5 Mart 2024 Salı

Кириш сөз

   

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)


Бүт ааламдардын Өкүмдары Аллах ыйман кылган пенделерине жараткан нерселери жөнүндө ойлонууну насаат кылат. Мунун эң негизги себептеринин бири, жерде, асманда, Аллах жараткан бүт нерселерде Аллахтын бар экенин жана теңдешсиз жаратуусун көрсөткөн далилдер бар жана аларды көрүү ыйман кылган адамды Аллахка ансайын жакындатат. Улуу Аллахка ыйман кылган адам бир гүлдүн бүчүрүнөн, микроскоптон көрүнгөн бир клеткадан, бутактары асманга созулган укмуш кооз дарактан, кабыгына оролгон мөмөлөрдөн, бир-биринен сүйкүмдүү жаныбарлардан жана бир уруктан Раббибиздин кудуретин жана улуулугун көрөт. Ошондуктан Аллахтын бар экенине ишенген адам көргөн кооздуктары тууралуу ойлонгон сайын ишеними бекемделип, ыйманы күчтөнөт. Анткени бүт баарын ааламдардын Рабби Аллах жараткан жана жер жүзүнүн бүт тарабы Анын кудуретине баш ийет.

Көпчүлүк адамдардын көргөн же изилдеген нерселери, үйрөнгөн маалыматтары тууралуу ойлонбошунун, тагыраак айтканда, ойлонуудан качышынын себеби болсо көбүнчө мындай: Аллахтын бар экенин көрүүнү каалабоо! Ал адамдардын кээ бирлери генетик, илимпоз; кээ бири ДНКны ачып ал үчүн Нобель сыйлыгын алган; кээ бири планеталардын орбиталарын аныктап, алар тууралуу сансыз эсептөөлөрдү жасаган жана эмгектерди жазган. Кээ бирлери болсо атомдун ичин изилдеп, көзгө көрүнбөгөн субатомдук бөлүкчөлөрдү тапкан; кээ бири ботаник, бир чаңчанын бир канча километр жолду басып өтүп өзүнүн түрүнө таандык өсүмдүктү уруктандыраарын абдан жакшы билет; кээ бирлери болсо адамдагы мээ клеткаларынын бир даанасынын да канчалык чоң керемет экенин түшүнөт; денесиндеги, жаныбарлардагы, өсүмдүктөрдөгү, аны курчап турган бүт нерселердеги улуу чеберчилик ар дайым анын көз алдында.

Мындай адамдардын айрымдарынын жалпы окшош тарабы бар: көргөн, абдан жакшы билген жана изилдеген нерселери тууралуу ойлонушпайт. Анткени алар татаал системалар, бири-биринен таң калыштуу түзүлүштөр жөнүндө ойлоно турган болсо, Аллахтын бар экенин жана улуулугун да көрүшөт. Натыйжада Аллахтын теңдешсиз чеберчилигине жана жараткан нерселериндеги кереметтүү чыгармаларына суктанышат. Өмүрлөрүн өтө жөнөкөй жана күнүмдүк максаттар үчүн өткөрүп жаткан кезде Аллах үчүн жашоо керек экенин түшүнүшөт. Бир гана Аллахтын абсолюттук зат экенин жана бүт нерсени башкараарын көрүп, кааласа да, каалабаса да, Аллах жараткан тагдырга моюн сунуп жашап жатышканын кабыл алышат. Ушул себептен өзүн жогору сезип бой көтөргөн, жандыктар жаратылган эмес деп талашып, Аллах үчүн жашоодон качкан, акыретке ишенип, ал үчүн аракет кылуунун ордуна бул дүйнө жашоосуна ыраазы болгусу келген адамдар ойлонбоону туура көрүшөт. Алар үчүн ойлонгон сайын түшүнө турган чындыктардан алыстоонун бирден бир жолу – бул ойлонбоо! Дүйнөнүн тарыхындагы эң чоң массалык алдамчылыкты ойлоп тапкан дарвинисттер мунун эң белгилүү мисалы.

Бул китептин максаты – жаратылуу акыйкатына каршы согуш ачкан, ааламдын бүт тарабында көз алдыга тартууланган татаал түзүлүштөрдү жана кооздуктарды «кокустук» деп сыпаттаган жана бир гана Аллахтын бар экенин тануу үчүн «аң-сезимсиздик менен кокустук аң-сезимди, акылды, тартипти, түшүнүктү жана сулуулукту пайда кылган» деген пикирди жактоодон тартынбаган дарвинисттердин «ойлонбогон нерселерин» көз алдыга тартуулоо. Алар ойлонбой үстүртөн өтүп кеткен, эволюция теориясы тарабынан түшүндүрүлгөндөй көрсөтүп, бирок эч качан терең кирбеген темаларды ачып, чындыгында теориянын бүт жагынан далилсиз, чарасыз жана алсыз экенин чагылдыруу. Дарвинизм алдамчылыгы дарвинисттердин башкаларды да алардай ойлонууга багыттап, дүйнөдөгү жашоонун өтө жөнөкөй түшүндүрмөсү бар деген түшүнүктү аң-сезимдерге тынымсыз сиңирүүгө таянат. Бирок учурда көптөгөн адамдар Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрсөткөн китептер, конференциялар жана тасмалардан улам дарвинизм алдамчылыгын байкашууда. Ал адамдар эч нерсени жөнөкөй бир «кокустук» менен түшүндүрүүгө болбой турганын билишет. Бүт ааламдагы кереметтүү чындыктар тууралуу ой жүгүртүп, алардын пайда болуу, татаалдык жана кемчиликсиздик себептерин изилдеп башташты. Бул жашоонун дарвинисттер айткандай «жөнөкөй» эмес экенин түшүнүштү. Ойлонбогон бир гана дарвинисттер калды.

Аллахтын бар экенин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасын эле баса белгилеп, алардын бирөөсүн да дарвинисттер түшүндүрө албашын көрсөтүү дарвинизм таасирин жоготкон азыркы учурда абдан чоң мааниге ээ. Дарвинисттердин эмнелер тууралуу ойлонбогонун изилдеген сайын, өткөн кылым бою дүйнө жүзүн алдай алган дарвинист илимпоздордун жана башка бардык эволюционист теоретиктердин көздөрүн, кулактарын жана акылдарын эмнелерге карата жаап алганын көрөсүз. Бул чындык алардын илимий далилдерди эмес, бир гана жалган маалымат жана көз бойомочулуктарды колдонгонун, бир жарым кылымдан бери адамдарды шылдыңдап, феодалдык, фанаттык ишенимге таянганын толук далилдейт.

Ой жүгүрткөн адам бул чындыкты түшүнөт: бүт нерсенин кожоюну Аллах асмандагы жана жердегилердин бүт баарын бир буйрук менен, бир заматта жараткан. Дарвинисттер болсо жаратылган бир урукту да, бир клетканы да, канаттуулардын бир мамыгын да түшүндүрө алышкан жок; чындыктарга көздөрүн ачып ойлонмоюнча, Аллах каалабаса, эч качан түшүндүрө да алышпайт. Аллахтын кереметтүү чыгармалары жаратылуу чындыгын күн өткөн сайын бекемирээк далилдей берет. Улуу жана кудуреттүү Аллах бүт нерселердин Кожоюну жана кемчиликсиз Жаратуучусу.

 

Асмандардагы жана жердегилер Аллахка таандык. Эч күмөнсүз, Аллах Ганий (эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоолор да бир гана Ага тиешелүү). Эгер жер жүзүндөгү дарактардын баары калем жана деңиз, ага дагы жети деңиз кошулуп, (сыя) болсо, Аллахтын сөздөрү (жазып) түгөнбөйт. Күмөнсүз, Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Локман Сүрөсү, 26-27)

 

Бедиүззаман Саид Нурси Аллахтын кереметтүү жаратуусу тууралуу бир сөзүндө мындай дейт:

Бул кереметтүү кудуретке эмне себеп болушу мүмкүн? Бул чексиз ажайып (таң калыштуу, теңдешсиз) искусство чыгармаларын эмнеге байланыштыра аласың?1


Булактар:

1 Sözler, 33. Söz

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder