Денеңиздин ар бир клеткасында дүйнөдө эч ким сүйлөбөгөн бир тилде жазылган, кереметтүү бир маалымат казынасы сакталган. Ал тилдин алфавити төрт гана тамгадан турат жана ар бир тамга «база» же «нуклеотид» деп аталган химиялык бир молекула. «Кодон» деп аталган генетикалык сөздөр ушул тамгалардан турат. Төрт тамгалуу бул ДНК тили аденин, тимин, гуанин жана цитозин молекулаларынын баш тамгалары болгон A, T, G жана C символдору менен көрсөтүлөт. Ядродогу маалымат базасында жайгашкан маалыматтар ушул төрт тамгалуу алфавит менен коддолгон. Жүздөгөн A, T, G, C тамгалары бириккенде, узун, мааниси бар сүйлөмдөр келип чыгат. Ал сүйлөмдөр денедеги процесстердин кантип иштээрин сүрөттөгөн, алар менен байланыштуу буйруктарды камтыган «гендер». Бул тамгалардын миллиондогону сүйлөмдөрдөй болуп тизилип, ДНК молекуласын түзүшөт. Молекулярдык биолог Дэвид С. Гудселл (David S. Goodsell) «Our Molecular Nature» (Молекулярдык табиятыбыз) аттуу китебинде ДНК молекуласы жөнүндө мындай дейт:
ДНК балким молекулалардын эң коозудур, бирок сейрек бир китеп сыяктуу чыныгы кооздугу сыртында эмес, ичиндеги сөздөрүндө жашырылган.66
Адамдын бүт дене өзгөчөлүктөрү ушул атайын тил аркылуу коддолуп клетканын ядросуна сакталып коюлган. Жандыктын денесинин формасы, ар бир органдын кызматтары жана ал органдардын иштөө тартиби, клетканын ичинде өндүрүү керек болгон белоктордун генетикалык коддору, өндүрүлчү белоктордун санынын башкарылышы сыяктуу өтө маанилүү иштер ДНКга коддолгон. Коддолуп жазылган бул ири эмгек адам бир клетка кезинде эле анын бүт денеси жөнүндөгү маалыматты камтыйт. Б.а. али адам калыптана электе эле денесинин бүт планы жалгыз бир молекулада даяр турган болот.
Клетканын ядросунда сакталган маалыматтардын коддоо системасын түшүндүрүүдө ДНКны түзгөн нуклеин кислоталарын тамгага окшоштурууну улантабыз. Бул тамгалар мурдакы бөлүмдө айтылгандай эки-экиден жупташып, тепкичтерди түзүшөт. Ал тепкичтер болсо үстү-үстүнө тизилип, «гендерди» пайда кылышат. ДНК молекуласынын бөлүктөрүн түзгөн ар бир ген адамдын денесиндеги белгилүү өзгөчөлүктөрдү башкарат. Моюндун узундугу, көздүн түсү, мурундун, кулактын, баш сөөгүнүн формасы сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөр гендердин буйругу тарабынан аныкталат. Гендерди A-T-G-C тамгалары менен тексттер жазылган китеп барактарына салыштырууга болот.
Адамдын клеткасындагы ДНКларда болжол менен 30.000дей ген бар. Ар бир ген, белоктун түрүнө жараша, 1.000ден 186.000ге чейинки сандагы нуклеотиддердин белгилүү бир тизмегинен түзүлөт. Бул гендер адамдын денесинде кызмат кылган болжол менен 200.000дей белок коддорун сактайт жана ал белоктордун өндүрүшүн көзөмөлдөйт. Бул 30.000 ген камтыган маалымат ДНКдагы жалпы маалыматтын 3%ын гана түзөт. Калган 97%дык бөлүк болсо бүгүнкү күндө белгисиз. Бирок бул бөлүмдө клетканын иш-аракеттери жөнүндөгү абдан маанилүү маалыматтар камтылат (тереңирээк маалымат үчүн «ДНК керемети эволюция теориясын кантип жокко чыгарууда?» бөлүмүн караңыз).
Гендер хромосомалардын ичинде жайгашкан. Адамдын ар бир клеткасынын (көбөйүү клеткаларынан тышкары) ядросунда 46 хромосома болот. Ар бир хромосоманы ген барактарынан турган бир томго салыштырсак, клеткада адамдын бүт өзгөчөлүктөрүн камтыган 46 томдук бир «клетка энциклопедиясы» бар десек болот. Бул клетка энциклопедиясы, жогоруда айтылгандай, толук 920 томдук Британника энциклопедиясы камтыган маалыматка теңдеш.
Ар бир адамдын ДНКсындагы тамгалардын тизилиши башка башка. Ушул күнгө чейин жер бетинде жашап өткөн миллиарддаган адамдын бардыгынын бири-бирине окшобошунун себеби ушунда. Органдардын негизги түзүлүшү менен функциялары бүт адамдарда бирдей. Бирок бүт адамдар ушунчалык кылдат өзгөчөлүктөр менен жана өзгөчө кылып жаратылгандыктан, бүт адамдар жалгыз клетканын бөлүнүшү аркылуу калыптанганына жана негизги түзүлүшү бирдей болгонуна карабастан, миллиарддаган ар кандай көрүнүштөгү адамдар келип чыгууда.
ДНКдагы тамгалардын тизилүү катары адамдын бүт өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Бой, көз, чач жана теринин өңү сыяктуу өзгөчөлүктөрдөн тышкары, денедеги 206 сөөктүн, 600 булчуңдун, 10.000 угуу нерви тармагынын, 2 миллион оптикалык нерв тармагынын, 100 миллиард нерв клеткасынын, узундугу 130 миллиард метр болгон тамырлардын жана 100 триллион клетканын пландары ар бир клетканын ДНКсында бар. Канадалык илимпоз Дениз О'Лери (Denyse O'Leary) ДНКдагы маалымат жөнүндө мындай дейт:
Маалыматтын эң таң калыштуусу ДНКда жазылган эмгек. Кайталанган бир тизмек жок. Ар бири ар башка маалымат менен байланыштуу бир тизмек бар жана ал өтө комплекстүү. Мисалы, мышыктын эмбрионундагы ДНКда эмбриондун мышыктын баласына айланышы үчүн абдан комплекстүү буйруктар камтылган.67
Эми ойлонуп көрөлү: бир сөз да аны жазган бир адам болмоюнча пайда болбойт; анда адамдын клеткасындагы миллиарддаган тамга кантип пайда болгон? Ал тамгалар кантип мынчалык кемчиликсиз жана комплекстүү бир дененин теңдешсиз планын түзө турган бир тартипте, белгилүү маанилерди туюнткан «сүйлөмдөрдөй» катарга тизилишкен? Эгер бул тамгалардын тартибинде кичине эле өзгөрүү болгондо, колуңуздун манжалары бутуңузда, көзүңүз курсагыңызда жайгашышы мүмкүн эле же башыңыз артты караган болушу ыктымал эле. Колдоруңуз абдан кыска же узун, же эриндериңиз жабышкан болушу мүмкүн эле. Азыр толук кандуу бир адам катары өмүр сүрүп жатсак, бул Улуу Раббибиздин каалосу менен гана. Аллах ар бир адамдын ДНКсындагы тамгалардын тартибин буга себепчи кылган. Бир аятта Аллах мындай деп билдирет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат (аруулайт). Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
ДНК молекуласы коддолгон кабарларды камтыйт
ДНК молекуласындагы атомдордун өзгөчө тизилиши максимум кодду минималдуу жерде сактай турган жогорку касиетте жаратылган. ДНК молекуласына жазылган генетикалык код клетканын ядросуна химиялык формулалар аркылуу жазылган. Бирок бул код компьютерде да, кагазда да эмес. Кодду түзгөн ар бир «тамга» - негизи белгилүү химиялык касиеттери бар жана үч өлчөмдүү формадагы бир молекула. Химия профессору Артур Эрнест Уилдер-Смит (Arthur Ernest Wilder-Smith) бир китебинде ДНК молекуласындагы маалыматтарга мындайча көңүл бурат:
Бүт биологиялык клеткалар клетканын ядросундагы ДНК молекулаларына коддолгон программа тарабынан башкарылат... Бүт химиялык метаболизма (зат алмашуу) код тарабынан алдын-ала программаланган... Мындай бир системаны теориялык жактан түшүндүрүүдө абдан узун түшүндүрмөлөрдөн качынуу үчүн генетикалык код системасынын негизги өзгөчөлүктөрүн бир канча салыштыруу аркылуу түшүндүрөбүз. Дүйнөдөгү бүт адамдар түшүнгөн тез жардам чакырыгы – бул «SOS». Бул чакырык коддолгон маалыматты камтыйт жана аны ...- - -... (үч чекит, үч сызык, үч чекит) абалында да көрсөтүүгө болот. Бул жердеги чекиттер менен сызыктар Морзе алфавитинин эки тамгасын көрсөтөт. Алфавитибиздеги «S» тамгасы «…» менен, «O» тамгасы болсо «- - -» менен көрсөтүлөт. Морзе алфавитин ар кандай ыкмаларды колдонуу менен сактоого жана жиберүүгө болот. Мисалы, бул тамгаларды бир кагаздын бетине жазууга болот, кант менен торттун бетине тартууга болот, же бир учактын түтүнүн колдонуу менен асманга ушул тамгаларды жазууга болот... Берилген кабар же маалымат бир маанини туюнтат, кандай шартта болбосун, «SOS» деген сөз айтылат. Морзе кодундагы чекиттер менен сызыктарды бир жиптин бетинде да көрсөтүүгө болот. Сызыкты чоң бир түйүн менен, чекитти болсо кичирээк бир түйүн менен көрсөтсө болот. Бул учурда Морзе коду менен жазылган кабарды берүү үчүн кагаз талап кылынбайт. Бир жип да жетет. Ушул сыяктуу бир системаны колдонуу менен, так жана жуп түйүндөрдү камтыган бир жипти колдонуу менен Гетенин «Фауст» эмгегин жазууга болот.68
Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, маалыматтын мазмуну анын берилүү формасынан көз-каранды эмес. Ошондуктан ДНКдагы базалардын катары эле эмес, андагы коддолгон маалымат, кабар да маанилүү. Илимпоз Ричард Милтон ДНКдагы кабардын коддолушундагы кылдат тартипке мындайча көңүл бурат:
... Бир программадагы бардык буйруктар бир жагынан компьютер жабдыгына, экинчи жактан программанын башка бөлүктөрүнө таасир бериши үчүн программист тарабынан абдан кылдат ойлонулушу зарыл. Компьютер системасы иштеши үчүн программист тарабынан буйруктарды жазууда колдонулган тамгалар менен сандар программа тилинин тил түзүлүшүнө жана сөздөрүнө ылайык абдан так жазылышы керек. Болор болбос бир ката да бүт баарын бузушу мүмкүн. Мисалы, 1977-жылы НАСАнын (NASA) Cape Canaveral'ден бир спутникти учурушу ал абага көтөрүлгөндөн кыска убакыт өткөн соң кырсык менен аяктаган. НАСА инженерлери кийин жасаган иликтөөдө бул кырсыкка компьютердин жол көрсөтүү системасындагы бир катачылыктын себеп болгону аныкталган: жол көрсөтүүчү программада жөнөкөй бир үтүр унутулуп калган эле. Эң жөнөкөй тилде – мисалы, basic тилинде- эң жөнөкөй бир компьютер ишин программалоону каалаган бир адам көйгөйдү түшүнөт. Сөз тизмегинде болор болбос бир ката кетирсеңиз, бир тамганы таштап кетсеңиз, бир чекитти же бир боштукту эле унутуп кетсеңиз, программа иштебейт. Ошол сыяктуу ар бир нуклеотид сөзсүз туура тартипте жазылышы керек жана түйүлдүк өмүрүн улантышы үчүн ДНК молекуласында сөзсүз өз ордунда болушу зарыл. Адамдардагы, жаныбарлардагы же өсүмдүктөрдөгү негизги функционалдык бузулуулар бир даана ДНК молекуласынын же ал молекуладагы бир даана нуклеотиддин жоголушу же орун которушу себебинен келип чыгат.69
Массачусетс технология институтунан маалымат теориясы жана расмий тилдер тармагынын адиси, проф. Мюррей Эден (Murray Eden) «Эч бир расмий тил сүйлөмдөрдү билдирген символдордун тизилишиндеги туш келди өзгөрүүлөргө толеранттуулук көрсөтпөйт. Маани дээрлик дайыма бузулат. Ар бир өзгөрүү синтаксистик жактан эрежелерге туура келиши зарыл.»70 деп бир тилдин символдору туш келди аралаштырылганда маанинин дайыма бузулаарын айткан. Андан соң бул эреженин генетикалык маалыматты түзгөн ДНК тилине да тиешелүү экендигин айтат.
Булардын баары ДНКдагы маалыматтын кокустан пайда болбой тургандыгын көрсөтөт. Эволюционисттердин мындай ойдон чыгарылган сөздөрүнө карата «криптология» аттуу, маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуучу математикалык код билимин да мисал келтирүүгө болот. Бул илим тармагынын максаттарынын бири – маалыматтын окулушуна жана өзгөртүлүшүнө тоскоол болуу. Мисалы, бир хакер (уруксатсыз башка бирөөнүн компьютер тармагына кирген адам) интернетте эки адамдын арасындагы байланышты көрүшү жана ал байланыш аркылуу жиберилген маалыматтарды өзгөртүшү мүмкүн. Демек маалыматтын мазмунун коргоо, оригиналдуу жазмаларды сактоо да маанилүү. Жибериле турган маалыматтын коопсуздугу канчалык маанилүү болсо, колдонулган коддоо ыкмасы да ошончолук маанилүү болот жана татаалдашат. Ошондуктан маалыматтарды бүт адамдардын оңой гана түшүнө алышына бөгөт койо турган атайын программалар колдонулат. Бул программаны белгилүү адамдар гана окуп, өзгөртө алышат. Тиешесиз адамдардын кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн болсо маалыматтардын тууралыгы коопсуздук системалары аркылуу тастыкталат.
Генетикалык маалымат болсо адамдын жашоосуна түздөн-түз таасир тийгизгендиктен, эч өзгөрбөшү зарыл. Бирок мынчалык маанилүү бир маалымат казынасынын клетканын ичинде сакталуу турганын илимпоздор элүү жылдай мурда гана байкашты. Бирок адам эң алгач жаратылгандан бери бул баалуу маалымат ядронун ичинде коргоо астында жана өзгөчө бир код менен коддолгон. Бул молекула менен байланыштуу бүт майда-бараттардан Аллахтын теңдешсиз жаратуу мисалдарын көрүүгө болот. ДНК бизге төмөнкү суроолордун жоопторун ойлондурушу керек:
- Кемчиликсиз бир денени жасай турган маалыматтын ээси ким?
- Маалыматты жандуу бир кыртыштын ичинде ким сактайт?
- Мынчалык масштабдуу маалыматты тырмактай бир жерге ким, кантип батырган?
- Бул маалыматтын маанилүү экенин билип, ким коргоого алган?
- Маалыматты ким коддойт жана анын котормосун ким жасайт?
- Маалыматты чечмелөө учурунда кемчилик же катачылык кетпеши үчүн ким чара көрүүдө?
- Маалыматты башка урпактарга берүү жана ал үчүн кандай ыкманы колдонуу керек экенин ким билүүдө?
- Кыртыштар (тканьдар) жаңыланган сайын жана клеткалар бөлүнүп көбөйгөн сайын, бул маалыматты жаңы клеткаларга ким, кантип копиялоодо?
Дагы ушул сыяктуу канчалаган суроолордун баары бизди «улуу акыл жана илим ээси болгон бир Жаратуучубуз бар» деген жыйынтыкка алып барат. ДНК «...Бүт нерсени «бекем жана өз ордунда жасаган» Аллахтын чеберчилиги...» (Немл Сүрөсү, 88). Куранда Аллах адамдын абдан пландуу жаратылгандыгын мындайча билдирет:
Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)
Бир жандыктын бүт дене функцияларын, анын эмнелерге муктаж экенин сүрөттөгөн бир эмгек жазылышы үчүн ал эмгектин ээси ал жандыктын бүт дене түзүлүшүн, клетканын атом жана молекула деңгээлиндеги иш-аракеттеринин кандайча жүрөөрүн толугу менен билиши жана ымыркай кезинен өлгөнгө чейинки ар бир дооруна тиешелүү жеке муктаждыктарын өлчөп чыгышы зарыл. Раббибиз Аллах бул маалыматтардын жалгыз ээси жана адамды «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салган». (Абаса Сүрөсү, 19)
Ошондой эле, бир гана адамдардын эмес, жер бетиндеги бүт организмдердин; бактерия, вирус, курт-кумурска, аттар жана өсүмдүктөрдүн да клеткаларында өздөрүнө тиешелүү ДНКлары бар экенин унутпаш керек. Баарынын ДНКсынын ичиндеги маалыматтар ал жандыктын дене түзүлүшүнүн детальдуу планын жана анын муктаждыктарына тиешелүү өзгөчө маалыматтарды камтыйт. Жер бетинде миллиондогон жандык түрү бар экенин эске алсак, анда бул маалыматтын көлөмү менен масштабын жакшыраак түшүнөбүз. Ар бир жандыкты эң башынан бүт муктаждыктарына жараша маалыматтар менен жабдыган жана ал маалыматты клеткаларынын ичине жайгаштырган, ар башка түрлөр үчүн башка башка ДНК тизмектерин жараткан – бул Улуу Раббибиз Аллах.
4 алфавиттүү ДНКнын тилинен 20 алфавиттүү белоктун тилине которуу
Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, клетканын ичиндеги маалымат базасы ДНКдагы A, T, G жана C тамгалары менен көрсөтүлгөн төрт химиялык база аркылуу коддолгон. Бирок ДНКда жазылган бул маалыматты колдоно алуу үчүн 4 тамгалуу ДНКнын тилинен 20 тамгалуу белоктун тилине которуу зарыл. ДНКдагы маалымат которулган соң гана белоктор үчүн бир маанини туюнтат. Атактуу химик проф. Уилдер Смит эки тилдин арасында котормо жасаган бир системанын татаалдыгына мындайча көңүл бурат:
Бир тилден башка тилге которууну компьтерде программалоо эң татаал нерселердин бири. Котормо канааттандырарлык деңгээлде болушу үчүн компьютерге кеңири масштабдуу жана абдан комплекстүү программаларды кылдаттык менен жүктөө керек. Америкалыктар орусчадан англисчеге автоматтык которуу жасоо үчүн миллиондогон доллар коротушкан. Жыйырма жылдык эмгектенүүдөн соң дагы эле көз-карандысыз сөздөрдү камтыган орусча текстти, машинанын иштешин тынымсыз көзөмөлдөгөн жакшы бир котормочу болбостон, англисчеге которо алчу бир машина жасала алган жок. Фразаларды бир тилден башка бир тилге машина менен которуу ушунчалык оор бир жумуш болгондуктан, машина алдын ала программаланса да, баары бир жетишсиз болууда.71
Бул жерден да көрүнүп тургандай, эки тилдин арасында кемчиликсиз жана туура бир котормо жасоо техникалык бир программа аркылуу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Ал эми, ДНКнын тилинин белоктун тилине кантип которулаары ДНКда алдын ала программаланган жана бул система миллиарддаган адамдын триллиондогон клеткасында кемчиликсиз иштеп келе жатат. Канадалык илимпоз Дениз О'Лери болсо 4 тамгалуу ген тили менен 20 тамгалуу белок тилинин арасындагы байланыштын татаалдыгына мындайча токтолот:
Адам геному жөнүндө билгендерибиз төмөнкүлөр: гендерибиз комплекстүү комбинациялар ичинде бирге иштешет. Биздин организмди иштеткен ар бир клеткадагы процесстерди ишке ашырган механизмдерди, б.а. таң калыштуу көп түрдүү белоктордун өндүрүшүн башкарып жатып тынымсыз бири-бири менен сүйлөшүшөт. Иштин татаалдыгы мында: гендердеги 4 курулуш материалынын ордуна белоктордо 20 курулуш материалы бар.72
Бирок кыйынчылык катары сүрөттөлгөн бул абалга карабастан, жер бетиндеги бүт жандыктарда ДНКнын тилинде жазылган коддуу рецепттер туура окулуп, туура которулуп, колдонулат. Клетканын ичиндеги бул акыл – бүт жандыктарды жараткан жана мээрими менен жаратууну уланткан, бүт нерсенин ээси жана өкүмдары болгон Улуу Раббибизге тиешелүү. Куранда мындайча билдирилет:
Раббиңдин Улуу ысымын тасбих кыл, Ал жаратты, «бир тартип ичинде калып берди». (Аъла Сүрөсү, 1-2)
(Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» (Абаса Сүрөсү, 18-19)
Булактар:
67. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 173.
68. A. E. Wilder-Smith, The Natural Sciences: Know Nothing of Evolution, T. W. F. T. Publishers, ABD, ss. 78-79.
69. Richard Milton, Shattering the Myths of Darwinism, Park Street Press Rochester, ABD, 1992, s. 170.
70. M. Eden, "Inadequacies of Neo-Darwinian Evolution as a Scientific Theory," Mathematical Challenges to the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution, Wistar Institute Press, Philadelphia, 1967, s. 11.
71. A. E. Wilder-Smith, The Natural Sciences: Know Nothing of Evolution, T. W. F. T. Publishers, ABD, s. 97.
72. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 55.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder