Учурда маалымат сактоо тармагында таң калыштуу технологиялык өнүгүүлөр болуп жатат. Компьютерлердин катуу дисктери (hard disc), CD'лер, дискеталар, флеш дисктер жана башка технологиялык продукттар күн сайын андан да өнүккөн, андан да ыңгайлуу болуп чыгып жатат. Компьютер фирмалары эң кичине жерге эң көп маалыматты бузбай кантип сактоого болот; ал маалыматтарды керек учурда сакталган жеринен эң ыкчам кантип кайра алып колдонууга болот деген сыяктуу суроолорго жооп издешүүдө. Бир CD'ге бир канча энциклопедиялык маалымат батканы менен, анын көлөмү чоң. ДНКнын маалыматты кичирейтүү, б.а. кысуу жөндөмү болсо учурдагы технологиядан алда канча жогору, кереметтүү деңгээлде. Салыштырсак, Лос Анджелес, Түштүк Калифорния университетинен Леонард Адлемандын (Leonard Adleman) эсептөөлөрү боюнча, бир грамм ДНКнын маалымат сыйымдуулугу бир триллион CD'ге барабар.38 Бул болсо ДНКнын маалымат сактоо жөндөмүнүн бир CD'ге салыштырмалуу миллион жолу миллион эсе жогору экендигин көрсөтөт.39
Адам ДНКсынын көлөмү бир миллиметр кубдун миллиарддан бирине (3 x 10-9 mm3) барабар.40 Ж.Г. Симпсондун (G. G. Simpson) ою боюнча, ушул күнгө чейин жашап өткөн бардык жандыктардын бүт өзгөчөлүктөрү маалымат түрүндө ДНКга жүктөлсө, болгон ДНКнын көлөмү бир чай кашыктын кичине бир бөлүгүн араң толтурмак. Ал тургай, анда дагы ушул күнгө чейин жазылган бүт китептерди сактай турганчалык орун калмак.41
Жаңы бир технология тармагын түзгөн «ДНК компьютерин» ачкан киши Др. Леонард Адлеман болсо клетка жана ДНКдагы механизм жөнүндө мындай дейт:
Эгер клетканын ичин карасак биз жасай албай турган укмуштуу машиналарды көрөбүз. Бул кереметтүү бир жабдык кутусу.42
Бирок дарвинисттердин ою боюнча, клетканын ичиндеги он миңдеген томдук китепке тең, ири маалымат базасы «кокустан» өзүнөн-өзү пайда болгон. Бир калптын үстүнө башкасын айта берген дарвинисттер боюнча, бир стадионду толтура турганчалык ири бир китепкананын бүт маалыматтары көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир жерге кокустуктардын натыйжасында, эч бузулбай жайгашып калган. Дарвинисттер ушундай бир көз-карашты жакташат. Бирок клетка да, анын маалымат базасы болгон ДНК да аң-сезимсиз атомдордун кокустан биригишинин натыйжасында пайда боло албайт. Организмдердин эч кичине бөлүктөрү да белгилүү бир максатты көздөп жаратылган жана ар бири кокустан эч пайда болбой турганчалык комплекстүү түзүлүштөр. Сидней университетинен биология профессору Майкл Жорж Питман (Michael George Pitman) жашоонун «жансыз заттардын жыйындысы» эмес экендигин айтып, немец философ Шопенгауэрдин төмөнкү сөздөрүн эске салат:
... Ар бир организмдин бүт бөлүктөрү жандуу жана алар эч качан, эң кичине бөлүктөрүндө да, жансыз заттардын бир жыйындысы гана эмес.43

Сизден узундугу 230 километр болгон эки кайырмак жибин (леска) алып, андан жуп спираль жасап, андан соң аны бир баскетбол тобунун ичине бата тургандай пакеттешиңиз талап кылынды дейли. Ошондой эле, ал жуп спираль сыдырмадай ачылып, копиялана турган болсун... анан копияланган бөлүк сыртка алып чыгылсын жана бул учурда жиптер эч бири-бирине аралашпасын. Бул мүмкүнбү? Бул күн сайын денеңиздеги миллиарддаган клеткада болуп турат. Баскетбол тобун адамдын клеткасындай көлөмгө кичирейткениңизде, жип эки метрге жакын бир ДНК чынжырына айланат... ДНК пакеттөө процесси бир жагынан комплекстүү жана кылдат бир процесс, экинчи жагынан ДНКнын узундугун 1 миллион эсе кыскарта алганы үчүн абдан натыйжалуу.45
Молекулярдык биолог Майкл Дентон болсо ДНКнын кереметтүү маалымат сыйымдуулугу жөнүндө мындай дейт:
... Клеткалардын өтө комплекстүү бөлүктөр экендиги анык. Клеткадагы комплекстүүлүк бир реактивдүү лайнердегиден бир топ жогору... реактивдүү лайнердеги комплекстүүлүк адамдын көзүнө көрүнбөгөн бир чаң кыпынына пакеттелген сымал. Мынчалык комплекстүү бир нерсенин ушунчалык кичинекей жерге кантип батырылганын түшүнүү абдан кыйын. Болгондо да, кыпындай бул реактивдүү лайнер эч кыйналбастан өзүн көбөйтө (копиялай) алат.46

ДНКнын маалымат сактоо жөндөмү ушунчалык жогору болгондуктан, бир адамга тиешелүү бардык маалыматтар болгону бир граммдын бир канча триллиондон бириндей жерге батат.47 Йель университетинен проф. Жорж Гейлорд Симпсондун айтуусу боюнча, жер бетинде жашап өткөн 1 миллиард жандыкка тиешелүү маалыматтын баары бир тоголок туздун ичине батып кетет.48 Улуттук адам геномун изилдөө институтунун башчысы, физик жана генетик проф. Фрэнсис С. Коллинс болсо ДНК жөнүндөгү изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында мындай дейт:
Уотсон менен Крик ДНКнын жуп спиралдуу түзүлүшүн тапкандан бери элүү жыл өттү. Эми ДНКга жазылган маалыматтын кылдаттыгы жөнүндө ойлонуу абдан керемет... Бул санариптик код адам денесиндеги ар бир клеткада оңой гана копиялана алчу, абдан чоң көлөмдөгү маалыматтын сакталышына мүмкүнчүлүк берүүдө. Жуп спираль формасындагы ДНК база жуптарынан түзүлгөн, жана клетканын ядросундагы адам геномунун ичинде булардан үч миллиард даана пакеттелген... Бул үч миллиард тамга адам денесиндеги бардык биологиялык өзгөчөлүктөргө багыт бере алат.49
Таанымал молекулярдык биолог Майкл Дентон болсо «биологиялык маалыматтын клетка ядросунун кичинекей жерине пакеттелишине мүмкүнчүлүк түзгөн ДНКнын пакеттөө касиеттеринин» адам үчүн атайын пландалгандыгын айтат.50 ДНКнын мындай кысуу жөндөмү болбогондо, тартипсиз ДНК жипчелери батышы үчүн клетка бир топ чоң болушу керек болмок. Бирок клеткалар чоңураак болсо болбойт. Себеби клетканын кычкылтек менен азык булактары клетканын азыркы диаметринчелик аралыкта натыйжалуу.51 Бул жагынан караганда, клетканын көлөмү жана ДНКнын кысуу (батыруу) жөндөмү адам үчүн абдан зор мааниге ээ.
Бул кереметтүү пакеттөө системасы ДНК молекуласынын жыйрылуу жана узун спиралдарды түзүү жөндөмдөрүнө таянат. Узун спиралдар болсо бүктөлүп, тыгыз жайгашкан, тартиптүү спиралдарды пайда кылышат. Ошентип ар бир клетканын ядросунан жогорку инженерияга таянган пакеттөө технологиясын көрүүгө болот. Улуу Раббибиз клеткаларыбызда жараткан бул пакеттөө системасынын урматында миллиондогон километрлик ДНК тамгасы көзгө көрүнбөгөн бир жерде сакталып турат.
Адам клеткасындагы ири энциклопедия
ДНКда сакталган маалыматтын көлөмү укмуш чоң. Көзгө көрүнбөгөн бир ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия бетин ээлей турган көлөмдөгү маалымат бар. Көңүл буруңуз; толук 1.000.000 энциклопедия бети... Башкача айтканда, ар бир клетканын ядросунда адам денесинин функцияларын башкара турган бир миллион беттик маалымат коддолгон. Бул чоңдукту мындай бир мисал менен жакшыраак элестетүүгө болот: дүйнөнүн эң ири энциклопедияларынын бири болгон 23 томдук «Британника энциклопедиясынын» жалпысынан болгону 25 миң бети бар. Демек ДНКнын кереметтүүлүгү апачык көрүнүп турат. Микроскопиялык көлөмдөгү клетканын ичинде жайгашкан андан дагы бир топ кичинекей бир ядродо миллиондогон маалыматты камтыган дүйнөнүн эң ири энциклопедиясынан 40 эсе чоң бир маалымат сакталган. Бул болсо 920 томдук, дүйнөдө эч теңдеши жок ири бир энциклопедия дегенди билдирет. Алынган жыйынтыктар боюнча, бул ири энциклопедия болжол менен 5 миллиард түрдүү маалыматка ээ. Ушул акыркы эки сөздү кайталайлы; «маалыматка ээ»...
Мына ушул жерде токтоп, оозубуздан оңой гана чыккан бул эки сөз жөнүндө ойлонушубуз керек. Бир клетканын ичинде миллиарддаган маалымат бар деп айтуу оңой. Бирок бул жерде бир компьютер же китепкана жөнүндө эмес, болгону белок, май жана суу молекулаларынан турган, миллиметрден 100 эсе кичинекей бир жер жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кичинекей молекула жыйындысынын ичинде миллиондогон маалымат мындай турсун, бир маалыматтын сакталышы да абдан таң калыштуу керемет. Болгондо да, бул жерде салыштыруу үчүн айтылган «китеп», «энциклопедия» сыяктуу нерселер – маалымат сактоочу, жансыз жана кыймылсыз булактар. Алардын ичиндеги маалыматтарды окуп, жазылган буйруктарды ишке ашыруу үчүн аң-сезимдүү бирөө керек. Ал эми ДНК жөнүндө сөз кылганда болсо, бир гана маалымат сактоочу эмес, ал маалыматты колдонуп, ишке ашыруучу жандуу бир маалымат булагы жөнүндө айтып жаткан болобуз.
Көзгө көрүнбөгөн, диаметри миллиметрдин миллиарддан бириндей болгон, атомдордун белгилүү бир катарга тизилишинен түзүлгөн бул чынжыр мындай маалыматка жана эстутумга кантип ээ болушу мүмкүн? Бул суроого муну да кошолу: денеңиздеги 100 триллион клетканын ар бири бир миллион бетти жатка билет, а сиз мээлүү жана аң-сезимдүү бир адам катары өмүр бою канча энциклопедия бетин жаттай аласыз? Бул суроолордун баары абийири жана акылы бар адамдардын баарын «клетка улуу бир акылдын, улуу бир илимдин чыгармасы» деген чындыкка алып барат. Эволюционисттер айткан кокустуктар менен миллиарддаган клеткадан турган бир организм мындай турсун, клеткадагы бир даана ДНК да пайда болушу мүмкүн эмес. Бүт нерсенин Жаратуучусу –Улуу Аллах. Курандын бир аятында Аллах мындай деп билдирет:
Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Эч күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 74)
ДНКдагы компьютерлерден да жогорку маалымат сактоо технологиясы
Учурда көп өлчөмдө маалымат сактоо мүмкүнчүлүгүн берген эң алдыңкы технология – бул компьютерлер. Мындан 50 жыл мурда бир үйдүн бөлмөсүндөй болгон бир компьютер сактаган маалыматты учурда кичинекей «дисктер» сактай алышат... Бирок ДНК менен компьютерди салыштырганыбызда, адамзаттын мээси кылымдар бою топтогон илими жана көп жылдарга созулган аракеттеринин натыйжасында иштеп чыккан бул акыркы технологиянын ДНКнын маалымат сактоо сыйымдуулугуна али жакындай да албаганын көрөбүз.
![]() |
Технология керемети деп атоого боло турган маалымат пакетчелери: ДНК маалымат сактоо сыйымдуулугу жагынан эң алдыңкы компьютер чиптеринен алда канча жогоруда турат. |
ДНКнын туурасы болгону миллиметрдин эки миллиондон бирине барабар. Ушунчалык ичкелигине жана узундугу 4 метр болгонуна карабастан, ДНК спиралдары бири-бирине чырмалышпайт. Өзгөчө түзүлүшүнүн урматында клетканын ядросунда кемчиликсиз кабатталган ДНК – теңдешсиз бир инженерия долбоорунун мисалы. Компьютер инженерлери үчүн болушунча кичине жерге болушунча көп маалымат сактоо – негизге максаттардын бири. Учурда жер бетинде белгилүү болгон эң жогорку маалымат сактоо сыйымдуулугу ДНК молекуласына тиешелүү.52 Майкрософт программа жазуу фирмасынын башчысы Билл Гейтс «The Road Ahead» (Алдыдагы жол) аттуу китебинде мындай дейт:
Адам ДНКсы бир компьютер программасына окшош, бирок биз ушул күнгө чейин өндүрө алгандарыбыздан абдан эле жогору.53
Атактуу америкалык философ проф. Дэниел Деннет (Daniel Dennet) «Darwin's Dangerous Idea» (Дарвиндин кооптуу көз-карашы) аттуу китебинде ДНКдагы маалымат сыйымдуулугун мындайча сүрөттөйт:
Компьютер доорунун «инженердик кереметтерине» көнүп калсак да, ДНК жөнүндөгү чындыктарды түшүнүү абдан кыйын. Молекула масштабындагы бул машиналар копиялоо жасашат. Ошол эле учурда түзөтүүчү кызматты аткарган ферменттер укмуш бир ылдамдык менен каталарды оңдошот. Алар жасаган иштин көлөмүнө ушул кезге чейин супер компьютерлер да жете алган жок. Биологиялык макро молекулалардын маалымат сактоо сыйымдуулугу учурдагы мисалдардан бир топ даража жогоруда турат.54
ДНКдагы коддордун тизилиши компьютер системасындагы сан тизмегине окшош. Компьютерде сандар бир сүрөттү, бир компьютер оюнун иштеткен буйруктарды же бир китептин текстин сактай алат. ДНКдагы коддор болсо жаңы белоктордун өндүрүшүнө тиешелүү маалыматтарды сактайт.55 Бирок эч бир компьютер инженери көзгө көрүнбөгөн бир жерде толук бир миллион энциклопедия бетинчелик маалыматты сактаган ДНКны туурай албайт. «ДНК өзүнөн-өзү, кокустан пайда болгон» деп айтуу – «эң алдыңкы бир компьютер өзүнөн-өзү, кокустан пайда болгон» деп айтууга караганда бир топ эсе акылсыздык. ДНК бүт нерсени Аллахтын жараткандыгын далилдейт. Аллах Куранда теңдешсиз жаратаарын мындайча кабар берет:
Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)
ДНКдагы ири маалымат сыйымдуулугун көрсөткөн таң калтырарлык салыштыруулар
Илимпоздор адамдагы генетикалык маалыматтын көптүгүнө басым жасоо үчүн өлчөө бирдиктерин колдонуунун ордуна, ар кандай салыштырууларды колдонушууда. ДНКдагы маалымат сактоо сыйымдуулугунун масштабына басым жасаган мисалдардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
*** Адам геномундагы маалыматты алфавитти колдонуу менен жаза алганыбызда, ар бири 1000 беттен жана ар бир бети 3000 тамгадан турган 1000 даана китепке айланмак.56
1000 китеп х 1000 бет х 3000 тамга = 3.000.000.000 тамга (3 миллиард тамга)
*** Адам геномундагы үч миллиард генетикалык тамга жалгыз бир сапка жазылганда, Түндүк уюлдан Экваторго чейин жетмек. Күнүнө сегиз саат, жылына 220 күн текст терген бир киши мүнөтүнө 300 тамга жазуу ылдамдыгы менен иштесе, бул ишти бүткөрүүгө толук 95 жылы кетмек.57
*** Эгер генетикалык маалымат текстке айландырылганда, 160 беттик китептерден 12000 даана керек болмок. Сыйымдуулугу 16 МВ (мегабайт: компьютерде 1 миллион даана эң кичинекей маалымат бирдиги) болгон компьютер чиптерине салыштырсак, адамдын ДНК тизмеги андан 1400 эсе көбүрөөк маалымат сактай алат.58
*** Эгер 2 мм диаметрлүү ийненин көзү туурасы ДНК молекуласындай болгон бир жипчеге айланганга чейин чоюлганда, Экватордон 33 эсе узун болмок.59
*** ДНКдагы маалымат бир китепкананы ээлей турган 100 даана 30 томдук энциклопедия жыйнагын батыра турганчалык сыйымдуулукка ээ.60
*** ДНКдагы маалыматтар китептерге жазылып үстү-үстүнө тизилгенде, китептердин бийиктиги 70 метр болмок. Же бул маалыматтар менен 200гө жакын 500 беттик телефон маалыматтары китебин толтурууга болот.61
*** Адам денесиндеги бардык клеткалардын ДНКлары түздөлүп, биринин учуна экинчиси улантылса, болжол менен 50 миллиард километр узундукка ээ болот. Бул узундук жерден күн системасынын сыртына чыгууга жетмек. Жарыктын денебиздеги бүт ДНКларды кыдырып чыгышы болжол менен 2 күнгө созулмак.62
*** Генетика адиси профессор Жером Лежендин айтуусу боюнча, жер бетинде жашаган бүт адамдарга тиешелүү генетикалык маалыматты бир канча аспирин таблеткасынан чоң эмес ДНКга сактоого болот.63
*** Адамдын бир даана клеткасындагы ДНКда толук 1 миллион энциклопедия бетин ээлей турган көлөмдө маалымат бар. Бир адам өзүнүн генетикалык маалыматын окуйм десе ага өмүрү жетпейт. Күн сайын 24 саат бою тынымсыз, секундасына бир ДНК кодун окуй турган болсо, мунун аягына чыгуу үчүн 100 жыл талап кылынмак.
*** ДНК молекуласындагы маалыматтын чоңдугун элестете алуу үчүн, бир ийне көзүнчөлүк көлөмдө ДНКңыз бар дейли. Эми ал маалыматтын 160 беттен турган китептерге жазылганын элестетиңиз. Ушунчалык кичинекей көлөмдөгү бир ДНКнын ичине 160 беттик мындай китептерден 15 триллиону (15 х 1012) батмак. Эгер колуңузда ушунча китеп болгондо жана баары биринин үстүнө экинчиси тизилгенде, жер менен айдын арасындагы аралыктын (384.000 км) 500 эсесинчелик аралыкка созулмак. Же бул китептер жер жүзүндө жашаган болжол менен 6 миллиард адамга бирдей таратылганда, ар бир адамга 2500 китептен тиймек.64
Бул мисалдар менен түшүндүрүлүүгө аракет кылынган учу-кыйырсыз маалымат ар бир клетканын ядросунда, көзгө көрүнбөгөн бир жерде сакталган. Ири бир китепканадай чоң маалыматты сактаган ДНКнын болжол менен 100 триллион клеткада болушу мындай китепканадан 100 триллион копия болушу дегенди билдирет. Бул маалымат казынасын адамзат жеткен маалымат деңгээлине салыштыргыбыз келсе, мисал бере турган эч нерсе таба албайбыз. Анан бул чоңдукту жер бетинде учурда жашап жаткан 6 миллиард адамдын жана жашап өткөн миллиарддаган адамдын санына көбөйтсөк, биз эч элестете албаган, учу-кыйырсыз көлөмдөгү бир маалымат келип чыгат. Болгондо да, бул жерде бир гана адамзаттын генетикалык маалыматы жөнүндө сөз кылдык. Бул чоңдукка жер бетинде жашап өткөн миллиондогон башка организм түрлөрүнүн генетикалык маалыматтарын кошсок, абдан кереметтүү бир чоңдук келип чыгат. Бүт баарын билген Улуу Раббибиздин ДНКда чагылдырылган илими «кокустук» көз-караштарын жер менен жексен кылууда. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
ДНК чексиз илим жана акыл ээси Аллахтын чеберчилигинин мисалдарынан

Эволюционисттердин ДНКдагы маалыматтын булагын «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө аракет кылышы – бул текст кокустан пайда болду деп айтуудан бир топ эсе логикасыз көрүнүш. Себеби ДНКда денедеги 100 миң түрдүү белоктун ар бирине тиешелүү детальдуу молекулярдык формулалар жана аларды өндүрүү учурунда аткарыла турган буйруктар жазылган. Мындан тышкары, башка клеткалар менен байланышта колдонула турган байланыш протоколдору, ал үчүн колдонулчу кабарчы гормондордун өндүрүш пландары жана ушул сыяктуу дагы сансыз маалыматтар ДНКда жазылган.
ДНК жана анын ичиндеги учу-кыйырсыз маалымат өзүнөн-өзү пайда болду деп айтуу келесоолук болот. Адам геному долбоорун алып барган «Celera Genomics» фирмасынын бул тармактагы эң негизги адистеринин бири Жен Майерс (Gene Myers) ДНКдагы маалыматтын кереметтүүлүгү жөнүндө мындай дейт:
Биз да дагы эле түшүнө элекпиз... метафизикалык, табияттан жогорку бир нерсе бар. Мени чындап таң калтырган жашоонун архитектору... Система таң каларлык даражада комплекстүү... Бул жерде [ДНКда] кереметтүү бир акыл бар. Минтип ойлонуу илимге сыйбайт дегенге ишенбейм. Башкалар ошентип ойлошу мүмкүн, бирок мен эмес.»65
Китептин эмки бөлүмдөрүндө берилген, ДНКнын келип чыгышы жөнүндөгү эволюционисттик көз-караштар «чечилбеген бир сыр» деген сыяктуу сөздөргө толо. Кээде, жогорудагыдай, ДНКдагы кереметтүүлүктү «жогорку бир акыл» деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүүгө аракет кылышууда. Кээ бир илимпоздор айта албай, бирок таң калып, суктанган бул акыл менен илим Улуу Раббибиз Аллахтын чексиз акылынын жана чексиз илиминин бир чагылышы. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт баарын Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)
Булактар:
39. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt. 17, no. 4, ss. 10–13; [New Scientist, 26 Kasım 1994, s. 17.]
40. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
41. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, Burnett Books, London, 1985, s. 334; [G. G. Simpson, "The History of Life", Evolution of Life, University of Chicago Press, Chicago, 1960, s. 135.]
42. John Whitfield, "Physicists Plunder Life's Tool Chest", Nature, 24 Nisan 2003.
43. Michael Pitman, Adam and Evolution, River Publishing, London, 1984, ss. 26-27.
44. http://www.ntvmsnbc.com/news/13800.asp
45. Dr. Jerry Bergman, “Divine Engineering: Unraveling DNA's Design”, Koinonia House Online; http://www.khouse.org/articles/technical/19971201-143.html
46. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, ss. 212-213.
47. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.
48. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.
49. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, ss. 145-146.
50. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 381.
51. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.
52. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
53. Billl Gates, The Road Ahead, Penguin, London, 1996, s. 188.
54. Daniel C. Dennett, Darwin's Dangerous Idea, Touchstone, New York, 1996, s. 151.
55. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 14.
56. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
57. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
58. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
59. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
60. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt 17, no. 4, ss. 10–13.
61. http://www.ntvmsnbc.com/news/13800.asp
62. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 30.
63. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt 17, no. 4, ss. 10–13; [Jérôme Lejeune, Anthropotes (Revista di studi sulfa persona e la famiglia), Istituto Giovanni Paolo 11, Rome, 1989, ss. 269-270.]
64. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.
65. Tom Abate, "Human Genome Map Has Scientists Talking About the Divine Surprisingly Low Number of Genes Raises Big Questions", San Francisco Chronicle, 19 Şubat 2001.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder