5 Mart 2024 Salı

БИР ГАНА АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЛЫГЫН КӨЗДӨГӨНДӨРДҮН ТҮБӨЛҮКТҮҮ МЕКЕНИ: БЕЙИШ

 


Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы (болот); Кабатыбызда андан да көбү бар. (Каф Сүрөсү, 35)


¨     Адам ырахат алган жана каалаган нерселердин баары жана андан да көбү бар. (Каф Сүрөсү, 35; Зухруф Сүрөсү, 71; Анбия Сүрөсү, 102)

¨     Эбегейсиз мүлк (байлык) бар. (Инсан Сүрөсү, 20)

¨     Бүт тарабында эбегейсиз сый-жакшылыктар бар. (Саффат Сүрөсү, 43; Инсан Сүрөсү, 20)

¨     Өлүм татылбайт. (Духан Сүрөсү, 56)

¨     Ал жерде жашоо түбөлүктүү. (Бакара Сүрөсү, 25)

¨     Чарчоо же тажоо сезимдери болбойт. (Фатыр Сүрөсү, 35)

¨     Чексиз бакыт бар. (Йасин Сүрөсү, 55)

¨     Толук бейпилдик бар. (Вакыа Сүрөсү, 89)

¨     Эбегейсиз кенен жай. (Хадид Сүрөсү, 21)

¨     Адамдар жашоолорунан ыраазы болушат. (Хакка Сүрөсү, 21)

¨     Кайгы-капа жана коркунуч жок. (Бакара Сүрөсү, 62; Али Имран Сүрөсү, 170; Фатыр Сүрөсү, 34; Аьраф Сүрөсү, 35)

¨     Конок болуп абдан сыйланышат. (Саффат Сүрөсү, 42)

¨     Жаңы бир дене түзүлүшү менен кемчиликсиз кылып жаратылганэч кимдин колу тийбегентаптаза, териси жылмакай, көздөрү бакырайган жана көздөрүн жубайларына гана бурган ур кыздар бар. (Бакара Сүрөсү, 25; Саффат Сүрөсү, 49; Зухруф Сүрөсү, 70; Саффат Сүрөсү, 48; Духан Сүрөсү, 54; Вакыа Сүрөсү, 22-23, 36-37; Рахман Сүрөсү, 56, 58, 70, 72; Небе Сүрөсү, 33; Вакыа Сүрөсү, 35)

¨     Бийик сарайлар жана кооз үйлөр бар. (Фуркан Сүрөсү, 10, 75; Анкебут Сүрөсү, 58; Сафф Сүрөсү, 12)     

¨     Жагымсыз ысык же суук болбойт. Түбөлүктүү көлөкөлөр бар. (Инсан Сүрөсү, 13; Рад Сүрөсү, 35; Мурселат Сүрөсү, 41; Ниса Сүрөсү, 57)

¨     Ичинен дарыялар агат. (Бакара Сүрөсү, 25)      

¨     Сүттөн жана балдан дарыялар бар. (Мухаммед Сүрөсү, 15)    

¨     Бийиктерге салынган төшөктөр, баалуу таштар менен кооздолгон тактылар бар. (Вакыа Сүрөсү, 15, 34; Гашия Сүрөсү, 13; Саффат Сүрөсү, 44)

¨     Катар катар тизилген жаздыктар, төшөлгөн килемдер, абдан кооз төшөктөр бар. (Гашия Сүрөсү, 15-16; Рахман Сүрөсү, 76, Вакыа Сүрөсү, 30)

¨     Эч түгөнбөгөн, эсепсиз ырыскы бар. (Сад Сүрөсү, 54; Момун Сүрөсү, 40)           

¨     Ичиндеги сый-жакшылыктар кемип азайбайт. (Инсан Сүрөсү, 13; Вакыа Сүрөсү, 33)

¨     Кол оңой жете турган ар түрдүү мөмөлөр бар. (Вакыа Сүрөсү, 28, 29, 32; Небе Сүрөсү, 32; Хакка Сүрөсү, 23; Рахман Сүрөсү, 68; Инсан Сүрөсү, 14)

¨     Таптаза суу аккан булактар бар. (Мутаффифин Сүрөсү, 28; Гашия Сүрөсү, 12; Рахман Сүрөсү, 50; Инсан Сүрөсү, 6,18)

¨     Ар кандай назиктиктер жана кооздуктар бар. (Рахман Сүрөсү, 48)

¨     Кооз саймалуу атластан жаздыктар бар. (Рахман Сүрөсү, 54)

¨     Кызмат кылган, таптаза кишилер бар. (Тур Сүрөсү, 24)

¨     Чачылган бермет сыяктуу түбөлүктүү жаштар бар. (Инсан Сүрөсү, 19)

¨     Ичкендерди мас кылбаган аппак, таптаза шарап бар. (Мутаффифин Сүрөсү, 25,26; Инсан Сүрөсү, 5; Саффат Сүрөсү, 46-47; Вакыа Сүрөсү, 19; Тур Сүрөсү, 23)

¨     Жибектен жана кооз саймалуу атластан кийимдер, алтын, күмүш жана берметтен зер буюмдар бар. (Инсан Сүрөсү, 21; Хаж Сүрөсү, 23)      

¨     Тамак-аштар жана суусундуктар алтын жана күмүштөн жасалган тепси жана кумураларда алып келинет.  (Зухруф Сүрөсү, 71; Инсан Сүрөсү, 15-16)

¨     Ал жердеги тамак-аштардын жана азыктардын даамы бул дүйнөдөгүлөргө окшошот. (Бакара Сүрөсү, 25)


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder