25 Temmuz 2024 Perşembe

КИРИШ СӨЗ

  

Акыл – адам үчүн абдан маанилүү болгон жана кандайдыр бир мааниде адамды адам кылган эң негизги өзгөчөлүктөрдүн бири. Терең ой жүгүртө алуу, сезгич болуу, акылман ойлорду айтуу, жакшы менен жаманды ажырата билүү үчүн акыл керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдө мындай касиеттердин маанисин билбеген адам, албетте, жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү билбеген же байкабаган абдан маанилүү чындык бар: көпчүлүк ойлогондой бардык адамдар акылдуу эмес. Ар бир адамга табиятынан белгилүү бир мээ жөндөмү берилет, ал эми акыл болсо белгилүү шарттардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө бир жөндөм. Бул эки түшүнүк коомчулукта көбүнчө бир мааниде колдонулат. Бирок Куранда мунун маңызы төмөнкүчө белгиленет:

 

... Алардын көпчүлүгү акыл жүгүртпөйт. (Маида Сүрөсү, 103)

 

Адамдардын көпчүлүгү акылын колдонбойт. Анда «акыл» деген эмне? Акылдын булагына кантип жетүүгө болот? Чыныгы акылмандар кимдер? Бул суроолордун туура жообун биз бир гана Курандан таба алабыз. Анткени Куран Аллах Тааладан түшүрүлгөн жана бардык маселелер боюнча эң туура маалымат берүүчү жалгыз булак. Куранды караганыбызда төмөнкүдөй маалыматты алабыз: акыл бир гана ыймандан пайда болот.

Абийиринин үнүн угуп, Аллахка кайрылган ар бир адам физикалык күч-аракет жумшабастан бул улуу сый-жакшылыкка ээ боло алат. Ал үчүн Аллахка чын жүрөктөн ишенип, Андан чындап коркуу жана Раббибиз каалагандай өмүр сүрүү керек. Ушундай чын ыкластуу ыйман адамга акылмандыкты алып келет. Жашоонун ар бир көз ирмемине таасир берген мындай тунук акыл болсо адамды туура жолго салат.

Бул китепте акылдын чыныгы аныктамасы берилет. «Акылды түзгөн шарттар кайсы?», «акыл өсөбү жана төмөндөйбү?», «акылды тоскон факторлор барбы?», «болсо аларды жоюу мүмкүнбү?» деген сыяктуу балким көп адамдар чыныгы жообун биринчи жолу уга турган суроолорго жооп берилет жана бардык адамдарга акылдын канчалык баалуу сый-жакшылык экени дагы бир жолу эске салынат.

Ошондой эле, Куранда кабар берилген акылмандык жана акылсыздык мисалдары каралып, ортодогу айырма көрсөтүлөт. Куранды ээрчиген акылдуу адамдардын бул дүйнөдө жана акыретте ала турган сыйлыгы баяндалат. Акылын колдонбой динден алыстаган адамдардын кандай чоң зыянда жашап жатканы сүрөттөлүп, ар бир адам акылын колдонууга үндөлөт.

Бул китеп «... каалаган Раббиңе бир жол таба алат» (Мүземмил Сүрөсү, 19) деп аятта айтылгандай, Раббибизге жакындоо жолун издегендерге Анын улуулугун түшүнүшү, Куран адеп-ахлагы менен жашашы жана акылдын жакшылыктарынан пайдаланышы үчүн жол көрсөтүү максатын көздөйт.

АКЫЛ ЖӨНҮНДӨ…

  

Акыл жөнүндө буга чейин сансыз аныктамалар айтылган. Бирок алардын эч бири акылдын чыныгы мааниси жөнүндө адамдарга толук маалымат бере алган эмес. Анткени бул тууралуу жазгандар акылды сүрөттөөдө туура булакка кайрылбастан, акылды өздөрүнүн түшүнүгү менен гана сүрөттөөгө аракет кылышкан. Бирок жогоруда айтылгандай, акыл тууралуу бизге маалымат бере турган булак – бул чексиз акыл ээси Аллах тарабынан түшүрүлгөн Куран.

Аллахтан корккон жана чын жүрөктөн Курандын жолунан жүргөн ар бир адам акылдуу. Бирок адамдардын көпчүлүгү ушунчалык улуу сый-жакшылыкка оңой гана жетүүгө болоорун билишпейт. Акылды адамдарга төрөлгөндөн берилүүчү мээ жөндөмү деп ойлошкондуктан, акылмандыгынын өсүшү мүмкүн экени эч ойлоруна келбейт.

Бир мисал келтире турган болсок, бул бир жаш баланын бул дүйнөнү бир гана анын үйү, мектеби, мугалими жана оюнчуктарынан турат деп ойлошу сыяктуу. Албетте, жаш бала өзүнүн чөйрөсүнүн сыртына чыгып, дүйнөгө бойго жеткен кишинин көзү менен карай албайт. Ошондуктан бүт идеалдары, бүт түйшүктөрү жана бүт иш-аракеттери өзүнүн дүйнөсүнүн чегинен чыкпайт. Ал эми жаш баланын жашоосуна көз салган чоң адам анын чындыгында канчалык чектелген дүйнөдө жашап жатканын даана байкайт. Себеби чоң адамдын тажрыйбасы жана билими дүйнөнүн бир үй, бир класс жана бир нече оюнчук менен чектелбей турганын түшүнгөнгө жетет.

Ушундай эле абал акылга да тиешелүү. Акылсыз адам «бүт нерсенин эң туурасын мен билем», «эң акылдуу адам менмин», «менин жашоом эң сонун», ошондуктан «мен эң туура жолдомун» деп ойлойт. Андан да жакшыраак жашоо образы жана аң-сезим болоорун кабыл албагандыктан, салыштыруу жасап, ортодогу айырманы биле албайт. Бирок Куранда адамдарга өтө жогору жашоо образын, өтө жогору аң-сезимди жана ой жүгүртүү жөндөмүн тартуулаган «акыл» деген улуу сый-жакшылыктын бар экени кабар берилген. Бул китепте Курандын аяттарынын негизинде акылдын аныктамасы берилет, ошондой эле, акылдын адамга курч аң-сезим жана түшүнүү жөндөмүн берээри көрсөтүлөт. Аллах бир аятында мындай деп билдирет:

 

Мына ушул (Куран) эскертилип коркутулушсун, чындыгында Анын жалгыз Кудай экенин билишсин жана таза акыл ээлери жакшылап сабак алып ойлонушсун деп (түшүрүлгөн) бир эскертүү. (Ибрахим Сүрөсү, 52)

 

Аяттын котормосунда «таза акыл ээлери» деп которулган сүрөттөө араб тилинде «улуль элбаб» деп айтылат жана сөзмө-сөз которгондо «маңыз ээлери» деген мааниге келет. Тафсирлерде жана түшүндүрмөлөрдө бул сөз айкашы көбүнчө терең акылды жана түшүнүү жөндөмүн билдирет деп кабыл алынат. Ошондуктан бул жерде да «таза акыл ээлери» деп колдонулган.

 


ЧЫНЫГЫ АКЫЛ ДЕГЕН ЭМНЕ?

 

Китептин башында да айтылгандай, «акыл» деген сөз эл арасында көбүнчө адамдардын мээ деңгээлин (интеллектуалдык деңгээлин) сүрөттөө үчүн колдонулат. Бирок акыл – мээден абдан жогору турган жана өтө терең түшүнүү формасы.

Мээ (интеллект) жалпы түшүнүк боюнча, адамдын ойлонуу, чыныгы кырдаалды кабылдоо, баалоо жана тыянак чыгаруу жөндөмдөрүнүн жыйындысы. Биринчи жолу кабылган же күтүүсүздөн болгон окуяларга ыңгайлаша алуу, түшүнүү, үйрөнүү, талдоо жөндөмү, беш сезимди, көңүлдү жана ойду топтоо, майда-чүйдөлөрдү байкап, көңүл буруу, булардын баарын мээ камсыз кылат. Мисалы, бир мээлүү профессор окуялардын физикалык иштешин абдан бат түшүнүп, аларды формулага сала алышы мүмкүн. Же эс-тутуму күчтүү, мээлүү адам окуялардын майда-чүйдөлөрүн жана көп маалыматтарды эстеп кала алышы мүмкүн. Практикалык интеллекти бар адам болсо алдынан чыккан окуяларга практикалык жана жеңил чечимдерди табышы ыктымал.

Акылдуу адам болсо мээнин бул мүмкүнчүлүктөрүн колдонуудан тышкары, мээлүү адамда болбогон түшүнүк жана жөндөмгө да ээ болот.

Мээлүү адам белгилүү бир тармакта гана эмгектенип же билим алып, үйрөнгөн билими жана тажрыйбасы менен кандайдыр бир ийгиликтерге жете алат. Бирок алардын баары үйрөнүүгө, жаттоого жана тажрыйбага таянган жөндөмдөр. Ошондуктан ал адам белгилүү бир жерде буйдалып калуу, чечим таба албоо, баштаган бир жумушун аягына чыгара албоо сыяктуу кырдаалдарга туш болушу мүмкүн.

Акылдуу адам болсо билим албаган, тажрыйбасы жок, ал тургай, биринчи жолу туш болгон бир кырдаалда да көп жылдар бою ал тармакта билим алган адамдан тагыраак жана жакшыраак натыйжа алышы мүмкүн. Анткени акылдуу адам бир тармакта техникалык билими болбосо да, дароо эң практикалык чечимди табат, зарыл болсо ал тармактагы эң тажрыйбалуу кишини таап, жасала турган жумушту ага жасатып жыйынтык алат. Кыскасы, акыл – адамга мээден өтө жогору бир түшүнүк тартуулаган, терең ойлонуу, чындыкты аныктоо жана бардык маселелерге чечим таба алуу жөндөмү. Ошондой эле, акыл жашоонун бүт тарабын камтыган жана көп маселеде ийгиликке жеткирген бир жөндөм.

Адамга бул жөндөмдү тартуулаган жалгыз өзгөчөлүк – бул ыйман. Аллах ыйман кылып, Андан коркуп тартынган адамдарга сыйлык катары Өзүнөн өзгөчө бир түшүнүк берет. Куранда Аллахтан корккон адамдарга тартуулана турган бул түшүнүк төмөнкүчө кабар берилген:

 

Эй ыймандуулар, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана баам-түшүнүк (фуркан) берет, жамандыктарыңарды жашырат жана силерди кечирет. Аллах Улуу ырайымдын ээси. (Энфал Сүрөсү, 29)

 

Көрүнүп тургандай, акыл Аллахтын ыймандууларга абийирлерин колдонушунун натыйжасында тынымсыз туура жолду илхам кылышынан келип чыгат. Ыймандан келип чыккан бул өзгөчөлүк адамдын туураны туура эместен айырмалашына жана натыйжада жашоонун ар бир көз ирмеминде эң туура ой жүгүртүшүнө, бүт нерсени эң туура баалашына жана эң туура чечимдерди чыгарышына шарт түзөт. Акылдуу адам окуялардын көп адамдар байкабаган тараптарын байкап, туура баалай алат жана окуялардан эң туура жана эң акылдуу жыйынтыктарды чыгара алат. Келечекке байланыштуу долбоорлордо көп баскычтуу ойлонуп, ыктымалдуу кырдаалдарды алдын ала аныктай алат жана кемчиликсиз пландарды түзө алат. Ошондой эле, мурдакы тажрыйбаларын да эң туура пайдаланып, аларды эң керектүү учурда акылдуулук менен колдоно алат. Окуяларды тунук акыл менен баалаганы үчүн кылган ар бир иши пайдалуу, ар бир сөзү даанышман жана ар бир иш-аракети эң идеалдуу болот.

Мындан тышкары, акыл адамдын рухуна тереңдик тартуулап, сулуулуктардан терең ырахат алышына шарт түзөт. Ошондуктан көп адамдар кадыресе көргөн жана көнүмүш нерседей караган нерселердин артындагы кооздуктарды акылдуу адамдар дароо байкай алышат.

Бирок акылдын аныктамасын, албетте, муну менен эле чектөөгө болбойт. Себеби акыл адамдын жашоосунун бүт тарабын камтыган бир өзгөчөлүк жана артыкчылык. Алдыдагы маалыматтар ыймандан келип чыккан акылдын канчалык улуу сый-жакшылык экенин алда канча жакшыраак түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет.

 

 

АКЫЛДЫН ЧЫНЫГЫ ЭЭСИ – АЛЛАХ

 

Адам жаратылган жандык. Ошондуктан адамдагы акыл жеке ага таандык бир жөндөм эмес, ага тартууланган. Акылдын чыныгы ээси болсо адамды жараткан Аллах. Аллах түбөлүктүү жана чексиз акылдын ээси жана каалаган учурда каалаган кишиге ыйманына жараша бул сый-жакшылыкты тартуулайт.

Бул сый-жакшылык тартууланган адамдар болсо айланасындагы дүйнөнүн терең сырларын байкай алышат. Ааламдын кайсы бурчун карашпасын, ар бир нерседеги Аллахтын чексиз акылынын мисалдарын көрүшөт. Куранда Аллахтын бул теңдешсиз акылы менен чеберчилигинин алдында адамдын канчалык алсыз экендиги төмөнкүдөй мисал аркылуу түшүндүрүлгөн:

 

Ал бири-бирине толук төп келген жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

 

Аятта баса белгиленгендей, Аллахтын жаратуусунда эч кандай кемчилик жок. Анткени Аллахтын чексиз акылынын улуулугун жана теңдешсиздигин адамдын чектелүү акылына салыштырып болбойт. Ааламдагы бардык системаларда орун алган кемчиликсиз долбоор бул улуу акылдын бир көрсөткүчү. Аллахтын адамдарга мындай кемчиликсиз системаларды көрсөтүшүнүн бир себеби – адамдын акылдын чыныгы ээсинин Аллах экенин билип, Раббибиздин улуулугун түшүнүшү жана Ага моюн сунуп ыйман кылышы.

Курандагы «... Сен Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында Сен – бүт нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың» (Бакара Сүрөсү, 32) деп айтылган сөздөр акылдуу адамдардын акылдын чыныгы ээсинин Аллах экенин түшүнө алаарына көңүл бурат.

 

 

АКЫЛ ЖАНА АБИЙИР

 

Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, абийирин уккан ар бир адам туура менен туура эмести дароо түшүнөт. Бирок кээ бир адамдар абийиринин үнүн угуп, туура нерсени айтып жатканын билип туруп, аны басууга аракет кылышат. Мындан улам абийирлерин тоскон ал кишилер туура менен туура эмести айырмалай албай калышат. Аллахтын улуулугун жана Анын алдындагы өздөрүнүн алсыздыгын ойлонбой, Аллах берген өзгөчөлүктөрдү өздөрү жеткен артыкчылыктардай көрүшөт жана бой көтөрүп башташат.

Мисалы, Аллахтын берген мээси жана жөндөмү менен космостун же болбосо адамдын денесинин белгисиз сырларын ачкан бир илимпозду элестетели. Эгер ал киши акылын колдонбосо, ааламдагы кемчиликсиз тартипти же адамдын денесин ким жаратканын ойлонбосо, абийири менен түшүнүгү да кем болот. Ачкан нерсесинин кемчиликсиздигине таң калып, аны жараткан Аллахка кайрылып Аны мактап даңазалоонун ордуна, жасаган ачылышы үчүн бой көтөрөт жана макталгысы келет. Аллах Куранда мындай адамдардын өздөрүнүн каалоолорун кудай кылып алганын жана ошол себептен жүрөктөрүнө мөөр басылганын төмөнкүчө кабар берет:

 

Эми сен өзүнүн каалоосун кудай кылып алган жана Аллах бир илим менен аны адаштырган, кулагы менен жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө бир парда тарткан адамды көрдүңбү? Аллахтан соң ага ким хидаят берет (туура жолго салат)? Силер ошондо да насаат алып-ойлонбойсуңарбы? (Жасия Сүрөсү, 23)

 

Аятта да белгиленгендей, өзүн кудай кылып текеберденген адам көргөндөрүн жана уккандарын түшүнө албайт. Мындан улам акыл деген улуу сый-жакшылыктан куру калат.

Дагы бир мисал катары, табияттагы теңдешсиз долбоорлорду ачкан жана көптөгөн жандыктардагы кемчиликсиз системалар жөнүндө көп нерсени билген бир изилдөөчүнү алалы. Эгер ал киши өзү күбө болгон бул долбоорлорду кокусунан пайда болгон деп айтса, абдан жаңылат. Жана андай адамды акылдуу деп айтууга болбойт. Себеби акыл – бул адамдын жаныбарлардагы жана системалардагы кемчиликсиздикти көргөндө, аларды Аллахтын жаратканын түшүнүү жөндөмү.

Мээси (интеллекти) менен айырмаланган мындай адамдар жасаган ачылыштары, билими жана жөндөмү үчүн адамдарга жагышы мүмкүн, кызыктуу баяндамаларды жасашы ыктымал жана ал тургай бул көрүнүшү менен динден алыс коомдордо артыкчылыкка жетиши мүмкүн. Бирок бул окуянын сырткы көрүнүшү гана, чындыгында болсо андай адамдарда чыныгы акылдын эч кандай белгиси болбойт.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, ал кишилер өздөрүнүн кандай абалда экенин байкашпайт. Мээлүү болгонум үчүн адамдардын арасында эң жогору даражага ээмин деп ойлоп, сыймыктанышат. Акылдуу адам болсо андай кишилердин эч акылы жок экенин толук байкай алат. Жана алар ойлогондун тескерисинче, ал кишилердин чындыгында канчалык алсыз экенин түшүнө алат. Аллах Куранда «акылы жетпеген» адамдардын алсыз абалын төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрөт:

 

Чындыктан баш тартуучулардын мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, дудук, сокур; ошондуктан акылдары жетпейт. (Бакара Сүрөсү, 171)

 

 

АКЫЛ ӨСӨБҮ?

 

Акыл менен мээнин дагы бир маанилүү айырмасы бар. Акыл туруктуу эмес, тескерисинче адамдын өмүрүнүн аягына чейин өсүп, өнүгө ала турган бир жөндөм. Акылдын бул өзгөчөлүгү толугу менен Аллахтан болгон коркууга жана абийирге байланыштуу. Аллах бир аятында «демек күчүңөрдүн жетишинче Аллахтан коркуп тартынгыла, уккула жана моюн сунгула...» (Тегабүн Сүрөсү, 16) деп, ыймандууларды күчүнүн жетишинче Өзүнөн коркуп тартынууга буйруган. Ошондуктан адам эч качан Аллахтан болгон коркуусун жетиштүү көрбөшү керек. Ар дайым өзүн Аллахка андан да жакындата турган жолдорду издеши зарыл жана ал үчүн абийирин толук колдонушу шарт.

Ошондо Аллах чын ниетине жана Анын ыраазылыгына жетүү үчүн кылган олуттуу аракетине жараша мындай адамдарга берген түшүнүү даражасын өстүрүшү мүмкүн жана алардын «туураны туура эместен айырмалоо жөндөмүн» өнүктүрүшү ыктымал. Бул Аллахтын ыймандууларга көрсөткөн бир колдоосу жана Курандын маанилүү бир сыры. Адам колундагы бул мүмкүнчүлүктү эң туура колдонуу аркылуу акылдын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жакшылыктарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

 

 

АКЫЛДЫ ТУУРООГО БОЛОБУ?

 

Мээлүү адам акылдуу адамга жолукканда андагы артыкчылыкты байкайт жана ага карата жашыруун же ачык суктануу пайда болот. Ага окшошуп, ал артыкчылыкка жетүү үчүн аны тууроого аракет кылат. Бирок андагы ал артыкчылыктын акылдан келип чыкканын түшүнө албагандыктан, чечимди такыр туура эмес жолдордон издейт. Ал адамга көз артып, анын бүт кыймыл-аракеттерине, сүйлөгөн сөздөрүнө, стилине байкоо жүргүзүп, аны туураганга аракет кылат. Билимин, адебин, жөндөмүн өстүрүп, балким сансыз китептерди окуйт, бирок ошондо да чөйрөсүн ал адамдай суктандырган кулк-мүнөзгө ээ боло албайт. Себеби акылдын булагы илимде да, жөндөмдө да, маданиятта да, билимде да эмес. Албетте, акылдуу адамда бул өзгөчөлүктөр да бар жана буларды эң туура колдонот. Бирок акылдын чыныгы булагы ыйманда, ошондуктан бир адам Аллахка чын жүрөктөн ишенмейинче, эмне гана кылбасын, башкаларды тууроо менен да, же башка бир жол менен да акылдан келип чыккан артыкчылыкка жете албайт.

Ошондой эле, акыл белгилүү убактардагы бир катар жүрүм-турумдар менен эле чектелбейт. Тескерисинче, абалга, шарттарга жана чөйрөгө жараша кыймыл-аракеттери да өзгөрөт жана кемчиликсиз кадамдарды жасайт. Ыймандуу адам ар дайым көрүп жүргөн тааныш кырдаалдардагы сыяктуу, эч күтпөгөн жана ал тургай биринчи жолу кездешкен окуяларда да акылынын курчтугун көрсөтөт.

Акылсыз адам мындай кемчиликсиз жүрүм-турумдарды эч качан туурай албайт. Андай адамдар кандайдыр бир абалга биринчи жолу кабылганда көбүнчө дүрбөлөңгө түшүп, эмне кылаарын билбей, туура жолду таба албайт жана көбүнчө бир чечимге келе албайт. Акыл адамга тартуулаган ыкчамдык, шамдагайлык, чечүү жөндөмдүүлүгү жана кайраттуулук андай кишилерде болбойт.

Куранда ыйман кылбай туруп, өздөрүн динчил көрсөтүүгө аракеттенип ыймандуулардын арасына кошулууну каалаган кишилер жөнүндө сөз кылынган. Аллах «мүнафык» (эки жүздүү) деп атаган андай кишилер ыймандуулардын кээ бир өзгөчөлүктөрүн туурашы мүмкүн. Мисалы, Аллах буйругандай 5 убак намазын окуп, байлыгынан садака бериши ыктымал же диний темаларда сүйлөшү мүмкүн. Аллах алардын адамдарга көрүнүү үчүн жасаган мындай жүрүм-турумдарын аяттарында төмөнкүчө кабар берген:

 

Жана алар мал-мүлктөрүн адамдар көрсүн үчүн (эл көзүнө) садака кылышат, Аллахка жана акырет күнүнө да ишенишпейт... (Ниса Сүрөсү, 38)

 

Чындыгында, мүнафыктар (өз оюнда) Аллахты алдашууда. Бирок Ал аларды жаңылтат. Намазга турганда, каалабастан (араң) турушат. Эл көрсүн үчүн кылышат жана Аллахты абдан аз эстешет. (Ниса Сүрөсү, 142)

 

Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү көрүнүштөрү сага жагат. Сүйлөгөндө болсо аларды угасың. (Чындыгында болсо) Алар (мунарага окшоп) сүйөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу... (Мүнафикун Сүрөсү, 4)

 

Көрүнүп тургандай, мындай адамдар диндин кээ бир өкүмдөрүн башкаларга көрүнүү үчүн аткарышат. Бирок алар эч качан акылдуу адамдагы белгилерди толук туурай алышпайт. Ошондуктан мындай адамдардын көпчүлүгү сүйлөгөн сөздөрү жана окуяларга карата жүрүм-турумдары аркылуу өздөрүн билгизип коюшат жана чын ыкластуу мусулмандардан эмес экендиктери каалабаса да байкалып калат. Ошондуктан акыл ыймандуулар менен чындап ишенбей туруп өздөрүн динчил көрсөтүүнү каалагандарды айырмалоочу маанилүү бир өзгөчөлүк.

 

 

АКЫЛ ЧЫНДЫККА ЖЕТКИРЕТ

 

Акыл ыйманды түшүнбөгөн көптөгөн адамдар өмүрүндө эч билбеген «жогорку аң-сезим чен-өлчөмү». Мындай аң-сезимде адамдын акыл-эси абдан тунук болот. Бирок ал тунуктуктун булагы мээнин кубаттуулугу да, адамдын интеллектуалдык деңгээли да, жөндөмдөрү да эмес. Мындай акыл-эс тунуктугунун себеби адамдын Аллахка жана Куранга болгон ишеними. Өзүнө Куранды жол көрсөтүүчү туткан адам туура эмес деп билген бардык маалыматтардан тазаланып, алардын ордуна туура маалыматтарды гана жайгаштырган болот.

Ал маалыматтардын эң башында бул дүйнө жашоосунун чыныгы жүзү турат. Акыл-эси тунук адам Курандагы маалыматтардан Аллахтын бул дүйнө жашоосун адамдарды сыноо үчүн убактылуу жаратканын билет. Бул дүйнөнүн атайын жагымдуу көрсөтүлүп, кооздолгонун, адамдардын бир бөлүгүнүн ошол кооздуктарга азгырылып, чыныгы жашоолору болгон акырет жашоосун унутуп калганын толук түшүнөт. Бирок өзү Курандын урматында ар бир окуянын чыныгы жүзүн түшүнгөндүктөн, акырет жашоосуна даярдык көрөт.

Адам акыл аркылуу чыныгы маанисин түшүнгөн дагы бир жагдай – бул өлүм чындыгы. Акылдуу адам дүйнөдөгү эң бай, эң сулуу, эң атактуу киши болсо да, булардын ага пайдасы тийбей турганын жана бир күнү сөзсүз өлөөрүн түшүнөт. Бирок өлүм жашоонун аягы эмес, тескерисинче бир башталышы экенин, жашоосун Аллахтын ыраазылыгына ылайык өткөргөндөрдүн бейишке, бул дүйнөгө азгырылып Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтерин унуткандардын болсо тозокко бараарын билет. Ошондой эле, алтымыш-жетимиш жылдан ашпаган, болгондо да көптөгөн кемчиликтер коштогон бул дүйнө жашоосуна салыштырганда бейиштин чексиз жана кемчиликсиз кооз экенин да билет. Ошондуктан өлүмдү кайгыруу менен кабыл ала турган бир жок болуу катары эмес, тескерисинче Аллахтын мээримине бөлөнө турган түбөлүктүү жашоонун башталышы катары көрөт. Бул түшүнүк анын акырет чындыгын толук түшүнүшүнө шарт түзөт.

Ыймандуулар акылдан келип чыккан аң-сезим тунуктугунун натыйжасында тагдыр чындыгын да түшүнүшөт. Алар чексиз даанышмандык ээси Аллахтын жер жүзүндө болгон чоң-кичине ар бир окуяны белгилүү бир максат жана даанышмандык менен жаратканын билишет. Бир караганда терс сыяктуу көрүнгөн бир окуяга туш болушса да, баары бир анын артында алар үчүн бир жакшылык жашырылганын жана Аллахтын аларды сынап жатканын унутушпайт. Бул чындыкты түшүнүшкөнү үчүн Аллахка толук моюн сунуп, Ага терең ишенүү менен таянышат жана Аллахтын алар үчүн жараткан тагдырына чын жүрөктөн ыраазы болушат.

 

 

АКЫЛ ТУУРА ОЙЛОНУУГА ЖОЛ АЧАТ

 

Ой жүгүртүү адамдын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Бирок көп адамдар бул өзгөчөлүгүн чындап акылман жана пайдалуу жактарга багыттабастан, өзүнө жана чөйрөсүнө эч кандай пайда алып келбей турган нерселерге пайдаланат. Кээде бир канча саат, ал тургай, бир канча күн ойлонот, бирок короткон ошончо убактысынан эч кандай жыйынтык чыгара албайт. Бирок бир адам пайдалуу ойлондум деп айта алышы үчүн көргөн, уккан, өздөштүргөн же эсинде калган маалыматтардан пайдалуу жыйынтык чыгара алышы керек.

Акылдуу адамдардын айырмасын ушул жерден көрүүгө болот. Акылдуу адам жөн гана ойлонуп коюу үчүн эмес, натыйжа алуу, пайда тийгизүү, чындыкты табуу жана жакшы нерселерди чыгаруу үчүн ойлонот. Ойлоно турган нерселерди да акылы менен аныктайт; эч качан убактысын текке кетире турган, майнап чыкпай турган маселелерге сүңгүп, акылын пайдасыз нерселер менен алагды кылбайт. Мисалы, куру санааларга алдырбайт, шайтандын азгырыктары менен алпурушпайт, келечек тууралуу санааркап убактысын коротпойт...

Бул багытта өзүнө Куранды жол башчы тутуп, Аллах адамдарды ой жүгүртүүгө үндөгөн нерселерге басым жасайт. Алардын эң башында болсо өзү да кошо, тааныган, көргөн, билген нерселеринин баарын жараткан Аллахтын улуулугун ойлонуу турат. Акылдуу адам Аллахтын убакыттан жана мейкиндиктен көз карандысыз экенин, Анын Затынын бүт нерсени ороп курчап тураарын, бүт баарынын Ага муктаж, Анын болсо эч нерсеге муктаж эмес экенин, ааламдын кожоюну жана ээси экенин, ар дайым ар секунда бүт адамдарды көзөмөлдөп тураарын, адамдардын оюна келген же айткан ар бир сөзүн билээрин, кылган ар бир ишин көрүп тураарын жана эзелден түбөлүккө чейин бүт нерсе тууралуу маалыматтын Анын Кабатында сакталаарын өмүр бою эч качан унутпайт.

Акылдуу адам эң көп ойлонгон нерселердин бири – бул Аллахтын сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жетүү. Анткени ал аны жараткан Аллахтын алдындагы жоопкерчилигинин дүйнөдөгү бүт адамдардан жана бүт нерседен жогору тураарын билет. Өмүрүнүн ар бир көз ирмеминде, башына келген ар бир окуяда «мени Аллахка жакындата турган эң жакшы жүрүм-турум кайсы» деп ойлонот. Акылын ар дайым сооптуу жана жакшы иштерди жасоо үчүн иштетет, айланасындагы адамдарга ар дайым жакшы мамиле кылууга, эң жакшы сөздөрдү айтууга жана Аллах каалаган эң мыкты адеп-ахлактуу болууга аракет кылат. Куранда айтылган буйруктарды жана тыюуларды кылдаттык менен аткарып, Аллахтын эң сүйүктүү пенделеринен болуу үчүн колунан келген бардык аракетин жумшайт.

Куранда акылы менен ой жүгүрткөн мындай адамдардын Раббибиздин улуулугун түшүнүп, эң туурага жана чындыкка жетээри төмөнкүчө кабар берилген:

 

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

 

Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

 

Ушундай пайдалуу нерселер тууралуу ой жүгүртүү адамдын акылын андан да өстүрүп, жүрүм-турумунун жакшырышына шарт түзөт. Акылын колдонгон адам бул дүйнөдө жана акыретте өзүнө эле чоң пайда алып келбестен, айланасындагы адамдарды да ар дайым туура жана жакшы иштерге үндөйт.

 

 

КУРАН БОЮНЧА АДАМ КАЙСЫ БАГЫТТАРДА АКЫЛЫН КОЛДОНУШУ КЕРЕК?

 

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 3-5)

 

Аллах асмандан суу түшүрдү, өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтти; уга алган бир коом үчүн мында чындыгында бир аят (далил) бар. Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. Курма жана жүзүм бактарынын мөмөлөрүнөн мас кылуучу ичимдиктерди жана жакшы ырыскыларды аласыңар. Чындыгында акылын колдоно алган коом үчүн мында бир аят (далил, белги) бар. (Нахл сүрөсү, 65-67)

 

Жер бетинде бири-бирине жакын коңшу материктер бар; жүзүм бактары, эгиндер, бутактуу жана бутаксыз курма бактары да бар, булар бир эле суудан сугарылышат. Бирок түшүмдөрүндө (түшүмдүүлүк жана даамда) кээ бирин кээ биринен өйдө кылуудабыз. Албетте, буларда акылын колдонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Рад Сүрөсү, 4)

 

Силерге коркуу жана үмүт берген чагылганды көрсөтүшү жана асмандан суу (жаан-чачын) жаадырып, ал аркылуу өлгөн жерди тирилтиши да Анын аяттарынан (далил, белгилеринен). Албетте, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 24)

 

Силер үчүн асмандан сууну (жаан-чачынды) Ал жаадырат; андан ичесиңер, айбандарыңарды оттоткон чөп-дарактар ошонон (өсөт). Аны менен силер үчүн эгин, зайтун, курма бактары, жүзүмдөр жана мөмөлөрдүн ар кандай түрүнөн өстүрөт. Албетте, мында ойлоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Түндү, күндүздү, күндү жана айды силердин буйругуңарга (кызматыңарга) берди; жылдыздар да Анын буйругу менен кызматка даяр кылынган. Албетте, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 10-12)

 

Ал силерди жер жүзүндө жаратып-көбөйткөн жана баарыңар бир гана Ага (Анын алдына) чогуласыңар. Ал тирилтет жана өлтүрөт, түн менен күндүздүн алмашуусу да Ага таандык (Анын мыйзамы). Дагы эле акылыңарды колдонбойсуңарбы? (Мүминун Сүрөсү, 79-80)

 

Асмандардын жана жердин жаратылуусу менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан. Албетте, мында аалымдар (илимдүүлөр) үчүн чындыгында аяттар бар. Түнкүсүн жана күндүз укташыңар жана Анын берешендигинен (ырыскыңарды) издешиңер Анын аяттарынан (далил, белгилеринен). Албетте, уга алган коом үчүн чындыгында аяттар бар. Силерге коркуу жана үмүт берген чагылганды көрсөтүшү жана асмандан суу (жаан-чачын) жаадырып, ал аркылуу өлгөн жерди тирилтиши да Анын аяттарынан (далил, белгилеринен). Албетте, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 22-24)

 

Силерге өз напсиңерден (өзүңөрдөн) бир мисал берди: «Силерге ырыскы кылып берген нерселерибизде оң колуңар башкаргандардан силерге тең болуп өзүңөрдөн корккон сыяктуу алардан да корко турган (же тартынып сыйлаган) шериктериңер барбы? Биз акылын колдоно алган бир коомго аяттарды мына ушундайча бир-бирден чечмелеп беребиз. (Рум Сүрөсү, 28)

 

«Эй Адам урпактары, Мен силерге ант берген эмес белем: «шайтанга кулчулук кылбагыла, себеби ал силер үчүн апачык бир душман; Мага кулчулук кылгыла, туура жол ушул» (деп). Ант болсун, ал силерден көптөгөн адам урпактарын адаштырган эле. Дагы эле акылыңарды колдонгон жок белеңер? (Йасин Сүрөсү, 60-62)

 

Ал силерди топурактан, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион) жаратты; анан силерди бир наристе кылып чыгарып, анан күчтүү (жетилген) чакка жетишиңер, анан улгайышыңар үчүн силерге (белгилүү бир өмүр берүүдө). Силердин кээ бирлериңердин эртерээк өмүрү аякталууда; белгиленген бир ажалга жетишиңер жана балким акылыңарды колдонушуңар үчүн (Аллах силерди ушинтип жашатат). (Момун Сүрөсү, 67)

 

Раббилерин уккандарга андан да жакшысы бар. Аны укпагандар болсо жер жүзүндөгүлөрдүн баары жана ага кошо дагы бир ошончосу алардыкы болсо сөзсүз (кутулуу үчүн) аны садака кылып беришмек. Сурактын эң жаманы ошолорго болот. Алардын бараар жери тозок, кандай жаман жаралган нерсе ал!.. Сага Раббиңден түшүрүлгөндүн чындыгында акыйкат (чындык) экендигин билген адам ошол көрбөгөн сыяктуубу (ошону менен бирби)? Таза акыл ээлери гана сабак алып, ой жүгүртө алышат. (Рад Сүрөсү, 18-19)

 

Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Албетте, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)

 

Көрбөй жатасыңбы; чындыгында Аллах асмандан суу (жаан-чачын) жаадырып, аны жердин ичиндеги булактарга өткөрдү. Анан аны менен ар кандай түстөгү эгиндерди чыгарып жатат. Анан (ал) куурап баштайт, ошентип анын саргайганын көрөсүң. Анан аны куураган ыпыр-сыпырга айландырат. Албетте, мында таза акыл ээлери үчүн чындыгында ала турган бир сабак (зикир) бар. (Зүмер Сүрөсү, 21)

 

Кимге кааласа акылмандыкты ошого берет; чындыгында кимге акылмандык берилсе, ага чоң жакшылык берилген болот. Таза акыл ээлеринен башкалар сабак алып ойлонушпайт. (Бакара Сүрөсү, 269)

 

Сага Китепти Ал түшүрдү. Анын Китептин энеси (негизи) болгон бир катар аяттар мухкем (ачык аяттар); калгандары болсо мүтешабих (түшүнүлүшү оор). Жүрөктөрүндө илдет-ийрилик барлар фитна чыгаруу жана болбогон жоромолдорду жасоо үчүн анын мүтешабих тарабын ээрчишет. Чындыгында болсо анын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким билбейт. Терең илимдүү адамдар болсо: «Биз ага ишендик, баары Раббибиздин Кабатынан» дешет. Акылдуу адамдар гана сабак алып-ойлонушат. (Али Имран Сүрөсү, 7)

 

Эй ыйман келтиргендер, силерден эместерди сырдаш кылбагыла. Алар силерге жамандык жана зыян тийгизүүгө аракет кылып, силерге оор кыйынчылык бере турган нерсени жактырышат. Жаман көрүү (жана душмандыктары) ооздорунан сыртка чыкты, көкүрөктөрүндө жашыруун сактагандары болсо андан күчтүүрөөк. Балким акыл жүгүртөөрсүңөр деп силерге аяттарыбызды түшүндүрдүк. (Али Имран Сүрөсү, 118)

 

Айткын: «Келгиле, силерге Раббиңердин эмнелерге тыюу салганын окуп берейин: Ага эч нерсени шерик кошпогула, ата-энеге жакшылык кылгыла, кедейликтен коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө. Силерге да, аларга да ырыскыны Биз беребиз. Ачык да, жашыруун да жаман бузукулук иштерге жакындабагыла. Адилеттүүлүктөн тышкары, Аллах (өлтүрүүгө) тыюу салган жанды өлтүрбөгүлө. Ал силерге мына ушуларды насаат (буйрук) кылды; балким акыл жүгүртөөрсүңөр.» (Энъам Сүрөсү, 151)

 

Биз сенден мурда да шаарлардын калктарына вахий менен кишилерди гана (пайгамбар кылып) жибердик. Алар эмне жер жүзүн кыдырып, өздөрүнөн мурункулардын кандай акыбетке (натыйжага) туш болушканын көрүшпөйбү? Коркуп-тартынгандар (такыбалар) үчүн акырет мекени, албетте, жакшыраак. Силер дагы эле акыл жүгүртпөйсүңөрбү? (Йусуф Сүрөсү, 109)

 

Элчилерибиз Лутка барганда, ал аларды ойлоп кайгыга түштү жана көкүрөгү кысылды. Алар: «Коркпо жана кайгырба. Аялыңдан тышкары, сени жана үй-бүлөңдү сөзсүз куткарабыз. Ал болсо артта калат» дешти. «Чындыгында Биз, бузукулук кылгандыгы үчүн, бул өлкө калкына асмандан жийиркеничтүү бир азап түшүрөбүз». Ант болсун, Биз акыл жүгүртө алган бир коом үчүн ал жерде апачык бир аят (белги) калтырдык. (Анкебут Сүрөсү, 33-35)

АКЫЛДЫН ПАЙДАЛАРЫ

  

Акылман адамдарды Аллах Куранда «Алар сөздү угуп, эң жакшысын аткарышат. Мына ошолор Аллах туура жолго салган адамдар жана алар акылы таза адамдар» (Зүмер Сүрөсү, 18) деп сүрөттөйт. Мындай адамдар Аллах көрсөткөн жолду толук карманып, Курандын насааттарын так аткарганы жана абийирлерин толук укканы үчүн, Аллах аларга «акыл» деген чоң сый-жакшылыгын тартуулаган.

Акыл адамга дагы көптөгөн сый-жакшылыктардын эшигин ачкан абдан маанилүү өзгөчөлүк. Акылдуу адам кайсы гана чөйрөдө болбосун, ар бир жүрүм-туруму жана ар бир сүйлөгөн сөзү менен өзгөчөлөнөт жана айланасындагылар ага суктанып, урматташат. Акыл ушунчалык баалуу касиет болгондуктан, адамга өмүрүнүн аягына чейин ар дайым жаңы артыкчылыктарды тартуулайт.

Мындан кийинки бөлүмдөрдө акыл адамга тартуулаган бул артыкчылыктардын кээ бирлери каралат жана акылдын канчалык чоң жакшылык экени эске салынат.

 

 

МЫКТЫ АДЕП-АХЛАК

 

Акылдуу адамдын өзгөчөлүктөрүнүн эң башында адамга бул дүйнөдө жана акыретте көптөгөн жакшылыктарды алып келе турган Куран адеп-ахлагы турат. Акылдуу адам Аллах Куранда кабар берген бийик адеп-ахлакты эң кылдат карманат. Куранда адамдарга чынчылдык, ак ниеттүүлүк, чын ыкластуулук, кичипейилдик, жумшактык, мээримдүүлүк, адилеттүүлүк, сабырдуулук, кечиримдүүлүк жана дагы көптөгөн мыкты мүнөздөр насаат кылынат. Акылман адам акылын колдонуп, ар бир окуяда мындай мүнөздөрүн эң мыкты көрсөтө алат. Куран адеп-ахлагын канчалык кылдаттык менен карманса, акыретте Аллахтан ошончолук жакшы сыйлык алышы мүмкүн экенин билет.

Ошондуктан акылман адам күнүмдүк жашоосунда ар бир окуяда абийиринин үнүн угат. Мисалы, жардамга муктаж адамга жардам берет жана бул жоопкерчиликти башкаларга калтырбайт. Аллах ыраазы болоорун билген жакшылыктардын баарын колдон чыгарбай жасайт. Же болбосо оор жүктү жалгыз көтөрүүгө аракет кылган адамды жумушу жок болуп туруп карап отурбайт. Оорулуу же улгайган адамды көргөндө ордунан туруп, ага орун бошотот. Антпесе камырабастык кылган болоорун жана Аллахтын мындайга ыраазы болбой турганын билет. Чындап ачууланта турган мамилеге кабылганда да, Аллахтын жумшак мамиледен ыраазы болоорун ойлоп, ачуусун жеңет жана ал адамга жакшы сөз айтат. Өзүнүн зыянына болоорун билсе дагы эч качан чынчылдыктан тайбайт.

Акылы аркылуу мындай жүрүм-турумдарды өмүрүнүн аягына чейин эң мыкты уланткан адам бул дүйнөдө да жакшы жашоодо жашайт жана Аллахтын ыраазылыгын көздөп кылган жакшылыктарынан улам бейиш менен сыйланат. Аллах аяттарында мындай деп билдирет:

 

Күмөнсүз, ыйман келтирип жакшы иштерди кылгандар болсо; Биз чындыгында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана кооз саймалуу атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүнө отуруп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 30-31)

 

 

БААМ-ПАРАСАТ

 

Парасат деп адамдын тез түшүнүү жана аңдоо жөндөмү айтылат. Баам болсо адамдын бир нерсенин маңызын түшүнүү күчүн, чындыкты майда-чүйдөсүнө чейин көрүү жөндөмүн жана көрөгөчтүктү түшүндүрөт. Адамга бул эки өзгөчөлүктү тең бере турган булак – бул акыл.

Аллах бир аятында «Сокур менен (баамдап) көргөн бир болбойт; ыйман келтирип чын ыкластуу иштерди кылгандар менен жамандык кылгандар да. Канчалык аз насаат алып-ойлоносуңар» (Момун Сүрөсү, 58) деп баамдоонун маанисине көңүл бурган жана мындай өзгөчөлүгү жок адамдарды «сокур» деп сыпаттаган.

Курандын башка бир аятында болсо акылдан келип чыккан бул теңдешсиз өзгөчөлүккө ээ адамдар менен түшүнүгү тар адамдардын канчалык айырмалуу экенине төмөнкүчө көңүл бурулган:

 

Сага Раббиңден түшүрүлгөндүн чындыгында акыйкат (чындык) экендигин билген адам ошол көрбөгөн сыяктуубу (ошону менен бирби)? Таза акыл ээлери гана сабак алып, ой жүгүртө алышат. (Рад Сүрөсү, 19)

 

Баам-парасаттуу адам ар бир окуяны, жүрүм-турумду жана сөздү эң туура талдоо жөндөмүнө ээ болот. Мурдакы тажрыйбаларынан эң акылдуу жыйынтыктарды чыгарат жана ал маалыматтарды жашоосунда эң туура колдонгонду билет. Айлана-чөйрөсүн, шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү акылдуулук менен баалайт жана ал шарттарды мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлге жеткирип, колундагы мүмкүнчүлүктөрдү эң туура пайдалана алат. Бир кадамды жасаарда сөзсүз ага байланыштуу бардык керектүү чараларды көрүп, ыктымалдуу мүчүлүштүктөрдү аныктайт жана ошого жараша аракет кылат. Ар бир сөзү маңыздуу, ар бир кыймыл-аракети оор басырыктуу болот жана ар бир ою курч акылдан жана түшүнүктөн келип чыгат.

Акылман адамдардын бул өзгөчөлүктөргө ээ болушуна бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнаган жана акыретти көздөгөн чын ыкластуу адамдар болушу шарт түзөт. Куранда пайгамбарлардын бир гана акыретти максат кылганы эске салынган жана алардын мындай адеп-ахлагынан улам ошол эле учурда күчтүү жана парасаттуу инсандар болгонуна көңүл бурулган:

 

Күчтүү жана парасаттуу (акылман) кулдарыбыз Ибрахимди, Исхакты жана Йакубду да эстегин. Чындыгында Биз аларды бир гана (акыреттеги чыныгы) мекенди ойлонуп-эстеген ыкластуу пенделер кылдык. Жана чындыгында алар Биздин Кабатыбызда тандалгандардан жана жакшылардан. (Сад Сүрөсү, 45-47)

 

 

КӨСӨМДҮК, ТААСИРДҮҮ СҮЙЛӨӨ ЖАНА СӨЗМӨРДҮК ЖӨНДӨМҮ

 

Акылдын көп адамдар билбеген дагы бир тарабы, ал адамдын бүт жүрүм-турумдарына жана сөздөрүнө «көсөмдүк» берет. Бирок адамдардын көпчүлүгү даанышман жүрүм-турумдардын жана сөздөрдүн булагынын акыл экенин билишпейт. Тескерисинче, көсөмдүктү билим жана тажрыйба менен келе турган бир өзгөчөлүк деп ойлошот. Ошондуктан көп адамдар кооз жана таасирдүү сүйлөй алуу үчүн атайын сабактарга катышуу же «таасирдүү сүйлөө чеберчилиги» деген сыяктуу китептерди окуп таасирдүү сүйлөө эрежелерин жаттоо жолун тандашат. Ал китептерде таасирдүү сүйлөө үчүн адамдар качан сүйлөп баштап, качан унчукпай калышы керек, качан күлүшү зарыл деген сыяктуу нерселердин баарына көптөгөн эрежелер иштелип чыккан. Ал эрежелер канчалык так аткарылса, ал кишинин сөзү ошончолук ийгиликтүү болот деп ишенилет.

Бирок, кооз жана таасирдүү сүйлөөнү кандайдыр бир эрежеге байланыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Тескерисинче, эч кандай эрежеге таянбаган, жатталбаган, адамдын жүрөгүнөн чыккан, жасалма кыймыл-аракеттер менен өзүн эч кыйнабастан «чын жүрөктөн айткан сөздөрү» чыныгы таасирдүү сөздөр болот жана мындай сөздөрдүн таамайын бир гана көсөм адамдардан көрүүгө болот. Акылдуу сүйлөгөн адам чын жүрөктөн чыккан сөздөрү менен адамдардын жүрөгүнө терең таасир калтырат.

Динден алыс бир адам да кесибине байланыштуу бир теманы керектүү жерлерге басым жасап, сүйлөө эрежелерин сактап жакшы түшүндүрүп бериши мүмкүн. Бирок аталган бул өзгөчөлүктөрдүн эч биринин ал сөздөрдүн көсөмдүк менен айтылганын көрсөтпөй турганын унутпаш керек. Бир сөздү көсөмдүк менен айтылды дей алуу үчүн ал сөз чын жүрөктөн чыгып, максатка ылайык тигил тараптын жүрөгүнө таасир калтыра турган сыпатта болушу шарт. Айткысы келген ойду мүмкүн болушунча кыска-нуска кылып, эң таамай мисалдар менен жана чын жүрөктөн айткан адам көсөм болот. Аллах бир аятында Аз. Давудга бул өзгөчөлүктү бергенин билдирип, көсөмдүктүн маанисине көңүл бурган:

 

Анын мүлкүн күчтөндүргөн элек. Ага акылмандык жана таасирдүү сүйлөө жөндөмүн берген элек. (Сад Сүрөсү, 20)

 

Аяттан көрүнүп тургандай, Аллах көсөмдүк менен бирге берилген бир сый-жакшылык катары «таасирдүү сүйлөө жөндөмүн» белгилеген. Мындай сый-жакшылыкка жетүү үчүн атайын жөндөмгө ээ болуунун же өзгөчө күч-аракет жумшоонун кереги жок. Бул Аллахтын ыймандуу жана чын ыкластуу пенделерине берген өзгөчөлүгү.

Бирок көсөмдүк адамдын айткан сөздөрүнөн гана белгилүү боло турган бир өзгөчөлүк эмес. Көсөм адамдын бүт жүрүм-турумдарынан, алган бардык чечимдеринен, чыгарган бардык жыйынтыктарынан даанышмандыкты байкоого болот. Куранда бул маанилүү өзгөчөлүктүн көптөгөн пайгамбарларга берилгени айтылат:

 

Алар (Аллах тарабынан) китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берилгендер... (Энъам Сүрөсү, 89)

 

Ошентип алардын үстүнөн Аллахтын уруксаты менен жеңишке жетишти. Давуд Жалутту өлтүрдү. Аллах ага байлык жана даанышмандык берди, ага каалаганынан үйрөттү... (Бакара Сүрөсү, 251)

 

(Бала төрөлүп чоңойгон соң ага айттык:) «Эй Яхья, Китепти бекем карман.» Бала кезинде эле ага акылмандык бердик. (Мариям Сүрөсү, 12)

 

Курандын башка аяттарында болсо Аллахтын көсөмдүктү пенделеринен каалаганына берээри кабар берилип, көсөмдүктүн маанисине төмөнкүчө көңүл бурулган:

 

Кимге кааласа акылмандыкты ошого берет; чындыгында кимге акылмандык берилсе, ага чоң жакшылык берилген болот. Таза акыл ээлеринен башкалар сабак алып ойлонушпайт. (Бакара Сүрөсү, 269)

 

(Булар) Чын жүрөктөн Аллахка бурулган ар бир пенде үчүн акылмандык менен караган бир ички көз жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 8)

 

Бул аяттардан көрүнүп тургандай, акылдуу адамга берилген бул чоң сый-жакшылык ошол эле учурда «таасирдүү сүйлөө» жана «ынандыруу жөндөмүн» да берет. Ыймандуу адам акылдан келип чыккан көсөмдүк, таасирдүү сүйлөө жана сөзмөрдүк жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрү аркылуу Аллах аятында «Раббиңдин жолуна акылмандык менен жана жакшы насаат менен чакыр жана алар менен эң жакшы жол менен күрөш...» (Нахл Сүрөсү, 125) деп билдиргендей, чыныгы динди жана Куран адеп-ахлагын эң сонун түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.

 

 

МЫКТЫ ТЫЯНАК ЧЫГАРУУ ЖӨНДӨМҮ

 

Акыл адамга тартуулаган дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – бул «тыянак чыгаруу жөндөмү». Ар бир адам ар кайсы темада тыянак чыгарып, өзүнүн оюн айта алышы мүмкүн. Бирок акылдуу адамдардын айырмачылыгы, алардын тыянагы ар дайым так болот жана көп адамдар байкабаган тараптарды байкашат. Мындай так жана кылдат тыянак чыгаруу жөндөмүнүн сыры болсо ыймандуунун Куранды жол башчы тутуп, акылын ошол багытта колдонушунда жашырылган. Куран – Аллахтын акыйкат китеби. Ошондуктан Куранды ээрчигендер сөзсүз түрдө эң туурасын табышат.

Акылдуу адамдардын бул өзгөчөлүгү аларга жашоосунун бүт тармагында чоң артыкчылык жана жеңилдик берет. Эң биринчиден, ар бир жолуккан адамдын кулк-мүнөзүн абдан жакшы жана терең талдай алгандыктан, достору менен душмандарын оңой эле аныктай алышат. Аллах Куранда сүрөттөгөн адам мүнөздөрүнүн негизинде ар бир жолуккан адамдын маңызын кыска убакытта түшүнө алышат. Ошондой эле, пайдасына же зыянына болуп жаткан бир окуяны башынан байкап, ага карата чара көрүшү да аларга пайда алып келет. Мындан тышкары, айланасындагы адамдардын жакшы мүнөздөрүн, көп адамдар байкабаган өзгөчөлүктөрүн, акылмандык белгилерин көрө алгандар да кайра эле акылдуулар болот.

Буга байланыштуу акылдуу адамдардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү, бул нерселерди байкоо үчүн алар көпкө талдоо жүргүзүүгө же көп маалымат топтоого муктаж болушпайт. Акылдуу адамдын өзгөчөлүгү эң аз далил менен жана эң кыска убакытта эң туура тыянактарды чыгара алат.

Мисалы, акылдуу адам бирөөнүн калп айтып жатканын ошол учурдагы сүйлөө манерасынан, сөздөрүндөгү дал келбестиктерден, окуя тууралуу ашыкча майда-чүйдөлөрдү айтууга аракет кылышынан, жүзүндөгү тынчсыздануудан жана абалга жараша байкала турган дагы көптөгөн кыймыл-аракеттеринен аныктай алат. Акылсыз адам болсо калп айтып жаткан адамдын сөздөрүнө толук ишениши мүмкүн, ал тургай ал кишини абдан чынчыл адам деши ыктымал. Ошондуктан ал киши менен материалдык же моралдык шериктеш болуп, зыянга учурашы мүмкүн.

Бирдей шарттардагы бир окуядан туура эмес жыйынтык чыгарып, туура эмес тыянакка келген акылсыз адамдардын минтип жаңылышына Куранды карманбашы себеп болот. Ошондуктан Аллах Куранда келтирилген мисалдарды акылмандардын гана көрүп түшүнө алаарына көңүл бурган жана билгендер менен билбегендердин бирдей эместигин эске салган:

 

Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Бирок аалымдардан (илимдүүлөрдөн) башкасы буларга акыл жүгүртпөйт. (Анкебут Сүрөсү, 43)

 

Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Албетте, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)

 

 

БАЙКАГЫЧТЫК ЖАНА БААМЧЫЛДЫК

 

Аллах Курандын аяттарында адамдарга «көңүл бургула» деп эскерткен жана эмнелерге көңүл буруу керек экенин төмөнкүчө билдирген:

 

Көңүл бургула, асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахка тиешелүү. Ал силердин кайсы жолдо экениңерди, албетте, билет. Жана Ага кайтып барышкан күнү аларга кылгандарын кабар берет. Аллах бүт баарын билет. (Нур Сүрөсү, 64)

 

Абайлагыла, алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

 

Аяттардагы эскертүүлөрдөн көрүнүп тургандай, Аллах адамдарга көңүлүн туура ой жүгүртүү, окуяларды туура баалоо жана натыйжада акыйкаттарды түшүнүү багытына бурууну насаат кылган. Бирок муну унутпаш керек: Аллах Куранда сүрөттөгөндөй баамчылдык акылдууларга гана болот. Анткени Куранда Аллахтын аяттарынан акылдуулардын гана ойлонуп насаат алаары кабар берилген:

 

... Акылдуу адамдар гана сабак алып-ойлонушат. (Али Имран Сүрөсү, 7)

 

(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп (Биз) сага түшүргөн куттуу бир китеп. (Сад Сүрөсү, 29)

 

Баамын Куранда айтылган багытта колдонгон акылдуу адамдар ал аркылуу бүт акыйкаттарды түшүнө алышат; эң биринчиден Аллахтан башка Жаратуучу жок экенин, Аллахтын бүт ааламдын ээси экенин жана акыреттин анык чындык экенин түшүнүшөт.

Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, байкагычтык жана баамчылдык акылдуу адамдын күнүмдүк жашоосунан ар дайым байкалат. Акылдуу адамдар Аллахтын бүт нерсени бир максат менен жаратканын, баштарына келген ар бир окуянын, уккан ар бир сөзүнүн алар үчүн жаратылган сыноонун бир бөлүгү экенин жана алардын баарынан жоопкерчиликтүү экенин билгендиктен, ар бир нерсеге көңүл бурушат. Ошондуктан айланаларында кандайдыр бир коркунуч болсо ошол замат байкап, баарынан мурда чара көрүшөт. Ошондой эле, жакшы окуяларды да баамчылдыгынан улам заматта байкашат.

Мээнин да адамдарга белгилүү деңгээлде баамчылдык жөндөмүн берээри анык. Бирок акылдын айырмасы, ал адамга мээ көрсөтө албаган нерселерди байкатат жана кайсы гана тармакта болбосун алдын ала аныктоо, чара көрүү жана чечим чыгаруу жөндөмүн берет. Муну төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот: айталы мээлүү адам баамчылдыгынан улам үйүнүн төмөнкү кабатынан келген үндөрдү угуп үйүнө ууру киргенин байкашы мүмкүн. Акылдуу адам болсо окуяны мындайга чейин жеткирбестен, уурулук ыктымалдыгына карата чечкиндүү чараларды көрүп, маселени тамырынан чече алган адам болот. Ууруга мүмкүнчүлүк бере турган бүт альтернативаларды алдын ала эске алып, ошого жараша чара көрөт. Мисалы, үйгө чоочун бирөө кире албай турган күчтүү коопсуздук системасын түзөт.

Чыныгы баамчылдык ушундай болушу керек. Акылдуу адам коркунучту башына келгенде гана байкабайт. Тескерисинче, коркунуч ишке аша электе, андай окуяга кабыла электе сак болот жана кооптуу нерселерди алдын ала байкайт. Андан соң ал коркунучтарга карата чечкиндүү чараларды көрөт.

 

 

КҮЧТҮҮ МҮНӨЗ

 

Акылдуу адам жандуу-жансыз бүт нерселердин Аллахка моюн сунаарын жана Анын уруксатысыз жер жүзүндө бир дагы окуя болбой турганын билет. Аллахка болгон моюн сунуусу жана ишеними анын Аллахтан башка эч нерседен жана эч кимден коркпошуна жана натыйжада күчтүү мүнөзгө ээ болушуна шарт түзөт. Бүт баарын Аллахтын башкараарын билгени үчүн, адамдарга, окуяларга же шарттарга жараша мамилеси өзгөрбөйт. Адамдарга жагынуу үчүн эмес, Аллахтын сүйүүсүнө жетүү үчүн аракет кылгандыктан, эч бир кызыкчылык үчүн адамдык сапатынан, жүрүм-турумунан жана адеп-ахлагынан тайбайт.

Бирок бир нерсени унутпаш керек: акылдуу адамдын «күчтүү мүнөз» түшүнүгү караңгы коомдордогу маанисинен толугу менен айырмаланат. Динден алыс коомдордо адамдар бой көтөрүү, расмий жана олуттуу көрүнүү аркылуу гана күчтүү мүнөздүү боло аласың деп ишенишет. Бир адам айланасындагыларга өзүнүн бөтөнчөлүгүн жана артыкчылыгын канчалык сездире алса, ал ошончолук күчтүү мүнөздүүлүгүн көрсөттү деп ойлошот. Бирок бул көбүнчө чыныгы күчтүү мүнөз эмес, көз бойомочулук жана айланасына күчтүү болуп көрүнүүнү көздөгөн жасалмалык болот.

Чыныгы күчтүү мүнөздүн бой көтөрүү менен да, олуттуулук жана расмийлик менен да, сырткы көрүнүш менен да эч кандай байланышы жок. Куран боюнча адамдын Аллахтан абдан коркушу жана ошондуктан Курандын жолун чечкиндүүлүк менен карманышы күчтүү мүнөз болуп эсептелет. Жана эч бир шартта же эч бир дүнүйөлүк кызыкчылык үчүн, Аллах билдирген туура жолдон тайбашы, начар жана жийиркеничтүү иштерден алыс болушу. Адамдын күчтүү мүнөздүүлүгүн көрсөткөн чыныгы касиеттер мына ушулар жана бул багытта чечкиндүү боло алган адамдар бир гана акылмандар. Куранда туура жолдон эч тайбаган акылдуу адамдар ал мамилеси үчүн төмөнкүдөй сүйүнчүлөнгөн:

 

Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); аларга периштелер түшүп (айтышат:) «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейишке кубангыла». (Фуссилет Сүрөсү, 30)

 

 

АЛЛАХТЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА КОЛДООСУ

 

Аллах Куранда «Эй ыйман келтиргендер, үстүңөрдөгү (жоопкерчилик) өз напсиңер. Силер туура жолго түшсөңөр, адашкан силерге зыян бере албайт. Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет» (Маида Сүрөсү, 105) деп, ыймандууларга маанилүү чындыкты кабар берген: ыймансыздар туура жолдогу адамдарга зыян тийгизе алышпайт.

Туура жолду болсо бир гана ыйман кылган жана Куранды ээрчиген акылдуу адамдар таба алышат. Алар ар дайым бир гана Куранда билдирилген туураларды ээрчип, жашоолорун ошол туураларга карап өткөргөнү үчүн, сыйлык катары дайыма Аллахтын колдоосуна жана жардамына ээ болушат. Аллах ыймандуулардын жардамчысы жана динине жардам бергендерге жардамын убада кылган. Аятта мындай деп билдирилет:

 

... Аллах Ага (Анын динине) жардам бергендерге сөзсүз жардам берет. Чындыгында, Аллах кудуреттүү, улуу (Азиз). (Хаж Сүрөсү, 40)

 

Аллах Ага чын жүрөктөн ишенгени үчүн ыймандууларды коргоп колдоорун, аларга ар бир ишинде жеңилдик берип, жолдорун ачаарын башка бир аятында төмөнкүчө кабар берген:

 

Ким Аллахты, (Анын) элчисин жана ыйман келтиргендерди дос (вели) тутса, эч күмөнсүз, жеңишке жете тургандар – Аллахтын тарапташтары. (Маида Сүрөсү, 56)

 

Анбия Сүрөсүндө Аллах ар дайым тууранын жана чындыктын жалганды жеңе тургандыгына көңүл бурган. Чындык тарабында болгон акылдуу адамдардын ар дайым жалгандын артына жашынган акылсыз адамдардын үстүнөн жеңишке жетээринин себеби мына ушунда. Аллах бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берген:

 

Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот... (Анбия Сүрөсү, 18)