Өнүккөн илим организмдердеги кемчиликсиз системалардын жана абдан комплекстүү түзүлүштөрдүн эч качан кокустан пайда болбой тургандыгын көрсөттү. Бул болсо жандыктарды улуу күч-кудурет жана илим ээси Раббибиздин жараткандыгын апачык далилдейт. Жаратуучубуз Аллахтын бар экенин жокко чыгарып, кокустуктарды «жаратуучу» катары көргөн эволюция теориясы болсо чыккан күнүнөн бери эң кыйратуучу соккулардын бирин молекулярдык биология тармагындагы жетишкендиктерден алды. Себеби молекулярдык биология «жандуу организмдин келип чыгышы жөнөкөй түзүлүштөргө таянат» деген дарвинисттик көз-караштарды талашсыз далилдер менен түп-тамырынан кыйратууда. Илимпоздор клетканын ичиндеги «молекулярдык машина» деп аталган комплекстүү түзүлүштөрдү түшүнгөн сайын булардын кокустуктардын натыйжасында эч пайда болбошуна көздөрү жетти.

Бул түзүлүштөрдүн бири – 1950-жылдары электрондук микроскоптун табылышы менен ачылган, клетканын маалымат базасы ДНК. ДНК – ар бир клеткада жайгашкан, кереметтүү бир тартиптеги, ири бир молекула. Бул узун молекула тизмегинде ал клетканын жана ал клетка тиешелүү болгон организмдин бүт физикалык жана химиялык түзүлүшүнө байланыштуу маалыматтар коддолгон. Бирок клетканын ичинде мындай маалымат базасынын болушу өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт. Бул маалымат базасынын ичиндеги маалыматтар туура окулушу жана алынган маалыматка жараша өндүрүш жасалышы зарыл. Жансыз заттар код жаза албайт, коддорду (шифр) чечмелей албайт, бир канча баскычтан турган чараларды көрө албайт, колундагы маалыматка зыян тийбеши үчүн аны коргой турган бир система кура албайт. Буларды топурактагы элементтерден түзүлгөн молекулалар өз алдынча жасай албайт. Бирок дарвинисттер эволюция теориясына ушунчалык фанатизм менен ишенгендиктен, кийинки бөлүмдөрдө терең карала турган бул чындыкты кабыл алгылары келбейт. Бүт нерсенин кокустан пайда болгонуна өздөрүн жана башка адамдарды ишендирүү үчүн акылга жана логикага сыйбас, илимге такыр жакындабаган көз-караштарын өжөрдүк менен жакташат. Бирок Нобель сыйлыгынын ээси, биохимик жана ДНКны ачкан илимпоздордун бири Фрэнсис Крик (Francis Crick), өзү да эволюционист болгонуна карабастан, Life Itself (Жашоонун өзү) аттуу китебинде чындыктарды мындайча кабыл алган:
Учурдагы колубуздагы маалыматтарга таянып чынчыл бир адам бир гана нерсени айта алат: кандайдыр бир мааниде жашоо кереметтүү абалда пайда болгон.2
Эволюционисттик көз-караштары менен белгилүү болгон Ричард Доукинс болсо клетканын ичинде жашырылган бул комплекстүүлүк жөнүндө мындай дейт:
Физика китептери татаал болушу мүмкүн, бирок... бир физика китеби түшүндүргөн зат жана кубулуштар ал китептин авторунун денесиндеги жалгыз бир клеткадан жөнөкөй. Жана ал автор көпчүлүгү бир-биринен айырмаланган, кылдат бир архитектура жана кемчиликсиз бир инженердикке таянган, бир китеп жаза ала турган жөндөмү бар, бир машинадай иштеген, мыкты уюшкан триллиондогон клеткадан турат... Адамдын бир даана клеткасынын маалымат сыйымдуулугу Британника энциклопедиясынын отуз томун, ал тургай, 3-4 эсе көбүн сактай алат.3
20-25 жыл мурда столуңуздун үстүндө бир CD турганын көрсөңүз, аны биринчи жолу көрсөңүз да, ал нерсе кокустан пайда болду деп эч айтмак эмессиз. Жупжука жана түптүз бир төгөрөк пластмасса бөлүкчөсүн көрсөңүз, анын түздүгүн карап бул белгилүү бир максатта даярдалган деген ойдо калмаксыз. Анын планын түзүп, аны жасап, столуңузга койгон адамды көрбөсөңүз да, анын курамындагы металл жана пластмассалар өзүнөн-өзү биригип, кокустан ушундай формага келип калган го демек эмессиз.
Анан бул буюмдун түзүлүшүн терең изилдедиңиз жана анын бетинде чуңкур жана дөңчөлөрдөн турган «0» жана «1» сандары менен коддолгон маалыматтар бар экенин түшүндүңүз дейли, анда кандай ойго келмексиз? Бир караганда төгөрөк жука бир нерседей көрүнгөнү менен, бул дискти бир стадиондой чоңойтсоңуз, бетиндеги чуңкурлар болжол менен бир кумчалык болот.4 Бүт бул чуңкур-дөңчөлөр текст, үн жана сүрөттөлүштү камтыган маалыматтардын коддорун түзөт. Бул төгөрөк буюмдун ичине ондогон китептик маалыматтын батырылышы, албетте, бул жерде акылдуу жана илимдүү адамдардын эмгеги бар экенин апачык далилдеп көрсөтөт жана эч ким «жок, бул андай эмес» дебейт. Тескерисинче бул жерде жогорку бир технологиянын болушу (маалыматтардын кысылып сакталышы, коддолушу, корголушу сыяктуу баскычтар) ал CD'нин план, долбоор менен, бир максатты көздөп жасалганын далилдейт.
Бирок түз бир пластмасса бөлүкчөсүн кокустан пайда болушу мүмкүн эмес деп ойлогон кээ бир адамдар ДНКдагы кемчиликсиз жаратуу жөнүндө чын ойлорун айтышпайт. Миңдеген томдук энциклопедияны ээлей турган маалымат көзгө көрүнбөгөн бир жерге, эң идеалдуу батырылган жана коддолгон ДНК молекуласын кокустан пайда болгон дешет. Бир CD'ни жасаган жана ичине маалыматтарды жазган адамдын мээси да ДНКнын ичиндеги маалыматтар аркылуу иштеген клеткалардан турат. Мунун логикасыздыгы апачык көрүнүп турат. Бир компакт дисктин ичиндеги маалыматтарды көргөн бир адам буларды бул дискке бирөө жаздырыптыр деп ойлойт, ошол сыяктуу эле мындан алда канча жогорку технология менен, өтө чоң бир маалымат базасын камтыган ДНК дагы жогорку бир акылдын, жаратуунун бар экенин көрсөтөт. Бул акыл – Улуу Раббибиздин чексиз акылы. ДНК – улуу бир акыл менен жаратылгандыгы 20-кылымдын технологиясы менен ачылган, Аллахтын бир керемети. Раббибиз жараткан нерселеринин максатын бир аятта мындайча билдирет:
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчагандыгын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
Булактар:
2. Francis Crick, Life Itself: Its Origin and Nature, Simon & Schuster, New York, 1982, s. 88.
3. Richard Dawkins, The Blind Watchmaker, W. W. Norton & Co. New York, 1996, ss. 2-3, 115-116.4. http://en.wikipedia.org/wiki/Compact_disc
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder