Дарвинизм калптын үстүнө курулган жана башынан эле кыйраган бир теория. Убакыт аралыгында тарапташтары пайда болгону менен, бардык калптар жана көз бойомочулуктар сыяктуу дарвинизм алдамчылыгы да көпкө чейин жашырыла алган жок. Бул кылым эволюция теориясынын калп экенин бүт дүйнө жүзү түшүнгөн кылым болду. Дарвиндин доорунан бери сансыз көз караштарды чыгарган эволюционисттерден ал көз караштарын тастыктай турган бир гана далил келтириши күтүлгөн. Андай далил табылган жок жана дагы эле күтүлүүдө. Дарвинисттерге канча убакыттан бери эгер бар болсо бир даана ортоңку өткөөл фоссил калдыгын көрсөткүлөчү деген чакырык жасалууда. Бирок бул эч аткарылган жок. Чындыгында эч качан аткарыла да албайт. Анткени эволюция теориясына далил боло турган бир даана дагы өткөөл фоссил калдыгы жок. Дарвиндин «эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларды жолуктурбай жатабыз?» деген сөзүн айткан кездеги айласыздыгы азыркы эволюционисттерге да тиешелүү. Улуу Аллах Куранда ыймансыздардын эч качан Аллахка каршы далил келтире албай турганын кабар берген:
Айткын: «Көрсөңөр кабар бергиле; Аллахтан башка сыйынгандарыңар жерден эмнени жаратыптыр, мага көрсөткүлөчү? Же алардын асмандарда бир шериги барбы? Эгер чынчыл болсоңор, мындан мурда бир китеп же бир илимдин калдыгы бар болсо, мага алып келгиле.» (Ахкаф Сүрөсү, 4)
Аятта ишарат кылынгандай, дарвинисттердин теориясы таяна турган бир дагы «илимий калдык» жок. Анткени дарвинизм көз карашы толугу менен негизсиз жана абдан үстүртөн логикага таянат. Анын акылга жана илимге сыйбаган формуласы төмөнкүдөй: ылай (баткак) + убакыт + сокур кокустуктар = цивилизация. Дарвинисттердин ою боюнча, бул формула болсо эле планеталар, күндөр, учу-кыйырсыз аалам, жаныбарлар, фотосинтез кылган өсүмдүктөр, тоолор, деңиздер, атмосфера, микроорганизмдер, дарактар, көпөлөктөр, киттер, гүлдөр, профессорлор, хирургдар, биологдор, технология, бийик имараттар, учактар, спутниктер, долбоорлорду чийген, эсептөөлөрдү жүргүзгөн, космостук ракета жасоо үчүн математиканы колдонгон, сүйгөн, өз жанын аябаган адамдар, Стамбул, Лондон, Нью-Йорк сыяктуу шаарлар жана ал жерлердеги цивилизация оңой эле пайда болот. Айланада бир аз баткак болсо, туш келди, көзөмөлсүз, кокустук окуялар ишке ашса жана жетиштүү убакыт өтсө эле болду. Канчалык илимий сөздөр менен кооздолбосун, канчалык химиялык формулалар колдонулбасын, бул ишенимдин логикага сыйбастыгы анык. Эч билим албаган, тамга тааныбаган адам үчүн, ал тургай, мектеп жашына жете элек жаш бала үчүн да бул көз караш күлкүлүү болот. Анткен менен, бардык эволюционист булактарда чындыгында дал ушул нерсе айтылат.
Дарвинисттердин Жаратылуу акыйкатын көрсөткөн далилдерге карата чыйпылыкташына дарвинизм калпынын ашкереленишинин паникасы себеп болууда. Бирок алардын аракеттеринин эч биринен майнап чыкпайт. Бардык мактоолордун жана эң мыкты ысымдардын ээси Аллах – бүт нерселердин Улуу жана Кудуреттүү Жаратуучусу. Улуу Аллах кааласа, бүт ааламды жана андан да көбүн, ичиндеги бардык жандыктары менен бирге жоктон жаратууга кудуреттүү. Дарвинисттерди логикалык кыйроого туш болушуна бул чындыкка ишенгилери келбей, өз ойлорунда Аллахка карата бой көтөрүшү жана Аллахтын Улуу Кудуретинен күмөн санашы себеп болууда. (Аллахты аруулайбыз.) Аллах бир аятында мындай деп билдирет:
Дарвинизмди четке каккан чындыктарды жана так илимий далилдерди көргөндө, акыркы убактарда адамдардын көпчүлүгү кылган нерсени кылып, дарвинизмдин алдамчылык экенин кабыл алуу эң туура кадам болот. Адамдардын көпчүлүгү бул маанилүү чындыкты түшүнгөндө кайдыгерлик кылбастан, көп жылдар бою жактаган дарвинизм көз карашынын жараксыздыгын ошол замат кабыл алышты. Мисалы, 1980-жылдардын башында Түркияда эволюцияга ишенбегендердин саны 30-40%дын тегерегинде болсо, 2006-жылы жүргүзүлгөн эл аралык сурамжылоо калктын 75%ынын эволюцияга ишенбей турганын көрсөткөн. Кийинчерээк Түркия экономикалык жана социалдык изилдөөлөр фонду (TESEV) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө боюнча, калктын 87,4%ы «адамды Аллахтын жаратканына» ишенүүдө. Албетте, бул эң туура кадам, себеби бир адамдын көп жыл бою туура эмес пикирге ишениши туура эмес экенин билген соң да өмүрүнүн аягына чейин ага ишенүүнү улантышын талап кылбайт. Акылын колдонуп, туураны көрө алган жана ой жүгүрткөн адамдын туура эмес нерсени жактай бериши жана алданганын билип туруп ага ишене бериши, албетте, логикага сыйбайт. (www.Allahvar.com)
Адамдын айланасындагы бир канча нерсе тууралуу ой жүгүртүшү да муну түшүнүү үчүн жетиштүү болот. Ой жүгүрткөн адам дарвинизмдин жашоонун келип чыгышына акылдуу, логикалуу жана илимий жообунун жок экенин толук түшүнөт. Жана ой жүгүрткөн адам бүт нерселердин Кожоюну жана Өкүмдары Аллахтын абсолюттук жана улуу Зат экенин, теңдешсиз даңкын көрүп түшүнөт. Бул – Аллахтын бир жакшылыгы жана акыл жүгүртүп түшүнө алгандар үчүн бул дүйнөдө да, акыретте да улуу бейпилдик.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder