5 Mart 2024 Salı

Кириш сөз

   

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)


Бүт ааламдардын Өкүмдары Аллах ыйман кылган пенделерине жараткан нерселери жөнүндө ойлонууну насаат кылат. Мунун эң негизги себептеринин бири, жерде, асманда, Аллах жараткан бүт нерселерде Аллахтын бар экенин жана теңдешсиз жаратуусун көрсөткөн далилдер бар жана аларды көрүү ыйман кылган адамды Аллахка ансайын жакындатат. Улуу Аллахка ыйман кылган адам бир гүлдүн бүчүрүнөн, микроскоптон көрүнгөн бир клеткадан, бутактары асманга созулган укмуш кооз дарактан, кабыгына оролгон мөмөлөрдөн, бир-биринен сүйкүмдүү жаныбарлардан жана бир уруктан Раббибиздин кудуретин жана улуулугун көрөт. Ошондуктан Аллахтын бар экенине ишенген адам көргөн кооздуктары тууралуу ойлонгон сайын ишеними бекемделип, ыйманы күчтөнөт. Анткени бүт баарын ааламдардын Рабби Аллах жараткан жана жер жүзүнүн бүт тарабы Анын кудуретине баш ийет.

Көпчүлүк адамдардын көргөн же изилдеген нерселери, үйрөнгөн маалыматтары тууралуу ойлонбошунун, тагыраак айтканда, ойлонуудан качышынын себеби болсо көбүнчө мындай: Аллахтын бар экенин көрүүнү каалабоо! Ал адамдардын кээ бирлери генетик, илимпоз; кээ бири ДНКны ачып ал үчүн Нобель сыйлыгын алган; кээ бири планеталардын орбиталарын аныктап, алар тууралуу сансыз эсептөөлөрдү жасаган жана эмгектерди жазган. Кээ бирлери болсо атомдун ичин изилдеп, көзгө көрүнбөгөн субатомдук бөлүкчөлөрдү тапкан; кээ бири ботаник, бир чаңчанын бир канча километр жолду басып өтүп өзүнүн түрүнө таандык өсүмдүктү уруктандыраарын абдан жакшы билет; кээ бирлери болсо адамдагы мээ клеткаларынын бир даанасынын да канчалык чоң керемет экенин түшүнөт; денесиндеги, жаныбарлардагы, өсүмдүктөрдөгү, аны курчап турган бүт нерселердеги улуу чеберчилик ар дайым анын көз алдында.

Мындай адамдардын айрымдарынын жалпы окшош тарабы бар: көргөн, абдан жакшы билген жана изилдеген нерселери тууралуу ойлонушпайт. Анткени алар татаал системалар, бири-биринен таң калыштуу түзүлүштөр жөнүндө ойлоно турган болсо, Аллахтын бар экенин жана улуулугун да көрүшөт. Натыйжада Аллахтын теңдешсиз чеберчилигине жана жараткан нерселериндеги кереметтүү чыгармаларына суктанышат. Өмүрлөрүн өтө жөнөкөй жана күнүмдүк максаттар үчүн өткөрүп жаткан кезде Аллах үчүн жашоо керек экенин түшүнүшөт. Бир гана Аллахтын абсолюттук зат экенин жана бүт нерсени башкараарын көрүп, кааласа да, каалабаса да, Аллах жараткан тагдырга моюн сунуп жашап жатышканын кабыл алышат. Ушул себептен өзүн жогору сезип бой көтөргөн, жандыктар жаратылган эмес деп талашып, Аллах үчүн жашоодон качкан, акыретке ишенип, ал үчүн аракет кылуунун ордуна бул дүйнө жашоосуна ыраазы болгусу келген адамдар ойлонбоону туура көрүшөт. Алар үчүн ойлонгон сайын түшүнө турган чындыктардан алыстоонун бирден бир жолу – бул ойлонбоо! Дүйнөнүн тарыхындагы эң чоң массалык алдамчылыкты ойлоп тапкан дарвинисттер мунун эң белгилүү мисалы.

Бул китептин максаты – жаратылуу акыйкатына каршы согуш ачкан, ааламдын бүт тарабында көз алдыга тартууланган татаал түзүлүштөрдү жана кооздуктарды «кокустук» деп сыпаттаган жана бир гана Аллахтын бар экенин тануу үчүн «аң-сезимсиздик менен кокустук аң-сезимди, акылды, тартипти, түшүнүктү жана сулуулукту пайда кылган» деген пикирди жактоодон тартынбаган дарвинисттердин «ойлонбогон нерселерин» көз алдыга тартуулоо. Алар ойлонбой үстүртөн өтүп кеткен, эволюция теориясы тарабынан түшүндүрүлгөндөй көрсөтүп, бирок эч качан терең кирбеген темаларды ачып, чындыгында теориянын бүт жагынан далилсиз, чарасыз жана алсыз экенин чагылдыруу. Дарвинизм алдамчылыгы дарвинисттердин башкаларды да алардай ойлонууга багыттап, дүйнөдөгү жашоонун өтө жөнөкөй түшүндүрмөсү бар деген түшүнүктү аң-сезимдерге тынымсыз сиңирүүгө таянат. Бирок учурда көптөгөн адамдар Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрсөткөн китептер, конференциялар жана тасмалардан улам дарвинизм алдамчылыгын байкашууда. Ал адамдар эч нерсени жөнөкөй бир «кокустук» менен түшүндүрүүгө болбой турганын билишет. Бүт ааламдагы кереметтүү чындыктар тууралуу ой жүгүртүп, алардын пайда болуу, татаалдык жана кемчиликсиздик себептерин изилдеп башташты. Бул жашоонун дарвинисттер айткандай «жөнөкөй» эмес экенин түшүнүштү. Ойлонбогон бир гана дарвинисттер калды.

Аллахтын бар экенин көрсөткөн сансыз далилдердин бир канчасын эле баса белгилеп, алардын бирөөсүн да дарвинисттер түшүндүрө албашын көрсөтүү дарвинизм таасирин жоготкон азыркы учурда абдан чоң мааниге ээ. Дарвинисттердин эмнелер тууралуу ойлонбогонун изилдеген сайын, өткөн кылым бою дүйнө жүзүн алдай алган дарвинист илимпоздордун жана башка бардык эволюционист теоретиктердин көздөрүн, кулактарын жана акылдарын эмнелерге карата жаап алганын көрөсүз. Бул чындык алардын илимий далилдерди эмес, бир гана жалган маалымат жана көз бойомочулуктарды колдонгонун, бир жарым кылымдан бери адамдарды шылдыңдап, феодалдык, фанаттык ишенимге таянганын толук далилдейт.

Ой жүгүрткөн адам бул чындыкты түшүнөт: бүт нерсенин кожоюну Аллах асмандагы жана жердегилердин бүт баарын бир буйрук менен, бир заматта жараткан. Дарвинисттер болсо жаратылган бир урукту да, бир клетканы да, канаттуулардын бир мамыгын да түшүндүрө алышкан жок; чындыктарга көздөрүн ачып ойлонмоюнча, Аллах каалабаса, эч качан түшүндүрө да алышпайт. Аллахтын кереметтүү чыгармалары жаратылуу чындыгын күн өткөн сайын бекемирээк далилдей берет. Улуу жана кудуреттүү Аллах бүт нерселердин Кожоюну жана кемчиликсиз Жаратуучусу.

 

Асмандардагы жана жердегилер Аллахка таандык. Эч күмөнсүз, Аллах Ганий (эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоолор да бир гана Ага тиешелүү). Эгер жер жүзүндөгү дарактардын баары калем жана деңиз, ага дагы жети деңиз кошулуп, (сыя) болсо, Аллахтын сөздөрү (жазып) түгөнбөйт. Күмөнсүз, Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Локман Сүрөсү, 26-27)

 

Бедиүззаман Саид Нурси Аллахтын кереметтүү жаратуусу тууралуу бир сөзүндө мындай дейт:

Бул кереметтүү кудуретке эмне себеп болушу мүмкүн? Бул чексиз ажайып (таң калыштуу, теңдешсиз) искусство чыгармаларын эмнеге байланыштыра аласың?1


Булактар:

1 Sözler, 33. Söz

Дарвинисттер кереметтерди издешет

  

Таң калыштуусу, эволюцияга байланыштуу калдыктарда дагы эле секириктер абдан көп жана эң кызыгы, азыркы колубуздагы ортоңку формалардын мисалдары Дарвиндин дооруна караганда азыраак. Айтайын дегеним, илимибиз өскөн сайын Түндүк Америкадагы аттын эволюциясы сыяктуу фоссил калдыктарындагы Дарвиндик өзгөрүүлөрдүн классикалык мисалдарын өзгөртүү же жок кылуу керек болду. Колубуздагы маалымат салыштырмалуу аз болгон кезде мыкты ачылыштай көрүнгөн нерселер эми бир топ татаал жана жай-өнүгүү касиети алда канча аз болууда. Демек, Дарвиндин көйгөйү жеңилдеген жок.2

Чикаго университетинен эволюционист палеонтолог Дэвид Рауп

1859-жылы терең сабатсыздык шартында пайда болгон эволюция теориясы ага чейин адамдар укпаган бир көз карашты айтып чыккан. Бул көз караш бардык жандуу организмдер кандайдыр бир пландуу кийлигишүүсүз, толугу менен туш келди табигый кубулуштардын натыйжасында пайда болгон жана кайра эле кокусунан бири-биринен эволюцияланган деген ишенүүгө болбой турган бир гипотеза болчу. Чарльз Дарвин теориясынын негизги идеясын түзгөн «жандыктар башка жандыктарга айланышы мүмкүн» деген көз карашын оюнан токуган сценарийлери менен калыптандырып, «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин жазган жана бул жаңылыштыкка таянып жандыктардын жаратылгандыгы тууралуу акыйкатка каршы майнапсыз күрөш жүргүзгөн.

1800-жылдардагы илимий сабатсыздык шартында Дарвиндин бул чындыкка коошпогон көз карашы үчүн көрсөтө турган бир дагы далили жок болчу. Анын бул көз карашын эч бир илимий ыкма менен текшерүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бул көз карашты далилдей турган эң негизги булактан, башкача айтканда, фоссил калдыктарынан теориянын пайдасына бир дагы далил табылган эмес. Ошондуктан Дарвин теориянын келечекте бир күнү сөзсүз далилденээрине ишенгиси келген. Бир керемет болушун күткөн. Ал керемет анын ойлоп тапкан теориясын кандайдыр бир жол менен далилдейт деп ойлогон.

Андан соң анын жолдоочулары кереметтерди издөөнү улантышкан. Бирок бул жолу ишке ашышы күтүлгөн кереметтин масштабы алда канча чоңойгон. Илимий ачылыштар жандуу организмдердеги татаал түзүлүштөрдүн терең өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн, мурда белгисиз болгон молекулярдык системалар аныкталган, ДНК сыяктуу кереметтүү түзүлүштөрдү ачкан генетика илими өнүккөн жана жер жүзүндө дарвинисттер түшүндүрүшү керек болгон сансыз түрлөр табылган. Мындан тышкары, фоссил калдыктарынан эволюцияда айтылгандай жарым өрчүгөн жандыктардын бир дагы мисалы табылган эмес, тескерисинче тарыхта жашап өткөн жана, ал тургай, өткөөл форма катары көрсөтүлгөн түрлөрдүн эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбостон бүгүнкү күндө да жашап жатканы аныкталган. Эволюция теориясы Дарвиндин доорунан бери түшүндүрүшү керек болгон бир дагы көз карашка жооп бере алган жок. Теория толугу менен далилсиз болчу.

Дарвинден башталган кереметтерди издөөнү анын жолун жолдогон учурдагы эволюционисттер дагы эле улантышууда. Ал мезгилден бери эволюция теориясынын пайдасына эч кандай жылыш болгон жок, тескерисинче теориянын жараксыздыгы сансыз далилдер аркылуу толук жарыяланды. Бирок дарвинисттер кереметтерди күтүүдөн эч баш тартышкан жок. Эволюционисттердин алдында жооп күткөн миллиондогон суроо бар. Алар бири-биринен эволюцияланган деп эсептеген жандыктардын укмуш татаал, абдан кылдат системалуу органдары кантип пайда болгон деген суроого бере турган жообу жок. Ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин кантип иштээри, кантип жоктон жандуу организмди пайда кыла алаары жана бир жандыкты кантип түзүлүшү жагынан таптакыр окшобогон башка бир жандыкка айландыра алаары түшүндүрүлгөн эмес. Дарвиндин эволюция теориясы бир эле жандыктын бир эле белогун да түшүндүрө албайт. Ошондуктан көп жылдык күтүүлөрү аларга көңүл калуудан башка эч нерсе алып келбеген, учурдагы дарвинисттер кереметтерге болгон толук жана аргасыз көз карандылыгын улантып, түшүндүрө албаган темаларга көңүл бурушпайт.

Болгону алардын булагы кереметтер дешет. Жандыктардын сансыз түрлөрүндөгү теңдешсиз өзгөчөлүктөрдү кереметтер аркылуу пайда болгон дешет. Кереметтерди ким жасаган деген суроого болсо «кокустук» деп жооп беришет. Өз ойлорунда Аллахтын атын кокустук коюп алышкан. Айланабыздагы кереметтүү жана адамзатты таң калтырган укмуштуу жандыктарды кереметтерди жасай алган кокустуктар жараткан дешет. Бири-биринен кооз көпөлөктөрдү, жолборсторду, канаттууларды, мышыктарды, пингвиндерди, пилдерди, кулпунайды, шабдалыны, фиалканы, розаны, көз жоосун алган токойлорду жана жогорку жөндөмдүү, ойлонгон, көргөн, чечмелеген, түшүнгөн, анатомиялык түзүлүшү кемчиликсиз адамды жараткан күчтүн кереметтерди жасай алган кокустуктар экенин айтышат.

Алардын максаты – Аллахтын атын атабоо. Бир адаттан тышкарылык бар экенин, изилденген ар бир жандыкта кереметтер катылганын билишет. Бирок муну Аллахтын керемети катары көрүп, кабыл алуу аларга кыйын. Өздөрүн кудайдай көрүп, Аллахка кул болууну кабыл алгылары келбегендиктен, апачык көрүнүп турган кереметти көрмөксөн болушат жана аң-сезимдүү, пландуу жана максаттуу кийлигишүү жөндөмү жок, туш келди окуяларды, тагыраак айтканда, кокустуктарды өз ойлорунда жаратуучу күч катары жарыялашат.

Мындагы максат ичтериндеги «Аллах бар болсочу» деген коркуудан кутулуу (Аллахты аруулайбыз), акыреттеги түбөлүк жашоо жана сурак күнү тууралуу ойлорду унутуу жана мындан адамдарды алыстатуу. Болбосо эволюция теориясынын көз караштары – акылы ордунда болгон эч бир адам жактай турган көз караштар эмес. Акыл жүгүрткөн эч бир адам бир жандыктын клеткасында да аң-сезим бар экенин көрүп туруп, анын аң-сезимсиз кубулуштардын натыйжасында пайда болгонуна ишене албайт. Бир акылдуу адам өмүр бою дарвинизм пропагандасын укпаган болсо жана бир күнү ага дарвинисттик көз караштар айтып берилсе, албетте, аларды сандырак пикирлер деп эсептейт. Дарвинизм пропагандасына кабылбаган адам жер жүзүндөгү жандыктарды жараткан бир күчтүн бар экенин сөзсүз түрдө кабыл алат. «Жандуулардын кыймыл-аракеттеринде, жашоолорунда, денелеринде бир аң-сезим бар» дейт. Аларды жараткан жогорку бир аң-сезимдин бар экенин талашсыз бир чындык катары апачык түшүнөт.

Бирок дарвинизм пропагандасы балдарга жана жаштарга бүт бул чындыктарды мектеп жашынан баштап айтууга тыюу салат. Орто мектеп курагынан баштап бир добуштан жакталган эволюция теориясынын логикасыздыгын жана илимий жараксыздыгын эч ким талкуулай албайт. Эгер бир адам эволюцияга карама-каршы пикир айтканда сынга туш болсо, терең изилдөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү болбосо, күнүмдүк жашоосунда тынымсыз бир тараптуу дарвинизм пропагандасын укса, эволюцияга каршы китептер үйүнө же китепканаларга киргизилбесе, анда дарвинисттер каалагандай, сыйкырланган коомдун мүчөсүнө сөзсүз түрдө айланат.

Дарвинисттер логикага эч сыйбаган эволюция жомогун адамдарга жайылтуу үчүн аларды сыйкырлашат. Түшүндүрө албаган нерселеринин баарын кокустуктардын керемети дешет. Түшүндүрө албаган нерселери ушунчалык көп болгондуктан, бирден бир жана эң ишенимдүү чечим катары аларды тереңирээк «ойлонбоо» жолун тандашат. Ойлонбой коюу аркылуу өздөрүн жана айланаларындагы адамдарды сыйкырдын ичине тартышып, өздөрүн жана айлана-чөйрөлөрүн алдоону улантышат. Бирок бул алдамчылыктын жана сыйкырдын таасири аң-сезимдүү адамдар үчүн абдан кыска болот.

Улуу Аллах Куранда адамдарды жердеги жана асмандагы жаратылган нерселер тууралуу ойлонууга чакырат. Эгер бир адам ааламдагы бүт нерселердин Раббибиздин теңдешсиз чыгармалары экенин көрө алса жана буга ишенсе, ал чыгармалар тууралуу ойлонуу анын дүйнө таанымын жана түшүнүгүн ансайын ачып, Улуу Жаратканыбызга болгон жакындыгын жана акырет ишенимин ансайын бекемдейт. Ал адам изилдеп ой жүгүрткөн нерселеринин бүт баарында бир чеберчилик жана акыл бар экенин көрүп, Раббибиздин улуу акылын, кереметтүү чеберчилигин жана кудуретин жакшыраак түшүнө алат.

Ойлонбогон коомдун логикасыз жана далилсиз эволюция теориясына ишенип, анын пропагандасына сыйкырлануусу оңой. Ал эми ойлогон адамдар болсо бүт ааламдардын мактоолордун эң мыктысына татыктуу, бийик жана улуу Аллахка таандык экенин апачык түшүнүшөт.

 

Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)


Булактар:

2. D.M. Raup, ‘Conflicts between Darwin and paleontology,’ Field Museum of Natural History Bulletin 50:22, 1979

Дарвинисттер эмнелерди ойлонушпайт - 1

 Эгер акылың адашкан пикирлерге чиеленбеген болсо, муну түшүнөсүң: бир кудуреттүү сөздү, мисалы бал аарыны көпчүлүк нерселердин бир үлгүсү катары көрсөтүү, жана бир бетте, мисалы адамда бул аалам китебинин көпчүлүк маселелерин жазуу, бир чекитте, мисалы кичинекей инжирдин данегинде чоң инжир дарагынын программасын киргизүү жана бир тамгада, мисалы адамдын жүрөгүндө бул ааламдын баскычтарында көрүнгөн жана камтыган бүт ысымдарынын издерин көрсөтүү жана бир жасмыктын данындай болгон адамдын эс тутумунда бир китепканадай маалыматты жаздыруу жана бул дүйнөгө байланыштуу бардык окуялардын терең сүрөттөлүшүн камтуу, албетте жана албетте бүт нерсеге кудуреттүү, бүт нерсенин Жаратуучусуна (Аллахка) таандык жана бул ааламдын Рабби Зулжелалине (бүт нерсени тартипке салуучу улуу Аллахка) тиешелүү бир мөөр.3

Бедиүззаман Саид Нурси

 

Дарвинисттер молекулярдык эволюциянын ыктымалсыздыгын ойлонушпайт
 

Дарвинисттер «мутациялар жандыктарды өрчүтөт, аларга жаңы органдарды жана өзгөчөлүктөрдү берет» деп айтуунун «жер титирөөлөр бир шаарды заманбап шаарга айландырат» деп айтуу сыяктуу акылсыздык экенин, генетикалык маалыматты жакшырткан пайдалуу мутациянын эч кездешпегенин жана эч качан болбой турганын ойлонушпайт.

Канчалык көп санда болсо да, мутациялар эч кандай эволюцияга алып келбейт.4

Франция илимдер академиясынын мурдакы жетекчиси, эволюционист Пьер-Поль Грассе

Дарвинисттер көз жашындагы лизоцим ферментинин бактериялардын көптөгөн түрлөрүн талкалоо жана микробдорду өлтүрүү касиетинен улам көздөрдү ар түрдүү оорулардан коргоорун, лизоцим затынын имараттарды тазалоодо колдонулган дезинфекциялоочу каражаттардан да натыйжалуу экенин, бирок ошого карабастан бул заттын адамдын көзүнө зыян келтирбешин жана мунун Аллахтын бүт адамдар үчүн жараткан бир жакшылыгы экенин ойлонушпайт.

Луи Пастер

Дарвинисттер «жашоо жансыз заттардан кокусунан пайда болгон» деп айтканда 19-кылымда Луи Пастердин «жашоо жашоодон гана келип чыгат» гипотезасын далилдегенин, «жансыз заттар жашоону пайда кылышы мүмкүн» деген көз карашты илимий жактан жокко чыгарганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер адамдын денесинде бир канча кубик канттын көлөмүндөй жерде жайгашкан гипоталамустун адам төрөлүшү үчүн жыныстык бездердин өрчүшү керек экенин эсептеп, ал үчүн бир убакыт белгилеп, дал ошол убакта ошол гормонду бөлүп чыгарышы керек экенин; көзү, кулагы, тили, ал тургай мээси да жок бир кесим эттин убакытты билип арадан өткөн жылдарды эсептешин жана ошого жараша жөнгө салышын сокур кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер адамдын денесиндеги функциялардын талап кылынган ылдамдыкта жана талап кылынган мөөнөттө аткарылышына ферменттердин салым кошоорун, бул кызматты аң-сезимсиз атомдордон турган ферменттердин өз алдынча үйрөнө албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер миллиарддаган тамгадан турган бир текстти бир адамдын эч ката кетирбей көчүрө албай турганын, ферменттердин болсо ДНКны копиялоодо миллиондогон тамганы катасыз чогултушундагы акыл жана кемчиликсиз уюштуруунун Аллахтын бар экендигинин ачык далили экенин ойлонушпайт.

Адамдын ДНКсы компьютердик программага окшош, бирок биздин ушул кезге чейин иштеп чыккандарыбыздан алда канча өнүккөн.5

Microsoft компаниясынын башчысы Билл Гейтс

Дарвинисттер «окумуштуулардын эксперименттери жашоо химиялык реакциялар аркылуу өзүнөн өзү башталышы мүмкүн экенин көрсөттү» дешет, бирок муну көрсөткөн бир дагы эксперимент жок экенин, болгондо да илим мунун теориялык жактан да мүмкүн эмес экенин далилдегенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер жашоонун келип чыгышын түшүндүргөн маанилүү бир ачылыш деп Миллер экспериментин көрсөтүшөт, бирок Стэнли Миллердин ал экспериментти өзү түзгөн, алгачкы дүйнө атмосферасы менен байланышы жок жасалма шарттарда жасаганын, ошондой эле экспериментте аминокислота гана синтезделгенин жана аминокислота пайда болушунун эч качан жандуу организмдер пайда болду деген мааниге келбей турганын ойлонушпайт.

Аминокислоталар белоктордун курулуш материалы боло алышат, бирок курулуш материалдары менен курулган имараттын ортосунда өтө чоң айырма бар. Жерден бир канча кирпичтин табылышы ары жакта үй бар экенин көрсөтпөйт, ошол сыяктуу аминокислота жыйындысы да жашоо үчүн талап кылынган белок сыяктуу чоң жана атайын молекулалардан өтө эле алыста.6

Астроном жана эволюционист Пол Дэвис

Дарвинисттер бир даана жандуу клетка пайда болушу үчүн жүздөгөн түрдүү белоктун, ДНК коддорунун, аларды чечмелей турган ферменттердин, иргеп өткөрүүчү клетка мембранасынын, кыскасы өтө татаал механизмдер жыйындысынын пайда болушу керек экенин, мындай системанын кокусунан пайда болгонуна ишенүүнүн бир сөз менен айтканда ыктымалсыз нерсеге ишенүүгө тете экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер ДНКнын жандыктардын бардык өзгөчөлүктөрүн камтыган бир маалымат экенин, ал алп молекуланын «нуклеин кислотасы» деп аталган төрт түрдүү молекуланын тизмегинен тураарын, ал төрт молекуланын төрт тамгалуу алфавитке окшоп денеде курала турган бардык органикалык молекулалардын маалыматын сактаарын, башкача айтканда, ал молекулалардын туш келди эмес, белгилүү маалыматка ылайык тизилээрин, ал маалыматтын өзүнүн ичинде сүйлөмдөргө, абзацтарга (гендерге) бөлүнөөрүн, ар бир гендин дененин ар кайсы өзгөчөлүгүн, мисалы адам кант жегенде аны клеткалардын ичине киргизе турган инсулин гормонунун формуласын же көздөгү тунук айнекчел клеткаларынын түзүлүшүн сүрөттөөрүн, ДНКда жайгашкан бул эбегейсиз маалыматтын дарвинизмдин кокустук көз караштарын жокко чыгараарын ойлонушпайт.

Ядродогу 46 хромосоманын ар биринде бир адамга таандык бардык маалыматтарды камтыган гендер жайгашат. Дарвинисттер адамдын денесиндеги бардык органдардын клеткаларда жайгашкан гендерде сүрөттөлгөн бир пландын негизинде куралаарын, мисалы, денеде теринин 2559, мээнин 29930, көздүн 1794, шилекей безинин 186, жүрөктүн 6216, көкүрөктүн 4001, өпкөнүн 11581 ген тарабынан башкарылаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер табиятта 200дөн ашуун аминокислота бар экенин, бирок организмдерди түзгөн пайдалуу белоктордун ар дайым ал аминокислоталардын 20сынан гана тураарын, мындай тандоонун кокусунан боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер белоктордун организмдер үчүн абдан маанилүү болгон молекулярдык формасынын белокторду түзгөн аминокислоталардын жайгашуу кезегине жараша аныкталаарын, бир эле аминокислота кийинки аминокислотага талап кылынгандай кезекте туташпаса белоктун толугу менен ишке жараксыз болуп калаарын, белокторду түзгөн аминокислоталардын кантип ар дайым туура тизилээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер белок жасалышы үчүн ДНКдан алынган маалыматты туура көчүрүү жана ал үчүн алгач ДНК молекуласынын тепкичке окшоп бири-бирине оролгон тилкелерин ажыратуу керек экенин, аны ажыратуу ишине жооптуу молекулалардын аны билишээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер баткак сууда өзүнөн өзү бир белок пайда болуп, анан ошол замат башка белоктор пайда болуп, андан соң алар биригип, клетканы түзүп жандуу организмди эч качан пайда кыла албай турганын ойлонушпайт.

Жашоонун келип чыгышы тууралуу сөз болгондо бир канча конкреттүү маалымат менен чектелүүгө мажбур болушубуз уят көрүнүш. Жер бетинде жашоонун алгачкы жолу качан жана каерлерде пайда болгондугу жөнүндө үстүртөн маалыматыбыз болсо да, бул процесс кандайча жүргөн жана жансыз химикаттардын жыйындысы кантип капыстан биригип алгачкы жандуу клеткага айланган деген суроого келгенде туруп калабыз.7

«Cumhuriyet Bilim Teknik» журналы

Дарвинисттер ДНКнын кандайдыр бир баскычындагы, мисалы 1 миллиард 719 миллион 348 миң 632-баскычындагы бир тамганын туура эмес коддолушу сыяктуу бир катанын да клетка үчүн жана натыйжада адам үчүн кооптуу натыйжаларга себеп боло алаарын, ошондуктан бул коддоону кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер белгилүү бир чөйрөдө бардык керектүү нуклеотиддер бар жана алар бири-бири менен байланыш түзүшү үчүн керек болгон бардык татаал молекулалар жана байланыштыруучу ферменттердин баары даяр турат деп кабыл алсак да, ал нуклеотиддердин талап кылынган тартипте тизилүү ыктымалдыгынын 41000ден бир, башкача айтканда, 10600дөн бир (тагыраак айтканда, математикада нөл) ыктымалдык экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер миллиондогон тепкичтен турган ДНК молекуласы мындай турсун, ДНКны түзгөн 200 миң гендин бир даанасынын да кокусунан эч качан пайда болбой турганын жана илимдин муну далилдегенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер клетканын эгер ичинде энергия чыгаруучу станциялар, жашоого керектүү ферменттерди жана гормондорду иштеп чыгуучу заводдор, өндүрүлө турган бардык нерселерге тиешелүү маалыматтар жазылган маалымат базасы, бир жерден башка жерге чийки заттарды жана продукцияларды жеткирүүчү татаал транспорт системалары, түтүктөр, сырттан келген чийки заттарды ишке жарамдуу бөлүктөргө ажыратуучу өнүккөн лаборатория жана тазалоочу заводдор болбосо иштей албай турганын, ошондуктан клетканын кокустуктарга жол берилгис даражада кемчиликсиз бир жаратуу керемети экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер жандуу организмдер мутациялар аркылуу эволюцияланган деп айтышат, бирок мутациялардын 99%ынын жандыктарга зыян берээрин ойлонушпайт.

Бир телевизордун схемаларынын туш келди өзгөрүшү сүрөттөлүштү жакшыртпайт, ошол сыяктуу эле жашоону түзгөн, бири-бири менен тыгыз байланыштагы химиялык процесстер системасындагы өзгөрүүнүн да жашоого зыян тийгизээри анык.8

Радиация жана мутация боюнча адис Джеймс Ф. Кроу

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) Электр инженериясы факультетинин профессору Мюррей Иден «Неодарвинисттик эволюциянын илимий теория катары жетишсиздиги» аттуу макаласында адаптация максатындагы бир өзгөрүү келип чыгышы үчүн алты мутация талап кылынса, мунун кокусунан бир миллиард жылда бир жолу гана ишке ашаарын, эгер эки дюжина ген кошула турган болсо, анда жер планетасынын жашынан көбүрөөк убакыт, тагыраак айтканда, 10 миллиард жыл керек болоорун көрсөткөн.9

Британиялык илимий жазуучу Гордон Рэттрей Тейлор

Дарвинисттер жашоо сокур кокустуктардын натыйжасында келип чыккан дешет, бирок орточо чоңдуктагы бир белок молекуласынын кокусунан пайда болуу ыктымалдыгынын 10300дөн бир экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер ишке жарамдуу бир белоктун кокусунан пайда болуу ыктымалдыгынын 10950дөн бирге барабар экенин эч ойлонушпайт.

Дарвинисттер бул ыктымалдыктарды баалоодо математикада 1050дөн 1ден кичине ыктымалдыктардын иш жүзүндө «нөл ыктымалдык» катары кабыл алынаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер 19-кылымдын технологиясы менен суу толтурулган шардай көрүп, кокусунан пайда болгон деп эсептеген клетканын илимпоздордун салыштыруусу боюнча Нью-Йорк шаарындай татаал түзүлүшкө ээ экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер көлөмү миллиметрдин 100дөн бириндей болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «митохондрия» деп аталган энергия станциясынын бир мунайзат иштетүүчү заводдон же гидроэлектрдик станциядан да татаал экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында пайда болгон деп эсептеген, адамдын денесиндеги 100 триллион клетканын ар бириндеги ДНК молекулаларынын бирөөсүндө бир миллион энциклопедия бетинчелик маалымат бар экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер клеткалардын көз, чач, сөөк, тери, ашказан же дененин башка бир бөлүгүндө бөтөнчөлөнүшүн ДНКны түзгөн аң-сезимсиз атомдордун кантип аныктаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир бактериянын ДНКсында ар бири 100 миң сөздөн турган 20 романга тете маалымат бар экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер молекулалардын аң-сезимдүү жандыктардай чечим кабыл алып, иштерди бөлүшөөрүн жана кылган иштеринде үнөмдүү болушаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер белгилүү молекулярдык биолог, профессор Майкл Дентондун «клеткага жакын барып аны изилдегенибизде, үстүңкү бетинде миллиондогон кичинекей эшиктерди көрөбүз. Жана эгер ал эшиктердин бирөөсүнөн ичкери кирсек, кереметтүү технологияга жана бизди таң калтыра турган комплекстүүлүккө туш болобуз»10 деген сөзүн ойлонушпайт.

Эволюцияда түшүндүрүү эң кыйын болгон баскычтардын бири примитивдүү жандыктардан органеллдери бар, татаал клеткалардын кантип келип чыкканын илимий жактан түшүндүрүү. Чындыгында бул эки форманын ортосундагы чыныгы өткөөл форма да табыла алган жок. Бир клеткалууларда жана көп клеткалууларда бул татаал түзүлүш толук бойдон кездешет, органеллдеринин түзүлүшү же алардын бири жөнөкөйүрөөк болгон бир топ же жандык табылган жок. Башкача айтканда, органеллдер бүт тарабынан толук жетилген. Жөнөкөй жана примитивдүү формалары жок.11

Профессор, доктор Али Демирсой

Дарвинисттер көмүр кычкыл газы, заара сыяктуу зыяндуу заттардын денеден бөлүп чыгарылышы, кандагы калдыктар менен пайдалуу заттардын бири-биринен ажыратылышы жана ал заттардын туура жерлерге жеткирилиши сыяктуу өтө маанилүү процесстерди аң-сезимсиз кан клеткаларынын өз алдынча жасай албай турганын ойлонушпайт.


Дарвинисттер кандагы ташыгыч белоктордун бири альбумин молекуласынын майларды, уулуу заттарды, дарыларды жана азыктарды бири-биринен кантип айырмалаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер альбумин сыяктуу атомдордон турган аң-сезимсиз бир молекуланын боорду, өттү, ашказанды таанып, ташыган заттарын адашпастан, жаңылбастан, эч ката кетирбестен ар дайым туура жерге жана керектүү өлчөмдө жеткирээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер денеге кирген вирус, бактерия сыяктуу чоочун заттардын кандагы антитело жана лейкоцит аттуу жоокерлер тарабынан жок кылынаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер клондоонун башка бир жаныбардан алынган клетка аркылуу жасалганын, эч нерсенин жоктон пайда кылынбаганын, ал тургай, мунун жаратууга далил болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер бүт нерсе заттан турат дешет, бирок ДНК спиралында камтылган «маалыматтын» зат эмес экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир эле жөнөкөй бактерияда кездешкен 2000 түрдүү белоктун кокусунан пайда болуу ыктымалдыгынын 1040000ден 1, башкача айтканда эч мүмкүн эмес экенин ойлонушпайт.12

Дарвинисттер бир энелик клетканын бөлүнүп, бири-биринен бөтөнчөлөнгөн сансыз клетканы пайда кылаарын, ал клеткалардын ортосунда кемчиликсиз байланыш жана кызматташтык бар экенин жана мунун илимпоздордун акылы жетпеген кубулуштардын бири экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер Цитохром-С аттуу белоктун белгилүү аминокислота тизмегинен тураарын жана анын кокусунан пайда болуу ыктымалдыгынын бир маймылдын машинкада эч ката кетирбей адамзат тарыхын жазуу ыктымалдыгынан да төмөн экенин13 ойлонушпайт.

Дарвинисттер бүт баары кокусунан пайда болгон дешет, бирок клетканын ичинде жайгашкан ДНКдагы маалыматты адамдар дагы эле толук чечмелей албаганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер клетканын маалымат базасы ДНКнын жандууларда архитектор, инженер, жыт боюнча адис, ботаник, лаборант, ички дизайнер, дизайнер, сүрөтчү, дарыгер жана дагы канчалаган кесипкөй чеберлердин жана илимпоздордун милдетин аткарган бир пландоо борбору катары кызмат кылаарын ойлонушпайт.

Эволюцияда бир «прогресс» болдубу? Азыркы өсүмдүктөр менен жаныбарлар мурункуларга караганда көбүрөөк өнүккөнбү же жок дегенде татаалыраакпы? Албетте, жок. Бактериялардын төө кушка же пилге караганда азыраак кыймылдуу бөлүктөн турганы үчүн жөнөкөйүрөөк организм экени чындык, бирок ДНКсы пилдикиндей бай жана жашаган чөйрөсүндө омурткалуудай ийгиликтүү жашоосун улантат. Ал тургай, кээ бир бактериялардын мууну 3 миллиард жылга чейин үзгүлтүксүз улангандыктан, башка көптөгөн жандыктарга караганда ийгиликтүүрөөк болгон деп айта алабыз. Анткени көптөгөн жандык түрлөрү же өлүштү, же жок болушту, же буга туш болушат.14

Эволюционист, деңиз биологу Ричард Эллис

Дарвинисттер белоктордун бүт жандыктардын маалыматы жазылган ДНК молекуласынын копияланышы, маалыматтын чыгарылышы жана клетканын бөлүнүшү сыяктуу өтө маанилүү процесстерди кайдан билээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деп эсептеген аң-сезими жана акылы жок белоктордун биргелешип иштеп клетканын бүт химиялык бөлүктөрүн кураштыраарын, ошондой эле керек учурда майда бөлүктөргө ажыратаарын жана аларды колдонуп клетка пайдалана турган жөнөкөй кошулмаларга бөлүштүрөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер көрүү процессинде кызмат кылган сансыз белоктун бүт баарынын өз милдетин аткара алышы үчүн ылайыктуу молекулярдык түзүлүшкө ээ болушу керек экенин жана мунун эч качан кокусунан болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер тордомо челдин конус клеткаларындагы молекулалардын кантип биригип, түстөрдү көрүүнү камсыз кылган белокторду пайда кыла алаарын, ал белоктордун миллиондогон жылдан бери жашаган адамдардын баарында кантип бирдей түзүлүштө болоорун жана өз милдетин кемчиликсиз аткараарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кантип молекулалардын алар айткандай кокусунан биригип, көздү ультра кызгылт көк нурлардын зыяндуу таасирлеринен коргогон меланин белогун пайда кыла алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер белоктордун табиятта кездешкен 200дөн ашуун аминокислоталардын арасынан 20сынан гана түзүлөөрүн жана мындай аң-сезимдүү тандоону эч качан түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жандуу организмдерде кантип бир дагы оң-жактуу аминокислота жок экенин жана мындай аң-сезимдүү тандоонун кантип келип чыкканын ойлонушпайт.

Молекулярдык эволюция эволюциялык байланыштарды ачууда палеонтологиядан дээрлик жакшыраак бир ыкма катары кабыл алына баштады. Бир молекулярдык эволюционист катары буга сыймыктанышым керек болчу. Бирок тескерисинче, түрлөрдүн ырааттуу өнүгүшүн көрсөтүшү керек болгон молекулярдык окшоштуктардын көптөгөн бөтөнчөлөрүнүн болушу абдан тынчсыздандырат. Андай бөтөнчөлөр ушунчалык көп болгондуктан, чындыгында бөтөнчөлөрүндө жана кызыктайларында тереңирээк маани камтылган деп ойлойм.15

Түштүк Каролина университетинин биохимия жана молекулярдык биология профессору Кристиан Швабе

Табиятта сол-жактуу жана оң-жактуу болуп
эки түрдүү аминокислота кездешет. Белоктор
бир гана сол-жактуу аминокислоталардан түзүлөт

Дарвинисттер белоктор пайда болушу үчүн табияттагы аминокислоталардын 200дөн ашуун түрүнүн арасынан 20сынын туура тандалышы, бүт баарынын сол-жактуу болушу жана туура кезек менен тизилиши сыяктуу бир канча баскычтуу, пландуу тандоонун кантип келип чыкканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер белоктордун бир гана сол-жактуу аминокислоталардан куралуу ыктымалдыгынын 10210дон 1 экенин, бул сандын «нөл» ыктымалдыкка туура келээрин, ошондуктан кокусунан эч качан ишке ашпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер көрүү же угуу жөндөмдөрү жок, аң-сезимсиз атомдордун биригишинен келип чыккан аминокислоталардын кантип организмдер үчүн абдан керектүү болгон, кемчиликсиз түзүлүшкө ээ белокторду пайда кыла алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деп эсептеген аминокислоталардын ар бир белок үчүн ар кандай катарда тизиле турганын кайдан билээрин жана ал тизмекти кантип катасыз түзөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер өтө кичинекей белок молекуласынын ичиндеги атомдордун кантип бир план менен тизилээрин жана андан соң ошол пландын негизинде ийилип бүгүлөөрүн, ар бир белок үчүн өзүнчө бир план бар экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер сокур кокустуктардан пайда болгон деп эсептеген нерв клеткасын жытты электрдик сигналга айландырууга эмне мажбурлаганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер денедеги темирдин деңгээли жогорулаганда дененин кантип темир өндүрүшүн токтотуу чечимин чыгараарын, кантип аң-сезимдүү иш-аракет жүргүзөөрүн жана ал аң-сезимди эволюция теориясы эч качан түшүндүрө албай турганын ойлонушпайт.

Башында «байыркы сорподо» пайда болгон алгачкы клеткадан хомо сапиенстин укмуш татаал түзүлүшүн көздөй созулган жашоонун эволюциясы, баарыбыз билгендей, татаалды көздөй уланган узак сапар. Бирок баарыбыз билген бул нерседе бир көйгөй бар... ал анын тууралыгын көрсөткөн бир дагы далилдин жоктугу.16

Discover журналынын тажрыйбалуу редакторлорунун бири Лори Оливенштейн

Дарвинисттер ылайлуу сууда кокусунан пайда болгон деп эсептеген белоктун кантип пайда болгонун, кантип экинчиси пайда болуп аны менен бириккенин, аларга үчүнчүсү кантип кошулганын жана бул ыктымалсыз системанын кантип андан ары уланганын жана эң аягында алардын баары биригип, кокусунан бир клеткага айланып, ага жан киришинин мүмкүн эмес экенин ойлонушпайт.

Дарвинизмдин формуласы: ылай (баткак) + убакыт + кокустук + табигый кубулуштар

Дарвинисттер толугу менен аң-сезимсиз процесстер аркылуу келип чыккан деп эсептеген клетканын ичинде бир ядронун кантип пайда болгонун, пайда болду деген күндө да ага кантип жан киргенин түшүндүрө албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер эненин курсагында аң-сезимсиз эмбрион клеткалары чачыранды кезде кантип бир жерге чогулууну чечип, катарынан тизилип жыш дубалдай биригээрин жана канды эч чыгарбай турган өтө бекем түтүк системасы болгон кан тамырларын түзөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер кекиртектин үстүндө жайгашып, кичинекей кыртыштан турган клапандын бир нерсени жутуп жатканда автоматтык түрдө кокону (трахеяны) жабаарын, ошентип тамак жеп жатканда кокого суу же тамак кирип кетишине бөгөт коюлаарын жана жутуу процессинен кийин кокодон аба өтүшү үчүн клапандын кайрадан ачылаарын, мындай механизмдин кокусунан эч качан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жөнөкөй бир секреция деп ойлогон шилекейдин чындыгында өтө кылдат өлчөмдөгү ар кандай химиялык заттардан тураарын, даам бергич молекулалардын шилекейде ээрип тилдеги даам сезүүчү нервдердин учуна биригээрин, ошондо гана жеген тамактарыбыздын даамын сезе алаарыбызды жана молекулярдык деңгээлде өтө кылдат белгиленген бул кереметтүү системанын эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер денебиздеги болжол менен эки жүз түрдүү клетканын ичиндеги бардык белоктордун түзүлүшүндө жана формасында эч кандай ката жок экенин жана ар бир белоктун өз милдетин эң жакшы билээрин, мунун эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

«Молекулярдык деңгээлде жандыктардын ар бир классы уникалдуу, өзгөчө жана башкалар менен байланышы жок. Ошондуктан молекулалар да фоссилдер сыяктуу эволюционисттик биология көптөн бери издеген теориялык өткөөл формалардын жок экенин көрсөттү... Молекулярдык деңгээлде эч бир организм башкасынын «атасы» (түпкү теги) эмес, башка организмден «примитивдүүрөөк» же «өнүккөнүрөөк» да эмес... Эгер бул молекулярдык далилдер мындан бир кылым мурда колдо болгондо... органикалык эволюция көз карашы эч качан кабыл алынбашы мүмкүн болчу.»17

Молекулярдык биолог Майкл Дентон

Дарвинисттер денеде кандайдыр бир белок керек болгондо, өздөрү да белок болгон кээ бир кабарчылардын аң-сезимдүү сыяктанып каерге кайрылышы керек экенин билишээрин, дененин ичинен тиешелүү жерди таба алышаарын жана муктаждык билдирүүсүн туура жерге туура жол менен жеткире алышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деп айткан адамдын денесинин ичинде бири-бирин эч качан көрбөгөн, бири-биринин каерде экенин билбеген клеткалардын бири-бири менен кереметтүү түзүлүштөгү гормондор аркылуу кантип байланыш түзө алышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер РНК-полимераза ферментинин клетканын ичиндеги иштер үзгүлтүккө учурабашы, муктаждык туура канааттандырылышы, кыскасы клетканын жашоосу уланышы үчүн туура белок синтезделишин камсыз кылуу максатында ДНКдан туура маалыматты тандап алуу аң-сезимине ээ экенин, аң-сезимсиз, туш келди окуялардан эч качан аң-сезим келип чыкпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер РНК-полимераза ферментинин бул тандоону ДНК аттуу кереметтүү молекуладагы 3 миллиард тамганын арасынан жасаарын жана керектүү белок үчүн тамгаларды тандоодо эч качан ката кетирбешин ойлонушпайт.

Дарвинисттер белок жасалышы (синтезделиши) үчүн ДНК молекуласынын тепкич формасындагы тилкелери ачылышы керек экенин, РНК-полимераза ферменти аны ажыратып жатканда башка бир жооптуу фермент ачылган спиральдын эки учун кармап сүрүлүүнүн алдын алаарын, башка жооптуу ферменттердин спиральдардын бири-бирине оролушуна бөгөт болоорун, ошондой эле, дагы көптөгөн ферменттер кызмат кылган бул копиялоо процессинин ар бир баскычында аң-сезим өкүмчүлүк кылаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер ДНК копияланышы үчүн ферменттер керек экенин, ферменттер жасалышы үчүн болсо ДНК керек экенин, ошондуктан бул экөөнүн бир учурда бир жерде болушу шарт экенин, дарвинизмдин кокустуктар аркылуу акырындан эволюциялануу көз карашы боюнча мунун мүмкүн эместигин ойлонушпайт.

Түзүлүшү абдан татаал белоктордун жана нуклеин кислоталарынын (РНК жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокусунан пайда болушу абдан ыктымалсыз. Бирок булардын бири болмоюнча экинчисин алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан адам «жашоо химиялык жолдор аркылуу эч качан пайда болбойт» деген тыянакка барууга мажбур болот.18

Эволюционист микробиолог, доктор Лесли Оргел

Дарвинисттер адамдын денесинде тиешелүү ферменттин тиешелүү жерде болушу керек экенин кайдан билээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер жаңы жасалган көптөгөн белоктун клетканын ичинде көптөгөн молекула машиналар менен жол жүрөөрүн, ал машиналардын кээ бирлеринин белокту кармап, талап кылынган жерге чейин жеткирээрин жана жеткириле турган жерди эч качан адаштырбашын ойлонушпайт.

Дарвинисттер инсулин белогунун денедеги ашыкча кантты сактап коюу буйругун берээрин, ошентип канда жана кампада кант сакталаарын, антпесе клетканын кант муктаждыгы канааттандырылбаса өлүмгө алып бараарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер адреналин гормону талап кылынгандай түзүлүштө болгондо гана булчуң, жүрөк жана кан клеткалары аны тааный алаарын, ошондо гана ал клеткалардагы иш-аракеттерди стимулдай алаарын жана натыйжада дененин физикалык басымдардан коргоно алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер клетканын ичинде белок синтезинде 80ден ашуун рибосома, 20дан ашуун аминокислота кабарчысы молекулалар, ондон ашуун жардамчы фермент, 100дөн ашуун жыйынтыктоочу иштерди жасаган ферменттер, 40тан ашуун РНК молекуласы болуп, жалпысынан болжол менен 300 макромолекуланын координациялуу иштээрин ойлонушпайт.

  

Дарвинисттер жер жүзүндөгү жандыктардын кереметтүү өзгөчөлүктөрүн жана жүрүм-турумдарын ойлонушпайт

 

Дарвинисттер кайырмакчы балыктын башынан чыккан жана аңчылык үчүн колдонгон өсүндүсүн өз алдынча жасоо жөндөмүнө ээ эмес экенин, анын кокусунан пайда болбой турганын жана балык өмүрүн уланта алышы үчүн башындагы кайырмагы сөзсүз ал жаралгандан бери бар болушу керек экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер бүт тарабын муз каптаган уюлдарда жашаган пингвиндердин -40°Сге чейин түшкөн суукта жана ылдамдыгы 100 километрге жеткен уюл бороондорунда 4 ай бою эч нерсе жебей жумуртка басып жатышындагы кереметтүү жан аябастыкты ойлонушпайт.

Дарвинисттер жумушчу аарылардын өзүнүн жанын ойлобостон өлүмгө да даяр болуп, колониясындагы башка аарылардын коопсуздугу үчүн ийнелерин душмандарына матырып, өзүн курмандыкка чалышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер олжолорун кармаганда учтуу жана курч тиштери менен жарып жеген крокодилдердин кантип балдарына эч зыян тийгизбей ооздорундагы коргогуч баштыкта алып жүрөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер калыңдыгы миллиметрдин 1/3000дей болгон ийнеликтин канаттарынын ушунчалык ичке болсо да, кантип учканда айрылып кетпеши жана кемчиликсиз системага ээ экени тууралуу ойлонушпайт.

Дарвинисттер ийнеликтин денесиндеги кайчылаш эки жуп канатынан улам чымын-чиркейлер үчүн таң калыштуу болуп эсептелген ылдамдыкка, саатына 40 километрге кантип жетээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер аң-сезимсиз атомдор жана кокустуктар пайда кылган деп эсептеген жылдыз курттардын кантип жүз пайыз натыйжалуулук менен жарык чыгараарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чебер химия адисине окшоп денесинде душмандары үчүн 100 градустук химиялык куралды иштеп чыккан бомбалоочу коңуздун ал күйгүзгүч затынын кантип өзүнүн денесине зыян тийгизбешин ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир көпөлөктүн көрүнүшүнүн аман калышы үчүн аны жакшыраак жашыра турган кургак жалбыракка окшош болушунун кокусунан эч качан келип чыкпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жандыктардын жыт сезүү жана жытты эстеп калуу системасынын ааламдын бүт тарабын курчаган улуу план жана кемчиликсиз тартиптин чексиз мисалдарынын бири экенин жана кемчиликсиз системаларды эч качан кокустуктар менен түшүндүрө албашын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жөргөмүштүн желе жасоо үчүн архитектура билимин, эсептөө жөндөмүн, кармай турган олжосунун ылдамдыгы жана салмагы сыяктуу көптөгөн маалыматтарды билиши керек экенин жана акылы жок бир жандык буларды кокусунан билип калган деп айтуунун логикага сыйбай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер табияттагы улуу жаратылууну, кемчиликсиз системаларды, акылды, илимди жана теңдешсиз чеберчиликти кокустуктар менен эч качан түшүндүрө албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер пилдердин жана кериктердин терилериндеги мителерден кутулуу үчүн ылайга жуунаарын, антисептик чопо топурак менен жаракаттарын айыктыраарын, топурактагы бир заттын антисептик касиети бар экенин жаныбарлар өз алдынча биле албай турганын, табияттагы бардык жандыктардын Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет кылышаарын ойлонушпайт.

Ооба бүт нерсенин баркы жана кылдат чеберчилиги абдан жогору жана кооз болгону менен, мөөнөтү кыска, өмүрү аз. Демек ал нерселер үлгү, башка нерселердин сүрөттөрү. Жана кардарлардын назарларын чыныгыларына буруп жаткан сыяктуу көрүнөт. Демек, албетте, бул дүйнөдөгү түркүн кооздуктар бир Рахман Рахимдин мээрими менен, жакшы көргөн пенделерине даярдаган бейиштеги сый-жакшылыктарынын үлгүлөрү деп айтууга болот жана ошентип айтылат жана (чындыгында да) ошондой.19

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер пилдердин эң негизги касиети болгон бири-бирине туруктуулугунун, жан аябастык жана көмөктөшүүлөрүнүн, үйүрдө жаңы туулган пилди бардык пилдердин мээрим жана боорукердик менен тосуп алышынын жана бардык жаныбарлардагы жан аябастык мисалдарынын жана өз ара кызматташтыктарынын «табиятта бир гана күрөш бар» деген көз караштарды апачык жана толугу менен четке кагаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир айлык саякат бою жерге эч конбостон, 15 миң км учкан альбатростордун, көч учурунда жерди айланып чыккан карлыгачтардын, 3 миң км аралыкты басып өтө алган чегирткелердин, туулгандан көп өтпөй 6 миң километрлик саякатка чыккан жылан сымал балыктардын баарынын бул ыкмаларды өз алдынча ойлоп таба албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер акылы жана аң-сезими жок кумурскалардын күндүн багытын колдонуп кантип жол табаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чымындын көздөрүнүн башынын оң жана сол тараптарында ар бири 4000 бөлүктөн түзүлгөн, жалпысынан 8000 бөлүктүү уюк көздөрдөн тураарын, ал 8000 бөлүктүн ар биринде сүрөттөлүштү ар кайсы бурчтан көргөн бир линза бар экенин жана муну кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бал аарылардын бал уюктарын жасоодо таптак 109 градус 28 мүнөт жана 70 градус 32 мүнөттүк эки бурчту колдонушаарын, бул эсептөөдө кымындай да четтөө болбостугун, уюктардын ооздорунун болсо 13 градус бийиктетип жасалаарын, мындан улам бал төгүлбөй сакталаарын, дүйнөдөгү бардык аарылардын бул эсептерди билээрин жана таптак колдоноорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер бүт өмүрү суунун ичинде өткөнү менен, суудагы абаны колдоно албаган суу жөргөмүшүнүн жашай алуу үчүн суунун бетине чыгып кайра ылдам сууга чумкуган учурда буттарына жана денесинин ар кайсы жерлерине илинип калган ар кандай көлөмдөгү аба көбүктөрүн колдоноорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер жөргөмүштүн желесиндеги фиброин белокторунун ийилүү касиетине ээ экенин, бул касиеттин желеге илинген олжолорду качырбай кармап калаарын жана желенин бекемдигин арттыраарын, бул өзгөчө түзүлүштүн эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Камуфляж

Дарвинисттер бүт бакалардын көздөрүнүн жана кабактарынын чоң экенин, көпчүлүгүнүн көздөрүн майлап, тазалай турган атайын мембранасы бар экенин жана, ошондой эле, кургактыкта сууну оңой табышы үчүн көздөрүнүн түзүлүшүнүн көк түскө карата сезгич экенин, булардын баарынын эч качан кокусунан келип чыкпай турганын эч ойлонушпайт.

Дарвинисттер жашоо аң-сезимсиз кокустуктардан келип чыккан деп айтканда, жарыктан максималдуу пайдаланып, дээрлик эч энергия жоготпогон жылдыз курттар чыгаргандай натыйжалуу жарыктын илимпоздордун канчалаган жылдык изилдөөлөрүнө карабастан, лаборатория шартында да чыгарыла албаганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жаныбарлардын акылдуу иш-аракеттерин жана жан аябастык өзгөчөлүктөрүн «инстинкт» деп аташат жана аларды кокусунан пайда болгон дешет, бирок инстинкт түшүнүгү жаныбарларда эң алгач кантип пайда болгон, кантип башкарылган жана урпактар бою кантип сакталган деген суроолорго жооп бере албашын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жер жүзүндөгү бардык жаныбарлардын өзгөчөлүктөрү «табият эне» деп аталган, ойдон чыгарылган бир күч тарабынан пайда кылынган дешет, бирок алар кудай туткан «табият эненин» таш, топурак, чөп, дарак жана гүлдөрдөн тураарын, акылы жана аң-сезими жок экенин ойлонушпайт.

«Күчтүүлөр гана жашайт» деген дарвинисттер душмандарына абдан ырайымсыз мамиле кылган арстандардын балдарына карата эмне үчүн абдан боорукер болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер табияттагы жаныбарлардын өзүн-өзү дарылашын кокусунан келип чыккан бир өзгөчөлүк дешет, бирок чоң сакал текенин (безоар) жылан чакканда эч күмөн санабай сүттүкөн жеп баштаарын жана анын сүттүкөндүн жыландын уусунан айыктыраарын кайдан билээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер динозавр чымынды кармаганга аракет кылып жатып канаттууга айланган дешет, бирок чымындын ансыз да кемчиликсиз канат жана учуу системасы менен секундасына 1000 жолу канат кагып учаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер канаттуулардын азыраак энергия коротуу үчүн «V» формасында учушун сокур кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер дене температурасы 40°С болгон пингвиндердин сырттагы -40°С температурага көнүү үчүн терилеринин астындагы май катмарынан пайдаланаарын жана кокусунан эч качан пайда болбой турган бул өзгөчө жабдуудан улам температурадагы 80°Слик айырманын аларга терс таасир тийгизбей турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер эртеден кечке секундасына жүрөгү 500 жолудан 1200 жолуга чейин соккон колибринин мындан бөлүнүп чыккан энергиядан улам кантип күйүп күл болуп кетпешин, түнкүсүн болсо ал чымчыктын кышкы уйкуга жаткан сыяктуу жүрөгүнүн сокпой калышын жана дээрлик эч дем албагандай болуп калышын түшүндүрө алышпайт. Дарвинисттер бул канаттуунун ошентип жыл сайын 365 жолу кандайдыр бир мааниде кышкы уйкуга жатуу кереметин ойлонушпайт.

Дарвинисттер уюлдардагы муздуу сууларда жашаган балыктардын терилериндеги муз кристаллдардын температурасын -20°Сге төмөндөтүүчү бир белок иштеп чыккан гендери бар экенин жана тоңуп калбаш үчүн, ал белок аркылуу муз кристаллдарындагы кычкылтек молекулаларын колдоно алышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер сууда сүзүүчү канаттуулардын мамыктары суу өткөрбөшү үчүн, куйругу денесине туташкан жерде тумшуктары менен оңой гана бүт мамыктарына сүрө ала турган бир май бези бар экенин, ал бездин кантип пайда болгонун ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүк менен азыктанган жаныбарлардын ашказандарындагы тамак сиңирүү ширелеринин ал азыктарды сиңирүү үчүн жетиштүү эместигин жана ушул себептен өсүмдүк менен азыктанган жаныбарлардын ашказандарында азыктарды ажырата турган атайын бактериялар болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер хамелеондун айлана-чөйрөсүнө жараша түсүн кантип өзгөртөөрүн, сырттан өзүн өзү көрө албаган бул жандыктын кантип түсүн айланасына окшоштура алаарын, кокустуктардын аң-сезимсиз бир жаныбарга коргонушу үчүн түс өзгөртүү жөндөмүн бере албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жер бетинде жашоонун келип чыгышына шарт түзгөн негизги элементтердин бири болгон азот айлампасына микроскоптон араң көрүнгөн кичинекей бактериялар себеп болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер ийнекурсак (фугу) балыктын ичегилеринде жашаган бактериялар тарабынан иштелип чыгып, балыктын булчуңдарына чейин тараган уунун кантип балыкка зыян тийгизбешин, балыктын аны душмандарынан коргонуу үчүн колдонууга болоорун кайдан билээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер табияттагы көптөгөн жаныбарлардын өздөрүн душмандарынан коргоо үчүн кантип башка нерселерге окшошоорун (камуфляж) жана Аллах аларга берген бул өзгөчөлүктөрүнөн улам тукумунун бүгүн да уланып келе жатканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бардык жаныбарлардагы жан аябастык мисалдарынын бири болгон, энелердин балдарына көрсөткөн боорукердик жана коргоо сыяктуу өзгөчөлүктөрдү дарвинисттик логика менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жаныбарлардын эч качан кокусунан пайда болбой тургандай кемчиликсиз жана абдан татаал түзүлүшкө ээ экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер колония болуп жашаган кумурскаларда өтө күчтүү бир байланыш тармагы бар экенин, азыктарын өндүрүп сактоодо, бир кол салуу болгондо кичинекейлерине кам көрүп, колонияларын коргоп согушушаарын, бул кичинекей жандыктардын акылы бардай кыймыл-аракет кылышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер омардын көзүн микроскоп менен изилдегенде кемчиликсиз графикалык кагазга окшошоорун жана омарлардын сынуу эмес, чагылуу принциби менен көрөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер бактериялардын кышында суунун түбүнө тунган органикалык калдыктарды ажыратып, минералдарга айландыраарын жана ошентип жай мезгилинде табият жанданышы үчүн азык даярдаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер канаттуулардын жыйырма үч түрүнөн ыр үйрөнүүгө жөндөмдүү үчөөсүнүн (тоту куш, сайроочу куштар жана колибри) эволюционисттердин ойлоп чыгарган туугандык байланыштары боюнча, бири-биринен өтө алыста жайгашуусунун эволюция сценарийлерин жокко чыгараарын, кокустуктарды мынчалык татаал жөндөмдөрдү үч башка канаттуу түрүнө эмес, бир эле түргө бере алат деп ойлоонун да таптакыр акылга сыйбастыгын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жылдыз курттардан тышкары ар кандай суу астындагы жандыктардын да өздөрүнө жарык бөлүп чыгараарын, ар биринин жарыкты иштеп чыгуу ыкмасы, колдонуу аймагы, мөөнөтү жана иштелип чыккан жарыктын түрү сыяктуу өзгөчөлүктөрүнүн бири-биринен абдан айырмаланаарын жана бул жаныбарлардагы жарык иштеп чыккан жана жарык өндүрүүдө жаныбардын өзүнө эч кандай зыян тийгизбеген татаал түзүлүштөрдүн кокустуктардын натыйжасында эч качан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер көзгө көрүнбөгөн бактериялардын үстүңкү беттеринде электрдик сигналдарды чыгарган жана кабылдаган механизмдердин бар экенин, ал механизмдер аркылуу бири-бирине маалымат жиберишээрин, акыл жана мээни талап кылган мындай кыймыл-аракеттердин кокусунан эч качан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Камуфляж мисалдарынан

Дарвинисттер жакшы өткөргүч болуп эсептелген суунун ичинде жашаган жана адамды өлтүрө ала тургандай күчтүү электрдик сокку бере алган жылан кебетелүү балыктардын (угорь) сууга электр тогун чыгараар замат ал өзүн урбашы үчүн пландуу чараларды көрүшү керек экенин кайдан билишээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер океанда жашаган омарлардын бир түрүнүн топ-топ болуп кыпчуурларын колдонуп, суу астындагы кеменин үнүндөй катуу үн чыгарып олжолорунун айласын кетиришээрин, өздөрүнүн болсо ал ызы-чуудан эч таасирленбешин ойлонушпайт.

Дарвинисттер чоң аарылардын балдары көпкө чейин азыктанышы үчүн куртту өлтүрбөстөн шал кылып койоорун, куртту өлтүрбөй турганчалык ууну туура жерге берүү үчүн дээрлик бир хирургдай медицина илимин билиши керек экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер диатомей деп аталган бир клеткалуу, микроскопиялык балырлардын чебер архитектор сымал деңизде өздөрүнө айнектин материалы болгон кремний диоксидинен үйлөрдү курушундагы таң калаарлык акылды жана ошондой эле ал жөндөмдү көзгө көрүнбөгөн бул жандыктарга чексиз кудуреттүү Аллах гана үйрөткөн болушу мүмкүн экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер көлөмү 1-2 см болгон сокур термиттердин кантип 4-5 метрге жеткен, кээде бир жерде бир канчасы жайгашкан миниатюралык шаарларды курушаарын жана мынчалык жогору аң-сезимди кайдан алышканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер табигый өзгөрүүлөр аркылуу кокусунан пайда болушкан деп эсептеген термиттердин колонияларындагы кемчиликсиз желдетүү системаларын, муктаждыкка жараша даярдалган бөлмөлөрдү (балдар бөлмөлөрү, инкубация бөлмөсү, ханыша бөлмөсү ж.б.) же болбосо айыл-чарба аймактарын бул аң-сезимсиз жандыктардын кантип курушаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер миллиондогон термит чогуу жашаган колониялардагы отурукташкан тартиптин кантип орнотулганын, ар бир термит кыла турган жумушун кайдан билээрин, кантип ар дайым бири-бири менен кызматташаарын жана муну эч бир дарвинисттик механизм эч качан жасай албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер термиттердин колонияларында бирден көп хан менен ханыша талапкери болгон учурда уюктагы дисциплинанын бузулушуна жана колониянын ичинде башаламандыкка себеп болоорун кайдан билишээри жана уюкта бир гана хан менен ханыша болушу үчүн кантип ар түрдүү чараларды көрүшөөрү тууралуу ойлонушпайт.

Дарвинисттер чымын-чиркейлердин өсүмдүктөрдү чаңдаштыраарын (уруктандыраарын), Аллахтын чымын-чиркейлер менен гүлдөрдү бири-бирине толук шайкеш кылып жаратканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жаныбарлар бир гана өзүн ойлойт дешет, бирок бир пингвиндин жумурткадан чыга элек баласын коргоо үчүн төрт ай бою ачкалык жана ызгаар суук менен күрөшүшүн эч качан түшүндүрө алышпайт жана жаныбарларга мындай жан аябастыкты Аллах илхам кылаарын ойлонушпайт.

Төртүнчү негиз: ошондой эле муну түшүнөсүң: бул дүйнөдөгү кооздуктар болсо бейиште ыймандуулар үчүн Рахмандын мээрими менен топтолгон сый-жакшылыктардын үлгүлөрү, сүрөттөрү болуп саналат.20

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер Тайланддын токойлорунда жаңы туулган кунастардын (илегилектердин) балапандарына эң чоң коркунуч туудурган куйкалаган ысыктарда эне жана ата кунастардын канаттарын жайып куйкалаган күнгө өздөрүн тосоорун, кунастардын балапандарына болгон камкордугун, мээримин жана жан аябастыгын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер акылы камуфляждын пайдасын түшүнүүгө жетпей турган, уюлдарда жашаган канаттуулардын мезгилдерге жараша, айлана-чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө ылайык жүндөрүнүн түсүнүн өзгөрүшүн кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер «табият бир гана кагылышуудан жана күрөштөн турат, жаныбарлар жырткыч жана өзүмчүл» дешет, бирок кээ бир жаныбарлардын балдарын душмандарынан коргоо үчүн өздөрүн жарадардай көрсөтүп, өз өмүрүн коркунучка салуудан да тартынбай турганын, алардагы боорукердик жана мээрим сезимин кокустуктар менен түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

... жаныбарлар шашкалактык менен чогултулган, мурдакылардан жамакталып келип чыккан, одоно түзүлүштөгү, эпсиз, күлкүмүштүү жандыктар болушу керек эле. Бирок гепарддын аңчылык учурундагы абдан эптүү кыймылдарын, тоо карлыгачынын аэродинамикалык кооздугун же жалбырак келбетиндеги коңуздун жаңылтуучу өзгөчөлүктөрүнө болгон ынтызар кызыгуубузду бул күтүүбүз (божомолубуз) менен кантип байланыштыра алабыз?21

Эволюционист биолог Ричард Докинз

Дарвинисттер адамдын көздөрү түстөрдү айырмалоо үчүн болгону үч фоторецептордон көз каранды болсо, жаачы креветканын көзүндө он алты рецептор бар экенин, ал жандыктын ультра кызгылт көк нурларды да көрө алаарын жана мунун эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жумушчу аарылардын жаңы туулган личинкаларды абдан этияттап, бапестеп багаарын, бир личинкадан жетилгенге чейин жумушчу аарылар болжол менен 10 миң жолу кабар алаарын жана кокустуктар муну эч бир жандыкка эч качан жасата албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер ар бир личинканын ар кайсы доордо ар түрдүү азыктанаарын жана жумушчу аарылар эч ката кетирбестен бардык личинкаларга чоңдугуна жараша азык берээрин ойлонушпайт.

Диатомейлер

Дарвинисттер личинкалардын 7-күнүндө тамак жегенди токтотоорун, камкорчу аарылардын личинкалар жайгашкан клеткалардын оозун момдон жасалган, бир аз дөмпөк бир капкак менен толук жабаарын, личинкалардын өздөрү иштеп чыккан бир зат менен бөлмөсүнүн айланасында пилла токуп аны менен өздөрүн ороп куурчакча баскычына өтөөрүн жана булардын баарынын личинкалардын өрчүшүнүн дал 7-күнүндө болушу керек экенин, булардын баарын бардык личинкалардын жана камкорчу аарылардын кайдан билээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер аарынын личинкалары токуган пилланын ичиндеги «фиброин» аттуу белоктун күчтүү бактерия өлтүргүч жана инфекцияга каршы касиетке ээ экенин жана бул касиети аркылуу пилланын личинкаларды микробдордон коргоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер көзү, канаты, мээси жок, сырткы дүйнөнү эч көрө элек, кандай шартта өмүр сүрөөрүн билбеген бир личинканын өз алдынча бир чечимге келип, бактериялардан коргоочу, атайын формулага ээ бир затты кантип иштеп чыга алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер куурчакча баскычында пилланын ичиндеги аары колдоно турган өзгөчө түзүлүштөгү канаттардын, жасай турган иштерине ыңгайлуу түзүлүштөгү көздөрүнүн, душмандарына колдоно турган ийнесинин, секреция бездеринин, бал мому иштеп чыга турган механизминин жана жыныстык системасынын, чаңча чогулта турган түкчөлөрүнүн, кыскасы бардык дене системаларынын кемчиликсиз өрчүй турганын жана аарынын үч жуманын аягында бул өзгөчөлүктөрүнүн баары өрчүп бүтүп, пилладан чыгууга даяр болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер дүйнөнүн бүт тарабындагы аарылардын бири-биринен кабарсыз болсо да, ар дайым окшош уюк жасашаарын, бирдей ыкма менен бал чогултушаарын, байланыш жана уюк системаларынын бирдей экенин, эмгектин бөлүнүшү бүт баарында бирдей болоорун жана мунун эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер аары жегич канаттуулардын кантип 10 граммдан аз энергия (күйүүчү зат) менен Мексика булуңунан (1500 км) өтө алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер термиттердин мунараларында жайгашкан кондиционер жана желдетүү системаларынын жабдык жана энергияны керектөө жагынан эң мыкты экенин, жандыктардын бул жогорку архитектуралык өзгөчөлүккө кокусунан ээ боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер арктикалык балыктардын жана бакалардын ыңгайсыз климаттык шарттардан улам өздөрүн тоңдуруп, анан кайрадан тирилишээрин жана ал убакыт аралыгында тоңуунун таасиринен органдарынын жабыркабашын эч качан түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер аарылардын, ташбакалардын жана канаттуулардын картасыз узак сапарга чыгуу өзгөчөлүктөрүн, ал өзгөчөлүктөрдү жаныбарларга Улуу Аллахтын илхам кылаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жалбырактардын фотосинтез процесси аркылуу жылына 300 миллиард тонна кант өндүрүп, дүйнөдөгү эң ири химиялык процессти жүргүзөөрүн жана мындай процесстин лаборатория шарттарында, пландуу түрдө жасала албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чымындардын «Ornia ochrea» аттуу түрүнүн кулактарынын арасында жарым миллиметр аралык болгонуна карабастан, үндүн булагын бардык жаныбарлардан жакшыраак аныктай алаарын, мындай кереметтүү жөндөмдү аң-сезимсиз кокустуктар пайда кыла албай турганын жана бул кичинекей чымындын бардык өзгөчөлүктөрү менен аны жараткан чексиз илимдүү жана кудуреттүү Жаратуучубуздун улуу жаратуу чеберчилигин көрсөтөөрүн ойлонушпайт.

Натурализм, материализм философиясынан келип чыккан залим бир агым акыр заманда барган сайын материализм философиясы аркылуу жайылып, күчөп, Аллахтын өкүмдарлыгын четке кага турган даражага жетет. Падышаны тааныбаган жана армиядагы офицерлердин жана жоокерлердин анын аскерлери экенин кабыл албаган бир жапайы адам бүт баарын, ар бир аскерди өзүнчө бир падышадай жана өзүнчө бир өкүмдардай көрөт. Ошол сыяктуу эле, Аллахты танган ал агымдын мүчөлөрү напсилерине бир кичинекей Нимрод сымал тарбия беришет... Бир чымындан жеңилген жана бир чымындын канатын да жасай албаган, алсыз бир адамдын өзүн кудайга теңешинин канчалык акмакчылык жана маскарапоздук болоору айдан ачык.22

Дарвинисттер кээ бир дары-дармектерди да жасоодо колдонулган, бир клеткалуу козу карындар болуп эсептелген көк даттардын кокусунан пайда боло албай турганын, аларды Аллах жаратканын ойлонушпайт.

Жер жүзүндөгү бардык жандыктар эволюция болгон деп эсептеген дарвинисттер бири-бирине эч муктаж болбогонуна карабастан, топурактын пайда болушун камсыз кылуу үчүн чогуу жашаган козу карындар менен балырлардын симбиозу болгон эңилчектердин кокусунан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер булчуң системалары жок болгонуна карабастан, үстүнө конгон чымын-чиркейлерге аңчылык кылуу үчүн жалбырактарын ылдам жапкан, кармалган чымын-чиркейди сиңире турган ферменттерди иштеп чыккан, кандайдыр бир мээси, көзү жана аң-сезими жок жырткыч өсүмдүктөрдү табияттагы туш келди кубулуштардан келип чыккан деп айтуунун логикасыздыгын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өрдөктөрдүн суунун бетинде калкып жүрүшүнө денелериндеги абанын себеп болоорун, денелеринде кичинекей шарларга окшогон аба баштыкчалары бар экенин, өрдөк сууга чумкугусу келгенде аба баштыкчаларындагы абаны сыртка чыгараарын, бул өзгөчөлүктөрдүн өрдөккө бүт нерсени жараткан Улуу Аллах тарабынан берилгенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер 0,5 гектарлык айдоо жерде болжол менен бир канча тонна бактерия жана 1 тонна козу карын, 100 кг бир клеткалуу жөнөкөй жаныбарлар, болжол менен 50 кг ачыткы жана ошончо көлөмдө балыр болоорун, алардын ар биринин жашаган топурагына абдан чоң пайда берээрин жана абдан татаал экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер микро жандыктардын Аллахтын жаратуусундагы улуу акылды, чеберчиликти жана кудуретти кантип чагылдыраарын, аларды аң-сезимсиз кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган сайын кантип чоң туюкка кабылышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер канчалаган түркүн түстүү бир дүйнөдө жашашаарын, айлана-чөйрөлөрүндөгү бул түстөрдүн кантип келип чыгаарын жана түссүз дүйнөнүн кандай болоорун эч ойлонушпайт.

Дарвинисттер бактериялардын абадан азотту алып, аны курулуш материалдарыбыз болгон нуклеотиддерге жана аминокислоталарга айландыраарын жана мунун жер жүзүндө адам баласы да кошо, башка эч бир жандык жасай албай турган, чыныгы мааниде кереметтүү бир процесс экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир канча сантиметрдик мээси жөнөкөй нерв түйүндөрүнөн турган эне аарынын өз эрки жана акылы менен уячалардын эмне үчүн курулаарын түшүнүп, аларды эч адаштырбай, жумурткаларын кантип эң туура жерге таштаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер алгач жаратылгандан бери жүз миллиондогон жылдар бою эч өзгөрбөй жашап келген ийнеликтердин эң мыкты тик учактардан (вертолеттордон) да жакшы маневр жасай алаарын ойлонушпайт.


Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн кереметтер менен жаратылганын ойлонушпайт

 

Ар бир сөзү бир китепти жана ар бир тамгасы бир сапты камтыган бир китеп жазуучусуз (катчысыз) пайда болбойт. Ааламдын китеби да Түбөлүктүү Чебердин (башталышы жок, бүт нерсени эң сонун кооздогон Аллахтын) бар болушунан көз каранды.23

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер кызгалдактардын чаңчаларын чаңдаштыруучу чымын-чиркейлер эң көп болгон сааттарда жайаарын, биологиялык сааттары аркылуу гүлдөрүн чаңдаштыраарын кокустуктар менен түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жүгөрү жана буурчактардын душмандарынан коргонуу үчүн жалбырактарынан атайын бир секреция бөлүп чыгараарын, ал секреция аркылуу чоң аарыларды өзүнө чакырып, жалданма аскер сыяктуу колдоноорун, мындай коргонуу стратегиясын эч бир аң-сезими жок өсүмдүктүн өз алдынча жүргүзө албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер көпчүлүгү кичинекей жыгач кесиндилерине окшогон уруктардан кантип белгилүү убакыттан соң узундугу 4-5 метр жана салмагы жүздөгөн килограмм болгон эбегейсиз дарактардын пайда болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер розаларга түс берген, жалбырактарындагы бүктөлүштөрдү аныктаган, гүлүнүн жалбырактарынын бархат сымал жумшактыгын, дүйнөнүн кайсы бурчуна барбаңыз розанын өзүнө таандык буркураган жытын аныктаган маалыматтардын розанын гендерине кантип жайгашканын, мунун бардык өсүмдүк түрлөрүнө тиешелүү экенин ойлонушпайт.

Чаңчалар

Дарвинисттер куураган жыгачка окшогон асма бутактарынан таттуу жана суулуу баштыкчаларга окшогон жүзүмдөрдүн кантип чыгаарын, жүзүмдүн кабыгын жаңгактын кабыгынан айырмалаган, бул эки мөмөнүн түстөрүн, даамдарын, жыттарын, ичиндеги витаминдерди, бирөөсүнүн суулуу экинчисинин кургак болушун аныктаган нерсенин уруктардын гендериндеги маалыматтар экенин, ар дайым жаңгактын уругунан жаңгак, жүзүмдүн уругунан болсо жүзүм чыгаарын ойлонушпайт.

Шарттар ыңгайлуу болбогону үчүн он жылдап, ал тургай, жүз жылдап уйку абалында калып, андан соң өнө алган уруктар бар. Дарвинисттер жер которуу сыяктуу альтернативасы жок өсүмдүктөрдүн оор шарттарда жашоосун улантышына шарт түзгөн мындай механизмдин бар экенин кайдан билишээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер топурактын жалпысынан чиритүү, бүлдүрүү касиетине ээ экенин, бирок топурактын ичиндеги уруктардын жана жарым миллиметр болгон ипичке тамырлардын топуракта эч зыян тартпашын, тескерисинче топуракты колдонуп тынымсыз өрчүп чоңойоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер топурактын астында өнгөн уруктардын жер бетине чыгуу жолдору тосулуу болсо да, алдыларынан чыккан бардык тоскоолдуктарды айланып өтө турганчалык узун бүчүрлөрдү чыгарып же өскөн жеринде басымды пайда кылып, кандай болсо да күндүн нуруна чыга алышаарын ойлонушпайт.

Фотосинтез абдан татаал кубулуш жана бир клетканын ичиндеги органеллде пайда болушу мүмкүн эместей сезилет. Анткени бардык баскычтардын бирдей пайда болушу мүмкүн эмес, бир бирден пайда болушунун мааниси жок.24

Профессор Али Демирсой

Дарвинисттер бир жалбырактын 1 миллиметр квадратында 500 миң хлорофилл болоорун, башкача айтканда, фотосинтез үчүн керектүү болгон жана адамдар лабораторияларда эч жасай албаган бул кереметтүү молекуланын кантип бир жалбырактын ичинде миллиондогон санда болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер абдан татаал процесс болуп эсептелген фотосинтез процессинин кокусунан келип чыкпастыгын, бир клетканын аны кийинчерээк үйрөнө албай турганын, жер жүзүндө жашаган алгачкы өсүмдүк клеткаларынын атайын фотосинтез жасоо үчүн долбоорлонгонун, башкача айтканда, өсүмдүктөрдү фотосинтез жөндөмү менен бирге Улуу Аллахтын жаратканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жер жүзүндө жашыл өсүмдүктөрдөн тышкары фотосинтез жасай алган балырлардын 30% көмүр кычкыл газын сиңирип, планетанын кычкылтек муктаждыгынын 70%ын кантип камсыз кылаарын ойлонушпайт.

Орточо тыкан бир машина тартиптүү жана тең салмактуу бөлүктөрү менен күмөнсүз бир ойлоп тапкыч жана кылдат устаны көрсөткөндөй, ааламды ээлеген сансыз тирүү (жандуу) машиналар да ар бири миң бир илимий кереметтерди көрсөтүшүүдө. Албетте жылдыз курттун жарыгына салыштырмалуу күндүн нуру даражасындагы илимдин кооздуктары менен ал жандыктар уста жана түбөлүктүү чеберлеринин бар экендигине жана кудайлыгына ачык-айкын күбөгө өтүшөт.25

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер өзгөчөлүгү бирдей топуракка себилген жана бир күндүн нурунан пайдаланып, бир суу менен сугарылган бардык өсүмдүктөрдүн жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша түстөрүнүн, жыттарынын жана формаларынын ар түрдүү болушунун Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир далили экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер жыгачка окшогон бир нерседен, б.а. «уруктан» кантынын өлчөмү идеалдуу, жыты менен даамы өзгөчө мөмө-жемиштер чыгышы үчүн керектүү маалыматтардын кокусунан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер клен сыяктуу дарактардын кээ бир түрлөрүнүн ысыкта саатына болжол менен 265 литр суу жоготконуна карабастан, суусуз калбай турган кереметтүү тамыр системасынын кантип келип чыкканын жана мындай системанын сокур кокустуктардан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чаңчаларда өсүмдүктүн көбөйүү клеткалары болоорун, ал клеткалар сырткы факторлордон зыян тартпай, жашоосун сактап калышы үчүн кемчиликсиз таңгактоо системасына ээ экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер чаңчалардын сырткы бөлүгүнүн «экзина» аттуу, органикалык ааламдагы белгилүү болгон эң чыдамкай зат менен капталганын, ал аркылуу жогору басым жана температурадан корголгон чаңчалардын кандай ыкма менен жеткирилсе да, канчалаган километр алыста да жашоосун сактап кала алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жер жүзүндө өсүмдүктөрдүн 500 миңден ашуун түрү бар экенин, алардын ар биринин өзгөчө долбоорлору жана өз түрүнө таандык өзгөчө системалары бар экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн фотосинтезге керектүү заттарды топурактан алуу үчүн тамыр системасына муктаж экенин жана бул механизмди өсүмдүктөр өздөрү долбоорлой албай турганын ойлонушпайт.

Эч бир клетканын биологиялык бир функцияны сөздүн түз маанисинде «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгү жок. Бир клетканын дем алуу же фотосинтез жасоо сыяктуу бир функцияны төрөлгөн учурда жасай албай, кийинчерээк жашоо процессинде аны жасай ала турган абалга келиши, ал функцияны аткара турган жөндөмгө ээ болушу мүмкүн эмес.26

Немис биолог Хоймар фон Дитфурт

Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн ар бир түрүнүн өзүнө таандык жыт, даам, түс сыяктуу өзгөчөлүктөрү бар экенин жана бир эле өсүмдүк клеткасынын да убакыт аралыгында кокусунан пайда болбой турган татаал системага ээ экенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер абада канчалаган чаңча учуп жүргөндө, кантип бир өсүмдүк түрүнүн чаңчаларынын башка бир өсүмдүк түрү тарабынан кармалбастан, өзүнүн түрүнө таандык өсүмдүктөргө гана жеткирилээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер илимпоздор лаборатория шартында чыныгы мааниде жасай албаган «фотосинтез» процессинин аң-сезими жок өсүмдүктөр тарабынан үзгүлтүксүз жасалаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чөл өсүмдүктөрүнүн кургакчылык учурунда урук бойдон уйку абалында калып өздөрүн кургакчылыктан коргоорун, жаандан соң абдан тез бүчүр байлап көгөрөөрүн жана аң-сезимсиз өсүмдүктөрдүн бул планды кантип түзөөрүн ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир уруктун андан өсүп чыга турган дарактын формасын, калыбын, түсүн, мөмөлүү болсо мөмөсүн, гүлдөй турган гүлүн, гүлүнүн жытын жана ал даракка тиешелүү башка бардык өзгөчөлүктөр тууралуу маалыматтарды билээрин ойлонушпайт.

Ооба жазында жер жүзүн махшар кылган (топтогон), жүз миң топтолгон үлгүлөрүн жараткан Абсолюттук Кудуретке (Кудуреттүү Аллахка) бейишти жаратуу кантип оор болсун?27 

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер бир даана уруктун белгилүү убакыттан соң өзүнөн өзү узундугу 4-5 метр, салмагы жүздөгөн килограмм болгон чоң даракка айланышын жана муну акырындап эволюция болуу сценарийлеринин эч бири менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер уруктун бир өсүмдүккө же чоң дарактарга айлануу үчүн бир гана өзүнүн ичиндеги даяр турган азыкты, топуракты, сууну жана күндүн нурун колдоноорун жана аягында жылмаланган кабыктары, теңдешсиз жыты, мыкты даамдары менен бири-биринен сонун мөмөлөрдүн кантип келип чыгаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер ийне жалбырактуулардын жалбырактарындагы сууктан коргоочу атайын механизмдин кантип пайда болгонун, бетиндеги момдун суунун бууланышына бөгөт болоорун жана жалбыракка чыдамкайлык берээрин ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир гүлдүн кызыл түсүнүн, жалбырактарындагы бүгүлгөн жерлеринин, жалбырактарынын санынын жана жумшактыгынын, бархат сымал түзүлүшүнүн, жытынын, бир мөмөнүн бетиндеги жылмакай кабыктын, ичиндеги данектердин тизилишинин, сабынын бекемдигинин, кыскасы өсүмдүктөргө тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдүн эмбрионго жайгаштырылганын, мынчалык толук маалыматты кичинекей эмбриондун ичине жыйноо күчү эч бир кокустукта болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир уруктун эмбриону жетилгенге чейин кылдаттык менен корголушу керек экенин, ал үчүн уруктарда түрлөргө жараша ар кандай кабыктар болоорун жана кабыктардын чыдамкайлыгынын өсүмдүк өскөн аймактын айлана-чөйрө шарттарына жараша атайын белгиленгенин ойлонушпайт.

Дарвинисттер кокусунан пайда болгон деп эсептеген бир уруктун айланасындагы душмандарды качыра турган атайын бир система менен жабдылганын, кээ бирлеринин ачуу зат менен капталганын жана аны өзүнүн ичиндеги маалыматтар менен иштеп чыгаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн уруктарынын сырткы кабыгында килкилдек бир зат болоорун, татаал канттардан турган ал заттын суу менен аралашканда оңой эле шишип кетээрин жана мындан улам уруктун нымдуу заттарга жабыша алаарын, мунун өнүп чыгуу учурунда абдан натыйжалуу болоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн уруктарынын сырткы кабыгындагы килкилдек заттын ал өсүмдүктүн уругунда атайын иштелип чыгаарын да ойлонушпайт.

Дарвинисттер буурчактын уругунун өсүмдүккө туташкан жериндеги «микропиле» деп аталган ымыркайлардын киндигине окшогон атайын өтмөктө жумуртканын ичиндеги ургаачы жыныстык клетканы уруктандыруучу түтүктөр болоорун, ошондой эле учуру келгенде ал тешиктен суу кирип уруктун өнүшүнө шарт түзөөрүн ойлонушпайт.

 Дарвинисттер занония өсүмдүгүнүн абада учуучу уруктарынын салмак борборлорунун абдан бирдей өлчөмдөр менен тең салмакталганын, ал тең салмактуулук аркылуу уруктардын алыс жерлерге да чачыратыла алаарын жана бул өзгөчө тартиптин эч качан кокусунан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кресс сымал өсүмдүктөрдүн уруктарынын гидрофобдук (суу өткөрбөс) жылмакай кабык менен капталганын, ал кабыктан улам алардын суунун беттик керилүүсүн колдонуп, сууга чөкпөөрүн жана ушул система аркылуу гана ал уруктардын дарыялардан сүзүп өтө алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кээ бир өсүмдүктөрдүн кургак мезгилдерде аман калуу үчүн уйку абалына өтүшү керек экенин билишээрин жана ал үчүн өздөрүндөгү сууну кыртыштарынан генетикалык башкаруу аркылуу сыртка чыгарышаарын, абсциз кислотасы аттуу бир гормон аркылуу уруктун ичиндеги гормондордун уйку абалында жайлаарын, дем алуунун азайаарын, азыктануунун жана чоңойуунун токтоорун, мунун абдан пландуу түрдө ишке ашаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер аба ырайы начарлаганда, топурактын астындагы бир уруктун андан кантип кабардар болоорун жана өнүүнү кечиктирүү үчүн чара көрүү чечимине кантип келээрин ойлонушпайт.

Мисалы, жаз мезгилинде бейиштеги ур кыздар сыяктуу бардык дарактарга кийим-кече кийгизип, гүлдөрдүн жана мөмөлөрдүн баалуу таштары менен кооздоп кызматчы кылып, алардын жумшак колдору болгон бутактары менен, ар түркүн эң таттуу, эң кооз мөмөлөрдү бизге тартуулоонун, ошондой эле уулуу бир чымындын колу менен шыпаалуу эң таттуу балды бизге жегизүүнүн, ошондой эле эң кооз жана жумшак кийимди колу жок курттун колу менен бизге кийгизүүнүн, ошондой эле мээримдин улуу казынасын бир кичинекей данектин ичинде биз үчүн сактоонун канчалык сонун берешендик, канчалык жумшак мээримдин чыгармасы экени апачык көрүнүп турат. Ошондой эле адам жана кээ бир жаныбарлардан тышкары, күн жана ай жана жерден баштап эң кичинекей макулукка чейин бүт баары толук кунт коюп өз милдетин аткарышы, кыпындай да чегинен чыкпашы, туруктуу улуулуктун тактысында жалпы моюн сунушу бийик сулуулук жана кадыр-барктын ээсинин буйругуна баш ийишээрин көрсөтөт. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн да, жаныбарлардын да, адамдардын да бардык энелеринин мээримдүү боорукердиги менен жана сүттөй таттуу тамак менен алсыз жана күчсүз ымыркайлардын чоңойтулушу, канчалык кең мээримдин орун алганы апачык көрүнүп турат.28

Бедиүззаман Саид Нурси

Дарвинисттер арктикалык тундрадагы люпин өсүмдүгүнүн аба ырайын божомолдоп, эгер шарттар ыңгайсыз болсо өнбөй, топурактын астында уйкуга өтүп аба ырайынын оңолушун күтөөрүн, ыңгайлуу шарт түзүлгөнгө чейин керек болсо жүздөгөн жыл күтүп, шарттар оңолгондо токтогон жеринен өсүүнү улантаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өнгөн өсүмдүктүн тамырларында гравитация сигналдарын сезүүчү клеткалардын, жогору карай өскөн бөлүгүндө болсо жарыкты сезүүчү клеткалардын болоорун, гравитация менен жарыктын тамырлардын жана бүчүрдүн өсүү багытын аныктаарын, башка тарапты көздөй ийилгенде өсүүнү кайра туура багытка буруп оңдошоорун ойлонушпайт.

Дарвинисттер күндүн нурун азыкка айлантуучу фотосинтез системалары менен эч тынымсыз энергия жана кычкылтек иштеп чыккан, табиятты тазалап, экологиялык тең салмакты камсыз кылуучу механизмдери бар жалбырактардын аң-сезимсиз кокустуктар менен пайда боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер күндүн энергиясын химиялык энергияга айландырып, бардык организмдердин негизги азык булагы болгон углеводдорду иштеп чыккан өсүмдүктөрдүн бул процессти секунданын миллиарддан бириндей кыска убакытта кантип жасай алышаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер борбордук нерв системасы жана аны башкарган бир мээси жок өсүмдүктөрдүн топурактын ичинен белгилүү өлчөмдө минералдарды жана сууну алып, аба менен күндүн нурун колдонуп, адамдарга азык иштеп чыгууларындагы кемчиликсиздикти ойлонушпайт.

Дарвинисттер эч кандай акылы жок клендордун өздөрү иштеп чыккан жана адамдар чыгарган пестициддерден алда канча натыйжалуу болгон танин заты менен зыянкечтерден коргоноорун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктүн бардык системаларына мүнөздүү болгон кемитилгис комплекстүүлүк өзгөчөлүгүнүн эволюция теориясы менен түшүндүрүлө албастыгын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кээ бир өсүмдүктөрдүн көбөйүшү үчүн зарыл болгон чаңчалардын шамал аркылуу жүздөгөн километр алыстыктагы өзүнүн түрүнө таандык өсүмдүктөргө кантип жете алаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер сууга тийээр замат өнө баштаган уруктардан өзгөчөлөнгөн кокос пальмасы уруктарынын бекем кабыгынан улам суудагы 80 күндүк алыс сапарга карабастан, өнбөй сакталышында жана ал аркылуу урпактарын улантышында бир керемет бар экенин ойлонушпайт.

Эч бир иш бирөө болбостон жасалбайт. Маани-маңыздуу бир китеп жазуучусуз болбойт. Көркөм сайма чеберсиз болбойт... Албетте бул ааламды курчаган өкүмдарлык кылган иштердин бир жасоочусу жана жер жүзүнүн мезгил сайын жаңырган таң калаарлык саймаларынын, маани-маңыздуу каттарынын бир жазуучусу, бир чебери бар.29

Дарвинисттер дарактардын эч бир насос же күчөткүч системасыз өздөрүнө керектүү сууну канчалаган метр бийиктикте эң учундагы бутактарында жайгашкан жалбырактарга чейин жеткире алышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер дарактардын бир гана күздө жалбырактарын төгүү үчүн клеткаларында жүргүзгөн татаал биохимиялык кубулуштарды кайсы эрк, акыл жана аң-сезим менен жасашаарын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чынар дарактардын ичиндеги ууну өздөрүнө зыян тийгизбестен, топурактагы отоо чөптөрдөн коргонуу үчүн топуракка өткөрүшүндөгү теңдешсиз жана акылдуу системанын кокусунан эч качан пайда боло албай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөрдүн душмандарынан коргой турган көптөгөн коргонуу механизмдери менен бирге жаратылганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир жалбырактын жабыркаган жеринен жасмон кислотасын бөлүп чыгарып, башка жалбырактарга коргонууга өтүшү үчүн кол салуу тууралуу кабар берээрин эволюция теориясы менен түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

Бардык мөмө-жемиштер жана ичиндеги уруктар Жараткандын акылмандыгынын бир керемети, Аллахтын чеберчилигинин бир ажайып керемети, Аллахтын чексиз мээриминин бир тартуусу, Аллахтын жалгыздыгынын затка тиешелүү далили, акыреттеги Аллахтын сый-жакшылыктарынын бир сүйүнчүсү, кудуретин толук түшүнүүнүн жана илиминин курчап тураарынын бир чынчыл күбөсү, ошондой эле, алар бардык заттар ааламынын бүт тарабында жана мобул дарак сыяктуу көбөйгөн бир ааламдын айланасында Аллахтын жалгыздыгынын чагылуулары болуп саналат. Назарларды көптүктөн жалгыздыкка бурушат.30

Дарвинисттер өсүмдүктөрдө жана алардын жалбырактарында теңдешсиз салкындатуу механизми бар экенин жана бул системаны сокур кокустуктар менен түшүндүрө алышпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер жалбырактардын бетиндеги кутикула деп аталган суу өткөрбөс, коргоочу кабыктан улам суу жоготуусун минималдаштыра алышаарын эволюция аркылуу эч качан түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер чөл өсүмдүктөрүнүн сууну бууландырганга караганда көбүрөөк сууну сактай турган, чөл шарттарына ыңгайлуу өзгөчөлүктөргө ээ болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кээ бир өсүмдүктөрдүн сырткы бетинин жыгач сымал, кургак бир зат менен капталганына карабастан, сууну насостоо механизминен улам ичинен тонналаган сууну өткөрө алышаарын жана бул механизм болбосо жер жүзүндө жашоо уланбай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер бир топуракта өсүп, бир суудан сугарылганына карабастан, түсү, жыты жана даамы бири-бирине окшобогон өсүмдүктөрдү адамдын рухуна эң жагымдуу кылып Аллахтын жаратканын ойлонушпайт.

Дарвинисттер капкара топурактын ичинде жетилген мөмө-жемиштердин химикке окшоп топурактан адамдарга керектүү минералдарды гана сиңирип алышын эволюция менен эч качан түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер эч кандай ойлонуу жөндөмү жок кээ бир дарактардын коргонуу тактикасын колдонуп, күзүндө өздөрүн зыянкечтерден коргоо үчүн жалбырактарында атайын татаал бойок молекулаларды (пигмент) иштеп чыгып, көз жоосун алган түстөргө бөлөнүшүнүн кокусунан болбостугун ойлонушпайт.

Дарвинисттер суук климат шарттарында жашаган дарактардын жалбырактарынын бетинин мом сыяктуу бир зат менен капталышын жана ошондуктан жалбырактардын суу жоготпой өмүрүн уланта алышын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кардын салмагынан бузулбашы үчүн үйлөрдүн чатырларын конус формасында курган инженерлердин негизи Аллах жараткан тобурчактуу дарактардын формасынан илхам алышканын жана табиятта инженерлерге илхам берген дагы көптөгөн акылдуу түзүлүштөрдүн бар экенин жана алардын эч качан кокусунан пайда болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөр жашоосун жана урпагын уланта алышы үчүн аларда биологиялык саат бар экенин, анын эволюция теориясы менен түшүндүрүлө албастыгын ойлонушпайт.

Дарвинисттер Эдинбург университетинин Клетка жана молекулярдык биология институтунун мүчөсү Энтони Тревавастын «Nature» журналынын 2002-жыл 21-февраль санындагы «Өсүмдүктөрдөгү аң-сезим: акылсыз жөндөмдөр» темалуу макаласындагы: «өсүмдүк клеткалары бири-бири менен кээде белокторду жана гормондорду, кээде нуклеин кислотасы, углевод жана канттарды, кээде болсо химиялык жана электрдик сигналдарды колдонуп байланыш курушат. Жеке өсүмдүк клеткаларынын чоң көлөмдөгү бул маалыматты кантип сактаары түшүнүксүз...» деген моюнга алуусунун алардын теориясын жокко чыгараарын ойлонушпайт.

Башыңды көтөр, көзүңдү ач! Бул ааламдын улуу китебин бир кара; ошондо муну көрөсүң: бүт аалам үстүндө, эбегейсиз көлөмүнө жараша Жалгыздыктын мөөрүн абдан даана көрсөтүүдө.31

Дарвинисттер лотос өсүмдүгүнүн үстүндөгү чаңдарды жамгырдын тамчыларын кыймылдатуу аркылуу тазалашындагы аң-сезимдин кокусунан келип чыкпай турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер өсүмдүктөрдөгү душмандарынан коргонуу үчүн адамдарды да жаңылта турган тууроо жөндөмүн эволюция теориясы менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.

Дарвинисттер кереметтүү математикалык алтын катышты көрсөткөн жана Фибоначчи тизмеги деп аталган тизмектин өсүмдүктөрдө абдан көп кездешишин эволюция менен түшүндүрүүгө болбой турганын ойлонушпайт.


Булактар:

3. Şaban Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 188. (Sözler, s. 308, Nur’un İlk Kapısı, s. 96

4. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 88

5. Bill Gates, Chairman and Chief Executive Officer, Microsoft Corporation, “The Road Ahead,” [1995], Penguin: London, Revised, 1996, s. 228

6. Davies P.C.W., "The Fifth Miracle: The Search for the Origin of Life," Penguin: Ringwood , Australya , 1998, s.57-58

7. “Marslıların Soyundan mı Geldik?”, Cumhuriyet Bilim Teknik, 13 Eylül 2003 tarihli kapak yazısı

8. James Crow, “Genetic Effects of Radiation,” Bulletin of Atomic Sciences, 14 (1958), 19-20

9. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Published in Abacus by Sphere Books Ltd., 1984, Londra, s. 4

10. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, London: Burnett Books, 1985, s. 242

11. Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara, Meteksan Yayınları, s.79

12. Robert Shapiro, Origins: A Sceptics Guide to the Creation of Life on Earth, New York, Summit Books, 1986. s.127

13. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları, 1984, s. 61

14. Richard Ellis, Aquagenesis, “The Origin and Evolution of Life in the Sea”, Penguin Books, 2001, s. 7

15. Christian Schwabe, “On the Validity of Molecular Evolution”, Trends in Biochemical Sciences, c. 11, Temmuz 1986

16. Stephen Jay Gould, Life’s Grandeur, Vintage, Londra, 1996, s. 212

17. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, London: Burnett Books, 1985, ss. 290-91

18. Leslie E. Orgel, “The Origin of Life on Earth”, Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 78

19. Sözler 75, Haşiye 1

20. Sözler 75

21. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 40

22. Mektubat, 56-57

23. Şaban Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 161. (Mesnevi-i Nuriye, s.33)

24. Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara, Meteksan Yayınları, 1984, s.8

25. Şaban  Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 162. (El-Huccetü’z-Zehra, s. 79-80)

26. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 2, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, Çev: Veysel Atayman, s.60-61

27. Sözler 72

28. Sözler 10. Söz 66

29. Şaban Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 162. (Sözler, s. 601)

30. Şaban Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 183. (Sözler, s. 651)

31. Şaban Döğen, Risale-i Nur’dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 166. (Sözler, s. 315)