-өлчөмдөрү болсо таптакыр башка. Алардын чен-өлчөмдөрүнүн башында жеке кызыкчылыктары турат. Кандайдыр бир кызыкчылык күтүлгөн кишилерди, жогоруда айтылган ыймандуунун сыпаттарынын эч бири болбосо да, ыймандуу катары кабыл алуулары мүмкүн. Мусулмандарга да муну кабыл алдырууга аракет кылышат. Жакшылык менен жамандыкка карата да өздөрүнүн чен-өлчөмдөрү бар. Ал чен-өлчөмдөрү боюнча, өздөрүнө пайдасы тийе турган адамды адеп-ахлагына карабастан, «жакшы адам» деп сыпатташы ыктымал. Бул дүйнөдөгү кызыкчылыктарына жолтоо болот деп ишенген адамды болсо ойлонбостон «жаман» деп сыпаттай алышат. Ошондуктан Аллахтын буйруктарына баш ийбеген кишилер менен достошуп, аларды коргоп, колдоодон эч тартынышпайт.

Мисалы, өзүн мусулманмын деп эсептеп, бирок кумар ойногон адамдын, же болбосо ыйман кылдым деп айтып, бирок беш убак намазга кунт койбогон адамдын туура эмес жолдо экенин кабыл алышпайт. Намаз окуп бирок адилетсиз жолдор менен киреше табууну уланткан, орозо кармап бирок муктаждарга жардам бербей ач көздүк кылган же калп айткан адамдын туура эмес кылып жатканына ишенишпейт, тескерисинче алардын каталарын коргогонго аракет кылышат. Бир адам сабатсыздыгынан, билиминин жетишсиздигинен же абийирин толук укпагандыктан, ката кетирип Куран адеп-ахлагын толук аткарбашы мүмкүн, бирок эскертилип, туурасы түшүндүрүлгөн соң андай жүрүм-турумун ошол замат токтотушу керек. Чынчыл адам туураны көрөөр замат аны угуп, туура эмес ишин ошол замат токтотот. Бул жерде айтылгандар жаңылыштык кылган чынчыл адамдар тууралуу эмес. Пассивдүүлүктү жайылтууга аракет кылгандардын коргогон кишилери – билип туруп туура жолго түшпөгөн, Аллахтын буйруктарын эң жакшы түшүнүп туруп жүрүм-турумдарын өзгөртпөгөн, ошого карабастан өздөрүн «мусулман» деп эсептеген кишилер.

Негизи караңгы коомдо мындай кишилер көп кездешет. Алар диндин өкүмдөрүн толук аткарбаганы менен, динди ачык түрдө четке кагышпайт. Кээ-кээде намаз окуп, кээде орозо кармашат, бирөө сураса «эч жамандык каалабайм» дешет, бирок Аллахтын көптөгөн буйруктарын аткарбай коюудан эч тартынышпайт. Анча-мынча арам иштерди кылуудан да тартынышпайт жана «ак ниеттүү адамбыз», «Аллах бизди кечирет» дешет. Алардын ою боюнча, кээде намазды өткөрүп жиберсе, көбүнчө эрте мененки намазга турбаса, анча-мынча кумар ойносо, керек болгондо пайызды колдонсо, ден-соолук көйгөйлөрү сыяктуу олуттуу себеби болбосо да кээ бир күндөрү орозо кармабай калса, эч нерсе болбойт. Бүтүндөй туура эмес логикага таянган мындай түшүнүктөр Куран адеп-ахлагына туура келбейт.

Расулуллах Мырзабыз (сав) да ибадаттарды кемтиксиз аткаруунун маанилүүлүгүн кабар берген. Мисалы, намаз окубоонун же намаздын убактысын өткөрүүнүн канчалык кооптуу экенин куттуу хадисинде төмөнкүчө белгилеген:

Имам Шафии жана Байхакинин айтуусу боюнча, Пайгамбарыбыз (сав): «Кайсы бир убак намаз кылбай убактысын өткөргөндөр уясы бузулуп, мал-мүлкүнөн ажыраган сыяктуу болушат» деп айткан (Имам Газали, Мукошафатул Кулуб: Жүрөктөрдүн ачылышы).

Пассивдүү кишилер жүрүм-турумдарынын тууралыгына абдан ишенишет. Улуулар ушундай кылышкан, бул кылгандарыбыз каада-салтка туура келет дешет. Алардын бул түшүнүгү Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

 

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпес жана туура жолду таба албаган болушсачы? (Бакара Сүрөсү, 170)

 

Ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгына жетүү, Ага жакындоо, Раббибизге баш ийээрин жана моюн сунаарын көрсөтүү үчүн ибадаттарды чоң мүмкүнчүлүк катары көрүшөт жана ибадаттарын берилип аткарышат. Пассивдүү адамдардын эң кооптуу тарабы болсо, алар каада-салттарга жана туура эмес түшүнүктөрүнө таянып, пайгамбарлар түшүндүргөн чыныгы динге моюн сунуудан баш тартышат. Ата-бабаларыбыз ушундай кылышкан деп начар уятсыздыктарды жасай беришет жана, ал тургай, «Аллах бизге ушундай буйрук берген» деп жалган айтышат (Аьраф Сүрөсү, 28). Пайгамбарлар жана элчилер чакырган жолго түшүшпөйт, кежирдик менен «ата-бабаларыбыздын жолу туура» дешет (Аьраф Сүрөсү, 70). Абийирлери аркылуу пайгамбарлардын айткандарынын туура жана акыйкат экенин түшүнүшсө да, муну «мурдакы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» (Касас Сүрөсү, 36) дешип, уятсыздыктарын уланта беришет. Ошондуктан «мусулманбыз» дешкени менен, чын ыкластуу мусулмандарга каршы чыгып, Аллах Куранда буйрук кылган адеп-ахлакка ылайык жашашпайт жана башка адамдардын да Куран адеп-ахлагы менен жашашына тоскоол болгулары келет. Ал үчүн ыймандууларды ар кандай жолдор менен пассивдештирүүгө аракет кылышат. Мындай кишилерди «мусулмандарга каршы чыккан мусулмандар» деп атоого болот.

Пассивдүүлүктү жактагандар чын ыкластуу ыймандууларга каршы, өздөрүн мусулманбыз деп атаган ушундай кишилер менен кызматташтык кылышат. Себеби ал кишилерге окшоп, пассивдүүлүктү жактагандар да динди кабыл албайм деп ачык айта алышпайт, диндин кээ бир өкүмдөрүн аткарып өздөрүн диндар көрсөткөнгө аракет кылышат. Ошондой эле, мындай чөйрө өздөрүнүн адеп-ахлаксыздыктарын жашыруу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот. Мусулмандарга да бул туура эмес көз карашын таңуулап, ал аркылуу да мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөшөт.

Жогоруда да айтылгандай, динге сыйбаган идеологияларга каршы идеялык күрөш жүргүзүү ыймандуулардын негизги жоопкерчиликтеринин бири. Пассивдүүлүктү жактагандардын ою боюнча, динден алыс адам да «дос» катары кабыл алынгандыктан, күрөшүү зарылчылыгы да жоголот.

Бирок Раббибиз Куранда бизге өздөрүн мусулман деп атаганы менен, чындыгында ыйман кылбаган адамдардын чыныгы жүзүн кабар берген. Алар мусулмандарга жолукканда «ыйман кылдык» деп айтып, шайтандары менен жалгыз калганда болсо «...Чындыгында силер менен биргебиз. Биз болгону (аларды) шылдыңдап жатабыз» (Бакара Сүрөсү, 14) деген кишилер. Мындай эки жүздүүлүк кылгандарга ыймандуулардын эч качан ишенбей тургандыгы анык. Анткени алар кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген учурда ыймандуулардын досундай көрүнгөнү менен, болор-болбос карама-каршылык пайда болгондо тескери бурулушат, ал тургай, ыймандууларга каршы тузак кура башташат. Бул Пайгамбарыбыздын (сав) доорундагы мушриктердин адеп-ахлагына окшош. Меккелик мушриктердин бир бөлүгү да, Пайгамбарыбыз (сав) менен келишим түзгөнүнө карабастан, мүмкүнчүлүк болоор замат келишимди бузуп, ыймандууларга кастыгын апачык көрсөтүшкөн. Раббибиз аятында төмөнкүчө кабар берген:

 

Кантип? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдин өкүмдөрүнө да карашпайт. Силерди ооздору (сөздөрү) менен гана ыраазы кылышат, жүрөктөрү болсо каршы чыгат. Алардын көпчүлүгү бузукулар. (Тообо Сүрөсү, 8)

 

Сөздөрү менен ыймандууларды ыраазы кылууга аракет кылган, бирок жүрөгүнөн чыныгы динге каршы чыккан адамдардын чыныгы жүзү «иш чечкиндүүлүктү талап кылган учурда» ачыкка чыгат. Аллах ыймандууларды «иш бекемдикти жана чечкиндүүлүктү талап кылганда Аллахка туруктуу болгула» (Мухаммед Сүрөсү, 21) деп буйрук кылган. Аллахтан чындап коркпогон жана кылгандары үчүн акыретте сурак берээрин түшүнбөгөн кишилер ошондой учурларда өздөрүн билдирип коюшат. Ошондуктан чындап ыйман кылгандардын мындай кишилерди аныкташы абдан оңой. Динде пассивдүүлүк кылгандар өздөрүнө көп жагынан окшогон мындай кишилерди негизи чынчыл кишилер, динди жакшы билбегени үчүн анын шарттарын толук аткара алышпайт деп аларды жакташса да, ыймандуулар чындыкты билишет. Себеби алар билбегени үчүн эмес, билип туруп кабыл албаганы үчүн чыныгы диндин өкүмдөрүн аткарышпайт. Жашоо образдары жана кулк-мүнөздөрү менен көз караштарын жана түшүнүктөрүн айгинелеп көрсөткөн мындай адамдарга ыймандуулар муздак мамиле кылышат жана аларды чын жүрөктөн жакшы көрүп, урматташпайт. Аллах койгон чектерди сактабагандарды жана Курандын өкүмдөрүн толук аткарбагандарды жакшы көргөндөр, дин адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылгандар – мусулмандарды пассивдештиргиси келген кишилер. Ыймандуулардын Аллахка жана Пайгамбарына каршы чыккандар менен эч достошпой тургандыгы аятта төмөнкүчө кабар берилет:

 

Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; алар аталары, балдары, бир туугандары же тууган-уруктары болсо дагы. Алар ушундай адамдар: (Аллах) жүрөктөрүнө ыйман жазган жана аларды Өзүнөн бир рух менен колдогон. Аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет; ал жерде түбөлүк жашашат. Аллах алардан ыраазы болгон, алар да Андан ыраазы болушкан. Мына ошолор Аллахтын тобу. Көңүл бургула; күмөнсүз Аллахтын тобу – фелах (үмүттөрү ишке ашып кутулуу) тапкандар мына ошолор. (Мүжаделе Сүрөсү, 22)

 

Ыймансыздарды колдонуп ыймандуулардын маанайын түшүрүүнү көздөшөт

Жогоруда айтылгандай, дин адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылып, мусулмандарды да пассивдештиргиси келгендер Аллахка ыйман кылбаган жана Куран адеп-ахлагын кабыл албагандар менен эч ойлонбой достошо алышат. Бирок көбүнчө алар менен жашыруун достошуп, мүмкүн болушунча аны ыймандууларга сездирбегенге аракет кылышат. Ыймандуулардан бирөө аны байкап калса, ар кандай калптарды токуп, алар менен достугубуз чыныгы эмес, кээ бир мажбурдуктардан улам көрүшүп жатабыз дешет. Аллах алардын жалган айтышаарын төмөнкүчө кабар берет:

 

Аллахтын каарына калган бир коомду вели (дос жана шерик) туткундарды көрдүңбү? Алар силерден да, алардан да эмес. Өздөрү да (чындыкты апачык) билип туруп, жалган ант ичишет. (Мүжаделе Сүрөсү, 14)

 

Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, күнүмдүк жашоодо ыймандуу адам көз караштары ар кандай кишилер менен мамиле кылышы мүмкүн, бул толугу менен табигый көрүнүш. Ал кишилердин баарына сылык мамиле кылат. Бирок, албетте, ыймандууларды гана чын жүрөктөн жакшы көрүп, урматтайт. Ыймандуулардын жалгыз досу, велиси жана жардамчысы Аллах, Анын пайгамбары жана чындап ишенген башка ыймандуулар. Аятта мындай деп айтылат:

 

Силердин досуңар (велиңер) бир гана Аллах, Анын пайгамбары, руку кылып намаз окуган жана зекет берген ыймандуулар. (Маида Сүрөсү, 55)

 

Жүрөгүндө оорусу барлар болсо Аллахка жана Пайгамбарына чакырылганда, «мүмкүн болушунча качышат» (Ниса Сүрөсү, 61). Пайгамбарды жана ыймандууларды дос тутуунун ордуна, ыймансыздарга ынак болушат. Алардын ыймансыздар менен достошуусунун артында көптөгөн тымызын пландары турат. Эң биринчиден, аяттарда да айтылгандай, мындай адамдар кайсы тарапта экенин чече албаган кишилер болушат. Бир жагынан ыймандууларга кошулуп, экинчи жагынан тымызын ыймансыздардын жашоо образын эңсешет. Бир бүтүмгө келе албагандыктан жана бир күнү ыймандуулар менен мамилелерин толук үзүү ыктымалы болгондуктан, башкалар менен да мамилелерин толук үзүшпөйт. Чындап ыйман кылган адамдын болсо өмүр бою ыймандууларды дос тутаары жана алардан алыстоону ойлобой да тургандыгы анык.

Аллах алардын мындай чечкинсиздигин аятында «Ортодо олку-солку болуп турушат. Алар менен да эмес, булар менен да эмес...» (Ниса Сүрөсү, 143) деп билдирген. Тынчсызданууларынын дагы бир себеби – ыймансыздар менен тымызын кызматташып, ыймандууларга каршы тузактарды курушу. Ал аркылуу ыймандууларга зыян тийгизип, алардын идеялык күрөшүнө жолтоо боло алабыз деп ойлошот. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорундагы эки жүздүүлөрдүн Аллахтын Пайгамбарынан өзүнчө мечит куруп, ал жерде ыймандууларга каршы ыймансыздар менен кызматташканы мунун бир мисалы. Аятта мындайча кабар берилет:

 

Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), ыймандуулардын ынтымагын бузуу жана мурда Аллахка жана Анын элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын чындап жалганчы экенине күбөлүк берет. (Тообо Сүрөсү, 107)

 

Аятта да кабар берилгендей, алардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, мындай иштерди кылганда «ниетибиз жакшы» дешет. Бирок алардын максаты мусулмандарга пайда тийгизүү эмес, тескерисинче ыймансыздар менен кызматташып мусулмандарга жолтоо болуу. Чындап жакшылык каалаган адамдын Аллахтын жана Анын элчисинин жолун жолдоору анык. Ыймандуулар Аллахтын жана Анын элчисинин убадасынын чын экенин, сөзсүз аткарылаарын билишет жана бир гана Аллах, Анын элчиси жана ыймандуулар менен сырдаш болушат. Тигил кишилер болсо бир жагынан ыймандуулардын арасында жашап, экинчи жагынан ыймансыздар менен жакын мамилелерин тымызын улантышат. Алар адамдардан жашыргандарын Раббибизден жашыра албай турганын эч качан түшүнүшпөйт. Алардын көмүскө туюмдарын да, жашыруун пландарын да толугу менен Аллах билээрин түшүнө алышпайт. Алар жашыруун сүйлөшүп, тымызын бирөөлөр менен достошуп жатабыз деп ойлогондо, Аллах алардын ар бир кыймылын көрүп турат жана периштелер алардын бардык иштерин жазып жаткан болот. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Алар адамдардан жашырышат да, Аллахтан жашырышпайт. Чындыгында болсо алар Ага жакпай турган нерсени «түндөлөрү пландап түзүп жатышканда» (Аллах) алар менен бирге. Аллах – жасагандарын курчоочу. (Ниса Сүрөсү, 108)

 

Же болбосо, алар сыр сактаган нерселерин жана өз ара шыбырашкандарын, чындыгында, Бизди укпайт деп ойлошобу? Жок, (угуп жатабыз) жана алардын жанындагы элчилерибиз да (бүт баарын) жазып жатышат. (Зухруф Сүрөсү, 80)

 

Бирок бир нерсени унутпаш керек: алардын ыймандууларды эмес, ыймансыздарды жакшы көрүп, ыймансыздарга көңүл бурушу аларга акыретте чоң бушаймандык алып келиши мүмкүн. Мындай мамилелер адамды туура жолдон адаштырып, сөзсүз жападан жалгыз калтыра турган жасалма мамилелер болот. Бул дүйнөдө бул чындыкты түшүнгүсү келбегендер сурак күнү бушайман болгонун апачык моюнга алышат, бирок ал күнү алар үчүн артка кайтып кетирген каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгү болбойт. Аяттарда мындай деп айтылат:

 

Ал күнү зулумдук кылган колдорун (катуу) кезеп (мындай) дейт: «Эх аттиң, элчи менен бирге бир жолдо жүргөнүмдө кана,» «Эх, азап болсун мага, баланчаны дос тутпасам эмне болмок эле». «Себеби ал чындыгында мага келгенден кийин мени зикирден (Курандан) адаштырды. Шайтан адамды жападан жалгыз жана жардамсыз калтырат». (Фуркан Сүрөсү, 27-29)

 

Жасалма дүрбөлөң чыгарып мусулмандарды алагды кылууну көздөшөт

Жогоруда мусулмандарды пассивдештиргиси келген кишилердин камырабастык аркылуу ыймандууларды чара көрүүдөн жана күрөштөн тосууга аракет кылышаарын сүрөттөдүк. Алар кээде рисктерге карата чара көрүүгө жолтоо болууну көздөшсө, кээде жок жерден жасалма дүрбөлөң чыгарып ыймандуулардын тынчын алышат.

Мындай кишилердин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, алар коркок жана санаачыл болушат. Аллахтын кудуретин чындап түшүнө албаган ал кишилер тагдырды да толук түшүнө алышпайт. Жашоонун ар бир көз ирмеминин, жашоодогу ар бир окуянын Аллах белгилеген тагдырга ылайык болоорун түшүнө алышпайт. Ар бир адам күнүмдүк жашоосунда күтүүсүз окуяларга туш болушу мүмкүн. Ага бир адилетсиздик кылынышы мүмкүн, жалган жалаа жабылышы ыктымал, же болбосо оозеки же физикалык зомбулукка туш болушу мүмкүн... Аллахка тобокел кылган мусулман мындай учурларда да тагдырды унутпайт жана бүт нерсенин Улуу Аллахтын көзөмөлүндө экенин унутуп коркпойт, сарсанаа болбойт жана кайгырбайт. Өмүрүнүн ар бир көз ирмеми сыяктуу мындай окуялардын да тагдырдын бир бөлүгү экенин билет жана башына келгендерди токтоолук менен кабыл алат. Ал тургай, кээде тобокелди билбеген адам коркуп кайгыра турган окуяларга да туш болушу мүмкүн. Мисалы, бүт байлыгынан бир заматта ажырап калышы, баласын жоготуп алышы, окуусун уланта албай калышы, жумушунан чыгууга мажбур болушу же эң жакындарынан бирөөсүнүн айыкпас ооруга чалдыкканын угушу мүмкүн... Бирок мусулман эч бир окуяга тынчсызданбайт. Аллахтын ар дайым жанында экенин билип, Ага таянып, Ага ишенет. Ушул сыяктуу бардык окуяларда Аллахка толук таянып, Ага моюн сунат. Аллахтын ал үчүн жараткан тагдырына чын жүрөктөн ыраазы болот жана тагдырдын агымынын эч качан өзгөрбөй турганын унутпайт. Аллах адамдардын башына келе турган бардык окуялардын бир китепте жазылуу экенин жана адамдардын китептеринде жазылгандан башка эч нерсеге туш болбой турганын көптөгөн аятында кабар берген. Ал аяттардын бири мындай:

 

...Жерде жана асманда кыпындай болгон эч нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

 

Аллахтан чындап коркпогон жогорудагыдай кишилер болсо Аллах аятында «Ичтеринде коркунучту жана коркоктукту ойготуу жагынан силер Аллахтан да күчтүүсүңөр сыяктуу. Мунун себеби – чындыгында алардын терең акылга ээ эмес болушу» (Хашр Сүрөсү, 13) деп билдиргендей, адамдардан абдан коркушат. Ошондуктан Аллах аятында «...Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар душман, ошондуктан алардан алыстап-сак болгула...» (Мүнафикун Сүрөсү, 4) деп белгилегендей, бүт нерсени өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Куран адеп-ахлагына моюн сунууда камырабастык кылышкандыктан, мусулмандардын арасында болгонуна карабастан, Аллах аятында «Чындап силерденбиз деп Аллахтын атынан ант ичишет. Чындыгында болсо алар силерден эмес. Бирок алар абдан коркок адамдар» (Тообо Сүрөсү, 56) деп билдиргендей, таптакыр башкача маанайда коркуп, тынчсызданып жашашат. Мындай тынчсызданууларын жасалма дүрбөлөңдөрдү чыгарып ыймандууларга да чагылткылары келет. Коркок болушкандыктан, болор-болбос маселе да алар үчүн дүрбөлөңгө айланат, себеби бүт нерсенин тагдырга жазылганын ойлонушпайт. Мындай кишилердин маанайы өздөрүнө эле эмес, өздөрүнө окшогон ыйманы алсыз башка кишилерге да таасир бериши мүмкүн. Ичтериндеги дүрбөлөңгө түшүү жана коркуу сезимдерин өзгөчө аларга да сездирүүгө аракеттенишет. Ошентип башкаларды да өздөрүнүн тарабына кошуп, корко турган же дүрбөлөңгө түшө турган бир кырдаал бардай көрсөтүп, тынчсызданууну пайда кылгылары келет.

Аллах аятында «...силер өзүңөрдү фитнага салдыңар, (Мусулмандарга азап жана кырсыктардын келишин) аңдып-күттүңөр, (Аллах жана Исламга карата) шек-күмөндө болдуңар. Силерди санаалар жаңылтып-алдады...» (Хадид Сүрөсү, 14) деп билдиргендей, ар кандай күмөндөргө кабылышкан. Ыймандуулардын, Аллахтын каалоосу менен, жеңишке жетээрине чын жүрөктөн ишенбегендиктен, бир караганда терс сыяктуу көрүнгөн бардык окуяларды көбүртүп-жабыртып, мусулмандарды өтө оор, чечилгис кырдаалга туш болгондой көрсөтүүгө аракет кылышат. Дүрбөлөңгө түшүү мусулмандардын күчүн азайтат деп ойлошкондуктан, болор-болбос окуяны да өтө чоң балээдей чечмелеп, мусулмандардын арасында башаламандык чыгаргылары келет. Бирок ыймандуулар жамандыктай көрүнгөн бир окуянын жакшылык, жакшылыктай көрүнгөн окуянын болсо жамандык болушу мүмкүн экенин билгендиктен, жашоолорундагы ар бир учурдун, канчалык кыйын болсо да, Раббибиз тарабынан көптөгөн максаттар менен жаратылганына ишенишет. Тагдырга баш ийип, эч сарсанаа болушпайт. Аларды пассивдештиргиси келген адамдардын дүрбөлөң чыгарууну көздөгөн ар түрдүү тузактарынын, аятта «...Чындыгында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү» (Энфал Сүрөсү, 18) деп билдирилгендей, максатына жетпей турганын билишет.

 

Коркутуучу кабарларды таратып, ыймандууларды чечкиндүүлүктөн кайтаргылары келет

Дин адеп-ахлагынын талаптарын толук аткарбаган жана мусулмандарды пассивдештиргиси келген адамдардын эң негизги сыпаттарынын бири, алар тынымсыз терс сөздөрдү сүйлөшөт. Дин адеп-ахлагын толук түшүнгөн, жашоосунун бардык тармактарында Куранды туу туткан адам болсо эч качан терс ойлорго түшпөйт жана Аллахтын мээриминен бир саамга да үмүт үзбөйт. Бул Аллах Курандын көптөгөн аяттарында кабар берген ыймандуунун маанилүү бир сыпаты:

 

... Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коомунан башкалар Аллахтын мээриминен үмүт үзүшпөйт. (Йусуф Сүрөсү, 87)

 

(Менден аларга) Айткын: «Эй өзүнүн зыянына чектен чыккан пенделерим. Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Чындыгында, Аллах бүт күнөөлөрдү кечирет. Себеби Ал кечиримдүү, ырайымдуу». (Зүмер Сүрөсү, 53)

 

Үмүтсүздүк адамдардын физикалык жана руханий күчүн алсыраткан, маанайларын чөктүрүп, шыктануусун азайтып, пессимисттикке жана бактысыздыкка түрткөн, ыймансыздарга таандык бир өзгөчөлүк. Пассивдүүлүктү жактаган кишилер өздөрү үмүтсүз болгондуктан, мусулмандардын да үмүтсүздүккө түшүп, шыктануусун жана күжүрмөндүгүн жоготуусун көздөшөт. Ыймандуулардын эмне үчүн баштарына келген окуяларда ар дайым жакшылык жана даанышмандык көрөөрүн түшүнө алышпайт. Алар бүлгүн катары көргөн окуялардын негизи көп тараптан оң өзгөрүүлөргө себеп боло турган, Аллах көптөгөн максаттар менен жараткан окуялар экенин эч түшүнө алышпайт. Ошондуктан коркутуучу кабарларды таратып, мусулмандарды башка адамдар менен коркутуп, идеялык күрөшүн токтотууга үндөшөт. Ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүргүсү келгендердин пайгамбарлардын убагында да ушул сыяктуу сөздөрдү айтышканы Куранда кабар берилген. Мисалы, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да кээ бирлер ыймандууларды үмүтсүздүккө салууну көздөп, силерге каршы адамдар топтолду дешип, өз ойлорунда ыймандууларды күрөштөн кайтаргылары келген:

 

Алар адамдар аларга: «Силерге каршы адамдар чогул(т)ушту, эми алардан корккула» дешкенде, ыймандарын көбөйткөндөр жана: «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун векил (өкүл, таяныч)» дегендер. (Али Имран Сүрөсү, 173)

 

Аяттан көрүнүп тургандай, мындай кишилер сыртынан караганда ыймандууларга жакшылык кылып, аларды «дос катары» эскертишүүдө. Бирок алардын чыныгы максаты ыймандууларды коркутуп, алардын демин кайтаруу. Бирок чын ыкластуу ыймандуулар алардын мындай сөздөрүнө маани беришпейт. Аятта да айтылгандай, чындап ыйман кылгандар ал кишилерге «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун таяныч» деп жооп беришет жана алардын сөздөрүнө көңүл бурушпайт. Раббибиз Ага моюн сунуп, Ага таянгандарга сонун сыйлык берээрин кийинки аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Мындан улам аларга эч бир жамандык тийбестен, бир молчулук (берешендик) жана Аллахтан бир сый-жакшылык менен артка кайтышты. Алар Аллахтын ыраазылыгын көздөштү. Аллах өтө берешен (жоомарт). (Али Имран Сүрөсү, 174)

 

Пассивдүүлүктү жактагандар ойлогондон тескерисинче, ыймандууларга жана Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндөргө жамандык тийбейт жана аларга Раббибиз сый-жакшылыктарын берет. Алардын «ыймандуулар оор абалда калат» деп жаңылышынын негизги себептеринин бири – караңгы түшүнүктөгү кишилердин санынын көп, чын ыкластуу ыймандуулардын санынын аз болушу. Алар ыймансыздар саны жагынан көп болгондуктан, идеялык күрөштө үстөмдүккө ээ болот деп ойлошот. Бирок мунун канчалык чоң жаңылыштык экенин Аллах Куранда билдирген:

 

...Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Бакара Сүрөсү, 249)

 

Ал кишилер ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүрүү үчүн, жасала турган жаңы иштердин баарына жолтоо болууга жана оор көрсөтүүгө да аракет кылышат. Мисалы, Ислам адеп-ахлагына үндөй турган бир иш жасалаарда адамдар бул аракеттерге кызыкпайт, ошондуктан мындай иштердин кереги жок дешет. Ошентип ыймандуулардын шыктануусун башында эле токтотууну көздөшөт. Же болбосо, Куран адеп-ахлагын жайылтууну көздөгөн иш-аракеттерди басаңдатуу максатында мүмкүн болушунча көп адамга жеткирүүнүн ордуна, ашыкпастан канча кишиге жеткире алса, ошончо кишиге түшүндүрүү жетиштүү болот дешет. Максаты – ыймандууларды басаңдатып, күчтөнүшүнө жолтоо болуу. Тигил тарапка көмөк көрсөтүп, маалымат берүүнү көздөгөндөй сүйлөшөт жана жасала турган ар бир ишке башынан тоскоол болууга аракет кылышат. Бул аракеттери аркылуу ыймандууларды үмүтсүздүккө түшүрүп, чечкиндүүлүгүн азайтууну көздөшөт.

Бирок ыймандуулар мындай сөздөрдөн үмүтсүздүккө түшүшпөйт, тескерисинче көбүрөөк шыктанышат. Анткени адамдын башына келген жана кыйынчылык сыяктуу көрүнгөн ар бир окуяны Аллах жаратат. Ал кыйынчылыктардын ар биринде чын ыкластуу ыймандуулар үчүн сооптор жана жакшылыктар бар. Жана ыймандуулар үчүн, Аллахтын жардамы менен, жеңе албаган эч кандай кыйынчылык жок. Муну билген ыймандуулар ар дайым кандай гана маселе болбосун үмүткөр болушат. Ошондуктан ыймандуулардын сөздөрүндө эч качан терс маанай болбойт. Ар дайым кылган кызматтарынын эң мыкты натыйжа берээрине ишенишет. Чын жүрөктөн ыйман кылгандар жана пайгамбарлардын жолун жолдогондор Раббибиздин аларды жардамы жана жеңиши менен сүйүнчүлөгөнүн билишет. Раббибиз ыймандууларды төмөнкүчө сүйүнчүлөгөн:

 

Ант болсун, (пайгамбар кылып) жиберилген пенделерибиз үчүн (мындай) сөзүбүз жазылган: «Чындыгында алар гана жардам (жеңиш) берилген адамдар». (Саффат Сүрөсү, 171-172)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder