Дарвинисттер таш доорунун калп экенин ойлонушпайт
Дарвинисттер «таш доору» деп атаган жана ойдон чыгарылган «примитивдүү адамдар» жашаган деген доордо адамдардын маданиятынын азыркыдан айырмасыз болгонун жана ошол кездеги адамдардын да вилка, кашык колдонуп, конок тосуп, кадимкидей өмүр өткөргөнүн тастыктаган далилдер бар экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер б.з.ч. 10 миңинчи жылдарда колдонулган сөөктөн жасалган топчулардын ал кездеги адамдарда кийим-кече маданиятынын болгонун далилдээрин жана топчуну колдонгон коомдун тигүүнү, кездемени жана токуучулукту да билиши керек экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер 95 миң жылдык флейтанын мындан он миңдеген жыл мурда жашаган адамдардын да бийик музыка маданияты болгонун далилдээрин жана «примитивдүү адам» деген нерсенин болбогонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер б.з.ч. 10 миңинчи жылдары адамдардын жезден жасалган илме шибеге колдонушканын жана жезден илме шибеге жасаган коомдун жез кенин билип, кенди таштын арасынан чыгара алышы жана аны иштете ала турган техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер «примитивдүү доор» деп кабыл алган жана «жылмаланган таш доору» деп атаган доордон калган таштардын жылтылдаган бетинин лак эмес экенин, анткени лактын миңдеген жыл бою сакталбай турганын, анын болоттон жасалган кескич жана кол өнөрчүлүк шаймандары менен таштарды жонуу аркылуу мыкты чеберчилик менен жасалган болушу керек экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер «Scientific American» журналынын 1852-жылдын 5-июнундагы санында жарыяланган 100 миң жылдык металл идиштин цинк менен күмүштүн эритмесинен жасалганын, бетиндеги кооздолуп түшүрүлгөн гүлдестелердин, жүзүм сабактарынын жана таажылардын жогорку искусство чыгармалары экенин жана ал идишти жасаган адамдардын металл эритмелерди жасаган, металлдарды иштете алган маданият деңгээли жогору кишилер болушканын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жез кенин металлга айландыруу үчүн 1084,5°C температура талап кылынаарын, ал үчүн отко аба үйлөөчү бир шайман же көрүк колдонулушу керек экенин, жез иштеткен бир коомдун мындай температураны бере турган бир меш куруп, мындан тышкары ал мешке керектүү тигель, кыпчуур сыяктуу шаймандарды да жасаган болушу керек экенин, ошондуктан тарыхта жашап өткөн мынчалык билимдүү, тажрыйбалуу адамдардын «примитивдүү адамдар» боло албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер археологиялык табылгалардан чыккан 100 миң жылдык металл идиштин калдыгы, 2,8 миллиард жылдык металл шар, 300 миллион жылдык деп болжолдонгон темир карапа, 27 миң жылдык чопо сыныктарынын бетинен табылган текстиль калдыктары, магний, платина сыяктуу Европада бир канча кылым мурда ээритиле алган металлдардын миң жылдык калдыктардагы издери сыяктуу сансыз табылгалардын эволюционисттер ойлоп чыгарган «алгачкы доор» калптарын четке кагаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер байыркы адамдарга таандык табылгалардын көпчүлүгүнүн эволюционист илимпоздор тарабынан же көрмөксөнгө салынып, же болбосо музейлердин жертөлөлөрүнө жашырылып коюлганын жана адамзаттын чыныгы тарыхынын ордуна, эволюционисттер ойлоп чыгарган жомоктордун элдерге адамзат тарыхы катары көрсөтүлгөнүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер «таш доору» деп атаган доорлордо мээге операциялар жасалышынын, «адамдар искусствону билген эмес» деген доорлорго таандык казуулардан болсо кооздук буюмдарынын жана бойок заттардын табылышынын адамдардын эч качан примитивдүү болбогонун көрсөткөн маанилүү далилдер экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер археологиялык табылгалардын адамзат пайда болгон күндөн баштап маданият түшүнүгүнө ээ болгон, маданият түшүнүгү кээде өнүксө, кээде артка кетип, балким кээде кескин өзгөрүүлөр болгон, бирок ал эволюция процессин эмес, маданий өнүгүү жана өзгөрүүлөрдү көрсөтөт деген мааниге келээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер мурда жашап өткөн адамдардын артка калтырган археологиялык издери менен эволюционисттердин ою боюнча табылышы керек болгон анатомиялык жана биологиялык издердин бири-бирине дал келбегенин жана мунун дарвинизмдин бул тууралуу көз караштарын дагы бир жолу жокко чыгараарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер рухтун бар экени тууралуу ойлонушпайт
Натурализм, материализм (дарвинизм, атеизм) философиясынан келип чыккан нимроддук (каапырдык) агым барган сайын акыр заманда материалисттик философия аркылуу жайылып, күчөп, Аллахтын бар экенин четке кага турган даражага жетет.40
Безиүззаман Саид Нурси
Дарвинисттер өмүр бою мээлеринин ичиндеги электрдик заряддардан пайда болгон сүрөттөлүштөрдү көрүшөөрүн жана ал сүрөттөлүштүн сырттагы оригиналына эч качан жете алышпай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер уккан үндөрдүн, көргөн адамдардын жана сезген жыттардын бир гана мээлеринде пайда болгон элестердин жыйындысы экенин жана алардын зат катары бар экенин эч качан далилдей алышпай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер сырткы дүйнөнү «сезген ким?» деген суроого жооп бере алышпай турганын ойлонушпайт.
![]() |
Мээнин ичи капкараңгы. Бирок биз мээбиздин ичинде түркүн түстүү, жаркыраган дүйнөнү көрөбүз |
Дарвинисттер мээнин ичинде пайда болгон жогорку сапаттагы үндүн бир гана электрдик сигналдардан тураарын жана муну кокустуктар менен эч качан түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер материализмдин адамдын аң-сезиминдеги кабылдаган жана сезген жандыкты түшүндүрө албай турганын жана адамга таандык бийик «аң-сезимге» түшүндүрмө бере албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер аң-сезимсиз атомдор кокусунан пайда кылган деп ишенген, дүйнөнүн эң татаал түзүлүштөрүнүн башында турган адамдын мээсинин адамга укмуш тунук жана жандуу дүйнөнү тартуулаарын жана бул теңдешсиз механизмди эч качан тууроого болбой турганын ойлонушпайт.
Бирок аң-сезимди мээден келип чыккан бир нерсе деп кабыл алсаңыз (негизи муну баары эле мындай деп кабыл ала бербейт) жана аң-сезимдүү тажрыйба менен байланышкан мээнин бир иш-аракетинин мисалын тапсаңыз да, дагы эле бир маселеге туш болосуз. Бир нейрондук массанын иш-аракеттери эмне үчүн кандайдыр бир сезимди бериши керек? Эмне үчүн манжаңызга бир нерсе сайылса оору сезимин берет? Эмне үчүн роза кызыл болуп көрүнөт?
Бул аң-сезимдин «татаал маселеси» деп аталат.41
«New Scientist» журналы
Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деген мээнин эң ылдам компьютерлерден жүздөгөн эсе ылдамыраак жана татаалыраак иштээрин жана мээнин иштөө системасына окшош системаны электрондук тармакта жасоо мүмкүн эмес экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер адамды адам кылган өзгөчөлүктөрдүн, адамга таандык туюм, ой, сезим, сүйүү, ишеним сыяктуу түшүнүктөрдүн мээдеги нейрондордун иш-аракети эмес экенин жана булардын эч бирине эч кандай материалдык түшүндүрмө жок экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер кубанган, таң калган, ойлонгон, пикирин билдирген, талдаган, уккан үндөрүн тааныган, эстеген, бир гүлдүн көрүнүшүнөн, жытынан ырахат алган нерсенин адамдын руху экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер бардык далилдери менен апачык көрүнүп турган адамдын рухунун алдында материализмдин жок болгонун жана дарвинизмдин адамдын руху тууралуу эч нерсе айта албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер сүйүү, опаа, достук, чынчылдык сыяктуу түшүнүктөрдү эч бир материалисттик көз караш менен түшүндүрүүгө болбой турганын жана ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин буларды эч качан түшүндүрө албай турганын ойлонушпайт.
Коддоо системасы ар дайым акыл жүгүртүү процессинин жыйынтыгы болуп саналат. Бир нерсеге көңүл буруу керек, зат (материя) маалымат кодун жасай албайт. Бүт тажрыйба маалымат пайда болушу үчүн, эркин ыктыярын, ой жүгүртүүсүн жана жаратмандыгын колдонгон бир акыл болоорун көрсөтүүдө... Заттын маалыматты пайда кылышына шарт түзө турган бир дагы биз билген табият мыйзамы, физикалык процесс же болбосо материалдык кубулуш жок... Маалыматтын заттын ичинде өзүнөн өзү пайда болушуна шарт түзө турган бир дагы табият мыйзамы же физикалык процесс жок.42
Германиянын Федералдык физика жана технология институтунун башчысы, профессор, илимдин доктору Вернер Гитт
![]() |
Мутациянын зыяндуу натыйжалары |
Дарвинисттер кокустуктардын аң-сезими жок экенин, искусство жана сулуулук жарата албай турганын, уккан, көргөн, жыттаган, сезген, акылдуу жана аң-сезимдүү, сулуулукту, искусствону, илимди түшүнгөн адамдарды пайда кыла албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер мээнин ичи караңгы болсо да, ал жерге барган электрдик сигналдардан түстүү сүрөттөлүштүн пайда болушундагы кереметти кокустук менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер мээнин түзүлүшүн эске алганда эс тутум функциясынын кантип жана каерде жайгашканын жана керек учурда кантип иштээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер түнкүсүн көздөрүн жумуп уктап жатканда, кантип 1300-1400 граммдык нерв түйүнүнөн турган мээнин ичиндеги капкараңгы жерде күндүн нурларынан жаркыраган асманды көрүшөөрүн, жаандан суу болуп үшүшөөрүн, бир розанын буркураган жытын жытташаарын жана абдан даамдуу тамактарды жешээрин ойлонушпайт.
Генетикалык код камтыган маалымат, бардык маалыматтар же билдирүүлөр сыяктуу, заттан жасалган эмес. Анын мааниси коддун символдорунан же алфавитинен келип чыккан өзгөчөлүк эмес. Генетикалык коддогу билдирүү же маани материалдык нерсе эмес жана аны физикалык же химиялык өзгөчөлүктөргө таяндырууга болбойт, материализм коддо камтылган маанини түшүндүрбөйт.43
Жазуучу Деан Оверман
Дарвинисттер 150 жылдан бери айтылып келген бардык көз караштардын жараксыздыгын ойлонушпайт
Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларды жолуктурбай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болушу керек эле, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү абалда таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай звенолорго толо эмес? Геологиядан даражаларга жакшы бөлүнгөн бир процесс аныкталбай жатат жана балким бул менин теорияма каршы айтыла турган эң чоң каршылык болот.44
Чарльз Дарвин
Дарвинисттер эволюция теориясынын пайдасына бир дагы ортоңку өткөөл форманын фоссили (калдыгы) жок экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер жердин катмарларынын өтө чоң бөлүгүнүн изилденгенин, табылган фоссилдерге жана палеонтология илиминин өнүккөнүнө карабастан, далил катары көрсөтүлө турган бир дагы эволюция мисалынын табылбаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер бүгүнкү күндө жашап жаткан кээ бир жандыктардын миллиондогон жылдык фоссилдери менен бирдей болушунун эволюция теориясынын жараксыздыгын дагы бир жолу көрсөтөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер эволюция теориясын колдоо үчүн жүргүзүлгөн эч бир изилдөөдөн майнап чыкпаганын, бардык илимий ачылыштардан эволюцияны четке каккан далилдердин табылганын, фоссил калдыктары боюнча жандуу организмдердин жүз миллиондогон жылдан, б.а. алгач жаратылгандан бери эч өзгөрбөгөнүн, илимий чындыктардын ааламды жана жандыктарды Аллахтын жаратканын далилдээрин ойлонушпайт.
Жандыктардын фоссилдери жер бетинде эволюция процесси болгонун далилдейт деп ойлогон дарвинисттер чындыгында бардык фоссилдердин Дарвиндин теориясына бүтүндөй карама-каршы «табият тарыхын» көрсөтөөрүн, организмдердин түрлөрүнүн эволюция процесси аркылуу акырындап пайда болбогонун, бир заматта толук бойдон жаратылганын далилдээрин ойлонушпайт.
Кембрий жарылуусу Дарвин (1859) «Европадагы катмарларда ар кайсы түрлөргө таандык организм топторунун бир заматта пайда болушу, жана азыркы учурда белгилүү болгондой Кембрий катмарларынын астында бай фоссил катмарларынын дээрлик эч кездешпеши чындыгында эң олуттуу маселелердин бири» деп жазып белгилегенден бери илимпоздорду кызыктырып келүүдө.45
Эволюционист, деңиз биологу Ричард Эллис
Дарвинисттер Кембрий тектеринен табылган үлүл, трилобит, губка, курт, медуза, деңиз жылдызы, сүзүүчү кабыктуу, деңиз лилиялары сыяктуу татаал омурткасыздардын түрлөрүнө таандык фоссилдердин, алар айткандын тескерисинче, жандыктардын бир заматта жана эч кандай ата-тексиз пайда болгонун далилдээрин жана мунун Дарвиндин «эволюция дарагы» тууралуу жомогун жокко чыгараарын ойлонушпайт.
Фоссил калдыктарынын (эволюциялык) алсыздыгын четке кага турган бир билдирүү жасоо эми мүмкүн эмес. Анткени колубуздагы фоссил калдыктары абдан көп жана байкалышынча жаңы ачылыштардан жаңы түрлөрдүн табылышы мүмкүн эмес... Канчалаган табылгаларга карабастан, фоссил калдыктары дагы эле (түрлөрдүн ортосундагы) боштуктардан турууну улантууда.46
Палеонтология профессору Т. Невилл Джордж
Дарвинисттер «бул эбегейсиз жана кереметтүү ааламды, анын ичинде алыскы өтмүшкө жана алыскы келечекке көз чаптыруу жөндөмү бар адамды да кошо, сокур кокустуктун же зарылчылыктын натыйжасы катары көрүү абдан кыйын, ал тургай, эч мүмкүн эмес»47 деген сөздүн эволюция теориясынын түптөөчүсү Чарльз Дарвинге таандык экенин ойлонушпайт.
![]() |
Археоптерикс өткөөл форма эмес, толук кандуу канаттуу |
Дарвинисттер адамда жана башка жандыктарда эч бир кызмат аткарбаган, «рудимент» органдар бар дешет жана бул пикирдин ошол кездеги илимдин примитивдүү деңгээлинен келип чыккан бир жомок экенин, Дарвин менен анын жолдоочулары «рудимент» деп эсептеген ал органдардын чындыгында маанилүү кызматтарды аткараарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер ДНКнын бир бөлүгүн эч нерсеге жараксыз, «калдык ДНК» деп эсептешет жана бул пикирлеринин илимий сабатсыздыктан келип чыкканын, убакыт өтүп, илим өнүккөн сайын органдардын да, бардык гендердин да белгилүү кызматтары бар экендигинин аныкталганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жандыктардын бир түрүнүн ичиндеги «вариацияны» (ар түрдүүлүктү), мисалы Галапагос аралдарындагы мукур чымчыктардын тумшуктарындагы айырмачылыктарды, эволюциянын абдан күчтүү бир далили деп эсептегенде, тумшуктардагы айырмачылыктар сыяктуу түрдүн өзүнүн генетикалык маалыматынын чегиндеги өзгөрүүлөрдүн жаңы биологиялык маалымат кошпой турганын, б.а. жаңы органдарды пайда кыла албай турганын, ошондуктан эволюция далил боло албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер мөмө чымындарына жасалган эксперименттерде мутациялардан бир гана майып жана тукумсуз чымындардын алынганын, бир дагы пайдалуу мутация байкалбаганын, тажрыйбалуу илимпоздордун көзөмөлүндө жүргүзүлгөн мутациялардан да жаңы түрлөрдүн чыгарыла албашынын эволюциянын эмес, эволюциянын жок экендигинин далили экенин ойлонушпайт.
Сизге буга чейин жаныбарлардын ортосунда жапайы атаандаштыктар өкүм сүрөт деп айтылдыбы? Даректүү тасмалардан ар дайым коркунучтуу музыкалардын коштоосунда кандуу күрөштөрдү көрдүңүзбү? Күчтүүнүн алсызды эзиши «табигый көрүнүш» деп үйрөтүштүбү сизге? Ал тургай, табияттын мыйзамы ушундай болгон соң адамдарда да ушундай болушу керек дештиби уялбастан? Чындыгында жаныбарларда түрлөрдүн ичиндеги уруштар адамдар ойлогондон тескерисинче кээде гана өлүм менен аяктайт. Ал да көбүнчө кокусунан болот, мисалы уруш учурунда бугулардын мүйүздөрү бири-бирине илинип чыкпай кылса, экөө тең ачкадан өлүшү мүмкүн, же чаң тополоңдо бийик аскадан чогуу төмөн кулап кетиши ыктымал. Мындан башка уруштар көбүнчө коркутуу түрүндө болот жана кыска убакытка гана созулат. Тараптардын бири тигини жеңе албашын түшүнгөн соң артка чегинет. Жеңген бир саамга мактанат, бирок өмүр бою мактанып жүрбөйт, жайбаракат жаткан жерине же күрөшүп жеңип алган түгөйүнүн жанына кайтат.48
Эволюционист биолог А. Мурат Айтекин
Дарвинисттер жылкынын түпкү атасы деп көрсөткөн кээ бир жаныбарлардын чындыгында жылкылардан алда канча байыркы экенин, б.а. алардын ортосунда эволюционисттер айткандай бир эволюция боло албай турганын, жылкылардын эволюциясы тууралуу көз караштын толугу менен илимий фиаско экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер адам менен башка жаныбарлардын эмбриондору жатында (же жумурткада) окшош «эволюция процессинен» өтүшөт, ал тургай, адамдын эмбрионунун кийин жоголуп кеткен бакалоорлору болгон деген Геккель аттуу эволюционист илимпоздун эмбриондордун сүрөттөрүн жасалмалап бурмалаганын, эмбриондорду өзгөртүп, бири-бирине окшош көрсөтүүгө аракеттенгенин, жасаган алдамчылыгын өзү да мойнуна алганын, ошондуктан анын илимге жатпаган бир алдамчылык экенин ойлонушпайт.
Адам менен маймылдардын түпкү теги бир жана «маймыл адамдарга» тиешелүү фоссил калдыктары жана издери бар деген дарвинисттер адамдын «түпкү теги» деп айтылган фоссилдердин бардыгынын же маймылдардын тукум курут болгон бир түрүнө же болбосо адамдардын башка бир расасына таандык экенин ойлонушпайт.
Англиядагы белгилүү «өнөр жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөрдү» табигый тандалуу аркылуу эволюциянын жандуу далили деп ойлогон дарвинисттер бул жомоктун да толугу менен илимий көз бойомочулук экени аныкталган соң карманган «далилдеринин» дагы бирөөсүнүн жараксыз болуп калганын ойлонушпайт.
Негизги маселе ортоңку өткөөл баскычтардын адаптация жагынан кандайдыр бир маанисинин бар же жоктугу. Табигый тандалуу иштеши үчүн, ортоңку өткөөл баскычтар пайдалуураак ийгиликке жетиши керек. Ошондуктан сорттоо иш аракетинен гана турган бир моделде жарым канаттын эмне кереги бар деген суроо туулат.49
Эволюционист, генетика профессору Габриэль Довер
Дарвинисттер бүгүнкү күндө астрофизика, физика, биология сыяктуу көптөгөн илим тармактарынын ааламда жана табиятта кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турган бир тартиптин бар экенин апачык көрсөткөнүн жана мунун жаратылууну (бир Жаратуучунун бар экенин) далилдээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер жаныбарлардын түрлөрүндөгү ар түрдүү органдарды акырындан пайда болгон дешет, мисалы бир сойлоочунун буттары акырындан канаттарга айланган дешет, бирок жарым бут жарым канат болгон бир органдын ишке жарабай турганын жана мындай майып жаныбардын миллиондогон жыл мындай турсун, бир канча жума да жашай албай турганын, ошондуктан мындай эволюциянын мүмкүн эместигин ойлонушпайт.
Дарвинисттер эволюция теориясынын 1800-жылдардын технология шарттарында чыгарылган эскирген теория экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер түрлөр бири-биринен эволюцияланган дешет, бирок фоссил катмарларында аны колдой турган бир дагы далил табыла албаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жаныбарлардын түрлөрү бири-биринен узак убакытта эволюция болуп көбөйгөн дешет, бирок жаныбарлардын бүгүнкү күндө белгилүү болгон негизги категорияларынын (типтердин) баарынын, ал тургай, тукум курут болгондорунун да жер бетинде бир гана бир клеткалуу организмдер жашаган доордун артынан эле, болжол менен 530 миллион жыл мурда, «Кембрий доору» деп аталган геологиялык доордо бир учурда жана бир заматта пайда болушканын ойлонушпайт.
Дарвинисттер белгилүү фоссил археоптерикстин учкан, чыныгы канаттуу болгондугунун аныкталганын жана анын түпкү теги катары көрсөтүлө турган бир дагы сойлоочунун табылбаганын, бул чындыктар белгилүү болгон соң дарвинисттердин «канаттуулар сойлоочулардан келип чыккан» деген көз карашын колдой турган бир дагы далилдеринин калбаганын ойлонушпайт.
Дарвиндик эволюция табигый тандалуу деп аталган кыйыр жана натыйжа бербеген бир механизм менен иштейт.50
Эволюционист палеонтолог Стивен Джей Гулд
Дарвинисттер фоссил калдыктарынын жандуулардын миллиондогон жылдан бери эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбогонун далилдээрин ойлонушпайт.
Дарвинисттер 19-кылымдын примитивдүү илим түшүнүгү менен ойдон чыгарылган бир гипотеза катары пайда болгон эволюция теориясынын ушул күнгө чейин бир дагы илимий ачылыш же эксперимент тарабынан тастыкталбаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер археоптериксти сойлоочулар менен канаттуулардын ортосундагы «ортоңку өткөөл форма» дешет, бирок археоптерикстин бүт өзгөчөлүктөрү менен толук учуучу канаттуу болгонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер археоптериксти толук калыптана элек канаттуу дешет, бирок археоптерикс менен бир учурда, ал тургай, андан да мурдакы доорлордо канаттуулардын жашаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер Кембрий доорунун эволюция теориясынын негизги көз карашы болгон «узак убакыт аралыгында кокустуктар аркылуу акырындык менен өзгөрүп өрчүү» түшүнүгүн жана «секирик эволюция» көз карашын толугу менен четке кагаарын ойлонушпайт.
Дарвинисттер Аллахтын бар экенин жана жаратуусун четке какканы үчүн, жер жүзүнүн бир заматта, дене түзүлүштөрү бири-биринен абдан айырмаланган жана татаал органдары бар көптөгөн жандууларга толушунун, албетте, ал жандыктардын жаратылгандыгынын далили экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер канаттардын кемчиликсиз түзүлүшү кантип кезектешкен туш келди мутациялардын натыйжасында пайда болгон деген суроого эч качан жооп бере алышпай турганын, кыскасы бир сойлоочунун алдыңкы буттарынын гендеринде келип чыккан бир бузулуунун (мутация) натыйжасында кемчиликсиз канатка эч качан айлана албай турганын ойлонушпайт.
Ар кайсы түрлөргө таандык фоссилдердин фоссил калдыктарында кездешкен мөөнөт боюнча өзгөрбөгөндүгү Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китеби жарыяланаардан мурда да палеонтологдор билген бир чындык болгон. Дарвин болсо келечек муундар ошол боштуктарды толуктай турган жаңы фоссилдерди табышат деп божомолдогон... Арадан өткөн 120 жылдан ашуун убакыт бою жүргүзүлгөн бардык палеонтологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында фоссил калдыктарынын Дарвиндин бул божомолун тастыктабай тургандыгы апачык белгилүү болду. Бул фоссил калдыктарынын жетишсиздигине байланыштуу бир маселе эмес. Фоссил калдыктары ал божомолдун туура эмес болгонун апачык көрсөтүүдө.51
Америка табият тарыхы музейинен палеонтолог Найлс Элдридж жана антрополог Ян Таттерсолл
Дарвинисттер 360 миллион жыл мурда Карбон доорунун фоссил калдыктарында бир заматта пайда болгон, ар бири кемчиликсиз системаларга ээ өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көп түрдүүлүгүнүн эволюционисттерди кантип кайрадан туюкка салаарын жана ал доорго таандык табылган көптөгөн өсүмдүк түрлөрүнүн фоссилдеринин азыр жашаган өсүмдүк түрлөрүнөн эч кандай айырмасыз экенин ойлонушпайт.
Дарвинисттер «рудимент орган» деп атаган кээ бир органдардын, мисалы сокур ичегинин адамдын түпкү теги деп эсептелген жаныбарларда болбошунун өтө маанилүү логикалык ката экенин жана мунун илимий жактан да туура эместигин ойлонушпайт.
Дарвинисттер суудан чыккан балык эволюция болуп сойлоочуга айланган жана бул эволюция процесси миллиондогон жылга созулган дешет, бирок балык суудан чыкканда бир канча мүнөттөн ашык жашай албай, ошол замат өлөөрүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер болжол менен 150 жыл мурда «эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларды жолуктурбай жатабыз?»52 деп сураган Дарвиндин заманынан бери дагы эле бир дагы ортоңку өткөөл форма табылбаганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер Дарвиндин болжол менен 150 жыл мурда жазган «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» деген бөлүмүндө айтылган парадокстордун дагы эле чечилбегенин, жыл өтүп илим өнүккөн сайын андай парадокстордун ансайын көбөйгөнүн ойлонушпайт.
Дарвинисттер табигый тандалуу аркылуу бир дагы жаңы организм түрүнүн пайда болбогонун ойлонушпайт.
Дарвинисттер мутациялар аркылуу бир дагы жаңы организм түрүнүн пайда болбогонун ойлонушпайт.
Эволюциялык биология жана палеонтология тармактарынан тышкары, көптөгөн жакшы билимдүү илимпоздор, тилекке каршы, фоссил калдыктары дарвинизмге толук туура келет деген туура эмес ойдо жүрүшөт. Буга сыягы экинчи даражадагы булактардын укмуш жөнөкөйлөштүрүлүшү себеп болууда; төмөнкү деңгээлдеги окуу китептери, жарым популярдуу макалалар сыяктуу... Ошондой эле, бир аз бир тараптуу пикирдин да себеп болуп жатышы толук мүмкүн. Дарвинден кийинки жылдары анын жактоочулары бул багытта (фоссилдер тармагында) жылыш болот деп үмүттөнүшкөн. Бирок жылыш болгон эмес, анткен менен үмүт менен күтүүнү улантышкан жана бир катар ойдон чыгарылган фантазиялар окуу китептерине чейин кирген.53
«Science» журналы
Дарвинисттер аба агымы эки багыттуу болгон сойлоочунун өпкөсүнүн аба агымы бир багыттуу болгон канаттуунун өпкөсүнө эволюцияланышынын мүмкүн эместигин, анткени өпкөнүн мындай эки түзүлүшүнүн ортосунда кала турган бир «өткөөл» моделдин болбой турганын, өпкөсү толук иштебеген, б.а. дем ала албаган бир жаныбардын бир канча мүнөттөн ашык жашай албастыгын ойлонушпайт.
Дарвинисттер сойлоочунун жаагы менен кулагы акырындан өзгөрүп отуруп сүт эмүүчүнүн жаагы менен кулагына айланган дешет, бирок бул кантип ишке ашкан деген суроонун таптакыр жоопсуз экенин, өзгөчө жалгыз сөөктөн турган кулактын үч сөөктүүгө айланышынын мүмкүн эместигин жана ал ортодо үндөрдү угуу кызматын уланта албай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер бир кылымдан ашык убакыттан бери «эволюциянын далили» катары көргөн вариациялардын чындыгында «түрлөрдүн эволюциясы» менен эч кандай байланышы жок экенин, мисалы уйларды миллиондогон жылдар бою ар кайсы жуптар менен аргындаштырып, ар түрдүү уйлардын тукумдарын алууга болоорун, бирок уйлардын эч качан башка бир жаныбар түрүнө, мисалы жирафтарга же пилдерге айланбай турганын ойлонушпайт.
Дарвинисттер жаныбарлардын көрүнүшү окшош, б.а. гомологиялык органдарынын эч качан эволюцияга далил болбой турганын, «гомологиялык органдар ата тегинин бир экендигинин белгиси» деген көз караштын Дарвинден бери ушул күнгө чейин бир дагы конкреттүү илимий ачылыш тарабынан тастыкталбаганын жана муну колдогон бир дагы фоссил калдыгынын табылбаганын ойлонушпайт.
Булактар:
41. Michael Brooks, “The Mysteries of Life”, New Scientist, sayı 2473, 4 Eylül 2004, sf. 24
42. Werner Gitt, In the Beginning Was Information, CLV, Bielefeld, Germany, s. 107
43. Dean L. Overman, “A Case Against Accident and Self-Organization” (Rowman & Littlefield Publishers, 1997
44. Charles Darwin, The Origin of Species, 1 b., s.172
45. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. 41
46. T. N. George, “Fossils in Evolutionary Perspective”, Science Progress, vol. 48, January 1960, s.1
47. Robert B. Downs, Dünyayı Değiştiren Kitaplar, Tur Yayınları, İstanbul 1980, s. 289
48. A. Murat Aytekin, “Arkadaşlığın Evrimi”, Birgün, 15 Ağustos 2005
49. Gabriel Dover, Dear Mr. Darwin, Phoenix, Londra, 2000, s. 153
50. Stephen Jay Gould, Life’s Grandeur, Vintage, Londra, 1996, s. 221
51. N. Eldredge, and I. Tattersall, The Myths of Human Evolution, Columbia University Press, 1982, s. 45-46
52. Charles Darwin, The Origin of Species, s. 172, 280
53. Science, 17 Temmuz 1981, s. 289
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder