Акылын колдоно албаган адам, мурдакы бөлүмдө көргөнүбүздөй, бул дүйнөдө да, акыретте да чоң жоготууга дуушар болот. Бирок бул жоготууну бир гана руханий жактан кароо туура болбойт. Адам күнүмдүк жашоосунда да акылсыздык себеп болгон ар кандай кыйынчылыктарга, санааларга жана зыяндарга туш болот.
Бул бөлүмдө акылсыз адамды өмүр бою кыйнаган мындай көйгөйлөрдөн бир канча мисал келтирип, бул коркунучтун олуттуулугуна токтолобуз.
АКЫЛСЫЗ АДАМДЫН ШАЛАКЫЛЫГЫ...
Маалымат каражаттарындагы кабарлардан шалакылыктын натыйжасында келип чыккан көптөгөн окуяларга күбө болобуз. Жана мындай окуялар эч токтобойт. Жаңылыкта айтылган окуяны окуп туруп көп адамдар ошого окшош каталарды өзү да кетирет. Түнкүсүн уктап жатып мештен уулангандарды, газ балон жарылып жаракат алгандарды, балкондон түшүп кеткен жаш балдарды, манжаларын заводдун станокторуна жулдургандарды жана ушул сыяктуу кырсыктарга кабылган дагы көптөгөн адамдарды кездештирүүгө болот. Албетте, мындай кабарлар динден алыстаган коомдордун күнүмдүк жашоодогу акылсыздык мисалдарынын кээ бирлери. Мындай адамдар окуялардын бир канча баскычтан соң эмнеге алып келээрин туура божомолдой алышпайт. Ошондой эле, мурдакы тажрыйбаларынан келечекте колдоно ала турган акылдуу жыйынтыктарды чыгара алышпайт. Колдорундагы мүмкүнчүлүктөрдү акылдары менен баалай албагандыктан баштарына келген окуяларда ыктымалдуу коркунучтарга бөгөт койо турган акылдуу чараларды да көрө алышпайт.
Акылын колдоно албаган адамдын шалакылыгынан келип чыккан кооптуу кырсык жана окуялардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Акылсыз адам жаңы шайманды колдонууну анын нускамасынан же билген бирөөдөн үйрөнүүнүн ордуна ар нерсе кылып көрүп түшүнгөнгө аракет кылат. Кантип колдонулаарын билбеген техникалык бир шаймандын же музыка ойноткуч, компьютер сыяктуу аяр мамилени талап кылган аппараттардын түшүнүксүз баскычтарын баскылап, сынып кала турган бөлүктөрүн зордогондон тартынбайт. Ошондуктан көбүнчө жапжаңы аппаратты колдонула электе эле бузула турган абалга алып келет.
Жаш балдардын колуна жутуп ала турган кичинекей пластикалык буюмдарды оюнчук деп берип койот. Ал пластикалык буюмдар баланын тамагына тыгылып ооруканага барганга мажбур болгондо гана бул кылганынын туура эмес экенин ойлоно баштайт.
Акылсыз адам эки-үч бөлүктөн турган буюмду үстү-үстүнө коюп көтөргөнгө аракет кылат жана көбүнчө жарым жолдо баарын кулатат. Аларды бир-бирден жеткирүү керек экенин алдын ала эсептей албайт.
Акылсыз адам күндүн денеге кандай зыян алып келээрин болжолдой албайт. Нормадан ашыкча, ал тургай, бир канча саат бою күнгө кактанып терисине зыян келтирет. Күндүн таасиринен териси каканактап, олуттуу жаракат алат жана жүрөгү айланып, башы ооруйт. Жыл сайын ушинтип кыйналганына карабастан, акылын колдонбогону үчүн кийинки жайда бул катаны кайра эле кайталайт.
Мындан тышкары, балким кандайдыр бир оорусу бардыр деп ойлонбостон, көчөдөгү иттер же мышыктар менен ойногондон тартынбайт. Бардык кутурмага окшогон оорулар адамдардын ушундай камырабастыгынан келип чыгат.
Күтүүсүз жытка же үнгө ошол замат көңүл буруп карабайт. Мындай нерсени же эч байкабайт, же болбосо байкаса да камырабастыгынан улам же кандай коркунучка алып бараарын ойлобогондуктан көңүл бурбайт. Бирок газдын жытына көңүл бурбаганы үчүн үйү күйүп кетиши ыктымал же газдан ууланышы мүмкүн, же болбосо күйүктүн жытына убагында көңүл бурбаганы үчүн өрткө туш болушу ыктымал.
Нымдуу вилканы розеткага сайуу сыяктуу туура эмес иштерди жасап жабыр тартат. Же автоматты өчүрбөстөн лампа алмаштырганы же электрдик оңдоо иштерин жасаганы үчүн көп жолу токко урунат.
Абдан курч бычак менен азыктарды өтө тез туурайт. Ыктымалдуу коркунучту эсептебегени үчүн колун кесип алат.
Нымдуу колдору менен идиш жуугуч машинадан идиштерди алам деп табактар колунан сыйгаланат. Сынган табактарды кайра колу менен чогултам деп колун кесип алат.
Эч тааныбаган бирөөгө эшикти ачуудан, ал тургай, ал кишини үйгө киргизүүдөн коркпойт. Натыйжада кол салууга дуушар болот же үйү тонолот.
Айнек столдун үстүнө ысык казан коюп, столдо жаракага себеп болушу мүмкүн. Же жыгач столдун үстүнө ысык чайнекти койгону үчүн столдун кебетеси бузулат.
Бир жерге баруу үчүн жолго чыгаарда жолдо машинанын бузулуу ыктымалдыгына карата чара көрүүнү ойлонбойт, ойлонсо да үстүртөн чараларды көрөт. Бензин куят, бирок кошумча дөңгөлөк алууга же машинанын суусун, майын текшерүүгө акылы жетпейт.
Бардык иштерин акыркы мүнөттөргө калтырат. Мисалы, учакка кечикпеши керек болсо да, акыркы убакка чейин чемоданын даярдабайт, иштерин бүтүрбөйт. Үйүнөн аба майданына чейин айталы бир сааттык жол болсо, жыйырма мүнөт калганга чейин үйдөн чыга албайт. Чыкканда да кантип бараарын алдын ала пландабаганы үчүн такси таба албайт же тапса да жол тыгынын эске албаганы үчүн жолдо убакыт жоготот жана аягында учагынан кеч калат. Мындай окуяларды көп жолу башынан өткөрсө да, баары бир камырабастыгын таштап акылдуу чараларды көрүүнү ойлобойт.
Жүк ташыганда чара көрүп, жолундагы чалынып же сүзүп кете турган нерселерди алдын ала алып коюуга акылы жетпейт. Колундагы оор буюм менен ал тоскоолдуктун алдына келгенде же көрбөй аны сүзгөндө гана акылы ордуна келет.
Бир буюмду текче, стол сыяктуу жерлердин четине же эң учуна коюунун кооптуулугун түшүнбөйт. Бирок кичине эле бир нерсе тийип кеткенде ал буюмдар жерге түшүп, сынат.
АКЫЛСЫЗ АДАМДЫН ИСКУССТВО ЖАНА СУЛУУЛУК ТҮШҮНҮГҮ...
Адамдар жалпысынан искусство жана сулуулук боюнча стандарттуу түшүнүктө болушат. Жаш кезинен баштап айлана-чөйрөсүнөн үйрөнгөндөрүн өмүр бою колдонушат. Алардын доорунда кайсы түшүнүк мода болсо ошону жасашат. Бирок акылын колдонуп жаңылык киргизүүгө аракет кылышпайт. Искусстводогу табиттери толугу менен тууроого негизделет. Акылсыз адамдар тууроо аркылуу кандайдыр бир ийгиликке жетишсе да, өздөрү оригиналдуу, жаңы кооздукту ойлоп таба алышпайт.
Өзгөчө жашаган жерин жасалгалоодо ар дайым салттык калыптарды колдонушат. Эл арасында кеңири тараган мындай жасалгалоо түшүнүгүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй:
Акылсыз адам убактысын туура колдонбогону үчүн, үйүн жасалгалашы бир канча айга созулат. Чакан бир үйдү краскалап, анан тазалоого да бир канча ай кетет. Мындай иштерди эң натыйжалуу жол менен, эң кыска убакытта бүтүрүүнүн жолдорун ойлоп таба албайт.
Акылын колдонбогон адам искусствого жана жасалгалоого кызыкпайт, көп жылдар бою үйүнүн эч жерин өзгөртпөй жашай бериши мүмкүн. Көп жылдан кийин өзгөртүүнү чечкенде болсо оюна эң чоң өзгөртүү катары креслолордун кездемесин жаңылоо гана келет. Буюмдардын ордун алмаштыруу, жашаган жерин кооздоо сыяктуу адаты болбойт.
Колунда өтө чоң мүмкүнчүлүгү болсо да аны жакшы колдоно албайт. Эң кымбат, эң сапаттуу буюмдарды сатып ала алса да, аларды чеберчилик менен жайгаштыра албайт.
Мындан тышкары, бир жайды кооздой алган күндө да, ал жерди ошол эле учурда колдонуу жагынан ыңгайлуу, таза жана жайлуу кыла албайт.
Буюмдарды жайгаштырууда акылын колдоно албайт. Жерге түшүп сынып кала турган айнек ваза сыяктуу буюмдарды адамдар өткөн жерлерге жайгаштырат. Ошондой эле, курч жана учтуу жасалгалоо буюмдарын колдонот жана аларды адамдар тийип, жаракат ала турган жерлерге койот.
Ашыкча болсо да үйүндөгү эч бир буюмун ыргыта албайт. Эски жаңы бүт буюмдарын чогуу колдонууга аракет кылат. Жаңы буюм алган сайын үйү толуп, караңгылай берет. Үйүндөгү мындай башаламандыкты байкай албайт жана ошондой караңгы шартта жашоосун улантат.
Бул жерге чейин айтылгандар акылсыздыктын күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөрүнүн бир канча мисалы гана. Албетте, акылсыздыктын адамга алып келген кыйынчылыктарын жана зыяндарын ушулар менен эле чектөөгө болбойт. Акылын колдонбогон ар бир адам өмүрүнүн аягына чейин тынымсыз ушул сыяктуу кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү башынан өткөрөт. Булардан кутулуунун жападан жалгыз жолу болсо – китептин башынан бери айтылгандай, ыймандан келип чыккан таза акылды угуу. Ошондо акыл адамдын бүт жашоосуна жеңилдик тартуулайт жана ал адам ар дайым жагымдуу жана бейпил өмүр сүрөт.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder