Ыймандуу адам ширктен, Аллахтан башка элестүү кудайлардан үмүт кылуудан, алардын ыраазылыгын көздөөдөн жана алардын моюнтуругунун астына кирүүдөн алыс болот. Ал бир гана Аллахка ибадат кылат. Аллахтын ыраазылыгын көздөйт. Ал үчүн жогоруда да айтылгандай, «Аллах жолунда олуттуу аракет» жасайт.
Аллах жолунда «олуттуу аракет» кылуу Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөө дегенди билдирет. Ыймандуунун алдында баары туура болгон бир канча тандоо турса, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө жеткирет деп үмүт кылганын тандашы шарт.
Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөөнү кыскача төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:
-Ыймандуунун бүт өмүрү «адалдардын чегинен» чыкпастан өтүшү керек. Арамдар (тыюу салынгандар) апачык белгиленген жана саны абдан аз. Ал белгилүү арамдардан тышкары, бардык мамилелер жана иш-аракеттер адал болуп эсептелет.
-Мындан тышкары, ыймандуунун милдети – Аллах адал кылган чен-өлчөмдөргө ылайык өзүнүн акыл-парасатын колдонуп, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө жетүүгө умтулуу.
Буга байланыштуу «садака» (Аллах жолунда сарптоо) темасы жакшы мисал боло алат. Ыймандуу адам «мал-мүлкүн жана жанын» Аллахка арнайт. Колундагы мүмкүнчүлүктөрүн Анын ыраазылыгына ылайык пайдаланышы керек. Бирок алдында бир канча альтернативалар турушу мүмкүн. Мисалы, колунда чоң суммадагы акча бар дейли. Ага өзүнө жаңы кийим алышы мүмкүн. Бул адал жана толугу менен туура чечим болот; өзүн каранып, таза жана тыкан кийинүү Аллахтын ыраазылыгына туура келет. Бирок балким ал акчаны Аллахтын андан да көбүрөөк ыраазылыгына себеп боло турган башка нерсеге колдонуу мүмкүнчүлүгү бардыр. Мисалы, ал акчаны өзүнөн да чукул муктаж болгон бир кедейге берсе, Аллахтын ыраазылыгы алда канча жогору болушу мүмкүн. Мында айлана-чөйрөсүнө жана жашоо шарттарына жараша адам өз абийири менен эң зарылын аныктай алат.
Дагы бир төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: ыймандуу адам «жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууга», Аллахтын динин башкаларга жеткирүүгө жана жер жүзүндөгү зомбулуктарга каршы пикирдик (идеялык) күрөш жүргүзүүгө милдеттүү. Аллахтын ыраазылыгына ушул улуу жоопкерчиликти аркалоо аркылуу жетиши мүмкүн. Бул жоопкерчиликте ар дайым кээ бир артыкчылыктуу кызматтар келип чыгат. Мындай улуу жоопкерчилик талап кылган көптөгөн иштер турганда, Аллах адал кылган башка бир ишти алдыңкы планга коюу туура эмес болот. Мисалы, эркек киши үй-бүлөсүн багууга милдеттүү. Алардын коопсуздугун, тиричилик муктаждыктарын камсыз кылуу милдети ага жүктөлгөн. Бирок ошого шылтоолоп, башка адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу милдетин аткарбай коюу, албетте, ыймандууга жарашпайт.
Негизи бир аз ой жүгүрткөнүбүздө баалуулугу төмөн нерсени тандоодо «напсинин» ролунун чоң экенин түшүнөбүз. Аллах Кабатында баалуу нерсеге караганда азыраак баалууну тандоо адамдын напсисине да бир «үлүш» бөлүүсүнөн келип чыгат. Бирок туурасы напсиге эч үлүш бөлбөстөн, жүз пайыз Аллахтын ыраазылыгын көздөө керек. Бир иште токсон тогуз пайыз Аллахтын ыраазылыгы, бир пайыз напсинин каалоолору бар болсо, ал токсон тогуз пайыз дагы Аллах Кабатында кабыл алынбай калышы ыктымал. Анткени бул адамдын өз напсисин Аллахка шерик (ширк) кошушу дегенди билдирет. Ширктин бир пайызы да калган иштин баарын жараксыз кылып коюшу мүмкүн. Бир иште Аллах менен бирге башка бир нерсеге же адамга үлүш бөлгөндөрдүн абалын Раббибиз төмөнкүдөй мисал менен кабар берген:
Өзүнүн үйүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч туулганда өз жанын аябай аларды коргогон адам башка ыймандууларга зулумдук, кысымчылык көрсөтүлгөндө же жалаа жабылганда эч маани бербей бейкапар башка иштер менен алек болсо, бул жерде Аллахтын ыраазылыгы жөнүндө сөз кылуу өтө кыйын болот. Мындай мамиле адамдын напсисин укканын, напсисине баш ийгенин көрсөтөт, бул болсо Исламдын пайдубалы болгон «бир гана Аллахка ибадат (кулчулук) кылуу» максатына толугу менен карама-каршы келет. Болгондо да, Аллах Куранда напсинин каалоолоруна баш ийүүнү Өзүнө шерик кошуу катары сыпаттайт:
Өзүнүн каалоо жана кумарларын кудай кылып алганды көрдүңбү? Сен ага көзөмөлчү боло аласыңбы? (Фуркан Сүрөсү, 43)
Ыймандуу адам болсо бүт нерсесин, мал-мүлкүн, жанын, өмүрүн жана өлүмүн, кыскасы бүт баарын Аллахка арнайт. Аллах ыйман кылгандардын мындай бийик касиетин Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Айткын: «Эч күмөнсүз, менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби Аллах үчүн». (Энъам Сүрөсү, 162)
Куранда Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөөгө байланыштуу баяндалган окуялардын бири – бул ыймандуулардын Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы бир согушта көрсөткөн мамилеси. Ошол кезде ыймандуулардын кээ бирлери алдыларында турган эки душман тобунун алсызыраагы менен согушууну каалашкан. Ал эми Аллахтын ыраазылыгы үчүн эң кыйынга бел байлап, душмандын күчтүүсү менен согушуу керек болчу. Аллах болуп өткөн бул окуяларды аяттарда төмөнкүчө кабар берет:
Аягында Аллах ыймандууларды күчтүү топко жолуктурган. Ошентип ыймандууларды Өзүнүн ыраазылыгынын эң көбүнө багыттаган. Жана Аллахтын жардамы менен ыймандуулар жеңишке жетишкен.
Тарыхта болуп өткөн бул мисал Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган ыймандуулардын ошол кездеги шарттарда баштарына келген бир окуя. Бирок бардык доорлордо мусулмандар ар кандай окуялар менен сыналышы мүмкүн. Мисалы, азыркы заманда мусулмандар Куранды жана жаратылууну четке каккандарга жана коомдо уятсыз көрүнүштөрдү жайылтууга аракет кылгандарга каршы пикирдик (идеялык) күрөш жүргүзүшү зарыл. Ыймандуулар ар дайым жооптуу болгон бул пикирдик күрөш үчүн эмненин «эң жакшы» экенин аныктап, ошону жасашы керек. Анткени бул аманатты аткара ала тургандай күчү бар туруп, напсиси үчүн гана, шашылыш эмес иштер менен алек болуу Аллахтын ыраазылыгынан жүз буруу дегенди билдирет жана ар бир ыймандуу мындай абалга түшүүдөн абдан этият болушу шарт.
Ыймандуунун абийири ансыз да мындай нерсени кабыл албайт. Ал – Аллах тандап ыйман берген адам, жер жүзүндө тынчтык жана бейпилдик орун алып, адамдардын Аллахтын дини менен жашашы ага аманат кылынган. Залимдер эзип зулумдук кылган жана «Раббибиз, бизди калкы залим бул өлкөдөн чыгар, бизге Кабатыңдан бир вели (коргой турган башчы) жөнөт, бизге Кабатыңдан бир жардам берүүчү жибер...» (Ниса Сүрөсү, 75) деген эркектер, аялдар жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн аракет кылууга милдеттүү.
Аллахтын ыраазылыгынын эң көбү бир гана пикирдик күрөшкө тиешелүү эмес. Ыймандуу адам өмүр бою кылган бардык ибадаттарында, күнүмдүк жашоосунда башына келген чоң-кичине бардык окуяларда ушул түшүнүккө таянышы зарыл.
Бул жерде бир нерсени эске салуу керек: негизи «Аллахтын ыраазылыгынын эң көбү» деген сөздү муну жакшыраак түшүндүрүү үчүн колдонуп жатабыз. Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнөн жүз буруп, экинчи даражадагы бир иш менен алек болуу негизи Аллахтын ыраазылыгына карама-каршы келет. Ошондуктан Аллахтын ыраазылыгынын эң көбү гана Аллахтын ыраазылыгын көрсөтөт. Аллахтын азыраак ыраазы болушу деген сыяктуу түшүнүк жок.
Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөбөй, азы менен чектелүү негизи адамдын акырет жөнүндөгү туура эмес көз карашынан келип чыгат. Өзүн толугу менен «бейишке татыктуу» көрүшүнөн пайда болот. Чындыгында болсо эч бир адам өзүн сөзсүз «бейишке татыктуумун» деп эсептей албайт. Куранда Аллах Пайгамбарыбыз (сав)га «...эгер Аллах кааласа сенин да жүрөгүңдү мөөрлөп койот...» (Шура Сүрөсү, 24) деп эскертүү берген. Демек эч кимдин өзүн актай албашы анык.
Ансыз да Аллах Куранда сүрөттөгөн чын ыкластуу мусулман эч качан өзүн бейишке кирүүгө сөзсүз татыктуумун деп эсептебейт, мындай туура эмес ойго кабылбайт. Ыймандуунун бир өзгөчөлүгү – Аллахка «коркуу жана үмүт» (Аьраф Сүрөсү, 56) менен дуба кылуу.
Чындап ыйман кылбагандар болсо Аллахтан чындап коркпогондуктан жана жакшы иштерди жасадым деп эсептегендиктен, өздөрүн сөзсүз бейишке киребиз деп ойлошот. Аллахтын кечиримдүүлүгүн «кандай болсо да кечирилебиз» деген туура эмес түшүнүк чыгаруу үчүн колдонушат. Бул Аллахтан чындап коркуп тартынбагандардын мамилеси. Аллах мындай адамдарды бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
Алардан кийин, алардын ордуна китепке мураскор болгон бир катар «жаман адамдар» келди. (Алар) Мобул барксыз (дүйнө)нүн убактылуу пайдасын алып, «жакында кечирилебиз» дешет. Ага окшогон бир пайда келсе, аны да алышат. Алардан Аллах жөнүндө акыйкатты гана сүйлөйсүңөр деп Китеп убадасы алынган эмес беле? Бирок (алар) ичиндегилерди окушкан. (Аллахтан) Корккондор үчүн акырет мекени жакшыраак. Дагы эле акылыңар жетпейби? (Аьраф Сүрөсү, 169)
Ошондой эле, бул дүйнөдө көп мүмкүнчүлүктөр берилгенине алданып, Аллахка чын жүрөктөн ишенип ыкластуу иштерди жасабаганына карабастан, Аллах мени жакшы көрөт деп жыйынтык чыгаргандар жана анын негизинде, чындап бар экенин толук кабыл алышпаса да, бейиште сыйланам деп ойлогондор бар. Андай адамдар тууралуу Аллах Куранда берген мисалдардын бири төмөнкүдөй:
Аларга эки адамдын мисалын айтып бер; алардын бирине эки жүзүм багын бердик жана экөөсүндө (тең) курма бактары бар болчу, экөөнүн ортосунда болсо эгиндер өстүрдүк. Эки бак тең мөмө берип, андан эч нерсени кем кылган жок жана ортолорунан бир дарыя атылып чыгып турчу. (Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүмдөрү (түшүмдүү жерлери) да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди. Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да, Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.» (Кехф Сүрөсү, 32-36)
Ыймандуу адам болсо мындай түшүнүктөгү адамдардын тескерисинче «ыйман кылган соң туура жолдон чыгуудан» коркот. Куранда ыймандуулардын бул тууралуу дубасын Раббибиз төмөнкүчө кабар берген:
«Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткирген соң жүрөктөрүбүздү адаштырба жана Кабатыңдан бизге бир мээрим тартуула. Чындыгында кечирими эң көп болгон бир гана Сенсиң.» (Али Имран Сүрөсү, 8)
Бирок бул коркуунун ыймандууну тынчсыздандырып, тынчын алган коркуу эмес экенин да белгилөө керек. Тескерисинче Аллах коркуусу ыймандууга дем күч берген, бейишке татыктуу пенде болуу үчүн шыктандырган жана бул дүйнө жашоосун эң туура баалаганга шарт түзгөн бир сезим.
Ыймандуу убактылуу жана кыска мекен болгон бул дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү көздөйт. Ар дайым ою алдыда күтүп турган чоң окуяда болот: бир күнү сөзсүз каза болот жана Аллахтын алдында сурак берет. Ал сурак аны түбөлүктүү кыйроого же кутулууга алып барат. Ушунчалык чоң окуя күтүп турганда, башка кызыкчылыктардын артынан чуркоо же бейкапардык кылуу, албетте, акылмандыкка жатпайт.
Ыймандуу кутулууга жетүү үчүн «Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн» көздөөгө милдеттүү. Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө умтулбоо алдыда күтүп турган коркунучту да түшүнбөө дегенди билдирет. Тозоктон жана Аллах Кабатында басмырлануу коркунучунан кутулуу үчүн, албетте, адам колунан келгендин эң көбүн кылууга аракеттениши керек.
Бул дүйнөдө кабылышыбыз мүмкүн болгон коркунучтарга карата мамилебизди чагылдырган бир канча мисал Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөөнүн кандай болоорун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет:
-Бийиктиги бир канча метр болгон селге кабылганыбызда жана суунун тездик менен көтөрүлүп жатканын көргөнүбүздө, кутулуу үчүн качып кирген он кабаттуу үйдүн эң үстүңкү кабатына чыгабызбы, же бешинчи кабатка чыгып «менимче ушул жагы жетиштүү болот» дейбизби?
-Үйдүн эң үстүңкү кабатына акы төлөнүүчү лифт менен чыгуу керек жана лифт бир эле жолу көтөрүлөт дейли. Чөнтөгүбүздө дал эң үстүңкү кабатка чыгууга жете тургандай акча болсун. Мындай кырдаалда эң үстүңкү кабатка чыгуу үчүн чөнтөгүбүздөгү акчанын баарын бербейбизби? Же селдин жетүү коркунучу болгон төмөнүрөөк бир кабатка эле чыгабызбы?
-Селден кутулуу үчүн качып кирген үйдүн алтынчы кабатында бир оюн-зоок болуп жатат дейли. Анда оюн-зоокко кошулуп, алтынчы кабатты жетиштүү деп эсептейбизби, же болбосо эч нерсеге карабай эң үстүңкү кабатка чыгабызбы?
-Башка бир мисал катары, жакындарыбыздын бирөөсүн инфарктка кабылганы үчүн же башка бир себеп менен тез ооруканага жеткирүү керек дейли. Мындай кырдаалда ооруканага жетүү үчүн унааны мүмкүн болушунча ылдам айдайбызбы, же болбосо «ушунчалык жетет, дагы бир аз чыдап турсун» дейбизби?
Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, адам бир коркунучка туш болгондо, ошол замат чара көрүп, колундагы бүт мүмкүнчүлүгүн коркунучтан кутулууга жумшайт. Тозок болсо адам үчүн эң чоң коркунуч. Албетте, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн көздөгөн адамдын эң негизги максаттарынын бири бул коркунучтан алыс болуу каалоосу болот. Эми махшар күнү бардык адамдар сөзсүз айланасына чогулат деп кабар берилген тозоктун четинде турганыңызды жана тозоктун үрөй учурган коркунучун көргөнүңүздү элестетиңиз... Мындай учурда алдыңызда кээ бир тандоолор бар болсо, эч ойлонбостон Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн тандабайсызбы? Тозоктун жанына барган соң мындай тандоо мүмкүнчүлүгү калбайт жана бир гана кылган иштерден сурак берилет, демек азыртан өмүрдү ушул түшүнүк менен өткөрүү керек. Ыймандуу адам ар бир көз ирмеминде акырет жашоосуна өтүү ыктымалдыгын жана тозоктун жакындыгын унутпайт. Анткени Аллах акыреттеги бушаймандыктын пайдасы болбой турганын Куранда көптөгөн аяттарында белгилеген. Бул тууралуу аяттардын бири төмөнкүдөй:
Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка чын ыкластуу иштерди кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак ала турганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми залимдер үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 37)
Ошондой эле, адам коркунучтан алыс болуу үчүн ушунча аракет кылгандай, сый-жакшылыкка жетүү үчүн да аракет кылышы керек. Бейиштин азына ыраазы болуу да акылмандыкка туура келбейт. Бүт тарабында алтын жайнаган бир аралдан кеме менен артка кайтканыңызда, колуңуздан келсе баарын алганга аракет кылбайсызбы? Ыймандуу адам да акыретке барганда «аттиң тигил ишти да кылганымда», «тигил соопту да алганымда» дей турган абалда болбошу керек. Ал үчүн бул дүйнөдө болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн тандашы шарт.
Ыймансыздар болгону «бир аз пайдалануудан» (Али Имран Сүрөсү, 197) гана турган дүнүйө үчүн колдорунан келгендин «эң көбүн» жасашат. Аягы кыйроо менен бүтө турган «бир аз пайдаланууга» салыштырганда, ыймандуулар үчүн Аллахтын ыраазылыгы, мээрими жана бейиши бар. Буларга умтулган ыймандуу да колунан келгендин «эң көбүн» кылышы зарыл.
Аллахтын ыраазылыгынын ачкычы: абийир
Ыймандуу өмүрүнүн ар бир баскычында алдындагы альтернативалардын арасынан Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн тандашы шарт. Аллахтын ыраазылыгы эң көп кайсы альтернативада экенин аныктоо үчүн колундагы эң негизги чен-өлчөм – бул анын абийири.
Ыймандууларды башка адамдардан айырмалаган эң негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – ыймандуулардын абийирин, ыймансыздардын болсо напсилери буйруган жамандыктарды угушу. Ошондуктан ыймандуунун табигый абалы – бул абийири менен ойлонгон абалы.
Бирок бул напсинин ыймандууга таасири жок деген мааниге келбейт. Аятта кабар берилген Аз.Йусуф (ас)дын сөзүндө айтылгандай, «...чындыгында напси, Раббим аны коргобосо, болгон күчү менен жамандыкка чакырат...» (Йусуф Сүрөсү, 53). Жана ыймандууну да Аллахтын ыраазылыгына туура келбеген жолдорго үндөйт.
Ыймандуу адам напсинин мындай оюндарынан абийирин колдонуп кутулат. Ыймандуунун бир тандоо учурунда көбүнчө биринчи ойлонуп жактырган альтернативасы Аллахтын ыраазылыгынын эң көбү болот. Андан соң напси аралашып башка альтернативаларды кооз көрсөтүүгө, кээ бир «чечмелөөлөр» (шылтоого окшогон түшүндүрмөлөр) аркылуу ал альтернативаларды туура көрсөтүүгө аракеттенет. Ыймандуу ал чечмелөөлөргө алданбастан, абийири ага көрсөткөн биринчи жана анык туура вариантты тандашы керек.
Аллах үчүн сүйүү
Аллах ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылган кулдарына мына ушундай сүйүнчү кабар берет. Айткын: «Мен бул үчүн силерден жакындарыңарга сүйүүңөрдөн башка эч кандай акы сурабаймын.» Ким бир жакшылык кылса, Биз андагы жакшылыкты көбөйтөбүз. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, шүгүр кылганга акысын берүүчү. (Шура Сүрөсү, 23)
Ыймандуунун бүт өмүрү Аллахка арналат. Аллах үчүн жашайт, Аллах үчүн иштейт жана Аллах үчүн сүйөт.
«Аллах үчүн сүйүүнүн» эмне экенин Исламды чындап таанып билбеген адам башында көп түшүнбөшү мүмкүн. Өмүр бою Аллахка чоочун болуп, Аны тааныбаган адам сүйүүсүн Аллахка арнаганды да билбейт.
Бирок Аллахты тааныган жана Анын адамдарга болгон улуу мээримин көргөн, Анын урматында жаралганын, Аллахтын мээриминин урматында жашап жатканын жана сүйүп-жактырган нерселеринин баарынын Аллахтан келгенин түшүнгөн ыймандуу, албетте, Аллахты сүйүү жана Аллах үчүн сүйүү артыкчылыгына жетет. Куранда ыймандуулар менен башка адамдардын ортосунда сүйүүгө байланыштуу келип чыккан чоң айырманы Аллах төмөнкүчө кабар берген:
Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)
Аяттан көрүнүп тургандай, Аллахка шерик кошуп, бүт баары Ага таандык болгон өзгөчөлүктөрдү өз ойлорунда башка нерселерге ыроологондор ал нерселерди Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Мындай сүйүү Аллахка шерик кошууга (ширкке) таянган сүйүү болуп эсептелет.
Айланадагы бүт нерсенин Аллахка таандык экенин жана Андан келгенин билген ыймандуулар болсо эң көп Аллахты сүйүшөт. Ыймандуулардын Аллахтын жалгыздыгын билишинен келип чыккан бул чоң айырма алардын сүйүү түшүнүгүн башка адамдардан толугу менен айырмалайт. Куранда шерик кошкондордун Аллахтын «жалгыз» деп эстелишине чыдай албастыгын Раббибиз төмөнкүчө кабар берет:
Бирок дагы бир айта кетчү нерсе, шерик кошкондор өздөрүнүн кудайлары да жанында болсо Аллахтын эстелишине каршы чыкпашы мүмкүн. Мисалы, «биз мусулманбыз, ошол эле учурда каалагандай жашайбыз» деген түшүнүктү кубанып кабыл алышат. Ыймандуу болсо төмөнкү акыйкатты түшүнөт:
- Эч нерсенин (адамдын, заттын, окуянын ж.б.) өзүнө таандык сулуулугу жок. Бүт баарын Аллах жараткан жана алардагы өзгөчөлүктөрдү да Аллах берген. Бир адам мисалы өзүнүн жүзүн өзү пландап жасай албайт, демек адамдын жүзүндөгү сулуулук Аллахка таандык.
- Аллах адамды жоктон жаратып ага ал сулуулукту убактылуу бир мөөнөт үчүн (анткени ал адам кыска убакытта улгайып каза болот) берген. Акыретте ал сулуулукту кайрадан, андан да сулуу кылып жаратуу кудурети да бир гана Аллахка таандык.
- Адамдар сыяктуу эле, көзгө жагымдуу бардык макулуктар да Аллах жаратып, «сүйкүмдүү» кылган жандыктар. Раббибиз сулуулуктун чыныгы ээсинин Өзү экенин эске салуу үчүн, ал макулуктарды өлүм жана кыямат аркылуу жок кылат. Кайрадан жаралуу акыретте болот.
Ошондуктан ыймандуу адам көргөн сулуулуктарынын баарын алардын Аллахка таандык экенин жана «чыныгысынын» акыретте болоорун билип жакшы көрөт. Ушул себептен чыныгы сүйүүсү сүйгөн нерселеринин баарын ага берген жана алардын чыныгы ээси болгон Аллахка арналат.
Ыймандуудагы Аллахка болгон ыйманга таянган мындай сүйүүнүн тескериси ыймансыздарга таандык. Алардын сүйүүсү Аллахка шерик кошууга (ширкке) таянат. Аллах Куранда кабар берген Аз. Ибрахим (ас)дын төмөнкү сөздөрү ушундай сүйүүнү сүрөттөйт:
(Ибрахим) Айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка путтарды (идолдорду) кудай кылып алдыңар. Кийин кыямат күнү бири-бириңерден баш тартып, тааныбай каласыңар жана наалат (каргыш) айтасыңар. Силердин жайыңар тозок жана эч кандай жардамчыңар жок.» (Анкебут Сүрөсү, 25)
Бедиүззаман Саид Нурси мындай адамдарды жакшы бир мисал менен түшүндүрөт. Ал мисал боюнча, мындай адамдар колундагы күзгүлөр аркылуу күндү караган адамга окшошот. Колундагы күзгү сынып, күндүн нурун чагылтпай калса, ал адам нурдан ажырап калам деп коркуп өзүн өзү «азапка салып жок кылат». Бирок акылсыздык кылган болот: күзгүдөгү нур күзгүгө тиешелүү эмес да, ал сынганда нур жок болуп кеткидей. Нур күнгө таандык, күзгүлөр болгону аны чагылтат.
Ыймандуу адам бүт сүйүүсүн Аллахка арнайт. Аллахты сүйүү – бул күндү күзгүлөр аркылуу караган сыяктуу, Аллахтын сыпаттарын чагылткан жандыктарды ал ысымдардын Ага таандык экенин билип сүйүү.
Ошондуктан ыймандуу адам Аллахка болгон сүйүүсүн Аллахтын сыпаттарын «чагылткан» жана Аллах жактырган адеп-ахлак менен тарбияланган ыймандууларды сүйүү аркылуу көрсөтөт. Бул сүйүү ата-теги, улуту сыяктуу жакындыктарга же кандайдыр бир кызыкчылыкка таянбайт. Бир гана Аллахты сүйүүнүн натыйжасында Аллахты сүйгөндөрдү сүйүүдөн келип чыгат. Куранда, бүт ыймандуулардын ортосундагы сыяктуу, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда сахабалардын ортосунда болгон мындай сүйүүнү Раббибиз төмөнкүчө сүрөттөйт:
Алардан мурда ал мекенди (Мединаны) даярдап, ыйманды (көңүлдөрүнө) жайгаштыргандар болсо, хижрат кылгандарды (көчүп келген ыймандууларды) сүйүшөт жана аларга берилген нерселерден улам ичтеринде бир муктаждык (сезимин) сезишпейт. Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө көрүшөт. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, мына ошолор кутулууга жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)
Аллах ыймандуулардын ортосундагы сүйүүнү аларга атайын берээрин аяттарда төмөнкүчө кабар берген:
Албетте, ыйман кылып, чын ыкластан сооптуу иштерди жасагандар үчүн Рахман (Аллах) сүйүү жаратат. (Мариям Сүрөсү, 96)
(Ал төрөлүп, чоңойгондон кийин ага айттык:) «Эй Яхья, Китепти бекем карма.» Биз ага өкүм шариятты наристелигинде берген элек. Жана Биз ага Өзүбүздөн сүйүү сезимталдыгы (мээримдүүлүк), таза-пакизалык (да тартууладык). Ал – абдан такыбаа эле. (Мариям Сүрөсү, 12-13)
Ыймандуулар бир гана Аллахты жана Аллахка ыйман кылгандарды чын жүрөктөн сүйүшөт. Ошондуктан Аллахка каршы чыккандарды эч качан жакшы көрүшпөйт. Аллах Курандын аяттарында муну төмөнкүчө эскертет:
Эй ыйман келтиргендер, Менин да душманым, силердин да душманыңарды дос (вели) тутпагыла. Силер аларды жакшы көрүп жатасыңар; алар болсо акыйкаттан силерге келгенди танышкан, Раббиңер Аллахка ишенгениңер үчүн элчини да, силерди да (мекендериңерден) сүрүп-чыгарышкан. Эгер силер Менин жолумда жехд кылуу (аракет кылуу) жана Менин ыраазылыгыма жетүү максатында чыккан болсоңор, (кантип) аларды дагы эле ичиңерден жакшы көрөсүңөр? Мен силердин жашыргандарыңарды жана ачык айткандарыңарды билемин. Ким силерден мындай кылса, эми ал, албетте, жолдун ортосунан жаңылып-адашкан болот...
...Ибрахим жана анын жанындагыларда силерге сонун үлгү бар. Өз коомдоруна мындай дешкен эле: «Биз силерден жана Аллахтан башка сыйынган нерселериңерден чындыгында алыспыз. Силерден (эми) тааныбай-баш тарттык. Силер менен арабызда, силер Аллахты жалгыз деп ыйман келтиргенге чейин, түбөлүк бир душмандык жана бир кек пайда болду». (Мүмтехине Сүрөсү, 1-4)
Эй ыйман келтиргендер, эгер ыймандын ордуна каапырдыкты жакшы көрүп-тандашса, аталарыңарды жана бир туугандарыңарды дос тутпагыла. Силерден ким аларды дос тутса, мына ошолор зулумдук кылуучулар. (Тообо Сүрөсү, 23)
Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; алар аталары, балдары, бир туугандары же тууган-уруктары болсо дагы... (Мүжаделе Сүрөсү, 22)
Аяттардан да көрүнүп тургандай, ыймандуунун сүйүүсү «Аллах үчүн сүйүүдөн» тышкары эч нерседен көз каранды эмес. Сүйүүсү ата-теги жагынан жакындыгы, материалдык байлыгы сыяктуу нерселерден эмес, ыйманынан, адеп-ахлагынан көз каранды. Акчасы, кызматы, атак-даңкы сыяктуу жасалма баалуулуктары барларды эмес, таза ыйман ээлерин, башкача айтканда, ыймандууларды сүйөт.
Сүйүүсүн Аллах сүйүүсүнөн башка чен-өлчөмдөрдөн тазалагандыктан, Аллахтын ыраазылыгын эң көп көздөгөн, эң «такыбалуу» (Аллахтан коркуп тартынган) адамды эң көп жакшы көрөт. Кимде ыймандуунун өзгөчөлүктөрү көбүрөөк болсо, эң көп ошону жакшы көрөт. Куранды караганыбызда ыймандуулардын эң көп Аллахка эң жакын жана эң такыбалуу болгон пайгамбарды сүйөөрүн жана аны бүт нерседен жогору койоорун көрөбүз:
Пайгамбар ыймандуулар үчүн өздөрүнөн да артык... (Ахзаб Сүрөсү, 6)
Ыймандуунун сүйүү түшүнүгү ыйманга таянгандыктан, үй-бүлө курууда да ыйманды негиз тутат. Бул жагынан да ыймандуулар менен Аллахты тангандардын ортосунда маанилүү айырма келип чыгат.
Ыймансыздар үй-бүлө курууда көбүнчө материалдык кызыкчылыктарга карашат;
Өзгөчө аялдар үй-бүлө курууда көбүнчө ага бейпил жашоону камсыз кыла турган «бай күйөө» табууну көздөшөт. Көптөгөн жаш кыздар бир кишиге кулк-мүнөзү эч жакпаса да, бир гана акчасы же атак-даңкы үчүн турмушка чыгышы мүмкүн. Бул негизи акча үчүн жасалган бир соода келишимине окшошот. Бир гана айырмасы бул «келишим» өмүр бою үчүн түзүлөт. Бирок көбүнчө бул да аткарылбайт жана нике көпкө созулбайт.
Мындай никелердин мисалдары көп кездешет. Мал-мүлкү көп же атак-даңктуу болгону үчүн гана улгайган бай киши менен же кулк-мүнөзү начар адам менен турмуш курган жаштар көп.
Ыймансыздардын никеси ар дайым эле акчага таянбайт. Дене түзүлүшүн жана сексуалдуулугун чен-өлчөм катары караган көптөгөн жаш кыздар бар. Алар «ак атчан принц» деп ойлогон жана дене түзүлүшүнүн жагымдуулугунан башка эч кандай өзгөчөлүгү жок эркектерге турмушка чыгышат.
Бирок мындай физикалык өзгөчөлүктөрдүн баары кыска убакытта жок болот. Турмуш курган жубайы белгилүү убакыттан соң улгайып, ден-соолугун, күчүн жана сулуулугун жоготот. Сөзсүз улгайышы да шарт эмес: кандайдыр бир убакытта кырсыкка кабылып, майып же шал болуп калышы ыктымал же өлүм менен аяктай турган ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мындайда нике эмне болот?
Бир эркекке ушул сыяктуу нерселерине, мисалы «көзүнүн сулуулугуна» карап турмушка чыккан аял күйөөсү андан ажырап калса, мисалы сокур болуп калса эмне кылат? Өмүрүнүн эң негизги чечимдеринин бирин бир көз үчүн кабыл алуунун аңкоолугун балким ошондо түшүнөт.
Ыймандуу адам акыреттеги түбөлүктүү бейиш жашоосун көздөйт. Бүт өмүрү Аллахтын ыраазылыгына жана ошол улуу «кутулуу жана бакытка» жетүү максатына таянат. «Намазы, ибадаттары, жашоосу жана өлүмү» ушул максатка таянгандыктан, албетте, сүйүүсүн жана сүйүүнүн эң ачык көрсөткүчү болгон никесин да ушул пайдубалга негиздейт.
Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн нике «ширкке» таянган никеден, албетте, толугу менен айырмаланат. Аллах үчүн турмуш куруунун чен-өлчөмү, албетте, байлык, атак-даңк, дене сулуулугу сыяктуу убактылуу чен-өлчөмдөр боло албайт. Турмуш курууда да Аллахтын ыраазылыгын көздөйт. Турмуш курууга талапкер катары Аллахтын ыраазылыгына эң көп себепчи боло турган адамды тандайт. Башкача айтканда, ыймандуунун эң көп өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон, ыйман жана такыбалык жагынан эң жогоруда турат деп чечкен адамды...
Ушул себептен Бактылуулук доорунда Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн ыймандуу аялдардын баары Пайгамбарыбыз (сав) менен турмуш курууну каалашкан. Башка жолду тандагандарды Аллах аяттарында «дүйнө жашоосунун кооздуктарын каалагандар» деп төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Ыймандуунун өзгөчөлүктөрү
Куран менен жашаган адам сүйүүсүн да Куран боюнча жашагандарга, б.а. ыймандууларга арнайт. Ыймандуулардын аларды сүйүүгө татыктуу кылган жана Аллахка болгон ишениминен келип чыккан кээ бир өзгөчөлүктөрү бар. Ыймандуу башка ыймандуулардан ошол өзгөчөлүктөрдү издейт жана ошолорду көргөнү үчүн аларды жакшы көрөт. Ал өзгөчөлүктөр бир адамда канчалык көп байкалса, ага болгон сүйүүсү да ошончолук күчөйт.
Аллах Куранда кабар берген ыймандуунун негизги өзгөчөлүктөрүн төмөнкүдөй тизмелөөгө болот:
• Ыймандуулар бир гана Аллахка сыйынышат. Андан башка эч кимди жана эч нерсени ойлорунда кудайдай көрүшпөйт. (Фатиха Сүрөсү, 1-7; Ниса Сүрөсү, 36)
• Аллахтан коркуп тартынышат. Аллах тыюу салган же Анын ыраазылыгына карама-каршы келген нерсени жасоодон абдан коркушат. (Али Имран Сүрөсү, 102; Йасин Сүрөсү, 11; Тегабүн Сүрөсү, 15-16; Зүмер Сүрөсү, 23)
• Бир гана Аллахка таянышат. (Бакара Сүрөсү, 249; Тообо Сүрөсү, 25-26)
• Аллахтан башка эч кимден коркушпайт. (Ахзаб Сүрөсү, 39)
• Аллахка шүгүр кылышат. Ошондуктан материалдык жактан кыйналып же байлыгы ашып жатса, ага кайгырып же текеберленип кетпейт. (Бакара Сүрөсү, 172; Исра Сүрөсү, 3; Ибрахим Сүрөсү, 7)
• Анык билип түшүнүп ыйман кылышат. Аллахтын ыраазылыгын көздөөдөн баш тартуу деген сыяктуу ой эч качан келбейт. Кызматын күн сайын көбүрөөк шыктануу жана толкундануу менен улантышат. (Хужурат Сүрөсү, 15; Бакара Сүрөсү, 4)
• Куранды бекем карманышат. Бүт иш-аракеттерин Куранга карап жасашат. Куран боюнча туура эмес экенин билген кыймыл-аракеттерин дароо токтотушат. (Аьраф Сүрөсү, 170; Маида Сүрөсү, 49; Бакара Сүрөсү, 121)
• Ар дайым Аллахты эстешет. Аллахтын бүт нерсени көрүп, угуп тураарын билишет, Аллахтын чексиз кудуретин дайыма эсте тутушат. (Али Имран Сүрөсү, 191; Рад Сүрөсү, 28; Нур Сүрөсү, 37; Аьраф Сүрөсү, 205; Анкебут Сүрөсү, 45)
• Аллахтын алдында алсыздыктарын билишет. Жөнөкөй болушат. (Бирок бул адамдарга алсыз көрүнүү жана бөйпөңдөп бүжүрөө деген мааниге келбейт.) (Бакара Сүрөсү, 286; Аьраф Сүрөсү, 188)
• Бүт нерсенин Аллахтан болоорун билишет. Ошондуктан эч бир окуяда дүрбөлөңгө түшүшпөйт, ар дайым токтоо жана тобокелчил мамиле кылышат. (Тообо Сүрөсү, 51; Тегабүн Сүрөсү, 11; Йунус Сүрөсү, 49; Хадид Сүрөсү, 22)
• Акыретти көздөшөт жана негизги максаттары акырет. Бирок бул дүйнөнүн жакшылыктарынан да пайдаланышат жана бул дүйнөдө да бейишке окшош шартты түзгөнгө аракет кылышат. (Ниса Сүрөсү, 74; Сад Сүрөсү, 46; Аьраф Сүрөсү, 31-32)
• Бир гана Аллахты жана ыймандууларды дос жана сырдаш тутушат. (Маида Сүрөсү, 55-56; Мүжаделе Сүрөсү, 22)
• Акылман болушат. Ар дайым ибадат тууралуу ойлонгондуктан, дайыма кылдат жана сергек болушат. Ыймандуулардын жана диндин пайдасына үзгүлтүксүз акылдуу кызматтарды кылышат. (Момун Сүрөсү, 54; Зүмер Сүрөсү, 18)
• Аллах үчүн болгон күчү менен ыймансыздарга, өзгөчө ыймансыздардын жол башчыларына каршы эбегейсиз идеялык күрөш жүргүзүшөт. Бошоңдобостон, чечкиндүүлүк менен күрөшүн улантышат. (Энфал Сүрөсү, 39; Хаж Сүрөсү, 78; Хужурат Сүрөсү, 15; Тообо Сүрөсү, 12)
• Чындыкты айтуудан тартынышпайт. Адамдардан тартынганы үчүн чындыкты айтпай коюшпайт. Ыймансыздардын алар тууралуу айткан сөздөрүнө, шылдыңдарына жана чабуулдарына көңүл бурушпайт, сын таккандардын сынынан коркушпайт. (Маида Сүрөсү, 54, 67; Аьраф Сүрөсү, 2)
• Аллахтын динин жеткирүү үчүн бүт жолдорду колдонуп, ар кандай ыкма менен адамдарды Аллахтын динине үндөшөт. (Нух Сүрөсү, 5-9)
• Адамдарга басым көрсөтүшпөйт. Боорукер жана жумшак мүнөздүү болушат. (Нахл Сүрөсү, 125; Тообо Сүрөсү, 128; Худ Сүрөсү, 75)
• Ачууга алдырышпайт, түшүнүү менен кабыл алышат жана кечиримдүү болушат. (Али Имран Сүрөсү, 134; Аьраф Сүрөсү, 199; Шура Сүрөсү, 40-43)
• Ишенимдүү адамдар. Кулк-мүнөздөрү күчтүү, ишенимдүү болот жана айланасындагыларга ишеним беришет. (Духан Сүрөсү, 17-18; Таквир Сүрөсү, 19-21; Маида Сүрөсү, 12; Нахл Сүрөсү, 120)
• Сыйкырчы жана жинди деп айыпталышат. (Аьраф Сүрөсү, 132; Йунус Сүрөсү, 2; Сад Сүрөсү, 4; Хижр Сүрөсү, 6; Камер Сүрөсү, 9)
• Кысымчылыкка кабылып, зулумдук көрүшөт. (Шуара Сүрөсү, 49, 167; Анкебут Сүрөсү, 24; Йасин Сүрөсү, 18; Ибрахим Сүрөсү, 6; Немл Сүрөсү, 49, 56; Худ Сүрөсү, 91)
• Кыйынчылыктарга чыдамкай болушат. (Анкебут Сүрөсү, 2-3; Бакара Сүрөсү, 156, 214; Али Имран Сүрөсү, 142, 146, 195; Ахзаб Сүрөсү, 48; Мухаммед Сүрөсү, 31; Энъам Сүрөсү, 34)
• Зулумдуктан жана өлтүрүлүүдөн коркушпайт. (Тообо Сүрөсү, 111; Али Имран Сүрөсү, 156-158, 169-171, 173; Шуара Сүрөсү, 49-50; Саффат Сүрөсү, 97-99; Ниса Сүрөсү, 74)
• Ыймансыздардын чабуул, тузактарына жана шылдыңдарына туш болушат. (Бакара Сүрөсү, 14, 212)
• Аллахтын коргоосунда болушат. Аларга каршы курулган бардык тузактар текке кетет. Аллах аларды бардык жалаалардан жана тузактардан коргоп, алардын баркын көтөрөт. (Али Имран Сүрөсү, 110-111, 120; Ибрахим Сүрөсү, 46; Энфал Сүрөсү, 30; Нахл Сүрөсү, 26; Йусуф Сүрөсү, 34; Хаж Сүрөсү, 38; Маида Сүрөсү, 42, 105; Ниса Сүрөсү, 141)
• Ыймансыздарга карата сак болушат. (Ниса Сүрөсү, 71, 102; Йусуф Сүрөсү, 67)
• Шайтанды жана анын досторун душман тутушат. (Фатыр Сүрөсү, 6; Зухруф Сүрөсү, 62; Мүмтехине Сүрөсү, 1; Ниса Сүрөсү, 101; Маида Сүрөсү, 82)
• Мүнафыктарга (эки жүздүүлөргө) каршы идеялык күрөш жүргүзүшөт жана мүнафык мүнөздүүлөрдөн алыс болушат. (Тообо Сүрөсү, 83, 95, 123)
• Ыймансыздардын зомбулуктарына пикирлери (сөздөрү) менен бөгөт болушат. (Ахзаб Сүрөсү, 60-62; Хашр Сүрөсү, 6; Тообо Сүрөсү, 14-15, 52)
• Бири-бири менен кеңешип иш кылышат. (Шура Сүрөсү, 38)
• Ыймансыздардын жасалма көрктүү жашоосуна көз артышпайт. (Кехф Сүрөсү, 28; Тообо Сүрөсү, 55; Таха Сүрөсү, 131)
• Байлык, бийлик аларга таасир бербейт. (Хаж Сүрөсү, 41; Касас Сүрөсү, 79-80; Нахл Сүрөсү, 123)
• Ибадаттарга кылдат болушат, 5 убак намазын окуп, орозо жана башка ибадаттарды кунт коюп аткарышат. (Бакара Сүрөсү, 238; Энфал Сүрөсү, 3; Мүминун Сүрөсү, 1-2)
• Көпчүлүктү ээрчибестен, Аллах койгон чен-өлчөмдөрдү негиз тутушат. (Энъам Сүрөсү, 116)
• Аллахка жакындап, үлгүлүү мусулман болуу үчүн аракет кылышат. (Маида Сүрөсү, 35; Фатыр Сүрөсү, 32; Вакыа Сүрөсү, 10-14; Фуркан Сүрөсү, 74)
• Шайтандын таасири астында калышпайт. (Аьраф Сүрөсү, 201; Хижр Сүрөсү, 39-42; Нахл Сүрөсү, 98-99)
• Ата-бабаларын ойлонбой эле ээрчий беришпейт. Куранды жана сүннөттү негиз тутушат. (Ибрахим Сүрөсү, 10; Худ Сүрөсү, 62, 109)
• Аялдардын зордук-зомбулукка, кысымчылыкка кабылышын көрмөксөн болушпайт. (Нур Сүрөсү, 4; Талак Сүрөсү, 6; Бакара Сүрөсү, 231, 241; Ниса Сүрөсү, 19)
• Ысырапкорчулуктан алыс болушат. (Энъам Сүрөсү, 141; Фуркан Сүрөсү, 67)
• Намысын сакташат жана Аллах койгон жол-жобого ылайык турмуш курушат. (Мүминун Сүрөсү, 5-6; Нур Сүрөсү, 3, 26, 30; Бакара Сүрөсү, 221; Маида Сүрөсү, 5; Мүмтехине Сүрөсү, 10)
• Динде аша чаап кетишпейт. (Бакара Сүрөсү, 143; Ниса Сүрөсү, 171)
• Жан аябас болушат. (Инсан Сүрөсү, 8; Али Имран Сүрөсү, 92, 134; Тообо Сүрөсү, 92)
• Тазалыкка көңүл бурушат. (Бакара Сүрөсү, 125, 168; Мүдессир Сүрөсү, 1-5)
• Сулуулукка жана искусствого маани беришет. (Саба Сүрөсү, 13; Немл Сүрөсү, 44)
• Ыймандуулардын артынан сөз кылышпайт жана кемчиликтерин издешпейт. (Хужурат Сүрөсү, 12)
• Башкаларга көз артуудан сак болушат. (Ниса Сүрөсү, 128)
• Аллахтан кечирим тилешет. (Бакара Сүрөсү, 286; Али Имран Сүрөсү, 16-17, 147, 193; Хашр Сүрөсү, 10; Нух Сүрөсү, 28)
Ыймандууларга жасалган кысымчылыктар
Жогорудагы ыймандуунун өзгөчөлүктөрүндө негизи эки жагдай бар:
Биринчиси, Аллахка ибадат кылуу, жан аябастык, жөнөкөйлүк сыяктуу ыймандуулардын өздөрүндөгү жакшы өзгөчөлүктөр.
Экинчиси, ыймансыздардын аларды шылдыңдашы, аларга тузак даярдашы сыяктуу алардын колунда болбогон өзгөчөлүктөр. Негизи өзгөчөлүктөрдүн бул экинчи түрү чын ыкластуу ыймандууну таанууда абдан маанилүү. Анткени биринчи түрдөгүлөрдүн көпчүлүгүн «тууроого болот». Мисалы, бир мүнафык (эки жүздүү) да кызыкчылыгына туура келгени үчүн 5 убак намаз окуп, кээ бир жан аябастыктарды жасашы мүмкүн. Ал эми экинчи түрдөгү өзгөчөлүктөрдү «туураганга болбойт». Ыймансыздар чыныгы ыймандууга гана кысымчылык көрсөтүүгө аракет кылышат.
Ошондуктан ыймандууларды баалоодо өзгөчөлүктөрдүн ушул экинчи түрүнө да абдан маани берүү керек. Бир жамааттын чындап эле чын ыкластуу жамаат экенин түшүнүү үчүн Куранда Аллахтын өзгөрүлгүс мыйзамы катары кабар берилген ушул чен-өлчөмдөргө кароо керек.
Мусулмандарга жасалган оозеки басым жана жалааларды баалоодо мурдакы мусулмандардын тажрыйбалары негизги таяныч булагыбыз болушу керек. Анткени Аллах Куранда мурдакы ыймандуулар кабылган кыйынчылыктарды жана жалаа жабуу ыкмаларын терең сүрөттөп, төмөнкүчө кабар берет:
Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?... (Бакара Сүрөсү, 214)
Куранда «мурдакылардын баштарына келгендер» терең сүрөттөлгөн аяттарда болсо абдан таң калыштуу бир нерсени көрөбүз. Ал аяттардан көрүнүп тургандай, пайгамбарларга же ыймандууларга кастык кылгандар аларга чабуул жасаганда көбүнчө «бул адамдар Аллахка ишенишет, Анын ыраазылыгын көздөшөт», же болбосо «бул адамдар биздей уятсыз эмес, абдан адеп-ахлактуу адамдар» деген сыяктуу сөздөрдү айтышпайт. Тескерисинче, ыймандууларды өз ойлорунда «каралаганга» аракет кылып, аларга болбогон айыптарды тагышат.
Албетте, «биз Аллахка баш көтөрдүк, эч кандай адеп-ахлактык чекти билбейбиз, кызыкчылыктарыбызга карама-каршы келген бул адамдарды талкалагыбыз келет» дешпейт. «Булар Аллахтын өкүмдөрүн аткарган абийирдүү адамдар, биз болсо чектен чыккан залимдербиз» деп кемчиликтерин моюндарына да алышпайт. Тескерисинче, өздөрүн «жакшы адеп-ахлактуу жана акылдуу» идеал адамдардай көрсөтүп, ыймандууларды каралоо аркылуу чабуулдарына өз ойлорунда мыйзамдуу пайдубал түзгөнгө аракет кылышат. Куранда «мурдакылардын баштарына келгендер» сүрөттөлгөн окуяларда ыймансыздардын дайыма ушул ыкманы колдонгонун көрөбүз.
Мисалы, Аз. Нух (ас) пайгамбар катары жиберилген коомун, бардык пайгамбарлар сыяктуу, бир гана Аллахка ибадат кылууга үндөгөн. Бир гана Аллахка ибадат кылууга таянган тартип болсо, албетте, жалган система аркылуу күч жана статуска ээ болгон коомунун «алдыңкыларынын» кызыкчылыктарына карама-каршы келген. Бирок ал «алдыңкылар», албетте, «бул кишинин айткандары кызыкчылыктарыбызга туура келбейт» дешкен эмес. Тескерисинче, Аз. Нух (ас)га чоң жалаа жаап, өз кызыкчылыгын көздөп жатат, «бийликке» ээ болууга аракеттенип жатат деп айыпташкан. Раббибиз муну аяттарында төмөнкүчө кабар берген:
Ант болсун, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ошентип коомуна: «Эй коомум, Аллахка ибадат кылгыла. Силердин Андан башка кудайыңар жок, дагы эле тартынбайсыңарбы?» деди. Анан коомунун ыймансыз алдыңкылары (лидерлери) мындай дешти: «Бул болгону силерге окшогон бир адам. Силерге үстөм (башчы) болгусу келип жатат...» (Мүминун Сүрөсү, 23-24)
Ушундай эле акылсыз айыптоо Аз. Муса (ас) жана Аз. Харун (ас)га да жасалган. Аятта кабар берилгендей, Фараон менен анын чөйрөсү аларга «...Силер экөөңөр бизди ата-бабаларыбыздын жолунан кайтаруу жана жер жүзүндө улуулукка (үстөмдүккө) ээ болуу үчүн келдиңерби? Биз силер экөөңөргө ишенбейбиз» (Йунус Сүрөсү, 78) дешкен.
Ыймандууларга жабылган жалаалар башкача түрдө да болушу мүмкүн. Тарых бою Аллахтын пайгамбарлары айланаларындагы ыймандууларды «сыйкырлап алдап жатат» деп айыпталышкан:
...Каапырлар: «Бул калп айткан бир сыйкырчы» дешти. (Сад Сүрөсү, 4)
Мусулмандарды каралоону көздөгөндөр өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүн ыймандууларга таандыктай көрсөтүүгө аракет кылышат. Аз. Нух (ас)дай куттуу адамды «көп жалган айткан, бой көтөргөн текебер» (Камер Сүрөсү, 25) да дешип, чындыгында өздөрүнүн жалганчы экенин далилдешкен.
Көп колдонулган дагы бир жалаа болсо – бул «жинди» деп айыптоо. Негизи бул айыптоо олуттуу аңкоолуктан келип чыгат. Ыймансыздарда «Аллахтын ыраазылыгына жетүү» деген түшүнүк болбогондуктан, ыймандуулардын бир гана ушул максатты көздөшүн түшүнүү алар үчүн кыйын болот. Чындыгында ыймандуулардын эч кандай кызыкчылыкты көздөбөгөнүн билишет жана алардын бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына арнап жашашын өздөрүнүн туура эмес көз карашынан улам түшүнө алышпайт. Алардын туура эмес түшүнүгү боюнча, мындай идеалисттик кулк-мүнөз «жиндилик» гана болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жалаа тарыхта көп колдонулган. Аяттарда кабар берилгендей, Фараон Аз. Муса (ас) тууралуу «Күмөнсүз, силерге жөнөтүлгөн элчиңер чындыгында бир жинди» (Шуара Сүрөсү, 27) деген. Коому Аз. Нух (ас)ды четке какканда аны «жинди» (Камер Сүрөсү, 9) дешкен.
Ыймандуулар ошондой эле зынакордук жалаасы менен да айыпталган. Аз. Йусуф (ас) жана бүт ыймандуу аялдарга үлгү катары көрсөтүлгөн Аз. Мариям (ас) ушул жалаага кабылган куттуу инсандардан. Көпчүлүк пайгамбарлар «адашкан жана жолдон чыккан» (Аьраф Сүрөсү, 60) деген жалаага туш болушкан.
Булардын баарын «мурдакылардын баштарына келген» жана тарыхта калган окуялар деп ойлоо, албетте, такыр туура эмес болот. Аллах Куранда ушундай эле нерселерге башка ыймандуулар да кабылышы мүмкүн экенин кабар берет. Ошондуктан ушул сыяктуу айыптоо жана каралоолорго акыйкат динди жактаган жана ошол себептен динден алыс чөйрөлөрдү тынчсыздандырган ар бир ыймандуу туш болушу мүмкүн.
Мусулмандар тууралуу айтылгандардын ар дайым ушул сыяктуу каралоо кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин эске алуу керек жана Раббибиз төмөнкү аятында буйругандай, «фасыктар» (туура жолдон адашкандар) алып келген мындай кабарларга «жакшылап изилдемейинче» маани бербөө шарт. Бул тууралуу аят төмөнкүдөй:
Эй ыйман кылгандар, эгер бир фасык (бузуку) силерге бир кабар алып келсе, аны жакшылап изилдегиле. Болбосо билбестик менен бир коомго жамандык кылып алып, кийин кылгандарыңарга бушайман болосуңар. (Хужурат Сүрөсү, 6)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder