25 Temmuz 2024 Perşembe

КУРАНДА АКЫЛСЫЗДЫК КАНДАЙЧА СҮРӨТТӨЛӨТ?

  

Караңгы коомдо акылсыздык дегенде ойго биринчи эле кем акылдык же аномалдуулук сыяктуу түшүнүктөр келет. Акылы кем адамдар деп психикалык ооруканаларда дарыланган, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөгөн, когнитивдик жактан сыркоологон жана, ал тургай, балким бир караганда бир катар физикалык кемчиликтери көзгө урунган адамдар айтылат. Бирок бул саналгандардын Куранда сүрөттөлгөн чыныгы акылсыздык менен эч кандай байланышы жок.

Китептин башынан бери сүрөттөлгөндөй, акыл – бул бир адамдын абийирин аягына чейин колдонуп өмүрүнүн ар бир көз ирмеминде Аллах эң ыраазы боло турган жана Куранга эң туура келген жүрүм-турумду тандашы жана анын натыйжасында бүт өмүрүн камтыган эң мыкты түшүнүккө жана жүрүм-турумга жетиши. Ошондой эле, акылы менен бул дүйнөгө келүү максатын жана жараткан Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүшү.

Мындай түшүнүгү жок адамдар акылсыз кишилер болуп эсептелет. Адамдардын көпчүлүгү телевизордон көргөн адамдарда, кабаттуу үйдө чогуу жашаган кошуналарында, университетти аяктаган жаш өспүрүмдө же бай-бардар бир ишкерде ушундай акылсыздык болушу мүмкүн деп эч качан ойлошпойт. Чындыгында болсо адамдардын аларга бул дүйнөдө жана акыретте эң сонун жашоо жолун сүрөттөгөн Куранды ээрчип, бейпил өмүр сүрүү жолу турганда, анын ордуна караңгы системаны тандап, андан улам кыйналып, азап тартып жашашы чыныгы акылсыздык болот. Ошондуктан адам айланасындагы көптөгөн кишилерден ушундай акылсыздыкты кездештире алат.

Аллах Куранда адамдардын бул дүйнө жашоосун жана караңгы системаны тандашынын туура эместигине көңүл бурган жана аларды бул тууралуу ойлонуп акыл жүгүртүүгө үндөгөн:

 

Бул дүйнө жашоосу болгону бир оюн жана алаксуу гана. Коркуп-тартынгандар үчүн акырет мекени чындыгында жакшыраак. Дагы эле акылыңар жетпейби? (Энъам Сүрөсү, 32)

 

Силерге берилген бардык нерселер жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатындагылар жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)

 

Ант болсун, силерге (бүт абалдарыңарга байланыштуу) насааттарды (зикирлерди) камтыган бир Китеп түшүрдүк. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Анбия Сүрөсү, 10)

 

... Алар эмне жер жүзүн кыдырып, өздөрүнөн мурункулардын кандай акыбетке (натыйжага) туш болушканын көрүшпөйбү? Коркуп-тартынгандар (такыбалар) үчүн акырет мекени, албетте, жакшыраак. Силер дагы эле акыл жүгүртпөйсүңөрбү? (Йусуф Сүрөсү, 109)

 

Курандагы бардык ушундай эскертүүлөргө карабастан, бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жашоонун чыныгы жүзүн түшүнүүгө аракет кылбаган адамдар Курандагы сүрөттөө боюнча акылын колдонбогондор болуп саналат. Аллах акыл жүгүртпөгөн мындай адамдардын Аллахтын алдындагы абалын аятта төмөнкүчө кабар берген:

 

Чындыгында Аллахтын алдында жандуулардын эң жаманы (эч) акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар. (Энфал Сүрөсү, 22)

 

Бирок эң негизгиси, андай адамдар акыл менен акылсыздыктын ортосундагы айырманы салыштыра ала турган түшүнүккө ээ болбогондуктан, өздөрүнүн кандай абалда турганын да байкай алышпайт. Ал тургай, алар акылдуу адамдарды акылсыз, өздөрүнө окшогон акылсыз адамдарды болсо акылдуу деп ойлошот. Себеби Аллахтан коркпогондуктан жана бул дүйнөдө кылган иштери үчүн жоопко тартылаарын ойлобогондуктан, өздөрүнүн жолун эң туура жол деп эсептешет. Куранда алардын мындай туура эмес түшүнүгүнө төмөнкүдөй мисал келтирилген:

 

Жана (кайра) аларга: «Адамдар ыйман келтирген сыяктуу силер да ыйман келтиргиле» деп айтылганда: «Акылы төмөндөр ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтирелиби?» дешет. Билип койгула, чындыгында чыныгы акылы төмөндөр өздөрү; бирок билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 13)

 

Аятта да айтылгандай, чындап акылсыз бир адамдын өзүн акылдуумун деп эсептеши жана туура эмес жолдо болушум мүмкүн деп эч ойлобошу – акылсыздыктын натыйжасы. Куранда, ошондой эле, мындай акылы жок адамдар дене түзүлүшүндө эч кандай кемчилиги болбогонуна карабастан, көрө албаган жана уга албаган адамдар деп сүрөттөлгөн. Анткени андай кишилер чындыктарды туура кабылдай алышпайт, ошондой эле, чындыктарды көргөндө жана укканда түшүнө алышпайт. Мисалы, жер жүзүндөгү кемчиликсиз жаратылышты карап, алардын баарын жараткан Аллахтын улуулугун көрө алышпайт. Көрүшсө да акылсыз болгондуктан жана абийирлерин укпагандыктан, көрмөксөн болушат. Же аларды туура жолго үндөп, Куран адеп-ахлагын түшүндүргөн бир адамга жолукканда, анын айткандарын угушпайт. Аныгыраагы физикалык жактан угушса да, өмүрлөрүн эч качан укпагандай кайдыгерлик менен өткөрүшөт. Куранда мындай адамдардын абалы төмөнкүчө сүрөттөлөт:

 

Алардын арасында сени тыңдагандар бар. Бирок эч укпаган дүлөйлөргө, анын үстүнө акылдары да жетпесе, сен угуза аласыңбы? Жана сага карагандар бар. Бирок сокурларды, анын үстүнө көрөгөчтүгү (парасаты) да болбосо, сен туура жолго салмак белең? Күмөнсүз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат. Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерге топтой турган күндө алар бири-бирин таанышат. Аллахка жолугууну жалган дегендер чындыгында азапка дуушар болушат. Алар хидаятка жеткен (туура жолго түшкөн адамдар) эмес эле. (Йунус Сүрөсү, 42-45)

 

Курандагы бул сүрөттөөлөрдөн көрүнүп тургандай, акылсыздык адамдарды адамдык милдетинен алыстатып, акыл жүгүртпөгөн, чындыктарды көрбөгөн жана укпаган жандыктарга айлантат. Башка бир аятта бул төмөнкүчө белгиленген:

 

Ант болсун, тозок үчүн жиндерден жана адамдардан көп санда киши жараттык (даярдадык). (Алардын) Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капилет (бейкапар) калгандар. (Аьраф Сүрөсү, 179)

 

Чындыктан баш тартуучулардын мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, дудук, сокур; ошондуктан акылдары жетпейт. (Бакара Сүрөсү, 171)

 

Алдыда акылды тоскон жагдайлардын негизгилерине токтолушубуздун максаты адамдарды акылсыздык коркунучуна карата эскертүү болуп саналат. Анткени акылын тоскон мындай туура эмес нерселерден кутула албаган адам бул дүйнөдө да, акыретте да чоң зыянга туш болот. Аллах мындай акылы жок кишилердин акыретке барганда бул дүйнөдөгү жашоосун бушаймандык менен эстеп, мындай дешээрин билдирген:

 

Жана мындай дешет: «Эгер уккан же акыл жүгүрткөн болгонубузда, мобул алоолоп күйгөн оттун тургундарынын арасында болмок эмеспиз.» (Мүлк Сүрөсү, 10)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder