Эбегейсиз өлчөмүнөн улам адамдын акылы толук элестете албаган аалам алгач пайда болгон күндөн бери кылдат тең салмактуулуктар жана улуу тартип менен эч жолунан адашпай кыймылдоодо. Бул эбегейсиз аалам кантип пайда болгон, кайда баратат жана ичиндеги тартип жана тең салмактуулукту сактаган мыйзамдар кантип иштейт деген суроолор адамдарды ар дайым кызыктырып келген. Илимпоздор бул багытта сансыз изилдөөлөрдү жасап, көптөгөн гипотезаларды жана теорияларды чыгарышкан. Ал теориялар аягында эки негизги категорияга бөлүнгөн.
Биринчи теория аалам чексиз, түбөлүктөн бери бар жана азыркы материясы менен түзүлүшү түбөлүккө чейин сакталат деген ойду жактаган. 20-кылымдын биринчи жарымында популярдуу болгон жана «Туруктуу абал теориясы» (Steady State Theory) деп аталган бул модель боюнча, ааламдын кандайдыр бир башталышы да, аягы да жок. Аалам жоктон жаратылган эмес жана эч качан жок болбойт. Материалисттик философиянын да пайдубалын түзгөн бул теория боюнча, ааламдын түзүлүшү туруктуу (статикалык) деп эсептелген.
Бирок кийинчерээк алынган илимий ачылыштар бул теориянын толугу менен туура эмес экенин көрсөткөн. Аалам туруктуу эмес, тескерисинче тынымсыз кыймылдайт жана тынымсыз өзгөрүүдө.
Илим тарабынан тастыкталган экинчи теория болсо ааламдын бир башталышы бар деген ойду жактаган. Ал теория 1940-жылдары «Чоң жарылуу» (Big Bang) модели деп аталган. Бул модель боюнча, ааламдын бүт материясы болжол менен 15 миллиард жыл мурда бир чекитке чогулган. Ал чекиттин тыгыздыгы чексиз, ал эми көлөмү жок болгон. Бул теория боюнча, ал чекит жарылып, эбегейсиз ылдамдык менен тарай баштаган.
«Эч кандай көлөмү жок, башкача айтканда, эч бир жерди ээлебеген, бирок тыгыздыгы чексиз бир чекит кандайча болушу мүмкүн?» деп ойлошуңуз ыктымал. «Көлөмү жок, тыгыздыгы чексиз чекит» деген негизи теориялык сүрөттөө болуп саналат. Илим адамдын акылы жетпеген «жоктук» түшүнүгүн «чекит» деген сөз менен гана сүрөттөй алат. Чындыгында болсо «көлөмү жок чекит» жок деген мааниге келет. Демек аалам «жоктон» пайда болгон.
Бул илимий чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Асмандарды жана жерди жоктон жараткан. (Энъам Сүрөсү, 101)
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана алынган илимий маалыматтар кийинчерээк «Чоң жарылуу» теориясын колдоп, теорияны ансайын бышыктаган. Бул илимий ачылыштардын натыйжасында «аалам туруктуу, зат түбөлүктөн бери бар жана түбөлүккө чейин жок болбойт» деген теория да өзүнөн өзү четке кагылды.
Бирок эң маанилүүсү, иштелип чыккан жаңы теория жана аны колдогон далилдер 1400 жыл мурда Аллах тарабынан жиберилген ыйык китеп Курани Каримдеги сүрөттөөлөргө шайкеш келген. Куранда Чоң жарылуу теориясында айтылгандай башында ааламдагы бүт материянын бир жерде болгондугу жана кийин бөлүнгөндүгү төмөнкүчө белгиленет:
Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)
Илимпоздордун ааламдын пайда болушу тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында келип чыккан бул теория да көрсөткөндөй, Аллах ааламды жоктон жараткан. Анын башталышы болгон Чоң жарылуунун ар бир өзгөчөлүгү адамды ойлондурат жана кокустук менен түшүндүрүүгө болбой турган кылдат эсептөөлөргө таянат. Илимпоздор аалам жана анын курулуш материалы болгон атомдор жоктон пайда болгон Чоң жарылуу процессинен соң болуп өткөн окуяларды төмөнкүчө сүрөттөшөт:
- «0» учуру: зат да, убакыт да болбогон жана жарылуу ишке ашкан бул «көз ирмем» физикада t (убакыт) = 0 учуру деп кабыл алынат. Башкача айтканда, t=0 учурунда эч нерсе жок болчу. Жаратылуу башталган бул «көз ирмемден» мурдакысын сүрөттөөгө физика мыйзамдары жарабайт. Бул көз ирмемден мурдасы метафизика болуп саналат.
Физика эсептей алган эң кичинекей убакыт бирдиги 10-43 секунда болуп саналат. Бул ушунчалык кичинекей убакыт аралыгы болгондуктан, адамдын акылы муну эч качан түшүнө албайт. Биз элестете да албаган, ушунчалык кыска убакыт аралыгында эмнелер болуп өткөн? Теориялык жактан бул убакыт аралыгындагы физикалык өзгөрүүлөрдү эсептеп болжолдой алабыз. Эми кыскача аларга көз жүгүртөлү.
Жогоруда да айтылгандай, физикада бүт баарын 10-43 секунда кийинкисинен баштап гана эсептөөгө болот жана ошол көз ирмемден кийин гана энергия менен убакытты сүрөттөп баштоого болот. Жаратылуунун бул көз ирмеминде температура 1032 (100.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000) градус болгон. Салыштыра турган болсок, күндүн температурасын миллиондор, күндөн бир топ чоң жылдыздардын температурасын болсо миллиарддар менен көрсөтүүгө болот. Азыркы учурда биз аныктай алган эң жогорку температура миллиард градустар менен чектелет, демек 10-43 секунда көз ирмемдеги температуранын канчалык жогору болгонун салыштырып элестетүүгө болот.
10-43 секундалык мезгилден бир кадам алга жылып, секунда 10-37 болгон убакытка келебиз. Бул эки мөөнөттүн ортосундагы аралык бир-эки секундадай убакыт эмес. Секунданын квадриллион эсе квадриллиондон бириндей убакыт аралыгы тууралуу сөз болууда. Температура дагы эле укмуш жогору болуп, 1029 (100.000.000.000.000.000.000.000.000.000)°Cге барабар. Бул баскычта атомдор жаратыла элек болгон.
Дагы бир кадам жылып, 10-2 секундалык доорго келебиз. Бул аралык бир секунданын жүздөн бири дегенди билдирет. Бул убакыт аралыгында температура 100 миллиард градус болгон. Бул мезгилде «алгачкы аалам» калыптана баштаган. Атомдун ядросун түзгөн протон жана нейтрон сыяктуу бөлүкчөлөр ал кезде жок болчу. Болгону электрон жана анын карама-каршысы позитрон (антиэлектрон) болгон. Башкача айтканда, жарылуудан 1 секунда да өтө электе жоктон электрон жана позитрондор пайда болгон.
Эми бул жерде бир саамга ойлонолу.
Чоң жарылуу теориясы ааламды түзгөн бүт заттын жоктон пайда болгонун көрсөтүү аркылуу эле Аллахтын бар экендигине бир далил болду. Бирок аны менен эле чектелген жок, Чоң жарылуудан кийин 1 секунда да өтө электе атомдун курулуш материалдарынын да жоктон пайда болгонун көрсөттү. Ал бөлүкчөлөрдөгү таң калаарлык тең салмактуулукка жана тартипке көңүл буруу керек. Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк каралган ошол тең салмактуулуктар себептүү аалам учурдагы абалына келген жана ошол тең салмактуулуктар себептүү биз бейпил жашап жатабыз. Кыскасы, чоң башаламандыкка жана тартипсиздикке алып келиши күтүлгөн бир жарылуунун натыйжасында кемчиликсиз тартип жана биз «физика мыйзамдары» деп атаган жана эч өзгөрбөгөн мыйзамдар келип чыккан. Бул болсо Чоң жарылуу да кошо аалам жаратылгандан баштап ар бир көз ирмемдин кылдаттык менен пландалганын, «долбоорлонгонун» бизге далилдейт. Аны долбоорлогон кудурет болсо – бул, албетте, бүт ааламдын Жаратуучусу Аллах.
Эми токтогон жерибизден окуялардын уланышына көз салалы. Жарылуудан кийинки 1 секундага келген элек. Ал кездеги массанын тыгыздык деңгээлин караганыбызда, кайра эле укмуш чоң санды көрөбүз. Жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча, ал кездеги массанын тыгыздыгы бир литрге 3,8 миллиард килограммды түзгөн. Миллиард килограмм деп айтылган бул санды арифметикалык жактан аныктоо жана бул санды кагазга жазып көрсөтүү оңой. Бирок бул чоңдукту толук түшүнүү мүмкүн эмес. Бул сандын чоңдугун жакшыраак элестетүү үчүн жөнөкөй бир мисал келтире турган болсок, «Гималайдагы Эверест чокусунун тыгыздыгы эгер ушундай болгондо, тартылуу күчү аркылуу жер планетасын бир саамда жутуп алмак» деп айта алабыз.1
Бир баскычтан соң, t=0 көз ирмеминен кийинки 10-1 секунда убакыт өткөн учурга келебиз. Ал кезде температура 30 миллиард градус болгон. t=0 учурунан ал кезге жеткенге чейин дагы эле 1 секунда да өтө элек. Бирок атомдун калган бөлүкчөлөрү нейтрон менен протондор пайда боло баштаган. Кийинки бөлүмдөрдө карала тургандай, кереметтүү түзүлүштөгү нейтрон жана протондор мына ушинтип бир «көз ирмемден» да кыска убакыт аралыгында, жоктон жаратылган.
Андан кийинки доордун негизги өзгөчөлүгү болсо температура абдан төмөн деңгээлге түшкөн. Ааламдын өмүрү болжол менен 14 секунданы түзүп, температура 3 миллиард градус болгон. Аалам эбегейсиз чоң ылдамдык менен кеңейүүнү уланткан.
Суутек жана гелий ядролору сыяктуу тең салмактуу атом ядролору пайда боло баштаган доор ошол доор болгон. Башкача айтканда, бир протон менен бир нейтрон алгачкы жолу жанаша тура ала турган шарт түзүлгөн. Массасы болор-болбос болгон бул эки бөлүкчө укмуш тартылуу күчүн пайда кылып, эбегейсиз таралуу ылдамдыгына туруштук бере баштаган. Бул жерде абдан пландуу жана максаттуу өзгөрүүлөр болгону анык. Укмуш жарылуудан соң, улуу тең салмактуулук жана кылдат тартип түзүлө баштаган. Протондор менен нейтрондор жанаша тизилип, заттын курулуш материалы болгон атомду түзө башташкан. Бирок затты түзүү үчүн керектүү кылдат тең салмактуулуктарды камсыз кыла турган күч жана аң-сезим бул бөлүкчөлөрдө, албетте, жок. Мындай күч-кудурет жана аң-сезим буларды жоктон жараткан, бүт нерсе Анын каалоосуна, буйругуна жана көзөмөлүнө моюн сунган жана бүт нерсеге кудурети жеткен Аллахка гана таандык болушу мүмкүн.
Андан кийинки доордо ааламдын температурасы 1 миллиард градуска түшкөн. Бул температура күндүн борбордук температурасынан 60 эсе жогору. Баштапкы доордон бул доорго чейин өткөн жалпы убакыт 3 мүнөт 2 секундага барабар. Бул кезде фотон, нейтрино жана антинейтрино сыяктуу субатомдук бөлүкчөлөр көпчүлүктү түзүп баштаган. Бул доордо бардык бөлүкчөлөрдүн саны жана алардын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсү абдан маанилүү болгон. Тагыраак айтканда, кандайдыр бир бөлүкчөнүн саны бир аз эле башкача болсо, алар тарабынан аныкталган энергия деңгээли бузулуп, энергиянын затка айланышына тоскоол болмок.
 |
Суутек атому |
Мисалы, электрон менен позитрондорду алалы: электрон менен позитрон бириккенде энергия бөлүнүп чыгат. Ошондуктан бири-бирине жолуккан электрондор менен позитрондордун саны абдан маанилүү. Мисалы, 10 бирдик электрон менен 8 бирдик позитрон жолукту дейли. Анда 10 бирдик электрондун 8 бирдиги 8 бирдик позитрон менен өз ара аракеттенип, энергия бөлүнүп чыгат. Натыйжада 2 бирдик электрон эркин бойдон калат. Электрон ааламдын курулуш материалы болгон атомду түзгөн бөлүкчөлөрдүн бири болгондуктан, аалам пайда болушу үчүн бул доордо керектүү санда электрон болушу шарт. Жогорудагы мисалды улантсак, электрон менен позитрондор жолукканда, эгер позитрондордун саны көбүрөөк болгондо, аягында энергия бөлүнүп чыккандан кийин электрондордун ордуна позитрондор артып калмак жана заттар ааламы эч качан пайда боло алмак эмес.
Чоң жарылуудан кийин пайда болгон бөлүкчөлөрдүн саны ушунчалык так эсеп менен аныкталган жана натыйжада заттар ааламы келип чыккан. Профессор, доктор Стивен Вайнберг бул бөлүкчөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн канчалык маанилүү экенин төмөнкүчө баса белгилейт:
 |
Гелий атому |
Ааламда алгачкы бир канча мүнөттө чындап так бирдей санда бөлүкчөлөр менен антибөлүкчөлөр пайда болгондо, температура 1 миллиард градустан төмөндөгөндө, алардын баары жок болуп, радиациядан башка эч нерсе калмак эмес. Бул ыктымалдыкка каршы эң жакшы далил бар: биз барбыз. Бөлүкчөлөр менен антибөлүкчөлөр жок болгон соң, артында учурдагы ааламдын затын түзө турган бир нерселер калышы үчүн, позитрондон бир аз көбүрөөк электрон, антипротондон бир аз көбүрөөк протон жана антинейтрондон бир аз көбүрөөк нейтрон пайда болушу шарт эле.2
Анан баштапкы доордон жалпысынан 34 мүнөт 40 секунда өтүп, ааламыбыздын жашы жарым саат болгон. Температура миллиард градустардан төмөндөп, эми 300 миллион градусту түзгөн. Электрондор жана позитрондор бири-бири менен сүзүшүп, энергия бөлүп чыгарууну улантышкан. Электрондордун саны позитрондорго салыштырмалуу бир аз көбүрөөк болгон. Ал ашыкчалык кийинчерээк ааламдагы протондордун санына барабар боло тургандай кылып жөнгө салынган. Анткени кийинчерээк пайда боло турган атомдо электрондор менен протондордун саны бири-бирине барабар болот.
Бири-биринен абдан тез алыстаган жана дээрлик массасы да жок бул бөлүкчөлөрдүн бири-биринин орбитасына кирип, алгачкы атом болуп эсептелген суутек атомун пайда кылышы кереметтүү окуя. Ошондой эле, бул бөлүкчөлөрдүн кокусунан биригиши, болгондо да баарынын бирдей кыймыл-аракет жасашы эч качан мүмкүн эмес. Муну кокустук түшүнүгү менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Бул жерде долбоор жана башкаруу бар экени айдан ачык. Ааламды жөнгө салган, долбоорлогон жана башкарган бул күч-кудурет, албетте, бир гана бүт ааламдын жаратуучусу Аллах.
Мындай долбоорду бир гана атомдон эмес, ааламдын эң чоң заттарынан да көрүүгө болот. Башында бири-биринен жарык ылдамдыгы менен ажырап алыстап бараткан бөлүкчөлөрдөн бир гана суутек атомдору пайда болбостон, азыркы ааламдын курамындагы бардык теңдешсиз системалар, башка атомдор, молекулалар, планеталар, күндөр, күн системалары, галактикалар, квазарлар жана башкалар кереметтүү план, чен-өлчөм жана тең салмактуулукта, кезеги менен пайда болушкан. Бир эле атом пайда болушу үчүн да керектүү бөлүкчөлөр кокусунан биригип, кылдат тең салмактуулуктарды эч качан пайда кыла албайт, демек планеталар, галактикалар, кыскасы ааламдагы бүт системалардын баары бир-бирден кокусунан пайда болуп, тең салмакка келген деп айтуу акылга жана логикага таптакыр туура келбейт.
Пайда болушу өзүнчө бир керемет болгон суутек атомунан соң башка атомдор да пайда болгон. Бирок бул жерде акылга «башка атомдор эмнеге жараша пайда болду, эмне үчүн бардык протондор менен нейтрондор бир гана суутек атомдорун пайда кылышкан жок, бөлүкчөлөр кайсы атомдон канча түзүшөөрүн кантип чечишти?» деген сыяктуу суроолор келет. Бул суроолордун жообу бизди кайра бир эле жыйынтыкка алып барат: суутектин жана андан кийинки бардык атомдордун пайда болушунда улуу кудурет, башкаруу жана долбоор бар. Ал башкаруу жана долбоорго адамдын акылы жакшы жете бербейт жана ал «жаратылуу» бар экенин апачык көрсөтөт. Чоң жарылуудан келип чыккан физика мыйзамдары арадан өткөн 15 миллиард жыл аралыгында эч өзгөргөн жок. Болгондо да, ал мыйзамдар ушунчалык кылдат эсептөөлөр менен жаратылгандыктан, учурдагы маанилеринен бир аз эле башкача болсо, бүт ааламдагы түзүлүш жана тартип жок болуп кетиши мүмкүн. Белгилүү физик, профессор Стивен Хокингдин бул тууралуу айткан сөздөрү абдан маанилүү. Хокинг сүрөттөлгөн окуялардын чындыгында биз элестете алгандан алда канча кылдат эсептөөлөргө таянганын төмөнкүчө белгилейт:
Эгер Чоң жарылуудан бир секундадан кийин кеңейүү чоңдугу 100 000 миллион эсе миллиондон бирге төмөнүрөөк болгондо, ааламдын кеңейиши токтоп, өзүнүн ичине чөгүп кетмек.3
Ушунчалык кылдат эсептөөлөргө таянган Чоң жарылуу убакыттын, мейкиндиктин жана заттын өзүнөн өзү пайда болбогонун, бүт нерсенин Аллах тарабынан жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Себеби жогоруда баяндалган окуялардын туш келди кокустуктардан келип чыгышы жана ааламдын курулуш материалы болгон атомду пайда кылышы мүмкүн эмес.
Бул теманы изилдеген көптөгөн илимпоздор ааламдын жаратылуусунда чексиз күч-кудуреттин бар экенин жана Анын улуулугун кабыл алышууда. Белгилүү астрофизик Хью Росс ааламдын Жаратуучусунун бүт чен-өлчөмдөрдөн жогору тураарын төмөнкүчө түшүндүрөт:
Убакыт – окуялар ишке ашкан чен-өлчөм. Эгер убакыт жарылуу менен бирге келип чыккан болсо, анда ааламды пайда кылган себеп ааламдагы убакыт жана мейкиндиктен бүтүндөй көз карандысыз болушу керек. Бул бизге Жаратуучунун ааламдагы бардык чен-өлчөмдөрдөн жогору тураарын көрсөтөт. Ошондой эле, Жаратуучунун кээ бирлер айткандай ааламдын өзү эмес экенин жана ааламды курчап тураарын, бир гана ааламдын ичиндеги бир күч-кудурет эмес экенин далилдейт.4
Чоң жарылуунун эң негизги өзгөчөлүгү, бул теория аркылуу адамдар Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ичиндеги бардык заттар менен бирге бир ааламдын жоктон пайда болушу Аллахтын кудуретинин эң чоң далилдеринин бири. Жарылуу учурундагы энергиянын кылдат тең салмактуулугу болсо Аллахтын илиминин чексиздигин ойлондура турган өтө чоң белги.
Булактар:
1. Taşkın Tuna, Uzayın Sırları, Boğaziçi Yayınları, sf.186.
2. Steven Weinberg, The First Three Minutes, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları Serisi 1995,
sf.84.
3. Stephen Hawking, Zamanın Kısa Tarihi, Milliyet Yayınları, sf. 9.
4. Hugh Ross, Beyond The Cosmos, Chapter 17.