Акылдуу адамдарга Аллах Куранда баяндалган окуялар жөнүндө ойлонуп, алардан сабак алууларын эскерткен. Йусуф Сүрөсүндө мындай деп айтылат:
Ант болсун, алардын кыссаларында (окуя баяндарында) таза акыл ээлери үчүн сабактар бар. (Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)
Курандагы бул эскертүүгө ылайык, алдыда пайгамбарлардын окуяларындагы акылдуу жүрүм-турумдардын айрымдары гана каралып, акылдан келип чыккан артыкчылык дагы бир жолу көрсөтүлөт.
ЗУЛКАРНАЙНДЫН ЭЧ КИМ ӨТӨ АЛГЫС БЕКЕМ ТОСМО КУРУШУ
Куранда Аллах абдан бекем бийлик берген жана «маңызды камтыган бир илимге» ээ болгон Аз. Зулкарнайн тууралуу айтылган. Куранда Зулкарнайн тууралуу төмөнкүчө баяндалат:
Сага (эй Мухаммед), Зулкарнайн жөнүндө сурашат. Айткын: «Силерге андан насаат жана эскертүү катары (кээ бир маалыматтарды) берем». Чындыгында Биз ага жер бетинде улуу салтанат – бийлик жана ар бир нерсенин себептерин (жол), мүмкүнчүлүктөрүн бердик. (Кехф Сүрөсү, 83-84)
Мына ушундай, анын жанында «маңызды камтыган илим бар экенин» (же жанында болуп өткөндөрдүн баарын) Биз (илимибиз менен) толук курчаганбыз. Анан (дагы) бир жолго түштү. Эки тоонун ортосуна жеткен кезде, дээрлик эч бир сөздү түшүнбөгөн бир элге кездешти. Алар: «Эй Зулкарнайн, чындыгында Йажуж жана Мажуж жер жүзүндө бузукулук кылууда. Сага төлөм (төлөп) берсек, алар менен биздин ортобузга бир тосмо куруп бересиңби?» дешти. «Раббим мага берген нерсе (күч, нээмат, мүмкүнчүлүк) жакшыраак. Андан көрө мага күч-кубат жагынан жардам кылгыла, силер менен алардын ортосуна тосмо куруп берейин» деди. (Кехф Сүрөсү, 95)
Аз. Зулкарнайн, аяттардан көрүнүп тургандай, ал жердеги элдин талабына жооп берген. Жана Зулкарнайн элди Йажуж менен Мажуждан коргоо үчүн керектүү чепти ушунчалык акылдуу ыкма менен кургандыктан, ал тосмодон эч ким өтө да, теше да алган эмес:
Зулкарнайндын бул ийгилигине, албетте, анын бийик акылмандыгы себеп болгон. Эч ким өтө алгыс бир чеп куруу үчүн болушунча эң бекем материалды тандаган жана ал материалды эң натыйжалуу колдонгон. Алгач темир кесиндилерин орнотуп, аларды оттой кызыганга чейин көрүк менен үйлөткөн. Абдан бекем курулган чепти ал бойдон да калтырып койгон эмес, дагы бир олуттуу чара катары үстүнө ээритилген жез куйдурган. Ошентип чепти эч ким теше алгыс жана эч ким өтө алгыс кылып бышыктаган.
Зулкарнайндын бул чепти курууда көрсөткөн акылы – ыймандан келип чыккан акылмандыктын күчүнүн маанилүү бир мисалы. Анткени акылман адамдын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, ал коркунучка карата убактылуу, алсыз жолдорду тандабайт, тескерисинче колдогу мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде болушунча эң бекем чараларды көрөт. Башкача айтканда, ал коркунучту экинчи жолу адамдарды коркутпай турган, бир адамдын да зыян көрүшүнө себеп болбой турган кылып токтотот. Зулкарнайн курган чепте акылмандыктын бул белгиси апачык көрүнүп турат.
АЗ. ИБРАХИМДИН ИДОЛДОРГО КУРГАН ТУЗАГЫ
Куранда Аз. Ибрахимдин акылмандыгынан көптөгөн мисалдар келтирилген. Алардын бири идолго (жасалма кудайга) сыйынган коомун эскертүү жана аларга туура жолду көрсөтүү үчүн түзгөн планына байланыштуу. Аз. Ибрахим коомуна алар кудай туткан идолдордун эч кимге пайдасы тийбеген, жөнөкөй таштар гана экенин далилдөө максатында алгач аларды идолдор турган жерден алыстаткысы келген. Акылдуу ыкманы колдонуп бул максатына оңой эле жеткен. Аларга «ооруп жатам» деп айтканда баары оорудан коркуп ал жерден качышкан:
Анан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайрылышаар деп. (Анбия Сүрөсү, 58)
Коому ал жерден тарап кеткен соң Аз. Ибрахим идолдордун жанына жакындап, эң чоңунан тышкары идолдордун баарын сындырып талкалаган. Албетте, ал жерде эң чоң идолду калтырышында абдан маанилүү акылмандык болгон. Бул окуядагы көсөмдүк коому артка кайтып келген соң белгилүү болгон. Кайтып келишкенде идолдордун абалын көргөн коому кудай туткан таштарынын талкаланганын көрүп абдан таң калышкан жана муну ким кылды деп иликтей башташкан:
Аз. Ибрахим андан сурашканда, сындырбай калтырып койгон эң чоң идолду көрсөтүп, ошондон сурагыла деген. Таштын сүйлөй албай турганын жана болуп өткөндөрдү айтып бере албай турганын ойлонуп түшүнгөн коому ал таштардын эч кандай күчү жок экенин өздөрүнө өздөрү моюнга алууга мажбур болушкан:
«Оо, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?» дешти. «Жок – деди Ибрахим – мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла». Ошондо алар (бир саамга) эстерине келе калышты жана (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр залим экенсиңер» дешти. Кийин дагы баштары айланып, «Булардын сүйлөбөй тургандыгын сен да билесиң» дешти. (Анбия Сүрөсү, 62-65)
Аз. Ибрахим бул сөздөрдөн соң мындай деген:
«Аллахтан башка, силерге зыян да, пайда да келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы?» деди. (Анбия Сүрөсү, 66)
«Жонуп алган нерселериңерге сыйынасыңарбы?» деди, «силерди да, кылып жаткан (иш)териңерди да Аллах жараткан.» (Саффат Сүрөсү, 95-96)
Пайгамбар элине алар кудай туткан идолдордун эч нерсеге жарабай турганын далилдеп көрсөткөн соң алар бир саамга болсо да абийирлерин угуп, кылып жаткан иштеринин акылсыздыгын толук түшүнүшкөн. Андан кийин да таштарга сыйынууну улантышса да, Аз. Ибрахим акылы менен аларга чындыктарды көрсөтүп, туура эмес жолдо жүрүшкөнүн моюндарына алдырган.
АЗ. ИБРАХИМДИН ҮГҮТТӨӨ ЫКМАСЫНДАГЫ АКЫЛМАНДЫК
Курандагы Аз. Ибрахимдин акылмандыгынын дагы бир мисалын Аллах бай кылган жана мал-мүлк берген бир адам менен болгон сүйлөшүүсүнөн көрүүгө болот. Аз. Ибрахим динден алыс адамдын туура эмес логикасына таянып аны менен Аллах жөнүндө талашкан адамды динди кармануудан тапкан тунук акылы менен жеңген. Куранда ал бай киши менен Аз. Ибрахимдин ортосундагы сүйлөшүү төмөнкүчө баяндалат:
Аллах мага мүлк берди деп Раббиси жөнүндө Ибрахим менен талашка киргенди көрбөдүңбү? Ибрахим: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт» деген эле; ал болсо: «Мен да өлтүрөм жана тирилтем» деген. (Анда) Ибрахим: «Чындыгында Аллах күндү чыгыштан чыгарат, (кана) сен болсо аны батыштан чыгарчы» дегенде, ал каапыр ошентип мукактанып калган эле. Аллах залимдер коомун хидаятка (туура жолго) жеткирбейт. (Бакара Сүрөсү, 258)
Аллах өлтүрөт жана тирилтет деп айткан Аз. Ибрахимге «мен да өлтүрөм жана тирилтем» деп жооп берген ал кишиге Аз. Ибрахим абдан акылмандык менен жооп берген. Натыйжада ал киши акылдын жана акыйкаттын алдында эмне дээрин билбей калган.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ АЗ. МУХАММЕД (САВ)ДЫН ҮЙҮНӨН ЭРТЕ ЧЫГЫШЫ
Аллах Курандын «Сен ыймандууларды согушууга ыңгайлуу жерлерге жайгаштыруу үчүн үйүңдөн эрте чыккан элең. Аллах угуучу, билүүчү» (Али Имран Сүрөсү, 121) деген аятында дагы бир акылдуу иш-аракетке көңүл бурган. Аз. Мухаммед (сав) ал доордун күрөш шартында ыймандуулардын коопсуздугун жана ийгилигин камсыздоо максатында үйүнөн эрте чыккан. Чындыгында Пайгамбарыбыздын (сав) бул кадамы бүт ыймандуулар үчүн акылмандыктын маанилүү бир үлгүсү.
Бул мисалдан көрүнүп тургандай, маанилүү бир окуя учурунда эң акылдуу чаралардын бири эрте аракет кылуу болуп саналат. Себеби эрте аракет кылган адам керектүү бүт иштерди убактысынан мурда уюштуруп, алдын ала билинбеген муктаждыктарды жана жагдайларды аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле, акыркы мүнөттө шашылыш жасалган иштен келип чыгышы мүмкүн болгон паникага жана толкунданууга да ал аркылуу бөгөт коюлат. Убакыттын кенен экенин билүү адамдардын шашпай, акылдуу ой жүгүртүшүнө шарт түзөт. Мындан тышкары, жамааттык аракетти талап кылган бир окуяда ой-пикирлердин жана иш-аракеттердин биримдигин камсыздоо үчүн керектүү маалымат алмашуу да ушул убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
Ошондой эле, эрте аракет кылуу акыркы мүнөттө келип чыгышы ыктымалдуу болгон күтүүсүз окуяларга же керексиз кечигүүлөргө карата маанилүү бир артыкчылык берет. Эрте аракет кылганда, пайда болгон маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү болот.
Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) эрте аракет кылуунун бүт артыкчылыктарын алдын ала эсептеп бийик акылын көрсөткөн. Кагылышуу боло турган жерге эрте барып, ал жерде ыймандууларга иштерди бөлүштүргөн жана аларды эң ыңгайлуу жерлерге жайгаштырган.
АЗ. ЙАКУБДУН МААНИЛҮҮ БИР МААЛЫМАТТЫ КАРА НИЕТ КИШИЛЕРДЕН ЖАШЫРЫШЫ
Китептин мурунку бөлүмдөрүндө акылдуу адамдын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, ал кылган ар бир кадамынын бир канча баскычтан соң кайда бараарын алдын ала эсептейт деп белгилегенбиз. Чындап эле акылман адам баам-парасаты аркылуу кандайдыр бир кадам жасаарда, ага байланыштуу башынан өткөн тажрыйбаларына жана билген маалыматтарына сөзсүз түрдө көз жүгүртөт. Ошондой эле, окуялардын жана адамдардын келечекте кандай өзгөрүшү мүмкүн экенин да эске алат. Акылмандыгынын негизинде абдан туура чараларды көрөт.
Куранда ушундай акылдуу кадамына көңүл бурулган пайгамбарлардын бири – бул Аз. Йакуб. Аз. Йакуб балдарынын анын Аз. Йусуфка болгон сүйүүсүнө ич күйдүлүк кылып жатышканын байкаган жана ошол себептен алардын Аз. Йусуфка бир жамандык кылышынан тынчсызданган. Аллах пайгамбардын бул тынчсыздануусунун жөндүү экенин Курандын аяттарында кабар берген. Йусуф Сүрөсүндө Аз. Йакубдун балдарынын өздөрүнүн бир тууганы Аз. Йусуф тууралуу мындай дешкени кабар берилет:
Алар мындай дешкен эле: «Йусуф менен бир тууганын атабыз бизден көбүрөөк жакшы көрөт; бирок биз бири-бирин колдогон бир топпуз. Чындыгында атабыз апачык адашууда.» (Йусуф Сүрөсү, 8)
Муну билген Аз. Йакуб уулу Аз. Йусуф түшүндө жылдыздардын, күндүн жана айдын ага сажда кылышканын көргөнүн айтып бергенде, ал түштүн Аз. Йусуфтун Аллах тандаган өзгөчө инсан болушу мүмкүн экенине ишарат кылганын түшүнгөн. Ошондуктан ага түшүңдү бир туугандарыңа айтпа деп суранган. Себеби Аз. Йакуб бул маалыматтын балдарынын көрө албастыгын ансайын күчөтүшү мүмкүн экенин жана ушул себептен алар Аз. Йусуфка жамандык кылышы ыктымал экенин ойлогон.
Куранда Аз. Йакуб менен уулу Аз. Йусуфтун өз ара сүйлөшүүсү төмөнкүчө кабар берилген:
Йусуф атасына: «Атаке, чындап мен (түшүмдө) он бир жылдыз, күндү жана айды көрдүм; мага сажда кылып жатышканын көрдүм» деген эле. (Атасы) Мындай деген эле: «Уулум, түшүңдү бир туугандарыңа айтпа, болбосо сага бир тузак курушат. Себеби шайтан адам үчүн апачык бир душман». «Раббиң сени мына ушинтип тандап алат, сага сөздөрдүн маанисин үйрөтөт жана мурунку аталарың Ибрахим жана Исхакка толук бергени сыяктуу, сага жана Йакуб үй-бүлөсүнө сый-жакшылыгын толуктап берет. Албетте, Раббиң билүүчү, өкүмдар жана даанышман». (Йусуф Сүрөсү, 4-6)
Көрүнүп тургандай, Аз. Йакуб көрө албастыктын эмнеге алып барышы мүмкүн экенин алдын ала түшүнгөн жана ошого жараша чара көргөн. Аллах «Ант болсун, Йусуф жана бир туугандарында сурагандар үчүн аяттар (насааттар) бар» (Йусуф Сүрөсү, 7) деп аятында кабар бергендей, ыймандуулар Аз. Йусуф тууралуу кыссада баяндалган бул акылдын белгилеринен да сабак алышы керек. Жана ушундай акылга жетүү үчүн Аллахка көбүрөөк жакындоого аракет кылып, Куран адеп-ахлагы менен жашашы шарт.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder