http://ky.harunyahya.com/ky/works/21697/ТҮБӨЛҮК-ЖАШОО-БАШТАЛДЫ
«Түбөлүктүүлүк» сөзүн сиз
кандай түшүнөсүз?
Чексиз убакыт дегенде көбүнчө
адамдардын ойуна жүз миң жыл, бир миллион жыл же бир миллиард жыл сыяктуу
сандар келет. Бул убакыттар аябай узак, такыр бүтпөчүдөй сезилет. Чексиз
алыстык дегенде да көбүнчө миллиондогон жарык жылдар эске келет.
Чындыгында, булар аябай чектүү
ойлор жана түшүнүктөр. Мындай бир мисал менен чексиздиктин маанисин көрсөтүүгө
болот: жүз катриллион адам болсо, алар жүз катриллион жыл өмүр сүрүшсө жана бүт
жашоосу боюнча башка эч бир жумуш кылышпастан тынбай санашса чексиздикке жете
алышпайт.
Ал эми Аллах ушунчалык чексиз
илимге ээ болгондуктан, адам үчүн «чексиз» болгон жана санап бүтүүгө
мүмкүнчүлүк болбогон бул түшүнүк Аллах кабатында аягына чыккан. Биз үчүн
чексиздик эч кол жеткис сезилет, бирок Аллах кабатында чексиздик жалгыз бир
учур гана...
Колуңуздагы бул китепте
чексиздик, убакытсыздык (убакыттын жоктугу), мейкинсиздик темалары боюнча эч
жерден таба албаган маалыматтарга ээ болосуз жана түбөлүк жашоонун
башталгандыгы жөнүндө таасирдүү мисалдарды көрөсүз. Натыйжада Аллахтын улуулугу
жана жаратуу чеберчилигин түшүнүп, таң калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Адамдарды ар дайым кызыктырган: Аллах каерде, өлүм деген эмне, өлгөндөн кийин
кайра тирилүү, түбөлүк жашоо жана булардын ишке ашуу убактысы сыяктуу
суроолорго жооп аласыз.
Бирок, бул темаларга өтүүдөн мурда темалар оңой
түшүнүлүшү үчүн жашап жаткан дүйнөбүздөгү «заттын чыныгы жүзү» жана
«убакытсыздык» темалары терең каралат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder