Акылман адамдарды Аллах Куранда «Алар сөздү угуп, эң жакшысын аткарышат. Мына ошолор Аллах туура жолго салган адамдар жана алар акылы таза адамдар» (Зүмер Сүрөсү, 18) деп сүрөттөйт. Мындай адамдар Аллах көрсөткөн жолду толук карманып, Курандын насааттарын так аткарганы жана абийирлерин толук укканы үчүн, Аллах аларга «акыл» деген чоң сый-жакшылыгын тартуулаган.
Акыл адамга дагы көптөгөн сый-жакшылыктардын эшигин ачкан абдан маанилүү өзгөчөлүк. Акылдуу адам кайсы гана чөйрөдө болбосун, ар бир жүрүм-туруму жана ар бир сүйлөгөн сөзү менен өзгөчөлөнөт жана айланасындагылар ага суктанып, урматташат. Акыл ушунчалык баалуу касиет болгондуктан, адамга өмүрүнүн аягына чейин ар дайым жаңы артыкчылыктарды тартуулайт.
Мындан кийинки бөлүмдөрдө акыл адамга тартуулаган бул артыкчылыктардын кээ бирлери каралат жана акылдын канчалык чоң жакшылык экени эске салынат.
МЫКТЫ АДЕП-АХЛАК
Акылдуу адамдын өзгөчөлүктөрүнүн эң башында адамга бул дүйнөдө жана акыретте көптөгөн жакшылыктарды алып келе турган Куран адеп-ахлагы турат. Акылдуу адам Аллах Куранда кабар берген бийик адеп-ахлакты эң кылдат карманат. Куранда адамдарга чынчылдык, ак ниеттүүлүк, чын ыкластуулук, кичипейилдик, жумшактык, мээримдүүлүк, адилеттүүлүк, сабырдуулук, кечиримдүүлүк жана дагы көптөгөн мыкты мүнөздөр насаат кылынат. Акылман адам акылын колдонуп, ар бир окуяда мындай мүнөздөрүн эң мыкты көрсөтө алат. Куран адеп-ахлагын канчалык кылдаттык менен карманса, акыретте Аллахтан ошончолук жакшы сыйлык алышы мүмкүн экенин билет.
Ошондуктан акылман адам күнүмдүк жашоосунда ар бир окуяда абийиринин үнүн угат. Мисалы, жардамга муктаж адамга жардам берет жана бул жоопкерчиликти башкаларга калтырбайт. Аллах ыраазы болоорун билген жакшылыктардын баарын колдон чыгарбай жасайт. Же болбосо оор жүктү жалгыз көтөрүүгө аракет кылган адамды жумушу жок болуп туруп карап отурбайт. Оорулуу же улгайган адамды көргөндө ордунан туруп, ага орун бошотот. Антпесе камырабастык кылган болоорун жана Аллахтын мындайга ыраазы болбой турганын билет. Чындап ачууланта турган мамилеге кабылганда да, Аллахтын жумшак мамиледен ыраазы болоорун ойлоп, ачуусун жеңет жана ал адамга жакшы сөз айтат. Өзүнүн зыянына болоорун билсе дагы эч качан чынчылдыктан тайбайт.
Акылы аркылуу мындай жүрүм-турумдарды өмүрүнүн аягына чейин эң мыкты уланткан адам бул дүйнөдө да жакшы жашоодо жашайт жана Аллахтын ыраазылыгын көздөп кылган жакшылыктарынан улам бейиш менен сыйланат. Аллах аяттарында мындай деп билдирет:
Күмөнсүз, ыйман келтирип жакшы иштерди кылгандар болсо; Биз чындыгында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга учуратпайбыз. Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана кооз саймалуу атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүнө отуруп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 30-31)
БААМ-ПАРАСАТ
Парасат деп адамдын тез түшүнүү жана аңдоо жөндөмү айтылат. Баам болсо адамдын бир нерсенин маңызын түшүнүү күчүн, чындыкты майда-чүйдөсүнө чейин көрүү жөндөмүн жана көрөгөчтүктү түшүндүрөт. Адамга бул эки өзгөчөлүктү тең бере турган булак – бул акыл.
Аллах бир аятында «Сокур менен (баамдап) көргөн бир болбойт; ыйман келтирип чын ыкластуу иштерди кылгандар менен жамандык кылгандар да. Канчалык аз насаат алып-ойлоносуңар» (Момун Сүрөсү, 58) деп баамдоонун маанисине көңүл бурган жана мындай өзгөчөлүгү жок адамдарды «сокур» деп сыпаттаган.
Курандын башка бир аятында болсо акылдан келип чыккан бул теңдешсиз өзгөчөлүккө ээ адамдар менен түшүнүгү тар адамдардын канчалык айырмалуу экенине төмөнкүчө көңүл бурулган:
Сага Раббиңден түшүрүлгөндүн чындыгында акыйкат (чындык) экендигин билген адам ошол көрбөгөн сыяктуубу (ошону менен бирби)? Таза акыл ээлери гана сабак алып, ой жүгүртө алышат. (Рад Сүрөсү, 19)
Баам-парасаттуу адам ар бир окуяны, жүрүм-турумду жана сөздү эң туура талдоо жөндөмүнө ээ болот. Мурдакы тажрыйбаларынан эң акылдуу жыйынтыктарды чыгарат жана ал маалыматтарды жашоосунда эң туура колдонгонду билет. Айлана-чөйрөсүн, шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү акылдуулук менен баалайт жана ал шарттарды мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлге жеткирип, колундагы мүмкүнчүлүктөрдү эң туура пайдалана алат. Бир кадамды жасаарда сөзсүз ага байланыштуу бардык керектүү чараларды көрүп, ыктымалдуу мүчүлүштүктөрдү аныктайт жана ошого жараша аракет кылат. Ар бир сөзү маңыздуу, ар бир кыймыл-аракети оор басырыктуу болот жана ар бир ою курч акылдан жана түшүнүктөн келип чыгат.
Акылман адамдардын бул өзгөчөлүктөргө ээ болушуна бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнаган жана акыретти көздөгөн чын ыкластуу адамдар болушу шарт түзөт. Куранда пайгамбарлардын бир гана акыретти максат кылганы эске салынган жана алардын мындай адеп-ахлагынан улам ошол эле учурда күчтүү жана парасаттуу инсандар болгонуна көңүл бурулган:
Күчтүү жана парасаттуу (акылман) кулдарыбыз Ибрахимди, Исхакты жана Йакубду да эстегин. Чындыгында Биз аларды бир гана (акыреттеги чыныгы) мекенди ойлонуп-эстеген ыкластуу пенделер кылдык. Жана чындыгында алар Биздин Кабатыбызда тандалгандардан жана жакшылардан. (Сад Сүрөсү, 45-47)
КӨСӨМДҮК, ТААСИРДҮҮ СҮЙЛӨӨ ЖАНА СӨЗМӨРДҮК ЖӨНДӨМҮ
Акылдын көп адамдар билбеген дагы бир тарабы, ал адамдын бүт жүрүм-турумдарына жана сөздөрүнө «көсөмдүк» берет. Бирок адамдардын көпчүлүгү даанышман жүрүм-турумдардын жана сөздөрдүн булагынын акыл экенин билишпейт. Тескерисинче, көсөмдүктү билим жана тажрыйба менен келе турган бир өзгөчөлүк деп ойлошот. Ошондуктан көп адамдар кооз жана таасирдүү сүйлөй алуу үчүн атайын сабактарга катышуу же «таасирдүү сүйлөө чеберчилиги» деген сыяктуу китептерди окуп таасирдүү сүйлөө эрежелерин жаттоо жолун тандашат. Ал китептерде таасирдүү сүйлөө үчүн адамдар качан сүйлөп баштап, качан унчукпай калышы керек, качан күлүшү зарыл деген сыяктуу нерселердин баарына көптөгөн эрежелер иштелип чыккан. Ал эрежелер канчалык так аткарылса, ал кишинин сөзү ошончолук ийгиликтүү болот деп ишенилет.
Бирок, кооз жана таасирдүү сүйлөөнү кандайдыр бир эрежеге байланыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Тескерисинче, эч кандай эрежеге таянбаган, жатталбаган, адамдын жүрөгүнөн чыккан, жасалма кыймыл-аракеттер менен өзүн эч кыйнабастан «чын жүрөктөн айткан сөздөрү» чыныгы таасирдүү сөздөр болот жана мындай сөздөрдүн таамайын бир гана көсөм адамдардан көрүүгө болот. Акылдуу сүйлөгөн адам чын жүрөктөн чыккан сөздөрү менен адамдардын жүрөгүнө терең таасир калтырат.
Динден алыс бир адам да кесибине байланыштуу бир теманы керектүү жерлерге басым жасап, сүйлөө эрежелерин сактап жакшы түшүндүрүп бериши мүмкүн. Бирок аталган бул өзгөчөлүктөрдүн эч биринин ал сөздөрдүн көсөмдүк менен айтылганын көрсөтпөй турганын унутпаш керек. Бир сөздү көсөмдүк менен айтылды дей алуу үчүн ал сөз чын жүрөктөн чыгып, максатка ылайык тигил тараптын жүрөгүнө таасир калтыра турган сыпатта болушу шарт. Айткысы келген ойду мүмкүн болушунча кыска-нуска кылып, эң таамай мисалдар менен жана чын жүрөктөн айткан адам көсөм болот. Аллах бир аятында Аз. Давудга бул өзгөчөлүктү бергенин билдирип, көсөмдүктүн маанисине көңүл бурган:
Анын мүлкүн күчтөндүргөн элек. Ага акылмандык жана таасирдүү сүйлөө жөндөмүн берген элек. (Сад Сүрөсү, 20)
Аяттан көрүнүп тургандай, Аллах көсөмдүк менен бирге берилген бир сый-жакшылык катары «таасирдүү сүйлөө жөндөмүн» белгилеген. Мындай сый-жакшылыкка жетүү үчүн атайын жөндөмгө ээ болуунун же өзгөчө күч-аракет жумшоонун кереги жок. Бул Аллахтын ыймандуу жана чын ыкластуу пенделерине берген өзгөчөлүгү.
Бирок көсөмдүк адамдын айткан сөздөрүнөн гана белгилүү боло турган бир өзгөчөлүк эмес. Көсөм адамдын бүт жүрүм-турумдарынан, алган бардык чечимдеринен, чыгарган бардык жыйынтыктарынан даанышмандыкты байкоого болот. Куранда бул маанилүү өзгөчөлүктүн көптөгөн пайгамбарларга берилгени айтылат:
Алар (Аллах тарабынан) китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берилгендер... (Энъам Сүрөсү, 89)
(Бала төрөлүп чоңойгон соң ага айттык:) «Эй Яхья, Китепти бекем карман.» Бала кезинде эле ага акылмандык бердик. (Мариям Сүрөсү, 12)
Курандын башка аяттарында болсо Аллахтын көсөмдүктү пенделеринен каалаганына берээри кабар берилип, көсөмдүктүн маанисине төмөнкүчө көңүл бурулган:
Кимге кааласа акылмандыкты ошого берет; чындыгында кимге акылмандык берилсе, ага чоң жакшылык берилген болот. Таза акыл ээлеринен башкалар сабак алып ойлонушпайт. (Бакара Сүрөсү, 269)
(Булар) Чын жүрөктөн Аллахка бурулган ар бир пенде үчүн акылмандык менен караган бир ички көз жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 8)
Бул аяттардан көрүнүп тургандай, акылдуу адамга берилген бул чоң сый-жакшылык ошол эле учурда «таасирдүү сүйлөө» жана «ынандыруу жөндөмүн» да берет. Ыймандуу адам акылдан келип чыккан көсөмдүк, таасирдүү сүйлөө жана сөзмөрдүк жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрү аркылуу Аллах аятында «Раббиңдин жолуна акылмандык менен жана жакшы насаат менен чакыр жана алар менен эң жакшы жол менен күрөш...» (Нахл Сүрөсү, 125) деп билдиргендей, чыныгы динди жана Куран адеп-ахлагын эң сонун түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.
МЫКТЫ ТЫЯНАК ЧЫГАРУУ ЖӨНДӨМҮ
Акыл адамга тартуулаган дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – бул «тыянак чыгаруу жөндөмү». Ар бир адам ар кайсы темада тыянак чыгарып, өзүнүн оюн айта алышы мүмкүн. Бирок акылдуу адамдардын айырмачылыгы, алардын тыянагы ар дайым так болот жана көп адамдар байкабаган тараптарды байкашат. Мындай так жана кылдат тыянак чыгаруу жөндөмүнүн сыры болсо ыймандуунун Куранды жол башчы тутуп, акылын ошол багытта колдонушунда жашырылган. Куран – Аллахтын акыйкат китеби. Ошондуктан Куранды ээрчигендер сөзсүз түрдө эң туурасын табышат.
Акылдуу адамдардын бул өзгөчөлүгү аларга жашоосунун бүт тармагында чоң артыкчылык жана жеңилдик берет. Эң биринчиден, ар бир жолуккан адамдын кулк-мүнөзүн абдан жакшы жана терең талдай алгандыктан, достору менен душмандарын оңой эле аныктай алышат. Аллах Куранда сүрөттөгөн адам мүнөздөрүнүн негизинде ар бир жолуккан адамдын маңызын кыска убакытта түшүнө алышат. Ошондой эле, пайдасына же зыянына болуп жаткан бир окуяны башынан байкап, ага карата чара көрүшү да аларга пайда алып келет. Мындан тышкары, айланасындагы адамдардын жакшы мүнөздөрүн, көп адамдар байкабаган өзгөчөлүктөрүн, акылмандык белгилерин көрө алгандар да кайра эле акылдуулар болот.
Буга байланыштуу акылдуу адамдардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү, бул нерселерди байкоо үчүн алар көпкө талдоо жүргүзүүгө же көп маалымат топтоого муктаж болушпайт. Акылдуу адамдын өзгөчөлүгү эң аз далил менен жана эң кыска убакытта эң туура тыянактарды чыгара алат.
Мисалы, акылдуу адам бирөөнүн калп айтып жатканын ошол учурдагы сүйлөө манерасынан, сөздөрүндөгү дал келбестиктерден, окуя тууралуу ашыкча майда-чүйдөлөрдү айтууга аракет кылышынан, жүзүндөгү тынчсыздануудан жана абалга жараша байкала турган дагы көптөгөн кыймыл-аракеттеринен аныктай алат. Акылсыз адам болсо калп айтып жаткан адамдын сөздөрүнө толук ишениши мүмкүн, ал тургай ал кишини абдан чынчыл адам деши ыктымал. Ошондуктан ал киши менен материалдык же моралдык шериктеш болуп, зыянга учурашы мүмкүн.
Бирдей шарттардагы бир окуядан туура эмес жыйынтык чыгарып, туура эмес тыянакка келген акылсыз адамдардын минтип жаңылышына Куранды карманбашы себеп болот. Ошондуктан Аллах Куранда келтирилген мисалдарды акылмандардын гана көрүп түшүнө алаарына көңүл бурган жана билгендер менен билбегендердин бирдей эместигин эске салган:
Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Бирок аалымдардан (илимдүүлөрдөн) башкасы буларга акыл жүгүртпөйт. (Анкебут Сүрөсү, 43)
Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Албетте, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)
БАЙКАГЫЧТЫК ЖАНА БААМЧЫЛДЫК
Аллах Курандын аяттарында адамдарга «көңүл бургула» деп эскерткен жана эмнелерге көңүл буруу керек экенин төмөнкүчө билдирген:
Көңүл бургула, асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахка тиешелүү. Ал силердин кайсы жолдо экениңерди, албетте, билет. Жана Ага кайтып барышкан күнү аларга кылгандарын кабар берет. Аллах бүт баарын билет. (Нур Сүрөсү, 64)
Абайлагыла, алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)
Аяттардагы эскертүүлөрдөн көрүнүп тургандай, Аллах адамдарга көңүлүн туура ой жүгүртүү, окуяларды туура баалоо жана натыйжада акыйкаттарды түшүнүү багытына бурууну насаат кылган. Бирок муну унутпаш керек: Аллах Куранда сүрөттөгөндөй баамчылдык акылдууларга гана болот. Анткени Куранда Аллахтын аяттарынан акылдуулардын гана ойлонуп насаат алаары кабар берилген:
... Акылдуу адамдар гана сабак алып-ойлонушат. (Али Имран Сүрөсү, 7)
(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп (Биз) сага түшүргөн куттуу бир китеп. (Сад Сүрөсү, 29)
Баамын Куранда айтылган багытта колдонгон акылдуу адамдар ал аркылуу бүт акыйкаттарды түшүнө алышат; эң биринчиден Аллахтан башка Жаратуучу жок экенин, Аллахтын бүт ааламдын ээси экенин жана акыреттин анык чындык экенин түшүнүшөт.
Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, байкагычтык жана баамчылдык акылдуу адамдын күнүмдүк жашоосунан ар дайым байкалат. Акылдуу адамдар Аллахтын бүт нерсени бир максат менен жаратканын, баштарына келген ар бир окуянын, уккан ар бир сөзүнүн алар үчүн жаратылган сыноонун бир бөлүгү экенин жана алардын баарынан жоопкерчиликтүү экенин билгендиктен, ар бир нерсеге көңүл бурушат. Ошондуктан айланаларында кандайдыр бир коркунуч болсо ошол замат байкап, баарынан мурда чара көрүшөт. Ошондой эле, жакшы окуяларды да баамчылдыгынан улам заматта байкашат.
Мээнин да адамдарга белгилүү деңгээлде баамчылдык жөндөмүн берээри анык. Бирок акылдын айырмасы, ал адамга мээ көрсөтө албаган нерселерди байкатат жана кайсы гана тармакта болбосун алдын ала аныктоо, чара көрүү жана чечим чыгаруу жөндөмүн берет. Муну төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот: айталы мээлүү адам баамчылдыгынан улам үйүнүн төмөнкү кабатынан келген үндөрдү угуп үйүнө ууру киргенин байкашы мүмкүн. Акылдуу адам болсо окуяны мындайга чейин жеткирбестен, уурулук ыктымалдыгына карата чечкиндүү чараларды көрүп, маселени тамырынан чече алган адам болот. Ууруга мүмкүнчүлүк бере турган бүт альтернативаларды алдын ала эске алып, ошого жараша чара көрөт. Мисалы, үйгө чоочун бирөө кире албай турган күчтүү коопсуздук системасын түзөт.
Чыныгы баамчылдык ушундай болушу керек. Акылдуу адам коркунучту башына келгенде гана байкабайт. Тескерисинче, коркунуч ишке аша электе, андай окуяга кабыла электе сак болот жана кооптуу нерселерди алдын ала байкайт. Андан соң ал коркунучтарга карата чечкиндүү чараларды көрөт.
КҮЧТҮҮ МҮНӨЗ
Акылдуу адам жандуу-жансыз бүт нерселердин Аллахка моюн сунаарын жана Анын уруксатысыз жер жүзүндө бир дагы окуя болбой турганын билет. Аллахка болгон моюн сунуусу жана ишеними анын Аллахтан башка эч нерседен жана эч кимден коркпошуна жана натыйжада күчтүү мүнөзгө ээ болушуна шарт түзөт. Бүт баарын Аллахтын башкараарын билгени үчүн, адамдарга, окуяларга же шарттарга жараша мамилеси өзгөрбөйт. Адамдарга жагынуу үчүн эмес, Аллахтын сүйүүсүнө жетүү үчүн аракет кылгандыктан, эч бир кызыкчылык үчүн адамдык сапатынан, жүрүм-турумунан жана адеп-ахлагынан тайбайт.
Бирок бир нерсени унутпаш керек: акылдуу адамдын «күчтүү мүнөз» түшүнүгү караңгы коомдордогу маанисинен толугу менен айырмаланат. Динден алыс коомдордо адамдар бой көтөрүү, расмий жана олуттуу көрүнүү аркылуу гана күчтүү мүнөздүү боло аласың деп ишенишет. Бир адам айланасындагыларга өзүнүн бөтөнчөлүгүн жана артыкчылыгын канчалык сездире алса, ал ошончолук күчтүү мүнөздүүлүгүн көрсөттү деп ойлошот. Бирок бул көбүнчө чыныгы күчтүү мүнөз эмес, көз бойомочулук жана айланасына күчтүү болуп көрүнүүнү көздөгөн жасалмалык болот.
Чыныгы күчтүү мүнөздүн бой көтөрүү менен да, олуттуулук жана расмийлик менен да, сырткы көрүнүш менен да эч кандай байланышы жок. Куран боюнча адамдын Аллахтан абдан коркушу жана ошондуктан Курандын жолун чечкиндүүлүк менен карманышы күчтүү мүнөз болуп эсептелет. Жана эч бир шартта же эч бир дүнүйөлүк кызыкчылык үчүн, Аллах билдирген туура жолдон тайбашы, начар жана жийиркеничтүү иштерден алыс болушу. Адамдын күчтүү мүнөздүүлүгүн көрсөткөн чыныгы касиеттер мына ушулар жана бул багытта чечкиндүү боло алган адамдар бир гана акылмандар. Куранда туура жолдон эч тайбаган акылдуу адамдар ал мамилеси үчүн төмөнкүдөй сүйүнчүлөнгөн:
Күмөнсүз: «Биздин Раббибиз Аллах» деп анан туптуура жолдо жүргөндөр (бар эмеспи); аларга периштелер түшүп (айтышат:) «Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейишке кубангыла». (Фуссилет Сүрөсү, 30)
АЛЛАХТЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА КОЛДООСУ
Аллах Куранда «Эй ыйман келтиргендер, үстүңөрдөгү (жоопкерчилик) өз напсиңер. Силер туура жолго түшсөңөр, адашкан силерге зыян бере албайт. Баарыңар Аллахка кайтасыңар. Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет» (Маида Сүрөсү, 105) деп, ыймандууларга маанилүү чындыкты кабар берген: ыймансыздар туура жолдогу адамдарга зыян тийгизе алышпайт.
Туура жолду болсо бир гана ыйман кылган жана Куранды ээрчиген акылдуу адамдар таба алышат. Алар ар дайым бир гана Куранда билдирилген туураларды ээрчип, жашоолорун ошол туураларга карап өткөргөнү үчүн, сыйлык катары дайыма Аллахтын колдоосуна жана жардамына ээ болушат. Аллах ыймандуулардын жардамчысы жана динине жардам бергендерге жардамын убада кылган. Аятта мындай деп билдирилет:
... Аллах Ага (Анын динине) жардам бергендерге сөзсүз жардам берет. Чындыгында, Аллах кудуреттүү, улуу (Азиз). (Хаж Сүрөсү, 40)
Аллах Ага чын жүрөктөн ишенгени үчүн ыймандууларды коргоп колдоорун, аларга ар бир ишинде жеңилдик берип, жолдорун ачаарын башка бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Ким Аллахты, (Анын) элчисин жана ыйман келтиргендерди дос (вели) тутса, эч күмөнсүз, жеңишке жете тургандар – Аллахтын тарапташтары. (Маида Сүрөсү, 56)
Анбия Сүрөсүндө Аллах ар дайым тууранын жана чындыктын жалганды жеңе тургандыгына көңүл бурган. Чындык тарабында болгон акылдуу адамдардын ар дайым жалгандын артына жашынган акылсыз адамдардын үстүнөн жеңишке жетээринин себеби мына ушунда. Аллах бул акыйкатты төмөнкүчө кабар берген:
Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот... (Анбия Сүрөсү, 18)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder