Бир клетканын же бир организмдин генетикалык маалыматтарынын жыйындысы «геном» деп аталат. Адамдын денесиндеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринде жайгашкан ДНК молекуласындагы генетикалык маалыматты анализдөө үчүн болжол менен 20 лабораторияда, жүздөгөн илимпоз, 10 жылдан ашуун эмгектеништи. «Адам геному долбоору» деп аталган жана 16 уюмдан турган эл аралык бир кеңештин башкаруусунда жүргүзүлгөн долбоордун максаты – адам клеткасындагы генетикалык маалыматтардын баарына аныктама берүү жана ДНКнын генетикалык тилде жазылган толук текстин окуу эле. Бул эл аралык долбоордун бир бөлүгү катары биологдор, химиктер, инженерлер, компьютер окумуштуулары, математиктер жана дагы көптөгөн тармактын адис илимпоздору адамдын дене өзгөчөлүктөрүн аныктаган бир биологиялык картаны чыгаруу үчүн эмгектеништи. Канчалаган аракеттерге карабастан, ДНК тизмегин жазуу (сактоо) технологиясы дагы эле абдан жай болуп, бир адамдын хромосомасындагы ДНК тизмегин жазуу (сактоо) чыгымы да абдан жогору болууда. Адам геному долбооруна коротулган сумма болжол менен 2,7 миллиард долларды түзгөн.118 Бул сумма адамдын айга барып келиши үчүн коротулган каражаттан көбүрөөк.
Адам ДНКсынын болжолдуу тизмеги 2000-жылы даяр болду. Бирок долбоордун акыркы вариантын даярдоо, каталардын оңдолушу жана боштуктардын толукталышы 2003-жылдын апрелине чейин созулду. 13 жылга созулган Адам геному долбоорун Улуттук адам геному долбоорун изилдөө институту, АКШ Энергия министрлиги жана Ден-соолук министрлиги координациялады. Адам геному долбооруна коюлган максаттардын кээ бирлери төмөнкүлөр болгон:
* Адам геномундагы болжолдуу 30.000 генди аныктоо жана адамдын ген картасын чыгаруу.
* ДНКны түзгөн болжол менен 3 миллиард база жубунун тизмегин аныктоо.
* Алынган маалыматты изилдөөлөр үчүн колдонуу максатында маалымат базаларында сактоо.
* Алынган маалыматты анализ кылуунун ыкма жана инструменттерин иштеп чыгуу.
* Гендер менен функцияларынын арасындагы байланыштарды табуу.
* Гендердин хромосомаларда кантип бир бүтүн абалда иштээрин аныктоо.
* Генетикалык оорулардын негиздерин жана себептерин аныктоо.
Гендердин хромосомалардагы жайгашкан жерлерин көрсөтүү үчүн долбоордо «ген картасы» ыкмасы колдонулган. Бул ыкма аркылуу адам геномунун анатомиясы чыгарылат. Көп сандагы гендин жана башка генетикалык ишараттоочулардын бир хромосомадагы бири-бирине салыштырмалуу тизилүү катарларын картага салуу аркылуу бүт геном картасын чыгарууга болот. Генетикалык картага салуу «геномдун математикалык анализи» деп да айтылат, жана гендердин хромосомалардагы жайгашкан орундарын табууда бир катар татаал статистикалык анализдер колдонулат. Мындай картага салуу аракетинин негизги максаты – бул, адам денесинин функцияларын билүү. Бул «адам геному долбоорунун» эң негизги максаттарынын бирине, тагыраак айтканда, генетикалык оорулардын негиздерин жана себептерин аныктоо максатына жетүүгө шарт түзөт. Бул долбоордон алынган маалыматтар аркылуу 4.000дей ДНКдан келип чыккан оорулар аныкталат, жана жакынкы келечекте рисктүү боло турган генетикалык ооруларга карата атайын дары-дармектерди иштеп чыгуу аркылуу «гендик дарылоого» өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат деп болжолдонууда.
Гендердин көлөмү комплекстүүлүктүн көрсөткүчү боло албайт
![]() |
Гендер кээ бир эволюционисттер ойлогондой бир комплекстүүлүктүн көрсөткүчү эмес. Адамда 30 000 ген бар болсо, күрүчтө 55 000 гендин болушу муну толук далилдейт. |
Адам геному долбоорунда эмгектенген илимпоздор гендердин функцияларын жана өз ара байланыштарын түшүнүү этабынын азырынча башындабыз деп айтышууда. Себеби алынган жыйынтыктар эч күтүлгөндөй чыккан жок. Мисалы, бир чычкандын же буудайдын ДНКсы адамдыкынан узунураак. Бул болсо ДНКнын узундугу менен организмдин комплекстүүлүгүнүн арасында дайыма түз байланыш боло бербешин көрсөтүүдө. Бул жөнүндө биофизик Др. Ли Спетнер мындай дейт:
Кээ бир организмдердин хромосомаларында башкалардын хромосомаларына караганда көбүрөөк ДНК бар. Орган комплекстүүлүгүн өлчөөдө геномдогу ДНКнын саны жакшы бир ыкма деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок бул такыр туура эмес. Адамдарда ДНК кээ бир курт-кумурскаларга караганда 30 эсе көбүрөөк болгону менен, адамдардагы ДНКдан эки эседен көбүрөөк ДНКлуу курт-кумурскалар да бар. ДНКнын саны (көлөмү) комплекстүүлүктү өлчөөдө ишенимдүү бир жол эмес.120
Мындан тышкары, адамдагы гендердин саны жөнүндөгү мурда алынган жыйынтыктардын да туура эмес экендиги аныкталды. Изилдөө башталганда илимпоздор адамда 50.000 менен 140.000дин арасында ген бар деп болжогону менен, акыркы изилдөөлөрдө болгону 25.000-30.000дин тегерегинде ген аныкталган. Бул илим чөйрөлөрүн абдан таң калтырган. Адам геному долбоорун башкарган Фрэнсис С. Коллинс мындай дейт:
Адамдардагы гендин күтүлгөндөн аз экендиги аныкталды. Бул жерде ген деп белгилүү бир белокту коддогон белгилүү бир ДНК тизмегин айтып жатам. Албетте, белокту түзбөгөн РНК тизмектери да бар. Бирок бул аныктама боюнча, таң калыштуусу, адамда 30.000дей ген бар экени аныкталды. Бирок акыркы он беш жылдан бери 100.000 генден сөз кылып келгенбиз жана окуу китептеринде да ушундай жазылып келген. Бул бүт баары үчүн бир шок болду. Ал тургай, кээ бирлери мындан катуу таасирленип, кайгыга түшүштү. Себеби адамдан мурда жөнөкөйүрөөк организмдердин гендери да эсептелген, жана мисалы, бир сөөлжан түрүндө 19.000, жапайы чөптө 25.000 ген болсо, бизде болгону 30.000 ген бар болуп чыкты. Андан да жаманы күрүч өсүмдүгүнүн генетикалык коду чечмеленгенде, анын 55.000 гени бар экени аныкталды. Бул кандай мааниге келет? Адам менен күрүч өсүмдүгүн салыштырган бирөө, албетте, адам биологиялык жактан комплекстүүрөөк деп айтат. Бул жерде эч күмөн жок деп ойлойм. Анда, бир гана гендердин санына таянбаш керек. Андай болсо эмнелер болуп жатат?121
Бул жердеги тынчсыздануунун себеби мындай. Дарвинист илимпоздор көз-караштарын адам комплекстүүрөөк бир организм, ошондуктан гендеринин саны көбүрөөк деген логикага таяндырышкан. Бактерия (ачыткыч) клеткасында 6.000, мөмө чымынында 13.000, бир сөөлжан түрүндө 18.000, бир өсүмдүк түрүндө 26.000 ген болгонуна жараша, адам клеткасында, ал бир топ комплекстүү болгондуктан, көбүрөөк санда ген болот деп күтүшкөн. Бирок «Адам геному долбоору» догмалык бир логикага таянган «организм комплекстүү болгон сайын ДНК менен гендердин саны көбөйөт» деген божомолду жокко чыгарган.
Гендердин саны да, ДНКнын көлөмү да эволюционисттер ойлогондой бир «эволюция чынжырын» көрсөтпөйт. Бирок эволюционисттер, чындыгында алардын көз-караштарына каршы келген, бул акыркы ачылыштарды бурмалоого жана «эволюциянын» далили сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Кээ бир массалык маалымат каражаттары болсо бул темада чала сабат жана стереотиптүү болгондуктан, Адам геному долбоору «эволюцияга далил» тапты деп ойлошууда же ошондой көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Бирок долбоордон алынган илимий ачылыштар дарвинизмге, башка илим тармактары сыяктуу, генетика тармагында да бүт эшиктерди жапты.
Эволюционисттердин генетикалык окшоштук бурмалоосу
Адам геному долбоорунун негизинде адамзаттын ген картасы чыгарылгандан бери бул долбоордун жыйынтыктары бурмаланып, кээ бир эволюционист китеп-макалаларга жана тасмаларга материал болууда. Жана «шимпанзелердин гендери адам гендерине 98% окшош» деп айтылып, бул эволюция теориясынын бир далилиндей чагылдырылууда. Чындыгында болсо бул сөздөрдүн эволюция теориясына эч кандай салымы жок, тескерисинче булар бурмаланган жасалма далилдер.
Шимпанзе менен адам геномдору 98% окшош болгон күндө да, мындан «адам 98% шимпанзе» деген жыйынтык чыгаруу акылсыздык болот. Себеби адамдын гени белгилүү санда башка көптөгөн организмдерге да окшош. Мисалы, «New Scientist» журналында жарыяланган генетикалык анализдер боюнча, нематод сөөлжандары менен адамдын ДНКларында 75%дык бир окшоштук бар.122 Бирок бул адамдын 75% сөөлжан экенин көрсөтпөйт же «экөөнүн арасында 25%дык гана айырма бар» деген мааниге келбейт. Мындай тыянак чыгаруунун логикага сыйбастыгын кээ бир эволюционисттер да көрүп, айтышууда. Мисалы, профессор Стивен Жонс банан менен адамдын арасындагы 50%дык генетикалык окшоштуктун «адамдын 50%ы банан» деген мааниге келбестигин эскертет. Себеби эки түрдүү организмдеги гендер бирдей болсо да, алардын толугу менен башкача иштеши мүмкүн экендиги да белгилүү. Мындан тышкары, гендердин кээде бирден көп функцияга тиешелүү болушу, кээде болсо бир функциянын бирден көп ген тарабынан башкарылышы гендердин арасындагы математикалык айырмачылыкты абдан кеңейтет.
Мындан тышкары, кээ бир белокторго жүргүзүлгөн анализдер болсо адамды бир топ айырмалуу организмдерге жакын сыяктуу көрсөтүүдө. Кембридж университетиндеги изилдөөчүлөр бир изилдөөдө кургактыкта жашоочу жандыктардын кээ бир белокторун салыштырган. Таң калыштуусу, болжол менен бүт мисалдарда адам менен тоок бири-бирине эң жакын тууган болуп чыккан. Кийинки эң жакын тууган болсо кескелдирик деп табылган.123
Эволюционисттер «адам менен маймылдын арасындагы генетикалык окшоштуктун» дагы бир мисалы катары адамдын 46, шимпанзе менен гориллалардын болсо 48 хромосомалуу болушун колдонушат. Эволюционисттер хромосомалардын санынын жакын болушун эволюциялык бир байланыштын көрсөткүчү дешет. Чындыгында болсо, эгер эволюционисттер колдонгон логика туура болгондо, адамдын шимпанзе менен бирдей жакындыктагы дагы бир тууганы болушу керек эле: «картошка». Себеби картошканын хромосомаларынын саны горилла жана шимпанзеники менен бирдей: 48. Ал эми, жапайы коендун хромосомаларынын саны болсо адамдыкы менен бирдей: 46.124 Бул мисалдар генетикалык окшоштук түшүнүгүнүн эволюция теориясына далил боло албастыгын көрсөтөт. Себеби генетикалык окшоштуктар эволюция схемаларына туура келбейт, тескерисинче аларга толугу менен карама-каршы жыйынтыктарды берүүдө.
Бирок, дарвинист-материалист массалык маалымат каражаттары бул маалыматтарды тандап колдонуп, алардын арасынан пропаганда материалдарын ойлоп чыгарышууда. Адам менен маймыл орток бир атадан келген деген көз-карашты жактагандыктан, адамдын ДНКсы менен маймылдын ДНКсынын арасындагы окшоштукту алдыңкы планга чыгарышууда. Бирок эволюционисттердин он жылдардан бери уланткан 98%дык окшоштук пропагандасынын жараксыздыгын көрсөткөн кайра эле эволюционисттер тарабынан жасалган илимий изилдөөлөр да бар. Бирок мындай изилдөөлөр, тескерисинче, эч кабарларга чыкпайт же абдан аз жарыяланат.CNN'дин интернет баракчасында 2002-жылдын 25-сентябрында жарыяланган "Humans, chimps more different than thought" (Адамдар менен шимпанзелер элестетилгенден бир топ айырмалуу) деген темалуу макалада бир изилдөөнүн жыйынтыктары мындайча жарыяланган:
Жүргүзүлгөн жаңы генетикалык изилдөө боюнча, адамдар менен шимпанзелердин арасында бир кездерде элестетилгенден бир топ көп айырмалар бар. Биологдор көп убакыт бою шимпанзелер менен адамдардын гендери 98,5% окшош деп айтып келишти. Бирок Калифорния технология институтунан бир биолог бул жума жарык көргөн эмгегинде гендерди салыштыруу үчүн колдонулган жаңы бир ыкманын адамдар менен маймылдардын арасындагы генетикалык окшоштуктун 95% гана экендигин жарыялады. Бул изилдөө адамдын ДНК тизмегиндеги 3 миллион база жубунан 780.000 даанасын шимпанзелердики менен салыштыруучу бир компьютер программасына таянган. Мурдакы изилдөөчүлөр тапкандан көбүрөөк бири-бирине окшобогон бөлүмдөр табылды жана ДНК базаларынын жок дегенде 3,9% айырмалуу экендиги аныкталды. Бул аны түрлөрдүн арасында болжол менен 5% генетикалык айырмачылык бар деген жыйынтыкка алып барды...125
Англиялык илимий журнал «New Scientist» болсо муну 2002-жылдын 23-сентябрындагы интернет кабарында "Human-Chimp DNA Difference Trebled" (Адам-шимпанзе генетикалык айырмачылыгы үч эсеге чыкты) темасы менен кабарлады:
Адам менен шимпанзенин ДНКларын салыштырган жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, мурда элестетилгенден көбүрөөк айырмалуубуз. Көп убакыт бою эң жакын туугандарыбыз менен генетикалык түзүлүшүбүздүн 98,5% окшошоору айтылып келди. Эми мунун туура эмес экендиги аныкталууда. Чындыгында генетикалык түзүлүшүбүздүн 95%дан азыраак бөлүгү окшошот экен, шимпанзелер менен арабыздагы айырмачылык биз ойлогондон үч эсеге көбүрөөк.126
Жыйынтыктай турган болсок, геном долбоору эволюция теориясынын пайдасына бир дагы ачылыш жасаган жок. Тескерисинче, ДНКга жана ген түзүлүшүнө таянып, организмдердин арасында бир «эволюциялык жашоо дарагын» түзүүгө болбой тургандыгын көрсөтүп, дарвинизмге чоң сокку урду. Организмдердин ДНК коддору 19-кылымдан бери адамдардын аң-сезимине бир чындыктай сиңирилген «жашоо дарагынын» бир ойдон чыгарылган жомок экенин апачык көрсөттү.
Дарвинизмге эч бир далилсиз ишенген топтордун негизги максаты – элге илимий жаңылыктарды жеткирүү эмес, дарвинизмди жайылтуу гана. Бирок дарвинизм пропагандасынын бүт таянычтары улам жаңы илимий ачылыштар менен күн өткөн сайын ээрип жок болууда. Натыйжада барган сайын көбүрөөк адамдар эволюция теориясынын идеологиялык себептер менен улантылып келе жаткан бир калп экенин түшүнүп, жаратылуу чындыгы, б.а. «бир Жаратуучу бар» деген ишеним эл арасында тездик менен жайылууда. Куранда Аллах мындай деп кабар берет:
Чындыкты жалган менен жаппагыла жана чындыкты жашырбагыла. Силер (чындыкты) билип турасыңар. (Бакара Сүрөсү, 42)
Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (жалгандын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал (жалган) жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Илимпоздордун колундагы маалыматтар дагы эле жетиштүү эмес
Адам геному долбоорунун божомолдору боюнча, ДНКнын белок өндүрүшүнө тиешелүү буйруктар коддолгон бөлүктөрү алардын колундагы ДНК тизмегинин 5%ынан аз бөлүгүн түзөт. Генетикалык маалыматтын калган бөлүгү болсо генетикалык көзөмөл аймактарынан, хромосомалар менен байланыштуу маанилүү өзгөчөлүктөрдөн жана азырынча эмнелиги билинбеген ДНК бөлүктөрүнөн турат.127 Булардын баары адамдын генетикалык маалыматын толук түшүнүү үчүн дагы канчалаган изилдөөлөрдүн талап кылынаарын көрсөтөт.
Илимпоздор генетикалык механизмдин кандайча иштээрин аныктоого аракет кылып жатканы менен, «мынчалык кемчиликсиз бир система кантип пайда болгон» деген суроонун жообун бере албай келишет. «Harper's Magazine» журналынын 2000-ж. санында «Геномдон кабарлар» темалуу макалада Артур Коди (Arthur Cody) генетикалык маалыматтын ичиндеги операциялардын бир «стимулдоо» процесстери экенин сүрөттөп берген соң мындай суроолорду узаткан:
Стимулдоочуну стимулдаган ким? Эч ким билбейт. Эч ким чыгара турган бир теория да жок... «Стимулдоо» кызыктуу бир биологиялык кубулуш, процесстин кантип ишке ашканын түшүндүрбөйт. Гомеотикалык генди (эмбриондун өрчүшүн жөнгө салуучу ген) кыймылга келтирген эмне? Чыныгы же теориялык эч бир жооп жок... Эч ким мунун жообун билбейт, жоопту кантип издөө керек экени жөнүндө да эч кимдин пикири жок... Бул процесс менен байланыштуу нерселердин баары толугу менен түшүнүксүз.128
Бул жерде автор узаткан суроолордун албетте жообу бар: булардын баары Улуу Аллахтын илхамы менен ишке ашууда жана миллиарддаган атом Раббибиздин каалоосу менен белгилүү бир тартипте биригип, организмдердин бардык функцияларын калыптандырууда. Адам геному долбоорунун жыйынтыкталышы менен бирге, Аллахтын организмдерди канчалык улуу бир чеберчилик менен жараткандыгын көрсөткөн «генетикалык маалыматтын» майда-бараттары адамзаттын көз алдына тартууланды. Учурда бул долбоордун жыйынтыктарын изилдеген жана бир адам клеткасында миңдеген беттик маалыматтын сакталганын окуган ар бир адам мунун канчалык улуу бир жаратылуу далили экенин түшүнүүдө. Бул чындыкты айткандардын бири – Адам геному долбоорунун лидери жана Улуттук адам геному долбоорун изилдөө институтунун мүдүрү физик, генетик профессор Фрэнсис С. Коллинс. Проф. Коллинске 2005-жылы адам генетикасы боюнча изилдөөлөргө өмүр бою кошкон салымдары үчүн Адам генетикасы Америка коомунун эң жогорку сыйлыгы деп эсептелген «Allan сыйлыгы» берилген. Проф. Коллинс бир сөзүндө жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн Аллахка болгон ишенимин бекемдегенин мындайча айткан:
Адам геному долбоорунун мүдүрү катары менин көз-карашым мындай: илимий жана диний дүйнө көз-караштары толугу менен бири-бирине туура келет, ал тургай, түпкүрүндө бири-бирин толуктайт... Адам геномунун кооздугу жана комплекстүү түзүлүшү таң каларлык бир шедевр. Бул шедевр Аллах дайыма билген, бирок биз жаңы гана түшүнүп баштаган адамзаттын ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүдө жана менин бир гана диний ишенимимди күчтөндүрүүдө.129
Түз ниети менен караган ар бир илимпоз, бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, дин менен илимдин бири-бирин тастыктап тураарын жана ааламдын бүт тарабын Аллахтын далилдеринин курчап тураарын кабыл алат. Бирок дарвинист-материалист басылмалардын калпычылыгы алардын кабарларды тандап берүүсүнөн да көрүнүп турат. Адам геному долбоорунун башчысы катары бул темада чыныгы сөз ээси болгон бир илимпоздун ДНКдагы теңдешсиз тартипке болгон таң калуусу жана бир даана молекуланын ыйманынын күчтөнүшүнө кандайча себеп болгону жөнүндөгү сөздөрү массалык маалымат каражаттарына чыккан жок. Бирок канчалык аракет кылышпасын, Аллах жараткан кемчиликсиз чыгармаларды баары бир жашыра алышпайт. Аллах Куранда ыймандуулардын кулк-мүнөзүн мындайча кабар берген:
Илим берилгендер болсо Раббиңден сага түшүрүлгөндүн акыйкаттын дал өзү экендигин жана улуу, кудуреттүү, мактоого татыктуу (Аллах)тын жолуна багыттап-жеткирээрин көрүшөт. (Саба Сүрөсү, 6)
Ант болсун, аларда силерге, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандарга сонун бир өрнөк (мисал) бар. Ким жүз бурса, эч күмөнсүз, Аллах Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоого татыктуу). (Мүмтехине Сүрөсү, 6)
Адам геному долбоорунун башчысы Аллахка кантип ишенгенин мындайча айтып берген
«Дээрлик айыкпас, өтө оор ооруларга чалдыгышкан эле жана Аллахка арыздануунун ордуна, ыймандарын сактап калуу аларга терең бир бейпилдик жана ишеним берди... Бул көрүнүш абдан кызык, таң калыштуу жана адамды ойго салат.»1
Бир канча жылдан кийин ДНКдагы «кереметтүү маалыматтарды» көргөн Коллинс толук ынанып, Аллахтын бар экендигине эмне себептен ишенгенин «The Language of God» (Аллахтын тили) аттуу бир китепте айтып берген. Бул китебинде Жаратуучунун бар экендигин көрсөткөн логикалуу бир негиздин бар экенин жана илимий ачылыштардын адамды «Аллахка жакындатып» жатканын айткан.
«The Sunday Times» гезитинин 2006-жылдын 11-июнундагы санында жарыяланган «I've Found God, Says Man Who Cracked the Genome» (Геномдун кодун түшүнгөн киши «Аллахты таптым» деди) темалуу макалада мындай дейт: «биздин замандын эң чоң трагедияларынын бири – бул, илим менен диндин согушууга мажбурдай бир көрүнүштүн пайда кылынгандыгы. Мен муну такыр керексиз деп эсептейм жана бул спектрдин учтарын тырмалаган жагымсыз үндөрдүн акыркы 20 жылдан бери сахнаны ээлеп турушун болсо өтө жагымсыз көрүнүш деп ойлойм...
Бир ачылыш жасаганыңызда, бул илимий бир толкундануу алып келет, себеби изилдөө жүргүзүп, жоопко жакындаган болосуз. Бирок бул саам мен үчүн эч бир адам билбеген, бирок Аллах эзелтен бери билген бир нерсени эми байкагандыгым үчүн Жаратуучуга жакындаган учурум.
Адам баласы жөнүндөгү бүт маалыматтарды жана сырларды камтыган бул 3,1 миллиард буйруктан (командадан) турган китепти биринчи жолу колуңузга алып, ар бир бетин изилдегенде сөзсүз терең урматтоо сезимдерине кабыласыз. Мен бул беттерди караганда, Аллахтын акылын көрүүдөмүн.»2
1, 2- Steven Swinford; The Sunday Times, 11 Haziran 2006; http://www.timesonline.co.uk/article/0,,2087-2220484,00.html
Адам геному долбоорунун ийгиликтери –
Аллах жараткан тагдырдын бир бөлүгү
Адам геному долбоору жыйынтыкталган соң, кээ бир массалык маалымат каражаттары эволюция теориясынын илимий ачылыштар тарабынан жокко чыгарылып жатканын жаап-жашыруу үчүн жаңылта турган кабарларды чыгарып, элге туура эмес маалыматтарды берип башташты. Дарвинист-материалист маалымат каражаттары «ген картасынын табылышы адамдардын тагдырын өзгөртүшү мүмкүн» деген сыяктуу кабарларды эң көп сөз кылып, ар кандай ураан жана темалар менен жарыялашууда. Адамдын ген картасы жөнүндөгү маалыматтарга «адам эми тагдырына жеңилбейт» деген сыяктуу сөздөрдүн кошулуп жарыяланып жатышы чоң бир катачылык. Себеби, адамдын ген картасынын чыгарылышы чындыгында адамзаттын тагдырынын агымын эч өзгөртпөйт, анткени бул дагы адамдын тагдырына жазылган. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча кабар берет:
Аллах кааламайынча, силер каалай албайсыңар. Чындыгында Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Инсан Сүрөсү, 30)
![]() |
Бизди силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле?
(Мүминун Сүрөсү, 115) |
Тагдыр – бул Аллахтын өтмүштөгү (өткөн учурдагы) жана келечектеги бүт окуяларды бир көз ирмемдей билиши. Аллах боло элек окуялардын да баарын алдын ала билет. Көп адамдар Аллахтын али боло элек окуяларды кандайча билээрин, б.а. тагдырды түшүнө алышпайт. Чындыгында болсо, бир адам али көрө элек бир окуя ал адам үчүн боло элек, келечектеги бир окуя болот. Биз «натыйжасы белгисиз» деп ойлогон окуялардын баары биз үчүн «белгисиз». Чексиз илим ээси Аллах убакыттан жана мейкиндиктен көз-каранды эмес; тескерисинче убакыт менен мейкиндикти Өзү жараткан. Ошондуктан, Аллах үчүн өтмүш, келечек жана ушул учур баары бир. Аллах Кабатында биздин учурдагы жашообуз жана келечекте боло тургандардын баары болуп бүткөн. Бүт адамдар Аллахтын алар үчүн жараткан тагдырын убактысы келгенде көрүп, жашап, күбө болушат.
Бир тасманын кадрлары колунда турган бир адамдын тасманын башын, аягын, ортодо болгон окуяларды толугу менен бир учурда көрө алышы сыяктуу, Аллах да Өзү жараткан бардык адамдар менен байланыштуу бүт нерселерди билет. Бүт нерсени бир көз ирмемдей билген Аллах бул бир көз ирмемде, б.а. чексиз кыска убакытта түбөлүктүүлүктү, б.а. чексиз узун убакытты жаратып, күч-кудуретинин чексиздигин бизге көрсөтүүдө. Ошондуктан ыймандуу адамдар бул илимий жетишкендиктерди окуп үйрөнгөндө, Куранда билдирилгендей, илимдин чыныгы жана жалгыз ээсинин Аллах экенин унутпашы керек:
Айтышты: «Сен Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында Сен – бүт нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)
Аллах жашап өткөн бүт адамдардын жашоолорун бүт майда-бараттары менен бирге жараткан. Бир адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин башынан өткөрө турган оң же терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуялар Аллахтын кабары менен ишке ашат. Энъам Сүрөсүндө жер бетинде болгон чоң-кичине бүт окуялардын Аллахтын каалоосу менен болоору мындайча айтылат:
Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыктагы жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте жазылуу. (Энъам Сүрөсү, 59)
Бул чындык ар бир адамга жана ар бир окуяга тиешелүү. Эч ким Аллахтын ал үчүн жараткан тагдырына кийлигишип, окуялардын агымына кандайдыр бир өзгөртүү киргизе албайт. Мисалы, Аллах ар бир адамды белгилүү бир өмүр менен жараткан жана ар бир адамдын өлүм учурунун орду, убактысы жана кандайча болоору Аллах Кабатында белгилүү. Мисалы, бир адамдын кандай ооруга чалдыгаары ал адамдын тагдырында, ал төрөлөөрдөн миллиарддаган жыл мурдатан белгилүү. Ал оорудан айыгып айыкпашы да тагдырында белгиленген. Ал тургай, айыгышына себепчи боло турган докторлор, мээрман эжелер, оорукана, дарылар, дарылоо ыкмаларына чейин бүт баары Аллах Кабатында алдын ала жазылган. Ошондуктан эгер бир адам айыкса, бул ал тагдырын өзгөрттү деген мааниге келбейт, тагдырында айыгаары жазылган деген мааниге келет. Аяттарда Аллах мындайча кабар берет:
Силерди эң жакшы Раббиңер билет, кааласа силерге мээримдүүлүк кылат, кааласа силерди азаптайт. Биз сени аларга бир өкүл (коргоочу) катары жөнөткөн жокпуз. Раббиң асмандар менен жердегилердин баарын эң жакшы билет... (Исра Сүрөсү, 54-55)
Эгер келечекте бир күнү бир адамдын өмүрү гендерине туура кийлигишүү жасалганы себептүү узарса, бул окуя да ал адам өз тагдырына кийлигишти деген мааниге келбейт. Анын мааниси мындай болот: Аллах ал адамды узун өмүрлүү кылып жараткан жана ген картасынын чыгарылышын ал адамдын өмүрүнүн узун болушуна себепчи кылган. Ген картасынын табылышы да, ал адамдын ген багытындагы технология өнүккөн бир доордо жашашы да, ал адамдын өмүрүнүн медициналык мүмкүнчүлүктөр менен узартылышы да анын тагдырында жазылган; баары Аллах Кабатында али ал адам бул дүйнөгө келе электе эле белгилүү.
Ошол сыяктуу, бул долбоордун негизинде жасалган ачылыштардын натыйжасында өлө турган бир оорудан айыккан бир адам да тагдырын жашап жаткан болот. Анткени ал адамдын тагдырына ал оорудан ушул долбоордун себеби менен кутулаары жазылган. Негизи адамдын ген картасынын чыгарылышы жана адамзаттын генетикалык программага кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө жетишиши Аллах жараткан тагдырга каршы чыгуу деген мааниге келбейт. Тескерисинче, адамзат Аллах жараткан тагдырдагы бул окуяларга күбө болуп, Аллах жараткан маалыматты ачып, колдонууда. Эгер бир адам бул илимий өнүгүүлөрдүн себеби менен 120 жыл жашаса, демек Аллах ал үчүн алдын ала ошол өмүрдү белгилеген болот жана ошондуктан өмүрү ошончолук узун болот. Аллах ар бир адамдын өмүрүнүн Өзүнүн Кабатындагы бир китепте белгилүү экенин бир аятында мындайча кабар берген:
Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)
Кыскасы, «тагдырымды жеңдим», «тагдырымды өзгөрттүм», «тагдырга кийлигиштим» деген сыяктуу сөздөр тагдырдын маанисин түшүнбөгөндүктөн келип чыгат. Бир адамдын мындай сөздөрдү айтышы да анын тагдырында алдын ала белгиленген. Бир адамдын мындай сөздү каерде, качан жана кандай шартта айтаары да Аллах Кабатында белгиленген. Аллах баарынан кабардар.
Аллах бүт нерсенин Өзүнүн Кабатында бир китепте жазылуу экенин билдирген. Биз ошол китепте жазылгандардын дал өзүн, эч кеми же ашыкчасы жок, толугу менен башыбыздан өткөрөбүз.
... Асмандар менен жерде кыпынчалык бир нерсе дагы Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, бүт баары, сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Саба Сүрөсү, 3)
Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Эч шексиз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Хадид Сүрөсү, 22)
![]() |
Аллахтын буйругу – белгиленип коюлган бир тагдыр.
(Ахзаб Сүрөсү, 38) |
Генетикалык инженерия жөнүндөгү эволюционисттик
жаңылыштыктар
Генетикалык инженерия – бул, бир организмден алынган гендерди изоляциялоо, ал гендерди багыттоо жана башка бир организмге өткөрүү иштери жүргүзүлгөн тармак. Илимпоздор мындай иш-аракеттер аркылуу өнөр-жай калдыктарын сиңирүүчү бактерияларды өндүрүп, организмдерди клондоп, ооруларга жана курт-кумурскаларга чыдамкай өсүмдүктөрдү алып жатышат. Бирок мындай биотехнологиялык иш-аракеттер да, аларга негиз түзгөн генетикалык изилдөөлөр да эволюция теориясына далил болбойт. Бул темадагы негизги жаңылыштыктар төмөнкүлөр:
1) Биотехнологиялык иш-аракеттер организмдердин аң-сезимсиз, плансыз, туш келди процесстердин натыйжасында пайда болбогондугун, тескерисинче пландуу жаратылгандыгын далилдейт:
Мындай генетикалык иш-аракеттердин бүт баарында гендерге абдан чоң бир кылдаттык жана көңүл койуу менен, б.а. «аң-сезимдүү бир кийлигишүү» жасалууда. Илимпоздор гендерди белгилүү бир максатка багыттаган, «аң-сезимдүү бир жөнгө салуучунун» ролун аткарышууда. Бул адамдар клетканын иштеши жөнүндө көп жылдар бою билим алып, адистешишкен. Иш-аракеттеринин баарын кылдаттык менен жасап, контролдуу кийлигишүүлөрдү жасашууда. Болгондо да, бул иш-аракеттер өнүккөн лабораторияларды жана алдыңкы технологиялык шаймандарды колдонуу менен, бүтүндөй атайын «даярдалган» шарттарда жасалууда. Биология профессору Уильям Д. Стэнсфилд (William D. Stansfield), өзү да бир эволюционист болгонуна карабастан, мындай иш-аракеттердин эволюцияга далил боло албашын -лабораториялардагы клетка синтездөө иш-аракеттерин мисал келтирүү аркылуу- мындайча кабыл алган:
Жаратылууну (Жаратуучунун бар экенин) жактагандар илимдин жөнөкөй химикаттардан чындап бир организмди ала алчу күндү чыдамсыздык менен күтүштү. Алар мындай дешүүдө жана ал сөздөрү туура: адамдын колу менен андай бир жашоо-формасы өндүрүлө алса да, бул табигый жашоо формаларынын ушул сыяктуу химиялык эволюциялык процесстер менен келип чыккандыгын далилдей албайт.130
2) Генетикалык өзгөрүү (бөтөнчөлөнүү) эволюция теориясына колдоо көрсөтпөйт:
Эволюционисттик эмгектерде айтылган генетикалык өзгөрүүгө алып келген эксперименттер да эволюция теориясына далил болбойт. Себеби эволюция теориясы «табиятта организмдерди комплекстүүрөөк абалга алып келе турган механизмдер бар жана ошол механизмдер аркылуу бир организм түрү башка бир организм түрүнө айланат» дейт. Ал эми генетикалык инженерия менен биотехнология тармагында жасалган эксперименттерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн түрлөрдүн өзгөрүшүнө алып келбей тургандыгы аныкталган. Бирок кээ бир эволюционисттер бул чындыкты көрмөксөн болуп, кээ бир сөз оюндары аркылуу «эволюция теориясы лабораторияда далилденди» деген сыяктуу калптарды айтышууда.
3) Ген инженериясы аркылуу чыгарылган организмдер эволюция теориясынын далили эмес:
Организмдерди генетикалык инженерия аркылуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү эволюция теориясын тастыктайт деген дагы бир жаңылыш көз-караш бар. Учурда биотехнология жана генетикалык инженерия тармагында өзгөчө дары же инсулин сыяктуу белокторду өндүрүүдө же кээ бир ферменттердин реакция ылдамдыктарын өзгөртүү сыяктуу тармактарда колдонулган ыкмалар эволюционисттер тарабынан эволюция теориясынын бир далилиндей чагылдырылууда. Чындыгында болсо, бул иш-аракеттер эволюция теориясына далил боло албайт.
Генетикалык инженерия иш-аракеттери «рекомбинанттык ДНК» технологиясынын өнүгүшү аркылуу жүрөт. «Рекомбинант» деген термин мурда бар болгон түзүлүштөрдү (бул жерде гендерди) кайрадан бириктирүү деген маанини билдирет. Ошондуктан, эволюционисттер, эң биринчиден, генетикалык инженерияда чийки зат катары колдонулган гендердин кантип пайда болгонун түшүндүрүүлөрү зарыл (ДНК керемети эволюция теориясын кантип жокко чыгарууда? деген бөлүмдү караңыз). ДНКнын келип чыгышын эч түшүндүрө албаган эволюционисттер генетикалык инженерияда колдонулган жана дарвинисттик көрсөтмөлөрдүн негизинде даярдалган эмгектерден үмүттөнүшкөн. Бирок эволюция теориясы «бүт организм түрлөрү туш келди, контролсуз механизмдер аркылуу гана пайда болгон» деген көз-карашты жактайт. Ошондуктан эволюционисттердин генетикалык инженерияга таянган пропагандасы эң башынан туура эмес. Анткени эволюционисттердин генетикалык инженерия жөнүндө айткандары өздөрүнө карама-каршы келет.
Гендерди бир организмден башка бир организмге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн же бир жердеги гендердин кайрадан бириктирилишин эволюциялык бир процесстин бар экендигинин бир далилиндей көрсөтүүгө аракет кылышууда. Чындыгында болсо, мындай иш-аракеттердин материалы болгон гендер, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, абдан комплекстүү түзүлүштөрү менен «эволюция» сыяктуу бир туш келди, контролсуз процесстин болбогондугун толук далилдеп турат.
4) Гендер организмдердин атасынын эмес, тамырынын бир (орток) экенин көрсөтөт:

5) Генетикалык инженерия атеизм пропагандасына эч колдоо көрсөтпөйт:
Гендик инженерия жөнүндөгү дагы бир жаңылыштык болсо – бул, гендик инженериянын «жаратуу» деп сыпатталышы. «Аллах жок» деген материалисттер генетикалык инженерия иш-аракеттерин атеизм пропагандасына колдонуп, бул иш-аракеттерди «жаратуу» деп сыпатташууда. (Аллахты аруулайбыз.)
Бул жерде атеисттер түшүнгүсү келбеген жагдай мындай: «жаратуу» деген сөз «жоктон бар кылуу» деген маанини билдирет. Жаратуу Аллахка гана тиешелүү. Ген инженериясында болсо илимпоздор Аллах жараткан гендерге өзгөртүүлөрдү киргизип, Аллах жараткан организмдердин гендерин бири-бири менен алмаштырышууда. Бул иш-аракеттерде организмдерди өнүктүрүү үчүн ага чейин эле организмдер ааламында бар болгон генетикалык маалыматтар колдонулууда.
Мисалы, илимпоздор медузанын генин бир зебра балыгынын ДНКсына жайгаштырып, ал балыктын жарык чыгарышына же эчкинин ДНКсына жөргөмүштүн генин жайгаштырып, эчкинин сүтүндө жөргөмүш жибинин өндүрүлүшүнө шарт түзө алышууда. Бирок мындан келип чыккан организмдер сыртынан караганда жаңы бир катар өзгөчөлүктөргө ээ болушканы менен, бул жерде эч кандай жаңы генетикалык маалымат пайда болгон жок, болгону ансыз да бар болгон маалыматтар организмдердин биринен экинчисине орун которду.
Эгер илимпоздор келечекте бир күнү бир организмди түп-тамырынан өзгөртө алса да, бул абал өзгөрбөйт. Молекулярдык биолог Майкл Дентон бул чындыкты мындайча айткан:
Келечекте эгер ген инженерлери жандуу системаларды белоктон бүт организмге чейин, түп-тамырынан өзгөртүп кайра түзө алса да, бул негизги суб-системалардын көпчүлүгүндө дээрлик толук программаланган, бир учурдуу өзгөрүүлөрдү талап кылган, пландуу башкарылган өзгөрүүлөр аркылуу гана болот.131
Жыйынтыктасак, эволюционисттердин генетикалык инженерияны колдонгон пропагандаларынын баары чындыкка жатпайт. Тескерисинче, бул тармактагы иш-аракеттердин пландуу башкарылган шарттарда, максаттуу өзгөртүүлөрдү киргизиши бүт организмдердин кемчиликсиз бир тартип менен жаратылганын көрсөтүүдө.
Клондоо иш-аракеттери эволюция теориясына эмне үчүн колдоо болбойт?
Клондоо (копиялоо) процессинде клонунун жасалышы пландалган бир организмдин клеткасынан ДНКсы микроскоп астында алынып, ошол түрдөгү башка бир организмдин бир энелик клеткасынын ичине жайгаштырылат. Бул иш-аракетте клондоло турган организмдин ДНКсы колдонулат. Анын артынан шок ыкмасы аркылуу энелик клетканын бөлүнүп башташына түрткү берилет. Бөлүнүү процессиндеги эмбрион ошол түрдөгү башка бир организмдин жатынына жайгаштырылат да, толук жетилип, туулганга чейин күтүлөт.
Эң биринчиден, клондоо менен эволюция түшүнүктөрү аныктамасы жагынан бири-бирине эч жакындашпайт. Эволюция теориясы «жандуу организмдер жансыз заттардан табигый шарттардын астында, өзүнөн-өзү келип чыккан» деген көз-карашка таянат (бул көз-караштын ишке ашуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн бир дагы далил жок). Клондоо болсо жандуу клетканын генетикалык материалын колдонуу менен ал организмдин копиясын алуу дегенди билдирет. Мында ансыз да бар болгон бир клетка колдонулат, жана биологиялык бир процесс лаборатория шарттарында, жасалма ыкмалар менен кайталанат. Башкача айтканда, бул иш-аракетте эволюциянын негизги көз-карашы болгон «туш келди (кокус, контролсуз) бир процесс» же «жансыз затка жан киргизүү» деген сыяктуу бир жагдай жок.Чындыгында клондоо иш-аракети эволюцияга эч кандай далил болбойт, тескерисинче эволюцияны түп-тамырынан кыйратуучу бир биология мыйзамынын апачык бир далили. Бул мыйзам – атактуу илимпоз Луи Пастер (Louis Pasteur) 19-кылымдын аягында тапкан «жашоо жашоодон гана келет» деген принцип. Ушунчалык апачык чындыктарга карабастан, клондоонун эволюциянын бир далилиндей чагылдырылышы – бир катар массалык маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн бир алдамчы көз бойомочулук гана.
Бирок өзгөчө акыркы 30 жылдын ичиндеги көптөгөн илим тармактарынын ачылыштары организмдердин келип чыгышын «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгын көрсөттү. Эволюционисттердин илимий жаңылыштыктары жана бир тараптуу жоромолдору далилденип, эволюция теориясы илимий жактан негизсиз болуп калды. Бул кээ бир эволюционисттерди ар кандай изденүүлөргө түрттү.
«Бир организмди клондоо», же жакында эле башталган «пробиркадан наристе» деген сыяктуу илимий прогресстердин эволюциянын далилиндей пропаганда кылынышынын себеби мына ушунда.
Клондоону адамдар туура эмес түшүнүп, аны «окумуштуулардын бир организмди жаратышы» деген сыяктуу кабыл алышууда. Чындыгында болсо, клондоо эч качан мындай мааниге келбейт. Клондоо – бул, ансыз да бар болгон бир организмдин көбөйүү механизмине ансыз да бар болгон бир генетикалык маалыматты кошуу гана. Бул иш-аракетте жаңы бир механизм да, жаңы бир генетикалык маалымат да пайда болбойт. Клондоо учурунда бар болгон бир организмдин, мисалы койдун генетикалык маалыматы алынып, башка бир койдун жатынына жайгаштырылат, жана ошентип жаңы туула турган козу генетикалык маалыматы алынган койдун «бир жумуртка эгизи» болуп туулат. Мунун эволюция теориясы менен да, «бир организмди жаратуу» түшүнүгү менен да эч бир байланышы жок.
«Бир организмди клондоо», же жакында эле башталган «пробиркадан наристе» деген сыяктуу илимий прогресстердин эволюциянын далилиндей пропаганда кылынышынын себеби мына ушунда.
Клондоону адамдар туура эмес түшүнүп, аны «окумуштуулардын бир организмди жаратышы» деген сыяктуу кабыл алышууда. Чындыгында болсо, клондоо эч качан мындай мааниге келбейт. Клондоо – бул, ансыз да бар болгон бир организмдин көбөйүү механизмине ансыз да бар болгон бир генетикалык маалыматты кошуу гана. Бул иш-аракетте жаңы бир механизм да, жаңы бир генетикалык маалымат да пайда болбойт. Клондоо учурунда бар болгон бир организмдин, мисалы койдун генетикалык маалыматы алынып, башка бир койдун жатынына жайгаштырылат, жана ошентип жаңы туула турган козу генетикалык маалыматы алынган койдун «бир жумуртка эгизи» болуп туулат. Мунун эволюция теориясы менен да, «бир организмди жаратуу» түшүнүгү менен да эч бир байланышы жок.
Бир адамды же башка кандайдыр бир жандыкты жаратуу, башкача айтканда, жоктон бар кылуу бир гана Аллахка тиешелүү. Илимий жетишкендиктер да адамдардын жандуу бир организмди жарата албай тургандыгын көрсөтүп, бул чындыкты тастыктоодо. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Асмандарды жана жерди (эч бир өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Жыйынтыктасак, элге илимий далилдерге таянып, эч нерсе айта албай калган эволюционисттердин калктын сабатсыздыгынан пайдалануу аркылуу теорияны сактап калууга аракет кылышы бул теориянын илимий тараптан чарасыздыгын гана көрсөтүүдө. Бүт илимий жетишкендиктер сыяктуу, «клондоо» да жандуу организмдердин бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгын көрсөткөн абдан маанилүү бир илимий жетишкендик.
Булактар:
118. http://www.genome.gov/11006943
119. W.-H. Li, D. Graur, Fundamentals of Molecular Evolution, Sinauer Associates, Inc., Sunderland, 1991, s. 209.120. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 28.
121. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, s. 146.; http://www.asa3.org/ASA/PSCF/2003/PSCF9-03Collins.pdf
122. Karen Hopkin, "The Greatest Apes", New Scientist, 15 May 1999, no. 2186, s. 26.
123. New Scientist, cilt 103, 16 Ağustos 1984, s. 19.
124. http://en.wikipedia.org/wiki/List_of_number_of_chromosomes_of_various_organisms
125. http://lists.ibiblio.org/pipermail/monkeywire/2002-September/000250.html "Human, Chimps More Different Than thought", The Associated Press, 24 Eylül 2002.
126. Andy Coghlan, "Human-chimp DNA Difference Trebled", New Scientist, 23 Eylül 2002; http://www.newscientist.com/news/news.jsp?id=ns99992833
127. J. C. Venter, et. al., "The Sequence of the Human Genome," Science, cilt 291, 2001, ss. 1304-1351.
128. Wayne Jackson, "Mapping the Human Genome: Does It Prove Evolution?", Christian Courier, 1 Nisan 2001; http://www.christiancourier.com/feature/april2001.htm
129. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, s. 142.; http://www.asa3.org/
ASA/PSCF/2003/PSCF9-03Collins.pdf
130. William D. Stansfield, The Science of Evolution, Macmillan, New York, 1983, 8. baskı, ss. 10-11.
131. Michael Denton, Nature's Destiny, Free Press, 1998, s. 321.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder