5 Mart 2024 Salı

Дарвинизмдин дүйнө жүзүн алдашынын психологиялык себептери - 2

 

 Жасалма далилдерди келтирүү, окурмандардын ишенимине кыянаттык кылуу

 

Лондон улуттук галереясынын сүрөттөрү бар, толук каталогун алыңыз. Аны майдалап, анан Трафальгар аянтындагы галереянын тепкичтеринен шамалга учуруңуз. Бир канча жума күтүп, анан аянтты кыдырып аман калган кагаздардын айрыктарын чогултуңуз. Анан табылган айрыктардан сүрөт чеберчилигинин тарыхын калыбына келтирүүгө аракет кылыңыз. Эгер агымдардан, стилдерден, жанрлардан, сүрөтчүнүн аттарынан жана башка бардык маалыматтардан турган ырааттуу баян түзө алсаңыз, анда сыягы сиз палеонтологсуз.65

Эволюционист Генри Джи«Nature» журналынын редактору

Жасалма сүрөт

Эволюция теориясы илимий бир дагы таяныч таба албагандыктан жана бир дагы далил аны колдобогондуктан, дарвинисттер жасалма далилдерди колдонууну чечишкен. Дарвинизм тарыхында жараксыздыгы толук аныкталган абдан көп жасалма далилдер бар. Алардын эң белгилүүлөрү – адамдын баш сөөгүнө орангутандын жаак сөөгүн кошуу аркылуу жасалган жана көп жылдар бою адамдарга өткөөл форманын үлгүсү катары көрсөтүлгөн Пилтдаун адамы көз бойомочулугу, камандын бир тишинин негизинде чийилген Небраска адамынын башы жана реконструкция сүрөттөрү, капаска камалып өткөөл форма катары көргөзмөгө коюлган Ота Бенга аттуу африкалык жергиликтүү тургун жана скелетине жүн жабыштырылган динозавр фоссилдери. Тарыхтын эң белгилүү илимий көз бойомочулуктарын жасаган эволюционисттер мындай жасалма далилдерди жана ойдон чыгарылган аңгемелерди адамдарды эволюция жомогуна ишендирүү үчүн колдонушат. Жасалма далилдерди жасагандан тартынбашы жана чоң жалганды талашсыз чындыктай көрсөтүшү дарвинизмдин кандай түшүнүктө экенин көрсөтүшү жагынан да маанилүү. Бул көз бойомочулуктар көрсөткөн дагы бир маанилүү чындык болсо – эволюционисттердин теория пайда болгон күндөн берки абдан аргасыздыгы. Мындай аргасыздык аларды калптарга жана көз бойомочулуктарга түрткөн.

Жасалма далилдерди ойлоп таап, аларды коомчулукка жарыялоодон тартынбаган дарвинисттер элдин илимге болгон ишенимине кыянаттык кылууну да кадыресе нерседей көрүшөт. Жазган пикирлеринде, макалаларында, китептеринде, уюштурган көргөзмөлөрүндө элдин ишениминен кыянаттык менен пайдаланышат. Коомчулуктагы илимге болгон жана илимпоз бейтарап жана калыс болот деген ишенимди эволюция калпын улантуу үчүн колдонушат. Мында коомдун басымдуу бөлүгүнүн илимдин атынан жарыяланган нерселерди карап чыгуу, изилдөө жана иликтөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан пайдаланышат. Эволюцияны тастыктаган бир дагы фоссил жок экенин, 21-кылымдын технологиясынан турган лаборатория шарттарында да клетканын жасала албаганын жана жансыздан жандуунун пайда боло албай турганын өздөрү да ойлонушпайт жана адамдардын да ойлонушун каалашпайт. Адамдар бул чындыктарды ойлонбошу үчүн тынымсыз аңгемелерди ойлоп чыгарып, аларды жасалма далилдер менен кооздошот жана жок нерсени бардай кылып көрсөтүшөт.

Дагы бир ыкма катары, эволюционисттик булактарда туура жана чыныгы маалыматтар эволюция калптары менен бирге чагылдырылат. Окурмандар биология жана медицина темалары боюнча логикалуу жана чындыкка туура келген түшүндүрмөлөрдү окуп жатып эле бир кезде алардын кокусунан кантип пайда болгону тууралуу ойдон чыгарылган пикирлерге туш болушат. Мисалы, генетика тууралуу бир маалымат берилгенде, илимий маалыматтар логикалуу жана туура болгону менен, алар эволюция аркылуу пайда болгон деген түшүндүрмө чындыкка жатпайт. Берилген илимий маалыматтарга байланыштуу далилдер жана байкоолор бар болсо, ал система менен түзүлүштүн эволюция аркылуу пайда болгонун көрсөткөн бир дагы далил жок. Бирок окурман бул эки маалыматты чогуу, аралаш окуп бир пикирге келет. Эволюцияны генетика илиминдей далилденген жана туура теория деп ойлоп калат. Бирок чындык андай эмес. Чындыгында эволюцияны четке каккан маалыматтар менен ачылыштар дарвинисттер тарабынан эволюцияны колдогондой көрсөтүлүүдө. Бул психологиялык алдамчылык.

21-кылым дарвинисттер бул психологиялык күрөштөн жеңилип, бардык алдамчылыктар токтой турган кылым болот. Дарвинизмдин илимге кылган айла-амалдары өз таасирин жогото баштады. Өзгөчө акыркы 20-30 жылда дүйнө жүзүндө чоң өзгөрүү болууда жана бул өзгөрүү илим дүйнөсүнө да таасир тийгизүүдө. Америка баш болуп, көптөгөн өлкөлөрдө илимпоздор илим тастыктаган жалгыз чындыктын Жаратылуу экенин кабыл ала башташты. Дарвинисттик сыйкыр бузулуп, материализм бүгүнкү күнгө чейин эң көп колдонгон куралы болгон илим тарабынан жок кылынууда. Стивен Барр да айткандай, илим адамдарга көрсөткөн жыйынтык – бул Аллахтын бар экендиги, жана күн өткөн сайын бул чындыкты көбүрөөк адам түшүнүүдө:

Илим бизди укмуштуу саякатка чыгарды. Курал-жарактар менен эмес, телескоптор менен, бөлүкчө тездеткичтер менен, математиканын символ жана белгилери менен бизди эч билбеген жээктерге, бөтөн жана фантастикалык жерлерге алып барды. Бирок алыска көз чаптырганыбызда, саякатыбыздын аягында негизи эң башынан бери билген жана тааныган бир жерге жеткенибизди көрүүдөбүз. Туура изденүүбүз бизди ар дайым эң аягында Аллахка алып барат.66

Элементардык бөлүкчөлөр боюнча физик Стивен М. Барр

  

Дарвинизм жана материализм логикасынын үстүртөндүгү

 

Материализм «зат абсолюттук нерсе» деген түшүнүккө таянат. Бул туура эмес түшүнүк боюнча, бир гана зат бар жана заттан жогору турган эч бир аң-сезимдүү кийлигишүү жок. Бүт нерсе кокусунан жана көзөмөлсүз ишке ашат. Буга адамдын өзүнүн жашоосу менен чечимдери да кирет. Бир дагы илимий таянычы жана негизи жок бул дүйнө тааным «адамдар бүт нерсе кокусунан, туш келди болгон бир дүйнөдө жашашат жана ошондуктан эч кандай жоопкерчилиги жок» деп эсептейт. Бул акылга сыйбаган көз карашты өз ойлорунда бышыктоо үчүн ыкма катары терең ойлонбоо жана бүт нерселерди үстүртөн баалоо жолун тандашкан. Дарвинисттик жана материалисттик көз караш үчүн «эмне үчүн жана кантип?» деген суроолордун жообу жок. Өтө кыска жана жөнөкөй ой жүгүртүү аркылуу жетүүгө боло турган акылга сыярлык тыянактар да эске алынбайт. Болгону тынымсыз кайталанган ураандар гана бар. Ал ураандар таянычы, түшүндүрмөсү, камтыган чыныгы маанилери суралбастан жана ойлонулбастан, шартсыз кабыл алынат.

Материализмдин жана албетте дарвинизмдин эң белгилүү жана эң көп айтылган ураандарынын бири болсо – бул «жашоо бир гана күрөштөн турат» деген калпы. Бул калп боюнча, бул дүйнөдө бир гана жашоо үчүн күрөш бар жана ар бир адам ал күрөшкө ыңгайлашып, күчтүү болуп жашоосун улантуу үчүн колунан келгендин баарын жасашы керек. Өзү да айбандардын бир түрү болуп эсептелген адам баласында опаа, туруктуулук, ишеним, абийир, достук, жан аябастык, сый-урмат сыяктуу адеп-ахлактык баалуулуктар болушу шарт эмес. Тескерисинче, мүмкүн болушунча таш боор, мерез жана өзүмчүл болушу керек. Күчтүү болуу үчүн алсызды эзиши шарт, керек болсо аман калуу үчүн башкаларды жок кылышы зарыл. Ал тургай, эгер адам бүт баары кокусунан пайда болгон бир жерде жашап жатса (бул эч качан мындай эмес), анда өлүмдү, өлүмдөн кийин эмне болоорун жана акыретти ойлошунун да кереги жок. «Зат абсолюттук нерсе» деген калпка ишенип, акырет менен сурак күнү эсине келсе да, акыл-эстүү жана логикалуу ой жүгүртүүдөн качат жана ошентип жоопкерчиликтен кутулам деп ойлойт.

Бирок Байыркы Грециядан бүгүнкү күнгө чейин сакталып, 19-кылымдын эски илимий чөйрөсүндө дарвинизм аркылуу колдоо тапкан материализм – бардык көз караштарынын жараксыздыгы далилденген бир идеология. Астрономия, физика, химия, ядролук физика, элементардык бөлүкчөлөр физикасы, биология сыяктуу көптөгөн илим тармактары заттын башталышы жок жана түбөлүктүү эмес экенин, ааламдын жоктон жаратылганын, ааламдагы кылдат тең салмактуулуктардын сокур кокустуктардан пайда боло албай турганын, эч нерсенин көзөмөлсүз, кокусунан болбой турганын жана физикадан тышкары метафизикалык чындыктар бар экенин далилдеди. Бирок материалисттер менен дарвинисттер бул илимий чындыктар тууралуу ойлонуп, абалды калыс баалоонун ордуна, үстүртөн гана карап, ошол эле ичи көңдөй түшүнүктөрдү кайталоону улантышат. Мисалы, генетика менен палеонтология тескерисин далилдегенине карабастан, «адамдын маймылдан келип чыккандыгы» тууралуу жомокторун айта беришет. Ойдон чыгарып жарым маймыл жарым адам болгон жандыктардын сүрөттөрүн чийип, алар күндөрүн кантип өткөргөнү тууралуу аңгемелерди айтышат, бирок ал аңгеменин илимий маалыматтарга туура келип келбешин бир жолу да ойлошпойт. Максат – «адам жоопкерчиликсиз айбан» деген калпты улантуу.

Бирок адам жоопкерчиликсиз жаратылган эмес. Бул дүйнөдө сыналып жатат жана бардык кылган нерселеринен сурак берет. Адам Аллахтын жараткан бир пендеси жана Аллахтын алдында жооптуу. Көзөмөлсүз эмес жана айланасындагы окуялар туш келди болуп жаткан жок. Көргөн жана уккан нерселеринин баары анын сыноосунун бир бөлүгү. Өлүмүнөн кийин акыреттин чын экенин түшүнөт, бирок каталарын оңдоо үчүн азыркы сыноо жашоосуна кайра эч качан кайта албайт. Бул сыноо жашоосунда кылган нерселеринин баары өзүнө көрсөтүлүп, адилеттүү өкүм чыгарылат жана түбөлүктүү бейиш же түбөлүктүү тозок жашоосун жашай баштайт. Адам Аллахка сурак берет. Башка жандыктардан айырмаланып, адамдын руху бар. Аллах бул чындыкты аяттарда төмөнкүчө кабар берет:

 

Ал – жараткан нерселеринин баарын эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөрдү жана көңүлдөрдү жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)

 

 

Дарвинизмдин жана эволюциянын негизги туюктарын көрмөксөн болуу ыкмасы

 

Жасалма сүрөт

Эволюция теориясын жактагандардын колдонгон эң негизги ыкмаларынын бири – бул жаныбарлардын жашоо образдары сыяктуу нерселер тууралуу демагогия кылып, бирок эволюциянын чыныгы түшүндүрүшү керек болгон жагдайларды көрсөксөн болуу. Мисалы, эволюционисттер «Неандерталь адамы сүйлөй алганбы?» деген сыяктуу темаларды коюп, ал тууралуу өздөрүнүн сценарийлерин чыгарып, анын майда-бараттарын бир канча бет сүрөттөшөт же бир нече конференцияларда баяндашат. Алардын максаты – окурмандын көңүлүн башка жакка буруу жана Неандерталь адамынын адамзаттын түпкү теги болгону эбак эле далилденген, анын сүйлөй алып же албаганын гана тактоо керек деген сыяктуу таасир калтырууга аракет кылуу. (Неандертальдыктар азыркы адамдардан эч кандай айырмасы жок, тукум курут болгон бир адам расасы болгондуктан, албетте, адамдар сыяктуу сүйлөшкөн.) Бирок эволюционисттер, мисалы «алгачкы жандуу клетканын» кантип пайда болгону тууралуу эч нерсе айтышпайт. Эволюционист булактардын эч биринде алгачкы ДНКнын же көз сыяктуу татаал түзүлүштөрдүн кантип пайда болгону жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Баары бир бул нерселер тууралуу эч нерсе айта алышпайт, себеби эволюция теориясынын мындай татаал түзүлүштөрдүн келип чыгышы жөнүндө бир түшүндүрмөсү же ойлоп чыгара турган бир сценарийи жок. Татаал түзүлүштөргө байкоо жүргүзүүгө жана аларга эксперимент жасоого болот. Ошондуктан эволюция теоретиктери тарабынан айтылган бардык негизсиз сценарийлер лабораторияларда оңой эле жокко чыгарылат. Бул чындыкты билген эволюционисттердин ою боюнча, эң натыйжалуу психологиялык ыкма – булардын баары түшүндүрүлүп бүткөндөй таасир калтырууга аракет кылып, демагогия кыла ала турган нерселерге басым жасоо.

Бирок дарвинисттердин негизги суроолорго жооп берүүдөн качуу ыкмасы бул теория тууралуу маалыматы аз адамдарга гана иштеши мүмкүн. Азыркы учурда коомдор өзгөчө эволюция теориясынын жараксыздыгы жөнүндө көп нерсе билип калышты жана эволюциянын «алгачкы клетканы» да түшүндүрө албай турганын апачык көрүштү. Ошондуктан мындай демагогиялардан эми майнап чыкпайт. Адамдар эми бүт нерсени түшүндүрө алчудай көрсөтүлгөн эволюция теориясынын далилдерин күтүшүүдө жана далилдер жок болгон соң, дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн бул чоң алдамчылыктын чыныгы жүзүн көрүшүүдө. Кудуреттүү Улуу Аллах, албетте, бардык тузактарды жок кылат. Аллах бул чындыкты аятында кабар берген:

 

... Чындыгында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү. (Энфал Сүрөсү, 18)

  

Визуалдык жолдор аркылуу дарвинизм сыйкырын жайылтуу аракеттери

 

Дарвинисттердин колунда алардын теориясын колдогон бир дагы илимий далил жок. Эволюционисттердин ою боюнча миллиондогон жылга созулушу керек болгон ойдон чыгарылган эволюция процессинин фоссил калдыктарында сансыз далили, сансыз калдыктары болушу шарт, бирок фоссил калдыктарында мындай ойдон чыгарылган процесстин болуп өткөнүн көрсөткөн бир дагы фоссил жок. Фоссил калдыктарынан бир дагы далил табылбашы дарвинисттер үчүн абдан кайгылуу окуя, анткени жандуулардын миллиондогон жыл бою эч өзгөрүүгө дуушар болбогонун, б.а. жаратылганын көрсөткөн сансыз фоссил табылганына карабастан, дарвинисттер көрсөтө ала турган бир дагы ортоңку өткөөл форманын фоссили жок. Бир дагы далил табылбашы дарвинисттерди «фоссил бар сыяктуу таасир калтыруу аракетине» түрткөн. Дарвинисттердин колунда чыныгы далил жок болгондуктан, визуалдык ыкмаларды колдонуп адамдарды алдоону чечишкен. Алардын бири реконструкциялар.

Реконструкция «кайрадан куруу» деген мааниге келет жана сөөктүн бир бөлүгүнөн жандыктын ойдон чыгарылган сүрөтүн же макетин жасоону түшүндүрөт. Реконструкцияда ар кайсы убакта табылган ар түрдүү фоссил калдыктары толугу менен бир тараптуу чечмеленип, толугу менен бурмалануу аркылуу, мисалы, ал жандыктын үй-бүлөсү түзүлөт жана коомдук жашоосу сүрөттөлөт. Бирок ошончолук терең маалыматты камтыган реконструкциянын далил материалы кээде бир даана азуу тиштен же бир колдун сөөгүнөн гана турат. Жасалган реконструкция толугу менен чебердин фантазиясынан көз каранды болот, ошондуктан ал эч кандай илимий далилге негизделбейт. Ушул күнгө чейин маалымат каражаттарында жарыяланган ойдон чыгарылган «маймыл адамдардын» баары чындыгында реконструкция.

Сөөктүн бир бөлүгү ар кайсы сүрөтчүнүн жеке түшүнүгүнө жараша ар кандай жандыкка окшотулушу мүмкүн. Анткени бир сөөккө карап, жандыктын жумшак кыртыштарын аныктай албайт. Ансыз да көбүнчө эволюционисттер тапкан фоссил калдыктары бет сөөктөрүнүн бир бөлүгү, дененин скелетинин бир бөлүгү, ал тургай, кээде бир эле сөөк, андан да таң калыштуусу кээде жалгыз гана «тиш» болот. (Небраска кишиси менен анын үй-бүлөсүнүн коомдук турмушу бир гана тишке таянып жасалган реконструкция. Бир дагы илимий далилдин жоктугуна жана фоссилде бул жандыкка таандык өзгөчө бир сыпат болбогонуна карабастан, ал «тишке» Небраска кишиси деп ат коюлган жана ал ойдон чыгарылган маймыл адамдын үй-бүлөсү менен коомдук турмушу да ойдон чыгарылып сүрөткө түшүрүлгөн. Көп өтпөй табылган тиштин жапайы каманга тиешелүү экени аныкталды жана бул чоң калп эволюция көз бойомочулуктарынын тарыхында өз ордун алды. Бул мисал дарвинисттердин реконструкциялар аркылуу канчалык чоң алдамчылыктарга бара алаарынын айкын мисалдарынын бири). Ошондуктан эволюционисттер тарабынан жасалган реконструкциялар толугу менен алардын каалоосуна жараша, алар кандай элестетсе ошондой тартылган сүрөттөр жана макеттер болуп саналат. Ал реконструкциялардын бир дагы илимий баалуулугу жана негизи жок. Эволюцияны далилдөөгө эч кандай салымы да жок. Алардын баары адамдарды илгери жарым адам жарым маймыл болгон жандыктардын жашаганына ишендирүү максатында ойлоп табылган жомоктор.

Бул жерде маанилүү бир чындык бар: дарвинисттер ар кандай реконструкциялар аркылуу канчалык көз бойогонго аракет кылбасын, эволюцияны тастыктай турган бир дагы далил болбогондуктан, колдонгон алдамчылык ыкмаларынан эч кандай майнап чыкпайт. Реконструкциялар белгилүү убакыт адамдарга таасирин тийгизген болушу мүмкүн. Эми адамдар гезит, журналдарда тартылган маймыл адамдардын ойдон чыгарылганын билишет. Анткени эми алардын бул тууралуу маалыматы көп. Эволюционисттердин сөздөрүн, алардын жараксыздыгын жана аларга бере турган бүт жоопторду билишет. Андай маймыл адамдардын чындыгында эч качан болбогонун билишет. Башка бардык жандыктар сыяктуу, адамдардын да эволюция болбогонун жана маалымат каражаттарында жарыяланган сүрөттөрдүн илимий жактан негизсиз экенин түшүнүштү. Ошондуктан эволюционисттер колдонгон бардык алдамчы ыкмалар эми жараксыз.

  

Маймылдын адамга кээ бир окшоштуктарын колдонууга аракет кылуу

 

Дарвинисттер колдонгон эң негизги алдоо ыкмаларынын бири – бул маймылдын адамга болгон кээ бир окшоштуктарын жана маймылдардын акыл-эстүү кыймыл-аракеттерин колдонуу ыкмасы. Зоопарктарда же табиятта көргөн маймылдардын адамга окшоштуктарына жана кээ бир акыл-эстүү кыймыл-аракеттерине карап, үстүртөн ой жүгүртүп «бир аз өрчүсө, сакал-мурутун алып, чачын кыскартса, жакшы тамактанса оңой эле адамга айланат» деген сыяктуу тыянак чыгарышат. Анан ойлоп чыгарган бул теорияларына жасалма далилдерди жана сценарийлерди чыгара башташат. Бирок адам менен маймылдын ортосундагы эбегейсиз анатомиялык айырмаларды өздөрү да билишет. Анткен менен, үстүртөн ойлонуу аларды бул чындыктардан алыстатат. Чындыктарга жана илимий далилдерге эмес, ишенгилери келген нерсеге ишенип, адамдарды да алдаганга аракет кылышат.

Адам менен маймылдын окшоштуктарын колдонуу ыкмасы биология, генетика жана анатомияны билбеген, бул темада терең маалыматы жок кээ бир адамдарга да таасирдүү болот. Дарвинисттер маймылдардын кыймыл-аракеттерине жана жалпы көрүнүшүнө басым жасап, элдин ошол катмарына карата ар кандай эволюция жомокторун колдонушат. Жандыктардын татаал түзүлүштөрү тууралуу ойлонбогон, бүт баарын жаш баладай жөнөкөй логика менен түшүндүрүүгө аракет кылган дарвинизм «адамдардын түпкү теги маймыл болгон» деген сценарийге өзгөчө маани берет.

Бирок чындыгында адам менен маймылдын ортосунда эч качан өтө алгыс, абдан терең айырмачылыктар бар. Эбегейсиз анатомиялык жана генетикалык айырмачылыктардан тышкары, маймылдын аң-сезим жагынан бир иттен же аттан эч айырмасы жок. Жана канчалык үйрөтүлсө да, канчалаган убакыт өтсө да, аң-сезим деңгээли өнүкпөйт, адамга эч качан окшобойт. Маймылдар көргөн кыймыл-аракеттерин туурай алуу жөндөмүнө ээ. Үйрөтүлгөн учурда буюмдардын формалары менен түстөрүн айырмалап, акыл-эстүү реакция көрсөтө алышат. Бирок мунун натыйжасында бир күнү алар адамга айланбайт. Эгер мындай болгондо, акыл-эстүү экени белгилүү башка жаныбар түрлөрү да акырындап адамга айланышы керек эле. Мисалы, тоту куштар да үйрөтүлсө, төрт бурчтукту тегеректен, кызылды көктөн айырмалап, буюмдарды талап кылынгандай жайгаштыра алышат. Анын үстүнө тоту куштарда маймылдардан өзгөчөлөнүп, үндөрдү туурап сүйлөө жөндөмү да бар. Демек, дарвинисттердин логикага сыйбаган түшүнүгү боюнча, тоту куштардын адамга айлануу ыктымалдыгы жогорураак болушу керек.

Дарвинисттер үстүртөн ой жүгүртүүдөн келип чыккан бул ишке ашкыс сценарийди колдоо үчүн коомчулукка сансыз калптарды жана жасалма далилдерди айтып чыгууга мажбур болушат. Бирок акылын колдонгон адамдар, албетте, бул тууралуу үстүртөн эле ойлонуп койбостон, изилдөөлөрдөн жана илимий далилдерден келип чыккан чындыктарды көрүүнү каалашууда. Илим көрсөткөн акыйкат боюнча, адам татаал өзгөчөлүктөрү жана бийик аң-сезими менен, бир заматта, жоктон жаратылган. Улуу Аллах аяттарда мындай деп билдирет:

 

Ант болсун, Биз адамды тандалып алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир тамчы суу абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал бир тамчы сууну бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң мыктысы Аллах кандай Улуу. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)

  

Эволюцияны жактоодо көптөгөн кызматкерлерди колдонуу

 

Дарвинисттердин адамдарды алдоо ыкмаларынын эң белгилүүсү жана балким эң чоң жаңылыштыктарынын бири «биз көпчүлүкпүз» деген түшүнүктө болушу. Дарвинисттер илимпоздордун жана элдердин көпчүлүгү эволюцияга ишенет дешет жана ал аркылуу бул теория жарактуу деген пикирди сиңирүүгө аракет кылышат. Түркиядагы эволюционист илимпоздордун бири, Богазичи университетинин философия профессору Арда Денкел «эволюцияны канчалаган адамдар кабыл алат, демек теория албетте туура» деген пикирдин негизсиздигин жана логикасыздыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:

Эволюция теориясын көптөгөн кадыр-барктуу кишилердин жана мекемелердин эволюционизмди кабыл алышы далилдейби? Же соттун чечимдери менен тастыкталабы бул теория?... «Биздин өлкөдө да эволюция теориясына бардык алдыңкы илимпоздор, TUBA жана TUBİTAK мекемелеринин башчылары, ректорлор жана декандар колдоо көрсөтүшүүдө». Мындай кадыр-барктуу кишилердин колдоосу, албетте, абдан жакшы. Бирок кадырлуу жана кызмат орундарын ээлеген адамдардын туура деп эсептеши бир нерсенин тууралыгын көрсөтөбү? Тарыхтан бир окуяны эске салгым келет. Галилео Галилей өз доорунун бардык кадыр-барктуу кишилерине, укук таануучуларына жана өзгөчө илимпоздоруна өзү жалгыз каршы чыгып, туураны айтып жактаган эмес беле? Инквизициялык соттордун башка аракеттери да ушул сыяктуу көрүнүштөрдү чагылдырбайбы? Коомдогу кадыр-барктуу жана ортоңку катмарлардын колдоосуна ээ болушу анын чындык экенин көрсөтпөйт жана илим менен да түз байланышы жок.74

Дарвинизмдин бир кездерде көпчүлүк тарабынан кабыл алынып жакталышына адамдардын айтылгандар тууралуу көп ойлонбошу, эволюциянын үстүртөн түшүндүрмөлөрүн сын көз менен карабастан кабыл алышы жана «эволюцияга туура келбесе илимий эмес» деген пропаганда менен коркутуулардан адамдарда пайда болгон тартынуу сезими себеп болгон. Ошондуктан көп сандаган адамдардын эволюцияга ишенишинин же ишенгендей көрүнүшүнүн себеби теориянын илимий жактан тууралыгы эмес. Эволюция теориясын илим тарабынан четке кагылганына карабастан жакташууда жана анын себеби бир гана идеологиялык.



Анын үстүнө, бүгүнкү күндө эволюция теориясы «бүткүл илим дүйнөсү тарабынан кабыл алынган бир теория» эмес. Эволюцияны жактагандар жалпы илим дүйнөсү эмес, кээ бир бейкалыс илимпоздор гана. Илимге объективдүү, калыс караган адамдар өзгөчө акыркы 20-30 жылдагы эволюция теориясын четке каккан сансыз илимпоздордун пикирлерин да эске алууга милдеттүү. Азыркы күндө илимий изилдөөлөрдүн жана ачылыштардын жыйынтыктарына карап, эволюциянын илимий жактан кыйраганын түшүнгөн жана Жаратылуу акыйкатын апачык кабыл алган көптөгөн илимпоздор жана профессорлор бар.

Ошондой эле, көпчүлүктү ээрчүү ар дайым туура жолго түшүү деген мааниге келбей турганын да белгилөө керек. Тарыхта адамдардын көпчүлүгү эволюционисттер сыяктуу «көпчүлүк» катасына кабылышкан. Кээ бир адамдар Аллахтын улуу жаратуусун тануу үчүн өздөрүн көпчүлүктүн өкүлү катары көрсөтүшкөн. «Адамдардын көпчүлүгү Аллахка ишенбейт» дешип, өздөрүн жана жактаган идеологияларын туура көрсөтүүгө аракеттенишкен. Аллах Куранда ыймандуу пенделерин мындай адамдар тууралуу эскертип, көпчүлүктү ээрчүүнүн адамдарды жамандыкка алып бараарын белгилейт:

 

Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат. Алар күмөндөрүнө гана таянышат жана алар жалаң гана «күмөн жана божомол менен» жалган сүйлөшөт. (Энъам Сүрөсү, 116)

  

Дарвинисттердин чыйпылыкташы жаратылуу акыйкатына кызмат кылат

 

Дарвинисттер Жаратылуу акыйкатынын сансыз мисалдарынын апачык жарыяланышынын жана миллиондогон жашап жаткан фоссилдердин ачыкка чыгышынын маанисин түшүнүштү. Эволюция теориясынын калп экенин жана муну адамдардын апачык түшүнгөнүн таң калуу менен байкашты. Болжол менен 150 жылдан бери алданып келишкенине шок болушту жана үмүтсүздүк менен, айласыздан күрөшүп башташты. Көп жылдар бою ойлонбогон, ойлонгулары келбеген чындыктарга аргасыздан туш болушуп, бул илимий далилдер тууралуу ойлонууга туура келди.

Натыйжада 1980-жылдары өздөрүнө абдан ишенип, ой жүгүртпөстөн, адамдарды жалган жана негизсиз көз караштар менен оңой алдай алышса, эми абдан алсыз болуп калышты. Илимдин ордуна негизсиз далилдерди көрсөтүү ыкмасы ишке жарабай калды. Андай ыкмалар бүгүнкү күндө Жаратылуу акыйкатынын көбүрөөк ачыкка чыгып, жакшыраак түшүнүлүшүнө себепчи болуп, илимге жана Жаратылуу акыйкатына кызмат кылууда. Анткени эми Жаратылуу акыйкатын далилдеген илимге каршы айтыла турган жаш балача жомоктордон, негизсиз сөздөрдөн жана логикасыз, жасалма далилдерден башка эч нерсе калган жок.

Чындыгында дарвинисттер бул абалдан качып кутула алышпайт. Дарвинисттер унчукпаса да, ызы-чуу салса да, натыйжа өзгөрбөйт, эволюция теориясынан келип чыккан башаламандык, Аллахтын уруксаты менен, ыймандуулар тарабынан жок кылынат.

Дарвинизмдин доору бүттү. Дарвинисттер менен материалисттер уят болушту. Ошондуктан маанисиз текебердиктен жана кежирдиктен баш тартып, 150 жылдык бул сыйкырдын таасиринен кутулуулары зарыл. Анткени жер бетинде өкүм сүргөн бир гана чындык бар: жандуу жана жансыз нерселердин баарын Улуу Аллах жараткан.

  

Жер жүзү бир заматта жаратылуунун далилдерин берет, эволюция болсо далилсиз

 

Дарвинисттер төмөнкү чындыкты жакшылап ойлонушу керек. Эгер жер жүзүндө чындап эволюция болгондо, аны танууга эч кандай себеп болмок эмес. Эгер андай нерсе болгондо, бул Аллах жандууларды эволюция менен жараткан деген мааниге келмек жана Жаратылууну жактаган бардык эмгектерде да бул пикир жакталмак. Ошондой эле, Улуу Аллах эгер жандууларды жаратууда эволюцияны себеп кылганда, чындыгында анын жер жүзүндө сансыз далилдери болмок. Мисалы, Аллах адамдын жаратылышына жалгыз сперманы себеп кылууда жана бир клетканын 2ге, 4кө, 8ге бөлүнүп, адамдын денесин түзө тургандай кылып жаратууда. Адамдын денесинин өрчүшү ушундай ачык жана түшүнүктүү баскычтардан өтөт. Эгер Аллах кааласа, жандуулардын өрчүшүндө да ушундай система жаратмак жана анын далилдери да эненин курсагындагы наристенин өрчүшү сыяктуу апачык болмок. Аллах наристенин өрчүшүн 9 айга созула турган кылып жараткан. Эгер Аллах каалаганда, бардык жандуу организмдердин өрчүшү да ушундай болмок жана жандыктар да, мисалы 900 миллион жылда өрчүп бүтө тургандай кылып жаратылмак. Эгер жер жүзүндө ошондой далилдер болгондо, албетте, Жаратылууну жактагандардын баары аны жактап, анын далилдерин көрсөтүшмөк жана Аллах жандууларды эволюция менен жараткан деген пикирде болушмак.

Бирок чындыгында андай нерсе жок. Азыркы учурда эволюция теориясы нөл далилге таянат жана аны жамаачы пикирлер менен да сактап калуу мүмкүн эмес. Жандуулардын эволюциясы тууралуу айтылган сөздөрдүн жана чыгарылган көз караштардын баары чоң калптын бир бөлүгү гана.


Булактар:

65. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. 22

66. Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, This essay was originally presented in New York City, 15 Kasım 2002 as the sixteenth annual Erasmus Lecture of the Institute on Religion and Public Life.

67. Henry Gee, In Search of Deep Time “Beyond the Fossil Record to a New Hıstory of Life”, The Free Press, A Division fo Simon & Schuster, Inc., 1999, s. 32

68. Henry Gee, In Search of Deep Time "Beyond the Fossil Record to a New Hıstory of Life", The Free Press, A Division fo Simon & Schuster, Inc., 1999, s. 114

69. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. xi

70. Daniel Dennett, Darwin’s Dangerous Idea: Evolution and the Meaning of Life, 1995, s. 520

71. Sözler 108

72. Richard L. & Christina E. Kleiss, A Closer Look at the Evidence, Search for the Truth Publications, Mart 2004, s. Ocak 26

73. Richard L. & Christina E. Kleiss, A Closer Look at the Evidence, Search for the Truth Publications, Mart 2004, s. Ocak 20

74. Arda Denkel, Cumhuriyet Bilim Teknik Ekim, 27 Şubat 1999, s.15

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder