Аллах (Анын) ыраазылыгын көздөгөндөрдү муну менен кутулуу жолдоруна жеткирет жана аларды Өз каалоосу менен караңгылыктардан нурга чыгарат. Аларды эң туура жолго багыттап-жеткирет. (Маида Сүрөсү, 16)
Ыймандуулар менен башка адамдардын ортосундагы айырма эмнеде? Бул суроого чындап ыйман кылбагандар ар кандай жоопторду айтышы мүмкүн. Алар ыймандуулар менен ортобузда маданий жана адеп-ахлактык белгилүү айырмалар бар деши ыктымал. Чын ыкластуу ыймандуулардын дүйнөгө болгон көз карашы башкача, алар кээ бир «баалуулуктарга» ишенишет, биз болсо ал «баалуулуктарды» кабыл албайбыз деп айтышы мүмкүн. Мусулмандардын түшүнүктөрү биздикинен айырмалуу деши ыктымал.
Бирок мындай сөздөр түпкүрүндө бир негизги айырмадан гана келип чыгат жана болгону сыртынан байкалган кээ бир айырмалар гана. Алар чын ыкластуу ыймандуулардын чындыгында алардан кайсы жагынан айырмаланаарын көбүнчө түшүнүшпөйт. (Жана ал айырманы түшүнүшпөгөнү үчүн ыймандуу болушпайт.) Мусулман – бул, Аллах Анын динин кармангандарга ыйгарган ысым. Куранда сүрөттөлгөн мусулмандарды башка адамдардан айырмалаган негизги өзгөчөлүк – бул алардын Аллахтын чексиз кудуретин толук түшүнүшү. Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүү болгону Жаратуучубуз Улуу Аллахтын бар экенин тастыктоо деген мааниге келбейт. Аллах Куранда бул чындыкты төмөнкүчө кабар берет:
Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер Аллах. Демек, чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)
Аятта суроо узатылган киши – Аллахтын бар экенине ишенээрин айтып, Анын сыпаттарын кабыл алган, бирок ошого карабастан, «Аллахтан коркуп-тартынуу» өзгөчөлүгү болбогон жана Аллахтан жүз бурган адам. Куранда кабар берилгендей, шайтан да Аллахтын бар экенине ишенээрин, Раббибизден коркоорун айтат, ошого карабастан акылсыздык менен буйрукка каршы чыгып, өтө ыплас мүнөзүн көрсөтөт.
Аллахтын улуулугун түшүнүү бул апачык акыйкатты айтып коюу менен эле болбойт. Мусулмандар Аллахтын бар экенин жана улуулугун баамдаган, Аны абдан сүйгөн, Андан «коркуп тартынган» жана жашоолорун ушул улуу акыйкатка ылайык өзгөрткөн адамдар. Калган адамдар болсо же Аллахты тангандар, же болбосо Аллахтын бар экенин жогорудагы аятта сүрөттөлгөн кишиге окшоп кабыл алганына карабастан, Аллахтан «коркуп тартынбагандар».
Мындай адамдардын жашоосу өздөрүн жараткан Аллахты байкабастан өтөт. Алар абдан акылсыздык кылышып, бул жашоолорунун ким тарабынан, кантип жана эмне үчүн башталганын көрмөксөн болушат. Өз ойлорунда Аллахка жана Анын динине орун бербестен, жаңы бир жашоо курууга аракет кылышат. Куранда андай жашоонун бош жана чириген пайдубалга таянаарын жана сөзсүз кыйроо менен аяктаарын Раббибиз төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрөт:
Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусунун жана ыраазылыгынын үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт (туура жолго салбайт). (Тообо Сүрөсү, 109)
Аллах аятта да кабар берген сыяктуу, Куранда сүрөттөлгөндөй ыйманга ээ болбогондордун жашоосу «кулай турган жарлардын» боорлоруна курулган. Алардын жашоодогу бирден бир максаты – «бул дүйнөдө» бакытка жана бейпилдикке жетүү. Мындай адамдардын кээ бирлери өзүнө «бай болуу» максатын койот. Ал максатына жетүү үчүн болгон аракетин жумшап, бардык физикалык күчүн жана мээсин ошого арнайт. Кээ бирлер болсо жашоодогу максатын «кадыр-барктуу жана атактуу адам болуу» деп белгилейт. Ага жетүү үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Ар түрдүү кыйынчылыктарга чыдап, жан үрөп аракет кылат. Бирок булардын баары өлгөндө жок боло турган, бул дүйнө жашоосуна гана тиешелүү максаттар. Ал тургай, көпчүлүгүнөн тирүү кезде эле ажырап калуулары мүмкүн. Ошондой эле, ал кишилер койгон максаттарына жетип, өмүр бою көздөгөн нерселери колдорунда болсо, ал тургай, пландаганынан алда канча көбүнө ээ болушса да, эч качан ал нерселер аларды руханий жактан канааттандырбайт жана издеген тынчтык, бакыт, сүйүү жана бейпилдикти таба алышпайт. Анткени чыныгы бакыт, терең сүйүү жана жан дүйнөнүн бейпилдиги чын ыкластуу ыйман менен гана келе турган сый жакшылыктар.
Ал эми ыймандуу адам болсо Аллахтын бар экенин жана кудуретин түшүнөт. Аллахтын аны эмне үчүн жаратканын жана андан эмне каалаарын билет. Ошондуктан бул дүйнөдөгү негизги максаты – Аллах ыраазы болгон пенделерден болуу үчүн аракет кылуу. Аны максатына жеткире турган жолдордун баарын сынап, ал үчүн олуттуу аракет жасайт. Ошентип башка адамдар анык жок болуу катары кабыл алган өлүмдүн да чыныгы маңызын билет: өлүм эч кандай жок болуу эмес, чыныгы жашоого өтүү баскычы.
Ыйман кылбагандардын бир бөлүгү өтө акылсыздыктын бир мисалы катары жашоону кокусунан жана «өзүнөн өзү» пайда болгон деп ойлошот жана жашоонун аягы болгон өлүмдү да «өзүнөн өзү» болуучу бир «кырсык» деп эсептешет. Чындыгында болсо жашоону жараткан да, өлүмдү жараткан да Аллах. Өлүм эч кандай кокустук же кырсык эмес, Аллах тарабынан атайын жаратылган, убактысы жана жери белгиленген бир окуя.
Ошондуктан ыймандуу – Аллахтын бүт ааламдын өкүмдары экенин билген жана өлүмдүн бүт нерсенин бүтүшү эмес, чыныгы жашоого (акырет) өтүү баскычы экенин түшүнгөн адам. Бул чындыктарды түшүнгөн соң, албетте башкалардай болуп өмүрүн «кулай турган жардын бооруна» курбайт. Аны жана бүт ааламды Улуу Раббибиздин жаратканын, өмүрдүн, өлүмдүн жана өлүмдөн кийинки чыныгы жашоонун чыныгы ээсинин Аллах экенин билгендиктен, Аллахка багытталат. Акчанын, атак-даңк жана бийликтин, дене сулуулугунун Аллах жараткан жана тынымсыз жаратууну уланткан бул түзүлүштө чыныгы кутулуунун жолу эмес экенин түшүнөт. Булар болгону Аллах белгилеген эрежелерге ылайык кыска убакыт иштей турган «себептер». Аллах жараткан түзүлүштүн пайдубалы болсо – бул Аллахтын ыраазылыгы. Анткени Аллах Анын ыраазылыгын көздөгөндөрдү гана туура жолго салат:
Аллах (Анын) ыраазылыгын көздөгөндөрдү муну менен кутулуу жолдоруна жеткирет жана аларды Өз каалоосу менен караңгылыктардан нурга чыгарат. Аларды эң туура жолго багыттап-жеткирет. (Маида Сүрөсү, 16)
Ыймандуу Аллахтын ыраазылыгын көздөгөнү үчүн ыймандуу. Ошондуктан ыймандууну башкалардан айырмалаган эң негизги айырма мына ушунда. Ыймандуулар диндин Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн кармана турган акыйкат жол экенин билишет, ал эми көп адамдардын караңгы түшүнүгү боюнча дин бир катар ишенимдерден турган эрежелердин жыйындысы жана алардын жашоосунда диндин маанилүү бир орду жок. Чындыгында мындай адамдар бул жаңылыштыгынын азабын бул дүйнөдө бүт тараптан тартышат, акыреттеги азаптуу жаза болсо алда канча оор.
Чыныгы ыймандуулар менен ыймандуу болуп көрүнгөн эки жүздүүлөрдүн (мүнафыктар) ортосундагы айырма ушул жерден байкалат. Ыймандуулар диндин өкүмдөрүн Аллахтын ыраазылыгы үчүн ынтызардык, каалоо жана дилгирлик менен аткарышса, мүнафыктар өз ойлорунда бир катар кызыкчылыктарга жетүү үчүн жасалма ыймандуу болуп көрүнүшөт. Чын жүрөктөн динге ишенип, диндин өкүмдөрүн аткарбастан, ишенгендей жана аткарып жаткандай көрүнүшөт. Ыймандуулар беш убак намазын «хушу» (Аллахка болгон терең сыйынан улам коркуу) ичинде окушса (Мүминун Сүрөсү, 1-2), мүнафыктардын намазды «эл көзүнө» (Маун Сүрөсү, 6) окушу ушул себептен. Ошол сыяктуу, мүнафыктар Аллах жолунда жумшалган каражатты (садака) да чындыгында Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, кайра эле адамдарга көрүнүү үчүн жасашат:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу милдет (садака берилгендерден бир нерсе үмүт кылып) жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт (ала алышпайт). Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. (Бакара Сүрөсү, 264)
Аллахтын ыраазылыгы үчүн олуттуу аракет кылуу
Кээ бир адамдар бир гана бул дүйнөнүн жакшылыктарына жетүү максатын көздөшөт жана ал үчүн абдан аракет кылышат. Бай болуу, статуска ээ болуу же башка кызыкчылыктар үчүн колдорунан келгендин баарын жасашат. Өтө кыска убакыт ичинде толугу менен ажырай турган «арзыбаган нерселер» (Тообо Сүрөсү, 9) үчүн чоң жарышка киришет. Алардыкынан алда канча чоң сыйлыкты, алардын тапкандарына эч салыштырылгыс эң чоң сый-жакшылыкты, Аллахтын ыраазылыгын жана бейишин максат кылган ыймандуулар болсо ошол максаты үчүн олуттуу аракет кылышат. Аллах Куранда ыймандуунун бул өзгөчөлүгүн төмөнкүчө сүрөттөйт:
Ким абдан бат өтө турганды (убактылуу дүнүйөнү) сураса, ал жерде каалаган кишиге каалаганыбызды тездетип беребиз, анан ага тозокту (мекен) кылабыз; ага жемеленген жана куулган абалда кирет. Ал эми кимде ким акыретти каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, мына ошолор аракеттерине сыйлык алышат. (Исра Сүрөсү, 18-19)
Ыймандуу Аллахтын ыраазылыгы жана акырет үчүн «олуттуу аракет кылып» эмгектенет. Тообо Сүрөсүнүн 111-аятында кабар берилгендей, ыймандуу мал-мүлкүн жана жанын Аллах үчүн «арнайт».
Аллахка «мал-мүлкүн жана жанын арнаган» адам Аллахтын ыраазылыгы үчүн башына келе турган эч бир кыйынчылыктан коркпойт. Аллахтын ыраазылыгынан башка эч нерсени ойлобойт. Денеси жана мал-мүлктөрү «ага таандык» эмес, демек алар тууралуу напсисинин өзүмчүл каалоолорун укпайт. Денесинин жана колундагы нерселеринин баарынын ээси Аллах, алардын баарын Ал каалагандай колдонот.
Ошондой эле, кылган аракети чындап олуттуубу же жокпу, ал да сыналат. Аллах жолунда эч нерседен тартынбашы керек. Анткени мүнафыктар да эгер өздөрүнө «жакын бир пайданы» көрүшсө, сыртынан караганда Аллахтын ыраазылыгына туура келген бир ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, «жакын пайданы» алуу үчүн башташы мүмкүн:
Эгер жакын бир пайда жана орто бир сапар болгондо, алар сөзсүз сени ээрчишмек. Бирок кыйынчылык аларга алыс сезилди. «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллах атынан ант ичишет. Өз напсилерин (өздөрүн) кыйроого түртүшүүдө. Аллах алардын чындап жалган сүйлөгөнүн билет. (Тообо Сүрөсү, 42)
Ошондуктан ыймандуунун чен-өлчөмдөрүнүн бири – бул Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү чын жүрөктөн каалоо жана керек учурда бул жолдо жан аябастык кылуудан тартынбоо. Ыймандуулар «бир гана (акыреттеги чыныгы) мекенди ойлонуп-эстеген ыкластуу пенделер» (Сад Сүрөсү, 46). Ыймандуу адам Аллахтын ыраазылыгынан башка кызыкчылыктарды ойлобойт. Аллахтан Анын ыраазылыгын, мээримин жана бейишин үмүт кылат, анткени аятта айтылгандай, «эркек болсун, аял болсун ишенүү (ыйман) менен ким чын ыкластуу иштерди жасаса, алар бейишке киришет жана алар бир «уруктун сыртындагы бүчүрчөлүк» да адилетсиздикке туш болушпайт» (Ниса Сүрөсү, 124).
Көрүнүп тургандай, Аллах Куранда сүрөттөгөн ыймандуу адамдын үлгүсү айдан ачык. Бейиш – Аллахка жана акыретке «анык билүү менен» (Локман Сүрөсү, 4) ишенип, анан Аллах жолунда «олуттуу аракет» кылгандардын мекени. Аллахка бир гана «бир учунан ибадат» кылып, Аллахтын ыраазылыгынан тышкары өзүнүн маанисиз дүнүйөлүк кызыкчылыктарын коргоого аракет кылгандардын абалын болсо Раббибиз Куранда төмөнкүчө сүрөттөйт:
Адамдардын кээ бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат, эгер ага бир жакшылык келсе, ага ыраазы болот жана эгер ага бир фитна (сыноо, кыйынчылык) келсе, жүзү терс бурулат. Ал дүйнөнү жоготту, акыретти да. Мына ушул апачык бир жоготуу. (Хаж Сүрөсү, 11)
Ыймандуу өзүнүн кызыкчылыктарын ойлобостон, бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөп, Аллах Курани Каримде билдиргендей, Пайгамбар Мырзабыз (сав) өкүм кылган чектерди кылдаттык менен сактайт жана бул багытта сабырдуу жана токтоо болот. Аллах койгон чектерди сактоодо ага эч нерсе тоскоол болбойт. Ар бир көз ирмеминде Аллахтын ыраазылыгын ойлоп, аракет кылат.
Ыймандуунун негизги максаты – акырет. Аллах ыймандууга акыретте түбөлүктүү сонун жашоону убада кылат. Раббибиз ыймандуу пенделерине бул дүйнөдө да сонун жашоо берээрин убада кылган, бирок бул ыймандуулар дүйнөдө эч кандай кыйынчылыктарга жана азаптарга кабылбайт деген мааниге келбейт. Кыйынчылыктар менен азаптар аларга сыналып, бышып жетилиши үчүн келет.
Ыймандуунун башына келген кыйынчылыктар негизи сыртынан караганда оордой көрүнгөн, бирок толук моюн сунуп ичине киргенде, Аллах жеңилдеткен окуялар. Мисалы, Аз. Ибрахим (ас)ды ыйманынан улам отко таштагылары келгенде, мусулманча жооп берип, ыйманынан жана Аллахтын буйруктарынан эч кайтпай отко ташталууга даярдыгын көрсөткөн. Отко ташталуу сыртынан караган жана ыймандын тереңдигин түшүнбөгөн адамдар үчүн бир адамдын бул дүйнөдө башына келе турган эң оор кыйноо болуп саналат. Бирок Аллахтын бул сыноосун толук моюн сунуу менен эң мыкты тосуп алган Аз. Ибрахим (ас) сыртынан оордой көрүнгөн бул окуядан Аллахтын жардамы менен эч зыянсыз кутулган. Аллах Анын ыраазылыгы үчүн болгон нерселеринин баарын арнагандардын эч зыян тартпастан, материалдык жана руханий пайдалар менен кайтып келишкенин аяттарында төмөнкүчө кабар берет:
Алар адамдар аларга: «Силерге каршы адамдар чогул(т)ушту, эми алардан корккула» дешкенде, ыймандарын көбөйткөндөр жана: «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун векил (өкүл, таяныч)» дегендер. Мындан улам аларга эч бир жамандык тийбестен, бир молчулук (берешендик) жана Аллахтан бир сый-жакшылык менен артка кайтышты. Алар Аллахтын ыраазылыгын көздөштү. Аллах өтө берешен (жоомарт). Бул шайтан өзүнүн досторун гана коркутат. Силер алардан коркпогула, эгер ыймандуу болсоңор, Менден корккула. Каапырдыкта абдан аракет кылгандар сени кайгыга салбасын. Анткени алар Аллахка эч кандай зыян тийгизе алышпайт. Аллах аларга акыретте эч кандай үлүш кылбоону (бербөөнү) каалайт. Аларга улуу азап бар. Алар ыймандын ордуна каапырдыкты сатып алгандар. Алар Аллахка эч кандай зыян тийгизе алышпайт. Аларга жан сыздаткан азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 173-177)
Ошондуктан Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн ыймандуу адам үчүн эч бир азап, кыйынчылык жана кайгы жок. Болгону Аллах бул дүйнөдө сыноо катары жараткан жана ыймандуу адамдын тобокелин, сабырын жана моюн сунуучулугун сынаган окуялар бар. Алар сыртынан караганда азап жана кыйынчылыктай көрүнгөн, ичине киргенде болсо Аллахтын анык мээримине бөлөнгөн окуялар. Аллах Куранда ыймандуу пенделерине көтөрө алганынан ашыкча жүк жүктөбөй турганын да кабар берген. Аллах Ага талап кылынгандай ибадат кылган ыймандуулардын эки жашоосунун тең жакшы болоорун төмөнкүчө кабар берген:
(Аллахтан) Тартынгандарга: «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп айтылганда, «жакшылык» дешти. Бул дүйнөдө жакшы иштерди жасагандарга жакшылык бар; акырет мекени болсо андан да жакшыраак. Такыбалуулардын (Аллахтан корккондордун) мекени кандай сонун. Адн бейиштери; ага киришет, анын астынан дарыялар агат, ичинде алар каалаган нерселердин баары бар. Аллах такыбалууларга мына ушундай сыйлык берет. (Нахл Сүрөсү, 30-31)
Аллахтын ыраазылыгы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн колдонбогон, Аллахка толук моюн сунбаган, напсисин биринчи планга койгон адамдардын башына болсо мындай туура эмес мамилесин өзгөртүп оңдобосо, Аллахтан бир эскертүү катары азап, кыйынчылык жана балээлер келет. Ыймандуулар ката кетиргенде, аларга келген эскертүүлөрдөн сабак алып, тообо кылышат жана кыймыл-аракеттерин оңдошот. Ыймансыздар болсо бул дүйнөдө өмүр бою Аллахтын аларга берген кыйынчылыктарынан, азаптардан жана балээлерден сабак алышпайт жана акыреттеги оор түбөлүктүү азапка татыктуу болушат.
Напсисин таануу
Аллах Куранда адамдар тууралуу билдирген маанилүү маалыматтардын бири – бул адамдардын «напсиси». Араб тилинде «адамдын өзү» деген мааниге келген напсини «эго» деп да айтсак болот.
Раббибиз Куранда адамдын напсисинин эки тарабы болоорун кабар берген. Башкача айтканда, адамдын ичинде жамандыкка үндөгөн бир тарап жана ал жамандыктан сактанууга үндөгөн экинчи тарап бар. Бул тууралуу аяттар төмөнкүдөй:
Напсиге жана ага бир калып бергенге, кийин ага жаман-бузукулукту жана андан сактанууну илхам кылганга (ант болсун). Аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти. Жана аны (баш көтөрүү, күнөө, бузулуулар менен) курчаган да албетте кыйроого туш болду. (Шамс Сүрөсү, 7-10)
Аяттардан да көрүнүп тургандай, жамандык ар бир адамдын напсисинде бар. Бирок ар бир адам ал жамандыктан сактанууну жана коргонууну да билет. Напсисин жамандыктан тазалаган кутулат. Ыймандуулар напсилериндеги жамандыктарга баш ийишпейт, Аллахтын илхамы менен андан сактанышат. Аз. Йусуф (ас)дын айткан бир сөзүн кабар берген «мен напсимди актабайм. Себеби чындыгында напси, Раббим аны коргобосо, болгон күчү менен жамандыкка чакырат...» (Йусуф Сүрөсү, 53) деген аят ыймандуулардын кандай ойлонушу керек экенин көрсөтөт.
Напси «болгон күчү менен жамандыкка чакырганы» үчүн, ыймандуу адам ар дайым напсисине карата этият болушу керек. Напси тынымсыз ага Аллахтын ыраазылыгынан башка тандоолорду сунуштайт жана аларды кооз көрсөтөт. Бирок ыймандуу Аллахка болгон чыныгы сүйүүсү жана Аллахтан болгон коркуусунан улам, напсинин мындай «адаштырып-азгырган» өзгөчөлүгүнө алданбайт. Ар дайым Аллахтын ыраазылыгына ылайык өмүр сүрүү үчүн туура жолду тандайт.
Ширктен алыс болуу
Ширк кыскача сүрөттөй турган болсок, Аллах менен бирге Андан башка нерселерди да Кудай катары көрүү дегенди билдирет. (Аллахты аруулайбыз.) Бул аныктаманын негизинде кээ бир адамдар чындыгында ширк кылып жатканына карабастан, «биз Аллахтан башканы кудай туткан жокпуз го» деши мүмкүн. Буга алардын «ширктин» эмне экенин түшүнбөшү себеп болот. Аллах Куранда кабар бергендей, Аллахка шерик кошуп ширк кылгандардын кээ бирлери аны моюндарына алышпайт. Аллах андай адамдардын абалын кабар берет:
Алардын баарын топтой турган күнү; кийин шерик кошкондорго айтабыз: «Кана (ал бир нерсе) деп ойлоп шерик кошконуңар?» (Андан) Кийин алардын: «Раббибиз Аллахка ант болсун, биз мушриктерден (шерик кошкондордон) эмес элек» дегенден башка бир фитналары (шылтоолору) калган жок. (Энъам Сүрөсү, 22-23)
Ошондуктан эч ким бул маселеде өзүнө ишенбеши керек, ширк кылуудан Аллахка баш калкалоосу шарт. Анткени ширк өтө чоң күнөө. Аллах башка күнөө жана каталарды кечириши мүмкүн экенин, бирок ширкти эч качан кечирбей турганын Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Чындыгында Аллах Ага шерик кошулушун кечирбейт. Калган (күнөө)лөрдү болсо, каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чындыгында чоң күнөө кылып жалаа жапкан болот. (Ниса Сүрөсү, 48)
Ушунчалык чоң «күнөө жана жалаа» болуп эсептелген ширк адамдын Аллахка таандык өзгөчөлүктөрдү өз оюнда башка макулуктарга ыйгарышынан башталат. Чындыгында болсо макулуктардагы өзгөчөлүктөр (күч, сулуулук, мээ ж.б.) аларга «таандык» эмес, Аллах ал өзгөчөлүктөрдү аларга убактылуу жана белгилүү мөөнөткө берген. Ал өзгөчөлүктөрдү аларга «таандык» деп эсептөө аларды да Аллах сыяктуу заты өзүнөн болгон бир кудай деп эсептөөгө барабар. Бул болсо ал макулуктарды Аллахтын шериктери катары көрүп, Аллахка шерик кошуу катары бааланат жана өтө чоң караңгылык болот. Аллах Өзүнүн Затынын жалгыздык сыпатын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Айткын: Ал Аллах жалгыз. Аллах Самад (бүт нерсе Ага муктаж, Ал түбөлүктүү, эч нерсеге муктаждыгы жок). Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес. Жана эч нерсе Ага тең эмес. (Ихлас Сүрөсү, 1-4)
Жогорудагы аяттардан көрүнүп тургандай, Аллах эч нерсеге муктаж эмес, бүт баары Ага муктаж. Жана эч нерсе Ага тең эмес. Бул акыйкат четке кагылып, кээ бир макулуктарды Аллахка муктаж эмес деп ойлогон учурда «ширк» башталат. Ал учурда бүт нерсени Аллахтын башкараары унутулуп, Ага муктаж болбогон кээ бир макулуктар бар жана алар Андан көз карандысыз иш-аракет жасай алат деген сыяктуу чындыкка сыйбаган, туура эмес ишеним пайда болот. Мындай макулуктар бар деп ойлогон соң, Аллахтан тышкары алардан да жардам суралып, алардын ыраазылыгы көздөлүп, алардын эрежелери кабыл алына баштайт.
Ал эми Аллахка шерик кошпогон ыймандуулар бүт кудуреттин Анын колунда экенин билгени үчүн, бир гана Ага кайрылышат. Аллах ыймандуулардын сөздөрүн Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. (Фатиха Сүрөсү, 4)
Шерик кошкондор болсо чындыгында аларга жардам бере албай турган нерселерге кайрылышат. Анткени өз ойлорунда кудайдай көргөн макулуктардын өздөрү да алсыз кулдар. Аяттарда Раббибиз мындай деп билдирет:
Өздөрү жаратылып, эч нерсени жарата албаган нерселерди (Аллахка) шерик кылышабы? (Бул шерик кошкон күчтөр менен нерселердин) аларга да жардам бергенге күчтөрү жетпейт, өз напсилерине (өздөрүнө) да. Аларды туура жолго (хидаятка) чакырсаңар, силерди ээрчибейт. Аларды чакырсаңар да, унчукпай койсоңор да силер үчүн айырмасы жок (мамилелери өзгөрбөйт). Аллахтан башка сыйынгандарыңар силер сыяктуу кулдар (пенделер). Эгер чынчыл болсоңор, ылдам аларды чакыргыла, силерге жооп беришсин. (Аьраф Сүрөсү, 191-194)
Ошондуктан ширк чоң жалаа, чоң алдануу жана чоң акылсыздык. Аяттарда шерик кошкондордун канчалык чоң акылсыздык кылаарын бүт ааламдын ээси Раббибиз төмөнкүчө кабар берет:
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)
Ширк ар кандай түрдө болот. Жолдон адашып, Аллахтан башка макулуктар кудай катары кабыл алынганы үчүн, ошолордун ыраазылыгы көздөлүп баштайт. Ошолордон үмүт кылынат жана ошолордун өкүмдөрү кабыл алынат. Ошентип адам өз колу менен өз мойнуна миллиондогон элестүү кудайдын моюнтуругун салат. Өзүнө окшогон алсыз жандыктардан үмүт кылат. Ошентип шерик кошкон адам чоң туңгуюкка кабылып, «зулумдук» кылат. Аллах бул акыйкатты Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
«... Албетте ширк чындыгында чоң зулумдук.» (Локман Сүрөсү, 13)
Бирок белгилей кетчү нерсе, андай адам өзүнө өзү зулумдук кылат. Анткени аятта айтылгандай, «күмөнсүз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат» (Йунус Сүрөсү, 44).
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder