25 Temmuz 2024 Perşembe

КУРАНДА АКЫЛСЫЗДЫКТЫН МИСАЛДАРЫ

 Тарых бою жашап өткөн адамдардын кылган акылсыздыктарына Куранда ар кандай мисалдар келтирилген. Ал мисалдарды билүү акылсыздыктын зыяндарын жакшыраак түшүнүү жана анын кесепеттеринен сактануу жагынан сөзсүз пайдалуу болот.


 

КАЗЫНАЛАРДЫН ЭЭСИ КАРУН

 

Куранда Аллахтын Аз. Мусанын коомунда жашаган Карунга эбегейсиз байлык бергени төмөнкүчө кабар берилген:

 

Чындыгында Карун Мусанын коомунан эле, бирок аларга каршы баш көтөрдү. Биз ага ушундай казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды сүйбөйт. Аллахтын сага бергендери менен акырет үчүн аракет кыл, дүйнөдөн да өз үлүшүңдү (насибиңди) унутпа. Аллах сага берешендик кылгандай, сен да берешендик кыл жана жер жүзүндө бузукулук издебе. Себеби Аллах бузукулук кылгандарды сүйбөйт». (Касас Сүрөсү, 76-77)

 

Аяттардан көрүнүп тургандай, коомунун башка мүчөлөрү Карунга «колуңдагы байлыкты сага Аллах бергенин унутпа, Аллахка шүгүр кыл жана байлыгыңды Аллах ыраазы боло турган багытта колдон» деп эскертишкен. Бирок Карун алардын бүт мындай эскертүүлөрүн укпай бой көтөргөн жана «бул байлык мага мендеги бир илим себептүү берилди» деп айткан:

 

(Ал) Айтты: «Бул мендеги бир илим себептүү мага берилди.» Чындап Аллахтын андан мурдакы урпактардан күчү жагынан андан күчтүүрөөк жана адам саны жагынан (андан) көбүрөөк адамдарды кыйратканын билбейт беле. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн күнөөлөрү суралбайт. (Касас Сүрөсү, 78)

 

Карундун ушинтип бой көтөрүшү жана колундагы байлыкка өз күчүм менен жеттим деп ойлошу акылсыздык болгон. Себеби байлыктын жалгыз жана чыныгы ээси Аллах жана Аллах каалаган убакта байлыгынан каалаган адамга берет, каалаган убакта аны кайра алат. Аллах бул тууралуу өкүмүн берген соң адамдын илими да, байлыгы да, кадыр-баркы да ал өкүмдү эч качан өзгөртө албайт.

Карундун акылсыздыгын мына ушул жерден көрүүгө болот. Казыналар мени Аллахтан келиши ыктымалдуу болгон азаптан же балээден коргой алат деп ойлоп, бой көтөргөн. Аллахка шүгүр кылып, ал байлыкты Анын ыраазылыгына жетүү үчүн колдонуунун ордуна, дүнүйө байлыгы менен айлана-чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ болууга аракет кылган.

Карундун акылсыз жүрүм-туруму коомундагы акылсыз адамдарды да ашкерелеген. Карунду эбегейсиз байлыктын ортосунда көргөндөрдөн акылын колдонбогондор анын ордунда болууну тилеп, ага суктанышкан, акылдуу адамдар болсо Аллахтын ыраазылыгына жетүү ал байлыктан жана мал-мүлктөн алда канча жакшы экенин эскертип, аларды төмөнкүчө сындашкан:

 

Ошентип өзүнүн көркөм-кооздугу менен элинин алдына чыкты. Дүйнө жашоосун каалагандар: «Аттиң, Карунга берилгендей (мүлк) бизде да болгондо. Чындыгында анын үлүшү (байлыгы) абдан көп» дешти. Илим берилгендер болсо: «Бактысыздар, ыйман кылып, чын ыкластан жакшы иштерди жасагандар үчүн Аллахтын сообу жакшыраак; буга болсо сабыр кылгандар гана жете алышат» дешти. (Касас Сүрөсү, 79-80)

 

Аягында Карундун акылсыз текебердиги үчүн, Аллах аны да, байлыгын да жердин түбүнө чөктүргөн жана байлыгы да, өзүн кожоюну катары көргөн башка нерселери да аны ал азаптан куткара алган эмес. Бир күн мурда бул дүйнөнүн көркөм кооздугуна алданып, Карундун ордунда болууну каалагандар анын башына келген абалды көргөндө, канчалык туура эмес ойдо болушканын түшүнүшкөн:

 

Аягында аны да, сарайын да жердин түбүнө чөктүрдүк. Аллахка карата ага эч бир тобу жардам берген жок. Жана ал өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Кечээ гана анын ордунда болууну каалагандар эрте менен турганда: «Карасаң, демек Аллах пенделеринен каалаганынын ырыскысын көбөйтүп же азайтат экен. Эгер Аллах бизге боорукердик кылбаганда, бизди да, албетте, чөктүрүп салмак. Демек, чындыгында ыймансыздык кылып жолдон адашкандар бейпилдикке жете албайт турбайбы» деп башташты. Мына акырет мекени, Биз аны жер жүзүндө бой көтөрүп, бузукулук кылууну каалабагандарга беребиз. (Жакшы) Жыйынтыкка да такыбалар (Аллахтан корккондор) ээ болот. (Касас Сүрөсү, 81-83)

 

 

БАКЧА ЭЭЛЕРИ

 

Куранда «бакча ээлери» деп айтылган адамдар да Карун сыяктуу жаңылыштык кылып, акылсыз кадамга барышкан. Алар да өздөрүнүн бакчасынын аларга Аллахтан бир тартуу катары берилгенин унутушкан. Алардын абалы Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

 

Чындыгында, Биз ал бакча ээлерине балээ бергендей, буларга да балээ бердик. Алар эрте менен (эртелеп жана эч кимге кабар бербестен) аны (бакчанын мөмөлөрүн) сөзсүз жыйнап алууга ант ичишти. Алар сөзсүз ушундай кылабыз дешкен эле. (Калем Сүрөсү, 17-18)

 

Бакча ээлеринин акылсыздыгы мына ушунда болгон. Себеби адам келечекте боло турган эч нерсе тууралуу толук ишенимде боло албайт. Аллах адамды каалаган учурда эч күтпөгөн бир окуяга жолуктурушу мүмкүн же таптакыр башка шарттарга салышы ыктымал. Ошондуктан Аллах уруксат берсе гана бир нерсени кыла алаарын түшүнүп, Аллахтан суроо эң акылдуу жана эң мыкты жүрүм-турум болот. Куранда бул багытта кандай мамиле кылуу керек экени төмөнкүчө баяндалат:

 

Эч нерсе жөнүндө: «Мен муну эртең сөзсүз кылам» деп айтпа. Бир гана «Аллах кааласа» (иншаАллах кылам де). Унутуп калганыңда Раббиңди эсте жана: «Раббим мени мындан да жакыныраак ийгиликке багыттап, жеткирээр» деп айт. (Кехф Сүрөсү, 23-24)

 

Бакча ээлеринин жаңылыштыгы, алар бүт нерсенин кожоюнунун жана өкүмдарынын Аллах экенин унутуп коюшкан. Таң эрте ал жерге барышканда, канчалык чоң жаңылыштык кетиришкенин жана канчалык олуттуу акылсыздык кылышканын даана түшүнүшкөн. Себеби Аллах күч-кудуреттин да, байлыктын да чыныгы ээсинин бир гана Өзү экенин түшүнүшү үчүн ал адамдардын бакчаларына бир балээ жиберип, түшүмдөрүн түп-тамырынан куруткан:

 

Бирок алар уктап жатканда, Раббиң тарабынан айланып-келген бир балээ анын үстүн ороп-курчады. Аягында (бакча) тамырынан куурап-капкара болуп калды. (Калем Сүрөсү, 19-20)

 

Таң атканда бул окуядан кабарсыз бакчаларына баруу үчүн өз ара сүйлөшкөн учурда бакча ээлери дүнүйөгө болгон ач көздүктөрүн төмөнкү сөздөрү менен айгинелешкен:

 

Анан таң азанда бири-бирин чакырышты: «Эгер түшүмүңөрдү жыйнап ала турган болсоңор, эртерээк туруп-жөнөгүлө.» Ошентип шыбырашып жолго түшүштү: «Акырын, бүгүн ал жерге эч бир кедей кирип, бизге жолукпасын». (Жакырларды) Тосууга күчтөрү жете тургандай болуп эрте менен барышты. (Калем Сүрөсү, 21-25)

 

Бул жерде алар дагы бир акылсыздык кылышкан. Анткени алар ичтериндеги ач көздүктөрүн айтып жатканда буга Аллахтын күбө болуп турганын унутушкан. Бакчаларыбызга эрте барсак кедейлерге жолукпайбыз деп ойлошкон. Бирок Аллах каалаган соң, эмне гана кылышпасын, боло турган нерсени эч качан токтото алышпайт. Ала турган түшүмдөрү тууралуу ушунчалык ач көздүк кылып жатып, кандай кырдаалга туш болгонун көрүшкөндө, ага таң калып башка жерге келип калдык окшойт деп ойлошкон. Бирок андан соң Аллахка ыраазылык билдирип, шүгүр кылышпаганы үчүн ошондой болгонун түшүнүшкөн жана акылсыздык кылышканы үчүн өздөрүн өздөрү жемелеп башташкан:

 

Бирок аны көргөндө: «Аныгы биз (жолубуздан) адашып кетиптирбиз» дешти. «Жок, биз (бүт баарынан жана бардык байлыгыбыздан) ажыратылдык.» (Араларынан) Токтоо мүнөз бирөөсү мындай деди: «Мен силерге айткан эмес белем? (Аллахты) Аруулап, Ага мактоо айтышыбыз керек эмес беле?» «Раббибиз, Сени аруулап, мактоо айтабыз; чындыгында биз залим экенбиз» дешти. Анан бири-бирине каршы өздөрүн сындап башташты. «Шерменде болдук, чындыгында биз чектен чыккан экенбиз» дешти. «Балким, Раббибиз анын ордуна жакшыраагын берээр; күмөнсүз, биз бир гана Раббибизден суранабыз.» (Калем Сүрөсү, 26-32)

 

 

АЗ. НУХТУН УУЛУ

 

Аз. Нух өзүнүн коомун Аллахка ыйман кылууга үндөгөн, бирок коомунан аз гана адамдан башка эч ким ишенген эмес. Аллах Аз. Нухка коомуна бир балээ жиберип, аларды жок кылаарын төмөнкүчө кабар берген:

 

Нухка вахий кылынды: «Чындыгында ыйман кылгандардан башка эч ким ишенбейт. Демек алардын кылгандары үчүн кайгырба. Биздин көзөмөлүбүз астында жана вахийибиз менен кемени жаса. Зулумдук кылгандар жөнүндө Мага кайрылба. Себеби алар сууга чөгүшөт.» (Худ Сүрөсү, 36-37)

 

Аз. Нух Аллахтын жогорудагы аятта билдирилген буйругуна ылайык бир кеме жасаган. Андан соң кайра эле Аллахтын буйругу менен ыймандууларды жана үй-бүлөсүн ал кемеге отургузган:

 

Аягында буйругубуз келгенде жана тандыр кайнаганда: «Ар биринен экиден жуп (жаныбар) менен алардын зыянына сөз өткөндөрдөн тышкары, үй-бүлөңдү жана ыйман кылгандарды ага отургуз» дедик. Ансыз да аны менен бирге өтө азы гана ыйман кылган эле. «Ага (кемеге) отургула. Анын сүзүшү да, токтошу да Аллахтын аты менен. Чындыгында менин Раббим кечиримдүү, ырайымдуу» деди. (Худ Сүрөсү, 40-41)

 

Бирок Аз. Нухтун уулу кемеге отурбай, ыймансыздар менен бирге артта калууну тандаган. Аллах аларды сууга чөктүрөөрүн билген Аз. Нух уулун «кемеге отур жана аларга кошулба» деп эскерткен. Бирок уулу «бир тоого жашынам жана тоо мени сел кырсыгынан коргойт» деп көшөрүп келбей койгон:

 

(Кеме) Алар менен бирге тоодой болгон толкундардын арасында сүзүп баратканда Нух бир четте турган уулуна кайрылды: «Эй уулум, биз менен кошо отур жана каапырларга кошулба». (Уулу) Мындай деди: «Мен бир тоого жашынам, ал мени суудан коргойт». «Бүгүн Аллахтын буйругунан ырайымдуу Аллахтан башка эч ким коргой албайт» деди. Жана экөөнүн ортосун толкун каптады, ошентип ал да чөгүп кетти. «Эй жер, сууңду жут жана эй асман сен болсо карма» деп айтылды. Суу тартылды, иш бүтүрүлдү, (кеме болсо) Жуди үстүндө токтоду жана залимдер коомуна болсо: «Алыс болушсун» деп айтылды. (Худ Сүрөсү, 42-44)

 

Чындыгында Аз. Нухтун уулу ал толкундардан качып кутула алган эмес жана жашынган тоосу аны коргой алган эмес. Аз. Нухтун уулунун бул жердеги акылсыздыгы, ал Аллахтан келген азаптан аны Аллахтан башка коргой ала турган эч бир кудурет жок экенин түшүнө алган эмес. Себеби толкундарды Аллах жараткан, ошондой эле, тоону жаратып, ага моюн сундурган да кайра эле бир гана Аллах. Аллах бир адамды же бир коомду кыйраткысы келсе, ага туруштук бере ала турган бир дагы күч-кудурет жана баш калкалоочу жай жок.

Аз. Нух уулуна «бүгүн Аллахтын буйругунан ырайымдуу Аллахтан башка эч ким коргой албайт» деп бул чындыкты эскерткен, бирок уулу бул маанилүү эскертүүгө көңүл бурган эмес. Эскертилгенине карабастан, Аллахтын пайгамбарына моюн сунган эмес жана натыйжада акылсыздыгынын жазасы катары толкундардын астында калып чөгүп кеткен.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder