Бул бөлүмдө ДНК молекуласынын химиялык түзүлүшүнөн сөз кылабыз. Бирок мындагы максат кадимки биология китептериндеги сыяктуу маалымат эле берип коюу эмес. Бул маалыматтарды карашыбыздын себеби – адамдын денесиндеги кереметтерди, анын жашоосунун канчалык кылдат бир тартип менен курулганын көрсөтүү жана ошол аркылуу Раббибиздин улуулугун жана адамдарга болгон мээримин жакшыраак жеткирүү.
Кээ бир адамдар илимий терең маалыматтардан болушунча алыс болгусу келет жана алар жөнүндө көп ойлонгусу келбейт. Натыйжада мындай адамдардын жоромолдору, сөздөрү да үстүртөн болуп калат. Бирок биз көргөн ар бир детальдын жаратылышында терең маанилер бар жана ар бир деталь бир максат менен жаратылган. Курандын бир аятында Раббибиз мындай деп билдирет:
Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык. Эч шексиз, ал саат жакындап келе жатат; демек (аларга карата) жакшы мамиле кыл. Себеби Раббиң жаратуучу жана кабардар. (Хижр Сүрөсү, 85-86)
Эми жер жүзүндөгү миллиарддаган адамдардын ар биринин триллиондогон клеткасында жайгашкан ДНКнын жаратылышындагы өзгөчөлүктөрдүн кээ бирлерин чогуу карайлы.
ДНК спиралынын химиялык түзүлүшү
ДНК (дезоксирибонуклеиндик кислота) – көмүртек, суутек, кычкылтек, азот, фосфат атомдорунан турган жана клетканын бүт негизги функцияларында кызмат кылган ири бир молекула. Адамга тиешелүү бир ДНК молекуласында бул атомдордон миллиарддаган санда бар14 жана ар бир адамда өзүнө жараша өзгөчө тартипке салынган. ДНК бир молекуланын химиялык түзүлүшүн көрсөткөн дезоксирибо (Д), нуклеиндик (Н), кислота (К) сөздөрүнүн баш тамгаларынан турат.
 |
A. Аденин; T. Тимин; G. Гуанин; C. Цитозин. |
Адамдын клеткасынын ядросундагы ДНК молекуласы диаметри 5 микрон (микрон: миллиметрдин миңден бири) болгон, кичинекей бир топко окшоп оролгон абалда жайгашкан «нуклеиндик кислотадан» турат.15 Нуклеиндик кислоталар денебиздин 2%ын гана түзгөнү менен, абдан маанилүү кошулмалар. Нуклеиндик кислоталардын негизи болсо – бул нуклеотиддер. Нуклеотиддердин 6.000.000.000 (миллиард)га жакыны химикат катары жуп спирал абалында биригип ДНКны түзүшөт.16
Спираль формасындагы тепкичтерден турган ДНК молекуласы илимпоздорду таң калтырган бир архитектуралык түзүлүшкө ээ. Тепкичтин капталдары башка түрдөгү «кант» жана «фосфаттан» турган ДНК молекуласынын омурткасы. Тепкичтер болсо «база» деп аталган жана бири-бирине туташкан төрт химиялык зат жубунан түзүлөт: аденин, тимин, цитозин жана гуанин. Базалар – бул көмүртек, кычкылтек, суутек жана азотту камтыган 12-16 атомдон турган молекулалар.17 Бул химикаттар болсо ДНК спиралында өзгөчө бир тизмекке ээ. Булардын тизмеги эки түрдүү жупташуудан гана турат: аденин (А) дайыма тимин (Т) менен жана цитозин (С) дайыма гуанин (G) менен туташат.18
Илимпоздор ДНКны түзгөн атомдордун нуклеотиддерди түзүү үчүн кандай бир тизмек менен биригишээрин аныкташкан. Бирок организмдин курулуш материалдарынын түзүлүшүн билүү менен аларды жасоо бир эмес. Илимпоздор колдорунда туура материалдар –атомдор жана аларды бириктире турган технология- болгонуна карабастан, организмдин ДНК молекуласын эч жасай албай келишет. Куранда Раббибиз мындайча билдирет:
Ал тирилтет жана өлтүрөт. Бир иштин болушун өкүм кылганда, ага: «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Момун Сүрөсү, 68)
Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)
Жогоруда да айтылгандай, атомдордун тизилишинде өзгөчө бир жаратылуу бар. Ар бир нуклеотиддин ичинде болжол менен 34 атом бар. ДНКда жалпысынан 6 миллиард нуклеотид болот, демек (34 x 6.000.000.000) 204 миллиард атом ДНК молекуласын түзүү үчүн химиялык жактан биригиши зарыл.19 Эгер бир секундада бир атомду жайгаштыра алганыңызда жана күнүнө 8 саат, жылына 350 күн иштей алганыңызда, анда бир даана ДНК молекуласын 20000 жылда араң жасап бүтмөксүз.20 Акылы бар бир адам да муну жасай албаса, анда ДНК молекуласы кокустуктардын натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болгон дегенге болобу? Албетте, болбойт. Ошондой эле, ДНК молекулалары болбосо, организмдердин да жашай албашын унутпаш керек. Болгондо да, ДНКнын түзүлүшүндөгү кичинекей бир ката да олуттуу натыйжаларга алып келүүдө. Таанымал илимпоз Ричард Милтон (Richard Milton) мындай дейт:
... ар бир нуклеозид (нуклеотиддин фосфат кошулбаган абалы) туура катарда «жазылышы» жана ДНК молекуласынын ичинде өз ордунда турушу зарыл жана мурда айтылгандай, адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөрдөгү негизги функционалдык бузулууларга бир даана ДНК молекуласы, же ал молекуланын ичиндеги бир даана нуклеозиддин кем болушу же туура эмес жайгашышы себеп болууда.21
ДНК тилкесиндеги ар бир база тизмеги –аденин, тимин, цитозин жана гуанин нуклеотиддеринин тизмеги- клетканын ядросундагы генетикалык текстти түзөт жана дене үчүн өтө маанилүү болгон белокторду жасаганга керектүү маалыматтарды камтыйт. Бул жагынан караганда, ДНКнын бир тараптан тартиптүү түзүлүшүн сактап, экинчи тараптан болсо маалыматтын көп түрдүүлүгүнө мүмкүнчүлүк бере тургандай бир тизмекке ээ болушу абдан кызык.
 |
A - аденин, T - тимин,
G - гуанин, S – цитозин.
Ар бир нуклеотиддин ичинде болжол менен 34 атом болот. ДНКда жалпысынан 6 миллиард нуклеотид бар, демек (34 x 6 000 000 000) 204 миллиард атом бири-бирине байланып, Улуу Раббибиздин каалоосу менен бир адамдын бүт маалыматтарын пайда кылышат.
|
ДНК тилкеси катушкаларга оролгон
 |
1. Кант фосфаты
2. Нуклеотид
ДНК молекуласы илимпоздорду
таң калтырган бир архитектурага ээ.
ДНК тилкесинин капталдары «кант»
жана «фосфаттан» түзүлгөн бутактардан турат.
Ал бутактардын ортосундагы тепкичтер болсо
төрт химиялык заттын, б.а. аденин, тимин,
цитозин жана гуаниндин маңдай-тескей
туташышынан пайда болгон
нуклеотиддерден түзүлөт.
|
Адамдын клеткаларындагы бир ДНК тилкеси болжол менен 3 миллиард база жубунан турат жана узундугу болжол менен эки метрге жетет. Ушундай чоң эки чынжыр кичирейлитип, көзгө көрүнбөс көлөмгө түшүрүлүшү зарыл. Узун бир жиптин барабанга оролошуна окшоп, ДНК да клетканын ичинде ушул сыяктуу механизм менен пакеттелип ядронун ичине жайгаштырылган. ДНК тилкеси «нуклеосомалар» формасында барабандарга оролуп пакеттелип, хромосомаларды түзөт. Ал жерде барабан кызматын болсо «гистон» деп аталган белоктор аткарышат.
Бир нуклеосомада ДНК спиралынын 15 обороттук бөлүгү жайгашат; мунун узундугу болсо 150 нуклеотидге барабар.22 Бул бөлүк бир белок ядросунун айланасында эки жолу оролгон. Бул ядро болсо көп сандагы оң заряддуу аминокислотаны камтыган сегиз гистондон турат. Булар ДНКдагы терс заряддуу фосфаттарды кемчиликсиз толукташат. Белок өндүрүү үчүн ДНКнын кандайдыр бир бөлүгүнө жазылган бир маалымат керек болгондо, нуклеосома ачылып, окуганга ыңгайлашат. Андан соң ДНК кайрадан гистондорго оролуп, кийинки жолу керек болгонго чейин ал жерде сакталат жана айланадагы молекулалардын кыйратуучу таасиринен корголот. Генетикалык маалыматтын мазмуну гана эмес, түзүлүшү жана турган чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү да кылдат бир тартипти талап кылат. Бул тартип – асмандарды жана жерди жараткан Улуу Раббибиздин чыгармаларынын бирөөсү гана. Йусуф Сүрөсүнүн 100-аятында мындайча билдирилет:
... Шексиз, менин Раббим каалаганын абдан кылдат тартипке салып, чара көрүүчү. Чындыгында Ал билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Йусуф Сүрөсү, 100)
 |
1. Кант жана фосфат. 2. Суутек байланыштары. 3. Фосфат. 4. Кант. 5. Цитозин. 6. Аденин. 7. Гуанин. 8. Тимин. 9. Нуклеотид
ДНК тилкесиндеги ар бир базанын тизилиши, б.а. аденин, тимин, цитозин жана гуанин, клетканын ядросундагы генетикалык маалыматты түзөт. Бул тепкичтердин ар биринде өтө маанилүү белокторду жасоого керектүү маалыматтар камтылган.
ДНК спиралы өтө тартиптүү, айланма бир тепкичке окшошуп кетет. Бул тартип кант жана фосфаттан турган омурткалардан жана алардын ортосундагы тепкичтерди түзгөн аминокислоталардын белгилүү бир тартип менен тизилишинен келип чыгат.
ДНКнын ачылышына салым кошкон окумуштуулардан молекулярдык биолог Розалинд Франклин менен биохимик Эрвин Чаргафф мындай тизилүүнүн натыйжасында ДНК молекуласында адениндердин санынын дайыма тиминдердин санына, гуаниндердин санынын болсо цитозиндердин санына барабар болоорун аныкташкан.1 Бул ДНКнын өзгөчө касиеттеринин бирөөсү гана, жана ДНКнын келип чыгышында кокустуктарга эч жол берилбей турганын дагы бир жолу далилдейт.
1. L. R. Croft, How Life Began, Evangelical Press, England, 1988, p. 34.
|
Маалымат пакети гендер
Көзгө көрүнбөгөн бир даана клетканын ядросунда жалпы узундугу 4 метрге жеткен ДНК тилкеси болот. Бул тилке клетка ядросунда «хромосома» деп аталган топтор түрүндө пакеттелген. Дене клеткаларыбыздын ядролорунда жалпы 23 жуп хромосома бар. Хромосомалар электрондук микроскоп менен чоңойтулганда, бул хромосомалардын ичинде орун алган ДНК молекуласынын спираль абалында оролуп кысылган абалда турганын көрөбүз. Мындай пакеттөө системасы кичинекей көлөмгө укмуш көп маалымат сактоо мүмкүнчүлүгүн берет.
ДНК тилкелеринде денеге керектүү бүт белокторду –ферменттерди, молекулярдык моторлорду, гормондорду жана башка курулуш материалдарын- жасай турган маалымат бар.23 ДНК молекуласына коддолгон маалымат көздөрдүн, кулактардын симметриялык түзүлүшүн, жүрөктүн кан насостошун, ал кандын клеткаларга кычкылтек ташышын, азыктарды майдалоочу ашказан кислотасынын пайда болушун жана дененин башка бардык физикалык өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Адамдарда болжол менен 30000 даана «ген» деп аталган ушундай маалымат пакети бар.24
 |
ДНКнын пакеттелиши жаратылуунун бир далили. Хромосоманын туурасы жалпысынан 1 нанометрди, б.а. метрдин миллиарддан бирин түзөт. Узундугу төрт метр болгон ДНК молекуласынын көзгө көрүнбөгөн бир жерге пакеттелиши; окуу, копиялоо керек болгондо эч көйгөйсүз жазылышы (чечилиши) клеткадагы тартипти Улуу Раббибиздин жараткандыгын көрсөтөт. |
Генетикалык маалыматтын жалпы санын, б.а. «геномду» бир китепканага салыштырсак, китепканадагы ар бир китеп бир хромосома болот жана китептердин бөлүмдөрү болсо гендер. Гендер ири бир энциклопедиядагы темалар сыяктуу. Алардын бетинде болсо бир адамдын биологиялык жашоосунун терең планы жазылган.25
Хромосомалардагы тукум куучулук аркылуу берилген өзгөчөлүктөрдү ДНКнын баскычтарын түзгөн төрт химиялык базанын ар түрдүү тизмектери аныктайт. Бул баскычтардын, база жуптарынын, миңдегени биригип бир генди түзөт. ДНКнын түзүлүшүн ачкандардан Жеймс Уотсон база тизмектеринин гендердеги ар түрдүүлүктүн булагы экендигин мындайча айткан:
 |
Сол-үстүңкү тарап: 1- Хромосома. 2- Центромера, ДНК. 3- Хромосомалар.
1- ДНК молекуласы, 2- ДНК жуп спиралы, 3- База, 4- 2 нм, 5- Оромдор, 6- Гистон, 7- Спираль формасында жайгаштырылган хроматин.
Гистон белогунун үч өлчөмдүү формасы менен электрдик зарядынын таралышынан келип чыккан түзүлүшү ДНКнын өзүнүн айланасына ыңгайлуу бир тартип менен оролуп, маалымат сакташына шарт түзөт. Ушул себептен, ДНКнын маалымат сактоо сыйымдуулугу эң алдыңкы компьютер чиптеринен бир канча триллион эсе жогору турат.1 (1- Stephen C.Meyer, The Intercollegiate Review 31, no. 2, Spring 1996.)
|
...бул төрт нуклеотид бири-биринен толугу менен айырмалуу эмес; себеби баары бирдей кант жана фосфат элементтерин камтыйт. Айырмалуулугу же пурин (аденин жана гуанин) же пиримидин (цитозин жана тимин) деп айтылган азот базаларына таянат... Эгер база катарлары дайыма бирдей болгондо, бүт ДНК молекулалары окшош болмок жана бир генди башкасынан айырмалаган ар түрдүүлүк келип чыкмак эмес.26
Аллах бул төрт базанын тизилишинен миллиарддаган түрдүү адамдарды жараткан жана жаратууну улантууда. Аллах ДНКда жараткан кемчиликсиз тартиптин урматында адамдын комплекстүү түзүлүшү жана ар түрдүү өзгөчөлүктөрү келип чыгууда. Нур Сүрөсүнүн 45-аятында мындай деп айтылат:
... Аллах каалаганын жаратат. Эч шексиз, Аллах – бүт нерсеге кудуреттүү. (Нур Сүрөсү, 45)
 |
1- Хромосомалар, 2- ДНК молекуласы, 3- Клетканын ядросу.
Клетканын ядросунда жайгашкан ДНК спираль формасына ээ. Ал спираль ачылса, ДНК ипичке, узун бир тилкеге айланат. Узундугу болжол менен төрт метрге жеткен ДНКнын көзгө көрүнбөгөн, өтө кичинекей бир клетканын ядросунун ичине пакеттелиши Аллахтын каалоосу менен гана болушу мүмкүн.
|
ДНК тең салмактуу бир молекула
ДНК маалыматты сактоо кызматына эң ылайыктуу молекула, химиктер айткандай, абдан «тең салмактуу» бир молекула. Бир молекуланын тең салмактуу болушу кандай мааниге келет? Тең салмактуулук бир молекуланын оңойчулук менен бузулуп, ажырабашын билдирет. Молекулярдык биология тармагында изилдөө жасаган илимпоздор ДНКнын мындай тең салмактуулугунун маанилүүлүгүн жакшы билишет. Себеби ДНК лабораторияларда колдонулган биохимикаттардын көпчүлүгүнөн бир топ бекем бир түзүлүшкө ээ. Көп биохимикаттын тескерисинче, бөлмө температурасында да көп айлар бою аралашманын ичинде тең салмактуулугун сактай алат.27 ДНКдагы базалардын тең салмактуу түзүлүшү жөнүндө проф. Дэниел Деннет (Daniel Dennet) мындай дейт:
ДНКнын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири аденин, цитозин, гуанин жана тимин тизмектеринин химикат катары дээрлик бирдей даражада тең салмактуу болушу. Негизи баарын генетикалык инженерия жолу менен лабораторияларда алууга болот жана китепканада турган бир китеп сыяктуу белгисиз бир убакыт бою өмүр сүрө алат.28
Булардын баары көрсөткөндөй, ДНК – маалымат сактоо үчүн атайын жаратылган бир молекула. ДНКнын бардык касиеттеринин кокустан бир заматта пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Булардын баары Улуу Раббибиздин буйругу менен пландуу жаратылган. Курандын бир аятында Аллах мындайча билдирет:
... Мына ушуларды (жаратып жөнгө салган) Аллах силердин Раббиңер; мүлк Аныкы. Андан башка сыйынгандарыңар болсо «бир уруктун ичке чел кабыгына» де ээ (малик) боло алышпайт. (Фатыр Сүрөсү, 13)
ДНКнын спиралдык түзүлүшүндөгү таң калыштуу тартип
Телефондун трубкасынын оролгон шнурун элестетиңиз. Узун бир кабель бир топ кыска аралыкка батырылып, керек болгондо узара турган болуп жасалган. Эч ким кабельди карап, ал кабель кокустан мындай формада болуп калган деп айтпайт. Себеби бул форманын колдонулган жери, максаты жана ыңгайлуулугу бир акылдын, илимдин жана пландын бар экенин көрсөтөт.
 |
1- Хромосомалар,
2- Хромосома (оролгон ДНК),
3- Хроматин (жайылтылган ДНК),
4- ДНК жуп спиралы,
5- Нуклеотиддер. |
Адамдын клеткаларындагы ДНКлар да ушуга окшош атайын бир формага ээ. Болгондо да ДНКдагы спиралдык түзүлүш бир топ тартиптүүрөөк, узунураак жана катмарлуураак. Мындай форманын колдонулушунун терең мааниси бар. ДНКдагы абдан көп маалыматтын кичинекей бир жерге батышынын негизги себеби ушул өзгөчө формага жашырылган. Спиралдык түзүлүшү жайылганда жалпысынан 4 метрге жеткен ДНК миллиметрдин эки миллиондон бириндей гана орунду ээлейт жана ушул себептен электрондук микроскоптон араң көрүнөт.29
ДНК абдан тартиптүү, айланма бир тепкичти элестетет
ДНК спираль формасында жыйырылган, эки спиралдан турган, тепкичке окшош бир молекула. ДНК спиралындагы жыйрылуулар болсо абдан тартиптүү бир түзүлүшкө ээ. Эки ДНК тизмегинин тең кант менен фосфаттан турган омурткалары орток бир октун айланасында бирдей өлчөмдө, бир багытты (оңду) көздөй айланууларды пайда кылышат. Мындан тышкары, эки колдун арасындагы тепкичтерде да туш келди бир тизмек жок. Тепкичтин баскычтарын түзгөн базалар спиралдын огуна 90 даражалык бурч менен жайгашкан. Бул ДНК тилкесин тартиптүү, спираль бир тепкич көрүнүшүнө салат.
Мындан тышкары, тепкичтер өзгөчө бир биригүү системасы менен биригишет. Баскычтардын төрт башка материалы болгон «аденин, гуанин, цитозин, тимин» ар кандай чоңдукта. Аденин менен гуанин базалары чоң көлөмдүү, цитозин менен тимин базалары болсо кичинекей көлөмдүү молекулалар. Бетме-бет жайгаша турган молекулалардын көлөмү спираль тепкичтин бүт жеринин бирдей аралыкта болушун камсыздай тургандай кылып белгиленген. Тепкичтер тартиптүү болушу үчүн дайыма гуанин цитозиндин, аденин болсо тиминдин тушуна келет. Ошентип ДНК молекуласынын ичинде кичине базалардын тушуна чоң базалардын келиши менен аралык дайыма бирдей сакталат. Мунун натыйжасында болсо үзгүлтүксүз созулган, тартиптүү бир тепкич пайда болот. Бирок бир эле жолу аденин базасынын тушуна тимин эмес, гуанин келгенде, спиралдык түзүлүш толугу менен бузулмак. Натыйжада тизмектеги кандайдыр бир ката молекуланын химиялык түзүлүшүн толугу менен бузушу, жана маалыматтын колдонулушуна, копияланышына жана өткөрүлүшүнө тоскоол болушу мүмкүн эле. Бул мындай тизилүүнүн эч качан кокустан пайда болбой тургандыгын далилдейт.
Бири-бирине кошуна база жуптарынын бурулуу аралыктары да бирдей. Тепкичтердин бурулуу аралыктарын бирдей кылган бул тартип боюнча, болжол менен 10 база жубу (б.а. 10 баскыч) 360 даражалык толук бир айланууну толуктайт.30 ДНК секундасына бир миллиард жолу жыйрылат жана тепкичтин баскычтары спираль бир кыймылды улап ушул тартип менен бүгүлөт.31 Бул кыймыл ДНКнын эки негизги (белок жасалышына багыт берүү жана өзүн копиялоо) милдетин ишке ашырышында абдан маанилүү кызмат аткарат. Германия Федералдык физика жана технология институтунун башчысы проф. Вернер Гитт (Werner Gitt) ДНКдагы бул өзгөчө түзүлүш жөнүндө мындай дейт:
Организмдердеги коддоо системасы инженерия көз-карашы менен караганда эч кемчиликсиз. Бул чындык мунун туш келди кокустуктар аркылуу эмес, максаттуу бир жаратуу аркылуу келип чыккандыгы жөнүндөгү көз-карашты бекемдейт.32
Спиралдын курушулунда колдонулган байланыштардын мааниси
Узун ДНК молекуласынын омурткасы, б.а. тепкичтин колдору (капталдары) абдан бекем. Катары менен тизилген кант жана фосфат молекулаларынан турат. Бул молекулалар бири-бирине «эфир коваленттик байланыштар» деп аталган өзгөчө бир байланыш менен туташышат. Бул байланыштар абдан күчтүү байланыштар; ошондуктан оңойчулук менен үзүлбөйт. Бул күчтүү омуртка генетикалык маалыматты бузуучу таасирлерден коргойт.33 Бул байланыштар ДНК молекуласынын жалгыз тизмектүү учурда да чыдамкай жана туруктуу болушун камсыз кылат.
 |
1. Суутек байланыштары. 2. Фосфат. 3. Кант. 4. Цитозин. 5. Аденин. 6. Тимин. |
Бирок мынчалык бекем бир ДНК тизмеги жайылган учурда ДНКнын спиралдык түзүлүшүнө зыян келиши мүмкүн. Ушул себептен спираль, бир жагынан, өз түзүлүшүн сактай турганчалык бекем жана тең салмактуу, экинчи жагынан болсо, андагы маалымат кыйынчылыксыз колдонулушу үчүн абдан бат ачыла тургандай ийкемдүү болушу зарыл. ДНКнын негизги молекулярдык түзүлүшүн коргогон күчтүү коваленттик байланыштар менен спиралдык тизмектерди чогуу кармап турган күчсүзүрөөк, оңойураак үзүлүүчү «суутек байланыштардан» турган бир комбинация ийкемдүүлүк-бекемдик маселесин чечет. Бири-бирине жолуккан төрт нуклеотиддин арасындагы химиялык байланыш – бул суутек байланышы. Бул байланыш эфир байланыштарындай күчтүү болбогондуктан, аз энергия менен, мисалы pH (кислота-база тең салмактуулугу) өзгөрүшү, температура жана басым сыяктуу факторлор менен оңой гана бири-биринен ажырайт. Алсыз байланыштар организмдеги чоң молекулалардын калыптанышында абдан маанилүү кызмат аткарышат жана заттарды ийкемдүү кылышат. Бирок бул ийкемдүүлүк учурунда байланыштар үзүлбөйт. Суутек байланыштарынын мындай касиетинен улам ДНК молекуласындагы маалымат керек учурда колдонула алат.
Байланыштардагы мындай ийкемдүүлүктүн мааниси мындай: дененин негизги функциялары болгон белок өндүрүшү ДНКны копиялап, башка клеткаларга берүү аркылуу ишке ашат, бул процесске алардын арасындагы байланыштардын ийкемдүүлүк касиети шарт түзөт. ДНК молекуласынын эки тизмеги бири-бирине суутек байланыштары менен гана байланышкандыктан, оңой гана ажырайт. Керек болгондо кайрадан биригип жуп спиралдык түзүлүштү түзө алышат. Ажыроо учурунда ДНК тизмегинин баскычтарын түзгөн нуклеотиддер ажырабайт. Ошондой эле, ортодогу суутек байланыштары оңой гана бири-биринен ажыраса, коваленттик байланыш менен байланышкан капталдардагы тизмектер эч үзүлбөйт жана ийилбейт. Молекулярдык биолог Майкл Дентон ДНКнын биохимиялык түзүлүшүндөгү кемчиликсиздикти мындайча сүрөттөйт:
Молекуланын геометриялык жактан кемчиликсиздигин көрө аласыз. Аденин менен тиминдин арасындагы эки, жана гуанин менен цитозиндин арасындагы үч суутек байланышынан турган беш суутек байланышынын бүт баарынын чыдамкайлыгы эң идеалдуу деңгээлде. Себеби суутек атомдорунун баары түздөн-түз аны кабыл алган атомго ишарат кылат жана байланыштардын узундугу суутек байланыштары үчүн керектүү эң жогорку энергия деңгээлинде. Молекуланы тең салмакта кармашы жана репликация (копиялоо) учурунда база жупташуусунун эч катасыз түзүлүшү жагынан бул касиет абдан маанилүү.34
Бир тараптан, генетикалык маалымат сакталышы үчүн бекем жана тең салмактуу бир түзүлүшкө муктаждык бар болсо, экинчи тараптан, гендерди окуп, копиялоо үчүн ийкемдүү бир түзүлүш керек. Б.а. ДНК спиралын түзгөн эки колдун бири-бирине улануу күчү, бул молекула абдан маанилүү кызматтарын аткара алышы үчүн, дал талап кылынгандай чоңдукта болушу зарыл. ДНК спиралынын бекемдиги менен ийкемдүүлүгү бул талаптарга толук жооп берет. Бул абдан өзгөчө жагдай. Себеби эгер ДНК тилкелеринин арасындагы байланыш күчтүүрөөк болгондо, эки кол тең кыймылсыз болуп калмак. Ал эми, бул байланыш күчсүзүрөөк болгондо, молекула чачырап кетмек.35 Бирок ДНКны түзгөн байланыштар, Аллахтын каалоосу менен, спиралдын абдан бекем да, ишке жарамдуу да болушун камсыздай турган эң идеалдуу касиетке ээ.
ДНКдагы фосфаттын мааниси
Фосфаттар ДНКдагы нуклеотид базаларды бириктирип турат. Себеби ДНК спиралы суулуу бир чөйрөдө кызмат аткарат жана суу болсо фосфаттар менен канттардын арасындагы байланыштарды бузат. Бул жагынан караганда, ДНКдагы фосфат топторунун терс заряддуу болушу бир жагынан артыкчылык болсо, экинчи жагынан муктаждык. Бул терс заряд ДНКнын суулуу чөйрөдө талкалануу ыктымалдыгына бөгөт болот.
Фосфаттан башка кайсы бирикме бир тараптан химиялык байланыш куруп, бир тараптан терс заряддуу бойдон кала алат деген суроо туулса, бул боюнча бир канча ыктымалдыктар бар. Бирок алардын эч бири генетикалык маалыматты түзүү касиетин фосфаттай аткара албайт. Мисалы, кремний кислотасы менен мышьяк эфирлери сууда бат бузулушат; лимон кислотасы болсо сууда жайыраак бузулганы менен молекуланын геометриясын камсыздай турган тең салмактуулукта эмес.36
Ошондуктан фосфаттын өзүнө гана тиешелүү касиеттери болбогондо, ДНК жуп спиралы болмок эмес, өзүн копиялай алчу бул биохимиялык система курулмак эмес жана организмдер да болмок эмес. Белгилүү химия профессору Фрэнк Генри Вестеймер (Frank Henry Westheimer) бул жөнүндө «бул шарттардын баарын фосфор кислотасы гана камсыз кыла алат жана башка альтернатива көрүнбөйт.»37 дейт. Бул жана буга чейин каралган бүт жагдайлар Улуу Раббибиздин ДНК молекуласын кандай кереметтүү касиеттер менен жараткандыгын апачык далилдейт. Курандын бир аятында мындайча билдирилет:
Ал келечегин да, өтмүшүн да билет. Алардын илими болсо Аны (Аллахты) камтый албайт. (Таха Сүрөсү, 110)
 |
1.Фосфат тобу. 2. Дезоксирибоза. 3. Аденин. 4. Тимин. 5. Гуанин. 6. Цитозин. 7. Нуклеотиддер. 8. Фосфат жана кант тобу. 9. Суутек байланышы. 10. Спираль. 11. Спираль. |
Булактар:
14. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 155.
15. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 149.
16. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 41.
17. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 213.
18. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington DC., 1986, s. 43.
19. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 41.
20. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 41.
21. Richard Milton, Son Tartışmalar Işığında Darwinizm'in Mitleri, Gelenek Yayıncılık, Eylül 2003, çev: İbrahim Kapaklıkaya, s. 208.
22. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 39.
23. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 15.
24. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 188.
25. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington DC., 1986, s. 15.
26. James D. Watson, İkili Sarmal: DNA Yapı Çözümünün Öyküsü (The Double Helix), çev. Alev Serin, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Ankara, 1997, 10. baskı, s. 36.
27. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 152.
28. Daniel C. Dennett, Darwin's Dangerous Idea, Touchstone, New York, 1996, ss. 112-113.
29. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 90.
30. http://genetikbilimi.com/genbilim/dnanedir.html
31. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington DC., 1986, s. 43.
32. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 95.
33. http://library.thinkquest.org/20465/DNAstruct.html
34. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, ss. 151-152.
35. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 153.
36. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 406.
37. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 406.