22 Eylül 2012 Cumartesi

ДАРВИНИСТТЕРДИН ДҮЙНӨНҮ АЛДОО ЫКМАЛАРЫ


ДАРВИНИСТТЕРДИН ДҮЙНӨНҮ

АЛДОО ЫКМАЛАРЫ

 

 

Дарвинисттик алдоо ыкмасынын эң ачык аныктамасын өзү дагы бир дарвинист болгон жана киши өлтүрүүлөрүн дарвинизмден илхам алып жасаган 20-кылымдын эң заалым диктатору Адольф Гитлердин пропаганда министри Йозеф Геббельстин (Joseph Goebbels) төмөнкү сөздөрүнөн түшүнө алабыз:

Эгер бир калпты болушунча көпкө, болушунча бийик үн менен жана болушунча кайра кайра айтсаңыз адамдар ишенет. Адамдарды бир калпка ишендирүүнүн сыры калпты тынымсыз кайталоодо. Болгону кайра кайра, кайра кайра жана кайра кайра айтыңыз.116

Дарвинизмдин адамдарды алдоодо колдонгон ыкмасы мына ушул. Дарвинизм калпы ушунчалык бийик үн менен, ушунчалык көп, ушунчалык догматикалык бир ишеним менен айтылгандыктан, дүйнөдө көп адамдар изилдеп сураштырбастан эволюция теориясын туура деп ойлогон. Болгондо да бул темада массаларды алдоо апачык, белгилүү ыкмалар менен жасалганына карабастан, эч ким бул калпты жактаган илимпоздордон, бул калптын илимий журналдарга киришинен, окуу программасына киргизилип мектептерде окутулушунан күмөн санаган эмес. Бул илимпоздор «протеиндер кокустан ылай сууда пайда болду» деген калпты чыгарып, муну бийик үн менен, тараптарлары менен бирге, илимий сөздөрдү колдонуу менен кайра кайра илимий бир чындыктай айтышкан. Бир даана протеиндин пайда болуу ыктымалдыгынын нөл экенин билбеген адамдарга бул жомокту өжөрдүк менен кайталап, бир сыйкыр таасириндей таасир берип, аларды алдашкан. «Сансыз ортоңку форма фоссили бар» калпын жактаган дарвинист илимпоздор фоссил калдыктарынан кабарсыз адамдарга ушундай пропаганда жасагандыктан, адамдар көп жылдар бою сансыз фоссил тарабынан эволюция тастыкталган деп ойлошкон. Ал тургай, адамдар бул кызыктай пропаганданын таасирине киришип, маймылдан келгенбиз деген калпка ишенип, мектептерде муну окушкан жана аталарын кызыктай көрүнүштөгү, түктүү, маймылга окшош жандыктар болгон деп ойлошкон. Мунун эң негизги себептеринин бири мындай: дарвинизм калпы ачыкка чыкканга чейин адамдар «илимпоз чындыкты айтат» «биз илимий темаларды түшүнө албайбыз, илимпоздор эмне десе ага ишениш керек» деген жаңылыштыкта болушкан, ал тургай, алардын айткандарына ыйман келтиришип, бузуку бир ишеним системасын курушкан. Пайда болгон система бул туура эмес негизги отурган соң, эволюциянын жараксыздыгын талкуулоо да мүмкүн эмес бир даражага келген.

Бул маанилүү жана таң калыштуу бир чындык: дарвинист илимпоздор Дарвинден бери адамдарды алдашууда. «Илимпоз чындыкты айтат, анын айтканын талашпаш керек» жаңылыштыгына таянган бул система адамдарды бир калпка ишенүүгө, ал тургай бүт жашоосун бул калпка жараша жашашына багыттаган. Ушундай чоң масштабдуу бир оюн ойнолгондуктан, илимий чындыктар адамдардан жашырылып, анын ордуна калп менен жасалмалар колдонулуп, алынган маалыматтар бурмаланып эволюция калпына тууралоого аракет кылынган. Эгер маалыматтар эволюция калпына туура келбесе же жашылырган же болбосо жок кылынган. Адамдар көп жылдар бою апачык жана заалымдык менен алданып, дарвинист илимпоздордон алган маалыматтарды чындык деп ойлошкон.

Дарвинизмдин тамырында материалисттик философияга болгон шартсыз көз-карандылык бар. Материализм жашоонун келип чыгышы жана ааламдын пайда болуу максаты менен байланыштуу заттан тышкаркы бүт жоопторду, эч бир илимий ачылышка таянбастан жокко чыгаргандыктан жана эволюция теориясы дагы жашоонун келип чыгышына жасалма бир түшүндүрмө сунгандыктан, материализм менен дарвинизм арасында тамырынан бир байланыш бар. Дарвинист илимпоздор ошол эле учурда материалист жана дарвинизмге көрсөтүлгөн колдоо негизи материализмди сактап калуу аракети. Мына ушул себептен дарвинисттердин ою боюнча, эволюция теориясын кандай болсо дагы жактоо керек. Эволюция эгер болушунча күчтүү жакталбаса, эволюциянын калптары бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жашырылбаса, дарвинизмге каршы чыккандардын басым жана коркутуу ыкмалары менен оозу жабылбаса, дарвинизмдин жараксыздыгын көрсөткөн илимий далилдер тыкандык менен жаап-жашырылбаса, жалгыз жана абсолюттук чындык болгон «бүт нерсени, жан-жаныбарды Аллах жаратканы жөнүндөгү чындык» бүт адамзатка жайылып, материализм жок болот. Дарвинисттердин көп жылдардан бери эволюция калпын бийик үн менен жана өжөрдүк менен жакташынын себеби мына ушунда. Джонатан Уеллс бул жөнүндө мындай дейт:

... Дарвинизмди чындыктай көрсөткөн нерсе далил эмес, материалисттик философия. 1997-жылы Гарвард генетиктеринен Ричард Левонтин өзүнүн жана Карл Сагандын бир жолу дарвинизмди бир талкууда кантип жактаганын айтып берген эле: «чыгарган пикирлеринин кээ бир ашкере тантыктарына карабастан илимди жактадык ... Себеби эң башта бир жоопкерчилигибиз бар эле, материализм үчүн жоопкерчилигибиз.»117

Көңүл бурулган болсо, Левонтиндин сөздөрүндө маанилүү бир дарвинисттик адашуу дагы бир жолу көрүнүүдө. Левонтин «илим тараптары болгон үчүн эволюцияны жактоого мажбурбуз» деп айтууда. Чынында болсо, чын ниеттүү жана стереотипсиз бир көз-караш менен илимий табылгалар бааланганда, илим тараптарымын деген бир адамдын дарвинизмди жакташы мүмкүн эмес. Дарвинисттер көнүмүш адаты менен, «илим – бул дарвинизм» деген калпты жана догманы карманып, сөздөр аркылуу адамдардын аң-сезимине бул калпты сиңиришүүдө.

Дарвинисттер бул алдамчылык дайыма уланат деп ойлошкон. Бирок учурдагы абал көп деле алар ойлогондой жана алар күткөндөй эмес. Материалисттик философия кыйрап баратат. Дарвинисттердин оюндары бир-бирден белгилүү болду. Адамдар кантип бир калпка, жасалма бир динге сокурдук менен ыйман келтирүүгө мажбурланышканын түшүнө башташты.

Швециялык эмбриолог Soren Lovtrup дарвинизм калпын мындайча айткан:

Бир күнү Дарвин мифинин илим тарыхындагы эң чоң алдамчылык катары өз ордун алаарына ишенем. Бул болгон күнү көп адамдар төмөнкү суроону узатат: «мындай нерсе кантип болду?»118

Адамдар чындап эле учурда дарвинисттер тарабынан алданып калуунун шогун сезип башташты. Дүйнөлүк масштабдагы бир оюндун бөлүгүнө айланышканын күн өткөн сайын жакшыраак түшүнүшүүдө. Жакынкы бир келечекте жалган дарвинизм дининин чыныгы жүзүн бүт дүйнө толук түшүнөт жана адамдар чындап алданганын таң калуу менен кабыл алышат. Бир калптан кутулган соң дарвинизм кирдеткен акыл менен абийирлери тазаланып, бүт нерселердин Аллахтын кереметтүү чыгармалары экенин түшүнүшөт. Дажжал системасы илимий-пикирдик жактан толук жок кылынат. Аллах аяттарында мындайча буюрат:

 

Асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. Эч күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Али Имран Сүрөсү, 189-190)

 

Дажжал системасы болгон атеист масондуктун кир оюну дарвинизмдин 1,5 кылымдан бери адамдарды алдаган тымызын ыкмалары кайсы? Дарвинисттер тымызындык менен, биргелешип кандай жасалма система менен бүт адамдарга колу жетип, бир калпты чындыктай көрсөтүшкөн? Дажжалдын сыйкыры кантип адамдарга мынчалык таасир берди? Бул сыйкырды натыйжалуу кылган көз бойомочу дарвинисттик тактикалардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

 

1. Дарвинизм менен материализм бүт жашоону

«жөнөкөйдөй» көрсөткөнгө аракет кылат

Дарвинизм «сыйкыры» адамдарды ойлонуудан тосууга таянган. Дарвинисттер мына ушул себептен көзгө жана кулакка багытталган күчтүү пропаганда менен адамдарды алаксытууга аракет кылышат. Адамдарды сыйкырлоо менен аларды чындыктардан алыстатууну көздөшөт. Дарвинизмдин бул күчтүү сыйкыр пропагандалары натыйжасында көп адамдар ойлонуудан, изилдөөдөн, анализ кылуудан баш тартат жана алдына коюлган калп «илимий» түшүндүрмөлөргө кааласа, каалабаса баш ийет.

Бирок кызыгы адамдарды алаксыткан жана ойлонуудан тоскон кооздолгон пропагандалар негизи түпкүрүндө абдан жөнөкөй жана акылга сыйгыс бир логиканы камтыйт. Дарвинисттик китеп, журналдар бир клетканын пайда болушун сансыз илимий терминдерди колдонуп жүздөгөн бет толо түшүндүрүшү мүмкүн. Бирок кыскача алардын айткысы келгени мындай: ылай суу + кокустуктар + убакыт = жашоо (жандыктар)! Кооздолгон сөздөр, түшүнүү кыйын болгон оор латынча аныктамалар, татаал терминдер дарвинисттик пропаганданы жасоо үчүн мындай китеп, журналдарга атайылап кошулат. Бирок чынында дарвинисттик түшүндүрмөлөрдүн артында татаал, комплекстүү, түшүнүү кыйын болгон бир логика же түшүндүрмө эч жок.

PBS Nova TV каналынын "The Miracles of Life" даректүү тасмасынан бир бөлүм буга жакшы бир мисал болот:

Төрт жарым миллиард жыл мурда жаңы пайда болгон дүйнө космостук чаң жана бөлүкчөлөр жыйындысынан турат эле. Башында суулар тарабынан дээрлик толук көмүлгөн абалда эле. Күчтүү шамалдар атмосферадан туш келди молекулаларды чогултту. Булардын кээ бирлери сууларда топтолду. Океандагы куюлуштар менен агымдар молекулаларды бир жерге чогултту. Жана бул илгерки океандын бир жерлеринде жашоо керемети ишке ашты... Алгачкы жашоонун алгачкы уюшкан формасы кичинекей бир протозоан эле (бир клеткалуу бир жандык). Миллиондогон протозоан илгерки сууларда бир жерге чогулушту. Бул алгачкы организмдер океан суусунан турган дүйнөлөрү ичинде өздөрүнө өздөрү жетиштүү эле. Суудан турган бул чөйрөдө бактерия жана башка организмдер менен азыктанып жашашкан... Бул бир клеткалуу жандыктардан жер бетиндеги жандыктар эволюциялашты.119

Бул кызыктай түшүндүрмөлөрдү көргөн көп адамдар клетканы түзгөн бир даана протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгынын 10950дөн 1, б.а. ыктымалсыз экенин билбей болуш керек, албетте. Бул кишилер биз жашап жаткан кереметтүү тең салмактуулук жана идеалдуулукка ээ планетада тең салмактуулукка таасир бере турган кандайдыр бир өзгөрүүнүн же пайда болуунун туш келди болуу ыктымалдыгынын 101000ден жогору экенин, б.а. канчалык убакыт берилбесин эч мындай бир өзгөрүүнүн болушу мүмкүн эмес экендигин да билбейт болуш керек.120 Бул көрүүчү жогоруда айтылган «жашоо кереметинин» болушу үчүн бир топ жогору ыктымалдыктардын ишке ашышы керек экенин жана мунун бир топ жогору ыктымалсыздыкта экенин да билбейт болуш керек. Мына ушул себептен бул ойдон чыгарылган сценарийди көрүү жана ага ишенүү бул жөнүндө маалыматы жок адамдар үчүн көп кыйын болбойт.

Бул PBS даректүү тасмасында дүйнөнүн пайда болушу, алгачкы клетканын пайда болушунун ойдон чыгарылган жомогу жана бул кыялдагы алгачкы клетка баштаган жандык түрлөрү ушунчалык жөнөкөй бир окуядай баяндалгандыктан, бүт булар бул жөнүндө көп ойлонгусу келбеген бир адамды ынандырууга жетиштүү болот. Бул адамдын алдына даяр бир маалымат келген. Бул киши кандай болсо дагы:

- бир протеиндин кокустан пайда боло албашын,

- андан соң экинчи, үчүнчү, төртүнчү, аягында бир миллионунчу протеиндин да ошол сыяктуу кокустан пайда болушунун ыктымалсыз экенин,

- ыктымалсыз болгонуна карабастан, кокустан пайда болду деп кабыл алсак дагы дүйнөнүн бир учунда «пайда болгон» алгачкы протеиндин башка учунда «пайда болгон» экинчи протеин менен биригишинин да ыктымалсыз экенин билбейт.

Бул баскычка чейин бүт нерсе оңой гана ишке ашкан деп ойлогон бул киши;

- ыктымалдык эсептөөлөрү боюнча кокустан пайда болушу мүмкүн эмес болгон клетка органеллдеринин пайда болушун,

- бул «кереметтүү» абалда пайда болгон органеллдердин клетка пайда болгонго чейин жок болбостон чогуу турушун,

- андан соң кемчиликсиз тандалма өткөрүүчү кабыкчасы жана укмуштуу системасы менен лабораторияларда илимпоздордун көзөмөлүндө да жасала албаган, илимпоздор тарабынан «бир галактикадан да комплекстүүрөөк» деп айтылган клетка ылай суу ичинде кокустан пайда болгон деген жомокту кадыресе кабыл алат.

Себеби бул көрүүчүгө сунулган маалыматтарды ойлонбостон оңой гана кабыл ала турган бир адам үчүн абдан жөнөкөй бир түшүндүрмө сунулууда. Болгондо да бул түшүндүрмөнү бир илимпоз таанымал бир даректүү тасма каналында жасап жатат. Эми анын берилген маалыматты сындашына, изилдеп анализ кылышына, протеиндин кереметтүү системасы жөнүндө ойлонушуна кажет жок.  Бул даректүү тасманы көргөн адамга клетка жөнөкөй бир көбүкчө деген пикир сиңирилүүдө. Бул илимге сыйбас жөнөкөй логика боюнча, көп убакыт бою ачык турган бир мөмө ширесинин бетинде көк дат пайда болгон сыяктуу, көрүүчүгө да клетканын ылай суунун ичинде пайда болушу оңой жана мүмкүн деген ой калтырууга аракет кылынат. Чынында болсо көк даттар – бир клеткалуу жаныбарлар, жана мөмө ширесинин бетинде сырттан келген бир клетканын көбөйүшү натыйжасында пайда болушат. Ошондуктан алар дагы мөмө ширесинин бетинде өзүнөн-өзү, сокур кокустуктар натыйжасында жоктон пайда болушпайт. Ошол эле учурда бул даректүү тасмада кыялдагы алгачкы клетканын пайда болушунан тышкары, дүйнөнүн пайда болушу, алгачкы атмосферанын кыялдагы алгачкы клетканы заматта жок кылуу күчү, протозоандардын кантип көп клеткалуу жандыктарга айланганы жана азыр дагы бактериялар бар кезде протозоандын кантип бул кыялдагы алгачкы жашоонун «алгачкы жандыктары» экени сыяктуу өтө маанилүү темалар дарвинисттер тарабынан түшүндүрүлгөн эмес. Булар бул илимге сыйбас жөнөкөй түшүндүрмө ичинде «майда-барат» темалар катары кабыл алынууда. Бирок бул майда-бараттардын ар бири эволюция теориясынын логикасы менен эч түшүндүрүүгө мүмкүн эмес нерселер жана дарвинизмди жок кылган негизги тема болгон «жашоонун келип чыгышы» темасы. Түрлөрдүн кантип пайда болгону, маймыл сымал жандыктардын адамга кантип «айланганы» жөнүндө китептер толо жомокторду баяндаган дарвинисттер али жашоонун келип чыгышы суроосуна жооп бере алыша элек.

Кээ бир адамдар майда-бараттарга кирбестен, туураны изилдебестен, уккандарын гана кабыл ала беришет. Дарвинисттер бул адамдардын ушул алсыздыгын колдонушат. Көп адамдар дарвинисттердин бул алдамчы тузагына түшүп, логикасыз сезилсе дагы, илимий бир далил көрүшпөсө дагы, түздөн-түз дарвинизмди кабыл ала беришет. Ушул себептен дарвинисттердин жөнөкөй жана логикасыз түшүндүрмөлөрү 150 жылдан бери белгилүү бир катмарга таасир берип, адамдар алданышкан.

Буга башка бир мисал болсо балдар үчүн жазылган Wonderful Egg (Керемет журмутка) китебиндеги сөздөр. Китепте такыр логикасыз бир сценарий жомогу баяндалган. Бул жомок боюнча, эне динозавр жумуртка таштайт жана кызыктай бир абалда бул жумуртканын ичинен «алгачкы канаттуу» чыгат. Динозавр энеден туулган «канаттуу» акырындап өсүп, чоңойот жана кереметтүү абалда кемчиликсиз канаттарга жана түктөргө ээ болот. Анан узун бир дарактын бутактарын көздөй бактылуу учуп баштайт. Бул жерде эң кызыгы жана балким дарвинисттер жагынан окуянын эң трагедиялуу тарабы – бул таң калыштуу тантык китептин American Association for the Advancement of Science (Америка илимий өнүгүү уюму), the American Council on Education (Америка билим берүү кеңеши) жана Association for Childhood Education International (Эл аралык балдарга билим берүү уюму) тарабынан колдоого алынып, сунушталышы.121

Мындай китептер ушул сыяктуу пикирлер менен жарык көрүү менен же муну колдоо менен абдан уят болушууда. Албетте, бир сойлоочунун жумурткасынан толугу менен башка анатомиялык түзүлүшкө, учуу сыяктуу бир жөндөмгө, ага ылайыктуу мүчөлөргө, түк, канат, жылуу кандуулук, өзгөчө өпкө системасы сыяктуу бүтүндөй башкача физиологиялык түзүлүштөргө ээ бир канаттуунун чыга албашын биринчи класстын окуучусу дагы оңой гана биле алат. Бирок ушуга карабастан, дарвинисттик идеологиянын жактоочулары, уят болоорун билип турушуп, бул логикасыз пикирди жактоодон тартынышпайт.

Илимий редактор дарвинист Гордон Тейлор Рэттрейдин (Gordon Rattray Taylor) моюнга алуусу дарвинизм сунган жөнөкөй логиканын туура эместигин абдан туура түшүндүрүүдө:

Эволюция тарыхы ушул сыяктуу өзгөрүүлөргө толо, ал тургай ушулардан гана турат деп айтууга болот. Жалтырактар түктөргө айланат. Буттар канат болот. Ашказандар аба каптарына айланат. Ал тургай биохимия процесстери деңгээлинде өзгөртүүлөр жана жөнгө салуулар ишке ашат. Дарвинизм бул кереметтер жөнүндө «булардын баары кокустуктар натыйжасы» дегенди гана айтат.122

Миссури университетинен доктор Николас Комнинеллистин китебинде орун алган бир гезит макаласында болсо төмөнкү сөздөр айтылган:

Эволюция теориясы өспүрүмдөр үчүн бир фея жомогу. Бул теория илимдин өнүгүшүнө эч салым кошкон эмес. Ишке жарабас бир теория.123

 

Көз бойомочулуктарга унчукпаган

дарвинист илимпоздор

Дарвинизм сыйкыры адамдарга таасирдүү болушу үчүн жасалган дарвинист илимпоздор арасындагы жашыруун биримдик дагы абдан кызыктуу. Бир канча акырын үндөн тышкары дээрлик эч ким эволюция теориясын жактоо максатында чыгарылган, илимге туура келбеген, жаш баладай, логикасыз, акылсыз түшүндүрмөлөргө унчугушпоодо.

Бирок кээде чыгарылган эволюционист пикирлер дарвинист илимпоздор үчүн дагы ушунчалык чоң жана ачык бир уялууга себеп болгондуктан, айланадагылардын реакциясынан тартынган үчүн аларга каршы чыгууга мажбур сезишет өздөрүн. Мисалы, Дарвиндин өзү айткан «Түндүк Америкада күрөң аюу оозун чоң ачып суудагы курт-кумурскаларды тутушу натыйжасында китке айланган» же «каккан сүзгүч канаттарынын жардамы менен көтөрүлгөн, айланган, абада бир топко зымыраган балык кемчиликсиз канаттары бар айбандарга айланган» деген пикирлер дагы деле консервативдүү дарвинисттер тарабынан жакталса дагы, көп дарвинист тарабынан уялта турган пикирлер деп кабыл алынууда.124 Акыркы жолу 2009-жылы «адамдын (кыялдагы) эволюциясынын эң чоң далили», «табыла албаган кайып звено» деп гезиттердин башкы кабарларынан жумалар бою орун алган, дарвинисттерди уялта турган пропаганда жасалган лемур фоссили Ида жана катардагы бир Бонобо маймылынын фоссили Арди дагы кээ бир дарвинист илимпоздор тарабынан сын-пикирге кабылган. Кээ бир дарвинист илимпоздор Ида шерменделигин «цирк», кээ бирлери «маскаралык» дешсе, кээ бирлери кайып звено пикирине эч байланышы жок фоссил жөнүндө баштатылган убаракерчиликтен улам канчалык уялганын апачык айтышкан.125 Арди болсо майдаланган скелеттин жасалма жол менен чогултулушу аркылуу адамга окшотууга аракет кылынган жана бул апачык көрүнүш ошол замат кээ бир дарвинисттерден сын-пикир алган. Ардинин тик туруп басуу менен же адамдын атасы деген пикирлер менен эч байланышы жок экени, катардагы бир маймыл өзгөчөлүктөрүнө ээ экени эң белгилүү дарвинист булактарда да моюнга алынган жана дарвинисттер дагы бир көз бойомочу сөзүнөн артка кайтууга мажбур болушкан. (Katherine Harmon, How Humanlike Was "Ardi"?, Scientific American, 19 November 2009, http://www.scientificamerican.com/article.cfm?id=how-humanlike-was-ardi)

Бирок ошентсе дагы бул уялта турган жагдайды билген дарвинисттердин реакциясы анча болбойт. Себеби алардын идеологиясы боюнча, дарвинизмдин жөнөкөй дүйнөсүн –логикасыз болсо да- аягына чейин жактоого мажбур. Эволюция, Дарвиндин ою боюнча, абада учкан бир балык сыяктуу илимий жактан эч жараксыз жандыктарды чыгарган. Аны ээрчиген дарвинисттер дагы бул пикирди жактоого мажбур сезишет өздөрүн.

Бристол университетинин органикалык эмес химия бөлүмүнөн D. T. Rosevear дарвинизмдин бул жөнөкөй логикасын жана илимпоздордун билип туруп бул оюнга инструмент болгонун мындайча айтат:

Эволюция эч бир далилге таянбаган бир гипотеза жана чындыктарга сыйбайт. Бул классикалык эволюция теориялары өтө комплекстүү жана кыйыр бир чындык жыйындысын болушунча жөнөкөйгө төмөндөтүүдө. Жана муну көп убакыттан бери, бир дагы каршы чыккан кобуроосуз, болушунча көп сандагы илимпоз тарабынан сындалбастан жана каршы чыкпастан кабыл алынганына таң калам.126

Дарвинисттер жашоого (жандыктарга) өз ойлорунда «жөнөкөй» сыпатын тагууга канчалык аракет кылышпасын, жандыктар ааламынын кереметтүү жана таң калыштуу бир комплекстүүлүккө экени алар да жокко чыгара албаган анык бир чындык. Дүйнө бир-биринен айырмалуу миллиондогон жаныбар жана өсүмдүк түрүн камтыйт. Булардын ар бири ээ болгон кичинекей бир түзүлүш дагы укмуштуу бир комплекстүүлүккө ээ. Учурда жандыктар ээ болгон түзүлүш менен органдардын функцияларын бир аз эле «түшүнө алуу», лабораторияларда муну изилдеп ача алуу бир ийгилик деп саналууда. Акылдуу бир жандык болгон адам өз клеткасынын эмнеге окшошоорун өткөн кылымда гана жалпысынан түшүнө алды. Болгондо да, бул клетка мындай турсун, бул клетканын жүз миңдеген протеининен бир даанасын да дагы эле жасай ала элек. Дарвинисттер тарабынан эң «жөнөкөй» жандык катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган бактерия өзүнүн органеллдери, ДНК жана клетка кабыкчасы, антибиотиктерге каршы укмуштуу чыдамкайлыгы жана жогорку өзгөчөлүктөрү менен кереметтүү бир комплекстүүлүк мисалы. Англис зоолог Сэр Джеймс Грей (Sir James Gray) айткандай, бир бактерия бир лабораториянын иш-аракеттеринен бир топ көбүн жасайт.127 Эволюционист Джеймс А. Шапиро (James A. Shapiro) болсо бактериянын мындай өзгөчөлүктөрүнөн улам абдан комплекстүү бир жандык экенин төмөнкүчө мойнуна алууда:

Бактериялар абдан кичинекей болсо дагы, илимий аныктамадан бир топ жогорку биохимиялык, түзүлүштүк жана кыймыл-аракеттик комплекстүүлүккө ээ. Учурдагы микроэлектрондук төңкөрүшкө ылайык, бактериялардын чоңдугун жөнөкөйлүккө эмес, комплекстүүлүккө теңөө туурараак болушу мүмкүн... Бактериялар болбосо жер бетиндеги жашоо азыркы абалында боло алмак эмес.128

Демек, жашоо жөнүндө «жөнөкөйлүктөн» сөз кылуу, албетте, мүмкүн эмес. Жандыктардын денеси жогорку бир Жаратуучунун, бүт нерсени башкарган Улуу бир Күчтүн бар экенин жана жогорулугун көрсөтүүдө. Ал Жаратуучу – жандыктарга жан берген, алардын ар абалын билген, бүт нерсени жоктон жараткан, жаратуучулардын эң жакшысы Аллах. Аллахтын теңдешсиз жаратуусу Раббибиздин бир гана «Бол» буйругу менен ишке ашат. Улуу Аллах үчүн эң кереметтүү жандыктарды каалаганда, каалагандай жаратуу, албетте, абдан оңой. Ал бүт нерсенин ээси, бүт нерсенин башкаруучусу. Раббибиз аяттарында мындайча буюрат:

 

Асмандар менен жердин мүлкү Аныкы. Тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. Ал – Авваль, Ахир, Захир, Батын. Ал – бүт нерсени билүүчү. Ал асмандарды жана жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. Асмандар менен жердин мүлкү Аныкы. (Аягында бүт) иштер Аллахка кайтарылат. (Хадид Сүрөсү, 2-5)

 

2. Дарвинисттер кокустуктарды кереметтерди жасаган жасалма бир кудайдай көрсөтүүгө аракет кылышат (Аллахты аруулайбыз)

Кокустуктар – дарвинисттердин бүт нерсени «жасаган», кереметтерди «пайда кылган» жалган кудайы. Дарвинисттердин жөнөкөй дүйнөсү боюнча, убакыт менен кокустуктар биригип бүт нерсени «жасай алышат». Бул акылга сыйбас ишеним боюнча, кокустуктар адамдар жасай албаганды жасап, кандайдыр бир жол менен лабораториядан жана илимпоздордон жогорку маалымат, жөндөм жана илимий мүмкүнчүлүккө ээ боло алышат. Дарвинизм боюнча, кокустуктар – бүт нерсени кемчиликсиз комплекстүүлүктө жана кемчиликсиз абалда пайда кылган, катасыз, пландуу, чараларды көргөн адистер. Дарвинисттердин жашоо жөнүндөгү түшүндүрмөлөрүнүн артындагы ойдон чыгарылган каарман дарвинист жомоктор боюнча дайыма аң-сезимсиз, акылсыз кокустуктар болгон.

Дарвинисттердин муну адамдарга кабыл алдыруунун ар түрдүү ыкмалары бар. Албетте акылы жайында эч ким бир сойлоочунун анатомиясынын бүтүндөй өзгөрүп кемчиликсиз көрүнүштөгү, созулуп учкан бир канаттууга айланаарына кадимки шарттарда ишенбейт. Адамдарды мындай логикага терс бир жомокко ишендирүү үчүн бир сыйкыр (гипноз) системасын иштеп чыгуу зарыл. Мына ушул себептен дарвинисттер тарабынан кокустук путунун (идол) «жөндөмдөрү» ар кандай илимий терминдерди камтыган бир жомок формасында адамдардын аң-сезимине сиңирилет. Бул жомок боюнча бир жандыктын пайда болушундагы ар бир баскыч сокур кокустуктардын натыйжасы жана кокустуктар муну кереметтер менен жасаган. Бир дарвинисттен «алгачкы жандуу клетка кантип пайда болду» деп сурасаңыз, «бир ылай жыйындысы ичинде кереметтүү абалда өзүнөн-өзү» деген жоопту аласыз. Көз кантип пайда болду деп сурасаңыз, «керемет» жообун алат болушуңуз керек. «Канаттар кантип пайда болду, канаттуулардагы кемчиликсиз түктөр кантип пайда болду» десеңиз, «бир күнү кандайдыр бир себеп менен бир керемет болду» деген сымал сөздөрдү айтат. Дарвинисттердин акыл менен илимге сыйбас сөздөрүндө бул «процессти» башкарган эч кандай аң-сезим, эч бир акыл жок. Чынында болсо аалам абдан кылдат тең салмактуулуктар менен курулган. Жер жүзү кемчиликсиз бир тартипке ээ. Бул тартиптеги кичинекей эле өзгөрүү бүт системанын бүтүндөй жок болушу дегенди билдирет. Ар бир жандык түрү дагы абдан комплекстүү түзүлүштөргө жана таң калыштуу өзгөчөлүктөргө ээ. Бүт бул детальдардын баары – жогорку күч-кудурет ээси бир акылдын, б.а. Улуу Аллахтын чыгармасы.

Дарвинист жомоктордо болсо бул кемчиликсиз тең салмактуулук жана таң калыштуу комплекстүүлүк билмексен болунат. Илимий терминдер менен кооздолуп түшүнүксүз абалга алып келинген эволюция жомогунун ичинде бүт бул тантык пикирлер сыйкыр кылып жаткандай атайын жана тынымсыз сиңирилет жана көп адамдардын эч көңүлүн бурбайт.

Теолог R. C. Sproul бул жөнүндө мындай деген:

Илимпоздор кокустукка бир күч таңуулашканда физиканын тармагын сыйкырга таштаган. (Дарвинисттердин ою боюнча) Кокустук бир эле койондорду эмес, бүт ааламдын жоктон пайда болушун камсыздаган сыйкырдуу бир таяк.129

Дарвинисттер канчалык бул пропаганданы таасирдүү кармоого аракет кылышпасын, түпкүрүндө алар керемет таңуулаган күч – акылсыз, аң-сезимсиз, сокур кокустуктар. Кокустуктар – бул артында эч кандай аң-сезимдүү фактор жок, эч бир акылдуу, багыттоочу, пландоочу бир күч болбостон, ишке ашуучу туш келди окуялар. Кокустан болгон бир окуянын жасап көрүү-жаңылуу аркылуу эң туураны таба алышы, келечекте боло турган окуяларды болжолдоп, ошого жараша чаралар көрүшү, бир органдын эмнеге окшошоорун алдын ала долбоорлошу, башкалар үчүн жан аябастык кылышы, туруктуулук жана сүйүүнү билиши, албетте, мүмкүн эмес. Бир ийнени да пайда кыла албай турган кыялдагы бир күчтү дүйнөдөгү кереметтүү көп түрдүү жандыктарды пайда кылган деп айтуу акылга, логикага, илимге туура келбейт.

Бул жердеги «бир ийнени да пайда кыла албайт» сөзү дарвинист пикирлерге бир жооп ирээтинде жана бул пикирлердин мүмкүн эместигине басым жасоо үчүн колдонулган. Негизи кокустуктарды кандайдыр бир нерсени «пайда кылды» деп айтуу олуттуу бир логика бузуктугуна жана кем акылдыкка ишарат кылат. Бирок дарвинисттер ушул бузук логиканы колдонуу менен бүт дүйнөнү алдай алышкан. Дарвинисттердин кызыктай логикасы боюнча, жетиштүү убакыт берилгенде, кокустуктар жасабай турган эч нерсе жок.

Нобель сыйлыгынын ээси эволюционист биолог Джордж Вальддын (George Wald) төмөнкү сөздөрү дарвинисттердин кокустук + убакыт формуласына бир сыйкырдуу формуладай ишенээрин апачык көрсөтүүдө:

Күтүү гана керек: убакыт кереметтерди жасайт. Көп убакыт берилгенде, мүмкүн эмес нерсе мүмкүн, мүмкүн нерсе ыктымал жана ыктымал нерсе виртуалдуу катары анык абалга келет.130

Албетте, бүт бул логикасыз сөздөрдүн максаты дарвинисттердин жашоого –өз ойлорунда- жаратылуудан тышкары бир жооп таба алуу аракети болуп саналат. Албетте, убакыт менен кокустуктардын биригип, бир ылай жыйындысынан гүлдөрдү, мышыктарды, балыктарды, канаттууларды, сойлоочуларды, адамдарды пайда кылганын кабыл алууга болбошун дарвинисттер да билишет. Бирок алар чындыкты кабыл алуунун ордуна, логикасыз нерсени логикалуу көрсөтүү аракетинде.

Көрүнүп тургандай, дарвинисттердин бүт сөздөрү бир алдамчылыкка таянат. Дарвинисттердин кооз сөздөрүн, латынча аныктамаларын, түшүнүксүз илимий сөздөрүн алып салганыбызда, «бүт жандыктар туш келди окуялар натыйжасында, аңкоолук менен, сокур кокустуктардын натыйжасында, эч бир көзөмөл, эч бир чара, эч кандай аң-сезимдүү кийлигишүү болбостон өзүнөн-өзү пайда болду» деген калп гана калат. Дарвинисттердин адамдарды ишендирүүгө аракет кылган түпкү калпы мына ушул.

Учурдагы эң жалындуу дарвинисттердин бири атеист эволюция биологу Ричард Доукинстин төмөндөгү сөздөрү дарвинисттик логиканын канчалык туюкта экенин көрүүгө жетиштүү:

... Жаныбарлар шашкалактык менен чогултулган, өтмүштөн жамалып келген, одоно жасалып килейген күлкүмүштүү монстрлар болушу керек эле. Бирок аңчылык кылынып жаткан бир гепарддын абдан кооз кыймылдарын, тоо карлыгачынын аэродинамикалык кооздугун же жалбырак көрүнүшүндөгү курт-кумурсканын (камуфляж аркылуу жасаган) көздү жаңылтуучу детальдарына болгон кызыгууга толгон көңүлүбүздү бул күтүүлөрүбүз менен кантип байланыштыра алабыз?131

Аллах дажжалды ушундай чоң бир тузакка түшүргөндүктөн, аягында дажжал тараптарлары өз ойлорунда Аллахка каршы күрөшүү үчүн «кокустук» деген логикасыз, акылга сыйбас жана биринчи класстын балдарын да күлдүрө турган бир жомокту башпаанек кылууга мажбур болушкан. Кокустук ушунчалык адашкан жана ушунчалык акылсыз бир сөз; «курт-кумурскалар жогорку жөндөмдөрүн колдонуп технологиялык шаймандарды жасады» деп айтуу дагы анын жанында логикалуураак болот. Бирок дажжалдын сыйкыры кээ бир адамдарды бул тантык пикирге ишене турган абалга салып, бул тантык пикир мектеп, университеттерде окутула турган абалга келген. Бирок адамдар кокустуктардын эч логикасыз кудайлаштырылганын жана аларга жаратуучу сыпаты берилгенин (Аллахты аруулайбыз) көрүп түшүнгөн сайын, дажжалдын акыр замандагы эң чоң оюну болгон дарвинизм аянычтуу абалга келди.

Аллах аяттарында мындайча буюрат:

 

Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткандарыбыздыбы? Чынында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык. Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. Аларга насаат айтылганда, насаат албай жатышат. Бир аят (керемет) көргөндө да (аны) шылдыңдап күлүшүүдө. «Бул апачык бир сыйкыр гана» дешти. «Биз өлүп, топурак менен сөөк болгондо, чындап биз тирилтилет бекенбиз?» «Же мурдакы аталарыбыз дагыбы?» Айткын: «Ооба, болгондо да мойнуңар бүгүлгөн абалда (тирилтилесиңер).» (Саффат Сүрөсү, 11-18)

 

 3. Дарвинисттер эволюциянын негизги туюктарын

көрмөксөн болушат

Дарвинизм калпы жөнүндө билүү керек болгон абдан маанилүү бир чындык бар: дарвинизм алигече жашоонун келип чыгышына, б.а. жашоо алгач кантип пайда болгон деген суроого акылга сыярлык жана илимий бир жооп айта алышкан жок. Дарвинисттер бүт нерсенин башталышы деп атаган ошол кыялдагы «алгачкы клетканын», ал тургай анын алгачкы протеининин дагы кантип пайда болгону белгисиз. Эволюция теориясы кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган бир даана протеин тарабынан эң башынан эле толук кыйрайт.

Бул чындыкты бүт дарвинисттер билишет. Ушул себептен сиз окуй турган ар бир дарвинист журнал, китепте, көрө турган ар дарвинист программада бул темадан шашкалактык менен өтүп кетишет жана унуттурууга аракет кылышат. Дарвинизм пропагандасы жасалган эч жерде бир протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгынын жок экенин, илим тарыхы бою лабораторияларда жасалган сансыз эксперименттин клетканын бир даана протеинин, бир даана органеллин да жасай албаганын, клетканын кокустан пайда болбой турганчалык кемчиликсиз жана төмөндөтүүгө мүмкүн эмес комплекстүүлүктөгү бир түзүлүш экенин уга албайсыз. Себеби бул чындыктар жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү илимге сыйбас жөнөкөй дарвинисттик түшүндүрмөнү жер менен жексен кылат. Кокустуктардын бир протеиндин ичиндеги амино-кислоталарды дагы түшүндүрө албашын эске алганда, эволюция теориясынын кыялдагы «убакыт + кокустуктар + ылай суу» формуласы башталгыч класстар үчүн даярдалган жомок китептерди эске салат.

Илимпоз Хэнк Ханеграаф бир даана протеин молекуласы менен байланыштуу ыктымалдык эсептөөлөрүн мындайча баяндаган:

Бир даана протеин молекуласынын кокустан түзүлүү ыктымалдыгы дүйнөдөгү бүт атомдорду колдонуу менен жана дүйнөнүн башталышынан бери өткөн бүт убакытты колдонуу менен 10161ден бирге барабар... Эң кичинекей теориялык жашоо үчүн керектүү 239 протеин молекуласынын эң кичинекей көлөмдө бир түйүн катары пайда болуу ыктымалдыгы 10119879дан бир. Бул орточо протеин түйүнүн алуу үчүн 10119841 жыл өтүшү керек. Бул дүйнөнүн гипотеза кылынган жашынан 10199831 эсе чоң жана бул сан 1дин жанына 119831 даана нөлдүн келиши менен көрсөтүлөт.132

Ханеграаф мындайча улантат:

Эгер бир даана протеин молекуласы эртеби-кечпи пайда болсо дагы, экинчисинин пайда болушу абдан эле кыйын болот. Көрүнүп тургандай, статистикалык ыктымалдыктар илими кокус (туш келди) процесстер менен бир протеин молекуласынын пайда болушунун ыктымалдыкка сыйбас эле эмес, негизи эч мүмкүн эмес экенин көрсөттү.133

Ансыз да жогоруда айтып кеткендей, бир протеин пайда болушу үчүн башка протеиндер керек. Ошондуктан бул дарвинисттер үчүн бир чыкпас айлампа жана чоң бир туюк. Бир даана протеиндин пайда болушун түшүндүрүү үчүн 100дөй ар түрдүү протеиндин, ДНКнын жана ал тургай, бир бүтүн клетканын пайда болушун түшүндүрүүлөрү керек. Дарвинизм бул темада толук жеңилип, кыйрады.

Бирок булардын баары ишке ашты, дарвинизмдин сыйкырдуу формуласы ишке жарады жана кыялдагы алгачкы клетка пайда болду деп кабыл алсак дагы (негизи бул илимий жактан мүмкүн эмес), дарвинисттер баары бир абдан чоң туюктарга кабылышат. Дарвинисттер бир клетканын органеллдеринин ар биринин аткарган кызматтарын, бир энзимдин денедеги кызматтарын, боор, өт, ашказан, өпкө, мээ сыяктуу комплекстүү органдардын пайда болушун жана иштешин, эң негизгиси өздөрү айткандай булардын баарынын башка жандыктардан айлануу (эволюция) аркылуу кемчиликсиз абалда кереметтүү пайда болушун түшүндүрүшү зарыл. Бирок дарвинисттер эч түшүндүрө албаган бул темалардын жакынына да жолошпойт.

Себеби чоң-кичине организмдердин баарындагы укмуш комплекстүүлүктү ойдон чыгарылган дарвинист механизмдер менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бүт дарвинисттер негизи жер бетинде, асманда, бүт жандыктардын жана адамдын жаратылуусунда апачык бир керемет бар экенин билишет. Уруктанган бир клетканын бөлүнүп 100 триллион клеткадан турган кемчиликсиз бир адам денесин пайда кылышын, булардын 30 триллионунун адам мээсин пайда кылуу үчүн өзгөчөлөнүп бөлүнүшүн, алардын ичинде 120 триллион байланыш түзгөн 12 миллиард мээ клеткасынын кемчиликсиз иштеп башташын жана булардын натыйжасында ойлоно алган, өзүнүн бар экенин аңдап-түшүнө алган кемчиликсиз бир жандыктын келип чыгышын дарвинисттик алдамчы ыкмалар менен түшүндүрө албашын өздөрү да билишет.

Илимпоз жана журналист Фред Хирен (Fred Heeren) дарвинисттер да билген бул чындыкты мындайча айтат:

Апачык чындык болушунча түшүнүктүү. Логикалык жыйынтык – биз көргөн нерселердин баарынын абдан чоң, табияттан жогорку бир себепти талап кылган бир натыйжа экендиги. Күн жана жылдыздар, ай жана бул дүйнө бир нерселерден өзүнөн-өзү пайда болушкан эмес. Бул логикага сыйбайт – Батыш логикасы эле эмес, бүт адамзат логикасы жактан логикасыз. Ааламдагы ар бир кубулушту ага себеп болгон нерсе менен байланыштуу түшүндүрүүгө болот. Бирок ааламдын өзү кантип пайда болду деген кубулуш каралганда, мунун ааламдын ичинде бир жообу жок. Бул жерде табиятка тиешелүү бир жооп жок.134

Эч күмөнсүз, ааламдын баарын, жер жана асманды, бүт жандыктарды башкарган, алардын баарын жараткан Улуу Аллах. Аллах бир даана клеткада жараткан укмуштуу аалам ичинде ушундай комплекстүү бир тартип пайда кылган; муну кокустуктар мындай турсун, адамдын жөндөмү, акылы менен да түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Дарвинизмдин эң чоң туюктуранын бири мына ушул. Дарвинисттер бир темада жооп таппай калышканда, көбүнчө «өтүп кетүү» саясатын колдонушкан. Эволюция теориясынын ойдон чыгарылган механизмдерин санашат, бирок булардын кантип бир «эволюция» жасаганы жөнүндө илимий эч нерсе айта алышпайт. Эволюция теориясы өз жооптору ичинде кыйраган, бирок окурманга муну байкатпоого аракет кылышат. Чынында болсо эволюционист биолог атеист Ричард Доукинстин төмөндөгү моюнга алууларынан да көрүнүп тургандай, эволюциянын негизги туюктарын дарвинисттер да абдан жакшы билишет:

Табият терс таасир бергенине карабастан бир катар мутацияны чогултуп, бир жандык урпагы үчүн жалпысынан эң идеалдуу өзгөрүүгө жете турган жолду аныктоо планын жасай албайт.135

Кургактыктан сууга өткөн бир урпактын кыймыл системасы менен бирге, дем алуу системасында да өзгөрүүлөргө муктаж болоору ыктымал, бирок булардын арасында табиятынан улам бир байланыш бар деп ойлоо үчүн акылга сыярлык бир себеп жок. Басуу мүчөлөрүн сүзгүч канаттарга айлантуучу процесс эмне үчүн кычкылтек алуу үчүн өпкөлөрдүн натыйжалуулугун өстүрө турган тенденциялар менен байланыштуу болушу керек? Албетте, бир учурда адаптациясы ишке ашкан бул тенденциялар эмбриологиялык механизмдердин кокус бир натыйжасы катары байланыштуу абалга келиши ыктымал, бирок бул байланыштын терстин ордуна, оң натыйжа бериши көп мүмкүн эмес.136

Учурдагы эң белгилүү атеисттердин бири Ричард Доукинс дагы болгон күчү менен жактаган эволюциянын эч бир механизминин «эволюцияга» далил болбошун апачык мойнуна алууда. Доукинс бул сөздөрү менен мутациялардын эч бир пайдалуу натыйжа бербешин жана бир жандыктын суудан кургактыкка өтүшү үчүн керектүү өзгөрүүлөрдүн болушунун мүмкүн эмес экенин айтууга мажбур болгон. Доукинстин бул моюнга алуулары илимий бир дагы далили жок бузуку дарвинизм дининин кантип сокурдук менен жакталганын тастыктайт.

Доукинс, мындан тышкары, китебинде Нобель сыйлыгынын ээси иммунолог профессор Сэр Питер Медавардын (Sir Peter Medawar) бул жөнүндөгү төмөнкү сөзүн алган:

«... колубузда эволюциялык өнүгүү менен байланыштуу ынандырарлык бир жооп жок...»137

Негизги туюктардын көрмөксөн болунушу, албетте, бул жөнүндө маалыматы жок адамдарды жаңылтышы мүмкүн. Бирок адамдардын эволюция теориясы жөнүндө маалыматы көбөйгөн сайын, сөз болбогон кээ бир чындыктар, атайылап аттап кетилген детальдар жана жаап-жашырууга аракет кылынган негизги темалар жөнүндө суроолор сурап башташат. Учурда кээ бир өлкөлөрдүн окуу жайларында, АКШнын ар кайсы штаттарында жана Европада болуп жаткан көрүнүштөр мына ушул. Окуучулар сокурдук менен билим алуудан баш тартышып, бул негизги туюктар жөнүндө мугалимдери менен талашуудан тартынышпоодо. Дажжал адамдарды алдаган доор бүттү. Дарвинизмдин негизги туюктары адамдардын көңүлүн буруп, бүт булар үчүн бир жооп талап кылышууда. Дарвинисттердин бул жөнүндөгү көпкө уланган жымжырттыгы дарвинизм тараптарын дагы күмөнгө салып, адамдар дарвинизмден башка бир жооп издеп башташты. Албетте дарвинизм сыйкырынан кутулган ар бир адам акыл менен аң-сезимди көрсөткөн, кереметтүү комплекстүүлүктөгү жандыктардын жаратылганын апачык көрүүдө.

Дарвинизм туюкта, себеби жандыктар эволюциялашкан эмес, жаратылышкан. Адамдар эми муну апачык көрүшүп, акылдары жана абийирлери менен бул чындыкты кабыл алышууда. Аллах улуу кудурети менен бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана дарвинизмдин жалган кудайларынын эч бир күчү жок экенин аяттарында мындайча билдирет:

 

Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)

 

4. Дарвинисттер ортоңку форма фоссили бар деген

пропаганда жасашат

150 жыл бою бир калпты туурадай көрсөтүүнү максат кылган, эволюция теориясынын сансыз көз бойомочулугун бир чындыктай адамдарга сунган, жасалма фоссилдерди ондогон жыл көргөзмөгө койгон жана бул калпты мектеп, университет программасына киргизип бир чындыктай окуткан дарвинисттер үчүн дарвинизм ортоңку форма фоссилдери менен тастыкталган деген бир калпка дагы адамдарды ишендирүү оор эмес. Дарвинден бери улантылган бул алдамчылык Дарвиндин келечекте ортоңку форма фоссилдери табылат деген бош убадалары менен башталган. Негизи Дарвин мындан 150 жыл мурда абдан маанилүү бир көз ачыктык кылып, бул болжолу туура чыккан.

Эгер чындап түрлөр башка түрлөрдөн акырын өзгөрүүлөр менен чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл форманы кездештирбей жатабыз? Эмне үчүн табият бир башаламан абалда эмес, толук аныкталган жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болуш керек, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп кабатынан көмүлүү абалда таба албай жатабыз?.. Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай байланыштарга толо эмес? Геология жакшы даражаландырылган бир процесс көрсөтпөй жатат жана балким бул менин теорияма каршы айтыла турган эң чоң сын-пикир болот.138

Дарвиндин болжолу туура чыкты. Анын убагында табылбаган ортоңку форма фоссилдери кийин да табылган жок жана бул чындык Дарвиндин теориясын толук кыйратты. Дарвинисттер болсо бул процессте 150 жыл мурда болбогон кыялдагы ортоңку форма фоссилдери сөзсүз бир күн табылат деген ишенимин адамдарга сиңирүүгө аракет кылышты. Технология менен өнүккөн илим ортоңку форма фоссилдеринин болушун мажбур кылганда болсо көз бойомочулукту чара катары көрүштү. Учурда эволюция теориясы окутулган бүт биология окуу китептери, бүт дарвинисттик китеп, журналдар, дарвинизмди колдогон гезиттер эволюция теориясы үчүн өтө маанилүү болгон ортоңку форма фоссили жомогун айтып жатканда ушул жасалма далилдерди көрсөтүшүүдө. Бул китеп, журналдар дагы эле археоптериксти, целакантты, Геккельдин жасалма эмбрион сүрөттөрүн, даракка жабыштырылган өнөр-жай көпөлөктөрүн, адамдын башына орангутандын ээги жабыштырылган Пилтдаун адамын, бир жапайы доңуздун азуу тишине таянып үй-бүлөсү менен бирге сүрөттөрү тартылган Небраска адамын, маймыл-адам деп сүрөтү тартылган, бирок бир адам расасы экени аныкталган Неандертал адамын, бир маймыл экени илимий далилденген Люсини жана көз бойомочулук экени белгилүү болгону үчүн китептерден чыгарып салынган баш сөөктөрүн далил катары көрсөтүшүүдө. Дарвинизмдин 21-кылымдагы байкуш кейпи мына ушундай.

Көбүнчө дарвинисттик булактарда төмөнкү сүйлөмдү көп көрөсүз: «эволюцияны далилдеген ортоңку форма фоссилдери ушунчалык көп...» Бул сүйлөм абдан чоң бир калп. Окурмандардын аң-сезимине сиңирүү максатын гана көздөйт. Башкача айтканда, кадимки дарвинисттик ыкма колдонулууда жана бир жалган адамдарды ынандыруу үчүн бийик үн менен жана өжөрдүк менен, кайра кайра айтылууда.

Чынында болсо эволюция теориясын далилдеген бир даана дагы ортоңку форма фоссили жок. Дарвинист илимпоздор, албетте, илим көрсөткөн бул анык чындыкты абдан жакшы билишет. Ортоңку форма фоссили болбогондуктан, эволюция теориясынын туюкта экенин да билишет. Бирок догматикалык көз-караш кандай гана болбосун эволюция теориясын сактоо мажбурдугун алып келет дарвинисттерге.

Дарвинисттерге жакында эле бул жөнүндө жарыя жасалып, колдорундагы бир даана ортоңку форма фоссилин дүйнөнүн эң белгилүү жерлеринде көргөзмөгө койушу талап кылынды. Бирок мунун жообу көнүмүш унчукпоо болду. Чынында эгер айтканы туура болсо, эгер жандык түрлөрү бир-биринен акырын акырын өзгөрүү менен кокус этаптар аркылуу миллиондогон жылдык бир процесс натыйжасында эволюциялашкан болсо, анда дарвинисттердин колунда бир даана эмес, миллиондогон, ал тургай, триллиондогон ортоңку форма фоссили болушу керек эле. Бирок дарвинисттер «бир даана ортоңку форма фоссилин алып келгиле» деген чакырыкка да жооп бере албай жатышат. Себеби колдорунда эч ортоңку форма фоссили жок. Дарвинисттердин шымаланып заматта бир даана болсо дагы ортоңку форма фоссилин көрсөтө албашынын себеби мына ушул.

Эволюционист палеонтолог Марк Чарнецки (Mark Czarnecki) бул жөнүндө мындай дейт:

Теорияны (эволюцияны) далилдөөнүн алдындагы чоң бир тоскоолдук дайыма фоссил калдыктары болгон... Бул калдыктар эч качан Дарвин гипотеза кылган ортоңку формалардын издерин көрсөткөн эмес. Түрлөр заматта пайда болушат жана кайра заматта жок болушат. Жана бул күтүлбөгөн жагдай түрлөрдү Аллахтын жаратканын жактаган көз-карашка колдоо көрсөттү.139

Эволюционист геолог Карлтон Е. Бреттин (Carlton E. Brett) моюнга алуусу болсо мындай:

Жер бетинде жашоо убакыттын өтүшү менен, акырындап жана баскыч баскыч пайда болдубу? Фоссил калдыктарынын бул суроого жообу – «жок».140

Дарвинизм сыйкыры 150 жыл бою ушунчалык системалуу түрдө адамдарга таасир бергендиктен, адамдар жок нерсенин бар экенине ишенишкен. Эч ким «миллиондогон ортоңку форма фоссили болуш керек, алар каякта?» деп сураган эмес. Эч ким «казуулардан чыккан 350 миллиондон ашуун фоссилдин баары кемчиликсиз көрүнүштөгү толук өрчүгөн жандыктарга тиешелүү, алардын бир даанасы дагы ортоңку форма фоссили эмес» деген эмес. Эч ким эмне үчүн ортоңку форма фоссили деген көрүнүштө дайыма белгилүү бир канча жандыктын сүрөтүн көрөөрүн, эң белгилүү илимпоздордун да бул жасалма фоссилдерден башка көрсөтө турган нерсеси жок экенин, доктордук диссертациялар үчүн даярдалган китептерде дагы эмне үчүн ушулардын гана каралганын изилдеген эмес. Ошондой эле, эч ким алдыңкы планга чыгарылган бул бир канча фоссилдин да ортоңку форма өзгөчөлүгүнө ээ эмес экенин жана мунун илимий жактан далилденгенин билишпейт. Кыскасы, дарвинизм сыйкырына кабылган дээрлик эч ким дарвинизмди колдогон бир даана дагы далил жок экенин билбейт. Себеби бул чындык бул сыйкырдын куруучусу болгон дарвинисттер тарабынан усталык менен жана тымызын жашырууга аракет кылынган.

Бирок «ортоңку форма фоссили бар» деген калп канчалык көпкө жана канчалык өжөрлүк менен айтылбасын, эгер адамдар табылган чыныгы фоссилдердин бар экенинен кабардар болушса, алардын азыр жашап жаткан жандыктардан эч айырмасы жок экенин түшүнүшсө, анда жалганды кайталоонун эч мааниси калбайт, албетте. Азыр жагдай дажжалдын оюну дарвинизм үчүн ушундай. Дарвинисттер адамдарды ортоңку форма фоссили бар деген алдамчылыкка ишендирүү үчүн жандалбастап жатканда, толук жана кемчиликсиз көрүнүштөгү миллиондогон жылдык жандыктарды көрсөткөн фоссилдер адамдарга ачык ачык көрсөтүлүп, фоссил көргөзмөлөрү интернет жана Yaratılış Atlası (Жаратылуу атласы) аркылуу көргөзүлүүдө. Адамдар көзү менен көргөнгө ишенип, жылдар бою алган дарвинист пропагандадан шектенишүүдө. Эми дарвинисттердин «ортоңку форма фоссили бар» деген өжөрлүктөрү эч бир ишке жарабоодо. Дажжалдын оюнуна кирген дарвинисттердин адамдарды алдаганы эми бүт дүйнө жүзүндө апачык түшүнүктүү болду. Бул алдамчылыкты эми улантуу мүмкүн эмес. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:

 

Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)

 

5. Дарвинисттер эволюция теориясын жокко чыгарууга

мүмкүн эместей көрсөтүшөт

Илимий бир теорияда демейде теория чыгарылат; илимий жактан туура же туура эмес деп табылат. Илимий жактан кабыл алынат же жокко чыгарылат. Big Bang (Чоң жарылуу) теориясы илимий бир теория жана тастыкталган. Бул теорияны колдогон далилдерге каршы айтылган сөздөрдүн жараксыз экени анык. Эч ким башка ыктымалдыктарды далилдөө керек деп санабайт. Себеби колдо конкреттүү илимий далилдер бар. Конкреттүү далилдер башка ыктымалдыктарга каршы бул илимий теорияны тастыктады.

Эволюция теориясы болсо илимди жамынып чыгарылган бир теория жана теориянын бир тантырак пикир экени сансыз далил менен далилденген. Теорияны тастыктай турган бир дагы далил жок. Илимий бүт табылгалар теориянын бир гипотеза катары чыгарылганын жана такыр жараксыз экенин күн сайын кайра кайра далилдөөдө. Кадимки шарттарда бул теория качан эле тарыхта калышы керек эле. Бирок эмнегедир мындай болгон эмес. Тескерисинче эволюция теориясы жасалма далилдери менен илимий бир теория көрүнүшүндө окуу китептерине кирип, телевизор каналдарында, даректүү тасмаларда, басмаканаларда жактала турган абалга келген. Ал тургай, Европа Кеңеши болгон күчү менен бул теорияны коргоого аракет кылып, бул теориянын илимий эмес экенин далилдеген далилдердин көрсөтүлүшү үчүн жасалган сунуштарды паника жана коркуу менен кабыл алды. Көп өлкөлөрдүн соттору эволюцияга каршы алып келинген жана окуу программасында орун алган сунуштарды болгон күчү менен четке кагууда. Мындан кыска убакыт мурда федералдык бир сот мамлекеттик окуу жайларда дарвинизмге сын-пикир айтуу конституцияга карама-каршы келет деп айтууга чейин барган.141 Дарвин өз китебинде да айткан «эволюциянын кыйынчылыктарынын» окуу программасына кошулушу жөнүндөгү пикир дарвинист чөйрөлөрдү паникага салды. Кыскасы, дарвинизм дээрлик бүт мамлекеттер тарабынан корголгон, көбүнчө мамлекеттик колдоо менен сактап калууга аракет кылынган калп «илимий» бир теория. Бул чөйрөлөр, жаратылуу чындыгынын окуу жайларда окутулушу эволюция алдамчылыгын көрсөткөндүктөн, болгон аракети менен ага да тоскоол болууга аракет кылышууда. Себеби дарвинизмди бул жалган диндин мыйзамдары боюнча «жокко чыгарууга болбойт». Ошол сыяктуу дарвинизм бүт дүйнөдө фашист бир дарвинист диктаторлуктун коргоосунда.

Жазуучу Анн Коултер (Ann Coulter) бул чындыкты мындайча айтат:

Эволюция теориясын талкуулоодон качынуу үчүн дарвинизм жиндилери дайыма (өз ойлорунда) керексиз чындыктарды бир кошумча бөлүк сыяктуу талкуунун сыртына түртүшөт. Эволюцияны жокко чыгарууну күндүн чыгыштан чыгышын жокко чыгаруу сыяктуу бир нерседей көрсөтүшөт.142

Дарвинисттик система боюнча дарвинизмди жокко чыгаруу бир кылмыш сыяктуу. Дарвинизм бир жалган дин катары кабыл алынган жана кабыл алдырууга аракет кылынган өлкөлөрдө бул мекенге чыккынчылык кылуудай көрүнүүдө. Эч ким илимий далилдердин теорияны жараксыз кылганын, теориянын эми такыр жараксыз экенин ачык ачык айта албас абалга келген. Дарвинизмди талашсыз бир чындыктай кабыл алуу бир шарт болуп калган. Математика профессору Вольфганг Смит (Wolfgang Smith) бир эволюционист катары бул абалды мындайча баяндаган:

Бизге догматикалык түрдө эволюция кабыл алынган бир чындык деп айтылууда. Бирок муну кимдин, кандай жолдор менен кабыл алганы эч качан айтылбайт. Бизге көп көп бул доктрина далилге таянган деп айтылат жана бул далил «мындан кийин жасала турган бүт тастыктоолордон жогору жана ошондой эле эксперименттер менен алынган кийинки бүт жокко чыгаруулардан тышкары» деп белгиленет. Бирок биз бул далил чындап каерде деген маанилүү суроо алдында толугу менен караңгыда ташталуудабыз.143

Дарвинизмди жокко чыгарууга бөгөт болунууда, себеби антпесе жалган дарвинизм дининин жактоочуларынын эч бир таянычы жок бул теорияны сактап калууга бир дагы жолу калбаган болот. Жалган бийик үн менен айтылууда жана мунун жалган экенин айтуу кылмыш деп саналууда. Илимди жамынып чыгарылган теория илимден бүтүндөй алыс, расмий жана ачык жокко чыгаруу мүмкүн эмес бир жалган, догматикалык ишенимге айлантылган. Эң негизгиси бул баарынын көз алдында, эч тартынбастан жасалууда.

Бул ушундай бир деңгээлге жеткен; Папа өз үйүндө дарвинизмди жактаган конференцияларды берүүгө мажбурланган. Чиркөөлөр Дарвинден кечирим суроого мажбурланышкан. Университет профессорлору эволюцияны сындаган макалаларынан улам иштеринен айдалып, адистигинен алыстатылышкан. Бул чоң таңуулоо көп өлкөдө олуттуу ийгиликке жетип, өзгөчө жогорку жактарда эволюция эч талкууланбас абалга алып келинген.

Дарвинизмдин жокко чыгарылгыс абалга келишин камсыз кылуу үчүн дарвинисттер керектүү ар кандай жолду колдонушат. Эволюция теориясын жокко чыгарган далилдерди жашырып, эволюциянын жараксыздыгын далилдеген далилдерди каалагандай бурмалап жана адамдарды апачык алдап, эволюциянын далилиндей көрсөтүшөт. Чарльз Дулиттл Уолкоттун 70 жыл бою кембрий фоссилдерин жашырышы сыяктуу.

Дарвинисттик стереотип дарвинисттерди такыр логикасыз нерселерди жактоого жана бул логикасыздыктарды кээ-кээде айтууга мажбурлоодо. Жогорудагы сөзүндө эволюционист биолог илимий далилдер, логикалуу далилдер болбосо дагы, эволюциянын туура экенинен эч күмөн санабашын апачык айтууда. Бул дагы эволюция теориясынын жакталышынын себебинин илимий маалымат жана табылгалар эмес экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Демек кабыл алуу керек болгон анык бир чындык бар: эволюция адашкан, жасалма, алдамчы бир дин.

Математик жана философ Уильям А. Дембски (William A. Dembski) дарвинисттердин эволюцияны жокко чыгарууга мүмкүн эмес көрсөтүшүн мындайча айтат:

Дарвинист фанатизмден күмөн саноону сталинисттик бир режимдин партия пикирлерине каршы чыгууга салыштырууга болот. Сталиндин Россиясында болгонуңузда жана Лысенконун туура эмес экенин айткыңыз келсе, эмне кылмак элеңиз? Лысенконун генетикалык теориясындагы парадоксторду жана туура эместерди айта алмаксыз, бирок Лысенко бүтүндөй туура эмес деп айта албайсыз же Лысенкого ачык карама-каршы келген бир альтернативаны сунуштай албайсыз. Азыркы биздин жагдайыбыз мына ушундай.144

Дарвинисттик диктатуранын басымы менен дарвинизмдин жокко чыгарыла албашы кээ бир адамдардын акылында дарвинизм туура жана кабыл алынган бир теория деген пикир пайда кылган. Себебе адамдардын көпчүлүгү илимпоздор бир тантык пикирди жактай албайт, телевизор жана гезиттер бир алдамчылыкты колдой алышпайт деп ойлоп жаңылышат. Эгер бул бир алдамчылык болгон болсо, сөзсүз муну аныктап жарыялай турган бирөөлөр болушу керек деп ойлошот. Чынында болсо жарыялоого аракет кылган ар бир үн ар кандай басым ыкмалары менен басып коюлган.

20-кылымда басым жана мажбурлоолор менен уланган диктатура салты учурда да дал ошондой уланууда. Дагы эле көп илимпоз жумушумдан айдалам деп коркуп эволюция теориясына каршы эч нерсе айтпай, үй-бүлөлөр балдарынын эволюция таалимин алышына каршы чыкканда сөзсүз басым жана коркутууларга туш болууда. Бирок эволюция теориясы каалашынча окуу жайларда окутулбасын, каалашынча эволюцияга каршы чыккан илимпоздордун оозу жабылбасын, эволюциянын калп экенин көргөн акылдардагы жарыкты эч бир дарвинисттик мажбурлоо жана басым өзгөртө албайт. Учурда Европа Кеңеши балдардын мектептерде эволюция таалимин алышын мажбурлуу кылып койду. АКШнын көп штаттарында окуу программасында эволюцияга туура келбеген жоромолдорго орун берүүгө тыюу салынган. Кытайда, Россияда, дээрлик бүт Азия өлкөлөрүндө, ал тургай, кээ бир Мусулман өлкөлөрдө дагы эволюция теориясы окуу программасынын бөлүнбөс бир бөлүгү болуп саналат.

Муну да айта кетүү керек: бул жерде дарвинисттердин кысымчы жана тыймай көз-карашы сындалууда. Мектептерде жаштарга бир тарых сабагы катары эволюция жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн, бирок муну менен бирге эволюция теориясынын жараксыз экенин далилдеген жүздөгөн далилди да жаштарга үйрөтүү илимий жана акылдуу мамиле болмокчу. Жаштар мажбурлуу түрдө, бир тараптуу, кысымчы бир таалим албашы керек, алардын алдына илимий табылгалар эч бир тарапка тартпастан объективдүү коюлушу зарыл жана алар туураны өз акылдары, абийирлери менен көрүү, үйрөнүү укугуна ээ болушу керек.

Бирок дагы бир нерсени айта кетүү туура болот; мындай зордукчул мамиле дарвинисттер тарабынан өз ойлорунда канчалык чоң бир жеңиштей сезилсе дагы, чынында коркуу менен паниканын бир көрсөткүчү. Европа Кеңеши сыяктуу дарвинисттик көз-карашка ээ бир уюм дарвинизмдин кыйрашынан биринчи жолу мынчалык катуу тынчсызданып жатат. Европада көп жылдардан бери жаратылууну баяндаган, эволюциянын жараксыздыгын айткан ар кандай эмгектер жарыяланып, конференциялар уюштурулуп, ар кандай иш-чаралар жасалып келүүдө. Бирок бирөөсү да Харун Яхьянын ири эмгеги Yaratılış Atlası' (Жаратылуу атласы)нын Европага жетиши менен пайда болгон маанилүү натыйжаны жарата алган эмес. Мындай натыйжанын себеби Атласта көрсөтүлгөн илимий табылгалардын эволюциянын жараксыз экенин толугу менен көз алдыга тартуулашында. Эми Европадагы бүт окуучулар эволюция теориясынын 350 миллиондон ашык фоссил тарабынан кыйратылганын билет. Оңой гана кире ала турган бир даана интернет бетинен миллиондогон жыл мурдага тиешелүү сансыз жандыктын фоссил сүрөттөрүн көрүп, жандыктардын эволюциялашпаганына ынанышууда. Сансыз эмгектер натыйжасында дарвинисттик көз бойомочулуктарды жана эволюция теориясынын бир дагы жарактуу илимий далили жок экенин түшүнүштү. Дарвинизм жөнүндөгү чындыктарга оңой гана жете алышат. Дарвинисттер мындан жүз жыл мурдакы натыйжаны кайра ала алабыз деген үмүт менен ошол эле чирик тактикаларды колдонушууда. Бирок дажжалдын оюнунун чыныгы жүзүнүн ачыкка чыкканын унутушууда. Улуу Аллах бир аятында мындайча буюрат:

 

Же жамандыктарды кылгандар Бизден (ашып) өтө алабыз деп ойлоштубу? Кандай жаман өкүм беришүүдө? (Анкебут Сүрөсү, 4)

 

6. Дарвинисттер эволюцияга каршы чыккандардын оозун

жабууга аракет кылышат

Дарвинизмди жокко чыгаруунун мүмкүн эместигинин бир шарты катары дарвинисттер адамдарга таасирдүү ар бир эволюцияга каршы чыккан адамдын оозун жабууга аракеттенишет. Бүт дүйнөгө жайылган жалган дарвинизм дини менен анын жактоочулары бул багытта ушунчалык кысымчыл жана зомбулукчу бир саясат жүргүзүп жаткандыктан, эволюция жөнүндө тигиндей же мындай түрдө бир күмөндүү сөз айтуу дагы ал кишиге кыйынчылыктарды алып келүүдө. Бул фашисттик мажбурлоо боюнча, эволюция жөнүндө күмөн саноо кылмыш. Аны айтуу кылмыш. Эволюциянын далилденбеген бир теория экенин, ал тургай, бир теория экенин эле айтуу кылмыш. Дарвинизмге каршы бир илимпоздун кандайдыр бир университеттин биология бөлүмүндө сабак бериши дээрлик такыр мүмкүн эмес. Дарвинизмди колдогон бир гезиттин беттеринде эволюцияны кыйратуучу бир фоссилдин сүрөтүн көрүү мүмкүн эмес. Бир жогорку класс мугалиминин жаңылыштык менен болсо дагы эволюция теориясы жөнүндө кээ бир күмөндөрү бар экенин айтышы чоң катачылык. Мындай мугалим кыска убакыт ичинде жумушунан айрылат болуш керек.

Мисалы, биология профессору Каролин Крокер (Caroline Crocker) Expelled "No Intelligence Allowed" даректүү тасмасында эволюцияга күмөндүү пикирлер айтканы үчүн George Mason университетинен айдалганын айткан:

Башчым мени бөлмөсүнө чакырды жана «Жаратылууну окутканың үчүн сага жаза беришим керек» деди. ... Ошол семестрдин аягында жумушумдан айрылдым.145

Каролин Крокер 2006-ж. 5-февральда Washington Post'ко болсо мындай деген:

Эволюциядагы проблемаларды окутканым үчүн George Mason университетиндеги жумушумдан айрылдым. Көп илимпоздор эволюцияны сындашат, бирок айтышкан болсо жумушунан айрылышат.146

Каролин Крокер жумушунан айрылган соң кара тизмекке киргизилген жана дарвинист диктаторлук тарабынан эч жерден жумуш табышына мүмкүндүк берилген эмес.147

Др. Рихард фон Штейнберг (Richard von Steinberg) болсо эволюцияны сындаганы жана эволюцияга каршы авторлордун сөздөрүнө орун бергени үчүн National History Museum'дагы (Табигый тарых музейи) жумушунан айрылган. Штейнберг мындай дейт:

(Жаратылуу жөнүндө сөз болгондо) адамдар ачууланчу. Ал тургай, алардын физикалык реакция көрсөткөнүн көрө алат элеңиз. Бөлүм шефи болсо муну (Жаратылуу туурараактай көрүнөт дегеним үчүн) мени интеллектуалдык бир террорист деп атоо аркылуу көрсөткөн.148

Мээ хирургу Майкл Эгнор (Michael Egnor) болсо адамдар докторлук кесипке ээ болуу үчүн эволюция теориясын окууга муктаж эмес деп айткан соң ага көрсөтүлгөн реакцияны мындайча баяндайт:

Бир топ блогдон бир топ адам мага оозго алынгыс аттарды коюшту. Жагымсыз абдан көп жоромол алдым. Иштеген университетимден жана башка жерлерден адамдар мага чалышты жана мага пенсияга чык деп кеңеш беришти. Дарвинисттик теорияны сындаганда байкаган нерсем жана мени чындап таң калтырган нерсе – бул багыттагы заалымдык, агрессия жана уятсыздык эле.149

Ошол сыяктуу профессор Роберт Маркс дагы дарвинизмди сындаганы үчүн Baylor университетиндеги изилдөө сайты жабылган жана изилдөөлөрү үчүн ага берилген акчалар кайра талап кылынган.

Ал даректүү тасмада атынын айтылышын каалаган же каалабаган көптөгөн анти-дарвинист илимпоздун башынан өткөн окуяларга орун берилген жана бул адамдар дарвинизмди жокко чыгарганынан улам илимий карьерасынын бүтүндөй жок кылынганын өздөрү айтып беришкен.

Журналист Ларри Уитхем (Larry Witham) болсо дарвинизмдин маңызын жана дарвинист диктаторлуктун ыкмаларын мындайча айтып берет:

Эгер жакшы баалар алгыңыз келсе, жогорку кызматтарга дайындалгыңыз келсе жана эгер элге багытталган билим берүү системасынын колдоочусу катары ар кандай сыйлыктарды алгыңыз келсе, (эволюция) моделин сындай албайсыз.

Ондогон, ондогон илимпоз менен маек курдум. Өз араларында же ишенимдүү журналист менен маектешкенде, «бул төмөндөтүүгө мүмкүн эмес комплекстүүлүктө» же «молекулярдык биология кризис ичинде» сыяктуу сөздөрдү айтышат, бирок муну эл арасында ачык айта алышпайт.150

Журналист Памела Винник (Pamela Winnick) болсо жаратылуу темасында бир макала жазган соң журналисттик жумушунан айрылганын айтып, мындай деген:

Эгер бул темага (жаратылуу) кандайдыр бир жол менен бир аз болсо да ишеним көрсөтсөңүз, бул үчүн бул темада бир нерселер жазышыңыз эле жетиштүү, анда бир журналист катары толугу менен жоголосуз.151

Философ Стивен Мейер (Stephen Meyer) ДНКдагы маалыматты кокустук менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигин, мунун жогорку бир акылдын чыгармасы экенин айткан пикирин далилдери менен бирге биология журналында жарыялаганда, дарвинисттер журналдын редакторунун карьерасын бүтүргүлөрү келген.152 ACLU (American Civil Liberties Union – Америка адамдык эркиндиктер биримдиги) Джорджия штатында жайгашкан Кобб шаарындагы мектептерди окуу китептеринин бетиндеги «ачык акыл менен, жакшылап анализдеп жана сын-пикир менен баалап» эволюцияны окуп-үйрөнүшүн эскерткен этикеткалардан улам сотко берген. Калифорния штаты Лебекте Americans United for Separation of Church and State (Чиркөө менен мамлекеттин бөлүнүшү үчүн бириккен америкалыктар) уюмунун өкүлү үй-бүлөлөр мектептерди эволюция менен жаратылуу темасында тандоо берүү керек деп сунуштаганы үчүн эле сотко берген. Пенсильвания штаты Дуврда ACLU жана Americans United for Separation of Church and State тарабынан колдоо алган кичинекей бир топ тогузунчу класс биология сабактарында жаратылуу чындыгын талкуулоого тоскоол болуу үчүн сот ишин козготкон. Сот бул үй-бүлөлөр пайдасына чечим чыгарган жана мектепке сотко бергендин мыйзамдык укугу болгон белгилүү көлөмдө акчалай айып төлөткөн. Бул акча бир миллион доллардан ашат болуш керек.153

Жазуучу Анн Коултер бул окуяларды мындайча баалайт:

Дувр окуясынан соң ACLU козгогон иштер менен банкрот болуу рискине киргиси келбеген эч бир мектеп жаратылуу сөзүн оозго алууга да батына албады. Дарвинисттер храмдарынын, б.а. мамлекеттик мектептеринин секулярдык ыйыктыгын сактап калышкан эле. Илимде, ынандырууда жана далилде ута алышкан эмес эле. Либералисттер дайыма уткан ыкма менен утушкан эле: аларга каалаганынын баарын күмүш бир табакта алып келген сотту табуу аркылуу.

Бул илим эмес.154

Дарвинисттер колдонгон мындай зордукчул ыкмалар көп адамдар үчүн абдан натыйжалуу ыкмалар болуп саналат. Бир миллион доллардай акчалай айыпка туш болгон бир мектеп чоң бир кысымга кабылгандыктан, басынып тымтырс болот. Буга батынган окутуучу жумушунан айрылуу рискине туш болот. Бул система Уильям А. Дембски айткандай, бир диктаторлук режимине окшошот. Эч ким диктаторго каршы оозун да ача албайт.

Эволюционист физика профессору Х. С. Липсон бир илимпоз катары илимдин жаратылууну көрсөткөнүн айтат, бирок бул чындыкты кабыл алуунун дарвинисттик диктаторлуктун кысымынан улам канчалык кыйын экенин мындайча баяндайт:

Эгер жандуу бир зат атомдордун өз ара таасирлери, табигый окуялар, радиация таасири менен пайда болбогон болсо, анда кантип пайда болгон? ... Мен ойлойм, биз ... жалгыз акылга сыярлык жооптун жаратылуу экенин моюнга алышыбыз керек. Мунун физиктердин четке түртүлүшү маанисине келээрин билем, бул мага да тиешелүү, бирок эгер эксперименттик далилдер муну колдоп жатса, көңүлүбүзгө жакпаган бир маалыматты жокко чыгара албайбыз.155

Липсон айткан дарвинисттик четке түртүлүүгө бир топ илимпоз, мугалим жана окутуучу бат бат туш болууда. Мисалы, 1999-жылы Детройтто бир жогорку мектептин мүдүрү китепканага дарвинизмди сындаган кээ бир китептерди койойун дегенде, NCSE (National Center for Science – Улуттук билим берүү борбору) буга, ар түрдүү тоскоолдук ыкмаларын колдонуу менен, абдан катуу каршы чыккан.156

Джонатан Уеллс мындай тоскоолдук саясаты жөнүндө мындай дейт:

NCSE мектеп башчыларына «эволюциянын илимий жактан талкууланбас экенин, ошондуктан ага каршы айтылган пикирлердин илимий окуу программасына илимий болбогон диний көз-караштарды киргизүү аракетинин натыйжасы экенин» айтууда. Америка соттору калк мектептеринде диний билим берүүнүн туура эмес экенин жарыялагандыктан, бул мектеп башчылыгынын мыйзамга каршы бир нерсени кылууну пландаганын айткан бир эскертүү маанисине келүүдө. Эгер эскертүүнү угушпаса, NCSE ACLU'га кайрылат, колдоо алуу үчүн. ACLU болсо мектеп башчылыгына бир жазуу жөнөтүү менен кымбат бир соттук иш менен коркутат. Өлкөдөгү бүт мектеп башчылыгы акчалай жактан жеңил жагдайда болбогондуктан, NCSE менен ACLU'нун коркутуусу дарвинист эволюциянын мектептерде сындалышынын алдын алууда абдан ишке жараган.157

Мектептерде жаратылуунун окутулбашы жөнүндө укмуш бир күрөш жүргөн Американын Канзас штатында эволюционист биологияны окутууну алып салууга багытталган иш-чаралардан соң Канзастын билим берүү системасы абдан кеңири масштабдуу бир кысымчылык менен мажбурлоого туш болгон. The National Research Council'дин (Улуттук изилдөө кеңеши) башчысы Герберт Лин (Herbert Lin) Science журналына жөнөткөн бир макаласында Американын колледж менен университеттери Канзаста окутулган бүт жогорку класстардын биологиялык сабактары илимий саналбайт деген бүтүм чыгарышы зарыл деп айткан. Кийинки айда Scientific American журналынын редактору Джон Ренни (John Rennie) болсо университеттин кабыл алуу комиссияларынын Канзас мектептеринин башчылыгына «Канзас штатынан аларга келечекте тапшыра турган окуучулардын өзгөчөлүктөрүн абдан кылдат текшеришээрин» билдиришин жана «Канзастагы үй-бүлөлөргө болсо бул жаман чечимдин балдарынын келечеги үчүн жаман натыйжалар алып келээрин билдирген ачык бир жазуу» жөнөтүшүн талап кылган.158 Мындай коркутуунун мааниси белгилүү. Эволюция теориясына каршы чыгуу кылмыш жана бул кылмышты жасагандар ылдам жаза алышы керек.

Жакынкы убактарда сөз болгон бир соттук иште болсо Woods Hole Oceanographic Institution уюмунан Натаниэль Абрахам (Nathaniel Abraham) аттуу бир изилдөөчү эволюция теориясын кабыл албашын айткан соң жумушунан айдалганын билдирген. 2004-жылы Абрахамга Woods Hole жооптуусу бир илимпоз тарабынан жазылган катта «иштеген уюм илимпоздорунун анализдеринде жана тексттеринде эволюция принциптерин колдонушу керек деген апачык шарт коюлганына карабастан, Абрахамдын National Institutes of Health'дин (Улуттук ден-соолук институттары) «эволюцияны жактаган» иштөө формасын кабыл албаганын айтканы» үчүн жумуштан айдалганы айтылган.159 Б.а. бир илимпоз эволюция теориясына каршы чыкканы үчүн расмий түрдө четке чыгарылган. Мунун 2007-жылы Натаниэль Абрахамдын сотко бериши натыйжасында коомчулукка угулушу, күмөнсүз, эми адамдардын дарвинизм диктаторлугуна баш көтөрүүгө эрдемсий баштаганынын бир көрсөткүчү.

Беркли университетинен укук профессору Филипп Э. Джонсон 1981-жылы Англия табият тарыхы музейинин эшигине асылган жазуулар менен байланыштуу дарвинисттик фанатизмди мындайча баяндайт:

Эшиктин кире беришиндеги бетте төмөнкүлөр жазылган: «эмне үчүн мынчалык көп түрдүү жандык бар деп кызыктыңыз беле? Бир көз-караш боюнча учурда биз көргөн бүт жандыктар баскычтуу өзгөрүүлөр менен алыскы бир атадан келип чыгышкан. Эволюция кантип пайда болгон? Түрлөр кантип бир-биринен өзгөрүшкөн? Бул салондогу көргөзмө мунун ыктымалдуу бир жообуна көз таштайт – Чарльз Дарвиндин айткандарына.»

Жанындагы бетте болсо мындай деп жазылган: «башка бир көз-караш болсо бүт жандыктарды кемчиликсиз жана өзгөрбөс абалда Аллах жараткан деген көз-караш.» Тиркемедеги брошюрада болсо төмөнкү моюнга алуу орун алган: «табигый тандалуу менен эволюция түшүнүгү эч кандай илимий эмес.»

Илим комитетинин буга берген жообу өтө күлкүмүштүү эле. Nature журналындагы бир башка макалада төмөнкү суроо орун алган: «дарвинизмдин эң жакын мунарасы болгон бул музейдин мүдүрлөрү эрдиктерин жоготуштубу, же, ал тургай, акылдарынбы? ... Эч ким буга каршы чыкпайт, илим элге сунулганда, керек болгондо, талкуу темаларынын күмөндүү экенин айтуу туура болот. Анда, эволюция теориясы таанымал биологдор арасында дагы эле бир күмөнбү? Эгер андай эмес болсо, анда жалпысынан баш айландыргандан башка, бул күмөндүү сөздөр эмнеге кызмат кылат?»

... Бул басымдын натыйжасында музей моюн сунду жана бул (калп) «агрессивдүү» сөздөрдү алып салууга мажбур болду.160

Дарвинист диктатуранын ыкмасы мына ушундай. Эволюцияга каршы айтылган сөздөргө «агрессивдүү» сөздөр катары баа берилет жана дарвинист илимпоздордун реакциясы менен, дүйнөгө таанымал илимий журналдардын басымы менен керектүү чара ошол замат алдырылат. Дарвинист диктатуранын басымы менен бүт анти-дарвинист сөздөрдүн ыкчам оозу жабылат.

Мындай деспоттук мамиле, албетте, бир гана максатка кызмат кылууда. Эволюция теориясынын далилденген бир теориядай көрсөтүлүшү жана ушундайча бүт дүйнөгө жайылышы дарвинисттер үчүн бир мажбурлук. Алар жаратылуу чындыгын өз ойлорунда адамдардан алыс тутуп, бүт жандыктарды Аллах жаратканын айтпастан, бир гана эволюция пропагандасын жасоо аркылуу муну камсыздай алабыз деп ойлошууда. Бирок дарвинисттердин оюна келбеген бир чындык бар. Жандыктардын жаратылганын түшүнө алуу жана көрө алуу үчүн адамдарга билим берүүнүн зарылдыгы жок. Акылын бир аз колдонгон ар бир адам жандыктарда бир кереметтин, бир кемчиликсиздиктин, акылдын, аң-сезимдин, чеберчиликтин, кооздуктун бар экенин оңой гана байкай алат. Жана булардын баарынын аң-сезимсиз, акылсыз, ойлонуу, акыл жүгүртүү, сындоо, туура менен туура эмести айырмалоо өзгөчөлүгүнө ээ эмес сокур кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын оңой гана түшүнө алат. Бир канча секунда эле чын көңүлдөн ойлонгон бир адам үчүн да муну түшүнүү эч кыйын эмес. Аллах акылын колдонгон адамдар үчүн жараткан кереметтеринин апачык экенин аяттарында кабар берген:

 

Күмөнсүз, ыймандуулар үчүн асмандарда жана жерде аяттар (далилдер) бар. Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 3-5)

 

Дарвинисттер көргөн чараларынын текке кеткенин көрө башташты, негизи. Мурдакы кысымчыл ыкмалар менен, жасалма далилдер менен жасалган пропаганда азыркы баарынан кабардар адамдарга эч таасир бербейт.

Джонатан Уеллс эми барган сайын көп санда илимпоздун дарвинизмден күмөн санап баштаганын жана үнүн угузуу үчүн кыймылдап баштаганын айтат:

Чынында, таң калыштуу санда биолог дарвинизмдин чоң кээ бир гипотезаларынан тымызын күмөн саноодо же аларды жокко чыгарууда. Бирок –жок дегенде Америкада- алар оозун жабууга мажбур, антпесе, сын-пикирге, бөлүнүүгө жана аягында илимий жамааттан чыгарып салынууга кабылышат. Бул бат бат болуп турбаса дагы, мындай бир рисктин бар экенин баарынын эсине сала турган санда. Дарвинисттердин карама-каршы көз-караштарга жасаган цензурасынын таасири менен көздөрү ачылган биологдордон турган жана сандары барган сайын көбөйгөн бир жер-асты жамаат пайда болот деп үмүттөнөм. Изоляцияланган каршы чыккандар канча кесиптешинин ал сыяктуу ойлонгонун байкап баштаганда, алардын саны барган сайын көбөйөт жана үндөрү катуураак чыгып баштайт.161

 

7. Дарвинисттер илимди колдонуп, илимий көрүнүшөт

Илим – дарвинизм колдонгон эң чоң жамынчы. Дарвинизм «илимди» жамынып чыккан. Дарвинисттер болсо «илимпоздорбуз» деп чыгышкан. Дарвинизмге каршы ар бир реакция «илим менен күрөшүү» катары көрсөтүлгөн. Эволюция теориясы жөнүндөгү ар кандай күмөн бир «артта калуучулук же илим душмандыгы» деп көрсөтүлгөн. Дарвинисттердин ар кандай жасалма далили адамдарга илимий бир табылгадай таанытылган. Башкача айтканда, дарвинизм 150 жыл бою илимди колдонду.

Дарвинизм илимби?

Дарвинизм бир алдамчылык. Илим менен эч кандай байланышы жок. Дарвинизм адамдарды бир калпка көндүрүү жана ага ишендирүү үчүн иштеп чыгылган жасалма бир аракет. Илим дарвинизмдин башпаанеги. Дарвинизм илимди колдонуп кол тийбестикке ээ болот. Көз бойомочулуктарды илим деп жактайт. Жасалма далилдерди чыгарган, балдар жомогун айткан дарвинисттерди илимпоз катары таанытат. Дарвинизмдин бир алдамчылык экенин байкаган жана ага каршы күрөшкөн кишилерди болсо илимге кыянаттык кылды деп айыпташат. Дарвинизмдин эң чоң куралы – бул илим. Азыркыга чейин адамдарды илим маскасына жашынып алдап келди. Илимди колдонуп жасалган бул алдамчылык дагы эле уланууда. Дарвинист илимий журналдардын, дарвинист даректүү тасма каналдарынын, дарвинист илимпоздордун муну колдонушунун себеби ушул.

Англис палеонтолог эволюционист Дерек В. Аджер (Derek V. Ager) бул жөнүндө мындай дейт:

Баарыбыз билгендей, көп эволюционист аракеттер белгилүү палеонтологдор тарабынан жасалган мээ чабуулдары гана. Китепканадагы бир таксономист (жандыктардын биологиялык классификациясы менен алектенген киши) миллиондогон жылдык генетикалык мутациядан көбүрөөгүн жасай алат.162

Бул сөз абдан туура. Окуу китептеринде, гезиттерде, журналдарда, телевизорлордо айтылган «примитивдик дүйнө», «мутациялар менен жана табигый тандалуу менен пайда болгон жандык түрлөрү», ойдон чыгарылган «орток ата», «өрчүп бүтпөгөн кызыктай жандыктар» сыяктуу эволюция жомоктору – дарвинист илимпоздордун кыялдарындагы гана окулар. Табигый тандалуу менен көп жылдар бою айтып келген эч бир жыйынтыкты ала алышкан эмес. Дерек Аджер да айткандай, генетикалык мутациялар да аларга андай жыйынтыкты берген эмес. Бирок бул илимий чындыктарды жокко чыгарып, ошол эле жалган пикирлерин жактоону улантуу дарвинизм калпынын дүйнөгө жайылуу ыктымалын күчтөндүрүүдө, алардын оюнда. Мына ушул себептен дарвинисттер илимий сөздөрдү дарвинисттик калпка илимий көрүнүш берүү үчүн колдонушат. Натыйжаланган жана эволюция пайдасына жыйынтык берген илимий бир эксперимент же илимий бир далил жок. Көп көп колдонулган илимий сөздөр менен формулалар гана бар. Дарвинист кайсы бир автордун китебинен бул кызыктуу терминдерди же кызыктуу химиялык формулаларды көп көп кездештирүүгө болот. Бул тема жөнүндө маалыматы жок бир адам бул китепти караганда, чындап эле бир илимпоздун илимий бир китебин окуп жатам деп ойлошу мүмкүн. Чынында болсо бул көрүнүш бир алдамчылык. Бул китепте айтылган бир гана нерсе – бул «жандыктар сокур кокустуктар натыйжасында пайда болгон жана азыркы абалдарына сокур кокустуктар натыйжасында келген» деген жомок гана. Дарвинист автордун буга кошумча айта турган жаңы бир нерсеси, бере турган илимий бир далили жок. Химиялык терминдер менен химиялык формулалар дарвинизм алдамчылыгын толуктоо, өз ойлорунда чындыкка жакын көрсөтө алуу үчүн гана колдонулат.

Дарвинисттердин илимди колдонуу ыкмаларына эволюционист палеонтолог С. М. Стенлинин төмөнкү сөздөрү мисал болот:

Эволюция кичинекей, жергиликтүү популяцияларда ылдам жүрөт; ушул себептен фоссил калдыктарынан эволюцияны көрө албайбыз.163

Мына ушул сөздөр бир алдамчылык. Жергиликтүү популяцияларда жүргөн бир эволюциядан сөз кылынууда, бирок бир далил жок. Ал тургай, далилди табуунун мүмкүн эместиги моюнга алынган, бирок бул дагы илимий көрсөтүлүүгө аракет кылынган. Негизи чындык мындай: фоссил калдыктарында эволюция көрүнбөйт, себеби эволюция эч качан болгон эмес.

National Center of Science Education - NCSE (Улуттук билим берүү борборунун) башкаруучусу Евгений С. Скотт (Eugene C. Scott) болсо бул жөнүндө мындай деген:

Көптөгөн жогорку класстардын окуу китеби (ал тургай, өкүнүчтүүсү кээ бир колледждер) теориялардын текшерилген гипотезалар катары окутушат, гипотезалар тастыкталган теориялар имиш сыяктуу; жана чыныгы маанидеги абдан жакшы бир теория алар үчүн мыйзамдашкан сыяктуу. Өкүнүчтүүсү, илимпоздор бул терминдерди мындай колдонушпайт, көп адамдар илимпоз эмес жана илимпоздор да бул сөздөрдүн маанисин окуучуларга жана элге жакшы түшүндүрө алган эмес.164

Бул шарттарда ага көрсөтүлгөн жана түшүндүрүлгөндөрдү гана көргөн бир адам, эгер ойлонуп стереотипсиз анализ кылуу күчү жок болсо, дарвинизмдин туура экенине оңой гана ынанышы мүмкүн. Себеби дарвинизм сунуштоо ыкмасы менен бул окурмандын күтүүсүнө бир жоопту берген. Жашоону «жөнөкөй» көрсөтүп түшүндүргөн жана муну «илимий» деген. «Сындап, анализдөөнүн кажети жок, ансыз да туура жана далилденген» деп айткан. «Илимпоздор муну колдошот» деген. «Илимдин жашоо жөнүндөгү жалгыз түшүндүрмөсү ушул, мындан башка жооптор илимий эмес» деген. «Муну бүт дүйнө кабыл алууда» деген. Жана бул жалгандар менен тарыхтын эң чоң алдамчылыктарынын бирин курган. Дарвинизмди эч билбеген, анын кандай бир алдамчылык экени жөнүндө эч пикири жок жана бул сөздөрдү гана окуган бир адам үчүн болсо бул үстүртөн түшүндүрмөлөр аны ынандырууга жетиштүү болот.

Чынында болсо бул киши ар этапта алданууда. Ансыз да дарвинизмди толук кыйраткан жана жаратылуу чындыгынын далили болгон 350 миллиондон ашык фоссил дарвинисттер тарабынан кылдаттык менен жашырылып; жашоонун курулуш материалы болгон протеиндердин бир даанасынын дагы кокустан пайда болушунун математикалык жактан мүмкүн эместиги адамдардан жаап-жашырылган. Ушул себептен бул алдамчылыктын чектерин түшүнүшү да мүмкүн болгон эмес. Алданган бул киши билбеген нерсе төмөнкүдөй: дарвинизм илимий эмес, илим эмес. Дарвинизм изилденген жана туура эмес экени, илимий далилдер тарабынан тастыкталбаганы апачык көрүлүп, далилденген. Дарвинизмди колдогон илимпоздор муну жалган бир дин, бир идеология катары көргөн фанат жана догматик кишилер. Илимдин жашоо жөнүндөгү жалгыз жообу – бул жаратылуу. Бүт илимий табылгалар жандыктардын кемчиликсиз абалда бир заматта жаратылганын көрсөтүүдө. Дарвинизмдин бүт дүйнө тарабынан кабыл алынгандай көрүнүшүнүн түпкү себеби дагы – бул жасалма ыкмалар жана ушул алдамчы пропаганда ыкмалары. Ошондуктан окурман ынанган жерлер бир көз бойомочулукка гана таянууда. Кээде илимпоздор дагы бул калпка алданып калышууда. Англис палеонтолог эволюционист Колин Паттерсондун бул жөнүндөгү моюнга алуусу кызыктуу:

Кийин ойгондум жана өмүр бою дарвинизмди кандайдыр бир абалда далилденген бир чындык деп ойлоп алданганымды түшүндүм.

Систематикалык ичинде орток ата гипотезаларынын таасири жадатма эле эмес жана маалымат жетишсиздигинен келип чыккан эмес, бирок ошол эле учурда бул толугу менен илимге карама-каршы деп ойлойм.165

Башка бир мисалды болсо даректүү тасма продюсери Брайан Лейт берет:

Акыркы он жылда жаңы бир биология коому келип чыкты. Булар илимий мааниде урматтуу саналышат, бирок дарвинизм жөнүндө терең күмөндөрү бар.166

Америкалык экономист Джереми Рифкиндин «эволюция теориясы биздин билим берүү системабыздын эң маанилүү жерине жайгаштырылган жана муну керексиз кыянаттыктардан коргоо үчүн айланасына кооз дубалдар көтөрүлгөн.»167 сөзүн тастыктай турган дагы бир маанилүү далил болсо – бул дарвинист илимпоздордун көз бойомочулуктарды байкамаксан болууну дагы илимди жамынып жасашы жана чындыктар ачыкка чыкса дагы мындан тартынып качышы. Максат кандай болсо дагы адамдарды алдай алуу болгондуктан, дүйнөнүн эң белгилүү илимпоздору, эч тартынбастан, көз көрүнөө бул алдамчылыкты коргошууда. Джонатан Уеллс буга мындай бир мисал берет:

Геккельдин жасалма эмбрион сүрөттөрүнөн көп жылдар бою кабардар болгон илим тарыхчысы Джей Гоулдга эмне деш керек? Бүт бул убакыт бою Гоулддун сабактарынан өткөн окуучулар Геккельдин эмбриондорун эволюциянын далили катары көрсөткөн окуу китептеринен биологияны окушту. Ошого карабастан, башка бир биолог 1999-жылы буга каршы чыкканга чейин, Гоулд эч нерсени оңдогон жок. Андан кийин дагы Гоулд окуу китеби авторлорун катага жоопкерчиликтүү кылды жана каршы чыгуу сыпатындагы шыбырды жайган креационистти (бир Leigh университетинин химиги) кызматтан алды. Бул жерде эң чоң жоопкерчилик кимге тиешелүү – жасалма сүрөттөрдү ойлонбостон кайра кайра колдонгон окуу китеби авторлорунабы, аларды арызданган адамдаргабы, же кесиптештери, өзү «илимий кылмыш» деп атаган окуяга билбестен орток болуп жатып, өзүнөн ишенген абалда четте туруп абалды тамаша кылган, дүйнөгө таанымал бир адискеби?

Геккельдин эмбриондору менен байланыштуу чындыкка салыштырмалуу, үлпүлдөк канаттуу күбөлөрдүн (өнөр-жай көпөлөктөрү) кемчиликтүү экени жакында гана белгилүү болгон, ошондуктан балким окуу китеби авторлору аны колдонууну улантканы үчүн айыпталбаса да болот. Канткен менен үлпүлдөк канаттуу күбөлөрдү изилдеген бүт биологдор күбөлөрдүн даракка конбошун, окуу китеби сүрөттөрүнүн отургузулуп коюлганын он жылдан ашык убакыттан бери билишүүдө. Эгер илим өзүн оңдосо, эмне үчүн адистер окуу китептеринен ойдон чыгарылган сүрөттөрдү чыгарып салууга багытталган бир иш-чараны башташпайт?168

Дарвинисттердин илимди колдонушу, болгондо да бул максат үчүн илимди коргоо милдетин аркалагандай көрүнүшкө жамынышы, албетте, чоң бир көз бойомочулук. Негизи дарвинизм, тескерисинче, илимге каршы аракет жүргүзүүдө. Илимий далилдерди жаап-жашырууга аракет кылууда. Лабораторияларда жасалган эксперименттер берген жыйынтыктарга терс пикирлерди жактоодо. Алынган фоссил калдыктары ортоңку формалардын эч болбогонун далилдеп жатканда, жандыктар артында сансыз ортоңку форма калтырып бир-биринен эволюциялашкан деген калпты айтууда. Илим көз бойомочулугу дарвинизм менен бирге пайда болгон бир түшүнүк. Дарвинисттер илимий музейлерди, илимий эмгектерди колдонуу менен бул көз бойомочулуктарды билип туруп, эч тартынбастан адамдарга сунушат. Илимий китеп, журналдарды колдонушуп, эч качан болбогон бир эволюция тарыхы жомогун бул эмгектерде баяндашат. Эч качан жашабаган кызыктай бир жандыктын сүрөтүн тартып, аны «тарыхый өтмүшүңүздөй» көрсөтүүгө аракет кылышат. Илимге каршы бул дин илимди жамынып эң чоң калптардын бирин айтууда.

Мынчалык чоң бир калпты колдошунун себеби, албетте, дарвинисттердин дажжал системасына болгон сокурдук менен баш ийүүчүлүгү. Дажжал системасы адамдарды калпка багыттаган бузуку бир система.

 

8. Дарвинисттер массалык маалымат каражаттарын

колдонушат

Массалык маалымат каражаттары (ММК) адамдарга эң көп таасир берген каражаттардын башында турат. Кээ бир адамдар илимпоздордун сөздөрүнүн баарына ыйман келтирген сыяктуу, илимий журналдардын авторлоруна, телевизор кабарларына да ошондой даражада ишенишет. Учурдагы таанымал дарвинист басмалардын кандайдыр бирөөсүндө чыккан дарвинизмди жактаган бир макала аны окуган көп адамдар үчүн жетиштүү бир булак болуп саналат. Адамдарда дарвинизмдин жасалма далилдерин жарыялаган бир илимий журнал сөзсүз чындыкты жазат деген ишеним бар. Көп адамдар ал журналдын дарвинизм дининин бекем мүчөлөрүнүн бири экенинен кабарсыз. Ошондой эле, дарвинизм динин жактаганда, акылдан, логикадан, туурадан, илимден алысташканын да билишпейт.

Ушул тапта дарвинист диктаторлуктун таасири менен көп сандагы илимий журнал дарвинизм тараптары абалында. Дүйнөлүк масштабда дарвинизмге каршы эч бир макаланын алдыңкы планга чыгарылып, кабыл алынышына жол берилбейт. Мына ушул себептен дарвинисттер ээ чыккан, дарвинисттер жактап колдогон басмалар берген кабарлар, бул кабарлар дүйнөлүк масштабда кабыл алынгандыктан, көптөгөн окурман менен көрарман тарабынан заматта кабыл алынат.

Чынында болсо бул чоң бир жаңылыштык.

Дарвинисттердин максаты пропаганда гана. Алар New Scientist же National Geographic'те чыккан алдамчы бир эволюция кабарынан окурмандардын көпчүлүгү күмөн санашпайт деген ойдо аларды даярдашат. Дүйнөгө таанымал илимпоздордун дүйнөгө таанымал макалалары жарык көргөн Nature сыяктуу бир илимий журналдын бир жалганды басып чыгарышы окуганы жөнүндө жакшылап ойлонбогон адамдар үчүн мүмкүн эмес көрүнүш болуп саналат. Ансыз да мындай абал дарвинист пропаганда жагынан ушунчалык пайдалуу болгондуктан, дарвинисттердин «ылай сууда кокустан алгачкы клетка пайда болгон» деген жомогу сыяктуу акылга сыйбас бир комедияга дагы көп адамды ишендириши кыйынга турбайт. Бул жомоктун татаал сүйлөмдөр менен жана бир илимпоздун колу менен дарвинизм тараптары Nature сыяктуу бир журналда жарык көрүшү жетиштүү болот.

Материалисттик көз-караштагы бир адам же бир уюм материализмди сактап калуу үчүн бүт баарына даяр болушу мүмкүн. Материализм тараптары басмалардын кылганы да ушул. Алар дарвинизмди актуалдаштыруу жана аны жактоо үчүн бүт баарын кылышып, көз көрүнөө илимди бир маска катары колдонушууда. Бул материалисттик көз-карашты Nature журналынын төмөнкү сөздөрү жакшы сүрөттөгөн:

Бүт маалыматтар бүт нерсени долбоорлогон бир затты көрсөтсө дагы, мындай бир гипотеза илимден тышта калмак, себеби натуралисттик эмес.169

Көрүнүп тургандай, материалисттер илимий бүт конкреттүү табылгалар жаратылууну тастыктаса дагы, аны кабыл албашка өздөрүн коддоп коюшкан. Демек, илимийликтен сөз кылуу албетте мүмкүн эмес. Материалисттердин дарвинизмге болгон туруктуулугу илимий эмес, догматикалык. Дарвинизм илимий жактан кыйратылганына карабастан жакталууда, жаратылуу болсо сансыз илимий табылга тарабынан тастыкталганына карабастан бул адамдар тарабынан караңгылык менен жокко чыгарылууда. Себеби материализм боюнча, заттан (материядан) тышкары бир түшүндүрмө кабыл алынбайт. Мына ушул себептен илимди жамынган бул журналдардын илим менен байланышы жок эволюция сыяктуу бир теорияны жактоодогу өжөрдүгү түшүнүктүү болот. Бул журналдар үчүн, кандай баага турса дагы, жандыктардын жаратылганы жөнүндөгү чындыкты көрсөткөн далилдерди кабыл алуу мүмкүн эмес. Ошол себептен дарвинисттер үчүн анын ордуна, бүт дүйнөгө жасалма ыкмалар менен жайылтылган бир алдамчылыкты жарактуу жана туура көрсөтүүгө аракет кылуу туура болуп саналат.

Бул басмалардын колдоочусу болгон илим борборлорунун Аллах ишенимине болгон көз-карашын караганыбызда бул абал андан да ачык көрүнөт. Nature журналында National Academy of Science (NAS) (Улуттук илимдер академиясы) мүчөлөрүнүн динге көз-карашы жөнүндө жасалган акыркы изилдөөдө чыккан жыйынтык мындай: биология жана физика илимдеринен 571 NAS мүчөсүнүн жарымынын берген жообу боюнча, бул илимпоздордун 72,2%ы атеист. 20,8%ы агностик, 7,0%ы гана Аллахтын бар экенине ишенүүдө.170 Нейробиолог эволюционист Роберт Провайн «азыр абдан аз чыныгы диндар биолог калды. Көпчүлүгү атеист жана көпчүлүгү бул абалга эволюция түшүнүгү жана башка илимдер себептүү келди» деген сөзү менен бул чындыкты ачык айтууда.171 Бул чындыктарды караганда, илимдин жаратылуу чындыгын көрсөтүшүнүн атеист илимпоздор арасында чоң бир ачуулануу менен кабыл алынаарын түшүнүү оор болбойт, албетте. Дарвинисттердин ММКны колдонуу менен жасаган аракетинин түпкү себеби мына ушул.

Генри М. Моррис дарвинизм үчүн жасалган бул жалганчы пропаганданын чыккан жерин мындайча баяндайт:

Азыр кеңири тараган ишеним боюнча, Дарвин эволюция мыйзамын ачкан. Натыйжада Дарвин бүт учурлардын эң чоң илимпоздорунун бири катары алкыш алууда. Бирок чынында Дарвин болгону илгерки путпарасттыктын жанданышы үчүн катализатор кызматын аткарган. Болгондо да көптөгөн Батыш Европа өлкөсү бир кылымдан ашык убакыттан бери даярданган Аллахка баш көтөрүүнүн (Аллахты аруулайбыз) ишке ашкан учурунда.172

Кээ бир адамдардын «илимпоз калп айтпайт», «килейген бир илимий журнал калпты жазбайт» жаңылыштыктары аларды көп жыл бою жаңылтты. Бул адамдар өз араларында курган адашкан ыйман системасы дарвинисттердин андан пайдаланышына, илимди жаман жакка колдонушуна себеп болгон. Бирок анык чындык мындай: материалист бир илимпоз, эгер чындыктар анын кызыкчылыгына туура келбесе жана эгер чындыктар материализмди колдобосо, адамдарды алдоодон эч тартынбайт. Учурда дүйнөдөгү илимпоздордун көпчүлүгү дарвинизмди жактоо менен апачык адамдарды алдап жатат. Жаш балдар да ишенбей турган тантык жомокторду, илимий жактан мүмкүн эместигин билип туруп, адамдарга айтып жатышат. Бул – учурда болуп жаткан жана дүйнөдөгү бүт дарвинист илимпоздор тарабынан жасалып жаткан бир система. Башкача айтканда, дарвинист бир илимпоз, бүт өмүрүн илимдин арасында өткөргөнүнө карабастан, илимди жамынып эч тартынбастан адамдарды алдап, бүт өмүрүн бир калпка арноодо.

ДНКны ачып Нобель сыйлыгын алган, бүт өмүрүн эволюция калпын жактоо менен өткөргөн жана 2004-жылы «адам бир нейрон жыйындысы» деген каршылык алган сөздөрү менен, рухтун бар экенин жокко чыгарып өлгөн физика жана биология профессору Фрэнсис Крик (Francis Crick) мунун эң ачык мисалы. Атеист физик, молекулярдык биолог жана нейробиолог катары, Аллахтын жогорку чеберчилигинин сансыз далилин көргөнүнө жана буларды өзү ачканына карабастан, алардын керемет катары атайын бир жаратылууга ишарат кылганын адамдардан жашыруу үчүн өмүр бою алпурушкан. Ал тургай, Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн (Аллахты аруулайбыз) жашоо башка планеталыктар (инопланетяндар) тарабынан алып келинген деп айтканга чейин барган.173 Натуралист, дарвинист көз-караштын бир илимпозго алып келчү жыйынтыгы – ушундай уят кылуучу бир логикасыздык.

Буга башка бир мисал – палеонтология көрсөткөн бүт жаратылуу далилдерин өз көзү менен көрүп изилдегенине карабастан, өмүр бою атеист жана натуралист бойдон калган дагы бир дарвинист илимпоз Гарвард палеонтологу Стивен Джей Гоулд. Стивен Джей Гоулд дагы дал Крик сыяктуу, бүт өмүрүн илим менен алпурушуп өткөргөн, Аллахтын бар экенин өз оюнда жокко чыгара алуу үчүн (Аллахты аруулайбыз) Секирүүчү (Үзгүлтүктүү) эволюция сыяктуу такыр логикасыз жана далилсиз бир теорияны өмүр бою жактоодон тартынган эмес.

Демек, дарвинист илимпоздордун кылгандарынын жана айткандарынын баары туура деген ишеним бир акылсыздык, аңкоолук. Өмүр бою каапырлык ичинде болгон бул адамдар билбеген жана түшүнө албаган бир чындык бар: ааламдардын Рабби Улуу Аллах өмүр бою дажжалиятты жайуу үчүн аракет кылган, бүт өмүрүн ушул күрөш менен өткөргөн адамдардын кылгандарынын текке кетээрин аяттарында кабар берген:

 

Айткын: «Мамиле (амалдар) жагынан эң көп азапка туш боло тургандарды силерге кабар берейинби?» «Алардын дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери текке кетти, (бирок) өздөрүн чынында жакшы иш кылып жатабыз деп ойлошууда.» (Кехф Сүрөсү, 103-104)

 

Дажжалдын жардамчылары дүйнө жашоосунда Аллах ишенимине каршы жасаган аракетинин бир баркы болот, аны менен жеңебиз жана утабыз деп ойлошууда. Чынында болсо бул башынан чирик бир система. Акыйкат динге каршы болгон бүт системалар Аллахтын убадасына ылайык сөзсүз жеңилет. Улуу Аллах албетте бүт баарына кудуреттүү. Аллах аятында мындайча билдирет:

 

Ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса, Албетте Аллахтын жамааты гана жеңүүчү. (Маида Сүрөсү, 56)

 

Дарвинисттердин илимди идеологияларына курал катары колдонуудагы эң белгилүү тактикаларынын бири – бул алардын абдан өзүнө ишенген бир услуп колдонушу. Эволюция жөнүндө тууралыгы анык жана эч талкуулап да кереги жок «илимий» бир теориядай сөз кылышып, Дарвинди болсо дүйнөнүн эң маанилүү илимпозу деп жарыялашат. Бирок көптөгөн илим тарыхчысы менен авторлор апачык айткандай, Дарвин жаңы бир нерсе ачкан эмес, бир табылга тапкан эмес, акыл жана логика жүгүртүп же байкоо жүргүзүп бир теория чыгарган эмес. Бир мас моряктар тобу менен узун бир деңиз саякатын жасап, ал тургай бул сапарда топтогон көп жандык түрлөрүн изилдебестен бир четке таштаган, жана чоң атасынан уккан байыркы Египет менен Шумерден бери келген эволюция калпын кайрадан жандандырган. Албетте, дарвинисттер бул чындыкты эч качан айтышпайт, ал тургай, жакшылап жашырып, адамдарды алдай алуу үчүн Дарвинди чоң бир илимпоздой көрсөтүүгө аракет кылышат. Молекулярдык физик жана ошондой эле теология профессору Алистер Макграт (Alister McGrath) муну мындайча айтат:

19-кылымда Американын эң белгилүү атеист жазуучусуна айланган темир жолу адвокаты Роберт Грин Ингерсолл (1833-99) ... 1884-жылкы бир макаласында мындай деген: «Бул кылым Дарвин кылымы деп аталат... Анын эволюция доктринасы, эң ылайыктуулардын жашашы доктринасы жана түрлөрдүн келип чыгышы доктринасы фанаттык христиандыктын акыркы калдыктарын бүт ойлонгон акылдардан алып салды.»174

Бул дарвинист илимпоздордун макалалары орун алган илимий журналдарга да тиешелүү, күмөнсүз. Дүйнөнүн белгилүү илимий журналдарында дарвинизм пропагандасы гана жасалгандыктан, ал журналдарда дарвинист илимпоздордун гана макалаларына орун берилгендиктен жана бул илимпоздор болсо идеология катары эволюция калпын улантуу жана жактоого мажбур болгондуктан, илимий сөздөр менен кооздолгон макалалардын абсолюттук тууралыгына ишенүү акылсыздык болот. Адамдардагы мындай туура эмес ишенимди дарвинисттер көп жылдар бою колдонушту. Бирок эми мунун жоголушунун жана чыныгы илимий туураларды кабыл алуунун убагы келди. Дарвинизмдин эң негизги пропаганда куралы болгон массалык маалымат каражаттары адамдарды алдай албай калганда, дарвинист пропаганда жасоонун башка куралы калбай калган болот.

 

9. Дарвинисттер эволюцияга каршы ишенимдер логикага

карама-каршы келет деген калпты сиңирүүгө аракеттенишет

Башкаларды күнөөлөө – балким эң жакшы белгилүү психологиялык согуш тактикасыдыр. Өзүнүн кемчиликтерин же айыпталган нерселерин башкага жүктөө аркылуу жүргүзүлгөн бир күрөштө бул тактиканы колдонгон тарап көбүнчө ким бул багытта күчтүүрөөк пропаганда жасаса, ошол утат деп ойлойт. Б.а. күнөөлүү тарап, эгер пропагандасын жакшы жасаган болсо, чындык анын тарабындадай жана ал жапа чеккендей көрүнөт жана өз оюнда бул күрөштү жеңген болот.

Бул белгилүү тактика дарвинисттер тарабынан көз көрүнөө жасалууда. Көз бойомочулук кылган, бир алдамчылыкты жактаган, акылга жана логикага карама-каршы келген, алдаган тарап дарвинисттер болгонуна карабастан, эволюцияны жокко чыгаргандар логикасыз пикирлерди жакташууда дегенге адамдарды ынандырууга аракет кылышат. Дарвинисттер адамдарды бул калпка ынандырса, адамдарды болушунча жакшы жана натыйжалуу багыттай алса, ийгиликке жетээрине ишенишет. Бул шайтандык тактика сөзсүз пайдабызга болот жана бүт жасаган көз бойомочулуктарыбыз билинбей калат деп ойлошот. Бирок алар унуткан маанилүү бир чындык бар: жалган эч качан жеңбейт. Бул Аллахтын мыйзамы. Улуу Раббибиз Аллахтын адилети сөзсүз ордун табат. Чынчыл менен алдамчыны билген Улуу Аллах сөзсүз жалганды жок кылат жана акыйкатты бекемдейт. Дарвинисттик тактикалар дажжалдын бир оюну жана бүт жандыктар сыяктуу дажжалды да жараткан Аллах анын бүт оюндарын жер менен жексен кылат. Аллах бир аятында мындайча буюрат:

 

Мына силерге ушундай... Чынында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү. (Энфал Сүрөсү, 18)

 

Жаратылуу чындыгына каршы чыгарылган бул жасалма ыкма натыйжалуу көрүнгөн жылдар бою дарвинисттер жаратылуу чындыгын айткандарды ар кандай жалаа жана дооматтар менен айыптоого барышкан. Негизи дарвинисттер ыйман келтиргендерге жасаган жалаалар тарых бою жасалган жана Куранда болоору кабар берилген окуялар. Асмандардын жана жердин башкаруучусу Улуу Аллах мындай жалаа жапкандардын абалын аятында төмөнкүчө кабар берген:

 

Жана (кайра) аларга: «Адамдар ыйман келтирген сыяктуу силер да ыйман келтиргиле» деп айтылганда: «Акылы төмөндөр ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтирелиби?» дешет. Билип койгула, чынында чыныгы акылы төмөндөр өздөрү; бирок билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 13)

 

Дарвинисттердин айыптоого өтүшүнүн себеби – жаратылуунун абсолюттук чындык экенин күмөнсүз билиши. Өз ойлорунда мындай шылдыңчыл мамиледе болушунун түпкү себеби – теорияларынын илимий табылга жана далилдер тарабынан тастыкталбаганын билиши жана ушул себептен адамдарды демагогия менен алдоого аракеттениши. Бул дажжал системасына ийгилик алып келет деп ишенишет. Беркли университетинен укук профессору Филипп Джонсон бул тактика жөнүндө мындай дейт:

...Окуучулар үлпүлдөк канаттуу күбө жомогундагы кемчиликтерди, Геккельдин эмбрион сүрөттөрүндөгү көз бойомочулукту, кембрий жарылуусунун сырын жана белгилүү дарвинчилердин дарвинизмдин диний маанилери жөнүндө чынында эмнеге ишенээрин да билиши зарыл. Мындай билим берүүдө көп өтпөстөн, башчылар бир көтөрүлүштүн башталганын көрүшөт. Дарвинчилер тактикасын өзгөртпөйт, себеби эволюция жөнүндө бериле турган туура бир билим берүү эволюцияны сактай албаган гипотезаларды апачык көрсөтөт.

Реалисттик бир аныктама боюнча, натурализм (жалган) бир дин жана ашыкча догматикалык. Бир ишеним менен жакталган акыркы реалдуулук жөнүндөгү жалпы бир көз-карашка таянат. Жана өзүнүн «маалымат» жана «акыл» аныктамалары бар. Маалымат сезимдерибизден келип чыгат жана татаал маалымат түрлөрү илимий изилдөөдөн келип чыгат дешет. Натуралисттик аныктама боюнча, табият-үстүнүн маалыматы деген нерсе жок. Теңир жөнүндөгү сунуштар же акылга сыйбас же акылга каршы деп сыпатталат.175 (Аллахты аруулайбыз.)

Бирок чынында натурализм менен материализм өзү акылга сыйбайт. Бул адашкан жана жалган ишенимдегилер шанска, кокустукка, аң-сезимсиз окуяларга жаратуучулук сыпатын берген (Аллахты аруулайбыз), акылдуу ой жүгүртүү жөндөмү жок адамдар. Кокустукту жасалма кудай тутунган бузуку бир диндин жактоочулары «маалымат» деген нерсе дагы кайра эле кокустуктар бүт нерсени жоктон жараткан деген пикирге таянат. Ошондуктан бул жерде айтылып жаткан нерсе акыл менен логикага сыйбас адашкан бир ишеним системасы гана. Мына ушул себептен, натурализм, материализм жана дарвинизм жөнүндө сөз болгондо, акыл же маалымат сыяктуу түшүнүктөрдөн сөз кылуунун мүмкүн эместигин түшүнүү да оорго турбайт.

Дарвинисттер апачык бир чындык болгон жаратылуу чындыгынын кеңири түшүндүрүлүп, адамдарды ынандырышынан абдан коркушат. Себеби жаратылуу чындыгын колдогон сансыз далил бар экенин билишет жана аларды көргөн бир адамдын эволюция калпына алдынышы андан соң мүмкүн болбой калат. Башка жагынан, дарвинизмди колдогон бир даана дагы далил жок. Бул чоң алдамчылыкты жактаган кишилердин өздөрүнүн төмөн акылдарында болгон күчү менен жаратылуу ишенимин сындашынын чыныгы себеби ушул. Нью-Йорк университетинин химия профессору эволюционист Роберт Шапиро жыйынтыктар эч качан эволюция теориясын колдобосо дагы сөзсүз аягына чейин дарвинизмди жактаарын төмөнкү акылсыз логика менен айтууда:

Келечекте бир күнү бүт логикалуу химиялык экспериментер жашоонун ыктымалдуу тамырынын бүтүндөй туура эмес экенин көрсөтүшү мүмкүн. Ал тургай, жаңы геологиялык далилдер дүйнөдө жашоонун бир заматта пайда болгонун көрсөтүшү ыктымал. Эң аягында бүт ааламды ачып башка бир жерде бир жашоо изин же жашоого себеп боло турган бир процессти жолуктурбашыбыз мүмкүн. Мындай учурда бир катар илимпоздор жооп үчүн динге кайрылышы мүмкүн. Бирок мен да кошо башкалар, колдогу азыраак ыктымалдуу илимий түшүндүрмөлөрдү калгандардан ыктымалдуураак бирөөсүн тандай алуу максатында тазалоого аракеттенишет.176

Мына бул сөздөр дажжалдын караңгы системасын даана көрө алуу үчүн, албетте, жетиштүү.

 

10. Дарвинисттер маймылдын адамга болгон

окшоштуктарын колдонууга аракеттенишет

Жогоруда дарвинизмдин өтө жөнөкөй бир логикага таянаарына жана жашоону өз оюнда үстүртөн жана жөнөкөй түшүндүрүүгө аракет кылаарына токтолгон элек. Дарвинисттер мунун бир талабы катары колдонгон эң маанилүү пропаганда материалдарынын бири – бул маймылдар. Маймыл ар кандай анатомиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам чындап эле адамга окшош жаратылган бир жандык. Дарвинисттерди эң жаңылткан жана дарвинисттердин адамдарды эң көп алдашына себеп болгон нерсе ушул окшоштуктар.

Дарвинисттер маймыл-адам окшоштугун колдонуу үчүн бир маймылды алдыңкы планга чыгарат жана анын ар кандай кыймылдарын, шайман колдонуу, үйрөнүү жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрүн көрсөтө турган ар кандай көргөзмөлөрдү жасашат. Мунун максаты – адам маймылдан келген деген белгилүү дарвинисттик алдамчылыкты окурмандарга өз ойлорунда кадыресе көрсөтө алуу үчүн бир пикир жаратуу. Кээ бир адамдар бул пикирди алган соң жаныбарлар бакчасына барганда же маймылдар жөнүндө бир даректүү тасма көргөндө белгилүү багытта пикирлери калыптана баштайт. Дарвинист алдамчылыктан ушунчалык таасирленгендиктен, көргөн маймылды «бир аз өрчүсө, кырынса, жакшы тамактанса» оңой гана адамга айланышы мүмкүн дегендей жөнөкөй логика жүргүзүп башташат. Бир канча окшоштук дарвинист пропаганданын ийгиликтүү болушуна негиз түзүүдө. Адамга окшош кээ бир примитивдик кыймылдарды үйрөнгөн маймылдар жөнүндөгү программалар кайра кайра дарвинист телевизор каналы жана интернет сайттарда жарыяланып алдыңкы планга чыгарылат. Бир маймыл үйрөтүлгөндө эмнелерди кыла алаарын көргөн жана дарвинизм жөнүндө көп маалыматы жок кээ бир көрармандар көргөндөрү жөнүндө берилген дарвинисттик пропагандадан улам бүтүндөй туура эмес бир көз-карашка ээ болушат. Маймыл көрсөткөн акылдуу кыймыл-аракеттер бул жандыктар адамдын байыркы аталары деген пропаганданы күчтөндүрүү үчүн кайра кайра көрсөтүлөт.

Чынында болсо бул дагы бир дарвинисттик алдамчылык.

Маймылдардын адамга окшогон өзгөчөлүктөрү бар экени ырас. Бирок бул адам менен маймылдын такыр башка жандыктар экенин өзгөртпөйт. Маймыл, Аллахтын буйругу менен, бул дүйнөдө жашап турган мөөнөт бою маймылдан башка бир жандыкка айланбайт, канчалык окутулса дагы адам сыяктуу ойлонуу, кабылдоо, жоромол жасоо, пландоо, акылдуу мамиле кылуу, сындоо, пландуу жана аң-сезимдүү мамиледе болуу, сүйлөө сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ боло албайт. Канчалык көп кайталоо жасаса дагы, бир маймыл эч качан учак долбоорлорун жасай албайт, бийик имараттарды кура албайт, ыр жаза албайт, лабораторияларда адамды изилдей албайт. Канча үйрөтүлсө дагы, бир нерсени долбоорлой албайт, ойлонуп пландап жогорураак бир маданият деңгээлине жете албайт. Себеби маймыл – Аллах ага өзгөчө кылып берген анатомиялык өзгөчөлүктөргө ээ, сүйлөө жөндөмү жана эң негизгиси адамды адам кылган аң-сезим, акыл жана руху жок бир жандык. Анын бир канча жагдайда эле жөндөмдүү болушу адамдын атасы деген көз-караштын, албетте, эч качан далили боло албайт.

Дарвинисттерди бул пикирлерди айтып жатып, адам менен маймыл арасындагы эң негизги айырманы унуттурууга аракет кылышат. Адам – «менмин» деген, өзүнүн бар экенин түшүнгөн, эмне үчүн жаратылганын, эмне үчүн бар экенин ойлоно алган, сындоо жөндөмү бар бир жандык. Адам ушул себептен башка жандыктардын баарынан кереметтүү бир айырма менен айырмаланат. Анатомиялык өзгөчөлүктөр менен жөндөмдөр мунун алдында абдан кичинекей бир айырмалоочу мүнөзгө ээ. «Менмин» деген, бар экенин билген аң-сезимдүү жандыкты эч бир материалисттик түшүндүрмө менен түшүндүрүүгө болбойт. Эч кандай материалисттик түшүндүрмө өзүнүн бар экенин билбеген, аңкоо бир жандыктын руху бар жана бар экенин билген бир жандыкка айлануу жомогун түшүндүрө албайт. Дарвинисттер бул илимге сыйбас түшүндүрмөгө каалашынча жасалма фоссил далилдерди көрсөтүүгө аракет кылышпасын (көрсөтүлгөн бүт фоссилдердин жасалма экени аныкталды), адамдагы аң-сезим менен рухту эч качан түшүндүрө алышпайт. Адамдын жасалма эволюциясынан сөз кылып жатканда жана буга сансыз жасалма башты далил катары кабыл алдырууга аракет кылып жатканда, дарвинисттердин эч токтолгусу келбеген жана аларды бүтүндөй чарасыздыкка салган нерсе мына ушул.

Мындан тышкары, дарвинисттер эң чоң далил деп ойлогон жөндөм көргөзмөсүндө маймылдан бир топ акылдуу өзгөчөлүктөрдү көрсөткөн жандыктар бар. Карга, аары, кемчет (бобр), термит сыяктуу жандыктар кээде маймылдардан бир топ акылдуу жана бир топ көбүрөөк жөндөм талап кылган кыймыл-аракеттерди жасашат. Ошондуктан жөндөмгө таянган окшоштук пикири толугу менен бир жаңылыштык.

Дарвинисттер эң биринчиден адамды адам кылган; көргөндөрүнөн, уккандарынан таасирленишин, алар жөнүндө ойлонушун, акыл көрсөтүшүн, урмат, сүйүү, туруктуулук сыяктуу түшүнүктөргө ээ болушун, сын-пикир жүргүзүшүн камсыз кылган «рухту» түшүндүрүшү керек. Заттын абсолюттук бар экенине ишенген, адам аң-сезимин бир нейрон жыйындысы катары гана көргөн бул көз-караш рух жөнүндө эч ооз ачпайт. Дарвинисттер көптөн бери аң-сезимдин тамыры жана ойдон чыгарылган эволюциясы жөнүндө изилдөөлөрдү жасап, тагыраак айтканда, бул темада пропаганда ыкмаларын чыгарууга аракет кылып жатышат. Бирок заттык эмес бир түшүнүктү зат менен түшүндүрүү, ал тургай буга альтернативдүү бир жоромол жасоо мүмкүн эмес болгондуктан, бул жөнүндө эч нерсе айта алышпоодо. Себеби аң-сезимдин тамыры, б.а. адамды адам кылган рух Аллахка тиешелүү. Аллах Өзүнүн берешендиги менен муну адамга тартуулаган жана аны башка жандыктардан өзгөчө ушул жагынан айырмалуу кылган. Дарвинист алдамчылык бул темада чарасыз жана үн-сөзсүз.

 Аллах Куранда адамды Өз рухунан жаратканын мындайча билдирет:

 

Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпагын бир маңыздан (сүлаледен), болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага Рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)

 

11. Дарвинисттер визуалдык пропаганда менен жасаган

сыйкырын жайууга аракеттенишет

Дарвинист басмалардын дээрлик баарында көргөн болушуңуз керек. Көп жылдар бою небраска адамы дээрлик эң негизги эволюция далили катары көрсөтүүгө аракет кылынды. Бул ойдон чыгарылган жандыкты сүрөттөгөн тексттин жанынан абдан таанымал бир сүрөт орун алат. Бир аз бүкүрөйүп баскан бир маймыл-адам, аялы, жашаган чөйрөсү, колунда аңчылык кыла турган бир куралы ж.б. Сүрөт ушунчалык детальдуу болгондуктан, бул ойдон чыгарылган жандык жөнүндө адамдардын оюнда жетиштүү көрүнүш пайда болгон болот. Көп изилдөө мүмкүнчүлүгү, бул тема жөнүндө маалыматы жок окурмандарга багытталган дарвинисттик максатка жетишилген болот. Дарвинист алдамчылыкты билбеген окурмандар үй-бүлөсү менен бирге примитивдик бир чөйрөдө жашаган бир маймыл-адамдын бар экенине оңой гана ынанган болот.

Бирок чындыгында бул бир жалган.

Небраска адамы катары адамдарга таанытылган бул ойдон чыгарылган жандык бир даана тиштен чыккан. Жогоруда терең каралгандай, бул тиш бир жапайы доңузга тиешелүү болгон. Б.а. адамдарда визуалдык пропагандалар менен жаратылууга аракет кылынган пикир бир жапайы доңуздун азуу тишине гана таянган. Кандайдыр бир жол менен ал доңуздун тишинен кыялдагы небраска адамынын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү жасалган. Башкача айтканда, абдан чоң бир тузак курулуп, адамдарга апачык калп айтылган.

Бул пропаганда ыкмасы дагы эле уланууда. Суудан кургактыкты көздөй бараткан, сүзгүч канаттары барган сайын колдорго айланып баштаган балык сүрөтү толугу менен ойдон чыгарылган бир сүрөт гана. Дарвинисттер эч кандай далили жок мындай бир «айланууга» адамдарды ынандыра алуу үчүн кайра эле ошол ыкманы колдонушат. Бир көз бойомочулукту колго алган илимий журнал же илимий сайтта ал кабардын жанында тема менен эч байланышы жок, барган сайын тик турган жана адамга айланган маймыл сүрөтүн коюу ал теманын эволюция менен байланышын камсыздоодо. Кандайдыр бир окурман бул кабарды визуалдык таасирлер натыйжасында эволюциянын бир бөлүгү, ал тургай, бир далили катары кабылдашы мүмкүн. Көбүнчө ал макалада жазылгандарды окубайт, бирок ал жердеги эволюцияны эске салган сүрөт эсинде калат. Ошол эле киши клондоо же геном долбоору жөнүндөгү кабарлардын жанына коюлган жана тема менен эч байланышсыз эволюция сүрөттөрүн да ошондой кабылдайт. Геном долбоорундагы кандайдыр бир илимий алга жылуу ал кишиде эволюция да илимий далилденгендей пикир калтырат.

Мына ушул жасалма визуалдык пропаганда – катардагы бир дарвинисттик пропаганда ыкмасы. Психологиялык пропаганда ыкмаларынын эң көп колдонулгандарынан. Чынында болсо бир баш сөөгү фоссили менен жасалган реконструкциялар ар кайсы сүрөтчүнүн ар түрдүү кыялдануу күчүн чагылткан искусство эмгектери гана. Небраска адамы мисалындагы сыяктуу.

Албетте, мунун илим менен эч байланышы жок. Булардын эволюция менен да эч кандай байланышы жок. Илимий далил коюунун ордуна, жасалма пропаганда ыкмасы гана колдонулууда, болгону ушул.

Джонатан Уеллс бул дарвинист көз бойомочулукка мындайча мисал берет:

1972-жылы Кениянын түндүгүндө табылган атактуу бир фоссилдин башы үстүңкү жаактын баштын калганына жайгаштыруу формасынан улам тынымсыз көрүнүш өзгөрткөн. Палеантрополог Алан Уокер, Майкл Дей менен Ричард Лики «1470 даталуу баштын» эки бөлүгүн изилдесе, Роджер Левин жасалган эмгектерди санаган. Левиндин ою боюнча, Уолкер мындай деген: «үстүңкү жаакты алга жылдырып, ага узун бир бет жайгаштыра аласың же анын ичине киргизип бетти кыскарта аласың... Кайсысын тандашың сенин божомолдоруңдан көз-каранды. Адамдардын аны менен эмнелерди кылганын көрүү абдан кызыктуу.» Левин Ликинин муну кайра эске салганын жазган: «ооба аны мындайча кармасаң ушундай көрүнөт, андай кармасаң башкача көрүнөт.»

Жакында эле National Geographic журналы 1470-жылкы баш менен ошол эле түргө тиешелүү деп болжолдонгон жети сөөк фоссили калыптарынан ургаачы бир фигураны кайрадан жасашы үчүн төрт сүрөтчүгө тапшырды. Сүрөтчүлөрдүн бирөө маңдайы жок, астыңкы жана үстүңкү жаагы чыгып турган бир динозаврдыкына окшогон бир жандыкты тартты. Башка сүрөтчү салыштырмалуу жакшыраак көрүнгөн бирок колдору кызыктай узун модерн бир африка-америкалык бир аялды тартты. Үчүнчү сүрөтчү бир горилланыкына окшогон колдору жана бир Голливуд бөрүсүнүкүнө окшогон жүзү менен арык бир ургаачыны тартты. Төртүнчү сүрөтчү болсо денесин түк каптаган, даракка чыккан жана горилланыкына окшош жоон каштарынын астынан айлананы караган, мончок көздүү бир фигураны тартты.

Бул сүрөттөр жыйындысы бир даана фоссил тобун ар кандай жолдор менен кантип кайрадан калыптандыруу мүмкүн экенин апачык көрсөтүүдө. Кээде маймыл-адам тизмегине кошула турган бир ортоңку форманы изденүүдө кайсы сүрөт эң ылайыктуу болсо ошол тандалышы мүмкүн.177

Дарвинисттердин бул көз бойомочулукту оңой гана жасашынын себеби – тукум курут болгон жандык фоссилдерин алып, аларды каалаган формага салып, каалагандай көрүнүш бере алышында. Дарвинисттер чыгарган бул реконструкцияларын ушунчалык көп колдонушат; том томдук бир эволюция китеби бир эле ушул жасалма сүрөттөрдөн турушу мүмкүн. Ал тургай, бир табият тарыхы музейинин материалдары ушундай реконструкциялар гана болушу мүмкүн. Адамдарга көп жылдар бою ушул жасалма сүрөттөр менен макеттерди көрсөтүп, булар чындап жашаган деген пикирди жаратууга аракеттенишет. Албетте, бул музейлерди зыярат кылган көп адамдар профессорлор менен илимпоздордун көзөмөлүндөгү, мамлекеттен колдоо алган мындай бир тарых музейи көрсөткөн бүт нерсе жалган жана жасалма болушу мүмкүн деп эч ойлобойт. Ал тургай, ушул себептен гана көргөндөрүнөн таасирленип, башы кичинекей, жаагы чоң, бүкүрөйүп баскан, денесин түк каптаган бул ойдон чыгарылган жандыкты тарыхта бир кездерде сөзсүз жашаган деп ойлоп калат. Ал жердеги көп адамдар көрсөтүлгөн бул жасалма айкел жана сүрөттөрдүн чынында эч качан жашабаганын, алардын баарынын жасалма экенин, аны тастыктаган бир даана дагы фоссил далили жок экенин, ал тургай, тескерисинче фоссил калдыктарынын бул көз-карашты бүтүндөй калпка чыгарганын билбейт, ал тургай, аны изилдебейт дагы. Алдындагы пропаганда ушунчалык күчтүү жана аны колдогон ушунчалык даражалуу кишилер бар болгондуктан, анын тууралыгын изилдөө аларга логикасыз да сезилиши мүмкүн. Бирок натыйжада тынымсыз алданып, тынымсыз бир калпка орток болушууда.

Табият тарыхы музейлерине барганда, ансыз да көбүнчө фоссилдердин ордуна ошол жасалма сүрөттөр же ойдон чыгарылган макет жандыктар адамдарга көргөзүлөт. Дарвинисттер фоссилдерди көрсөтө алышпайт, себеби фоссилдердин баары кемчиликсиз жандыктарга тиешелүү. Фоссилдердин баары жандыктардын миллиондогон жыл мурда да, толук жана кемчиликсиз жандыктар болгонун көрсөтүүдө. Андан дагы, фоссилдер азыркы жандыктардын миллиондогон жыл мурда да жашаганын жана эч өзгөрбөгөнүн да көрсөтүүдө. Мына ушул жагдай палеонтология музейлеринин жалгыз булагы болушу керек болгон фоссилдердин көмүскөдө калышына себеп болгон. Фоссилдердин баары жаратылуу чындыгын далилдегендиктен, дарвинисттер толук 300 миллион фоссилди жашырышкан. Эч адамдарга көргөзүшкөн эмес.

Дарвинисттер көптөгөн илимий журналдарды да визуалдык пропаганда үчүн колдонушууда. Дарвинист журналдар илимий далил суна албагандыктан, пропагандага чыныгы басымды жасашууда. Пропаганданын эң негизги талабы катары көз бойомо бир бет дизайны, тышкы бет менен ички беттерде колдонулган түстөр, тышкы беттин дизайны, тандалма сүрөттөр менен услуп окурманга керектүү пикирди берүү үчүн жетиштүү көрүнөт. Бул көрүнүштүн астына жашынган сыйкыр журналды алып окуган адамдын визуалдык (көрүү) жактан журналдын көрүнүшүнөн жана ичиндеги сүрөттөрдөн таасирленишин жана мазмунундагы кызыктай латынча терминдердин таасиринде калышын камсыздоодо.

Жарнамалардан кино тасмаларга, музыка клиптеринен ырдын сөздөрүнө, мультфильмдерге, китептерге, макалаларга чейинки ар кандай мүмкүнчүлүк бул сыйкырдын бузулбашы үчүн колдонулат. Максат – адамдардын кээ бир сөздөрдү жана сүйлөм калыптарын жатташы жана сүрөттөргө көздөрүнүн көнүшү. Кыялдагы «маймылдан адамга өтүү этаптары», жалганчы ортоңку форма фоссили сүрөттөрү, жасалма «примитивдүү адам» сүрөттөрү жашоонун бүт тарабын каптаган. Гезит менен журналдарда чоң же кичине, бир сөз катары же кеңири масштабда, тынымсыз бул тема жөнүндө сөз болот. Ушундайча адамдардын үстүндөгү дарвинист сыйкырдын таасиринин бузулбашы максат кылынат.

Жаратылууга каршы чыгарылган атайын услуп, өз ойлорунда жасаган шылдыңчыл мамилелери да бул сыйкырдын таасирин толуктоо үчүн жасалат. Аллах ишенимине багытталган анекдот, текст, маек, карикатуралардын баарынын (Аллахты аруулайбыз) себеби адамдарды дарвинист пропагандага көндүрүү максатын көздөйт. Адамдардагы Аллах ишенимине болгон тенденцияны жок кылуу жана мээлерде дарвинизмди түптөндүрүү үчүн жасалган бул түрү суук иштер – дажжалдын оюнунун бир бөлүгү.

Бирок бул сыйкыр эми бузулду. Дажжалдын жардамчылары болсо туш болгон абалын толук түшүнө албай турушат. Дарвинизмдин туура эмес экенин көрсөткөн далилдерди бир эле жолу көргөн соң бир адам эволюция теориясына ишенбей калат. Ал үчүн, дарвинист пропаганда ыкмаларындагы сыяктуу, татаал сөздөрдүн, латынча терминдердин жана визуалдык пропагандалардын кажети жок. Чындыктардын бир эле жолу, жөнөкөй бир тил менен түшүндүрүлүшү, дарвинизмдин жараксыздыгын көрсөткөн далилдердин бир эле жолу көрсөтүлүшү жетиштүү болот. Өмүр бою дарвинизм пропагандасын алган бир адам дагы бул анык чындыктар алдында дарвинизм калпына ишенимин уланта албай калат. «Ишенем» десе дагы анысы калп, себеби эми чындыктарды билет. Бир адамдын капкараңгы бир бөлмөнүн ичинде парданын ары жагынан күндү бир секундага эле көрүшү жетиштүү. Отурган бөлмөсү канчалык караңгы болбосун, эми бул адамды сыртта түн деп ишендирүү мүмкүн болбой калат. Азыркы абал да мына ушундай. Көп жылдардан бери абдан ийгиликтүү деп элестетилген дарвинисттик пропагандалар чындыктардын бир эле жолу, илимий далилдер менен түшүндүрүлүшүнөн соң кыйрап, бүт таасирин жоготту.

Раббибиз дажжалды ээрчигендердин абалын аятында мындайча кабар берген:

 

Өздөрүн кыйроого кабылткандар мына ушулар жана жалгандан токуп чыгаргандары (ойлоп табылган теңирлери да) алардан алыстап-жоголду. (Худ Сүрөсү, 21)

 

12. Дарвинисттер адамдарга «жоопкерчиликсиздик» пикирин

сиңиришет

Тарых бою материализмдин эң чоң максаты адамдарды бир Жаратуучу бар деген ишенимден алыстатуу жана адамга бир затсың (денесиң) гана деген калпты сиңирүүгө аракет кылуу болгон. Андагы максат адамга жоопкерчиликсиздик (ээнбаштык) пикирин берүү жана аны «эволюциялашкан» бир айбан гана экенине ишендирүү. Дарвинизм материалисттик логиканын бир уландысы болгондуктан, аны сиңирүү адамдарды дарвинизмге көбүрөөк жакындатат. Себеби жоопкерчиликсиздик сезими Аллах ишеними жүрөгүнө толук жайгаша элек адамдарга жагышы мүмкүн. Жоопкерчиликсиздик аркылуу адамдар дүйнөнүн ырахаттарына оңойураак жете алабыз деп жаңылышат. Өмүр бою Аллах алдында аткарышы керек болгон жоопкерчиликтерин билмексен болуп жашашат. Аллахка ибадат кылуу, акыреттин бар экенин ойлонуп жашоо, напсинин жаман каалоолорунан сактануу жана дайыма сонун мүнөздүү болуу сыяктуу Куран ахлагы алып келген жоопкерчиликтерден алыстай алабыз жана ушундайча өз ойлорунда бейпил жашайбыз деп ойлошот. Чынында болсо бейпилдик деп ойлогон бул система тескерисинче чоң бир азаптын булагы. Сонун мүнөздөн качынып, бакубат жашайм деп ойлогон адам сонун мүнөздө жашабоонун натыйжасында келип чыккан руханий боштукта тынымсыз азап тартат. Өзүмчүл болсом күчтүү болом, адилетсиздик кылсам кызыкчылыкка жетем деп ойлогон киши дайыма бул жаман мамилелеринин азабын тартат. Кылган жаман мамилеси өзүнө кайтат. Эч ким эч кимди сүйбөгөн, эч ким эч кимге жан аябастык кылбаган, эч ким эч кимге туруктуу болбогон, эч ким эч кимди коргоп колдобогон, адилеттүүлүк, боорукердик, мээрим жок бир чөйрөдө жашоонун материалдык жана руханий жоготуулары менен өмүрүн коротот. Кыскасы, дарвинисттер берген жоопкерчиликсиздик пикири кээ бир адамдар ойлогондой, алардын жашоосун жеңилдеткен эмес, тескерисинче оордоштурган, жаман кылган, аларга материалдык жана руханий азап алып келген нерсеге айланат. Азыркы көптөгөн Батыш өлкөлөрүндөгү социалдык кыйроону караганыбызда, бул чындыкты жакшыраак түшүнөбүз.

Ошого карабастан, ойлонуудан качынган кээ бир адамдар дарвинизмге ишенүүгө жакыныраак болушу мүмкүн. Себеби кээ бир адамдар кээде жашоолорун «жөнөкөйлөштү» деп ойлоп бейпилдөө тенденциясында болушу мүмкүн. Көп адамга айбандан чыккан жоопкерчиликсиз бир жандыкмын деп ойлоо кадыреседей көрүнүүдө. Дарвинизм мына ушуга шарт түзүп берет жана адамды бир курт-кумурска же бир чымынга теңейт.

Эволюционист палеонтолог Стивен Джей Гоулд бул логиканы мындайча баяндайт:

Адам жашоонун ири чытырманында кийин пайда болгон, көп өлчөмдө кокустук кичинекей бир сүргүндү гана көрсөтүүдө.178

Атеист Ричард Доукинс колдоо көрсөткөн көп өлкөлөрдө жасалган автобус афишалары бул түрү суук пропаганданын абдан ачык бир мисалы. Доукинс колдоо көрсөткөн автобус афишалары атеизм пропагандасын жасоодо жана ушундайча өз оюнда адамдарга «жоопкерчиликсиздик менен жашоодон ырахат алгыла» деген кеңешти берүүдө. Көп терең ойлонбогон бир адам бул чакырыкты абдан реалдуу көрүшү мүмкүн жана бул дарвинисттик пропаганда ыкчам берилген болот. Баары ушунчалык жөнөкөй сүйлөм менен берилгендиктен, адам кантип чоң бир жаңылыштыкка түшкөнүн, кантип алданганын байкабай да калат.

Чынында болсо бул афишалар чоң бир көз бойомочулук, олуттуу бир жаңылыштык гана. Бир адам ыйман келтирбесе дагы Аллахтын улуу затынын далилдерин тынымсыз көрүп, кааласа да каалабаса да Аллах жараткан тагдырды жашап жатат. Ыйман далилдери – чындап көрө алган жана акыл жүгүртө алган адамдар үчүн – бүт тарапта. Адам ыйман жана Аллах сүйүүсү менен гана бакытка жете алат, өмүрүнөн ырахат ала алат. Дүйнөдөгү сонундарды адамга немат-жакшылык катары жараткан Аллах, албетте, Аны эң көп сүйгөнгө жана Ага эң жакын болгонго бул нематтардын сулуулугун жана ырахатын таттырат. Каапырлар нематты да, ырахатты да Аллахтын берээрин унуткандыктан, жоопкерчиликсиз жана чектелбей жашаганда бакытка жетебиз деп ойлошот. Бирок Аллахтан капылеттикте, чектелбестен жана жоопкерчиликсиз жашоо аларга дайыма зулумдук, азап жана кыйроо алып келген. Нематтар балээге айланып, алына турган ырахаттар дайыма кыйроо менен аяктаган. Ал адамдардын Аллахка жакын болуунун, Аллахка ыйман келтирүүнүн сонун тараптарына акылы жетпегендиктен, нематтын баарын Аллах берээрин түшүнө албагандыктан, ушундай жасалма пропаганда ыкмалары ийгиликтүү болот деп ойлошууда. Бирок өздөрү да жакшы, бакубат жашай алышпайт, айланадагы адамдарды да алдай алышайт. (Доукинс жактаган атеист автобус афишалары көп өлкөдө реакцияга кабылган, Финляндия сыяктуу кээ бир Европа өлкөлөрүндө ашыкча реакция болгондуктан, автобус айдоочулары бойкот кылышып, автобус фирмалары ал афишаларды колдонбоо чечимин алган, элдер тарабынан афишалар айрылган. Мунун натыйжасында көп жерде ал афишаларга тыюу салынган.179)

Бул пикир эң көп сиңирилген дагы бир жер – бул мектептер. Бир жогорку мектептин окуу китеби болгон Biology окуучуларга «жашоонун табиятын» үйрөнүп жатканда төмөнкү пикирди эсинен чыгарбашы керек экенин үйрөтөт: «эволюция кокустан болот жана пландалган (жаратылган) эмес».180 Университет окуу китеби Life: The Science of Biology'ни окуган окуучулар болсо төмөнкү сүйлөмдү көрүшөт: «Дарвинчи дүйнө көз-карашы бир эле эволюция процесстерин кабыл алуу эмес, ошол эле учурда эволюциялык өзгөрүү түпкү бир максат же абалды көздөп пландалбаган (жаратылбаган) деген көз-карашты да кабыл алуу маанисине келет».181 Адам кокустан пайда болгон деген калпты, сокур, аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деген алдамчылыкты окуткан бир билим берүү системасы, эч күмөнсүз, жаш мээлердин анархияны, урушту, киши өлтүрүүнү, эзүүнү, таш боордукту, өзүмчүлдүктү кадыресе кабыл алган абдан кооптуу пикирлер менен ууланышы дегенди билдирет жана бул пропагандаларды алган адамдарды каалагандай багыттоо да мүмкүн болуп калат. Мисалы, Дуглас Футуйманын (Douglas Futuyma) Evolutionary Biology аттуу окуу китеби окуучуларга окуткан жаңылыштык мындай:

Дарвиндин сокур, максатсыз табигый эленүү аркылуу иштеген кокус, максатсыз өзгөрүүлөр теоремасы эмне үчүн менен башталган дээрлик бүт суроолорго төңкөрүшчү жаңы бир жооп сунууда. Ар түрдүү организмдердин жана алардын өзгөчөлүктөрүнүн ушул толугу менен механикалык, материалисттик түшүндүрмөсүнүн терең жана тынчсыздандыруучу мааниси – бул адам кыймыл-аракетинен тышкары табияттын эч жеринде бир долбоор, максат бар экени жөнүндө эч бир далилди көрбөшүбүз, ансыз да буга муктаж эмеспиз.

Футуйма илимге сыйбас сөздөрүн мындайча улантат:

Эң биринчиден Дарвиндин эволюция теориясы, андан кийин Маркстын материалист тарых жана коом түшүнүгү (жетишсиз жана туура эмес болсо дагы) жана Фрейддин адам жүрүм-турумдары байланыштуу цитаталары мурдатан бери Батыш көз-карашынын негизги сахнасы болгон механизм жана материализм платформасына өтө маанилүү бир таяныч болду.»182

Бирок булардын баары чоң бир алдамчылык.

Адам бүт нерсени жөнөкөй жана аң-сезимсиз деп кабыл алуу менен жоопкерчиликтен кутулбайт. Жоопкерчиликтен кутулуу сезими да адамдарды бейпил, бактылуу кылбайт. Адам бул сезимди өзүнөн алып салса эле, бир заматта дүйнө ырахаттарына ээ болуп калбайт, бир заматта бүт кыйынчылыктарынан кутулуп калбайт. Атеист жана дарвинисттер билбеген же кабыл албаган маанилүү бир чындык бар: бүт баарын Аллах жаратат. Дүйнөдөгү немат-жакшылыктарды да, ырахаттарды да жаратуучу Аллах. Ошондуктан адамга дүйнөдөгү сонун нерселерден ырахат алуу жана бактылуу жашоо сезимин бере турган да Аллах. Аллах кааласа, бүт нематтар молчулук жана бейпилдик ичинде бир адамга эң терең бактысыздык, азаптарды бериши мүмкүн. Адам бүт ырахаттарды тойбостон жашоо үчүн канчалык аракет кылбасын, ага ырахат менен бакытты бере турган бир гана Аллах. Атеист менен дарвинисттердин эң чоң жаңылыштыгы ушул чындыкты байкабашында.

Жоопкерчиликсизмин деп ойлогон бир адам, башка адамдар сыяктуу, дайыма сүйүү, бейпилдик жана ишенимди издейт. Бирок өзү сыяктуу ойлонгон адамдардан турган бир коом ичинде булардын бирөөсүнө да жете албайт. Жоопкерчиликсиз адам өмүр бою бир күн сөзсүз өлөөрүн унутууга аракет кылат. Бирок дайыма өлүмдү көрүп турат. Айланасындагылардын өлүмүн көрөт, ооруларга, кырсыктарга дайыма күбө болот. Бир курт-кумурсканын өлүмү дагы качканга аракет кылган өлүмдү сөзсүз ага эстетет. Өлүмдү канчалык жокко чыгарууга аракет кылбасын, өлүм коркуусу бүт денесин аягында ороп калат. Айланасындагы өлгөн жана анын ишеними боюнча жок болгон адамдар үчүн кайгы-муңга батат. Өз денесинин убакытка каршы тиреше албаганын, тынымсыз өлүмгө жакындап баратканын жокко чыгара албай баштайт. Өлүмдү жокко чыгаруу ага бейпилдик эмес, тескерисинче коркуу, тынчсыздануу жана азап алып келет.

Жоопкерчиликсиз жашоо адамга негизи бүт азап менен кыйынчылыктардын эшигин ачат. Бүт нерсени Аллахтын башкарып тураарын түшүнө албаган бир адам келечектен өлөрчө коркот. Бүт ырыскынын ээсинин Аллах экенин түшүнө албаган бир адам өмүр бою бир жерлерден акча табуу үчүн жандалбастайт жана дээрлик бүт өмүрү байлыкты кууп жүрүп түгөнөт. Аллахтын акыретте адам бүт сулуулук, жакшылыктарга ээ боло ала турган теңдешсиз бир жашоо жаратып койгонун билбеген бир адам дайыма өзү ишенген системасынын ичинде чыныгы сүйүүнүн, чыныгы достуктун, чыныгы туруктуулуктун болушун каалайт. Бирок чыныгы сүйүүгө бул дүйнөдө Аллах үчүн жашаганда гана ээ болот. Аллах үчүн жашамайынча эч качан ал каалоосуна жете албайт. Чыныгы сүйүү менен туруктуулукка жете албастан өмүрүнүн абдан бат өтүп баратканын түшүнөт. Эч артка кайтпайт. Келечекте боло тургандарды дайыма паника менен күтөт.

Өзүнүн ишеними боюнча, бул дүйнөдөгү бир канча он жылы гана бар. Акыретке ишенбегендиктен, бир канча он жылдан соң «жок болом» деп ойлойт. Жок болоорун билип туруп бир канча он жыл бул дүйнөдө жашоо адамга кантип бакыт, ырахат жана бейпилдик бере алсын? Албетте, бере албайт. Мына ушул себептен, эч бир атеист өзү айткандай жыргап жашай албайт, келечекте аны эмнелер күтүп жатканын тынчсыздануу жана коркуу менен күтөт.

Мындай адам өмүрүнүн аягына келгенде, бүт өмүрүнүн бош жана натыйжасыз күтүүлөр ичинде өткөнүн түшүнөт. Жоопкерчиликсиздиктин адамга бергендери мына ушулар. Бир адам эгер акыретти үмүт кылбаса, ээнбаш жана бүт баалуулуктарсыз жашагысы келсе, мунун коркунучтуу натыйжаларына эртеби-кечпи туш болот. Өзүн-өзү өлтүрүүлөр, уруштар, согуштар, кылмыштар, киши өлтүрүүлөр, уурулук, зордуктоо жана коррупциялар – ушул жоопкерчиликсиз жашоонун натыйжалары.

Чынында болсо, Аллах «Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсиз» калам деп ойлойбу?» (Кыямат Сүрөсү, 36) аятында билдиргендей, адамды жоопкерчиликсиз жараткан эмес. Аллах коркуусу менен Аллах сүйүүсү гана адамга бейпилдик берет, адамды туура жана жакшы жашоого, тынчсызданып, коркуп жана азап тартпастан өмүр сүрүүгө багыттайт. Аллахтан корккон бир адам Аллахка сурак берээрин билет, абийирине каршы чыгып жашай албайт. Аллахтан корккон бир адам башкага зыян тийгизе албайт, жаман мүнөздө боло албайт, адамдарды кокустан пайда болгон жандыктардай кабыл ала албайт. Аллахка ишенген бир адам аны жараткандын, жашаткандын, ага ырыскы бергендин, ага ден-соолук жана күч бергендин Аллах экенин жана буларды Аллахтан гана сурай алаарын билет. Аллахтан корккон бир адам Аллах жараткан кайырлуу (жакшылыктуу) бир тагдырга моюн сунганын, бул дүйнөдө сыналып гана жатканын, чыныгы жашоонун акыретте Аллах жараткан түбөлүк бир жашоо экенин билет. Мына ушул себептен бул дүйнөдө тынымсыз аракет кылат. Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү экенин, Аллахка сурак берээрин, Аллахтын аны ээнбаш жана жоопкерчиликсиз жаратпаганын билет.

Немат-жакшылыктар аны кубантат, ыймандуулар гана нематтардын баркын билип, алардан ырахат алат. Адамдар ырахаттардын баарын чексиз алганда канааттанам деп ойлошот. Чынында болсо мындай чексиздик нематтардан тажоо, ал тургай, жийиркенүүгө алып барат адамды. Ырахат алам деп күткөн сонун нерселер адам үчүн бир заматта балээге, ыңгайсыздыкка айланат. Ал эми нематтарды Аллах үчүн сүйүү, Аллах жаратканы үчүн нематтардан ырахат алуу башка бир маанайды жаратат. Муну сезген бир адамдын алган ырахаты керемет. Жана ушундай сезим менен жашоонун сыйлыгы, Аллахтын каалоосу менен, дүйнөдө жана акыретте сонун жашоо. Аллах аяттарында мындайча билдирет:

 

Кабарыңар болсун; Аллахтын велилери (достору), алар үчүн коркуу жок, кайгы да жок. Алар ыйман келтиргендер жана (Аллахтан тартынып күнөөдөн) сактангандар. Дүйнө жашоосунда жана акыретте сүйүнүчтүү кабар алар үчүн. Аллахтын сөздөрү эч өзгөрбөйт. Мына улуу кутулуу жана бактылуулук ушул. (Йунус Сүрөсү, 62-64)

 

13. Дарвинисттер «дарвинизм менен Аллах ишеними карама-

каршы келбейт» деген калпты пропаганда кылышат

Дарвинизмдин негизин материализм түзөт. Материализм жаңылыштыгы боюнча, зат түбөлүктүү жана заттын үстүндө эч кандай күч жок. Башкача айтканда, материализм бүт ааламды түзгөн заттын үстүндө аны башкарган, аны дайыма көзөмөлдөп турган жогорку бир Жаратуучунун бар экенин жокко чыгарат. (Аллахты аруулайбыз.) «Зат абсолюттук нерсе» деген ишеним менен чыгарылган дарвинизмди сактап калуу аракетинин, бул аракет үчүн бүт алдамчылыктар, көз бойомочулуктарга баруунун жалгыз себеби – бул бүт нерсени улуу жана кудуреттүү бир Жаратуучу жаратканын кабыл алууга тоскоол болуу аракети. Дарвинисттер акыркы 150 жыл бою ушул үчүн аракет кылышты, ушул үчүн күрөштү. Дарвинизмдин жасалма бир дин катары кабыл алынышынын эң чоң себеби мына ушул.

Бирок бул чындык адамдардан көбүнчө жашырылат, себеби бул көпчүлүктүн дарвинизмге жакшы көз менен карашына тоскоол болот. Өзгөчө Аллахка ыйман келтирип, Аны терең урматтаган, ыймандуу адамдарда терс бир маанай жаратат. Дарвинизмдин Аллах ишенимине каршы бир теория болушу Дарвин учурунда да диндар адамдардын тескери реакциясын жаратып, теория ошол учурдун адамдары тарабынан оңой кабыл алынган эмес. Кабыл алынып башташы дарвинист пропагандалар натыйжасында болгон. Азыр да мектептерде адамдын маймылдан келгенин, динозаврлардын канат кагып учуп баштаганын окуган адамдар эволюция теориясын зыянсыз илимий бир теория деп ойлошот, көбүнчө. Теориянын чыныгы жүзүнөн болсо кабарсыз. Дүйнө жүзүндөгү атеизмдин, диктатор башкаруучулардын, согуштардын, кыргындардын, заалымдыктын, бузулуунун, террордун, өлкөбүздө жаш аскерлерибиздин шейит кылынышынын түпкү себебинин ушул илимден алыс, бузуку теория экенин билишпейт.

Дарвинисттер болсо жактаган догмасынын чыныгы жүзүн жашырууга аракет кылышат. Мына ушул себептен Аллахка ыйман келтирген адамдарды башкара алуу, дарвинизмди өз ойлорунда зыянсыз көрсөтө алуу жана алардын да колдоосун ала алуу үчүн дарвинизм динге карама-каршы келбейт деген калпты жайууга аракеттенишет. Ушундайча тараптар чогултабыз, эволюция теориясына каршы илимий-пикирдик күрөш алсыздайт деп ишенишүүдө. Ушул максатта чыгарылган «эволюциялык жаратылуу» калпы абдан логикасыз жана акылга сыйбас болгонуна карабастан, жашыруун колдоо көрүп, дарвинисттер тарабынан дайыма актуалдаштырылууда. Ал тургай, бул үчүн Дарвин өзү да динчил бир киши болчу деген калпты колдонушууда. Атеист жана дарвинист Ричард Доукинс бул багытта кызмат кылган бир дарвинист лоббинин бар экенин төмөнкүчө мойнуна алат:

Атайын түзүлгөн бир эволюцияны коргоо лоббиси бар. Булардын көпчүлүгүн атеисттер түзөт. Бирок бул кишилер болгон аракети менен орточо жана кабыл алаарлык динчилдер менен достошкулары келет. Жана буга жете алуунун жалгыз жолу – бул эволюция менен дин арасында эч кандай карама-каршылык жок экенин айтуу.183

Чынында болсо эволюция менен дин эч кандай шартта, эч качан бир-бирине туура келбейт. Дарвинисттер, өздөрү Аллахка ишенбей, кокустуктарды кудай тутунуп (Аллахты аруулайбыз), жаратылуу чындыгына бүтүндөй каршы чыгып, бул багытта күрөш жүргүзүп жатып, бир заматта Аллах ааламды эволюция менен жараткан деген алдамчылыктын эң чоң жактоочусуна айланышат. Бирок дарвинисттер, материализмге болгон моюн сунуучулугунан улам, Аллахка болгон ишенимди эч качан кабыл алышпайт. Дарвинист болуу Аллахка ишенимди жокко чыгарууну алып келет. Бир адамдын илимий эч бир далили жок, кокустуктарды кудайлаштырган бул путпараст диндин жактоочусу болушунун жалгыз себеби – бул Аллахтын бар экенин жокко чыгара алуу (Аллахты аруулайбыз). Жана дарвинисттердин адамдарды Аллахка ишенимден алыстата алуу үчүн кылбаган нерсеси жок.

 

Мына ушул себептен бул калпка абдан этият болуш керек!

Журналист Ларри Уитхем (Larry Witham) дарвинизмдин жасалма бир дин экени айтылган жана дарвинист диктаторлуктун басым жана мажбурлоолору баяндалган Expelled "No Intelligence Allowed" даректүү тасмасында бул жөнүндө мындай деген:

Эволюция теорияларынын баарында ачык айтылган нерсе – бул же Аллах жок (Аллахты аруулайбыз) же Аллах жараткан нерселерин эч башкарбайт (Аллахты аруулайбыз) деген пикир. Ушул себептен, албетте, көп эволюционист да айткандай, эволюция атеизм үчүн эң күчтүү курал.184

Дарвинисттер, Аллахка ишенимди ачык жокко чыгарып туруп, адамдарга ушул начар оюнду ойношот. Бул начар алдамчылыкка ишенгендер төмөнкү чындыкты ойлоно алышпоодо: Улуу Аллах, күмөнсүз, бүт нерселерди ар кандай себептер менен жаратууга кудуреттүү. Раббибиз кааласа жандыктарды эволюцияны себеп кылып да жаратышы мүмкүн эле. Бирок антип жараткан эмес. Бүт жандыктар жер бетинде жоктон пайда болушкан, жоктон жаратылышкан.

Куранда эволюцияга ишарат кылган бир дагы аят жок. Куран боюнча, бүт аалам менен жандыктар Раббибиздин «Бол» буйругу менен жаратылган. Аллах түшүргөн бүт диндери аркылуу адамдарга бүт ааламды жоктон, бир гана буйрук менен жаратканын жана аны каалагандай калыпка салганын билдирген. Жер бетиндеги далилдерди караганыбызда да жаратылуунун Куранда сүрөттөлгөндөй болгонун көрөбүз. Табылган бүт жандык фоссилдери кемчиликсиз. Бир заматта, кемчиликсиз көрүнүштөрү менен пайда болгон жана эч өзгөрүшкөн эмес. Жандыктар миллиондогон жыл бою өзгөрүшкөн эмес. Жандуунун жансыздан пайда болуу ыктымалы жок. Бир даана протеиндин да кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Кереметтүү комплекстүүлүктөгү жандык түрлөрүн бир-биринен келип чыккан деп айлуу илимден өтө алыс. Бир жандыкка жапжаңы, пайдалуу бир маалымат кошо турган бир механизм жок. Илим бүт жандыктардын протеиндерине, ал тургай, атомдоруна чейин укмуш бир комплекстүүлүккө ээ экенин, бир заматта пайда болушканын жана бир-бирине айланбаганын күчтүү далилдер менен көрсөттү. Ошондуктан Аллах эволюция менен жараткан деп айтуу чоң бир калп, дарвинист алдамчылыктын бир бөлүгү. (Бул жөнүндө терең маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Kuran Darwinizm'i Yalanlıyor (Куран дарвинизмди калпка чыгарат))

Жаратылган нерселердин баары Аллахтын улуу кудуретинин бир далили. Куранда көптөгөн аятта Аллахтын мындай керемет жаратуусу кабар берилген:

 

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

 

Күмөнсүз, Аллах Кабатында Исанын абалы Адамдын абалы сыяктуу. Аны топурактан жаратты, анан ага «Бол» деши менен ал да ошол замат болуп калды. (Али Имран Сүрөсү, 59)

 

Ал асмандарды жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал «Бол» деген күнү (баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат. Сур чалынган күнү мүлк Ага тиешелүү. Ал кайыпты жана көрүнөөнү билүүчү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабардар. (Эньам Сүрөсү, 73)

 

Кандайдыр бир нерсени каалаганыбызда ага «Бол» деп гана айтабыз; ал ошол замат болуп калат. (Нахл Сүрөсү, 40)

 

Асмандарды жана жерди жараткан алардын окшошун жаратууга кудуреттүү эмеспи? Албетте (кудуреттүү); Ал жаратуучу, билүүчү. Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 81-82)

 

Учурда илим материалист-эволюционист көз-караштын жараксыздыгын көрсөтүүдө. Эволюция теориясынын тескерисинче, айланабызда бизди курчаган ар бир жаратылуу далили ааламда кокустукка эч орун жок экенин адамдарга далилдеди. Эгер жер бетинде Аллах эволюцияны себепчи кылып жаратканына далилдер табылганда жана Аллах Куранда муну бизге билдирген болгондо, «Раббибиз эволюция менен жараткан» деген пикир, албетте, ыймандуулар тарабынан ылдам кабыл алынып, жакталмак. Бирок Аллах Куранда «Бол» буйругу менен жаратканын кабар берүүдө жана эволюция менен жаратууга бир дагы аят жок. Анын үстүнө, эволюцияга бир дагы илимий далил жок. Демек чындык көрүнүп турат. Асмандардын, жер бетинин жана бүт жандыктардын изилдениши менен аныкталган ар бир деталь Аллахтын улуу күч-кудуретинин далилдери. Бүт жандыктар улуу Раббибиз Аллахтын буйругу менен бир заматта, жоктон жаратылышкан. Эч күмөнсүз, жаратуу үчүн Аллах себептерге муктаж эмес. (Аллахты аруулайбыз.) Дарвинисттер ушул эң маанилүү нерсени түшүнүшү керек. Аллах бир аятында мындайча буюрат:

 

Аллах мага мүлк берди деп Раббиси жөнүндө Ибрахим менен талашка киргенди көрбөдүңбү? Ибрахим: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт» деген эле; ал болсо: «Мен да өлтүрөм жана тирилтем» деген. (Анда) Ибрахим: «Шексиз, Аллах күндү чыгыштан чыгарат, (кана) сен болсо аны батыштан чыгарчы» дегенде, ал каапыр ошентип мукактанып калган эле. Аллах заалымдар коомун хидаятка (туура жолго) жеткирбейт. (Бакара Сүрөсү, 258)

 

Аллах эволюция менен жараткан деген пикирди сиңирүүгө аракет кылгандар жиндер менен периштелердин кантип жаратылганын да түшүндүрүшү керек. Бул кишилер периштелер менен жиндердин жаратылышы жөнүндө сөз болгондо унчукпай калышат. Аллах жиндер менен периштелердин жаратылышын аяттарында билдирет::

 

Ант болсун, адамды кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир балчыктан жараттык. Жана жинди болсо андан мурда «кирип кетүүчү күйгүзүүчү» оттон жараткан элек. (Хижр Сүрөсү, 26-27)

 

Мактоолор асмандарды жана жерди жараткан, экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу периштелерди элчилер кылган Аллахка тиешелүү; Ал жаратууда каалаганын көбөйтөт. Шек жок, Аллах – бүт нерсеге Кудуреттүү. (Фатыр Сүрөсү, 1)

 

Адам менен жандыктардын эволюция менен пайда болгонун айткандар нурдан жаратылган периштелердин, оттон жаратылган жиндердин пайда болушун, албетте, эволюция менен түшүндүрө алышпайт. Аллахтын кудуретин түшүнө албаган, Аллахтын бүт себептерге муктаж эмес экенин байкай албаган жана Раббибиздин бүт нерсени «Бол» деген буйругу менен гана жаратканын кабыл ала албаган адамдар үчүн периштелер менен жиндердин болушу алардын бүт жасалма көз-караштарын жок кылат. Себеби жиндер менен периштелердин бар болушу төмөнкү чындыкты көрсөтөт: периштелер менен жиндер эволюция менен жаратылбаган сыяктуу, адам дагы эволюция менен жаратылган эмес.

Дарвинизмди сокурдук менен жактагандар Куранда айтылган Аз. Муса (а.с.)дын асасынын жыланга айланышын жана Аз. Иса (а.с.) ылайдан жасаган куштун жанданышын эч түшүндүрө алышпайт. Улуу Аллах Аз. Муса (а.с.)дын асасынын жыланга айланганын аяттарында мындайча кабар берет:

 

Айтты: «Ал менин асам; ага таянам, аны менен малдарым үчүн дарактардан жалбырак күбүйм, анда мен үчүн башка дагы пайдалар бар.» Айтты: «Аны ташта, эй Муса.» Ошентип аны таштады; (караса эле) ал ошол замат ылдам чуркаган (чоң) бир жылан (болуп калды). (Таха Сүрөсү, 18-20)

 

Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты эле, ал бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. (Аьраф Сүрөсү, 117)

 

Аз. Муса (а.с.) таянып, дарактан жалбырак күбүгөн асасы Аллахтын буйругу менен бир заматта жандуу, көбөйүүчү, тамактануучу, кемчиликсиз, толук кандуу бир жыланга айланган. Бир жыгач Аллахтын каалоосу менен бир заматта кемчиликсиз бир жыланга айланган. Бул далил Куранда эволюция теориясына далил бар деген сөздөрдү бүтүндөй жокко чыгарат. Раббибиз, буйругу менен, Аз. Иса ылайдан жасаган кушту жандуу бир кушка айлантканын аятында мындайча кабар берет:

 

Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, хикматты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасап (кайра эле) уруксатым менен ага үйлөгөнүңдө бир канаттууга айланган эле. Тубаса көрдү, ала оорусун уруксатым менен айыктыргансың, (дагы) Менин уруксатым менен өлүктөрдү (жашоого) чыгарчусуң. Исраил урпактарына апачык далилдер менен келгениңде алардан каапырлыкка адашкандар «күмөнсүз, бул апачык бир сыйкыр» дешкен (эле), Исраил урпактарын сенден алыстатканмын.» (Маида Сүрөсү, 110)

 

Аз. Иса (а.с.) ылайдан жасаган куш Аллахтын буйругу жана каалоосу менен бир заматта жандуу, кемчиликсиз, толук канат түзүлүшү менен уча алчу, көбөйө алчу, азыктана алчу кушка айланууда. Мына ушул жоктон жаратылуу дарвинисттер эч качан түшүндүрө албай турган чоң бир керемет. Жана жер бетиндеги бардык жандыктардын жоктон жаратылганына бир далил.
Булардын баары көрсөткөн анык бир жыйынтык бар. Эволюция менен Аллах ишеними карама-каршы келбейт деген дарвинисттер чынында динчил адамдарды чоң бир алдамчылыкка түртүүгө аракет кылышып, алардын ишенимин колдонуу үчүн алектенишүүдө. Учурда Аллахка болгон ишенимдин алдындагы эң чоң коркунучтардын жана эң чоң каршы чыккандардын бири – бул дарвинизм. Дарвинизм түздөн-түз Аллахка болгон ишенимге каршы күрөшкөн дажжалдын эң натыйжалуу жана эң кеңири масштабдуу оюну. Аллахка ишенген чын ыкластуу динчилдер бул коркунучту көрүп, ага каршы күчтүү бир илимий күрөш жүргүзүшү зарыл. Бул чоң коркунучту зыянсыз деп ойлоп, анын колдоочусу болуу коркунучту андан да чоңойтуп, Аллахка болгон ишенимге каршы күрөшүп жаткан кооптуу бир агымга колдоо болот. Бир нерсени унутпаш керек: дарвинизм жасалма жана бузуку бир путпараст дин жана анын жалгыз максаты адамдарды атеизмге түртүү.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder