25 Temmuz 2024 Perşembe

КҮНҮМДҮК ЖАШООДО АКЫЛДЫН МИСАЛДАРЫ

  

Буга чейин чыныгы акылдын аныктамасын, ага кантип жетүүгө болоорун жана акылды өстүрүүнүн жолдорун карадык. Бирок адамдын акылды өзүнүн күнүмдүк жашоосуна кантип өткөрүп, аны каерде жана кантип колдоно алаарын көрүшү эң маанилүү. Себеби акыл чоң ачылыштардан гана байкалган же жашоонун маанилүү деп эсептелген тармактарында гана ийгиликке жеткирген бир жөндөм эмес. Тескерисинче, күнүмдүк жашоодо тазалыктан тамак-ашка, кийимден искусствого чейин бүт тарапты камтыган бир өзгөчөлүк. Ошондуктан бул бөлүмдө акылдын күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөрү тууралуу кээ бир мисалдар келтирилет.

 

 

АКЫЛДУУ АДАМДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ЫКМАСЫ

 

Акылдуу адам биринчи кезекте ар дайым Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө кантип жетүүгө болоорун ойлонот. Айланасында болуп жаткан бардык окуяларды кунт коюп талдайт жана абийири менен ал шартта өзү үчүн эң туура кадамды аныктайт.

Эч кайсы темада ойлорун чектебейт, эркин ойлонот. Ой жүгүртүүсү абдан кенен болот. Эркин ойлонушуна бөгөт боло турган бардык караңгы түшүнүктөрдөн, санаалардан жана туура эмес көз караштардан кутулган болот.

Ой жүгүртүүсүн эч чектебегени үчүн ар дайым жөнөкөй, бирок өтө натыйжалуу идеяларды ойлоп табат.

Акылын керексиз нерселерди ойлоп эч качан алагды кылбайт. Эч кандай пайдасы жок, убактысын текке кетире турган жана чыныгы маанилүү нерселерге убакыт бөлүшүнө жолтоо боло турган нерселерди ойлоп алаксыбайт.

Айлана-чөйрөсүнүн жана жанындагы адамдардын муктаждыктарын биринчи кезекте ойлонот. Алардын коопсуздугуна, ден-соолугуна жана бейпилдигине байланыштуу бардык муктаждыктарды камсыздоо үчүн эмне кыла алаарын ойлонот жана эгер кандайдыр бир маселе бар болсо, аны эч кечиктирбей чечкенге аракет кылат.

Ар дайым динге жана ыймандууларга пайдалуу нерселерди ойлонот. Тынымсыз көбүрөөк жакшылык кылууну каалайт жана аракеттенет.

Акылдуу адам ошондой эле пландуу ойлонот. Ойлорун көздөгөн максатына багыттайт. Керексиз майда-чүйдөлөргө алагды болбойт.

Окуяларды көп баскычтуу ойлонот. Бир окуянын бир канча баскычтан соң кандай абалга келээрин, кандай потенциалдуу коркунучтарды камтышы мүмкүн экенин же кандайча өзгөрүшү мүмкүн экенин божомолдоп, ошого жараша чара көрөт.

Мурда болгон окуялар тууралуу да ойлонот. Алардын баарынан көсөмдүк менен эң акылдуу тыянактарды чыгарып, келечекте колдоно турган баалуу тажрыйба топтойт.

Акылына терс же туура эмес ой келгенде, анын шайтандан келген азгырык экенин билип, Аллахка кайрылат.

Ошондой эле, Аллах жараткан ар бир окуяда сөзсүз бир даанышмандык жана кооздук бар экенин билип, «мында да сөзсүз бир жакшылык бар» деп ойлонот.

 

 

АКЫЛДУУ АДАМДЫН МАЕГИ ЖАНА СӨЗДӨРҮ...

 

Акылдуу адам мүмкүн болушунча эң так, эң көсөм, эң маңыздуу жана эң пайдалуу сөздөрдү сүйлөйт. Дүйнө таанымы кең болгондуктан, мисалдары таасирдүү жана өзгөчө болот. Көп сүйлөгөндүн ордуна пайдалуу сүйлөгөндү жактырат. Зарыл болгондо жана орду келгенде сүйлөйт. Качан сүйлөп качан унчукпай турганын акылы менен жөнгө салат. Мисалы, шашып жаткан бирөөнү маанисиз сөздөр менен алаксытпайт.

Ошондой эле, пайдасыз нерселер тууралуу пайдасыз сүйлөп убакыт кетирбейт. Маанилүү нерсе тууралуу маанисине жараша гана сөз кылат.

Акылдуу адам чын жүрөгүнөн сүйлөйт. Сөздөрүн жасалма калыптарга салбайт. Адамдын жүрөгүнөн чыккан сөздөрдүн чындап таасирдүү болоорун билет.

Ошондой эле, тынымсыз бир эле сөздөрдү, бир стилди жана бир эле сүйлөмдөрдү колдонуп, монотондуу, бир калыпта сүйлөбөйт. Маек учурунда кыйытма жана капа кыла турган сөздөрдү колдонбойт. Эч качан шылдыңчыл сөздөр менен башкалардын көңүлүн оорутпайт. Айткысы келген нерсени ачык жана так айтат.

 

 

АКЫЛДУУ АДАМДЫН ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНА ЖАСАЛГА ТҮШҮНҮГҮ...

 

Акылдуу адам жасалга темасында биринчи кезекте Аллахтын чеберчилигин үлгү алат. Куранда белгиленген бейиш жөнүндөгү сүрөттөөлөрдө адамдын рухуна эң көп ырахат тартуулай турган материалдарга көңүл бурулганын билет жана бул дүйнөнүн шарттарында ошол кооздукту эске салган жасалгаларды түзүүгө аракет кылат.

Башка нерселер сыяктуу бул жагынан да эч кандай эрежелер менен өзүн чектебейт. Мода болгону үчүн эле белгилүү калыптар менен чектелүүгө милдеттүү эмес экенин билет. Тарыхта жашап өткөн бүт цивилизациялардын жана бардык маданияттардын искусство түшүнүгүнөн пайдалана алат жана алардан калган бардык искусство чыгармаларынан шыктана алат.

Ал чыгармалардын арасынан көркөм-кооздук жагынан көзгө эң жагымдуу жана көңүлгө эң көп ырахат тартуулагандарын талдап, алардын эң эстетикалык айкалышын алып, кайталангыс чыгарма жарата алат.

Акылдуу адам кооздук менен чеберчиликти ошол эле учурда комфорт менен да айкалыштыра алат. Ошондуктан акылман адам жасалгалаган чөйрөдө жашоо абдан жагымдуу жана абдан ыңгайлуу болот. Тандалган материалдарда кооздукту чагылдырышынан тышкары, адамдын ден-соолугу жагынан да эң ылайыктуу, эң жайлуу, тазалоого эң оңой жана эң бекем болушуна көңүл бурулат. Мисалы, кооз көрүнгөнү үчүн эле ден-соолукка зыяндуу жыты бар же зыяндуу зат кошулган бир дагы материалды колдонбойт. Анын ордуна башка материалдар менен да ошондой эле кооздукка жете алат.

Мындан тышкары, жасалгага улам жаңылык киргизип тура алат. Ошол эле материалдар менен, ошол эле жерде бири-бирине таптакыр окшобогон жүздөгөн жасалгаларды иштеп чыга алат. Жашаган жеринин жасалгасынын өзгөрүүсүз бир калыпта турушуна эч качан жол бербейт. Чоң же кичине бир катар өзгөрүүлөр аркылуу жашаган чөйрөсүн ар дайым кооздоп турат.

Акылдын жетекчилигине таянган жасалгада көзгө жагымсыз эч нерсе болбойт. Жарык жана үн тутуму, түстөрдүн тандалышы адамдын көзүнө жана жан дүйнөсүнө эң жагымдуу жана эң ыңгайлуу кылынат.

Жасалгалоодо симметрияга маани берет. Адамдын көзүнүн симметриядан ырахат алаарын жана симметрия жок учурдагы башаламандыктын көздү да, жан дүйнөнү да чарчатаарын акылы менен эсептей алат.

 

 

АКЫЛДУУ АДАМДЫН КОЛУНУН ЭПТҮҮЛҮГҮ

 

Акылдуу адам колунун эптүүлүгүнө акылы аркылуу жетет. Кандайдыр бир жөндөмдү талап кылган кырдаалга туш болгондо, колдогу мүмкүнчүлүктөрдү акылы менен эң туура баалап, кайсы жумушту кандай кылса эң жакшы жыйынтык берээрин алгач оюнда пландайт жана ал планынан эң мыкты натыйжа алат. Ар бир жумушту эң практикалык жол менен бүтүрөт. Күтүүсүз маселеге туш болгондо, колунда жетиштүү материал болбосо да, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп ал маселени эң жакшы деңгээлде чече алат.

Кандайдыр бир көйгөйгө кабылганда, алгач анын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана билими менен чечилип чечилбей турганын карайт. Эгер өзү кыла алса, аны жасаганга аракет кылат. Бирок эгер маселенин себеби техникалык болсо жана ал адамдын мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда убакыт коротпойт жана аны эң жакшы билген, тажрыйбалуу кишини чакырып чечет.

Келип чыккан көйгөйлөргө эптеп, убактылуу эмес, туруктуу жана так чечүү жолдорун табат. Антпесе келип чыга турган зыяндын талап кылынган эмгектен алда канча жогору болушу мүмкүн экенин билет.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder