Балдар, даярдангыла, бир аздан кийин абдан эбегейсиз жана кереметтүү дүйнөгө кадам таштайсыңар. Ал дүйнөнүн силерди абдан кызыктырган маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Буга чейин силер муну эч байкабаган болушуңар мүмкүн, бирок ал эбегейсиз дүйнөнүн триллиондогон жумушчусу силер үчүн эч тынымсыз иштеп жатышат. Таң калдыңарбы?
Ал кереметтүү
дүйнө – силердин денеңер, ал эми силер үчүн иштеген жумушчулар болсо –
клеткаларыңар. Денеңердин ар бир бөлүгү клеткалардан турат. Ушул учурда денеңерде
силерге кызмат кылып жаткан триллиондогон клеткаңар бар. Ал тургай, силер азыр
бул саптарды окуп жатканыңарда да алар тынымсыз иштеп жатышат. Мисалы, бул
китепти окушуңар үчүн көз клеткаларыңар үзгүлтүксүз иштеп жатат жана
колуңардагы булчуң клеткаларыңар китепти кармоо үчүн чогуу кыймылдашат. Силер дем
алганыңарда алгач кекиртектеги клеткалар, анан өпкөңөрдөгү клеткалар иштейт. Ошол
эле учурда ашказаныңардагы клеткалар да балким бир канча саат мурда жеген
тамагыңарды сиңирүүгө аракет кылып жатышат.
Бул айтылгандар
денеңерде бир саамга да токтобой жүрүп жаткан процесстердин бир канчасы гана. Булардын
баары силерге эч сезилбей жүрүп жатат. Бирок, триллиондогон клетка кантип биригет,
баары эмне кылаарын кайдан билишет жана кантип бирдей иштеп ал процесстердин
баарын аткарышат? Болгондо да, эч кандай башаламандык чыкпайт. Эч бир клеткаңар
башка клеткаңардын милдетин аткарууга аракет кылбайт же «мен бул ишти кылгым
келбейт» дебейт. Болгондо да, денеңердеги бардык процесстер эбегейсиз бат жүрөт.
Бир аздан кийин
денебизде жүрүп жаткан тамак сиңирүү, дем алуу, көрүү, угуу сыяктуу күнүмдүк
процесстердин канчалык кереметтүү экенин чогуу карайбыз. Клеткаларыбыздын бул
процесстер учурунда кээде химикке окшоп химиялык заттарды иштеп чыгаарына, кээде
инженер сыяктуу эсептөөлөрдү жүргүзөөрүнө, кээде болсо башка клетканын
муктаждыктарын камсыздоо үчүн иштээрине күбө болобуз.
Бул процесстердин
баарын көзүбүз менен көрө албагандай кичинекей клеткалардын жасай алышы абдан
таң калыштуу. Болгондо да, денебиздеги клеткалар бул маанилүү иштерди
башкалардан жардам албастан аткарышат. Клеткаларыбыз бизге окшогон адамдар
эмес. Алар бири-бирин көрө да, уга да алышпайт жана «акылмандык менен бир
жумушту жасайын» деп ойлонуп чечим да чыгара алышпайт. Көздөрү да, кулактары
да, мээлери да жок. Бир аздан кийин терең сүрөттөлгөндөй химиялык формулаларды
билип, ошол формулаларга карата заттарды иштеп чыгышат, бирок химия билимин
окушкан эмес. Физика мыйзамдарын билишет жана жарыкты жөнгө салып көрүүбүздү
камсыз кылышат, бирок физиканы да окушкан эмес. Анда булардын баарын кантип
жасашат?
Албетте,
клеткаларыбыз силер таң калуу менен окуй турган бул процесстердин баарын
өздөрүнүн акылы менен жасай алышпайт. Бул иштерди убакыт аралыгында кокусунан
үйрөнө алышпай турганын да оңой эле түшүндүңөр болуш керек.
Биз көзгө
көрүнбөй тургандай кичинекей болгон ошол клеткалардын пландуу иш-аракеттеринин
натыйжасында жашап жатабыз. Булардын баары биздин абдан маанилүү бир акыйкатты
түшүнүшүбүз үчүн. Клеткаларыбызга бул процесстердин баарын жасаткан, аларга эмнелерди
кылаарын үйрөткөн абдан улуу бир акылман бар. Ал чексиз акылман – бизди абдан
жакшы көргөн, биздин бүт кемчиликтерибизди жана муктаждыктарыбызды билген, бүт баарын
жараткан Аллах.
Денебиздеги триллиондогон
клетканын ар бири Аллахтын кемчиликсиз планына ылайык оор милдеттерин
кемчиликсиз аткарышат. Натыйжада биз да эч кыйынчылыксыз жашообузду улантабыз. Силердин
күн сайын эрте менен мектепке баруу үчүн ойгонушуңар, бал жегенде анын таттуу
даамын сезишиңер, каалагандай эркин дем алышыңар, анан мектептин бакчасында
чуркап досторуңар менен оюн ойношуңар, дептериңерге жазышыңар, бул китепти окуй
алышыңар жана башка көптөгөн кыймыл-аракеттериңер Аллахтын силерге болгон мээриминин
жана боорукердигинин натыйжасы.
Аллах дүйнөдөгү бүт
нерселер сыяктуу силерди да кемчиликсиз жаратып, керектүү нерселериңердин баарын
берген. Ошондуктан ар бири дүйнөдөгү эң жакшы белектерден да баалуу болгон
сый-жакшылыктарды бизге берген Раббибизге ар дайым шүгүр кылышыбыз керек.
Ал үчүн Аллахтын
бизге берген тартууларын жакшылап ойлонушубуз шарт. Аллах бизге жол башчы
катары жиберген Ыйык Китебибиз Курандагы аяттарда адамдар ойлонушу үчүн ар
кайсы тармактардан мисалдарды келтирген. Бир аятта Аллах бизге мындай дейт:
Чындыгында асмандардын жана жердин
жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу
нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер
жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында,
шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган
булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында
аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Бул китепте денебиз
тууралуу берилген маалыматтарды чогуу ойлонобуз. Аллахтын адамдын денесин
канчалык кылдат жана кемчиликсиз жаратканын карайбыз. Китепти окуп бүткөн соң
Аллахты көбүрөөк жакшы көрүп, Ага көбүрөөк шүгүр кыласыңар. Айлана-чөйрөңөрдөгү
ойлонбогон адамдарга таң каласыңар жана билгендериңерди аларга да айтып берип
ойлонууну талап кыласыңар.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Балдар, бул китепте
кез-кезде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусуна басым жасоо
үчүн колдонулган «долбоор, план» сөздөрүн кездештиресиңер. Бул сөздүн кандай
максатта колдонулганын туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз
бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан
деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн
кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун
түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах
бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү
болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана
буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү
албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат,
ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)