Сизди жараткан, бул дүйнөгө жайгаштырган, акыл жана
дене берген Аллахка чындап жакынсызбы? Ага акыркы жолу качан дуба кылдыңыз?
Аллахка кыйынчылык жана балээлерге жолукканда эле жалбарып жатасызбы? Же Аны
дайыма эстейсизби? Дуба кылганыңызда Анын сизге абдан жакын экенин, сиз шыбырап
айткан же ичиңизден ойлогон ар бир сөзүңүздү угуп жатканын билесизби? Анын бүт
адамдардын жана бүт нерсенин Раббиси экенин, жашоодогу эң улуу досуңуздун жана
таянычыңыздын Аллах экенин, бүт нерсени эң биринчи Раббибизден сурашыңыз керек
экенин билесизби?
Бул суроолорго берген жообуңуз кандай гана
болбосун, бул китепти окуу сизге чоң пайдаларды алып келет. Себеби бул китеп
Аллахтын пенделерине канчалык жакын экенин, алардан кандай бир дуба каалаганын,
чындап Ал каалагандай бир дубанын кандай экенин баяндап берүү үчүн жазылган.
Дубанын маанилүүлүгү Куранда «...Силердин дубаңар болбосо, Раббим силерди
бааламак беле?» (Фуркан Сүрөсү, 77) аяты менен кабар берилген. Аллахка дуба
кылуунун, Ага жакындоонун бир чеги жок. Ошондуктан, бүт адамдар бул жолду
үйрөнүү менен же кайталоо менен түбөлүк жашоосуна пайда алып келет.
Дуба – Аллах менен адамдар арасындагы
байланыш жолу. Аллах менен байланыш куруу муктаждыгы болсо адамдын табиятында
бар. Ыймандуулар үчүн дуба кылуу жашоолорунун бөлүнгүс жана кадимки бир бөлүгү
болсо, көп адамдар үчүн дуба чоң кыйынчылыктарга кабылганда, өмүрүнө кооптуулук
туудурган коркунучтарга туш келгенде гана эске түшө турган бир ибадат. Албетте,
сүйлөмдүн аягында айтылган дуба түрүн Аллах жакшы көрбөшү мүмкүн. Эң туурасы –
бул бейпилдикте да, кыйынчылыкта да Аллахтан жардам суроо. Мына ошол үчүн чын
ыкластан Аллахка дуба кылуунун жолдору Куранда жакшылап сүрөттөлгөн.
Куранда көп аяттарда түздөн-түз же кыйыр
түрдө дуба жөнүндө сөз болот. Ушул деле дубага абдан маани берүү керек экенин
көрсөтүп турат. Мындан тышкары, дуба жөнүндөгү аяттар окулган сайын мунун
канчалык маанилүү ибадат экени даана көрүнөт.
Куран боюнча дуба
«Чакыруу, добуш салуу, каалоо, жардам
суроо» маанилерине келген дуба, Куран боюнча «кулдун (пенденин) бүт жүрөгү
менен Аллахка кайрылышы» же «күчү чектүү бир жандык болгон адамдын чексиз жана
түбөлүктүү бир күч-кудуреттин алдында алсыздыгын кабыл алып, жардам сурашы»
маанисине келет.
Аллахка ишенген ар бир адамдын өзү
билгендей дуба кылаары бир чындык. Бирок адамдардын абдан көп бөлүгү дубаны
кыйынчылык учурунда колдогу бүт мүмкүнчүлүктөр жасалып көргөн соң гана Аллахты
эстөө деп түшүнүшөт. Мындай адамдар кыйынчылыктардан кутулган соң кийинки
кыйынчылыкка чейин Аллахты унутат жана Андан бир нерсе суроо эстерине да
келбейт.
Адамдардын дагы бир бөлүгүндө болсо
такыр туура эмес бир дуба түшүнүгү бар. Бул адамдар үчүн дуба – бул кичинекей
жашынан баштап үй-бүлөнүн улгайган бирөөсү тарабынан үйрөтүлгөн түшүнүксүз кээ
бир сөздөр. Адамдардын мындай дубаларында Аллахтын бар экени, жалгыздыгы,
улуулугу, кудурети, адамдарды дайыма көрүп-угуп турганы, дубаларга жооп берээри
көп ойлонулбайт. Мурдатан жатталган дуба калыптары кайталана берет. Чынында
болсо, китебибиздин да темасы болгон, Аллах Куран аркылуу адамдарга жеткирген
дуба такыр башкача.
Куран боюнча, дуба кылуу – бул Аллахка
жетүүнүн эң оңой жолу. Эми Аллахтын сыпаттарын бир ойлонолу. Ал – адамга күрөө
тамырынан да жакыныраак, бүт нерсени билүүчү, угуучу... Адамдын ичинен өткөргөн
кичинекей ою да Аллахтан жашыруун калбайт. Демек, чын ыкластан Аллахтан бир
нерсе суроо үчүн адамдын ойлонуп коюшу да жетиштүү. Аллахка кайрылуу мына ушунчалык
оңой.
Адам кулчулугун билгенде гана Аллах
Кабатында баалуу боло алат. Ошондуктан адам Аллахка кайрылышы, каталарын
Аллахка мойнуна алышы жана бир гана Аллахтан жардам сурашы зарыл. Антпесе,
Аллахка карата бой көтөргөн болот, мунун жазасынын болсо түбөлүк тозок экени
Куранда билдирилет.
Бүгүнкү коомдордо көңүл бурган бир
чындык – бул башка көптөгөн ибадат сыяктуу дубанын да эскирген бир үрп-адат
сыяктуу кабыл алынышы. Негизи мындай көз-караштын түбүндө «Аллахтан
көз-карандысыз, өз алдынча кыймылдаган, жашаган бир дүйнө» болушу мүмкүн деген
көз-караш жатат. Көп адамдар кааласа каалабаса, өмүр бою бүт окуяларды «өзүбүздүн
жага айланабыздагы адамдардын башкаруусунда болуп жатат» деп ойлошот. Ушул
себептен өлүмгө жакын келгенге чейин же абдан чоң бир кырсыкка кабылганга чейин
Аллахка дуба кылуу муктаждыгын сезбейт. Бирок, бул чоң бир жаңылыштык. Мындай
жаңылыштыкта ушунчалык адашкандар болот, алар дубаны өтмүш замандардан бүгүнкү
күнгө чейин келип жеткен бир сыйкыр ыкмасы сыяктуу кабылдашат. Чынында болсо,
дуба – бүт жашоону камтый турган өзүнчө бир ибадат.
Адамдардын баары дубага муктаж. Жарды
жана кыйын шарттарда жашаган бирөө бай бир адамга караганда дубага көбүрөөк
муктаж деп ойлоо дубаны такыр туура эмес түшүнгөндүктү билдирет. Материалдык
абалы жакшы, жашоодо бүт каалагандарыма жеттим деп ойлогон бир адамдын «дубага
муктаж эмесмин» деп ойлошу такыр туура эмес. Себеби мындай учурда «дубанын
жалгыз себеби – бул дүнүйөлүк каалоолорго жетүү» деген маани чыгат. Чынында
болсо момундар дүйнө жашоолору үчүн да, акыреттери үчүн да дуба кылышат. Дуба
кылуу тобокелдүүлүктү да алып келет. Дуба кылган адам алдынан чыга турган оор
же жеңил ар кандай абалды, бүт окуяларды ааламдын Жаратуучусу жана Ээси болгон
Аллахтын эркине таштады дегенди билдирет. Бир көйгөйдү чечүүнүн же алдын
алуунун бүт жолдорунун ааламдагы бүт кудуреттин ээси болгон Аллахка таянганын
билүү, бүт иштерди ага тапшыруу жана Ага гана дуба кылуу момунга бейпилдик жана
ишеним алып келет.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder