Жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында молекулярдык биология тармагындагы өнүгүүлөр клетканын ичиндеги миниатюралык дүйнө жөнүндөгү көз-карашты түп-тамырынан өзгөрттү. Учурдагы өнүккөн технология менен адамдар клеткадагы кемчиликсиз жана комплекстүү механизмдерден кабардар болушту. Ошентип булардын кокустан же акырындап өзүнөн-өзү пайда боло албашын түшүнүштү. Клетканы түзгөн системалардын көпчүлүгү жарыктын көзгө көрүнгөн толкун узундугунун астында. Клетканын кээ бир бөлүктөрүн рентгендик кристаллография деп аталган алдыңкы ыкмалар менен гана изилдөөгө болот.
Ал эми Дарвин теориясын чыгарган кезде ДНК сыяктуу бир молекуланын спиралдык түзүлүшүн жана маалымат мүмкүнчүлүгүн изилдөө мындай турсун, илим клетканын негизги түзүлүшүн да билбей турганчалык артта (примитивдүү) эле. Жеймс Уотсон (James Watson) менен Фрэнсис Крик ДНКнын спиралдык түзүлүшүн Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китеби чыккандан болжол менен 100 жылдан соң аныкташты. Ал кезден бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүлөрдү Дарвин божомолдой алмак эмес эле. Бул жагынан караганда, пайдубалынан баштап жараксыз маалымат жана гипотезаларга таянган эволюция теориясынын ДНК сыяктуу илимпоздорду дагы деле таң калтырган бир түзүлүштү түшүндүрө албашы анык. Кембридж университетинен философ д-р Стивен К. Мейер (Stephen C. Meyer) учурдагы илимди Дарвиндин дооруна салыштырып жатып мындай дейт:
20-кылымдын акыркы жарымында молекулярдык биология менен биохимиядагы өнүгүүлөр клетканын ичиндеги миниатюралык дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүбүздү түп-тамырынан өзгөрттү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жашоонун негизги бөлүктөрү болгон клеткалардын өздөрүнүн ичиндеги процесстерди жөнгө салуу максатында маалымат сактаарын, жиберээрин жана тартипке салып колдоноорун аныктады... Учурда биологдор клеткаларды «онлайн режимде маалымат таратуучу компьютерлер» же «комплекстүү процессор системалары» деп сыпатташууда... Дарвин албетте бул нерселерди эч билген эмес, булардын түбүн изилдөөгө да аракеттенген эмес. Мунун ордуна биологиялык эволюция теориясы менен жашоонун «бир канча жөнөкөй формадан» башталып, акырындап комплекстүүрөөк формага айланганын түшүндүрүүгө аракеттенген... 1870- жана 1880-жылдары илимпоздор жашоонун келип чыгышына бир түшүндүрмө табуу абдан оңой деп ойлошкон. Жашоо көмүр кычкыл газы, кычкылтек жана азот сыяктуу жөнөкөй химикаттардын кошулушу менен оңой гана алынуучу протоплазма деп аталган бир заттан келип чыккан деп элестетишкен.»5
Бирок Дарвиндин мураскорлору болуп саналган кээ бир илимпоздор дагы деле атомдор кокустан өз алдынча биригип, комплекстүү организмдерди пайда кылган деген көз-карашта. Өзгөчө акыркы 50 жылдын ичиндеги молекулярдык генетика тармагындагы укмуштуу өнүгүүнү эске алсак, Дарвиндин пикирлеринин дагы деле келе жатышы таң калтырбай койбойт. Муну бир эволюционист, Гарвард университетинде эмгектенген биолог жана генетик д-р Ричард Левонтин (Richard Lewontin) мындайча моюнга алат:
... эволюция бир чындык эмес, бир философия. Эң башында материализм турат (априори), жана далилдер ушул өзгөрүлбөс философиялык көз-карандылыктын негизинде которулат...6
Эволюция теориясынын мураскорлору материализмди эч таштагысы келбегендиктен, илимий чындыктарды көбүнчө кабыл ала албай жатышат. Ушул себептен, 19-кылымдын эскирген илим түшүнүгүн дагы эле өжөрдүк менен бүгүнкү күнгө алып келүүгө аракеттенишүүдө. Бирок чындыктар ушунчалык ачык болгондуктан, аны эч бир жалган философия менен жабууга болбойт. Куранда Аллах «акыйкатты жалган менен жокко чыгаруу үчүн күрөшкөн адамдар» (Кахф Сүрөсү, 56) болоорун билдирип, бир аятында минтип айтат:
Жок, Биз чындыкты жалгандын (батылдын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Клетка чоң бир шаардан да комплекстүүрөөк
Эволюционисттик сценарий боюнча, мындан төрт миллиард жылдай мурда, ойлоп чыгарылган бир «примитивдүү дүйнө атмосферасында» бир катар жансыз химиялык заттар реакцияга кирип, чагылгандардын, жер титирөөлөрдүн таасири менен аралашышкан жана ошентип алгачкы жандуу клетка пайда болгон. Чындыгында болсо клетканын түзүлүшү – көп калктуу жана алдыңкы технологиялуу ири бир шаардан да комплекстүүрөөк. Клетканын ичинде энергия өндүрүүчү станциялар, белок өндүрүүчү заводдор, чийки заттарды ташуучу системалар, ДНКны которуучу код чечмелегичтер, тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыш системасы сыяктуу көптөгөн түзүлүштөр кемчиликсиз бир уюшкандык менен тынымсыз иш-аракет жүргүзүшөт.
Эволюционисттердин «клетка кокустан пайда болгон» деген пикирине ишенүү «болжол менен 10 миллион калкы бар Стамбул шаары; бүт имараттары, унаа жолдору, транспорт системалары, электр жана суу тармактары, заводдору, байланыш системасы ж.б. менен бирге, кокусунан, бороон, жер титирөө сыяктуу табият кубулуштарынын натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болду» деп айткандай эле логикасыз жана күлкүмүштүү. Массачусетс технология институтунда (MIT) физика жана биология тармактарында изилдөөлөр жасаган израилдик илимпоз проф. Жеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) клеткадагы тартиптүүлүктү мындайча сүрөттөйт:
Эволюционисттердин «клетка кокустан пайда болгон» деген пикирине ишенүү «болжол менен 10 миллион калкы бар Стамбул шаары; бүт имараттары, унаа жолдору, транспорт системалары, электр жана суу тармактары, заводдору, байланыш системасы ж.б. менен бирге, кокусунан, бороон, жер титирөө сыяктуу табият кубулуштарынын натыйжасында, өзүнөн-өзү пайда болду» деп айткандай эле логикасыз жана күлкүмүштүү. Массачусетс технология институтунда (MIT) физика жана биология тармактарында изилдөөлөр жасаган израилдик илимпоз проф. Жеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) клеткадагы тартиптүүлүктү мындайча сүрөттөйт:
Жашоону жүргүзгөн реакциялардын татаалдыгы ушунчалык таң калыштуу... Адам денеси 1027 атомдон турган 75 триллион клетка орток жашоо гармониясынын негизинде иш-аракет жүргүзгөн, мыкты тартипке салынган бир машина же таң каларлык бир ири шаар сыяктуу иштейт. Ар бир клетка жашоого өз алдынча салым кошот жана эки клетканын бир учурда бир кыймылды жасаганы сейрек кездешет. Ушунчалык «башаламандыкка» карабастан, адамдын денесиндеги иштер чиелешип кетпейт.7
Астробиолог Карл Саган (Carl Sagan), өзү эволюционист болгонуна карабастан, клеткадагы таң калыштуу тартипти бир искусство шедеврине салыштырат:
Организмдин клеткасы детальдуу жана комплекстүү бир архитектура керемети. Микроскоптон караганда акылдан азгандай бир кыймылдар көрүлөт. Тереңирээк баскычта молекулалардын укмуштуу бир ылдамдыкта синтезделээрин көрөбүз. Кандайдыр бир фермент секундасына дээрлик 100 башка молекуланын синтезделишинде катализатор кызматын аткарат. Он мүнөттө метаболизмин уланта ала турган бир бактерия клеткасына тиешелүү массанын абдан көп бөлүгү синтезделип бүтөт. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, жөнөкөй бир клетка Британника энциклопедиясынын жүз миллион бетине тең, 1012 бит маалыматты камтыйт.8
Эң негизги генетикалык материал болуп саналган ДНК клетканын ичиндеги ядродо жайгашкан. Клетканын ичиндеги митохондриялар негизги азык глюкозаны энергия пакеттерине айлантат. Микро-тюбиктер клетканын бүт жагына созулуп, белокторго керектүү заттарды керектүү жерлерге алып барышы үчүн өтө маанилүү жолдорду түзүшөт. Денебиздеги миллиарддаган клетка бүт системаларын молекулалардан жасашат. Ошол эле учурда клеткалар өздөрүнүн ичинде тынымсыз кароо жана оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Бир тараптан кызматтарын аткарып жатып, экинчи тараптан өздөрүн жаңылашат.9 Мындан тышкары, энергияларын да өздөрү алышат. Германия Федералдык физика жана технология институтунун башчысы проф. д-р Вернер Гитт (Werner Gitt) «биологиялык энергия айлануу системасы ушунчалык таң калыштуу жана акылдуулук менен жаратылгандыктан, энергия инженерлери муну таасирденүү менен гана карашат. Ушул күнгө чейин эч ким мынчалык алдыңкы миниатюралык жана абдан натыйжалуу механизмди туурай алган жок»10 деп, клетканын адам жасаган бир машинадан канчалык жогору экенин баса белгилеген.
Илимпоз Говард Пет (Howard Peth) болсо «Blind Faith: Evolution Exposed» (Сокур ишеним: эволюциянын жүзү ачылды) аттуу китебинде жөнөкөй клетка деген бир нерсе жок экенин мындайча айткан:
Мурда клетка бир ядродон жана цитоплазма «деңизинин» ичиндеги башка бөлүктөрдөн турат деп кабыл алынчу. Бирок клетканын ичинде көп жерлер бош эле. Эми болсо бир клетканын чындап эле «ок сыяктуу экенин», б.а. клетканын жана клеткалардан түзүлгөн дененин өз жашоосуна керектүү болгон маанилүү функционалдык бөлүктөргө толо экенин билебиз. Эволюция теориясы жашоо «жөнөкөй» бир клеткадан өрчүгөн деп эсептейт, бирок учурда илим жөнөкөй клетка деген нерсенин жок экендигин көрсөтүүдө.11
Жыйынтыктасак, клеткалар – 19-кылымда Дарвин доорунда элестетилгендей, жөнөкөй ыйлаакчалар эмес, тескерисинче, 20-кылымда физик, астробиолог проф. Поль Дейвис (Paul Davies) айткандай, эң алдыңкы технологиялуу компьютерлер же комплекстүү шаарлар сыяктуу.
Булактар:
5. William A. Dembski, James M. Kushiner, Signs of Intelligence, Brazoss Press, ABD, 2001, ss. 103-104; [Bölüm 8: Stephen C. Meyer, Word Games: DNA, Design and Intelligence].
6. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism By Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 81.7. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 58-59.
8. Carl Sagan, "Life" in Encyclopedia Britannica: Macropaedia, 1974, ss. 893-894.
9. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 45.
10. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 236.
11. Howard Peth, Blind Faith: Evolution Exposed, Amazing Facts Inc., ABD, 1990, s. 77.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder