22 Eylül 2012 Cumartesi

ДАЖЖАЛ СИСТЕМАСЫ – АТЕИСТ МАСОНДУК


ДАЖЖАЛ СИСТЕМАСЫ – АТЕИСТ МАСОНДУК

 

 

Аллахты жокко чыгаруу үчүн пайда болгон, адамдарга Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү эмес, ээн баш айбансыңар деген пропаганданы сиңирген, бүт баары кокустан пайда болгон деген пикирди элдер арасында жайып, табигый тандалуу пикири менен бүт дүйнөгө алсыздар жок болуп, күчтүүлөр жашашы керек деген көз-карашты жайылтып, 20-кылымдын башынан баштап бүт дүйнөнү зулумдукка, адеп-ахлактык бузулууга, массалык киши өлтүрүүлөргө, согуштарга түрткөн эволюция теориясынын чыныгы коргоочусу, чыныгы колдоочусу – бул атеист масондук.

Эволюция теориясын учурдагы көрүнүшү менен чыгарган жана бул калптын массаларга жайылышына алгачкы кадам жасаган Чарльз Дарвиндин чоң атасы Эразм Дарвин Шотландияда Canongate Kilwinning №2-ложасына тиешелүү, белгилүү бир атеист масон. Чарльз Дарвин да чоң атасы менен бир ложадан жана 27-даражадагы масон. Чарльз Дарвиндин бир туугандары да ошол сыяктуу масон.6

Дарвиндин көз-караштарынын жайылышынан кийинки 150 жыл бою бүт дүйнөдө Аллах ишениминин алсыздашынын, атеисттердин көбөйүшүнүн, дүйнөнүн чоң бир башаламандык жана адеп-ахлактык бузулуу ичине киришинин, дүйнөлүк согуштардын чыгышынын, элдердин ичинде жек көрүү жана кекенүүнүн көбөйүшүнүн, массалык кыргындардын, кылмыштардын көбөйүшүнүн, геноцид, расизм сыяктуу элдерди балээге алып барган көз-караштардын жайылышынын себеби – бул калптын атеист масондук астындагы бир дарвинист диктаторлук көзөмөлү менен дүйнөнүн дээрлик бүт уюмуна, окуу жайларына жана мамлекеттик башкарууларга жайгашышы.

Канкор коммунист жана фашист лидерлер Дарвиндин эволюция теориясына болгон жакындыгы жана суктануусу менен белгилүү. Бул кишилер дүйнөдө фитна, бузукулук, зулумдук системасын куруп жатып, өздөрүнө эволюция теориясын булак катары алганын айтуудан эч тартынышкан эмес. Мындан тышкары, ал канкор лидерлердин баары тең атеист масон ложаларына тиешелүү масондор.

Массаларды канга булаган коммунизмдин куруучусу Карл Маркс Дарвиндин китеби Түрлөрдүн келип чыгышы жөнүндө «биздин көз-караштарыбыздын табигый тарых пайдубалын камтыган китеп мына ушул» деп Дарвиндин эволюция теориясына таянганын апачык айткан.7 Маркс 32-даражадагы Германия Grand Orient ложасына тиешелүү бир масон. Атеист экени белгилүү болгон Маркс тамырынын еврей экенин дайыма жактырган эмес жана Еврейлер жок бир дүйнө аттуу китебинде еврейлерге жана Аллах ишенимине болгон ачуусун апачык айткан.8

Маркстын көз-караштарын өздөрүнө негиз туткан жана миллиондогон адамдын өлтүрүлүшүнө себеп болгон жана Дарвин менен эволюция теориясына суктануусу менен белгилүү болгон Ленин менен Сталин да атеист масон болушкан. Ленин Grand Orient ложасына, Сталин болсо розенкрейцер ложасына тиешелүү.9 Сталин, 60 миллион адамдын өлүмүнө себеп болгону болжолдонгон башкаруу мөөнөтү бою, эволюция пропагандасына абдан маани берген. Автобиографиясында мындай сөздөр орун алган:

Мектептердеги окуучуларыбыздын мээсин жаратылуу (Жаратуучуунун жаратканы жөнүндөгү) пикиринен тазалоо үчүн аларга үч нерсени өзгөчө окутушубуз керек: дүйнөнүн өмүрүн, геологиялык башталышын жана Дарвиндин доктриналарын.10

Коммунисттик революциянын Ленин менен бирге куруучуларынын бири Лев Троцкий болсо «Дарвиндин ачылышы бүт органикалык зат тармагында диалектиканын (диалектикалык материализм) эң чоң жеңиши болду» деп айткан дагы бир дарвинист.11 Лев Троцкий да ошол сыяктуу Grand Orient ложасына тиешелүү бир масон. Троцкий Россиядан сүргүнгө айдалып, Түштүк Америкага жайгашкан соң Латын жана Түштүк Америка аймактарында Grand Orient ложаларын бириктирүү кызматын аткарган. Бүгүнкү күнгө чейин Куба да кошо Түштүк Америкадагы коммунисттик көтөрүлүштөрдүн баары ошол ложалар тарабынан уюштурулган.12

Ошол сыяктуу, Кытай коммунизминин куруучусу Мао Цзедун дагы «Кытай социализминин пайдубалын Дарвинге жана эволюция теориясына таяганын» апачык айткан канкор бир коммунист лидер. Жана Мао Цзедун дагы Grand Orient ложасына тиешелүү атеист бир масон.13 Мао Цзедун Дарвинге таяган Кытай социализми тарыхтын эң эзүүчү жана эң канкор режимдеринин бири. Ал доордо Кытай сансыз саясий өлүм жазасын көргөн. Кийинки жылдары болсо Мао «кызыл гвардиячылар» деп атаган жаш согушкерлер өлкөнү бүтүндөй бир террор чөйрөсүнө түртүшкөн. Кытай дагы эле ошол кир коммунисттик системанын таасиринде, ошол эле канкор диктатураны улантууда. Акыркы убактарда Кытайда уйгурларга карата жасалган тарыхтын эң чоң геноциди жана андан келген коркунучтуу кыргындар Мао айткан Дарвиндин эволюция теориясына таянган, ошол эле бузуку жана кир системанын таасиринин уланып жатканын апачык көрсөтүүдө.

Бул кишилердин баары дарвинист жана атеист масон. Бул кишилер Куран, Тоорот жана Инжилге каршы чыккан, Аллахка баш көтөргөн дажжал комитетин түзөт.

Дүйнөнү атеизмге, адеп-ахлактык бузулууга, жек көрүү жана максатсыздыкка, согуштарга түрткөн Дарвин, анын көз-карашынын атасы болгон чоң атасы Эразм Дарвин, миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон жана дарвинизмди колдогон коммунисттик идеологиянын канкор лидерлери – баары жогорку даражадагы атеист масондор. Учурда эч бир илимий далили болбосо да эволюция теориясы дүйнө жүзүндө мыйзамдар менен корголуп, колдоого алынууда. Жаштар бул бузуку теорияны үйрөнүүгө, мугалимдер болсо аны жактоого мажбур. Эволюция теориясына каршы чыккандар ылдам ишинен айдалып, оозу жабылууда. Себеби дүйнөнү канга булаган, элдерге атеисттикти сиңирүүгө аракет кылган бул бузуку идеология дажжалдын, б.а. атеист масондуктун эң негизги сепили. Канкор коммунист жана фашист лидерлердин бул теорияны чечкиндүүлүк менен ээрчигени жана Дарвиндин пикирлерин ишке ашыруу менен миллиондогон адамдын канын төккөнү эске алынганда, бул дажжал комитетинин дүйнө жүзүндөгү таасири жакшы байкалат.

 

Атеист масондуктун негизги философиясы

дарвинизм

Дарвинизм – атеист масондуктун негизги философиясы. Себеби дарвинизм атеист масондор дүйнөдө курууга аракет кылган дажжалдык системанын чирик пайдубалын түзөт. Адамдарды Аллах ишениминен алыстатууну көздөп, жер бетиндеги зулумдук системанын бузуку жана жалган пикирдик таянычын түзүүдө. Мына ушул себептен атеист масондор түзгөн уюм – эволюция теориясын элдерге кабыл алдыруу багытында эң көп аракет кылган уюм. Mason Dergisi (Масон журналы) атеист масондордун эволюция идеологиясына эмне үчүн баш ийишин мындайча баяндайт:

Дарвиндин эволюция теориясы табияттагы көптөгөн кубулуштун Теңирдин эмгеги эмес экенин көрсөттү.»14 (Аллахты аруулайбыз)

Атеист масондор мына ушул чоң калпты сактап калуу жана дүйнөгө жайылтуу үчүн эволюция теориясын илимий бир теориядай сунууга аракеттенишет. Бирок чындыгында атеист масондор алдыңкы планга чыгарган эволюция теориясы – бир дагы илимий далил тарабынан колдоо таппаган, жаратылууну далилдеген 350 миллион фоссил жана башка илимий ачылыштар тарабынан бүтүндөй кыйратылган тарыхтын эң чоң көз бойомочулугу, илимди жамынган эң чоң алдамчылык.

Дагы бир «масон маалымат каражаты» болгон Mimar Sinan журналында болсо атеист масондуктун дарвинизмге көз-карашы мындайча баяндалган:

Учурда эми эң цивилизациялуу өлкөлөрдөн эң артта калганына чейин жалгыз жарактуу илимий теория – Дарвиндики жана аны ээрчигендердики.15

Атеист масондор дарвинизмди илимий бир теориядай көрсөтүүгө жана бул эң туура жол деген пикирди берүүгө аракеттенишет. Себеби дарвинизм атеист масондук борборлордун алдын ачуучу бузуку пикир системасын жайуу үчүн колдонулууда. Ошондуктан атеист масондор бул теорияны пропагандалоону да өздөрүнүн негизги милдеттеринен деп санашат. Mason Dergisi бул «милдетти» мындайча баяндайт:

Баарыбыздын эң чоң адамдык жана масондук милдетибиз – позитивдүү илимден ... айрылбаш, мунун эволюцияда эң жакшы жана жалгыз жол экенин кабыл алуу менен бул ишенимибизди адамдар арасында жайылтуу, элди позитивдүү илимдер менен (дарвинизм менен) окутуу.16

Бир атеист жана жогорку даражадагы масон Селами Ышындаг (Selami Işındağ) болсо Masonluktan Esinlenmeler (Масондуктан таасирленүүлөр) аттуу китебинде атеист масондуктун жалган эволюция ишенимине ылайык адамга көз-карашын мындайча баян кылат:

Адам эволюция жагынан караганда айбандан башкача эмес. Адамдын пайда болушу жана эволюциясы үчүн айбандар баш ийген күчтөрдөн тышкары, өзгөчө күчтөр жок.17

Дажжал системасы болгон атеист масондук адамды кокустан пайда болгон бир айбандай көргөн дарвинизм аркылуу бүт максаттарына оңой гана жете алчу жасалма бир таянычка ээ болгон. Дарвинизм дажжалдын бардык бузуку пикир системасын отургуза алчу бузуку бир идеология катары атеист масондор тарабынан чыгарылып, атеист масондор тарабынан колдоо көрүп, илимдей көрсөтүлгөн жана атеист масондор тарабынан корголгон. Дагы эле ушул дажжал системасы бул бузуку идеологияны кысымчылык, мажбурлоо, зордук жана көз бойомочулук аркылуу коргоону улантууда.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн дажжал системасы болгон атеист масондуктун Дарвин убагында бул бузуку идеологияны кантип колдоп, алдыңкы планга чыгарганын карап чыгуу туура болот.

 

Атеист масондор тарабынан колдоо көргөн

Дарвин

Бир масон чогулушунда атеисттер тарабынан алынган чечим дарвинизмдин атеист масондуктун эң чоң оюндарынын бири экенин көрсөткөн маанилүү бир мисал боло алат. Париждеги 33-даража Мицраим масондук жогорку кеңешине тиешелүү кеңеш мүчөлөрү чогулушунда эволюциянын бир илим катары колдоого алынышы керек экени жөнүндө чечим алып жатышып, чынында бир тараптан өздөрү ал теорияны шылдыңдашкан:

Мына ушул [эволюция теориясы илимий деген] көз-карашты колдонуу аркылуу биз эч токтобостон, маалымат каражаттарыбыз аркылуу бул теорияларга ойлонбой ишенүүнү камсыздайбыз. Интеллектуалдар... илимдери менен өздөрүн макташат жана кандайдыр бир логикалык тастыктоого муктаж болбостон илимден ала алган бүт маалыматты ишке ашырышат, өкүлчүлүктөрүбүздөгү адистер алардын мээлерин биз каалаган багытта окута алышыбыз үчүн бүт бөлүктөрдү айлакерлик менен бириктиришти. Бир саамга да булардын бош сөз экенин ойлонбогула: дарвинизм үчүн пландаган ийгиликтерибиз жөнүндө жакшылап ойлонгула...18

Америкадагы атеист масондук система дагы Мицраимдин бул чечимин көп өтпөстөн кабыл алган. New Age журналы 1922-жылы мартта атеист масондуктун өкүмдарлыгынын «эволюция» жана адамдын өздүк өнүгүшү урматында курулаарын айткан.

Көңүл бурулган болсо, эволюция теориясынын учурдагы жасалма илимий көрүнүшү – 33-даража атеист масон ложаларында аныкталып чечим чыгарылган бир оюн. Атеист масондор өздөрү да күлгөн бул калпты илимий кооздоо үчүн алар каалагандай болгон илимпоздорду, өздөрү багыттай турган маалымат каражаттарын колдоноорун апачык көрсөтүшкөн. Атеист масондор дарвинизм үчүн жете турган ийгилигин айтып жатканда, негизи бир калптын университеттерге, мектептерге, окуу китептерине, бүт маалымат каражаттарына бир чындыктай киришин, анти-дарвинисттик сөз айткандардын оозунун жабылышын, анти-дарвинисттик иш-аракеттердин кысымчылык аркылуу токтотулушун айтышууда. Атеист масондор дарвинизм үчүн жасаган бул жасалма «ийгиликтер» учурда ушундай бир чекке жеткендиктен, Англия чиркөөсү Дарвинден кечирим суроого, Папа өз үйүндө дарвинизмди жактаган конференцияларды берүүгө мажбурланды. Дүйнөгө өкүмдарлык кылган дажжалдын системасы атеист масондук бир ложада чечим чыгарып, ишке ашырган бул бузуку система мына ушунчалык натыйжалуу болууда.

Атеист масондуктун дарвинизм менен болгон байланышынын дагы бир маанилүү далилин болсо Дарвин убагында Дарвинге эң көп колдоо көрсөткөн жана Дарвиндин бульдогу деген ат менен эскерилген Томас Хакслинин (Thomas Huxley) иштеринен түшүнүүгө болот. Хаксли Англиянын эң маанилүү илимий мекемелеринин бири Royal Society'нин (Хандык академиясы) бир мүчөсү эле жана бул мекеменин бардык башка мүчөлөрү сыяктуу даражалуу бир масон эле.19 Royal Society же узун аталышы боюнча The Royal Society of London for The Improvement of Natural Knowledge (Табигый илимди өнүктүрүү үчүн Лондон хандык академиясы) 1662-жылы түзүлгөн. Мекеменин бүт мүчөлөрү сөзсүз масондордон түзүлчү.20

Эч кандай жекече ийгилиги болбогонуна карабастан, абдан жаш кезинде Royal Society'ге мүчө кылынган Томас Хакслини көпчүлүгү атеисттер түзгөн бул масондук уюм жагынан маанилүү кылган нерсе – бул Дарвиндин жакын адамы жана эң чоң колдоочусу болушу эле.

Royal Society'нин башка мүчөлөрү да китеби чыга электе да, чыккан соң да Дарвинге көп колдоо жана салымдарды кошушкан. Өзгөчө атеисттерден турган бул масондук уюм Дарвинге жана дарвинизмге ушунчалык ээ чыккандыктан, белгилүү мөөнөттөн соң Нобель сыйлыгы сыяктуу, жыл сайын ийгиликтүү деп эсептелген илимпоздорго «Дарвин медалын» берип баштады.

Кыскасы өзү да бир масон болгон Дарвин жалгыз эмес эле. Теориясын чыгаргандан баштап «уюшкан» абалда колдоо көрдү. Мындай уюшкан колдоо ядросун атеист масондор түзгөн социалдык класс жана топтордон келген. Марксист ойчул Антон Паннекук (Anton Pannekoek) Marxism And Darwinism (Марксизм жана дарвинизм) аттуу китебинде бул маанилүү чындыктан сөз кылат жана буржуазиянын, б.а. Европалык бай капиталист класстын дарвинизмди колдошун мындайча баяндайт:

Марксизмдин маанисинин жана позициясынын пролетар таптык күрөшүндөгү ролуна гана карыздар экенин баары билет... Дарвинизмдин да марксизм менен бир тажрыйбаларды өткөргөнүн көрүү оор эмес. Дарвинизм илим дүйнөсү тарабынан объективдүү бир подход менен талкууланып жана текшерилип (тест кылынып) кабыл алынган абстракттуу бир теория эмес. Жок, дарвинизм биринчи кадамын таштаар замат кубанган колдоочулары жана күчтүү душмандары болгон. Дарвиндин ысмы анын теориясын аз гана түшүнгөн адамдар тарабынан даңкталган... Дарвинизм да таптык күрөштө бир рол ойногон жана бул рол урматында ылдам таркап, күчтүү тараптарлар менен күчтүү душмандар топтогон.21

Бул сөз атеист масондордун эволюция теориясына эмне үчүн маани бергенин апачык көрсөтүүдө. Алардын максаты – адам жана бүт жашоо кокустан пайда болгон деген пикирди аң-сезимдерге сиңирүү, ушундайча адамдарга бул бузуку материалист философияны чындыктай көрсөтө алуу. Аллахты жокко чыгаруунун (Аллахты аруулайбыз) жана кокустуктарды жалган кудай катары адамдарга кабыл алдыруунун жалгыз жолу болсо – алардын ою боюнча, эволюция теориясы. Мына ушул себептен атеист масондук кандай гана болбосун эволюция теориясын колдоп, жактайт, элдерге жайууга аракет кылат жана көз бойомочук же зомбулук менен болсо да сөзсүз коргойт. Дүйнөдө бул калптын өжөрдүк менен жана фанатизм менен корголушунун жана дүйнөнү каптаган бир дарвинист диктаторлуктук курулуп калганынын себеби мына ушунда.

 

Жалган дарвинизм идеологиясынын колдоочулары

дайыма атеист масондор болгон

Жогоруда терең каралгандай, атеист масондуктун түпкү философиясы дарвинизмге таянат. Себеби дарвинизм – атеист масондук таянган чекиттерди, б.а. атеизмди, максатсыздыкты, согуштарды жана адеп-ахлактык бузулууну, б.а. дажжал системасын кадимки нерседей көрсөтүү үчүн чыгарылган жана эч илимий тарабы болбогонуна карабастан, илимийдей көрсөтүлүүгө аракет кылынган калп бир идеология.

Жогорку даражадагы бир масон Селами Ышылдаг (Selami Işıldağ) атеист масондуктун эволюцияны кыңк этпестен кабыл алаарын мындайча айткан:

Кыскача, болгондо да абдан кыскача кээ бир масондук принциптерге, пикир жана тажрыйбаларга да токтолгум келет: (Атеист) масондук боюнча жашоо бир клеткадан башталат, өзгөрүү, айлануу жана эволюция (өнүгүү) менен адамга чейин келет. Башталгычтын маңызы, себептери, максаты жана шарттары белгисиз. Жашоо материя-энергиядан чыккан жана ага айланат. Ааламдын Улуу Архитектору улуу бир принцип, жакшылыктар жана сулуулуктардын чексиз горизонту, эволюциянын чокусу, эң жогорку баскычы, адамзат идеалы катары ойлонулуп кабыл алынса, персоналдаштырылбаса гана догматизмден кутулуу мүмкүнчүлүгү бар.22 (Аллахты аруулайбыз)

Бул сөздөрдөгү «Ааламдын Улуу Архитектору» деп аталган масондук түшүнүк атеист масондор сыйынган шайтанды түшүндүрөт. (Аллахты аруулайбыз.)

Башка бир булакта атеист масондуктун эволюция пикири менен байланышы апачык айтылат жана Дарвиндин чоң атасы Эразм Дарвиндин эволюция пикирин атеист масондукка таяныч үчүн гана чыгарганы баяндалат:

New Age'дин универсалдуулук, сыйкыр жана эволюция сыяктуу доктриналарынын көпчүлүгү (атеист) масон ложасында орун алат. Ушул себептен Эразм Дарвин сыяктуу масондор менен башкалары да эволюция пикирин кабыл алышкан.

... Эволюция реинкарнация менен байланыштуу бир мистикалык дин. Мына ушул себептен New Age жолун жолдоочулары да эволюция доктриналарына ишенишет. Эволюция табигый тандалуунун бүт жандыктарды азыраак өнүккөндөн комплекстүүгө айлантканын айтат (адам болсо миллиарддаган жылга созулган кокустуктарга толо бул баскычтуу өнүгүүнүн акыркы продукту). Реинкарнация дагы адам кемчиликсиздикке жеткенге чейин бир топ жашоону жашап, чексиз эволюциялашат деп окутат.23

Дарвинизмдин атеист масондукка таянган бир теория экени Джордж Штейнмецтин Freemasonry: Its Hidden Meaning (Масондуктун жашыруун мааниси) аттуу китебинде мындайча айтылган.

Масондук аллегорияда жана символдордо жашырылган бул байыркы жана жашыруун окуу эволюцияны Дарвин азыркыга чейин окуткандай түшүндүрөт: реинкарнация жана карма илимий астрологиянын бир бөлүгү.24

Жазуучу Филипп Д. Коллинс атеист масондук системаны чечмелеген The Ascendancy of the Scientific Dictatorship (Илимий диктаторлуктун үстөмдүгү) аттуу макаласында дарвинизмдин чынында кандайча атеисттер түзгөн бир масондук калпка таянаарын мындайча айтат:

Дарвинизм теориясы «изм»дердин, акырын жашырылган сыйкырчылык менен байланыштуу түшүнүктөрдүн, философиялык доктриналардын жана идеологиялардын коюу бир аралашмасы. Тенненбаумдун дарвинизм «абсурд (акылга сыйбас) даражасында логикасыз пикирлерге таянат, булар илимий байкоолордон алынган эмес, жасалма түрдө сырттан, саясий жана идеологиялык себептер менен чыгарылган» деген сөзү нуска жана туура.25

Атеист масондуктун дарвинизмди алдыңкы планга чыгаруу аркылуу дүйнөлүк согуштарды чыгарышы, массалык кыргындарды жасашы, геноцид, расизм сыяктуу зулумдук системаларын жайылтышы да оор болгон эмес. Атеист масондук ар кандай жогорку даражадагы атеист масондорду алдыңкы планга чыгаруу аркылуу, дарвинист идеологияны бир таянычка айлантуу аркылуу жана бул идеология менен адамдардын мээлерин чайкоо аркылуу дүйнөгө коркунучтуу бир балээ алып келди. 350 миллиондон ашуун адам бул коркунучтуу оюн натыйжасында шейит болуп же каза болуп, адамдар эмне экенин түшүнбөстөн эки чоң дүйнөлүк согуштун запкыларын тартышты.

Филипп Д. Коллинс бул чындык жөнүндө мындай дейт:

The Secret Cult of the Order (Түзүлүштүн жашыруун культу) аттуу эмгегинде Энтони Саттон мындай дейт: «Маркс менен Гитлер, экөөнүн тең философиялык тамырлары Гегельге таянат. Дарвин, Маркс жана Гитлер жолуккан Гегельдик байланыш чекити мына ушунда. Ницшеизм, дарвинизм жана марксизм баары чогуу Сиондун акылдуу адамдары протоколунда орун алганы эске алынганда, бул бир кокустук эмес. Нацизм (фашизмдин бир түрү) ницшеизмден чыккан. Коммунизм марксизмден чыккан. Экөөсү тең Гегельдик принциптерге таянат. Ал тургай, экөөсү тең дарвинизм «илими менен» кадыресеге айлантылган «илимий диктаторлук».

Гитлер менен Маркстын, экөөсүнүн тең дарвинист эволюцияга болгон жакындыгы тарыхый бир чындык. Лондондо жашаган кезде Карл Маркс Т. Х. Хаксли тарабынан берилген эволюция теориясы конференцияларына катышкан.

Коммунизмдин таптык күрөш түшүнүгү менен Дарвиндин табигый тандалуу принциби арасындагы таң калыштуу окшоштукту байкаган Маркс Дарвинге 1873-жылы Das Kapital (Капитал) китебинин бир копиясын жөнөткөн. Эволюция пикиринен сыйкырланган Маркс кийинки томду Дарвиндин ага арнашын суранган.26

Изилдөөчү Иан Тейлор (Ian Taylor) бул жөнүндө мындай дейт:

Фашизм же марксизм, оң канат же сол - ... албетте бул жолдордун пайдубалы Дарвиндин эволюция теориясы.27

Филипп Д. Коллинстин бул жөнүндөгү башка аныктоолору төмөнкүдөй:

Evolution and Ethics (Эволюция жана этика) аттуу китебинде Кейт апачык мындай дейт: «мен дайыма айткандай, немец фюрер (Гитлер) бир эволюционист: Германиядагы иш-чаралардын эволюция теориясына ылайыктуу болушун атайын максаттаган.28

Mein Kampf китебин анализ кылган Вернер Мазер Гитлердин «биология, сыйынуу, күч жана күрөш сыяктуу түшүнүктөрүнө жана анын тарыхта адеп-ахлак шарты көз-караштарын четке кагышына» Дарвин жооптуу экенин айткан.29

Коммунизм жана нацизм иш-аракеттеринин экөөсүндө тең абдан көп кан төгүлгөн. Бул дарвинисттик көз-караштын табигый натыйжасы эле жана «илимий диктаторлуктун» бир мурасы эле.30

Дарвиндин пикирлерин ишке ашырган коммунисттер менен фашисттер миллиондогон адамды өлтүрүшкөн. Бул топтордун экөө тең элиталар (иллюминати) арасынан чыгат жана бүгүнкү күндө да ошол эле максатты улантышууда. Дарвинисттик «күчтүүнүн жашашы» пикири боюнча жеңишке жетүү үчүн кан төгүү шарт.31

Атеист масондук, б.а. дажжализм дарвинизм көрүнүшү менен массаларга сиңип, миллиондогон адамдын өлтүрүлүшүнө жол ачты. Бул дажжалдык система өлкөлөрдү кыйратып, ыймандууларга багытталган кыргындардын биринчи жооптуусу болгон. Жана бул дажжалдык системанын ыкмалары дайыма адамдарга кадыресе көрсөтүлүүгө аракет кылынып, эволюция кейпи менен камуфляж кылынып илимий бир таянычы бардай көрсөтүлгөн. Чынында болсо эволюция теориясын илимий бир дагы далил колдобойт жана илимий ар бир ачылыш бул теорияны кайра кайра кыйратууда. Дарвинизмдин чоң бир алдамчылык экени анык, далилдүү бир чындык.

Адамдардын апачык бир жалганга мынчалык ойлонбостон ишенип, жармашышы, дүйнөлүк масштабда бул жалгандын таркашы жана адамдарга, коомдорго, өлкөлөргө таасир бериши – албетте, ишенүү кыйын болгон бир көрүнүш. Бирок бул массалык алдамчылыктын атеист масондордун монополиясында экени эске алынганда, мындай алдануунун себеби да түшүнүктүү болот. Атеист масондордун оюну – жабык эшик артындагы атеист ложалардан бүт дүйнөгө колу жете турган натыйжалуу бир оюн. Алар бир коомду же бүт дүйнөнү алдагысы келгенде, эволюция теориясы мисалындагы сыяктуу, өлкөлөрдү, мамлекеттик мекемелерди, кишилерди, маалымат каражаттарын, б.а. өз гегемониясындагы бүт жолдорду колдонуу менен аны каалагандай жасашат.

 

Шайтандын кылганы сөзсүз бузулуп

жок болот

Шайтанга сыйынган дажжал системасы атеист масондук дайыма Аллах тараптарларынан жеңилет. Учурда шайтанга сыйынган масон уюму дүйнө жүзүндө күчтүүдөй көрүнүүдө. Бирок бул жаңылыштык. Шайтандын чоң өкмөттөрүнүн, улуттук саясаттарынын, атайын кызмат уюмдарынын (КГБ сыяктуу) болушунун эч мааниси жок. Бул чирик система Аллахтын каалоосу менен бир жумада, бир күндө, ал тургай, бир заматта кыйрай турган бир система. Шайтандын системасы канчалык күчтүү көрүнбөсүн, Аллахтын каалоосу менен сөзсүз жер менен жексен боло тургандай жаратылган.

Бул чындыкты тарыхтан көрүүгө болот. Шайтанга сыйынган, атеист масон лидерлер башкарган ири мамлекеттер Аллахтын каалоосу менен бир заматта кыйрап жок болгон. Мисалы, Гитлер бир сатанист жана атеист бир масон эле. Анын бир мамлекеттик саясаты бар эле. Жашыруун кызматтары, жашыруун полициясы, укмуштуу уюмдары бар эле. Бирок ал өзүнө шайтанды жалган кудай тутунганы үчүн, шайтанды ээрчип күчтүү болом деп ойлогону үчүн, шайтан анын өкмөтүн кыйраттырды, аны байкушка айлантты. Коммунист диктатор Ленин шайтандын буйруктарын ишке ашыруу менен мамлекеттерге буйрук берген күчтүү бир лидер көрүнүшүндө эле. Бирок аягында акылдан азып, байкуш кейпинде өлдү. Саддам Хусейн дагы шайтандын буйруктарын аткарган атеист бир масон эле. Анын доорунда Ирак армиясы дүйнөнүн эң күчтүү армиясы эле. Бирок армия бир күндө чөлдүн ичинде жок болду. Саддам болсо дүйнөгө күчүн мактангандан бир аздан соң байкуш кейпинде өлдү.

Булардын баары бир күндө же бир заматта болгон. Күчтүү көрүнгөн ар бир шайтан тараптары Аллахтын аларга шайтанды түздөн-түз аралаштырышы менен бир заматта бүт күчүн жоготуп, кыйрашкан. Ал кишилер шайтандын бир күчү бар деп ишенип жаңылышкан. Чынында болсо шайтандын тузагы алсыз. Бүт күч Аллахка гана тиешелүү.

Мына ушул себептен Аллахтын тараптарлары гана жеңишке жетет. Шайтандын армиясы Пайгамбарлардан дайыма жеңилишкен. Пайгамбарыбыз (сав) Аллах тараптары болгондуктан, аны эч жеңе алышкан эмес. Аз. Муса (а.с.) ошол доордун чоң күчкө ээ лидери жана ошол эле учурда атеист бир масон болгон Фараон менен күрөшкөн, бирок Фараон Аллах тараптары Аз. Муса (а.с.)ды жеңе алган эмес. Эгер байкалса, чоң салтанат сүрүп жашаган Фараон кийинки коомдор үчүн бир сабак боло турган абалда өлгөн. Ошол сыяктуу Аз. Сулайман (а.с.) дагы атеист масондук уюшуулардын баарын жеңген.
Аллах тараптарлары тарыхтын эч бир доорунда жеңилишкен эмес жана жеңилишпейт дагы. Аллахты жүрөктөн сүйгөн, абдан ыкластуулук менен Ага багытталган бүт адамдар сөзсүз дажжал системасын жеңет. Дүйнөнү башкарган дажжалдык система, б.а. атеист масондук дагы учурда шайтандын өтмүштөгү тараптарларына окшош жагдайда. Дажжал күчтүүдөй көрүнсө да, шайтандын тараптары болгондуктан, аны Раббибизден келчү чоң жаза күтүүдө. Аллахтын тараптары болгон акыр замандын эки улуу адамы Аз. Иса (а.с.) менен Аз. Мехди (а.с.) шайтанды сөзсүз жеңет. Дажжалдын пикир системасы, Аллахтын буйругу менен, бүтүндөй кыйрап жок болот.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder