26 Şubat 2025 Çarşamba

КИРИШ СӨЗ: АДАМЗАТТЫН ТАРЫХЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ БУРУЛУШ ЧЕКИТИ

  

Адамзаттын тарыхындагы маанилүү бурулуш чекитинде жашап жатабыз. Ал бурулуш чекитинин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул бир кездерде илимдин атын жамынып бүт дүйнөгө сиңирилген материалисттик философиянын түздөн-түз илим тарабынан кыйратылышы. Материализм, тагыраак айтканда, заттан башка эч нерсе жок деп ойлогон жана Аллахтын бар экенин четке каккан философия түпкүрүндө путтарга (идолдорго) сыйынуунун заманбап түрү. Белгилүү болгондой, байыркы путпарастар таштан жана жыгачтан жасалган тотемдерге, башкача айтканда, жансыз заттарга сыйынып, аларды кудай деп кабыл алышкан. Материалисттик философия болсо адамдар жана бардык жандуулар атомдор менен молекулалар тарабынан жаратылган деген ишенимге таянат. Тагыраак айтканда, кайра эле заттарды «кудай» деп кабыл алат. Материализмдеги бул негизсиз ишеним боюнча, жансыз атомдор кандайдыр бир себептен кокусунан өздөрүн өздөрү уюштурушуп, убакыттын өтүшү менен жашоого жана аң-сезимге ээ болушкан жана аягында адамды пайда кылышкан.

Материализмдин бул негизсиз ишеними «эволюция» деп аталат. Алгачкы жолу Байыркы Шумердеги, андан соң Байыркы Грециядагы путпарас маданияттарда пайда болгон «эволюция» ишеними 19-кылымда бир материалисттик илимпоздор тобу тарабынан кайрадан тирилтилип, дүйнөнүн күн тартибине киргизилген. Чарльз Дарвин ал илимпоздордун эң белгилүүсү. Анын чыгарган эволюция теориясы 150 жыл бою илим дүйнөсүн алагды кылып, туура эмес экени көрүнүп турса да, идеологиялык себептер менен сакталып келди.

Бирок жогоруда да айтылгандай, материализм бүгүнкү күндө чоң ызы-чуу менен кыйроодо. 19-кылымга багыт берген үч белгилүү материалист ойчул болгон деп айтылат: Фрейд, Маркс жана Дарвин. Алгачкы экөөсүнүн теориялары 20-кылымда текшерилип, талданды жана аягында жараксыздыгы аныкталып, биринин артынан бири четке кагылды. Дарвин болсо биз жашап жаткан доордо жокко чыгарылууда.

Чарльз Дарвин, Карл Маркс жана Зигмунд Фрейд


2000-жылдын июнь айында болгон кээ бир маанилүү окуялар материализмдин бул чоң кыйроосун ылдамдатты.

Алгач, жарыктын ылдамдыгынан ашып өтүү максатында эксперимент жүргүзгөн илимпоздор бүт илимий божомолдорду астын-үстүн кылган бир ачылышка туш болушту. Жарыктын ылдамдыгынан эсе эсе жогору болгон эксперименталдык чөйрөдө эксперименттин натыйжасынын себебинен мурда келип чыкканына күбө болуп, абдан таң калышты. Бул 19-кылымда материалисттик пайдубалга таянып чыгарылган «себеп-натыйжа» көз карашын четке каккан. Бул ачылыш бир гезиттин биринчи бетинде «себепсиз натыйжа болушу мүмкүн экени жана бир окуянын аягы башынан мурда келип чыгышы мүмкүн экени далилденди» деп сүрөттөлдү. Чындыгында бир окуянын натыйжасынын себеби сыяктуу көрүнгөн окуядан мурда ишке ашышы бүт окуялардын өз-өзүнчө жаратылганын илимий жактан далилдейт жана материалисттик догманы толугу менен четке кагат.

Мындан тышкары, адамдын генинин түзүлүшүн түшүнүү максатын көздөгөн Адам геному долбоору жыйынтыкталды жана Аллахтын жандууларды канчалык кереметтүү жаратканын көрсөткөн «генетикалык маалыматтын» өзгөчөлүктөрү адамдардын көз алдына тартууланды. Бүгүнкү күндө бул долбоордун жыйынтыктарын талдап, адамдын бир клеткасында миңдеген беттик маалымат жашырылганын көргөн ар бир адам мунун жаратылуунун канчалык улуу далили экенин түшүнүүдө.

Бирок эволюционисттер чындыгында өздөрүнүн зыянына болгон бул ачылышты бурмалап, «эволюциянын» далилиндей көрсөтүүгө аракет кылышууда. Эң кичинекей бактериянын ДНК чынжырынын да кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюционисттер адамдын гендеринин жаныбарлардын гендерине окшошушун өз ойлорунда эволюциянын далили сыяктуу чечмелешип, элдердин ойлорун жаңылтуу максатын көздөгөн пикирлерди айтышууда. Кээ бир маалымат каражаттары болсо билиминин жетишсиздигинен жана калыстыгы жоктугунан улам, Адам геному долбоору «эволюцияга далил» болду деп ойлошууда же ошондой көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Бул китепте ушул эволюционисттик жаңылыштыктар түшүндүрүлүп, жаратылууга каршы айтылган көз караштардын логикасыздыгы жана үстүртөндүгү көрсөтүлөт. Акыркы илимий ачылыштардын дарвинизмге канчалык чоң сокку урганы да апачык көз алдыга тартууланат.

Бул китепти окуганыңызда, Аллахты танган материалисттик философиянын өлүм алдында жандалбастап жатканын жана адамзаттын 21-кылымда буга окшогон жалгандардан кутулуп, чыныгы жаралуу максатына кайтаарын сиз да түшүнөсүз.

 

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

  

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

 

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

 

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

ЖАШООНУН МААЛЫМАТ БУЛАГЫ: ДНК

  

Илимдин өнүгүшү жандуулардын кемчиликсиз тартиптүүлүккө жана өтө татаал түзүлүшкө ээ экенин, ошондуктан кокусунан эч качан пайда боло албай турганын көрсөттү. Бул жандуулардын жогорку кудуретке жана илимге ээ Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын бир далили. Мисалы, акыркы убакта Адам геному долбоорунан улам көп сөз болуп жаткан адамдын гениндеги кемчиликсиз түзүлүш, тагыраак айтканда, Аллахтын теңдешсиз жаратуусу дагы бир жолу көз алдыга тартууланууда.

Америкадан Кытайга чейин көптөгөн өлкөдөн илимпоздор болжол менен 15 жыл бою ДНК молекуласынын 3 миллиард баскычын (кодун) окуу жана кезектерин аныктоо үчүн эмгектеништи. 2003-жылдын апрель айында бул долбоордун биринчи этабын жыйынтыктай алышты. Бирок адамдын геномундагы тамгалардын тизилиши аркылуу жазылган маалымат жана анын клеткада кандайча колдонулаары эң негизги суроо болуп саналат. Ошондуктан адамдын геномунун текстке түшүрүлүшү канчалык кубанычтуу жана маанилүү ачылыш болгону менен, Адам геному долбоорун жетектеген доктор Френсис Коллинз «адамдын колдонуучу нускамасында алгачкы жолу бир бөлүктү жыйынтыктай алдык» деп белгилегендей, ДНКдагы маалыматты чечмелөөнүн алгачкы кадамы эми араң жасалды.

Бул маалыматты чечмелөөнүн эмне үчүн мынчалык көп убакыт алганын түшүнүү үчүн ДНКга жайгаштырылган маалыматтын масштабын жана аткарган кызматтарын түшүнүү керек.

 

ДНКнын сырдуу түзүлүшү

Технологиялык бир буюмду жасоо же бир ишкананы куруу жана башкаруу үчүн адамзаттын кылымдар бою топтогон тажрыйбасы менен билими колдонулат. Дүйнөдөгү эң алдыңкы жана татаал ишкана болуп эсептелген адамдын денесин куруу үчүн керектүү билим менен тажрыйба болсо ДНКда жашырылган. ДНК клетканын ядросунда кылдаттык менен корголгон өтө чоң молекула жана ал молекула адамдын денесинин маалымат базасы болуп саналат. ДНКдагы маалыматтар адамдын чачы менен көзүнүн түсү, боюнун узундугу сыяктуу бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге, клеткаларда жана денеде жүрүп жаткан миңдеген процесстерди жана системаларды да көзөмөлдөйт. Мисалы, адамдын кан басымынын төмөн, жогору же нормалдуу болушу да ДНКдагы маалыматтардан көз каранды.

Бул жерде белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, алгачкы адамдан баштап миллиарддаган адамдын клеткасында жайгашкан триллиондогон ДНКнын баары азыркыдай кемчиликсиз жана татаал бойдон уланып келүүдө. Түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү менен айран-таң калтырган мындай молекуланын эволюционисттер айткандай кокусунан пайда болушунун канчалык логикасыз экенин алдыдагы маалыматтарды окуган сайын сиздер да толук түшүнөсүздөр.

 

Адамдын клеткасындагы абдан көлөмдүү маалымат

ДНКда жазылган маалымат эч жөнөкөй нерсе эмес. Адамдын бир эле ДНК молекуласы энциклопедиянын бир миллион бетинин же, тагыраак айтканда, болжол менен 1000 китептин көлөмүндөгү маалыматты камтыйт. Көңүл буруңуз, энциклопедиянын толук 1 миллион барагы же 1000 китеп... Башкача айтканда, ар бир клетканын ядросунда адамдын денесинин функцияларын башкара алган бир миллион беттик энциклопедиянын көлөмүндөгү маалымат жазылган. Салыштыруу үчүн, дүйнөдөгү эң ири энциклопедиялардын бири болуп эсептелген 23 томдук Британ энциклопедиясы жалпысынан 25 миң беттен турат. Ошондуктан буга таң калбай коюу мүмкүн эмес. Микроскопиялык клетканын ичиндеги андан алда канча кичинекей болгон ядродо жайгашкан бир молекулада миллиондогон маалыматты камтыган дүйнөдөгү эң ири энциклопедиядан 40 эсе чоң маалымат базасы сакталып турат. Бул болжол менен 1000 томдук, дүйнөдө теңдеши жок эбегейсиз чоң энциклопедия дегенди билдирет. Күн сайын, 24 саат бою эч тынымсыз, ар секунда адамдын гениндеги маалыматтардын бирөөсү окулса, аны толук окуп чыгууга 100 жыл кетмек. ДНКдагы маалыматты китепке айландырдык деп элестетсек, ал китептерди биринин үстүнө экинчисин коюп тизгенибизде, китептердин бийиктиги 70 метрге жетмек. Эгер ДНКдагы маалыматтарды кагаз бетине жазсак, кагаздардын узундугу Түндүк уюлдан экваторго чейин созулмак.



Бул мисалдар ДНКда канчалык эбегейсиз маалымат камтылгандыгынын бир көрсөткүчү. Бирок бир молекулада маалымат бар деп кантип айта алабыз? Себеби бул жерде бир компьютер же китепкана тууралуу эмес, белок, май жана суу молекулаларынан турган, миллиметрдин жүз миңден бириндей кичинекей бир жер жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондой кичинекей, аң-сезимсиз атомдордон турган жерде миллиарддаган маалымат мындай турсун, бир эле маалыматтын болушу жана ал маалыматтын сакталышы да өтө таң калтырарлык бир керемет болот.

Азыркы учурда маалымат сакталган эң алдыңкы технология болуп компьютерлер эсептелет. Мындан 50 жыл мурда көлөмү үйдүн бир бөлмөсүндөй болгон бир компьютерде сакталган маалыматты бүгүнкү күндө кичинекей дисктер сактай алууда... Адамзаттын мээси кылымдардан бери топтолгон билими жана көп жылдарга созулган аракеттеринин натыйжасында иштеп чыккан бул акыркы технология да бир даана клетка ядросунун маалымат сактоо сыйымдуулугуна жакындай алган жок. Сыйымдуулугу ушунчалык эбегейсиз болгон ДНКнын көлөмүнүн кичинекейлигин белгилүү микробиология профессору Майкл Дентондун төмөнкү салыштыруусу мыкты чагылдырат:



Ушул күнгө чейин жашап өткөн бардык жандыктардын түрлөрүнүн бүт өзгөчөлүктөрү маалымат түрүндө ДНКга жазылса, жалпы ДНКнын көлөмү бир чай кашыктын кичинекей бир бөлүгүн араң толтурмак. Ал тургай, бүгүнкү күнгө чейин жазылган бардык китептерди батыра ала турганчалык бош орун артып калмак.1

Көзүбүз менен көрө албаган, диаметри метрдин миллиарддан бир бөлүгүнө барабар болгон, атомдордун катар тизилишинен түзүлгөн бир чынжырда мындай маалымат менен эстутум кантип пайда болушу мүмкүн? Бул суроого муну да кошуңуз: денеңиздеги 100 триллион клетканын ар бири бир миллион бетти жатка билет, сиз мээлүү жана аң-сезимдүү адам катары өмүр бою канча беттик энциклопедияны жаттай аласыз? Андан да маанилүүсү, клетка ал маалыматтарды эч кемтиксиз, абдан координациялуу жана пландуу түрдө жана эч ката кетирбестен, керектүү жерлерде колдонот. Ал тургай, адам жарала электе, клеткалары иш-аракетин баштап, аны куруп башташат...



 

Адамдын курулуш материалы клеткалар

Бир энелик клетканын сперма менен уруктанышы жаңы адамдын жашоосунун башталышы болот. Миллиондогон сперма энелик клетканы уруктандыруу үчүн бири-бири менен жарышат жана аягында бирөөсү ийгиликке жетет. Бирок бул туш келди жарыш эмес, ар бир баскычы Аллах тарабынан тагдырда белгиленип жаратылган. Аллах Куранда бул чындыкты адамдарга төмөнкүчө кабар берет:

 

Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан урук суюктугун (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)

 

Атанын сперма клеткасы эненин энелик клеткасын уруктандырганда, төрөлө турган наристенин бардык тукум куучулук өзгөчөлүктөрүн аныктай турган ата менен эненин гендери биригет. Ал миңдеген гендин ар биринин өзүнө тиешелүү функциясы бар. Чач менен көздүн түсүн, бетинин формасын, скелет түзүлүшүндөгү, ички органдардагы, мээ, нервдер жана булчуңдардагы сансыз өзгөчөлүктөрдү гендер аныктайт.

Сперма менен энелик клетка бириккенде пайда болгон клетка менен кошо, адамдын өмүрүнүн аягына чейин ар бир клеткасында коду жазыла турган ДНК молекуласынын да алгачкы көчүрмөсү пайда болот.

Уруктанган энелик клетка деп аталган алгачкы клетка бир адамга айланышы үчүн көбөйүшү керек жана муну билгендей клетка бөлүнө баштайт. Клеткалар бөлүнгөн сайын бөтөнчөлөнүшөт жана денеде жайгашышы керек болгон аймактарга барышат. Бири-бирине окшош клеткалардан турган эт жыйындысына айланбастан, бир бөлүгү, мисалы көз клеткасы болуп дал жайгашышы керек болгон жерге, бир бөлүгү жүрөктү түзүп көкүрөктөгү өзүнүн ордуна барат же тери клеткасы болуп бүт денени каптайт. Бүт клеткалар алардан түзүлө турган кыртышка канча керек болсо ошончого көбөйүшөт жана ал кыртыштар жанаша тизилип органдарды калыптандыра башташат.

Бул бөтөнчөлөнүү жана калыптандыруу координациясын ДНК молекуласы камсыз кылат. Муну унутпаш керек: ДНК эң акыркы технология менен жабдылган лабораторияларда иштеген биохимик да, секундасына триллиондогон операция жасай алган суперкомпьютер да эмес. ДНК көмүртек, фосфор, азот, суутек жана кычкылтек сыяктуу атомдордон турган бир молекула.

Эми ой жүгүртүп, өзүбүздөн өзүбүз сурайлы: адамдын денесинде жайгашкан триллиондогон клетка бөлүнүп, бири-биринен көбөйөт. Бирок ар бир клеткадагы ар башка гендер ар башка учурда активдешет жана натыйжада клеткалар бири-биринен бөтөнчөлөнөт. Башкача айтканда, алгачкы клеткадан соң бөлүнүп көбөйгөн ар бир клеткада бүт генетикалык маалымат бар, тагыраак айтканда, ар бир клетка негизи жүрөктүн булчуңу, тери, эритроцит же дененин кандайдыр бир башка кыртышын жасоо жөндөмүнө ээ. Ар бир клеткада ал денеге таандык ДНКнын толук сүрөттөлүшү болгону менен, өрчүүнүн ар кайсы баскычында жана ар кайсы органдарда гендердин тиешелүү бөлүгү гана активдүү болот. Мисалы, бөйрөктүн калыптануу жана иштөө коддору ар бир клеткада болот, бирок тиешелүү гендер гана өрчүү учурунда, белгилүү убакыттарда ал органда активдүү болот. Ошол сыяктуу, белгилүү ферменттер, мисалы, глюкозо-6-фосфатаза негизинен боордо кездешет, бирок башка органдардын бардык клеткаларында бул белоктун сүрөттөлүшү бар, бирок эч качан бул белокту жасашпайт. Мисалы, көз клеткасы бул ферментти өндүрбөйт, көзгө керектүүлөрдү өндүрөт, нерв клеткалары мээ менен органдардын ортосундагы сигнал жана буйруктарды жеткирүү, боор клеткалары токсиндерди зыянсыздаштыруу, май клеткалары алсыз убактар үчүн азыктарды топтоо багыттарында адистешишет, эч бири жаңылыштык менен ашказанга тиешелүү ферменттерди өндүрүп албайт. Анда иштерди ушунчалык кемчиликсиз бөлүштүргөн ким? Клеткаларга бөлүнүү жана бөлүнгөндөн кийин ар кайсы багыттарда адистешүү буйругун берген ким? Болгондо да, бардык клеткалардагы баш ийүү аң-сезиминин булагы эмнеде жана кимди угуп ушунчалык кемчиликсиз тартип жана уюшкандык менен иш-аракет жүргүзүшөт? Булардын эч биринин кокусунан болгон окуялардын натыйжасында келип чыккан туш келди системалар эмес экени айдан ачык.

Бул кемчиликсиздик клеткалардын өз убагында өз ордунда жайгашуусу жана туура гендерди активдештирүүсү менен эле чектелбейт. Клеткалар ошол эле учурда жашоонун керектүү баскычында, керектүү санда болушу шарт. Кээ бир «тейлөөчү» гендер дээрлик бардык клеткаларда, ар дайым иштейт. Башка гендер кээ бир клеткаларда эле, адамдын жашоосундагы ылайыктуу, өтө маанилүү убакта гана, бир канча сааттан аз кызмат кылат, андан соң күтүү режимине өтүп, кийинки кызматын күтөт. Мисалы, эмизүү учурунда сүттү иштеп чыгуу гендер тарабынан ылдамдатылат. Колдогу маалымат керектүү учурда, керектүү өлчөмдө жана керектүү жерде ишке киргизилет. ДНКда сакталган миллиарддаган маалыматтын мынчалык аң-сезимдүү, пландуу, максаттуу, эсептүү жана акылдуу башкарылышын жана колдонулушун эволюционисттердин «кокустук» көз караштары эч качан түшүндүрө албайт. Дүйнөдө эч бир система, эң жөнөкөйү да кокусунан пайда боло албайт, демек микроскопиялык кичинекей жерде болуп жаткан пландаштырылган жана уюштурулган иш-аракеттердин себепчиси катары кокустуктарды эсептөө таптакыр логикага сыйбайт. Натыйжада эволюционисттер да клеткалардагы бөтөнчөлөнүүнү жана иштердин кемчиликсиз бөлүштүрүлүшүн түшүндүрүүдөн алыс экенин кабыл алышууда. Эволюционист, микробиология профессору Али Демирсой мындай деп моюнга алат:

Чындыгында уруктанган бир энелик клеткадан түзүлүшү жана кызматтары ар түрдүү болгон, көптөгөн клетка топторунун пайда болушу ушул күнгө чейин канааттандырарлык деңгээлде түшүндүрүлө алган жок.2

Бул кереметтүү процесстердин булагынын кокустуктар же клетканын өзү эместиги айдан ачык. Андай болсо, клеткадагы бул процесстерди башкарган, белгилүү бир максатты көздөп жараткан, миллиарддаган маалыматты көзгө көрүнбөгөн кичинекей жерге батырган акыл жана кудурет кимге таандык?

 

Клеткадагы акыл

Бул учурда ашказандагы же кулактагы кандайдыр бир клетканын адамдан бир топ акылдуураак экенин моюнга алуу керек, анткени ал адамдан эсе эсе билимдүү жана ал маалыматты эң туура жана эч кемчиликсиз колдоно алат.



Андай болсо, ал акылдын булагы эмне? Кантип адамдын денесиндеги 100 триллион клетканын ар бири өз-өзүнчө ушунчалык кереметтүү акылга, билимге жана жөндөмгө ээ болушу мүмкүн? Түпкүрүндө алардын баары атомдордон турган, аң-сезими жок түзүлүштөр. Алдыбызга бардык элементтердин атомдорун коюп алып, аларды ар кандай жолдор менен жана ар кандай санда бириктирип, миллиондогон түрдүү молекулаларды алсак, баары бир андан акыл чыгара албайбыз. Ал молекулалардын чоң же кичине, жөнөкөй же татаал болушу да эч нерсени өзгөртпөйт. Жыйынтыгында аң-сезимдүүлүк менен бир ишти уюштуруп, аткара алган бир акыл эч качан пайда болбойт.

Анда, белгилүү сандагы акылсыз жана аң-сезимсиз атомдун белгилүү формада тизилишинен келип чыккан ДНК молекуласы жана аны менен шайкеш иштеген ферменттер кантип көптөгөн пландуу иштерди аткарып, клеткадагы сансыз татаал жана ар түрдүү иш-аракеттерди кемчиликсиз уюштура алышат? Мунун жообу абдан жөнөкөй: акыл ал молекулаларда же аларды ичинде камтыган клеткада эмес, ал молекулаларды ошол иштерди жасай турган кылып программалап жараткандын Өзүндө. Кыскасы, акыл чыгармага эмес, ал чыгарманы жаратканга таандык.

Эң алдыңкы компьютер да аны бүт майда-чүйдөсүнө чейин чийип, долбоорлогон, аны иштете турган программаларды түзүп, ага жүктөгөн жана аны колдонгон акылдын жана мээнин чыгармасы. Ошол сыяктуу эле, клетка да, ичиндеги ДНК менен РНКлар да, ал клеткалардан турган адам да аларды жана кылган иш-аракеттерин жараткан Заттын чыгармалары гана. Чыгарма канчалык кемчиликсиз, мыкты жана таасирдүү болбосун, акыл ар дайым ал чыгарманын ээсине таандык.

Столуңуздун үстүндөгү дептерге жазылган, кандайдыр бир маанини билдирген бир эле сүйлөмдү көрсөңүз да, муну ким жазды экен деп кызыгасыз. Дептер менен калем же сыя кокусунан бир жерге келип калып, шамалдын натыйжасында бул сүйлөм жазылып калган окшойт деп эч качан ойлобойсуз. ДНКда болсо миллиарддаган маалымат бар жана ал маалыматтардын ар бири адам үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Андай болсо эмне үчүн клетка тууралуу ушундай эле суроо туулбайт? Дептериңиздеги же компьютериңиздеги маалыматтар ал жерге бирөөлөр тарабынан жазылган болсо, алардан алда канча жогору жана алдыңкы технологияга ээ болгон ДНК ким тарабынан эч кемчиликсиз кылып жаратылып, өзү да өзүнчө бир керемет болгон кипкичинекей клетканын ичине кылдаттык менен жайгаштырылган? Болгондо да, миңдеген жылдар бою ушул күнгө чейин эч бир касиетин жоготпостон. Бул саптарды окушуңуз, көрүшүңүз, дем алышыңыз, ойлонушуңуз, кыскасы бар болушуңуз жана жашооңузду улантышыңыз үчүн ар дайым кызмат кылып жаткан клеткалардын ким тарабынан жана эмне үчүн жасалганын суроодон да маанилүүрөөк эмне болушу мүмкүн сиз үчүн?

Жашоодо сизди эң кызыктыра турган нерсе ушул суроонун жообу эмеспи, сиздин оюңузча? Асмандагы күндөн денеңиздеги ДНКларыңызга чейин бүт нерседе кереметтүү жаратылуу, план жана тартип бар. Алардын кандайдыр бирөөсүн кокусунан пайда болгон деп эсептеген көз караштарды эч качан кабыл алганга жана олуттуу караганга болбойт.

 

Эч нерсе кокусунан пайда болбойт

Сөзсүз көргөн болушуңуз керек: кээ бир имараттардын алдындагы гүлдөр кээде имараттын аталышын бере тургандай кылып тигилет. Алыстан же үстүнөн караганыңызда, гүлдөр менен имараттын же фирманын атынын жазылганын дароо байкайсыз. Бул гүлдөрдүн ал жерде туш келди өспөгөнүн, багбандар жана пейзаж архитекторлору тарабынан долбоорлонуп, тигилгенин көрсөтөт. Сиз багбандардын аны жасап жатканын көрбөгөн болушуңуз мүмкүн, бирок гүлдөр менен жазылган аталышты көргөнүңүздө аны түшүнөсүз.

Же курбуңуз менен сөз оюнун ойногон соң, тамгаларды столдун үстүндө чачылган бойдон калтырып кеттиңиз деп элестетели. Кайра келгениңизде столдун үстүндөгү тамгалар менен «ОЮНДА МЕН ЖЕҢДИМ» деп жазылып турганын көрсөңүз, аны бирөө жазганын ошол замат түшүнөсүз. Эч качан тамгалар туш келди тизилип, бул маанини билдирген сүйлөм кокусунан түзүлүп калыптыр деп ойлобойсуз, бакчадагы гүлдөр туш келди тизилип имараттын аталышы жазылып калыптыр деп ойлобогон сыяктуу эле. Кыскасы, бир жерде белгилүү бир максатты көздөгөн долбоор бар болсо, сөзсүз аны долбоорлогон бирөө бар экенин билесиз. Сиз ал дизайнерди көрбөгөн болушуңуз мүмкүн, бирок чыгармасынан же артында калган изинен анын бар экенин жана максатын түшүнөсүз.

Бул мисалдар менен муну айткыбыз келет: эгер бир жерде кичинекей эле план бар болсо, ал жерде сөзсүз акылдуу бирөөнүн издери болот. Акыл менен жасала турган эч нерсе кокусунан пайда болбойт. Мисалы, бир тоонун үстүнө триллиондогон жолу ак таштарды тоголотсоңуз, бир имараттын аталышынын кокусунан пайда болгонун көрө албайсыз. Эгер бир жерде бир сөз же сүйлөм бар болсо, ал сөздү сөзсүз бирөө жазган деп бардык адамдар кабыл алышат. Жазуучусуз сөз, дизайнерсиз дизайн болбойт.

Адамдын денеси болсо бир имараттын аталышынан же «оюнда мен жеңдим» деген сүйлөмдөн триллиондогон эсе татаал түзүлүшкө ээ жана ал татаал түзүлүштүн өзүнөн-өзү же «кокусунан» пайда болушу эч качан жана эч качан мүмкүн эмес. Болгондо да, миллиондогон жылдан бери миллиарддаган жандуулардын триллиондогон ДНКсы эч кемчиликсиз, эң идеалдуу жазылып, көзгө көрүнбөгөн кипкичинекей жерге батырылууда жана эң акылмандык менен колдонулууда. Демек, адамды да, анын клеткасы менен ДНКсын да кемтиксиз жана кемчиликсиз кылып пландап, уюштурган бир Жаратуучу бар. Муну мындай эмес деп айтуу акылдын чегинен чыгып, чындыктарга, акылга жана логикага кол салуу дегенди билдирет.

Бирок, тилекке каршы, тамгалар өзүнөн-өзү тизилип үч кыска сөздү жазышы да мүмкүн эмес деп кесе айта турган көптөгөн кишилер миллиарддаган атомдун бир-бирден пландуу түрдө тизилип, ДНКдай кереметтүү иштерди аткара алган бир молекуланы пайда кылышын «кокустуктардын» натыйжасы деп эсептеген жалганды эч каршы чыкпай угушууда. Гипноздолгон адамдын гипноздун таасиринен улам, аны эшиксиң, дараксың же кескелдириксиң деп айтса, каршы чыкпай, кабыл алышы сыяктуу...

ДНКдагы кемчиликсиз жаратуунун мисалдары муну менен эле чектелбейт. Аллах маалыматтардын ДНКда коддолуп жазылышын өтө кереметтүү жана таң калаарлык кылып жараткан.



 

ДНКнын алфавити

Клетканын ядросунда жайгашкан ДНК спиралдык түзүлүшкө ээ. Ал спиралдык түзүлүш чубалганда, ДНК узундугу болжол менен бир метрге жеткен, ипичке, узун тилкеге айланат. Узундугу дээрлик бир метрге жеткен ДНКнын кипкичинекей клетка ядросунун ичинде таңгакталып жайгашышы көңүл бурууну талап кылган жагдайлардын бири.

ДНКдагы атомдордун өзгөчө тизилиши максималдуу кодду эң аз жерге батыра ала турган эң мыкты өзгөчөлүккө ээ. Бири-бирине чырмалышкан эки спираль тепкичтин ар бир баскычында үч түрдүү элемент бар: кант, фосфат жана ДНКнын коддорун түзгөн азоттуу органикалык негиз. Бардык адамдарда материалдар менен функциялар бирдей болгону менен, бири-биринен айырмалаган өзгөчө коддор ошол азоттуу негиздер тарабынан түзүлөт. Ал негиздердин төрт түрү бар жана адамдардын ортосундагы бардык айырмачылыктарга ошол негиздердин тизилүү кезегиндеги айырмалар себеп болот. Негиздердин түрлөрү аденин, гуанин, цитозин жана тимин деп аталат. Негиздер белгилүү бир эрежеге ылайык бири-бири менен байланыш түзүшөт. Илимпоздор эми гана түшүнө баштаган бир чет тил сыяктуу, белгилүү бир код системасына ылайык тизилген бул төрт түрдүү азоттуу органикалык негизде биологиялык денебиздин бүт коду камтылган.

ДНК молекуласын түзгөн негиздер аттарынын баш тамгалары менен белгиленет: A (аденин), T (тимин), G (гуанин) жана C (цитозин). Ядродогу маалымат базасында маалыматтар ушинтип 4 тамгадан турган бир алфавит менен сакталган.

ДНК молекуласынын бир бөлүгүн түзгөн ар бир ген адамдын денесиндеги белгилүү өзгөчөлүктү башкарат. Бойдун узундугу, көздүн түсү, мурундун, кулактын, баш сөөгүнүн материалы, формасы сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөр гендердин буйругуна ылайык келип чыгат. Ал гендердин ар бирин бир китептин беттерине салыштырууга болот. Ал беттерде болсо A- T- G- C тамгаларынан турган жазуулар бар.

Адамдын клеткасындагы ДНКларда 30 миңдин тегерегинде ген бар. Ар бир ген ага шайкеш келген белоктун түрүнө жараша, саны 1000ден 186000ге чейин өзгөргөн нуклеотиддердин белгилүү бир ырааттуулугунан пайда болот. Ал гендер адамдын денесинде кызмат кылган болжол менен 200 миңдин тегерегиндеги белоктун коддорун сактайт жана ал белоктордун өндүрүшүн көзөмөлдөйт.

 

Гендердин жөнгө салынышы

Молекулярдык биологиянын эң маанилүү ачылыштарынын бири – бул кээ бир гендердин башкаларына карата таасирдүү болушу. Ага гендердин өтө татаал ырааттуулук менен уюшулганы себеп болот. Генетикалык иерархиянын түбүндө адатта кайталануучу белгилүү функцияларды аткарган гендер турат: гемоглобин жасоо, чачтын өсүшү же тамак сиңирүү ферменттеринин иштелип чыгышы сыяктуу. Ал молекулярдык жумушчулардын үстүндө «жөнгө салуучу» гендер турат, алар ал жумушчу гендерди иштетишет жана токтотушат. Мисалы, ымыркай кезде гемоглобин генинин иштешин токтотот. Жумушчулардын жана «орто деңгээлдеги башчылардын» үстүндө бир катар негизги башкаруучу гендер турат. Алардын чечимдери ондогон, ал тургай, жүздөгөн төмөнкү бөлүмдөргө таасир берет. Ал гендер ушунчалык маанилүү болгондуктан, эмбрион кезде алардын жабыркашы өлүмгө алып барышы мүмкүн.

Бул маалымат тууралуу жакшылап ой жүгүртүү керек. Гендер атомдордон турган молекулалар. Анда, ал молекулалар кантип өз ара ушунчалык тартиптүү уюша алышкан? Кантип бир молекула бир адамдын боюнун өсүшүн токтотуу керек деген чечимге келип, ал чечимин башкаларга билдирет, башкалар болсо ал чечимди түшүнүп, моюн сунуп, ишке ашырат? Мындай тартипти ким орноткон? Болгондо да, миллиондогон жылдан бери триллиондогон ген эч өзгөрүүсүз, бирдей тартип, баш ийүү, акыл жана аң-сезим менен өз милдеттерин кемчиликсиз аткарып келүүдө.

Мындай системаны кокусунан пайда болгон деп айтуу өтө чоң адашуу болот. Гендерди эң акылдуу жана эң мыкты кылып программалаган, эч күмөнсүз, бүт баарынын Рабби Аллах.

 

Кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турган ДНК

Бүгүнкү күндө математика ДНКда жазылган маалыматтардын кокусунан пайда болбой турганын далилдеди. Миллиондогон тепкичтен турган ДНК молекуласы мындай турсун, ДНКны түзгөн 30000 гендин бир даанасынын да кокусунан пайда болуу ыктымалдыгы таптакыр жок. Эволюционист биолог Фрэнк Б. Солсбери бул тууралуу мындай деп айткан:

ДНКнын түзүлүшүн ачып, Нобель сыйлыгын алган
Фрэнсис Крик жана Джеймс Уотсон


Орточо өлчөмдөгү белок молекуласы болжол менен 300 аминокислотадан турат. Аны башкарган ДНК чынжырында дээрлик 1000 нуклеотид болот. Бир ДНК чынжырында төрт түрдүү нуклеотид бар экенин эске алганда, 1000 нуклеотиддик чынжыр 4түн 1000-даражасындай комбинацияда болушу мүмкүн. Логарифмди колдонуу аркылуу эсептелип табылган бул сан акылдын түшүнүү чегинен алда канча жогору.3

Башкача айтканда, белгилүү бир чөйрөдө керектүү нуклеотиддердин баары бар жана алар өз ара байланыш түзүшү үчүн талап кылынган бардык татаал молекулалар жана байланыштыруучу ферменттердин баары даяр турат деп элестетсек дагы, ал нуклеотиддердин керектүү ырааттуулукта тизилүү ыктымалдыгы 4түн 1000-даражасынан 1ге, тагыраак айтканда, 10дун 600-даражасынан 1ге барабар. Кыскасы, адамдын денесиндеги орточо белоктун ДНКдагы кодунун кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы 10дун жанында 600 даана нөл жазылган сандын 1ине барабар. Бул астрономиялык сандан да чоң бир сан жана иш жүзүндө мындай ыктымалдык нөлгө барабар дегенди билдирет. Демек, мындай тизмек акылдуу жана аң-сезимдүү кудуреттин илими жана башкаруусу астында гана келип чыгууга милдеттүү.

Азыр өзүңүз окуп жаткан текстти карап көрүңүз. Тамгалар (ар бир тамга үчүн өз-өзүнчө басма калыбы колдонулуп) өзүнөн-өзү, кокусунан тизилип, ушундай текст пайда болуп калды деген адам тууралуу кандай ойго келмексиз? Бул тексттин акылдуу жана аң-сезимдүү бирөө тарабынан жазылганы анык. ДНКдагы абалдын да мындан эч айырмасы жок.



ДНКнын түзүлүшүн ачкан биохимик Фрэнсис Крик бул темада жүргүзгөн изилдөөлөрү үчүн Нобель сыйлыгын алды. Крик ышкыбоз эволюционист болгонуна карабастан, ДНКнын кереметтүү түзүлүшүнө күбө болгон соң жазган эмгегинде бул илимий чындыкты төмөнкүчө белгилеген: «бүгүнкү күндө колубуздагы маалыматтардын негизинде, чынчыл адам бир гана тыянакка келе алат: жашоонун пайда болушу бир керемет».4 Криктин ою боюнча, жер бетинде жашоо эч качан өзүнөн-өзү пайда боло алмак эмес. Көрүнүп тургандай, ДНК темасында эң адис киши да эволюционист болгонуна карабастан, жашоонун пайда болушунда кокустукка орун жок деп айтууда.

ДНКдагы маалыматтардын канчалык кылдат тартипке жана тең салмактуулукка ээ экенин эске алганда, анын кокусунан эч качан пайда болбой турганын мындан да жакшыраак түшүнөбүз. Үч миллиард тамгадан турган ДНКдагы маалыматтар A-T-G-C тамгаларынын катарынан атайын, белгилүү бир ирет менен тизилишинен пайда болот. Бирок ал иретте бир тамгада да ката кетирилбеши керек. Энциклопедияда бир сөз же тамга туура эмес жазылса маани берилбейт, ал тургай, көбүнчө байкалбайт дагы. Ал эми ДНКда болсо кандайдыр бир баскычтагы, мисалы 1 миллиард 719 миллион 348 миң 632-баскычтагы бир тамганын туура эмес коддолушу сыяктуу бир ката да клетка үчүн жана натыйжада адам үчүн кооптуу натыйжаларга себеп болушу ыктымал. Мисалы, жаш балдарда кездешкен гемофилия (кан рагы) оорусу ушундай туура эмес коддолуудан келип чыгат. Генетикалык түзүлүштөгү ар кандай каталардан келип чыккан көптөгөн генетикалык оорулар белгилүү. Өтө олуттуу натыйжаларга алып келген мындай оорулардын бир гана себеби бар: генетикалык коддогу миллиарддаган тамганын бирөөсүнүн же бир канчасынын туура эмес жерде жайгашуусу. Мисалы, монголизм же Даун синдрому абдан көп кездешет. Ага бардык клеткалардагы 21-хромосома жубунда кошумча хромосоманын орун алышы себеп болот. Дагы бир мисал – Гентингтон хореясы. Оорулуунун 35 жашка чейин ден соолугу чың болот, бирок ал жаштан кийин күтүүсүздөн колунун, бутунун жана бетинин булчуңдары өзүнөн-өзү жыйрыла баштайт. Айыктырыла албаган жана өлүмгө себеп болгон бул оору мээге да таасир бергендиктен, оорулуунун эс тутуму жана ой жүгүртүү жөндөмү да барган сайын начарлайт.

Даун синдрому менен
жабыркаган бала

Мындай генетикалык оорулар маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: генетикалык код ушунчалык кылдат, тең салмактуу жана кемчиликсиз эсептелип пландалгандыктан, андагы тартиптин болор-болбос эле өзгөрүшү да олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Бир эле тамганын кем же ашыкча болушу өлүмгө алып бара турган ооруларга же өмүр бою айыкпас олуттуу майыптыктарга себеп болушу ыктымал. Ошондуктан ушунчалык кылдат тең салмактуулукту жана тартипти кокусунан пайда болгон жана, эволюция теориясы айткандай, мутациялар аркылуу өнүккөн деп эч качан айтууга болбойт. Андай болсо, ДНКда жайгашкан эбегейсиз маалымат башында кантип пайда болгон жана коддолгон? Жашоонун пайда болушун кокустуктарга байланыштырган эволюционисттер жашоонун келип чыгышы тууралуу эч бир суроого жооп бере алышпайт. ДНКнын, тагыраак айтканда, генетикалык коддун кантип пайда болгонун сураганыңызда да баарынан бир эле жоопту аласыз. Мисалы, биздин замандын эң алдыңкы эволюционист биохимиктердин бири Лесли Орджел бул суроого мындайча жооп берет:

Генетикалык коддун келип чыгышынын жалпы өзгөчөлүктөрүн да алигече түшүнө элекпиз... Генетикалык коддун келип чыгышы жашоонун келип чыгышы маселесинин эң таң калаарлык тарабы. Олуттуу прогресске жетүүдөн мурун, концептуалдык же эксперименталдык бир ачылыш талап кылынат.5

Миллиондогон бетти ээлеген миллиарддаган маалыматты кокусунан жазылып калган дегендер, албетте, ушинтип жооп таба алышпайт. Ар бир чыгарманын же ар бир маалыматтын бир автору жана ээси бар, ошол сыяктуу эле ДНКдагы маалыматтын да бир ээси жана жаратуучусу бар, жана Ал Жаратуучу улуу жана кудуреттүү, илими жана акылы чексиз, Раббибиз Аллах.

 

Жаратуунун теңдешсиз үлгүсү:

ДНКнын репликациясы


Жогоруда да айтылгандай, клеткалар бөлүнүү аркылуу көбөйүшөт. Адамдын денеси башында бир гана клеткадан турат жана ал клетка бөлүнүп, 2-4-8-16-32... болуп эселеп көбөйөт.

Бул бөлүнүү процессинин натыйжасында ДНК эмне болот? Клеткада жалгыз ДНК чынжыры бар. Бирок жаңы пайда болгон клеткага да бир ДНК керек болоору анык. Бул муктаждыкты камсыздоо үчүн ДНКда ар бир баскычы өзүнчө бир керемет болгон кызыктуу процесстер башталат. Аягында клетка бөлүнөөр алдында ДНКнын бир көчүрмөсү жасалат жана ал көчүрмө жаңы клеткага берилет!...

Клетканын бөлүнүшүнө байланыштуу байкоолор көрсөткөндөй, клетка бөлүнөөрдөн мурда белгилүү көлөмгө жетиши шарт. Ал көлөмдөн өткөндөн кийин бөлүнүү процесси өзүнөн-өзү башталат. Клетканын формасы бөлүнүүгө ылайыкталып созула баштаганда, ДНК да жогоруда айтылгандай өзүн репликация кыла баштайт.

Мунун мааниси мындай: бүт клетка кандайдыр бир мааниде бөлүнүүнү «чечет» жана клетканын ичиндеги бөлүктөр ошол бөлүнүү чечимине жараша иш-аракет жүргүзө башташат. Клеткада мындай коллективдүү жумушту жасай ала турган аң-сезимдин жок экени анык. Клетканын бөлүнүшүн камсыз кылган системаны Аллах кемчиликсиз кылып жараткан. Бөлүнүү процесси дал керектүү учурда келген бир буйрук менен башталат жана ДНК баш болуп бүт клетка ошого жараша кыймыл-аракет кылат.

ДНК өзүн көчүрмөлөө үчүн алгач бетме-бет эки бөлүккө ажырайт. Бул процесс абдан кызыктуу жүрөт. Түзүлүшү спираль формасындагы тепкичке окшогон ДНК молекуласы ал тепкичтин баскычтарынын ортосунан сыдырма сыяктуу экиге ажырайт. Натыйжада ДНК эки жарым бөлүккө бөлүнөт. Эки бөлүктүн тең кем калган жарымдары айланадагы даяр турган материалдар менен толукталат. Ошентип эки жаңы ДНК молекуласы келип чыгат. Бул операциянын ар бир баскычында ферменттер деп аталган жана алдыңкы роботтор сыяктуу иштеген адис белоктор кызмат кылат. Бир караганда жөнөкөйдөй көрүнгөнү менен, бул операция учурундагы процесстер ушунчалык көп жана татаал болгондуктан, бул кубулушту ийне жибине чейин түшүндүрүү канчалаган бетти ээлейт.

Бул жерде бир нерсени унутпаш керек. Атомдордун жыйындысынан түзүлгөн ферменттер ДНК спиралынын жарымын карап, кем бөлүктөрдү аныктайт жана кемдерди тиешелүү жерлерден алып, дал керектүү жерлерге кошуп толукташат. Ошентип ДНКнын көчүрмөсү жасалат. Аң-сезимсиз, акылы жана билими жок, кипкичинекей түзүлүштөрдүн ушунчалык татаал, билимди, аң-сезимди жана акылды талап кылган иштерди кемчиликсиз аткарышы жөн гана окуп койо турган маалымат эмес. Бул маалыматтар адамдарга көрсөткөн жана ойлонткон маанилүү чындыктар бар.

Көчүрмөлөө учурунда пайда болгон жаңы ДНК молекулалары текшерүүчү ферменттер тарабынан кайра кайра текшерилет. Кандайдыр бир ката кетирилген болсо (андай каталар абдан орчундуу болушу мүмкүн), ошол замат аныкталып, оңдолот. Туура эмес код үзүп алынып, ордуна туурасы алып келинип, орнотулат. Бул иш-аракеттер ушунчалык эбегейсиз ылдамдыкта жасалат, тагыраак айтканда, бир мүнөттө 3000 баскычтан турган нуклеотид өндүрүлөт, ал ортодо ал баскычтардын баары жооптуу ферменттер тарабынан кайра кайра текшерилип, керектүү оңдоолор жүргүзүлөт.

ДНКнын көчүрмөсүн жасоо процессинин канчалык эбегейсиз ылдамдыкта аткарылаарын жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү маалыматтар пайдалуу болот: клетканын бөлүнүшү 20 мүнөттөн 80 мүнөткө чейин созулат жана ал ортодо ДНКдагы маалыматтын да көчүрмөсү жасалышы керек. Башкача айтканда, ДНКдагы 3 миллиард маалыматтын көчүрмөсү 20-80 мүнөттүк убакытта бир жери да унутулуп калбастан, эч катасыз жана кемчиликсиз жасалууда. Муну бир китепканадагы бардык маалыматтын же 1000 даана китептин же болбосо бир миллион беттик тексттин ушунчалык кыска убакытта эч катасыз жана кемчиликсиз көчүрмөлөнүшүнө салыштырууга болот жана бул улуу керемет. Ошондой эле, көңүл буруңуз, бул жумушту жасагандар технологиялык аппараттар же жогорку сапаттуу ксерокопия машиналары эмес, кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон ферменттер.

Эбегейсиз ылдамдыкта өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында тышкы таасирлердин натыйжасында кадимки шарттарга караганда көбүрөөк ката кетирилиши мүмкүн. Мындай учурда клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйруктун негизинде ДНКны оңдоочу ферменттерди чыгара башташат. Ошентип ДНК өзүн-өзү коргойт жана өзүн да, тукумунун уланышын да кепилдикке алат.

ДНКнын репликациясы


Клеткалар да адамдар сыяктуу төрөлүп, көбөйүп, анан өлүшөт. Бирок клеткалардын өмүрү алардан куралган адамдын өмүрүнө караганда алда канча кыска. Мисалы, алты ай мурда денебизди түзгөн клеткалардын көпчүлүгү азыр жок. Бирок өз убагында бөлүнүп, ордуларына жаңыларын калтырганы үчүн, сиз азыр жашап жатасыз. Ошондуктан клеткалардын көбөйүшү, ДНКнын көчүрмөлөнүшү сыяктуу процесстер, канчалык татаал болбосун, адамдын өмүрү үчүн кичинекей ката да кетирилбей турган, өтө маанилүү процесстер. Бирок көчүрмө жасоо процесси ушунчалык кемчиликсиз иштегендиктен, ката көрсөткүчү 3 миллиард баскычтан бир баскычка гана барабар. Ал жалгыз ката дагы кандайдыр бир көйгөйгө себеп болбостон, денедеги андан да жогорку көзөмөл механизмдери тарабынан жок кылынат.

Эң кызыктуусу, ДНКны жасаган жана анын түзүлүшүн көзөмөлдөгөн ферменттер кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде, ДНКнын буйругу менен жана анын көзөмөлү астында өндүрүлөт. Бул жерде чиелешкен кереметтүү бир система бар жана мындай системанын акырындап, бир-бирден болгон кокустуктар менен бул абалга келиши эч качан мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК болушу керек, ДНК болушу үчүн кайра фермент болушу шарт, экөөсү тең болушу үчүн клетка мембранасынан баштап бардык татаал органеллдерине чейин толугу менен бар болушу зарыл.

Жандуулар көптөгөн «пайдалуу кокустуктардын» натыйжасында «акырындап» келип чыккан деген көз карашты жактаган эволюция теориясы бул ДНК-фермент парадоксу тарабынан толугу менен четке кагылат. Себеби ДНК менен фермент бир учурда пайда болушу шарт. Бул алардын жаратылганын көрсөтөт.

Эртеден кечке чейин сизге эч сезилбестен, өмүрүңүз көйгөйсүз уланышы үчүн денеңизде кереметтүү кылдаттык жана жоопкерчиликтүүлүк менен сансыз процесстер жана көзөмөлдөр жүргүзүлүп, чаралар көрүлөт. Бүт баары өз милдетин кемчиликсиз жана ийгиликтүү аткарат. Аллах эң чоңунан эң кичинекейине, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин сансыз атомдорду жана молекулаларды ден-соолугуңуз чың болуп, жакшы өмүр сүрүшүңүз үчүн сизге кызмат кылдырып койгон. Эч тынымсыз шүгүр кылышыңыз үчүн ушул берешендик жана сый-жакшылыктын өзү эле жетиштүү.



 Аллах тынчтанышыңар үчүн түндү, жарык катары күндүздү силер үчүн жаратты. Күмөнсүз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Момун Сүрөсү, 61)

 

Эволюционисттердин чарасыздыгына дагы бир мисал:

«РНК дүйнөсү» сценарийи

Эволюционисттер алгачкы жандуу клетка кантип пайда болгон деген суроо тууралуу 20-кылымдын башынан баштап ар түрдүү теорияларды чыгарышты. Бул жөнүндө алгачкы эволюционисттик гипотезаны чыгарган орус биолог Опарин жүз миллиондогон жыл мурдакы примитивдүү дүйнөдө бир катар туш келди химиялык реакциялар менен башында белоктор пайда болуп, анан алардын биригишинен клеткалар пайда болгон деген ойду айткан. Опарин 1930-жылдары чыгарган бул көз караштын эң негизги пайдубалдарынын да туура эмес экенин 1970-жылдардагы ачылыштар көрсөткөн: Опариндин «примитивдүү дүйнөдөгү атмосфера» сценарийинде органикалык молекулалардын пайда болушуна шарт түзгөн метан жана аммиак газдары болгон. Бирок чыныгы атмосферанын метан менен аммиактан турбаганы, тескерисинче органикалык молекулаларды жок кыла турган кычкылтек газын көп өлчөмдө камтыганы аныкталды.

Клеткада белоктун өндүрүлүшү


Бул молекулярдык эволюция теориясына чоң сокку болду. Миллер, Фокс, Поннамперума сыяктуу эволюционисттердин «примитивдүү атмосфера эксперименттеринин» баарынын жараксыз экени аныкталды. Ошондуктан 1980-жылдары башка эволюционисттик изденүүлөр келип чыкты. Анын натыйжасында башында белоктор эмес, белоктордун маалыматын камтыган РНК молекуласы пайда болгон деген ойду жактаган «РНК дүйнөсү» сценарийи чыгарылды. 1986-жылы гарварддык химик Уолтер Гилберт тарабынан чыгарылган бул сценарий боюнча, мындан миллиарддаган жыл мурда кандайдыр бир себептен өзүн-өзү көчүрмөлөй алган бир РНК молекуласы кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болгон. Анан ал РНК молекуласы айлана-чөйрөнүн шарттарынын таасири астында күтүлбөгөн жерден белокторду өндүрө баштаган. Андан соң маалыматтарды башка молекулада сактоо муктаждыгы пайда болгон жана кандайдыр бир жол менен ДНК молекуласы пайда болгон.

Ар бир баскычы ыктымалсыздыктар тизмегинен турган жана элестетүү да кыйын болгон бул сценарий жашоонун келип чыгышын түшүндүрүүнүн ордуна, маселени ого бетер чоңойтуп, көптөгөн чечилгис суроолорду пайда кылган:

Рибосомада өндүрүлгөн белок чынжырлары

1 РНКны түзгөн нуклеотиддердин бир даанасынын пайда болушун да кокустуктар менен түшүндүрүү мүмкүн эмес болсо, анда кыялдагы нуклеотиддер кантип туура иретте тизилип, РНКны пайда кылышкан? Эволюционист биолог Джон Хорган РНКнын кокусунан эч качан пайда болбой турганын төмөнкүчө кабыл алат:

Изилдөөчүлөр РНК дүйнөсү түшүнүгүн тереңирээк изилдеген сайын улам көбүрөөк маселе пайда болууда. РНК башында кантип пайда болгон? РНК менен анын бөлүктөрүнүн лабораторияда эң жакшы шарттарда синтезделиши да абдан татаал, мындай шартта пребиотикалык (жашоого чейинки) чөйрөдө ал кантип синтезделген?11

2 Кокусунан пайда болду деп кабыл алган күндө да, болгону бир нуклеотид тизмегинен турган ал РНК кайсы аң-сезим менен өзүн көчүрмөлөөнү чечкен жана кайсы механизм менен өзүнүн көчүрмөсүн жасай алган? Өзүнүн көчүрмөсүн жасап жатканда керектүү нуклеотиддерди кайдан тапкан? Эволюционист микробиологдор Джеральд Джойс менен Лесли Орджел абалдын үмүтсүздүгүн төмөнкүчө белгилешкен:

Талкуу чечилгис бир жагдайга такалууда: полинуклеотиддердин башаламан аралашмасынан чыгып, күтүүсүздөн өзүн-өзү көчүрмөлөй алган ошол кыялдагы РНК уламышы... Бул түшүнүк учурдагы пребиотикалык химия түшүнүгүбүз боюнча чындыкка туура келбейт, ошол эле учурда РНК өзүн көчүрмөлөй алган бир молекула деген ашыкча оптимисттик көз карашты да четке кагат.12

Миллер

3 Ал тургай, эгер примитивдүү (алгачкы) дүйнөдө өзүн көчүрмөлөй алган бир РНК пайда болгон жана айлана-чөйрөдө РНК колдоно турган сансыз өлчөмдө ар түрдүү аминокислоталар бар болгон деп элестетсек жана бул ыктымалсыздыктардын баары кандайдыр бир жол менен ишке ашкан деп кабыл алсак дагы, мунун баары жалгыз белок молекуласы пайда болушу үчүн да жетиштүү болмок эмес. Себеби РНК болгону белоктун түзүлүшү жөнүндөгү маалымат. Аминокислоталар болсо чийки заттар. Бирок белокту жасай турган кандайдыр бир «механизм» жок. «РНК болсо эле белок жасалат» деген көз караш бир унаанын кагаз бетине тартылган долбоорун ал унааны түзө турган миңдеген тетиктин үстүнө таштап койсо эле, унаа өзүнөн-өзү кураштырылып калат деп күткөнгө тете жана бул эч акылга сыйбайт. Себеби ал унааны өндүрө турган завод жана жумушчулар жок.

Белок клетканын ичиндеги абдан татаал процесстердин натыйжасында көптөгөн ферменттин көмөгү менен рибосома аттуу заводдо өндүрүлөт. Рибосома болсо клетканын кайра эле белоктордон турган татаал органелли. Ошондуктан бул рибосома да ошол эле учурда кокусунан пайда болгон деген дагы бир акылга сыйбаган көз карашка алып келет. Эволюциянын эң фанат жактоочуларынын бири, Нобель сыйлыгынын ээси Жак Моно дагы белок синтезин нуклеин кислоталарындагы маалыматка эле таяндырууга болбой турганын төмөнкүчө түшүндүрөт:

Код (ДНК же РНКдагы маалымат) өткөрүлмөйүнчө эч мааниси жок. Азыркы клеткадагы код өткөрүү механизми эң аз 50 макромолекулярдык бөлүктөн турат жана алардын өздөрү да ДНКда коддолгон. Ал бөлүктөр болмоюнча код өткөрүлө албайт. Бул айлампа качан жана кантип толукталган? Муну элестетүү да абдан кыйын.13

Доктор Лесли Орджел

Алгачкы дүйнөдөгү РНК чынжыры кайсы эрк менен мындай чечимге келген жана кайсы ыкмаларды колдонуп, 50 атайын кызматкер бөлүкчөнүн жумушун өзү жалгыз аткарып, белокту өндүргөн? Эволюционисттердин бул суроолорго бере турган эч кандай жообу жок.

Сан-Диего Калифорния университетинен Стэнли Миллер жана Фрэнсис Крик менен чогуу иштеген белгилүү эволюционист, доктор Лесли Орджел «жашоонун РНК дүйнөсү аркылуу башталышы» ыктымалдыгы тууралуу «сценарий» деген сөздү колдонгон. Орджел ал РНКнын кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу керек экенин жана анын мүмкүн эместигин American Scientist журналынын 1994-жылы октябрь айындагы санында жарыяланган «The Origin of Life on the Earth» аттуу макаласында төмөнкүчө белгилейт:

Бул сценарий келип чыгышы үчүн алгачкы дүйнөдөгү РНКда азыркы учурда болбогон эки касиеттин болушу талап кылынат: белоктордун көмөгүсүз өзүн көчүрмөлөй алуу касиети жана белок синтезинин бардык кадамдарын жасай алуу касиети.14

Апачык көрүнүп тургандай, Орджел «сөзсүз шарт» деп белгилеген бул эки татаал процессти РНК сыяктуу бир молекуладан күтүү эволюционисттик кыялдануу күчүндө жана көз карашта гана болушу мүмкүн. Конкреттүү илимий чындыктар болсо «жашоо кокусунан келип чыккан» деген көз караштын жаңы версиясы болуп эсептелген «РНК дүйнөсү» гипотезасынын таптакыр мүмкүн эмес жомок экенин көрсөтүүдө.

 

Жансыз молекулалардын биригиши

жашоону түшүндүрө албайт

Профессор Чандра Викрамасингхе
Жогоруда айтылган бардык ыктымалсыздыктарды жана акылга сыйбастыктарды бир саамга унутуп, алгачкы дүйнөнүн шарттары сыяктуу эң ылайыксыз чөйрөдө бир белок молекуласы кокусунан пайда болду деп элестетели.

Бир белоктун пайда болушу да жетпейт, ал белок ошондой көзөмөлсүз чөйрөдө эч зыян тартпастан, өзүнө окшоп кокусунан пайда боло турган башка белокторду күтүшү керек болмок... Клетканы түзө турган миллиондогон ылайыктуу жана керектүү белоктордун баары «кокусунан» бир жерде жанаша пайда болгонго чейин. Мурда пайда болгондор ошондой чөйрөдө ультра-кызгылт көк нурларга, катаал механикалык таасирлерге карабастан, эч нерсе болбой, сабырдуулук менен жанында башка белоктордун кокусунан пайда болушун күтүшү керек болмок. Анан жетиштүү санда жана бир жерде пайда болгон ал белоктор белгилүү бир максатка ылайык биригип, клетканын органеллдерин түзүшү керек эле. Араларына бир дагы чоочун зат, зыяндуу молекула, ишке жараксыз белок чынжыры аралашпашы шарт эле. Анан ал органеллдер абдан пландуу, тартиптүү, шайкеш жана максаттуу түрдө биригип, бардык керектүү ферменттерди да өздөрүнө кошуп бир мембрана менен оролсо, ал мембрананын ичи аларга идеалдуу шартты камсыздай турган атайын суюктукка толсо, таптакыр мүмкүн эмес болгон бул окуялардын баары ишке ашкан күндө да, ошол молекула жыйындысына жан кирмек беле?

Жооп «жок»! Себеби изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашоо башталышы үчүн жандууларда талап кылынган заттардын биригиши жетиштүү эмес. Жашоо үчүн талап кылынган бардык белокторду топтоп бир пробиркага салсак, баары бир жандуу клетка пайда болбойт. Бул максатта жасалган бардык эксперименттер ийгиликсиз болду. Бардык эксперименттер жана байкоолор жашоонун жашоодон гана келип чыгаарын көрсөттү. Жашоо жансыз заттардан келип чыккан деген көз караш, бул бөлүмдүн башында да айтылгандай, эволюционисттердин кыялдарында гана болгон, бардык байкоолорго жана эксперименттерге карама-каршы келген бир жомок.

Демек, жер бетиндеги алгачкы жашоо да бир Жашоодон гана келип чыккан болушу шарт. Тагыраак айтканда, «Хайй» (Жашоонун Ээси) Аллах жараткан. Жашоо Анын каалоосу менен гана башталат, уланат жана бүтөт. Эволюция болсо жашоонун кантип келип чыкканын түшүндүрүү мындай турсун, жандууларга керектүү материалдын кантип пайда болгонун жана кантип бириккенин да түшүндүрө албайт.



Кардифф университетинин Колдонмо математика жана астрономия бөлүмүнүн профессору Чандра Викрамасингхе жашоонун кокустуктардан келип чыкканына ондогон жылдар бою ишендирилген бир илимпоз катары бул чындыкты төмөнкүчө белгилейт:

Бир илимпоз катары билим алган жылдарымда илим эч кандай аң-сезимдүү жаратуу түшүнүгүнө туура келбейт деген ой мээме абдан катуу сиңирилди. Ал түшүнүккө болушунча каршы чыгуу керек болчу... Бирок азыркы учурда Жаратканга ишенүүнү талап кылган түшүндүрмөгө каршы айта ала турган бир дагы акылдуу аргумент таба албайм... Биз ар дайым ачык ой жүгүртүүгө көнгөнбүз жана эми жашоонун бирден бир логикалык жообу туш келди кокустуктар эмес, жаратуу деген жыйынтыкка келдик.15

Термодинамиканын экинчи мыйзамы боюнча, кадимки шарттарда эч нерсе
өзүнөн-өзү жакшырып өнүкпөйт, тескерисинче эскирип бузулат.


Булактар:

1 Michael Denton. Evolution: A Theory in Crisis. London: Burnett Books, 1985, s. 334
2 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, s.158
3 Frank B. Salisbury, "Doubts About The Modern Synthetic Theory of Evolution", s. 336
4 Francis Crick, Life Itself: It's Origin and Nature, New York, Simon & Schuster, 1981, s. 88
5 Orgel, Leslie E, "Darwinism at the Very Beginning of Life", New Scientist, vol.94 (April 15, 1982), s.151
6 Pierre-P Grassé, Evolution of Living Organisms, New York: Academic Press, 1977, s. 103
7 Douglas R. Hofstadter, Gödel, Escher, Bach: An Eternal Golden Braid, New York: Vintage Books, 1980, s. 548
8 Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, Cilt 271, Ekim 1994, s. 78
9 Haskins, Caryl P., "Advances and Challenges in Science in 1970", American Scientist, vol.59 (May/June 1971), s.305)
10 Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, London: Burnett Books, 1985, s. 351
11 John Horgan, "In the Beginning", Scientific American, Cilt 264, Şubat 1991, s. 119
12 G.F. Joyce, L. E. Orgel, "Prospects for Understanding the Origin of the RNA World", In the RNA World, New York: Cold Spring Harbor Laboratory Press, 1993, s. 13
13 Jacques Monod, Chance and Necessity, New York: 1971, s.143
14 Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on the Earth", Scientific American, Ekim 1994, Cilt 271, s. 78
15 Chandra Wickramasinghe, Interview in London Daily Express, 14 Ağustos 1981