12 Eylül 2012 Çarşamba

ДЕНЕДЕГИ ЭЛЕКТРДИК ТОК КЕРЕМЕТИ

http://ky.harunyahya.com/ky/works/99977/ДЕНЕДЕГИ-ЭЛЕКТРДИК-ТОК-КЕРЕМЕТИ

Мындай бир ойлонуп көрөлү, электр энергиясысыз жашоо кандай болмок? Анда 15-кабатка лифтсиз чыгышыңыз, муздаткычта сактаган тамактарыңыз ачыбашы үчүн башка чара издешиңиз керек болмок. Кабарларды креслоңузга сүйөнүп алып телевизордон көрө алмак эмессиз, микро-толкундуу меште тамагыңызды жылыта алмак эмессиз, музыкалык борборуңуздан сүйгөн музыкаңызды уга алмак эмессиз, чачыңызды кыска убакта кургатып, кондиционериңиз менен салкындап, бир точканы басып бөлмөңүздү жарыта алмак эмессиз, идиш жуугуч-кир жуугуч-кургаткыч сыяктуу тазалыгыңыз үчүн керектүү машиналарды иштете алмак эмессиз. Түндөлөрү үйүңүз кооптуу жана караңгы болмок, электрдик жылыткыч, суу жылыткыч, стол чырагы, видео жана компьютер сыяктуу жашооңузду жеңилдетүүчү, жашооңузду ылдамдатуучу көптөгөн технологиялык аппаратсыз жашамаксыз. Эми электр энергиясы жок бир шаар жашоосун элестетип көрөлү:

Саламаттыкты сактоо, жол, транспорт, байланыш, коопсуздук системалары, жумуш орундары, суу менен камсыздоо, энергия өндүрүү, китеп, гезит, журнал басып чыгаруу, ремонт иштери биринчи эске келчү электр энергиясы менен иштеген тармактардан.

2003-жылы АКШда Детройттон Нью-Йоркко чейинки аймактагы электрдик токтун үзүлүшү электрдик токко канчалык көз-каранды экендигибизди көрсөткөн жакшы мисалдардын бири болгон. Ток кыска убакытка эле өчкөнүнө карабастан, «Жашоо токтоп калды» деген сыяктуу кабарлар чыккан. Жол белгилери, лифттер, метролор, компьютерлер иштей албас абалга келген. Электр энергиясы жок болгон үчүн адамдар жумушка бара алышкан эмес, соода кыла албай, бир-бири менен байланыша албай калышкан.

Кокус токтоп калса, жашоо да токточудай болгон электр энергиясы биз үчүн бүт бул жерде саналгандардан да чоң мааниге ээ. Шаар ичиндеги системалардын иштеши, азыркы системанын уланышы канчалык электр энергиясынан көз-каранды болсо, денебизде да энергия өндүрүү, байланыш, коопсуздук, оңдоо иштери сыяктуу дээрлик бүт процесстер үчүн электр энергиясына муктаждык бар. Кыскача айтканда, электр энергиясы денебиз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби денебиздеги электр системасы жок болсо, жашоо да жок болот жана денебиздеги электр энергиясына болгон муктаждык шаардын муктаждыгынан бир топ маанилүү.

Көп адамдар электр энергиясын колдонуп жатып, өз денесинин да ал жашаган шаар сыяктуу электр энергиясысыз иштей албашын билбейт же ойлонбойт. Чынында болсо денебиз кемчиликсиз бир электрдик тармак менен жабдылган. Адамдын денесин изилдегенибизде, электроника жөнүндө абдан татаал маалыматтарды камтыган, электр энергиясын кантип колдонууну билген акылдуу системалар бар экенин көрөбүз. Илимпоздор денебиздеги электр системасын сүрөттөгөндө да, учурда колдонулган электрдик жабдыктарга окшоштурушуп, электроникада колдонулган терминдерди колдонушат: батареялар, моторлор, генераторлор, фазалар, ток, каршылык, чыңалуу, изоляция, заряд... Бул терминдерди колдонбостон, нерв системасын сүрөттөй алуу кыйын. Акыркы кылымдарда табылган технологиялык системалардын иштеши үчүн керектүү болгон принциптердин адамдын денесинде ал жаралгандан бери бар болушу – Аллахтын денебизди курчаган улуу илиминин бир көрсөткүчү. Китептин башынан аягына чейин сөз боло турган теманын майда-бараттары да бул илимдин биз түшүнө алган мисалдарынын бир канчасы гана.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder