Эволюция теориясынын түбүндө материалисттик философия турат. Материализм «зат (материя) гана бар» деген гипотезага таянат. Бул философия «зат түбөлүктөн бери бар, дайыма болот жана заттан башка эч нерсе жок» дейт. Материалисттер бул пикирлерин колдоо үчүн «редукционизм» деп аталган бир логиканы колдонушат. Редукционизм – бул, «зат сыяктуу көзгө көрүнбөгөн нерселерди да заттык факторлор менен түшүндүрүүгө болот» деген көз-караш.
Муну түшүндүрүү үчүн акыл-эсти мисал келтирели. Белгилүү болгондой, адамдын акыл-эси «кол менен кармоого, көз менен көрүүгө боло турган» бир нерсе эмес. Ал тургай, адамдын мээсинде бир «акыл-эс борбору» да жок. Бул абал бизди сөзсүз түрдө «акыл-эс заттан өйдө бир түшүнүк» деген жыйынтыкка алып барат. Башкача айтканда, өзүн «мен» деген, ойлонгон, сүйгөн, толкунданган, ырахат алган же оору сезген бир жандык – бир кресло, бир стол же бир таш сыяктуу заттык бир нерсе эмес.
Материалисттер болсо акыл-эсти «затка төмөндөтүүгө болот» дешет. Материалисттик көз-караш боюнча, биздин ойлонуу, сүйүү, сүйүнүү сыяктуу сезимдерибиздин баары – негизи мээбиздеги атомдордун арасында ишке ашкан химиялык реакциялар гана. Бир адамды сүйүшүбүз – мээбиздеги кээ бир клеткалардагы бир химиялык реакция, бир нерседен коркушубуз – дагы бир химиялык реакция ж.б. Атактуу материалист философ Карл Фогт (Karl Vogt) бул логиканы «боордун өт суюктугун чыгарышы сыяктуу, мээ да ой-пикир чыгарат» деген акылсыз сөзү менен сүрөттөгөн.132 Чындыгында болсо, өт суюктугунун бир зат экендиги талашсыз, бирок ой-пикирдин зат экендигин көрсөтө турган бир дагы далил жок.
Редукционизм бир ой жүгүртүү ыкмасы. Бирок бир ой жүгүртүү туура негиздерге да же туура эмес негиздерге да таянышы мүмкүн. Ошондуктан биз үчүн азыр маанилүү болгон суроо мындай: материализмдин негизги логикасы болгон «редукционизм» илимий маалыматтар менен салыштырылганда, мындан кандай тыянак чыгат?
19-кылымдын материалист илимпоздору же ойчулдары бул суроого оңой гана «илим редукционизмди тастыктайт» деп жооп берүүгө болот деп ойлошкон. Бирок 20-кылымдын илими такыр башка чындыкты көрсөттү.
Бул чындык – табиятта бар болгон жана затка төмөндөтүүгө болбой турган «маалымат».
ДНК жөн гана нуклеин кислоталарынын тизилиши эмес; ал белгилүү маалыматтарды камтыйт

Бул жерде материалисттик көз-карашты эстейли: ДНКдагы бул маалыматты, материалисттер айткандай, затка төмөндөтүүгө болобу? Же, башкача айтканда, «ДНК бир зат жыйындысы гана, жана андагы маалымат заттардын туш келди таасирлешүүсүнөн гана пайда болгон» деп айтууга болобу?
20-кылымдагы бүт илимий изилдөөлөр, эксперименттердин жыйынтыктары жана байкоолор бул суроого сөзсүз түрдө «жок» деп жооп берүү керек экенин көрсөтүүдө. Себеби жашоо – эч качан бир гана заттардын жыйындысы эмес. Алдыңкы илим теоретиги жана биофизик Хьюберт Йоки (Hubert Yockey) «бүт кабарлар сыяктуу жашоонун кабары (генетикалык код) да заттан сырткары нерсе, бит жана байттар менен өлчөөгө боло турган маалыматтарды камтыйт.»133 десе, илимпоз Дин Оверман (Dean Overman) бул жөнүндө мындай дейт:
Генетикалык коддогу маалымат, бүт маалымат же билдирүүлөрдөгү сыяктуу, заттан жасалган эмес. Маани – коддун символдорунан же алфавитинен келип чыккан бир өзгөчөлүк эмес. Генетикалык коддогу кабар же маани заттан тышкаркы бир нерсе, жана аны физикалык же химиялык өзгөчөлүктөргө төмөндөтүүгө болбойт; материализм генетикалык коддогу маанини түшүндүрбөйт.134
Профессор Филлип Жонсон (Phillip Johnson) болсо мындай дейт:
Биринчиден, жашоо бир гана заттан турбайт, зат жана маалыматтан турат. Экинчиден, маалыматты затка төмөндөтүүгө болбойт, бирок заттын бүтүндөй башка бир түрү. Ушул себептен, бир жашоо теориясы бир гана заттын тамырын (келип чыгышын) түшүндүрбөстөн, ошол эле учурда маалыматтын көз-карандысыз тамырын да түшүндүрө алышы керек. Үчүнчүдөн, бир китепти же биологиялык бир клетканын ичиндеги белгилүү бир маалымат түрүн кокустуктар аркылуу же физикалык жана химиялык мыйзамдардын таасири аркылуу алууга болбойт.135
Илим теоретиги проф. Вернер Гитт да «In The Beginning Was Information» (Башында маалымат бар эле) аттуу китебинде жандуу организмдерди бир гана зат менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгын айткан:
Зат менен энергия жашоонун негизги керектүү нерселери, бирок буларды жандуу менен жансыз системаларды айырмалоо үчүн колдонууга болбойт. Бүт жандуу нерселердин орток өзгөчөлүгү – бул алардагы маалымат, жана ал маалымат бүт жашоо процесстери менен байланыштуу өндүрүштөрдү жөнгө салат. Маалыматтын өткөрүлүп берилиши болсо бүт тирүү организмдерде маанилүү ролду ойнойт. Мисалы, бир канаттуу бир гүлдөн башка бир гүлгө чаңчаларды жеткиргенде, маалыматты жеткирген болот (генетикалык маалымат өткөрүлүп берилет); ага кошулган чыныгы материал болсо маанилүү эмес. Маалымат жашоо үчүн керек болгону менен, жашоону толук сүрөттөөгө маалыматтын жалгыз өзү жетиштүү эмес.136
Генетикалык коддун «заттан сырткары турган» бир маалыматты камтышы генетикалык код жөнүндө ойлоп чыгарылган эволюция сценарийлеринин эң түбүнөн жараксыз экендигин көрсөтөт. Себеби бул сценарийлер эң башынан «зат өзүн-өзү уюштуруп, генетикалык маалыматты жана кодду пайда кылган» деген гипотезага таянат. Бирок зат өз алдынча код ойлоп чыгара албагандыктан, генетикалык код жөнүндөгү бүт материалисттик түшүндүрмөлөрдүн эч мааниси калбайт.
Мындан тышкары, ДНКдагы генетикалык тамгалардын тизилиши жашоо үчүн өтө маанилүү. Өз алдынча эч бир маанини билдирбеген нуклеотиддер белгилүү бир тартип менен тизилип, белгилүү маалыматтарды камтыган гендерди пайда кылышат. ДНК, ичиндеги ушул маалыматы аркылуу, табияттагы башка түзүлүштөрдөн абдан өзгөчөлөнөт. Профессор Филлип Жонсон ДНКнын бул өзгөчөлүгү жөнүндө мындай дейт:
... Бир компьютер программасында же бир китепте маалыматтын кандай физикалык затка жазылганы эмес, маалыматтын өзү маанилүү; ошол сыяктуу эле, ДНКда да анын жазылышында колдонулган химиялык заттар эмес, андагы маалымат маанилүү. Бул ири көлөмдөгү, комплекстүү маалымат болмоюнча, зат алмашуу иштебейт жана көбөйүү баштала албайт.137
Жонсон бул сөздөрүндө айткандай, химиялык заттардын туш келди тизилип калышы организмдердин жашашына жана көбөйүшүнө керектүү шарттарды түзбөйт. Химиялык заттар, ДНКдагы сыяктуу, өтө чоң көлөмдөгү, белгилүү маанилерди билдире тургандай абалда гана катарга тизилиши керек. Мынчалык чоң бир эркти жана акылды атом, молекулалардан издөөгө болбойт. Бул маалыматтын булагы – бүт нерсенин илимин билген, жердеги жана асмандагылардын баарын жараткан Улуу Аллах. Атактуу теоретик физик Пол Дэвис (Paul Davies) генетикалык маалыматтын маанисинин тереңдиги жөнүндө мындай дейт:
... биологиялык маалыматтын айырмалоочу бир өзгөчөлүгү – ичи мааниге толо. ДНК ишке жарамдуу бир организмди куруу үчүн керектүү маалыматтарды өзүнө жыйнап койот; ал – алдын ала аныкталган, белгилүү бир продукттун алгоритми (басып өтө турган жолу) же көмүртек копиясы (дал өзүндөй бир копиясы)... гендер сөзсүз бир нерсенин кодун же символун түзүшөт. Бул жерде чыныгы табышмак – бул маалыматтын пайда болушу эле эмес, анын сапаты.138
Пол Дэвис ДНКдагы маалыматты материалисттик жактан түшүндүрө албагандыгы үчүн, бул жерде генетикалык маалыматтын кантип пайда болгонун «табышмак» деп айтып жатат. Бирок материализм учурда дагы бир жолу жеңилүүгө дуушар болду. 20-кылымдын таанымал илим философторунан химик Майкл Полани (Michael Polanyi) болсо ДНКдагы маалымат өткөрүп берүү системасын материалисттик жактан түшүндүрүүгө болбой тургандыгын айткан:
Бир ДНК молекуласы өрчүп жаткан бир клеткага маалымат берет. Ошол сыяктуу, бир китеп да маалымат берет. Бирок маалымат берүүнү химиялык же физикалык принциптерге карап түшүндүрүүгө болбойт. Башкача айтканда, китептин иштешин химиялык негизге төмөндөтүүгө болбойт. ДНК генетикалык маалыматтын өткөрүлүп берилиши аркылуу иштегендиктен, ДНКнын функциясын да химия мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болбойт.139
Теоретик физик профессор Якоб Д. Бекенштейн (Jacob D. Bekenstein) «Scientific American» журналындагы «Голографиялык ааламдагы маалымат» аттуу макаласында маалыматтын мааниси жөнүндө мындай дейт:
Физикалык дүйнө эмнелерден турат деп кандайдыр бир адамдан сурасаңыз, «зат жана энергиядан» деген жоопту алат болушуңуз керек. Бирок эгер инженериядан, биологиядан жана физикадан бир нерсе үйрөнгөн болсок, маалымат абдан маанилүү нерсе. Автомобиль заводундагы бир робот металл жана пластмассадан турат, бирок кайсы бөлүктү эмнеге колдоноорун ж.б. айтып туруучу көптөгөн буйруктарсыз, ал робот пайдалуу эч нерсе жасай албайт. Денебиздеги клетканын ичиндеги бир рибосома аминокислоталардан турат жана ATP'нын ADP'га айланышынан келип чыккан энергия менен иштейт. Бирок клетканын ядросундагы ДНКдан маалымат келмейинче, белок синтездей албайт. Ошол сыяктуу, физикадагы бир кылымдык жетишкендиктер бизге маалыматтын физикалык система жана процесстерде абдан маанилүү бир элемент экендигин үйрөттү.140
Эволюционисттердин сөздөрүн окуганда, кээде эволюция теориясынын организмдердеги маалыматты түшүндүрө албай тургандыгын моюнга алышканын көрүүгө болот. Бул багытта оюн ачык айткан белгилүүлөрдүн бири – бул, француз зоолог Пьер П. Грассе (Pierre-P. Grassé). Грассе материалист жана эволюционист болгонуна карабастан, дарвинисттик теорияны жокко чыгаруучу эң маанилүү чындыктын жашоону түзгөн маалымат экендигин кабыл алат:
Ар кандай жандуу организм кереметтүү даражада улуу бир «акылды» камтыйт. Бул адамдардын эң чоң архитектуралык эмгеги болуп саналган чиркөөлөрдү курууда колдонулган акылдан бир топ жогору бир акыл. Учурда бул акылды «маалымат» (информация) деп атайбыз, бирок мааниси ошол эле. Бул маалымат бир компьютерде программаланган эмес, бирок компьютердикинен бир топ тар бир жерге, ДНКдагы хромосомаларга же ар бир клеткадагы ар кандай органеллдерге батырылган. Бул «акыл» жашоонун «сөзсүз керектүү» бир шарты. Бирок мунун булагы эмне?... Бул биологдорду да, философторду да кызыктырган бир суроо, жана илим муну эч чече албачудай абалда турат.141
Пьер П. Грассенин «илим бул суроону эч чече албачудай абалда турат» деп айтышынын себеби – материалисттик болбогон эч бир жоопту «илимий» деп санагысы келбегендигинде. Бирок илим өзү түздөн-түз материалисттик философиянын гипотезаларын четке кагып, бир Жаратуучунун бар экендигин далилдөөдө. Грассе же башка материалист илимпоздор бул чындыкты же көрмөксөн болушат, же болбосо «илим муну түшүндүрө албайт» дешет. Себеби алар материалист болууну илимпоздуктан жогору коюшат, жана илим материализмди четке какса да, материализмге ишенүүнү уланта беришет.
ДНК жөнүндөгү бул чындык, тагыраак айтканда генетикалык маалыматты зат жана энергия менен же табият мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгы жөнүндөгү чындык, эволюция теориясынын алдында, жыгылбас бир дубал катары тура берет. Немец Федералдык физика жана технология институтунун башчысы проф. д-р Вернер Гитт бул жөнүндө мындай дейт:
... Маалымат бүт нерсенин пайдубалында турган бир түшүнүк болгондуктан, заттын бир касиети боло албайт, ошондуктан анын тамырын (келип чыгышын) да заттык бир процесс менен түшүндүрүүгө болбойт... Маалыматтын негизги чоңдугу – бул, заттык эмес (акыл-эстик) бир табияты. Заттын бир касиети эмес, ошондуктан материалдык процесстерди маалыматтын булагы катары караганга болбойт... Заттын маалымат пайда кылышына шарт түзө турган – белгилүү бир дагы табият мыйзамы, физикалык процесс же заттык бир кубулуш жок...142
Вернер Гитт дагы бир сөзүндө болсо маалыматтын бир Жаратуучу тарабынан гана жаратылышы мүмкүн экенин айткан:
Биологиялык маалымат... сактоо сыйымдуулугу абдан жогору болгондуктан, башка системалардан айырмалуу жана ушул себептен кереметтүү даражадагы чебер түшүнүктөрдү камтыйт... Тирүү организмдердеги маалыматтын акылдуу бир булакка муктаж экендиги анык. Бул булак адам эмес, жана ошондуктан бирден-бир ыктымалдык – булардын бир Жаратуучусу бар.143
![]() |
Асмандар менен жердин жаратылышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы Анын (Аллахтын) далилдеринен. Жана Ал каалаган кезде алардын баарын топтогонго кудуреттүү.
(Шура Сүрөсү, 29) |
Вернер Гиттин сөздөрү ошол эле учурда акыркы 20-30 жыл ичинде өнүккөн жана термодинамиканын бир бөлүгү катары кабыл алынган «Маалымат теориясынын» жыйынтыктары менен дал келет. Маалымат теориясы ааламдагы маалыматтын түзүлүшүн жана тамырын изилдейт. Маалымат теоретиктеринин көпкө созулган изилдөөлөрүнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтык алынган: «маалымат заттан башка бир нерсе. Затка эч төмөндөтүүгө болбойт. Маалымат менен заттын булагын өз-өзүнчө изилдөө керек.»
ДНКдагы маалыматтын булагы болсо материалисттер үчүн эч жолсуз бир туюк. ДНК молекуласында коддолгон маалыматтын булагын кандайдыр бир табигый механизм менен түшүндүрүүгө болбойт. Бүт байкоо, эксперимент жана тажрыйбалар маалыматтын аң-сезимдүү бир жандыктан гана келээрин көрсөтүүдө. ДНКдагы маалымат болсо – бүт тирүү организмдерди жараткан Улуу Аллахтын чыгармасы. Куранда Раббибиздин жаратуу чеберчилиги жана чексиз кудурети мындайча баяндалат:
Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф (берешен), (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)
Табияттагы маалыматтын булагы
Илимдин бул жыйынтыгын табият жагынан караганыбызда болсо абдан маанилүү бир тыянакка келебиз. Себеби табияттын бүт тарабында, ДНК мисалындагы сыяктуу, кереметтүү маалыматтар абдан көп жана ал маалыматтарды затка төмөндөтүүгө болбойт, демек заттан жогору турган бир булактан келүүдө.
Бул китеп – бир сыя менен кагаз эле эмес
Сиз окуп жаткан бул китеп, башка китептер сыяктуу, кагаздан, сыядан жана ичиндеги маалыматтардан турат. Мында кагаз менен сыя китептин заттык бөлүгүн түзөт. Экөөнүн тең булагы зат: кагаз целлюлозадан, сыя болсо ар кандай химикаттардан жасалат. Ал эми китептеги маалымат болсо заттык бир нерсе эмес жана анын заттык булагы жок. Ар кандай китептеги маалыматтын булагы – бул, ал китепти жазган автордун акыл, ойлору.
Ошондой эле, кагаз менен сыянын кандайча колдонулаарын да ошол акыл, ой чечет. Бир китеп алгач ошол китепти жазган автордун оюнда пайда болот. Автор оюнда логикаларды курап, сүйлөмдөрдү түзөт. Андан соң аларды заттык формага алып келет. Башкача айтканда, бир компьютерди колдонуп, оюндагы маалыматтарды тамгаларга айландырат. Анан ал тамгалар басмаканага кирип, ал жерде кагаз менен сыядан турган китепке айланат. Профессор Филлип Жонсон да ушул мисалдын негизинде ДНКнын булагына төмөнкүчө көңүл бурган:
Бир китептин адабий көркөмүн же маанисин сыянын же кагаздын физикалык өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүгө аракет кылуу такыр акылга сыйбайт. Билдирүү (маалымат) бир автордон келет; сыя менен кагаз болсо болгону бир шайман (инструмент). Ошол сыяктуу, ДНКда жазылган маалыматтын булагы дагы – ДНК эмес. Маалымат кайдан келген? Анын автору ким же эмне?1
Мындан төмөнкүдөй жыйынтыкка барууга болот: «эгер бир затта маалымат бар болсо, анда ал зат ошол маалыматтын ээси, б.а. бир акыл тарабынан ошондой жасалган. Ал акыл бүт ааламды жоктон жараткан Улуу Раббибизге тиешелүү.»
1- Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 73.
Эволюция теориясынын учурдагы эң алдыңкы жактоочуларынын бири Жорж К. Уиллиамс (George C. Williams) көп материалист, эволюционисттер кабыл алгысы келбеген бул чындыкты кабыл алган. Уиллиамс материализмди көп жылдар бою күчтүү жактап келген, бирок 1995-жылкы бир макаласында «бүт нерсе – зат» деген көз-караштагы материалисттик (редукционисттик) подходдун туура эместигин айткан:
Эволюционист биологдор эки башка тармакта эмгектенип жатышканын ушул күнгө чейин байкай алышкан жок; бул эки тармак зат менен маалымат... Бул эки тармакты «редукционизм» деп аталган формула менен эч бириктирүүгө болбойт... Гендер заттык бир объект эле эмес, алар маалымат пакеттери... Биологияда гендер, генотиптер жана генофонддор сыяктуу түшүнүктөрдөн сөз кылганыңызда, маалымат жөнүндө сөз кылган болосуз, заттык объекттер жөнүндө эмес... Бул маалымат менен заттын өз-өзүнчө пайда болгондугун көрсөтүүдө жана бул эки башка тармактын келип чыгышы (тамыры) да өз-өзүнчө изилдениши керек.144
20-кылымда илим ДНКдагы маалыматты материалисттер айткандай затка төмөндөтүүгө болбой тургандыгын көрсөттү. Ошондуктан материалисттер ойлогондун тескерисинче, табияттагы маалыматтын булагы – заттын өзү эмес. Маалыматтын булагы зат эмес, заттан-өйдө, жогорку бир Акыл. Бул Акыл заттан мурда бар. Затты Ал жаратып, калыпка жана тартипке салган. Бул акылдын ээси – бүт ааламдардын Рабби Аллах. Организмдердин пайдубалында (тамырында) турган бул кереметтүү маалымат материалисттик философияны кыйратып, ааламдардын Рабби Аллахтын бар экендигин апачык айгинелеп турат.
Белгилүү илимпоз Энтони Флю (Anthony Flew) ДНКдагы комплекстүү түзүлүштөн улам ыйман келтирди
«Албетте, адамдарга таасирлерим болгон, ошондуктан балким келтирген чоң зыяндарымды оңдогум келет жана ал үчүн аракет кылам.» (Энтони Флю)
Бир кездердин белгилүү атеист философу Энтони Флю ДНКдагы комплекстүү түзүлүштү көргөндө, 66 жыл бою жактап келген атеизмдин жокко чыгарылган бир философия экенин кабыл алды. 81 жаштагы англиялык, философия профессору Флю 15 жашында атеист болуу чечимине келген жана илим тармагына болсо 1950-жылы жарыялаган бир макаласы менен таанылган. Андан соң 54 жыл бою лекция окуган Оксфорд, Абердин, Кил жана Рединг (Reading) университеттеринде жана көп сандагы Америка, Канада университеттерине зыяратка барганда ар кандай талкууларда, китеп, сабак жана макалаларында атеизмди жактаган. Бирок Флю жакында гана бул жаңылыштыгын таштап, ааламдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын кабыл алаарын айтып чыкты. «The Sundays Times» гезитинде чыккан кабарда эволюция теориясы жөнүндө мындай деп айткан:
Алгачкы жандуу заттын жансыз заттан эволюция аркылуу пайда болуп, андан соң укмуш комплекстүү бир организмге айланышынын мүмкүн эмес экендигине ынандым.1
Анын көз-карашынын минтип түп-тамырынан өзгөрүшүнө заманбап илимий ачылыштардын ачык жана так далилдери себепчи болду. Флю организмдердин комплекстүү маалымат системасына таянаарын көргөндө, бүт организмдердин бир пландын негизинде жаратылганын түшүнгөн жана ишениминин өзгөрүшүнө себеп болгон илимий далилдер жөнүндө мындай деген:
Биологдордун ДНК жөнүндөгү изилдөөлөрү жашоого керектүү жөнгө салуулардын өтө таң калаарлык комплекстүүлүгүн аныктап, жашоонун бир аң-сезимден гана келип чыгаарын көрсөттү.2
Флю көз-карашынын өзгөрүшүнө негизги себеп катары көрсөткөн ДНК изилдөөлөрү чындап эле бүт организмдердин бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөткөн абдан күчтүү далилдерди чыгарды. ДНК молекуласынын спираль формасы, генетикалык коддордон турушу, укмуш тактыктагы нуклеотид тизмектери, энциклопедияларды толтура турган маалыматтын сакталып турушу жана дагы көптөгөн таң калаарлык ачылыштар бул молекуланын түзүлүшүнүн жана функцияларынын атайын жашоо үчүн пландалгандыгын көрсөттү.
Көп жылдар бою атеизмди жактаган Энтони Флюнун пландуу жаратууну (креационизмди) кабыл алышы атеизмдин кыйроо процессиндеги акыркы парданы чагылдырууда. Заманбап илим бир Жаратуучунун бар экендигин көрсөтүп, атеизмди четке какты.
Флюга таасир тийгизген илимпоздордун бири профессор Жеральд Шредер болсо «Science Reveals the Ultimate Truth» (Илим анык чындыкты ачып көрсөттү) аттуу китебинде бүт ааламда көрүнүп турган акыл жана илим жөнүндө мындай дейт:
Клетканын иштеши жана заттын субатомдук бөлүкчөлөрү жөнүндөгү илимий изилдөөлөр төмөнкү акыйкатты далилдеп көрсөттү: аалам жана жашоо бүт баарын башкарган, улуу бир Жаратуучунун эрки менен жоктон жаратылган. Эч күмөнсүз, ааламды толугу менен курчап турган бул илим жана акылдын ээси – улуу кудуреттүү Аллах. Аллах бул акыйкатты Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Күмөнсүз, Аллах курчап туруучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)
1- Stuart Wavell, Will Iredale, “ Sorry, says atheist-in-chief, I do believe in God after all”, The Sunday Times, 12 Aralık 2004; http://www.timesonline.co.uk/article/0,,2087-1400368,00.html
2- Richard N. Ostling, “Lifelong atheist changes mind about divine creator”, The Washington Times, http://washingtontimes.com/national/20041209-113212-2782r.htm
3- Gerald Schroeder, The Hidden Face of God, Touchstone, New York, 2001, s. Xi.
Булактар:
132. Encyclopædia Britannica, "Modern Materialism"
133. Hubert Yockey, "Information in Bits and Bytes", BioEssays, 1995, cilt 17, s. 85.132. Encyclopædia Britannica, "Modern Materialism"
134. Dean L. Overman, A Case Against Accident and Self-Organization, Rowman & Littlefield Publishers, 1997, s. 37.
135. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 75.
136. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 88.
137. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayıncılık, İstanbul, Aralık 2003, çev: Orhan Düz, ss. 33-34.
138. Paul Davies, The Fifth Miracle: The Search for the Origin and Meaning of Life, Simon & Schuster, 1999, s. 60.
139. Michael Polanyi, "Life Transcending Physics and Chemistry", Chemical & Engineering News, cilt 45, no. 35, 21 Ağustos 1967, s. 56.
140. Jacob D. Bekenstein, "Information in the Holographic Universe", Scientific American, 14 Temmuz 2003, s. 59.
141. Pierre P. Grassé, The Evolution of Living Organisms, 1977, s. 2.
142. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, ss. 47, 107.
143. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 97.
144. George C. Williams, The Third Culture: Beyond the Scientific Revolution, Simon & Schuster, New York, 1995. ss. 42-43.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder