5 Mart 2024 Salı

КАРАҢГЫ КООМДОГУ ЖАШОО

  

Мурдакы бөлүмдөрдө ыймандуулар менен башка адамдардын ортосундагы эң негизги айырманын ыймандуулардын Аллахтын чексиз кудуретин билишинде экенин белгилеген элек. Ошондой эле, Аллахтын бар экенине чын жүрөктөн ишенген бир ыймандуунун бүт жашоосун кантип жөнгө салаарын жана жөнгө салышы керек экенин карадык.

Аллахтын кудуретин түшүнгөн жана ошондуктан жашоосунда Аллахтын ыраазылыгын негиз туткан бир адамдагы эң негизги өзгөчөлүктөрдүн бири, ал өмүрүнүн ар бир секундасында бир гана Аллахтын ыраазылыгын жана мээримин ойлойт. Ал жашоосун Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана Ага «кулчулук» кылуу максаты менен кургандыктан, бүт ааламды Аллахтын жаратканын жана Анын башкараарын түшүнүп, бүткүл ааламга башка көз караш менен карайт. Бир гана Аллахты Кудай катары тааныганы үчүн, жасалма кудайлар эми ыймандуу үчүн эч маанисиз болуп калат. Аллах Куранда муну Аз. Ибрахим (ас)дын төмөнкү сөздөрү аркылуу баса белгилейт:

Китепте Ибрахимди да эсте. Чындыгында ал – чындыкты сүйлөгөн бир Пайгамбар эле. Атасына айткан эле: «Атаке, укпаган, көрбөгөн жана сени кандайдыр бир нерседен көз-карандысыз кылбаган нерселерге эмне үчүн сыйынып жатасың?» (Мариям Сүрөсү, 41-42)

Ыймандуу бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөп, бир гана Ага жалбарып, бир гана Андан сураганы үчүн бир гана Аллахка кайрылат. Аллахтан башка эч кимди ыраазы кылам деп кыйналбайт, Аллахтан башкалардан жардам үмүт кылбайт. Адам ансыз да чыныгы эркиндикке ушул чындыкты түшүнүп Аллахка кайрылганда гана жетет.

Жүрөгүндө чыныгы ыйманы болбогондордун жашоосу болсо, ыймандуунун тескерисинче, сансыз жасалма кудайлардын моюнтуругу астында болот. Андай адамдар өмүрлөрүн сансыз адамды ыраазы кылууга арнашат. Адамдардан жардам сурап үмүт кылышат. Бирок өздөрүнүн караңгы түшүнүгүндө кудайдай көргөн ал адамдар да өздөрү сыяктуу эле алсыз «кулдар». Албетте, ал жандыктар алардын каалоолоруна жооп бере алышпайт, аларды куткара алышпайт. Өлүм ал жасалма кудайлардын адамга чындыгында эч кандай пайдасы жок экенин көрсөткөн эң анык чындык. Бирок ал жасалма кудайлардын жасалмалыгын түшүнүү үчүн өлүмдү күтүү абдан кеч калуу деген мааниге келет. Аллах Куранда мындай адамдардын кандай туюкка кабылганын төмөнкүчө сүрөттөйт:

Жардам берет деген үмүт менен Аллахтан башкаларды кудай кылып алышты. Алардын (ал кудайлардын) аларга жардам берүүгө күчү жетпейт; тескерисинче өздөрү алар үчүн даяр аскерлер болушат. (Йасин Сүрөсү, 74-75)

Ыймансыздардын жашоосу ушундай туура эмес пайдубалдын үстүнө курулат. Ушул пайдубалдан улам ыймандуулар менен башка адамдардын ортосундагы дагы бир маанилүү айырма келип чыгат: ыймандуулар өзүнө жол көрсөткүч катары Аллах белгилеген чен-өлчөмдөрдү кабыл алып, Акыйкат китеп болгон Курандын жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтүнүн жолун жолдошот. Алардын дини – Аллах Куранда сүрөттөгөн жана Пайгамбарыбыз (сав) үлгүлүү жашоосу менен тааныткан Ислам.

Жашоосун Аллахты байкабай өткөргөн адамдар болсо, албетте, өздөрүнө жол көрсөткүч катары Аллахтын эмес, ойлорундагы жасалма кудайлардын чен-өлчөмдөрүн кабыл алышат. Акыйкат дин болгон Исламды эмес, негизсиз түшүнүктөрдөн жана ишенимдерден турган жасалма динди карманышат. Алардын дини – көп кудайлуу, жолдон адашкан дин. Алар өздөрүнө чен-өлчөм катары өздөрүнүн коомунун негизсиз баалуулуктарын алгандыктан, эрежелери жана максаттары ар түрдүү болот. Ошондуктан алар карманган көп-кудайлуу диндин көптөгөн түрлөрү бар. Бирок бир нерсени белгилей кетүү керек: бир адамдын өзү жашаган коомдун тартибине баш ийүүсү, мыйзамдардын жана эрежелердин талаптарын аткаруусу абдан маанилүү жана шарт. Бул жерде туурага, жакшылыкка, сүйүүгө жана сый-урматка үндөгөн коомдук эрежелер жөнүндө эмес, жеке кызыкчылыкка, өзүмчүлдүккө, мээримсиздикке жана таш боордукка үндөгөн негизсиз (жалган) баалуулуктар жөнүндө сөз болууда.

Кээ бирлердин жашоодогу максаты байлык, бийликке жетүү болсо, кээ бирлер кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү киши болгусу келет. Кээ бирлер жашоодогу максатын «жакшы жубай таап», «бактылуу үй-бүлө куруу» деп белгилейт. Булардын баары ыймандуунун жашоосунда да бар. Бирок чын ыкластуу ыймандуу эч бирин керектүү деңгээлинен жогору орунга койбойт. Андан да маанилүүсү, бул нерселер тууралуу Аллах Куранда кабар бергенден жана Пайгамбар Мырзабыз (сав) насаат кылгандан башкача түшүнүктө болбойт. Дин менен жашабаган адамдардын болсо өзүнө койгон ар бир максаты үчүн дин адеп-ахлагына туура келбеген ыкмалары жана жолдору бар. «Жашоо образы» деп аталган ал негизсиз түшүнүктөрдүн ар бири негизи өзүнчө бир жасалма дин жана Аллахтын бар экенин жана койгон чектерин түшүнө албагандыктын негизинде келип чыккан.

Бирок адамдардын табияты Аллахтын кулу болууга жана Аллахка таянууга негизделген. Адам чексиз каалоолорун жана муктаждыктарын өз алдынча камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондуктан, табиятынан Аллахка кайрылууга муктаж. Ошондуктан адамдын табияты Аллахты «Рабби» (тарбиячы, жол көрсөтүүчү, өкүм чыгаруучу) катары кабыл алууга ыктайт:

Демек, сен жүзүңдү Аллахты жалгыз деп билген (бир ханиф) динге, Аллахтын ошол табиятына бур; (Аллах) адамдарды ушул негизде жараткан. Аллахтын жаратуусунда эч кандай өзгөрүү жок. Эң туура дин мына (ушул). Бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт. (Рум Сүрөсү, 30)

Напсинин жаман каалоолоруна алданбай, Аллахка ыйман кылган чын ыкластуу мусулман өмүр бою «эмне кылышы керек экенин» Анын китебинен жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнөн үйрөнөт жана өзүнө пайгамбарларды үлгү алат. Ыймандуунун жашоосу ыймансыздардан толугу менен айырмаланат. Ошондой эле, ыймандуу ыймансыздар эч билбеген кээ бир чындыктарды да Курандан окуп түшүнөт. Мисалы, Аллах Куранда Андан коркуп тартынгандарга ар кандай кырдаалда сөзсүз бир жол көрсөтөөрүн сүйүнчүлөгөн:

...Ким Аллахтан коркуп тартынса, (Аллах) ага бир чыгуу жолун көрсөтөт жана ага күтпөгөн тараптан ырыскы берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү. Албетте Аллах Өз буйругун аткарып-ишке ашыруучу. Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөм белгилеген. (Талак Сүрөсү, 2-3)

Аллахтын кудуретин түшүнгөн жана Аны жакшылап тааныган ыймандуу өмүрүн Аллахка тапшырат. Анткени билет, «ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү». Бир аятта Аз. Йакуб (ас)дын балдарына бул тууралуу айткан насааты төмөнкүчө кабар берилет:

...Мен силерге Аллахтан эч нерсе бере албайм (тосо албайм). Өкүм бир гана Аллахка таандык. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бир гана Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

Бул чындыкты түшүнгөн ыймандуу бул жашоодогу милдетинин бир гана Аллахтын өкүмдөрүн аткаруу экенин көрөт. Анын милдети да, «кесиби» да ушул. Аллах жолунда аракет кылууга гана жооптуу. Бүт нерсени Аллахтан сурайт, себеби ага бүт баарын берген Аллах. Ыймандуулардын мындай мыкты адеп-ахлагын Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Мен жиндерди жана адамдарды бир гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. Мен алардан ырыскы сурабайм жана алардан Мени тойгузуп-багышын да сурабайм. Эч күмөнсүз, ырыскы берүүчү – Ал, чексиз кудуреттүү Аллах. (Зарият Сүрөсү, 56-58)

Ошондуктан адеп-ахлагы Куранда сүрөттөлгөндөй болгон бир ыймандуу үчүн «келечектен коркуу» деген нерсе болбойт. Мындай коркуу жашоону бири-биринен көз карандысыз миллиондогон жасалма кудайдын ортосундагы кагылышуу катары көргөндөргө мүнөздүү. Окуялардын Аллахтын көзөмөлүндө жана Ал белгилеген тагдырга ылайык болоорун билбеген андай адамдар «өз жашоомду куткаруу үчүн күрөшүшүм керек» деп ойлойт. «Ырыскыны издеп, чукуп табуу керек» деген ойдо болот. Ошентип ойлогону үчүн ошондой жыйынтыкка туш болот. Бедиүззаман Саид Нурси Аллахты тааныбагандардын адамдын чыныгы милдетинин кулчулук экенин түшүнө албашына токтолгон соң мындай дейт:

«...Алар акылсыздык менен «жашоо – бул кагылышуу (күрөш)» деген тыянакка келишкен». (Лемалар, Он жетинчи лема)

«Жашоо – бул кагылышуу» деген логикадан келип чыккан түшүнүк Куранга карап өмүр сүрбөгөндөрдүн дининин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Ушундай туура эмес түшүнүктөн улам андай адамдар ар дайым кыйналып, тынчсыздана беришет. Тактап айтканда,

-Андай адамдардын көпчүлүгү ыймандуулардын тескерисинче, өзүмчүл, өз кызыкчылыгын ойлогон, майда максаттарды көздөгөн, жеке кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлобогон адамдар болушат.

-Жан аябастыкты жана жан аябастыктын аруулугунун эмне экенин билишпейт. Сүйүүлөрү кызыкчылыкка таянат: бир адамды анын жакшы өзгөчөлүктөрү үчүн эмес, бир гана «кызыкчылык үчүн» жакшы көрүшөт.

-Албетте, аларды жакшы көрөм деп айткан башка адамдардын да кызыкчылык үчүн жакшы көрөөрүн билишет. Ошондуктан эч качан айланасындагылардын бекемдигине жана туруктуулугуна ишене алышпайт. Ар дайым «менден байыраак, сулуураак, жарашыктуураак бирөөнү таап, мени таштап кетсечи» деп тынчсыздана беришет.

-Көрө албас болушат. Ошондуктан сулуулуктан жана жакшылыктан ырахат алууну билишпейт. Мисалы, бир адамдын сулуулугун карап, андан ырахат алып, «Аллах кандай сулуу кылып жараткан» деп ойлоонун ордуна, «эмне үчүн мындай сулуулук менде жок, анда бар» деген сыяктуу туура эмес ойлор менен өздөрүн кыйнашат.

-Аллахтын берген сый-жакшылыктарына шүгүр кылууну жана берилген нерсеге ыраазы болууну билишпейт. Ошондуктан ар дайым «көбүрөөгүн» каалашат. Андай каалоо эч качан канааттандырыла албайт жана ар дайым тынчсыздандыра берет.

-Алсыз жана күчсүз экенин кабыл алып, Аллахтан жардам тилешпейт. Аллахка бой көтөрүп, Андан жардам сурабаса, алсыздыктары жана күчсүздүктөрү жок болчудай элестетишет. Бирок мындай кылса эле алсыздыктары жана күчсүздүктөрү жок болуп калбайт. Мындан улам адамдардан үмүт кыла башташат. Бирок башкалар да алар сыяктуу эле өз кызыкчылыктарын ойлогон, алсыз адамдар жана чыныгы мааниде боорукердик жана мээримдүүлүк көрсөтө алышпайт. Ошондуктан күткөнүнө жете албаганы үчүн, көбүнчө «депрессияга» кабылып, мүнөздөрү бузулат.

-Кечиримдүүлүктү жана түшүнүү менен мамиле кылууну билишпейт. Ошондуктан болор-болбос пикир келишпестиктен улам ортолорунда чыр-чатак, уруш чыгып кетиши мүмкүн. Эки тарап тең көбүнчө намыстанып, кичипейилдик кылбайт. Мындан улам ортолорунда көп чоң жаңжалдар чыгат.

-Аллах коргоп, көзөмөлдөп турган дүйнөдө эмес, бир гана «үстөмдүк кылуу» эрежесине таянган жапайы токойдо (джунглиде) жашап жатабыз деп ойлошот. Алардын туура эмес түшүнүгү боюнча, ал «токойдо» жашай алуу үчүн катаал, агрессивдүү жана өзүмчүл болуу керек. Ошентип ойлогону үчүн ошондой «жооп» алышат: же караңгы түшүнүктүн сөзү менен айтканда «майда балык» болуп башкаларга жем болушат, же болбосо «чоң жана залим балык» болуп башкаларды жешет.

Чыныгы ыйманды билбеген, жогоруда сүрөттөлгөндөй туура эмес адеп-ахлак түшүнүгүндөгү адамдардан турган дээрлик бардык коомдордун эрежелери жогорудагыдай болот. Раббибиз Куранда мындай коомдорду Андан жана акыреттен кабарсыз болгондуктан, «караңгы» (сабатсыз) коомдор деп сүрөттөгөн. Раббибиз Куранда кабар бергендей, эч акылына келип Аллахка моюн сунбаган Израил урпактарынан кээ бир адамдарды да Аз. Муса (ас) караңгылар деп сыпаттаган. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүдөй:

Израил урпактарын деңизден өткөрдүк. Путтардын (идолдордун) алдында ийилип (сыйынып) жаткан бир коомду көрүштү. Мусага: «Эй Муса, алардын кудайлары сыяктуу, сен да бизге бир кудай жасап бер» дешти. Ал: «Силер чындыгында караңгылык (сабатсыздык) кылып жаткан бир коомсуңар» деди. «Алардын тутунган нерсеси (дини) кыйрап жок болот жана кылгандары (ибадаттары) да текке кетет. Ал силерди ааламдардан артык кылса, мен силерге Аллахтан башка бир кудай издейинби?» (Аьраф Сүрөсү, 138-140)

Бирок жогоруда да айтылгандай, «караңгылык» бир бүтүн нерсе эмес. Андай коомдун ичинде баары бирдей «караңгы» деп сыпатталганы менен, ар кандай топтор болушу мүмкүн. Ал топтор көбүнчө «караңгы» коомдор абдан маани берген, туура эмес чен-өлчөмдөргө жараша бөлүнөт. Ал чен-өлчөмдөрдүн башында байлык турат.

 

Караңгы коомдо адамды баалоонун чен-өлчөмү

Чын ыкластуу ыймандуулар үчүн адамдарды баалоонун чен-өлчөмү – бул «такыбалык» (Аллахтан коркуп-тартынуу чен-өлчөмү, Аллахка жакындык).  Ыймансыздардан турган караңгы коомдо болсо адамдар өздөрүн да, башкаларды да негизинен «акчасына» карап баалашат.

Натыйжада караңгы коомдо көптөгөн туура эмес түшүнүктөр келип чыгат:

-Акчасы көп адам абдан начар жана уятсыз болсо да, «караңгы» коомдо сый-урматка ээ болот.

-Коомдо түзүлгөн бул эрежеден улам андай «акчалуу, бирок уятсыз» адам да өзүн абдан «кадырлуу» кишимин деп ойлойт.

-«Акча» ушунчалык маанилүү көрсөткүчкө айлангандыктан, «акчасы жоктор» автоматтык түрдө «акчалуулардан» айырмаланып, белгилүү деңгээлде басынуу жана ишенимсиздик сезимин сезишет. Өзгөчө «акчалуулардын» жанында «акчасыздардын» мындай жүрүм-туруму дароо байкалат. Материалдык абалы начар адам балким тигил байдын абдан уятсыз жана начар киши экенин, өзүнүн андан адеп-ахлагы жагынан жогору тураарын байкайт, бирок баары бир дагы эле «караңгы» коомдун баалуулуктарынын таасири астында болот: «акчасыздыктан» келип чыккан басынуу сезимин оңойчулук менен жеңе албайт.

-Акча ушунчалык маанилүү көрсөткүчкө айланган караңгы коомдо табигый түрдө эбегейсиз адеп-ахлактык бузулуу келип чыгат. Паракордук, коррупция, алдамчылык сыяктуу түшүнүктөр күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланат. Мындай караңгы адамдардын түшүнүгү боюнча эң негизги баалуулук акча болгондуктан, акча алып келе турган бардык ыкмалар канчалык уятсыз жана адилетсиз болсо да, кадыресе көрүнүшкө айланат.

Курандагы Карундун окуясы аркылуу Аллах караңгы коомдун ушинтип «акчаны биринчи кезекке коюу» өзгөчөлүгүн эң таамай төмөнкүчө сүрөттөйт:

Чындыгында Карун Мусанын коомунан эле, бирок аларга каршы баш көтөрдү. Биз ага ушундай казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды сүйбөйт. Аллахтын сага бергендери менен акырет үчүн аракет кыл, дүйнөдөн да өз үлүшүңдү (насибиңди) унутпа. Аллах сага берешендик кылгандай, сен да берешендик кыл жана жер жүзүндө бузукулук издебе. Себеби Аллах бузукулук кылгандарды сүйбөйт.» (Ал) Айтты: «Бул мендеги бир илим себептүү мага берилди.» Чындап Аллахтын андан мурдакы урпактардан күчү жагынан андан күчтүүрөөк жана адам саны жагынан (андан) көбүрөөк адамдарды кыйратканын билбейт беле. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн күнөөлөрү суралбайт. Ошентип өзүнүн көркөм-кооздугу менен элинин алдына чыкты. Дүйнө жашоосун каалагандар: «Аттиң, Карунга берилгендей (мүлк) бизде да болгондо. Чындыгында анын үлүшү (байлыгы) абдан көп» дешти. Илим берилгендер болсо: «Бактысыздар, ыйман кылып, чын ыкластан жакшы иштерди жасагандар үчүн Аллахтын сообу жакшыраак; буга болсо сабыр кылгандар гана жете алышат» дешти. Аягында аны да, сарайын да жердин түбүнө чөктүрдүк. Аллахка карата ага эч бир тобу жардам берген жок. Жана ал өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Кечээ гана анын ордунда болууну каалагандар эрте менен турганда: «Карасаң, демек Аллах пенделеринен каалаганынын ырыскысын көбөйтүп же азайтат экен. Эгер Аллах бизге боорукердик кылбаганда, бизди да, албетте, чөктүрүп салмак. Демек, чындыгында ыймансыздык кылып жолдон адашкандар бейпилдикке жете албайт турбайбы» деп башташты. Мына акырет мекени, Биз аны жер жүзүндө бой көтөрүп, бузукулук кылууну каалабагандарга беребиз. (Жакшы) Жыйынтыкка да такыбалар (Аллахтан корккондор) ээ болот. (Касас Сүрөсү, 76-83)

Аяттардан көрүнүп тургандай, Карун жана ага суктангандар караңгы коомдун классикалык мисалы. Бүт байлыктын Аллахка таандык экенин жана Аллахтын байлыкты каалаганына берээрин түшүнүшкөн эмес. Карун ага берилген байлыкты «өзүндөгү бир артыкчылыктан улам» берилди деп ойлогон. Чындыгында болсо;

-Бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах болгондуктан, бүт нерсенин чыныгы кожоюну да Ал. Бүт баары Аллахка таандык болгон байлыкка адамдар убактылуу бир мөөнөт үчүн гана «аманатчы» катары ээлик кыла алышат.

-Адамдарга берилген сый-жакшылыктар алардын бир артыкчылыгы же өзгөчөлүгү үчүн эмес, бир сый-жакшылык жана сыноо катары гана берилет. Бой көтөрүү үчүн эмес, шүгүр кылуу үчүн берилет. Эгер муну түшүнбөсө, колдогу байлык бул дүйнөдө да, акыретте да адамга бакыт жана бейпилдик алып келбейт.

-Байлык сараңдык кылып «топтоп жыйноо» үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн колдонулсун деп берилет. Мындай кылбагандардын акыбетин Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Аллах мол берешендиги менен берген нерселеринде сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Жок, бул алар үчүн жамандык. Кыямат күнү сараңдык кылгандары менен моюндарынан байланышат. Асмандардын жана жердин мурастары Аллахка таандык. Аллах кылган иштериңерден кабардар. (Али Имран Сүрөсү, 180)

-Ыймандуу адам Аллах берген байлыкты акылмандык менен Аллахтын ыраазылыгы үчүн короткондо, ал түгөнүп калат деп да коркпошу керек. Раббибиз Куранда бул коркунучка көңүл буруп, шайтандын адамды «кедейлик менен коркутаарын» (Бакара Сүрөсү, 268) эскерткен жана Анын жолунда коротулган (садака кылынган) байлыктын ордуна, башкасын берээрин да кабар берген. Бул жөнүндөгү аят төмөнкүдөй:

Айткын: «Чындыгында менин Раббим пенделеринен ырыскыны каалаганына береке берип көбөйтөт жана азайтат. Эмнени садака кылсаңар, Ал (Аллах) анын ордуна башкасын берет; Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы. (Саба Сүрөсү, 39)

Жогоруда сөз кылынган Карундун окуясы негизи караңгы коомдордун жалпы мүнөзүн көрсөтөт. Аяттарда кабар берилгендей, Карун негизи «караңгы» коомдо кездешкен бир мүнөздү чагылдырат. Ал мүнөз – караңгы коомдо байлыгы жана кадыр-баркы менен көңүл бурган кээ бир адамдар.

Аяттарда ошондой эле Карунга суктангандар тууралуу айтылат. Алар да Карун сыяктуу караңгы түшүнүккө ээ жана бүт байлыктын Аллахка таандык экенин түшүнө алышпайт. Ошондуктан Карун жана анын байлыгы аларга укмуш болуп көрүнөт.

Караңгы коомдун түшүнүгүнөн бир гана ыймандуулар арыла алышат. Алар;

-Чен-өлчөмдүн акча эмес, ыйман экенин жана байлыктын чыныгы кожоюнунун Аллах экенин түшүнгөндүктөн, Карунга суктануу эмес, боор ооруу керек экенин көрө алышкан.

-Караңгы коомдун мүчөлөрүнө окшоп, Карундун байлыгы жок болгон соң гана «демек Аллах пенделеринен каалаганынын ырыскысын көбөйтүп же азайтат экен» дешкен эмес, бул акыйкатты башынан эле көрүп, билишкен.

Ушул сыяктуу окуяны Аллах Кехф Сүрөсүндө баяндаган «бакча ээлеринен» да көрөбүз. Көп сый-жакшылык жана байлык берилип, Карун сыяктуу өзүн алардын чыныгы кожоюну катары көргөн адам менен Аллахка ыйман кылып, Андан коркуп тартынган ыймандуунун ортосундагы айырманы Раббибиз аяттарда төмөнкүчө сүрөттөйт:

Аларга эки адамдын мисалын айтып бер; алардын бирине эки жүзүм багын бердик жана экөөсүндө (тең) курма бактары бар болчу, экөөнүн ортосунда болсо эгиндер өстүрдүк. Эки бак тең мөмө берип, андан эч нерсени кем кылган жок жана ортолорунан бир дарыя атылып чыгып турчу. (Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүмдөрү (түшүмдүү жерлери) да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди. Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да, Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.» Аны менен сүйлөшүп жаткан досу ага мындай деди: «Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. Багыңа киргенде, «МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок» дешиң керек эмеспи? Эгер мени мал-мүлк жана балдар жагынан өзүңдөн азыраак (күчтө) деп ойлосоң. Балким Раббим мага сенин багыңдан жакшыраагын берээр, (сеникинин) үстүнө асмандан «күйгүзүп-кыйратуучу бир апаат» жиберип, (ал) түптүз бир топуракка айланып калышы мүмкүн. Же анын суусу түбүнө тартылып кетип, аны эч издеп таба албай каласың.»

(Анан) Анын түшүмдөрү (апааттар менен) оролду. Эми ал короткон каражаттары үчүн колдорун (кайгыруу менен) ушалап калды. Ал (бактын) чатырлары кулаган эле, өзү болсо мындай деп жатты: «Аттиң, Раббиме эч кимди шерик кошпогонумда кана.»

Аллахтан башка ага жардам бере турган эч ким жок эле, (жана) өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Мына ушул жерде (ушундай абалда) колдоо көрсөтүү (достук, көмөк көрсөтүү) акыйкат Аллахтын колунда. Ал сооп жагынан жакшы, (жана) натыйжа жагынан (да) жакшы. (Кехф Сүрөсү, 32-44)

 

Материалдык баалуулуктарга ашыкча маани бергендер

Ыйык Куранда баяндалган көптөгөн окуяларда мусулмандар жолуккан, дин адеп-ахлагына үгүттөгөн жана көбүнчө терс көрүнүштөрүнө каршы идеялык күрөш жүргүзгөн бир катмар сүрөттөлөт. Дээрлик бардык пайгамбарлар тууралуу баяндарда сөз кылынган ал адамдардын өзгөчөлүктөрү да аяттарда апачык кабар берилет.

Раббибиз Куранда ал катмарды «коомдун көрүнүктүү бой көтөргөндөрү», «байлыкка көпкөндөр», «күнөөдөн кайтпай кайталай бергендер», «ашыкча текеберленгендер» сыяктуу сөздөр менен сүрөттөйт. Ал кишилердин жалпы өзгөчөлүгү, берилген күч жана мүмкүнчүлүктөрдү Аллахка баш көтөрүү жана жер жүзүндө бузукулук кылуу багытында колдонушат. Аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

Биз кайсы өлкөгө бир эскертүүчү жөнөтсөк, сөзсүз ал жердин байлыкка көпкөн алдыңкылары: «Чындыгында биз силер алып келген нерсени кабыл албайбыз» дешти. Жана: «Биз мал-мүлкүбүз жана балдарыбыз жагынан көпчүлүкпүз жана бизге азап келбейт» деп да айтышты. (Саба Сүрөсү, 34-35)

Аяттарда билдирилген маалыматтар боюнча бул катмардын өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй;

- Аларга берилген байлык, «мал-мүлк жана бала-бакыралар» бул катмардын абдан текеберленишине жана Аллахты тааныбай, Ага баш көтөрүшүнө (Аллахты аруулайбыз) себеп болот:

Ад (коому)на келсек; алар жер бетинде чектен чыгып текеберленишти жана (мындай) дешти: «Күч-кубат жагынан бизден жогору ким бар?» Алар чындыгында аларды жараткан Аллахты көрүшкөн жокпу? Ал күч-кубат жагынан алардан жогору. Бирок алар Биздин аяттарыбызды (билип туруп) жокко чыгарышты. (Фуссилет Сүрөсү, 15)

Бирок бул жерде бир нерсени белгилей кетүү керек: байлыгы, мал-мүлкү көп болуу жаман өзгөчөлүк эмес. Бирок адам ал мүмкүнчүлүктөрдү ага Улуу Аллахтын бергенин билип, колундагы бүт нерселер үчүн Аллахка шүгүр кылышы шарт. Адамдардын бул дүйнө жашоосунда аларга берилген мүмкүнчүлүктөрдөн улам текеберлениши жана алардан улам ыймансыз болушу туура эмес болот. Куранда жаман өзгөчөлүгү сабак катары билдирилген кишилер ушундай туура эмес жолдогу адамдар.

- Ыймандуулар Куран адеп-ахлагына чакырганда, эң көп каршы чыккандар да көбүнчө кайра эле ошол «байлыкка көпкөн алдыңкылар» болушат. Ал катмар Аллахка моюн сунуп, колдорундагы мүмкүнчүлүктөрдү Ал талап кылгандай колдонууну кабыл албагандыктан, ыймандууларга кыжырданышат. Мисалы, меккелик мушриктердин арасында ушундай кыжырдануудан улам сүйүктүү Пайгамбар Мырзабыз (сав)ды камоого, жашаган жеринен мажбурлап сүргүн кылууга жана өлтүрүүгө аракет кылгандар да болгон:

Ал баш тарткандар сени камоо же өлтүрүү же сүргүн кылуу максаты менен тузак курушкан эле. Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы. (Энфал Сүрөсү, 30)

Курандын аяттарында өзгөчөлүктөрү терең сүрөттөлгөн мындай коомдорго адеп-ахлагы жагынан окшогондорду бүгүнкү күндө да кээ бир коомдордон кездештирүүгө болот. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бузуку жашоодо жашаган, уятсыз иштердин баарын кадыресе нерседей көргөн жана материалдык байлыгы көп болгону үчүн коомдун алдыңкы катмарын түзгөн мындай адамдар коомдун адеп-ахлактык жактан бузулушуна себепчи болгон негизги элементтер болуп саналат. Ар түрдүү жыныстык бузукулуктар жайылып, баңгизат колдонуу жана алкоголдук ичимдиктерди ичүү абдан көбөйгөн бузуку көңүл ачуу түшүнүгүндөгү мындай коомдор себеп болгон руханий кыйроону кээ бир Түштүк Америка, Түштүк Азия жана батыш өлкөлөрүнөн апачык көрүүгө болот.

Бирок адепсиздик, алдамчылык, көз бойомочулук, калыссыздык жана адилетсиздикке таянган эч бир системанын көпкө уланбай турганын унутпаш керек. Жалган жана бузуку системалардын баары сөзсүз жок болот. Бул чындык Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берилген:

Жер бетинде бой көтөрүшчү жана жамандыкты пландап түзүшчү. Чындыгында тузак өзүнүн ээсинен башканын башына келбейт. Эми алар мурдакылардын сүннөтүнөн башкасын күтүп жатышабы? Сен Аллахтын сүннөтүндө (мыйзамында) эч кандай өзгөрүү таба албайсың жана сен Аллахтын сүннөтүндө эч кандай бир артка кайтуу да таба албайсың. (Фатыр Сүрөсү, 43)

Көрүнүп тургандай, жер жүзүндө бой көтөргөн, колундагы мүмкүнчүлүктөрүнө эсирип көпкөн, ал мүмкүнчүлүктөрдү адепсиз иштерди жасоо жана жасатуу үчүн колдонгон бардык топтордун жеңилүүгө дуушар болоору Аллахтын бир мыйзамы. Бирок мындай адамдардын баарында бул дүйнөдө тообо кылып, жаман иштерден кайтуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай системада жашаган адамдар Аллахтын ар дайым кечиримдүү экенин жана бул жолдон кайтып ыйман кылган, мекенинин жана элинин жакшылыгы үчүн иштей баштаган, жакшы жана туура жолду тандаган адамдарды кечире турганын унутпашы керек.

Ким туура жолду тандаса, эң биринчиден өзү үчүн туура жолго түшкөн болот. Бирок ким кайра жамандыкка жана бузуку жолго кайтса, чындыгында Раббибиздин азабы өтө оор. Аллах бир аятта мындайча билдирет:

Ким хидаятка жетсе (туура жолго түшсө), өзү үчүн хидаятка жетет; ким адашса өз зыянына адашат. Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Биз бир элчи (пайгамбар) жибермейинче, (эч бир коомго) азап бербейбиз. (Исра Сүрөсү, 15)

 

Караңгы коомдо туура эмес адеп-ахлак түшүнүгү

Куранда Аллах сүрөттөгөн ыймандуулардын адеп-ахлагы Аллахтан коркууга жана Аллахтын ыраазылыгына таянат. «Караңгы» коомдо болсо баалуулуктун пайдубалы «такыбалык» болбогондуктан, адеп-ахлак түшүнүгү да туура эмес болот.

- «Караңгы» коом Аллахтын чексиз кудуретин билбегендиктен, адеп-ахлак түшүнүгүндө «адамдар эмне дейт» деген чен-өлчөмдү негиз тутушат. Ошондуктан коомдун башка мүчөлөрү көрбөгөн жана билбеген чөйрөдө адепсиз иштерди кылуудан эч тартынышпайт. Же болбосо ал адепсиз түшүнүккө коомдун башка мүчөлөрү аны кадыресе нерседей кабыл алышы үчүн жаңы аттар же формалар ойлоп табылат.

Мисалы, сойкулуктун адепсиздик экенин «караңгы» коомдо да көп адамдар кабыл алат. Ошондуктан ал коомдун мүчөлөрүнүн бир бөлүгү сойкулук кылса да, «мен сойкулук кылып жатам» деп ачык айтпайт. Бирок аны эч кимге көрсөтпөй жана билдирбей кылгандан эч тартынбайт.

Муну караңгы адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосунан ар дайым көрүүгө жана күн сайын ар кандай мисалдарын жолуктурууга болот.

 

Түбөлүккө чейин жашоо каалоосу

Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, күмөнсүз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)

Аллахтын жана акыреттин бар экенине чындап ишенбеген «караңгы» коомдун мүчөлөрүнүн эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын «эч өлбөчүдөй» болуп жашашы. Мындай коомдо өлүм ар бир адам билген, бирок эч качан сөз кылбаган, атын эстебеген нерсе болуп эсептелет. Бүт пландар өлүмдү жок деп элестетип жасалат. «Бул дүйнөдө» түбөлүк жашачудай болуп байлык чогултулат. Бүт пландар өлүмдү эске албай түзүлгөндүктөн, бир күнү сөзсүз келе турган өлүм жөнүндө сөз кылуу «адепсиздик, одонолук» катары кабыл алынат.

Караңгы адамдардын туура эмес түшүнүктө жашай тургандыгынын эң ачык көрсөткүчтөрүнүн бири ушул. Ар бир адам «ар бир напси (жан) өлүмдү татат» (Али Имран Сүрөсү, 185) деген өкүмгө ылайык сөзсүз өлөт, демек өлүм чындыгын эске албай курулган жашоо, албетте, чириген пайдубалдын үстүнө курулган болот. Чындыгында адам сөзсүз акылын жана абийирин колдонушу шарт;

- Адамга түбөлүктүү жашоо каалоосу берилген, ошондуктан эмне үчүн орточо 60-70 жылдай кыска убакыт жашатылып анан өмүрүнүн бүтөөрүн отуруп ойлонушу керек.

- Өлүмдү ойлонбой коюу менен эч качан өлүмдөн кача албай турганын, болгону аңчыдан качуу үчүн башын кумга бекиткен төө куштай акылсыздык кылаарын түшүнүшү зарыл.

- Аны эч кемчиликсиз кылып, бир спермадан жараткан Аллахтын аны кайрадан тирилтип жашатуу кудуретине ээ экенин түшүнүшү шарт.

- Жана аны өлгөндөн кийин кайрадан тирилтип жашата турганын жүздөгөн аятта убада кылган жана кабар берген Аллахтын бул убадасын сөзсүз аткараарын билиши керек.

Ошондо өлүмдүн жок болуу эмес, акыретке өтүүнүн эшиги экенин түшүнө башташы мүмкүн.

- Ошондо өлүмдөн коркуунун эч мааниси жок экенин түшүнө алат. Ансыз да өлүмдөн коркуунун эч пайдасы жок, анткени өлүм сөзсүз келет. Ар бир адам тагдырында белгиленген убакытта өлөт. Өлүмдөн корккондорду Аллах Куранда төмөнкүчө эскерткен:

... Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: «Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эске алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек» дешет. Айткын: «Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши өлтүрүлө турган жайына келет...» (Али Имран Сүрөсү, 154)

Бирок акыретке өтүүнүн эшиги болгон өлүм жашоосун Аллахтын ыраазылыгына ылайык өткөргөндөр үчүн гана бакыт жана кутулууга ачылат. Аллахтан жүз бургандар үчүн болсо өлүм чыныгы кыйроонун жана балээнин башталышы болот. Эч өлбөчүдөй жашап Аллахты унуткандардын өлүм келгенде сезген бушаймандыгынын эч пайдасы болбой турганын Раббибиз Куранда кабар берген:

Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 18)

Аягында алардын бирине өлүм келгенде: «Раббим, мени артка кайтара көр. Артта калган (дүйнө)дө чын ыкластуу иштерди жасайын» дейт. Эч качан, чындыгында бул анын айткан бир куру сөзү гана. Алардын алдында алар тирилчү күнгө чейин тосмо бар. (Мүминун Сүрөсү, 99-100)

Өзүн Аллахка арнабаган ар бир адам, Аллах кааламайынча, ушундай бушаймандыкка туш болот.

Демек, жашоо ушунчалык кыска, бул жашоодон соң түбөлүктүү чыныгы жашоо бар жана ал түбөлүктүү жашоого бул дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгын көздөө менен жетүүгө болот. Ошондуктан;

- Адам бул жердеги кыска жана барксыз жашоосуна караганда өлүмдөн кийин баштала турган чыныгы жашоосун көбүрөөк ойлонушу керек. Ошондуктан бул чындыкты түшүнгөн ыймандуулар «бир гана (акыреттеги чыныгы) мекенди ойлонуп-эстеген ыкластуу пенделер» (Сад Сүрөсү, 46) болушат.

- Бул дүйнөдөгү байлык жана мүмкүнчүлүктөргө берилип жабышуунун эч кандай пайдасы жок. Эч ким байлыгын да, сулуулугун да, күчүн да, үй-бүлөсүн да, атак-даңкын да акыретке алып кете албайт. Булардын бири да кабырдагы адамды коштой албайт. Кабырга кепинге оролгон дене гана кирет, ал дагы кыска убакытта курттап чирип баштайт.

- Бул дүйнөдөн акыретке алып барыла турган бир гана нерсе – бул Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалган чын ыкластуу иштер жана ибадаттар. Ошондо бул дүйнөдө кыска убакытка адамга берилген сый-жакшылыктар (ден-соолук, сулуулук, байлык ж.б.) акыретте түбөлүккө жана алда канча жакшыраак түрдө кайрадан адамга берилет.

- Бул чындыкты түшүнбөй байлыгын жана денесин Аллахтын ыраазылыгы үчүн колдонгусу келбей «сараңдык» кылган өзүнүн акырет жашоосун талкалайт жана чындыгында өзүнө сараңдык кылат. Бул тууралуу бир аят төмөнкүдөй:

Силер мына ушундайсыңар, Аллахтын жолунда сарптоого чакырылып жатасыңар, ошого карабастан кээ бирлериңер сараңдык кылат. Ким сараңдык кылса, ал өз напсисине (өзүнө) гана сараңдык кылат. Аллах Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), силер кедейсиңер. Эгер силер жүз бурсаңар, ордуңарга силерден башка элди алмаштырып койот. Анан алар силер сыяктуу болушпайт. (Мухаммед Сүрөсү, 38)

Буларды түшүнбөй, бул дүйнөнү берилип сүйгөндөр өздөрүн «өлүмсүздөштүрүүгө» аракет кылышат. «Бул дүйнөгө атын калтыруу» каалоосу ушундан улам келип чыгат. Анын ар кандай түрлөрү бар:

- Кээ бирлер артында «атын эстете турган» чыгармаларды калтырууга аракет кылышат. Аллах Куранда мындай түшүнүктү төмөнкүчө кабар берет:

«Силер бүт бийик жерлерге бир эстелик куруп, (пайдасыз нерселерге) алаксып көңүл ачып жатасыңарбы? Өлүмсүз болом деген үмүт менен көркөм нерселерди куруп жатасыңарбы?» (Шуара Сүрөсү, 128-129)

- Мындай психологиянын эң белгилүү мисалдарынын дагы бири «бала чоңойтууга» болгон күчтүү каалоо. Акыретти үмүт кылбагандар артында атын эстете турган урпактарды калтырууну эңсешет көбүнчө. Өзгөчө эркек балалуу болууну каалашынын себеби ушул. «Балалуу болууга» болгон күчтүү каалоонун бул дүйнө жашоосунун убактылуу кооздугу экенин Раббибиз бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан (ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)

Албетте, адамдын адептүү, мыкты инсандарды тарбиялап өстүрүүнү каалашы жакшы нерсе. Бирок караңгы коомдун туура эмес системасында адамдардын бул каалоосунун себеби Аллахтын ыраазылыгы эмес, өзүнүн эгоизмин канааттандыруу жана өз ойунда бул дүйнөгө атын калтыруу болуп саналат.

Ал эми Куранды караганыбызда ыймандуулардын балалуу болууну Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана каалаарын жана балдарын Аллахтын ыраазылыгына ылайык тарбиялап өстүрөөрүн көрөбүз. Көптөгөн пайгамбарлар жашаган доорунда жана чөйрөсүндө мындай мүмкүнчүлүк болбогону үчүн көпкө чейин балалуу болушкан эмес жана улгайганда гана көзү өткөндөн кийин адамдарды динге чакырууну улантышы үчүн Аллахтан бала тилешкен.

 

Караңгы коомдо дин түшүнүгү

Жогоруда өзгөчөлүктөрү сүрөттөлгөн, Аллахты чындап таанып биле албаган, ошондуктан «караңгы» деп сыпатталган коомдук түзүлүш динди да өздөрүнүн туура эмес түшүнүгү жана ишеними боюнча чечмелешет. Мунун натыйжасында келип чыккан дин түшүнүгү Куранда Аллах буйруган чыныгы динден толугу менен айырмаланат. Раббибиз Куранда Аз. Мухаммед (сав)га вахий кылынган динди «... адамдардын үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштаган...» (Аьраф Сүрөсү, 157) «ичинде эч кандай кыйынчылыгы жок» дин деп сүрөттөйт:

... Ал силерди тандап алды жана силерге диниңерде (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дининдеги сыяктуу. Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады... (Хаж Сүрөсү, 78)

Куранда адамдар ой жүгүртүүгө, буга чейин ишенип келген туура эмес ишенимдерди жана жолдорду байкоого жана Аллах каалаган жашоо образына чакырылат.

Караңгы коомдор болсо Курандын апачык жана түшүнүктүү кайрылуусун көрмөксөн болуп, Исламдын атын жамынып, караңгы фанаттык динди ойлоп чыгарышкан. Караңгы коомдор чыгарган мындай туура эмес дин түшүнүгүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй:

- Куранда Аллах кабар берген дин бир гана Аллахка ибадат кылууга жана Андан башкаларды кудай тутпоого буйрук берет. Демек адам бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөөгө милдеттүү, башкалардын ыраазылыгын көздөөгө мажбур эмес. Караңгы коомдор болсо динди Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн жолу катары көрбөйт. Караңгы коомдордун туура эмес түшүнүгүнөн пайда болгон дин «адамдар эмне дейт?» деген коркууга таянган жана чыныгы динге эч окшобогон бир түзүлүш.

- Куран адеп-ахлагын билбеген жана түшүнбөгөн караңгы коомдордун дин түшүнүгү бир катар туура эмес ишенимдерге таянат. Динге ар кандай жергиликтүү үрп-адаттар менен ишенимдер кошулуп, динчил болуу ата-бабалардан калган кээ бир ырым-жырым, ишенимдерди кармануу менен барабар болуп калган. Бирок Куранда Аллах сүрөттөгөн жана Пайгамбарыбыз (сав)дын өмүр таржымалында эң сонун үлгүлөрү көрүлгөн диндин буларга эч кандай тиешеси жок. Куранда Раббибиз бир гана Ал койгон чектерди жана Пайгамбар (сав)дын сүннөтүн негиз туткула деп буйрук берет. Тарых бою пайгамбарлар ата-бабаларынан үйрөнгөн туура эмес ишенимдери менен акыйкат динге каршы чыгууга аракет кылгандар менен күрөшүп келишкен. Алардын мындай мүнөзүн Аллах аяттарда төмөнкүчө кабар берген:

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпес жана туура жолду таба албаган болушсачы? (Бакара Сүрөсү, 170)

Бул жагдай Маида Сүрөсү, 104; Энъам Сүрөсү, 91; Аьраф Сүрөсү, 28 жана башка көптөгөн аяттарда кайталанат.

- Динге ушундай туура эмес түшүнүк менен караган кээ бир караңгы адамдар мындан улам динди акылмандыктан алыс деген жаңылыш ойго келишет. Бирок Аллах Куранда кабар бергендей, акылмандык ыймандуу болуунун бир талабы. Ыймандуулар ар дайым ой жүгүртүүгө, изилдөөгө жана ал аркылуу Аллахтын аяттарын көрүп таанууга чакырылат. Ыйман менен акыл бири-бири менен байланыштуу; адам акылын колдонуунун жыйынтыгында ыйман кылат жана акылын колдонгон сайын ыйманы бекемделет.

- Караңгы түшүнүк динде болбогон кээ бир эрежелерди бардай көрсөтүүдөн жана адал нерселерге тыюу салуудан (арам кылуудан) эч тартынбайт. Куранда көптөгөн адамдарды кыйнаган мындай түшүнүктүн туура эместиги төмөнкүчө кабар берилген:

Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган?» Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. Айткын: «Раббим бир гана ыплас-уятсыздыктарды, алардын ачык жана жашыруундарын, күнөө кылууну, себепсиз баш көтөрүп, чабуул кылууну, эч кандай далил түшүрүлбөгөн нерсени Аллахка шерик кошууңарды жана Аллахка карата билбеген нерселерди айтууңарды арам кылды (тыюу салды)». (Аьраф Сүрөсү, 32-33)

Силерге эмне болду, аргасыз муктаждыкта калган учуруңардан тышкары, Ал силерге арам кылгандарын бир-бирден кабар берген соң, Аллахтын аты аталган нерселерди жебей жатасыңар? Чындыгында көпчүлүгү билими жок туруп өзүнүн каалоолору менен (башкаларды) адаштырышат. Эч күмөнсүз, сенин Раббиң чектен чыккандарды эң жакшы билет. (Энъам Сүрөсү, 119)

Эй ыймандуулар, Аллах силер үчүн адал кылган кооз нерселерди арам кылбагыла жана чектен чыкпагыла. Чындыгында Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Маида Сүрөсү, 87)

- Караңгы коомдордун туура эмес түшүнүктөрүнөн улам Исламды кээ бирлер такыр башкача көрсөткүлөрү келген. Чындыгында болсо Ислам акылмандыкты, сулуулукту, сүйүүнү, түшүнүүнү, боорукердикти, мээримди, тазалыкты, кооздукту, сапатты жана асылдыкты негиз туткан чыныгы дин. Пайгамбарлар өз доорлорунун эң маданияттуу инсандары болгон. Абдан маданияттуу жана эстетикалык баалуулуктарга ээ болушкан. Пайгамбар Мырзабыз (сав) сылыктыгы, кооздук түшүнүгүнүн сапаты, сулуулугу, тазалыгы жана бийик акылы менен бүт ыймандууларга эң мыкты үлгү болгон. Аз. Сулайман (ас) да бул акыйкаттын эң айкын мисалдарынын бири. Сарайынан сансыз архитектуралык кереметтерди жана кооз жайларды көрүүгө болот.

Мусулман болуу – бул Аллахтын кулу болуу жана Анын берген сый-жакшылыктарын Ага шүгүр кылып пайдалануу. Аллахты таанууга жана чындап бийик адеп-ахлактуу адам болууга аракет кылуу.

Чыныгы мусулман – бул аны жараткан чексиз кудуреттүү Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн, Анын ыраазылыгынан башка эч кандай материалдык же руханий сыйлык күтпөгөн адам.

Мусулмандыктын аныктамаларынын бири мына ушундай.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder