ДАРВИНИСТТЕР КӨЗ
БОЙОМОЧУЛУКТАР МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ АЛДАШТЫ
Илимий бир теорияны, мисалы Биг Бенг (Big Bang – Чоң жарылуу) теориясын карайлы. Бул теория Эйнштейндин
салыштырмалуулук теориясына таянуу менен алгач бир күмөн же гипотеза катары
айтылган. Андан соң бул чоң жарылуунун ишке ашканын көрсөтүшү керек болгон
далилдер изделип башталды. Андай далилдер чындап эле бар эле. Ал жарылууну
тастыктаган радиация аныкталып, ааламдын
изотопиялык өзгөчөлүгү (бүт космостун –270oC экени)
табылган. Ааламдын барган сайын кеңейип баратканы да илимий далилденген. Бул ал
теорияны далилдеген дагы бир маанилүү жана анык далил эле. Ошентип Биг Бенг
теориясы көз-караштардын баары тест кылынып (текшерилип), тастыкталган жана
натыйжада далилденген бир теорияга айланды.
Дарвиндин эволюция теориясы дагы «гипотеза» катары чыгарылган. (Негизи
эволюция теориясынын чыгарылыш себеби толугу менен идеологиялык эле, бирок
илимий бир теориядай адамдарга таанытылган.) Бул теория жарактуу болушу үчүн
да, Биг Бенг сыяктуу теориянын көз-караштары далилдениши керек эле. Ал үчүн эң
биринчиден ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин эволюция кылып кылбашы
каралышы керек эле. 20-кылым илиминин өнүгүшү Дарвиндин ойдон чыгарылган
эволюция механизми «табигый тандалуунун» эволюциялоочу эч бир ролу жок экенин
далилдеген. Генетика илими болсо ойдон чыгарылган бир эволюция механизми болгон
табигый тандалуудан үмүтүн үзгөн жана мунун ордуна мутацияларды бир эволюция
механизми катары көрсөтүүгө аракеттенген жаңы дарвинисттерди кыйратты.
Мутациялардын да эволюциялоочу бир таасиринин жок экени аныкталган соң кезек
Дарвиндин жана дарвинисттердин эң чоң күтүүсү болгон фоссил калдыктарына келген
эле. Фоссил калдыктары алып келген жыйынтык болсо дарвинисттер үчүн чындап зор
бир шок эле! Жылдар бою изделип келген ортоңку форма фоссилдери дүйнө жүзүнүн
эч жеринде жок эле. Изилдөөлөрдүн тереңдеши да бул жыйынтыкты өзгөрткөн жок.
Бүгүнкү күнгө чейин жасалган бүт изилдөөлөр натыйжасында бир даана дагы фоссил
мисалы табыла алган жок.
Өздөрүнүн жалган дининен баш тарткысы келбеген дарвинисттердин дарвинизмге
далил табуу күтүүсү көп жылдарга созулду. Бирок күтүлгөн кыялдагы далилдер эч
качан табылган жок. Бирок ошого карабастан, дарвинисттик калптар токтогон жок,
дарвинизмди жактаган демагогия өжөрлүк менен улантылды. Эң кызыгы, арадан 150
жыл өткөнүнө, бир дагы далил табылбаганына жана ал тургай, фоссил калдыктары
менен генетика илими ортого койгон жыйынтыктар жаратылууну (Жаратуучу жаратканын)
далилдегенине карабастан, дарвинисттер бул жалган динди сактап кала алабыз деп
ойлошкон. Албетте, бул алардын чоң жаңылыштыгы эле. Негизи теориянын
жактоочулары дагы жандыктардын тарыхында бир эволюция болбогонун билишет. Муну
сансыз илимий далилдер натыйжасында апачык көрүшкөн.
Ушулардын баарына карабастан, эволюция теориясы бир идеология жана
жактоочулары тарабынан сөзсүз сактап калынышы керек болгон жалган бир дин
болгондуктан, дарвинисттер жалган илимди жамынган ролун улантышы керек экенине
ишенишүүдө. Дарвинисттердин бул жалган динди сактап калуу үчүн 150 жылдан бери
көз бойомочулуктарга, спекуляцияларга жана сансыз пропаганда ыкмасына барууларынын
себеби мына ушул. Дарвинисттер өздөрүнүн жалган дининин талабы катары адамдарга
эволюция теориясы «туура» деген пикирди берүү үчүн башка жол таба алышпайт.
Себеби теориянын туура экенин көрсөткөн бир дагы илимий далил жок. Ушул
себептен дарвинизм дини боюнча адамдарга «илимий далил бар» деген ойду берүүгө
аракеттенишет.
Миссури университетинен доктор Николас Комнинеллис (Nicholas Comninellis) Creative Defense аттуу китебинде бул чоң калптын
келечекте кабыла турган абалы жөнүндө мындай деген:
Философиялык жактан эволюция догмасы бир түш. Кыпындай далили жок бир
теория. Элүү жыл ичинде мектептердеги балдар абдан популярдуу болгон калптарды
окушат жана ал (эволюция теориясы) жөнүндө эң акылга сыйбас пикирлердин бири
катары сөз кылынат. Көпчүлүгү он тогузунчу кылым илими менен байланыштуу
акылсыздыктарды бир-бирине айтып шылдың кылып, күлүшөт.32
Комнинеллистин айткандары туура. Эволюция теориясын калпка таянган бир
көз-караш түзөт жана бул теориянын тарыхы сансыз көз бойомочулук мисалдарына
толо. Эволюция чыгарган көз-караштардын баары, далилдердин баары көз
бойомочулук натыйжасы, бир жасалма. Бул көз бойомочулуктардын чыныгы жүзү
ачыкка чыкты. Бирок алар дарвинизм дининин тараптарлары тарабынан жаап
жашырылууга, адамдарга унуттурулууга аракет кылынды. Бирок канчалык жан
талашпасын, дарвинист пропаганданын абдан чирик негиздерге таянганын бүт дүйнө
түшүнүп баштады. Комнинеллис да айткандай, келечек урпактар бул чоң калптын
дүйнөлүк масштабдагы таасирин, бул чоң калптын дүйнөгө таанымал профессорлор
менен илимпоздор тарабынан жакталганын таң калуу менен тосуп алышат жана бул
чоң акылсыздыкты көп жылдар бою шылдыңдашат.
Дажжал ушундай жалган ыкмалар менен адамдарды Аллах дининен алыстатууга
аракеттенген. Бирок учурда эми пландары жер менен жексен болду. Ал колдонгон
ыкма – б.а. дарвинизм – учурда адамдардын, ал тургай жаш балдардын шылдыңына
айлана баштады. Дүйнө жүзү жакынкы бир келечекте дарвинизм тантыгын уялуу менен
эстейт. Албетте, бул Аллахка баш көтөргөндөргө Улуу Раббибиздин бир тузагы, бир
жазасы. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Ошентип кылган жамандыктары
алардын башына келди жана шылдың кылган нерсеси аларды ороп-курчады. (Нахл
Сүрөсү, 34)
1. «Ылай суу ичинде алгачкы клетка пайда болду» деген сөз
бир көз бойомочулук
Дарвиндин эволюция теориясы боюнча, жансыз заттардын кокустан биригиши
менен пайда болгон ойдон чыгарылган бир «алгачкы клетка» бар. Дарвинизм боюнча,
бүт баары ушул «алгачкы клетка» менен башталат. Бүт жашоонун, көпөлөктөрдүн,
куштардын, арстандардын, бүркүттөрдүн, киттердин, койондордун, кийиктердин жана
технологиялар өндүргөн, маданияттар курган, профессорлорду окуткан, космоско
чыккан, лабораторияларда өз клеткаларын изилдеген адамдын да булагы дарвинизм
боюнча ушул ойдон чыгарылган «алгачкы клетка».
Дарвинизм боюнча бул ойдон чыгарылган алгачкы клетканын булагы болсо
белгилүү көлөмдө ылай суу, убакыт жана кокустуктар! Дарвинизм дини боюнча бул
үч сыйкырдуу (!) жана акылдуу (!) күч биригип, Нобель сыйлыгын алган илимпоздор
21-кылым технологиясы менен жабдылган лабораторияларда да өндүрө албаган,
детальдарын түшүнүү үчүн адамдар жарым кылым ашуундан бери изилдөөлөр жасаган, өтө
комплекстүү жана кемчиликсиз механизмдери, органеллдери жана төмөндөтүүгө
(кемитүүгө) мүмкүн эмес комплекстүүлүккө ээ «клетканы» кандай болсо да пайда
кылышкан! Ал тургай, бул үч кереметтүү (!) күч биригип азыр биз жер бетинде
көргөн кемчиликсиз жашоону да пайда кылышкан. Дарвинизм дини адамдарды мына
ушул тантык пикирге ишендирүүгө аракет кылат.
Чынында болсо бул чоң бир көз бойомочулук, чоң бир калп.
Негизи Дарвин чыгарган ылай сууда пайда болгон бул алгачкы клетка
фантазиясы Дарвин доорунун абдан артта калган илим менен технологиясына туура
келет. Дарвиндин клетканы ичи суу толо бир шар элестеткени эске алынса, бул
балдар жомогу да ошол доордун маалымат жана илим түшүнүгүнөн күтүлгөн бир
нерсе. Ал доордо адамдар клетканын эмнеге окшошоорун билбегендиктен, бул калпка
оңой ишенишкен. Бирок генетика илими натыйжасында чыккан жыйынтыктар
дарвинизмдин чоң бир калп экенин дагы бир жолу далилдеди. Учурдагы маалыматтар
негизинде клетка ээ болгон сансыз протеиндин бир даанасы дагы эволюция
теориясын кыйратууда. Протеиндер жогорку комплекстүүлүктөгү түзүлүштөр жана
кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Лабораторияларда пландуу, көзөмөлдөнгөн
шарттарда жасоо дагы 21-кылым технологиясы менен мүмкүн болгон жок. Мындай бир
түзүлүштүн кокустан ылай сууда пайда болгон деп айтуу илим жагынан күлкүмүштүү,
ал тургай, акылга тескери бир сөз. Америкалык илим философу Стивен К. Мейер (Stephen C. Meyer) бир даана
протеиндин да кокустан пайда болушунун ыктымалсыздыгын мындайча айткан:
100 аминокислота узундугундагы кыска бир протеин молекуласын эле жасоо үчүн
өтүү керек болгон ыктымалдык тоскоолдуктарын ойлоп көрүңүз. Протеин чынжырында
башка аминокислоталар менен биригиши үчүн
аминокислоталар эң биринчиден пептиддик байланыш деп аталган химиялык байланыштарды курушу керек. Бирок табиятта аминокислоталар арасында башка көптөгөн
түрдө химиялык байланыш бар. Бүт
байланыштар пептиддик байланыштардан турган 100 аминокислоталык бир чынжыр пайда кылуу
ыктымалдыгы болжол менен 1030дан бир ыктымалдык.
Экинчиден, табиятта ар бир аминокислотанын өзүнө тиешелүү күзгүдөн
чагылышын элестеткен бир жубу бар. Бири сол-колдуу L-формасында, экинчиси болсо оң-колдуу D-формасында. Бул бир-биринин чагылышы болгон формалар
«оптикалык изомерлер» деп аталат. Ишке жарай турган протеиндер сол-колдуу
аминокислоталарды гана кабыл алат, бирок оң-колдуу жана соң-колдуу изомерлер
табиятта дээрлик бирдей санда кездешет. Бул биологиялык жактан ишке жарай
турган бир протеин алуунун ыктымалсыздыгын андан да көбөйтөт. 100 аминокислотадан турган кыялдагы бир
пептид чынжырында кокустуктар натыйжасында сол-колдуу аминокислоталарды гана
колдонуу ыктымалдыгы (1/2)100 же кайра эле болжол менен 1030дан
бир ыктымал.
Үчүнчү жана эң негизгиси болсо ишке жарай турган протеиндер белгилүү бир
тизмекте тизилип, бир-бирине туташкан аминокислоталарга ээ болушу керек,
мааниси бар бир сүйлөмдөгү тамгалар сыяктуу. Биологиялык жактан 20 аминокислота
болгондуктан, белгилүү бир аминокислотаны алуу ыктымалдыгы 1/20. Бул тизмекте
кээ бир аймактар бир канча аминокислотага уруксат берээрин эске алсак [MIT'ден (Massachusetts Institude of Technology) биохимик Роберт Сауер тарабынан аныкталган вариацияларды
колдонуу менен], бирден көп ишке жарактуу протеинде функционалдык бир аминокислота
тизмегин туш келди ала алуу ыктымалдыгынын 1065тен бир ыктымал, «жок
дегенчелик аз» экенин көрө алабыз. Бул жүз аминокислота узундугундагы гана
бир протеин үчүн астрономиялык чоңдуктагы бир сан. (Негизи бул ыктымалдык андан
да аз, себеби табиятта бул эсептөөлөрдө орун албаган
жана протеиндерде орун албаган башка көптөгөн аминокислота бар.)
Эгер ылайыктуу байланыштардын
жана оптикалык изомерлердин камсыз кылынышы ыктымалдыгы да бул эсептөөгө
кошулса, абдан кичинекей жана ишке жарактуу бир
протеинди туш келди алуу ыктымалдыгы ушунчалык аз болот; миллиарддаган жыл
жаштагы бир ааламда да бул чындап нөл саналат (10125тен бир
ыктымал). Болгондо да, ишке жарактуу бир
ДНКнын кокустан пайда болушунда ушул сымал олуттуу кыйынчылыктар бар экенин да
эске алуу керек. Мындан тышкары, эң астыңкы деңгээлде комплекстүү бир клеткада
1 эмес, жок дегенде 100 комплекстүү протеин (жана ДНК менен РНК сыяктуу башка
био-молекулярдык компоненттер) болушу керек жана булар тыгыз координация ичинде
болушат. Ушул себептен клеткадагы татаалдыкты сандык жактан баалоо
1960-жылдардын ортолорунан бери биологиянын жашоонун келип чыгышы тармагындагы
бир көз-карашты күчөттү: кокустук биологиялык
татаалдыктын жана спецификалуулуктун келип
чыгышын түшүндүрүү үчүн жетиштүү бир түшүндүрмө эмес.33
Андан да эң негизги
бир жагдай бар: протеиндер пайда боло алуу үчүн сөзсүз башка протеиндерге
муктаж. Бир протеин пайда болушу үчүн 100дөй протеин кызмат кылышы керек. Бүт
бул протеиндер бир учурда, бир жерде жана бүт органеллдери менен бирге толук
бир клетканын ичинде болушу керек. Ошондуктан протеиндер болушу үчүн
протеиндер, ДНК жана клетканын өзү керек. Бул чындык эң башынан дарвинисттердин
сөздөрүн жокко чыгарат. Дарвинисттер бир даана протеиндин пайда болушун
түшүндүрө алышпоодо.
Бүт бул өзүнөн-өзү
пайда болушу мүмкүн эмес комплекстүү түзүлүштөр кокустан болду деп кабыл алсак
дагы, дарвинисттер ДНК сыяктуу кереметтүү бир молекуланын ичинде бир миллион
энциклопедия бетин толтура турган маалыматтын кантип кокустан пайда боло
алаарын түшүндүрүшү керек. Бирок клетка жана жашоонун келип чыгышы менен
байланыштуу башка темалардагы сыяктуу бул темада да дарвинисттердин жообу жок.
Бузуку дарвинисттик логика боюнча, ылай суунун ичинде кокустан пайда болгон бир
клетканын ичиндеги кереметтүү маалымат дагы ар кандай тышкы факторлор
натыйжасында кокустан пайда болгон болушу керек. Албетте бул мүмкүн эмес.
ДНКнын ичиндеги маалымат ДНК менен бирге жаратылган кереметтүү бир маалымат.
Дарвинисттердин «ылай
сууда кокустан клетка пайда болду» деген пикири – клетканы ичи сууга толгон бир
шар элестеткен Дарвин доорунан калган чирик бир ишеним. Бирок 19-кылымга
тиешелүү бул жомоктор илим менен технология абдан өнүккөн бүгүнкү күндө эми
бүтүндөй жараксыз. Бир жандыктын денесинде түшүндүрүү керек болгон сансыз
комплекстүү түзүлүш турганда, дарвинизм бир даана протеиндин пайда болушун да
түшүндүрө албоодо. Бирок дарвинисттер муну билбегендей мамиле кылышат. Дагы эле
эволюционист журнал, китептерде ылай суудагы бул ыктымалсыз пайда болуу бир
жомок китебиндеги окуялардай баяндалат. Максат – бул илимден алыс, логикасыз,
ошол эле учурда далилсиз сөздөр менен массаларды алдай алуу. Бул жалган диндин
тараптарлары боюнча, бул жомокко канча көп адам ишенсе, ошончо адам дарвинизм
сыйкырынын таасирине кирет.
Бирок эми
дарвинисттердин жалган жомокторуна адамдар ишенбей калышты. Жаратылгандардын
баары ааламды жана ичиндегилерди кемчиликсиз жараткан Улуу Раббибиздин улуу
күч-кудуретин көрсөтүүдө. Улуу Аллах Куранда клетканын жана адамдын чебер
жаратылышын мындайча кабар берген:
Ант болсун, Биз адамды сүзмө (тандалган) бир ылайдан
жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы катары бекем корголгон бир жерге
жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал
алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып
жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык.
Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)
Курандан тышкары жооп издегендер жер бетиндеги кереметке канчалык жөнөкөй
бир жооп табууга аракет кылышпасын, Аллах жараткан бул эмгектин өтө жогору жана
укмуштуу экени чындык. Бул улуу жаратылуу алдында эволюция жашай албайт. Улуу
Аллах бир аятында жараткан нерселеринин улуулугун мындайча кабар берет:
Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын
жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. (Момун
Сүрөсү, 57)
2. «Табигый тандалуу эволюциялаштырат» деген сөз бир көз
бойомочулук
Дарвин 1800-жылдары «эволюция механизми» катары бир түшүнүктү айткан:
табигый тандалуу.
Табигый тандалуу күчтүү жана жашап жаткан табигый шарттарына ыңгайлуу
жандыктар жашайт деген пикирге таянат. Мисалы арстандардан качкан зебра
үйүрүндө ылдамыраак чуркай алган зебралар тирүү калат.
Табигый тандалуу чындап эле табияттагы жандыктар арасында байкоого мүмкүн
болгон бир механизм. Бирок эч качан эволюционисттер кыялдангандай, жандыктарга
жаңы өзгөчөлүктөрдү кошуу жана жаңы бир түрдү пайда кылуу жөндөмүнө ээ эмес.
Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө болот: бир географиялык
аймакта бирөөсү жүндүүрөөк, экинчиси болсо салыштырмалуу кыскараак жүндүү эки
бирдей ит түрү жашайт дейли. Эгер бул аймакта аба температурасы экологиялык бир
өзгөрүү себебинен маанилүү деңгээлде төмөндөсө, узун жүндүү иттер кыска жүндүү
иттерге караганда суукка чыдамкайыраак болот. Натыйжада узун жүндүү иттер
артыкчылыкка ээ болот, б.а. көбүрөөк жашап, көбүрөөк көбөйөт жана оңойураак
азыктанат. Белгилүү мөөнөттөн соң кыска жүндүү иттердин саны бир топ азайышы
мүмкүн же алар ысык аймактарга көчүшү мүмкүн же бүтүндөй тукум курут болушу
мүмкүн. Б.а. узун жүндүү иттер табигый тандалуу менен тандалып, башка түргө
салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болгон болот.
Бирок көңүл бурулган болсо бул процесс жаңы бир ит түрүн пайда кылбайт.
Табигый тандалуу аркылуу буга чейин бар болгон эки түрдүн бири артыкчылыкка
гана ээ болгон болот. Эч узун жүндүү иттер жок абалдан табигый тандалуу
натыйжасында узун жүндүү иттер пайда болгон болбойт. Бул иттердин убакыттын
өтүшү менен башка жандык түрүнө айланышы болсо ансыз деле эч мүмкүн эмес.
Кыскасы табигый тандалуу жаңы түрлөрдү, жаңы өзгөчөлүктөрдү пайда кылбайт,
болгону буга чейин бар болгон түрлөрдүн жашоо мүмкүнчүлүктөрү өсөт. Жаңы бир
түр жана жаңы бир өзгөчөлүк пайда болбогондуктан, эволюционисттер айткан
«эволюциялашуунун» болгонунан сөз кылуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, табигый
тандалуу эч кандай «эволюция» жасабайт. Дарвин өзү да бул чындыкты мойнуна
алган:
Табигый тандалуу пайдалуу түзүлүштөрдүн башталгыч баскычтарынын пайда
болушу үчүн жетишсиз.34
Белгилүү эволюционист палеонтолог, англис Колин Паттерсондун мойнуна алуусу
болсо мындай:
Эч ким табигый тандалуу механизмдери менен жаңы бир түр чыгара алган эмес.
Эч ким мындай нерсеге жакындай да алган эмес. Учурда нео-дарвинизмдин эң көп
талкууланган темасы да ушул.35
Табигый тандалуу –
жаңылык алып келип аны менен түрлөрдү өзгөртүүчү, мисалы бир сойлоочунун
акырындап канаттууга айланышын камсыз кылуучу кереметтерди жасоочу бир механизм
эмес. Таанымал биолог Д'Арси Вентворт Томпсон (D'Arcy Wentworth Thompson) айткандай; «табигый тандалууда
бизге көрүнгөн нерсе – жаратуу эмес, жок кылуу, кыскартуу жана отко түртүү.»36
Ошондуктан дарвинисттер табигый тандалууну адамдарга бир эволюция механизми
катары көрсөтүүгө аракет кылуу менен калп айтышууда. Табигый тандалуунун
эволюция кылбаганын өздөрү да билип туруп, апачык бул көз бойомочулукту
адамдарга сиңирүүгө аракет кылышууда. Дарвинден калган мураска ээ чыгуу
каалоосу жана ойдон чыгарылган сценарийлерине жаңы бир механизм чыгара албашы
аларды бул чирик көз-карашка, бул чоң калпка көз-каранды кылган. Бүгүнкү күндө
дагы эле бул чоң калпты коргоого аракет кылган дарвинист илимпоздор бар. Бул
калпты сактоо мүмкүн эмес экенин көргөндөр болсо башка бир калп менен чыгышкан.
Бул калп «мутациялар эволюциялаштырат» пикири.
3. «Мутациялар эволюциялаштырат» деген көз бойомочулук
Мутациялар – бул жандык клеткасынын ядросунда жайгашкан жана бир адамга
тиешелүү бүт генетикалык маалыматтарды алып жүргөн ДНК молекуласында радиация
жана химиялык таасирлер натыйжасында пайда болгон орун алмашуулар, үзүлүүлөр
жана бузулуулар. ДНКдагы маалыматтар A, T, C жана G тамгалары менен белгиленген 4 нуклеотиддин катары менен
өзгөчө жана маани бере турган бир катарда тизилишинен пайда болот. Бирок бул
катарда бир тамга катасы да ал түзүлүштү бүтүндөй бузат. Мисалы жаш балдарда
кездешчү кан рагы оорусу ДНКдагы тамгалардын бирөөсүнүн туура эмес болушу
себебинен келип чыгат. Чернобльдагы радиация жана Хиросимага ташталган атом
бомбасы натыйжасында кийинки урпактардын майып болуп калышынын же рак сыяктуу
оорулардын чыгышынын себеби да мутациялардын денеге болгон ушул сыяктуу зыяндуу
таасирлери болгон.
Дээрлик бүт мутациялар зыяндуу жана көбүнчө жандыктын өлүмүнө алып келет.
Зыян бербеген мутация мисалдары болсо көбүнчө организмге эч кандай пайда берген
эмес, эң жакшы мисалда таасирсиз болушкан. Илимпоздор изилденген бүт мутациялар
арасында бир даанасынын да апачык бир жандыктын жашоо процессине оң таасир бере
албаганын аныкташты.37
Бирок эволюция теориясы «жаңы» жандыктарды чыгарган, кереметтерди жасаган
бул кыялдагы мутацияларга таянат. Дарвинисттер түрлөр кыялдагы жана пайдалуу
сансыз мутация пайда кылган кемчиликсиз түзүлүш менен органдар аркылуу
бир-биринен келип чыккан дешет. Дарвинисттерди жүзү кара кылган бул пикир
мутациялардын бир организмге сөзсүз зыян берээрин билген дарвинист илимпоздор
тарабынан айтылууда. Ал тургай, дарвинисттер мутациялардын мындай зыяндуу
таасирлерин абдан жакшы билип туруп, бул пикирине лабораторияда мутацияга туш
кылынган төрт канаттуу бир мутант мөмө чымынын мисал келтиришет. Кылдаттык
менен жасалган мутациялар натыйжасында мөмө чымынында алынган кошумча эки канат
дарвинисттер тарабынан мутациялар эволюциялаштыра алат деген пикирдин эң чоң
далили катары сунулган. Бирок чынында бул эки канат жандыкка пайда эмес зыян
берип, жандыктын учуу жөндөмүн жоготушуна алып келген. Калифорния университетинен
молекулярдык биолог Джонатан Уэллс (Jonathan Wells) муну мындайча айткан:
1970-жылдары Калифорния технология институтунан генетик Эдвард Б. Льюис үч
мутант түрүн кылдаттык менен жупташтырып, стабилизаторлор кадыресе көрүнүштөгү
экинчи бир жуп канатка айланган бир мөмө чымынын чыгара алды.
Бир караганда Кэрроллдун эксперименти жөнгө салуучу ДНКдагы кичинекей алдын
көздөй өзгөрүүлөр көрүнүштө чоң эволюциялык өзгөрүштөрдү чыгара алат деген
пикирге далил берип жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок мөмө чымыны дагы эле мөмө
чымыны бойдон. Ал тургай, экинчи жуп канат кадимкидей көрүнгөнү менен учуу
булчуңдары жок. Төрт канаттуу бир мөмө чымыны куйругунда пайдасыз асылып турган
бир жуп канаты бар бир учак сымал. Жандык учканда жана жупташканда абдан
кыйналат, ошондуктан лабораторияда гана жашай алат. Эволюцияга далил катары
сунулган төрт канаттуу мөмө чымыны цирк шоулорундагы эки баштуу уйдан
айырмасыз.38
Джонатан Уэллс сөзүн мындайча улантат:
Ашыкча канаттуу же кем буттуу майып мөмө чымындары өрчүү генетикасы жөнүндө
бизге бир нерселерди үйрөттү, бирок эволюция жөнүндө эч нерсе үйрөткөн жок. Бүт
далилдер бир гана жыйынтыкты көрсөтүүдө: бир мөмө чымыны эмбрионуна эмне кылсак
дагы, үч гана ыктымалдуу натыйжа бар – кадимки бир мөмө чымыны, майып бир мөмө
чымыны же өлүк бир мөмө чымыны. Ат мындай турсун, ат чымыны дагы эмес.39
Көрүнүп тургандай,
дарвинисттер өздөрүнүн бузуку көз-карашына жалгыз далил катары көрсөтүүгө
аракеттенген төрт канаттуу мөмө чымыны дагы майып бир мөмө чымыны гана.
Мутациялар бир жандыкка канчалык натыйжалуу таасир бербесин, ал жандык түрүнө
башка бир жандыкка тиешелүү өзгөчөлүк кошуу сыяктуу кереметтүү бир жөндөмгө ээ
эмес. Бирок дарвинисттер жандыкта мутациялар натыйжасында кереметтер пайда
болот деген калпка ишенгилери келет.
Эң кызыгы бул мөмө
чымынынын майып экенин дарвинист илимпоздор билип турушса да, бул мутант дагы
эле окуу китептеринде мутация аркылуу эволюциянын эң чоң далили катары
көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Молекулярдык биолог Джонатан Уэллс бул жөнүндө мындай
деп жазган:
Питер Равен менен
Джордж Джонсондун 1999-жылы чыккан окуу китеби Biology (Биология)
боюнча, «эволюция генетикалык кабардагы өзгөрүүлөр менен башталган... Мутация
жана кайрадан биригүү (колдогу гендердин кайрадан түзүлүшү) аркылуу ишке ашкан
генетикалык өзгөрүү эволюцияга чийки зат чыгарат.» Китептин ушул эле бетинде
төрт канаттуу мөмө чымынынын сүрөтү орун алган жана ал «өнүгүүнүн критикалык
этабын түзгөн бир ген Ultrabithorax'тагы
өзгөрүүлөрдөн улам бир мутант» деп сыпатталууда, ошондой эле эки көкүрөк
бөлүгүнө жана натыйжада эки жуп канатка ээ экенин да кошушкан.
Жогорудагы окуу китеби окурманда, чаташтык менен бирге, кошумча канаттар
бир түзүлүш (орган) кошту дегендей маанай жаратат. Бирок чынында төрт канаттуу
мөмө чымыны учуу үчүн керектүү түзүлүштөргө ээ эмес. Тең салмакка салуучулары
жоголгон жана алардын ордун жаңы бир нерсе эмес, башка жакта ансыз да бар
түзүлүштөрдүн копиялары ээлеген. Төрт канаттуу мөмө чымыны сүрөттөрү мутациялар
жаңы бир нерсе кошту дегендей сезим берсе дагы, мунун тескериси чындыкка
жакыныраак.40
Дарвинизм айткандай жашоонун башталышын көрсөткөн жана кокустан пайда
болушу мүмкүн эмес болгон ошол «кыялдагы алгачкы клетка» өзүнөн-өзү пайда болду
деп кабыл алсак дагы, комплекстүү түзүлүшү менен бир адам пайда болгонго чейин
ишке ашышы керек болгон кыялдагы эволюция процессинин эң кичинекей баскычында
да укмуштуу санда генетикалык маалымат чыгарылып, сансыз мутация ишке ашышы
керек. Бул мутациялардын саны көп болуу менен бирге, ошол эле учурда алардын
«баары» жандыкка бир пайда же бир «жаңылык» алып келе турган өзгөчөлүктө болушу
шарт. Себеби өнүгүп жаткан бул кыялдагы жаңы организмде келип чыккан бир ката
дагы системанын бүтүндөй бузулуп кыйрашына себеп болот. Мутациялардын 99% деңгээлинде зыяндуу жана 1% таасирсиз экени эске
алынганда, эволюция теориясы боюнча болушу керек болгон бул миллиарддаган
мутациянын баарынын бүтүндөй пайдалуу экенин айтуу, албетте, акыл менен илимге
туура келбейт.
Ошондуктан бир
жандыкта мурда жок болгон жапжаңы бир мүчөнүн же бир өзгөчөлүктүн мутациялар
натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Мутациялардын бир жандыкка ага
тиешелүү эмес жаңы бир маалыматты кошуу жана аны башка бир жандыкка айлантуу
күчү жок. Мутация пикири дарвинизм калпынын, дарвинизм логикасыздыгынын эң чоң
көрсөткүчү. Себеби эволюция пикири түпкүрүндө, чындыгында болбогон, ушул
кыялдагы «пайдалуу мутацияларга» таянат.
Гипотеза
кылынган пайдалуу мутациялар үчүн талап
кылынган
чексиз убакыт
Чындап пайдалуу мутациялар ишке ашышы мүмкүн деп кабыл алсак дагы, мутация
пикири эволюция теориясына туура келбейт. MIT (Massachusetts Institue of Technology - Массачусетс технология институту) Электр инженериясы факультети
профессору Мюррей Иден (Murray Eden) «Нео-дарвинисттик эволюциянын илимий теория катары
жетишсиздиги» аттуу макаласында адаптация максатындагы бир өзгөрүүнү пайда
кылуу үчүн алты мутация керек болсо, мунун кокустан бир миллиард жылда бир жолу
гана болоорун, эгер эки дюжина ген кошула турган болсо, анда дүйнөнүн өмүрүнөн
көбүрөөк бир убакыт, т.а. 10,000,000,000 жыл талап кылынаарын айткан.41
Математиктер бирден көп мутациянын бир учурда ишке ашышы талап кылынган
комплекстүү түзүлүш менен органдарда «мутациялар пайдалуу жана натыйжалуу» деп
кабыл алынган күндө да, дарвинисттерде бир убакыт көйгөйү бар экенин апачык
айтышат. Эң күчтүү дарвинисттерден палеонтология профессору Джордж Г. Симпсон
жагы беш мутациянын бир учурда ишке ашышынын чексиз убакытка созулаарын апачык
айткан.42 Чексиз убакыт мындай ыктымалдык жок деген мааниге келет.
Жана бул ошол эле учурда жандуу организмдердин бүт түзүлүш жана органдарына
тиешелүү бир ыктымалдык. Демек учурда биз көргөн кереметтүү түрдөгү
жандыктардын мутациялар менен пайда болуу ыктымалдыгынын жок экени анык.
Эволюционист Джордж Г. Симпсон мутация жөнүндөгү бул пикири менен
байланыштуу дагы бир эсептөө жасаган жана күн сайын жаңы бир урпак (генерация)
пайда кыла алат деп кабыл алынган 100 миллион индивидден турган бир коом ичинде
мутациялардан алуу мүмкүн болгон оң бир натыйжанын 274 миллиард жылда бир
болоорун моюнга алган. Бул сан 4,5 миллиард жыл деп болжолдонгон дүйнөнүн
жашынан жүздөгөн эсе жогору.43 Албетте булардын баары мутациялардын
оң таасири бар же жаңы урпактарды пайда кыла алат деп кабыл алганыбызда келип
чыккан эсептөөлөр. Бирок чыныгы дүйнөдө бул гипотеза жараксыз.
«Эволюциялашкан» жандык денеси эмне үчүн
мутациялардан коргонот?
Бүт эволюционист илимпоздор бир жандыктын ДНКсында себепсиз эле бир
копиялоо катасынын болуу ыктымалдыгынын абдан төмөн экенин билишет. Изилдөөлөр
клеткаларда генетикалык каталардын кетишине тоскоол боло турган коргоо
элементтери бар экенин аныктады. ДНК маалыматы бир-бирин каталарга карата
текшерип туруучу ар түрдүү сансыз энзим болмоюнча копиялана албайт. Булар туура
аминокислотанын туура tRNA'га туташканын көзөмөлдөөчү жуп электүү энзимдерди камтыйт. Бир элек ашыкча
чоң аминокислоталарды артка кайтарса, экинчиси ашыкча кичинекейлерди артка
кайтарат. Бул абдан кылдан жана акылдуу бир система. Бул акылдуу системада ката
кетиши ыктымалдыгына карата акыркы текшерүүнү жасоочу энзимдер да бар.
Илимпоздор өз акылдарынын чегинде ДНКнын бүтүндүгүн коргоого багытталган мындан
жакшыраак бир клеткалык көзөмөл жана коргоо системасын элестете албайбыз деген
жыйынтыкка барышкан.44
30 жыл бою Сорбонна эволюция кафедра башчылыгын аркалаган
Пьер Поль Грассе (Pierre Paul Grassé) бул жөнүндө мындай деп жазган:
Шамал учурган чаңдардын Дюрердин «Меланхолиясын» пайда
кылуу ыктымалдыгы көздү түзгөн ДНК молекулаларында болчу бир копиялоо катасы
ыктымалдыгынан бир топ төмөн.45
Дарвинисттер ДНКдагы бул кереметтүү системаны көрмөксөн болуп, муну терең
изилдеп жооп берүүдөн качынышат. Бирок бир тараптан болсо ишке алуу ыктымалдыгы
дээрлик мүмкүн эмес болгон копиялоо каталарына таянып бир жашоо тарыхы
сценарийин жазышат. Бул дарвинисттик логиканын кыйроосун дагы бир жолу
көрсөтүүдө.
Дарвин айткан табигый тандалуу пикиринин эволюция үчүн эч түшүндүрмө боло
албашы аныкталып, генетика мыйзамдары дарвинизмге бир сокку катары алдыңкы
планга чыккан соң, нео-дарвинизмдин эң чоң куралы катары чыгарылган
«мутациялардын эволюциялоочу таасири» пикири, көрүнүп тургандай, бир алдамчылык
гана. Жандуу организмди бузуучу, өлтүрүүчү, жок кылуучу, кээде андан кийинки
бүт урпактарга зыян тийгизүүчү мутация сыяктуу бир механизмди жапжаңы
жандыктарды пайда кылат деп айтуу албетте чоң бир тантырактык. Бирок массалар
көп жылдар бою бул калпка алданышты. Албетте дарвинист илимпоздор дагы
мутациялардын мындай кереметтүү бир күчү жок экенин билишет. Учурдагы эң
жалындуу дарвинисттердин алдыңкыларынын бири Ричард Доукинс (Richard Dawkins) дагы «Мутациялардын көпчүлүгү зыяндуу, кааланбаган
бир кошумча таасир жаратуу ыктымалдыгы абдан жогору»46 деп бул
чындыкты мойнуна алган. Дарвинисттердин дагы эле бул чирик пикирди эволюциянын
бир механизми катары сунууга аракеттениши жана мында дагы эле өжөрдөнүшү алардын
жалган дарвинизм динине моюн сунганы себептүү.
4. «Ортоңку форма фоссили табылды» деген көз бойомочулук
Дарвин убагында ортоңку форма фоссилдеринин жок болушу чечиле турган бир
көйгөйдөй кабыл алынган. Дарвин жер жүзүнүн катмарларында теориясын тастыктай
турган бир дагы ортоңку форма фоссили (калдык) табылбаганына таң калган, бирок
ошентсе да булар «келечекте табылат» деп ишенген. Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу
бөлүмүндө бул жөнүндө мындай деп жазган:
Эгер чындап түрлөр башка түрлөрдөн акырын өзгөрүүлөр менен келип чыккан
болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формага кездешпей жатабыз? Эмне үчүн бүт
табият бир башаламан абалда эмес, толук аныкталган жана орду ордунда? Сансыз
ортоңку өткөөл форма болушу керек эле, бирок эмне үчүн жер жүзүнүн санап бүткүс
көп катмарында көмүлгөн абалда таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык
түзүлүш жана ар бир катмар мындай байламталарга толо эмес?47
Дарвиндин күтүүсүн жокко чыгарган жана болжол менен 150 жылдан бери бир
даана да табылбаган ортоңку форма фоссилдери Дарвиндин теориясын жер менен
жексен кылды. Казуу иштеринен 350 миллиондон ашык фоссил чыгарылды. Бул
фоссилдер дарвинизмдин укмуштуу жеңилишин толук жарыялады. Бул фоссилдердин
баары толук жана кемчиликсиз жандыктарга тиешелүү. Көп бөлүгү бүгүн да жашап
жаткан жандыктардын миллиондогон жыл мурдакы мисалдары эле. 350 миллион фоссил
арасында болсо бир даана дагы ортоңку
форма фоссили жок эле.
Ортоңку форма фоссилинин болбошу дарвинизмдин өлүмү дегенди билдирет жана
жалган дарвинизм дининин жактоочулары кабыл ала албаган бир жагдай эле. Мына ушул
себептен дарвинисттер көнүмүш ыкмасын колдонушту жана өз ойлорунан ортоңку
фоссилдерди чыгарып башташты. Учурда дарвинист булактуу журналдарды, бул теманы
колго алган жогорку класс жана университет китептерин караганыбызда ортоңку
форма деп аталып, орун алган бүт жандык фоссилдеринин чындыгында бир көз
бойомочулук натыйжасы экенин көрөбүз. Кээде тукум курут болгон жандыктар, кээде
ойдон чыгарылган сүрөттөр, кээде бир даана тиш фоссили, кээде болсо бир
лабораторияда алдамчылык менен даярдалган баш сөөктөрү колдонулуп жасалган
мындай ойдон чыгарылган далилдер – ортоңку фоссил жок экендигинин жана
дарвинизмдин бир алдамчылык экендигинин маанилүү бир далили.
Математика профессору Вольфганг Смит (Wolfgang Smith) ортоңку форма фоссили жок
экенин ачык мойнуна алган илимпоздордон:
«Ортоңку форма фоссилинин жок экени жана жетишпеген звенонун чындап
болбогону эң түпкүрүндө, апачык жана толук аныкталды.»48
Эволюционист палеонтолог Стивен Стэнли (Stephen Stanley) болсо ортоңку форма
фоссилинин жок экени жөнүндө мындай дейт:
Белгилүү фоссил калдыктары чоң бир морфологиялык өтүүнү ишке ашырган бир
даана филетикалык (расага тиешелүү) эволюция мисалын да көрсөтө алган жок, ушул
себептен баскычтуу модельдин тууралыгы жөнүндө бир далил да бербөөдө.49
Канзас
университетинен геолог Рональд Р. Уесттин (Ronald R. West) болсо бул
жөнүндөгү жоромолу мындай:
Эгер эволюция туура болсо, фоссил калдыктары төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:
1. Жашоо жөнүндө
далилдер бар эң байыркы таштарда фоссилизацияга кире турган эң байыркы
башталгыч жашоо формалары кездешиши керек,
2. Жашыраак таштар
комплекстүүрөөк жашоо формаларынын фоссилдеринин далилдерин көрсөтүшү керек,
3. Жашоо формаларында
жөнөкөйдөн татаалды көздөй баскычтуу бир өтүү болушу керек,
4. Абдан көп санда
ортоңку өткөөл форма фоссилдери болушу зарыл.
Чынында болсо, көп
илимпоздордун жазганынын тескерисинче, фоссил калдыктары Дарвиндин эволюция
теориясын колдобойт.50
Дарвинисттер ушул
күнгө чейин бир дагы чыныгы ортоңку өткөөл форма мисалын көрсөтө алышкан жок.
Жер бетинин катмарларынан бир даана дагы ортоңку форма фоссили табылган жок.
Эволюция музейлеринде көргөзмөдө турган бир дагы чыныгы ортоңку форма мисалы
жок. 350 миллион фоссилдин баары эволюцияны жокко чыгарды. Булардын баары же
бүгүнкү күндө жашап жаткан же болбосо тукум курут болгон жандыктардын толук,
кемчиликсиз фоссил мисалдары.
Ортоңку форманын жок
экенин эми дарвинисттер дагы жокко чыгара албай калышты. Кээде дарвинисттер ар
кандай мажбур калган учурларда муну апачык айтышат. Мунун бир мисалы
эволюционист палеонтолог Колин Паттерсондун сөздөрү:
Эволюциялык өтүүлөр
менен байланыштуу китебимдеги (Evolution) түздөн-түз мисалдын
жок экени жөнүндөгү жоромолдоруңузга толугу менен кошулам. Эгер мен билген бир
даана фоссил же жандык болгондо, сөзсүз китебиме кошмокмун... Ачыгын айтсам
фоссил калдыктарында бирөө бекем бир аргумент айта турган бир дагы ортоңку
өткөөл форма жок.51
Ортоңку форманын болбошу, дарвинисттердин көпчүлүгү кылгандай, сөз арасына
кыстарып койо турган же маанисиз бир темадай кабыл алына турган бир жагдай дагы
эмес. Ортоңку форманын жок болушу эволюциянын жоктугу деген мааниге келет.
Эволюция теориясы жарактуу болушу үчүн бир даана фоссил жетиштүү эмес, бир
канча фоссил дагы жетиштүү эмес. Миллиондогон мындай фоссилдер болушу зарыл.
Бирок иш жүзүндө бир даана дагы ортоңку фоссил жок. Ошондуктан ушул чындыктын
өзү дагы – б.а. 2000-жылдардын башында табылган фоссил калдыктары болжол менен
100%га жеткен учурда миллиарддаган санда кездешиши керек болгон ортоңку
фоссилдердин бир даана да жок болушу – эволюциянын бир калп экендигинин абдан
күчтүү жана так бир далили.
Оксфорд университети зоология бөлүмүнөн Марк Ридлей (Mark Ridley) фоссил калдыктарынын эволюцияга бир дарвинист калпты
ачыкка чыгаруудан башка эч нерсе алып келбегенин айткан:
Баскычтуу эволюцияны жактаса да, секирүүчү эволюцияны жактаса да, эч бир
чыныгы эволюционист фоссил калдыктарын атайын жаратылууга каршы эволюцияны
жактоо үчүн колдонбойт...52
Эң кызыгы, дарвинисттер –ушул чындыкка карабастан- кийинчерээк мисалдары
көрүлө тургандай, кемчиликсиз, толук формадагы фоссилдерди дагы эле ортоңку
фоссил катары сунушууда же ортоңку форма фоссилдерин өздөрү чыгарышууда. Көз
бойомочулукка барышынын себеби – албетте, алардын илимий чыныгы бир далил бере
албашы, чарасыз калышы. Ансыз да дарвинизмди жасалма бир калп кылган эң негизги
жагдай бул жалган диндин жактоочуларынын калпка, алдамчылыкка мажбур болушу.
Бул жалган динди жактагандар биз илимди жактоодобуз дешет, чынында болсо илим
алып келген жыйынтыктар эволюция теориясын апачык калпка чыгарууда.
Дарвинисттер боюнча, жалган дарвинизм дининин сакталып калышы сансыз жалгандар
аркылуу гана мүмкүн. Ушул себептен дарвинисттердин «ортоңку форма табылды»
деген пропагандасы да чоң бир көз бойомочулук.
5. Дарвинисттердин жашап жаткан фоссилдерди жаап-
жашырууга аракет кылышы бир алдамчылык
Дарвин изилдөөлөрү учурунда гингко (ginkgo) дарагынын жалбырагынын фоссилин
тапканда абдан таң калган. Учурда жашап жаткан бир жандыктын дал өзүндөйү
миллиондогон жыл мурдакы катмарларда бүгүнкү формасында бар эле. Теориясынын
жараксыздыгын далилдөөгө жетиштүү болгон жана Дарвинди чындап тынчсыздандырган
бул фоссил Дарвиндин өзү тарабынан «жашап жаткан фоссил» деп аталган.
Дарвин эгер азыр жашап жаткан болгондо, албетте бул жөнүндөгү
тынчсыздануусу абдан чоң болмок. Себеби гингко бүгүнкү күнгө чейин келген
жалгыз жашап жаткан фоссил эмес. Дүйнө жүзүнүн катмарларынан чыгарылган 350
миллиондон ашык фоссилдин кээ бирлерин толук жана кемчиликсиз тукум курут
болгон жандыктар, көп бөлүгүн болсо жашап жаткан фоссилдер түзүүдө. Азыр бар
болгон түрлөрдүн көп бөлүгүнүн миллиондогон жылдык фоссилдери табылып,
көргөзмөсү жасалды (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: http://www.yaratilismuzesi.com/fosiller/ жана http://www.yaratilisatlasi.com/). Бүгүн жашап жаткан аттар, жирафтар, балыктар, иттер,
канаттуулар, сойлоочулар азыркы абалы жана көрүнүштөрү менен миллиондогон
жылдык из калтырышкан. Yaratılış Atlası (Жаратылуу атласы) аттуу эмгектин бүт томдорунда Түркияда
уюштурулган ар кандай көргөзмөлөрдө жана Жаратылуу музейи аттуу интернет
сайтында көргөзүлүп жаткан фоссилдер аталган мисалдардын бир бөлүгү гана. Бул
мисалдар ушунчалык көп; дээрлик учурдагы ар бир жандыктын миллиондогон жылдык
түрдөшү табылды. Жана бул фоссилдер бүгүнкү жандыктарга толук дал келүүдө. Миллиондогон жыл мурдакы фоссилдер менен учурдагы
жандыктар арасында эч айырма жок. Жандыктар өзгөргөн эмес. Алгач кандай
жаратылса, ошол бойдон келатат.
Америка табият тарыхый музейинин мүдүрү, таанымал эволюционист палеонтолог
Найлс Элдридж (Niles Eldredge) эволюциянын эң
чоң туюктарынын бири болгон жашап жаткан фоссилдер алдындагы алсыздыгын
мындайча айткан:
Жашап жаткан бир организм менен анын алыскы геологиялык өтмүштөгү
фоссилдешкен аталары арасында салыштырууга мүмкүн болгон кандайдыр бир
бөлүгүндө дээрлик эч кандай өзгөрүү жок сымал көрүнүүдө. Жашап жаткан фоссилдер
эволюциялык туруктуулук пикиринин эң жогорку даражадагы анык мисалдары... Жашап
жаткан фоссилдердин сырын толугу менен түшүнө албадык.53
Канчалык Найлс Элдридж дарвинисттердин чарасыздыгын өзүнчө жашырууга аракет
кылып, «эволюциялык туруктуулук» сөзүн колдонуп, «өтмүштө эволюциялык бир
процесс болуп, бирок туруктуулукка кабылгандай» бир көрүнүш жаратууга
аракеттенсе да, чындык мындай: фоссил калдыктары тарыхтын эч бир доорунда
эволюциялык бир процесс болбогонун далилдөөдө. Бүт жандык түрлөрү бүгүнкү
өзгөчөлүктөрү менен бир заматта пайда болгон жана он миллиондогон жылдар бою
кичинекей бир өзгөрүүгө дагы кабылган эмес. Балыктар дайыма балык, сойлоочулар
дайыма сойлоочу, сүт эмүүчүлөр дайыма сүт эмүүчү, адам болсо дайыма адам болуп келген.
Дарвиндин эң чоң күтүүсү болгон фоссил калдыктары Дарвиндин теориясын кыйраткан
эң күчтүү далил болду.
Албетте, бул абал бир даана ортоңку фоссил менен да колдоо таппаган
эволюция теориясы үчүн чоң бир кыйроо. Мына ушул себептен, бар экенин дарвинисттик
илим чөйрөлөрү абдан жакшы билип туруп, жашап жаткан фоссилдерди эч качан сөз
кылышпайт, жаап-жашырышат. Эволюционист булактарды караган бир адам бир канча
даана гана жашап жаткан фоссил бар деген ойдо калат. Себеби дарвинисттер
тарабынан алдыңкы планга чыгарылган бир канча гана жашап жаткан фоссил бар.
Ошол эле булактарда «бул бир канча фоссил кереметтүү абалда өзгөрбөстөн калган»
жана «сансыз эволюция далили ичинде бир «өзгөчө көрүнүш»» деген пикир
жаратылууга аракет кылынат.
Чынында болсо бул бир алдамчылык.
Америкалык палеонтолог С.М. Стэнли (S.M. Stanley) фоссил калдыктары көрсөткөн чындыктын илим дүйнөсүн
башкарган дарвинист диктаторлук тарабынан кандайча жаап-жашырылганын мындайча
баяндайт:
Белгилүү фоссил калдыктары баскычтуу эволюцияга туура келбейт жана эч качан
туура келген дагы эмес. Кызыгы – бир катар тарыхый шарттар аркылуу бул темадагы
карама-каршылыктын жашырылышы... Көп палеонтолог колундагы далилдердин
Дарвиндин кичинекей, жай жана баскычтуу өзгөрүүлөр жаңы түр пайда кылган деген
пикирине карама-каршы келгенин сезген... Бирок алардын мындай пикиринин оозу
жап кылынган.54
Канчалык оозун жабууга аракет кылынса да, чындыкты эми жашыруу мүмкүн
болбой калды: миллиондогон жашап жаткан фоссилдер бар. Учурда Дарвиндин
эволюция теориясы фоссил калдыктары көрсөткөн жыйынтыктан толук жеңилген
абалда. Илимий табылгалар дарвинизмди кыйратты. Дарвинисттер эми жаратылууну
далилдеген бул фоссилдерди жашыра албай калышты. Чындык ачыкка чыгып,
дарвинизмдин кыйрашы дарвинисттердин эң чоң таянычы болгон фоссил калдыктары
тарабынан жарыяланды.
Дарвинисттик тузак бузулду. Дарвинизм боюнча теорияны колдоору күтүлгөн
фоссилдер, Аллахтын буйругу менен, дарвинизмди жок кылды. Адамдар бүт
жан-жаныбарды Аллахтын жоктон жаратканын мунун урматында толук көрүштү. Бул далилди
адамдар көргөн соң ага карама-каршы пикирлерди айтып чыгуунун эч кандай мааниси
да, натыйжасы да жок. Улуу Аллах тагдырда дажжалдын системасын башынан
кыйраган, жок болгон абалда жараткан. Бул чындыкты бүт адамдар апачык, эч
талашсыз көрүшүүдө. Улуу Раббибиз бүт баарын жоктон жаратканын аяттарында
мындайча кабар берүүдө:
Силер кантип Аллахты жокко
чыгаруудасыңар? Ал силерди өлүк кезиңерде тирилтти; кийин силерди кайра
өлтүрөт, кайра тирилтет жана кийин Ага кайтарыласыңар. Силер үчүн жердегилердин
баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады.
Жана Ал баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 28-29)
6. Кембрий
фоссилдеринин 70 жыл жашырылышы бир
алдамчылык
Жашоо тарыхынын эң байыркы доорлорунун бири кембрий доору 543-490 миллион
жыл мурданы көрсөтөт. Бул доордон мурда бир клеткалуу жаныбарлар жана бир канча
көп клеткалуу түрү болуп келип, анан кокустан толук жана кемчиликсиз көрүнүшү
менен кереметтүү көп түрдөгү жандыктар пайда болгон. Бул жандыктардын баары
мурдакы жандыктардан абдан айырмаланып, учурдагы жандыктарга тиешелүү укмуш
комплекстүү өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүгү менен кембрий доору эволюция
теориясына чоң бир сокку.
Кембрий дооруна тиешелүү фоссилдери бар жандыктар, бүгүн жашап жаткандар да
кошо, 55 типтин мисалын берүүдө. (Тип: жандыктарды негизги дене түзүлүшүнө
жараша класстарга бөлүү үчүн колдонулган «ааламдан» кийинки эң чоң категория).
Башкача айтканда, учурдагы жандыктардын, ал тургай, андан да көбүнүн негизги
дене түзүлүштөрү мындан болжол менен 540 миллион жыл мурда кемчиликсиз, толук
абалда бар. (Учурда жалпы 35 тип бар.) Кембрий жандыктары кемчиликсиз
комплекстүү учурдагы жандыктардан айырмасыз. Бул Дарвиндин ойдон чыгарылган
эволюция дарагына карама-каршы келип, кыялдагы эволюция процесси үчүн жасалган жасалма
өнүгүүнү астын-үстүн кылууда. Дарвиндин эволюция теориясы боюнча, «кокустан»
пайда болгон алгачкы клеткадан соң бир клеткалуулар жер бетинде жашашы керек,
анан жөнөкөй түзүлүштөгү көп клеткалуулар менен башталган кыймылдуу жашоо сууда
жашоочу бир тип менен уланышы зарыл. Типтердин саны акырындап көбөйүп, ушуга
жараша түрлөр да көбөйүшү керек. Бирок кембрий табылгалары көрсөткөн чындык
мындай болгон жок. Дарвиндин эволюция дарагы бүтүндөй тескериге айланып,
бүгүнкүдөн бир топ көп санда жандык түрлөрү жашоо тарыхынын эң башында, бир
клеткалуулардын артынан эле пайда болгон. (Терең маалымат үчүн караңыз: Darwin'in Anlayamadığı Kambriyen (Дарвин түшүнө албаган кембрий), Harun Yahya).
Дарвинисттик идеологияга абдан жабышкан, фанат бир дарвинист үчүн муну түшүнүү
чоң бир кыйроо, албетте. АКШнын эң таанымал музейлеринен Smithsonian Institution'да (Смитсон музейи)
башчы жана палеонтолог Чарльз Дулиттл Уолкотт (Charles Doolittle Walcott) дагы бул адашкан
диндин эң бекем мүчөлөрүнөн болгондуктан, эң биринчи 1909-жылы таап баштаган
кембрий фоссилдеринин көп түрдүүлүгүнөн катуу корккон эле. 1917-жылга чейин
уланган изилдөөсүндө жалпысынан 65000 фоссил мисалын чогулткан. Булардын баары
кембрий доорунун комплекстүү жандыктарына тиешелүү эле.
Дарвинист көз бойомочулуктар эске алынганда, дарвинизмдин кыйрашынын бир
кабарчысы болгон бул фоссилдердин бир дарвинист тарабынан табылышы жана андан
соң ушул эле дарвинист тарабынан жашырылышы да сюрприз эмес, албетте. Уолкотт
тутунган жалган динин дээрлик жок кылган, ишенимине карама-каршы келгени үчүн
аны паникага салган ал фоссилдерди жашырууну чечти. Тарткан сүрөттөрү менен
далилдерди Смитсон музейиндеги ящиктерге кулптады. Бул өзгөчө жана маанилүү
фоссилдер 70 жылдан соң гана ачыкка чыккан.
Израильдик илимпоз Джеральд Шредер (Gerald Schroeder) бул жөнүндө мындай дейт:
Эгер Уолкотт каалаганда, фоссилдерди изилдөө үчүн бир армия окуучуну
милдеттендирмек. Бирок эволюция кемесин чөктүрбөөнү тандады. Учурда кембрий
доорунун фоссилдери Кытайда, Африкада, Англия аралдарында, Швецияда, ошондой
эле Гренландияда да табылды. (Кембрий доорундагы) Жарылуу дүйнө жүзүндө болгон
бир окуя. Бирок бул кереметтүү жарылуунун табиятын талкуулоо мүмкүн боло электе
маалымат жашырылган.55
Уолкотт табылгаларын тапкан Burgess Shale'деги кембрий фоссилдери Уолкотт өлгөндөн он жылдар өткөн
соң кайрадан изилденди. «Кембридж тобу» деп эскерилген жана Виттингтон, Бриггс
жана Морристен (Harry Blackmore Whittington, Derek Briggs, Simon Conway Morris) турган адистер тобу 1980-жылдары фоссилдерди терең
анализ кылышкан. Жана фаунанын Уолкотт аныктагандан бир топ көп түрдүү жана
укмуштуу экенин аныкташкан. Фоссилдердин бир бөлүгүн бүгүн белгилүү болгон
жандык категорияларына кошуу мүмкүн эмес, ошондуктан бүгүнкүдөн башка тип
мисалдарын көрсөтүүдө деген көз-карашты айтышкан. Жандыктар 543-490 миллион жыл
мурда болгон кембрий доорунда кемчиликсиз жана комплекстүү формалары менен бир
заматта пайда болушкан эле.
Алынган жыйынтык дарвинисттер үчүн ушунчалык күтүүсүз болгондуктан,
илимпоздор бул заматтык кыймылды бир «жарылуу» деп аташкан. «Кембрий жарылуусу»
илим тарыхынын эң теңдешсиз, эволюционист илимпоздор жагынан болсо эң жоопсуз
окуялардын алдыңкыларынан эле. Эч нерсеге жооп бере албаган эволюция
теоретиктери бул табылгалар натыйжасында пропаганда максатында чыгарган
жомокторун токтотушу жана «жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү көйгөйүнө» кайра
кайтышы керек эле. (Албетте бул жашоонун келип чыгышы жөнүндө акылдуу жана
илимий жообу жок дарвинисттер үчүн бир көйгөй. Акылдуу, илимге жана логикага
таянгандар ааламдын жана жашоонун Улуу Аллах жаратканын апачык көрүшүүдө.)
Дарвиндин эволюция дарагы тескерисинче болуп калган эле жана бул эволюция
теориясынын негизги логикасына бүтүндөй карама-каршы келет эле.
Жогорку жашоо формаларын, Аллахтын кереметтүү жаратуусун көрсөткөн кембрий
жарылуусу жөнүндө дарвинисттер дагы эле унчукпай жүрүшөт. Дарвинисттер табылган
бул кереметтүү табылгалар алдында талкан жутуп алгансып, бул табылгалар эч
жоктой кымпыйып жүрүшөт. Жашоонун тарыхы жөнүндө кыялынан чыгарган сансыз
алдамчы сценарийди илимий журналдарда биринин артынан экинчисин чыгарып жатып,
540 миллион жыл мурдакы бул чоң окуяны эстетпөөгө, мунун эволюция теориясын
бүтүндөй жок кылаарын сездирбөөгө аракет кылышууда. Муну апачык жасаган жана
бүт фоссилдерди жашырып койгон Чарльз Дулиттл Уолкотт дарвинизм алдамчылыгынын
канчалык масштабга жетиши мүмкүн экендигинин эң чоң далил, мисалдарынын бири.
Эгер дарвинизм чындап илимий болгондо, дарвинизмди жактагандар да чындап
илимпоз болгондо, албетте илимий жактан мынчалык баалуу табылгалар чоң бир
ачылыш катары алдыңкы планга чыгарылмак жана илимий сайт, китеп, макалалардан
ылдам орун алмак. Мунун бүтүндөй тескерисинче болуп, анык илимий табылгалардын
жакшылап жашырылышынын себеби – дарвинизмдин илим эмес болушу, дажжалдын бир
оюну катары пайда болгон жасалма бир дин болушу. Калптын үстүнө курулган бул
теория көз бойомочулуктар менен жашоого аракет кылууда. Кембрий фоссилдеринин
жашырылышы дарвинизм үчүн жасалган илимий көз бойомочулуктардын бирөөсү гана.
7. «Археоптерикс» канаттуулардын атасы деген көз
бойомочулук
1860-жылы Германияда табылган археоптерикс деп ат коюлган канаттуу фоссили
бүгүнкү канаттуулардан айырмаланган кээ бир өзгөчөлүктөргө ээ эле. Оозундагы
тиштер, канаттарындагы тырмактар жана узун куйругу дарвинисттер тарабынан спекуляция материалы
катары колдонулду жана канаттуу, эч кандай илимий таянычы жок туруп, шашылыш
түрдө сойлоочуларга окшотулуп, сойлоочу-канаттуу ортоңку формасы деп
жарыяланды.
Чынында болсо бул сөздө чоң бир алдамчылык бар эле.
Археоптерикс
дарвинисттер тарабынан жасалма бир ортоңку форма катары жомокко айлантылгандан
бир аз убакыт өткөн соң фоссил сөөктөрү тереңирээк изилденди жана бул жандыктын
сойлоочудан канаттууга «өтүүнү» көрсөткөн «примитивдүү бир канаттуу» эмес
экени, тескерисинче скелет менен түк түзүлүшүнүн учууга абдан ыңгайлуу экени,
сойлоочуларга окшотулган өзгөчөлүктөрдүн тарыхта жашаган жана ал тургай бүгүн
да жашап жаткан башка кээ бир канаттууларда да бар экени аныкталды. Дарвинизм
тараптары Science журналы бул
чындыкты апачык айткан:
Археоптерикс алгачкы
канаттуулар менен байланыштуу түктөрдүн жана учуунун эң алгачкы келип чыгышы
жөнүндө көп нерсе айта албайт көрүнөт, себеби
археоптерикс заманбап мааниде бир
канаттуу.56
Археоптерикс ар башка
жандык түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн алып жүрүүчү мозаикалык бир жандык. Мозаикалык
жандыктарга илимпоздор комплекстүү түзүлүштөрү менен көңүл бурган жана бир
канча түрдүн ар башка өзгөчөлүктөрүн өзүндө алып жүргөн жандыктар деп аныктама
беришкен. Дарвинисттердин археоптерикс аркылуу
жасаган алдамчылыгы дагы бул фоссилдин бир мозаикалык жандыкка тиешелүү болушу
себептүү эле. Чынында болсо мозаикалык жандыктар дагы, башка бүт учурдагы
жандыктар сыяктуу, комплекстүү өзгөчөлүктөргө ээ жаратылуу мисалдары. Француз
биофизик эволюционист Пьер Леконт дю Нуи (Pierre Lecomte du Nouy) бул жөнүндө минтип мойнуна алган:
Өзгөчө бир көрүнүш болгон археоптериксти
чыныгы бир ортоңку форма катары баалоого акыбыз жок. Ортоңку форма деп
сойлоочулар менен канаттуулар сыяктуу класстар же кичинерээк топтор арасындагы
керектүү өтүү баскычтарын айтабыз. Эки башка топко тиешелүү өзгөчөлүктөрдү
көрсөткөн бир жаныбарды, эгер анда өтүү баскычтары аныкталбаса жана өтүү
механизмдери дагы эле белгисиз болсо, чыныгы бир ортоңку форма деп кабыл алуу
мүмкүн эмес.57
Дарвинист чөйрөлөрдө
муну мойнуна алгандардын саны негизи абдан көп. Секирүүчү эволюция калпын
чыгарып атагы чыккан, 20-кылымдын эң таанымал дарвинисттеринен Стивен Джей
Гоулд менен Найлс Элдридж да археоптериксти
бир ортоңку форма катары кабыл алуу мүмкүн эмес деген пикирде.58 Джонатан Уеллс
«дүйнөнүн эң кооз фоссили Эрнст Майр «сойлоочулар менен канаттуулар арасында
дээрлик эң мыкты байланыш» деген өрнөк унчукпастан бир
четке ташталды. Жана кайып ортоңку формаларды (тогоо) изилдөө, археоптерикс эч табылбагандай,
уланууда.»59 деп бул фоссилдин эволюцияга далил эмес экенин илим
чөйрөлөрүнүн да апачык кабыл алаарын айтууда. Бирок кызыгы, дарвинист
илимпоздор тарабынан апачык моюнга алынса да, дарвинист макала, китептерде археоптерикс фоссили дагы эле бир
ортоңку форма катары көрсөтүлүүдө. Джонатан Уеллс муну мындайча баяндайт:
Кээ бир биология окуу
китептери археоптериксти кайып
байланыштын классикалык бир мисалы катары көрсөтүүнү улантууда. Мадердин
1998-жылы чыккан Biology (Биология) аттуу китеби
аны «сойлоочулар менен канаттуулар арасындагы өтүү байланышы» деп сыпаттаган.
Уильям Шраер менен Герберт Столдзенин Biology: The Study of Life (Биология: жашоонун изилдениши) аттуу китебинин
1999-жылкы чыгарылышы дагы окуучуларга «көп илимпоздор анын сойлоочулар менен
канаттуулар арасындагы эволюциялык байланышты көрсөтөөрүнө ишенет» деп айтууда.60
Албетте, бул абал бул
чоң көз бойомочулукту дагы эле улантууну аракет кылуудан келип чыгууда.
Колдорунда эч ортоңку форма болбогону үчүн дарвинисттер теорияларынан баш тарта
албагандыктан, өздөрү чыгарган жасалма ортоңку формаларды коргоо аракетин
кылышууда. Археоптерикстин болгон
мүмкүнчүлүк менен жана көз бойомочулук менен дагы эле актуалдуу кармоо үчүн
жасалган аракеттин себеби мына ушунда.
8. «Целакант
суудан кургактыкка чыгуунун мисалы» деген
көз бойомочулук
Негизи жашап жаткан бир динозавр табылганда, бул бир топ азыраак таң
калыштуу болмок. Себеби фоссилдер целаканттын
динозаврлар пайда болгондон 150-200 миллион жыл мурда бар экенин көрсөтүүдө.
Көп илимпоздор кургактык омурткалууларынын атасы деп көрсөткөн, жок дегенде 70
миллион жыл мурда жок болгон деп элестетилген балык тирүү табылган эле!61
Focus журналынын 2003-ж. апрель
санындагы төмөнкү сөздөр көп жылдар бою бир ортоңку форма деп айтылып келген целаканттын (Latimera chalumnae - латимерия) тирүүсүнүн учурдагы
деңиздерден табылышына болгон таң калууну бир дарвинист оозунан айткан.
Дарвинисттер 1938-жылдан мурда целакант
фоссили жөнүндө сансыз пикирлерди айтышып, жандыктын сүзгүч канаттарын «басууга
даярданган буттар», фоссилдешкен май көңдөйүн болсо «примитивдүү бир өпкө»
дешкен. Фоссил жөнүндө көп спекуляцияларды жасап, кайып бир тогоону таптык
дешкен.
Мына ушундай бир учурда тирүүсү табылган целакант дарвинисттерди чоң кайгыга салды. Бул жана –эң акыркысы
2007-жылы майда табылган кийинкилер- учурдагы деңиздерден кезиккен 200дөн ашуун
тирүү целакант фоссилдерге жасалган
дарвинисттик спекуляцияларды толугу менен жок кылды. Целаканттын болжол менен 150 см узундуктагы, абдан өнүккөн бир
түзүлүшкө ээ, абдан комплекстүү бир суу түбүндө жашаган балык экени аныкталды.
Болгондо да, жандык 450 миллион жылдык тарыхында эч өзгөргөн эмес эле. Башкача
айтканда, бүгүнкү андагы комплекстүүлүк 450 миллион жыл мурда да дал ушул
бойдон бар эле.
Булардын баары илимий аныкталган соң целакант
жашап жаткан фоссилдер арасынан орун алды жана ортоңку форма деген бүт сөздөр
артка алынды. Дарвинисттер спекуляция жасап жаткан дагы бир фоссилди жоготушкан
эле. Эгер бул жандык бүгүн деңиздерден табылбаганда, археоптерикстеги сыяктуу бул фоссил аркылуу жасалган дарвинисттик
спекуляциялар да токтомок эмес. Бул жандык суудан кургактыкка чыгуунун эң чоң
өкүлү катары көрсөтүлө бермек жана талашсыз
эң жакшы ортоңку форма имиш сыяктуу ал аркылуу миңдеген спекуляциялар
жасалмак. Бул жандыктын бир ортоңку форма эмес, кемчиликсиз бир деңиз жандыгы
экени жөнүндөгү чындыкты айткандар болсо дарвинисттер тарабынан болгон
мүмкүнчүлүк менен оозу жап кылынмак. Азыркы башка ортоңку форма деп аталган
жандыктарда жасалгандай.
Бирок эч кандай далилге таянбастан адамдарды алдагысы келгендер эч натыйжа
ала алышпайт. Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:
Кабарыңар болсун; күмөнсүз асмандардагы, жердегилердин
баары Аллахтыкы. Аллахтан башкага сыйынгандар да шерик кошкон нерселерди жана
күчтөрдү (чынында) ээрчишпейт. Алар болгону күмөндөрүн ээрчишет жана алар
болгону «күмөн жана болжоо менен жалган сүйлөшүүдө.» (Йунус Сүрөсү, 66)
9. Дарвинизмге далил катары көрсөтүлүүгө аракет
кылынган бүт баш сөөгү фоссилдери жасалма
Дарвинизм чыныгы илимий негиздерге жана чыныгы илимий далилдерге
таянбагандыктан, жасалма далилдерди чыгарып адамдарды ишендирүүгө аракет кылат.
Бул үчүн болсо дарвинисттердин колунда спекуляция жасай турган материал гана
болсо болду. Дарвинисттер спекуляция жасоо мүмкүн көрүнгөн тукум курут болгон
жандык фоссилдерин алып, ар кандай өзгөртүшөт жана аларды идеологияларына бир
материал катары колдонушат. Көп жылдар бою тукум курут болгону үчүн суудан
кургактыкка «өтүүнүн» эң белгилүү мисалы катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган,
бирок тирүүсү деңиздерден табылган целакант
– бул көз бойомочулукту көрсөткөн эң маанилүү далил. Дарвинисттер ушул эле
тактиканы башка жандыктар менен адам үчүн да колдонууга аракеттенишет. Алынган
бүт фоссилдерди көрүнүшүнө карап категорияга бөлүшөт жана өз оюнан чыгарып,
өздөрү каалагандай «ортоңку форма» деп аташат. Чынында болсо алар ортоңку форма
деп атаган фоссилдердин баары, целакант
сыяктуу, кемчиликсиз жана толук жандыктарга тиешелүү.
Ортоңку өткөөл форма катары пропаганда кылууга аракет кылынган бүт
фоссилдердин жараксыздыгы тастыкталып, алардын тукум курут болгон комплекстүү
жандыктарга тиешелүү экени илимий далилденди. Адамдын «эволюциясы» жөнүндө сөз
болгондо болсо, спекуляция материалы катары көбүнчө тукум курут болгон
маймылдар же илгери жашаган кээ бир элдер колдонулат. Бүгүнкү күнгө чейин
айтылган бүт ортоңку форма пикирлери ушул спекуляция ыкмасына таянат. Мисалы,
дарвинисттер адамдын «эволюциясына» мисал катары көрсөтүүгө аракет кылган сансыз
баш сөөгүнүн тукум курут болгон маймыл же адам расаларына тиешелүү экени толук
илимий далилденген жана ал баш сөөктөр илимий булактардан чыгарылган:
- 1891-жылы табылган жана Ява адамы (Java Man) деп аталган фоссил менен
1923-жылы табылган жана Пекин адамы деп аталган фоссилдин жасалма бир ортоңку
өткөөл форма экени 1939-жылы түшүнүктүү болгон.
- 1922-жылы бир ортоңку форма деп эң чоң далил
катары көрсөтүлгөн жана Небраска адамы деп аталган бир даана тиш фоссилинин 1927-жылы бир жапайы доңузга тиешелүү экени
түшүнүктүү болгон.
- 1959-жылы табылган жана Зинджантроп деп аталган фоссилдин катардагы бир
маймыл экени аныкталган жана фоссил 1970-жылы илимий адабияттардан алып
салынган.
- 1930-жылдары табылган жана 50 жыл бою ортоңку форма катары көрсөтүлгөн
рамапитек 1981-жылы катардагы бир бабуин түрү экени түшүнүктүү болгон соң алып
салынган.
- 1974-жылы Африкада табылган Люсинин 1999-2000-жылдардагы изилдөөлөр
натыйжасында жараксыз экени түшүнүктүү болгон жана бул фоссил илимий адабияттардан
алып салынган.
- 1924-жылы табылган жана Таунг баласы деп аталган баш сөөгү фоссилинин жаш
бир гориллага тиешелүү экени түшүнүктүү болгон соң, бул фоссил дагы 1954-жылы
алып салынган.
- 1984-жылы табылган жана хомо
эректус түрүнө тиешелүү деп көрсөтүлүүгө аракет кылынган Туркана баласы
фоссилинин 12 жаштагы бир балага тиешелүү экени жана чоңойгондо болжол менен
1,83 метр бойдо болоору аныкталган. Фоссилдин тик скелет түзүлүшү азыркы
адамдан айырмасыз. Фоссил жөнүндөгү бүт спекуляциялардын жасалма экени
түшүнүктүү болгон.
Reading университети геология бөлүмүнөн эволюционист Л. Б. Халстед
(L. B. Halstead) Nature журналында айткан
бир сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин «адамдын эволюциясына» далил катары
көрсөтүлүүгө аракет кылынган фоссилдердин эч качан адамдын эволюциясына далил
эмес экенин жана бул багытта дарвинисттердин колунда эч кандай табылга жок
экенин мындайча моюнга алган:
Бул жагдай элге алгачкы жолу төмөнкү чындыкты көрсөтөт: адамдын түздөн-түз
атасы болгон чыныгы бир фоссил жок. ... Бул жаратылууга ишенгендер көп жылдар
бою жактап келген нерсе.62
Биолог Лайалл Уотсон (Lyall Watson) дарвинисттердин
колунда адамдын «эволюциясын» далилдей турган бир даана дагы фоссил далили жок
экенин төмөнкүчө айткан:
Бүгүнкү маймылдар, мисалы, эч жоктон пайда болгон сыяктуу. Кечээси, фоссил
калдыктары жок. Жана тик туруп баскан, түксүз, курал-жарак жасай алган жана чоң
мээлүү жандыктар катары азыркы адамдардын да чыныгы тамыры, эгер өзүбүздү
алдабасак, ошол сыяктуу эле табышмактуу маселе.63
Лайалл Уотсон
канчалык чындыктарды апачык айтуудан тартынып, адамдын тамырын өзүнчө
«табышмактуу бир маселе» деп айтса дагы, адамдын тамыры толук апачык: бүт
жандыктар сыяктуу адамды да Аллах жараткан жана бүт конкреттүү илимий
табылгалар дагы бул чындыкты тастыктоодо. Мындан тышкары, дарвинисттер табылган
жаңы фоссилдер алдында дайыма убакыт белгилөө көйгөйүнө кабылышууда. «Эволюция»
үчүн белгилеген даталары тынымсыз «артка кетүүдө», фоссилдердин эволюцияны
жокко чыгарганын көргөн сайын дайыма пикирлерин өзгөртүүгө мажбур болушууда.
Мисалы, жер катмарларынан табылган 200 миллион жылдык адам буту издеринен
тышкары, бор
(144-65 миллион жыл) дооруна тиешелүү катмарлардан
табылган адам сөөктөрү адамдын 100 миллиондогон жылдык бир тарыхы бар экенин
көрсөтүүдө.64 Бул жылдар азыркы адам үчүн эволюционисттер тарабынан
белгиленген болгону 50.000 жылдык убакыт эске алынганда, албетте, абдан чоң бир
айырмага ишарат кылууда. 2007-жылдын август айында жарыяланган жаңы фоссилдер
болсо дарвинисттер тарабынан хомо эректус
жана хомо хабилис деп аталган
жандыктардын жанаша, бир доордо жашаганын көрсөткөн. Убакыт белгилөө көйгөйү –
адамдын «эволюциясы» темасында дарвинисттерди туюкка такаган маанилүү
жагдайлардын дагы бирөөсү.
Бүт бул чындыктарга
карабастан, дарвинисттер бул жалган фоссилдерди илимий далил катары көрсөтүүнү
улантышып, адамдын эволюциясы жомогун өз ойлорунда чындыкка айлантууга
аракеттенишет. Илимий жактан жараксыздыгы далилденсе да, бул фоссилдерди дагы
эле илимий булактарда
жана окуу китептеринде колдонууну улантышып, адамдарды алдашат. Жазуучу Хэнк
Ханеграаф (Hank
Hanegraaff) бул алдамчы ыкманы
мындайча айткан:
Ява адамынын Эжен Дюбуа аттуу
голландиялык тарабынан 1891-жылы Ява аралдарынын биринен табылганын жалпысынан
баары билет. Көп белгилүү болбогон нерсе болсо – бул Ява адамынын бир баш сөөгү
бөлүгү, бир жамбаш сөөгү, үч тиш жана абдан масштабдуу бир кыялдардан тураары.
Мындан да кыйыны – бул жамбаш сөөгүнүн баш сөөгү бөлүгүнөн 50 фут (15 км)
алыстан жана бир жылдан соң табылышы...
...Жалпысынан Селенка экспедициясы катары белгилүү болгон жана фоссил изилдөөлөрү жасалган
процесс Ява адамы жөнүндөгү гипотезалардын тууралыгын көрсөтүүгө чечкиндүү 19
эволюционисттен турган эле. Бирок ал эволюционисттер даярдаган 342 беттик
илимий бир отчетто Ява адамынын эч күмөнсүз адам эволюциясында эч бир роль
ойнобогону апачык айтылган.
Ошого карабастан, Times журналы таң калыштуу абалда Ява адамынан уялбастан
адамдын эволюциялык атасындай сөз кылган "How
Man Began" темалуу макаланы жарыялаган.65
Дарвинист калптар
мына ушундайча дарвинист алдамчылыктын бир бөлүгүнө айланышат. Таанымал
профессорлор менен илимпоздор жазган дарвинист китептер дагы, чыныгы илимий
далилдердин ордуна, толугу менен алдамчылыкка таянган ушундай жалган
сценарийлерди кайталайт. Китептерден чыгарылып салган, жараксыздыгы илимий
жактан далилденген баш сөөктөрүнүн эволюцияга далил имиштей дагы эле актуалдуу
сакталышынын себеби – бул алдамчылыкты уланта алуу. Эволюционист зоолог Роберт
Мартин бул жөнүндө New Scientist журналында мындай
деген:
Акыркы жылдары көп
жазуучулар адамдын келип чыгышы жөнүндө популярдуу китептерди жазышты. Алардын
баары чындыктар менен объективдүүлүктүн ордуна, фантазиялар менен
субъективдүүлүккө таянган.66
Азыр дарвинисттер
«адам эволюциясына» далил катары көрсөтө ала турган бир дагы баш сөөгү, бир
сөөк бөлүгү дагы жок. Бул чындыкты жокко чыгара албаган дарвинисттердин чирик
ыкмасы болсо – жасалма ортоңку форма фоссилдерин сунуу менен алдамчылыкты улантуу.
10. «Австралопитектер адамдын атасы» деген көз
бойомочулук
Дарвинисттер үчүн адамдын эволюциясы темасы өтө маанилүү. Көп жылдардан
бери адамдардын аң-сезимине «адам эволюциялашкан бир айбан» деген калпты
сиңирүүгө аракеттенишүүдө. Бул калпты сактап калуу үчүн болгон күчү менен
аракет кылып, эч тынымсыз тиешесиз темаларда да «адамдын айбан аталары бар»
деген пикирди отургузууга аракет кылышат. Бул багытта колдонгон алдамчылыктары
болсо таң калыштуу. Көбүнчө эч тиешесиз фоссил табылгаларды дагы формаларын
өзгөртүп адам сымал бир жандыктай көрсөтүүгө аракет кылышат. Дарвинисттер
кийинчерээк бир жапайы доңузга тиешелүү экени түшүнүктүү болгон бир даана тиш фоссилинен небраска
адамын пайда кылып, бул кыялдагы адам сымалдын
үй-бүлөсү менен бирге коомдук жашоосунун сүрөтүн тартуудан да тартынышкан эмес.
Мындай таң калыштуу жан алакеттин эң маанилүү мисалдарынын бирөөсү – бул көп
жылдардан бери улантылып келген австралопитектер
адамдардын маймыл сымал атасы деген сөздөр.
Австралопитектер – бул тукум курут болгон маймыл түрлөрү. «Түштүк маймылы» маанисине
келген бул жандыктар дарвинисттер тарабынан адамдардын «алгачкы маймыл сымал
аталары» катары кабыл алдырууга аракет кылынат. Тукум курут болгондуктан, бүт
башка мисалдардагы сыяктуу бул маймыл түрү дагы эволюционисттер тарабынан бир
спекуляция материалы катары колдонулган. Бирок дарвинисттер австралопитектер
жөнүндө чыгарган сценарийлер, башка бүт мисалдардагы сыяктуу, кайра эле
алдамчылыкка таянат.
Австралопитектер алгач Африкада 4 миллион жыл мурда пайда болгон жана 1 миллион жыл
мурдага чейин жашап келген деп саналууда. Бул жерде айта кетчү чындык мындай: австралопитектердин
баары учурдагы түрдөштөрүнө окшогон тукум курут болгон маймылдар. Баарынын
мээсинин көлөмдөрү азыркы шимпанзелердики менен бирдей же алардыкынан кичирээк.
Төрт буттап басышат. Колдорунда жана буттарында азыркы маймылдардагы сыяктуу
дарактарга жабышууга керектүү дөмпөкчөлөр бар жана буттары бутактарга кармануу
үчүн кармоо өзгөчөлүгүнө ээ. Бойлору кыска (эң көп 130 см) жана дал азыркы маймылдардагы
сыяктуу эркек австралопитек ургаачысынан бир топ чоң. Баш сөөктөрүндөгү
жүздөгөн деталь, бир-бирине жакын көздөр, сүйрү курч тиштери, ээк түзүлүшү,
узун колдор, кыска буттар сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүк – бул жандыктардын азыркы
маймылдардан айырмалуу эмес экенин көрсөткөн далилдер.
Австралопитектер апачык бир маймыл түрү болгонуна карабастан, дарвинисттер тарабынан
эки буттап баса алган жандыктар деп айтылууда. Бул бир алдамчылык, себеби австралопитектер
менен байланыштуу колдогу фоссилдерден бул кыялдагы сценарийди тастыктай
турган бир дагы мисал табылган эмес. Ошондуктан бул жандыктар жөнүндөгү
эволюция сценарийи илимий бир дагы далилге таянбайт.
Дарвинисттер боюнча, австралопитектин ар
кандай түрлөрү табылса да, австралопитек афаренсис гана (1974-жылы
табылганда дүйнөгө «адам эволюциясынын» далили катары көрсөтүлгөн «Люси»
тиешелүү болгон түр) адамдын түздөн-түз атасы деп кабыл алынат. Бирок бул
жандыкты адамдын атасы деп кабыл алуу мүмкүн эместигин дарвинисттер да кабыл
алышкан. Белгилүү француз дарвинисттик илимий журналы Science et Vie
1999-жыл май айындагы санында муну тышкы бетинин темасы кылган. Австралопитек
афаренсис түрүнүн эң негизги фоссил мисалы деп саналган Люсини колго алган
журнал "Adieu Lucy" (Кош бол Люси) темасын колдонуу менен австралопитек түрүндөгү маймылдардын адамзаттын атасы эмес
экенин жана бул жандыктардын санжыра дарагынан чыгарылышы керек экенин жазган.67
Дүйнөгө таанымал эволюционист палеоантрополог Ричард Лики (Richard Leakey) дагы Люсинин
эволюция далили катары эч жараксыз экенин мындайча айткан:
Люсинин (Australopithecus afarensis) бир карлик шимпанзе аралашмасы гана экендигинин ыктымалы абдан анык жана
каршы чыга алгыстай күчтүү. Маймылдан адамга өтүү жөнүндөгү гипотезалар ынандырарлыктан
көп алыс.68
Бүт булардан тышкары, австралопитектер жөнүндө жасалган изилдөөлөр натыйжасында эволюционист Лорд Цукерман (Lord Zuckerma) да австралопитектер катардагы маймыл түрү гана жана эч тик
туруп баскан эмес деген жыйынтыкка барган.69
Бул темадагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон башка эволюционист анатомист
Чарльз Е. Окснард (Charles E. Oxnard) да австралопитектердин скелет түзүлүшү азыркы орангутандардыкына окшош деген.70
1994-жылы Англиядагы
Ливерпуль университетинен Фред Спур (Fred Spoor) менен командасы австралопитектин скелети
жөнүндө так бир жыйынтыкка баруу үчүн терең изилдөө жасаган. Скелеттерде
дененин жерге карата абалын аныктоочу «үлүл» аттуу бир органга изилдөөлөр
жасалган. Спур австралопитек адамдардыкына окшош басуу формасына ээ эмес
деген жыйынтыкка барган.71
2000-жылы Ричмонд жана Стрейт (B.G Richmond ve D.S
Strait) аттуу илимпоздор жасаган жана Nature журналында жарык көргөн бир изилдөөдө болсо австралопитектердин
алдыңкы кол сөөгү изилденген.
Салыштырмалуу анатомиялык изилдөөлөр бул түрдүн азыр жашаган жана 4 буттап
баскан маймылдар менен бирдей алдыңкы кол анатомиясына ээ экенин көрсөткөн.72
Бул далилдердин баары австралопитектердин маймыл түрү гана экенин апачык көрсөтүүдө. «Люси» фоссилин тапкан
эволюционист палеоантрополог Дональд Йохансон менен Т.Д. Уайт (Donald Johanson, T. D. White) Science журналында мындай дешкен:
Австралопитек фоссилдери
абдан терең изилденди: басышы, кулак түзүлүшү, тиш өрчүү мисалдары, узун жана
күчтүү алдыңкы колдор, кыска арткы буттар, буттарынан формасы, кичинекей
мээлери, маймылга абдан окшош баш сөөктөрү, ээктери жана беттери. Булардын
баары австралопитектердин маймыл экенин жана адам менен эч байланышы жок
экенин көрсөтүүдө. Люсини ачкан Дональд Йохансон өзү да белгилүү мөөнөттөн соң австралопитек
африканус (Люси)нин адамдар менен эч байланышы жок деген жыйынтыкка барган.73
Кыскасы, илимий изилдөөлөр австралопитектер адамдын «атасы» деген сөздөрдүн баарын жалганга чыгарган. Австралопитектер
бир маймыл түрү жана адамдын атасы деген таңуулоо дарвинисттердин
кыялындагы жана жалган теориялары үчүн колдонууга аракет кылган бир сценарий.
11. «Неандерталецтер
адамдын маймыл сымал атасы» деген
көз бойомочулук
Дарвинисттер австралопитектер
үчүн колдонгон ошол эле ыкманы бир адам урпагы болгон неандерталецтер үчүн да
колдонушкан.
Неандертал адамы 1856-жылы Германиянын Дюссельдорф шаарына жакын жердеги
Неандер өрөөнүнөн табылган фоссилдер менен илимий адаиятка кирген. Баш сөөгү
жана денесиндеги сөөктөрдөгү бүктөлүштөр фоссилдердин эволюционисттер тарабынан
«примитивдүү бир адам түрү» катары бааланышына жол ачкан.
1908-жылы эми Франциянын La
Chapelle-aux-Saints аймагында неандертал адамына
тиешелүү делген, дээрлик кемчиликсиз бир скелет табылган. Сөөктөр ошол учурдун
атактуу палеонтолог жана геологу Марселин Буль (Marcellin Boule) тарабынан бириктирилген.
Бул бириктирүү натыйжасында келип чыккан неандертал адамы бүкүрөйүп туруп,
алдын көздөй чыккан бир башы бар эле. Мындан тышкары, буттары да ашыктарында
кулптанып, толук түз тура албайт эле.
Бул көрүнүш аркылуу неандертал адамы адамдардын аң-сезиминде примитивдүү
бир жандык катары орун алды. Неандерталецтер жасалма сүрөттөрдө дагы
примитивдүү маймыл адамдар катары көрсөтүлүштү.
Неандерталец жөнүндөгү бул туура эмес түшүнүк 100 жылдай созулду. Бирок
1950-жылдары Ла Шапель скелетине жасалган анализдер
скелеттин ээси болгон неандерталец адамынын ашыгында бир инфекциясы бар экенин аныктаган. Чындап ден-соолугу жайындагы
индивиддер кадимки адамдай тик туруп баса алат эле.
1985-жылы ушул эле скелет бул жолу
Эрик Тринкаус (Erik Trinkaus) аттуу антрополог тарабынан изилденген. Бул изилдөө неандерталецтердин тик
басканын тастыктагандан тышкары, ошол кезге чейин жашырылган бир чындыкты да
ачыкка чыгарган: Марселин Буль неандерталецти атайылап бүкүрү көрсөткөн эле.74
1950-жылдары аныкталган ашык оорусу бул жандыктын тик туруп басышына тоскоол эмес эле.
Дарвинист Бульдун неандерталецтин чыныгы бир адам сыяктуу тик басканын кабыл
алгысы келбегени түшүнүктүү болгон.
Э. Тринкаус менен В.В. Ховеллс Scientific
American журналындагы бир сөзүндө мындай
дешкен:
Азыр көп илимпоз неандерталец адамынын толугу менен тик турганына жана бир
оору жок учурларда өзгөчөлүктөрүнүн азыркы адамдан эч айырмасы жок экенине
кошулат.75
Ошондой эле, неандерталецтердин баш сөөгүнүн көлөмү дагы эволюционисттерди
парадоксалдуу абалга салган. Мунун себеби – неандерталецтердин башынын
чоңдугунун 1700 сс тегерегинде болушу эле. Бул азыркы адамдыкынан 200 сс
чоңураак. Хомо сапиенстен башы
чоңураак болгон неандерталецтердин эволюциялык жактан «примитивдүү» бир түр
болушу теорияга абдан карама-каршы келет.
Неандерталец адиси Эрик Тринкаус бул түр жөнүндөгү чындыкты мындайча
мойнуна алган:
Неандерталецтердин анатомиясында же кыймыл, шайман колдонуу, мээ деңгээли
жана сүйлөө жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрүндө азыркы адамдан төмөн саноого
мүмкүн болгон эч нерсе жок.76
Албетте, неандерталецтер бир адам расасы болгондуктан, азыркы расалар менен
бирдей өзгөчөлүктөргө ээ. Неандерталец адамы жөндөмдүү бир шайман устасы жана
ийгиликтүү бир аңчы эле. Ал тургай, музыка жана искуство менен алектенчү.
Азыркы коомдор сыяктуу маданий жана социалдык түзүлүшкө ээ эле, диний
ишенимдери бар эле.77 Ошондуктан неандерталецтер түзгөн маданият
азыркы маданияттардан көп айырмалуу эмес эле.
Неандерталецтер менен байланыштуу дарвинисттерди туюкка такаган башка бир
жагдай – бул убакыт белгилөө көйгөйү. Табылган фоссилдер неандерталецтер менен
азыркы адамдардын бир учурда жашаганын, ал тургай кээ бир учурларда кийин да жашаганын көрсөтүүдө.
Калифорния университетинен эволюционист биолог Франциско Ж. Аяла (Francisco J. Ayala) муну мындайча
сүрөттөйт:
Неандерталецтер анатомиялык жактан заманбап адамдардын атасы деп кабыл
алынчу, бирок эми заманбап адамдардын эң аз 100.000 жыл мурда пайда болгонун
билебиз, неандерталец фоссилдери жоголушунан бир топ мурда. Ортоңку чыгыштагы
үңкүрлөрдө анатомиялык жактан заманбап адамдардын фоссилдеринин
неандерталецтерден мурда да, кийин да чыгышы таң калыштуу. Бул үңкүрлөрдөгү кээ
бир заманбап адамдар 120.000-100.000 жыл мурдага тиешелүү, неандерталецтер
болсо 60.000-70.000 жылдык; заманбап адамдардан 40.000 жылдан кийин келет. Эки
форма башка аймактардан көчүп кайра кайра бир-биринин ордуна келгени же чогуу
жашаганы же болбосо генетикалык булгануу болгону белгисиз.78
Ошондуктан адамдын «маймыл сымал атасы» катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган
неандерталецтер – тукум курут болгон бир адам расасы. Учурда адамдардын өз
расасына тиешелүү ар кандай өзгөчөлүктөрдө болушу сыяктуу, бул түр дагы бир
расанын өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул өзгөчөлүктөрдүн эволюцияга бир далил катары
колдонулушу чоң бир көз бойомочулук. Неандерталец адамы фоссили 1978-жылы
илимий булактардан чыгарылган. Бирок неандерталецтер дагы эле эволюциянын эң
чоң далилиндей дарвинисттик булактарда орун алып келатат.
Учурда неандерталец адамы менен байланыштуу спекуляциялардын дагы эле кээ
бир эволюционист булактарда улантылышындагы максат – неандерталецтер менен
байланыштуу чындыктарды билбеген, бул жасалма ортоңку форманын илимий жактан
жокко чыкканын билбеген адамдарды алдоо. Мына ушул себептен австралопитектер менен неандерталецтер
жөнүндөгү чындыктарды ар мүмкүнчүлүктө айтып, дарвинисттик алдамчылыкты
токтотуу чоң мааниге ээ.
12. Пилтдаун адамы бир көз бойомочулук
Таанымал бир доктор жана үйрөнчүк бир палеонтолог Чарльз Доусон (Charles Dawson) 1912-жылы
Англияда Пилтдаунга жакын бир чуңкурда бир ээк сөөгү менен бир баш сөөгүнүн
бөлүгүн таптым деп айтып чыккан. Ээк сөөгү маймыл ээгине окшосо, тиштер менен
башы адамдардыкына окшош эле. Алынган фоссилдер «Пилтдаун адамы» деп аталды,
500 миң жылдык бир убакыт бычылды жана фоссил адамдын «эволюциясына» эң маанилүү
далил катары Англиядагы British Museum'да көргөзүлүп баштады. 40 жылдан ашуун бир убакыт бою ал
жөнүндө көптөгөн илимий макалалар жазылды, жоромолдор жасалып, сүрөттөр
тартылды. Дүйнөнүн ар кайсы университетинен 500дөн ашуун илимпоз Пилтдаун адамы
жөнүндө доктордук диссертация жазды.79
Таанымал америкалык палеоантрополог Х.Ф. Осборн 1935-жылы British Museum'ду зыярат
кылганда, «табият сюрприздерге толо; бул адамзаттын тарыхтан мурдакы доорлору
жөнүндө маанилүү бир табылга» деген.80
Бирок Пилтдаун адамы чоң бир көз
бойомочулук, атайылап жасалган чоң
бир тузак эле.
1949-жылы болсо British Museum'дун палеонтология бөлүмүнөн Кеннет Окли (Kenneth Oakley) жаңы бир жаш
аныктоо ыкмасы болгон «фтор тести» ыкмасы менен
кээ бир эски фоссилдерди текшерип көргүсү келди. Бул ыкма менен Пилтдоун адамы
фоссилине бир эксперимент жасалды. Жасалган тестте Пилтдоун адамынын ээк
сөөгүнүн эч фтор камтыбаганы аныкталды. Бул ээк сөөгүнүн топурактын астында бир канча жылдан көп турбаганын көрсөтөт
эле. Аз санда фтор камтыган баш сөөгү болсо болгону бир канча миң жылдык гана
болушу керек эле.
Фтор ыкмасына таянып жасалган кийинки хронологиялык изилдөөлөр баш сөөгүнүн бир канча миң жылдык гана экенин
аныктады. Ээк сөөгүндөгү тиштердин жасалма
жол менен эскиртилгени, фоссилдердин жанынан табылган примитивдүү
шаймандардын болсо болот аспаптар менен жонулган кадимки бир жасалма экени түшүнүктүү болду.81
Вайнер жасаган терең анализдер менен бул көз бойомочулук 1953-жылы толук
ишенимдүүлүк менен жарыяланды. Баш сөөгү 500 жылдык бир адамга, ээк сөөгү болсо
жаңы өлгөн бир орангутанга тиешелүү эле! Тиштер адамдын тишиндей көрүнүшү үчүн
кийин атайылап салынып, тизилип, уланган жерлери туураланган эле. Андан соң бүт
бөлүктөр эски көрүнүшү үчүн калий-дихромат менен бойолгон эле. Бул бойоктор
сөөктөр кислотага салынганда жоголуп кеткен. Көз бойомочулукту ачыкка чыгарган
топтон Ле Грос Кларк «тиштерди эскиргендей көрсөтүү үчүн жасалма өзгөртүүлөр
жасалганы ушунчалык апачык; кантип бул белгилер байкалбай калды экен?» деп таң
калуусун жашыра алган эмес.82
Бул таң калыштуу чындыкты илимпоз Хэнк Ханеграаф мындайча айткан:
Марвин Любеновдун айтуусу боюнча: «астыңкы ээктеги орангутан тиштеринин
бетиндеги жылмалоо издери апачык көрүнүп турган. Азуу тиштер туура эмес
тизилген эле жана эки башка бурчтан жылмаланган эле. Иттин тиши да эки башка
бурчтан жылмаланган эле. Иттин тиши ушунчалык терең жылмалангандыктан,
пульпанын көңдөйү ачылып калып, кийин ичи толтурулган эле.»83
Эволюционист биолог Кейт Стюарт Томсон пилтдаун адамы менен байланыштуу бул
чоң калпты «1912-жылкы пилтдаун адамы көз бойомочулугу бүт илимий көз
бойомочулуктардын эң ийгиликтүү жана эң арамзаларынын бири.»84 деп
жоромолдогон.
Бул таң калыштуу жана дарвинисттерди уялта турган ачылыштан соң пилтдаун
адамы 40 жылдан ашуун убакыттан бери көргөзмөдө турган British Museum'дан шашылыш түрдө алынып
салынды. Дарвинист көз бойомочулук ушунчалык чоң масштабда эле; 40 жыл бою
колдо жасалган бир фоссил бүт илим чөйрөлөрүн жана бүт адамзатты алдаган эле.
Албетте, бул эволюция тарыхынын эң чоң кара тактарынын бири катары өз ордун
табат эле. Эволюционист антропология профессору Пэт Шипман бул чоң
алдамчылыктын таасирин мындайча сүрөттөгөн:
Табылышы 1912-жылы
жарыяланган пилтдаун фоссилдери бул калдыктардын арамзалык менен
жайгаштырылган, өзгөртүлгөн бир көз бойомочулук экени аныкталганга, б.а.
1953-жылга чейин палеоантропологиянын эң чоң мээлеринин көпчүлүгүн алдады.85
Журналист, жазуучу жана философ Малькольм Маггеридж (Malcolm Muggeridge) болсо пилтдаун адамы фоссили
сыяктуу көз бойомочулуктар менен сактап калууга аракет кылынган дарвинизмдин
бүт адамзатты салган абалын мындайча баяндаган:
Эволюция теориясынын, өзгөчө ал иш жүзүнө ашырылган тармактардын келечекте
тарых китептериндеги эң чоң тамаша темаларынын бири болооруна көзүм жетти.
Келечек урпактар абдан күчсүз жана күмөндүү гипотезанын таң калыштуу бир
аңкоолук менен кабыл алынганын таңыркоо менен тосуп алат...86
Пилтдаун көз
бойомочулугу өз ойлорунда жаратылуу ишенимин адамдардын ойунан өчүрө алуу,
«адам кокустан, өзүнөн-өзү, эч кимдин алдында жоопкерчиликсиз пайда болду»
деген калпка адамдарды ишендире алуу үчүн жасалган, дажжалдык система болгон
атеист масондуктун бир оюну. Бирок Аллахтын кереметтүү жаратуусу жана теңдешсиз
жараткан нерселери ушунчалык ачык көрүнүп тургандыктан, учурдагы илим менен
жеткен чекте аларды көрбөй койуу мүмкүн эмес. Дажжалдын дүйнөлүк масштабдагы
мындай пайдасыз аракеттери аны менен аны ээрчигендерди уят кылып, дарвинизм
калпынын чоң бир ийгиликсиздик экенин апачык көрсөтүүдө. Улуу Раббибиз Аллах
адамды кандайча жаратканын аяттарында кабар берген жана ааламдагы бүт далилдер
бул улуу жаратууну апачык көрсөтүүдө:
Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды
жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпагын бир маңыздан (сүлаледен),
болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага
рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз
шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)
13. Небраска адамы бир көз бойомочулук
1922-жылы Америка табият тарыхы музейинин мүдүрү Генри Фэрфилд Осборн (Henry Fairfield Osborn) Батыш Небраскадагы Жылан дарыясына жакын жерден плиоцен дооруна тиешелүү
бир азуу тиштин фоссилин тапканын айткан. Бул тиш, анын айтуусу боюнча, адам
менен маймылдардын орток өзгөчөлүктөрүнө ээ эле. Көп өтпөстөн бул жөнүндө
илимий талкуулар башталган. Кээ бирлери бул тиштин ээсин питекантроп эректус деп жоромолдосо, кээ бирлери бул адамга
көбүрөөк жакын дешкен. Чоң талкууларды жараткан бул тиш фоссили «Небраска
адамы» деп аталган. «Илимий» аты да көп өтпөстөн пайда болду: Hesperopithecus haroldcooki.
Бул жалгыз тишке таянып Небраска адамынын баш сөөгү жана денесинин
реконструкциялары жасалды. Ал тургай, андан да алга кетип, Небраска адамынын
бүлөсүнүн табият шарттарындагы сүрөттөрү жарыяланды. Бул сценарийлердин баары
бир даана тиштен чыгарылган эле. Эволюционист чөйрөлөр бул «кыялдагы адамды»
ушунчалык жакын кабыл алышкандыктан, Уильям Брайан аттуу бир изилдөөчү бир
даана азуу тишке таянып мынчалык алдын-ала чечим чыгарууга каршы чыкканда, бүт
соккуларды жеген.
Бирок 1927-жылы скелеттин башка бөлүктөрү да табылган. Табылган жаңы
бөлүктөргө караганда бул тиш маймылга да, адамга да тиешелүү эмес эле. Тиштин Prosthennops деп аталган Америка жапайы
каманынын тукум курут болгон бир түрүнө тиешелүү экени түшүнүктүү болду. Уильям
Грегори бул жаңылыштыкты угузган Science журналындагы макаласына мындай
тема койгон эле: «Hesperopithecus маймыл да, адам да эмес көрүнөт.»87
Илимпоз Хэнк Ханеграаф бул жөнүндөгү окуяларды мындайча баяндайт:
1922-жылы Небраскада бир тиш табылды. Бир аз кыялдануу күчү менен бул тиш
мифологиялык бир ээк сөөгүнө, ээк сөөгү бир башка, баш бир скелетке
жайгаштырылды. Жана скелетке бир жүз, өзгөчөлүктөр жана түктөр кошулду. Бул
аңгеме Лондон гезиттерин урганда «Небраска адамынын» эле сүрөтү эмес, ошол эле
учурда «Небраска аялынын» да сүрөтү бар эле. Булардын баары бир даана тиштен
пайда болгон эле. Бир скелет табылганда, эмнелер болоорун сиз ойлоп көрүңүз.
Балким бир жылдык жарыяланмак.
Бул ачылыштан бир аз убакыттан соң ушуга окшош бир тиш геолог Гарольд Кук (Harold Cook) тарабынан
табылды. Анан тиш чыныгы башына жайгаштырылды жана баш болсо бир жапайы
камандын скелетине жайгаштырылды. Ошентип «илимий» Hesperopithecus haroldcookii деп аталган Небраска адамынын бир миф катары маскасы
ачылды.88
Бул окуя натыйжасында Hesperopithecus haroldcooki менен «үй-бүлөсүнүн» бүт сүрөттөрү шашылыш түрдө китептерден алынып
салынды. Небраска адамы негизи дарвинисттердин бир даана тишти шылтоо кылып
кандайча кыялдан бир эволюция сценарийи чыгара алаарынын маанилүү бир
көрсөткүчү. Тиш фоссили жандыктын жалпы анатомиясы жөнүндө дээрлик эч кандай
маалымат бербегенине карабастан, бир жапайы камандын тишине таянуу менен
Небраска адамынын жана үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүнүн тартылышы жана бул көз
бойомочулуктун ачыкка чыкканга чейин илим катары жайылтууга аракет кылынышы чоң
бир логикасыздык, дарвинизм үчүн чоң бир уят. Бирок бул мисал дарвинисттик көз
бойомочулуктарды токтотпой, дарвинисттик калптар пландуу түрдө улантылган.
14. Өнөр-жай
көпөлөктөрү пикири бир көз бойомочулук
19-кылымдын ортолорунда Англияда өнөр-жай төңкөрүшү башталган кездерде
өнөр-жай жыш аймактардагы дарактардын кабыктары ачык түстө болгон. Ушул
себептен бул дарактардын үстүнө конгон
Biston betularia түрүндөгү көпөлөктөрдүн карараак түстүү варианттары (меланикалык көпөлөктөр) ал жерде азыктанган канаттуулар тарабынан оңой
байкалып, азыкка айланган. Бирок
элүү жылдан соң өнөр-жай түтүндөрү натыйжасында дарактарды орогон бир мох түрү
болгон эңилчектер өлүп, дарак
сырттары карарат. Эми болсо ачык түстүү көпөлөктөр дарак үстүндө жакшыраак
көрүнгөндүктөн, канаттууларга көбүрөөк азык болуп башташат. Натыйжада ачык түстүү көпөлөктөрдүн саны
азайып, карараак түстүү меланикалык көпөлөктөр жем болбогон үчүн көбөйүшөт.
Эволюционисттер буга табигый тандалуу менен эволюция пикирине маанилүү бир
далил деп бекем жабышышты. Андан соң кадимки көз бойомочулук ыкмасын колдонуп,
ачык түстүү көпөлөктөр акырындап эволюциялашып карараак түстүү көпөлөктөргө
айланат деген бир көз бойомочулукка киришишти. Бул пикир «иштеги эволюция» (evolution in action) аты менен бүт дүйнөгө жарыяланды. Чынында болсо чындык такыр башкача эле,
ал көпөлөктөр эч кандай эволюциялык бир өзгөрүүгө дуушар болбостон, чоң
дарвинисттик алдамчылык жасалып жаткан эле.
Дарвинист бир медицина доктору жана үйрөнчүк биолог Кеттлвелл (H.B.D. Kettlewell) 1953-жылы
бир катар эксперимент жасап, бул кубулушка байкоо жүргүзүүнү чечти. Англиянын
кырларында бул көпөлөктөр жашаган жерлерде байкоо жана эксперименттерди жасады.
Кеттлвелл эксперименттери натыйжасында ачык түстүү эңилчектер бар дарактардын
үстүндө карараак түстүү көпөлөктөрдүн көбүрөөк жем болгонун аныктады. Жана муну
дарвинизм үчүн чоң бир табылгадай Scientific
American журналында "Darwin's Missing Evidence" (Дарвиндин кайып далили) темасы менен жар салды.
1960-жылга келгенде Кеттлвеллдин аңгемеси бүт окуу китептеринде орун алган эле.
Бул пикир айтылгандан дээрлик бир жылдан соң, 1985-жылы болсо бул жердеги
кызыктай жагдайлар байкалып баштады. Крейг Холдридж (Craig Holdrege) аттуу жаш бир америкалык
биология мугалими жасаган изилдөөлөрү натыйжасында Кеттлвеллдин жакын досу жана
анын эксперименттерине катышкан Сэр Кирилл Кларктын (Sir Cyril Clarke) жазгандарынан кызыктуу бир
сөздөрүн көрдү. Кларк мындай деген эле:
Биз байкаган жалгыз нерсе көпөлөктөрдүн күнүн каерде өткөрбөгөнү гана
болду. 25 жыл ичинде, дарактардын үстүнөн же биз курган тузактардын жанындагы
дубалдардан эки даана Betularia гана таба алдык.89
Холдридж көп убакыттан бери окуучуларына дарактардын үстүнө конгон
көпөлөктөрдүн сүрөттөрүн көрсөтүп, канаттуулардын жакшыраак көрүнгөндөрүн
тандап кармаганын айтып келген эле. Бирок эми бул көпөлөктү 25 жыл бою
изилдеген бирөө буларды дарактарга конгон абалда эки жолу гана көргөнүн айтып
жаткан эле. Көп өтпөстөн бул аңгеме күчтүү бир илимий талаш-тартышка айланды.
Аягында жасалган илимий изилдөөлөр төмөнкүдөй жыйынтык чыгарган эле:
Кеттлвеллдин эксперименттеринен кийин жасалган көп изилдөө бул
көпөлөктөрдүн бир тибинин гана дарак үстүнө коноорун, башка бүт типтердин
туурасынан кеткен бутактардын астыңкы тараптарын тандаарын аныктады.
1980-жылдардан баштап көпөлөктөрдүн дарактарга абдан сейрек коноорун бүт баары
кабыл алды. Бул темада 25 жыл эмгектенген Cyril Clarke жана Rory Howlett,
Michael Majerus, Tony Liebert, Paul Brakefield сыяктуу көп илимпоздор «Кеттлвеллдин экспериментинде көпөлөктөрдүн табигый
эмес кыймыл-аракетке мажбурланганын, эксперимент натыйжаларын ушул себептен
илимий кабыл алуу мүмкүн эместигин» айтышкан.
Кеттлвеллдин
экспериментин анализдеген изилдөөчүлөр мындан да так бир жыйынтыкка келишкен:
Англиянын булганбаган аймактарында ачык түстүү көпөлөктөрдүн көбүрөөк болушу
күтүлгөнү менен, карараактардын катышы ачык түстүүлөрдөн төрт эсе көп эле. Б.а. Кеттлвелл айткандай жана дээрлик бүт
эволюционист булакта кайталангандай, көпөлөк санындагы катыш менен дарак
кабыктары арасында бир байланыш жок эле.
Америкалык лепидоптерист
(көпөлөктөр жөнүндө илимий изилдөө жасаган киши) Тед Сарджент (Ted Sargent) жана башка изилдөөчүлөр
бул көпөлөктөр дарак кабыктарына конбойт, дарактардын бийик бутактарынын астына
жашынат деген чындыкка көңүлдөрдү бурду. Бул мындай турсун, ал көпөлөктөр
күндүз уктап, түнкүсүн учушат эле. Б.а. канаттуулар уктап жатканда!90
Мунун негизи изилденген сайын скандал андан да чоңойду: Кеттлвелл тарабынан
сүрөткө тартылып алынган «дарак кабыгындагы көпөлөктөр» чынында өлүү көпөлөктөр эле. Чынында көпөлөктөр
дарактын үстүнө эмес, бутактардын асты жагына конгондуктан, мындай сүрөткө
тартып алуу кыйын эле. Ошондуктан Кеттлвелл бул өлүк жандыктарды ийне жана клей
менен даракка карматып, сүрөткө тартып алган эле.91
Дарвинисттер болжол менен бир кылым бою мактанып, илимий бир далилдей
көрсөткөн көпөлөктөрдүн алдамчылык гана экени аныкталган соң New York Times мындай жоромол жасаган:
Иштеги эволюциянын эң белгилүү мисалы эми эң чоң шылдыңга айланды болуш
керек.92
Чикаго университетинин эволюция биологу Джерри Койн (Jerry Coyne) бул чоң алдамчылыкты 1998-жылы билгенде, көп жылдар бою
окуучуларына окуткан өнөр-жай көпөлөктөрү аңгемесинин бир алдамчылык экенинен
улам «уялганын» жазып, мындай деген: «бул 6 жашымда жаңы жыл алдында белектерди
аяз ата эмес, атам алып келээрин түшүнгөндөгү өкүнүчүм сыяктуу эле.93
Бүт бул чындыктардын ортого чыгышы менен бирге «Дарвиндин кайып далили» деп
көрсөтүлгөн өнөр-жай төңкөрүшү көпөлөктөрү аңгемесинин ири бир алдамчылык гана
экени түшүнүктүү болду. Он жылдар бою дүйнөнүн төрт тарабында жүз миллиондогон
адам дарак кабыктарына ийнеленген бир канча өлүк көпөлөктүн сүрөтү жана
тынымсыз кайталанган эски бир аңгеме менен жалган маалымат алышты. Чыныгы
чындык мындай: Дарвин муктаж болгон далилдер жок жана алар бир күнү табылбайт
дагы. Себеби жандыктар эволюциялашкан
эмес.
Кызыгы, өнөр-жай
доору көпөлөктөрү дагы эле кээ бир окуу китептеринде бир эволюция далили катары
көрсөтүлүп келатат. Дарвинисттер ушундайча мунун бир алдамчылык экенин билбеген
жаш мээлерди алдоону максат кылышууда. Бирок апачык белгилүү болуп турса дагы
бир алдамчылыкты дагы эле далил катары көрсөтүүгө аракет кылуу – дарвинизмдин
чарасыздыгынын, далилсиздигинин жана идеологиялык бир алдамчылык гана
экендигинин далили. Жаратылуунун чындык экени апачык. Бул апачык чындыктан
качкан дарвинисттер калп менен көз бойомочулук бир чара болот деп ойлошууда.
Чынында болсо Аллах тузакты, жалган жана жасалма динди сөзсүз жок кылат.
Айткын: «Чындык келди, батыл (жалган) жок болду. Эч шексиз, батыл жок болуучу.» (Исра Сүрөсү,
81)
15. Геккельдин эмбрион
сүрөттөрү бир көз бойомочулук
Эрнст Геккель (Ernst Haeckel) 1868-жылы жазган Natürliche Schöpfungsgeschichte (Табигый жаратылыш тарыхы) аттуу китебинде адам, маймыл
жана ит эмбриондорун колдонуп кээ бир салыштырууларды жасаганын айткан. Тарткан
сүрөттөрү бир-бири менен дээрлик бирдей жандык эмбриондорунан турган эле.
Геккель бул сүрөткө таянуу менен бул жандыктар орток бир тамырдан келип чыккан
деген.
Бирок чынында абал башкача эле. Геккель бир даана эмбрион сүрөтүн тартып,
андан соң муну атайылап кичине кичине өзгөртүп, адам, маймыл, ит эмбриону деп
тизип койгон эле. Б.а. апачык көз бойомочулук жасаган эле.
Дарвин Адамдын келип чыгышы
китебине булак катары көрсөткөн «илимий эмгек» (!) мына ушул эле. Негизи Дарвин
бул китепти жазаардан мурда Геккельдин сүрөттөрүнүн бир бурмалоо экенин
байкаган кишилер болгон эле. Ал тургай, Геккель өзү дагы калпычылыгы аныкталган
соң жасаган бул илимий алдамчылыгын мойнуна алган эле:
Бул кылган алдамчылыгымды мойнума алган соң өзүмдү күнөөкөр жана айыптуу
сезишим керек. Бирок мени соороткон жагдай мындай; айыптуу абалдагы жүздөгөн
курдаш, көптөгөн ишенимдүү байкоочу жана белгилүү биолог бар, алар чыгарган эң
жакшы биология китептеринде, гипотезаларында жана журналдарында мендей даражада
жасалган алдамчылыктар, так эмес маалыматтар, аз көп бузулган, схемага салынып
кайрадан жасалган сүрөттөр бар.94
Бирок дарвинисттер боюнча, дарвинизм догмасы сакталып калынышы үчүн колдогу
анча-мынча жасалма далилдердин бирөөсү тигил же бул жол менен адамдарга
«эволюция далили» катары жарыяланышы керек эле. Алар жасаган алдамчылык же анын
башка дарвинисттер тарабынан байкалышы маанисиз эле; дарвинисттер боюнча, эң
негизгиси жасалма болсо дагы адамдарга бир эволюция далилин сунуу керек эле.
Мына ушул себептен алдамчылык экени көрүнүп турса дагы, Дарвин менен аны
колдогон биологдор Геккельдин сүрөттөрүн булак катары кабыл алууну улантышты.
Бул болсо Геккельге дем берди. Геккель кийинки жылдары дагы бир катар
салыштырмалуу эмбрион сүрөттөрүн жасады. Балык, саламандр, бака, тоок, койон
жана адам эмбриондорун катар көрсөткөн схемаларды даярдады. Бул схемаларда
көңүл бурган жагдай – башка башка жандыктардын эмбриондорунун башында
бир-бирине абдан окшошушу, өрчүү учурунда акырындап өзгөчөлөнүшү эле. Өзгөчө
адам эмбрионунун балык эмбрионуна болгон окшоштугу абдан даана эле. Адам
эмбриону сүрөттөрүндө дал балыктагы сыяктуу «бакалоорлор» да көрүнүп турган.
Геккель бул сүрөттөр берген «илимийлик» көрүнүшү менен «рекапутиляция
теориясын» жарыялады: «онтогенез филогенезди кайталайт» (индивиддин пайда
болушу урпактын пайда болушун кайталайт). Бул слогандын мааниси мындай:
Геккельдин ою боюнча, ар жандык жумурткасында же энесинин жатынында өткөргөн
өрчүү учурунда өз түрүнүн «эволюция тарыхын» кайталайт эле. Бул жалганчы теория
боюнча, адам эмбриону эне курсагында башында балыкка окшошот, кийинки жумаларда
саламандр, сойлоочу, сүт эмүүчү сыяктуу этаптардан өткөн соң адамга
«эволюциялашат» эле.
Чынында болсо бул чоң бир көз бойомочулук эле.
1990-жылдары англиялык эмбриолог Майкл Ричардсон (Michael Richardson) омурткалуулардын эмбриондорун
микроскоп менен изилдеди жана алардын Геккельдин сүрөттөрүнө эч окшобогонун
аныктады. Ричардсон менен анын командасы изилдөөлөрүнөн соң 1997-жылы августта Anatomy and Embryology журналында эмбриондордун чыныгы сүрөттөрүн жарыялады. Натыйжада Геккельдин
тарткан сүрөттөрүндө ар кандай калып дизайндарды колдонуп, эмбриондор
бир-бирине окшошу үчүн ар кандай жасалмалыктарды жасаганы белгилүү болгон.
Эмбриондорго өз оюнан органдарды кошуп, кээ бирлеринен органдарды алып салып,
чоңдугу ар башка эмбриондорду бирдей чоңдукта көрсөткөн эле. Геккель адам
эмбрионунда «бакалоор» деп көрсөткөн жарыктардын болсо бакалоорлорго эч тиешеси
жок эле: булар чынында адамдын ортоңку кулак каналынын, паратироиддердин жана
тимус бездеринин башталгычтары эле. Эмбриондор чынында бир-бирине такыр
окшошпойт эле. Геккель өз сүрөттөрүндө мүмкүн болгон бүт жасалмалыкты жасаган
эле.
Көп убакыт бою жасалма бир эволюция далили катары актуалдуу сакталган Геккельдин
сүрөттөрү 1997-жылы 5-сентябрьда Science журналында «Геккельдин
эмбриондору: көз бойомочулук кайрадан аныкталды» деген тема менен
жарыяланганда, көз бойомочулук бар экенин бүт илим дүйнөсү кабыл алган. Бул
макалада төмөнкү маалыматтар орун алган:
Ричардсон менен командасынын айтуусу боюнча, Геккель органдарды кошуп же
алып салуу менен эле тим болбостон, ар башка түрлөрдү бир-бирине окшош көрсөтө
алуу үчүн масштабдарын өзгөртүп, кээде эмбриондорду чыныгы көлөмүнөн он эсе
башкача көрсөткөн. Ал тургай, Геккель айырмачылыктарды жашыруу үчүн түрлөрдүн
ысымын айтуудан качынып, бир даана түрдү бүт бир айбан тобунун өкүлүндөй
көрсөткөн. Ричардсон менен командасынын айтышы боюнча, чынында бир-бирине абдан
окшош болгон балык түрлөрүнүн эмбриондорунда дагы көрүнүшү жана өрчүү
баскычтары жагынан абдан чоң айырмачылыктар бар. Ричардсон «(Геккельдин
сүрөттөрү) биологиядагы эч чоң көз бойомочулуктардын бириндей көрүнөт» дейт.95
2000-жылы мартта Гарвард университетинен эволюционист палеонтолог Стивен
Джей Гоулд болсо бул көз бойомочулукту көптөн бери билгенин айткан. Бирок
дажжал системасынын бир талабы катары унчукпоо жолун тандаган.96
Сүрөттөрдүн бир көз бойомочулук экенин коомчулук билген соң Гоулд бул
сүрөттөрдү дагы эле колдонуунун илимий жактан кылмыш экенин айтып, мындай
деген:
Менимче, заманбап окуу китептеринин көпчүлүгүндө болбосо да көп бөлүгүндө
бул сүрөттөрдүн дагы эле орун алышына мүмкүнчүлүк берген акылсыз бир артка
кайтуу доорунан улам таң калышыбыз да керек, уялышыбыз да керек.97
Геккельдин көз
бойомочулугу ушунчалык ачык жана ушунчалык чоң болгондуктан, Геккель беш
профессор тарабынан көз бойомочулук жасады деп айыпталган жана Йенадагы
университет соту тарабынан кылмышкер деп табылган.98
Англия табият тарыхы музейинен Сэр Гевин де Беер болсо бул чоң илимий уятка
мындайча токтолгон:
Оңой, тартиптүү жана
ынандырарлык, сын-пикирдик бир изилдөө жасалбастан, көп массалар тарабынан
кабыл алынган Геккельдин «рекапитуляция теориясы» сыяктуу абдан сейрек пикир
илимге мынчалык чоң зыян берген эмес.99
Геккельдин бул жасалма сүрөттөрү негизи дарвинисттер жагынан максатына
жеткен. Бул сүрөттөрдүн бир илим көз бойомочулугу экени айтылса да, көп адамдар
бул жасалма сүрөттөрдү чындык деп ойлоп терс таасирленип, илимий жараксыздыгына
карабастан мектептердеги билим берүү адамдын жандыктарга болгон жалпы
көз-карашын терс тарапка өзгөрткөн. Creation Research
Society (Жаратылууну изилдөө уюму) жана Institute of Creation Research (Жаратылууну
изилдөө институту) уюмдарынын куруучусу Генри М. Моррис (Henry M. Morris) муну мындайча баалаган:
Дарвинден – жана өзгөчө Фрейдден – баштап психологдор адамды эволюциялашкан
бир айбан деп ойлошкон жана кыймыл-аракет проблемаларын айбандык бир негизде
баалашкан. Адам проблемаларын карап жатканда, маймылдарга жана башка айбандарга
(ал тургай курт-кумурскаларга) жасалган эксперименттер жол көрсөткүч катары
колдонулган.
Бир топ мурда илимий жактан жараксыздыгы далилденгенине карабастан,
рекапитуляция теориясынын ачуу мөмөлөрү коомдун көп тармактарында жайылып
баштады...100
Илимий мааниде бир уят деп сыпатталган, кээ бир эволюционисттер тарабынан
да бир далил катары көрсөтүлүшү таң калуу менен кабыл алынган Геккельдин
жасалма сүрөттөрү таң калыштуу абалда ар кайсы окуу китептеринде ордун сактап
келатат. Бул таң калыштуу көрүнүш дарвинизм алдамчылыгынын кандай масштабга
жеткенин көрсөтөт. Калифорния университетинен молекулярдык биолог Джонатан
Уеллс бул жөнүндө мындай дейт:
Көптөгөн окуу китеби Геккельдин сүрөттөрүнүн бир аз башкачараак жаңы
версияларын колдонууда. Мунун бир мисалы Peter Raven менен George Johnson'дун Biology аттуу китебинин 1999-ж. басылмасы...
Башка бир мисал Cecie Starr менен Ralph Taggart'тын 1998-жылы чыккан The Unity and Diversity of Life (Жашоонун бирдейлиги жана көп түрдүүлүгү) аттуу китеби.
... James Gould менен William Keeton'дун Biological Science (Биология илими) аттуу китебинин акыркы басылмасында болсо мындай сүйлөм
орун алган: «Дарвинди эволюция пикирине алып барган эмбриологиялык бир чындык –
бул көпчүлүк омурткалуунун алгачкы этаптагы эмбриондорунун бир-бирине окшошушу.»
Burton Guttman'дын
1999-жылы чыккан Biology окуу китеби болсо Геккельдин эмбрион сүрөттөрүнүн кайра
сызылган жаңы версиясын мындай аталыш менен берген: «Бир жаныбардын
эмбриологиялык өрчүшү анын аталарынын түзүлүшү жөнүндө ишарат берет.»101
Геккельдин жасалма сүрөттөрүнүн дагы эле биология окуу китептеринде
эволюцияга бир далилдей колдонулушу, албетте, жөнөкөй бир жаңылыштык эмес.
Жасалма болгонуна карабастан бул сүрөттөргө окуу китептеринен атайын орун
берилүүдө. Мунун, албетте, эң негизги себеби – бул жасалма сүрөттөрдүн
дарвинизмдин негизги пикирине, б.а. «адам жоопкерчиликсиз бир айбан» деген
калпка маанилүү бир жасалма далил болушунда. Джонатан Уеллс дарвинист
илимпоздор атайылап жактоосун уланткан бул калп жөнүндө мындай дейт:
Геккельдин эмбриондору Дарвин теоремасына ушундай күчтүү бир «далил»
сунгандыктан, ал эмбриондордун бир версиясы дээрлик эволюция жөнүндөгү ар бир
окуу китебинде бар. Бирок, биологдор Геккельдин сүрөттөрдү оюнан чыгарганын бир
кылымдан ашуун убакыттан бери билишет; омурткалуулардын эмбриондору ал
көрсөткөндөй окшош көрүнбөйт эч качан. Ал тургай, Геккель «алгачкы» деп атаган
этап чынында өрчүүнүн ортосу; ал апырткан окшоштуктардан мурдакы өрчүү
этаптарында күчтүү айырмачылыктар байкалат. Төмөнкүнү биология китептеринен
үйрөнө албайсыз: Дарвиндин «эң күчтүү биринчи класс далили» - далилдин бир
теорияга туура келиши үчүн кандайча бурмаланышы мүмкүн экендигинин классикалык
бир мисалы.102
Дажжал пландаган бир
калптын бузуку бир теорияга жасалма далил катары сунулушу жана натыйжалуу болушу
дарвинисттерди кыска убакытка «кубантса» дагы, негизи бул дарвинисттер үчүн бир
кыйроонун кабарчысы. Геккель сызган сүрөттөр менен адамдар даражалуу бир
илимпоздун дарвинизм үчүн канчалык чоң көз бойомочулуктар жасаарын көрүштү. Бул
мисал менен дарвинизмдин дайыма бир калпка муктаж экени дагы бир жолу
далилденди. Эволюционист илимпоздордун көз бойомочулукту кантип көрмөксөн
болушу мүмкүн экени апачык көрүлдү. Геккельдин көз бойомочулугу жаратылуу
алдында эволюция теориясынын, дажжал системасынын жок болгондугунун дагы бир
маанилүү далили. 20-кылымда бул көз бойомочулуктун ачыкка чыгышы үн-сөзсүз
тосуп алынган болушу мүмкүн. Бирок 21-кылым ушул жана ушул сыяктуу көз
бойомочулуктар апачык ортого коюла турган жана чыныгы илимий далилдер көрсөтүлө
турган кылым. Көз бойомочулуктар ачыкка чыгарылган сайын жана чыныгы илимий
далилдер келген сайын дарвинизмдин кыйрашы дагы, албетте, даанараак көрүнүүдө.
16. Аттын эволюциялык катары бир көз бойомочулук
1879-жылы ошол
учурдун таанымал эволюционисттери арасынан эки ысым «аттын эволюциясы»
сценарийине далил катары көрсөтүүгө аракет кылынган жандыктар менен байланыштуу
изилдөөлөрдү алга жылдырып, дарвинисттер көп жылдар бою жарыялай турган ат
катарын түзүштү. Америкалык фоссил изилдөөчү Гофониил Чарльз Марш менен Томас
Гексли (Дарвиндин бульдогу деп да эскерилет) кээ бир туяктуу фоссилдерди арткы
жана алдыңкы буттарындагы тырмактарынын санына жана тиш түзүлүшүнө карап тизүү
менен бир схема түзүштү. Мурдараак Сэр Ричард Оуэн тарабынан 1841-жылы Hyracotherium деп аталган
кичинекей бир сүт эмүүчү фоссили эволюцияны эске сала турган абалда кайрадан
аталып, «таңкы ат» маанисине келген Eohippus деген атка ээ болгон
эле. Пикирлерин схемалары менен бирге American Journal of Science аттуу
журналда жарыялаган бул экөө бир кылым бою музей жана окуу китептеринде Eohippus'тан азыркы
аттарды көздөй катарга тизилген –«эволюциянын» далили катары көрсөтүлө турган-
катардын негизин түзүшкөн. Бул «катардын» этаптары катары көрсөтүлгөн маанилүү
категориялар Eohippus, Orohippus, Miohippus, Hipparion жана аягында
азыркы ат Equus эле.
Бул ойдон чыгарылган катар кийинки кылым бою аттын «эволюциясына» эң чоң
далил катары көрсөтүлдү. Тырмак санынын азайышы, көлөмү боюнча болсо кичинеден
чоңду көздөй кетүүчү тартиптүү өсүш эволюционисттерди ынандыруу үчүн жетиштүү
болгон.
Кыска убакыттан соң ат катарынын ичинде парадокстор чыгып баштады. Жасалган
казуулардан чыккан жана жасалма ат катарына кошууга аракет кылынган жаңы
фоссилдер маселе жаратты. Себеби фоссилдердин орду, жашы, тырмак саны сыяктуу
өзгөчөлүктөр бир-бирине карама-каршы абалды пайда кылып, катарды бузуп
баштаган. Ат катары бул жаңы табылгалар тарабынан логикасыз жана маанисиз бир
фоссил жыйындысына айланды.
Убакыттын өтүшү менен көп дарвинист аттын эволюциясы сценарийинин чыныгы
далилдерге таянбаганын кабыл алууга мажбур болду. 1980-жылы ноябрьда Чикаго
табият тарыхы музейинде 150 эволюционист катышкан, төрт күнгө созулган жана
баскычтуу эволюция теориясынын маселелери талкууланган бир конференция
жасалган. Конференцияда сөз сүйлөгөн эволюционист Бойс Ренсбергер (Boyce Rensberger) аттын
эволюциясы сценарийинин фоссил калдыктарында эч таянычы жок экенин жана аттын
баскычтуу эволюцияланышы сыяктуу бир процесстин эч болбогонун мындайча айткан:
Болжол менен 50 миллион жыл мурда жашаган төрт тырмактуу, түлкүдөй
чоңдуктагы жандыктардан азыркы чоң, бир тырмактуу атты көздөй бир катар
баскычтуу өзгөрүү болгонун айткан белгилүү аттын эволюциясы мисалынын жараксыз
экени көптөн бери белгилүү. Баскычтуу өзгөрүү ордуна, ар бир түрдүн фоссилдери бүтүндөй
айырмалуу абалда пайда болуп, өзгөрбөй турууда жана кийин тукум курут болууда.
Ортоңку формалар белгисиз.103
Аттын «эволюциясы» жана бул жасалма аттын эволюциясы схемасындагы башка бир
логикасыздык болсо убакыт белгилөө проблемасы. Доктор Николас Комнинеллис бул
жөнүндө мындай дейт:
Аттын эволюциясы долбоорундагы башка бир тоскоолдук болсо – бул убакыт
белгилөө логикасыздыгы. Эволюция теориясы бир түр ошол абалдагы жашоого
жакшыраак адаптация болгону үчүн башка бир түргө эволюциялашууга тенденциялуу
болот деген түшүнүккө таянат. Бул баштапкы түрдүн жок болушуна алып келет.
Аттар мисалында 3 туяктуу түр бир туяктуу түрдөй ден-соолукта болбошу керек
эле. Эволюция түрлөр арасындагы өтүүнүн ишке ашышы үчүн миллиондогон жылды
талап кылат; баштапкы түрдүн жоголушу үчүн көп убакыт болот.
Бирок биз азыр жалгыз туяктуу жана үч туяктуу түрлөрдүн Түндүк Америкада
чогуу жашаганын билебиз. Ат түрлөрүнүн
бир учурда бар болгону эволюция теориясынын түшүндүрмөсүнө бүтүндөй
карама-каршы. Буга кошумча Hyracotherium, Miohippus менен Equus арасындагы кайып
ортоңку звенолор эч табыла алган эмес. Эволюцияга колдоо болуу мындай турсун, аттын тарыхы көбүрөөк атайын
жаратылууга туура келет – азыркы кемчиликсиз жандыктар бир учурда жаратылышкан.104
Аттын эволюциясы сценарийинин жараксыздыгы апачык белгилүү болгонуна жана
мунун дарвинисттер тарабынан да кабыл алынганына карабастан, бул ойдон
чыгарылган катар башка дарвинисттик көз бойомочулуктар сыяктуу дагы эле кээ бир
дарвинист китеп жана окуу китептеринде колдонулууда. Бул катар чындыктай
сунулууда, ал тургай дүйнөгө таанымал палеонтологдор жана илимпоздор башкарган
табият тарыхы музейлеринде апачык көргөзүлүүдө. Дүйнөнүн эң белгилүү
музейлеринин бири Америка табият тарыхы музейинин мүдүрү эволюционист
палеонтолог Др. Найлс Элдридж өз музейинде көргөзмөдө турган ат катары
жөнүндөгү эволюционист пикирлердин ойдон гана чыгарылганын болжол менен 20 жыл
мурда кабыл алган эле. Элдридж бул спекуляциялык катардын окуу китептерине кире
турган абалда илимий бир чындыктай көрсөтүлүшүн да сындаган:
Окуу китептерине
тынчсыздандыра турган санда көп нерсенин чындыктай көрсөтүлүп киргенин мойнума
алам. Мисалы, мунун эң белгилүү мисалы 50 жыл мурда даярдалган жана дагы эле
ылдыйкы кабатта көргөзмөдө турган аттын эволюциясы катары. Бул сансыз окуу
китебинде талашсыз чындыктай көрсөтүлгөн. Мен бүгүн муну өкүнүчтүү деп ойлойм,
себеби мындай аңгемелерди чыгарган адамдар булардын [фоссилдердин] бир
бөлүгүнүн спекуляциялык табиятынан түздөн-түз кабардар деп ойлойм.105
Дарвинист Элдридждин
сөзү абдан туура. Атайылап бурмалоолор дажжалияттын маңызы болгондуктан,
бул системаны кармангандар дагы алдамчылыкты колдонушууда. Жогорудагы бүт
мисалдар дарвинизм алдамчылыгынын бүтүндөй ашкере болгон, жасалмалыгы дарвинист
илимпоздор тарабынан да мажбурлуу түрдө кабыл алынган чоң мисалдар. Бул
мисалдар дажжалият системасынын ички тарабын көрсөтүү үчүн жетиштүү. Бирок
негизи төмөнкүнү эске салуу пайдалуу: эволюция теориясы, б.а. дарвинизм
идеологиясы Аллахты жокко чыгаруу максатын көздөгөн бир калпты негиз тутат.
Ошондуктан дарвинизм айткан ар бир пикир, ар бир сунуш, ар бир далил калп.
Бүгүнкү күнгө чейин сиз уккан бардык «эволюцияга далил табылды» сөздөрүнүн,
«жандыктар эволюциялашты», «адамдын шимпанзе менен орток аталары» сыяктуу
сөздөрдүн бардыгы калп. Дарвинисттер бир калпты жакташат. Мунун себеби алардын
дажжал системасына болгон логикасыз моюн сунуу жана жакындыгы, Аллах ишеними
менен күрөшүү үчүн гана жалган дарвинизм динине болгон эч далилсиз бекем
жакындыгы.
Бирок чынында алар
жалган бир ишенимдин, чоң бир жаңылыштыктын ичинде. Бүт нерсенин Ээси жана
Жаратуучусу Улуу Аллах аяттарында мындайча буюрат:
Ким Исламдан башка бир дин
издесе, эч качан андан кабыл кылынбайт. Ал акыретте да утулгандардан. (Али
Имран Сүрөсү, 85)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder