20 Şubat 2026 Cuma

КИРИШҮҮ (ДИНСИЗ ЖАШООНУН АЗАБЫ)

 

Жамандык, адилетсиздик, кайгы-муң, үмүтсүздүк, кыйынчылык, жалгыздык, коркуу, стресс, ишенимсиздик, абийирсиздик, тынчсыздануу, кыжырдануу, көрө албастык, кекенүү, баңгизатка көз карандылык, уятсыздык, кумар, сойкулук, ачарчылык, жакырчылык, коррупция, уурулук, уруш-талаш, душмандык, киши өлтүрүү, согуш, кагылышуу, зулумдук, өлүм коркунучу... Булардын баары сиз дээрлик күн сайын гезит жана телевизорлордон көргөн, күнүмдүк жашоодо күбө болгон же ал тургай өзүңүздүн башыңызга келген көйгөйлөрдөн.

Адамдар жана коомдор кутулуу үчүн аракет кылган, ар тараптан күрөшкөн мындай терс көрүнүштөр, башаламандыктар жана караңгы коомдук түзүлүштөр жер бетинде кылымдардан бери өкүм сүрүүдө. Ал үчүн Байыркы Грецияны же Улуу Рим империясын, падышалык Россияны же Агартуу доорун, же ал тургай эки чоң дүйнөлүк согушка жана чоң коомдук окуяларга күбө болгон 20-кылымды карап көрсөңүз болот. Кайсы кылымга же дүйнөнүн кайсы жерине барбаңыз, абал жалпысынан көп деле өзгөрбөйт.

Адамдар ушуга чейин бул жамандыктарга каршы күрөшүштү беле же кандайдыр бир аракеттерди көрүштү беле?

Албетте, дүйнөнүн дээрлик бардык доорлорунда адамдар жогоруда айтылган терс көрүнүштөргө туш болуп, алар менен күрөшүшкөн, бирок алар эч качан чечим таба алышкан эмес, анткени алар чечимдерди ар дайым туура эмес жолдордон издешкен. Кээде башкаруунун ар кандай формаларын сынап көрүүнү, кээде адашкан агымдарга алданып, төңкөрүш жасоону жана көбүнчө кайдыгерликти тандап, терс кырдаалдардын баарына макул болууну чечим катары көрүшкөн.

Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар мындай жашоо образына ушунчалык көнүп калгандыктан, жогоруда аталган көйгөйлөрдү жашоонун чындыгы катары кабыл алып, бул көйгөйлөр болбогон коомду эч мүмкүн эместей көрүшөт. Мындай жашоого ыраазы эместигин ар дайым айтышат, бирок башка жол жок деп ойлоп, ага моюн сунушат.

Бирок бул дүйнөдө жогоруда аз эле бөлүгү айтылган мындай терс көрүнүштөрдүн эч бирине руханий жактан да, физикалык жактан да туш болбогон, ар дайым молчулук, береке, бакыт, сүйүү, сый-урмат, бейпилдик, ишенимдүүлүк, жакшы адеп-ахлак, тынчтык жана достук сыяктуу сансыз сый-жакшылыктарга бөлөнгөн адамдар да бар. Ал адамдар Аллахтын ыраазылыгы үчүн жашаган, Курандын өкүмдөрүн аткарган, Аллахтын мээримин жана бейишин үмүт кылган чыныгы динчилдер, тагыраак айтканда, ыймандуулар.

Башкача айтканда, бул терс көрүнүштөрдү чечүүнүн бир гана жолу бар: дин адеп-ахлагы менен жашоо. Адамдар толугу менен дин адеп-ахлагына ылайык жашаса, коомдордо өкүмчүлүк кылган бул караңгы көрүнүштөрдүн ордуна жаркын жашоо келет. Бардык адамдар жана коомдор кылымдар бою кыялданган, жакшылыкка жана бейпилдикке бөлөнгөн мындай маанай Куран адеп-ахлагы менен жашаганда гана орнойт.

Башында сүрөттөлгөн кырдаал болсо Куран адеп-ахлагы сакталбаганда жана Аллахтын буйруктарына көңүл бурулбаганда сөзсүз түрдө келип чыгат. Башкача айтканда, дин адеп-ахлагынан алыс болгон учурда адамдар сөзсүз бул терс көрүнүштөргө туш болушат. Себеби бул «динсиз жашоонун азабы».

Бул китепте Аллах адамдарга түшүргөн Куранда сүрөттөлгөн «мыкты адеп-ахлак» үлгүсү туу тутулган учурда «динсиз жашоонун азабына», тагыраак айтканда, жамандыктарга, үмүтсүздүккө, коомдук башаламандыктарга кантип бөгөт коюлаары, терс көрүнүштөрдүн кантип жоголоору, идеалдуу жашоонун кантип орноору, адамдардын материалдык жана руханий кандай пайдаларга ээ болоору жана бардык терс көрүнүштөрдөн кутулуу үчүн Куран адеп-ахлагынын эмне үчүн жалгыз альтернатива экендиги түшүндүрүлөт.

Буга чейин балким көптөгөн китептерде коомдордун жана адамдардын оор кырдаалдары каралып, социологиялык жана психологиялык жактан талданып, маселелер бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин сүрөттөлгөндүр. Бирок колуңуздагы бул китептин өзгөчөлүгү – ал талдоолорго жана жыйынтыктарга карата адамдарга эң реалдуу чечүү жолун сунуштоо жана ал жолду тандабаган учурда аларды кандай келечек күтөөрүн сүрөттөп, чын жүрөктөн эскертүү.

Ошондуктан бул китепти окуган абийирдүү ар бир адам бейпилдикке, коопсуздукка жана идеалдуу коомдук жашоого Куран адеп-ахлагы менен гана жетүүгө болоорун түшүнүп, чыныгы динге, тагыраак айтканда, Исламга багыт алат деп үмүттөнөбүз.


АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

 Аллах жаратуу үчүн план, долбоор түзүүгө муктаж эмес.

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Рабби Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

 

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

 

Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)



ДИН АДЕП-АХЛАГЫНЫН АДАМГА ЖАНА КООМГО КАНДАЙ ПАЙДАЛАРЫ БАР?

 

Адам кантип пайда болгон? Адамдын бул дүйнөдөгү максаты эмне? Өлүм деген эмне? Өлүмдөн кийин адамды кандай жашоо күтөт? Бул дүйнөдөгү жашоонун булагы эмне? Адамдын денеси, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана ааламдагы кемчиликсиз тартип кантип пайда болгон? Жакшы, жаман, туура, туура эмес деген эмне? Бул суроолордун жоопторун кайдан таба алабыз?

Ушул сыяктуу суроолордун жоопторун адамдар кылымдар бою издеп, алар тууралуу ой жүгүртүп, талашып-тартышып келишкен. Бирок бул суроолорго бардык доорлордо эң туура жоопту философтор эмес, Аллах тарабынан түшүрүлгөн «чыныгы дин» берген.

Тарых бою адамдар көптөгөн жалган диндерди чыгарышкан: синтоизм, буддизм, шаманизм, бутпарастык алардын кээ бирлери. Бул жалган диндер философия же көз караш агымынын чегинен чыга алган эмес. Бул диндерди чыгарган кишилер да жогорудагы суроолордун жообун издеп, өз ойлорунда жооп табышкан, бирок алардын эч бири так жана түптүү чечимди сунуштай алган эмес.

Чыныгы диндерди башкалардан (жалган диндерден) айырмалаган эң негизги өзгөчөлүгү – бул Жараткандан келгендиги. Аллах чыныгы диндин адамдар ойлоп чыгарган башка диндерден, философиялык же социологиялык системалардан үстөмдүгүн Куранда төмөнкүчө кабар берет:

 

Ал элчилерин түз жол жана чыныгы дин менен, башка диндердин баарынан үстөм кылуу үчүн жөнөткөн. Күбө катары Аллах Өзү жетиштүү. (Фетих Сүрөсү, 28)

 

Ал элчилерин туура жол жана чыныгы дин менен жиберет. Ал динди (Исламды) бардык диндерден үстөм кылат. Мушриктер жаман көрсө да. (Сафф Сүрөсү, 9)

 

Жараткандан келген диндердин бүгүнкү күндө сакталып калгандары – бул иудаизм, христиан жана ислам диндери. Бул үчөө тең башында Аллах тарабынан түшүрүлгөн, бирок христиан жана иудаизм диндери аларды элге жеткирген пайгамбарлардан кийин бурмаланып кеткен.

Христиан жана иудаизмдин бурмаланышы башында ал диндердин китептеринде, тагыраак айтканда, Инжил жана Тооротто келип чыккан, Жараткандан келген бул китептерге кошумча-алымчалар жасалып, алар сансыз бурмалоолорго туш болгон, аягында бири-бирине дал келбеген көптөгөн Инжил жана Тоороттор пайда болгон. Бул китептердин оригиналдары болсо кийинчерээк жоголуп же унутулуп кеткен. Бул диндер бурмаланып кеткен соң Аллах кыяматка чейин жарамдуу боло турган эң акыркы китеби Куранды жөнөткөн жана аны ар түрдүү бурмалоолордон коргой турганын кабар берген:

 

Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)

 

Куран Аллахтын коргоосу менен 14 кылымдан бери эч жери бурмаланбастан, бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Курандын алгачкы жазылган нускалары менен азыркы күндө колубузда турган нускаларынын ортосунда эч кандай айырма болбошу, бир тамгасынын да өзгөрбөгөндүгү, дүйнөнүн төрт бурчунда окулуп жаткан Курандардын баарынын бирдей болушу – Аллахтын бул акыркы китепти атайын коргогондугунун далилдеринен.

Аллах ага чейин да ар кайсы доорлордо Өзүнүн элчисин жөнөтүп, кээде китеп түшүрүп адамдарга кабар жеткирген. Алгачкы инсан Аз. Адамды да Аллах элчи кылып жер жүзүнө жиберген. Андан кийин да Аллах жер жүзүнө көптөгөн элчилерди (пайгамбарларды) жөнөтүп, китептерди түшүргөн. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

 

Адамдар жалгыз бир үммөт эле. Аллах кубанычтуу кабар берүүчүлөр жана эскертүүчүлөр катары пайгамбарларды жөнөттү жана аларга адамдар талашка түшкөн нерселер жөнүндө араларында өкүм берүү үчүн акыйкат китептерди түшүрдү... (Бакара Сүрөсү, 213)

 

Жогорудагы аятта да айтылгандай, Аллах динин адамдарга китептери жана элчилери аркылуу билдирет. Элчилер адамдарды бир жагынан сурак күнү жана түбөлүктүү тозок азабы тууралуу эскертип коркутушса, экинчи жагынан түбөлүктүү бейиш жашоосун сүйүнчүлөшөт. Адамды жараткан Аллах, албетте, анын бул дүйнөдө кандай тартипте жана кандай чөйрөдө жакшы жашаарын да эң жакшы билет. Ошондуктан пенделеринен талап кылган жашоо образы жана адеп-ахлак үлгүсү чындыгында адамдардын бул дүйнөдө да эң жакшы жашашына шарт түзөт жана акыретте да бактылуу жашоолоруна себепчи болот. Кыскача айтканда, дин адеп-ахлагы – бул адамдар коомдук жактан да, жеке жактан да эң идеалдуу түзүлүшкө жетиши үчүн Аллахтын мээриминин бир көрүнүшү катары жөнөтүлгөн система.



Чыныгы диндер жөнөтүлгөн кездеги доордун абалына жана шарттарына жараша ар башка өкүмдөрдү камтыганы менен, түпкүрүндө бир эле ишеним жана адеп-ахлак үлгүсүн адамдарга сунуштаган. Бүт баары Аллахтын бар экени, жалгыздыгы, сыпаттары, адамдын жана бардык жандыктардын жаралуу максаттары, Аллахка кантип ибадат кылуу керек экени, Аллахка жаккан идеалдуу мамиле, кыймыл-аракет жана жашоо образы, жакшы, жаман, туура, туура эмес түшүнүктөрү, адамдар бул дүйнөдө кандай жашап, түбөлүк жашоосу үчүн эмнелерди кылышы керек экени жана ушул сыяктуу эң негизги жагдайлар тууралуу бир эле негизги чындыктарды адамдарга жеткиришкен.

Аллах Кабатында чыныгы дин бирөө эле. Аз. Адамдан бери адамзатка жөнөтүлгөн чыныгы диндердин баарынын пайдубалы Ислам, тагыраак айтканда, «Аллахка моюн сунуу». Бул чындык Куранда мындайча кабар берилет:

 

Эч күмөнсүз дин – Аллах кабатында Ислам... (Али Имран Сүрөсү, 19)

 

Мусулмандар менен ахли китаптын, т.а. иудейлер менен христиандардын шарияттары бири-биринен айырмаланат. Бирок иудей жана христиандардан да, мусулмандардан да чын жүрөктөн ыйман кылгандардын жашоолорундагы негизги баалуулуктары бирдей: Аллахка билип-түшүнүп чындап ишенүү, Аллахка эч нерсени шерик кошпоо, Аллахтын ыраазылыгы, мээрими жана бейиши үчүн жашоо. Бардык коомдор Аллахтын буйруктарын толук аткарууга жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн Раббибизге чын жүрөктөн моюн сунуп, жакшы иштерде жарышууга милдеттүү. Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына ишенген, акыретке чындап ишенген жана чын ыкластан жакшы иштерди кылган үч акыйкат диндин жолдоочулары да чындыгында Раббибиздин Аз. Ибрахимге түшүргөн чыныгы динин жолдошууда.



 

... Ал силерди тандап алды жана силерге диниңерде оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дининдеги сыяктуу. Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады... (Хаж Сүрөсү, 78)

 

Тарых бою бардык пайгамбарлар Аллахтын алдында туура болгон бир гана дин адеп-ахлагын адамдарга жеткиришкен. Аз. Ибрахим, Аз. Йакуб, Аз. Йусуф, Аз. Муса, Аз. Иса, Аз. Нух, Аз. Шуайб жана башка пайгамбарлардын баары адамдарды жалгыз Аллахка шерик кошпостон ыйман кылууга, бир гана Анын ыраазылыгы үчүн жашоого жана Анын буйруктарын аткарууга чакырышкан. Курандын бир аятында мындайча кабар берилет:

 

Ал: «Динди туптуура сактагыла жана анда бөлүнүүчүлүккө түшпөгүлө» деп динден Нухка осуят кылганын жана сага вахий кылганыбызды, Ибрахимге, Мусага жана Исага осуят кылганыбызды силер үчүн да бир шарият кылды... (Шура Сүрөсү, 13)

 

Көрүнүп тургандай, иудейлерге жана христиандарга, кээ бир өкүмдөрүндө айырмачылыктар болгону менен, түшүрүлгөн дин түпкүрүндө бир эле. Үч диндин жолдоочулары да чындыгында Аз. Ибрахимдин урпактары. Еврей жана христиандар да, дал мусулмандар сыяктуу, эч нерсени шерик кошпостон Аз. Ибрахимдин «ханиф» (таухид: жалгыз Аллахка ишенип, Ага гана ибадат кылуу) динин жолдогонго милдеттүү. Курандын бир аятында Раббибиз бардык ыймандуулардын Аз. Ибрахимдин динин жолдогонго милдеттүү экенин төмөнкүчө кабар берет:

 

Алар: «Иудей же христиан болгула, ошондо туура жолго түшөсүңөр» дешти. «Жок, Ибрахимдин дини ханиф (жалгыз Жаратканга ишенген) дин (туура жол), ал мушриктерден (шерик кошкондордон) болгон эмес» деп айткын. (Бакара Сүрөсү, 135)

 

Куранда пайгамбарлардын бардык доорлордо бир эле негизги ибадат жана ишеним системасына чакырганы кабар берилген:

- Аз. Закария тууралуу «Ал мээрапта намаз кылып жатканда...» (Али Имран Сүрөсү, 39);

- Аз. Шуайб тууралуу «Эй Шуайб, аталарыбыз сыйынган нерселерди таштоону же мал-мүлкүбүз жөнүндө каалаганыбызды кылуудан баш тартышыбызды сенин намазың буйрук кылып жатабы?...» дешти (Худ Сүрөсү, 87);

- Исмаил пайгамбар тууралуу «Өз элине намазды жана зекетти буйруган...» (Мариям Сүрөсү, 55);

- Исхак жана Йакуб пайгамбарлар тууралуу «... аларга жакшы иштерди, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык...» (Анбия Сүрөсү, 73) деп айтылат.

- Башка бир аятта «Муса менен анын бир тууганына мындайча вахий кылдык: «... үйлөрүңөрдү намаз окулган (жана кыбыланы караган) жерлер кылгыла жана намазды туптуура окугула...» (Йунус Сүрөсү, 87) деп белгиленет.

- Иса пайгамбар Аллахтын ага билдирген буйруктарын санап жатып мындай дейт: «... мага намазды жана зекетти осуят (буйрук) кылды» (Мариям Сүрөсү, 31).

- Ошондой эле, Куранда Аз. Локман уулуна «Эй уулум, намазды туптуура оку, жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтар...» (Локман Сүрөсү, 17) жана «... Эй уулум, Аллахка шерик кошпо. Албетте, ширк чындыгында чоң зулумдук» (Локман Сүрөсү, 13) деп насаат берет.

- Аз. Мариям тууралуу болсо «Мариям, Раббиңе чын көңүлдөн моюн сун, сажда кыл жана рүку кылгандар менен бирге рүку кыл» (Али Имран Сүрөсү, 43) деп айтылат.

Булар белгилүү негизги ибадаттар жана ишенимдер тууралуу Куранда кабар берилген кээ бир мисалдар гана жана мындай мисалдар көп. Анын себеби бардык пайгамбарларга түпкүрүндө бир эле чыныгы дин вахий кылынган. Ал чыныгы диндин негизги жана өзгөрүлбөс өкүмдөрү бир аятта төмөнкүчө кайталанат:

 

Аларга динди Ага гана чын ыкластан арнаган ханифтер (жалгыз Аллахка ишенгендер) катары бир гана Аллахка сыйынуу жана намаз окуп, зекет берүү буйрук кылынды. Эң туура (акыйкат жана бекем) дин мына ушул. (Беййине Сүрөсү, 5)

ДИНДИН ЖИБЕРИЛҮҮ СЕБЕПТЕРИ

 

Ар бир адам жаралганда эле аны жана айланасындагы бардык нерселерди жараткан Аллахтын бар экенин акылы жана абийири менен түшүнө ала турган табиятта болот.

Ааламды жана андагы нерселердин баарын бардык майда-чүйдөсүнө чейин чексиз кудуреттүү жана чексиз илим ээси Аллахтын жаратканы апачык чындык. Айланабызда көргөн нерселердин баары Аллахтын бар экендигинин ачык-айкын далилдери. Асманда учкан куштан океандын түбүндөгү балыкка, чөлдөгү төөдөн уюлдагы пингвинге, көзгө көрүнбөгөн бир бактериядан денебиздеги клеткаларга, мөмө-жемиштерден өсүмдүктөргө, булуттардан планеталарга жана галактикаларга чейин, бүт баары өтө кылдат кооздолуп, кереметтүү системалар менен жабдылган.

Ошол сыяктуу, жер бетиндеги жашоону камсыз кылган бардык системалар да кемчиликсиз тең салмактуулуктарга таянат. Ал тең салмактуулуктарда кичинекей эле жылыш же четтөө болсо, жашоого мүмкүн болбой калышы анык. Булар ушунчалык кылдат тең салмактуулуктар болгондуктан, аларды бир аз изилдегенде баарында кереметтүү тактык жана долбоор бар экенин ошол замат түшүнөбүз. Мисалы, жер планетасы өзүнүн огунда бир аз жайыраак айланса, түн менен күндүздүн температурасындагы айырма кооптуу деңгээлге көтөрүлмөк, бир аз тезирээк айланса, анда бороондордон жана суу ташкындарынан улам тирүү жандык калмак эмес.

Ушул сыяктуу, жер бетиндеги жашоого шарт түзгөн дагы көптөгөн өтө кылдат тең салмактуулуктар бар жана алардын бирөөсүнүн да кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болушу таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан акыл-эси жайында болгон адамдын мындай кылдат тең салмактуулуктарга жана тактыкка таянган системаны көрүп, аны кокустуктарга байланыштырышы мүмкүн эмес. Бир адамдын бир машинаны же кандайдыр бир технологиялык буюмду көргөндө, аны долбоорлоп жасаган аң-сезимдүү адамдардын бар экенинен эч кандай күмөн санабашы сыяктуу, бул буюмдардан алда канча комплекстүү, чырмалышкан татаал системалардан, абдан кылдат тең салмактуулуктардан турган ааламдын да өзүнөн өзү пайда боло албашында эч кандай күмөн жок. Ааламдагы ар бир нерсе чексиз кудуреттүү жана чексиз илим ээси Аллахтын бар экенин көрсөткөн апачык далилдерден. Куранда ушул сыяктуу жаратылуу далилдерине кайра кайра көңүл бурулат:

 

Силер үчүн асмандан сууну (жаан-чачынды) Ал жаадырат; андан ичесиңер, айбандарыңарды оттоткон чөп-дарактар ошондон (өсөт). Аны менен силер үчүн эгин, зайтун, курма бактары, жүзүмдөр жана мөмөлөрдүн ар кандай түрүнөн өстүрөт. Албетте, мында ойлоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Түндү, күндүздү, күндү жана айды силердин буйругуңарга (кызматыңарга) берди; жылдыздар да Анын буйругу менен кызматка даяр кылынган. Албетте, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Жерде силер үчүн өндүрүп-көбөйткөн ар кандай түстөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди). Күмөнсүз мында насаат алып, ойлонгон бир коом үчүн аяттар бар... (Нахл Сүрөсү, 10-13)

 

Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)

 


Дин тууралуу эч нерсе билбеген бир адамдын да аятта көңүл бурулган нерселер тууралуу ойлонушу Аллахтын бар экенин түшүнүп, Анын кудуретин жана илимин баалашы үчүн жетиштүү болот. Акылын жана абийирин колдонгон бир адамдын өзүнүн денеси жөнүндө ойлонушу да ага өтө улуу жаратылуу чыгармасы экенин көрсөтөт. Денебиздин ичинде кемчиликсиз уюштурулган, чырмалышкан татаал системалар бар. Бул дагы бүт аалам сыяктуу адамдын денесинин да теңдешсиз акыл тарабынан долбоорлонгонун көрсөтөт.

Жыйынтыгында бир адам бир пайгамбардан же жөнөтүлгөн бир китептен кабары болбосо да, ой жүгүртүү, айланасын баамдоо жана алардагы кереметтерди изилдөө аркылуу Аллахты таба алат. Акылман адамдар үчүн бүт тарапта Аллахтын далилдеринин бар экени аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

 

Эч күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта». (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

 

Мына ушул жерде дин адеп-ахлагы эмне үчүн керек экенин жакшыраак түшүнөбүз. Анткени Аллахтын бар экенин түшүнгөн адам Аны жакшыраак таанып, андан эмне каалаарын билгиси келет, Раббибиздин сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жетүү үчүн эмне кылуу жана кандай иштерди жасоо керек экенине кызыгат.

 

Куранда эң негизги жагдайлар түшүндүрүлгөн

Аллах пенделерине Өзүн таанытуу, талаптарын аларга билдирүү, Өзү жактырган мамиле, кыймыл-аракет, адеп-ахлак жана жашоо образынын кандай экенин, жакшы, жаман, туура, туура эмес, жагымдуу жана жагымсыз түшүнүктөрүнүн чындыгында эмнелер экенин, өлүмдөн кийин адамдарды эмнелер күтүп тураарын маалымдоо, Анын талаптарын аткарып ыраазылыгына жеткендерди кандай сыйлык күтүп жатканын сүйүнчүлөө, Ага баш көтөргөндөрдүн кандай натыйжага туш болоорун кабар берүү үчүн бардык доорлордо элчилерин жана китептерин чыныгы дин менен жөнөткөн.

Ошентип чыныгы диндер аркылуу адамдарга зарыл болгон жагдайлардын баарын Аллах өтө даанышмандык менен түшүндүргөн. Адамдар бул дүйнөдө жана акыретте эң жакшы өмүр сүрүп, эң бактылуу жана эң бейпил маанайга жетиши үчүн бардык керектүү маалыматтарды берген. Китеп жана элчи аркылуу жөнөтүлгөн чыныгы диндин бул негизги максаты Курандын көптөгөн аяттарында да белгиленет. Алардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

... Биз Китепти сага бүт нерсенин түшүндүрмөсү, Мусулмандарга бир хидаят (туура жол), бир рахмат жана бир сүйүнүчтүү кабар катары түшүрдүк. (Нахл Сүрөсү, 89)

 

Биз аны (Куранды) акыйкат катары түшүрдүк жана ал чындык менен түштү; сени болсо бир гана кубанычтуу кабар берүүчү жана эскертип коркутуучу катары жөнөттүк. (Исра Сүрөсү, 105)

 

Анан Биз Мусага жакшылык кылгандарга (сый-жакшылыгыбызды) толуктап, бүт баарын бир-бирден түшүндүрүү жана бир хидаят (туура жол) жана рахмат (мээрим) катары Китепти бердик. Балким Раббилерине жолугаарына ишенишээр. (Энъам Сүрөсү, 154)

 

Дин аркылуу жашоонун чыныгы максаты кабар берилген

Тарых бою миллиарддаган адам төрөлүп, жашады жана көз жумду. Ал адамдардын арасынан абдан аз бөлүгү гана жашоонун чыныгы максатын түшүнүүгө аракет кылган. Көпчүлүк бөлүгү болсо өздөрүн убакыттын агымына таштап, өмүрүн белгилүү муктаждыктарын канааттандыруудан жана жан дүйнөсүнүн (напсинин) ар кандай каалоолору менен кумарларын аткаруудан башка эч кандай максатсыз өткөрүшкөн. Мындай түшүнүгү тар жана жоопкерчиликсиз катмар бардык доорлордо адамзат коомунун көпчүлүк бөлүгүн түзгөн. Ар бир жаңы муун айрым учурларды эске албаганда, көпчүлүктүн жолун жолдоп, көпчүлүктүн чындыктарын, максаттарын жана баалуулуктарын кабыл алып, аларды өздөрүнөн кийинкилерге мураска калтырган. Бул салт бүгүнкү күндө да ошол бойдон уланууда.


Ал көпчүлүктүн бардык доорлордо «өзгөрүлбөс» философиясы жана принциптери болот: төрөлүшөт, чоңоюшат, улгайышат жана өлүшөт. Адам бул дүйнөгө бир гана жолу келет жана өлгөндө бүт баары бүтөт. Ар бир адамдын белгилүү өмүрү бар жана аны колдон келишинче жеке каалоолорун эң көп канааттандыруу жана жашоодон өз оюнда максималдуу ырахат алуу үчүн туура колдонушу керек.

Адамдар кайра келбейт деп ойлогон бул мүмкүнчүлүктү ата-бабаларынан мураска калган жашоо образын жана жүрүм-турум үлгүлөрүн колдонуу аркылуу пайдаланышат. Өздөрүнө берилген өмүрдү дүнүйөлүк ырахаттардын артынан кууп, өлүмдү таптакыр унутуп, бул дүйнөгө байланыштуу пландарды түзүп жана эч кайсы эрежеге көңүл бурбай өткөрүшөт. Дүйнөнүн кайсы жеринде, кайсы доордо жашабасын, кайсы маданиятка же кайсы расага таандык болбосун, бул нерсе өзгөрбөйт. Алар коомдо кадыр-барктуу орунга жетүү, жакшы билим алуу, бай болуп, бакубат жашоо, бактылуу үй-бүлө куруу, ар кандай кызматтарга, даражаларга жетүү жана ушул сыяктуу чоң-кичине сансыз максаттарга жетүү үчүн эмгектенишет.

Мындай максаттардын дагы жүздөгөн түрүн атоого болот. Бирок, эң негизгиси ал адамдардын баары бул дүйнөгө келишинин бирден бир жана эң негизги максатын унутуп коюшат. Жана чындыгында ошол максат үчүн адамдарга берилген жана эч качан кайтпай турган жалгыз өмүрдү текке кетиришет. Ал максат – Аллахка ибадат кылуу. Куранда бул максат төмөнкүчө кабар берилет:

 

Мен жиндерди жана адамдарды бир гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. (Зарият Сүрөсү, 56)

 

Аллахка кантип ибадат кылышыбыз керек экени бизге чыныгы дин аркылуу үйрөтүлөт. Аллахка ибадат кылуу Анын бар экенин жана жалгыздыгын кабыл алуу, Раббибизди чындап таанып баалоо, Аллахтан башкаларды кудай тутпоо жана бүт өмүрдү Ал каалагандай өткөрүү дегенди билдирет. Куранда бизге Аллах адамдар үчүн жактырган адеп-ахлак жана жашоо образы кеңири сүрөттөлгөн. Адамдар ошол үлгүгө ылайык жашоого чакырылат.

Ушул максатка ылайык жана Аллах ыраазы боло тургандай өмүр сүргөн адамга бул дүйнөдөгү жашоосу үчүн да, өлгөндөн кийинки жашоосу үчүн да кубанычтуу кабар берилген. Ал эми бул максаттан алыстап, курулай максаттардын артынан чуркаган жана Аллах каалагандай жүрүм-турум менен өмүрүн өткөрбөгөн, Ага талап кылынгандай ибадат кылбаган адамдарды жаман акыбет күтөт. Бул маалыматтар да бизге Куран аркылуу келген.

Түбөлүктүү жашоосун аныктай турган критерий – бул адамдын дүйнөдөгү жашоосун кандай өткөргөндүгү. Өлгөндөн кийин каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгү эч качан болбойт. Ошондуктан бул дүйнөгө кокусунан келгендей, көзөмөлсүз калтырылгандай жана кылгандарынан суракка алынбачудай түшүнүк менен өмүрүн өткөрүү адамдын өзүнүн келечеги үчүн өтө чоң жоготуу болот. Жаралуу максатын көрмөксөн болуп, жоопкерчиликсиз жашаган жана анын жыйынтыгынан коркпогон мындай адамдар акыретте төмөнкүчө тосуп алынат:

 

Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле? (Мүминун Сүрөсү, 115)

 

Жаралуу максатын билмексен болгон мындай адамдар негизи бул максаттан кабарсыз эмес. Аллах китептери жана элчилери аркылуу аларга бул чындыкты кабар берген жана туура жолду көрсөткөн. Аларга өмүрлөрүнүн аягына чейин насаат алуулары үчүн мөөнөт берген. Өздөрүнө берилген ошончо мүмкүнчүлүктү көрмөксөн болуп, бир гана напсилеринин каалоо жана кумарларын максат кылып, чыныгы максатынан адашкандардын түбөлүк бушаймандыгы аларга пайда бербейт:

 

Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка чын ыкластуу иштерди кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак ала турганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми залимдер үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 37)

 

Аллах Куран аркылуу адамдарга Ага кантип ибадат кылуу керек экенин кабар берген

Адамдар Аллахка ибадат кылуу үчүн жаратылган болсо, анда кантип ибадат кылаарын да билүүлөрү керек. Ошондуктан Аллах адамдарга кантип ибадат кылуу керек экенин да Куран аркылуу кабар берген. Аятта мындай деп айтылат:

 

Биз ар бир үммөткө бир ибадат жолун белгиледик, алар ошол жол менен ибадат кылышат. (Хаж Сүрөсү, 67)

 

Куранда ыймандууларга Аллахка кантип дуба кылаары, Аны кантип эстеши керек экени, намазды, зекетти жана Аллах адамдардан талап кылган ибадаттардын баарын кантип аткарышаары терең сүрөттөлгөн. Ошондой эле, Аллахтын пендеси катары адеп-ахлагынын кандай болушу керек экени, ыймандуунун кандай сыпаттарга ээ болуп, кандай өзгөчөлүктөрдөн сактанышы керек экени да Куранда ар тараптан сүрөттөлөт. Жөнөкөйлүк, жан аябастык, чынчылдык, адилеттүүлүк, боорукердик, сабырдуулук, чечкиндүүлүк жана ушул сыяктуу көптөгөн бийик адеп-ахлак өзгөчөлүктөрү Аллахка ибадат кылуунун негизги мүнөзү катары Куранда белгиленет. Жагымсыз адеп-ахлак өзгөчөлүктөрү, жагымсыз жүрүм-турум, мамиле жана сүйлөө манералары да Куранда сүрөттөлүп, ыймандуулар мындай терс көрүнүштөрдөн сак болууга чакырылган.

Аллах бүт ааламды жана адамды жоктон жараткан. Ошолордун арасында адамга сансыз сый-жакшылыктарды берген жана, эң негизгиси, аны башка жандыктардан айырмалап, өзгөчө кылган бир рух менен жараткан. Ошондуктан адам аң-сезимдүү жандык. Адамга тартууланган сый-жакшылыктар ушунчалык көп болгондуктан, Аллах аларды топтоштуруп да санап бүтүрө албайсыңар деп кабар берет (Нахл Сүрөсү, 18). Ушул себептен адам мынча сый-жакшылыктар мага эмне максатта берилди, булар үчүн менден эмне талап кылынат деп ойлонушу шарт.



Адам аны жоктон жаратып, колундагы нерселердин баарын берген Заттын Аллах экенин өз алдынча ойлонуп табуу жөндөмүнө ээ. Натыйжада ал сый-жакшылыктар үчүн Аллахка шүгүр кылышы керек экенин да оңой эле түшүнө алат. Бирок Аллахка кантип шүгүр кылуу керек экенин биле албашы мүмкүн. Ошондуктан адамдын Аллахка кантип шүгүр кылаары, Ага кантип ибадат кылаары Куран аркылуу кабар берилген. Адам Куран аркылуу Жаратуучубузга карата кандай мамиле кылуу керек экенин абдан жакшы биле алат.

Аллах пендесинен биринчи кезекте бүт өмүр бою Аны ыраазы кылууну максат кылып, ар дайым муну эсине түйүшүн каалайт. Ал үчүн адам ар бир кырдаалда өзүнүн жеке каалоолорун эмес, Аллахтын ыраазылыгын тандашы керек. Антпесе, Аллахты эмес, өзүнүн напсисин кудай кылып алган болот жана аятта бул төмөнкүчө белгиленет:

 

Өзүнүн каалоо жана кумарларын кудай кылып алганды көрдүңбү?.. (Фуркан Сүрөсү, 43)

 

Ошондуктан ыймандуу адам өмүр бою башына келген ар бир окуяда, ар бир ойдо, ар бир жүрүм-турумда, ар бир кыймыл-аракетте бул альтернативаларды талдайт жана аяттагы сыяктуу өзүнүн каалоолорун эмес, Аллахтын ыраазылыгын тандайт.

Аягында бул дүйнөдө Аллахка талап кылынгандай ибадат кылган ыймандуу адам Аллахтын ыраазылыгына жеткен жана Аллах мээрими менен бейишине татыктуу көргөн тандалган инсанга айланып, түбөлүктүү бакытка жана сый-жакшылыкка жетүүнү үмүт кыла алат. Бул натыйжадан да көрүнүп тургандай, адамдын Аллахка ибадат кылышынын бир гана өзүнө пайдасы бар. Аллах эч кимдин ибадаттарына, жакшылыктарына, жакшы адеп-ахлактуу болушуна муктаж эмес. Аятта айтылгандай, «Аллах ааламдарга муктаж эмес». (Анкебут Сүрөсү, 6)

 

Куран аркылуу жакшы менен жамандын, туура менен туура эместин эмнелиги кабар берилет

Адамдар окуяларды Куранга карап талдамайынча, критерийлери абдан айырмаланат. Окуяларды баалоодогу ар түрдүү критерийлер болсо адамдарды таптакыр туура эмес жана зыяндуу натыйжаларга түртөт. Мисалы, биринчи жолу кылмыш кылган адам башкаларга салыштырмалуу өзүн күнөөсүз көрөт. Уурунун ою боюнча киши өлтүргөн андан жаман, өзү болсо жакшы; киши өлтүргөн адамдан сурасаңыз, ал өмүрүндө муну бир жолу кылган жана ошондуктан анчалык кара ниеттүү эмес болот. Анын ою боюнча муну кесипке айлантып алгандар жаман; профессионалдуу киши өлтүргүчтөн сурасаңыз, ал да өзүн балким бир бузулган адамга салыштырып, күнөөсүз көрөт. Элдин арасында да критерийлер дал ушундай. Ушак сүйлөгөн адам балким бир гана жаман мүнөзү ошол экенин, бирок аны да жаман ниетте кылбай турганын, кекчил адам өзүнүкүн туура көргөндө гана кек санаарын, чындыгында жүрөгү таза экенин айтат. Буга окшогон дагы көптөгөн мисалдарды көрүүгө болот. Жыйынтыгында ал адамдар өздөрүнүн жаман мүнөздөрүн кабыл алышпайт жана өздөрүн абдан жакшы, күнөөсүз адаммын деп эсептешет. Бирок бул шылтоолордун баары жараксыз жана мындай адамдардын баары терең жаңылышат. Себеби Аллах түшүргөн Китепке ылайык кыймыл-аракет жасаганда гана бир адам туура кылган болот. Тескерисинче, Куран адеп-ахлагына карама-каршы кыймыл-аракет жасаганда, ал адам кандай гана шылтоо айтпасын, туура эмес кылган, күнөөкөр болот.

Белгилүү болгондой, адамдын ичинде абийир жана напси деп аталган эки тарабы бар. Абийир адамга ар дайым жакшылыкты жана туураны илхам кылат, напси болсо жамандыкка жана Аллах ыраазы болбогон жүрүм-турумдарга үндөйт. Ыйманы күчтүү жана Аллахтан абдан корккон адам гана абийирин толук колдоно алат.

Дин адеп-ахлагы адамдардын туураны туура эместен айырмалай ала турган аң-сезимге жана абийирге ээ болушуна шарт түзөт. Аллахтын дининде билдиргендерине ишенип, аны талап кылынгандай аткарганда гана адам туура ой жүгүртүү жана акылмандык жөндөмүн толук колдоно алат. Мисалы, Куранда сүрөттөлгөндөй Аллахтан корккон ыймандууга туураны туура эместен айырмалоо жөндөмү берилет:

 

Эй ыймандуулар, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана баам-түшүнүк (фуркан) берет, жамандыктарыңарды жашырат жана силерди кечирет. Аллах Улуу ырайымдын ээси. (Энфал Сүрөсү, 29)

 

Бардык адамдар чыныгы жакшыны жана чыныгы жаманды биле ала турган жалгыз булак – бул Куран:

 

Ааламдарга эскертүүчү болсун деп, пендесине фурканды түшүргөн (Аллах) кандай улуу. (Фуркан Сүрөсү, 1)

 

Куранда эмнелердин жакшылык, эмнелердин жамандык экени жана абийирибизди кантип колдоноорубуз бир бирден сүрөттөлөт. Мисалы, бир аятта чыныгы жакшылыктын кеңири аныктамасы берилет:

 

Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бурушуңар жакшылык эмес. Жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруганда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор – чынчылдар, жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)

 

Адамдардын ата-бабаларынан, үй-бүлөлөрүнөн, айлана-чөйрөлөрүнөн уккан жана уланткан ишенимдеринин баары Куранга туура келбесе, туура эмес болот. Мисалы, эл оозунда кээ бир сөздөр бар жана адамдын канчалык жакшы экени ошол сөздөр менен сүрөттөлөт. «Кумурскага да зыяны жок» деген сүрөттөө ошолордун бири. Бирок бир адам кумурскага да зыян тийгизбегенге аракет кылып, бирок Курандын жолунда жүрбөсө, ал чындыгында жакшы адам болбойт. Эң негизгиси Куранда жакшылык катары сүрөттөлгөн иш-аракеттерди жасап, Куранда сүрөттөлгөн жамандыктардан алыс болуу керек. Эл арасында тилемчиге акча берүү, жаш балдарга жардам берүү, оорулуу адамды көргөндө боор ооруу динчил болуу үчүн жетиштүү деп эсептелет. Бирок Куранда бизге чыныгы ыймандуу болуу үчүн булардын жетишсиз экени кабар берилген. Курандын буйруктарын толук аткарган жана бүт өмүрүн Аллах ыраазы боло тургандай өткөргөн адам чыныгы ыймандуу болот.

 

Куран бизге бул дүйнөнүн чыныгы жүзүн кабар берет

Куран аркылуу бизге максатыбыздын бир гана Аллахка ибадат кылуу экени кабар берилип, ал максатка жетүү үчүн сыналаарыбыз да белгиленет. Бул дүйнөнүн ошол «сыноо» үчүн атайын даярдалган сыноо аянты экени терең сүрөттөлөт. Ошондуктан сыноонун талабы катары, бул дүйнөдө сыноо үчүн жаратылган нерселерге алданып калбоо эскертилет жана бул дүйнө жашоосунун «алдамчы пайдалануу» (Али Имран Сүрөсү, 185) экени кабар берилет. Куранда бул дүйнө жашоосунун чыныгы жүзүн түшүндүргөн көптөгөн аяттар бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Мал-мүлктөрүңөр жана балдарыңар силер үчүн болгону бир фитна (сыноо) гана. Аллах болсо, улуу (эң сонун) сыйлык Анын Кабатында. (Тегабүн Сүрөсү, 15)

 

Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу (жагымдуу)» кылып көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)

 

Силерге берилген бардык нерселер жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатындагылар жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)

 

Адамдарга бул дүйнөдө ар кандай деңгээлде берилген ар түрдүү кызмат орду, бийлик, коомдук статус, материалдык мүмкүнчүлүктөр, байлык, кедейлик сыяктуу нерселердин бир гана адамдарды сыноо ыкмалары экени Куранда белгиленет. Бул тууралуу аяттардын бири төмөнкүдөй:

 

Ал силерди жер жүзүндө орун басарлар кылды жана силерге бергендери аркылуу силерди сыноо үчүн кээ бириңердин даражасын кээ бириңерден жогору көтөрдү. Чындыгында сенин Раббиң жаза берүүдө өтө тез жана чындыгында Ал кечиримдүү, мээримдүү. (Энъам Сүрөсү, 165)

 

Өлүмдүн жана жашоонун адамдарды сыноо үчүн жаратылганы Куранда бизге төмөнкүчө кабар берилет:

 

Ал, амал (иш-аракеттери) жагынан кимиңердин жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

 

Бул дүйнөдө адамдын башына келген жакшылыктардын жана жамандыктардын баары аны сыноо үчүн берилет (Анбия Сүрөсү, 35). Адамга берилген же андан алынган сый-жакшылыктардын баары сыноонун бир бөлүгү:

 

Адам Рабби аны бир сыноодон өткөрсө, ага тартуу кылса, сый-жакшылыктарды берсе: «Раббим мени ардактап сыйлады» дейт. Ал эми аны качан сынап, ырыскысын азайтса, ошол замат: «Раббим мени кордоду» дейт. (Фежр Сүрөсү, 15-16)

 

Көрүнүп тургандай, жогорудагы аятта башына келген окуялардын артындагы сырларды түшүнө албаган, сыналып жатканын билбеген, бул дүйнөнүн чыныгы жүзүнөн кабарсыз, түшүнүгү жок адамдын көз карашы сүрөттөлгөн.

Ыймандуулар болсо түшүнүгү жок адамдарга окшошуп калбашы үчүн Курандын көп жеринде эскертилет жана чыныгы максаттары дайыма эске салынат:

 

Алардан кээ бир топторго сыноо үчүн берилген дүйнө жашоосунун кооздуктарына суктанба. Раббиңдин бере турган ырыскысы жакшыраак жана түбөлүктүү. (Таха Сүрөсү, 131)

 


Бирок дин аркылуу кабар берилген бул чындыктардан кабары жок же бул чындыктарды түшүнө албаган караңгы адамдар сыноо үчүн берилген сый-жакшылыктарга эсирип көбүшөт жана ач көздүк кылышат. Ал сый-жакшылыктарды колдорунан келишинче пайдаланып, өмүр бою аларга умтулушат. Баштарына кыйынчылык келгенде, үмүтсүздүккө түшүп, көңүлдөрү чөгүп, кайгырышат. Аллах ыймансыздардын мындай абалын Куранда төмөнкүчө сүрөттөйт:

 

Ант болсун, Биз адамга тарабыбыздан бир мээрим таттырып, анан аны андан алып койсок, албетте, ал (эми) үмүтүн үзгөн бир шүгүрсүзгө айланат. Жана ант болсун, ага келген бир кыйынчылыктан соң, ага бир жакшылык берсек, албетте, «жамандыктар менден кетти» дейт. Себеби ал көпкөн мактанчаак. (Худ Сүрөсү, 9-10)

 

Ар бир нерсени жана ар бир окуяны Аллах түшүндүрүп, сүрөттөгөндөй кабыл алган ыймандуулар болсо ар дайым Аллахка кайрылышат жана дайыма акырет мекенин эстеп, чыныгы мекенине жетүүнү эңсешет жана ага умтулушат. Ошондуктан сый-жакшылык берилгенде эсирип көөп, Аллах койгон чектерден чыгышпайт жана кыйынчылык келгенде же бир нерсесинен ажыраганда кайгырып, үмүтсүздүккө түшүшпөйт. Ар бир сый-жакшылыктын же ар бир кыйынчылыктын Аллах жактырган жүрүм-турумду көрсөтүп же көрсөтпөшүн сыноо максатында берилгенин билишет жана Куранда сүрөттөлгөндөй жооп көрсөтүшөт. Баштарына келген ар бир окуяны Курандын төмөнкү аятынын негизинде баалашат:

 

Ар бир жан өлүмдү татуучу. Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да текшерип, сынап жатабыз жана силер Бизге кайтарыласыңар. (Анбия Сүрөсү, 35)

 

Ушул жерде Курандын адамдарга кандай улуу мээрим менен жиберилгенин көрөбүз. Себеби адамдар бул чындыктарды Аллах тарабынан келген Куран аркылуу эң туурасын биле алышат.

 

Чыныгы жашоонун акырет мекени экенин Куран кабар берет

Адамдардын кабылдоолорунан тышкары нерселер жөнүндө өз алдынча маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жок. Алардын бири – бул «келечек». Эч ким эртең эмне кылаарын, каерде болоорун, башына эмнелер келээрин эч качан так биле албайт жана кечинде жатканда ойгоно алаарын, ал тургай, бир мүнөттөн кийин тирүү болобу же жокпу так айта албайт. Адамдар маалыматы чектелүү болгондуктан, ар дайым келечекке кызыгышкан. Бул кызыгуунун негизги бөлүгү аларды акыретте эмне күтүп турганы жөнүндө болгон.

Албетте, бул суроолордун баарынын эң туура жообун бул дүйнөнү, адамдарды, өлүмдү, кыямат күнүн, бейишти, тозокту, өтмүштү жана келечекти, түбөлүктүү акырет жашоосун жараткан Аллах Куранда кабар берет. Аллах ааламды жана андагы нерселердин баарын жоктон жараткан жана ар дайым бар кылып кармап турат. Ааламдын чен-өлчөмдөрүнүн бири болуп эсептелген убакытты да жаратып, жараткан нерселерин убакыттан көз каранды кылып койгон. Аллах Өзү жараткан убакыттан көз каранды эмес, Ал убакыт жана мейкиндик түшүнүктөрүнөн тышкары. Аллах бүт баарын убакытсыздык чен-өлчөмүндө каалап, белгилүү бир тагдыр менен жараткан. Биз үчүн өтмүш же келечек болуп эсептелген нерселердин баарын Аллах бир көз ирмемдей билет жана жаратат. Келечек да кошо, адам сезип биле албаган нерселердин баары Куранда «кайып» (жашыруун, жабык) деп сүрөттөлгөн. (Тагдыр тууралуу тереңирээк маалымат алуу үчүн автордун «Убакыттын жоктугу жана тагдыр» аттуу китебине кайрылсаңыз болот.)



Акырет дагы адамдар үчүн бул дүйнөдө жашаган кезде «кайып» болуп эсептелет. Куран аркылуу адамдарга акыреттин бар экени кабар берилип, акырет тууралуу терең маалымат берилген. Өлүмдөн кийин эмне болоору тууралуу ар бир доордо философтор менен ойчулдар ар кандай ойлорду айтышкан. Ошондой эле, ар бир элдин маданиятында бул тууралуу көптөгөн уламыштар жана ишенимдер бар. Бирок бул тууралуу эң туура жана так маалымат адамзатка кайра эле чыныгы диндер аркылуу кабар берилген.

Бул дүйнөнүн убактылуу сыноо мекени экендиги, чыныгы жашоонун акыретте түбөлүккө уланаары адамдарга чыныгы диндер аркылуу кабар берилген. Адамдардын бул дүйнөдө кылгандарынын акысын акыретте алаарын жана жасалган ар бир жакшылыктын же жамандыктын жоопсуз калбай турганын Курандан билебиз. Бул дүйнөдө чыныгы диндин талаптарын аткарып, Аллах каалаган жана жактырган иш-аракеттерди жасагандардын сыйлык алаарын, диндин талаптарын аткарбагандардын болсо түбөлүктүү тозок азабына кабылаарын да Курандан билебиз.

Куран аркылуу бизге өлүм учуру жана кыямат саатынан баштап, сурак күнү, бейиш жана тозоктогу жашоого чейин акырет тууралуу бардык керектүү маалыматтар берилет. Аллахтан келген акыркы китеп Куранда бизге акырет жашоосу ар тараптан сүрөттөлөт жана чыныгы мекендин акырет мекени экендиги төмөнкүчө эскертилет:

 

Бул дүйнө жашоосу болгону бир оюн жана алаксуу гана. Коркуп-тартынгандар үчүн акырет мекени чындыгында жакшыраак. Дагы эле акылыңар жетпейби? (Энъам Сүрөсү, 32)