Бул дүйнөдө акылын туура колдонбогону үчүн акыретте өкүнүп кайгырган акылсыз адамдардын абалы Куранда төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Жана мындай дешет: «Эгер уккан же акыл жүгүрткөн болгонубузда, мобул алоолоп күйгөн оттун тургундарынын арасында болмок эмеспиз.» (Мүлк Сүрөсү, 10)
Албетте, адамдын мындай ыктымалдык мага да келип калышы мүмкүн деп ойлонушу анын абдан коркушуна жана көп нерсени убакыт бар кезде түшүнүшүнө шарт түзөт. Адам мындай учурда эгер тозокко туш болсо, акылына өкүнүч менен төмөнкүдөй ойлор келиши мүмкүн:
Бул дүйнөдө абийири менен апачык түшүнгөнүнө, балким ага көп жолу эскертилгенине жана алдында эч кандай тоскоолдук болбогонуна карабастан, билип туруп акылдын жолунан жүз бурган...
Бирок ал кезде тозок отунун ичинде болот жана артка кайтып абалын эч качан оңдой албайт...
Бул дүйнөдө Аллахтын азабы ага эскертилген, бирок ал текебердигинен улам ал эскертүүлөрдү уккан эмес...
«Кандай болгон күндө да алдымда узун өмүр бар, кемчиликтерди кийин толуктайм» деп туура иштерди ар дайым кийинкиге калтыра берген...
Бул дүйнөдө колундагы байлыгы, сулуулугу же билими ага текебердик алып келген жана Аллахка моюн сунушуна жолтоо болгон...
Бирок ал кезде оттон жана азаптан кутула алуу үчүн колунан эч нерсе келбейт жана толугу менен чарасыздык абалында калат...
Жана андан соң эмне гана кылбасын, ичин өрттөгөн өкүнүчтөн түбөлүккө чейин эч качан кутула албайт жана тынымсыз акылсыздыгына өкүнүп кайгыга батат...
Ошондуктан адам бул дүйнөдө ушундай кырдаалга кабылышы мүмкүн экенин ойлонсо, ошол замат терең бушаймандык сезет. Оттун ичинде өкүнүп, жогорудагыдай сөздөрдү айтпоо үчүн, ошол учурдан баштап абийирдүү болууну чечет. Себеби абийирин угуп ой жүгүрткөндө, ар бир адам кийинкиге жылдырган, маани бербей өтүп кеткен же туура экенин билип туруп кылбай койгон чоң-кичине көптөгөн нерселерди байкайт. Жана ал кемчиликтердин баарын ушул тапта ар бир адамдын толуктоо мүмкүнчүлүгү бар.
Бир адамга «абийир эсеп-кысабын жан чыдагыс өкүнүч менен оттун ичинде калганда жүргүзгөн акылдуураакпы, же болбосо азыр, аны оңдоо мүмкүнчүлүгү бар кездеби?» деген суроо узатылса, ниети түз ар бир адам сөзсүз «албетте, азыр, бир мүнөт да кечиктирбестен» деп жооп берет. Андан соң акылын колдонуп, ушул күнгө чейин абийирсиздик кылган ар бир нерсени бир саам да кечиктирбестен оңдоого аракет кылат.
Ансыз да эң акылдуу туура кадам мына ушул. Адамдын бир саамга болсо да тозок отунун ичинде турганын ойлонушу чын ниетинен бул чечимге келишине жетиштүү болот жана абийирин колдоно баштайт. Ошол кезге чейин кылган акылсыз жана абийирсиз жүрүм-турумдарын оңдоо болсо Аллахка ишенип, Ага таянган адам үчүн абдан оңой. Аллах аяттарында бул жеңилдикти адамдарга төмөнкүчө кабар берген:
Бирок адам бул багытта шашылышы керек жана акылын колдонуу үчүн башына бир балээ келишин же өлүмгө жолугушун күтпөшү шарт. Аллах Курандын аяттарында адамдарга бул багытта эч убакыт жоготпой аракет кылуу керек экенин төмөнкүчө эскерткен:
Азап силерге келип калаардан мурда Раббиңерге кайткыла жана Ага моюн сунгула. Кийин силерге жардам берилбейт. Раббиңерден силерге түшүрүлгөндүн эң сонунун ээрчигиле; силер эч күтпөй турганыңарда азап кокустан силерге келип калышынан мурун. (Зүмер Сүрөсү, 54-55)
Муну унутпаш керек: абийирин угуп туура жолду көргөн адам абалын ошол замат оңдой алат. Ал эми көшөрүп акылын колдонбогон ар бир адам акыретте бул акыйкатты сөзсүз түшүнөт жана эч качан оңдоо мүмкүнчүлүгү болбогон бир өкүнүчкө туш болот. Бир аятта мындай адамдардын оттун ичинде терең өкүнүчтөрүн төмөнкүчө билдиришээри кабар берилген:
Адам (күйүп жанып) мындай дей турган (күнү): «Аллах алдында (ибадатта) кылган кемчиликтеримден улам кайгы болсун (мага), чындыгында мен (Аллахтын динин) шылдыңдагандардан элем.» (Зүмер Сүрөсү, 56)
Бул китептин максаты адамдарды ушундай зыянга туш болбоо үчүн азыртадан колунан келгенин кылууга чакыруу болчу. Максатка ылайык китептин башынан аягына чейин акыл менен акылсыздык салыштырылып, адамдарга акылдын деңгээлине жараша келип чыга турган пайдалар жана жоготуулар баяндалды. Китептин аягында акылсыздыктын адамды динден алыстатаары жана натыйжада тозок азабына түртөөрү, акылдын болсо бейиштеги сый-жакшылыктарга алып бараары дагы бир жолу эске салынды. Абийирсиздиктин жана акылсыздыктын өкүнүчүндө калбашы үчүн, ар бир адам дагы бир жолу акылын колдонууга жана туура жолду табууга чакырылат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder