Таң калыштуусу, эволюцияга байланыштуу калдыктарда дагы эле секириктер абдан көп жана эң кызыгы, азыркы колубуздагы ортоңку формалардын мисалдары Дарвиндин дооруна караганда азыраак. Айтайын дегеним, илимибиз өскөн сайын Түндүк Америкадагы аттын эволюциясы сыяктуу фоссил калдыктарындагы Дарвиндик өзгөрүүлөрдүн классикалык мисалдарын өзгөртүү же жок кылуу керек болду. Колубуздагы маалымат салыштырмалуу аз болгон кезде мыкты ачылыштай көрүнгөн нерселер эми бир топ татаал жана жай-өнүгүү касиети алда канча аз болууда. Демек, Дарвиндин көйгөйү жеңилдеген жок.2
Чикаго университетинен эволюционист палеонтолог Дэвид Рауп
1859-жылы терең сабатсыздык шартында пайда болгон эволюция теориясы ага чейин адамдар укпаган бир көз карашты айтып чыккан. Бул көз караш бардык жандуу организмдер кандайдыр бир пландуу кийлигишүүсүз, толугу менен туш келди табигый кубулуштардын натыйжасында пайда болгон жана кайра эле кокусунан бири-биринен эволюцияланган деген ишенүүгө болбой турган бир гипотеза болчу. Чарльз Дарвин теориясынын негизги идеясын түзгөн «жандыктар башка жандыктарга айланышы мүмкүн» деген көз карашын оюнан токуган сценарийлери менен калыптандырып, «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин жазган жана бул жаңылыштыкка таянып жандыктардын жаратылгандыгы тууралуу акыйкатка каршы майнапсыз күрөш жүргүзгөн.
1800-жылдардагы илимий сабатсыздык шартында Дарвиндин бул чындыкка коошпогон көз карашы үчүн көрсөтө турган бир дагы далили жок болчу. Анын бул көз карашын эч бир илимий ыкма менен текшерүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бул көз карашты далилдей турган эң негизги булактан, башкача айтканда, фоссил калдыктарынан теориянын пайдасына бир дагы далил табылган эмес. Ошондуктан Дарвин теориянын келечекте бир күнү сөзсүз далилденээрине ишенгиси келген. Бир керемет болушун күткөн. Ал керемет анын ойлоп тапкан теориясын кандайдыр бир жол менен далилдейт деп ойлогон.
Андан соң анын жолдоочулары кереметтерди издөөнү улантышкан. Бирок бул жолу ишке ашышы күтүлгөн кереметтин масштабы алда канча чоңойгон. Илимий ачылыштар жандуу организмдердеги татаал түзүлүштөрдүн терең өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн, мурда белгисиз болгон молекулярдык системалар аныкталган, ДНК сыяктуу кереметтүү түзүлүштөрдү ачкан генетика илими өнүккөн жана жер жүзүндө дарвинисттер түшүндүрүшү керек болгон сансыз түрлөр табылган. Мындан тышкары, фоссил калдыктарынан эволюцияда айтылгандай жарым өрчүгөн жандыктардын бир дагы мисалы табылган эмес, тескерисинче тарыхта жашап өткөн жана, ал тургай, өткөөл форма катары көрсөтүлгөн түрлөрдүн эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбостон бүгүнкү күндө да жашап жатканы аныкталган. Эволюция теориясы Дарвиндин доорунан бери түшүндүрүшү керек болгон бир дагы көз карашка жооп бере алган жок. Теория толугу менен далилсиз болчу.
Дарвинден башталган кереметтерди издөөнү анын жолун жолдогон учурдагы эволюционисттер дагы эле улантышууда. Ал мезгилден бери эволюция теориясынын пайдасына эч кандай жылыш болгон жок, тескерисинче теориянын жараксыздыгы сансыз далилдер аркылуу толук жарыяланды. Бирок дарвинисттер кереметтерди күтүүдөн эч баш тартышкан жок. Эволюционисттердин алдында жооп күткөн миллиондогон суроо бар. Алар бири-биринен эволюцияланган деп эсептеген жандыктардын укмуш татаал, абдан кылдат системалуу органдары кантип пайда болгон деген суроого бере турган жообу жок. Ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин кантип иштээри, кантип жоктон жандуу организмди пайда кыла алаары жана бир жандыкты кантип түзүлүшү жагынан таптакыр окшобогон башка бир жандыкка айландыра алаары түшүндүрүлгөн эмес. Дарвиндин эволюция теориясы бир эле жандыктын бир эле белогун да түшүндүрө албайт. Ошондуктан көп жылдык күтүүлөрү аларга көңүл калуудан башка эч нерсе алып келбеген, учурдагы дарвинисттер кереметтерге болгон толук жана аргасыз көз карандылыгын улантып, түшүндүрө албаган темаларга көңүл бурушпайт.
Болгону алардын булагы кереметтер дешет. Жандыктардын сансыз түрлөрүндөгү теңдешсиз өзгөчөлүктөрдү кереметтер аркылуу пайда болгон дешет. Кереметтерди ким жасаган деген суроого болсо «кокустук» деп жооп беришет. Өз ойлорунда Аллахтын атын кокустук коюп алышкан. Айланабыздагы кереметтүү жана адамзатты таң калтырган укмуштуу жандыктарды кереметтерди жасай алган кокустуктар жараткан дешет. Бири-биринен кооз көпөлөктөрдү, жолборсторду, канаттууларды, мышыктарды, пингвиндерди, пилдерди, кулпунайды, шабдалыны, фиалканы, розаны, көз жоосун алган токойлорду жана жогорку жөндөмдүү, ойлонгон, көргөн, чечмелеген, түшүнгөн, анатомиялык түзүлүшү кемчиликсиз адамды жараткан күчтүн кереметтерди жасай алган кокустуктар экенин айтышат.
Алардын максаты – Аллахтын атын атабоо. Бир адаттан тышкарылык бар экенин, изилденген ар бир жандыкта кереметтер катылганын билишет. Бирок муну Аллахтын керемети катары көрүп, кабыл алуу аларга кыйын. Өздөрүн кудайдай көрүп, Аллахка кул болууну кабыл алгылары келбегендиктен, апачык көрүнүп турган кереметти көрмөксөн болушат жана аң-сезимдүү, пландуу жана максаттуу кийлигишүү жөндөмү жок, туш келди окуяларды, тагыраак айтканда, кокустуктарды өз ойлорунда жаратуучу күч катары жарыялашат.
Мындагы максат ичтериндеги «Аллах бар болсочу» деген коркуудан кутулуу (Аллахты аруулайбыз), акыреттеги түбөлүк жашоо жана сурак күнү тууралуу ойлорду унутуу жана мындан адамдарды алыстатуу. Болбосо эволюция теориясынын көз караштары – акылы ордунда болгон эч бир адам жактай турган көз караштар эмес. Акыл жүгүрткөн эч бир адам бир жандыктын клеткасында да аң-сезим бар экенин көрүп туруп, анын аң-сезимсиз кубулуштардын натыйжасында пайда болгонуна ишене албайт. Бир акылдуу адам өмүр бою дарвинизм пропагандасын укпаган болсо жана бир күнү ага дарвинисттик көз караштар айтып берилсе, албетте, аларды сандырак пикирлер деп эсептейт. Дарвинизм пропагандасына кабылбаган адам жер жүзүндөгү жандыктарды жараткан бир күчтүн бар экенин сөзсүз түрдө кабыл алат. «Жандуулардын кыймыл-аракеттеринде, жашоолорунда, денелеринде бир аң-сезим бар» дейт. Аларды жараткан жогорку бир аң-сезимдин бар экенин талашсыз бир чындык катары апачык түшүнөт.
Бирок дарвинизм пропагандасы балдарга жана жаштарга бүт бул чындыктарды мектеп жашынан баштап айтууга тыюу салат. Орто мектеп курагынан баштап бир добуштан жакталган эволюция теориясынын логикасыздыгын жана илимий жараксыздыгын эч ким талкуулай албайт. Эгер бир адам эволюцияга карама-каршы пикир айтканда сынга туш болсо, терең изилдөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү болбосо, күнүмдүк жашоосунда тынымсыз бир тараптуу дарвинизм пропагандасын укса, эволюцияга каршы китептер үйүнө же китепканаларга киргизилбесе, анда дарвинисттер каалагандай, сыйкырланган коомдун мүчөсүнө сөзсүз түрдө айланат.
Дарвинисттер логикага эч сыйбаган эволюция жомогун адамдарга жайылтуу үчүн аларды сыйкырлашат. Түшүндүрө албаган нерселеринин баарын кокустуктардын керемети дешет. Түшүндүрө албаган нерселери ушунчалык көп болгондуктан, бирден бир жана эң ишенимдүү чечим катары аларды тереңирээк «ойлонбоо» жолун тандашат. Ойлонбой коюу аркылуу өздөрүн жана айланаларындагы адамдарды сыйкырдын ичине тартышып, өздөрүн жана айлана-чөйрөлөрүн алдоону улантышат. Бирок бул алдамчылыктын жана сыйкырдын таасири аң-сезимдүү адамдар үчүн абдан кыска болот.
Улуу Аллах Куранда адамдарды жердеги жана асмандагы жаратылган нерселер тууралуу ойлонууга чакырат. Эгер бир адам ааламдагы бүт нерселердин Раббибиздин теңдешсиз чыгармалары экенин көрө алса жана буга ишенсе, ал чыгармалар тууралуу ойлонуу анын дүйнө таанымын жана түшүнүгүн ансайын ачып, Улуу Жаратканыбызга болгон жакындыгын жана акырет ишенимин ансайын бекемдейт. Ал адам изилдеп ой жүгүрткөн нерселеринин бүт баарында бир чеберчилик жана акыл бар экенин көрүп, Раббибиздин улуу акылын, кереметтүү чеберчилигин жана кудуретин жакшыраак түшүнө алат.
Ойлонбогон коомдун логикасыз жана далилсиз эволюция теориясына ишенип, анын пропагандасына сыйкырлануусу оңой. Ал эми ойлогон адамдар болсо бүт ааламдардын мактоолордун эң мыктысына татыктуу, бийик жана улуу Аллахка таандык экенин апачык түшүнүшөт.
Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Булактар:
2. D.M. Raup, ‘Conflicts between Darwin and paleontology,’ Field Museum of Natural History Bulletin 50:22, 1979
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder