11 Eylül 2012 Salı

ЭЛЕСТИН БАШКА БИР АТЫ: ЗАТ

http://ky.harunyahya.com/ky/works/32875/ЭЛЕСТИН-БАШКА-БИР-АТЫ-ЗАТ
 
Бул китепте түшүндүрүлгөндөр – бүгүнкү күнгө чейин көп адамдарды абдан таң калтырган, жашоого көз-караштарынын толугу менен өзгөрүшүнө себепчи болгон, абдан маанилүү жана улуу чындык. Бул чындыкты кыскача минтип айтууга болот: «Дүйнөдөгү жашообуздун бөлүктөрү болгон бардык окуялар, адамдар, имараттар, шаарлар, машиналар, кызматтык даражалар, кыскача айтканда, жашообуз боюнча көргөн, кармаган, тийген, жыттаган, даамын таткан, уккан нерселерибиздин эч биринин чыныгы абалына (оригиналына) жете албайбыз. Биз жалаң гана мээбизде пайда болгон сүрөттөлүш жана элестерди көрүп, сезебиз». Сыртта зат бар, бирок биз бул заттын оригиналын эч качан биле албайбыз. Ар жактан уккандарыбызга таянып, заттарды мээбиздин тышында бир дүйнөдө туруктуу турушат жана биз ушул себептен булардын оригиналдарын көрүп, сезип жатабыз деп ойлойбуз. Чынында болсо, биз эч кайсы нерсенин оригиналын эч качан көрбөйбүз жана бул нерселердин оригиналдарына эч качан тийе албайбыз. Кыскача айтканда, жашообуз боюнча сырттагы затты көрүп, сезип жатабыз деп ойлогонубуз менен, чынында болсо бүт нерсенин элесин жана копиясын билебиз.

Бул китептин темасы болгон бул чындык – философиялык көз-караш де кандайдык бир ой-пикир эмес. Тескерисинче, учурда заманбап илим толук далилдеген жана баш тартууга мүмкүн болбой турган илимий бир чындык. Бүгүнкү күндө медицина, биология, физика, неврология, мээ жана ага байланыштуу бардык тармактардагы кайсы адиске болсун «биз дүйнөнү кандайча жана каерде көрүп жатабыз?» деген суроо суралса, бере турган бир гана жообу бар: бүт дүйнөнү мээбиздеги көрүү борборунда көрөбүз.

21-кылымда илим так ортого койгон, адамды абдан таң калтырган бул илимий чындык бизге берген эң маанилүү натыйжалардын бири болсо төмөнкү эки суроонун жообу:

«Бүт жашообуз боюнча мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөрдү көрүп жаткан болсок, бул сүрөттөлүштөрдү мээбизди жараткан ким? Мээбизде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү мээбиздин ичинде кандайдыр бир көзү болбостон көргөн жана көргөндөрүнөн ырахат алган, сүйүнгөн, толкунданган ким?»
Бул китепте бул абдан маанилүү эки суроонун да жообун табасыз.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder