15 Haziran 2026 Pazartesi

ПАССИВДҮҮ АДАМДАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

Акылын колдонууда пассивдүү болушат

Мусулмандардын эң негизги сыпаттарынын бири – бул алардын  акылман болушу. Акыл, мээден айырмаланып, чындап ыйман кылган адамдарда Куранга карап бүтүм чыгаруунун натыйжасында келип чыккан туура жыйынтык чыгаруу жана туура чечим алуу жөндөмү. Бирок пассивдүү кишилердин түшүнүгү Куран адеп-ахлагынан абдан алыс болгондуктан, канчалык туураганга аракет кылышса да, акылмандык кыла алышпайт.

Көптөгөн жүрүм-турумдарынан ойлорунун бүдөмүк экени, окуяларды акылмандык менен ойлонгон адамдай түшүнүп чечмелей албашы байкалат. Баштарына келген окуялардан мусулмандардын Куранга таянган бүтүмдөрүнө жана түшүнүктөрүнө таптакыр окшобогон жыйынтыктарды чыгарышат. Чыныгы ыймандуулардай акылы тунук болбогондуктан, Куранга таянып окуялардын артындагы сырларды түшүнүүгө акылдары жетпейт.

Акылын колдонууда пассивдүүлүк кылган кишилердин бул сыпатын ашкерелеген эң негизги далилдердин бири – бул алардын жүзүндөгү маанисиздик жана супсактык. Акылман жана аң-сезимдүү эч бир адам жүзүнүн супсак жана маанисиз болушун каалабайт. Бирок пассивдүү кишилер акылын колдонбогондуктан, көбүнчө жүздөрү супсак болот.

Мусулмандардын арасында жашаган пассивдүү кишилердин аң-сезиминин бүдөмүктүгүн алар менен сүйлөшкөн адамдар да байкай алышат. Мисалы, суроолорго берген жооптору көбүнчө так болбойт. Суроого же кем жооп алынат, же эч жооп алынбайт. Ошондой эле, алардын сүйлөп жатканда көңүлдөрүн айтып жаткан нерсеге толук бура албаганы да бат эле байкалат. Аллах Куранда акылсыз адамдардын бул сыпатына төмөнкүчө көңүл бурат:

 

Болбосо сен алардын көбүн (сөз) угат же акылын колдонот деп ойлойсуңбу? Алар жалаң гана айбандар сыяктуу; жок алар жол жагынан көбүрөөк адашкан (жана төмөн). (Фуркан Сүрөсү, 44)

 

Мындай кишилерде окуяларды чындап түшүнүү жөндөмү да болбогондуктан, мимикаларынан ар дайым паника жана күмөн байкалып турат. Оңой бир жумуш тапшырылганда да паникага кабылышы ал ишти ийгиликтүү аткарышына жолтоо болот. Жөнөкөй бир ишти жасап жатканда да кунт коюп жасабагандыктан, өздөрүнө, айласындагы адамдарга же буюмдарга зыян тийгизип коюулары мүмкүн. Аллах бир аятында чектен чыккандардын адашып жүрөөрүнө төмөнкүчө көңүл бурган:

 

...аларды адашып, жолун таппай жүргөн абалда таштап койобуз. (Энъам Сүрөсү, 110)

 

Чын ыкластуу мусулман болуу үчүн Аллахка дуба кылбаган, жүрөктөрүндө мындай каалоосу болбогон адамдар ыймандуулар менен көпкө, терең баарлаша алышпайт. Ойлору бат алагды болгондуктан, бат эле сыгылып, тынчсыздана башташат. Аллах чындап ыйман кылбаган кишилердин бул өзгөчөлөгүн төмөнкүчө кабар берет:

 

Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман кылбагандардын үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт. (Энъам Сүрөсү, 125)

 

Пассивдүүлүктү жактаган кишилер өзгөчө Аллахтын аяттары окулганда же Аллах жөнүндө сөз болгондо, эртерээк сөздү башкага буруп, башка темага өткөнгө аракет кылышат. Акыл жүгүртүп, Аллахтын бүт жандыктарды жана окуяларды толук башкараарын түшүнө албагандыктан, тема тандоодо да кыйналышат. Мусулман адам болсо бүт жактан Аллахтын сансыз далилдерин көрө алат. Акылдуу болгондуктан адамдар менен оңой жана ынак тил табыша алат, Аллах жараткан ар бир кооздукту жана ар бир сый-жакшылыкты көрүп, ал жакшылыктарды чын жүрөктөн эстете алат. Курандын аяттарынын негизинде кыска жана нуска сүйлөй алат. Пассивдүү кишилер болсо акылын иштетпегендиктен, жасалма темаларды таап, ошолор тууралуу гана сүйлөй алышат. Мисалы, кийим, музыка, мода, саясат темаларындагы маалыматтарды же окуган жаңылыктарын эркин айтып бере алышат. Бирок Аллахты эстөөнү, Куран аяттарынын сырларын айтып берүүнү, ыйман далилдери тууралуу сөз кылууну каалашпайт. Албетте, бир адамдын коомдук, саясий, актуалдуу бардык темаларда баарлаша алышы жана адамдар менен жылуу маектешүүсү жакшы. Бирок сөз болуп жаткан кишилердин Аллахты эстөөнүн ордуна ушул темаларды тандашы жана аларды качуу жолу катары колдонушу туура эмес.

 

Куранды жашоодо колдонууда пассивдүүлүк кылышат

Мусулмандардын арасында ар дайым пассивдүүлүктү жайылтууга аракет кылган жана ушул сыпаты менен белгилүү болгон кишилер Курандагы аяттарды, Аллахтын буйруктарын билишет. Бирок ыймандуулардан айырмаланып бул аларда маалымат катары гана болот. Мусулмандарга таандык ыйманды жана жакшы адеп-ахлак сыпаттарын толук кабыл алып, турмушка ашырышпайт.

Алардын адеп-ахлагынын Куранда сүрөттөлгөндөй болбошу мусулмандардын арасында ар дайым айырмаланып турушуна жана жагымсыз адеп-ахлак жана кулк-мүнөздөрү менен байкалып калышына себеп болот. Пассивдүүлүгүн таштагысы келбеген мындай кишилер негизи эң башынан дин адеп-ахлагын таза жана чын жүрөктөн кабыл алууга ниет кылышпайт. Бул алардын башынан эле Курандын өкүмдөрүн жана ыймандууларга таандык адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн кабыл алууларына да тоскоол болот. Аллахтын буйруктарына жана тыюуларына баш ийгендей көрүнүшсө да, чындыгында мурдакыдан калган караңгы түшүнүктөрүнөн баш тартышпайт. Курандын аяттарын ошол негизсиз караңгы эрежелери менен бирге түшүндүрүүгө аракет кылып, жолдон адашышат. Ошондуктан мусулмандардын жалпы ишеним жана түшүнүктөрүнөн таптакыр башка түшүнүктөрдү чыгарышат. Кызыкчылыктарына туура келбеген жана тынчын алган бир окуяга туш болгондо, бир заматта тобокелсиздик, сабырсыздык жана коркоктук кылып, дүрбөлөңгө түшүп, тескери кете башташат. Алар Куранда сүрөттөлгөндөй, чыныгы мусулмандардай дин адеп-ахлагына ылайык жашоого даяр эмес. Адеп-ахлактарын жана жашоо образдарын караганда, мусулмандардын жалпы жүрүм-турумдарынан абдан айырмаланаары ошол замат байкалат. Курандын өкүмдөрүн аткарган мусулмандардагы чынчылдык, моюн сунуучулук, акылдуу жүрүм-турумдар, акылман сөздөр жана Аллахка жакындык ал кишилерден байкалбайт. Тескерисинче, айланасындагы адамдарга дин адеп-ахлагына моюн сунган бир адамда кездешпей турган көңүл коштук, формалдуулук, жасалмалык жана чыңалуу сезимдерин көрсөтүшөт.

Куранда Пайгамбарыбыздын (сав) жанындагы адамдардын арасында да кулк-мүнөзү ушундай кишилердин болгонуна ишарат кылынат. Ал кишилер Пайгамбар Мырзабыздын жанында болуп, Аны менен сүйлөшүп, Анын үгүттөрүнө күбө болгонуна карабастан, Куран адеп-ахлагы менен жашоодо абдан пассивдүүлүк кылышкан. Ал тургай, Пайгамбар Мырзабыздай (сав) куттуу инсанга карата жалган айтуудан тартынышкан эмес. Аллах эки жүздүү (мүнафык) кишилердин бул кулк-мүнөзүн төмөнкүчө ашкерелеп бизге кабар берет:

 

Эки жүздүүлөр (мүнафыктар) сага келгенде: «Биз сенин чындыгында Аллахтын элчиси экениңе чындап күбөлүк беребиз» дешти. Сенин албетте Анын элчиси экениңди Аллах да билет. Аллах чындыгында эки жүздүүлөрдүн жалганчы экенине күбөлүк берет. (Мүнафикун Сүрөсү, 1)

 

Ал кишилер Пайгамбарыбызды (сав) жакын таанып, Курандын аяттарын билишкенине карабастан, Аз. Мухаммеддин (сав) чыныгы пайгамбар экенине чын жүрөктөн ишенишкен эмес. Бирок өздөрүн белгилүү убакытка чейин мусулмандардан жашырып, алар берген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу максатында Пайгамбарыбызга (сав) тартынбастан жалган айтышкан.

Мындай кишилер сабырдуулук, кичипейилдик, жан аябастык, туруктуулук, опаа жана ушул сыяктуу ыймандууларга таандык сыпаттарда да ар дайым артта болушат. Кыймыл-аракеттеринде караңгы түшүнүктүн кулк-мүнөздөрү, көнүмүш адаттары жана жүрүм-турумдары үстөмдүк кылат. Мисалы, кичипейилдиктин кандай болоорун билип туруп, текебер, өзүн акылдуу сезген, башкалар жакын келип, чын жүрөктөн баарлаша албаган адам болушат. Кантип сабырдуулук кылынаарын билип туруп, абдан шашма, күткөнгө чыдамсыз, талаптарынын ошол замат аткарылышын каалаган түркөй мүнөздүү болушат. Ошол сыяктуу, тобокелчил жана тагдырды билген адамдын кандай болоорун абдан жакшы билишсе да, бул жагынан ар дайым көйгөй тартып, окуялардын натыйжасын күтүүгө чыдамдары жетпейт жана башына келген окуяларды жакшылык көзү менен баалай алышпайт. Бир заматта дүрбөлөңгө түшүп, күмөн санап, коркуп кетишет. Аллахтын бардык окуяларды толук башкараарын түшүнө алышпаганын реакциялары менен апачык билгизип коюшат.

Ар дайым абийирин угуп иш-аракет кылуу жакшы адеп-ахлактын пайдубалы жана мусулмандын сыпаты. Мусулмандардын арасындагы пассивдүү кишилер болсо абийирлерин толук колдонушпайт. Жеңил иштерде абийирлерин угуп, напсилери үчүн кыйын болгон, кызыкчылыктарына дал келбеген же жалкоолонгон иштерде угушпайт. Мисалы, мындай кишилер кечиримдүүлүктү, токтоо мүнөздүүлүктү жана бул тууралуу Курандын аяттарын да айтып берүүлөрү мүмкүн. Бирок ошондой кулк-мүнөздү көрсөтүшү керек болгон учур келгенде жеке каалоолорун угушат. Мисалы, абийирлери башка мусулмандардай кайраттуу болуп, ар дайым күжүрмөндүк кылууга үндөсө да, ал кишилер напсилерин угуп, иштерди басаңдатууну жана жайбаракат кыймылдоону жеке кызыкчылыктары үчүн туурараак көрүшөт. Бирок чыныгы мусулмандын абийири ар дайым напсисин жеңет. Аллах бир аятында мусулмандардын бул өзгөчөлүгүн төмөнкүчө кабар берген:

 

Кээ бир адамдар болсо өзүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнайт... (Бакара Сүрөсү, 207)

 

Мусулман ачуусун жеңет жана кекчилдик кылбайт. Напсисиндеги жаман сыпаттарды жеңүүдөн чоң ырахат алат. Адамдарды кечирүүнү жана аларга түшүнүү менен мамиле кылууну жактырат. Анткени Аллах Куранда мусулмандарга төмөнкүдөй буйрук берген:

 

Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге (жакырларга) жана Аллах жолунда хижрат кылган (көчкөн) кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин. Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, ырайымдуу. (Нур Сүрөсү, 22)

 

Дин адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылгандар бул нерселерге да көп маани беришпейт, жеке кызыкчылыктарына карама-каршы келген учурларда бир заматта катуу кыжырданып кетүүлөрү мүмкүн. Кээде оң да, терс да реакция көрсөтпөй, абдан пассивдүү мамиле кылышат. Ошентип мусулмандар үчүн маанилүү болгон маселелердин аларды кызыктырбаганын көрсөтүшөт. Руханий баалуулуктарга сөз тийгизилген учурларда да ачууланышпайт. Мындагы максаты – ошол кайдыгерлиги аркылуу тымызын айланасындагы кишилерге кенебестик жана кайдыгерлик кылууну кадыресе нерседей көрсөтүү. Ушул ыкма менен башка адамдарды да пассивдүүлүккө түртө алабыз деп ойлошот. Бирок мындай реакциялардын кандай мааниге келээрин эң жакшы билген баамчыл мусулмандар айланаларында дин адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылган, эки жүздүү адамдарды көргөн сайын этият жана сак боло башташат.

Бул жерде белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, мындай кишилер атайылап жакшы адеп-ахлактуу болбогонго аракет кылышат. Жогоруда да айтылгандай, алар адамгерчиликти, жан аябастыкты, туруктуулукту, боорукердикти, сабырдуулукту, кыскасы жакшы адеп-ахлакты билбеген адамдар эмес. Тескерисинче, булардын баарын абдан жакшы билишет жана бирөө сураса Курандагы аяттар менен түшүндүрүп бере алышат. Бирок бир жагынан ыймандары алсыз болгондуктан жана экинчи жагынан мусулмандарды өз ойлорунда барктабай турганын көрсөтүү үчүн, буларды атайын кылышпайт. Болбосо ал кишилер чоң өлчөмдө материалдык кызыкчылык алаарын билишсе, ар кандай жан аябастыкка даяр болушат. Талап кылынган адеп-ахлакты эч кемчиликсиз аткарышат. Мисалы, бир фирманын жогорку жетекчисинен кызыкчылык күтүп жаткан болсо, ал кишинин ар бир сөзүн кемтиксиз аткарып, абдан сылык мамиле кылат, анын ар кандай мамилесине сый-урмат жана кичипейилдик менен жооп берет. Бул, албетте, алардын адеп-ахлагынын бийиктигин көрсөтпөйт. Тескерисинче, керек учурда жакшы кулк-мүнөз сыпаттарын билип туруп аларды аткарбашы ал кишилердин алдамчылыгын апачык далилдейт.

Мындай кишилердин дагы бир сыпаты, Куран адеп-ахлагынан абдан алыс болушканы менен, напсилери үчүн кыйын кырдаал жаралганда, аяттарды колдонуп мусулмандардан өздөрүн коргогонго аракет кылышат. Тагыраак айтканда, мусулмандарга кылган иштерибиз тагдырга жазылган экен, атайылап ката кетирген жокпуз, бизди «ар нерседе жакшылык бар» деген көз менен баалагыла деген эскертүүлөрдү жасашат. Мындагы максат – мусулмандардын үгүттөөсүнө жолтоо болуу жана Куран менен эскертип, бир нерсе айтышына бөгөт коюу. Болбосо, мусулмандар бүт нерсенин тагдырга жазылганын жана Аллахтын каалоосу менен болоорун ансыз да билишет. Бирок бул дүйнөдөгү сыноонун бир талабы катары окуяларды көрүнүшүнө карап жана Куранда көрсөтүлгөн чен-өлчөмдөрдүн негизинде баалашат. Ошондуктан мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөн ар кандай жүрүм-турумга жана эки жүздүүлүк сыпаттарына карата ар дайым сак болуп, керектүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

Аллах Курандын аятында «(Өз ойлорунда) Алсыратуу үчүн аяттарыбыз тууралуу аракет кылгандар...» (Саба Сүрөсү, 5) деп, мындай кишилердин чындыктарды жашыруу жана мусулмандардын иш-аракеттерин чектеп аларды пассивдештирүү максатында «алсыратуучу аракеттер кылышаарын» кабар берет. Куулугунан улам жанында окулган аяттарды жана аларга байланыштуу чечмелөөлөрдү келечекте өздөрүн акташы керек болгондо колдонуу максатында, угуп эстерине түйгөн мындай кишилердин бул шайтандык аракеттеринен эч кандай майнап чыкпайт. Алардын аяттарды өздөрүнүн туура эмес түшүнүгү боюнча чечмелөөгө аракет кылаары бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:

 

Сага Китепти Ал түшүрдү. Анын Китептин өзөгү (негизи) болгон бир катар аяттары мухкем (ачык аяттар); калгандары болсо мүтешабих (терең маанилери бар аяттар). Жүрөктөрүндө илдети барлар фитна чыгаруу жана болбогон жоромолдорду жасоо үчүн анын мүтешабих тарабын ээрчишет. Чындыгында болсо анын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким билбейт. Терең илимдүү адамдар болсо: «Биз ага ишендик, баары Раббибиздин Кабатынан» дешет. Акылдуу адамдар гана сабак алып-ойлонушат. (Али Имран Сүрөсү, 7)

 

Сооптуу иштерди кылууну каалашпайт

Аллах Курандын көптөгөн аяттарында сооптуу (чын ыкластуу) иштерди кылуунун маанисин бизге эскерткен. Ал аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Чындыгында ыйман кылып, чын ыкластуу (салих) иштерди жасагандар, алар үчүн түгөнбөгөн сыйлык бар. (Фуссилет Сүрөсү, 8)

 

Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо, Раббилери аларды Өзүнүн мээримине алат. Апачык чоң бакыт жана кутулуу мына ушул. (Жасия Сүрөсү, 30)

 

Ыйман кылып, чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо; мына ошолор жаратылгандардын эң жакшылары. (Беййине Сүрөсү, 7)

 

Дин адеп-ахлагын толук кабыл албаган адамдардын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болсо, чын ыкластуу, башкача айтканда сооптуу иштерди кылууну каалашпайт жана камырабастык кылышат. Аллах аятында «Чындыгында араңарда камырабастык кылгандар бар...» (Ниса Сүрөсү, 72) деп, мусулмандардын арасындагы ушундай кишилерге көңүл бурган. Мындай кишилер сооптуу иштерден абдан алыс болушат. Жеке кызыкчылыктары болбосо, мусулмандардын пайдасына эч нерсе кылгылары келбейт. Аллах аятында чын ыкластуу иштерди жасагандар менен жасагысы келбеген адамдардын ортосундагы айырманы төмөнкүчө кабар берген:

 

Бирок ыйман кылгандар жана чын ыкластуу иштерди жасагандар болсо, аларга сыйлыктарын толук берет жана аларга Өзүнүн берешендигинен андан да көбүн берет. Ардангандарды (каалабагандарды) жана текеберленгендерди болсо жан сыздаткан азап менен азаптайт жана (алар) өздөрүнө Аллахтан башка бир коргоочу дос жана жардамчы таба алышпайт. (Ниса Сүрөсү, 173)

 

Мындай кишилер ыймандууларды таштап, караңгы жашоолоруна кайтуу ыктымалдыгын эч качан унутпагандыктан, сооптуу иштерди кылууну өз ойлорунда убакытты текке кетирүү катары көрүшөт. Эгер көп иштеп, көп эмгек коротсом, келечекте бушайман болушум мүмкүн деп ойлошот жана ошондуктан кызмат кылууда мүмкүн болушунча камырабастык кылышат.

Аллахка чындап ишенген адам болсо Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү үчүн болгон күчүн жумшагысы келет. Бир ишти бүтүрөөр замат экинчи сооптуу ишке өтөт жана мүмкүн болушунча динге эң ылдам, эң көлөмдүү жана эң туура кызмат кылат. Аллахка жакындыгын колунан келген эң сооптуу иштерди өмүрүнө батыруу аркылуу көрсөтүү үчүн олуттуу аракет кылат. Ар дайым Исламдын, мусулмандардын пайдасын ойлойт, бүт адамзат тынчтык, ынтымак, коопсуздук жана бейпилдикте жашашы үчүн ой-пикирлерди сунуштайт жана аларды ишке ашырат. Ошондуктан чыныгы диндар адамдын негизги белгилеринин бири – Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалган кызматтардагы каалоосу жана дилгирлиги.

Бирок жүрөгүндө илдети бар адамдар кызыкчылык күтпөстөн сооп үчүн кызмат кылууну каалашпайт. Жүрөктөрүндө аларга кызыкчылык күтпөй кызмат кылууга түрткү бере турган Аллах сүйүүсү жана Аллахтан коркуу жок. Ошондуктан акы албастан чарчоону, керек учурда уйкусуз калууну жана жан аябастык кылууну кыйын көрүшөт. «Эгер материалдык кызыкчылык болбосо, эмнеге өзүмдү чарчатышым керек» деп туура эмес ойлонгондуктан, ар дайым жайбаракат кыймылдашат. Материалдык киреше алуу ыктымалдыгы бар иштер үчүн күнү-түнү уйкусуз калууга, талыкпай иштөөгө, ал тургай, ар кандай жан аябастыкка даяр болушса, Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасала турган кызматты өз ойлорунда чоң жүк катары көрүшүп, ар бир жасаган иши үчүн ыймандууларды карыздар сездиргилери келет. Бирок бул, албетте, эч нерсе кылышпайт деген мааниге келбейт. Мындай айлакер кишилер өздөрүн айланасына диндар көрсөтүп, өзгөчөлөнүп калбай турганчалык кызмат кылышат жана эң аз эмгек кылып күндөрүн өткөргүлөрү келет. Көбүнчө өздөрүн сездирбеш үчүн ар кандай интригаларды колдонушат. Сыркоолоо, жөндөмсүздүк, тажрыйбасыздык, түшүнүү кыйынчылыгы сыяктуу шылтоолорду айтып, ар дайым артта болушат. Ошентип сооп кылгылары келип, бирок колунан келбегенине жана мээлери жетпегенине мусулмандарды ишендиргилери келет. Аллах мындай амалкөйлүктү колдонгон кишилерге Бактылуулук доорунда жашаган эки жүздүүлөрдүн Пайгамбарыбыз (сав) менен бирге бир согушка баруудан кантип качышканын билдирүү аркылуу көңүл бурган:

 

Мүнафыктык (эки жүздүүлүк) кылгандарды да аныкташы үчүн эле. Аларга: «Келгиле, Аллах жолунда согушкула же коргонгула» деп айтылганда, «Биз согушканды билгенде, албетте силерди ээрчимекпиз» дешти. Ал күнү алар ыйманга караганда каапырчылыкка жакын эле. Жүрөктөрүндө болбогон (сөздү) ооздору менен айтып жатышкан. Аллах алардын жашыргандарын жакшыраак билет. (Али Имран Сүрөсү, 167)

 

Мүнафык мүнөздүү мындай кишилер караңгы жашоону Аллахка караганда көбүрөөк жакшы көрүшөт. Ошондуктан караңгы түшүнүктөгү чөйрөлөрдө жандуу, кыймылдуу жана көңүлдүү болушса, ыймандуулардын арасында чарчаңкы, жалкоо жана жайбаракат болуп калышат. Мындай кишилердин Аллахты эстегенде ачууланып, Аллахты эстебеген чөйрөлөрдө болсо кубанаары бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:

 

Бир гана Аллах эскерилгенде, акыретке ишенбегендердин жүрөгү ачууланып-көбөт. Ал эми Андан башкалар эскерилгенде ошол замат сүйүнүшөт. (Зүмер Сүрөсү, 45)

 

Чыныгы диндарлар болсо Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү үмүтү жана кубанычы менен, ар дайым күжүрмөн, кайраттуу жана эмгекчил болушат. Аллах аяттарда ыймандууларга мындайча буйрук берген:

 

Ошондуктан бош калганыңда, эч тынымсыз (дуба жана ибадат менен) чарчаганды улант. Жана бир гана Раббиңе кайрыл (жалбарып сура). (Инширах Сүрөсү, 7-8)

 

Аллах башка бир аятында болсо ыймандууларга «...жакшылыктарда жарышкыла...» (Бакара Сүрөсү, 48) деп буйрук берет. Бул аяттарга кулак салган ыймандуулар бир саамды да текке кетирбестен, эртеден кечке тынымсыз жакшы иштерди кылышат. Ар дайым бири-бирине жол бошотуп, эч качан бири-бири менен атаандашпаган ыймандуулар сооп иштерди жасоодо жана жакшылык кылууда бири-бири менен жарышышат. Ар дайым сооп табуу үчүн мүмкүнчүлүк издешет жана эч качан жалкоолук кылбастан, башкага же кийинкиге калтырбастан, алдынан чыккан ар бир сооптуу (салих) ишти жасашат. Чарчаганда «чарчадым» деп да айтпастан, башка иштерге өтүшөт. Кылган иштери үчүн эч кимге милдет кылышпайт жана кимдир бирөөгө жакшылык кылып жаткандай түр көрсөтүшпөйт. Тескерисинче, Аллахка, Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана көз жумганга чейин топтой турган соопторуна муктаж экенин билип, кичипейилдик жана сабырдуулук менен, эч кимден ыраазычылык да күтпөстөн, сооптуу иштерди жасашат.

Көрүнүп тургандай, дин адеп-ахлагын кабыл албаган жана «Аллахка бир учунан ибадат кылган» (Хаж Сүрөсү, 11) адамдар менен чыныгы, чын ыкластуу ыймандуулардын абалы, жүрүм-туруму жана дүйнө таанымы түп-тамырынан айырмаланат. Бир караганда экөө тең мусулман, экөө тең диндар экенин, Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылышаарын айтышат. Бирок Куранга карап баалаган адам үчүн, диндин маңызын аткарып, өзүн толугу менен Аллахка тапшырган адам менен жасалма диндар болуп көрүнгөн адамдын ортосундагы айырма айдан ачык.

 

Кыйынчылык учурларында шылтоолорду айтып артта калышат

Пассивдүүлүк тарапкерлери – Исламды жана мусулмандарды кызыктырган нерселерде артта калууну тандаган кишилер. Ар дайым сырттан, куу көзү менен, унчукпай окуяларды байкап туруу жолун тандашат. Эч качан окуяларга кийлигишип, зыянга же коркунучка бөгөт коюу үчүн акылын колдонушпайт. Исламдын кызыкчылыгын коргоого аракет кылышпайт. Бир адамдын түбөлүк бейиш жашоосунан ажырап, ыйманын жоготушуна тымызын кайдыгер карашат. Мусулмандардын пайдалуу иш-аракеттерине жана жакшы иштерине күбө болушса да, жалкоолонуп отурууну туура көрүшөт. Оңой иштерди тандоо же бир катар негизсиз шылтоолорду айтып сооптуу иштерден алыс туруу ыкмаларын колдонушат. Аллах алардын мындай амалкөй саясаттарына карата мусулмандарды эскертет. Өзүнүн Алдында алардын эмгекчил, ар бир ишти кылдаттык менен кемчиликсиз жасаган мусулмандарга тең эмес экенин кабар берет:

 

Ажыларга суу берүүнү жана Харам мечитин оңдоону, Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген жана Аллах жолунда жихад (аракет) кылгандын (кылгандарына) тең деп ойлодуңарбы? (Булар) Аллах Кабатында бирдей эмес. Аллах зулумдук кылган бир коомду туура жолго баштабайт. (Тообо Сүрөсү, 19)

 

Ыймандуулардан шылтоосу жок (мүмкүнчүлүгү болуп туруп) отургандар менен Аллах жолунда мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандар (аракет кылгандар) тең эмес. Аллах мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда даражасы жактан жогору кылган. Баарына жакшылыкты (бейишти) убада кылган; бирок Аллах жихад кылгандарды (аракет кылгандарды) отургандарга караганда улуу бир сыйлык менен жогору кылган. (Ниса Сүрөсү, 95)

 

Мусулмандарды сабатсыз ыкмалар менен алдоону үмүттөнгөн мындай мүнөздөгү кишилер үчүн болор-болбос бир кызыкчылык же пайда да абдан маанилүү көрүнөт. Алар бир аз көбүрөөк отурууну, бир аз азыраак жумуш кылууну же кылган ишин азыраак убакыт коротуп, шалаакылык менен бүтүрүүнү өздөрү үчүн пайда катары көрүшөт. Эң негизгиси, бул аркылуу алар өз ойлорунда акылдуулук кылдык, чын ыкластуу мусулмандардай кунт коюп, күжүрмөндүк кылбай, туура иш кылдык деп ойлошот.

Алардын негизги максаты мусулмандардын арасында пассивдүүлүккө жол башчылык кылуу болгондуктан, максаттарына жетүү үчүн ар кандай адеп-ахлакка сыйбаган иштерди жасашат. Мисалы, мусулмандар Куран адеп-ахлагын түшүндүрүп, адамдардын жүрөктөрүн Ислам адеп-ахлагына тартуу үчүн болгон аракеттерин жумшаса, алар тескерисинче, мусулмандардын мындай иш-аракеттеринен качуунун жолдорун издешет. Бул максатта ойго келбеген шылтоолорду айткандан да тартынышпайт. Аллах мусулмандар менен ал кишилердин ортосундагы эң негизги айырмалардын бирөөсүнүн төмөнкүдөй экенин кабар берет:

 

Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылгандар мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жехд (аракет) кылуудан (качуу үчүн) сенден уруксат сурашпайт. Аллах такыбаларды билет. Сенден Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, жүрөктөрү күмөнгө түшүп, олку-солку болуп шектенгендер гана уруксат сурашат. (Тообо Сүрөсү, 44-45)

 

Аяттардан көрүнүп тургандай, мындай кишилер мусулмандардай чын жүрөктөн аракет кылгылары келбегендиктен, ошол замат шылтоолорду айтып качууну көздөшөт. Куранда Пайгамбар Мырзабыздын (сав) доорунда жашаган кээ бир мүнөзү алсыз кишилердин чыгарган кээ бир шылтоолору төмөнкүчө кабар берилет:

 

Аллахтын элчисине каршы чыгышып, (согуштан) калып калгандар отуруп-калганына сүйүнүштү жана Аллах жолунда мал-мүлктөрү жана жандары менен жехд кылууну (аракет кылууну) жаман көрүшүп: «Мындай ысыкта (согушка) чыкпагыла» дешти. Айткын: «Тозок отунун ысыктыгы күчтүүрөөк.» Түшүнүшсө кана. (Тообо Сүрөсү, 81)

 

... Алардан бир коом болсо: «Чындыгында үйлөрүбүз ачык» деп пайгамбардан уруксат сурап жатышкан; бирок алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкылары гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 13)

 

...«Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз»... (Тообо Сүрөсү, 42)

 

Караңгы жашоосунан чыга албаган жана бул жашоого болгон ач көздүгүнөн кутула албаган мындай кишилер акыретти эмес, бул дүйнөнү тандаганын ачык айта алышпайт. Ошондуктан ойлоп тапкан ар кандай шылтоолору менен ниеттерин ыймандууларга сездиришет. Жогорудагы аяттарда белгиленгендей, кээ бири дене жагынан башка мусулмандардай күчтүү жана ден-соолугу чың эмес экени, кээ бири күндүн ысыгы ден-соолугуна терс таасир берээри сыяктуу шылтоолорду айтса, кээ бирлери социалдык абалы Ислам адеп-ахлагынын бардык талаптарын аткарууга жана башка мусулмандардай аракет кылышына тоскоол болуп жатканын айтып качышат.

Ал кишилер уруксат сураганда айта турган шылтоосун жана сөздөрүн да айлакерлик менен тандашат. Ал шылтоолор менен мусулмандарды пассивдештирүүнү жана аларды да ынандырууну көздөшөт. Ошондуктан Куранды билбеген адам алардын айткан сөздөрүн же чыгарган шылтоолорун жүйөлүү көрүшү мүмкүн. Бирок Куранда сүрөттөлгөн мүнафык кулк-мүнөзүн жакшы билген мусулмандар ал кишилердин динден алыстоо максатында колдонгон мындай сөздөрүнүн алардын чыныгы ниеттерин көрсөтөөрүн түшүнүшөт. Ал ортодо Аллахтын атын атап, чын ыкластуудай көрүнүүгө аракет кылышы жана тынымсыз ант ичиши да мусулмандар үчүн маанилүү далил болот. Анткени Аллах Куранда алардын бул сыпатына да көңүл бурган.

Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда да мүнафыктар ушул сыяктуу тактикаларды колдонушкан. Алар өз ойлорунда Аз. Мухаммед (сав)ды ишендирип, Аны ынандырууга аракет кылышкан:

 

Эгер жакын бир пайда жана орто бир сапар болгондо, алар сөзсүз сени ээрчишмек. Бирок кыйынчылык аларга алыс сезилди. «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллахтын атынан ант ичишет. Өз напсилерин (өздөрүн) кыйроого түртүшүүдө. Аллах алардын чындап жалган сүйлөгөнүн билет. (Тообо Сүрөсү, 42)

 

Эки жүздүүлөр (мүнафыктар) сага келгенде: «Биз сенин чындыгында Аллахтын элчиси экениңе чындап күбөлүк беребиз» дешти. Сенин албетте Анын элчиси экениңди Аллах да билет. Аллах чындыгында эки жүздүүлөрдүн жалганчы экенине күбөлүк берет. Алар анттарын жамынып, Аллахтын жолунан тосушту. Чындыгында алардын кылган иштери кандай жаман. (Мүнафикун Сүрөсү, 1-2)

 

Аяттардан да көрүнүп тургандай, мүнафык мүнөздүү кишилер анттарын жана кооз сөздөрүн колдонуп, өздөрүн ак ниеттүү жана ыймандуу көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок Аллах бул мисалдар аркылуу алардын чыныгы ниеттерин бүт мусулмандарга ашкерелеп кабар берүүдө.

 

Жакшы көрүүдө жана сый-урмат көрсөтүүдө пассивдүү болушат

Пассивдүү мүнөзү менен мусулмандардын арасында башкача түзүлүштү жана чөйрөнү түзгүлөрү келген кишилерди таануудагы негизги көрсөткүчтөрдүн бири – бул алардын өздөрүн ыймандуулардан алыс кармашы.

Ыймандуулар акыретте түбөлүккө бирге жашайбыз деген үмүттө болушат. Алардын бул кубанычы бул дүйнөдө эле жан дүйнөлөрүн ээлеп, аларды бири-бирине жакындатат. Аллах ыймандуулардын «бир-бирлерине жабышкан (бекем ширелген) бир үй сыяктуу сап-сап болоорун» (Сафф Сүрөсү, 4) кабар берип, ыймандуулардын бири-бирине болгон жакындыгына, чынчылдыгына жана достугуна көңүл бурган. Аллах мусулмандардын ортосундагы бул күчтүү байланышты Куранда төмөнкүчө сүрөттөйт:

 

Ыймандуулар бир тууган... (Хужурат Сүрөсү, 10)

 

Бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармагыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Аллахтын силерге берген сый-жакшылыгын эстегиле: бир кезде силер өз ара душман болуп, (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү бири-бирине үлпөт кылды жана Анын бул жакшылыгы себептүү (бир туугандай) дос болуп калдыңар... (Али Имран Сүрөсү, 103)

 

Мусулмандардын ортосундагы бул терең жана Аллахка болгон ыйманга таянган күчтүү байланыштан күчтүү жакындык, жакшы көрүү жана сый-урмат келип чыгат. Бирок мусулмандардын ортосундагы жакшы көрүү жана сый-урмат караңгы адамдардагы утурумдук жана алсыз пайдубалдарга таянган жакшы көрүү сыяктуу эмес. Бул толугу менен Аллахка болгон терең сүйүүгө жана коркууга таянган абдан күчтүү сезим. Мусулмандар Аллахка болгон ыйманына жана бекемдигине таянган бир жакшы көрүү сезими менен бири-бирин жакшы көрүшөт. Бир адамдагы ыймандын белгилери канчалык күчтүү болсо, ал адамга болгон ишеними, жакшы көрүү жана сый-урмат сезимдери ошончолук күчтүү болот.

Аллах Куранда сүйүүнү сезе билүү жөндөмүн жогорку сапат катары сүрөттөйт:

 

Жана Биз ага Кабатыбыздан сүйүү сезимталдыгын жана таза-пакизалык (да тартууладык)... (Мариям Сүрөсү, 13)

 

Ал эми башка адамдарга ыйман көзү менен карабаган жана мусулмандардын Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн кылган чын ыкластуу аракетин баалай албаган кишилер болсо аларды жакшы көрүп, аларга жакындык сезишпейт. Мындай кишилер материалдык кызыкчылык ала албай турган бир адамга жакын болууну акылдуулук катары көрүшпөйт.

Алар жалган айтып, кайдыгерлигин канчалык жаап-жашырганга аракет кылышса да, муздак жана кайдыгер көз караштары жана мусулмандар менен чын жүрөктөн маектеше албашы аркылуу чыныгы ниеттерин көрсөтүп коюшат. Өзгөчө кулк-мүнөздөрүндө басымдуулук кылган муздак, кайдыгер жана адамдардан обочолонгон мүнөзү мындай кишилердин чыныгы кулк-мүнөзү тууралуу мусулмандарга олуттуу белги берет. Көпчүлүк мусулмандарда жылуулук, мээримдүүлүк жана чыныгы достук өкүмчүлүк кылса, бул кишилер муздак, терс, обочолонгон жана башкача мүнөздүү болушат. Жакшы көрүү сезимин билдирүү жөндөмү болбогондуктан, кадимки адамдардын көздөрүндөгү сүйүүнү көрсөткөн жылуулук жана жакындык ал кишилерде болбойт. Тескерисинче, айлакер, акылдуусунган, расмий, маанисиз, муздак жана сырдуу көз караштары менен мусулмандарды аңдышат. Аз. Мухаммед (сав)дын доорунда жашаган кээ бир кишилердин Куранды угуп жаткан кездеги Пайгамбар Мырзабызды караган көз караштары мунун бир мисалы. Раббибиз мындай кишилердин көз караштарына төмөнкүчө көңүл бурган:

 

Ал ыймансыздар зикирди (Куранды) укканда, сени көздөрү менен кулатчудай болушат. «Ал чындыгында бир жинди» дешет. Чындыгында ал (Куран) ааламдарга бир зикир (насаат, эскертүү, өкүм жана бийик кадыр-барк) гана. (Калем Сүрөсү, 51-52)

 

Жалпысынан караганда, мусулмандардын эч бири менен чын жүрөктөн мамиле түзө алышпаганын жана жакын досторунун жок экенин көрүүгө болот. Мындай кишилердин достугу, алдыда каралгандай, өздөрү сыяктуу алсыз көрүнгөн кишилерди өздөрүнө тартып пассивдештирүү максатын көздөйт. Аллах жүрөгүндө оорусу бар кишилердин бири-бирин таанып колдоорун жана бири-бирине жакын болоорун аяттарда төмөнкүчө кабар берет:

 

Жандарына барганда, бир-бирине каш-көз ишараттарын кылышчу. Өз жакындарына кайтканда болсо, күлүп кайтышчу. (Мутаффифин Сүрөсү, 30-31)

 

Чын ыкластуу мусулмандардын Куранга таянган адеп-ахлак түшүнүгүндө сүйүүнүн, чынчылдыктын, акыреттик күчтүү достуктун өтө маанилүү орду бар. Мусулмандар чын ыкластуу бир адамды жагымдуу көз караштарынан, сүйүү сезимталдыгынан жана адамга жакындыгынан аныктай алышат. Бул чен-өлчөмгө туура келбеген адамдарга, тагыраак айтканда, жогоруда айтылгандай мүнөзү муздак, обочолонгон жана жакшы көрүү сезими байкалбаган адамдарга, албетте, күмөн менен карашы мүмкүн. Алардын мындай обочолонгон мамилесинин артында алардын дин адеп-ахлагына жана мусулмандарга болгон жек көрүү жана кастык сезимдери турушу мүмкүн деп күмөн санашат. Аллах мусулмандарга андай кишилерге ишенип, алар менен сырдашпагыла деп буйрук берет жана ичтериндеги чыккынчылыгынын сыртка чыгарганынан алда канча чоң экенин кабар берет:

 

Эй ыйман келтиргендер, силерден эместерди сырдаш кылбагыла. Алар силерге жамандык жана зыян тийгизүүгө аракет кылып, силерге оор кыйынчылык бере турган нерсени жактырышат. Жаман көрүү (жана душмандыктары) ооздорунан сыртка чыкты, көкүрөктөрүндө жашыруун сактагандары болсо андан күчтүүрөөк. Балким акыл жүгүртөөрсүңөр деп силерге аяттарыбызды түшүндүрдүк. (Али Имран Сүрөсү, 118)

 

Аллахты эстешпейт

Мусулмандардын эң негизги сыпаттарынын бири – бул ар дайым Аллахты эстеши. Алар сүйлөгөндө дайыма Аллахты мактап, Аны чын жүрөктөн урматтап даңкташат. Мусулмандардын арасында пассивдүүлүктү жайылткысы келген кишилер болсо Аллахты мүмкүн болушунча аз эстешет. Ал тургай, Аллах жөнүндө сөз болгон жерлерден мүмкүн болушунча алыстоого аракет кылышат. Бир аятта мындай деп айтылат:

 

Жана алардын жүрөктөрүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болуучу тосмолорду, кулактарына бир тоскоолдук койдук. Сен Куранда Раббиңди гана «бир жана жалгыз» (Кудай) катары эскергениңде, «жаман көрүү менен качып», артты көздөй кетишет. (Исра Сүрөсү, 46)

 

Аллах аятта кабар бергендей, шайтан аларды ороп-курчап алган жана аларга Аллахты эстөөнү унуттурган (Мүжаделе Сүрөсү, 19). Жеп-ичүү, кийим-кече, музыка, спорт сыяктуу темаларда абдан шайыр жана көңүлдүү маектешкен мындай кишилер Аллах тууралуу сөз болгондо андай көңүлдүү жана жандуу болушпайт. Абдан жай, токтоо сүйлөшөт. Бирок эч унчукпай коюудан да тартынгандыктан, мүмкүн болушунча калып сүйлөмдөрдү колдонушат жана теманы эртерээк башкага буруп өзгөрткөнгө аракет кылышат. Мындай кишилердин чын жүрөктөн Аллахтын Затын мактаганын, улуулугун айтканын угуу дээрлик мүмкүн эмес. Сөздөрү мусулмандардан айырмаланып чынчылдыктан алыс, жасалма болот жана диний темаларда өз ойлорунда философия (Ислам динин аруулайбыз) жүргүзүшөт. Аллахтын атын эстөөдөн, ыйман, жакшы адеп-ахлак тууралуу сөз кылуудан атайылап качышат. Анткени жүрөгүнөн толук кабыл албаган бир ишенимди жактоодон жана айтып берүүдөн намыстанышат. Ошондуктан Аллахты эстегенде көбүнчө эсинде сакталган кээ бир маалыматтарды башкалардан уккан белгилүү калыптар менен айтышат, чын дилинен сүйлөй алышпайт.

Мусулмандардын болсо жүрөктөрүндө жана ойлорунда ар дайым Аллах болгондуктан, айткан пикирлеринин баары чын дилинен чыгат. Аллах Куранда ыймандуулардын мындай ой жүгүртүүсүн аятта «Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта» (Али Имран Сүрөсү, 191) деп кабар берет. Башка аятта болсо Аллах ыймандуулардын жүрөктөрүнүн Аллахты эстөө менен гана тынч болоорун кабар берет:

 

Булар – ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер. Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет (тынчтанат). (Рад Сүрөсү, 28)

 

Мусулмандардын Аллахка болгон сүйүүсү пассивдүүлүктү каалаган адамдардын соодага, жубайларына, досторуна, үй-бүлөлөрүнө же кандайдыр бир нерсеге болгон жакындыгынан жана сүйүүсүнөн алда канча күчтүү болот. Ошондуктан ойлорунда жана сөздөрүндө ар дайым Аллахты эстешет. Аллах бир аятында чыныгы диндарлардын Аллахка болгон сүйүүсүнүн күчүн төмөнкүчө кабар берет:

 

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)

 

Чыныгы диндарлардын тескерисинче, пассивдүү мүнөздөгү кишилер өздөрү Аллахты эстегенден алыс болуп, башкаларды да тосууга аракет кылышат. Аллах Курандын аятында «Аллахтын мечиттеринде Анын атынын эстелишине тоскоол болгондон жана аларды бузууга аракет кылгандан да залимирээк ким бар?...» (Бакара Сүрөсү, 114) деп ал кишилердин ушул тарабына көңүл бурат.

Мындай кишилер Аллах аятында «...сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнүн айтылышынан да тааныйсың» (Мухаммед Сүрөсү, 30) деп билдиргендей, мусулмандарга таптакыр окшобогон сүйлөө манералары менен айырмаланышат. Сүйлөө манераларынан алардын адеп-ахлагынын мусулмандыкына окшобогону сезилет. Сөздөрүнөн мусулман эч качан маани бербеген, жөнөкөй нерселерге ашыкча маани бергени сезилген жана окуялардын Аллахтын башкаруусунда экенин унуткан бир адам сыяктуу көрүнүшөт. Бир канча китеп же гезиттен окуган маалыматтарын башкаларга кооз сүйлөмдөр менен, ыймандык жылуулук жана кичипейилдикке сыйбаган, супсак жана текебер манерада айтып беришет. Алар муну мусулмандардын алдында «өзүн көрсөтүү» же бир артыкчылык катары көрүшкөнү менен, булардын эч бири жүрөктөрүнө бейпилдик алып келбейт. Абийирлеринин терең басымын жана азабын басаңдатпайт. Тескерисинче, дайыма тынчсызданып жана коркуп жашашына себеп болот.

 

Терс ойлорго жана куру санааларга оңой алдырышат

Дин адеп-ахлагынын талаптарын толук аткарбаган кишилердин ыйманынын алсыздыгы караңгы түшүнүктөгү адамдардын терс ойлоруна да оңой алдырышына себеп болот. Дин керек эмес, бул дүйнөдөгү жашоону гана ойлош керек деген сыяктуу туура эмес ойлор айтылса, аны кубанып тастыктоолору мүмкүн. Же бир киши аларга барып «мен ишенбей калдым, динге жана ибадаттардын керек экенине ишенбейм, караңгылык доорунун түшүнүктөрү менен жашайм» десе, бул да аларга жагат. Ушуга окшогон пикирлер жана сунуштар айтылса, алардын эрки оңой эле майтарылат жана динден алыс адамдарды оңой эле ээрчип кетишет. Мындай адамдарды намаз окуганы же кээ бир ибадаттарды аткарганы үчүн, мусулман катары көрүү жана тескери чакырыктарды жактырбайт деп ойлоо туура эмес болот.

Мындай кишилер айланасында көргөн каада-салттардын таасиринен улам динди түздөн-түз четке кагуудан балким тартынышы мүмкүн. Ошондуктан «Куран адеп-ахлагынан алыс жаша» деген кишиге сөз жүзүндө каршы чыгышы ыктымал. Бирок сөз жүзүндө каршы чыгышса да, иш жүзүндө караңгы түшүнүктөгү жашоо образын көргөндө, аны кубанып тосуп алышат. Ошондой жашоо образын абдан эңсешет. «Биз ишенбей калдык, динге жана Куранга ишенбейбиз» деп ачык айтышпаса да, караңгы түшүнүктөгү адамдардын караңгы адеп-ахлагын, жагымсыз жүрүм-турумдарын, негизсиз ишенимдерин камтыган жана колдогон жашоо образын жактырышат. Айланаларындагы кишилердин акыретти бүтүндөй унутуп бул дүйнөгө берилишине, сооптуу иштерди кылуунун ордуна маанисиз жана максатсыз өмүр сүрүшүнө, ач көздүк менен байлыктарын көбөйтүшүнө, атак-даңк үчүн уятсыз иштерди жасашына же Аллахтын ыраазылыгынын ордуна адамдардын ыраазылыгын ойлоп жашашына тынчсызданышпайт. Ал тургай, жүрөктөрүндө «оорусу» бар адамдар ушундай жашоо образы менен жашаган адамдардын бул туура эмес түшүнүктөрүн жана дүйнө таанымдарын колдой турганын аларга ар кандай жолдор менен көрсөтүшөт. Аллах Куранда мындай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берет:

 

Ким ыйманынан соң Аллах (жөнүндө) ыймансыздыкка адашып, жүрөгү ыйманга толуп туруп, кысымчылыкка алынып мажбурлангандан тышкары, каапырдыкка жүрөгүн ачса, мына ошолорго Аллахтын каары келет. Алар үчүн чоң азап бар. Бул алардын бул дүйнө жашоосун акыретке караганда көбүрөөк жакшы көрүшү жана чындыгында Аллахтын ыймансыз коомду туура жолго салбашы (хидаят бербеши) себептүү. (Нахл Сүрөсү, 106-107)

 

Аллах бардык доорлордо мусулмандардын жакын чөйрөсүндө ыйман кылгандан кийин шайтандын азгырыктарына алданып, караңгы ишенимге кайткан кишилер болушу мүмкүн экенине көп аяттарда көңүл бурган. Куранда мындай топтордун бири катары Аз. Мусанын коомунун ичинде жашаган эрки алсыз кишилер айтылган. Алар Аллах жакшы көрүп тандаган, адеп-ахлагы бийик Аз. Мусанын үгүтүн жана руханий таалимин түздөн-түз уккан, көрсөткөн кереметтерине күбө болгон кишилер болушкан. Аз. Муса аларды, Аллахтын уруксаты менен, «аларды жан чыдагыс азаптарга салган» фараондун туткунунан бошотуп, аларга Аллахтын аяттарын жеткирип, хидаяттарына себепчи болгон. Бирок Аз. Муса Аллахтан вахий алуу үчүн коомун калтырып кеткенде, ал кишилер Аз. Мусанын жоктугунан пайдаланып, Самири аттуу бузуку бир кишинин шайтандык азгырыктарына алданышкан. Өзүн ар дайым диндар адамдай көрсөткөн Самиринин бузуку чакырыктары көп кишини азгырып, аларды Аллахка шерик кошууга түрткөн.

Аллах Аз. Мусага коомунун бул абалын «Мындай деди: «Биз сенден кийин коомуңду сыноодон (фитнадан) өткөрдүк, Самири аларды жолдон адаштырды» (Таха Сүрөсү, 85) деп кабар берген жана мындан улам Аз. Муса коомуна кайра кайткан. Андан кийинки окуяларды Аллах аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

 

...«Эй коомум, Раббиңер силерге сонун убада бербеди беле? Силерге (берилген) сөз (же мөөнөт) абдан узак сезилдиби? Же Раббиңерден качып кутулбас каардын түшүшүн каалап, мага берген убадаңарды буздуңарбы?» деди. «Биз сага берген убадабызды өз эркибиз менен бузган жокпуз, тигил коомдун (Египет калкынын) кооздук буюмдарынан бир катар жүк алып алганбыз, аларды (отко) таштадык, ошентип Самири да таштады» дешти. Ошентип аларга мөөрөгөн музоонун айкелин жасады, «мына силердин да, Мусанын да кудайы ушул, бирок (Муса) унутту» дешти. (Таха Сүрөсү, 86-88)

 

Аяттарда айтылгандай, ал кишилер убадаларын өз эрки менен бузбаганын, Самиринин таасири менен ошол ишке барышканын айтышкан. Самиринин бузуку чакырыктарынан улам ыймандарынан кайтып, бир музоонун айкелин кудай кылып алышкан. Самири аттуу жолдон адашкан киши болсо «...Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам. Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим. Напсим мени ушуга жетеледи» (Таха Сүрөсү, 96) деп өзү айткандай, напсисин уккан киши болгон. Ал кишилер абийирлерин укпагандыктан, бир кишинин азгырыгына алданып, Аллахка сыйынуудан баш тартып, өздөрү жасаган бир музоонун айкелине сыйынып жолдон чыгышкан. Бирок Аз. Муса араларына кайтып келгенде, кандай абалга түшүшкөнүн түшүнүшкөн.

Аз. Мусанын коомунун дагы бир жолдон адашуусу болсо, Аллах аларды деңизден өткөрүп, фараонду сууга чөктүргөндөн кийин, кайра туура жолдон адашып, караңгы түшүнүктөгү адамдарга суктана башташкан. Мындай суктануулары ушунчалык күчөп, буттарга сыйынган бир коомду көргөндө, адеп-ахлаксыздык кылышып Аз. Мусага «бизге бут жасап бер» деп айтканга чейин барышкан. Бул тууралуу Курандын аяттары төмөнкүдөй:

 

...Буттардын (идолдордун) алдында ийилип (сыйынып) жаткан бир коомду көрүштү. Мусага: «Эй Муса, алардын кудайлары сыяктуу, сен да бизге бир кудай жасап бер» дешти. Ал: «Силер чындыгында караңгылык (сабатсыздык) кылып жаткан бир коомсуңар» деди. «Алардын тутунган нерсеси (дини) кыйрап жок болот жана кылгандары (ибадаттары) да текке кетет. Ал силерди ааламдардан артык кылса, мен силерге Аллахтан башка бир кудай издейинби?» Силерди оор азаптар менен кордоп, аялдарыңарды аман калтырып эркек балдарыңарды өлтүргөн фараондун үй-бүлөсүнөн силерди куткардык. Бул Раббиңер тарабынан силер үчүн чоң сыноо болчу. (Аьраф Сүрөсү, 138-141)

 

Ал ыйманы алсыз кишилердин буттарга сыйынган бир элди көрүшү жолдон адашуусуна себеп болгон. Ошол замат ичтеринде ал бузуку ишенимге карата ыктоо пайда болгон. Динден алыстатуучу азгырыктардын таасиринде калуу тарых бою пассивдүүлүктү жактаган бардык адамдардын окшош өзгөчөлүгү болгон.

Аллах Куранда мындай кишилердин фитнага жакын мүнөзүн «Эгер аларга (шаардын ар) тарабынан кирилип, анан алардан фитна (башаламандык чыгарышы) талап кылынганда, эч күмөнсүз ага барышмак жана мында өтө аз (убакыт) гана (ойлонуп) турушмак» (Ахзаб Сүрөсү, 14) деп кабар берген. Башка бир аятта болсо Аллах «...Фитнага кайра чакырылган сайын, ага болушунча чумкушат...» (Ниса Сүрөсү, 91) деп билдирет.

Мындай кишилердин мүнөзүнүн фитнага мынчалык жакын болушунун түпкү себеби, алар шайтандын азгырыктарына кулак салышат. Аллахка ыймандан жана моюн сунуудан алыстаган бул кишилер Аллах аятында «Кээ бир адамдар Аллах жөнүндө маалыматы жок эле талаша берет жана ар шылуун шайтандын артынан ээрчийт» (Хаж Сүрөсү, 3) деп кабар бергендей, шайтандын жолун жолдошот. Аяттагы «шылуун шайтандын артынан ээрчийт» деген сүрөттөөнүн терең мааниси бар. Анткени ал кишилер жашоолорунда бир гана Аллахтын ыраазылыгын, мээримин жана бейишин көздөгөн мусулмандардын арасында жашап, аларга окшошуу жана Куран адеп-ахлагын тутунуу мүмкүнчүлүгү турса да, билип туруп тескери жолго түшүшөт. Аллах бир аятында алардын бул абалын «...Алар бардык аяттарды көрүшсө да ага ишенишпейт. Туптуура (рүшд) жолду көрүшсө да, ал жолго түшүшпөйт, адашкан (тескери) жолду көрүшкөндө болсо ал жолго түшүшөт. Мунун себеби, алар аяттарыбызды четке кагышат жана аларды түшүнүшпөйт» (Аьраф Сүрөсү, 146) деп сүрөттөйт.

Мындан улам алардын ойлорун ар дайым шайтандын азгырыктары ээлейт. Аллах аятында «(Шайтан) Аларга убадаларды берет, аларды болор-болбос куру кыялдарга салат. Чындыгында болсо шайтан аларга алдануудан башка эч нерсени убада кылбайт» (Ниса Сүрөсү, 120) деп билдирген шайтандын убадалары ал кишилерди Аллахтын жолунан адаштырып, динден алыс жашоого түртөт. Ошондуктан бир катар дүнүйөлүк кызыкчылыктар үчүн динден алыстап, караңгы жашоону тандаган мындай кишилер чындыгында шайтандын куру убадаларына алданган кишилер болушат. Аллах бул чындыкты «Чындыгында, хидаят (туура жол) аларга апачык белгилүү болгон соң, артка (каапырдыкка) кайткандарды шайтан азгырып, жалган элестер менен алдады» (Мухаммед Сүрөсү, 25) деп аятында апачык кабар берет.

Азгырыкка абдан ачык болгондуктан, караңгы түшүнүктөгү кишилерден жумуш, турмуш куруу, билим алуу сыяктуу кызыкчылыктарына көбүрөөк туура келгендей көрүнгөн бир сунуш түшсө, ошол замат аны кабыл алып, Аллахты жана дин адеп-ахлагын унутушат. Анткен менен, эгер ал сунуштар Аллахтын ыраазылыгына туура келсе, мусулман адеп-ахлагынан кайтпай туруп деле ал мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышмак. Бирок алар дин адеп-ахлагы менен жашаган чөйрөдөн качуу үчүн бир себеп издешкендиктен, шылтоо менен мусулмандардан алысташат. Ошондой эле, ал кишилер эс алуу, соода-сатык, көңүл ачуу сыяктуу нерселерде да караңгы коомдун чакырыктарын угушат. Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасала турган бир иштин же ибадаттын ордуна көңүл ачууну тандап кетүүлөрү мүмкүн. Пайгамбарыбыз (сав)дын доорунда бир көңүл ачууну көрүшкөндө, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жанынан алыстап, караңгы кишилер менен бирге пайдасыз иштерге чумкугандардын жүрүм-туруму бул кишилерге абдан окшошот. Аллах мындай кишилерди төмөнкүчө сүрөттөйт:

 

Бирок алар бир соода-сатыкты же көңүл ачууну көргөндө, (ошол замат) ага чуркашты жана сени (үгүт-насаатыңды) таштап кетишти. «Аллахтын алдындагылар оюн-зооктон жана соода-сатыктан жакшыраак. Аллах ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы» деп айткын. (Жума Сүрөсү, 11)

 

Албетте, ал кишилердин шайтандын азгырыктарына мынчалык ачык болушу Аллахтын бир даанышмандыгы жана мында мусулмандар үчүн чоң жакшылыктар бар. Анткени жүрөгүндө оорусу бар адамдар менен Аллахтан корккон чын ыкластуу адамдар ошол аркылуу бири-биринен айырмаланат жана мусулмандар ал кишилерди таанып билишет. Аллах бул чындыкты аятта «Шайтандын (мындай) кошкон нерселери жүрөктөрүндө оорусу барларга жана жүрөктөрү (ар түрдүү) сезгичтиктен куру калгандарга (Аллахтын) бир сыноосу үчүн. Чындыгында, залимдер (чындыктан) алыс бир бөлүнүү ичинде» (Хаж Сүрөсү, 53) деп кабар берет. Башка бир аятта болсо Аллах «Бул Аллахтын ыпыласты тазадан ажыратып, ыпыластыктын бир бөлүгүн бир бөлүгүнө кошуп баарын бириктирип тозокко ташташы үчүн...» (Энфал Сүрөсү, 37) деп билдирет жана мунун мусулмандар үчүн бейпилдик берүүчү бир тазалык экенине ишарат кылат.

 

Жүрүм-турумдары жана сүйлөгөн сөздөрү чыныгы эмес, жасалма болот

Мусулмандардын арасында жүрүп, пассивдүүлүктү көздөгөн кишилердин эң белгилүү сыпаттарынын бири – бул жасалмалык. Муну алардын сөздөрүнөн жана жүрүм-турумдарынан оңой эле байкоого болот. Мусулмандардын арасында өздөрүн диндар көрсөтүү максатында кээ бир ибадаттарды кылып, мусулмандардай жүрүм-турумдарды жасап, мусулмандардай сүйлөшөт. Бирок алардын баарын ишенгени үчүн эмес, мусулмандардын ынандыруу үчүн жасалма окшоштурушат. Ар бир кыймыл-аракет жана жүрүм-турумдарында мусулмандарды туурагандыктан, сырттан караган кишиге бир караганда ал кишилер мусулмандай көрүнүшү мүмкүн. Алар Аллах аяттарында «Мына (ушул) намаз окугандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) окушат» (Маун Сүрөсү, 4-6) деп билдиргендей намаз окушат, «Садака кылгандарынын алардан кабыл алынышына тоскоол болгон нерсе – (бул алардын) Аллахты жана элчисин тааныбашы, намазга каалабастан келиши жана жактырбай садака кылышы» (Тообо Сүрөсү, 54) деп аятта билдирилгендей мал-мүлктөрүнөн жана акчаларынан муктаж адамдарга эл көзүнө болсо да, кээде жардам берүүлөрү мүмкүн. Бирок аяттардан апачык көрүнүп тургандай, чын жүрөктөн эмес, жасалма кылышканы үчүн, Раббибиз алардын ибадаттарын кабыл албайт.

Кыймыл-аракет менен жасалган ибадаттардан тышкары, мусулмандардын жүрүм-турумдарын жана сөздөрүн да тууроолору мүмкүн. Мусулмандардын бир нерсе тууралуу айткан сөздөрүн, сүйлөө стилин, отуруп турганын, кыскасы сырттан көрүнгөн көптөгөн өзгөчөлүктөрүн тууроолору мүмкүн. Эки жүздүү адамдардын мындай сыпатын Аллах Куранда «Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү көрүнүштөрү сага жагат. Сүйлөгөндө болсо аларды угасың. (Чындыгында болсо) Алар (мунарага окшоп) сүйөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу...» (Мүнафикун Сүрөсү, 4) деп кабар берген.

Бирок чынчылдыкты тууроо мүмкүн эмес. Адамдын сырткы өзгөчөлүктөрүн туураса болот, бирок жасалма жол менен чынчыл болуп көрүнүү мүмкүн эмес. Ошондуктан алардын чыныгы жүздөрүн ыймандуулар гана Курандын негизинде сезип көрө алышат. Аллах Куранда Пайгамбарыбыз (сав)дын доорунда да дин адеп-ахлагында атайылап пассивдүүлүк кылган ушундай адамдардын бар экенин билдирген. Ал кишилер мусулмандарга окшошуп, Аз. Мухаммед (сав)дын жакын чөйрөсүнө чейин кире алышкан. Аллах кааласа мындай кишилерди Пайгамбар Мырзабызга жүзүнөн таанытаарын кабар берген:

 

Эгер Биз кааласак, сага аларды, албетте, көрсөтөбүз, ошентип аларды жүздөрүнөн тааныйсың. Ант болсун, сен аларды сүйлөгөн сөздөрүнүн айтылышынан да тааныйсың... (Мухаммед Сүрөсү, 30)

 

Мындай кишилер жасалма жүрүм-турумдары менен өздөрүн мусулмандай көрсөтүүгө аракет кылып жатканда негизи ичинен күйүп-жанышат. Жүрөгүнөн ишенбеген, тастыктабаган жашоо образын кабыл алуу, ар дайым башкаларды тууроо алар үчүн азапка айланат. Эл көзүнө намаз окуу, жакшы сөз айтуу, кичипейил болуп көрүнүү, жакшы көргөндөй көрүнүү, каалабастан Исламга пайдалуу иштерди жасоо динди жана мусулмандарды ичинен жек көргөн бул кишилер үчүн эч оңой болбойт. Ошентсе да жеке кызыкчылыктары үчүн, напсилерине карама-каршы келген шарттар келип чыкканга чейин бул жасалма жүздөрү менен жашоодон баш тартышпайт. Напсилерине абдан оор келген, чоң кыйынчылыкка туш болгондо гана туураганга күчтөрү жетпей, акырындан чыныгы жүздөрү көрүнө баштайт. Үмүттөнгөн кызыкчылыгын ала албаганын көрүшкөндө, мурда жасалма кылгандарын да кылбай, ачууларын чыгара башташат.

Дин адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылган бул кишилер тууроо жөндөмдөрүн кээде көңүлдү башкага буруу үчүн колдонушат. Өзгөчө жасалма жүрүм-турумдарын мусулмандар байкап калганда, көңүлдү башка жакка буруу үчүн кырдаалга жараша бир кулк-мүнөздү туурай башташат. Абалга жараша өздөрүн аңкоо, жаш баладай, окуяларды түшүнбөгөн кишилердей көрсөтүшөт же тескерисинче, ажаан, урушчаак, абдан агрессивдүү кишиге айланышат. Ошентип өз ойлорунда мусулмандарды алдадык деп ойлошот. Бирок, Аллахты жана ыймандууларды алдадым деп ойлогон киши өзүн өзү гана алдайт:

 

Чындыгында, мүнафыктар (өз оюнда) Аллахты алдашууда. Бирок Ал аларды жаңылтат. Намазга турганда, каалабастан (араң) турушат. Эл көзүнө окушат жана Аллахты абдан аз эстешет. (Ниса Сүрөсү, 142)

 

Жүздөрү нурсуз болот

Өздөрүн мусулмандай көрсөтүшкөнү менен, чындыгында динди жана мусулмандарды жаман көргөн кишилердин жүздөрү чын ыкластуу мусулмандардай таза жана нурдуу болбойт. Аллах Куранда мусулмандар тууралуу «...алар Аллахтан бир берешендик жана ыраазычылык каалашат. (Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү сажданын изи...» (Фетих Сүрөсү, 29) деп билдирет жана жүздөрүндө мусулмандын белгиси бар экенин кабар берет. Башка бир аятта болсо мусулмандардын бейиште да жүздөрүндө кубаныч жана нур болоору төмөнкүчө айтылган: «Сый-жакшылыктын жаркыраган кубанычын сен алардын жүздөрүнөн көрөсүң» (Мутаффифин Сүрөсү, 24).

Тигил кишилердин жүзү болсо, тескерисинче, абдан табышмактуу жана караңгы болот. Жүздөрүндө чынчылдык, ишенимдүүлүк жана нур байкалбайт. Анын себеби – бул алардын руханий дүйнөлөрүнүн караңгылыгы. Жаман иштерди пландап, мусулмандарга калп айтканы үчүн, Аллах алардын жүрөктөрүн азаптуу жана сарсанаалуу караңгылыкка салат. Жүрөктөрүндөгү бул күчтүү басым жүздөрүнө нурсуздук катары чагылат. Аллах аятында бул кишилердеги нурсуздукту төмөнкүчө кабар берген:

 

Жамандыктарды жасагандар болсо, ар бир жамандыкка ошого тең бир жаза берилет. Аларды бир басмырлануу оройт. Аларды Аллахтан (куткара турган) эч бир коргоочу жок. Алардын жүзү караңгы түн каптагандай болот. Мына ошолор оттун тургундары; ал жерде түбөлүк калышат. (Йунус Сүрөсү, 27)

 

Пайгамбарыбыз (сав) да мындай кишилердин нурсуздугуна көңүл бурган жана жалганчылыгынан улам жүрөктөрүнүн карарганын айткан:

Кул калп айтууну жана калп айтуу ниетин уланта берсе, бир кез келип, жүрөгүндө алгач бир кара чекит пайда болот. Анан ал чекит чоңойот жана жүрөгү толугу менен капкара болот. (Муватта, Келам 18-2, 990)

Чыныгы мусулмандын жүзү болсо «Жакшылык кылгандарга андан да жакшысы жана көбү бар. Алардын жүзүн каралык да, басмырлануу да оробойт, мына ошолор бейиш калкы; ал жерде түбөлүк жашашат» (Йунус Сүрөсү, 26) деп аятта айтылгандай, ар дайым жарык болот жана айланасындагыларга бейпилдик тартуулайт. Аятта ишарат кылынгандай, жакшылык кылгандарга ошого ылайык сонун сыйлык берилет. Тигил кишилерге болсо өздөрүнүн уятсыздыгына жараша бир жаза. Аллах бир аятында дүйнөдө кылган иштеринен улам жүздөрү карарган кишилердин акыретте да ошондой абалда болоорун кабар берет:

 

Кээ бир жүздөр агарып, кээ бир жүздөр карарган күнү. Жүздөрү капкарага айлангандарга: «Ыйманыңардан кийин ыймансыз болдуңар, туурабы? Демек, каапырдык кылганыңар үчүн азапты таткыла» (деп айтылат). (Али Имран Сүрөсү, 106)

 

Бул кишилердин бузук көз карашы ашкере болгон учурлардын бири алардан Исламга кызмат кылуулары талап кылынган же өз ойлорунда бейпилдигим бузулат деп ойлогон учурлар болуп саналат. Аз. Мухаммед (сав)дын доорунда жашаган ушундай түшүнүктөгү адамдардын Пайгамбар Мырзабыз (сав) менен бирге согушка чыгууга чакырылганда, башкаларды кантип караганы мунун бир мисалы. Аятта төмөнкүчө кабар берилет:

 

Ыйман кылгандар: «(Согушка уруксат берген) Бир сүрө түшүрүлүшү керек эмеспи?» дешет. Бирок, ичинде согуш жөнүндө айтылган ачык сүрө түшүрүлгөндө, жүрөктөрүндө оорусу барлардын өлүм келген кишилердей көз менен сени караганын көрдүң... (Мухаммед Сүрөсү, 20)

 

«Байлык жана бала-бакырага болгон ачкөздүк» менен динден алыс болушат

Аллах бул дүйнөдө пенделерин ар кандай нерселер менен сынайт. Аллах бул дүйнөдө жараткан сыноолордун бири – бул бай жана бала-бакыралуу болуу каалоосу. Аллах мал-мүлктүн жана бала-бакыралардын бул дүйнөгө таандык убактылуу кооздуктар экенин аятта төмөнкүчө кабар берет:

 

Мал-мүлк жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу; туруктуу салих (чын ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиңдин Кабатында сообу жагынан жакшыраак, үмүт кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 46)

 

Бир хадисинде Пайгамбарыбыз (сав) бул чындыкка төмөнкүчө көңүл бурган:

Ар бир үммөт үчүн бир фитна (сыноо) бар, менин үммөтүмдүн фитнасы мал-мүлк.

Раббибиз байлыктын жана бала-бакыралардын адамдар үчүн бир сыноо экенин кабар берген (Энфал Сүрөсү, 28). Ошондуктан ыймандуулар Аллах бул жашоодо аларга берген сый-жакшылыктардын бир сыноо экенин билишет жана ошого жараша мамиле кылышат. Аллах аларга сый-жакшылык бергенде, ага кубанып шүгүр кылышат жана ал жакшылыкты Аллах жолунда эң туура баалаганга аракет кылышат. Эгер Аллах байлык берсе, ал байлыкты Исламдын пайдасы үчүн эң туура колдонуунун жолдорун табышат. Аллах бала берсе, балдарын чын ыкластуу мусулман кылып чоңойтуу үчүн болгон аракетин жасашат. Бул аракеттеринде ар дайым Аллахтын ыраазылыгын биринчи кезекке коюшат жана ар дайым Исламга пайдалуу болууну көздөшөт. Ошондой эле, эгер Аллах аларга берген бул сый-жакшылыктарын кандайдыр бир себеп менен алардан алып койсо, тагдырга моюн сунушат жана Аллах жараткан нерселердин баарында бир жакшылык бар экенин билишет.

Куран адеп-ахлагында пассивдүүлүк кылгандар болсо Аллах аларга насип кылган мал-мүлк жана бала-бакыраларды таптакыр башкача кабыл алышат. Мал-мүлккө болгон ачкөздүк окуяларга карата көз караштарына толук таасирин тийгизет. Аллах берген байлыкты бул дүйнөнүн убактылуу кооздугу катары көрүшпөгөндүктөн, колундагы нерселердин баарын ачкөздүк менен коргогонго аракет кылышат. Бул коргоо аракети сараңдыкка чейин жетет. Ал ортодо колундагы нерселердин баарын Аллах бергени ойлоруна келбейт, ар түрдүү пландарды түзүп мүмкүн болушунча аларды сактап калганга аракет кылышат. Аллах алардын мындай сараңдыгын Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Силер мына ушундайсыңар, Аллахтын жолунда сарптоого чакырылып жатасыңар, ошого карабастан кээ бирлериңер сараңдык кылат. Ким сараңдык кылса, ал өз напсисине (өзүнө) гана сараңдык кылат. Аллах Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), силер кедейсиңер... (Мухаммед Сүрөсү, 38)

 

Өздөрүнө таандык буюмдарды этияттык менен сакташат, бирок башка ыймандуунун мал-мүлкүнө эч өзүнүкүндөй этият карашпайт. Өзүнүн буюмдарын коргоо сезими аларда рефлекс сыяктуу иштейт. Башкалардын мал-мүлктөрүнө болсо этияттыктан алыс, ал тургай, ысырапкор мамиле кылышат. Аларды шалакылык менен колдонуп, бүтүн жана таза кармаганга аракет кылышпайт.

Өздөрүнө тиешелүү башка кырдаалдарда да ушундай мамиле кылышат. Өздөрүнүн жеп-ичкенине, ден-соолугуна өтө кылдат карашат, бирок ыймандуулардын бул муктаждыктары үчүн эч аракет кылышпайт. Бир адамдын өзүнүн ден-соолугуна кам көрүшү, жеп-ичкенине көңүл бурушу жана ооруп калбоо үчүн аракет кылышы, албетте, туура. Бирок ыймандуулар Аллахтан корккондуктан жана абийирдүү болгондуктан, башка ыймандууларды да өздөрүндөй, ал тургай, өздөрүнөн да көбүрөөк ойлоп, коргоп, колдошот. Аллах ыймандуулардын бул мамилесин Куранда төмөнкүчө сүрөттөйт:

 

...Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө көрүшөт... (Хашр Сүрөсү, 9)

 

Ал эми тигил кишилер болсо ар дайым биринчи кезекте өздөрүн ойлошот, ал тургай, өзү үчүн ыймандуулардын ден-соолугун коркунучка салуудан да тартынышпайт.

Алардын бала-бакыраларына болгон камкордугу Аллахка шерик кошуу деңгээлине чейин жетиши мүмкүн. Аллах бир мусулманга бала берген болсо, анын милдети – баласын жакшы жана таза жашоо менен камсыз кылуу жана анын Аллахка ыйман кылган, чын ыкластуу мусулман болушу үчүн аракет кылуу. Бирок тигил кишилер балдары салих мусулман болушу үчүн аракет кылышпайт, ошондой эле, аларды күрөштөн качуу үчүн бир шылтоо катары көрсөткүлөрү келет. Аллах Куранда Пайгамбарыбыз (сав)дын доорунда да эки жүздүүлөрдүн ушул сыяктуу өздөрүнүн социалдык абалдарын шылтоо кылышканын кабар берген:

 

Бедуиндерден (согуштан) артта калгандар сага айтышат: «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөлөрүбүз алаксытты. Ошондуктан биз үчүн кечирүү сура.» Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени тилдери менен айтып жатышат... (Фетих Сүрөсү, 11)

 

... Алардан бир коом болсо: «Чындыгында үйлөрүбүз ачык» деп пайгамбардан уруксат сурап жатышкан; бирок алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкылары гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 13)

  

Көрө албас жана текебер болушат

Аллах ар бир адамга белгилүү тубаса сапаттарды жана жөндөмдөрдү берген. Ал сапаттар ааламдагы бардык нерселер сыяктуу тагдырга ылайык жаратылган. Ар бир адамдын сулуулугу, мээси, жөндөмдөрү жана башка бардык сыпаттары Аллах каалаган өлчөмдө гана. Бул акыйкатка карабастан, кээ бир адамдар өзүнүн сыпаттарына ээ чыгышат. Чоң аңкоолук менен «...Ант болсун, алар өздөрүн өтө бийик санашты...» (Фуркан Сүрөсү, 21) деп аятта кабар берилгендей, ал сыпаттарынан улам бой көтөрүп, текеберденишет. Мисалы, кээде унутуп калып айтып жаткан сүйлөмүн да аягына чыгара албаганына жана Аллах каалабаса эч качан эстей албай турганына карабастан, илим-билимге өзүм жеттим деп ойлошот. Же, тескерисинче, башка адамдарга салыштырмалуу кемчиликтүү көрүнгөн тараптарынан улам басынышат. Ошентип Аллахтын бүт нерсенин жаратуучусу жана кожоюну экенин унутуп, өздөрүн көз карандысыз жандыктай (Аллахты аруулайбыз) көрүшөт. Алардын бул туура эмес түшүнүктөрүнүн пайдубалында текебердик турат. Бирок, Аллах бүт жандыктар сыяктуу аларды да жоктон жараткан жана алар да бүт жандыктар сыяктуу абдан алсыз жана муктаж. Алардын да, бүт ааламдардын да кожоюну – Аллах. Өзү муну билсе да, билбесе да, Аллахка моюн сунган жана Ал каалабаса, бир кадам да баса албайт, бир сөз да айта албайт. Акылына келген ар бир ойун, жашырган же ачык айткан ар бир пикирин, ар бир кыйынчылыгын, сарсанаасын, жүрөгүнө келген ар бир азгырыкты, кылган ар бир дубасын, сезген ар бир кубанычын, бакытын, бейпилдигин Аллах жараткан жана аларды бардык майда-чүйдөсүнө чейин билет. Худ Сүрөсүнүн 56-аятында кабар берилгендей, Аллах «...маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок...»

Сөз болуп жаткан кишилердин бул чындыктарды билип туруп, көрмөксөн болушунун себебин Аллах аятында төмөнкүчө кабар берет:

 

Абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердиктин себебинен аларды четке кагышты. Эми сен бузукулардын кандай натыйжага туш кылынганын бир кара. (Немл Сүрөсү, 14)

 

Мусулмандар аларды көп жолу чындыктарга чакырганына карабастан, алар Аллах аятында «Ага аяттарыбыз окулганда, аны укпаган өңдүү же кулагында тосмо бар сыяктуу бой көтөрүп (текебердик менен) терс бурулат» (Локман Сүрөсү, 7) деп билдиргендей, чындыктан жүз бурушат. Өздөрүн ушунчалык жогору сезишет жана Аллах аятында «...Бизге окшогон бир адамга баш ийишибиз керекпи? Анда биз чындыгында адашып, акылсыздык кылган болобуз» (Камер Сүрөсү, 24) деп билдиргендей, бир жагынан бой көтөрүшсө, экинчи жагынан чын ыкластуу ыймандууларга көрө албастык кылышат.

Мусулмандарды пассивдештирүүнү көздөгөн кишилер текебердиги жана көрө албастыгы менен айырмаланган кишилер болушат. Ал кишилер, китепте көп жолу белгиленгендей, мусулмандарга каршы жүрөктөрүндө каар сактап, аларга келе турган ар кандай жакшылыкка бөгөт болууну көздөшөт. Мусулмандардын колундагы кооздуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү ал кишилерди олуттуу азапка салат. Мусулмандарга карата көрө албастыгы ушунчалык күчөгөндүктөн, ыймандуулардын жашаган жерлеринин кооздугунун артышы, колундагы мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү аларды абдан тынчсыздантат. Ал тургай, бул тынчсыздануусу ушунчалык күчөп, андан улам ооруга чалдыккандар да болот.

Аллах ал кишилердин ыймандуулардын жакшылыктарынын көбөйүшүнө болгон тынчсыздануусун аятында ыймандууларга «Биз алдын ала чара көргөнбүз дешет жана кубанып бурулуп кетишет» (Тообо Сүрөсү, 50) деп кабар берген. Чоң-кичине, материалдык-руханий ар кандай кооздуктардын жана сый-жакшылыктардын көбөйүшү мусулмандардын шүгүр кылып, кубануусуна себепчи болсо, ал кишилердин көрө албастыгынын ансайын артышына себеп болот.

Аллах аятында «...Раббиңерден силерге бир жакшылыктын түшүшүн каалашпайт. Аллах болсо ырайымын каалаган адамына берет...» (Бакара Сүрөсү, 105) деп кабар бергендей, мусулмандарга жакшылык келишин каалашпайт. Ал тургай, «Силерге бир жакшылык келсе капаланышат, силерге бир жамандык келгенде болсо буга сүйүнүшөт. Эгер силер сабыр кылсаңар жана сактансаңар, алардын «тузактары» силерге эч зыян тийгизе албайт...» (Али Имран Сүрөсү, 120) деп билдиргендей, мусулмандардын арасында жашаганына карабастан, аларга жамандык келүү ыктымалдыгына кубанышат. Мындай маанайлары алардын чыныгы ниеттерин көрсөткөн бир апачык далил.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder