5 Mart 2024 Salı

АЛЛАХТАН БАШКАЛАРДЫ КУДАЙ ТУТУНГАНДАРДЫН ТҮБӨЛҮКТҮҮ МЕКЕНИ: ТОЗОК

 

Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө умтулган адам Аллахтын каарына калган жана бараар жери тозок болгон адамга кантип окшосун? Ал жай абдан жаман. (Али Имран Сүрөсү, 162)

¨     Басмырлоочу жана түбөлүктүү азап мекени. (Тообо Сүрөсү, 63, 68; Маида Сүрөсү, 80; Энъам Сүрөсү, 128; Худ Сүрөсү, 107; Нахл Сүрөсү, 29; Анбия Сүрөсү, 99; Ниса Сүрөсү, 14, 151)

¨     Оту абдан күчтүү жана куйкалайт. (Меариж Сүрөсү, 15-16; Али Имран Сүрөсү, 181; Ахзаб Сүрөсү, 64; Хаж Сүрөсү, 72; Нур Сүрөсү, 57; Фуркан Сүрөсү, 11)

¨     Коркунучтуу уңулдаган үнү бар. (Фуркан Сүрөсү, 12; Мүлк Сүрөсү, 7-8)

¨     Аллах жараткан мекендердин эң жаманы. (Али Имран Сүрөсү, 162; Ниса Сүрөсү, 115)

¨      Азабы үзгүлтүксүз жана эч качан жеңилдетилбейт. (Момун Сүрөсү, 46-47; Маида Сүрөсү, 37; Йунус Сүрөсү, 52; Беййине Сүрөсү, 6; Хаж Сүрөсү, 22; Али Имран Сүрөсү, 88; Фатыр Сүрөсү, 36)

¨     Өлүп кутулуу мүмкүнчүлүгү да жок. (Ибрахим Сүрөсү, 17)

¨     Жардам бере ала турган эч ким жок. (Али Имран Сүрөсү, 91)

¨     Качып, кутулуу жолу жок. (Маида Сүрөсү, 37; Кехф Сүрөсү, 53; Балад Сүрөсү, 19-20)

¨     Кайтарган күзөтчүлөрү периштелерден. (Момун Сүрөсү, 49-50; Зухруф Сүрөсү, 77; Мүдессир Сүрөсү, 26-31)

¨     Отуну адамдар менен таштар. (Бакара Сүрөсү, 24; Тахрим Сүрөсү, 6; Али Имран Сүрөсү, 10; Анбия Сүрөсү, 98; Худ Сүрөсү, 119; Сажда Сүрөсү, 13)

¨     Отко куйкалатуу бар. (Тообо Сүрөсү, 35)

¨     Сөөктөрдү кычыраткан сыздоолор угулат. (Анбия Сүрөсү, 100)

¨     Кылмышкерлер чынжырларга байланат. (Ибрахим Сүрөсү, 49)

¨     Кайнак суу жана ириңдүү суу ичирилет. (Небе Сүрөсү, 24-25; Гашия Сүрөсү, 5; Вакыа Сүрөсү, 54-55; Йунус Сүрөсү, 4; Сад Сүрөсү, 57; Ибрахим Сүрөсү, 16-17)

¨     Жей турган тамагы заккум жана тикен болот. (Духан Сүрөсү, 43-46; Саффат Сүрөсү, 62-66; Вакыа Сүрөсү, 52-53; Мүземмил Сүрөсү, 13; Гашия Сүрөсү, 6-7)

¨     Тозоктогуларга чайыр (кара май) кийгизилет. (Ибрахим Сүрөсү, 50)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder