5 Mart 2024 Salı

Дарвинизмдин дүйнө жүзүн алдашынын психологиялык себептери - 1

 

 Бир гана бүт жандууларды бири-бирине байланыштырган чоң окшоштук үлгүсү бар деген божомол эволюцияны далилдебейт, анткен менен илим биздин (эволюционисттердин) ааламдын кантип куралганы жана кантип кыймылдаары тууралуу жыйынтыктарыбызды четке кагып жана жокко чыгарып алдыга жылат...54

Эволюционист, палеонтология профессору Найлс Элдридж

Дарвинизм өтө примитивдүү логикага таянат. Дарвин баш болуп, дарвинизмдин бардык колдоочулары абдан үстүртөн ойлонушат. Тереңирээк карашпайт, тереңирээк изилдөө жүргүзүп, кереметтүү системалар тууралуу ойлонууну каалашпайт. Алардын логикасы өтө жөнөкөй: «башында атом бар болчу, ал жарылган, анан көптөгөн кокустуктардын натыйжасында аалам пайда болгон» дешет. Бирок түзүлүшү абдан татаал болгон жана бүгүнкү күндө да бардык бөлүкчөлөрүнүн кантип кыймылдаары толук чечмелене албаган атомдун кантип пайда болгонун эч ойлонушпайт.

Өтө кылдат системалардан турган эбегейсиз галактикалардын жана биз жашап жаткан жер планетасындагы өзгөчө шарттардын алар ойлогондой кокусунан кантип пайда болушу мүмкүн экенин иликтешпейт. «Бир ылайдын ичинде өзүнөн өзү белок пайда болгон, анан ал белок бир чечимге келип клетканы пайда кылган» дешет. Бирок клетканын кемитилгис комплекстүү жана кереметтүү түзүлүшкө ээ экенин жана учурдагы технология менен да жасала албаганын ойлонушпайт. Клетканын ичиндеги белоктон тышкары сансыз татаал түзүлүштөрдүн да бир учурда пайда болушу керек экенин, ДНКдай абдан татаал бир молекуланын да бир учурда келип чыгышы керек экенин эске алышпайт. Дарвинисттердин мынчалык үстүртөн карашынын жана терең ойлонбошунун эң негизги себептеринин бири – бул алардын Аллахтын улуу кудуретин жана чеберчилигин көрмөксөн болуп, кокустуктарды өздөрүнө «кудай» кылып алышы.

Эволюция логикасы боюнча, айланаңызда көргөн нерселериңиздин баары сокур кокустуктардын натыйжасы. Электрондук микроскоп менен клетканы изилдеп ДНКнын түзүлүшүн ачкан жана гендердин картасын түзгөн окумуштуулар, дүйнөлүк саясатка багыт берген саясатчылар, биз жашаган шаарлар, адамзат маданияты, дарактар, гүлдөр, канаттуулар, чымындар, көпөлөктөр, аарылар, крокодилдер, мышыктар, жолборстор, арстандар, балыктар, кыскасы, аалам жана андагы бүт нерселер, эволюция логикасы боюнча, узак убакыт бою биринин артынан экинчиси келип чыккан кокустуктардын натыйжасы. Кокустук дарвинисттик түшүнүк үчүн сыйкырдуу сөз сыяктуу. Бир дарвинистке кандай гана суроо узатпаңыз, «кокустуктар муну жасады» деген жоопту угасыз.

Кокустуктарды кереметтүү бир күчтөй сыпаттаган дарвинисттер дарвинизмдин сырларын билген терең билимдүү аалымдар бар деп ойлошот. Ал кишилер бир күнү чыгып бардык маалыматтарды жарыялайт жана ушул күнгө чейин табылбаган илимий далилдерди табат, ошентип эволюция толук далилденет деп ойлошот. Чындыгында болсо андай нерсе жок. Бул Дарвинден калган бир үмүт гана. Дарвин да теориясын абдан алсыз логикага таяндырган жана теорияны туюктардан чыгара турган далилдер бир күнү кандайдыр бир жол менен сөзсүз табылат деп кыялданган. Анын бул үмүтү учурдагы дарвинисттердин үмүтүндөй таш каап, эволюция теориясы 21-кылымдын илим деңгээлине жана технологиясына карабастан далилдене алган жок, тескерисинче четке кагылды. Бирок бул чындыкты дарвинисттер көрмөксөн болушат. Анткени дарвинист илимпоздор үчүн эң негизгиси теория далилдене албаса да, сакталып калышы керек. Негизгиси илим жана илимий чындыктар эмес, бир дин сыяктуу көрүлгөн дарвинизмге бекем ишеним. Америкалык профессор Филип Джонсон дарвинизмге болгон ишениминин чыныгы жүзүн төмөнкүчө сүрөттөйт:

Заманбап илимдин лидерлери өздөрүн бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алгандарга каршы жүргүзүлгөн бир согуштун жол башчылары катары көрүшөт... Дарвинизм болсо бул согушта орду толгус идеологиялык ролду ойнойт. Ошондуктан бүгүнкү күндө илимий чөйрөлөр дарвинизмди текшерүүнү эмес, кандай гана болбосун аны коргоону өздөрүнө максат кылып алышкан. Илимий изилдөөлөрдүн эрежелери да бул идеологияны ырастоо максатында аныкталат.55

Америкалык профессор Филип Джонсон

Ал үчүн эң көп колдонулган ыкма болсо – кайра кайра жүзү ачылган илимий көз бойомочулуктар, калптар жана алдамчылыктар. Адамдардын көпчүлүгүнүн эволюция теориясынын илимий далилдерден жеңилгенин билбегендигинен пайдаланып, жасалма далилдер көрсөтүлөт. Ал жасалма далилдер четке кагылгыс илимий маалыматтардай чагылдырылат. Бир катар калптар менен көз бойомочулуктар эч күмөн саналгыс маалыматтардай тынымсыз жарыяланат. Ал ортодо айтылган пикирлер тууралуу эч күмөн саноонун кереги жоктой таасир калтырылат. Белгилүү убакыттан соң адамдардын көпчүлүгү ал сөздөрдүн таасирине кирип, эволюция теориясын илимдин ажырагыс бөлүгүндөй көрө башташат.

Мына ушундай күчтүү пропагандадан улам кээ бир адамдар дагы эле эволюциянын болгонун көрсөтө турган бир дагы ортоңку өткөөл фоссил жок экенин билбейт. Кээ бирлер болсо өткөөл фоссилдер бар, бирок азырынча табыла элек деп ойлойт. Көпчүлүк адамдар тукум курут болгон археоптерикстин азыркы канаттуулардай бир канаттуу болгонун билбей, аны өткөөл фоссил деп ойлойт. Кээ бир адамдар көп жылдар бою эволюцияны далилдеген өткөөл фоссилдей көрсөтүлгөн целаканттын (латимерия) азыркы учурда океандардын түбүндө жашаган татаал өзгөчөлүктөргө ээ бир балык экендигинин аныкталганын билбейт. Кээ бир адамдар болсо ылай баткактын ичинде бир күнү бир клеткалуу организмдер пайда болгон деп ойлойт, ал тургай, кээ бирлер көлчүктүн ичинде белгилүү убакыттан соң өзүнөн өзү бака пайда болот дегенге да ишенет. Кээ бирлер болсо дарвинисттердин пропагандасына алданып, сойлоочулар чымын кармайм деп жатып, канат чыгып кушка айланган деп ойлошот. Бирок дарвинисттик пропагандадан улам, сойлоочулар кармаганга аракет кылган чымындын кемчиликсиз система менен канаттарын секундасына 500 жолу кагып, ансыз деле учуп жүргөнүн ойлонушпайт. Анткени дарвинизм «мүмкүн болушунча ойлонбогонго» таянган бир идеология. Адамдарды да ойлонбоого, тереңирээк өзгөчөлүктөргө көңүл бурбоого жана эч ойлонбой бир гана айткандарга ишенүүгө үндөйт. Бул тууралуу акыйкаттар көрсөтүлгөндө гана чыныгы жүзү көрүнөт. Фоссил калдыктары жарыяланганда, клетканын түзүлүшү сүрөттөлгөндө, палеонтология, биология, анатомия, зоология, ботаника, биогенетика, биоматематика сыяктуу сансыз илим тармактарынын ачылыштары көрсөтүлгөндө, адамдар дарвинизмдин чыныгы жүзүн көрүп, жылдар бою сиңирилген пропагандалардын жомок экенин ошол замат түшүнүшүүдө.

Көрүнүп тургандай, дарвинизмдин таянычы спекуляциялар, жасалма далилдер жана кокусунан болгон деп айтылган ойдон чыгарылган кереметтер. Дарвинизм – бул массалык алдамчылык. Бүт адамдарга каршы ойнолгон чоң оюн, чоң жалган. Коомдор бул негизсиз теорияга көз бойомо пропагандалар менен ишендирилип, акылга сыйбас калптар менен ынандырылды. Чындыктар ачыкка чыгарылып, эволюция теориясынын негизсиздиги жана алдамчылыгы адамдарга бардык илимий далилдер менен көрсөтүлгөнгө чейин. Бүгүнкү күндө адамзаттын көпчүлүгү эволюция теориясынын эч кандай илимий тарабы жок экенин, ошондой эле, илимий ачылыштардын ааламдын жана бүт жандуулардын Улуу Раббибиздин чыгармасы экенин дагы бир жолу далилдегенин толук түшүндү.

Болжол менен бир жарым кылымга созулган бул оюндун адамдарга таасир тийгизип жатышынын себептери эмнеде? Дарвинизмдин адамдарга таасир тийгизип жатышынын себеби психологиялык. Дарвинизм бир катар маалымат каражаттарын да колдонуп, сыйкыр сыяктуу таасир тийгизип, кандайдыр бир мааниде массалык гипнозу менен коомдорду таасири астына алган. Теория жаңы пайда болгон жылдары ага каршы чыккандар бүтүндөй психологиялык ыкмалар менен белгилүү убакыттан соң толук кысым астында калышкан жана элдер акыл менен логика эч качан кабыл албай турган пикирлерди бара бара кадимки нерседей көрүп, ал тургай, аларды кабыл алып башташкан. Башка шарттарда болсо күлкүмүштүү сезиле турган логикасыз жомоктор илимий чындыктай кабыл алынган. Эволюция теориясынын жайылтылышы адеп-ахлак принциптерин тааныбайт, сый-урмат, чынчылдык, илимийлик, калыстык сыяктуу түшүнүктөрдү кабыл албайт.

Дарвинизмдин дүйнөнү алдашынын психологиялык себептери төмөнкүдөй:

 

 

  Илимий көз бойомочулук

 

Эволюциялык биология спекуляциялык далилдер менен катуу соккуга туш болду. Анатомиялык жана экологиялык маалыматтар жазылат жана андан соң ал сөөктүн эмне үчүн белгилүү бир нерсеге окшошоору же эмне үчүн жандуунун ал жерде жашаганы тууралуу тарыхый же ылайыктуу түшүндүрмөлөр ойлоп тапканга аракет кылынат. Мындай спекуляциялар «сценарийлер» деп аталат. Негизи көбүнчө басмырланып жана калыс себептерден улам «жомок» деп да айтылат. Илимпоздор ал сценарийлердин жомок экенин билишет, тилекке каршы (ал жомокторго) профессионалдуу булактарда абдан маани берилип, туура деп кабыл алынат.56

Эволюционист, палеонтолог Стивен Джей Гулд

Дарвинисттердин эң белгилүү алдоо ыкмаларынын бири – бул эволюцияны илимий термин, эволюция теориясын болсо илим тарабынан тастыкталган бир теория катары көрсөтүү. Эволюция теориясы илим тарыхында бурулуш чекит катары сүрөттөлүп, эволюция теориясына каршы чыккандар «илимге каршы» катары көрсөтүлөт. Бирок бул чоң алдамчылык жана чындыкка таптакыр туура келбейт. Эволюция теориясы материалисттик философиянын зарылчылыгы катары пайда болгон бир догма. Дарвинизм болсо шаман дининин бир түрү. Шаманизм табияттагы кээ бир күчтөргө сыйынууга негизделгендей, дарвинизм да табиятка сыйынат. Табиятты өз оюнда «легендарлуу жана сырдуу күчү бар» бир нерседей сүрөттөйт. Таш, топурак, күн, чагылган, шамал, баары биригип кокустуктардын таасири менен жашоону (жандууларды) пайда кылган деп ишенет жана бул калпты коомдорго сиңирет. Дарвинизмдин ыкмасы – илимий далилдерди көрсөтүп, теориянын жарактуу же жараксыздыгын талкуулоо эмес, илимий сөздөрдү колдонуп көз бойомочулук кылуу аркылуу теория туура деген пикирди жаратууга аракеттенүү.

Бардык дарвинисттик булактарда эволюция илимий теория деп айтылат. Бирок дарвинизм айткан эч бир көз караштын бир дагы илимий далили жок. Дарвинизм бир жалгыз клетканын кантип пайда болгонун түшүндүрө алган жок. Алардын ою боюнча кокусунан пайда болгон ал клеткадан миңдеген түрдүү жандуулардын кайсы механизмдер аркылуу келип чыкканын далилдеп көрсөтө алган жок. Жандуулар бири-бирине айланган деген көз карашына бир дагы мисал көрсөтө алган жок. Балыктардын сойлоочуларга, сойлоочулардын канаттууларга айланганы узун сабак кылып сүрөттөлгөн эволюция жомокторун далилдеген бир дагы далил жок. 150 жылдан ашык жүргүзүлгөн казуулардан бул ойдон чыгарылган процесстин издерин көрсөтө турган бир дагы өткөөл форманын фоссили табылган жок. Мындан тышкары, эволюция теориясынын генетика илими ачкан жаңылыктар тууралуу бир дагы сөзү да, түшүндүрмөсү да, далили да жок. Кыскасы эволюция теориясы илимден абдан алыс. Илим эволюция теориясын четке кагууда. Астрономия, биология, палеонтология, геология, физика, химия, геофизика, эмбриология, булар илимдин тармактары. Дарвинизм болсо илим эмес, ал примитивдүү шаман дини. Ага карабастан дарвинисттер көз караштарын ынанымдуу көрсөтүү үчүн илимди курал катары колдонушат. Дарвинисттердин илимди колдонуу ыкмалары болсо белгилүү:

1. Биринчи кезекте илимий маселелерди коомчулук түшүнө албайт, илимди саналуу адамдар гана түшүнө алат деген ойду айтышат,

2. Бул ойду бышыктоо үчүн макала, китептеринде жана сүйлөгөн сөздөрүндө элдин көпчүлүгү билбеген илимий терминдерди колдонушат,

3. Узун татаал формулаларды, латын тилиндеги терминдерди, оор жана түшүнүксүз тилди колдонуп, абдан маанилүү бир темадан сөз кылып жаткандай таасир калтырышат. Айткандары илимге толугу менен карама-каршы келсе да, билбегендер аны илимдин бир бөлүгү деп ойлоп калышат,

4. Дарвинист илимпоздорго, профессорлорго, эволюционисттик булактарга көп шилтеме жасоо аркылуу, илим дүйнөсүнүн баары эволюцияга ишенет деген образды жаратууну көздөшөт. Ал аркылуу илим менен эволюциянын бири-бирине карама-каршы келгенин жашырууну үмүттөнүшөт. Максат – адамдарды «бул теория илимий чындык жана бардык илимий мекемелер кабыл алышат» деген ойдо калтыруу. Филип Э. Джонсон дарвинисттердин бул ыкмаларын төмөнкүчө сүрөттөйт:

Теория (эволюция теориясы) негизинен сөз чеберчилигине таандык ынандыруу ыкмаларына таянган пропаганда кампаниясы аркылуу сактап калууга аракет кылынууда: жашыруун божомолдор, далилденгендей чагылдырылган пикирлер, бүдөмүк аныктама берилип, талкуунун ортосунда мааниси өзгөртүлгөн терминдер, ойдон чыгарылган душмандарга чабуулдар, тандалма далилдерге шилтемелер жана ушул сыяктуу. Теория, ошондой эле, маданий кадыр-баркы менен корголот.57

Филип Э. Джонсон

Бирок латынча терминдер да, татаал сүйлөмдөр да, бир нече эволюционист профессордун тынымсыз алдыңкы планга чыгарылышы да эволюция теориясын туюктан чыгара албайт. Балким эволюциянын илимдин алдындагы жеңилүүсүн дагы бир азга жаап жашырышы мүмкүн, бирок чындык бир күнү сөзсүз ачыкка чыгат. Анткени эволюционисттик булактардын эч биринде эволюцияны жактоо үчүн колдонула турган илимий маалымат жок. Дарвинисттик журналдарда, китептерде, гезиттерде, телеберүүлөрдө, конференцияларда ар кайсы эволюционисттердин ар кайсы сценарийлери жөнүндө гана айтылат. Бирок түпкүрүндө алар болгону божомолдор, тагыраак айтканда, спекуляциялар гана. Ал кишилерден айтып берген сценарийлеринин илимий таянычын сурасаңыз же ал көз караштарды кайсы илимий ачылыштар колдоорун көргүңүз келсе, жымжырттыктан башка эч кандай жооп ала албайсыз.

Дагы бир жолу белгилөө керек, дарвинисттер колдонгон оор, түшүнүксүз тил жана техникалык стиль эволюция теориясына эч кандай далил болбойт. Бул ыкманы колдонуунун бирден бир себеби – көз бойомочулук жана «эволюция илимге туура келет» деген жалганды мээлерге сиңирүү. Бирок эволюция теориясынын чыныгы маңызы ачык-айкын болуп, алдамчылыкка таянганы адамдарга көрсөтүлгөн сайын, бул жалган ыкмалар да жарактуулугун жана таасирин жоготот.

Бел суудан (спермадан) жаратылган адам Аллахтын аяттарынан... Башында кандай абалда болуп, кийин кандай абалга келгенин ойлон! Адамдар менен жиндер биригип, бел суудан бир көз, же кулак, же акыл, же күч-кубат, же илим же болбосо рух жарата алышат беле? Андан сөөк, кан тамыр, нерв, тери, кыл жана башкаларды жасаганга кудуреттери жетет беле? Булар мындай турсун, Аллах жараткандан кийин адамдын маңызын жана табиятын, затынын өзөгүн (негизин, маңызын) түшүнгүлөрү келсе, ага да күчтөрү жетмек эмес... Аллахтын ырайымы менен берешендигин, Анын эбегейсиз кудурети менен даанышмандыгын карагыла, ал адамдарды кандай кучагына алган. Бул канчалык таң калыштуу: дубалдагы бир сүрөттү же кооз жазууну же болбосо сайманы көргөн адам токтоп, суктануу менен карап, сүрөтчүнүн аны кантип тартканын ойлонуп, анын жасаган ишинин канчалык чоң чеберчилик жана эмгек экенин белгилейт, бирок бул кереметтүү ааламды жана Аллахтын жараткандарын көрүп туруп, аларды жана Аллахтын чеберчилиги менен даанышмандыгын ойлонбой капилеттик кылат.58

Имам Газали

  

Кээ бир профессорлордун жана илимпоздордун теорияны жакташы

 

Кээ бир илимпоздордун дарвинист болушу адамдарды бүт илим дүйнөсү эволюцияга ишенет, ошондуктан эволюция илимий бир теория деген туура эмес ойго түртүшү мүмкүн. Чындап эле илим дүйнөсүндө дарвинисттик агымдын туткунуна кабылган көптөгөн адамдар бар. Бирок алардын көпчүлүгү дарвинизмге илимий жыйынтыктардын негизинде ишенишпейт. Эволюция теориясынын материализм менен атеизмге таяныч болушу ал адамдардын дарвинизмди идеологиялык максатта колдошуна себепчи болууда. Ал адамдар дарвинизмдин жараксыздыгы ачып көрсөтүлгөндө, материализмди сактап калуу мүмкүн эмес экенин билишет, ошондуктан акылга, илимге жана логикага карама-каршы келгенине карабастан, болгон күчү менен дарвинизмди жакташат. Дарвинизмге материалисттик максатта колдоо көрсөтүлөөрүн Филип Джонсон марксист зоолог Ричард Левонтиндин көз караштарын талдаган бир макаласында мындайча түшүндүрөт:

Дарвинизм философиялык жактан калыс болууга тийиш болгон (илимий) далилдерге эмес, материализмге болгон «априори» (алдын ала кабыл алынган, туура деп эсептелген) бектикке (берилгендикке) таянат. Философияны илимден бөлгөнүңүздө, текебердик мунарасы кулайт. Коомчулук муну толук түшүнгөндө, Левонтиндин дарвинизми илимий окуу программасынан өчүрүлө баштайт жана Левонтиндин марксисттик көз караштары менен катар тарыхтын чаңдуу текчелеринде орун алат.59

Филип Джонсон

Бул чындыкты билбеген элдин көпчүлүк бөлүгү ал кишилерди илимге бек болгону үчүн эволюцияны жакташат деп ойлошууда. Бирок дарвинисттердин бектиги илимге эмес, материализмге жана эволюция догмасына арналган. Биохимия профессору Майкл Бихи илим дүйнөсүнүн материалисттик көз караштан улам эволюцияны колдоорун жана илимдин элге кантип чагылдырылаарын төмөнкүчө сүрөттөйт:

Ааламдын кантип иштеши тууралуу дээрлик бардык маалыматтар, эч нерсеге карабастан, алгач катуу материалисттик фильтрден өткөрүлөт. Андан соң элге жарыяланат... Илимий булактар толугу менен ушул түшүнүктү чагылдырат. Эмгектер көбүнчө жалпы жана конкреттүү темаларда табияттын белгилүү жана ынанымдуу иштеши тууралуу сөз кылат. Окуу китептери бул түшүнүктү окуучуларга жеткирүү аркылуу өз милдетин аткарат. Андагы түшүндүрмөлөрдө боштуктар же жоопсуз суроолор тууралуу эч айтылбайт. Анын ордуна, бүт баары белгилүүдөй, жок дегенде дээрлик бүт баары белгилүүдөй жана лабораторияларда текшерилгендей таасир калтырылат. Эгер теорияга туура келбеген бир далил бар болсо, анда теориядан эмес, далилден күмөн саналат... Маселе логикалуу көз караштарга таянбаган, коомдук басым аркылуу жайылтылган материализмде.60

Биохимия профессору Майкл Бихи

Майкл Бихи айткан коомдук басым күчтүү болгон негизги тармак – бул окумуштуулар дүйнөсү. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүндө мектептерде жана университеттерде дарвинист илимпоздор колдоо көрүп, Аллахка ишенген илимпоздордун болсо илимий карьераларына бөгөт коюуга аракет кылынууда. Дарвинизмди четке какканы үчүн көпчүлүгүнүн китептери менен макалалары илимий эмгектерде басылбай, бир тараптан чындыкка туура келбесе да, «эскичил» (реакционер) деп айыпталышууда. Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө эгер бир окумуштуу илимий карьера кылгысы келсе, дарвинисттик сандырак пикирлерди көрмөксөн болгонго, ал тургай, аларды кааласа да, каалабаса да жактаганга мажбур. Антпесе илимий карьерасында жогору көтөрүлүшү, ал тургай, иштеген университетинде жумушун улантышы да абдан кыйын болот. Эволюционист илимпоздор академияларда жана университеттерде кандайдыр бир мааниде «диктатура» орнотушкан. Жаратканга ишенген илимпоздордун жаратылуунун илимий далилдерин жарыялашына илим дүйнөсүнүн көпчүлүгү, өзгөчө материалисттик көз караш үстөмдүк кылган мекемелер менен академиялар реакция көрсөтүшөт, ал эми атеизм же материализм пропагандасынын жайылышына эч кандай каршылык көрсөтүлбөйт. Бул кээ бир илимпоздордун эволюциянын жараксыздыгын билгенине карабастан, келечек үчүн тынчсызданып жана карьерасынан ажырап калуудан коркуп үндөрүн чыгарбашына себеп болууда.

Көрүнүп тургандай, илим дүйнөсүнүн эволюцияга көрсөткөн колдоосунун артында же идеологиялык максаттар, же болбосо кысымчылык жана коркутуу ыкмалары турат. «Илим дүйнөсү эволюцияны жактап жатат, демек эволюция текшерилип, тууралыгы илимий маалыматтар менен тастыкталган бир теория» деп ойлоо чоң жаңылыштык болот. Мындай жаңылыштык дарвинисттер колдонгон психологиялык күрөш ыкмаларынын натыйжасы жана чындыкты чагылдырбайт. Мындан тышкары, дагы бир нерсени белгилей кетүү керек: дарвинисттер ар дайым айткандай бүт илим дүйнөсү эволюционист эмес. Ошончо кысымчылык жана коркутуу ыкмаларына карабастан, эволюцияга каршы экенин апачык жарыялаган канчалаган илимпоздор, окумуштуулар жана профессорлор бар. Алар эволюция теориясынын туюктарын ашкерелеп, чындыктарды элге жеткирүүгө аракет кылышууда. Ошондой эле, дарвинисттик сыйкырдын таасиринен кутулган илимпоздордун саны күн санап өсүүдө.

Дарвинизм дарвинист илимпоздордун дүйнө жүзүндө натыйжага жетүү аракеттерине карабастан, кыйроого дуушар болду. Мунун эң негизги себеби, эволюционист илимпоздор турганына карабастан, теориянын илимий далилсиздигинин апачык ашкереленип, дүйнөгө жарыяланышы, ошондой эле, бул калпка жана алдамчылыкка карата бүт адамдардын эскертилиши болду.

Багдаддын аркы жээгинде жашаган Абу Ханифанын талкууга убактысында келбей кечигиши дахринин (Аллахка ишенбеген талашчы) жана көпчүлүктүн оюнда ар кандай суроолордун туулушуна себеп болот. Баарына кызык болот... «Эмне үчүн келген жок? Келбейби? Корктубу? Далил таба алган жокпу?» сыяктуу суроолор! Имам Азам белгиленген мөөнөттөн кандайдыр бир убакыт кечигип келет. Дахринин өзүнө ишеними артып, каапырдыгы менен текебердиги ансайын күчөгөн болот...

Абу Ханифа кечирим сурап кечигүү себебин түшүндүрө баштайт: «аркы жээктен бул тарапка келүү үчүн бир унаа таба албадым. Күтө баштадым. Балким бир кайык же сал келип калса ошону менен барам деп ойлоп аттым. Анан эле дарактардын күтүүсүздөн кулаганын көрдүм. Кулаган дарактардын өзүнөн өзү тактайга, тактайлардын өзүнөн өзү кайыкка айланганына күбө болдум. Анан өзүнөн өзү калак менен парустун пайда болгонун көрдүм. Силердин алдыңарда ансайын уят болбогонума сүйүнүп, кайыкка отурдум. Кайык өзүнөн өзү мени бул жерге алып келди... Дахри жана угуп тургандар бул сөздөргө түшүнбөй калышат. Табиятчылыкты жактап, бүт баарын табият пайда кылган деген талашчы мындай окуянын ал түшүндүргөндөй таризде болбой турганын айтат. Улуу Имам жылмайып мындай дейт: «бир кичинекей кайыктын да устасыз жана чеберсиз, өзүнөн өзү пайда боло алаарын кабыл албай, анан кантип бул кереметтүү ааламдын бир устасы, бир Жаратуучусу жок туруп өзүнөн өзү пайда болгонуна ишенесиз? Аалам ааламдын эмес, Аллахтын чыгармасы. Ушунча далилдердин баары турганда, Аллахтын бар экени тууралуу талкуу жана талаш-тартыш баштоонун кажети жок.61

Имам Азам Абу Ханифа

  

Аллахка ишенүүнү кабыл алууда кыйналышы

 

Ааламдагы кылдат тең салмактуулуктардын жана жаныбарлардагы татаал түзүлүштөрдүн кокусунан пайда болбой турганын түшүнгөн адам ошол эле учурда булардын баарынын улуу бир Акылдын, т.а. Аллахтын чыгармасы экенин да түшүнө алат. Бирок кээ бир адамдар түркөй ойлордон, туура эмес түшүнүктөрдөн жана туура эмес логикалардан улам Аллахка болгон ишенимди кабыл алууда кыйналышат. Мунун эң негизги себептеринин бири, алар өздөрүн жогору сезишет жана өздөрүнөн жогору турган бир Жаратканга ишенип ага сыйынууда кош көңүл болушат. (Аллахты аруулайбыз.)

Мындай кош көңүлдүктүн түпкүрүндө акыреттин жана сурак күнүнүн келээрин ойлоодон коркуу жана бул чындык адамга жүктөгөн жоопкерчиликтерден качуу аракети турат. Бүт нерсенин өкүмдары жана кудуреттүү Улуу Аллахка ишенүү жана Анын бар экенин кабыл алуу акыреттин бар экенин да кабыл алып, натыйжада Аллахка ибадат кылууну талап кылат. Бул акыйкатка ишенген адам бул дүйнөдөгү бардык иштерине жооп берээрин билет жана ошого карап жашайт. Напсисинин өзүмчүл каалоолорунан сактанып, эркин колдонот жана бардык шарттарда абийирин угуп, жакшы адеп-ахлактуу болууга умтулат. Бир адамды руханий жактан да, материалдык жактан да байытып, көрккө келтирген, сапатын жана асылдыгын арттырган бул жагдай кээ бир адамдарга оор сезилет. Бирок табиятына тескери келип, абийирин укпай, ар дайым абийирин басып жашоо, мына ошол чыныгы кыйынчылык. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдардын башына келген азап жана бактысыздыктардын булагы – бул алардын абийирлерин сокур кылып ар дайым напсилерин ээрчиши жана напсилерин уккандан келип чыккан кыйынчылыктар.

Дарвинисттер болсо бир жагынан өздөрү Аллахка ыйман кылуудан качып, экинчи жагынан кээ бир адамдардагы бул туура эмес психологияны өз максаттарына пайдаланышууда. Адилетсиздик менен бой көтөрүп өздөрүн жогору сезип, күчтүн, кудуреттин жана кадыр-барктын чыныгы ээси болгон Аллахка ишенүүдөн жана Ага сыйынуудан баш тартышууда. Караңгылыктан улам өздөрүн кудайга теңеп (Аллахты аруулайбыз), бардык окуяларды өзүбүз башкарабыз деп ойлошкондуктан, тагдырга баш ийишээрин эч түшүнүшпөйт жана бул акыйкатты мүмкүн болушунча ойлонгулары келбейт. Бардык окуялар көзөмөлсүз, туш келди болот дешет жана өздөрүн да көзөмөлсүз, эч кимге баш ийбестен жашайбыз деп кабыл алгылары келет. Акыретти унутушкандыктан, бул дүйнөнү түбөлүктүүдөй көрүшүп, тагыраак айтканда, ошондой болушун каалашып, бул дүйнөдө түбөлүк жашачудай болушат же өлгөндө толугу менен жок болобуз деп ойлошот. Ошентип өлүмдү же өлүмдөн кийин баштарына келе турган сурак күнүн эч ойлошпосо, ал башыбызга келбейт деп элестетишет. Жаш баланын логикасына окшогон ушул түшүнүк менен өмүр бою бейпил жашайбыз деп ишенишет.

Жандуулар жана жашоо сокур кокустуктардан пайда болгон деген эволюция теориясы болсо ушундай түшүнүктөгү адамдар үчүн маанилүү бир таяныч болууда. Өз ойлорунда жашоонун келип чыгышына жаратылуудан башка бир түшүндүрмө таптык деп ойлошуп, бул көз карашка катуу таянышат. Мындан улам белгилүү убакыттан соң бул калпка өздөрү да ишенип, сандырак пикирлеринин баарын көрүп туруп эволюцияны жактоону улантышат. Себеби эволюциядан ажыроо бүт жашоолорунун пайдубалын түзгөн философияларынан жана жашоого болгон көз караштарынан ажыроо дегенди билдирет. Дарвинизмдин жараксыздыгын кабыл алуу ааламдын жана жандуулардын пайда болушун бир гана Жаратылуу менен түшүндүрүүгө болоорун кабыл алуу дегенди билдирет. Бул болсо жоопкерсиздикти жана ээнбаштыкты жактаган дарвинисттик идеологияга толугу менен карама-каршы келет. Дарвинист жана материалист илимпоздордун бул негизсиз көз карашын Делавэр университетинен элементардык бөлүкчөлөр боюнча физик Стивен М. Барр төмөнкүчө белгилейт:

Көптөгөн (материалист, дарвинист) илимпоздор илимдин өнүгүшү менен бирге күн өткөн сайын ааламдын жана адамзаттын «максатсыздыгы» жана материалдык күчтөр менен сокур кокустуктардан пайда болгону айкыныраак түшүнүктүү болот деп ишенет. Көпчүлүгү илим бизге ушул сабакты үйрөтүшү керек деп ойлойт. Мындай түшүнүктүн алдыңкы өкүлдөрүнүн бири, зоолог Ричард Докинз «биз байкоо жүргүзгөн ааламдын акыр-аягы эч кандай долбоору, максаты, жакшылыгы жана жамандыгы жок, максатсыздыктан башка эч кандай өзгөчөлүгү жок бир аалам экенин кабыл алганыбызда, биз үмүт кылган бардык өзгөчөлүктөргө ээ болот» деп жазат. Ааламдын максатсыздыгын жана анын адамдар үчүн эч кандай мааниси жок экенин көп айткандардын бири зоолог Стивен Джей Гулд. Гулд адам расасын эволюция тарыхынын аңкоо кырсыгы жана жашоо дарагынын ичке бир бутагы гана дейт. Бертран Рассел болсо «биз акпаган сууда келип чыккан бир кырсыктан башка эч нерсе эмеспиз» дейт.62

Делавэр университетинен элементардык бөлүкчөлөр боюнча физик Стивен М. Барр

Бирок чындык төмөнкүдөй: дарвинисттер кааласа да, каалабаса да Аллах алар үчүн белгилеген тагдырга баш ийишет. Жер жүзүндөгүлөрдүн баары ошондой жана Аллах алар үчүн тандап жактырган жашоону жашап, Ал берген ырыскы менен өмүр сүрүшөт. Дарвинисттер четке какса да, какпаса да акырет бар жана ар бир дарвинист, бардык адамдар сыяктуу, сурак күнү Кудуреттүү Раббибиздин алдында суракка алынат. Бул дүйнөдө жоопкерчиликсиз жана максатсыз жашайбыз деп канча жолу кайталашпасын, акыретте өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмеминен сурак беришет. Ошондуктан бул дүйнөдө Аллахка болгон ишенимди кабыл алгылары келбей, ал үчүн ар кандай жолдор менен өздөрүн алдашы эч нерсени чечпейт жана мындай ыкмалары аларга эч кандай пайда алып келбейт.

Бүгүнкү күнгө чейин дарвинизмдин кыйраганын көргөн миңдеген адамдар бул сыйкырдын таасиринен кутулуп, чындыкка бурулушту. Дарвинисттер да туура эмес жолдо көшөрүүнүн ордуна, туура жолго түшүүнү кабыл алышы жана катасын түшүнүп моюнга алуунун жакшы кадам болоорун баамдашы шарт. Бул дүйнөдө мүмкүнчүлүк бар кезде туура эмес кулк-мүнөзүн жана иш-аракеттерин оңдогон адамдар акыретте Раббибиздин ырайымын жана мээримин үмүт кыла алышат.

Көптөгөн илимпоздун жана технология адистеринин Дарвиндин теориясына тилдери менен кызмат кылып жатышынын бирден бир себебинин бул теориянын бир Жараткандын бар экенин четке кагышынан улам экенин кабыл алышыбыз керек.63

Эволюционист, антрополог Майкл Уокер


Бул дүйнө бар. Жана бул дүйнөдө бул чыгармалары менен даанышмандык жана көмөк жана ырайым жана адилеттүүлүк бар. Демек, албетте, бул дүйнөдөй анык акырет да бар. Бул дүйнөдө бүт баары бир жагынан тигил дүйнөнү карайт. Демек ошол жакка баратат. Акыретти тануу бул дүйнөнү жана андагы нерселерди танууга барабар. Демек ажал менен кабыр адамды күтүп тургандай, бейиш менен тозок да адамды күтүп, карап турат.64

Бедиүззаман Саид Нурси


Булактар:


54. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. 6

55. Phillip E. Johnson. Darwin On Trial, Intervarsity Press, Downers Grove, Illinois, 2nd ed, 1993, s. 155

56. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. 204

57. Phillip E. Johnson, Objections Sustained, InterVarsity Press, 1998, s. 9

58. İmam Gazali, Zübdet-ül-ihya, Huccet-ül-İslam, Muhammed Cemaleddin el-Kasımi, Salah Bilici, Kitabevi Yayınları, İstanbul, 1973, s. 579

59. Phillip E. Johnson, The Unraveling of Scientific Materialism, First Things: A Monthly Journal of Religion and Public Life. Sayı: 77, 22 Kasım 1997

60. First Things: A Monthly Journal of Religion and Public Life, Sayı: 158; Aralık 2005

61. Emin Arık, Ateizm’den İnanca, Marifet Yayınları, İstanbul, 1998, 4. baskı, s. 68

62. Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, This essay was originally presented in New York City, 15 Kasım 2002, as the sixteenth annual Erasmus Lecture of the Institute on Religion and Public Life.

63. Dr. Michael Walker, Quadrant, Ekim1982, s.44

64. Sözler 87

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder