Бул китепте сөз кылынган ДНКнын иш-аракеттерин жана клетканын ичинде болуп жаткан процесстерди бир ойлонуп көрөлү: клетканы түзгөн молекулалардын мээлери жок, бирок чогуу ийгиликтүү чечимдерди алышып, абалга жараша стратегия түзүшүп, коркунучтарга карата чара көрүшөт. Эс-тутумдары жок, бирок достору менен душмандарын таанып, ошого жараша мамиле кылышат, керектүү менен керексизди, пайдалуу менен пайдасызды айырмалашат. Бир тараптан өздөрүнүн жумуштарын жасап, экинчи тараптан ысырапка, айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербей, натыйжалуу иштешет жана жумуш бүткөн соң айланаларын тазалашат. Мындан тышкары, тынымсыз бири-бири менен кабарлашып, мыкты командалык иш алып барышат; бирдиктүү чечим алып иш-аракет жүргүзүшөт, качан каерге баруу, кайсы маселени кантип чечүү керек экенин билишет. Клетканын ичинде ар кандай тартиптерди орнотушат; маалыматтарды сакташат, керек учурда ал маалыматтарды колдонуп, копиялап, которушат... Булардын баарын уктабастан, эс албастан, укмуш ылдам жасашат. Кыскасы, сиз жасай албаган иштерди абдан акылдуулук менен, укмуш ийгиликтүү жасашат. Бул жумуштардын баарын аба, топурак же суудагы сыяктуу атомдордон турган аң-сезимсиз молекулалар жасап жатышат. Аллахтын каалоосу менен гана бул атомдор белгилүү бир тартипте чогулуп, жашоону пайда кылышат жана Улуу Раббибиздин башкаруусу менен аң-сезимдүү иш-аракеттерди аткарышат.
Чарльз Дарвин болсо 19-кылымдын сабатсыздыгы менен жашоого мындайча караган: «абдан жөнөкөй бир башталыштан чексиз сандагы укмуш кооз жана укмуш кереметтер пайда болду жана азыр эволюцияланып жатышат.»245 Дарвин жеке каттарында да аммиак жана фосфор туздары, жарык, температура, электр энергиясы ж.б. орун алган кичинекей, ысык бир көлмөдө жашоонун өзүнөн-өзү пайда болгонун айткан.246 Дарвин үчүн жашоонун келип чыгуу тамыры ушунчалык жөнөкөй эле. Бирок Дарвиндин жолун жолдогондор бул формуланы, ал тургай, андан да өнүктүрүлгөн формаларын, көп жолу жасап көрүшсө да, бир организмдин кичинекей бир бөлүгүн да ала алышкан жок. Дарвинисттер бул формуланы каалашынча материал менен, каалаган убакыт бою кайталаса да, жыйынтык баары бир өзгөрбөйт. «Жашоону Аллах жараткан» дегенден башка бир жыйынтыкка эч качан жете алышпайт. Эч күмөнсүз, Дарвин да «ДНКны билгенде», мынчалык чоң илимий катанын астына колун коймок эмес.
![]() |
Эй инсан, чындыгында сен эч токтобостон Раббиңди көздөй аракет кылуудасың; аягында Ага барасың. (Иншикак Сүрөсү, 6) |
Акылы жана абийири бар ар бир адам өз денесиндеги кемчиликсиз системалардын аң-сезимсиз атомдор тарабынан өзүнөн-өзү пайда болбой тургандыгын кабыл алат. Аллахтын уруксаты жана маалыматы болбостон, бир адамдын басышы же сүйлөшү мындай турсун, ал адамдын бир даана клеткасындагы бир молекула бөлүгүнүн кыймылдашы да мүмкүн болбойт. Адамдын денесиндеги триллиондогон клетканын ар биринде үзгүлтүксүз иштеп жаткан системалар адамга Аллахтын чексиз акылын, илимин, кудуретин, чексиз кемчиликсиз жаратуусун көрсөтүүдө. Болгондо да, чексиз мээримдүү Раббибиздин бар экендигинин далилдери бул кичинекей молекулада, т.а. ДНКда эле эмес, ааламдын ар бир чекитинде көрүнүп турат. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу шериктерди табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бири-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)
Булактар:
245. Leslie Orgel, "The Origin of Life on the Earth", Scientific American, Ekim 1994, s. 77.
246. Leslie Orgel, "The Origin of Life on the Earth", Scientific American, Ekim 1994, s. 77.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder