Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, ар бир адам акылдуу болуу жана акылдын жакшылыктарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал үчүн Аллахтын улуулугун көрүп, бул дүйнөдөгү жашоосун Ага талап кылынгандай ибадат кылып өткөрүшү керек. Бул чындыкты түшүнгөн адам туптуура жолго түшкөн болот. Анткени ыймандуу адамга багыт берген, ага жол көрсөткөн жалгыз жол башчы – бул Куран. Аллах Куранда акылды тосуучу бардык себептерди түшүндүргөн жана адамдарга алардан кутулуу жолдорун көрсөткөн.
Аллахтын чакырыгын уккан адамдын акылы аны тоскон бардык кирлерден тазаланып, таза жана тунук абалга келет. Бул тазалыкты Куран менен ыйманга таянган таза логика жана туура ойлонуу жөндөмү камсыз кылат. Бир адам караңгы коомдун түшүнүктөрүнөн, ой-пикирлеринен жана ал жашоонун кирлеринен канчалык тазаланып, канчалык Куран адеп-ахлагына ылайык жашаса, акылы да ошончолук өсөт. Караңгы коомдун үрп-адаттарынан кутулган сайын акылынын үстүндөгү басымдардан да кутулат жана натыйжада Куранда айтылган акылдуу адамдардан болот. Антпесе акылдын алдындагы тоскоолдуктар көбөйөт жана адам билип туруп өзүн-өзү кыйроого түртөт.
Бул бөлүмдө Аллах Куранда акылды тосоорун билдирген жагдайлар каралат. Ошондой эле, бир гана Куранда билдирилген алардан кутулуу жолдору да көрсөтүлөт.
ШИРК
Ширк бир адамдын Аллахка шерик кошушу, Аллахтан башкаларды кудайдай көрүшү дегенди билдирет. Ширк кошкон адамдын кудай туткан баалуулуктары бир адам же кандайдыр бир жандык болушу мүмкүн, же болбосо бир кумарданууну же бир идеалды жашоосунун максатына айландырып алышы ыктымал. Бир адам бул баалуулуктарды Аллахтын ыраазылыгынан да маанилүүрөөк көрсө, аны Аллахтан да көбүрөөк же Аллах менен бирдей даражада жакшы көрсө, ошол адам Аллахка шерик кошкон болот.
Куранда сүрөттөлгөн ширк мына ушундай, бирок адамдардын көпчүлүгү ширктин бул чыныгы маанисин билишпейт. «Аллахка шерик кошууну» пайгамбардын доорунда жашаган адамдардын таштан жасалган идолдорго сыйынышы деп чечмелешет. Бирок азыркы заманда ширктин миңдеген ар кандай түрлөрү бар. Бир адамдын Аллахка ишенем деп айтып, бирок жашоосун Аллахтын ыраазылыгын көздөп өткөрбөшү, Ал билдирген ибадаттарды аткарбашы, адеп-ахлагын Раббибиз жактыргандай кылып оңдобошу, анын ордуна жашоосун бир гана өзүнүн бул дүйнөдөгү идеалдарына арнашы да ширк болот. Ошол сыяктуу, аны жараткан жана сансыз сый-жакшылыктарды тартуулаган Жаратуучубузду унутуп, башка бирөөнү Аллахтан көбүрөөк жакшы көрүп, аны көбүрөөк баалашы жана Аллахты ыраазы кылуунун ордуна, акылы менен убактысын аны бактылуу кылууга жана өзүн ага сүйдүрүүгө арнашы да ширк. Адамдардын арасынан жубайын, балдарын, энесин, атасын, никесин, окуусун, кесибин, байлыгын, дүнүйөлүк амбицияларын, ал тургай, өзүн да Аллахка шерик кошкон кишилерди жолуктурууга болот. Мындай адамдар бул нерселерге же кишилерге ашыкча маани берип кандайдыр бир мааниде аларды кудайдай көрүшөт жана бүт жүрүм-турумдарын ошол түшүнүккө таяндырып жаңылыштык кылышат. Чындыгында болсо Аллахтан башка кудай жок жана муну унутуу Аллах тууралуу жалган айтуу жана Аллахтын улуулугун туура баалай албоо дегенди билдирет.
Аны жана бүт ааламды кемчиликсиз кылып жараткан Аллахтын чексиз кудуретин туура баалай албаган мындай адам, албетте, акылсыздык кылган болот. Анткени шерик кошкон адам бул дүйнөдө да бейпил өмүр сүрө албайт жана акыретте да Аллахтын азабына дуушар болот. Аллах Куранда шерик кошкондордун бардык иштеринин текке кетээрин кабар берген:
Ант болсун, сага жана сенден мурдакыларга: «Эгер шерик кошсоң, чындыгында кылган иштериң текке кетет жана, албетте, сен зыянга кабылгандардан болосуң» деп вахий кылынды. (Зүмер Сүрөсү, 65)
Ошондой эле, башка бир аятта шерик кошкондордун кечирилбей тургандыгы да кабар берилет:
Чындыгында Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Калган (күнөө)лөрдү болсо, каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чындыгында чоң күнөө кылып жалаа жапкан болот. (Ниса Сүрөсү, 48)
Башка бир аятта болсо Аз. Локмандын уулуна насаат берип, ширк зулумдук деп эскерткендигине көңүл бурулган:
Аяттан да көрүнүп тургандай, Аллах ширкти зулумдук деп сыпаттаган. Ширк аркылуу адам Аллахка карата кылмыш кылгандан тышкары, ошол эле учурда өзүнө да зулумдук кылат. Себеби ширкке кирген адам чоң жаңылыштык кетиргени үчүн, бул туура эмес түшүнүккө таяндырган жашоосу да сансыз жаңылыштыктар менен коштолот. Ошондуктан Аллахка шерик кошкон адамда акыл жана акылдан келип чыккан жакшылыктар болбойт. Анткени Аллах ыймансыздардын жана Аллахтын алдында бой көтөрүп, адилетсиздик менен жалаа жапкандардын жүрөктөрүн мөөрлөйт жана баам-парасаттарын жабат.
Мындай абалдан кутулуп, чындап акылман адам боло алуу үчүн Аллахтын улуулугун түшүнүү жана Андан башкаларды кудай тутпоо шарт. Себеби акылды жапкан тосмо ошондо гана жоголот жана акыл ошондо гана ачылат.
КАПИЛЕТТИК
Капилеттик бир адамдын айланасындагы чындыктарды көрбөшү, сезбеши же алар тууралуу бейкапар болушу дегенди билдирет. Куранда кабар берилгендей, капилет адамдын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири, айланасындагы сансыз жаратылуу далилдерин, бул дүйнөгө келүү максатын, өлүмдүн жакындыгын, акырет жашоосунун чындык экенин жана ушул сыяктуу өзү үчүн абдан маанилүү болгон көптөгөн нерселерди аңдап-түшүнбөйт. Аллах бир аятында капилет адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берген:
Адамдарды суракка алуу (убактысы) жакындады, алар болсо капилет (бейкапар) болуп, жүз бурушууда. (Анбия Сүрөсү, 1)
Өмүрүн капилеттик менен өткөргөн адам, жогорудагы аятта айтылгандай, сурак күнүнүн тездик менен жакындап келе жатканы апачык көрүнүп турса да, андан кабары жоктой жана эч качан сурак бербечүдөй мамиле кылат. Анткени капилеттик акылды тоскон жана адамдын акылдуу кадамдарды жасап, туура чечим чыгарышына толугу менен бөгөт койгон кандайдыр бир уйку абалы болуп саналат. Өмүр бою ушундай абалда жашаган адам акылын колдоно албаганы үчүн барган сайын чындыктардан алыстап, туураны туура эместен айырмалай албай турган абалга келет жана өзүн бул дүйнөдө да, акыретте да зыянга сала турган каталарды кетирет.
Капилеттикке болсо адамдын Аллахтан жана Ал түшүргөн акыйкат китептен алыстап, ыймансыздыкта өмүр сүрүшү себеп болот. Аллах мындай адамдардын абалын Куранда бир мисал менен төмөнкүчө түшүндүргөн:
Ант болсун, тозок үчүн жиндерден жана адамдардан көп санда киши жараттык (даярдадык). (Алардын) Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капилет (бейкапар) калгандар. (Аьраф Сүрөсү, 179)
Мындай адамдардын абалы Куранда апачык сүрөттөлгөн, бирок алардын бул чындыктан да кабары жок. Себеби капилет абалындагы адам эч качан өзүн «капилет» катары көрбөйт, ал тургай, балким капилет абалындамын деп күмөн да санабайт.
Ал эми акылдуу адам болсо мындай адамдардын капилеттик абалын бир көргөндө эле байкашы мүмкүн. Себеби акылдуу адамдар окуяларды Курандын негизинде чечмелешет. Куранда бир адамдын капилеттикке кабылганда жүрүм-турумунун, түшүнүгүнүн жана логикасынын кандай болоору кабар берилген. Ошондуктан капилет адам ар бир жүрүм-туруму менен өзүн билгизет. Эң мыкты билим алган болсо да, мыкты сөзмөр болсо да, капилет абалдан чыкмайынча, ар бир жүрүм-туруму жана ой-пикири анын капилет абалда экенин билдирип койот.
Бир адамдын капилет абалында экенин көрсөткөн биринчи белги – бул окуяларга сыртынан гана карап баа бериши. Мындай адам бардык нерсени өзү көргөндөй деп ойлойт. Ошондуктан көп нерсени туура эмес баалап, туура эмес жыйынтыктарды чыгарат. Көп окуялардын артындагы сырларды жана жакшылыктарды көрө албайт.
Адамдардын капилеттик менен кетирген эң чоң каталарынын дагы бири – бул жаратылууну жана бул дүйнөгө келген максаттарын унутушу. Мындай адамдар аларды жараткан Аллахтын бар экенин көрсөткөн далилдерди көрүшпөйт жана акыретте ала турган жазаларын ойлонбостон ыймансыздык жолуна түшүшөт. Себеби капилеттик менен жашаган мындай адамдар тозок азабынын чындык жана жан чыдагыс экенин ачык аң-сезим менен түшүнө алышпайт жана бул чындык тууралуу ойлонуп коркушпайт. Бул дүйнөдө кандай чоң жаңылыштык кылып жатышканын түшүнгүсү келбеген мындай адамдар тозокко туш болгондо абдан бушайман болушат. Анткени ал күнү алдыларындагы капилеттик көшөгөсү ачылат жана бул дүйнөдө кылган нерселеринин баарын апачык, даана баалай ала турган түшүнүккө ээ болушат. Бирок ал саамдан соң бул дүйнөдө жашаган кезде канча жолу насаат айтылса да, билип туруп кутулууга аракет кылбаган капилеттик абалдарынан эми артка кайтуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Аятта мындай деп айтылат:
Акыйкат убада жакындады, мына ошондо каапырлардын көздөрү чанагынан чыгат: «Азап болсун бизге, биз мындан толугу менен капилеттикте (бейкапар) элек, жок, биз залим кишилер элек» (дешет). (Анбия Сүрөсү, 97)
Каф Сүрөсүндө болсо мындай адамдардын Аллах тартуулаган сансыз сый-жакшылыктардын кадырын билбей, бул дүйнөдө сокурдукту тандаганы үчүн акыретте кандай абалга туш болоору төмөнкүчө кабар берилген:
Сур да чалынды. Мына ушул эскертүү (ишке ашкан) күн. (Эми) Ар бир напси (жан) жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. «Ант болсун, сен мындан капилетте (бейкапар) элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосмону ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана.» Анын жакынындагы (жанынан кетпеген периште) мындай дейт: «Мына бул жанымдагы даяр турган нерсе.» Силер экөөңөр (эй периштелер), ар бир кежир шүгүрсүздү таштагыла тозоктун ичине. (Каф Сүрөсү, 20-24)
Бул аяттардан да көрүнүп тургандай, бир адамдын билип туруп өзүн кыйроого түрткөн ушундай абалда өмүрүн өткөрүшү абдан акылсыздык болот. Канчалаган насааттар айтылса да, акыйкат жолдон жүз үйрүгөн бир адамдын акылына олуттуу зыян тийип, анын бул дүйнөдөгү жашоосуна да, акырет жашоосуна да терс таасир берет. Ошондуктан Аллах адамдарды бул коркунучка карата эскертип, капилет калгандардан болбогула деп насаат кылган:
Раббиңди эрте менен, кечинде бийик эмес үн менен, өзүңчө, коркуу менен, жалбара жалбара жана терең терең эсте (зикир кыл). Капилет (бейкапар) калгандардан болбо. (Аьраф Сүрөсү, 205)
Сен эртели-кеч Раббисине Анын ыраазылыгын каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма. Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе. Жана Биз жүрөгүн Бизди зикир кылуудан (эстөөдөн) бейкапар кылып койгон жана өз каалоосун гана ээрчиген адамга моюн сунба. Анын бардык иштери текке кетүүчү. (Кехф Сүрөсү, 28)
Иш өкүм чыгарылып бүтө турган, бушаймандык күнү жөнүндө аларды эскерт; алар бир капилет (бейкапар) жүрүшөт жана алар ишенишпейт. (Мариям Сүрөсү, 39)
ДҮНҮЙӨГӨ БЕРИЛҮҮ
Аллах жер бетин адамдарга жага турган көптөгөн сый-жакшылыктарга бөлөгөн. Жана ал сый-жакшылыктарды каалагандай колдоно аласыңар деп билдирген. Бирок ошол эле учурда ал сый-жакшылыктар үчүн шүгүр кылгыла жана дүнүйөгө берилип акыретти унутпагыла деп эскерткен. Анткени адамдардын бул дүйнөдөгү жашоосу чыныгы жашоо эмес. Адамдардын чыныгы жашоосу – өлүм менен бирге башталган жана түбөлүккө созула турган акырет жашоосу. Ошондуктан акыретти унутуп 50-60 жылдык бул дүйнө жашоосуна берилүү чоң жаңылыштык болот.
Акыретти унуткан адамдар бул дүйнөдөгү көптөгөн жакшылыктардан жана акыреттин жакшылыктарынан да кол жуушат. Мунун бул дүйнөдөгү алгачкы таасирлери адамдын акылынан байкалат. Бул дүйнөгө катуу берилген адамдар чыныгы жаралуу максатын, Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтерин, өлүмдү жана андан кийинкисин жакшылап талдап, туура ойлоно албай турган абалга келишет. Бул алардын чындыгында абдан алданып жатышканын көрсөтөт, бирок алар өздөрүн жакшы иштерди кылып жатам деп ойлошот.
Туура эмес түшүнүгүнөн улам акча, байлык, мал-мүлк сыяктуу материалдык баалуулуктарды, сулуулукту, атак-даңкты жана кадыр-баркты, кийинкилерге кандайдыр бир жолдор менен байлыгын же атын калтырууну бул жашоонун чыныгы максаты деп эсептешип, бүт өмүрлөрүн ушул баалуулуктарга жетүү үчүн коротушат.
Мисалы, жылдар бою коомдун арасында көрүнөө бир орунга жетүү жана адамдарга жагуу үчүн жолдорду издешет, бирок аларды жаратып өмүр берген, алдыларына сансыз ырыскыларды жана сый-жакшылыктарды тартуулаган, ар бир иштеринде аларга жардам берген Раббибизге шүгүр кылуу керек экенин бир саамга да ойлонушпайт. Же болбосо, күндөрүн бүт адамдардын эң байы болуу үчүн эс албай иштеп, жаңы долбоорлордун артынан чуркап өткөрүшөт, бирок ал байлыкты аларга Аллах бергенин ойлонуп, Анын алдындагы кулчулук милдеттерин аткарууга убакыт бөлүшпөйт.
Ушундай туура эмес тандоосунан улам бул дүйнөдө адамга берилген эң чоң жакшылыктардын бири болгон акылдан кол жуушат. Ошол акылсыздыгы менен ыймансыздык жолуна түшүп адашышат жана ошол себептен акыретте бейиштен ажырап, тозокко туш болушат. Аллах Куранда бул дүйнө жашоосуна алданган мындай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берген:
Алар көңүл ачуу жана оюнду дин кылып алышкан болчу жана дүйнө жашоосу аларды азгырган эле. Алар бул күнкү жолугушууну унуткан жана Биздин аяттарыбызды «жокко чыгарып танган» сыяктуу, Биз да бүгүн аларды унутабыз. (Аьраф Сүрөсү, 51)
... Алар болсо дүйнө жашоосуна сүйүнүштү. Чындыгында болсо дүйнө жашоосу акыретте(ги чексиз бакытка салыштырганда убактылуу) бир пайдалануу гана. (Рад Сүрөсү, 26)
Адамдардын өздөрүн кыйроого түрткөн мындай акылсыздыктан кутулуунун жолу абдан оңой: бул жашоодо пайдаланган ар бир сый-жакшылыктын Аллахтын бир белеги катары тартууланганын билип, жашоонун чыныгы максатынын Аллахтын ыраазылыгына жетүү экенин унутушпаса, акылдарын тосо турган же басаңдата турган тоскоолдуктардын баары жоголот. Аллахтын мындай чын ыкластуу пенделерине убадасы төмөнкүдөй:
Эркек болсун, аял болсун, бир ыймандуу катары ким чын ыкластуу иш-аракет жасаса, албетте, Биз аны сонун жашоодо жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)
ШАЙТАНДЫ ЭЭРЧҮҮ
Аллах бир аятында «Эй ыйман келтиргендер, баарыңар тобуңар менен «тынчтык жана бейпилдикке (Силмге, Исламга) киргиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Себеби ал - силерге апачык душман» (Бакара Сүрөсү, 208) деп, адамдарды шайтанды угуп, анын жолуна түшүүдөн алыс болууга чакырган. Себеби аятта да айтылгандай, шайтан адамдын душманы. Аны туура жолдон чыгарып адаштырууну жана натыйжада бул дүйнөдө жана акыретте зыянга туш кылууну каалайт. Максатына жетүү үчүн колдонгон ыкмаларынын бири – бул адамды куру санаалар, негизсиз жана маанисиз нерселер менен алаксытып, акылын алагды кылуу жана натыйжада туура ойлонуп, акылдуу кадамдарды жасашына тоскоол болууга аракеттенүү. Куранда шайтандын бул аракети тууралуу мындай деп айтканы кабар берилген:
Аларды, кандай гана болбосун, жаңылтып-адаштырам, эч болбогон куру санааларга салам... (Ниса Сүрөсү, 119)
Шайтан максатына жетүү үчүн өмүрүнүн аягына чейин адамдарга «кооз сөздөрдү» шыбыраганын улантат жана алардын акылын колдонушуна тоскоол болууга аракет кылат. Аларга өздөрүнүн Жаратуучусу Аллахтын чексиз кудуретин унуттуруп, аларды Курандан алыстатууга жана намаз, орозо сыяктуу ибадаттарына тоскоол болууга аракеттенет.
Аллах беш убак намазды ыймандууларга парз кылган. Адам акыретте намаз ибадатын аткарып аткарбаганы тууралуу сурак берет. Намаздын убакыттары «багымдат», «бешим», «аср», «шам» жана «куптан» болуп беш убактан турат. Ыймандуулар намаз окууну башка бардык иштерден жогору коюп, бардык ибадаттарына абдан маани беришет. Расулуллах Мырзабыз (сав) намаз окубоонун же намаз убактысын өткөрүүнүн канчалык кооптуу экенин куттуу хадисинде төмөнкүчө белгилеген:
Имам Шафии жана Байхаки боюнча, Пайгамбарыбыз (сав): «Кайсы бир убак намаз окубай убактысын өткөргөндөр уясы бузулуп, мал-мүлкүнөн ажыраган сыяктуу болушат» деп айткан. (Имам Газали, Мукашафатул-Кулуб, Жүрөктүн сырлары)
Ыймандуулар Аллах Таала белгилеген бул убакыттарда, эч калтырбай ибадаттарын улантышат. Муну унутпаш керек, шайтандын өзүнө таандык кандайдыр бир күчү жок. Аны да башка макулуктар сыяктуу Аллах жараткан. Шайтан да Аллахка моюн сунат, Аллахтын уруксаты болмоюнча эч нерсе кыла албайт. Аллах адамдардан кимдердин аны ээрчип туура жолдон адашаарын, кимдердин шайтандын оюнуна алданбай Ага туруктуулугун көрсөтөөрүн сыноо үчүн кыяматка чейин шайтанга мөөнөт бергенин төмөнкүчө билдирген:
«Раббим, андай болсо алар тириле турган күнгө чейин мага мөөнөт бер» деди. «Анда мөөнөт берилгендерденсиң» деди. «Белгилүү күнгө чейин». Мындай деди: «Сенин ызаатың атына ант болсун, мен алардын баарын сөзсүз адаштырып-азгырам. Бирок алардан чын ыкластуу пенделериңден башкасын». (Сад Сүрөсү, 79-83)
Аллах ошол эле учурда «...эч күмөнсүз, шайтандын тузагы (айлакерлиги) абдан алсыз» (Ниса Сүрөсү, 76) деген аяты аркылуу шайтандын курган тузактарынын, адамдарга шыбыраган куру азгырыктарынын абдан негизсиз логикаларга таянаарын белгилеген. Ошондой эле, жогорудагы аяттан да көрүнүп тургандай, анын чын жүрөктөн ишенген адамдарга таасири болбой турганын билдирген. Башка бир аятта да белгиленгендей, «Анын мажбурлоочу-күчү бир гана аны (шайтанды) дос туткандарга жана ал аркылуу Ага (Аллахка) шерик кошкондорго (таасир берет)». (Нахл Сүрөсү, 100)
Куранда ыймандуулардын шайтандын азгырыктарына кандай жооп көрсөтөөрү болсо төмөнкүчө кабар берилген:
Эгер сага шайтандан бир азгырык келсе, ошол замат Аллахка корголон. Себеби Ал угуучу, билүүчү. (Аллахтан) Коркуп-тартынгандарга шайтандан бир азгырык келгенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), анан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Аьраф Сүрөсү, 200-201)
Шайтандын азгырыктарына кулак салгандар болсо Аллахка корголонмоюнча туураны көрө алышпайт жана акылсыздык менен өмүрүн улантышат. Себеби Аллах шайтандын тузак кураарын, бирок ал тузактардын алсыз болоорун аларга кабар берген. Жана жогорудагы аяттардан көрүнүп тургандай, анын тузактарынан кантип кутулууга болоорун да адамдарга билдирген. Акылы бар адам ошол замат Аллахтын чакырыгына жооп берет жана туураны табат. Акылы жагынан алсыз адамдар болсо шайтандын азгырыктарына алданып өздөрүн кыйроого түртүшөт. Аллахтын аяттарын угушпайт жана түбөлүктүү бейиш жашоосунун ордуна шайтан түрткөн тозок жашоосуна ыраазы болушат.
ТОБОКЕЛСИЗДИК
Адамдын акылын тоскон эң негизги жагдайлардын бири – бул тобокелсиздик, тагыраак айтканда, адамдын Аллахка ишенбеши жана Аллахтын ал үчүн жараткан тагдырына моюн сунбашы. Тобокелсиз адам Аллахтын акылынын чексиздигин жана ааламдагы ар бир окуяны, ар бир жандыкты башкараарын унутат. Ошондуктан акылды тоскон башка себептердеги сыяктуу окуяларды туура баалай албайт жана чындыктарды толук көрө албайт.
Чындыгында болсо бүт баарын Аллах жараткан жана баарын көзөмөлдөп коргоп турат. Алар байкап түшүнсө да же унутса да, Аллах ар бир окуяны белгилүү тагдырга ылайык жаратат жана ал окуялар аркылуу адамдарды сыноодон өткөрөт. Ошондуктан адамдын өмүр бою башына келген ар бир окуяны Аллах атайын бир максат жана жакшылык менен жаратат. Аллах адамдарды бул тууралуу төмөнкүчө эскерткен:
Асмандардын жана жердин кайыптары (көрүнбөгөн тараптары) Аллахка тиешелүү, бүт иштер Ага кайтарылат; демек Ага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага тобокел кылгыла (таянгыла). Сенин Раббиң кылган иштериңерди билет. (Худ Сүрөсү, 123)
...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чындыгында ал силер үчүн жакшылык болот. Ошондой эле, (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
Аллахтын бул аяттарына ишенип, ар бир окуянын артында ал үчүн сөзсүз жакшылык жана даанышмандык жашырылганын түшүнгөн адам тобокелчил адам болот. Мындай адам бир караганда зыяндуудай көрүнгөн бир кырдаалга туш болсо да, түпкүрүндө ал окуянын ага бул дүйнөдө жана акыретте жакшылык алып келээрин билет жана ошого жараша мамиле кылат. Окуяларды тобокелсиздик менен баалабагандыктан, абдан туура ой жүгүртө алат жана натыйжада акылмандык менен талдай алат. Тобокелсиз адам болсо Аллахтын окуяларды атайын аны сыноо үчүн жаратканын унутуп, акылмандыктан толугу менен алыстайт.
Мындай эки адамдын ортосундагы айырманы төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот. Айталы, жеке менчигиндеги ишканасында чоң өрт чыкканын көргөн адам ал окуянын Аллахтын каалоосу менен болгонун жана канчалык зыяндай көрүнсө да, ал окуяда өзү үчүн сөзсүз бир жакшылык бар экенин ойлонбосо, тобокелсиздикке кабылат. Тобокелсиз адам болсо туура ойлоно албайт жана акылдуулук менен керектүү чараларды көрө албайт. Мисалы, сабырдуу жана токтоо боло албаганы үчүн, балким башында эле токтотула турган өрттү күчөтүп алышы мүмкүн. Өрттү өчүрүү, буюмдарды сактап калуу, өрт өчүргүчтөрдү чакыруу сыяктуу акылдуу чаралардан мурда дүрбөлөң жана кайгыруу менен алек болуп, кыйкырып өкүрүп убакыт жоготот. Өрттөн кийин ал окуя кайра кайталанбашы үчүн өрт коопсуздук чараларын көрүүнүн ордуна, «кандайча, эмне себептен болду, аттиң же мындай кылсам өрт чыкмак эмес» деген сыяктуу пайдасыз ойлорго убактысын коротот.
Тобокелчил адам болсо кандайдыр бир окуянын себебинен бүт байлыгынан ажырап калса да, эч качан үмүтсүздүккө түшүп, кайгырбайт. Аллах берген жакшылыкты кайра Аллах алганын жана муну тобокелчилдигин сыноо үчүн жаратканын билет. Мындай акылмандыгы себептүү эң кыска убакытта эң акылдуу жана туура чараларды көрүп, зыянды калыбына келтирүүгө аракет кылат. Дүрбөлөңгө түшүү, кайгыруу же үмүтсүздүккө батуу сыяктуу акылсыздыктарга убакыт коротпойт. Ошондой эле, мындай окуядан кийин кайра кайталанышына жол бербөө максатында эч кечиктирбей өтө натыйжалуу чараларды көрүп, зыяндын ордун толтурууга аракет кылат.
Жоготкон байлыгына келсек, бүт байлыктын чыныгы ээсинин Аллах экенин билгендиги үчүн, көңүлү жай жана бейпил болот. Аллахка бүт жүрөгү менен ишенет жана «жоготконумдан да жакшыраагын бер» деп дуба кылат, ошондой эле, тобокелчилдигинин сыйлыгын акыретте эсе-эсе көп алаарын билүүнүн кубанычын сезет.
СЕЗИМТАЛДЫК ЖАНА РОМАНТИЗМ
Романтизм караңгы коом эч сындабаган, тескерисинче жактырып үндөгөн өзгөчө жашоо образы болуп саналат. Романтикалык көз караш жашоону кооз жана түстүү кылып, аны байытат деп эсептешет. Ошондуктан бүт тасмаларда, романдарда жана ыр саптарында буга басым жасап, адамдарды романтизмдин өзгөчө сыйкыры бар экенине ишендирүүгө аракет кылышат. Бирок романтизмдин адамга таасири, ал адамдын акылын тосуп, логикалуу жана тең салмактуу ой жүгүртүшүнө бөгөт койот. Себеби романтизм акылга толугу менен карама-каршы системаны түзөт. Адамдарды чындыктарды көрбөй, кыялдар дүйнөсүндө жашоого жана акыл менен эмес, тескерисинче сезимталдык менен ойлонууга түрткөн жашоо образы болуп саналат.
Акылына эмес, сезимдерине баш ийип, сезимдери жашоосуна багыт берген адам болсо реалдуу ойлоно албайт жана логикалуу кадамдарды жасай албайт. Мисалы, Куран адеп-ахлагына туура келбеген көрө албастык сезимине кабылган адам айланасындагы абалды жана жанындагы адамдарды акылы менен баалай албагандыктан, сезимталдыкка алдырат. Ошол сыяктуу, «ачуу душман, акыл дос» деп айтылгандай, ачууланган адам да логикалуу ойлоно албайт жана кийин аны бушайман кыла турган кадамдарга барат. Ошондой эле, романтизмдин таасири менен кайгыга баткан адам да акылдан толугу менен алыстайт. Ошол маанайынан улам окуялардын бир гана терс тараптарын көрүп, меланхолия маанайына чөмүлөт.
Романтизмдин таасиринен келип чыккан мындай туура эмес жүрүм-турумдардын түпкү пайдубалы бирөө эле: Аллахтын дининен жана китебинен алыстоо... Бирок мындай алыстоо адамды толук жоготууга түртөт. Себеби Аллахтын буйруктары аткарылбагандыктан, акыл жоголгон жерде адам алдыга жылып, жакшылыкка жете албайт же башына келген зыянга эч качан бөгөт койо албайт.
Бүгүнкү күндө маалымат каражаттарындагы кабарлардын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн өзүн-өзү өлтүрүү, наркомания, кол салуу же адам өлтүрүү сыяктуу кылмыштардын көпчүлүгүнүн түбүндө сезимталдык жана романтизмден келип чыккан бүлгүндөр турат. Адамдар сезимталдыктын таасири менен акылмандыктан ушунчалык алыстагандыктан, өздөрүнүн же башкалардын жанына жана мал-мүлкүнө оңой эле зыян келтире алышат. Булардын баарына көрсөткөн себептери болсо толугу менен сезимталдыкка таянат. Мисалы, жөнөкөй тамашаны көтөрө албай, адам өлтүрүүгө колу барган адамдар бар. Же болбосо, канча ай бою даярданып, университетке өтө албаганы үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылгандар бар. Амбициясынан чыга албастан, алдында турган канчалаган башка мүмкүнчүлүктөрдү да көрө албай турганчалык акылдан алыстаган мындай адамдар сезимдеринин таасири менен ушундай акылсыз чечимдерге келип, аны ишке ашыра алышат.
Мындай мисалдарды көргөндө төмөнкүдөй жыйынтык чыгаруу керек: акылмандыктан алыстап романтизмдин таасири менен жасалган ар бир кадам адамга сөзсүз зыян алып келет. Себеби романтизм адамды дин адеп-ахлагынан жана натыйжада жашоонун чыныгы максатынан алыстаткан караңгы ишеним болуп саналат. Адамды оор жашоого түрткөн мындай жашоо образы Аллах Куранда кабар берген акылмандыкка жана адеп-ахлак түшүнүгүнө түп тамырынан карама-каршы келет.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder