Дарвинисттер ааламдын пайда болушу тууралуу ойлонушпайт
Дарвинисттер ааламдагы көптөгөн чоң, кичине планеталардын ар биринин космостогу жайгашкан ордунун жана кыймылдарынын сансыз өзгөчөлүктөрү менен бирге атайын жөнгө салынганын жана планеталардын жайгашкан ордунун бир миллиметрге эле өзгөрүшүнүн ааламдагы бири-бири менен өтө тыгыз байланыштагы бардык тең салмактуулуктарды бузушу мүмкүн экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер ай менен жердин ортосундагы аралыктын жердеги жашоонун уланышы жана көптөгөн жашоо тең салмактуулуктары үчүн абдан маанилүү экенин жана бул аралык бир аз эле башкача болсо өтө чоң кесепеттерге алып келээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер эгер жерге жеткен күндүн энергиясы 10%га азайса, жер жүзүн канчалаган метрге жеткен муз катмары каптап калаарын ойлонушпайт.
Бул эбегейсиз чоң күн – асман деңизиндеги Түбөлүктүү, Нур ээсинин (Аллахтын) Нур ысмынан чагылган бир жарыгынын тамчы сымал бир күзгүсү.32
Бул ааламдын чырагы күн – ааламдын ээсинин затына жана жалгыздыгына күн сыяктуу жаркыраган жана нурдуу бир терезе.33
Дарвинисттер жердин огундагы 23°27´лык жантайуу болбосо, уюлдар менен экватордун арасындагы атмосферанын келип чыгышына бөгөт койо тургандай ашыкча ысык болоорун жана жашоого мүмкүнчүлүк болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер атмосфера басымы азыркы көрсөткүчүнөн бир эсе жогору болсо, атмосферадагы суу буусунун азайаарын жана жер жүзүндөгү бардык кургактыктардын чөлгө айланаарын, натыйжада жашоо бүтөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер болжол менен 15 миллиард жыл мурда бир чекиттен келип чыккан чоң жарылуунун натыйжасында биз жашап жаткан ааламдын пайда болгонун, бирок чоң жарылуунун чындыгында чоң башаламандыкка алып келиши керек экенин, заттын атом же субатомдук бөлүкчөлөр формасында космос мейкиндигинде «туш келди» тарашы керек экенин, бирок андай болбогонун, анын ордуна абдан системалуу жана тең салмактуу ааламдын пайда болгонун, б.а. жаратылганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер күндөгү жарылуулардан эбегейсиз чоң энергия бөлүнүп чыгаарын, бир жарылуунун Хиросимага ташталганга окшогон 100 миллиард тонна атом бомбасынын күчүнө тең келээрин, мындай күйгүзүүчү энергиянын атмосфера аркылуу жерге эң идеалдуу деңгээлде жетээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кычкылтектин күйгүзүүчү элемент экенин жана негизи биздин денебизди да күйгүзүшү керек экенин, буга бөгөт койуу үчүн кычкылтектин атмосферадагы формасы болгон О2нин укмуш «тазаланганын», б.а. оңойчулук менен реакцияга кирбей турганын ойлонушпайт.
Бул дүйнөнүн аягын Куран аяттары ишарат кылгандай элестеткиң келсе, кара: бул ааламдын бөлүктөрү кылдат, улуу тартип менен бири-бирине байланыштырылган. Көрүнбөгөн, назик, жумшак боо менен карматылып, укмуш иретке салынган, ошондуктан эгер жылдыздардын бирөөсүнө эле «Күн» («Бол») деген буйрук же «Огуңдан чык» деген сөз келсе, бул дүйнөнүн аягы (өлүмү) башталат.34
Бедиүззаман Саид Нурси
Дарвинисттер клетка мембранасынан дарактын кабыгына, көздүн чечекейинен бугунун мүйүзүнө, жумуртканын агынан жыландын уусуна чейин бири-бирине эч окшобогон органикалык түзүлүштөрдүн бүт баарынын көмүртек негиздүү кошулмалардан тураарын, көмүртектин суутек, кычкылтек жана азот атомдору менен ар түрдүү геометриялык формада жана ырааттуулукта биригүү аркылуу сансыз ар түркүн заттарды пайда кылаарын, көмүртектин бул касиетинин жер бетиндеги жашоого шарт түзөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер суунун белгилүү болгон бардык суюктуктардын тескерисинче, +4°Cге жеткен соң күтүүсүздөн кеңейе баштаарын жана мындан улам сырттагы температура нөлдөн төмөн түшкөндө муздун суунун бетинен баштап тоңо баштаарын, бул касиеттен улам сууда жашаган сансыз жандыктар жашоосун уланта алышаарын ойлонушпайт.
Суу чайырдан 10 миллард эсе, глицеринден миң эсе, зайтун майынан жүз эсе жана күкүрт кислотасынан 25 эсе суюгураак. Дарвинисттер суунун бул өзгөчөлүгүнүн кан айлануу системасынын натыйжалуу иштеши үчүн абдан маанилүү экенин, эгер суунун агуучулугу чайырдыкындай болсо, курамы негизинен суудан турган канды эч кандай жүрөктүн насостой албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ааламдын чексиз эмес экенин, көлөмү нөл болгон бир чекиттин жарылышынын натыйжасында жоктон пайда болгонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер ааламдын пайда болушуна себеп болгон чоң жарылуудан соң (big bang) бүт ааламды камтыган, укмуш кылдат тартиптин орногонун жана Аллахтын каалоосу менен гана ушундай болгонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер термодинамиканын экинчи мыйзамына ылайык, ааламда табигый шарттарга калтырылган бүт системалардын убакыттын өтүшү менен бузулаарын, ошондуктан ааламдын жана анын ичиндегилердин барган сайын акыркы күнүнө жакындап баратканын ойлонушпайт.
Дарвинисттер чоң жарылуудан кийин келип чыккан кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард жолу миллиарддан бирге (1/1018) эле башкачараак болгондо, ааламдын пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Галактикабыздагы жылдыздардын бири-биринен орточо аралыгы 30 миллион миля (48 миллион 280 миң км). Дарвинисттер эгер бул аралык бир аз жакыныраак болгондо планеталардын орбиталарынын туруксуз болуп калаарын, эгер бир аз алысыраак болгондо планеталардын айланага тарап кетээрин, демек ааламдын кемчиликсиз кылып жаратылганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер эгер гравитациялык туруктуу азыркыдан чоңураак болгондо, ааламдагы чоң жылдыздардын баарынын кара тешикке айланаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер атомдун 0,0000001лик көлөмүнүн ичинде укмуш татаал субатомдук түзүлүштөр бар экенин жана алардын абдан кылдат тактык жана тартип менен кыймылдаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер фосфор, көмүртек сыяктуу атомдордун кокусунан бир жерге чогулуп, чагылган, вулкан, ультра кызгылт көк нурлар, радиация сыяктуу табигый кубулуштардын натыйжасында өздөрүн кемчиликсиз уюштуруу аркылуу белокторду, клеткаларды, балыктарды, мышыктарды, коендорду, арстандарды, канаттууларды, адамдарды жана бүт жашоону пайда кылган дешет, бирок алардын аң-сезимсиз, акылсыз, жөндөмсүз, эч нерседен кабарсыз жана жансыз экенин ойлонушпайт.
Ааламдын жыштыгы, кеңейүү ылдамдыгы, жылдыз системаларынын, галактикалардын өзгөчөлүктөрү, тартылуу күчтөрү, орбиталары, кыймылдоо формалары, ылдамдыктары, аларда камтылган заттын көлөмү, бүт баары абдан так эсептерге жана кылдат тең салмактарга таянат. Ошондой эле жер планетабыз, планетабыздын айланасын курчаган атмосфера, түзүлүшү адамзаттын жашоосуна эң ыңгайлуу болгон жер жүзү, бүт баары кереметтүү жаратуу мисалдары. Бирок дарвинисттер бул эсептер жана тең салмактуулуктар бир аз эле өзгөрсө, бүт ааламдын тартибинин бузулаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер суунун азыркы физикалык жана химиялык касиеттери же жердин атмосферасынын түзүлүшү же температурасы бир аз эле башкача болсо, «булут» деген нерсе болбой турганын жана булут болбосо жер жүзүндө таза суу булактары да болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жыл сайын жааган жамгырдын жер бетиндеги жашоо уланышы үчүн белгилүү өлчөмдө болушун, формасынын жана ылдамдык чегинин жөнгө салынгандыгын эволюция теориясы менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер күн системасынын галактиканын борборунун айланасындагы айлануу ылдамдыгынын саатына 720 000 км экенин, 200 миллион жылдызды камтыган Саманчынын жолу галактикасынын космостогу ылдамдыгынын саатына 950 000 км экенин, ушунчалык татаал жана ыкчам системанын ичинде эч кандай маселе жана сүзүшүү келип чыкпастан, Аллах курган кемчиликсиз тең салмак менен жашап жатканыбызды ойлонушпайт.
Дарвинисттер жансыз, аң-сезимсиз атом жыйындыларынын жерди, планеталарды, күн системасын, гүлдөрдү, мөмө-жемиштерди, дарактарды жана алар менен толук шайкеш жашаган адамды кокусунан пайда кыла алышпай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ааламдагы чоң-кичине сансыз планеталардын космостогу кыймылдарынын өтө маанилүү экенин, космостогу жайгашкан ордуларынын жана кыймылдарынын кокустук эместигин, ааламдагы бул тең салмактуулуктарды Аллахтын кемчиликсиз кылып жаратканын ойлонушпайт.
Өзүнөн (бир сый-жакшылык катары) асмандардагы жана жердегилердин баарын силерге моюн сундурду. Күмөнсүз мында ой жүгүртө алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Жасия Сүрөсү, 13)
Дарвинисттер адамдын кереметтүү жаратылышын ойлонушпайт
... булардын баары бул кереметтүү сарайдын чеберине, б.а. бул укмуштуу ааламдын ээсине бүт баарынын моюн сунаарын эки жерде эки төрт деген сыяктуу эле даана көрсөтөт. Бүт баары Ал үчүн иштейт. Бүт баары Андан буйрук алган аскерлер болуп эсептелет. Бүт баары Анын кудурети менен айланат. Бүт баары Анын акылмандыгы менен түзүлгөн. Бүт баары Анын ырайымы менен жардам берет. Бүт баары Анын мээрими менен башкаларга жардамга чуркайт, б.а. чуркатылат. Эй дос! Колуңдан келсе буга каршы бир нерсе айтып көр!35
Бедиүззаман Саид Нурси
Дарвинисттер манжалардын учу менен жогору көтөрүлүү кыймылы учурунда кыртыштарга, тамырларга жана булчуңдарга эч зыян тийгизбей, гидравликалык тиккөтөргүч катары кызмат кылган буттардын кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер интернет технологиясынын же жөнөкөй телефон станциясынын да кокусунан пайда болбой турганын, анын инженерия, долбоор, билим, аң-сезим, акыл жана технология талап кылаарын билип туруп, мээдеги кереметтүү татаал системанын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.
Кокустуктар чогулуп отуруп бир организмди пайда кылган деген дарвинисттер бардык органдары бирдей пайда болгондо гана иштей алган адам денесинин кемчиликсиз иштөө системасы тууралуу ойлонушпайт.
Дарвинисттер тынымсыз кандын ичинде айланып жүргөнүнө карабастан, кан тамырлардын бири канаганда гана активдешип, кандын уюшун камсыз кылган тромбин белогун туш келди өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон деп айтуунун акылга сыйбай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер устараны да бүлдүрө ала тургандай күчтүү ашказан кислоталарынын ашказандын өзүнө кантип зыян келтирбей турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер эненин курсагында бир клетканын көбөйүшүнөн пайда болгон клеткалардын бөлүнүү процессинде акырындап бөтөнчөлөнүп, өз-өзүнчө кыртыштарды жана органдарды түзөөрүн, натыйжада бир клеткадан адамдын мурдунун, колунун, бөйрөгүнүн куралаарын жана бул органдарды түзгөн клеткалардын керектүү санда көбөйүп, кол же мурун толук калыптанып бүткөндө көбөйүүнү токтотушаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер эненин курсагындагы өрчүү учурунда миллиарддаган клетканын ар биринин өзүнө таандык ордуна жайгашаарын, мисалы мээ клеткаларынын өз ара маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн 120 триллион электрдик байланыш түзүшөөрүн, бул кемчиликсиз электрондук жабдыкта бир дагы ката кетиришпей турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын денесиндеги орточо 5 миллиард капиллярдын жалпы узундугунун 950 километрге жетээрин, алардын эң ичкелеринин 10 миңи бириктирилсе кара калемдин өзөгүндөй гана болоорун жана ушундай ипичке каналдардан өмүр бою кан айланышын аң-сезимсиз кокустуктар эч качан жасай албай турганын, мунун Аллахтын улуулугунун апачык далили экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер бул сүйлөмдү окуп бүткөнчө көздөрүндө болжол менен 100 миллиард процесс ишке ашаарын жана дүйнөдөгү эң кемчиликсиз системалардын биринин аларга Аллахтын каалоосу жана мээрими менен берилгенин ойлонушпайт.
Эч мындай болушу мүмкүнбү: өлгөн, куураган эбегейсиз жерди көгөрткөн (жер бетин жанданткан) жана аны менен бирге ар бири адамдардын топтолушу сыяктуу ажайып, үч жүз миңден ашуун жандыктардын түрлөрүнө жан берип жайылтуу аркылуу кудуретин көрсөткөн жана жан берип жайылтуудагы чексиз башаламандык жана ар түрдүүлүктө, чексиз артыкчылык жана өзгөчөлүктөр аркылуу илими менен бүт баарын курчап тураарын көрсөткөн жана бүт асманга байланыштуу буйруктары менен адамзаттын топтолоорун убада кылуу менен бардык пенделеринин көңүлүн түбөлүк бакытка бурган жана бүт нерсенин баарын бири-бирине жөлөк-таяк кылып, кол кармаштырып буйругу жана эрки менен айлантып, бири-бирине жардамчы жана кызматчы кылдыруу аркылуу тарбия берүүчү сыпатынын улуулугун көрсөткөн жана адамзатты ааламдын дарагынын эң жами (көптөгөн маанилерди жана акыйкаттарды камтыган) жана эң назик жана эң наздуу, эң дуба кылуучу бир мөмөсү кылып жаратып, өзүнө баарлаш кабыл алып бүт баарын ага кызматчы кылуу аркылуу, адамга ушунча кам көрөөрүн көрсөткөн бир Кадири Рахим (бүт нерсеге кудуреттүү, абдан мээримдүү Аллах), бир Алими Хаким (бүт баарын билген жана бүт нерсени даанышмандык менен жараткан Аллах) кыяматты кылбай койсун? Кайрадан тирилтип чогултпасын же чогулта албасын? Адамдарды тирилтпесин же тирилте албасын? Акырет сурагын кыла албасын? Бейиш менен тозокту жарата албасын? Эч мүмкүн эмес, эч качан!..36
Бедиүззаман Саид Нурси
![]() |
1. Вирус 2. Бактерия |
Дарвинисттер бир аз тилинип кеткени үчүн адамдын манжасынан тамган бир тамчы кандын ичинде болжол менен 250 миллион эритроцит, 400 миң лейкоцит жана миллиондогон тромбоцит болоорун, кандын касиеттери бар молекулаларды иштеп чыгуунун жана аларды бириктирип функцияларын жасатуунун улуу керемет экенин, канды майда-чүйдөсүнө чейин кемчиликсиз кылып Аллах жаратканын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын бир жери кесилгенде ал жерде кан уюшу жана адам кан жоготуудан каза болбошу үчүн, зарыл болгон 20 түрдүү ферменттин бир учурда болушу керек экенин жана мунун ойдон чыгарылган эволюция механизмдери менен эч качан түшүндүрүлө албашын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кандын уюшун камсыз кылган 20 түрдүү ферменттин милдеттерин аткаруу кезегин аныктоочу башкаруучунун ким экенин, аң-сезимсиз атомдордун бул абдан маанилүү кезектешүүнү өз алдынча жасай албай турганын жана бул суроонун жообун дарвинисттик түшүндүрмөлөрдөн эч качан таба алышпай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кандагы ташуучу белоктордун денедеги башка жүздөгөн түрдүү клеткаларга керектүү заттарды пакеттер түрүндө эмне үчүн ташышаарын жана муну кайсы аң-сезим менен жасашаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кан клеткаларынын денеге кирген кычкылтек молекулаларын таанып, атайын бөлүп иргээрин, аны дененин бардык клеткаларына жеткирээрин, клеткаларга муктаждыкка жараша таратаарын, мындай ылгама жана аң-сезимдүү системанын эч качан аң-сезимсиз кокустуктардан пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ташуучу кан клеткасынын жилик чучугунда пайда болгонуна карабастан, адамдын денесин кантип мынчалык жакшы тааный турганын, бөйрөктөргө керектүү заттарды кантип эч качан мээге алып барбай турганын жана кантип абдан акылмандык менен иш-аракет жүргүзөөрүн кокустуктар менен түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деп эсептеген адамдын денесиндеги жүз триллион клетканын күн сайын толугу менен текшерилип тураарын, клеткалардагы каталардын жоюлаарын, муктаждыктардын камсыздалаарын, калдыктардын чыгарылаарын жана бул системанын катага жол бербөө үчүн абдан кылдат башкарылаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер «эң примитивдүү жандуу түзүлүш» деп эсептеген бир вирустун же бактериянын эч тааныбаган адамдын денесин иштен чыгаруу үчүн, миллиарддаган клетканын арасынан антитело жана лейкоцит деп аталган иммундук системанын мүчөлөрүн абдан системалуу жана акылдуу жол менен өзүнө каратып алууну кайдан үйрөнүшкөнүн ойлонушпайт.
Адамдын денесинин же мээсинин акыркы 100 000 жыл аралыгында кандайдыр бир өзгөрүүгө дуушар болгонун көрсөткөн бир дагы далил жок. Бул ийгиликтүү жана кеңири тараган түрлөр үчүн стандарттуу деп эсептелген сенектик (застой) кубулушу, бирок (көбүнчө туура эмес түшүнүлгөндөй) үзгүлтүксүз жана акырындык менен өзгөрүү күтүүсүнө каршы чыгарылган кызыктай өзгөчө абал эмес. Мындан он беш миң жылдай мурда Ласко жана Альтамира үңкүрлөрүндө сүрөт тарткан кроманьон адамдары бизбиз, ал чыгармалардын таң калыштуу көркөмдүгү жана кооздугу Пикассонун мээси дал аныкындай болгон ата-бабаларынан акыл-эси жагынан жогору турбаганын апачык себептер жана интуиция аркылуу көрсөтүүдө.37
Эволюционист палеонтолог Стивен Джей Гулд
Дарвинисттер аң-сезимсиз эволюция процесстеринен келип чыккан деп эсептеген адамдын денесинде бир булчуңдун иштешинен пайда болгон жылуулук булчуңга зыян тийгизбеши үчүн денеде бир система бар экенин, кандын жылуулукту таратуу механизми аркылуу ал жылуулукту денеге таратаарын жана мындай системанын эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деген кандагы ар түрдүү клеткалардын өз функцияларын кайдан билишээрин, кантип эч бир процессте ката кетиришпей турганын жана кантип өмүр бою өздөрүнүн милдеттерин үзгүлтүксүз улантышаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер аң-сезимсиз кокустуктардан пайда болгон деген кандын ичинде секунда сайын 2,5 миллион эритроцит иштелип чыгышы керек экенин, антпесе кандын коюлушунан улам тамырлар тыгындалып, жүрөктүн иштешинин кыйындаарын жана бул өтө маанилүү тең салмактуулуктун эч качан туш келди процесстерден жана кубулуштардан келип чыкпай турганын ойлонушпайт.
![]() |
Адам мурдундагы 1000дей жыт рецептору аркылуу 10 миңден ашуун жытты айырмалай алат |
Дарвинисттер адамдын көзүнүн тордомо челдеги сүрөттөлүштү секунданын ондон бириндей кыска убакытта пайда кылаарын, сүрөттөлүштүн болгону бир чарчы миллиметр аянтка түшөөрүн жана адамдын көзүнүн акыркы технологиядагы 64 компьютерден да алда канча ыкчам жана ыңгайлуу механизмге ээ экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер скелет системасындагы сөөктөрдүн бири-бирине толук шайкеш жана белгилүү учтарынан бири-бирине карматылган сөөктөрдөн тураарын, сөөктөрдүн ар бири ар кайсы функцияны аткарганы үчүн кыймылдап, басып, чуркай алаарыбызды жана скелет системасы аркылуу Аллахтын дагы бир жолу жаратуу чеберчилигин көз алдыбызга тартуулаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер көздүн тордомо челине тескерисинен түшкөн жарыктын мээде үч өлчөмдүү жана оңунан жайгашкан сүрөттөлүшкө айландырылышында укмуш комплекстүүлүк жана кемчиликсиз долбоор бар экенин ойлонушпайт.
![]() |
Жүрөк күн сайын адамдын денесинде 19308 кмге кан жөнөтөт |
Дарвинисттер бир адамдын мээсинде орточо 100 миллиард нейрон болоорун, эгер ал 100 миллиард нейронду секундасына бирден санап эсептеп чыккыбыз келсе, анда аларды санаганга 3171 жыл кетээрин, эгер ал 10 микрондук 100 миллиард нейронду катарынан бир сызыкка тизе алганыбызда, анда анын узундугунун 1000 километрди түзөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын мурдунда 1000дин тегерегинде ар түрдүү жыт рецептору бар экенин, ал 1000 рецептордун комбинациялары аркылуу адамдын 10 миңден ашуун жыттын түрлөрүн сезе алаарын, буга мурундагы кереметтүү жыт сезүү системасынын шарт түзөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын терисиндеги рецепторлордун белгилүү убакыттан кийин мээге териге тийген затка байланыштуу сигналдарды жиберүүнү токтотушунан улам, адамдын терисинин ага тийип турган затка көнүп калаарын жана ага байланыштуу сигналдарды бара бара жибербей баштаарын, адамдар үчүн мунун канчалык керектүү жана маанилүү экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер бир сүйлөмдү окуунун бир канча секундага гана созулаарын, бирок адамдын денесиндеги ферменттердин бирөөсү эле өз милдетин аткарбаса, ал сүйлөмдү окууга 1500 жыл кетээрин ойлонушпайт.
Ферменттер клеткаларды активдештирип, реакцияларды баштоо жана тездетүү милдетин аткарышат жана бир фермент бир реакцияны 1010 эсе, б.а. 10 миллиард эсе ылдамдата алат. Дарвинисттер эгер ферменттер өз милдетин аткарбаса, сиз бул сүйлөмдү окуганга чейин сиздин жашооңузду улаткан көптөгөн реакциянын да жүрбөй калаарын жана бири-биринен кабарсыз жана кыймылсыз клеткалардын бир-бирден өлүп баштаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер нерв импульстарынын денебизде секундасына болжол менен 9 километр ылдамдыкта кыймылдаарын жана ошентип бизди көптөгөн коркунучтардан коргоорун ойлонушпайт.
Дарвинисттер 1 литр канда 1 граммдын миллиондон биринен да азыраак санда гормон болоорун жана саны ошончолук аз болгону менен, гормондордун денебиздин бардык негизги функцияларында кызмат кылаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөгүбүздүн күн сайын денебизде 36 миллиард литр канды 19308 километрге айдаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кандын бир күндө болжол менен 300 жолу бөйрөктөрдөн өтөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер бир нерсени окуганыбызда көзүбүздөгү тордомо челдин компьютерге окшоп секундасына 10 000 000 000 (10 миллиард) эсептөө жасаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер денебизде болжол менен 5,6 литр кан бар экенин, ал 5,6 литр кандын бир мүнөттө денебизди толук 3 жолу айланып чыгаарын жана бир күндө болжол менен 19 миң км жол жүрөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер көздү ирметкен булчуңдун денедеги эң ыкчам булчуң экенин, бул булчуңдун секундасына көзүбүздү 5 жолу ирмете алаарын жана натыйжада көзүбүздү бир күндө орточо 15 миң жолу ирмээрибизди ойлонушпайт.
![]() |
Көз көрө алышы үчүн ичиндеги 40 башка татаал бөлүгү бир учурда пайда болушу шарт |
Дарвинисттер орточо салмактагы бир дененин бүт тарабын каптаган тамырлардын ичинде сөзсүз 5 литр кан айланышы керек экенин, анын бир бөлүгү, мисалы бир литрлик бөлүгү кемип кетсе, калган канды айландыруунун кыйын болоорун, эгер кан тамырларды толтура албаса анда ичке тамырлар бири-бирине жабышып, кан айлануунун токтоорун жана клеткалардын тездик менен өлүп баштаарын, клеткалардын кычкылтек жетишсиздигине бир-эки мүнөт гана туруштук бере алаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер өзү да эттен турган ашказандын эттерди сиңирүүчү кислоталарды бөлүп чыгарганда, кантип өзүн-өзү сиңирип салбашын жана мунун кокустук көз карашына эч туура келбей турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер боордун бир эле клеткасында бири-биринен татаал 500 түрдүү процесстин жасалаарын, миллисекунданын ичинде кемчиликсиз этаптар менен аткарылган бул процесстердин көпчүлүк бөлүгүнүн лаборатория шарттарында да тууроого болбостугун, демек алардын эч качан кокусунан жасала албай турганын ойлонушпайт.
Бир жарым килограмм салмактагы адамдын мээси биздин билишибизче ааламдагы эң тартиптүү жана татаал түзүлүш.38
Биохимик жана илимий жазуучу Айзек Азимов
Дарвинисттер организмдердин денесиндеги керексиз, кемтик же оорулуу клеткалардын өзүн өзү өлтүрөөрүн, кээ бир өлгөн клеткаларды башка клеткалар ишке жараганы үчүн атайын тазалабай калтыраарын, аң-сезимсиз клеткалардын акылдуу жандыктарга окшоп кайсы өлүк клетканы жок кылып, кайсынысын калтырышы керек экенин кантип чечээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер гипофиз бези деп аталган көлөмү нокоттой болгон, кичинекей, кызгылт түстүү бир тиштем эттин денебиздеги бардык гормондорду жана гормондук системаны башкараарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер гипофиз безинен чыгарылган өстүргүч гормондун триллиондогон клетканын белгилүү бир тартип менен бөлүнүп, чоңоюшун башкараарын, дененин жана бардык органдардын кайсы баскычка келгенде өсүүнү токтотушу керек экенин да ошол кичинекей бир тиштем эттин чечээрин ойлонушпайт.
![]() |
Ашказан секрециясы ага келген бардык азыктарды сиңирет, бирок ашказанга зыян тийгизбейт |
Дарвинисттер эненин сүтүнүн жаңы төрөлгөн наристенин бардык муктаждыктарын канааттандыраарын жана наристелердин азыгын өндүргөн фирмалардын дагы эле эненин сүтүндөй азык өндүрө албаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер гипоталамустагы сезгич клеткалардын жыйырма төрт саат бою денедеги суунун көлөмүн көзөмөлдөп турушаарын, эгер төмөндөп кеткени аныкталса ошол замат чара көрүшөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер көздү кокусунан пайда болгон деп айтканда, анын кемитилгис комплекстүүлүккө ээ орган экенин жана 40 негизги бөлүгүнүн баары чогуу пайда болуп, бири-бирине шайкеш иштемейинче, көздүн өз кызматын аткара албай турганын жана мунун эволюция теориясынын эң негизги көз караштарын жокко чыгараарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын көзүнүн эң заманбап камерадан алда канча мыкты жана тунук сүрөттөлүш тартуулаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын мээсиндеги ар бир нейрондун башка нейрондор менен миңден 10 миңге чейин байланыш түзөөрүн (синапс) жана мунун «бир нейрон бир учурда 10 миң нейрон менен байланыш кура алат» деген мааниге келээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын мээсиндеги синапстардын санынын 1 квадриллионду түзөөрүн, мунун болжол менен 1000000000000000 байланыш деген мааниге келээрин жана мунун эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер дүйнөдөгү адамдар жасаган эң ылдам компьютерлердин секундасына орточо 109 операция жасай алса, алар кокусунан пайда болгон деген мээнин ылдамдыгынын ошондой операция үчүн 1015 экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокустуктардын эч качан нерв клеткаларын кереметтүү байланыш тармагын түзө тургандай кылып уюштура албастыгын ойлонушпайт.
Дарвинисттер иммундук системанын клеткаларынын «антиген» деп аталган кээ бир микробдорго жана чоочун заттарга каршы «антитело» деп аталган заттарды иштеп чыгып, аларды жок кылууга жана көбөйүшүнө бөгөт коюуга аракет кылышаарын жана ал антителолордун эң негизги касиетинин табияттагы жүз миңдеген түрдүү микробду таанып, өздөрүн аларды жок кылууга даярдай алышы экендигин ойлонушпайт.
Дарвинисттер лабораторияда жасалып адамдын денесине киргизилген жасалма антигендерди да тааныган антителолордун бар экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер антителолордун чоочундарга каршы колдонула турган натыйжалуу куралдарды да заматта аныктап, өндүрө алышаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын бөйрөктөрүнүн болжол менен 10 см, салмагынын 100 грамм экенин, денебиздин болжол менен 1 миллиондон ашуун микро тазалоочу станциясынын ошол 10 сантиметрдин ичинде жайгашканын жана бизге өмүр берүүчү нерселердин баарын ташыган кандын ошол микро тазалоочу станцияларда тынымсыз тазаланып тураарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдардын абдан чоң машиналарды жана технологияларды колдонгонуна карабастан, бөйрөктөрдүн кереметтүү системасын туурай да алышпаганын ойлонушпайт.
Адамзаттын негизги расаларын караганыбызда, эч бир жардамсыз, апачык көрүнүп турган көптөгөн айырмачылыктарды табабыз. ... Ал айырмачылыктардын баары чоң ыктымалдык менен генетикалык жактан аныкталат, бирок алар жөнөкөй жол менен аныкталган эмес. Мисалы, теринин түсүн алсак, пигменттердин вариациясына (ар түрдүүлүгүнө) себеп болгон жок дегенде төрт ген айырмачылыгы бар.39
Эволюционист генетик Луиджи Лука Кавалли-Сфорца
Дарвинисттер адамдын денесинде качан клетка жасалышы жана качан клетка жок кылынышы керек экендигинин адамдын эркинен тышкары жана анын кабары болбостон, өз убактысында жана так тартип менен ишке ашырылаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер нейрондук суюктукта сүзүп электрондорду ташыган ферменттер бир күнү кабарды тиешелүү жерге алып барбай, туш келди таратууну чечишсе, мээдеги бул башаламандыктын бүт кабылдоо системасын бузуп, сырткы дүйнө менен байланышты үзгүлтүккө учуратаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер сөөктөгү остеокласт аттуу клеткалар сөөктүн формасын жана узундугун өзгөртүп, сөөктүн бетиндеги одур-бодурларды кичирейтип, сөөктү жешилтсе, остеобласт клеткаларынын болсо скелетти калыптандыруу үчүн сөөк иштеп чыгышы сыяктуу кемчиликсиз тартиптин ар бир адамдын денесинде кемчиликсиз иштеп жатканын ойлонушпайт.
Дарвинисттер аң-сезимсиз кокустуктардан пайда болгон деп эсептеген сөөк клеткаларынын денедеги ар бир сөөктүн катуулугун, узундугун, формасын, дөмпөктөрү менен сайларын, бир-бири менен кесилише турган жерлерин жасаган клеткалар экенин жана эч качан ката кетиришпей турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын бир өлчөмгө жараша чоңоюшу, бойдун узарышы, кол менен буттардын белгилүү катышта өсүшү жана керектүү өлчөмгө жеткенде баарынын токтошу сыяктуу аң-сезимдүү системанын эч качан аң-сезимсиз процесстерден пайда болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер көзгө көрүнбөгөн молекулалардын адамды жашатуу үчүн тынымсыз иштеп жатканын ойлоно алышпайт.
Дарвинисттер адамдын миллиондогон беттик энциклопедияга тете маалыматты камтыган ДНК молекуласынын фосфор, көмүртек, азот, суутек жана кычкылтек сыяктуу аң-сезимсиз атомдордон тураарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер денеде бир күндө 260-400 миллиарддай кан клеткасы өндүрүлөөрүн жана негизги борбор болгон жилик чучугунда жасалган бул өндүрүштүн «сөңгөк клетка» деп аталган өзгөчө клетканын ар түрдүү бөлүнүү жөндөмдөрүнө байланыштуу экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деген кандын жасалмасынын учурдагы эң алдыңкы технологиялар колдонулган лабораторияларда да жасала албаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер бир тамыр жараат алганда, кандын уюшунун натыйжасында кан жоготуусунун минималдаштырылаарын жана эгер кан уюбаганда болор-болбос бир жараат да өлүмгө алып барышы мүмкүн экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кандын уюшун камсыз кылган тромбин белогунун кан менен кошо айланганына карабастан, өткөн жерлеринде кантип канды уютуп салбаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын денесинде бир кадам эле жасоо үчүн да буту менен белиндеги 54 булчуңдун бирдей иштешин талап кылган кемчиликсиз системанын бар экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер дем алган абабызда көптөгөн зыяндуу заттар жана микробдор бар экенин жана кекиртектеги түкчөлөрдүн алардын көпчүлүгүнөн бизди коргоорун ойлонушпайт.
Дарвинисттер денедеги болжол менен 200 типтеги клетканын түпкүрүндө бирдей механизмдерге ээ болгонуна карабастан, кызматтары жагынан абдан айырмаланаарын, мисалы боор клеткасы миллисекундалардын (секунданын миңден бири) ичинде 500 түрдүү химиялык процессти аткарса, жүрөк клеткасынын өмүр бою электр энергиясын иштеп чыгышындагы кереметтерди ойлонушпайт.
Дарвинисттер ашказандын тамактарды сиңирүүдөгү шарылдаган кыймылдары учурунда ичегилерге сүрүлүүдөн корголушу үчүн сырткы кыртышында «бүлкүлдөк» (перитонеум) аттуу бир кабыкча болоорун жана ал кабыкчадан бөлүнүп чыккан сыйгалак суюктуктун ашказан менен ичегилерге «сыртынан майлоо» процедурасын жасап, ал органдарды сыйгалак кылып койоорун жана натыйжада ал органдар иштеп жатканда бири-бирине сүрүлүп жараат алышына бөгөт коюлаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөктө бир күндө 8000 литр кан айдалаарын, уктап жатканда да бойго жеткен бир адамдын жүрөгүнүн саатына 340 литр кан айдай алаарын ойлонушпайт.
![]() |
Жүрөк өмүр бою канды айландырат |
Дарвинисттер ар бир адамдын денесиндеги 5-6 литр кандын дененин салмагынын орточо 7-8%ын түзөөрүн, кандын ичиндеги клеткалар бир катарга тизилсе 96500 километрлик сызыкты түзө алаарын жана мунун жерди эки жолу айланып чыгууга жетээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер жилик чучугунда өндүрүлгөн ар бир он миң клетканын бирөөсүнүн гана сөңгөк клетка касиетине ээ болоорун, бул өзгөчө клетка көрүнүшү жагынан башка клеткалардан эч айырмаланбаганы менен, денедеги муктаждыктарды аныктап ар түрдүү клеткаларды пайда кылуу жөндөмүнө ээ экенин жана пайда болгон жаңы клеткалардын денедеги жабыркаган клеткалардын ордун кантип ээлээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамдын колунун суу ичүү, машина айдоо, калем менен жазуу, тигиш тигүү сыяктуу сансыз функцияларды аткарган механизминин 27 сөөк жана алар багыт берген кемчиликсиз булчуң жана нерв системасы менен жабдылганын, бир адамдын өмүрүнүн аягына чейин колун жок дегенде 25 миллион жолу ачып жумаарын жана мындай механизмдин жасалма жол менен да жасала албаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөктүн төрөлгөндөн өлгөнгө чейин эч тынымсыз канды айдаарын жана бул насостун денебиздин муктаждыктарын камсыздоо үчүн өзүнүн электрдик системасын колдонуп иштеп баштаарын, бир саатта орточо көлөмдөгү машинаны жерден 1 метрдей жогоруга көтөрө ала турганчалык энергияны кантип өндүрөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер адам эненин курсагында кичинекей түйүлдүк кезинде жүрөктүн кантип күтүүсүздөн согуп баштаарын, ошол кезден баштап бир мүнөт да эс албай, жыйрылып кайра жумшарып канды денеде айландыраарын, өмүрүбүздүн ар бир көз ирмеминде биздин кабарыбызсыз, биздин эркибизден жана көзөмөлүбүздөн тышкары, биз үчүн канды айдаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөктүн сырткы катмарында бул орган кыйынчылыксыз иштеп, соккулардан корголушу үчүн эки кабат кабыкчанын бар экенин, ал кабыкчалардын арасынын сыйгалак суюктук менен капталганын жана мындан улам жүрөктүн өмүр бою тынымсыз жыйрылып-жумшара алаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөктү түзгөн бөлүктөрдүн бирөөсүнүн да өзүнөн өзү эч качан пайда болбой турганын жана кан айлануу системасы болбосо, айдай турган каны болбосо, бир жүрөктүн канчалык кемчиликсиз болсо да, эч нерсеге жарабай турганын ойлонушпайт. Ошондой эле, дарвинисттердин өздөрүнүн айтуусу боюнча, эч нерсеге жарабаган орган жок болушу керек экенин, ошондуктан жүрөк сыяктуу татаал бир органдын бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге эч качан кокусунан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жүрөк жыйрылышы үчүн электрдик сигнал керек экенин, аны жыйрылткан клеткалардын электр энергиясысыз иштей албай турганын жана керектүү электр энергиясын бир кесим эттен турган жүрөктүн кантип өндүрө алаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кератин белогунун чач жана тырмак сыяктуу бири-бирине такыр окшобогон түзүлүштөрдү өмүр бою тынымсыз кантип жасай алаарын жана кантип эч ката кетирбешин ойлонушпайт.
Дарвинисттер жылмакай жана чоюлчаак түзүлүштөгү адамдын териси менен катуу жана бекем сөөктөрдү калыптандырган коллаген аттуу белокту кокусунан пайда болгон дегенде, бул белоктун дал адамга керектүү аймактарда аң-сезимдүүдөй болуп керектүү формага келээрин жана кээ бир жерлерде терини, кээ бир жерлерде болсо сөөктү пайда кылаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан келип чыккан деген мээнин бир дагы нерв бири-бирине чаташпастан, эч кемтиксиз өзүнүн функциясын улантаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер туш келди кыймылдайт деп эсептеген атомдун жаш бездерин кантип пайда кылганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер аң-сезимсиз кубулуштардан пайда болгон деген каштын өскөндөн кийин кантип аң-сезимдүүлүк менен өсүүнү токтотуу чечимине келээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деген кирпиктердин белгилүү узундукка жеткенден кийин аң-сезимдүүлүк менен өсүүнү токтотоорун, ал эми чачтардын болсо кайсы аң-сезим менен өсүүнү улантаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деген бир денеге эмне үчүн мээ, көз, сөөк системасы, муундар керек болгонун жана ал денеде клетка ядросунун, митохондриянын, ДНКнын кантип пайда болгонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер кан тамыр кыртыштарын көптөгөн латын тилиндеги терминдерди колдонуп сүрөттөй алышат, китептерди жаза алышат, бирок ал клеткалар кантип биригип, белгилүү бир тартипке келген деген суроонун жообун эч качан бере алышпайт жана бул тууралуу ойлонушпайт.
Дарвинисттер ашказандагы бир катар клеткалар азыктарды сиңирүү үчүн кислота бөлүп чыгарганда, алардын жанындагы башка клеткалардын жабышчаак бир суюктук бөлүп чыгараарын, былжыр деп аталган ал суюктуктун ашказандын ички бетин каптап, ашказанды кислоталардан калкан сымал коргоорун жана ферменттердин ашказанга зыян тийгизишине бөгөт койоорун ойлонушпайт.
Дарвинисттер устараны да бүлдүрө ала тургандай күчтүү ашказан кислоталары ашказанды кыска убакытта талкалай тургандыктан, ал заттын миллиондогон жыл мындай турсун, 2-3 күн, ал тургай, андан да кыска убакыт ашказанда күтүп турушу мүмкүн эмес экенин жана кислота менен ашказанды кислотадан коргой турган былжыр бирдей пайда болушу керек экенин ойлонушпайт.
Бош ашказанда «пепсиноген» аттуу тамак сиңирүү касиети жок бир фермент болот. Ашказанга тамак-аштар келгенде, ашказан клеткалары туз кислотасын бөлүп чыгара баштайт. Ал суюктук бош ашказандагы пепсиногендин түзүлүшүн бир заматта өзгөртүп, аны «пепсин» аттуу, абдан күчтүү ажыратуучу ферментке айлантат. Ал ашказандагы тамактарды бир заматта ажыратат (майдалайт). Дарвинисттер ашказан бош кезде эч кандай зыяны жок бир суюктуктун ашказанга тамак келгенде өтө күчтүү ажыратуучуга айланышынын аң-сезимсиз кокустуктардан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ашказандын эң сырткы бетин каптаган бүлкүлдөк (перитонеум) аттуу кабыкчадан бөлүнүп чыккан сыйгалак суюктуктун ашказан менен ичегилерге «сыртынан майлоо» процедурасын жасап, ал органдарды сыйгалак кылып койоорун жана натыйжада ал органдар иштеп жатканда бири-бирине сүрүлүп жараат алышына бөгөт коюлаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ичке ичегинин кичинекей аймагында өмүр бою бир гана В12 витаминин кармоо милдети жүктөлгөн атайын клеткалардын тобунун триллиондогон молекулалардын арасынан В12 витаминин айырмалап кармап, аларды кан айланууга өткөрөөрүн, ошентип алардын кан жасалышы үчүн жилик чучугуна жетишине себепчи болоорун, көздөрү, колдору жана мээси жок ал ичеги клеткаларынын В12 витамининин адамдын денесиндеги маанисин кайдан билип, аны триллиондогон молекулалардын арасынан кантип айырмалап иргей алаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер боордун ашказандын майларды ажыратпай турганын билгендей болуп, өт суюктугу деп аталган бир суюктук чыгараарын жана майлуу тамактар ичке ичегиге жеткенде, дал керектүү убакта, дал керектүү жерге майларды ажырата турган атайын суюктукту бөлүп чыгараарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер көзгө түс берген меланиндин тордомо челдин кыртышына туура келбеген, ага зыян тийгизе турган башка түстөрдү фильтрлөө аркылуу аны кошумча коргой турганын жана меланиндин кантип мындай чечимге келгенин ойлонушпайт.
Булактар:
32. Sözler Bediüzzaman’ın 24. Söz’ün 2. dalında s. 354
33. Sözler 33. söz
34. Sözler 517
35. Sözler 7. bühran 258 (22. söz)
36. Sözler 10. Söz s. 77
37. Stephen Jay Gould, Life’s Grandeur, Vintage, Londra, 1996, s. 220
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder