Акылсыздык себеп болгон эң чоң жоготуулардын бири – бул, албетте, адамдарды Аллахтын дининен алыстатышы. Динден алыстаган адамдар болсо бейиштен да алыстап, түбөлүктүү тозок жашоосуна багытталышат. Акылсыздыгы ал адамдарга туураны туура эмес, туура эмести туура кылып көрсөтөт, ошондуктан бул дүйнөдөгү жашоону чыныгы жашоо деп ойлошот жана чыныгы акырет жашоосуна ишенишпейт. Бул жашоолорунда Аллахтын ыраазылыгына жана бейишине жетүү үчүн аракет кылышпайт жана тозок азабы мага да келип калышы мүмкүн деп эч ойлошпойт. Акыретте бул чындыктарды түшүнгөндө болсо «аттиң акылыбызды иштетсек болмок экен» деп өкүнүчтөрүн билдиришет жана акылсыздыктын аларга канчалык чоң жоготуу алып келгенин моюнга алышат. Куранда алардын кантип өкүнөөрү төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Ал күнү тозок да жакындатылган болот. Адам ал күнү ойлонуп-эстейт, бирок (бул) эстөөдөн ага эмне пайда? (Ал) Айтат: «Аттиң, жашоом үчүн (мурдатан бир нерселер) алып келген болгонумда.» (Фежр Сүрөсү, 23-24)
Оттун үстүндө токтотулганда аларды бир көрсөң; (мындай) дешет: «Аттиң (дүйнөгө дагы бир жолу) кайра кайтырылып, Раббибиздин аяттарын калпка чыгарбай жана ыймандуулардан болгонубузда кана.» (Энъам Сүрөсү, 27)
Жана мындай дешет: «Эгер уккан же акыл жүгүрткөн болгонубузда, мобул алоолоп күйгөн оттун тургундарынын арасында болмок эмеспиз.» (Мүлк Сүрөсү, 10)
Булардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгаруу керек: акылсыздык адамды тозокко түрткөн чоң балээ. Тозок болсо өлүп кутулуу мүмкүнчүлүгү да болбогон, түбөлүктүү азап мекени. Бул акыйкат эч бир адам «мага андан эчтеке болбойт» дей албай турганчалык анык чындык жана ошончолук жан чыдагыс. Куранда тозоктогу адамдардын сөөктөрүн кычыраткан ачуу кыйкырыктары, күйгөн сайын кайра кайра алмаштырылган терилер, суусаганда кан менен ириңдин аралашмасынан башка эч нерсе таба албаган ыймансыздар тууралуу терең сүрөттөөлөр орун алган.
Ошондой эле, акылын колдонбогон адам кол жууй турган бейиштеги сый-жакшылыктарды да азыртан ойлонушу шарт. Акылсыз адамдар тозокко бараардан мурда бейиштин кооздугун да түшүнүшөт жана акылдуу адамдардын бейиш менен сүйүнчүлөнгөндө сезген кубанычына күбө болушат. Астынан дарыялар аккан бийик сарайларда, асыл таштардын арасында, тактыларда отуруп ырахат алган ыймандуулардын абалын билүү да акыретте акылсыз адамдардын жүрөгүндө терең азапка жана өкүнүчкө себеп болот.
Булар акылсыздыктын акыретте алып келген жоготуулары. Ошондой эле, акылсыздыгынан улам динден алыстаган адамдар акыретти унутуп бул дүйнөдөн ырахат алууга аракет кылганы менен, бул дүйнөдө да эңсегенине жете алышпайт. Өмүр бою материалдык жана руханий көптөгөн жоготууларга дуушар болушат. Эң биринчиден, Аллахка жана тагдырга моюн сунбаганы үчүн тобокелсиз болушат жана мындан улам тынчсызданып жашашат. Ар дайым келечек тууралуу сарсанаалар, колундагылардан ажырап калуу, кедейликке батуу, жакшы көргөн адамдарынан алыста калуу, эл алдында уят болуу сыяктуу тынчсыздануулар менен өмүр өткөрүшөт.
Куран адеп-ахлагын карманбагандыктан, эч ким менен чыныгы мааниде дос боло алышпайт жана чыныгы сүйүү, сый-урмат, туруктуулук сыяктуу мыкты адеп-ахлактан келип чыккан кооздуктарды сезе алышпайт. Куран менен жашабагандыктан, динден алыс караңгы системанын кыйынчылыктарынын ичинде өмүр сүрүшөт. Жашоолорунда ар дайым өкүнүч үстөмдүк кылат, бир күн же бир саат мурда кылган иштерине да нааразы болуп, өкүнө беришет.
Акылын колдонбогону үчүн кооз жана акылдуу сүйлөй алышпайт. Бир канча саат сүйлөп бир жумушту бүтүрө алышпайт, ыкчам чараларды көрө алышпайт жана акылдуу чечимдерди чыгара алышпайт. Адамдардын жакшы жактарын байкап, аларды жакшы сөздөр менен мактай алышпайт. Искусстводон жана сулуулуктан ырахат алып, акылдуу жаңылыктарды ойлоп таба алышпайт. Салт болуп калган калыптардан, көнүмүш адаттардан чыга алышпайт жана өздөрүн жаңылап өнүктүрө алышпайт.
Акылсыз адамдардын абалы Куранда төмөнкүдөй мисал менен сүрөттөлөт:
Аллах мындай мисал келтирди: эки киши; алардын бирөө тилсиз, эч нерсеге күчү жетпейт жана дайыма кожоюнунун үстүндө (бир жүк), ал аны кайсы тарапка жөнөтпөсүн эч жакшылык алып келбейт; эми ушул адилеттик менен буйрук кылган жана туптуура жолдогу (киши) менен бирдей болушу мүмкүнбү? (Нахл Сүрөсү, 76)
Чындыгында бул мисал акылсыз адамдын абалын мыкты чагылдырат. Себеби акылсыз адам – бул, аятта айтылгандай, эч нерсеге күчү жетпеген жана өзүнө пайдасы жок, айланасына жүк болгон адам. Ошондуктан мындай адам өмүр бою ар дайым зыян тартып жашаганга мажбур болот. Аллах акылсыз адамдардын абалын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч ким үчүн ыйман кылуу (мүмкүнчүлүгү) жок. Ал акылы жетпегендерге жийиркеничтүү бир ыпыластык берет. (Йунус Сүрөсү, 100)
Акылсыз адамдардан, ошондой эле, акылсыз коомдор куралат. Акылсыз коомдордо болсо динден алыс болгондуктан, башаламандык, зулумдук, адилетсиздик, жек көрүү, зордук-зомбулук, оройлук, кыскасы ар кандай терс көрүнүштөр орун алган бир чөйрө пайда болот. Адамдар акылсыздыгынан улам Аллахтын кудуретин түшүнө алышпайт жана натыйжада Аллахтан коркушпайт. Аллахтан коркпогон адамдардан куралган коомдордо ар кандай кылмыштар жасалышы мүмкүн. Адамдар оңой эле башка кишилерди өлтүрүшү мүмкүн, бирөөнүн акысын жеши ыктымал же уурулук, алдамчылык сыяктуу кылмыштарга барышы мүмкүн. Ичтеринде мээрим жана боорукердик сезимдери өчүп калгандыктан, ар кандай кылмыштарды жасашы ыктымал.
Булар акылсыздыктын адамдарга бул дүйнөдө алып келген зыяндарынын кыскача сүрөттөмөсү. Ошондуктан акылсыздык адам маани бербей койо турган же макул боло турган нерсе эмес. Ар бир адам акылга бөгөт болгон тоскоолдуктар жөнүндө ойлонуп, алардан арылуу үчүн болгон аракетин көрүшү шарт жана бул дүйнөдө жана акыретте акыл алып келе турган жакшылыктардын пайдасын татышы зарыл.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder